XIX глава
СУУ КОШУЛГАН ВИСКИ
Инж фортунун жанына түшкөн кичинекей шаарда «отель» — мейманкана эн
көрүнүктүү имарат. Бу кичинекей шаар жалпы эрежеден тышкары эмес болучу.
Техастын ар бир шаарында дээрлик, мейли ал жаны болобу же кырк жыл мурун
салынганбы,
дал эле ошондой болот.
Илгери келген испаниялыктар менен мексикалыктар салып, сакталып калган
анча-мынча шаарларда гана сепилдер менен монастырлар башка имараттардан
заңкайып бийик турат. Бирок өткөн замандагы ошол касиеттүү имараттар да көбүнчө
тавернага айланып кеткен.
Инж фортунун тавернасы шаарчанын эң бийик имараты болгону менен, көздүн
курчун кандыргандай анчалык чоң да эмес. Анын сырткы көрүнүшүнүн архитектуралык
стили жагынан анчалык мыкты эмес болучу. Ал «Т» арибинин формасында жыгачтан
салынган. Тике кеткен бөлүгүндө тамаккана менен жолоочулар үчүн бөлмөлөрү бар.
Үйдүн алдыңкы бөлүгүндөгү чоң бөлмөдө кичинекей ресторан же, Америкада
айтышкандай,
салун бар эле. Ошол бөлмөдө ичкилик ичип, тамеки тартып, аңгеме
чегише турган.
Тавернага кире бериш жерде дубга илинип, салаңдап турган вывеска бар. Ошол
вывескага жергиликтүү баатырлардын биринин аскер формасын кийген генералдын
сүрөтү тартылган. Сүрөттүн алдында мейманкананын наамы; «Раф-энд-Рэди»43 деп
жазылып коюлган.
Америкадагы бардык мейманканалар сыяктуу эле, Техастагы мейманканалар да
соода-сатык келишимдерин түзүү жайы жана клуб катарында колдонула турган.
«Рафэнд-Рэди» тавернасы да дал ошондой. Техастын башка мейманканаларынан
айырмасы аз болгону менен, анын өзүнүн бөтөнчөлүктөрү бар. Анын ээси эпчил янки
эмес, ыкшоо немис эле, өз мекенинде фамилиясы Обердофер болуп жүрсө да,
жергиликтүү калк аны «картаң Дуффер» деп коюша турган.
Бул тавернанын дагы бир бөтөнчөлүгү бар, ал өзгөчөлүк жалан гана ага таандык
эмес болучу. Жогоруда айтып кеткендей, ал «Т» тамгасына окшотуп салынган,тавернакын башкы бөлүгүндө салун жайгаштырылган,
тике кеткен бөлүгүнө барып
кошулган дубалды бойлото дүкөн үстөлү орнотулган.
Салундун ар бир четинде скверге
чыга турган эшик бар. Эшиктердин мындай жайгаштырылышы жергиликтүү климатка
жараша ойлонулган болучу — жарым жыл бою термометр Цельсий боюнча көлөкөдө
30 градусту көрсөтүп турган өлкөдө абанын жакшы алмашып турушу жөнүндө кам жеш
керек да.
Калыбы, картаң Дуффер тавернага кире бериш жерге вывеска илген күндөн тартып,
биз жазып көрсөткөн пикниктен мурда Инж фортунан мейманканасына бүгүнкүдөй эч
качан киши көп чогулган эместир.
Аялдарды кошпогондо,
экскурсияга катышкандардын баары кечени бүт дээрлик
кичинекей ресторанда өткөрүү зарыл деп эсептешти. Саат он бир боло электе эле,
тавернага эл жабыла келе баштады. Форттун офицерлери,
жергиликтүү плантаторлор,
аскерлер жана жөн эле авантюристтер биринин артынан бири чууруп кирип жатты. Ар
кимиси өзү жакшы көргөн ичкилигин сурап, тике эле дүкөн үстөлүн көздөй басты, анан
өзүнүн компаниясына барып кошулду.
Келгендердин бир тобу бөтөнчө көзгө урунду. Ал топто сегиз же он чакты киши бар
эле. Алардын катарында окуучуларга тааныш үч офицер: пехотанын капитаны, дагы
эки лейтенант — драгун Генкок жана аткыч Кроссман бар эле. Майор да ошолор менен
бирге болучу.
Алар тартынбай чечилип сүйлөштү. Ошо күнү болгон окуялар жөнүндө
аңгемелешти.
— Теңир жалгаган майор, айтыңызчы, — деп сурады Генкок, — мисс
Пойндекстердин каерде болгонун сиз биле тургандырсыз?
— Мен кайдан билмек элем — деп, майор жооп кайтарды. — А жөнүндө кыздын
жээни мистер Кассий Кольхаундан сураңыз.
— Андан да сурадык, бирок жарыгандай эч жооп ала алганыбыз жок. Ал бизден
артык деле билбейт окшойт. Кыз менен жигитти ал кайра келатканда учуратыптыр,
учуратканда да биз бивуакка жайланышкан жерден анчалык деле ыраактан
учуратпаптыр.
Берки экөө көпкө чейин келишкен жок, алардын кара терге түшкөн
атына караганда, кайдадыр алыс жакка барышкан окшойт. Ошол убактын ичинде
Рио-Грандеге,
андан да алыс барып келүүгө болот эле.
— Кайра келгенде Кольхаундун өңү кандай болуп турганын байкадыңарбы?
— деп
сурады пехотанын капитаны. — Тим эле кабагына кар жаап, бир өтө жаман нерсе
санаасын тынчытпай тургандай сыяктанды.
— Ырас, такыр шору кайнагандай көрүндү, — деп майор жооп кайтарды. — Бирок,
менимче, капитан Сломан, сиз бирдемени жабыштырганы.
..
— Күнүлөйт дегиңиз келип турабы? Албетте, башка эч нерсе болушу мүмкүн эмес.
— Чын эле Морис-Мустангерден күнүлөйбү? Ха-ха-ха! Мүмкүн эмес. Деги көп
ишенүүгө болбойт!
— Эмне үчүн, майор?
— Ардагым Сломан, Луиза Пойндекстер — деди, а Морис Жеральд болсо...
А жөнүндө башка нерсе белгилүү болгону менен, балким жентльмендир.
— Фу, — деди Кроссман кемсинткенсип,
— ат сатып соода кылган киши да. Майор
туура айтат, андай болушу чындыкка коошпойт, мүмкүн эмес.
— Сиз эмне түшүнмөк элеңиз! — деп пехотанын офицери сөзүн улантты, көп нерсе
билген эмече башын чайкап. — Мисс Пойндекстерди силер менчелик билбейсиңер.
Ал жаткан апенди чалыш кыз, андан ашса ашып да кетет. Ошондой экенин өзүңөр да
байкагандырсыңар?
— Сүйлөңүз, сүйлөңүз, Сломан, — деди майор, үнүн мыскылдагандай чыгарып. —
Сыягы, сиз ушактагыңыз келип турат го, аялдарды жек көргөн немече
анткордонгонуңуз менен мисс Пойндекстерге өзүңүз ашык болуп калып жүрбөңүз?
Лейтенант Генкоктон же Кроссмандан күнүлөсөңүз башка кеп эле, бирок карапайым
мустангерден.
— Ал мустангер — ирландиялык жигит, майор. Менин айта тургандай негизим бар,
ал...
— Ким болсо ал болсун, — деп майор сөздү бөлүп кетти эшик жакка жалт карап.
—А тигине өзү да келди. Бизге өзү жооп берсин. Карапайым жигит, эми андан
бардыгын билебиз.
Морис унчукпай стойканын жанына келип, бош орунга турду.
— Теңир жалгагыр, суу кошон бир стакан виски бериңизчи, — деп ал ресторандын
кожоюнуна сылык кайрылды.
— Суу кошкон виски? — деп кайталады кожоюн, кыртышы сүйбөгөндөй.
— Суу
кошкон виски ичкиңиз келеби? Стаканы эки пенни турат.
— Канча турарын сизден сурап жатканым жок, — деп жооп кайтарды мустангер. —
Суу кошкон бир стакан виски бериңиз деп айтпадымбы.
Вискиңиз барбы?
— Бар, бар! — деп, беркинин сүрдүү сураганынан коркуп кеткен немис шашыла
жооп кайтарды, — Суу кошкон вискиден канча ичсеңиз да болот, өзүңүз билиңиз!
Теңир жалгасын!
Кичинекей ресторандын кожоюну виски куюп жатканда, мустангер офицерлер
менен амандашты. Ал форт менен соода жагынан байланышып жүргөндүктөн,
офицерлердин көпчүлүгү менен тааныш эле.
Майор айткандай, өздөрү кызыккан суроо менен офицерлер мустангерге
кайрылмакчы болгондо, кирип келаткан Кассий Кольхаунду көрүп, токтоп калышты.
Кольхаундун көзүнчө андай сөз баштоо оңтойсуз болот эле.
Каадасынча текеберленип,
аскер жана аскер эмес кишилердин тобуна жакын
келип, Кассий Кольхаун эңкейип амандашты, күнү бою бирге болуп, бир аз убакыт гана
көрүшпөй калганда, дал ошондой саламдашат эмеспи.
Капитан мас болбосо да, алагүү болуп турган эле. Анын көздөрү жээликкен
немедей ойноктоп, өңү купкуу болуп, фуражкасын бир жагына кыйшайта кийип алган
экен, фуражкасынын астынан бир топ чачы маңдайынан түшүп туруптур.
—Ичели, — деп ал майорго, майордун жанындагы компанияга кайрылды. —
Ичкенде да жапырт ичели, силер үчүн бекер эле жарык күйгүзүптүрмүн деп кожоюн
айтпагандай болсун. Кандай дейсиздер?
— Туура, ичели! — деп, бир нече киши жабыла жооп кайтарды.
— А сизчи, майор?
— Жан-дилим менен капитан Кольхаун.
Майордун компаниясына дагы бир нече киши кошулду да, узун дүкөн столунун
жанында такыр бош орун калган жок.
Кокусунан болдубу же балким атайы кылдыбы, Кольхаун оң жактан четки орунду
ээлеп, Морис Жеральд менен катар туруп калды. Морис Жеральд болсо, камырабай
четте, суу кошкон вискисин ичип, сигара чегип турган эле. Ал экөө тең бир-бирин
байкамаксан болду.
— Тост! — деп кыйкырды Кольхаун дүкөн столундагы стаканды алып.
— Ичели! — деп, бир нече киши жооп кайтарды.
— Жашасын Америка, америкалыктар үчүн сандалып келген жолбундар, айрыкча,
ирландиялык шүмшүктөр жок болсун!
Ушул сөздү айтар менен Кольхаун алга бир кадам шилтеди да, стаканды жаңы эле
оозуна алып барган мустангерди чыканагы менен түртүп жиберди.
Стакандагы виски чайпалып кетип, мустангердин көйнөгүнө төгүлүп калды.
Бул окусунан болдубу, жокпу? Окусунан болбогонун бардыгы билип турду.
Ыза көргөн киши кордогон кишиге ошо замат кол салат го деп бардыгы күтүп
калды. Мустангердин шашпаганына бардыгы таң калып, көңүлдөрү сууй түштү. Кала
берсе, кай бирөөлөрү бул ызага аны унчукпай тим болот деп ойлоду.
— Эгерде унчукпай тим болсо, — деп шыбырады Генкок Сломандын кулагына, —
анда муну шилиге коюп кууп чыгыш керек.
— Кадырың жан болсун, — деп пехотанын офицери да шыбырап сүйлөдү. — Андай
болбойт. Өзүң билесиң, мелдешкенди мен жаман көрөм, бирок мустангер тигинин
адебин колуна бербесе, бир айлык маянамды сайдым. Ыза көргөнүнөн да, Жеральд
азыр көйнөгүнө көбүрөөк кайгыргансып турганы менен, андай душманына
Кольхаундун сүйүнбөй турганына да шек санабайм. Оңбогон шүмшүк экен!
Алар шыбырашып жатканда, Морис камырабай стойканын жанында тура берди. Ал
стаканын ордуна коюп, чөнтөгүнөн жибек жоолугун алды да, көйнөгүнүн төшүндөгү
саймасын аарчый баштады.
Анын такыр кебелбей кыймылдаганын коркоктук кылды деп айтууга болбойт эле.
— Мен ирландиялыкмын,
— деди мустангер, кол жоолугун чөнтөгүнө салып жатып.
Ал бир аз кечигибирээк,
өтө жөнөкөй жооп кайтаргандай көрүнгөнү менен, анын
айтканында кандай маани бар экендигине эч ким шек санаган жок. Анын сөзү чакырык
эле. Ток этер жерин айтканы ыза көргөн кишинин олуттуу ою бар экенин ачык
көрсөттү.
— Сизби? — деп сурады Кольхаун жектегенсип,
беркини көздөй бурулуп, эки колун
жайып. — Сизби? — деп ал сөзүн улантты мустангерди баштан-аяк карап. — Сиз
ирландиялыксызбы?
Мүмкүн эмес, сизди ирландиялык экен деп эч качан ойлогон жок
элем. Костюмуңузга,
көйнөгүңүздүн саймасына карап, мен сизди мексикалык экен деп
жүргөм.
— Менин костюмумда кандай тиешеңиз бар экенин такыр түшүнбөдүм,
мистер
Кольхаун. Бирок менин көйнөгүмө виски төктүңүз, эми сизге жооп кайтарып,
көйнөгүңүздүн крахмалын жууп таштоого уруксат этиңиз.
Ушинтип айтар менен, мустангер стаканын алды да, капитан бурулуп үлгүргөнчө,
стакандагы чала ичилген вискини Кольхаундун бетине жаба төктү. Карап тургандардын
көпчүлүгүнүн моокумун кандырып, Кольхаун аябай жөтөлүп, чүчкүрө баштады.
Ырас кылды деп кубанганынан сүйлөп жиберген кишилер ошо замат тымтырс
болуп калды. Бул өтө ургаал учур эле. Жаңжалдын аябай айыгышканын бардыгы
түшүнүп турду. Бул иш эрөөлгө чыгуу менен бүтүүгө тийиш эле. Эрөөлдү токтотуп
койгудай, эч бир айла жок сыяктанды.
"Башы жок чабандес" Роман. Майн Рид.
#42 16 April 2017 - 01:21
XX глава
КОРКУНУЧТУУ АБАЛ
Кольхаун тапанчасын сууруй баштады.
Аны көрө коюп, мустангер да куралын алып чыгып, атуу менен жооп берүүгө даяр
болуп калды.
Суу жүрөктөрү коркконунан бирин-бири жыга коюп, эшикти көздөй жөнөдү. Кай
бирөөлөрү жөн эле эмне кыларын билбегендиктен, кай бирөөлөрү биздин эмне
тиешебиз бар дегендей томсоруп, тавернада калды. Балким, алар качсак жонубуздан
ок тийбегей эле деп, коркконунан сак- тык кылган чыгар. Дагы бир нече секунда
тымтырс болуп турду. Бул ойлогон ой жүзөгө аша турган учур эле.
Балким, касташкандар башка кишилер болсо, убакыт көпкө созулбайт беле.
Тажрыйбасы азыраак, көөдөк кишилер болсо, небак күрөгүн басып калат эле. Бирок
бул касташкан экөө анткен жок. Ал экөө «көчөдө жекеме-жекеге чыккандарды» нечен
жолу көрүп, өздөрү да катышып келген — жазатайым атып калса эмне боло турганын
экөө тең билди.
Үйдүн тышында турган кишилер үчүн, кала берсе, эшиктен шыкаалап кароого
даабагандар үчүн да ошентип маал- катуу өтө кыйын болду. Тапанчанын тарс эткенин
ана угабыз, мына угабыз деп тургандар, тарс эткенди укса, көңүлдөрү жайланып калат
беле. Бирок тарс деген добуш чыкпай майордун камырабаган салабаттуу үнү угулду.
— Токтогула? — деп ал команда берди, кылычын сууруп, экөөнүн ортосуна кире
калып. — Токтогула, мен экөөңөргө тең буйрук берип жатам! Куралыңарды түшүргүлө,
болбосо күрөккө колу биринчи тийген кишиден тапанчаны тартып алам! Токтоткула
дейм!
— Эмне үчүн? — деп чаңырды Кольхаун, каары төгүлө түшкөнүнөн көгөрүп. —
Эмне үчүн, майор Рингвуд? Ушундай кордоодон кийин анын үстүнө момындай
тексиз...
— Чатак баштаган сизсиз, капитан Кольхаун.
— Баштасам эмне экен? Буга наалат! Кордоого чыдап тим болчу кишилерден
эмесмин! Жолдон мындай туруңуз, майор. Жаңжалдын сизге тиешеси жок,
кийлигишүүгө сиздин акыңыз жок.
— Ошондойбу? Ха-ха! Сломан! Генкок! Кроссман! Уктуңарбы? Кийлигишүүгө менин
акым жок турбайбы! Капитан Кассий Кольхаун, волонтерлердин экс-капитаны, каерде
экениңизди унутпаңыз. Өзүңүздү Миссисипи штатында, кулдарды уруп-согуп кыйнаган
кавалерияңызда экенмин деп ойлобоңуз. Биерде сэр, аскер форту — ал аскердин
уставына багынат, бул фортко командир болуу мага тапшырылган. Ошондуктан,
тапанчаңызды сууруп чыккан жайына кайра салыңыз. Дароо салыңыз, болбосо
карапайым солдат катарында сизди абактыга жиберем.
— Ырас элеби? — деп ызырынды Кольхаун: — Техасты сиз ушундай сонун өлкөгө
айландырган экенсиз го! Демек, киши кандай гана кордук көрбөсүн, сиздин
уруксатыңыз болбосо, майор Рингвуд, эрөөлгө чыгууга акысы жок экен да? Ушул да
өлкөнүн закону болуп эсептелеби?
— Такыр андай эмес, — деп майор жооп кайтарды. — Жаңжалды адилеттик менен
чечүүгө жолтоо кылуучу кишилерден эмесмин. Эгерде өзүңөргө жагып турса,
бири-бириңи өлтүрүү үчүн сизге да, сиздин душманыңызга да эч ким тыюу салбайт. Бирок азыр эмес. Түшүнүүңүз керек, мистер Кольхаун, сиздин
спортуңуз башка кишилердин өмүрү үчүн коркунучтуу, такыр бул ишке тиешеси жок
кишилер майып болушу ыктымал. Башка бирөөгө арналган окко маңдайымы тосуп
бергидей оюм жок. Биз баарыбыз коркунучсуз жерге кеткенче күтө туруңуздар. Анан
бириң өлүп, бириң кал, ишибиз жок. Кош, сэр, эми ыраазы болгондурсуз деп ойлойм.
Эгерде майордун ордунда башка бирөө болсо, мындай буйруктун ийгиликтүү
болушунда шек бар эле. Бирок ал форттун улуу офицери, улгайып калган киши
болгондуктан, анын үстүнө куралды чебердик менен колдоно билгендиктен, анын
буйругуна моюн сунбаган киши табыла койбойт эле, анын куралды чебердик менен
колдоно турганын баары жакшы биле турган. Ал кылычын опуза кылуу үчүн суурган
жок. Касташкан кишилер ошондой экенин билип турду. Берки экөө тең тапанчаларын
төмөн түшүрдү, бирок колдорунда кармап тура беришти.

#43 16 April 2017 - 01:22
Өзүнүн жемине тиш салууга башкалар жолтоо кылган канкор жапайы жырткыч
сыяктуу, Кольхаун каарын төгүп, тишин кычыратып турду. Мустангер болсо кыжыры
келгенин билгизбей, камырабастан буйрукка моюн сунду.
— Жекеме-жекеден сиз качпассыз го деп ойлойм? — деди майор, касташкандарды
жараштыруу оңой эмес экенин жакшы түшүнүп.
— Качайын деген оюм деле жок — деп, Морис сылык жооп кайтарды. — Бирок
мистер Кольхаун айткан сөзү, кылган кылыгы үчүн кечирим сураса...
— Кечирим сурашы керек, ал баштады! — деп, жаңжалды көрүп тургандардын бир
нечөө кийлигише кетти.
— Эч качан! — деп экс-капитан мыктысынып жооп кайтарды. — Кассий Кольхаун
кечирим сурап көргөн эмес. анын үстүнө мына мындай жасанган маймылдын
алдында!
— Жетишет! — деп чаңырды ирландиялык жигит биринчи жолу кыжыры
кайнаганын көрсөтүп. — Жанын аман сактап калуу үчүн буга мүмкүнчүлүк бердим эле.
Ал мүмкүнчүлүктөн баш тартты. Эми, арбак урсун, же өлдүм же калдым деп
кармашабыз! .. Майор! Сизден, сиздин досторуңуздан көптөн көп сураганым: биерден
кетиңиздер. Мындай кордукка эми чыдап тура албайм!
— Ха-ха-ха-ха! — деп, Кольхаун жектегендей күлүп калды. — Жанымы аман алып
калууга мүмкүнчүлүк берген имиш! Биерден кеткиле, баарыңар кеткиле! Мен мунун
акесин таанытайын.
Токтогула! — деп чаңырды майор эрөөлчүлөргө аркасы менен бурулбай. —
Мындай кылганыңар жарабайт. Биз чыгып кеткенче, курокту бир секунда мурун басып
жиберишиңер мүмкүн. Биз силер баштай электе чыгып кетүүбүз керек. Анын үстүнө
жентльмендер, — деп ал сөзүн улантты, бөлмөдө тургандарга кайрылып, —
кандайдыр бир эрежени сакташ керек го. Экөө кармашкысы келсе, экөө тең бирдей
шартта болсун. Баарынан да экөөнүн куралы да бирдей болуш керек.
— Албетте! Сиздин айтканыңыз туура! — деп, уй мүйүз болуп топурап турган
кишилердин арасынан добуш чыкты. Буга эмне дешээр экен деп бардыгы
эрөөлчүлөргө карап, күтүп калышты.
— Эч кимиңер каршы болбоссуңар деп ойлойм? — деп сөзүн улантты майор, эмне
дешээр экен дегендей карап.
— Адилет талапка каршы болмок белем, — деди ирландиялык оор-басырык түрдө.
— Мен колумдагы курал менен салгылашам, — деп Кольхаун одоно жооп
кайтарды.
— Макулмун. Мунун айтканы мага да ылайык келет, — деп мустангер жооп берди.
— Экөөңөрдө тең экинчи номерлүү алты атар Кольт тапанчасы бар экенин көрүп
турам, — деди майор. — Азырынча баары жайында. Экөөңөрдүн тең куралыңар
бирдей экен.
— Дагы башка куралдары болуп жүрбөсүн? — деп сурады жаш Генкок капитандын
койнунда бычагы бар го деп шектенип.
— Менде мындан башка эч кандай курал жок, — деп мустангер чынын айтты, анын
сөзүнүн чын экендигинде эч кандай шек болгон жок. Маалкатып, жооп бербей турган
Кольхаунга баары карап калды. Чынын айтууга тийиш экенин капитан түшүнө койду.
— Менде дагы бычак бар. Бычакты тартып албайсыз го деп ишенем. Менимче, ар
кимибиз өзүбүздө бар куралды колдонууга акылуубуз го.
— Бирок, капитан Кольхаун, — деп сөзүн улантты Генкок, — сиздин душманыңызда
бычак жок. Эгерде аны менен бирдей шартта салгылашуудан коркпосоңуз,
бычагыңызды таштоого тийишсиз.
— Туура, албетте, бычагын таштоого тийиш! — деп кыйкырып жиберди бир нече
киши. — Таштоого тийиш!
— Бери бериңиз, капитан Кольхаун, — деди майор сүрдүү кыяс менен. — Акыл-эси
бар ар бир кишини алты ок алымсындырууга тийиш. Алты окту атып бүтүргөнчө,
бирөөңөр...
— Жерге кирсин! — деп Кольхаун кыйкырып жиберди,
мундиринин топчусун чечип жатып. Бычагын алып, бөлмөнүн каршылаш бурчуна
ыргытты да, адепсиз добуш менен: — Мындай жагалданган күйкө үчүн мага бычактын
кереги жок, муну бир атканда эле сулатам, — деди.
— Иш менен далилдегениңизде сүйлөңүз. Мени мактанчаак сөзүңүз коркутуп
жиберет экен деп ойлобоңуз. Кетиңиздер. Жентльмендер, силерден сураганым,
ылдамыраак кетиңиздер! Мындай мактанчаактын, обу жок сөздүн түбүнө жетиш
керек!
— Ит, — деп ызырынды капитан. — Атаңа наалат, ирландиялык ит! Сенин күпкөңө
барып улугандай кылам. Мен...
— Уялсаң боло, капитан Кольхаун, — деп, майор анын сөзүн бузуп кетти, аерде
тургандардын баары нааразы болду. — Мунун баары обу жок сөз, абийирдүү элдин
арасында өзүңүздү мындай тутканыңыз келишпеген иш. Бир пас чыдай туруңуз, анан
оозуңузга эмне келсе, ошону айтыңыз. Дагы бир шарт бар, биз биерден бүт чыгып
кетмейинче, атышпооңор керек.
Мындай шартты камсыз кылуу өтө кыйындай көрүндү. Аябай ээлигип турушканда,
жөн эле убада берүү жетиштүү боло койбос. Касташкандар — эң кеминде алардын
бири — өздөрүнө курокту басууга уруксат бергенче күтүп турушу арсар эле.
— Сигнал боюнча баштоо керек, — деп майор сөзүн улантты. — Эч кимиңер андан
мурун атууга тийиш эмессиңер. Сигнал кандай болсун дейсиңер?
— Мен айтайын, — деди эстүү-баштуу капитан Сломан. — Мистер Кольхаун менен
мистер Жеральд биз менен кошо чыгышсын. Эгерде байкасаңар, бул тавернанын
карама-каршы тараптарында бирден эшик бар. Эки эшик тең бипбирдей. Анан булар
ошол эшиктен бирөө бир жагынан, бирөө экинчи жагынан кирсин да, босогого жетер
менен атыша башташсын.
— Эң сонун! Дал ушул керек эле, — деген добуш чыкты.
— А сигнал эмне болуу керек? — деп сурады майор. — Мылтык атылсынбы?
— Жок. Тавернанын коңгуроосу кагылсын.
— Мындан жакшыны ойлоп табууга болбойт. Мына ошол эң сонун сигнал, — деп
жарыялады майор, эшикти көздөй басып.
— Mein gott 44 , майор! — деп ресторандын кожоюну, ошол убакытка чейин
коркконунан бүтүндөй катып турган немис дүкөн столунун ар жагынан жүгүрүп чыгып,
кыйкырып жиберди. — Mein gott! чын эле булар менин тавернамда атышабы? Ах!
Булар бөтөлкөлөрүмдү, кооз күзгүлөрүмдү, эки жүз доллар турган кооз хрусталь
саатымды талкалашат! Эң сонун шараптарымды төгүшөт. Эх, майор! Анда менин
түбүмө жетишпедиби. Эмне кылам? Mein gott! Анда...
— Кайгырбаңыз, Обердофер, — деди майор. — Чеккен зыяныңыздын бүт
төлөнөрүндө шегим жок. Бирок, ошондой болсо да, сиз өзүңүз бир жерге жашынууңуз
керек. Эгерде салунуңузда калсаңыз, ок тиеринде шек жок, эгерде ок тийсе,
бөтөлкөлөрүңүздүн сынганынан да жаман болот.
Ушул сөз менен майор тавернанын калтаарын калган кожоюнун таштап, шашыла
көчөгө чыкты, аердеч мурда ар эшиктен чыккан эки душманды жолуктурду.
Обердофер ордунда көп турган жок. Майор чыгып, эшик жабылар менен,
тавернанын кожоюнунун артынан экинчи эшик жабылды. Нечен түрдүү түс менен
кулпурган бөтөлкөлөрү, кымбат күзгүлөрү, жаркырап күйгөн лампалары бар салунда
жымжырт болуп калды, ошол жымжырттыкта хрусталь сааттын бир калыпта
тыкылдаганы гана угулуп турду.
44 Mein gott (немисче) — айланайын кудайым.

#44 17 April 2017 - 10:31
XXI глава
ТАВЕРНАДАГЫ ЭРӨӨЛ
Тавернадан чыккандан кийин майор кийлигишкен жок. Эрөөлдү кубаттоо, кала
берсе, мындай учурларда белгилен- ген эрежени сактаган күндө да, форттун
командирине ылайык келбейт эле. Бул ишке ошол замат жаш офицерлер киришти.
Ал үчүн көп деле убакыт керек болгон жок. Эрөөлдүн шарты аныкталган эле.
Эрөөлдү баштоого сигнал болгудай коңгуроо кагуу үчүн ошерде тургандардын бирөөн
гана суроо керек.
Түн бир кыйла караңгы болучу, ошондой болсо да, мейманкананын алдындагы
бульварда топурап жүргөн кишилерди ажырата билүү үчүн жетишерлик жарык. Аерге
жалаң тавернадан чыккан офицерлер гана чогулуп тим болгон жок. Болгон окуя
жөнүндөгү кабар фортко тез эле жайыла түштү. Офицерлердин жолдоштору, ошондой
эле солдаттар да кызык тамашаны көрүү үчүн кароолдун жанынан жашынып өтүштү.
Жупуну кийинген аялдар да — солдаттардын зайыптары, эмне болуп жатканын толук
билсек экен деп далбасалаган, жүрүш-турушу шектүү бир нече шайкелең
сеньориталар да ошерде болду. Бардыгы шыбырап сүйлөштү. Майордун, дагы форттун
көрүнүктүү башка кишилеринин ошерде экени белгилүү.
Сонуркап, топураган кишилер бир аз четте турду, бирок бардыгынын көңүлү
толкундаткан тамашада болгону тавернаны аңкайып тиктегенинен көрүнүп турду.
Ресторандын эки жак бурчунда, биринен-бири окчун турган эки кишинин кыймылынан
көздөрүн айырган жок. Ортолорунда дөңгөчтөн салынган дубал болгонуна,
бирин-бири көрбөгөнүнө карабастан, күйүтү бирдей өңдөнүп, экөөнүн тең кыймылы
бипбирдей болду.
Ар кимиси майда таш төгүлгөн скверге жарыгы түшкөн эшиктин жанында турду.
Экөө тең дал кире бериште турбастан жарыктан четтеп, каптал жакта турду. Экөө тең
тикесинен турбастан, дал старт алдында жүгүрмөкчү болгон күлүктөр сыяктуу, бир аз
алга эңкейип турушту.
Бир жаңсыл болуучу убакыт жетти. Эрөөлгө чыккандар чымырканып эшикти карап
турушту. Босогодон аттап өтүп, экөөнүн бирөө, а балким, экөө тең өлө турган
салгылашууга жулунуп кирүү үчүн алар сигналды күтүп турушту. Бирөө дорулдаган
добуш менен: — Коңгуроону как! — деп кыйкырды. 4 Коңгуроо асылып турган
карагайдын түбүндө үч-төрт караанды ажыратып көрүүгө мүмкүн эле; Буйрук берген
добушту угар менен, алар зарыл ишке киришти. Караңгыда зорго көрүнгөн алардын
колдору кыймылдары менен, коңгуроонун заңгыраган үнү чыкты. Той салтанаттарына катышуу үчүн элди чакырып, демейде кубаныч жөнүндө жарыялаган бул добуш, эми
эр өлө турган урушка чакырды.
Коңгуроонун кагылганы көпкө созулган жок. Коңгуроо жыйырма чакты жолу
кагылды да, коңгуроону кагып жаткан кишилер эми өздөрүнүн эмгегинин зарыл
эместигин көрө коюшту. Касташкандардын тавернанын эшигинен көрүнбөй
калышынан, тапанчанын тарсылдаганынан, талкаланган айнектин шыңгыраганынан
улам, коңгуроону бекер эле кагып жаткандарын түшүнө коюшту. Коңгуроонун жибин
коё берип, алар тыңшай башташты. Урушка катышкан кишилерден башка, бул таң
каларлык эрөөлдүн кандан болуп жатканын эч ким көргөн жок.
Коңгуроо биринчи жолу кагылганда эле, касташкандар тавернага кирди да, ошо
замат тапанчалар тарсылдап калды. Бөлмөгө түтүн толуп кетти. Экөө тең жарадар
болсо да, жыгылган жок. Полго кан шорголоп агып жатты.
Экинчи жолу тарс эткен добуш бирге чыкты, бирок алар болжолдоп атышкан эле,
себеби, түтүн аларга жолтоо кылды. Анан бир жолу, анын артынан дагы бир жолу тарс
этти да, тымтырс болуп калды. Андан мурун бөлмөдө душмандардын кыймылдап
жүргөнү угулуп турган эле. Эми алардын дабышы да чыкпай калды.
Алар бирин бири өлтүрдүбү? Жок. Экөөнүн тирүү экенин кайра дагы катары менен
тарс эткен добуш жарыя кылды. Бир аз тымтырстык боло калган себеби, касташкандар
бирин бири түтүндүн арасынан издеп табууга аракет кылышкан эле.
Турган жерибизди билгизип койбогой элек деп, экөө кыймылдаган да, сүйлөгөн да
жок.
Катары менен тапанчанын атылганы тымтырстыкты кайра дагы бузуп кетти, тарс
дээр замат эки оор дене жерге күп этип жыгылды.
Анан орундуктардын калдырап жыгылганы угулду.
Сонуркап карап тургандар эшиктен созолонуп чыккан көк түтүндү, лампанын
жылтылдаганын, кез-кезде шатыр-шутур дей түшүп, жарк эткен жарыкты гана көрүштү.
Бирок угуп тургандары алда канчалык көп болду.
Алар коңгуроонун кагылганы токтолгондон кийин тапанчанын атылганын угушту.
Айнектин быт-чыт болуп шыңгыраганын, кармашып жаткандар жыга коюп кеткен
эмеректердин калдырап жыгылганын, тактайда тарсылдаган дүбүрттү, анан
мезгил-мезгили менен тапанчанын тарсылдаганын угушту. Бирок ушул шоокумду
баштаган кишилердин үнү угулган жок. Ресторандын ичинде эмне болуп жатканын
сыртта тургандардын эч кимиси түшүнө албады. Тапанчанын канча жолу атылганына
карай гана, эрөөлдүн бүтөйүн деп калганын билүүгө болот эле. Алар тапанчанын он
бир жолу атылганын эсептеп чыгышты. Дымын чыгарбай, бардыгы тапанчанын он
экинчи жолу атылышын күттү.
Бирок тапанча атылбай, кишинин үнү угулду. Мустангер:
— Менин тапанчам сиздин чыкыйыңызда такалып турат. Кечирим сураңыз,
болбосо ажалыңыздын жеткени! — деди.
Күрөш бүтөйүн деп калганын топурап тургандар эми түшүндү. Баатырсынган кай
бирөөлөрү терезеден шыкаалап карашты. Алар полдо жаткан эки кишини көрдү.
Экөөнүн кийми тең кан, экөө тең оор жарадар болгон экен. Чий баркыт шым кийип,
кызыл шарф курчанган бирөө экинчисинин үстүндө эңкейип, чыкыйына тапанча такап,
ажалың жетти деп коркутуп туруптур.
Карап тургандар көк түтүндүн арасынан көргөн көрүнүш мына ушундай эле.
Аңгыча болбой дагы бир добуш — Кольхаундун үнү угулду. Эми анын үнүндө
баягыдай мен-менсинүү болгон жок. Эми бул жөн эле жалынып-жалбарган күбүр
болду.
— Болду!.. Тапанчаңызды тартыңыз... Кечириңиз.

#45 17 April 2017 - 10:33
XXII глава
ТАБЫШМАКТУУ БЕЛЕК
Техас үчүн эрөөл таң калгыдай иш эмес. Үч күн өтөр менен, эрөөл жөнүндө
сүйлөгөндөрүн коюшат, а түгүл бир жумадан кийин эстерине да түшүрүшпөйт.
Көчөдө салгылашуу — көнүмүш окуя. Салгылашуу тике эле көчөдө башталып,
байкабай кетип бараткан киши өлгөн учурлар да көп болот.
Ушундай таң каларлык жазалоого курман болгондорду «окустуктар» деген графага
жазышат да, айыпкерлер эч кандай жазага тартылбайт.
Бирок Кассий Кольхаун менен Морис Жеральддын эрөөлгө чыкканына эл бөтөнчө
кызыкты. Экөө тең сеттльменттин жергиликтүү калкына таандык болбогондугуна
карабастан, алардын эрөөлгө чыкканы жөнүндө тогуз күн катары менен сөз кылышты.
Капитандын жагымсыз, көйрөң кулк-мүнөзү, мустангердин табыйгы жөнөкөйлүгү,
ниетинин актыгы бардыгына жакшы белгилүү эле. Ушул эрөөлдүн бүткөнүнө коомдук
пикирдин толук ыраазы болгону таң каларлык эмес эле.
Өзүнүн жеңилгенин Кассий Кольхаун кандайча көтөргөнүн эч ким билген жок. Өзү
дайыма кетпеген тавернада эми аны көрүшкөн жок. Катуу жарадар болуп көпкө чейин
төшөктөн турбай жатты.
Морис да оорулуу кишинин абалында болду, анын саламаттыгы анчалык
коркунучтуу болбогондугуна карабастан, төшөккө жатышы зарыл эле, ошондуктан
Обердофердин мейманканасынан бир кичинекей бөлмө алып, ошерде калууга туура
келди.
Фелим аны менен бирге болду.
— Ыйык Патрик! Мындай иштин өлчөөсү курсун, — деп улутунду кыйышпас
жигити. — Чочконун кепесинен чоң эмес, кичинекей бөлмөгө жентльменди киргизип
коюшу — барып турган жаман иш го. Менин мастер Морисим сыяктуу жентльменди
ушундай кылгандары өлчөөсү курусун.
Тоё жегидей тамак, тоё ичкидей ичкилик беришпейт. Булар берген тамакты чочко
да жебес эле. Анын үстүнө — эмне деп ойлоого болот! — жанагы картаң Дуффер
уялбай оозуна келгенди оттойт...
— Обердофердин эмне дегени мага баары бир, бирок аны уксун дегиң келбесе,
теңир жалгагыр, үнүңдү басыбыраак сүйлө. Бу бөлмөнүн тосмолору — чырпыктан
токулуп акиташ менен шыбалып коюлганын гана унутпа.
— Тосмосу жерге кирсин! Эгерде өзүнө жакса, өрттөп жиберсин! Өзүңүз жөнүндө
эмне деп келжирешкени сизге баары бирби? Мага да баары бир, укса уга беришсин.
Жанагы немис бизге мындан жаман мамиле кыла албайт. Баары бир айтам — сиз
билүүгө тийишсиз.
— Кош, айт, ал эмне деп жүрөт?
— Мындай дейт. Ал бир келген кишиге сүйлөп жатканын өзүм уктум: сизге жалаң
бөлмө, тамак, кир жууган үчүн гана эмес, талкаланган бөтөлкөлөр, күзгүлөр, дагы ошо
түнү кыйрап сынган буюмдардын бардыгы үчүн акча төлөтөм дейт.
— Мага акча төлөтөт бекен?
— Ооба, мастер Морис. Тиги янкиден сокур тыйын албайт имиш. Мына ушундай
экен! Атаңа наалат немис гана ушундай нерсени ойлоп табат. Баллибаллахтан чыккан
эски Жеральддардын тукуму сиз эмес, жанагы балааны баштаган киши төлөөгө тийиш,
бул иште сиздин айыбыңыз жок.
— Эмне үчүн бардыгын мага төлөтөм дегенин уккан жоксуңбу?
— Колума түшкөн коёнду эми коё бербейм, баарын төлөтмөйүнчө сизди колуман
чыгарбайм дейт.
— Бир аз жаңылышып калганын жакында көрөт. Андан көрө, ал тиги бадалга
жашынып калган коёнго счет берсин. Чеккен зыянынын теңин төлөөгө мен макулмун,
бирок ашык эч нерсе төлөбөйм. Эгерде сөз болуп калса, ага ушинтип айт. Чынымды
айтсам, ошол жарымын кантип төлөрүмү да билбейм Тигинде көп нерсе сынып, көп
нерсе талкаланганы чын. Биз кармашып жатканда шыңгыр этип кыйраган нерсе өтө
көп болгону эсимде. Жанылбасам, күзгү, же саат, же дагы бирдеме сынса керек эле.
— Чоң күзгү сыныптыр, мастер Морис, анан дагы сааттагы кандайдыр хрусталь
буюм талкаланган имиш. Ошол буюм эки жүз доллар турат дешет. Калпычылар.
Ошонун теңинен ашпоо керек.
— Ошондой болсо да мен үчүн ал өтө кыйын. Фелим, сага тиги Аламого барып,
андагы дүнүйөбүздүн баарын алып келүүгө туура келет го деп корком. Ушул карызды
төлөө үчүн өзүмдүн шпораларыман, күмүш бакалыман, а балким, мылтыгыман
ажыроого туура келер.
— Мылтыкты айта көрбөңүз, мастер Морис. Мылтыксыз кантип күн көрөбүз?
— Эптеп оокат кыларбыз. Жылкынын этин жейбиз — кыл аркан бизге жардам
берет.
— Ырас эле, жанагы картаң Дуффер берген аталадан жылкынын эти күнчүлүк өйдө
эмеспи. Анын тамагынан кийин дайыма ичим ооруйт.
Эшик ачылып, алардын сөзүн бөлүп кетти — тыкылдатпастан эле мейманкананын
малай аялы бөлмөгө кирип келди. Анын колунда чырпыктан токулган себет бар экен.
— Сага эмне керек, Гертруда? — деп сурады Фелим, сыягы кирип келген аял менен
ал мурдатан жолугушуп жүргөн окшоду.
— Кандайдыр бир жентльмен силерге берип койгун деди, — деп кыз себетти
сунуп, жооп кайтарды.
— Кандай жентльмен? Ким экен, Гертруда?
— Тааныбайм, аны мурун эч качан көргөн эмесмин.
— Жентльмен берди дейсиңби? Ал ким болушу мүмкүн, Фелим? Алдагыда эмне
бар экен карап көрөлүчү.
Фелим себетти ачты. Себетте ар түрдүү деликатестердин — кондитер
тамактарынын, ашмачы бышырган тамактардын арасында салынган бир нече бутылка
шарап бар экен. Эч кандай кат, а түгүл алакандай кагазга жазылган эчтеме да жок.
Кооздоп оролгон тамактардын көптүгүнө караганда, муну дөөлөттүү киши
жибергендей сыяк- танды.
— Аны ким жибериши мүмкүн?
Морис ойлонуп калды, эриксизден Луиза Пойндекстердин элеси көз алдына келе
калды.
Бир аз чындыкка окшобогондугуна карабастан, ал Луиза жиберди го деп ойлоду да,
ичинен жымыңдап сүйүнүп калды. Бирок улам, көбүрөөк ойлогон сайын, көбүрөөк
шектене баштады да, үмүттүн жалаң көлөкөсү гана калды.
— Кандайдыр бир жентльмен бериптир, — деп Фелим бирде өзү менен өзү
сүйлөшкөнсүп, бирде кожоюнуна кайрылгансып, кайталап сүйлөдү. — Гертруда
жентльмен берди деди. Кайрымдуу киши болсо керек. Бирок ким болду экен?
— Такыр элестете албайм, Фелим. Балким, форттун офицерлеринин бирөө
жибергендир. Бирок муну жиберүүнү ойлоп тапкан ким экенин билбейм.
— Алардын кимиси ойлоп тапмак эле. Бир да офицер, деги ар кандай эркек бул
корзинкага салган эмес.
— Эмне үчүн сен андай деп ойлойсуң?
— Эмне үчүн ойлойсуң дейсизби? Эх, мастер Морис, а жөнүндө сурай турган сиз
эмессиз. Аялдардын колунан келген иш экени көрүнүп турбайбы. Кудай урсун! Кандай
тыкандык менен ороп салганын көрүңүзчү — эркек эч качан мындай кыла албайт.
Ырас айтам, бул аял, ишенип коюңуз, анык леди жиберген болуу керек.
— Калжыраган сөздү койсоңчу, Фелим! Мага мындай көңүл бура турган бир да
ледини билбейм.
— Мына мунуңуз калп, мастер Морис! Ушундай кылууга тийиш болгон бир ледини
билем. Эгерде ал ушундай кылбаса, анысы кара мүртөздүк болор эле. Сиз эмне аны
ажалдан аман алып калган жок белеңиз?
— Ким жөнүндө айтып жатасың, Фелим?
— Куду билбеген кишиче сүйлөйсүз, мырзам! Баягы биздин кепебизге келген сулуу
жөнүндө айтып жатам. Чаар байталды минип келбеди беле. Ал чаар байтал үчүн сиз
андан сокур тыйын алган эмессиз. Эгерде бул белекти ал жибербесе, бүткүл
Биллабаллахта Фелим О'Нилден ашкан акмак жок. Азыр сиздин кандай коркунучта
жатканыңызды билсе, биздин көк көз сулуубуз эмне дээр эле?
— Коркунуч дейсиңби? Коркунуч өтүп кетти. Доктор мага бир жумадан кийин
төшөктөн туруп кетсеңиз да болот деди. Бирок наалыба досум.
— Жок, мен жөн эле айтып жатам. Бу коркунуч жөнүндө ойлогонум жок. Өзүңүз
билесиз го. Сиздин жүрөгүңүздүн жаракаты жокпу, мастер Морис! Кээде коргошун
октон да, татынакай көз катуураак жарадар кылат. Балким, сиздин көзүңүз бирөөнү
жарадар кылгандыр да, ушунун баарын ошол жибергендир?
— Сен бүтүндөй алжып кеттиң, Фелим. Форттогулардын бирөө жиберген го. Бирок
ким жиберсе да, бул белекти шаан-шөкөттөп отургудай себепти көрө албадым. А
көрөкчө, белекке киришели. Чабырадагы деликатестердин даамын татып, оорулуу
киши моокумун жазганына карабастан, ал көңүлүндө андан бетер жыргалды өзүнө
ушунчалык көңүл буруп, аздектеген кызга санаасы учуп жөнөдү.
Өзүнүн душманынын таежеси, жаш креолка жибердиби? Андай болушуна Морис
анчалык ишене алган жок.
Эгерде ал болбосо, дагы ким жиберди? Белекти жиберген Луиза Пойндекстер
экени чын болсо, мустангер ээр-токуму менен өзүнүн торусун берүүдөн да баш тартпас
эле.
Дагы эки күн өттү, бирок табышмак табышмак бойдон кала берди. Көп узабай эле
оорулуу кишини экинчи жолку белек менен кубандырышты. Бөтөлкөлөр, жаны
бышырылган ширин тамак салынган дагы ошондой эле себет келди.
Малай аялдан дагы сураштырышты. Бирок натыйжасы баягыдай эле болду:
«Жентльмен алып келди, бая күнү келген бейтааныш жентльмендин өзү экен». Малай
кыздын кошумчалап айтканы эле: «абдан кара неме экен», кийгени жалтыраган
калпак, тавернага ал качыр минип келди деди. Сырын билгизбесе да, Мористи бул сөз канааттандырган жок. Мустангер көңүлүндө аздектеп жүргөн кыял жөнүндө Фелим
билчү да эмес.
Жалтыраган калпак кийген баягы эле жентьлмен алып келген үчүнчү себеттен
кийин эки күн өткөндө, Мориске өзүнүн кыялынан баш тартууга туура келди.
Мурдагы себеттерден эч кандай айырмасы жок себетте кат бар экен.
— Бул баягы Исидора турбайбы, — деп кобурады Морис жазылган катка карап.
Ал конвертти айырып, катты окуй баштады.
«Кымбаттуу сеньер!
Бир жумадан бери Сильвио байкемдикинде конок болуп жаттым эле. Сиздин
ноокас экениңиз жөнүндө, мейманканада сизди жаман тейлешкени тууралуу да кабар
уктум. Теңир жалгагыр, бир кезде мага жакшылык кылганыңыз жөнүндө эстелик
болсун деп, ушул кичинекей белекти жибердим. Рио-Грандеге кетеримде катты атчан
туруп жаздым.
Мага жакшылык кылган, жанымды атүгүл абийримди сактап калган сиз элеңиз!
Кош болуңуз!
Исидора Коварубио де-Лос-Ланос»
— Ыракмат, ыракмат, жаным Исидора! — деп күбүрөдү мустангер катты бүктөп,
төшөгүнүн үстүнө ыргытып. — Жакшылыктын кадырын билип, эч качан унутпаган,
кайрымдуу кыз... Луиза Пойндекстер болбосо, балким сени сүйөт белем,..

#46 17 April 2017 - 10:35
XXIII глава
КЕКЕНҮҮ АНТЫ
Ооруган кезинде Кольхаун жасалгасы келишкен өзүнүн бөлмөсүндө жатты.
Өзүмчүл орой киши болгондуктан, ал достукка ишенчү эмес, ошондуктан достору да
жок эле. Өзүнүн элки экенин билип торугуу кара жанынын кыйналганын ого бетер
ырбатты. Өлүп калышым мүмкүн го деп ойлоп, абдан коркту. Анын өлүп калышы
менен кимдин иши бар? Ал тирүү калабы, өлөбү — а жөнүндө эч ким кайгырбай
турганын өзү билген болучу.
Эгерде ага анча-мынча көңүл коюшса, анысы жөн эле туушкандык милдет катары
болду. Башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Таежеси менен таякесине карата кылган
кылыгы аны жек көрсөтүшү гана мүмкүн болучу. Таякеси, кербез Вудли Пойндекстер
анча-мынча корккону менен, ага итиркейи келип жүрдү.
Ырас, өзүнүн жээнине карата бул сезим картаң плантаторго жакында эле пайда
болду. Жогоруда айтылып кеткендей, Пойндекстер жээнине карыздар. Анын карызы
аябай көбөйдү да, иш жүзүндө Касадель-Корвонун ээси Кассий Кольхаун болуп калды,
каалаган убагында ал өзүн кожоюнмун деп айта да алат. Луизага үйлөнүү үчүн акыркы
убакта Кольхаун жанын үрөп, өзүнүн абалынан пайдаланууга аракет кылды. Луизага ал
көптөн бери эле ашык болуп жүргөн. Кызды ал өзүнө ашык кыла алган жок, сүйбөй
турганын кыз да жашырчу эмес. Ошондуктан Кольхаун өзүнүн үстөмдүгүн жакшы
билип, кыздын атасы аркылуу тилегине жетишмекчи болду.
Ушундай мамиледе болуп, катуу ооруп жаткан кезинде капитанга башка
убактагыдан көңүл бурбагандыгы таң каларлык эмес. Эми, оорулуу киши өлүп
каламбы деп коркуп жатканда, айланасындагыларга ал кандайдыр мээримдүүрөк
болуп кетти. Бирок анысы көпкө созулган жок. Коркунуч өтүп кеткенин сезери менен,Кольхаун өзүнүн маскара болуп жеңилгенинен улам күчөгөн обу жок делөөрүгөнү
кайтадан башталды.
Өз кадырын көтөрүп, жок жерден мактанганды ал жакшы көрчү эле; баатырсынып,
башкалардан өзүн өйдөрөөк кылып көрсөтүү ага жага турган. Эми андай кылууга
мүмкүн болбой калды. Техаста анын бедели түштү, ошо жөнүндө ойлогондо анын
кабыргасы аябай кайышты. Сүйүү жагы- нан атаандаш кишисин мени кордогон
айыпкер деп ойлосо, заманасы куурулду.
Морис-мустангер өлүүгө тийиш. Эгерде Кассий Кольхаундун колунан өлбөсө да,
башка бирөөнүн колунан өлүүгө тийиш. Техастын кеңири прериясында аны өлтүргүдөй
кишини табарына капитан шек кылган жок. Жер жүзүнүн кай жеринде болсо да, алтын
— кудуреттүү металл эмеспи. А Кольхаунду өлтүргүдөй кишини сатып алыш үчүн алтын
болсо жетиштүү.
Жаракатынан айыкканча бөлмөсүндө жалгыз жатып, Кольхаун мустангерди кантип
өлтүрүү жолун ойлоно берди. Ал өзүнүн оюн аткаргыдай кишини тапкысы келди жана
ошондой киши ага бардай көрүндү.
Андай киши, дал Морис сыяктуу мустангер эле. А киши менен Мористин ортосунда
достук жок экенин Кольхаун жакшы билчү.
Ушул өзгөчө кесиптеги кишилер жөнүндө Техаста дарбаан сөз көп эле. Каадада
маданияттуу коомдун таштандылары, кызып кеткенде абийирин сактай албай калчу
айдалып келген кылмышкерлер мустангердик кесип менен күн көрө турган.
Сеттльментте турганда, мустангерлер дайыма чыр-чатак салып, жергиликтүү калкка
ыза көрсөтүшө турган. Ээн прерияда алар менен жолугушуп калуу жаныңды тобокелге
саюу деген менен барабар эле.
Кассий Кольхаун ошондой кишилердин бири жөнүндө эсине түшүрдү. Ал тавернада
бир нече жолу жолугушуп, баягы эрөөл болгон түнү көргөн кишисин эсине түшүрдү.
Ошол мустангер акыры жамандык менен бүткөн эрөөлдөн кийин өзүн замбилге салып
көтөргөн кишилердин бири эле. Жаман көргөнүн көрүнөө билгизип, Мористин
адресине сын тагып сүйлөгөн мексикалык да эсине түштү. Кольхаун ошол мексикалык
киши Мористин ашкан душманы экенин кийин билди.
Кольхаун ошол кишиге ТОКТОМОКЧУ болду. Мексикалыкты ал өзүнө чакыртып алды
да! ошондон кийин бир нече жолу кезигишип, бөлмөсүнө бекинип алып, аңгемелешип
жүрдү.
Тегерегинде жүргөн кишилер алардын анткенинен шек санаган жок.
Кольхаунга келип жүргөн киши ат жана уй менен соода кыла турган. Алардын
соода-сатык иштери болушу мүмкүн эле. Ошондой деп жоромолдоо толук түшүнүктүү
болучу. Адегенде мексикалык мустангер өзү да капитан менен жолугушуп жүргөнүн
ушундай деп ойлоду.
Чын эле алардын сөзү көпкө чейин соода-сатык жөнүндө гана болуп жүрдү.
Миссисипи штатынан чыккан митаам чала тааныш кишиге өзүнүн сырын адегенде эле
айта коймок беле. Мексикалык үчүн абдан ыңгайлуу бир соодадан кийин бир бөтөлкө
шарап ичип отуруп, Кольхаун Морис мустангерге мексикалыктын кандай мамиле кыла
тургандыгы жөнүндө ийне-жибине чейин териштирип сурай баштады.
Ошол кишиге толук ишенүүгө боло тургандыгына, кандай иш кыл десең да, а түгүл
бирөөнү өлтүр десең да өлтүрүүдөн баш тартпай тургандыгына аңгемелешүү
капитанды толук ишендирди.
Жаш мустангерди жаман көргөнүн мексикалык жашырган жок. Эмне себептен
жаман көргөнү жөнүндө эчтеме айтпаса да, Кассий Кольхаун алардын касташкан
себеби да дал эле өзүлөрүнүкүндөй аял үчүн араздашып жүргөнүн түшүндү.
Алардын араздашканы Морис кез-кези менен барып жүргөн, Рио-Гранде
жээктеринен келген кара көз донселла алиги татынакай Елена болуп чыкты. Ал кыз
ирландиялык мустангерди мексикалык мустангерден артыгыраак көрө баштады.
Кыздын аты ким экенин ал айткан жок, а Кольхаун билүүгө да тырышпады.
Морис сыркоолоп жатканда, мексикалык менен капитан бир нече ирет кезигишип,
көпкө чейин аңгемелешти — кандай аракет кылуу планын жакшылап ойлоп чыгуу үчүн
аларга толук мүмкүнчүлүк болду.
План иштелип чыктыбы, жокпу, планга катышкан кишилердин азезилдей ниети
кандай экени жалаң экөөнө гана белгилүү бойдон кала берди. Айланасындагылар
Кассий Кольхаун менен Мигуэль Диаз, эл койгон аты боюнча Эль-Койот45 шилекей
алышкан дос болуп кеткенин көрүп, алардын ушундай таң каларлык достугунан көп
киши айран-таң болуп жүрдү.

#47 17 April 2017 - 10:37
XXIV глава
АЗОТЕЯДА
Техастын плантацияларында күн чыгары менен эмгек башталат. Кара кулдарды
жумушка чакырган коңгуроо кул ээлерин да ойготот.
Каса-дель-Корводо эски кожоюндардын убагында да ошондой болгон.
Америкалык плантатордун үй-бүлөсү бул кааданы өзгөрткөн жок, — ырас, мурунку
салтты жолдогусу келгендиктен эмес, табияттын талабына жараша ошондой кылышты.
Дайыма дээрлик жаз болуп турган күнөс Техастын аңкыган таңын төшөктө жатып
өткөрүү өтө аянычтуу.
Жаркыраган таңдай болгон татынакай Луиза азотеянын периласында турду. Чыгып
келаткан күн тараптан ал көзүн айырган жок. Түнкү кыроосу алигиче кетпей турган таш
перилалардан колун тартпады.
Алды жагындагы дарыянын имерилишиндеги таң анын үстүнөн көрүнүп турган
өйүздөгү жантайма жээги, андан ары айдөш болуп кеткен кеңири прерия көз алдынан
көрүнүп турду.
Адам суктанбай коё албай турган ушул сонун көрүнүшкө карап турдубу? Жок. Куду
бутпарасча күнгө чокунгансып көрүнгөнү менен, ал чыгып келаткан күндү да байкаган
жок.
Ал бак менен кичине токойдогу куштардын сайраганын угуп турдубу?
Жок. Ал эчтеме уккан да, байкаган да жок. Адашкансыган көз карашта болуп, ою да
алда кайда алып учту.
Чайыттай ачык таң, куштардын кубулжуп сайраганы аны кубандырбагандай
сыяктанды, күйгөндүн жышанасы нурлуу жүзүнөн билинип турду.
Ал жалгыз. Анын кайгырганын эч ким байкаган жок, эмне үчүн кайгырганын эч ким
сурабады.
Окустан оозунан чыгып кеткен шыбыш сырын билгизип койду:
— Балким ал катуу жарадар болгондур. Балким, ал икарадар өлүп калар? Ага эч
кимди жибере да албайм. Эч кимге ишенбейм. Кайда жатат? Жанында ким бар? Ага жардамдашып, кайгысына ортоктош болуу керек... Тиги Зеб Стумп да кайда жоголуп
кетти? Ал көптөн бери биздикине келе элек!
Жаш креолка Инж фортуна келе турган жолду карады, — Зеб Стумп ушул жол
менен жүрчү эле, бирок эч ким көрүнгөн жок.
Анан Луиза ойлонбостон бурулду да, куду бирөөнү күткөндөй, тескери жакты карай
баштады. Жаңылган эмес экен. Токойдогу жыгачтын арасынан атчан бир киши
көрүндү. Креолкага адегенде ал арабча кийинген эркекке окшоду. Бирок жакшылап
караганында, эркекче кийинген аял экен, атка да эркекче миниптир. Атчан аялдын
өңүн даана көрүү өтө кыйын эле, себеби, куду паранжыдай кылып бетин өтө жука
шарф менен жаап койгон экен. Ошондой болсо да Луиза анын кара тоголок сулуу
иреңин, бетинин чүкөсүндөгү кызылды, эки көзүн көрүп калды, анын балбылдаган
көзүн жердеги, а түгүл асмандагы жаркыраган зат менен гана салыштырууга болор эле.
Бейтааныш аялдын артынан дагы бир атчан киши келатты. Ал — кыздын малайы
сыяктанды.
— Бул ким болушу мүмкүн? — деп күбүрөдү Луиза Пойндекстср укмуштуу атчан
кызды жакшылап көрүү үчүн лорнетин көзүнө шып коё коюп. — Албетте, мексиканка,
качыр минип бараткан киши — анын малайы... Сыягы, кайдагы бир тектүү сеньорита
окшойт... Алардын баарын мен Рио-Гранденин наркы өйүзүнө көчүп кетти го деп
ойлодум эле. Жанындагы кишинин колунда себет бар экен... Кызык, себетте эмне бар
болду экен? Эмне үчүн булар сеттльментке баратат? Бул аялды ушул жумада биздин
жаныбыздан үчүнчү жолу көрөм. Ал калыбы дарыянын ылдый жагындагы
плантацияларда турат окшойт. Атка жүргөнү укмуштуу экен. Анагуактын кыздары46 атка
ушундай жүрөт деп уктум эле. Эгерде мен да атка ушундай жүрө баштасам, эмне
болор эле? Пуритандык энелерибиздин капаланып, нааразы болору көзүмө көрүнүп
турат! Ах-ха-ха! Алардын төбө чачы тик турары көзүмө элестеп турат!
Токойдун арасындагы бадалдан бир антилопа жолго жүгүрүп чыкты. Атчан кыз
бетиндеги пардасын ачты да, оң колун бир нече жолу күүлөп туруп алды жакка жаскап
калды.
— Эмне кылып жатат? — деп күбүрөдү Луиза. — А! Анысы кыл аркан турбайбы!
Мексикалык сеньорита ушу улуттук куралды өтө кыйын колдоно тургандай
көрүндү; чалманы антилопанын мойнуна шап ыргытып, кере тартты эле, муунуп кеткен
антилопа жыгылып калды.
Жанындагы малайы желдирип келип, качырынан ыргып түштү да, антилопаны
шамшар менен мууздап жиберди; анан антилопаны качырына арта салып, өзү
качырына секирип минди да, атчан аялдын артынан жөнөдү. А сеньорита арканын
шыпылдата түрүп алды да, бетине шарфын кайра түшүрүп, такыр эчтеме болбогондой
бастырып кете берди. Луизанын жүрөгү алеп-желеп боло түштү.
«Ырас эле ошол кызбы? Сиздин жашыңызда, бою сизден саал жапызыраак дебеди
беле. Рио-Грандеде турат, кез-кезде Леонага келип, мейман болуп кетет деген. Бу ким
болду? Аты ким деп Мористен эмне үчүн сурабадым экен? Ырас эле ошо кызбы?»
45 Эль-Койот (нспанча) — талаа карышкыры.
46 Анагуак кыздары — мексикалык аялдар. Мексика Анагуак бөксө тоосунда болот.

#49 20 April 2017 - 15:13
XXV глава
БЕРИЛБЕЙ КАЛГАН БЕЛЕК
Зээни кейип ойлонуп, Луиза кетип бараткан атчан кишилерди байкап тура берди.
Алар токойдун арасына кирип, көрүнбөй калганда, гасиенданы көздөй келаткансыган
дагы бир киши көрүндү.
Кубанганынан Луизанын өңү жадырап-жайнай түштү: ал келаткан картаң мергенчи
Зеб Стумп эле.
— Сонун болбодубу, ал мага абдан керек эле! — деп кубанып кетти Луиза. —
Балким, андан кабар угармын. Тиги кыз менен жолуккан чыгар, мүмкүн, кыздын ким
экенин айтып берер? Жанагы окуядан кийин муну менен да этият болушум керек. О,
эгерде Мориске жакканыма көзүм жетсе мынчалык күйбөс элем! Бирок ал өтө эле
көңүл кош карайт! Мага, Луиза Пойндекстерге! Бирок мындай болуп отурушу мүмкүн
эмес: зарлап өтсөм да, бул эзүүдөн кутулушум керек.
Аңгыча болбой, Зеб Стумп гасиендага келип, атынын оозун жыя тартты.
— Кымбаттуу мистер Стумп! — деп, кубана куттуктаган добуш угулду, ошол
добушту укканды картаң мергенчи абдан жакшы көрүүчү эле. — Сизди көргөнүмө
абдан кубандым! Атыңыздан түшүп, биерге тезирээк келиңиз. Өйдөгө оңой
чыгарыңызды, мына бул баскыч менен жүгүрүп чыгуу сизге кеп эмес экенин билем.
Биерден эң эле сонун жерлер көрүнөт, убара болгонуңузга өкүнбөйсүз.
— Сизди көрүү, мисс Луиза, мен үчүн эң чоң сыйлык эмеспи. Бир пас күтө
туруңуз, картаң бээмди атканага алып барып коюп, азыр эле келем.
Ошол арада келе калган негр Плуто мергенчинин атын алып кетти да, Зеб Стумп
эки-үч баскычты катары менен аттап, азотеяга ылдам чыгып келди.
Кожоюн кыз чалды дагы кубана куттуктады да, окчунураак бурчка ээрчитип кетти.
Картаң мергенчи кыздын жүрөгү алеп-желеп болуп турганын дароо эле байкады,
жалаң кооз көрүнүшкө суктануу үчүн гана аерге чакырбаганын түшүнө койду.
— Айтыңызчы, мистер Стумп, — деди Луиза мергенчинин таар күрмөсүнүн
жеңинен кармап, анын көзүнө бир-
Ошентип жаш креолка жаны орлеан вальсын кыңылдап ырдап, калп эле көңүлү шат
немече, тепкичти көздөй басты.
Бир аздан кийин Луиза мергенчи менен коштошту. Анын аерде болгону кызды эми
кызыктырган жок. Өзүнүн кайгысын өзү гана бөлүштүрүү үчүн ал бөлмөсүнө шашыла
кирип кетти.
Луиза Пойндекстер өмүрүндө биринчи жолу күнүлөө күйүтүн тартты. Бул анын
биринчи анык сүйүшү эле.
Мексикалык сеньоританын Морис Жеральдга камкордук кылганын жөнөкөй достук
эле деп айтууга болбос. Сыягы, аларды өтө ынак кылган башка байланышы болуу
керек.
Луизанын жаны жай тапкан жок. Мексикалык кызды дагы көрүп, анын өңүн
жакшылап кароо Луиза үчүн өтө зарыл болду.
Зеб Стумп кетери менен, ал чаар байталды токутуп алды да, өзөндөн кечип өтүп,
наркы өйүздөгү жантайма менен өйдө чыга баштады.
Фортко жакындары менен, дал өзү ойлогондой, күнүсүнө жолугуп калды.
Аердеги жолго дарактардын көлөкөсү түшүп турду. Мексикалык кыз шарфын
ийнине салаңдата салып коюп, башы ачык келаткан эле. Жылтылдаган көмүрдөй кара
коюу чачы, кара тору татынакай бетин керенедей айландырып турду.
Адептүүлүк ырасымын колдонуп, эки кыз тең жолугушканда бирине бири көзүнүн
кыры менен карап койду. Бирок бир аз узаары менен, бирине-бири дагы көз чаптырып
карагысы келди да, экөө тең кылчайып карашты.
Мексикалык сеньорита жөнүндө жалаң Луиза гана укпастан, Луиза жөнүндө ал да
билгендей сыяктанды.
Лунзанын ою мурдагысынан бетер кейиштүү боло баштады.
«Жакшынакай экен! — деп ойлоду ал өзүмүн күнүлөшүм экен деп эсептеген
аялдын жанынан өтүп кетип. — Ырас Жеральдга курбу болгондой өтө жакшынакай
экен. Бу кызды анын сүйөрүндө кылдай да шегим жок. Анын мага көңүл кош карап
жүргөн себеби ушул турбайбы. Аны унутуп, жүрөгүмдүн тушоосун алып таштоом керек.
Унутуу керек! Унутуу керек деп айтуу оңой. Бирок унута алар бекемин? Мындан ары
аны менен жолугушууга тийиш эмесмин. Болор иш болгондон кийин,ал эми биздин
үйгө келбейт. Морис Жеральд, сен мени мынча эмне зарлаттың?»

#51 07 June 2017 - 07:36
1 айдан бери токтоп калыптыр, автор каршы болбостур.Улантып коё берели.)))
XXVI глава
ДАГЫ АЗОТЕЯДА =============
Сүйгөн кишисин унутуу өтө кыйын го. Сүйүүдөн жооп таба албаган жүрөк үчүн эң жакшы дары —
убакыт болот. Жолугушпай коюу андан да жакшыраак жардам берет. Бирок колдон кеткен бакытты
көксөөнү убакыт да, жолугушпай коюу да баса албайт.
Жакында эле ашык болуп, ашыктык оту алоолоп күйгөнү менен, жолунда тоскоол болчудай эч нерсе
жок сыяктанганы менен, Луиза Пойндекстерге өзүн чулгап алган сезимге каршы күрөшүү оңой болгон
жок.
Ошол сезими ушунчалык күчтүү эле, ата-энесинин каршы болушу, же коомдук даражасынын
бирдей эместиги сыяктуу тоскоолдуктан кыз эми корккон жок. Ал бойго жетип калган эле,
ошондуктан атасынын макулдугун сурабастан, өзү эле чечүүчүдөй болуп көрүндү. Атасынан
82
1 ПРОЛОГ
макулдук сурабагандыгы жөнүндө болсо, чыныгы сүйгөн киши коомдун, өз табынын пикирин
тоотпой коюудан коркпойт.
Бул Луизанын биринчи жолу сүйүшү эле деш кыйын: Бирок анын көңүлүнүн тынчтыгын бузган
сүйүүдөн бул биринчи жолу көңүлү калышы эле.
Адегенде ал жүрөгүнүн сыздаганын кайратым менен басам го, тубаса шайырдыгым жардам кылат
го деп жүрдү. Бирок күн артынан күн өттү, эч кандай жеңилдик болгон жок — Морис Жеральд өтө
ынтызар кылып койгон.
Кээде Луиза аны жек көрдү, тагыраак айтканда, жек көргүсү келди. Ошондой болгон кезинде,
Мористи өлтүрүп коё алчудай, эгерде анын көзүнчө башка бирөө өлтүрсө, арачалап коюуга аракет да
кылбачудай сыяктанды. Бирок анысы учкаяк кыял гана болучу.
Ал канчалык көп ойлонсо, эгерде Морис өзүнүн ашкан душманы, бүткүл адамзаттын душманы болгон
анык шайтандын өзү болсо да, баары бир аны сүйбөй коё албай тургандыгын ошончолук көбүрөөк
билди.
Мористи жектеп жаман көрүүгө Луизанын алы келген жок. Мористи ал капарына албоого гана аракет
кылды.
Бирок ал аракети бекер убаракерчилик эле. Күн сайын, саат сайын дээрлик, ал азотеяга чыгып, жолдон
эки көзүн айырган жок.
Ал гана эмес: өзүнүн шорун кайнатып кеткен киши менен жолугушпайм дегенине карабастан, Луиза
атка минип, жолдо, сеттльменттин көчөлөрүндө Мористи жолуктурсам экен деген бир гана ниет
менен бастырып жүрүүчү болду.
Күнүлөш менен жолугушкандан үч күн өткөндөн кийин Луиза аны азотеядан дагы көрдү. Өткөн
жолдогусундай эле мексиканка баягы качыр минген кишисин ээрчитип келаткан экен; жигитинин
колунда баягы эле себет бар экен. Аларды карап туруп, Луиза оору киши жөнүндө өзүнөн мурун
камкордук кылып койгон кызга ичи күйүп, күнүлөгөнүнөн калтыратма баскан немедей титиреди.
Анчалык көп болбосо да, Луиза ал кыз жөнүндө мурдагыдан эми көбүрөөк билди. Ал — Исидора
Коварубио Лос-Ланос деген донья, Рио-Грандедеги чоң гасиенданын ээсинин кызы, Каса-дель-
Корводон анчалык алыс эмес Леонадагы именьенин ээсинин жээни эле.
Жаш мексиканканы чалма салганды эң мыкты билген, өзүнүн кераяктыгын гана эмес, кандай мустанг
болсо да, үйрөтүүгө жараган укмуштуу деп эсептөөчү.
Сеттльментте турган америкалыктардын пикири да мексикалык сеньорита жөнүндө ушундай эле.
Бирок ошол кабарларды уккандан кийин да Луизага жеңил болгон жок — кайра анын күнүлөгөнү
күчөп кетти. Жаш креолкага мексикалык кыздын алдына эркектерди чөк түшүрө турган сапаттар
дал ушундай болууга тийиш өңдөнүп көрүндү. Морис Жеральд да антпей коё албайт эле.
Дагы бир нече күн өттү, бирок кыл арканы бар кыз эми көрүнгөн жок.
«Ал сыркоосунан айыкты, — деп креолка ичинен ойлонду, башкалардын чарчабай камкордук
кылышына эми муктаж эмес».
Азотеяда ыраак жакты карап туруп, Луиза ушинтнп ойлоду. Бул күн чыккандан кийин, баягы атчан
кыз келип жүрчү саатта, эртең менен болгон эле. Луиза өзүнүн күнүлөшү мурда келип жүргөн жакты
карап турду.
Каршылаш тарапты кокусунан жалт карап алып, Луиза күтпөгөн нерсеге айран-таң болуп, катып
калды. Атчан келаткан Морис Жеральдды көрө койду.
83
1 ПРОЛОГ
Морис атка коомай отуруп желдирип келаткан экен.
Аны көрө коюп, жаш креолка периланын артына жашырынып калды, кыздын көкүрөгүнөн ыңшыган
кыйкырык чыгып кетти. Бирок ал кыйкырыктын чыгышына таң калуу да, каны-сөлү жок өңүн,
жарадар болуп салаңдап турган колун дүрбү менен көрүп, кыздын аяганы да себеп болгон жок — бул
жөн эле куса болгон жүрөктүн онтогону эле.
Ооруган жигит жаракатынан айыга баштаган болучу. Эми ал кайрыкер сестралардын жардамына
муктаж болгон жок. Эми ал Луизага келаткан эле.
Гүлдөп турган юкканын далдасынан Луиза Жеральддын ар бир кыймылын суктана карап турду.
Мористин Каса-дель-Корвого бир нече жолу көз чаптырганын көрө коюп, Луиза бир аз эс ала түштү.
Морис токойдун жанына токтоп, гасиенда тарапты көпкө дейре ыңтаасы менен карап туруп, анан
гана токойдун арасына кирип кеткенде, Луиза дагы көбүрөөк кубанды.
Гасиенданы карап туруп, ал мен жөнүндө ойлоду го деп Луиза үмүттөнө калды. Бирок анысы учкаяк
кубануу эле. Кубанганы бүтүп, дагы сары санаага батып убайымга чөгө баштады.
Бир сааттан кийин анын кайра келгенин барк албай коюуга болот беле, — алар токойдун ичинде
жолугушуу мүмкүн эле го. Жанынан өтүп баратып, мустангер гасиенданы дагы жалт карап, токойдун
жанына кайра токтоп, Каса-дель-Корво тарапты көпкө чейин карап турганын да барк албай коюуга
болот беле?
Мористин мунусу табалап, шылдың кылгандыгы гана болушу мүмкүн эле.
Албетте, Морис өзүн жеңип чыктым деп сезе тургандыр. Бирок мындай таш боордуктун эмне кереги
бар? Исидораны эми эле өпкөндөн кийин эмне үчүн ал бул жерге да токтойт?
XXVII глава
ЧЫНЫН АЙТУУ ============
Луиза Пойндекстер дагы азотеяга чыгып, өз кайгысы менен өзү жалгыз алек болду. Таштан жасалган
кең баскыч аны улам жаңы күйүттү башынан өткөргөн жерге алып келе берди. Мындан ары аерге
чыкпайм деп ал өзүнө нечен жолу ант берди. Бирок ошол анты, прериянын чөбүндөгү шүүдүрүмдү
күн кургата электе эле, экинчи күнү кайра бузула берди.
Мурунку күндөгүсүндөй эле ал дарыянын наркы өйүзүндөгү жолго карал, азотеяда турду. Мурунку
күндөгүсүндөй эле, колу жарадар болгон, атчан кишинин кетип баратканын көрдү. Мурунку
күндөгүсүндөй эле периланын артына жашынып калды.
Атчан киши жол менен төмөн түшүп баратты; мурунку күндөгүсүндөй эле гасиендага көз чаптырды
да, токойдун
жанына токтоп, Каса-дель-Корво жакты көпкө чейин карап турду
Жаш креолка бир жагынан коркуп, бир жагынан үмүт кылып, жүрөгү алеп-желеп болду. Ал жашынып
турган жеринен көрүнүүгө даяр эле, бирок коркконунан анте алган жок, бир минутадан кийин атчан
киши көрүнбөй калды.
Каякка кетти?
Албетте, Исидора менен жолугушканы кетти! Шек болушу мүмкүн эмес!
Эгерде ошонусу чын болсо, тезирээк бир жаңсыл кылыш керек. Жыйырма минута өтө элек жатып, аял
минген илбирстей чаар ала жылкы да ошол эле жолдон көрүндү.
84
1 ПРОЛОГ
Креолканын күнүчүл жүрөгү шектенип дагы кыйнала берүүгө чыдай алган жок. Мурун шектенип
жүргөнүнөн, эми эч кандай чындык аны көбүрөөк жабырката албайт эле. Ошондуктан ал чындыкты
билмекчи болду.
Мындан жыйырма чакты минута мурун мустангер кирип кеткен токойду көздөй Луиза жөнөп калды.
Акациянын термелген көлөкөсү жолго түшүп турду. Лунза жолдун четиндеги бийик жумшак чөп
менен бастырып отурду, — ал атым туягын ташка уруп албагай эле деп коркту. Акациянын бариктүү
жапыз бутактары анын калпагындагы үкүгө оролуп, улам-улам бетин калкалай берди.
Мени байкап койбогой эле деп коркконсуп, кыз ээрге эңкейибирээк отурду; ошентсе да өзү ыраакы
жактан көзүн айырган жок. Анан ал дөбөнүн чокусуна чыкты. Аерден ал бийик дарак менен
курчалган үйдү көрдү. Ал үй Исидоранын таякеси Сильвио Мартинецтин гасиендасы эле.
Ойдогу мейкин талаадан башка үйлөр да көрүнүп турду, бирок дөңдөгү үйгө гана, ошол үйгө баруучу
жолго гана креолканын көзү түштү. Бир кыйлага чейин ал байкап турду, бирок гасиендадан да, анын
жанынан да эч ким көрүнгөн жок. Имениеге баруучу жолдон да, анын жанынан өгкөн жолдон да эч
ким көрүнбөдү. Ырас, ал жайылып жүргөн бир нече атты көрдү, бирок ат минген киши болгон жок.
«Сеньорнта Мористин алдынан чыгышы мүмкүн, же балким, Морис алардын үйүнө кирип кеткендир.
Экөө азыр кайда болду экен — токойдобу же үйдөбү? Эгерде үйдө болсо, а жөнүндө дон Сильвио билет
болду бекен?»
Луизанын оюн аттын кишенегени, аттын такасынын ташка тийип чак эткени бузуп кетти.
Луиза төмөн жакты карады. Мустангер тике эле аны көздөй өр менен өйдө чыгып келаткан экен.
— Саламатсызбы, мисс Пойндекстер, — деди ал жакындап келип. — Жаныңызда узатып жүргөн киши
жокпу?
— Жок, сэр.
— Ырас, жалгыз жүргөндү жакшы көрөм дебедиңиз беле?
— Жаңылбасам, сейилге жалгыз чыкканды сиз да жакшы көрсөңүз керек эле, мистер Жеральд.
Ыраспы?
— Туура айтасыз, элдин көзүнө көрүнбөө үчүн жалгыз жүргөндү жакшы көрөм. Бирок, атаганат, мага
тавернада, аны кожоюну мактанып айткандай мейманканада турууга туура келет. Аердин ызы-чуусу
көп, а ызы-чууну мен өтө жаман көрөм. Ушундай жымжырт жерлерден, акациянын көлөкөсү менен
атчан сейилдикке чыгуу менин кумарымы жазат. Сиз да ошондой деп ойлойсузбу?
— Аны сиз жакшы билүүңүз керек. Сиз атчан көп сейилдикке чыгат эмессизби.
— Каяктагынын көбү! Мен экинчи жолу гана ушул жерден өттүм. Оорудан кийин төшөктөн
турганыма аз эле болду. Бирок кечирип коёсуз, мисс Пойндекстер… айтыңызчы, теңир жалгагыр,
менин бул жерден өткөнүмү сиз кайдан билесиз?
— О,— деп Луиза жооп кайтарып, кызарып кетти. — Кантип көрбөй коёюн! Күндүн көбүн
азотеяда өткөрө турган адатым бар. Азотеяда абдан жакшы, айрыкча эр- тең менен. Жолдон
өтүп баратканыңызды кантип көрбөй коёюн, — акациянын көлөкөсүнө кирип кеткениңизче көрүп
тургам.
— Демек, сиз мени көргөн экенсиз да? — деди Морис бир аз ийменип. Бирок анын ийменишине
кыздын акыркы сөзү себеп болгон жок — ал жөн эле кыздын эмне дегенин түшүнбөй калды. Токойдун
жанына токтогондо, ал гасиендага кантип караганын эсине түшүрдү.
— Албетте, көргөм. Жол биздин үйдүн жанынан жакын өтөт эмеспи. Атүгүл ошол эле жол менен атчан
кетип бараткан ледини да көргөм. Кичинекей бечара антилопанын мойнуна чебердик менен анын
85
1 ПРОЛОГ
чалма ыргытканын көрүп, кумарым да жазылган. Ошол кыз баягыда сиз мага айткан кыз экенине
көзүм жетти.
— Исидорабы?
— Исидора!!
— А, баса! Ал таякесиникине келип, ушул жерде мейман болуп жүргөн.
— Мистер Морис Жеральдга ал абдан камкордук кылган экен го?
— Ооба, туура айтасыз, ал чын эле абдан кайрымдуу
кыз, бирок ага ыракмат айтууга мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Мени жакшы көргөнүнө карабастан,
ал кыз бизди, чет өлкөлүк эзүүчүлөрдү жаман көрөт. Мистер Обердофердин мейманканасынын
босогосунан аттап кирүүгө эч качан макул болбос эле.
— Чын элеби? Сыягы, сиз менен акациянын көлөкөсүндө жолугушууну артыгыраак көрөт го?
— Мен аны көрбөгөнүмө көп болду, калыбы, жакын арадагы бир нече айдын ичинде көрүшө да
албаспыз, — ал Рио-Грандедеги үйүнө кайра кетти.
— Ушул айтканыңыз чынбы, мистер Жеральд? Таякесиникинен кеткенден бери сиз аны көрө
элексизби?
— Ооба, көрө элекмин, — деди Морис таңыркап, — чынын айтсам, ооруп жатканымда өтө керек
болгон ар түрдүү тамакты жиберип туруу үчүн гана ушерге мейман болуп келгенин кийин билдим.
Обердофердин мейманканасынын ашканасы мактоого арзыбайт; анын өзү да мени анчалык жакшы
көрбөйт. Чындыгында, донья Исидорага бир кезде кичинекей жакшылык кылганым үчүн ал мага
чоң жакшылык кылды.
— Жакшылык? Кандай жакшылык кылганыңызды мага айтып бере аласызбы, мистер Жеральд?
— Албетте. Ал окусунан болгон иш эле. Бир күнү ак жолтой болуп, донья Исидораны Жапайы Мышык
— индеецтер менен анын досторунун колунан куткарып чыккам. Өзүнүн таякеси дон Сильвио
Мартинести көргөнү Леонанын боюндагы Рио-Грандеден кетип баратканында, индеецтер ага кол
салган. Мас эмелер кызды өлтүрүшмөкчү болушкан. Дал учурунда келип калбасам, алардын колунан
кутулуп чыгуу кызга кыйын болмок.
— Ушуну сиз кичинекей жакшылык-дейсизби? Сиз абдан жупуну экенсиз, мистер Жеральд. Мага
бирөө ошондой жакшылык кылса…
— Ошол кишиге кандай жакшылык кылар элеңиз? — деп сурады мустангер, көрүнөө толкунданып.
— Ошо кишини сүйөр элем, — деп Луиза тез жооп кайтарды.
— Эгерде андай болсо, — деп шыбырады Морис Луизага эңкейип, — анда мен сизди ошол Жапайы
Мышыктын жана анын мас жолдошторунун колунан көрүү үчүн жанымдын жартысын берер элем,
сизди алардан куткарып калуу үчүн жанымдын калган жартысын да кошо берер элем.
— Ушул айтканыңыз чынбы, Морис Жеральд? Сиз чын эле айтканыңыздай ойлойсузбу?
— Ооба, бул айтканым чын!
Мустангерднн чын айтканына Луизанын төбөсү көккө жетти.
XXVIII глава
ТЫЮУ САЛЫНГАН КУБАНЫЧ =====================
86
1 ПРОЛОГ
Техаска европалык колониячылар келгенден тартып, индеецтер менен болгон мамиле техастык
коомчулукту толкундаткан эң керектүү тема болуп кетти.
Өлкөнүн закондуу кожоюндары болгон индеецтер колониячыларга ачык согуш менен аттаныштыбы,
же тынчтык боло калып турдубу, баары бир ошолор жөнүндө сүйлөштү. Согуш болгон учурда
ашкан коркунуч жөнүндө сөз кылышты; тынчтык боло калганда индеецтердин жол башчылары
томагавктарын47 көпкө жыйнаштырып коюштубу деп талкуулашты.
Бул темада бардык жерде — эртең мененки, түшкү, кечки тамак убагында да талкууланып жүрдү.
Плантатордун гасиендасында болсун, же мергенчинин кепесинде болсун «аюу», «пума», «пекари»48
деген сөздөр «индеец» деген сөздөн алда канчалык аз сүйлөнүп, азыраак коркунучтуу болуп келди.
Техаста индеец келатат деп балдарды коркутуучу; индеецтер жөнүндөгү сөздөр жалаң гана балдардын
түшүнө кирбей, алардын ага-энесинин түшүнө да кирүүчү болду. Кала берсе, Каса-дель-Корвонун
ушул гасиенданы чепке окшоткон бийик таш дубалдары да ошерде тургандарды андай сар-санаадан
куткара алган жок. Сеттльменттин америкалык калкы индеецтерден коркконуна Пойндекстердин
үй-бүлөсү да ортоктош болду.
Пикниктен эки жума өткөндөн кийин форттун командири болуп иштеген майордун жиберген каты
Пойндекстердин үй-бүлөсүн бөтөнчө кабатыр кылды.
Плантатордун үй-бүлөсү эртең менен тамак ичип отурганда, пакетти бир чабарман эрте алып келди.
— Укмуштуу жаңылык экен! — деп жиберди Пойндекстер, кагазды көз жүгүртө окуп. — Эң суук кабар
экен. Майор өзү ишенген соң бул кабардын чын экендигине шек келтирүүгө болбойт.
— Суук кабар дейсизби, ата? — деп сурады кызы кызарып-татарып.
Ошол замат кызы өзү жөнүндө ойлонуп калды: «Жанагы майор эмне деп жазды экен? Мен аны кечээ
эле токойдон жолуктургам. Ал мени көргөн тиги… Ошондой болушу ыктымалбы? Кудая тобо, атам
билбесе эле болгону!..
— «Команчалардын уруусу согушка аттанмакчы болуптур» — деп жазыптыр майор, — деди
Пойндекстер.
— Ошол элеби? — деп, бу кабарды эч кандай дүмөктүү нерсе жок өңдөнүп, Луизанын оозунан чыгып
кетти. — Сен бизди коркутуп салдың. Мен коркунучтуураак дагы бир нерсе бар экен деп ойлодум эле.
— Мындан да коркунучтуураакпы? Балам, болбогон сөздү айтып, келжиребе! Техаста согушка
аттанмакчы болгон команчалардан коркунучтуураак эчтеме жок. Бул эң барып турган коркунуч.
Башкача ойдо болсо да Луиза каршы чыккан жок.
— Индеецтер бизге каршы согушка аттанганына майордун көзү жетет бекен? Эмне деп жазыптыр,
таяке? — деп сурады Кольхаун.
— Мурун мындай каңшаарга эч кандай барк берген жок элем, деп жазыптыр. Кечээги түнү фортко
Жапайы Мышык — семинолдордун жол башчысы49 — ошол уруунун бир нече өкүлдөрү менен
келиптир. Бүткүл Техас боюнча команчалар өздөрүнүн турган жерлерине сырдалган карагай
орнотушту, бир айдан бери ал жапайы кишилер согуш бийин бийлеп жатат, бир нече отряд
жортуулга чыкты. Сеттльменттин теребелдерине алар ар бир минутада келип калышы ыктымал деп
алар кабар беришиптир.
47Томагавк — индеецтердин куралы, таштан жасалган кичине балта.
48Пекари — Америкадагы жапайы чочко.
49Семинолдор — америкалыктар менен болгон согушта (1817-1818-жылдарда жана 1835-1842-жылдарда) өздөрүнүн көз
каранды болбостугу үчүн күрөшүүдө аябай жана чеккен индеецтердин уруусу.
87
1 ПРОЛОГ
— А Жапайы Мышык жөнүндө эмне сөз бар экен? — деп сурады Луиза мустангер айткан бир окуяны
эсине түшүрүп. — Ошол чыккынчыга ишенүүгө болобу? Ал өз элинин душманы болгон сыяктуу эле,
колониячылардын да душманы го.
— Туура айтасын, кызым. Бул катта майор ага дал ушундай мүнөздөмө берет. Ыңгайы келе калганда
команчалардын тарабына өтүп кете турган ошол эки жүздүү бетпак менен этият болгула деп майор
кеңеш айтып жазыптыр. Болуптур, — деп плантатор сөзүн улантты, катты четке коюп, вафля менен
кофесин кайра иче баштап, — согушка аттанар менен команчалар Каса-дель-Корвонун аркайган
дубалдарынан артка чегинип, биздин гасиендага кол салууга даабайт деп үмүт кылалы.
Ошол арада бардыгы тамак ичип отурган тамаккананын эшигинен негр кирип келди. Сөздүн кыязы
дароо эле өзгөрүп кетти.
— Сага эмне керек, Плуто? — деп сурады Пойндекстер.
— Хо, хо! Масса Вудли, бу жигитке эчтеменин кереги жок, мен жөн эле баш бактым. Эртерээк чыккын
деп мисс Луизага айтуу керек, чаар байтал токулуп, ооздугун кажап турат. Чаар байтал таштак жерде
тургусу келбей, прериянын тулаң чөбүнө жулунуп жатат.
— Сен сейилдеп чыгайын дедиң беле, Луиза? — деп сурады плантатор көрүнөө нааразы болуп.
— Ооба, ата. Бир аз бастырып келейин дедим эле.
— Антүүгө болбойт.
— Эмне үчүн?
— Сенин жалгыз жүргөнүңү каалабайм. Аның жакшы эмес.
— Эмне үчүн, ата? Көп эле жалгыз барып жүрчү эмес белем.
— Атаганат, ошол көп барып жүргөнүң жакшы эмес.
Атасынын акыркы сөзү кызды бир аз кызартып жиберди. Бирок атасынын эмне дегенин Луиза бүт
түшүнгөн жок.
— Эгерде каршы болсоң, ата, барбай эле коёюн. Силер, эркектер жумуштап кеткенде, мени чын эле
камап коймокчу болосуңбу? Техаста мен ошондой турмуш өткөрүүм керек экен го!
— Сен менин сөзүмдү түшүнгөн жоксуң, Луиза. Сенин сейилдеп чыгышыңа такыр каршы эмесмин.
Каалаганыңча сейилдеп жүрө бер, бирок жаныңда киши болсун. Генри менен, же Кассий менен барып
жүргүн. Мен сени жалгыз барбагын деп гана жатам. Андай кылуу үчүн менин өзүмчө негизим бар.
— Негизим бар дейсиңби? А кандай негиз?
Ушул суроо Луизанын оозунан эрксизден чыгып кетти. Унчукпай койсом болмок экен деп кыз өкүнүп
калды да, кандай жооп кайтарар экен деп тынчсызданып күтүп турду.
Атасынын жообу бир аз көңүлүн жубатты.
— Кандай негизим бар экенин билгиң келеби? Эмесе, биринчиден, майордун жазган катын унутпагын,
Техас — кыз эчтекеден капарсыз каалаган жагына кете берчү Луизиана эмес. Бул Техаста кадам сайын
коркунуч. Эң жок дегенде индеецтерди эле алып көрчү…
— Мен индеецтердин эмнесинен коркмок элем. Гасиендадан беш милядан алыс эч качан кетпейм.
— Беш миля! — деп капитан күйдүргөнсүп сүйлөдү. — Анын элүү миляга алыс кеткен менен барабар,
таежем Лу. Жүз милядай жерден кезиктиргендей, үйдүн дарбазасынан жүз кадамдай жерден эле
индеецтерди жолуктурушуң мүмкүн. Алар согушка аттанмакчы болуп турганда, аларды ар жерден ар
88
1 ПРОЛОГ
убакта күтүүгө болот. Менимче, таякем Вудлинин айтканы туура — жалгыз барып жүргөнүң барып
турган эссиздик.
— О, сен ошондой деп ойлойсуңбу? — деп креолка кесе айтты жээнине жектегендей жалт карап. —
Айтчы, эгерде чын эле команчаларга жолугуп калсам, сен кандай жардам берер элең; бирок жолугуп
калуу мүмкүн эмес экенине көзүм жетип турат. Тула боюн боёгон жапайылардын жоокер уруусунун
арасында экөөбүздүн кейпибиз эң сонун болор эле. Ха-ха! Коркунучта мен эмес, сен калар элең. Мен
го чапкылап кутулуп кетер элем, а сен алар менен калмаксың. Мына, чын эле үйдөн беш милядай
жердеги коркунуч деп ошону айт. Жаныбарым Лунамды мингеним- де, мени кууп жеткидей кишини
Техастан издеп көрчү. Таба албассың деп ойлойм, Каш!
— Сүйлөбө, кызым! — деп Пойндекстер сүрдүү сүйлөдү. — Мындай болбогон сөздү уккум келбейт.
Мунун сөзүнө кунт койбой эле кой, Кассий. Биерде индеецтерден башка салпаяктар толуп жатат,
алардан кемирээк коркууга болбойт. Эсиңде болсун, ушул күнгө чейинкидей, сейилдикке жалгыз
чыгуучу болбо.
— Мейли, сенин айтканыңдай болсун ата, — деп Луиза моюн сунуп жооп кайтарды столдун жанынан
туруп жатып. — Албетте, мен сага моюн сунушум керек. Бирок эсиңден чыгарба, үйдө эч кайда чыкпай
отура берип, ооруп калышым мүмкүн. Баргын, Плуто, — деп ал дагы эле бо- согодо күлүңдөп турган
негрге кайрылды. — Лунаны атканага же жайытка, каалаган жагыңа алып барып кой. Эгерде өзүнө
жакса, ал туулуп өскөн прериясында оюн салып жүрө берсин. Эми мага ал аттын кереги жок.
Ушул сөздү айтары менен кыз столдун тегерегинде отурган кишилерди ойго калтырып, бөлмөдөн
чыгып кетти.
«Атам эмне билиши мүмкүн? Балким, жөн эле шек санап жүргөндүр? Ага ким айтмак эле? Ал биздин
жолугушуп жүргөнүбүздү билеби?»

*************************************
#52 07 June 2017 - 07:38
XXIX глава
Эль-Койот өзүнүн үңкүрүндө ==========================
Куду Луиза сыяктуу, Кольхаун да күтпөгөн жерден столдун жанынан ыргып турду. Бул жолу өзүнүн
бөлмөсүнө кирбей, ал үйдөн чыгып кетти.
Ал жаракатынан дагы эле кыйналып жүрсө да, сыркоосунан кийин бир аз тыныгып, үйдүн жанында
ары-бери басып жүрүүгө жарап калган.
Бирок бул жолу мурдагысынан алысыраак жөнөдү, Болгон сөздүн таасири астында болдубу, а мүмкүн,
келген кабарга байланыштуу болдубу, күтпөгөн жерден ал да- рыяны бойлоп Инж фортун көздөй, өйдө
карай балдак менен дагы нары басууга күчү жете тургандай сезди.
Гасиенда менен Инж фортунун ортосундагы күнгө күйгөн ээн жер менен басып отуруп, бийигирээк
дарактардын көлөкөсүндө өскөн жапыз акапиялардын жанына келди. Чытырман акациялардын
ортосунда чырпыктан токулуп, ылай менен шыбалган кепе — түштүк-батыш Техас үчүн каада болгон
хакале бар эле.
Бул мексикалык мустангер Мигуэль Диаздын үйү болучу. Ал «Эль-Койот» деп бекеринен атка конбогон,
ырайымсыз, жарым-жартылай жапайы кожоюнуна толук ылайык.
Ошол бөрүнү үңкүрүнөн табуу өтө кыйын эле. Мигуэль Диаздын хакалеси жакшыраак ат менен атоого
арзыбай турган. Бул жөн эле анын түнөп өтүүчү түнөгү болучу. Анда-санда гана уудан жолу болуп
кайткандан кийин өзү катыша алгыдай таң-тамашадан пайдаланып, сеттльменттин жанында бир аз
турак ала турган; калган убактысын Диаз прерияда өткөрүүчү.
Кольхаундун жолу болду: мас болсо да кожоюнду кепесинен тапты. Диаздын мас болбогон күнү
болбой турган.
89
1 ПРОЛОГ
— Алло, сеньор! — деп кыйкырды Эль-Койот босогодон конокту көрө коюп. — Кандай насип буюруп
келип калдыңыз? Орундукту алыңыз. Мынакей орундук! Ха-ха-ха!
Эль-Койот орундук деп алган буюм жөн эле мустангдын баш сөөгү болучу. Юкка жыгачынан сомдоп
жасалган стол, так ошондой эле үйдүн кожоюну жатчу, эби жок тростник кровать — Мигуэль Диаздын
үйүндөгү бардык эмерек ушул эле.
Узак жүрүп чарчаган Кольхаун анын сунушунан пайдаланып, аттын баш сөөгүнө отурду. Убактысын
текке кетирбей, ал дароо эле ишке киришти.
— Сеньор Диаз, — деди Кольхаун, — менин биерге келген себебим…
— Сеньор американо! — деп жиберди көзү ала чакмак болуп турган мергенчи. — Carrmba!50 Билем,
билем, биерге келгениңизди жакшы билем. Орунсуз шаан-шөкөттүн эмне кереги бар! Жанагы
ирландиялык шайтанды жок кылышымды каалайсыз да!
— Туура!
— Эмесе ыгы келгенде, беш жүз монета үчүн жайлап салам деп сизге убада бердим беле. Мигуэль
Диаз айткан сөзүнөн кайтпайт. Бирок убакты боло элек, ыгы да болбой жатат. Carajo!51 Кишини
кадимкидей өлтүрүш үчүн чебердик керек. Кала берсе, прерияда да из кууп таап алышат. Эгерде
билип калышса, мен оңбой калам! Сеньор, мени мексикалык экеними унутпаңыз. Сиз өңдүү
америкалык болсом, аны опоңой эле сулатар элем. Жаңжалдашып калдык да, ушундай болду
деп койсом, кутулуп кетер элем. Бирок мексикалыктар үчүн башка закон бар. Бирөөнүн канын
агызганыбызда — киши өлтүрдү деп аташат. Анда силер, америкалыктар өзүңөрдүн кеңкелес
сотуңарда, он эки «ак ниет судьяңар» менен: «асып өлтүрүлсүн» деп токтом чыгарасыңар. Chingaro!3
Сиз сыяктуу эле, мен да ирландиялыкты жаман көрөм. Бирок сызга отургум келбейт. Убактым жетип,
ыңгайлуу учур болушун күтүшүм керек.
— Убакты болду! — деп жиберди Кольхаун. — Индеецтер менен чыр-чатак башталса, өлтүрүү оңой
болот деп өзүңүз айтпадыңыз беле.
— Албетте, айткам, эгер ошондой болуп калса, анда.„
— Демек, сиз жаңылыкты али биле элек экенсиз го?
— Кандай жаңылык?
— Команчалар согушка аттанып калыптыр!
— Carajo! — деп жиберди Эль-Койот өзүнүн тростник кроватынан ыргып туруп. — Кудая тобо! Бул
айтканыңыз ыраспы, сеньор?
— Барып турган чындык. Жаңы эле форттон кабар алдык. Бул кабарды мен коменданттын өзүнөн
уктум.
— Анда, — деп мексикалык ойлогондой жооп кайтарды, — анда дон Морисио өлүүгө тийиш. Аны
команчалар өлтүрүшү мүмкүн да. Ха-ха-ха!
— Ошого көзүңүз жетеби?
1
2
3 Жаман сез (испанча).
50Шайтан баскырдыкы! (испанча).
51Шайтан бассын (испанча).
90
1 ПРОЛОГ
— Анын куйкасы үчүн беш жүз доллар эмес, миң доллар төлөшсө, мен андан да көбүрөөк ишенер элем.
— Ал ошол суммага арзыйт.
— Кандай сумма?
— Бир миң доллар.
— Андай болсо, комапчалар анын баш терисин сыйрып алышат, сеньор капитан. Каса-дель-Корвого
барып, камырабай уктай бериңиз. Ыгы келе калганда, душманыңыз куйкасыз каларына ишенип
коюңуз. Айтканымы түшүнүп жатасызбы?
— Бардыгы түшүнүктүү.
— Эми бир миң монетаны белендей бериңиз.
— Монета сизди күтүп турат.
— Carajo! Ал акчаны мен тез эле иштеп табам! Кошуңуз, кош болуңуз!.. Кудая тобо! — деп жиберди
мексикалык келген мейман чыгып кетери менен. — Жолум болду! Өзүм өлтүрөйүн деп жүргөн
кишини сулатканым үчүн бир миң доллар алуу оңой иш эмес. Команчалар согушка аттанган экен
го! Эгерде андай болсо, бул маскарад үчүн костюмумду алып чыгышым керек. Индеецтер менен
жарашкандан берки үч жыл бою кийилбей тек жатат.
XXX глава
АБА ПОЧТАСЫ ===========
Каадада эркектерге ылайык деп эсептелип жүргөн түрдүү спортторго кызыгып, Луиза Пойндекстер
жаа атууну да жакшы көрүп калды. Миссисипиде жүргөндө эле жаа атууну ал индеецтердин гум деген
уруусунан үйрөнгөн болучу.
Техаска көчүп келгенден тартып, ошол Диана куралын колдонуу учуру болгон эмес. Апельсин
жыгачынан жасалган кооз жаа, үкү байланган жебелер шкафта катылуу туруучу эле. Бирок ал
жаанын кереги тие турган убакты жетти. Тамак ичип отурганда, атчан жалгыз жүрбөгүн деп атасы
тыюу салган сөздөн кийин көп узабай эле ошондой убакыт башталды.
Атасынын буйругуна ал кыңк этпей моюн сунду; ал гана эмес, Луиза жалгыз бир жакка атчан бармак
түгүл, жанына жээни менен агасын кошуп берсе да атчан саякат кылуудан баш тартты.
Чаар байтал атканада минилбей көп туруп калды.
Бирок Луиза өзүнүн жакшы көргөн байталын унуткан
жок; аны минбегеңине карабастан, Лунасына барып, жакшы багып жатышат бекен деп көз салып
жүрдү.
Байтал Коса-дель-Корвонун кампаларынан эң жакшы жүгөрү, саваннанын жакшы эң ширелүү чөбүн
жеп, Леонанын муздак суусунан ичти.
Атчан жүрүүдөн баш тарткандан кийин Луиза жаа атуу менен убара болду. Бул спортко ал бош
убактын бүт кетирди десе да болот. Жатыгуу үчүн, бакты ыңгайлуу тапты. Бак илгерки заманда
тигилген эле. Жалаң эски дарак- тар гана эмес, испаниялык усталардын кескичи менен жасалган
статуялардын урап калганы да а жөнүндө көрсөтүп турду.
Ошол скульптуралар турган аллеяда эмес, Луиза жаа атып үйрөнүүнү бөлөк жакта баштады; бактын
четине, Леонанын буйткалуу жээгиндеги жапайы өскөн бийик кедр, жаңгак, тыт жыгачтарынын
көлөкөсүнө жалгыз барууну жакшыраак көрдү.
91
1 ПРОЛОГ
Аерде ал жалгыз боло турган; соңку убакта ал андан бетер эч кимге жолобой, көбүрөөк жалгыз
жүрүүчү болду. Сиркеси суу көтөрбөй каарданып турган убагында да, атасы ушул жараксыз эмеректи
ташта дей алган жок. Кызы үчүн атасынын көңүлү жай болду. Каса-дель-Корвонун бийик дубалдары,
Леонанын терең суусу ишеничтүү коргоо эле. Кызынын ушинтип жалгыз жүрүп көңүл ачканына
плантатор каршы болмок тургай, кайра кубаттап жүрдү. Адегенде шектене баштаганы бат эле тарап
кетти, — шектене турган да жөнү бар эле.
Акыр-аягы ушунун баары жалаң гана демейдеги ушак болушу мүмкүн эле. Ушакчылар дайыма
келжирөөгө тийиш. Бу жолу ушактан ал күйө турган болду. Кызынын Морис-мустангер менен
жолугушканы жөнөкөй эле кокус- тук болушу ыктымал эле. Алар деги токойдо капилестен жолугушуп
калышы мүмкүн эле го? Өмүрүн эки жолу аман алып калган кишинин жанынан унчукпай өтүп
кетүү Луи- зага чңтойлуу болот беле. Алардын жолугушканында, бал- ким, жөн эле жакшылыкты
кадырлай билгендиктен башка эчтеме болгон эмес чыгар.
Атасынын тыюу салганына кызынын оңой эле макул болушу ушул жоромолду ырастады. Демейде
доюр кызды тил алдыруу, айрыкча анын көксөгөн тилегине каршы чыгып макул кылуу, оңой-олтоң
иш эмес. Кыз кээде тил албай коюшу мүмкүн экенин плантатор жакшы билүүчү. Кызынын жүргөн-
турганына ыраазы болушу таң каларлык иш эмес эле. Бактагы чымчыктарды гана жана чектирип
жаа тартып эрмек кылганы атасын кубандырып жүрдү.
Бирок татынакай Луизанын элүү жашар атасы өзүнүн жаш чагын унутуп койгондой сыяктанды;
болбосо, кызынын бакта эмне кылып жүргөнүн ал бакалап көз салат эле го.
Луиза анчалык деле ырайымсыз эмес экенин, — эч нерседен капары жок, тегерегинде бырпырап
учуп жүргөн чымчыкты атпай, жаасынын жебесин башка жакка атканын атасы билет эле. Луизанын
мергенчилик кылганы мындай болучу: кыз алакандай кагазды жебенин учуна байлап туруп,
дарыянын наркы өйүзүндөгү акация өскөн жакты көздөй мээлей турган. Андан да кызыгыраагы —
ошондой эле жаада атылган жебе бир аз убакыттан кийин, дал өзү барган жерге ыраазы болбогонсуп,
кайра келгенин да атасы көрө турган. Жебе кыздын колуна ошондой эле, бирок башка алакандай
кагаз менен кайра келип жүрдү.
Мунун сырын билбей карап турган кишилерге жаанын жебесинин учканы абдан таң каларлык, кала
берсе өгөй көрүнөр эле. Бирок четтен карап турган киши болбогондуктан, эч ким таң калган жок.
Жааны кезектешип кере тартып, аркы-терки атышып, ушул оюнга катышкан эки кишиге мунун
баары түшүнүктүү эле.
Сүйүү тоскоолдукту мыскылдады.
Көрүшөргө мүмкүнчүлүк болбогон соң, Морис менен Луиза ушинтип аба почтасы аркылуу
байланышты.
XXXI глава
СУУДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТҮҮ ======================
Жаанын жебеси аркылуу кат алышуу көпкө созула алган жок. Ашык болгон эки жаш кантип көрүшүү
жолун издеди. Луиза менен Мористин жүрөгүнөн от алган сүйүү тоскоолдуктан корккон жок.
Көрүшүү жолу көп узабай эле табылды.
Эски бактын арасында жымжырт түндө алар эки жолу жолугушту. Жылдыздардын жарыгында алар
сүйгөндүгү жөнүндө бири-бирине эки жолу ант беришти. Үчүнчү жолу көрүшүүгө шерттешти.
А кербез плантатор капары жок, корстон болуп жүрө берди. Жанга теңебей, каркыттанып жүргөн
жалгыз кызы ушунчалык аябай алдайт экен деп атасы кантип ойлойт. Сулуу кызымды тектүү,
дөөлөттүү кишиге берсем, чарба иштерим оңолуп кетер деп санаасы менен байып жүрдү. Атасынын
92
1 ПРОЛОГ
тыюу салганына кэрабастан, карапайым жапайы жылкы уулоочу менен кызынын түн ичинде
жолугушун жүргөнүн ал кантип элестете алат.
Эми анын кылдай да шектенүүсү калган жок. Кызынын ушинтип жүргөнү ага такыр чындыкка
окшобогон, укмуш- туу нерседей болуп көрүнөр эле. Луиза кыңк этпей тилин алып, атчан
саякатка чыкканын токтотуп койгонуна атасы ыраазы болуп жүрдү. Ошондой болсо да, кызынын
демейдегидей болбой, моюн сунганы бир аз анын жүрөгүн өйкөдү. Кээде ал бекер эле тыйган экемин
деп аяп да койчу болду.
* * *
Жаркырап ай тийип турган түн эле, — андай түн түштүктө гана болот. Күмүш табактай болгон ай
көпкөк асманда калкып баратты. Тунук абада тоолор даана көрүнүп турду, эңкейсең эле тоого колуң
тийчүдөй сыяктанды. Айбанаттардын, канаттуулардын, курт-кумурскалардын түнкү добушуна кулак
салгансып, дарактардын жалбырактары былк этпей жымыңдап турду. Ашык болгон кишилерге
ушундай түндө уктоо өтө кыйын го.
Инж фортунун гарнизону жата турган убакты болду деп, жөө аскерлердин кечки барабаны,
кавалеристтердин кернейи небак жар салды.
Тагыраак айтканда, небак түн ортосу болуп, Обердофердин мейманканасынан бир киши аттанып
чыккан эле. Ал Леонанын ылдый жагын көздөй кеткен жол менен жүрүп отурду да, кечигип калып,
сеттльментке шашыла бараткан жолоочуларга тезден эле көрүнбөй калды.
Бул Леонанын аркы өйүзүндөгү, Каса-дель-Корво гасиендасынын жанынан өткөн жол эле. Акация
өскөн токойдун жанына келип, ал киши атынан ыргып түштү да, атын даракка байлап койду. Анан
ээринин кашынан кыл арканды алып турду да, колуна илип алып, гасиенда тарапты көздөй дабыш
чыгарбай басты.
Дарактын коюу көлөкөсүнүн далдаасынан чыгардан мурда, ал асманга, жаркырап тийип турган айга
кунт коюп карады.
«Бул сулуу ай батканча, биерде күтүп туруунун кажети жок, — деп ойлоду ал, бирдеменин камын
жегенсип. — Сыягы, ай биерде таң атканча доорон сүрөт окшойт».
Анан жээктен өзүн бөлүп турган ачык жерди көзү менен болжолдоп карады. Каса-дель-Корво
гасиендасы дал бет маңдайында, берки өйүздө эле.
«Эгерде анда бирөө уктабай басып жүрсө, эмне болот?
Бирок түн ортосу болгондо ким жүрмөк эле. Ниети бузук бирөө гана уктай албай жүрбөсө. Баса, анда
ошондой ниети бузук киши бар эмес беле! Эгерде ал уктабай басып жүрсө, мени байкабай койбойт.
Эмне кылуу керек? Асманда кылайган булут жок. Ай жакында батпайт. Луиза мени күтүп турат.
Тобокел кылышым керек. Эмесе, алга!»
Ушул сөз менен ал этияттык кылып, ачык жер менен шыпылдай басты да, Леонанын типтик жээгине
тез эле келип жетти.
Аерге буйдалып турбастан, ал кашаттын ийри-буйру жалгыз аяк жолу менен шыпылдап төмөн түштү
да, дарыянын дал жээгине келип токтоду.
Дал бет маңдайында, аркы өйүздөгү килейген чынар теректин көлөкөсүндө кичинекей кайык турган
эле.
Бир кыйлага чейин ал дарыянын кеңдигин көзү менен болжолдоп көрдү да, наркы өйүздөгү бадалдуу
жерге тигиле карады.
93
1 ПРОЛОГ
Аерде эч ким жок экендигине көзү жеткенден кийин ал кыл арканын алып, шап дегизе суудан ашыра
ыргытты. Чалма дал кайыктын тумшугуна барып илинди. Чалманы керип, ал кайыкты өзүн көздөй
тартып алды.
Суудан өтүп, кайыкты байлап койду да, Каса-дель-Корвонун түнкү мейманы теректин көлөкөсүнө тура
калды. Бул Морис-мустангер экендигин айтып отуруунун кажети жок чыгар,
XXXII глава
АК МЕНЕН КАРА =============
Мориске теректин көлөкөсүндө көп турууга туура келген жок. Ал кайыкка секирип түшкөн минутада
Каса-дель- Корвонун гасиендасында бак жактагы терезе ачылган эле. Шакек салып, жасанган
кичинекей аппак кол ачылган терезени жөлөнө кармап турду.
Бир нече минутадан кийин Луиза Пойндекстер таш төшөлгөн баскыч менен төмөн түштү.
Кулагын түрүп, ал бир секундага тура калды. Кайыктын калагы чалпылдап жатабы же ага ошондой
болуп көрүндүбү? Чегирткелер тынбай чырылдап, абаны жаңыртып жиберди, ошондуктан, жаңылып
калуу оңой эле. Убадалашкан убакыт келип жетти да, кыз күтүп турууга эми чыдай алган жок.
Луиза дабышын чыгарбай, таш төшөлгөн баскыч менен төмөн түшүп, бакка култ этап кирип кетти,
мрамор статуялардын жанынан бадалды аралап өтүп, акырында теректин түбүнө барды. Мустангер
аны ошерден жолуктурду.
— Эртеңки түнү дагы көрүшөбүзбү, кымбаттуум?
— Көрүшө ала турган болсом, анда сага: эртең да, бүрсүгүнү да, күн сайын көрүшөбүз дээр элем, жаным.
— Эмне себептен? Эмне үчүн антип айта албайсың?
— Эртең таң заардан Аламого кетишим керек,
— Ошондойбу! Барышьщ зарылбы?
Кыздын бул суроосу кекеткендей угулду. Аламодогу жападан-жалгыз кепе жөнүндө укканында,
Луизанын кандайдыр бүткөн бою дүркүрөп кетүүчү. Эмне үчүн экенин ал өзү да билчү эмес.
— Барыш үчүн олуттуу себептер бар?
— Олуттуу себептер бар? Аерде сени ким күтмөк эле?
— Фелим деген досум, башка эч ким жок. Ага эчтеке болбогондур деп ишенем. Жанагы индеецтер
жөнүндөгү айың сөздөр боло электе, мен аны ал жакка он күн мурун жибергем.
— Фелимден башка эч ким жокпу? Чын айтып жатасыңбы, Морис? Жаным, мени алдаба? Жалгыз эле
ошол деп айттыңбы?
— Луиза, а жөнүндө менден эмне үчүн сурайсың?
— Эмне үчүн сураганымы өзүм да айта албайм. Кээде оюма келген нерсени айтып берсем, уялганыман
жети өмүрүм жерге кирип кетер эле.
— Коркпо, оюңдагынын баарын айта бер. Мен сен- ден эчтеме жашырбас элем. Кана, айтчы,
жанымдын кубанычы.
— Айтканымы каалап турасыңбы, Морис?
— Албетте, каалап турам. Сенин күдүк болуп турган нерселеринин баарын чече алам го деп ишенем.
Эгерде экөөбүздүн жолугушуп жүргөнүбүздү бирөө билсе, сенин артыңан жаман сөздөр айтыла
баштайт. Ошондуктан мен Аламого кетишим керек.
94
1 ПРОЛОГ
— Ошерде калмакчы болуп кетесиңби?
— Бир-эки эле күнгө барам. Буюм-тайымдарымды жыйнаштырып, прериядагы турмуш менен
коштошуу үчүн гана барам.
— Ошондойбу?
— Сен ыраазы болбой турат окшойсуң?
— Жок! Бир аз аң-күдүк болуп турам. Сени түшүнө
албай жатам. Сыягы, эч качан түшүнө да албайт окшойм.
— Бирок мында түшүнбөгүдөй эчтеме жок. Мен бир өтө керектүү чечимге келдим; сага айтсам,
кечирерини билем.
— Сени кечириш керек экен го, Морис! Кечиргидей эмне кылдың эле?
— Сага сырымды жашырып айткан эмесмин, ошону үчүн. Мен сен ойлоп жүргендөй киши эмесмин.
— Менин билгеним эле; сен сулуу, жүрөктүү, асыл жигитсиң. О, Морис! Мага кандай кымбат экениңди,
сени кандай сүйгөнүмдү билер белең!
— Жаным, мен сени андан кем сүйбөйм, ошондуктан өзүбүздүн таалайыбызды коргоп, биз аз күнгө
көрүшпөй туруубуз керек.
— Көрүшпөй туруубуз керекпи?
— Ооба, жаным, көпкө эмес.
— Канчага?
— Атлантика океаны аркылуу нары барып, бери келүү үчүн пароходго канча убакыт керек болсо,
ошончого.
— Бүтүндөй маңгилик го! Бирок эмне үчүн?
— Мекениме, Ирландияга барып келишим керек. Мындан жыйырма эле саат мурда аяктан өзүм үчүн
өтө керектүү бир кабар алдым. Кайра келгенимде, кызынын жүрөгүн ээлеп алган кембагал мустангер
кандай киши экенин кербез атаңа далилдейм… Бирок сенин жүрөгүңү ээлей алдымбы, Лунза?
— Аны өзүң жакшы билесиң. Менин бүткүл оюмду, сезимимди, тилегимди махаббат чулгап алды.
Дагы бирин бири сүйгөнү жөнүндө ант беришип, эзилип өбүштү.
Чегирткелердин чырылдаганы Оасаңцап, чакчыгайдын чакылдап сайраганы токтоду да, ай тийген
абада түн катар бийиктеп калкый баштады,
Кимдир бирөөнүн дүбүртү чыкты.
Бирде статуяга жашынып, бирде бадалды аралап, гүлдөрдүн арасынан жылып келаткан караанды
ашык болгон эки жаш көргөн жок. Алар дарактын далдаасына жашынып калган кара көлөкөнү
байкабады; Кассий Кольхаун алардын ар бир кыймылын, ар бир сөзүн илип алып турганын да
билишпеди,
XXXIII глава
АЗАПТУУ ЧЫНДЫК ==============
Өзү үчүн азаптуу чындыкты табууга жөнөкөй кокустук Кольхаунга жардам берди.
Капитан гасиенданын төбөсүнө чыгып, сигарасын жай-баракат тартып турганда, түн ортосу болуп
калган. Ошол маалда тынчсыздануу үчүн анда бөтөнчө деле себеп жок көрүндү. Мустангер жарадар
95
1 ПРОЛОГ
кылган жери небак айыгып калган болучу; ырас, өзүнүн жеңилип калганы дагы эле жүрөгүн өйкөп
жүрдү, бирок ошону эстеп күйгөнү жакында өч алам го деген үмүт менен таркай баштаган эле.
Луизанын атасы сыяктуу, Кассий Кольхаун да алыска атчан сейилге баруудан Луизанын баш
тартканына абдан ыраазы болуп жүргөн. Дал ошонун кеңеши боюнча Пойндекстер кызын атчан
жалгыз жүрүүгө тыюу салган болучу. Луизанын атасы сыяктуу эле, ал да кызын эмне үчүн жааны
эрмек кылып жүргөнүнө шектенген жок; ошондуктан анысын жөн эле күнөөсүз тамаша катарында
көрдү.
Мага Луизанын көңүл кош карап жүргөнү жөн эле анткордук болуу керек деп, ал көңүлүн жубата да
баштады. Соңку убакта Луизанын аны менен мурдагыдай чорт сүйлөшкөнү азыраак болду.
Бекер эле күнүлөп жүргөн окшоймун го деп, Кольхаун шек саноого да даяр эле.
Кольхаун азотеянын периласында эки колун куушуруп, дарыяны карап, сигарасын камырабай
тартып турду. Жолдон атчан кишинин көрүнгөнү аны таң калтырбады десе да болот. Мээ кайнаткан
күндүн ысыгында жол тартып кыйналгандан көрө, салкында серүүндөп, кишинин түндө сапар
чеккиси келгени ал үчүн түшүнүктүү.
Күндүз болсо, балким, атчан кишини ал тааныйт беле. Айдын жарыгында ачык тааный алган жок.
Сууга агып бараткан чамындыны кээде карап турган сыңары, ал атчан кишиге жөн эле көз чаптырып
турду. Атчан киши токойдун арасына киргенде гана, Кольхаунду а кишинин жоругу кызыктыра
баштады.
«Бул эмне болушу мүмкүн? — деп кобурады ал сигарасын шап ыргытып жиберип. — Шайтан
баскырдыкы… Аты- нан түштү! Бери көздөй, дарыянын имерилишин карай келатат. Кашаттан төмөн
түштү, сыягы, ал биерди жакшы билсе керек. Ага эмне керек? Ырас эле бакка уурданып кирмекчи
болобу? Бирок кандайча? Сүзүп өтмөкчүбү? Ууру болуп жүрбөсүн?»
Бул анын биринчи божомолу. Бир ой эсине түшөр менен, ал божомолунан баш тартты.
«Кайыктын калагы чалпылдай баштады… Кайыкты өзүнө тартып алып, кайык менен бери сүзүп
келатат. Бакты көздөй басты. Деги буга биерде эмне керек болду?»
Кольхаун акырын төмөн түшүп, эркектерди ойготуп, баарысы бирге жанагы кишини кармамакчы
болду.
Ал жаңы эле басайын деп жатканда, экинчи тараптан угулган дабыш аны токтой калууга аргасыз
кылды. Каалганынбы, же ачылган терезенинби, бирдеменин кычыр эт- кени угулуп калды. Кычыр
эткен дабыш дал анын асты жагынан угулду.
Эмне болуп жатканын билейин деп, Кольхаун периладан эңкейип ылдый карады. Аңгыча болбой,
жүрөгүнүн каны сарыгып, өңү өлгөндөй купкуу боло түштү: жээнинин бөлмөсүнүн терезеси ачылган
экен. А Луиза апаппак кийинип, бакка чыгуучу баскычта туруптур. Луизанын турганы кайык менен
сүзүп келген кишиге байланыштуу экенин Кольхаун бир заматта түшүнө койду. Бирок ал киши ким?
Ал Морис-мустангер гана болушу мүмкүн.
Чагылган тийгендей, Кольхаун үн-сөзсүз, турган жеринде катып калды. Апаппак элес көрүнбөй,
бактан добуш угулгандан кийин гана ал эс-учун жыйды; анын көңүлүнө жаңы план муюду.
Эми ал эркектерди ойготуу жөнүндө ойлонгон жок. Луизанын маскарачылыгына биринчи ал күбө
болушу керек эле да. Кыжыры кайнаганынан калчылдап, Кассий Кольхаун щашыла төмөн түштү.
Ал берки экөөнүн ант беришкенин, бирин-бири сүйөбүз дешкенин, эртең таң заардан мустангер
кетмекчи болгонун, жакында кайра келем деп убада бергенин угуп турду.
96
1 ПРОЛОГ
Эмне үчүн ал дал ошол учурда жүгүрүп келип, сүйгөн кыздын бутуна оңкосунан түшкөндөй кылып,
өзүнүн касташкан кишисин шамшар менен сайган жок? Балким, мустангердин курунда Кольттун
алты атар тапанчасы жаркырап турганын айдын жарыгында көргөнүнөн ошенткендир?
Кандай болсо да, өздөрүн аңдып жүргөнүн ашык болгон кишилер билбей калгандай кылып, капитан
шашыла жүгүрүп кетти,
XXXIV глава
«АЙКӨЛДҮК» НИЕТ ===============
Кассий Кольхаун каякка жүгүрүп кетти?
Албетте, өз бөлмөсүнө барган жок. Ушундай күйүт чеккен киши кантип уктамак эле?
Шам алам деп убактыны текке кетирбей, ал тике эле ошо жакты көздөй жөнөдү. Бирок чырактын да
кереги жок. Айдын жарыгы бөлмөнү жетишерлик жарык кылып турган болучу. Бөлмөдөгү жупуну
жасалганы: жуунгучту, кичинекей столду, бир нече стулду, тынчтык бербеген чиркейден сактануу
үчүн жука кисеядан жасалган көшөгөсү бар кроватты ачык көрүүгө мүмкүн.
Кольхаун көшөгөнү көтөрүп, эч нерседен капары жок уктап жаткан жигитти ойгото баштады.
— Көзүңдү ач, Генри, тургун! — деди Кольхаун уктап жаткан жигитти ийнинен булккулап.
— О-о! Бу сенсиңби, Каш? Эмне болду? Деги индеецтер эмеспи?
— Индеецтерден да жаман! Тезирээк! Тургун да, өз көзүң менен көргүн. Ылдамыраак, болбосо кечигип
калабыз! Ордуцан тургун да, таежемдин маскарачылыгын көргүн. Тезирээк, болбосо Пойндекстердин
аты бүткүл Техаска шылдың болот!
Албетте, мындай эскертүүдөн кийин Пойндекстердин үй-бүлөсүнөн эч кимдин уктагысы келбес эле.
Жигит ордунан ыргып турду да, күлүктөнгөнсүп бөлмөсүнө карады.
— Кийинем деп убакытты текке кетирбе, — деди күйпөлөктөгөн капитан. — Тезирээк! Ылдамыраак!
Демейде кийчү жөнөкөй костюмун Генри бир нече секунданын ичинде кийе койду. Капитандын
артынан жигит бакты көздөй ашыкты.
— Эмне болду, Кассий? — деп сурады ал, токтоо керек деп Кольхаун ишарат кылганда. — Айтчы деги,
бу эмне деген кеп болуп кетти?
— Өзүң карагын. Мага жакыныраак тур. Тетиги дарактардын арасындагы жылчыктан дайыма кайык
турчу жакты карагын. Деги бирдеме көрдүңбү?
— Агарган бирдеме турат. Аялдын көйнөгү окшойт. Аял экен.
— Туура айтасың, аял. Ал сага кимдей көрүнөт?
— Билбейм. Ким экенин сен билесиңби, Кассий?
— Жанында дагы бир караан турат.
— Эркекке окшойт„, Ырас эле эркек экен,’
— Сенин оюңча, ал ким?
— Мен кайдан билмек элем, Каш? Сен билесиңби?
— Ооба, билем. Ал эркек — Морис-мустангер.
— А аялчы?
— Анын кучагында турган сенин карындашың — Лунза.
97
1 ПРОЛОГ
Куду жүрөгүнө ок тийгенсип, жигит артын көздөй сендиректей түштү да, анан алга карай жулунду.
— Токто! — деди Кольхаун аны шап кармай калып, — Унутпагын, сенде курал жок, а мустангерде курал
бар. Анысын билип турам. Сен мына муну, дагы муну алгын, — деп Кольхаун жигитке өзүнүн бычагы
менен тапанчасын суна берди. — Аны мен өзүм мойсоюн дедим эле, бирок сен агасы эмессиңби,
карындашыңдын абийрин сактайсың. Ошон үчүн өзүң өлтүргөнүң жакшы болот го деп ойлодум.
Баргын, Генри! Бирок карындашыңды атып салып жүрбө. Акырын жашырынып бар. Аны курсакка
аткын. Эгерде алты октон өлбөсө, бычак менен жайлагын. Мен чукул турам. Сага жардам берем.
Жүгүр!
Генри Пойндекстер мындай жүзү каралык насаатка муктаж эмес.
Ал карындашынын абийирин сактоо үчүп жүгүрдү.
— Жүзү кара, шүмшүк! — деп кыйкырды Генри. — Луиза, четке чыга бер, мен алдагыны жайлайын!
Карындашым, мындай чык, сага айтып жатам!
Тапанчасын сууруп чыгып коргонгондун ордуна, Морис- мустангер кыз үчүн коркуп, кыздын
кучагынан бошонууга аракет кылды. Бирок кыз аны мурдагысынан бетер кыса кучактады.
Мустангерди атса, Генри карындашын майып кылып алышы да мүмкүн эле. Генри токтоп, атпай
туруп калды.
Анын ушул илең-салаң болгону үчөөнүн жанын аман алып калды. Мустангерди кое берип, Луиза
агасын колдоп шап кармады. Морис корккондой эчтеме жок экенин, агасын гана токтотуу керек
экенин Луиза жакшы билген эле.
— Жүгүр, кач! — деп кыйкырды Луиза мустангерге, долуланып турган агасын кармап калууга
тырышып, — Генрнни адаштырып жаңылыштырган тура, мен ага баарын өзүм түшүндүрөм. Тезирээк,
Морис, ылдамыраак качып кутул!
— Генри Пойндекстер, — деди ирландиялык жигит достук кеңешти орундатууга даяр туруп,— сиз
мени бекер эле шүмшүк деп эсептейсиз. Убактысы жеткенде, карындашыңыз мени кадырлап, сүйүүгө
арзый турганымы далилдейм. Эгерде алты айдын ичинде ошондой экенине көзүңүз жетпесе, мени
суу жүрөк Койот катарында, элдин көзүнчө ел- түрсеңүз да болот. Азырынча кош болуңуз.
Карындашынын колунан Генринин бошоноюн дегени бара-бара солгундай баштады; мустангердин
сөзү анын көңүлүн бир аз сооротту. Каршылык көрсөтүү улам чабалдай берди да, Морис дарыядан өзү
сүзүп өткөндө жигиттин колу шылкыйып калды.
— Байке, ал жөнүндө сен жаңыласың, ишенип кой, жаңылып жатасың! — деп чыңырды Луиза. —
О, Генри садагаң, анын кандай асыл зат экенин билесиң! Ал эч качан мени бирөөгө кор кылбайт,
анын үстүнө өзү да мага ыза көрсөтпөйт. Ишенип кой, ал жентльмен, баары бир, ал ким болсо да
аны сүйгөнүм — сүйгөн.
— Луиза, чыныңды айтчы. Өзүң менен өзүң кандай сүйлөшсөң, мени менен да дал ошондой сүйлөш.
Азыр ушерден көргөнүмөн түшүнгөнүм: сен аны сүйөт экенсиң, чыныңды айтчы, ырас эле ал жакшы
кишиби? Сенин ишенчээктигиңен пайдаланып, кара санатайлык кылган жокпу?
— Жок! Жок! Жок! Сага ант берейин! Генри, эмне үчүн сен аны орунсуз жерден кордодуң?
— Мен аны кордодумбу?
— Ооба, ызаладың Генри, адилетсиздик кылып, орой кордодуң.
— Андан кечирим суроого даярмын. Аны кууп жетип, кызуу кандуулук кылганым үчүн кечирим
сурайын. Карындашым, эгерде чын айта турган болсоң, мен ошондой кылышым керек. Өзүң билесиң,
98
1 ПРОЛОГ
ал адегенде эле мага жагып калган болучу. Эми, ардагым Луиза, бөлмөңө барып уктагын. Мен
мейманканага тезирээк жөнөйүн, балким, аны ошерден табармын. Өзүмдүн катамы түзөтмөйүнчө
жаным жай таппайт.
Карындашы менен агасы үйгө киргенде, ошого чейин бадалдын арасында жашынып турган үчүнчү
караан да алардын артынан удаа көрүндү. Бул алардын жээни Кассий Кольхаун.
XXXV глава
МЕЙМАНДОС ЭМЕС КОЖОЮН =====================
«Суу жүрөк кемпай! Акмак! Ушундан үмүт этип жүргөн мен да акмак экемин. Бул күчүктү алдап-
соолап, карындашы тиги шүмшүктү качырып жиберерин алдан билүүм керек эле. Бир тал чачым
коробой турган жеринде
дарактын далдаасынан өзүм сойлото алат элем. Ошенткеним үчүн Вудли таякем ыракматтан
башка эчтеке айтпайт болучу. Сеттльменттегилердин баары менин жоругумду акташат эле. Томаяк
азгыргыч! Жек көрүмчү соодагер! Адилеттик менен сазайын бергеним үчүн ким каршы чыга алат
эле? Эми, шайтан баскырдыкы, мындай учур дагы качан болор экен!»
Гасиендага Луиза менен Генринин артынан бир кыйла арттараак кайта келатып, капитан ушинтип
өзүнчө ой жүгүрттү.
— Кызык, — деп кобурады ал короого кирип келатып, — чын эле мына бу мадыра баш макоо
карындашын акмак кылып кеткен кишиден кечирим сурагысы келеби? Сыягы, чын эле кечирим
сурамакчы болсо керек, болбосо атканада тополоң болуп жатканын эмне деп түшүндүрүүгө болот?..
Дал ошондой экен — атын алып чыгып келатат.
Мексикалыктардын имениелеринде каада болгондой, ат- кананын эшиги таш төшөлгөн короого чыга
турган.
Аткананын эшиги чала ачылып туруптур; бирок бир минутадан кийин каалганы ич жагынан түрттү
да, чоң ачып жиберди.
Панама, ийнинен көлбөөрүп салаңдап турган плащ кий- ген бир киши аткананын эшигинен көрүндү.
Ал токулган атты алып чыкты.
Кольхаун өзүнүн таякесин, анын тору атын тааный койду.
— Акмак! Жанагыны колдон чыгарып жибердиң! — деп, жигит жанына жакындап келгенде, капитан
ызырынып кобурады. — Шамшар менен тапанчаны бери бер. Бул оюн- чук сенин назик колуңа
жарашпайт. Жооп берчи, эмне үчүн мен айткандай кылганың жок? Эмне үчүн кеңкелестик кылдың?
— Ырас эле мен кеңкелестик кылдым, — деп жаш плантатор оор басырык жооп кайтарды. —
Анткеними билем. Жакшы кишини жөнү жок жерден оройлук кылып кордоп койдум.
— Жакшы кишини кордодуңбу? Ха-ха-ха! Кудай урсун, сен жинди болуптурсуң!
— Эгерде сенин тилиңди алсам, анык жинди болмок элем, Кассий. Бактым бар экен, ошондой
кылганым жок. Кандай болбосун андан кечирим сураганы дароо жөнөшүм керек.
— Каякка барасың?
— Өзүмүн адамга ылайыксыз жоругум үчүн кечирим сураганы Морис-мустангерди кууп жетишим
керек.
— Адамга ылайыксыз жорук имиш! Ха-ха-ха! Сеп, ал- бетте, тамаша кылып жатасың го?
— Жок. Бутүндөй чын айтып жатам. Эгерде мени менен кошо барсаң, ошенткенимди өз көзүң менен
көрөсүң.
99
1 ПРОЛОГ
— Эмесе, дагы айгайын, сен чын эле акылдан адашып- сын. Акылдан адашканың мындай турсун,
барып турган кеңкелес экенсиң.
— Сен абдан сылыктык кылдың го, жээним Кассий!
Ушул сөздү айтаар менен жигит атын теминип, чапкылап кетти.
Ат көрүнбөй калганча, Кольхаун ордунан жылбай тура берди. Анан үйүн көздөй шыпылдай басып,
верандадан ылдам өтүп, бөлмөсүнө кирди. Көп узабай эле, эски плащ кийип, аерден чыгып, атканага
барды да, токулуу турган атын суулугунан жетелеп чыкты.
Уурдап бараткансып, атын таш төшөлгөн короодон добушун билдирбей алып чыкты. Анан атына
ыргып минди да, гасиендадан ылдам оолактап кетти.
Генри Пойндекстердин артынан ал бир-эки миля жүрүп отурду; бирок жигитти кууп жетейин деген
ойдо болгон жок көрүнөт, себеби, Генри алыс узап кеткен. Кольхаун шашкан жок.
Фортко баруучу жолдун теңине келгенде, Кольхаун жакын жердеги кичине токойду үңүлө карап,
атынын оозун жыйды да, каптал жактагы жалгыз аяк жолду көздөй бура тартып, өзөн сууну карай
бастырды.
«Дагы бир мүмкүнчүлүк калды, жаман мүмкүнчүлүк эмес, бирок жанагы мен колдон чыгарып
жиберген мүмкүнчүлүктөн кымбатыраак болот. Бул мага бир миң долларга түшөт. Айла барбы?
Акыр-аягы бу каргыш тийген ирландиялыктан кутулуш керек. Анын сөзүнө караганда, эгерде
калп айтпаса, ал таң заардан өзүнүн кепесине жөнөйт. Качан барарын билсем, кызык болор эле?
Прериянын мындай кишилери үчүн таң атканда туруу, жаңылбасам, кечигип калган менен барабар.
Эчтеке эмес, бизде дагы убакыт бар. Койот Мористен мурдараак үлгүрөт. Анын кепеси, калыбы,
биерден алыс болбосо керек. Мексикалыктар бул жерди жакшы билүүгө тийиш, эң болбогондо ошо
жакка бара турган жолду билүү керек. Ошонусу эле жетишет. Мейли, кепесинде кожоюнду күтө
беришсин. Бирок күткөндөрү текке кетээр: ага жолдон индеецтер жолугуп калышы мүмкүн го».
Мына ушинтип ой жүгүртүп, капитан мексикалык- мустангерднн кепесинин жанына бастырып
келди.
Кепенин эшиги аңырайып ачык турган экен, Кепенин
ичинен уктап жаткан кишинин коңурук тартканы угулду.
Уктап жаткан кишинин коңурук тартканы кээде токтой калып, тымтырс боло түшөт, кээде чочконун
корулдаганындай добушка окшоп кетет, кээде түшүнгүдөй мааниси жок: «Саггатва! Миң шайтан!
Иисус! Ыйык Мария!» — деген сөздөр угулат.
Кольхаун босогого токтой калып, тыңшап турду.
— Бу доңуз, өлгөндөй мас экен! — деди ал үнүн катуу чыгарып.
— Алло, сеньор! — деп кыйкырды кепенин кожоюну кишинин үнүн угуп, чала-була эсине келип.
Мындай урматты ким көргөн? Жок, андай эмес го? Бактылуу экемин, сизди көрдүм, — мен, Мигуэль
Диаз, биердегилер айткандай, Эль-Койот. Ха-ха-ха! Койот! Бах, а сиздин атыңыз ким? Сиздин атыңыз
ким, сеньор? Миң шайтан! Сиз кимсиз?
Тростник кроваттан башын көтөрүп, Эль-Койот бир кыйлага чейин жамбаштап отурду, күтпөгөн
жерден келип, мас болуп уктап жаткан кишинин түшүн бузган мейманга көзүн алаңдатып, тигиле
карады.
Анан, түшүнүксүз кандайдыр үн чыгарып, Койот кайтадан кроватка сулап калды.
100
1 ПРОЛОГ
Жапайы айбанча коркулдап, анан корулдап коңурук тартканы кожоюндун мейман бар экенин
билбегенин ачык көрсөттү.
— Дагы бир мүмкүнчүлүк колдон чыгып кетти, — деп ызырынды Кольхаун кетмекчи болуп бурулуп.
— Каргыш тийгир! Дагы оңунан чыкпады! Бул чочконун масы тараганча эң кеминде үч саат өтөт.
Бүтүндөй үч саат! Анда абдан кечигип, абдан кеч болуп калат…
Ушинтип Кольхаун атын жүгөнүнөн кармады да, канда барарын билбей маң болгонсуп, токтоп калды.
— Биерде калуунун эч кандай кажети жок. Мунун масы тараганча, таң атып кетет. Үйгө кайра барып,
аерде жайбаракат күтсөм да болот, же…
Оюна келе калган пикирин ал угуза айткан жок. Бирок кандай гана болбосун, анын ыргылжың
болгону бүттү.
Атын чечип алып, Кольхаун ыргып минди да, Эль-Койоттун кепесине келген тарапка эмес, тескери
тарапка чапкылап кетти,

#53 07 June 2017 - 07:41
XXXVI глава
ҮЧ КИШИ БИР ЖОЛДО =================
Прериянын жумшак тулаң чөбү менен жолоочулап жүрүү бу дүйнөдөгү эң сонун жыргалдардын бири
экенин эч ким тана албайт.
Өзүңүз сыяктуу эле табияттын кооздугуна, шаңдуулугуна кубанып, сиз менен ошол жол жүрүүнү көп
жылдар бою эсиңизден чыккыс кылат. Эгерде ошол досуңуз ашкан мыкты жан болсо, жүрөгүңүздү
ынтызар кылган сонун киши болсо, бүткүл өмүрүңүз бою эсиңизден чыкпай тургандай кубантат.
Ошентип, сиз прерияны көздөй кетип баратасыз дейлик, бирок сеттльменттин чегинен чыгып, беш-
алты аттын изи калган «чоң жолго» кайра бурсаңыз, бир да кишиге жолукпай, нечен саат, нечен жума,
нечен айлар, а балким, жыл бою жүрүп отурасыз.
Техастын эбегейсиз чоң мейкиндигинде жолоочу жүргөн киши гана прериянын чын эле учу-кыйрына
көз жетпей турганын баалай билет. Кала берсе, эч качан түгөнгүс мейкиндик таасир кылгандай,
океан да таасир кыла албайт. Океан менен жолоочулап баратканыңызда, алга жылганыңыздын
жышаанасын такыр сезбейсиз. Төбөсүнө көгүлтүрагыш купол көмкөрүлгөн суунун көк-жашыл
кеңири бети төбөңүздөн да, айланаңыздан да дайыма чулгап турат, эч кандай өзгөрүүнү көрбөйсүз.
Сизге опсуз чоң своддун дал ортосунда тургандай, учу-кыйры жок суу мейкиндигине көзүңүз такыр
жетпөөчүдөй болуп көрүнө баштайт.
Прерияда такыр башкача. Майда аралдар, токойлор, дөңдөр, дарактар, кырка тоолор, жар таштар куду
чек өңдөнүп, улам алмашып отурат да, көз жеткис мейкиндиктен өтүп баратканыңызды билгизип
турат.
Прерияда, айрыкча түштүк-батыш Техаста, жолоочу киши жалгыз болсо, жапайы табияттын
сонундугуна чанда гана маашыр боло алат; демейде аерде экиден, көбүнчө он чакты, жыйырма
чакты киши болуп топтошуп жүрүшөт — антпесе, жолоочулап жүрүү коркунучтуу.
Жалгыз жүргөн жолоочуну аерден анда-санда гана учуратасың.
Маселен, Каса-дель-Корвонун жанында дал кырсык болгон түнү Леонанын жээктеринен түштүк-
батышты көздөй кеткен талаадан атчан үч киши жалгыз-жалгыздан өттү.
Кольхаун мексикалык- мустангердин кепесинен мындай бастырганда, ошол жолоочулардын
биринчиси сеттльменттин четинен баратканын көрүүгө болот. Ал Нуэсес дарыясынын же ага
келип куйган суулардын бирөөн көздөй жол тартып баратты.
101
1 ПРОЛОГ
Анын атчан баратканын толуктап айтуу ашык болор; себеби, шаар менен плантациялардын ичинде
гана болбосо, бүткүл Техас боюнча эч ким жөө жүрбөйт.
Бараткап кишинин аты эң мыкты эле. Күчтүү, жүрүштүү аттын арыш ташташы канчалык узак жол
жүрсө да, кыйналбай-этпей эле чыдаарын далилдеп турду.
Атчан кишинин кийими он чакты, жыйырма чакты миля жол жүрмөкчү болгон, техастык ар бир
чабендестердин кийиминдей. А киши үйүнө карай келаткандай сыяктанды. Ушундай түн ортосу
болгон маалда ал үйүнөн чыга койбос эле. Ийинине желбегей салып койгон серапэ түнкү нымдан
сактануу үчүн гана алынгандай көрүндү.
Бирок ошол түнү аба бүтүндөй кургак болгондуктан, жолоочу чын эле алыска сапар чегиши мүмкүн
эле, анын үстүнө, ал кетип бараткан багытта жакын жерде эч кандай сеттльмент жок.
Ошого карабастан, жолоочулап бараткан жерине качан жетери баары бир өңдөнүп, ал такыр
ашыккан жок.
Өзүнүн оюна, балким, эсине түшүнгөндөрүнө муюп, ал тегерегиндеги дүйнөгө эч кандай ынтаа
койбогондой сыяктанды.
Атынын оозун бош коюп, тизгини аттын мойнунда салаңдап баратты; бирок ат токтогон жок, жалгыз
аяк сырдана жол менен бараткансып, жалтанбай баса берди.
Айдын жарыгы чала тийген мунарыкта ыраактап көрүнбөй калганча, камырабаган жолоочу ушинтип
жүрүп отурду,
* * *
Биринчи атчан киши көрүнбөй калган учурда, сеттльменттин четинен экинчи атчан киши көрүндү
да, ошол эле жол менен кетти.
Кийимине караганда ал да алыска сапар чеккендей сыяктанды. Анын кийгени: алды жагы кынап
койгондой, арт жагында узатасынан кеткен кең бүгүшү бар, көлбөөрүгөн кара плащ.
Биринчи атчандан айырмасы: бул киши каяккадыр шашып бараткансып, атын үстөккө-босток
теминип, камчылана берди. Ал кимдир бирөөнү кууп жеткиси келгендей өңдөндү.
Мүмкүн, алдан кеткен кишини кууп жетмекчи болгондур. Ал мезгил-мезгили менен эңкейип, алыс
жакты үңүлө карай берди.
Алдынан бараткан жолоочу көрүнбөй калган жерге жеткенде, экинчи киши да көп узабай эле
көрүнбөй калды. Фортток же шаардан байкап турган кишиге ошондой көрүнөт эле.
Кандайдыр бирөөнү туурагансып, эгерде туураган болсо, экинчи киши көрүнбөй калган учурда,
сеттльменттин четинен үчүнчү киши көрүндү. Мурдагы эки киши сыяктуу, ал да баягы эле багыт
менен жөнөдү.
Ошол экөө сыяктуу, берки киши да алыска бараткандай кийинген экен. Үстүндө тула боюн такыр
көрсөтпөгөн кызыл плащ бар. Плащтын көлбөөргөн этегинин астынан ээрге байланган кыска мылтык
көрүнүп турду.
Биринчи киши сыяктуу, ал да шашпастан, абдан жай баратты; аны кандай жолоочу болсо да кууп
Жетип, озуп кетер эле. Ошондой болсо да, ал абдан чочулап тургансыды; ошондуктан ал тике алдында
бараткан кишиге окшоду.
Бирок бул эки кишинин кебетесинде чоң айырма бар. Бүтүндей алга умтулган экинчи киши бирөөнү
кууп жетсекчи болгондой көрүнсө, үчүнчү киши, тескерисинче, бирөө кууп келатпагай эле деп кулак
102
1 ПРОЛОГ
түргөнсүп, арт жагын улам кылчактап кзрай берди. Кээде ээрден бурулуп, кээде атынын башын буруп,
өзү бастырып өткөн изин үңүлө карай берди.
Бир аздан кийин эч кимди кууп жетпей, эч кимге өзү да жеткирбей, бул киши да алыстап көрүнбөй
калды.
Бирдей дээрлик аралыкта бараткан ушул үч чабендес бирин бири көрбөй, прерия менен жүрүп отурду.
Бийик жыгачтын башында эки жагын байкап отурган бабырган, же түнкү шайтан көпөлөктү аңдып
учуп жүргөн чегирткечи көрбөсө, бул үчөөн, кала берсе экөөнү да башка эч ким катары менен көрө
албайт эле.
* * *
Июк фортунан он чакты милядай жерге жетип, бир саат өткөндөн кийин бул үч чабендестин арасы
бир кыйла өзгөрүп кетти.
Чытырман токойдун арасына куду аллея сыяктанып кирген узун жолго биринчи киши жаңы эле
келди. Ошол бадалдуу жер көз жеткидей аралыкта оңго-солго созулат. Аллеяны бул кең кысык менен
салыштырууга болор эле. Жээк менен чектешкен суунун бети сыяктуу, аллеянын көпкөк бетин да
кара-көк дарак курчап турат. Айдын жарыгы анын жартысына гана тиет. Андан ары аллея дарактын
көлөкөсүн көздөй чукул бурулуп кетет.
Ошол токойдун арасындагы жолго кирерден мурун үч жолоочунун биринчиси атынын оозун тартып,
бир-эки секунда үңүлө карап турду. Анын эси-дарты алды жагында болду; арт жагын кылчайып
караган жок.
Бирок ал көпкө чейин антип турган жок. Сыягы, жоодон өзүнө жолто кылчудай эч нерсени
көрбөгөндөй өңдөндү — атын теминип, алга жөнөдү.
Дал ошол учурда, ошол эле жол менен артынан келаткан экинчи киши аны байкап калды; эми
экөөнүн арасы жарым милядай жер эле.
Алды жагында бараткан кишини көрө коюп, кара плащ кийген киши акырын кыйкырып койду. Атын
дагы катуураак теминип, ал да токойдун арасындагы жолго кирип кетти. Бирок биринчи киши бурула
бериштеги караңгы көлөкөдөн көрүнбөй калды. Экинчи киши айныбастан анын артынан жөнөдү.
Үчүнчү киши да ошол жерге келип жетти, бирок экинчи кишиден бир кыйла кечирээк келди. Берки
эки киши сыяктуу, ал аллеяга кирген жок. Бура тартып токойдун четин көздөй бастырды. Аерге
барганда ал атын байлап, бадалдын арасынан токойдогу жолго каптал жагынан чыкты.
Алды жагында эмне болуп жатканынан көрө, артында болуп жаткан нерсеге көбүрөөк кызыккансып,
ал мурдагысындай эле кылчактап карай берди. Токойдун арасындагы жолдун караңгы жерине
келгенде, мурдагы атчан эки киши сыңары, көлөкө түшкөн жерден көрүнбөй калды.
Эки жолу аттын дүбүртү, бир жолу жөө кишинин бас- каны бузуп кеткен түнкү добуштардын
басылбаган хору тропик бадалындагы түнкү абада мурункусундай эле тынбай чыга берди.
Аңгыча болбой тарс деген добуш угулду.
Талаа карышкырынын улуганы, мадылдын мыёологону, кала берсе, ягуардын ырылдаганы — бардыгы
ушул таро деген добуш чыкканда тымтырс боло калды.
Бирок тарс деген добуштан кийин жарадар болгон кишинин онтогону да, ок жеген айбанаттын
өкүргөнү да угулган жок; ягуар кайта дагы кырылдап-ырылдап, токойдогу айбанаттарды коркута
баштады. Ягуардын достору менен Душмандары — канаттуулар, жырткычтар, курт-кумурскалар —
жырткычтын ырылдаганына эч кандай көңүл бурбай, кайтадан дагы кулак тундурган концертин
баштады.
103
1 ПРОЛОГ
XXXVII глава
ДАРЕКСИЗ ЖИТКЕН КИШИ ====================
Элди эртең мененки тамакка чакырып, Каса-дель-Корвонун коңгуроосу эки жолу кагылды.
Гасиенданын жанында иштеген кулдар кек чөпкө отуруп, кумарын жаза тамакка киришти.
Плантатордун тамакканага чогулган үй-бүлөсү столго отурууга даяр эле, бирок баары бүт чогулган
эмес экен: үй-бүлөнүн бир мүчөсү жетишпеди — Генри жок.
Адегенде Генри жок экенине эч ким көңүл бурган жок; ошондуктан ана келет, мына келет деп аны
күтүп отурушту. Бирок бир нече минута өтсө да, Генри келген жок. Тамакка кечигип келчү өнөкөтү
жок баласынын жоктугун эмне деп түшүндүрөрүн билбей, плантатор айран-таң калды.
Түштүк-батыш Америкада эртең мененки тамакка белгилүү саатта бардыгы бүт чогула турган
каада бар. Бул каада жергиликтүү менюнун кээ бир бөтөнчөлүктөрүнө байланыштуу. «Виргинский
бисквит», вафли, гречихадан
бышырылган куймак — мына ушунун баары оттон жаңы чыгарылганда гана ширин болот.
Тамакканада эртең менен оокат жеп жыргап жатышкан саат — ысык плитанын жанында турган
ашмачы үчүн кыйналуу сааты болот.
Кеч турган киши эртең менен муздап калган куймак жеп, вафлисиз калышы мүмкүн; ошондуктан
түштүк плантацияларда ошол кааданы жаман көргөн кишилер сейрек чыгат.
— Жанагы бала кайда жоголуп кетти? — Атасы төртүнчү жолу сурады.
Кольхаун да, Луиза да эч кандай жооп кайтарышкан жок.
Бөлмөгө келип киргенден бери Кольхаун дудук эмеден бетер унчукпай отурду. Ошо күнү эртең менен
ал Луизага бир жолу да карап койбоду.
Столдун жанында отуруп, туталанганы байкалып турду; малай кирип келгенде, ал бир-эки жолу селт
этип да кетти. Капитандын бир нерседен абдан чочулап отурганын- да эч кандай шек жок.
Генринин столго келип отурбаганы абдан таң каларлык болду го, — деп плаитатор он чакты жолу
кайталады. — Ушул убакка чейин уктап жатабы? Жок, жок, Генри мынчалык эч качан кеч турчу эмес.
Эгер бир жакка кетсе да, коңгуроону укпаганы менен чоордун үнүн угууга тийиш эле. Балким, ал дагы
эле бөлмөсүндө болуп жүрбөсүн?.. Плуто!
— И-и! И-и! Мени сиз чакырдыңызбы, масса Вудли! Мен мындамын.
Араба айдоо милдети менен кошо, Плуто стол жанында тейлөөчү малайдын милдетин да аткара
турган.
— Генринин бөлмөсүнө баргын да, эгерде аерде болсо, биз тамакты ичип бүтө жаздап калдык деп
айткын.
— Ал бөлмөсүндө жок, масса Вудли.
— Сен эмне, анын бөлмөсүндө болдуңбу?
— Ооба… Жок, мен болгонум жок деп айтайын дедим эле. Анын бөлмөсүндө болгонум жок, атканада
болдум; анын атына жем берейин дедим эле, масса Вудли. Хо! Хо! Жаныбарым анда жок экен, таң
заардан бери жок — мен таң атар менен эле тургам. Ээри да жок, жүгөнү да жок, масса Генри да жок.
Каякка кеткенин билбейм, кеткенине көп болуптур.
— Кеткенине көп болгонуна көзүң жетеби? — деп сурады плантатор ушул кабарга чын эле капа болуп.
104
1 ПРОЛОГ
— Жетпегенде. Албетте, көзүм жетти, масса Вудли. Атканада масса Кольхаундун гана аты турат. Чаар
байтал короодо оюн салып жүрөт. Генри массанын торусу эч кай- дан көрүнбөйт.
— Бул али мистер Генри бөлмөсүндө жок дегенге жатпайт. Азыр барып карап келчи.
— Ие! Ие! Кеттим, масса. Плуто чын айтат. Жаш жентльмен аерде жок. Масса Генри аты болгон жерде
болуш керек.
— Эчтеке түшүнбөдүм, — деди плантатор Плуто бөлмөдөн чыгып кеткенде. — Генри түн ичинде эле
үйдөн кеткен экен. Ал каякка кетет? Түн ортосунда кимге барарын такыр түшүнө албайм. Негрдин
сөзүнө караганда, ал түнү бою болбоптур. Фортто жаштар менен жүргөн чыгар. Менимче, тавернада
эместир.
— Жок, албетте, ал ресторанга барбайт, — деп Кольхаун плантатордон кем күйбөгөн кишиче сөзгө
кийлигишти.
Бакта болгон окуя жөнүндө капитан бир ооз да сөз айткан жок.
«Ал жөнүндө Кассий эчтеке билбесе керек, — деп ойлоду Луиза. — Эгерде андай болсо, ал иш агам
экөөбүздүн ортобузда гана калууга тийиш. Менимче, Генри экөөбүз
келишебиз. Бнрок ушул убакка чейин ал эмне үчүн жок? Аны түнү бою күтүп отурдум. Мористи кууп
жетип, экөө жарашкандыр. Ошондой болду го деген үмүтүм бар».
Дал ошол учурда босогодон Плуто көрүндү. Кандайдыр бир өтө керектүү кабар айтмакчы болгонсуп,
ал ыклас коюп, томсоруп турду.
— Кош, — деп плантатор малайынын сөзүн күтпөй, чаңырып жиберди, — бар бекен?
— Жок, масса Вудли, — деп негр толкунданып жооп кай- тарды. — Анда жок, масса Генри жок. Бирок,
бирок… — деп Плуто тайсалдай баштады.
— Плуто бирдеме айтышы керек… Анын аты тигинде турат.
— Аты тигинде бекен? Бөлмөсүндө эмес чыгар.
— Жок, сэр, атканада эмес. Дарбазанын жанында турат.
— Аты дарбазанын жанында турабы? Анын эмнесине капалангансың?
— Капаланган себебим, масса Вудли, себеби… Ал масса Генриннн аты… Себеби, айбан эмеспи…
— Деги жөнү менен сүйлөчү, ынды кара! «Себеби» дегениң эмне? Деги аттын башы аман бекен? Же
куйругу түшүп калыптырбы?
— О, масса Вудли, сиздин негриңиз андан коркуп жаткан жок. Ал башын да, куйругун да жоготсо мейли
эле. Өзүн минген кишини жоготуп койдубу деп Плуто коркот.
— Эмне? Генрини ат жыгып кеттиби? Болбогон кеп, Плуто! Менин баламдай чабендести ат жыгып
кетиши мүмкүн эмес. Мүмкүн эмес!
— Жыгып кетти деп жаткан жерим жок. О, ардактуу карыя масса, мен мындан башка эчтеке дей
албайм. Дар- базага чыгып, өзүңүз карап көрүңүз.
Плутонун кыймылы, үнү улам дүмөктүү боло баштады.
Жалаң плантатор гана эмес, кызы менен жээни да ордунан ыргып туруп, гасиенданын дарбазасын
көздөй жүгүрүштү.
Алардын көргөнү эң кайгылуу жоромолду туудурушу мүмкүн эле. Кул негрлердин бирөө токулуу
атты суулугунан кармап турган экен. Жаныбар түнкү шүүдүрүмдөн бүтүндөй суу болуп калыптыр.
105
1 ПРОЛОГ
Ат жерди чапчылап, кошкуруп турду, шүүдүрүмдөн, тору жүнүнөн карараак бирдеме чачырап, бүт
булганып калыптыр. Аттын тулкусуна, буттарына, ээрине кан чачырап, катып калыптыр.
Бул ат кайдан келип калды?
Прериядан. Аны негр туз жерден кармаптыр. Акылы болбосо да, сезип, ат гасиенданы көздөй
тизгинин сүйрөп, өзү келип калыптыр.
Бул кимдин аты?
Мындай суроону эч ким берген жок. Бул Генри Пойндекстердин аты экенин баары билип турушту.
Атка кимдин каны чачыраганын эч ким сураган жок. Алар калтаарып карап турган темгил ала кан
Генри Пойндекстердин чачыраган каны экенин атасы, карындашы, жээни шексиз билип турду.
XXXVIII глава
ИЗДЕП ЧЫГЫШКАНДА ================
Алдастаган атасы кан болгон ээрге ыргып минип, фортту көздөй чапты. Кольхаун атына минип, анын
артынан жөнөдү.
Жасалган кылмыш жөнүндөгү кабар тегеректин баарына тез эле жайыла түштү. Чабендестер
дарыяны бойлой өйдө-төмөн, сеттльменттин эң ыраакы плантацияларына бул кабарды бир паста
жеткиришти.
Индеецтер каракчылыкка аттанып, Генри Пойндекстер биринчи курман болуптур. Генри Пойндекстер
— оор басырык, жоош жигит эле! Бүткүл Техаста анын бир душманы жок. Команчалардан башка бул
жазыксыз канды ким төкмөк эле.
Бул кылмышты команчалар кылганына — Инж фортунун аянтына чогулуп топураган чабендестердин
эч кимиси шек келтирген жок. Бирок кантип, каерде, качан болгонун гана билишпеди.
Кан аттын оң жак капталына көбүрөөк тамган экен. Бир нерсе менен кан сүртүлө бериптир — калыбы,
өлгөн кишинин жансыз денеси жерге түшкөндө сүрүп кеткен окшоду. Аны атып, же найза менен
сайып өлтүргөн болуу керек.
Кылмыш качан жасалганын адам ишенгидей кылып, ошерде тургандардын кайсы бирөө аныктап да
айтты. Алардын божомолуна караганда кандын төгүлгөнүнө он сааттан ашпоо керек. Ошол учурда
түш болуп калган эле, демек, түнкү саат экиде өлтүрүшкөн болуу керек.
Үчүнчү суроо эң татаал окшоду?
Кылмыш кайсы жерде болду? Өлүктү кайдан издөө керек? Кылмышкерлерди да каерден издөө керек?
Форттун командиринин председателдиги астында, сеттльменттин аскер жана граждан калкынын
Инж фортуна шашылыш чакырылган кеңеши ушул суроолорду талкуулады. Күйүттөн мүңкүрөгөн
атасы унчукпай четте турду.
Кылмышкерлерди, кылмыш болгон жерди каерден издөө керек?
Команчалардын конуштары батышта боло турган. Бирок өтө дайынсыз, себеби, конуштардын аянты
нече жүз миляга созула турган.
Жөн эле божомолдоп жүрүү акылсыздык болот.
Анын үстүнө, индеецтер азыр согушка аттанып калган болучу; ошондой болгон соң, алар күн чыгыш
жактан да келип калышы мүмкүн. Андай учурда, алар кандайдыр стратегиялык амалкөйлүктү
колдонушу да ыктымал болучу.
106
1 ПРОЛОГ
Майда топторго бөлүнүп алып, туш-туш жакка баруу жөнүндөгү сунушту колдошкон жок, майор да
кабыл албады.
Индеецтер бир миң киши болушу да мүмкүн, а аларга каршы, ашып кетсе жүз кишиден гана турган
отрядды жиберүүгө болот. Бар болгону элүү драгун, сеттльменттин тынч жаткан калкынын арасынан
дагы элүү чакты чабендести тандап алууга болот.
Өтө эле аз болуп калбоо үчүн бардыгы бирге болушу керек.
Бул далил негиздүү болуп көрүндү. Кала берсе, Пойндекстер менен жээни да ушул пикирге кошулуп,
майор алардын сөзүн жактады.
Ошентип, бир гана күчтүү отряд болуп, издеп чыгалы деген бүтүмгө келишти.
Бирок кайсы багытты бет алып издеп чыгыш керек?
Пехотанын эстүү-баштуу капитаны: Генри Пойндекстердин кайда баратканын эң акыркы жолу
көргөн кишилерден сураштыруу керек деп сунуш кылды.
Генри Пойндекстерди акыркы жолу ким көрдү экен?. Албетте, атасы менен жээни көрүү керек.
Плантатор баласын акыркы жолу кечки тамак убагында көрүп, ошондон кийин аны уктаганы кетти
го деп ойлогон экен.
Кольхаундун жообу анчалык так болгон жок; балким, эч кимди канааттандырбаган да чыгар. Кечки
тамактан кийин ал жээни менен аңгемелешкен экен да, жигит анан уктаганы кетиптир.
Эмне үчүн Кольхаун чын окуяны жашырды? Эмне үчүн ал өзү көргөн бактагы жолугушуу жөнүндө
айткан жок?.
Кандай болсо да, чындык жашырын бойдон кала берди.
Бирок такыр күтпөгөн жерден жаңы кабар келди. Мейманкананын кожоюну Обердофер чакыртпай
эле ушул шашылыш кеңешмеге өзү келди. Топураган элдин арасынан өтүп, ал мен өтө маанилүү сөз
айтам деп жарыялады. Акыркы жолу Генри Пойндекстерди качан көргөнү, кайсы багытты көздөй
кеткени жөнүндөгү суроого жооп бергидей анда тийиштүү маалымат бар экен.
Англисче чала-була сүйлөп, немис мындай деп айгак болду:
Капитан Кольхаун менен эрөөлгө чыккандан кийин анын мейманканасына токтогон Морис
мустангер ошо түнү бир жакка кетиптир. Андан мурун бир нече түн катары менен дал ошентип
жүргөн экен. Ошо түнү абдан кеч келиптир. Мейманкана ачык экен; анткени, жаштар арак шарап
ичип, үлпөтчүлүк кылыптыр. Мустангер счет алып келгиле деп сураптыр, көптөн бери ал анте элек
экен. Счет боюнча акыркы центине чейин карызын бүт төлөгөнүнө кожоюн таң калыптыр.
Акчаны кайдан алганы эч кимге белгисиз экен; эмне үчүн ошончолук шашылыш кетип калганы бир
гана кудайга белгилүү имиш. Ал, Обердофер болсо, мейманканадан кетип баратып Морис Жеральд
өзүнүн жарак-жабдыктарынын баарын ала кеткенин гана билет экен; жапайы мустангдарды
уулаганы баратканда гана ал ошол жарак-жабдыктарын алчу экен.
Мустангер кеткенден кийин жыйырма минута өтө электе эле Генри Пойндекстер эшикти тыкылдатыптыр.
Ал Морис Жеральдды көрмөкчү болгон экен. Аны кетип калды деп айтышканда, мустангер кайсы
тарапты көздөй кетти деп сураптыр. Жооп алгандан кийин жаш Пойндекстер Морис Жеральдды кууп
жетмекчи болгонсуп, айткан багытын көздөй чапкылап кетиптир.
Бул айтылган маалыматта кээ бир нерселер ачык болбогону менен, ошол маалыматтарды негиз
кылып алып, издөөгө киришүүгө болот. Эгерде жоголгон киши Морис Мустангер менен бирге же
анын артынан кетсе, демек, аны мустангер кетүүгө тийиш болгон жолдо издөө керек.
107
1 ПРОЛОГ
— Морис-мустангердин каерде турганын кимдир бирөө билеби?
Анын кай жерде турганын так билген эч ким жок экен. Аламого куйган Нуэсес дарыясынын баш
жагында болууга тийиш деп кай бирөөлөрү божомолдоду.
Ошентип, дарексиз болгон Генринин изин же анын өлүгүн табыш үчүн Аламо тарапты көздөй
жөнөмөкчү болушат: балким, аерден Морнс-мустангердин өлүгүн да табышар. Эгерде таап алышса,
бир кишини эмес, эки кишини мыкаачылык менен кыйнап өлтүргөн үчүн өч алуу керек болор.
XXXIX глава
УЮГАН КАН ============
Топтошуп издеп чыккандар өтө этияттык, кылдаттык менен жүрүп отурушту. Антиш үчүн олуттуу
негиз бар, ипдеецтер согушка аттанып калган болучу.
Чалгынчылар менен кесиби из куучу болгон кишилер алдыга жиберилди, алар изди таап, издин
маанисин жандырып айтып берүүгө тийиш.
Леонанын теребелинен эч кандай из табылган жок.
Форттон он чакты миля аралыкта түндүк-батышты жана түштүк-батышты көздөй ыраак кеткен
токойлуу, бадалдуу тилке түз талааны басып өтө турган. Техасгын чырмоок ороп алган ушул
жунглисинен адам да, ат да оңой менен өтө алчу эмес.
Ошол тилке аркылуу дал форттун теке маңдайынан Нуэсестин баш жагына баруучу чукул төтө жол
бар. Узатасынан эки катар болуп өскөн дарак ошол жолду куду кадимки аллеяга окшоштуруп тура
турган, Балким, бул команчалардын эски согуштук жолу болгондур; алардын жоого аттанган кезинде
Тамолипага, Коагуилага, Жаңы Леонага салган жолу чыгар?
Бул аллея Аламого алып бара турганын из куучулар билчү, ошондуктан экспедиция дал ошол жол
менен жүрмөкчү болду.
Көп узабай эле из куучулардын бирөө бадалдуу жердин четине барганда, бирдеме айтмакчы
болгонсуп токтой калды.
— Эмне болду? — деп сурады майор анын жанына бастырып келип. — Из табылдыбы?
— Ооба, майор, из эң эле кеп экен. Бери караңызчы! Көрдүңүзбү? Дал жумшак жердин ушул
участкасында экен.
— Аттын изиби?
— Эки аттын изи, майор, — деди из куучу сылыктык менен майордун сөзүн түзөтүп.
— Ырас эле эки аттын изи экен.
— Илгерилегенде төрт аттын изине окшоп кетиптир,
бирок бул из ошол эле эки аттыкы болуу керек. Алар адегенде мына бу жол менен өйдө барыптыр да,
апаң кайра кайрылыптыр.
— Жакшы, Спенглер досум. Мындан сен кандай корутунду чыгарасың?
— Көп нерсе али табышмак бойдон кала берет — деп, аскер лагеринде чалгынчы болуп иштеп жүргөн
Спенглер жооп кайтарды, — бирок ошондой болсо да жигиттин өлгөнү ачык.
— Кандай далилдериң бар? Сен эмне, өлүгүн таптыңбы?
— Жок. Чыпалагын да, кала берсе бир тал чачын да тапканым жок.
108
1 ПРОЛОГ
— Анан кандайча?
— Кан таптым. Бизондун күрөө тамырынан аккан сыяктуу кан аябай агып, уюп калыптыр. Келип
өзүңүз караңызчы. Бирок, — деп кошумчалады ал, — бу издерди жакшылап изүүлдөп билсин десеңиз,
бардыгы ордунан жылбасын деп буйрук бериңиз. Айрыкча жаныңызда турган кишилерди келбегин
деңиз.
— Макул, сенин айтканыңдай болсун, — деди майор.
Анан экспедицияга катышкандарга кайрылып, майор мындай деди:
— Силерден сураганым, баарыңар бир нече минутага ордуңардан жылбай тургула. Менин из куучум
текшерүүгө тийиш, ошон үчүн бардык участок анын карамагында болушу керек.
Ага тикеден-тике баш ийбеген кишилер да, майордун айтканын кыңк этпей орундатты.
Элүү чакты кадамдай бастырып, Спенглер токтоп калды,
— Мына муну көрдүңүзбү? — деди ал жерди көрсөтүп,
— Муну көрбөсөм сокур болбоюмбу, — деп жооп кайтарды майор. — Сен айткандай, кан абдан көп агып,
уюп калган экен; чын эле бирөө бизонду сойгон экен деп ойлоого мүмкүн. Эгерде бул кан кишинин
күрөө тамырынан аккан болсо, ал кишинин тирүү эмес экендигине эч кандай шек жок.
— Бул кан катканча а кишинин өлгөнү шексиз, — деди из куучу.
— Спенглер, бу канды кимдики деп ойлойсуң?
— Бул жанагы биз издеп жүргөн кишинин — плантатор чалдын баласынын каны. Ошондуктан атасы
биерге келбесин деп жатам.
— Менимче, андан чындыкты жашыруунун кереги жок, Баары бир ал билбей койбойт.
— Бул айтканыңыз туура, майор. Бирок ошондой болсо да жигитти кандай кырдаалда өлтүрүшкөнүн
адегенде аныктап билүүбүз керек; мына ошону аныктап биле албай жатам.
— Кандайча билалбайсың? Аны, албетте, индеецтер өлтүргөн да. Аны команчалар өлтүрдү.
— Өлтүргөн алар эмес, — деп из куучу көзү жеткендей жооп кайтарды.
— Эмне үчүн андай дейсиң, Спенглер?
— Эгерде индеецтер биерге келсе, анда биз эки аттын эмес, кырк аттын изин табат элек.
— Бул айтканың туура. Бирин-сериндеп кол салууга команчалардын батынбай турганы шексиз.
— Команчалардын бирөө да, деги индеецтердин эч кимиси өлтүргөн эмес. Токойдун арасындагы
жолдон эки гана аттын изи көрүнөт. Такалуу аттын изин көрүп турбайсызбы. Команчалар
такаланган ат минбейт. Команчалардын мингени такасыз аттар. Бул эки атты тең индеецтер эмес,
өңү актар мингени шексиз. Эки катар издин бирөө чоң мустангдыкы, экинчиси — америкалыктын
минген атынын изи экен. Алар батышты көздөй кетип баратканда, мустанг алдында болуптур.
Кайра келатышканда алдан америкалык бастырып, артынан мустанг баскан экен. Бир чабендес
экинчисинен канчалык аралыкта жүргөнүн аныктоо өтө кыйын. Экөө тең кайра тарткан жерге
барганыбызда бул ачыгыраак болот. Алардын кайра тарткан жери анча деле алыс болбоого тийиш.
— Эмесе, ошо жакка баралы, — деди майор. — Баарыңар эч кайда жылбай, ордуңарда тургула деп, азыр
буйрук берейин.
Буйрук берип, майор из куучунун артынан ээрчиди.
109
1 ПРОЛОГ
Аттардын изи дагы беш жүз кадамдай жерге чейин созулду. Батышты көздөй алдыда мустанг
басыптыр, кайра тартканда америкалыктын аты анын артынан ээрчиптир деп, из куучунун
жоромолдогону ал айткандай эле туура болуп чыкты.
Из куучу токтоп калды.
Ошерден ары из кеткен жок; эки ат тең ошерден кайра тартып, кайра кеткен экен.
Из куучу атынан түшүп, ошол участокту ынтаа коюп изүүлдөй баштады.
— Алар ушерде болуптур, — деди ал бир нече минутадан кийин жерди үңүлө карап жатып. —
Болгондо да көпкө чейин болушуптур. Бирок экөө тең аттан түшпөптүр. Экөөнүн досчо маектешкени
да көрүнүп турат, Мына ушунун баары ишти ого бетер чаташтырат. Экөө кийин жаңжалдашкан
болуу керек.
— Эгерде бул айтканың чын болсо, Спенглер, сен анда анык сыйкырчы экенсиң. Айтчы, теңир
жалгагыр, мунун баарын сен кантип билдиң?
— Из боюнча, майор, изден билип жатам. Мында кыйын деле эчтеме жок. Эки из кээде бир-бирине
кошулуп кеткенин көрүп турам. Чабендестер бири-бирине жакын турган болуу керек, бирок аттары
тек турбай, тыбырчылай берген окшойт. Чабендестер биерде бир кыйла турганы анык. Экөө тең
бирден сигара чегишиптир. Сигаранын түбү мына биерде жатат. Сигарадан жарыгыдай эмне калган?
Канжаны бир толтурууга да жетпейт.
Из куучу эңкейип, сигаранын тартылбай калган түбүн алып, майорго берди.
— Дал ушул жышаана боюнча, — деп сөзүн улантты из куучу, — чабендестердин бир-бирине
кастык кылайын деген ниети жок экенин мына ушундан улам айтып жатам. Бир нече минутадан
кийин бирин-бири мүуздамакчы болгон кишилер тамекини бирге чегишпейт. Сигараларын чегип
бүткөндөн кийин гана чатак болушу мүмкүн. Чатак болгонуна менин эч кандай шегим жок. Бирөө
экинчисин өлтүргөнүнө көзүм жетип турат. Кимди өлтүргөнү да ачык. Шордуу картаң Пойндекстер,
эми баласын тирүүлөй эч качан көрбөйт.
— Мунун баары өтө табышмактуу нерсе, — деди майор.
— Ырас, шайтан баскырдыкы!
— Бирок өлүгү каерде болушу мүмкүн?
— Мына мени баарынан көбүрөөк чаташтырып жаткан нерсе ошо. Эгерде индеецтер өлтүрсө, анда
өлүктүн табылбай калышы мени такыр таң калтырбас эле. Өлүктү алар алып кетиши мүмкүн. Бирок
биерде индеецтердин болгонун көрсөткүдөй эч кандай жышаана жок. Ишенип коюңуз, майор бу эки
чабендестин бири экинчисин мойсоптур. Бирок ал өлүктү эмне кылганы мен үчүн табышмак.
— Өтө таң каларлык иш! — деп жиберди майор. — Эң эле табышмактуу нерсе.
— Балким, бул табышмакты дагы жандырарбыз, — деп сөзүн улантты Спенглер. — Кылмыш болгон
жерден алар кеткенден кийинки изди табыш керек. Балким, бир нерсе билүүгө болор. Мында эми
кыла турган иш жок! А тигиге… эмне деп айтыш керек?
— Мистер Пойндекстергеби?
— Ооба.
— Анын баласы өлтүрүлгөндүгүнө көзүң жетеби?.
— О, жок! Анын баласы өлтүрүлүптүр деп ырастап албайм. Картаң Пойндекстер ушул кылмышка күбө
болгон аттын бирине, Штаттардан келген атка минип ушерге келерине көзүм жетип турат. Издерди
110
1 ПРОЛОГ
салыштырып көрдүм. Эгерде жаш Пойндекстер дал ушул атка минген болсо, анда аны тирүү көрүүдөн
үмүт үзүүгө туура келет го деп корком. Жанындагы жолдошу анын артынан бастырганы мага жакпайт.
— Спенглер, ким өлтүргөнү жөнүндө сенде кандайдыр кадик барбы?
— Такыр жок. Эгерде картаң Обердоферднн айтканы болбосо, мен Морис-мустангер жөнүндө эч
качан андай деп ойлобос элем. Ырас, бул такаланган мустангдын изи экен; бирок бул дал аны
мустангысынын изи экен деп кепил боло албайм, Албетте, андай болушу мүмкүн эмес. Ирландиялык
жигит болор-болбос нерсе үчүн өлтүрө койчу акыл-эссиз кишилерден эмес болучу. Бирок, менимче,
мындай ишти камырабай, ойлонуп иштей турган кишилердин бири.
— Менимче, сенин айтканың туура.
— Эмесе, жаш Пойндекстерди Морис Жеральд өлтүргөн болсо, анда экөөнүн ортосунда адилет күрөш
болуп, плантатордун баласы жеңилип калган болуу керек. Муну мен мына ушундай деп түшүнөм.
Өлүктүн жок болуп кетиши, эки кварт52 кан төгүлүшү — менин башымды мына ушул маң кылып
турат. Изди дагы нарылап кууш керек. Балким из бизди кандайдыр жүйөөлүү корутундуга алып келер.
Менин оюмду чалга айтуу керекпи?
— Жок, айтууга болбойт. Ансыз да чал көп нерсени билет. Мүмкүн, мындай укмушту чындыкты
бара-бара укса, ага жеңилирээк болор. Биз көргөн нерсе жөнүндө ага эчтеме айтпагын. Сен издерди
изүүлдөн бергин, а мен баарысын биерден окчун алып кетүүгө тырышайын.
— Макул, майор, — деди из куучу. — Издин кайсы жерден кайра кетүүгө тийиш экенин божомолдоп
билгенсип турам. Бул ишти аныктоо үчүн мага он минута убакыт бериңиз анан мен сигнал бергенде,
токтолбостон дароо мага келиңиз.
Ушинтип айтып, Спенглер баягы кан бар жерге кайтадан кетти. Аерден ал изди дагы жакшылап карап,
анан каптал жактагы канжыга жолго бурулду.
Шерттешкен убакта анын катуу ышкырганы угулду. Ошол ышкырыкка карап, из куучу бир милядай
четке кеткенин баягы кан бар багыттан бүтүндөн башка жакка бурулганын бөлүүгө болот эле.
Бастыргыла деп майор буйрук берди. Ал картаң Пойндекстер, дагы жергиликтүү ак сөөктөрдөн
бир нече киши менен бирге алдыда баратты. Бирок отряддын башчысы из куучунун табышмактуу
тапканын эч кимисине айткан жок.
ХL глава
БЕЛГИСИ БАР ОК ==============
Экспедиция токойдун арасындагы жол менен эмес, бадалдуу токойду аралап бастырды. Бул жолду
майор окусунан тандаган эмес. Ал баланын атасын курулай кыйнагысы келген жок — антпесе, майор
ойлогондой, баласынын уюп калган канын чал көрбөй койбойт эле.
Отряд жалгыз аяк тар жол менен жүрүп отурду; андай жолдоп атчан эки киши жанаша бастыра албайт,
жалгыз аяк жол кээде кеңип, кээде кайра тарый берди.
Бул бир калыпта жүрүп отуруу кичинекей бир окуя менен алагды кылып жиберди.
Отряд бараткан жердеги кичирээк талаалардын биринен, чытырман бадалдын арасынан ягуар ыргып
чыкты — бул тропик жунглиси үчүн да өзүнүн кооздугу жагынан сейрек учуроочу айбанат. Ягуардын
сарытерисин сайма сайгандай кара чаар кылып, табият укмуштуу шайкеш кооздогон экен. Шамдагай,
күчтүү, килейген чаар мадыл кичинекей ачык жерге лып этип секирип чыкты да, экспедициянын
милдетинин эң эле олуттуулугуна карабастан, чабендестердин көңүлүн өзүнө буруп кетти.
52Кварт — 2,14 литр.
111
1 ПРОЛОГ
Мергенчнлер азгырыкка өтө берилип, алардын экөө токтоно албай, атын жиберди. Алар Кассий
Кольхаун жана аны менен жанаша келаткан жаш плантатор эле ,
Ок таамай тийип, ягуарды оңкосунан салды.
Эки кишинин кимиси атып алган сыймыкка татыктуу болду? Экөө тең Кольхаун да, жаш плантатор
да мен аттым деп талашты.
— Мен сизге далилдейм — деп, капитан атынан түшүп жатып, көзү жеткендей сүйлөдү. Өлгөн
ягуардын жанына келип, ал бычагын алды да, ошерде тургандарга кайрылып мындай деди: — Эгерде
бул ок меники болсо, окто менин — «К. К.» деген инициалым болот. Менин ок- торум атайын заказ
боюнча куюлган, ошондуктан өзүм аткан айбанатты ар дайым ачык ажыратам.,
Алып чыккан огун колуна кармап, Кольхаундун жеңген немедей кейптенгени, анын айтканы чын
экенине күбө болду. Кызыккандар караганы жанына келишти. Чын эле окто капитандын инициалы
жазылган тамга бар экен; ошентип талаш жаш плантаторду иренжитүү менен бүттү.
Андан кийин. көп узабай эле, жолоочулар из куучу турган жерге келишти да, жаңы из менен жөнөп
калышты.
Эми бул такаланган аттардын изи эмес болучу. Из куучу бир гана аттын изин ажыратты; бирок из
анчалык даана көрүнгөн жок, из куучудан башка, эч кимиси кээ жерден изди такыр жакшылап көрө
да алышпады.
Из бадалдуу жерлерден өтүп, кээде кичирээк талаага чыкты да, акырында тегерете айланып, батышты
көздөй бир аз нарыраак, ачык жерге алып барды.
Спенглер ошол изди кууп, ылдам жүрүп отурду. Отряд анын артынан баратты. Бул из — кан уюган
жердеги, достор чегишкен эки сигаранын калдыгы жаткан жердеги теректин жанынан баягы өзү
көргөн мустангдын изи экенин Спенглер билген эле.
Өзү жалгыз калганда, из куучу америкалык аттын изин да изүүлдөдү. Ошол из өздөрү ушерге аралап
кел- ген прерияга, анан Леонадагы сеттльментке канра алып бараарын ал алдан билген эле.
Бирок мустангдын изи көбүрөөк нерсе билгизчүдөй көрүндү да, Спенглер ошол изди куу менен дагы
алек боло баштады. Ал из кандуу табышмакты жандырууга, балким, баш кесер каракчынын чээнине
да алып барышы ыктымал эле.
Теректин түбүндөгү чатышкан издерге караганда, бул из тиги из куучуну кемирээк ойлондурган жок.
Кандайдыр көздөгөн жерин карай бараткан айбанаттардыкындай бул из тике кетиптир.
Из кээде тике барып, кээде тегеренип жүрүп, ийри-муйру болуп кеткен экен. Же мустангдын минген
кишиси жоктой, же аттын үстүндө уктап жүргөндөй көрүндү.
Өлтүрөр замат эле жашырынган кылмышкер чапкылап кеткен аттын изи ушу болушу мүмкүн беле?
Спенглер андай деп ойлогон жок. А түгүл, эмне деп ойлорун билбей да калды. Ал мурдагысынан бетер
сарсанаа болуп убайым тартты. Анысын жашырбай, майорго айтып берди.
Бир аздан соң эле өзү, аны менен кошо экспедициянын бардык мүчөлөрү көргөн нерсе табышмакты
жандыруу үчүн ага жардам бермек тургай, мурдагыдан бетер татаалдаштырып жиберди.
Ал гана эмес, түшүнөбүз деп бекер убара болушкан, мурун ачык эместей болуп көрүнгөн нерсе
күтпөгөн жер- ден үрөйлөрүн учурду. Үрөй учуш үчүн негиз жок деп эч кимиси айта албайт эле.
Үзөңгүсүн кере теминип, колуна тизгинин кармап, камырабай атчан турган кишини, адеп караганда
ар бир эле атчан кишидей, бирок кунт коюбураак карап, кынтыгы жок чабендес экен дейин десең,
112
1 ПРОЛОГ
бир нерсеси жетишпегенде да, башы жетишпеген кишини көрө койсоң, эмне деп ойлоор элең? Эгерде
андай көрүнүш төбө чачыңды тик тургузбаса, албетте, таң каларлык иш болор эле.
Дал ушундай көрүнүш экспедицияга катышкан кишилерге да көрүндү. Аңырайган аң алардын дал
алдынан көрүнө калгансып, баарысы тең аттарын тык токтотту.
Күн эңкейип, батарына аз калган эле; жакшылап көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей, күндүн шооласы көздү
уялтып, тике түшүп турду. Ошондой болсо да, көз алдынан көрүнгөн таң каларлык караан — башы жок
чабендес экенин бардыгы ачык көрүштү.
Эгерде ошердегилердин бирөө башы жок чабендести көрдүм десе, аны шылдың кылып, жинди
болгонсуң го дешер эле. Бирок кырк-элүү киши тең катар көргөн нерсеге шек келтириши мүмкүн
эмес, тескерисинче, кимдир бирөө андай эмес экен десе, ошол кишини жинди болуптурсуң деп
эсептешет эле.
Башы жок чабендес экенин эч ким тайган жок. Баары бир тараптан көз айырбай, чын эле башы жок
кишиби же кандайдыр арбакпы деп түшүнө албай, таң каларлык чабендеске тигиле карап турушту.
Бул эмне болду экен?
Мындай суроо бардыгында тең бир убакта пайда болду. Кала берсе өзү үчүн эч кимиси эч кандай
жооп табалбагандыктан, бардыгы унчугушкан жок. Ким түшүндүрөр экен деген үмүт менен аскерлер
да, граждандар да унчукпай атчан тура беришти.
Жалаң гана таңыркап, үрөйү учуп күңкүлдөгөн добуштар угулду. Бирок эч кимиси жоромолдоп
эчтеме айткан жок. Арбакпы, чынбы, башы жок киши, аны биринчи көрүшкөндө, биздин чабендестер
токтогон наркы өйүздөгү жолдун аягын көздөй жөнөдү. Эгерде ал токтобой жүрүп отурса, тике эле
берки биздин чабендестерге келип бир тиймек; бирок беркилер андай жолугушууга батынып,
туруштук берсе гана ошондой болот эле.
Алар аңырая карап, токтой калган сыяктуу, башы жок чабендес да аңырая карап, кез ирмемге токтой
калды.
Ушунчалык тымтырс боло калды, тим эле сигаралардын кешиги чөпкө кандай түшүп жатканы да
угулуп турду. Дал ошол учурда таң каларлык караанды жакшыраак көрүүгө болот. Бирок антүү үчүн
көбү батынып карай да алган жок. Көбүнүн көзү жакшы көрбөй, коркконунан калчылдап, атчан тура
берди.
Ошол табышмактуу сөлөкөттү Даап караган кишилер да, батып бараткан күндүн нурунан көзү уялып,
даана көрө алган жок.
Алар үстүндө минген кишиси бар, килейген тобурчак атты гана көрүштү. Аттын үстүндөгү кишини
жакшылап көрүү кыйын болду, себеби, ийининен салаңдап төмөн түшүп турган плащ сыяктуу бир
нерсе менен чүмкөнүп алган экен.
.. Эң негизги мүчөсү жок бул кандай киши эле?
Ат минген башы жок киши ээрде кандайдыр чиренип келишимдүү отурду. Апкытындагы шпоралары
жаркылдап, бир колунда тизгин бар, бир колу кадимкидей салаңдап турат.
Бул эмне? Арбакпы? Кантип эле ушул тирүү жан болсун?
Аны көргөндөр арбакка да, ар кандан шумдукка да ишенбеген кишилер эле. Аларды көпчүлүгү
жер жүзүнүн эң ыраакы жерлеринде болуп, табияттын эң каардуу, капилес кереметтерине кезигип,
көрүшүп жүргөн кишилер. Андай кишилер арбакка ишене койбойт.
Ошондой болсо да, табигый эмес кубулушту көргөндө, кала берсе эң акыл-эстүүлөрү да анын чындык
экендигине шек санап, ичинен: «Бул арбак. Албетте, тирүү жан болушу мүмкүн эмес!» деп кайталады.
113
1 ПРОЛОГ
Бирок ой жүгүртүп отурчу убакыт эмес эле. Көздү уялткан күндөн сактанып, алар табышмактуу
чабендести төбө чачы тик туруп карай беришти.
Башы жок кишинин кийиминин түсүн да, атынын өңүн да ажыратууга болбоду. Жарык ушундай
түшүп турганда, өңдү-түстү көз жакшы көрө албайт эмеспи. Анын жалан сөлөкөтү гана көрүнүп турду.
Асмандын алтындай фонунда карарган ошонун кейпи. Кайсы гана тарабынан карабагын, ал баягыдай
эле дайынсыз кубулуш — башы жок чабендес болучу. Бул арбак болуп жүрбөсүн? Тирүү киши мындай
болушу мүмкүн эмес го.
— Бул атка минген ибилис турбайбы! — деп, чек арачылардын демейде эч нерседен тайманбаган,
көптү көргөн бирөө чаңырып жиберди. — Кудай урсун, бул ибилистин дал өзү экен!
Анын кыйкырганынан коркуп кеткенсиген башы жок чабендес атынын башын чукул бура тартты. Ат
азынап, отряддан качкан бойдон жөнөдү.
Башы жок чабендес күндү көздөй бет алып, куду күндүн көзүнө кирип кеткендей, беркилерге
көрүнбөй калганга чейин таскактап жүрүп отурду.
ХLI глава
ТӨРТ ЧАБЕНДЕС =============
Ошол жоболоңдуу күнү эртең менен, Инж фортунан майор баштаган бир топ чабеңдес гана аттанган
жок. Алардан алда канчалык мурда, таң жаңы куланөөк болгондо, ошол эле багытты көздөй — Нуэсес
дарыясын карай-төрт кишиден куралган кичирээк отряд жөнөгөн эле.
Төрт чабендес мексикалыктар болучу. Алардын мексикалык экенин байкоо үчүн дасыгандыктын да,
бөтөнчө көзөмөлдүктүн да кереги жок эле.
Алардын атта жүрүшү, буттарынын күчтүү булчуңдары, ийнинен салаңдап турган чаар ала серапэси,
баркыт шымы, өтүктөрүндөгү шпоралары акырында баштарындагы кара сомбреролору, — мына
ушунун баары алардын мексикалык экенин, же мексикалыктардын салтын кабыл алган кишилер
экенин билгизип турду. Бирок төрт чабендестин мексикалыктар экени талашсыз.
Кара тору өңү, коюу кара чачтары, сопол кара сакалдары, жарашыктуу сүйрү беттери — мына ушунун
баары азыр ацтектердин53 байыркы жерин ээлеп турган испан- мексикалык типтеги кишилер үчүн
мүнөздүү эле.
Башка жолдошторуна караганда, чабендестердин бири чымырыраак экен. Ал эң сулуу атка минип
баратты, кийими да байыраак, куралы да уз иштелген; калгандардын түрүнө караганда да, төртөөнүн
ичиндеги мыкчыгери ошол сыяктанды.
Ал жашы кырктарга келип калгандай көрүндү. Кандайдыр жырткычка окшогон серт көз карашы,
кебетесинин ырайымсыз, орой экендигин билгизип турган шалбыраган бети болбосо, аны сулуу деп
айтышка да болоор эле. Эки катар тизилген, күрүчтөй аппак тиштери бар, көркү келишкен оозунун
күлүмсүрөгөнү да ошондой таасирди жок кыла алган жок, анын күлүңдөгөнү кандайдыр ибилистин
күлүңдөгөнүнө окшоду.
Ал баягы Эль-Койот деген прериянын Бөрүсү. Өзүнүн кулк-мүнөзү, жүргөн-турганы үчүн. ал ушундай
атка конгон болучу.
Өзүнүн жолдошторун баштап, такыр мас болбой эле эртең менен прерияда Эль-Койот кандайча
баратты? Мындан бир нече саат мурун эле анын мас болуп жат- канын көрүшпөдү беле?
53Ацтектер — байыркы индеецтердин эң жогорку маданиятын түзүп келген индеец эли. Алар Мексиканын территориясында
турушкан жана Америка ачылгандан кийин Кортес баштаган испаниялыктар аларды багындырып алып, алардын ак таштан
салынган шаарларын талкалап, китептерин өрттөп, эң сонун борбор шаары Тенохтитландын ташын талкан кылган болучу (XVI
кылымдын башында).
114
1 ПРОЛОГ
Ушундай бир кыйла таң каларлык, капилестен өзгөрүп кеткенин түшүндүрүү анчалык кыйын эмес.
Кетип баратып Кольхаун кепенин каалгасын жаппай кеткендиктен ал таң атканча ачык турду.
Таң атканда Эль-Койот үшүгөнүнөн ойгонду. Үшүгөнүнөн бир аз масы таркап калган. Кроватынан
ыргып туруп, суук киргизген эшик менен суукту каргап-шилеп, кепесинде теңселип, аркы-терки баса
баштады. Эшикти ошо замат жаап коёт экен деп ойлоого болот эле. Бирок ал эшикти жапкан жок.
Ниетин орундатуу үчүн ага жарык керек болучу, дал ошол ниетин орундатуу үчүн турду.
Ачык эшиктен кирген эртең мененки бозомук жарык кепени дагы эле бүт жарык кыла алган
жок. Дайыма виски сакталып турчу чоң бөтөлкөсүн издеп тапкыча мүдүрүлүп, сөгүнүп, Эль-Койот
бардыгын аңтарып чыкты.
— Христиан каны! — деп чаңырды ал көңүлү сууй түшкөнүнөн ызырына бөтөлкөнү чайкап. —
Бир тамчы да калбаптыр! Тилим жөн эле тишиме жабыша калып жатат. Бир чака чокту жутуп
жибергенсип, көмөкөйүм куйкаланып баратат, шайтан баскырдыкы! Мындан ары чыдап туралбайм.
Эмне кылсам? Жарык боло баштады. Жаман шаарга барыш керек. Эрте ойгончу чымчыктарды
кармоо үчүн, балким, сеньор Дуффер тузагын тартып койгондур. Эгерде ошентсе, анда Эль-Койот да
анын тузагына барып түшөт.
Чоң бөтөлкөнүн боосун ийнине асып, серапэсин жамынып, Эль-Койот сеттльментке жөнөдү.
Жыйырма минутадан кийин ал Тавернага барып жетти.
Иши ордунан чыкты; Обердофер өзүнүн демейдеги ордунда турган экен. Ал тавернадан ичкилик
ичкени кароолдон жашырынып келген, өзүнүн түн катар мейман- дары болгон бир нече солдатты
тейлеп жатыптыр.
— О, теңир жалгаган мистер Диаз! — деди кожоюн жаңы мейман менен саламдашып. Карыз ичип
жаткан алты мейманын көзүнө илбей, акчаны накта төлөй турганын билип, жалгыз берки киши үчүн
ошондой кылды. — Сиз да таң ата электе эрте турган экенсиз го? Эмне каалаганыңызды билип турам.
Бөтөлкөңүзгө мексикалыктардын ичкилигин толтуруп алайын деген экенсиз, а.., а… Сиз муну эмне
деп айтчу элеңиз?
— Агвардиенте! 54 Таптыңыз, кавальеро. Дал менин издегеним ошол болучу.
— Бир доллар! Бул бир доллар турат.
— Carramba! Ушунча көп төлөп жүрүп, баарысын кантип билбейин. Мына сизге акчасы, мына сизге
идиш. Тезирээк толтуруп жибериңиз.
— Шашып жатасызбы, мистер Диаз? Сизди көп күттүрбөйм. Жапайы жылкы уулап бармакчы
болгонсуз го? Ирландиялык жигит сизден мурун барып калабы деп чочуйм. Менин үйүмөн ал түндө
кеткен. Ошол мустангер, мистер Морис Жеральд кызык экен! Анын эмне кыларын эч ким эч качан
билбейт. Бирок мен аны жамандагыдай эч нерсе айта албайм. Мен үчүн ал жакшы мейман эле, бай
киши сынары өзүнүн чоң счету боюнча төлөп кутулду, чөнтөктөрү толтура доллар экен.
Обердофердин айтканына мексикалык абдан кызыкты.
Таңыркаганынан, тамшанып жибергени менен шашыла кыймылдаганы анын кызыкканын билгизип
койду.
Бирок ал өзүнүн анткенин байкаткысы келген жок. Обердоферден сураштырып, ошентүү аркылуу
сырын билгизип койбоо үчүн ал көңүл кош кишиче жооп кайтарды:
54Агвардиенте (испанча) — күчтүү шарап.
115
1 ПРОЛОГ
— Анын мага тиешеси жок, кавальеро. Прерияда мустангдан көп эме жок. Баарыбызга жетишет.
Саламат болуңуз, сеньор, алдагы менин агвардиентеми бериңиз.
Бир аз ушак сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербегенине бир аз өкүнгөн немис чоң бөтөлкөнү тез эле
толтуруп жиберди. Дагы сөздү улантпоого тырышып, бөтөлкөнү мексикалыкка сунду да, долларды
алып, өзүнүн кууса кетпес меймандарына кайра келди.
Чаңкап турганына карабастан, Диаз бөтөлкөнү ачпастан, а жөнүндө такыр унутуп калгансып,
аракканадан чыкты. Эми ал ичкиси келгенинен көрө, эңсеген бирдемеси бардай жээлигип турду.
Бир минутасын да текке кетирбей, ал мустангысына миңди да, сеттльменттин четиндеги үч кепеге
токтолду, ошондон кийин гана өзүнүн кепесин көздөй жөнөдү. Кепесинин жанынан Эль-Койот
такалуу аттын изин байкап калды.
«Carramba! Америкалык капитан бүгүн түнү ушерде болгон экен го. Шайтан баскырдыкы! Бир нерсе
бүдөмүк эсимде, бирок түшүмдө көргөндөй болдум эле. Анын биерге эмне үчүн келгенин билип турам.
Дон Морисионун кеткенин ал билген экен. Дагы келип кетер. Ха-ха! Ансыз да бардык ишти бүтүрөбүз.
Мага анын мындан ары көрсөтмөсүнүн кереги жок. Milpesos!55 Кандан бакыт! Акчаны алаар менен
Рио-Грандеге барам. Исидора менен кандай татуулашканымды ошондо көрөбүз».
Эль-Койот өзүнүн кепесинде көп буйдалып турган жок. Ал куурулган эттен шашыла-бушула бир нече
кесим сугунуп, агвардиентеден кериле жутту да, анан эс алып турган атын кармап токуду; килейген
шпорасын тагынып, ээрине кичинекей карабинди байлап, эки тапанчаны куруна кыстарып, атына
ыргып минди да, чапкылаган бойдон жөнөп кетти. Ал прерияга чыгардан мурун сеттльменттин
четине дагы барып, жолдоштору менен жолугушту.
Эль-Койоттун үч үзөңгү жолдошу анын планын билгендей сыяктанды. Кандай болсо да, алар ишти
жүзөгө ашыра турган жай Аламо болорун билишкен. Жана эле бастырышканда, Диаз атынын башын
тескери бурганда, сен башка жолго түшүп кеттиң деп, жолдоштору кыйкырды.
— Аламону жакшы билем, — деди алардын бирөө, өзү да мустангер болуп жүргөн киши. — Мен аерге
уу уулап көп баргам. Аламо биерден түштүк-чыгыш тарапта. Аерге баруучу эн төтө жол тетиги токой
арасындагы жол. Сиз өтө батышты көздөй бурулуп кеттиңиз, дон Мигуэль.
— Ошондойбу? — деп Диаз кекээрдеп жооп кайтарды. — Биздин аттарыбыздын такасы бар экенин
унутуп коюпсуз, сеньор Висенте Барахо. Инж фортунан Аламого индеецтер тике эле бара койбойт,
себеби… Менин эмне демекчи болгонуму түшүнгөн чыгарсыз?
— Туура! — деп жооп кайтарды Барахо. — Carramba! Мен а жөнүндө ойлогон эмес экемин.
Дагы кажылдашып отурбастан эле, Эль-Койоттун үч жолдошу анын артынан бастырды. Токойго
чейин алар үн чыгарбай жүрүп олтурушту.
Бадалдуу чытырман токойдун ичине кирер менен, төртөө тең аттарынан түшүп, жыгачка байлап
коюшту.

#54 07 June 2017 - 07:44
ХLII глава
ЖОРУЛАР УЧУП КЕЛЕ БАШТАШТЫ ==========================
Капкара жорулардын топтошуп, прериянын үстүндө айланып учуп жүргөнү — түштүк Техас үчүн
көнүмүш көрүнүш.
Жүз-жүздөн топтошуп учуп келип, жорулар абада алыстан же чукулдан айланып учуп жүрөт; бирде
алар чөптүн, дарактын башына тийгендей куушурулуп төмөн түшөт, бирде канатын жайып асманга
атырылып чыгат, Асмандын фонунан алардын карайган карааны ачык көрүнүп турат.
55Бир миң монета (испанча).
116
1 ПРОЛОГ
Ушундай көрүнүштү биринчи жолу көргөн жолоочу канаттууларды байкоо үчүн эрксизден атын
токтото коёт. Кала берсе, топтошуп учкан жоруларды нечен жолу көргөн киши да; бул жырткычтар
эмне топтошуп калган? — деп ойлонбой коё албайт, эриксизден токтоп калат. Жорулардын айланып
учуп жүргөнү себепсиз эмес, Алар жемдин жытын билет.
Жемди жолоочу көрөбү-жокпу, бирок жорулар айланып учуп жүргөн жерде жарадар болгон айбанат,
а балким, айбанат эмес өлгөн же өлгөнү жаткан киши бар экенин билбей койбойт.
* * *
Баягы үч чабендес тегиз жерден кесип өткөн күдүктүү түндөн кийин эртең менен токойдун
арасындагы жол илгерилеген жердин үстүндө топтошкон кара жорулардын жабалактап учуп
келип жатканын көрүүгө болот эле. Таң жаңы атканда бир дагы жору көрүнгөн эмес болучу. Бирок
бир саат өтө элек жатып, нечен жүздөгөн жору дал ошол жерге канаттарын кайкалата айланып
калды; алардын карайган көлөкөсү жаркырап көгөргөн токойдун үстүнө түшүп турду.
Жорулар бекеринен айланып жүргөн жок.
Окуучуга белгилүү баягы уюп калган кандан чейрек милядай жердеги токойдо бир киши — өңүндө
өлүм жышаанасы жок, татынакай бир жигит жаткан, . Ал өлүүбү, же тирүүбү?
Алгач көргөн киши аны өлүп калган экен деп ойлошу ыктымал. Денесинин жатканы, өңүнүн
өзгөргөнү анын өлгөндүгүнө эч кандай шек калтырган жок.
Ал колу-буттарын ийкемге келтире албай калгансып, таштак жерде сулк жатат. Жакын жердеги
килейген эмендин көлөкөсү жигитке тийген жок; ак калпагы башын бир аз гана калкалап, токойдун
арасына тие баштаган күндүн шооласы чалкасынан жаткан жигиттин купкуу бетине түшүп турду.
Ал жигит өлгөнбү, жокпу? Жорулардын айланып жүргөнүнө караганда, аны өлүп калган экен деп
ойлоого болот. Бирок бул жолу жырткычтарды сокур сезим алдап койгон экен, чалкасынан жаткан
киши акырын көзүн ачты. Бетине күн тике тийгендиктен болдубу, же бир аз эс алгандан кийин кайра
тириле баштадыбы, жигит көзүн ачып, кыймылдай баштады.
Көп узабай эле ал чыканактап, бир азбашың көтөрдү да, эмне болгонун түшүнбөй, эки жагын карады.
Жорулар асманга атырылып чыкты.
— Өлүүмүнбү же тирүүмүнбү, — деп күбүрөдү жигит, — бу көргөнүм өңүмбү же түшүмбү? Бу эмне?
Кайда жатам?
Күндүн шооласы көзүн уялтып жиберди. Колун серепчилеп караганча, ал эчтеме көрө алган жок,
бирок көргөндө да баары мунарыктап турду.
— Айлана, тегерегимдин баары дарак экен… Астымда таш… Биерге кандайча келип калдым?.. А
эстедим, — деди ал бир минутадай ойлонуп тургандан кийин, — байкоостон даракты сүзүп алдым
беле. Ошондой турбайбы. Башыма тийип, жыга койгон бутак тетиги экен… Сол бутум ооруйт да… Бул
эмне? Чын эле бутум сынып калдыбы?
Жигит турууга аракет кылды, бирок тура алган жок. Ооруган буту ийкемге келбеди, сол тизеси аябай
шишип кеткен экен.
«Атым кайда? Албетте, кетип калган болуу керек. Азыр ал Касадель-Корвонун атканасында болууга
тийиш. Ал жөнүндө кайгыруунун кажаты жок. Жанымда турса Да, баары бир мине албас элем… Ой
тобо, бу эмне деген шумдук! Аттын үркүп кеткени таң каларлык эмес. Эми эмне кылам? Бутум сынган
болуу керек. Бирөө жардам бербесе, биерден карыш жыла албайм. Биерге бирөө келет экен деп үмүт
кылууга болобу? Эх, мына бу шумдук жырткычтар! Мени өлүп калган экен дегенсип, тумшугуң созуп
жатпайбы! .. Биерде жатканыма көп болдубу? Күн анчалык бийик көтөрүлбөптүр, а мен таңга жуук
117
1 ПРОЛОГ
аттандым эле. Сыягы, эсим ооп, бир сааттай жаткан окшойм. Ишим начар. Бутум сынган көрүнөт,
биерде хирург жок… Техастын жунглисинин арасында таш төшөнүп жатам… Айланамдагы чытырман
токой нечен миляга созулат. — Биерден өзүм эптеп кетүү жөнүндө ойлоого да болбойт. А биерге киши
келбейт. Жерде карышкырлар, асманда жорулар… Тизгинимди жыйнабай, бу кандайча бастырдым?! »
Жигиттин өңү түнөрүп кетти. Абалынын коркунучтуу экенин улам көбүрөөк түшүнгөн сайын, анын
өңү түнөргөндөн түнөрө берди.
Ал турууга дагы аракет кылып көрдү; эптеп жатып турду, бирок бир гана буту ийкемге келерин,
экинчи буту басууга жарабай калганын ошо замат биле койду.
Кайра жатууга дагы туура келди.
Ошентип ал кыймылдабай, дагы эки саатча жатты. Жардам кылгыла деп, анын жалбарып
кыйкырганы токойдон анда-санда угулуп турду. Баары бир, эч ким укпасына көзү жеткенче ал
кыйкыра берди.
Кыйкыра бергенинен тамагы кургап, суусаганынан аябай кыйналды.
Бардык кыйналганын, кала берсе бутунун катуу ооруганын да унуткарып, суусаганы улам күчөй
берди.
«Биерде ушинтип жата берсем, суусаганыман өлөм, — деп ойлоду жарадар жигит. — Бардык күчүмдү
жумшап, сууга эптеп жетишим керек. Жаңылбасам, ушу жакын ченде кичинекей суу бар болсо керек.
Тизелеп, колум менен эмгектеп, сууга эптеп жетейин.
Тизем менен эмгектеппи? Бирок бир гана тизем менен эмгектей алам. Баары бир аракет кылыш
керек; биерде канчалык көп жатсам, ошончолук жаман болот. Күн ысый баштады. Мээмди жөн эле
кайнатып баратат. Эсимен танып калсам, ошондо — карышкырлар, жорулар…»
Ушундай коркунучтуу ойдон бүткөн бою дүркүрөй түштү.
Бир нече минутадан кийин жарадар жигит күбүрөп сүйлөй баштады:
— Жолду гана билсем болор эле! Булактын каерде экени эсимде. Бордуу прерияны көздөй, каердендир
түштүк-чыгышты карай агуучу эле, Ушул тарапты көздөй жылып көрөйүн. Дагы бактым бар экен, эми
күндү карап жыла алам. Күчүм жетсе эле болгону!
ушул сөз менен жарадар болгон жигит чытырман токойду аралап жыла баштады. Омурткасы
омкорулган эбегейсиз чоң кескелдирикке окшоп, ал ооруган бутун сүйрөп, таштак жер менен жылып
отурду.
Тыныгып алуу үчүн ал улам-улам токтоп дем алууга аргасыз болду, Ушундай табигый эмес абалда —
тизеси менен колуна сүйөнүп, айрыкча бир тизеси ийкемге келбей калганда, жол тартуу оңой иш
эмес.
Жигит абдан жай жылып отурду. Бирок ошентсе да аябай кыйналды. Жылганынан бөтөнчө
кыйналган дагы бир себеби, жарадар жигит туура багыт менен кетип баратабы, жокпу — билген жок.
Өлүмдөн коркконунан гана аргасыздан жылып отурду.
Жарадар жигит чейрек миляга жакын эмгектеп жылгандан кийин башкача бир амал табууга болбос
бекен деген ой эсине кылт түшө калды.
«Кыйраңдап туруп басууга болбос бекен. Бирок ал үчүн балдак керек… Баса, бычагым бар эмес беле!
Мынакей, ылайыктуу дарак — кодо эмен турат».
118
1 ПРОЛОГ
Жарадар жигит куруна кыстарылган шамшарын алып чыкты да, даракты кыйып алып, балдак
сыяктуу бирдеме жасамыш болду. Ошого сүйөнүп, жигит өйдө турду да, мурдагысындай эле түштүк-
чыгыш багытты бет алып, кыйраңдап баса баштады.
Анын бирден-бир компасы күн болду, бирок күн да так төбөгө жеткен, жылдын ушул маалында чаңкай
түш болгондо түштүк Техастын кеңдиктеринде күн так төбөгө жетет. Чытырман токой аны жолдон
адаштыра берди: ошондуктан токою суюк жерлер менен тандап басууга туура келди. Суунун жыбыт
менен ага турганын билип, ал жердин рельефинен кээ бир жышаана издеди.
Ошентип, бир аз алга барганда дем алуу үчүн улам- улам токтолуп, жигит акырында бир милядай
жол жүрдү. Ошерде ал жырткычтардын изин көрдү. Жырткычтардын изи бүдөмүк көрүнгөнү менен
тике кеткен экен. Ал кандайдыр өзөнгө, көлмөгө же булакка суу ичкени айбанаттар барган жалгыз
аяк жолго окшоду.
Эми күнгө да, дөңсөө менен жыбытка да көңүл бурбай, жарадар жигит жырткычтардын изин кууп
жүрүп отурду. Мезгил-мезгили менен ал өзүнүн алгачкы амалын колдонуп, төрт аяктап жылды;
анткени, балдакка сүйөнүп басуу жанын өтө кыйнады.
Бирок көп узабай эле, кубанган үмүтү үзүлүп, зама
бири да мурунку орундарынан көрүнбөйт. Китептер, сыя челек, калем, кагазды да бир жакка катып
коюшкан Аерге индеецтер келип, кепени тоноп кеткен экен деп оңдоого да болор эле.
Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Андай болсо, Фелим өзүнүн орундугунда камырабай отурмак эмес,
анын үрпөйгөн тармал чачынын бир талы да калмак эмес.
Дубалдагынын баарын алып койгону ырас, — бирок ал буюмдардын эч кайсынысы бир жакка алынып
кеткен эмес. Баары эле кепенин ичинде, бирок башка жерде.
Аркан менен таңылган бир нече таңгак менен бир нече түйүнчөк полдо чачылып жатат, алардын
арасында бир жагдай бар. Сыягы, жакында көчүп кете турган болгондуктан, буюмдарынын баарын
жыйнаштырып койгон окшойт.
Бардык буюмдар ордунан козголгонуна карабастан, вискиси бар чоң бөтөлкө баягы эле бурчтагы
өзүнүн мурунку ордунда турат. Бөлмөдөгү башка буюмдардан көрө, Фелим аны көбүрөөк карайт;
себеби, ал каякка карабасын, жаны чабырадагы азгырмалуу идишке көзү түшүп туруп алат.
— А, жаным, сен биерде белең! — дейт ал, кеминде бөтөлкөгө жыйырма жолу карап. — Сенин
татынакай курсагыңда эки кварттан көбүрөөк бар, а бирок андан сага эмне пайда. Эгерде ошонун
ондон бири менин курсагыма кирсе, кандай сонун болор эле! Ушундай эмеспи, Тара? Сен кандай
дейсиң, картаң дөбөтүм?
Ит өзүнүн атын укканда, башын өйдө көтөрүп, менден калаганың эмне деп сурагансып, эки жагын
карап койду. Малай өзү менен өзү сүйлөшүп жатканын түшүнө коюп, ит кайра оңдонуп жатты.
— Чынын айтканда, досум, мага сенин уруксатыңын эмне кереги бар? Андай кылууга жарабай
турганын өзүм да билем. Бир эле стакан жетер эле. Бирок кожоюнума убада берип койгондон кийин
бир тамчысын ичүүгө да даай албайм. Мына бу буюм-тайымды бүгүн жыйнаштырып жүрүп, абдан
кыйналдым. Тилим жөн эле таңдайыма жабыша калып жатат. Кап, бөтөлкөгө тийбейин деп мистер
Мориске бекер убада берген экемин! Эми мунун кимге кереги бар? Сеттльменттен кайра келгенден
кийин биерде бир эле түнөйм деп өзү айтпады беле. Бир кечте эки квартты кайдан ичип бүтүрсүн?
Жанагы картаң бузуку Стумп бирге келип калбаса эле болгону. Анда чыдап көргүн! Ал оңбогур
мындан да көптү ичет. Өзүбүздүн Баллибаллахка кетет экенбиз, ошонусуна ырахмат. Ох, ошерге
барганда ирландиялыктардын кадимки арагын ичем! Ойлоп гана көрчү, жаның жыргаганынан
жинди болуп кетүүгө да мүмкүн!
119
1 ПРОЛОГ
Баллибаллахта кантип жыргарын көңүлдө териштирип Фелим бир кыйлага чейин унчукпай отурду.
Бирок көп узабай эле анын санаасы тиги азгырган араң турган бурчка алып барды. Ирландиялыктын
көзү эңсеткен ошол жерге суктук менен дагы карады.
Тегеренейин жаным! — деди Фелим бөтөлкөгө кайрылыш — өтө эле татынакайсың. Сени бир жолу
өпсөм, эч кимге билгизбейсиңби? Бир эле жолу өөп коёюн. Өпкөндүн эмнеси жаман? Канчалык
убара болгонуму билсе, кожоюнум деле эчтеке дебейт. Чаңды аябай жуттум! Анын үстүнө кеткени
жатпайбызбы. Жолго чыгарда кантип кылт этпей коюуга болсун? Ансыз жолуң болбойт. Кожоюнга
ошентип айтсам, ачууланбайт. Анын үстүнө, ал бүтүндөй он саат кечикти. Санаам тынчысын деп
кичинекей эле жуттум деп өзүм айтам. Болору болор! Кичинекей эле жыттап коёюн, анан калганын
тагдыр өзү чече жатар… Тара, эч кайда барбайм, жаткын.
Фелимдин эшикти көздөй басканын көрүп, ит ордунан турду. Фелимдин кандай ою бар экенин Тара
түшүнгөн жок. Фелим кожоюн көрүнбөйбү, өзүнүн ниетин жүзөгө ашырууга жолто кылбайбы деп, эки
жакты кароо үчүн гана чыкты.
Жолто болгудай эч нерсе жок экенине көзү жеткенден кийин Фелим жылт этип бурчка барды да,
бөтөлкөнү ачып, эрдине тийгизип туруп, бир ууртамдан көбүрөөк жутуп жиберди.
Бөтөлкөнү ордуна коюп, кайра келип ордуна унчукпай отурду. Анан өзү менен өзү дагы сүйлөшө
баштады.
— Түшүнбөйм, кожоюн мынча эмне узак жок. Эртең мененки саат сегизге чейин кайра келем деди
эле; эгерде Техастын күнү алдабаса, азыр саат алты болуп калды. Калыбы, бирдемеге буйдалып калган
окшойт. Сен кандай дейсиң, Тара?
Туура айтасың дегенсип, Тара бу жолу бышкырып жиберди. Мурдуна күл кирип кеткен эле.
— Ыйык Патрик! Бирдеме болуп кеттиби? Эмне болор экенбиз, Тара? Эх, кайран картаң дөбөтүм! Бир
балаа болсо, Баллибаллахты экөөбүз көпкө чейин көрө албайбыз го. Кожоюндун буюм-тайымдарын
сатып, бир айла таппасак эле!.. Жолго жетет…
Фелим ордунан туруп эшикти көздөй басты.
Жүр, Тара! — деп кыйкырды Фелим. — Жүр картаң
дөбөтүм, кожоюн келатат бекен, жок бекен, барып карайлы. Өзү жөнүндө экөөбүздүн күйгөнүбүздү
көрсө, мистер Морис да ыраазы болор.
Тараны ээрчитип, Фелим Аламонун тик кашатын көздөй басты. Адегенде эңиш менен жүрүп отуруп,
чытырман бадалды аралап, экөө айдөш жерге келди да, өйдө чыга башташты. Бир аздан кийин эле
жарташтын жонуна чыгышты.
Алардын бет алдында тегиз мейкин бар.
Күн горизонтту көздөй эңкейгени менен, чайыттай ачык асмандан дагы эле жарыгын төгүп турду.
Тептегиз талаанын ар кайсы жеринен кактус же жалгыз өскөн юкка жыгачы сороюп көрүнүп турду.
Талаанын бир калыптуулугун мындан башка эч нерсе бузган да, ырааккы жерди эч нерсе тоскон да
жок. Прериядан койот жүгүрүп өтсө, аны оңой эле көрүүгө боло тургандай сыяктанды. Бадалдуу
чытырман токой өскөн кара тилке эң ыраактан көрүнүп турду.
Кожоюнуму ошо жактан көрөм го деп үмүт кылган жакты Фелим унчукпай карап турду.
Ага көп күтүүгө туура келген жок. Горизонттогу жыгачтардын ары жагынан атчан киши көрүндү.
Ал тике Аламону көздөй келатты. Атчан киши бир милядан алысыраак болгону менен, кыйбас
малайы кожоюнун тааный койду. Индеецтердин навахо деген уруусу токуган күлгүн түстүү, ала-була
120
1 ПРОЛОГ
серапэден улам кожоюнун тааныбай коюуга болбойт эле. Кызыл, ак, көк боёктор менен кубулжута
боёлгон серапэ прериянын түнөргөн фонунан даана көрүндү. Жолоочулап чыкканда Морис ошол
серапэсин ар дайым ала кете турган.
Эмне үчүн кожоюну ушундай үп болуп турган кечте серапэснн кийип алганын көрүп, Фелим таң
калды. Анысын кийбей, бүктөп туруп канжагасына байлап алса, түзүгүрөөк болмок!
— Тара, дөбөтүм! Тигине кожоюнубуз да келатат! Бирок ысыган ташка эт кууруса да боло тургандай
ушул ысыкты ал такыр сезбейт окшойт. Обердофердин жанагы кепесинде жатып, суук тийгизип
алдыбы? Анын кепесинде турууга чочко да макул болбос эле. Анын күпкөсүнө салыштырганда
биздин кепебиз жөн эле салон.
Фелим унчукпай, бир кыйлага чейин атчан кишини баамдап карап турду. Атчан киши жарым
милядай жерге келип, улам жакындай берди.
— Кудуретиңен айланайын кудай! — деп Фелим үрөйү, учкан эмече бакырып жиберди, — Бул эмне
кылганы? Серапэни башына чулгап алыптыр. Жок, мунусу тамаша кылганы болсо керек, Тара.
Экөөбүздү таң калтыргысы келген окшойт. Бизди шылдыңдагын деген экен… Ыйык Патрик! Шумдук!
Башы жок көрүнөт го! Ырас эле жок экен! Бул эмне деген кеп? Кудуретинен айланайын кудай!
Кожоюн экенин билбесек, өлгүдөй коркууга болот го… Деги бу кожоюнубузбу? Биздин кожоюндун
бою узунураак болсо керек эле. А башычы? Ыйык Патрик, өзүң сактай көр, башы кайда? Кантип эле
башы серапэнин астында болсун? Андай окшобойт. Бу эмне деген кеп, Тара?
Ит бир аз Фелимдин алды жагында турган. Жүз элүү кадамдай жерге келип калган кожоюнуна көзүн
бакырайтып, ит тигиле карап калды.
Фелим өзүнүн узун тирадасын бүтүргөн акыркы суроосун сураганда, Тара жооп кайтаргансып улуп
жиберди.
Анан ит ордунан жулунуп, атчан кишини көздөй жүгүрдү. Чымын-куюн болуп жүгүрүп, ит
кандайдыр кулак тундуруп каңшылай берди; мустангер үйүнө кайра келатканда, салам бергенсип,
иттин демейдеги угумдуу үргөнүнө анын бул каңшылаганы такыр окшогон жок.
Кожоюнунун аты экенин Фелим алыстан эле тааныган, тору шарт бурулуп, талааны көздөй кайра
чапкан бойдон кетти.
Чабендестен көзүн албай, Фелим күтпөгөн жерден калчылдап кетти да, каны жүрбөй тамырына
токтоп калгансыды. Ат кайра бурулганда, аттын үстүндөгү кишинин башын ал көрүп калды — же
ага ошондой болуп көрүнгөнсүдү; бирок башы ийнинде эмес, чабендестин колунда, ээрдин алдыңкы
кашында экенин Фелимдин көзү чалып калды.
Ат аны көздөй каптал жагы менен бурулганда, Фелим өлүк кишинин булганып, кан катып калган
шумдуктуу бетин көрө койду, же ага ошондой болуп көрүнгөнсүдү.
Фелим андан башка эч нерсе көргөн жок. Бирпастын ичинде Фелим түз талааны көздөй жол тартып,
тескери бурулду, анан дагы бир секундадан кийин чалыштаган буту ийкемге келишинче эңишти
көздөй таманы жерге тийбей тызылдап жүгүрдү,
ХLIV глава
ТӨРТ КОМАНЧА ============
Фелим токтобой, кылчайып карабай жүгүрүп отурду, Анын түйдөктөшкөн куйкул сары чачы
андаалап, абада желбиреп баратты.
Кепесине жүгүрүп кирер менен, ал мустангдын териси капталган каалганы шарт жаап, жерде жаткан
таңгактар, түйүнчөктөр менен баррикададай кылып тосуп койду.
121
1 ПРОЛОГ
Бирок ал коркунучтан кутулдум деп сезген жок. Тосуп койсо да, жанагы өзү көргөндөй эмеге каалга
туруштук бере алмак беле.
А жанагы өзү көргөн эме, албетте, бу дүйнөдө жок шумдук. Жер жүзүндө андай шумдук эч качан
болгон эмес! Андай укмушту качан болсо да кимдир-бирөө көрдү бекен: өз башын колуна кармап,
атчан келаткан кишини ким көрдү экен?.. Мындай кубулуш жөнүндө качандыр бирөө укту бекен?
Албетте, уккан эмес; башка бирөө укса да, Фелим О’Нил уккан эмес.
Жүрөгү түшүп калган малай кепеде алдастап ары-бери басып, орундукка отуруп, кайра туруп,
каалганы ачууга да, а түгүл жылчыктан шыкаалап кароого да даабай улам каалганын жанына келип,
кайра кетип турду. Уктап жатамбы, жанагы адамдын кутун учурган караанды чын эле көрдүмбү,
жокпу деп ынанууга тырышып, ал кээде чачын жулуп, эки жаагын колу менен кысып, көзүн укалай
берди.
Көпкө чейин сүйлөөгө чамасы келген жок, анда-санда гана оозунан кандайдыр түшүнүксүз дабыш
чыгып кетип турду.
Коркунуч өтүп кеткенине кандайдыр ишенгендигинен эмес, жөн эле ушу болгон окуяны билүү
зарыл экендигин сезгендигинен гана, бир аздан кийин тили күрмөөгө келди. Аңгыча болбой, куду
тегирмендин чанагынан чубургансып, үстү-үстүнө суроо берип, кыңкыстай берди. Бу жолу ал жалаң
гана өзүнө кайрылды. Тара үйдө жок эле; ошондуктан ал сөзгө катышкан жок.
Кепенин дубалынын сыртынан бирөө тыңшап турбагай эле деп коркконсуп, Фелим шыбырап сүйлөдү.
— Өх! Өх! — деп үшкүрө берди ал. — Бу кожоюнум болуп жүрбөсүн? Андай болушу мүмкүн эмес! Ыйык
Патрик, өзүң сактай көр! Муну кантип билүүгө болот? Бүткүл кебетеси куду эле кожоюндукундай
экен. Аты да, чаар ала серапэсн да, ягуардын терисинен ултарылган өтүгү да, башы да куду эле
өзүнүкүндөй. Бети гана аныкына окшобойт. Бетине мен да карадым. Бирок бети бүт канга боёлгон
кишини кантип таанууга болот? Өх! Бул мистер Морис болушу мүмкүн эмес! Эч качан! Эч качан…
Бул өңүм эмес, түшүм окшойт. Кудай урсун. Уктап жатып, ушундай түш көргөн экемин. А балким,
айыптын баары жанагы вискидедир! Көзүмө мындай нерсе көрүнгөндөй анчалык деле мас эмес
элем го. Жанагы көргөнүмөн бери жарым саат өтө элек. Бирок милдетин орундатып жаткандагы
соттон бетер сопсоомун. Баса, бир тамчы шарап азыр мага пайдалуу болор, Антпесем, ойлоно берип,
түнү бою кирпик какпайм. Өх! Өх! Бу эмне деген азезил? Эгерде бул кожоюн болбосо, ал кайда
жүрөт? Ыйык Патрик! Шордуу күнөөкөрдү өзүн сактай көр; айланамдын баары эле пери-жин менен
арбактар!
Католиктердин ыйык олуясына ушинтип кайрылгандан кийин байыркы замандан бери Вакх56 деп
белгилүү болуп келген башка бир кудайга ирландиялык абдан кадырлап жатып кайрылды. Бул
акыркы кудай анын жалынып жалбарганын угуп, боору ооруду.
Мононгахель вискиси бар бөтөлкө образындагы бутпарас кудайынын алдына Фелим чөк түшүп отура
калгамдан кийин бир саат өтө элек жатып, ал күнөөсүнөн кутулбаса да, бардык азап чеккенинен
кутула калды. Азыр эле жүрөгүн түшүргөн арбак жөнүндө унутканы мындай турсун, өзүнүн тирүү
экенин да унутуп, ал кепенин ортосунда туурасынан жатты.
* * *
Түн кирди. Морис-мустангердин кепесинен шырп эткен дабыш угулган жок.
Кепенин сыртынан гана анча-мынча дабыш угулат, Ал көнүмүш токондун түнкү добушу, булак
шылдырап агып, шамал козгогон жалбырактар шыбырашкансып, чегиртке чырылдап жатты. Анда-
санда кандайдыр жырткыч айбандын үнү угулат.
56Вакх — грек мифинде шарап ичишкен таң-тамашанын кудайы.
122
1 ПРОЛОГ
Ай жарык тийип турат. Анын күмүштөй жалтыраган жарыгы жерге түшүп, чытырман токойдун
ичине кирип, жыгачтардын карарган көлөкөсүнүн арасына тилкедей шооласын чачат.
Жарык жерден көлөкөнү артыгыраак көрүп, чабендестер жылып келатышты. Алар көп эмес
— төрт эле киши. Бирок аларды карасаң, үрөйүң учат. Кызыл-тазыл кылып денесин боёп,
жылаңачтанып алышкан, беттерине татировка жасашып, төбөсүнө кыпкызыл үкү тагышкан,
колдорунда жаркылдаган курал бар — ушунун баары коркунучтуу, одоно күч экенин далилдейт.
Алар команчалардын аскердик киймин кийип алган. Анткендери боёнгонунан, баш кийимине үкү
тагынганынан, колдору менен төшүн жылаңачтап алганынан, бугунун терисинен шым кийгенинен
көрүнүп турат.
Алар кайдан келди?
Эгерде алар команча болсо, батыштан келген болуу керек.
Алар каякка баратышат?
Бул суроого жооп берүү кыйын эмес.
Жашаган кишилеринин бири эс-учун билбей кепени көздөй келаткан чабендестердин бири.
Морис Жеральддын кепесине жакындап калганда, алар аттарынан түшүп, жыгачка байлашты да,
андан бери жөө басышты. Күбүлгөн жалбырактарды тепсеп, дабышын чыгарбай, алар уурданып
келатышат. Көлөкө менен жүрүүгө тырышышат. Эки жагын үңүлө карап, кулагын түрүп, улам-улам
токтой калышат. Алардын башчысы үн чыгарбай жаңдап команда берет.
Кепенин ичинде тымтырс. Аерден шырп эткен бир да дабыш угулбайт.
Төрт команча эшиктин алдына уурданып басып келди. Каалга жабык, бирок эки жагында жылчык
бар. Ошол жылчыкка төрт жапайы киши кулагын тосуп, демин чыгарбай, тыңшап калышты.
Коңурук тарткан добуш да, атүгүл бирөөнүн дем алганы да, деги эч кандай добуш угулбайт.
— Балким, — деп алардын башчысы испанча шыбырап сүйлөй баштады, — сыягы ал үйүнө келе элек
болсо керек. Бирок небак келе турган убактысы болду. Мүмкүн, дагы бир жакка кетип калдыбы?
Эсимде, үйдүн нары жагында жылкыларды киргизчү бастырма болууга тийиш. Эгер мустангер үйүндө
болсо, анын мустангысын биз ошерден табабыз. Силер, досторум, мен барып келгиче ушерде тура
тургула.
Баягы эле эшиктин алдында турган жолдошторуна алардын башчысы бир нече минутадан кийин
кайра келди.
— Дагы жолубуз болбоду! — деп жиберди ал үнүн катуураак чыгарып. — Ал биерде жок экен, акыркы
күндөрдө болбоптур да.
— Кепеге кирип, аныгын билиш керек, — деди жоокерлердин бири испанча сүйлөп, сүйлөгөндө да
бир кыйла так сүйлөп. — Прерияда ирландиялык өзүнүн үй-жайын кандай жайгаштырганын көрүп
чыксак жаман болбос дейм?
— Албетте, эмнеге жаман болмок эле, — деп үчүнчүсү да испанча жооп кайтарды. — Жүргүлө,
кладоваясын да карап көрөлү. Курсагым ушунчалык ачты, жөн эле чийки этти да жеп жибергим
келип турат.
— Кудай урсун! — деп акыркы, төртүнчүсү да ошондой эле кыйылышкан тилде сүйлөп кетти. — Анын
өзүнүн жертөлөсү бар деп уктум эле. Эгерде чын болсо…
Башчысы ага сөзүн бүтүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жертөлө жөнүндө айтканы сыйкырдагандай
таасир кылды. А ошол замат ишке киришти. Каалганы ал буту менен тепти эле, ачылган жок.
123
1 ПРОЛОГ
— Carramba! Каалганы ичинен жаап коюптур. Сыягы жолборс да, арстан да, аюу да, бизон да, а түгүл
индеецтер да кирбесин дешкен окшойт. Ха-ха-ха!
Каалганы ал буту менен керилип туруп дагы бир тепти, бирок каалга ачылган жок.
— Кандайдыр бир оор эме менен тосуп коюшуптур, түртүп ача албайсың. Макул, кандай экенин азыр
көрөбүз.
Бычак менен кирише башташты. Жеңил рамага мустангдын керилген терисин тешип жиберишти.
Ошол тешиктен индеец колун сунуп, эмне менен тосконун билүү үчүн кармалап көрдү.
Таңгак менен түйүнчөктөрдү тез эле ордунан жылдырып, каалганы аңырайта ачып жиберишти.
Мыкаачылар кирип барды. Ачылган эшиктен айдын жарыгы кепени жарык кылып жиберди.
Кепенин ортосунда кулачын жайып, бир киши жат- кан экен.
— Сarajo!
— Уктап жатабы?
— Өлүп калса керек, болбосо биздин дабышыбызды угат эле.
— Жок, — деди алардын башчысы жерде жаткан кишини карап көрүп, — бирок өлгөндөй мас экен.
Бул мустангердин жигити. Мен муну менен жолугушуп жүргөм. Үйдө кожоюндун жок экени, көптөн
бери болбогону көрүнүп турбайбы. Бул доңуз бүт ичип койгон эместир! А-а, бөтөлкө! Жыты жыпардан
бетер аңкып турбайбы. Биздин үлүшүбүз деле калган экен. Ушунусуна да ыракмат.
Мононгахель вискисинин калганын бир нече секундада жутуп жиберишти. Ар кимисине бир
жутумдан жетти, а башчысына көбүрөөк тийди.
Үйдүн кожоюну эртедир-кечтир келүүгө тийиш. Меймандар аны менен сөзсүз көрүшкүсү келет,
болбосо түн ортосунда алар биерге эмне үчүн келмек эле.
Морис-мустангерден бул төрт индеецке эмне керек?
Булар аны өлтүргөнү келиштиби?
Команчаларча маска кийип, жашырынып келген кишилердин ким экени окуучулар үчүн ачык чыгар.
Биздин команчалар жөн эле мексикалыктар. Алардын жол башчысы Мигуэль Диаз — мустангер.
— Аңдып, аны күтүп туруш керек, — деди Эль-Койот. — Эми ал жакында келүүгө тийиш. Барахо,
жарташка барып, тегиз жерден анын качан көрүнөөрүн акмалап туруңуз. Башкалар мени менен
биерде калышсын. Ал Леона тараптан келет. Биз аны чоң кипаристин алдынан, колоттон
жолуктурабыз. Абдан ыңгайлуу жер.
— Мына муну өлтүрүп салсак, жакшы болот го дейм? — деди канкор Барахо Фелимди көрсөтүп.
— Өлгөндөн өлмөк бар! — деп кыянатчылардын дагы бирөө кошула кетти.
— Тескерисинче, кармап алышса, өлгөн киши айгак болот, — деп каршы чыкты Диаз. — Муну
өлтүргөндөн эмне пайда чыкмак эле. Бул эч кимге жолто кылбайт. Бу куйкул сары шайтанды
жайына койгула. Мен мунун кожоюнун өлтүрөм деп гана убадалашкам. Кана, Барахо, жарташка
жөнөңүз. Дон Морисио ар минутада келип калышы мүмкүн. Кынтыксыз иштөө керек. Мүмкүн,
экинчи жолу бизге мындай ыңгайлуу учур туш келбес. Аны жарташтын чокусунан акмалап туруңуз.
Ай ушундай жарык тийип турганда, аны алыстан эле көрөсүз. Көрөр замат жүгүрүп келип, бизге
кабар бериңиз. Кашаңдык кылбаңыз, кипариске биз жүгүрүп жеткидей бололу.
124
1 ПРОЛОГ
Барахо буйрукка моюн сунбай маалкатып калды. Өткөн түнү анын жолу болбой калган, кумар ойноп
Эль-Койотко көп уттуруп жиберген болучу, эми ошонусун кайра жандыргысы келди. Жолдошторунун
эмнени эрмек кыларын ал жакшы билип турду.
— Ылдамыраак, сеньор Внсенте! — деп, Диаз тигинин манчыркап, кепеден кеткиси келбей турганын
көрүп, команда берди. — Эгерде биз бул ишти жүзөгө ашыра албасак, сиз кумардан утуп аларыңыздан
да көбүрөөк уткузуп жибересиз. Жөнөңүз, досум, — деп, Эль-Койот кайраттандырып сүйлөдү. — Эгерде
ал бир сааттын ичинде келбесе, сиздин ордуңузга башка бирөө барат. Жөнөңүз!
Барахо моюн сунду.
Кепеден чыгып, ал жарташты көздөй жөнөдү. Калгандары кепеге жайланышып отурду.
Алардын алдындагы столго тамак келбей, испаниялыктардын картасы келди.
— Деги испаниялык шылуундардын ар кимисинин чөнтөгүнөн эч качан карта түшпөйт.
Кумарга берилип, убактынын кандай өткөнүн байкабай калышты. Бир сааттай убакыт өттү. Күмүш
долларлар кепенин столуна шаңгырап түшүп жатты. Карта акырын шуудурап тартыла берди.
Аңгыча болбой, шарт эткен добуш алардын оюнун бузуп кетти.
Бул добуш уйкудан көзүн ачкан мас кишинин кыйкырыгы эле. Өзү менен бирге кепенин ичинде
отурган укмуштуу кишилерди ал эми гана көрдү.
Оюнчулар столдон ыргып туруп, үчөө тең канжарын сууруп чыкты. Фелимдин ажалы жеткендей
көрүндү.
Бирок Барахонун капилестен келип калганы ирландиялыктын жанын сактап калды.
— Келатат! Жарташка жакындап калды! Тезирээк, досторум, ылдамыраак! — деп, Барахо шашыла
күбүрөдү.
Эгерде зарыл болсо да, Фелимди өлтүрүүгө убакты болгон жок. Жашырынган кишилер бир нече
секунданын ичинде жарташтын этегине жетти. Алар чоң кипаристин түбүнө бугуп, курбандыкка
чала турган кишисин күтүп турушту.
Бир аздан кийин эле аттын дүбүртү угулду. Аттын такасынын такылдаганы угулду. Ат тегиз эмес жер
менен катуу келаткан сыяктанып, дабыш бир калыпта чыккан жок. Атчан киши жантайма жер менен
төмөн түшүп келаткандай өңдөндү. Бирок кишинин өзү али көрүнгөн жок. Ойдогу өрөөн сыңары эле,
жантайма жерге да кипаристин көлөкөсү тийип турган эле. Айдын жарыгы кууш тилке жерге гана
түшүп турду.
— Өлтүрбөгүлө, — деп күбүрөдү Мигуэль Диаз буйрук берген эмече. — Азыр али эрте. Бир саат, эки саат
тирүү тура турсун. Ошентиш керек. Ирландиялыкты аты менен кошо кармагыла. Эгерде каршылык
көрсөтө турган болсо, ошол замат өлтүрөбүз. Шерт эсиңерде болсун — биринчи өзүм атам.
Эч ким каршы чыккан жок. Кара санатайлар өздөрүнүн жетекчисине моюн суналы деп убада
беришти.
Көп күтүүгө туура келген жок. Алар күткөн киши жантаймадан ылдый түшө баштады: мына эми ал
кипаристин көлөкөсүнө да кирип калды.
— Abajo los armos! A tierra!57 — деп кыйкырды Эль-Койот, жакындап келип калган
атчан кишини көздөй жүгүрүп, Эль-Койот атты тизгинден алды да, берки үчөө атчан кишини көздөй
жулунду.
57Куралыңы ташта! Аттан түш! (испанча).
125
1 ПРОЛОГ
Атчан киши эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Ал жулунган да, курал менен коргонгон да, бир
ооз сөз айтып, каяша кылган да жок. Ал аттын үстүндө отура берди — анын анткенин беркилер өз
көзү менен көрүп, өз колдору менен кармалап көрүштү; бирок а киши кандайдыр жансыз эмедей
көрүндү. Ат гана туйлады. Кош аяктап тура калып, артын көздөй жалт берди да, өзүнө кол салган
кара санатайларды сүйрөп жөнөдү.
Кол салган кара санатайлар ап тийген жерге чыкты.
Мексикалыктар жүрөгү түшкөн эмедей өкүрүп, кайра качты, аттары байланган жерди көздөй
шыйрагы үзүлгөнчө жүгүрүп, аттарына ыргып, минип, качып жөнөштү. Алар көргөн эмеге алардан
жүрөктүүрөөк кишилер да үрөйү учуп, таң калат эле: алар башы жок чабендести көрдү.
ХLV глава
БОЖОМОЛДОП ИЗДӨӨ ================
Майор баштап издеп чыккан отряд чабендеске жолуккан башка кишилерден башы жок чабендести
бир кыйла мурда көрдү.
Күн тике тийип көздөрүн уялтып турду. Алар чабендестин сөлөкөтүн гана ажыратышты, башка
эч нерсе көргөн жок. Сеттльменттен келген чабендестер Морис-мустангерге окшогон эч нерсе
байкашпады.
Фелим батып бараткан күнгө жонун салып, чабендеске карап турду. Ага чабендес өзүнүн кожоюнуна
окшоп кетти.
Морис-мустангерди билген төрт мексикалык киши чабендести айдын жарыгында көрүп, ошондой эле
корутундуга келишти. Фелим да, мексикалык төрт киши да жүрөгү түшүп, аябай корккон болучу.
Майордун экспедициясына катышкандар табышмактуу ошол фигураны көргөндө үрөйү учуп, бу
укмуштуу кубулуштун эмне экенин кандай деп түшүндүрүүгө сөз таба алышкан жок.
— Бул эмне? Силер кандай деп ойлойсуңар, жентльмендер? — деп сурады майор башы жок чабендес
көрүнбөй калганда, өзүнүн жолдошторуна кайрылып. — Чынымы айтсам, эмне кыларымды билбей,
бүтүндөй калтаарып калдым,
— Индеецтердин жоругубу? — деп кимдир бирөө божомолдоду. — Бизди буктурмага алып кирүү үчүн
ойлоп тапкан амалдары го?
— Менимче, амалдары жаман, — деди дагы бирөө. Кандай болсо да мени мындай амал менен тузакка
түшүрө албайсың.
— Менимче, бул ишке индеецтердин эч кандай тиешеси жок, — деп жооп кайтарды майор. — Бул
жөнүндө сен кандай дейсиң, Спенглер?
Из куучу башын чайкап гана тим болду.
— Бул кийимин өзгөртүп, жасанып алган индеец эмеспи? — деп майор ага дагы кайрылды.
— Мен сизден көн билбейм, — деп жооп кайтарды из куучу. — Ошол өңдүү бирдеме болушу ыктымал.
Бу же киши, же каракчы.
— Албетте, — каракчы — деп, ушундай жоромолду улап, көңүлү бир аз тынчыган бир нече киши
жабыла сүйлөдү.
— Ким болбосун, — кишиби, желмогузбу же каракчыбы — деп, өзүнүн жүйөлүү пикирин айтып
отряддын бир мүчөсү дагы сүйлөдү, — эгерде ал бир нерсе болсо, анын изин куубай, кайда кеткенин
билбей коюуга мен эч кандай негизди көрө албай турам.
126
1 ПРОЛОГ
— Эгерде изи калса, — деп Спенглер жооп кайтарды, — анда биз көп узабай эле табабыз. Биз бара турган
жолдун багыты да ошол жакта. Бастырууга мүмкүнбү, майор?
— Ооба, албетте. Мындай болор-болбос нерсе милдетибизди орундоодон бизди алагды кылбоо керек.
Алга!
Кээ бирөөлөрү олку-солку болсо да, чабендестер дагы алга жүрдү. Эгерде өз оюна койсо, отрядда
ошо замат эле кайра кете турган кишилер да бар эле. Ошондой кишилердин бири Кольхаун болучу.
Башкалардан көрө анын куту көбүрөөк учту. Башы жок чабендести көргөндө анын эки көзү алайып,
эрди кубарып, астыңкы ээги шалпая түштү.
Эгерде баары дүрбөлөң түшпөсө, анын бузулуп кеткен өңүнө кунт коюшат эле. Укмуштуу арбак
көрүнбөй калганга чейин куду сыйкырлап койгон эмече баары бир жерге тиктеп, көздөрүн айрыган
жок. Отряд алга жөнөгөндө, айланамдагылар байкап калбагай эле дегенсип, капитан баарынан артта
келатты.
Спенглердин айтканы чын эле табышмактуу чабендес бир аз токтоло калган жерде, дал отряд өтө
турган жол бар экен.
Бирок өзүнүн чындык эмес экендигин далилдегенсип, башы жок чабендес эч кандай из калтырбаптыр,
Бирок андай болгону табигый иш. Дал чабендес бузулган жерден «бордуу прерия» баштала турган. Ал
жерден бети бүт аппак шагыл. Кай бир жердеги шагыл ордунан жылып, аттын такасы сүрүп кеткен
таштарды гана табууга болот. Бирок ошондой такты ажыратып билүү да 0ной эмес, андай такты из
куучунун курч көзү гана көрө алат. Бирок ошол чала-була көрүнгөн из шагылдын арасынан такыр
жок болуп кетти.
Күн батканда Спенглер мындан ары издебейм деп баш тартты. Токойго кайра келип, бадалдын
арасына түнөө үчүн жайланышуу гана калды.
Таңга жуук кайра издейли деп бүтүм кылышты.
Бирок ал ойлору да ордунан чыккан жок — күтүлбөгөн бир кырдаал жолтоо кылды.
Отряд лагерге жайланышууга үлгүргөнчө чабарман майорго шашылып кабар алып келди. Бул
кагаз Сан-Антанио де Бексардагы штабдагы округдун командир менен келген экен. Кагазды фортко
жиберишип, аерден биерге алып келишиптир.
Депешада Леонадан элүү миля жердеги Сан-Антанно районунда команчалар чабуул койгону жөнүндө
кабар жазылыптыр. Жортуулга беленденүү үчүн дароо фортко баргыла, деп майор драгундарга буйрук
берди. Ал өзү да фортко ашыга жөнөп кетти.
Албетте, аерде калган граждан кишилер да издөөнү уланта алышат эле, бирок экспедицияга алардын
көбү курал гана алып, эч кандай тамак албастан чыгышкан болучу. Курсактары абдан ачты.
Баштаган иштен эч кимиси баш тарткысы келген жок. Аттарын алмаштырып, тамак-ашты көбүрөөк
алуу гана керек болучу, ошондой болгондо гана кайрадан дагы издөөгө мүмкүн эле.
Америкалык аттын изин куу милдетин Спенглер жетекчилик кылган бир нече киши мойнуна алды.
Калгандары драгундар менен бирге фортко кетишти.
Пойндекстер жана анын достору менен коштошуудан мурда Спенглер тапкан кайгылуу кабар
жөнүндө айтууну майор милдетим го деп эсептеди. Издөөгө өзү эми катыша албай калгандыктан;
уюп калган кан жөнүндө да айтууга туура келди.
Өзү жакшы керген ирландиялык жигит жөнүндө шеги бар экенин майор кейип-кепчип сүйлөп берди.
Морис-мустангердин айыптуу экенине өзү ишенбесе да, тагыраак айтканда, андай иш чындыкка
127
1 ПРОЛОГ
окшобойт деп эсептесе да, Мориске каршы олуттуу далил бар экенин мойнуна албай кое алган жок.
Плантатор менен башкалар үчүн мустангердин айынтуу экендигинде эч кандай шек болгон жок.
Эми, бул ишке индеецтердин кийлигишпегени ачык болгондо, Морис Жеральд өлтүргөн экен деп
жарыя айтышты.
Обердофердин айтканы кайгылуу окуянын башталышын гана көрсөттү. Генри Пойндекстердин кан
чачырап булганган аты, ээри окуянын күйүттүү бүткөнү жөнүндө баяндап турду. Бул кандуу иштин
ортосундагы стадияларын жарым-жартылайы Спенглердин сөзүнүн негизинде, жарым-жартылайы
жаңы алынган кабарлардын негизинде тез эле ойлоп табыша койду.
Бирок эч кимиси: мындай кылмышка адамды эмне түртүшү мүмкүн? — деген суроону беришкен
жок. Иши кылып, бул жөнүндө эч ким жакшылап ойлонбоду, Кольхаун менен болгон чатак негизги
себептей көрүндү. Кольхаун менен касташканы үчүн Морис бүткүл Пойндекстерлердин үй-бүлөсүнөн
өч алмак болгон экен деп божомолдошту.
Ушундай ойго келип, Пойндекстер жолдоштору менен коштошту. Эртең таң ата кайра издемек
болушту. Эки изди тең акырына чейин изүүлдөп, дарексиз болуп кеткен эки кишини өлүү болсо да,
тирүү болсо да табыш керек.
* * *
Спенглер баштаган топ майор көрсөткөн жерге, ачык талаага жайланды.
Бардыгы болуп алар он чакты киши. Эми алардан күчтүүрөөк отряддын зарылдыгы да болгон жок.
Команчалардын чабуулун эми бул райондон күтүшкөн жок. Корккудай башка себеп да жоктой
өңдөндү.
Жатып уктоо ордуна баары алоолоп күйгөн оттун тегерегине жабыла отурушту. Тамак да, ичкилик да
мол болучу, — фортко кайра кеткен кишилер өздөрүнүн тамак- ашын аларга бүт калтырып кеткен.
Бирок оттук чатырап, жарык жанганына, спирттүү ичкиликтин молдугуна карабастан, баарынын
ындыны өчүп турду. Башы кесилген табышмактуу чабендес дагы эле алардын көз алдынан кетпеди,
үрөй учурган сезимдин тез тарашы мүмкүн эмес. Бу эч кимге түшүнүксүз кубулушту кандай деп
айтарын мурдагыдай эле эч кимиси билбеди. Куду Кольхаун үчүн анык эмес болгондой, бул кубулуш
Спенглер үчүн да ачык болгон жок.
Кольхаун баарынан көбүрөөк бушайман болгон өңдөндү. Ал кабагын бүркөп, оттон окчунураак
жердеги жыгачтардын көлөкөсүндө отурду. Драгундар кеткен убактан тартып, ал бир ооз да сөз
сүйлөгөн жок, Ичкиликтен шаттанып кеткен кишилерге анын кошулгусу да келбегенден сыяктанды.
Анын көзү мурдагыдай эле кандайдыр алактап, өңү дале корккон кишиникиндей болуп турду.
— Бери карачы, Кольхаун! — деп кыйкырды бир кыйла ичип алган жигиттердин бирөө. — Бери кел,
байкеси, биз менен оттун жанына отур. Баарыбыз сенин кайгыңа ортоктошпуз. Сен үчүн, сенин
жакын кишилериң үчүн өч алууга баарыбыз колубуздан келгенин аябайбыз. Бери келип, биз менен
кошо мононгахель вискисинен ичкин, виски сага чоң пайда келтирет, ишенип кой.
Беркилердин достук кылып чакырганын кабыл алып, Кольхаун оттун жанындагылардын арасына
келип отурду. Көп узабай капитандын кайгырып отурганы тарап кетти, ал абдан шаттанып,
жанындагыларды таң да калтырды. Бардыгы жоромолдогондой, эртең менен эле бир тууган таякеси
өлгөн киши эми өзүн ошондой тутканы түшүнүксүз болду. Мейман катары болуп отурган киши бат
эле беркилердин кырына чыгып алды.
Бир нече чоң флягадагы вискини ичип бүтүргөндөн кийин капитан эч качан түгөнбөчүдөй көрүнгөн
өзүнүн шараптарынан куюп, сыйлай баштады.
128
1 ПРОЛОГ
Бөтөлкөлөш кишилер жебиреп сүйлөп, ырдап, бийлеп, кала берсе, көк чөпкө ооналактай баштады.
Бирок бул атайы шаттануу тезден бүтүп, баарынын уктагысы келди. Жолоочулар көк чөпкө жатып,
уктап калышты.
Жалгыз Кольхаун гана уктаган жок. Баарынын уктаганына көзү жеткенден кийин ал ордунан туруп,
дабышын чыгарбай, атынын жанына акырын басып келди. Атын чечип алып, ыргып минди да жөнөп
кетти.
Анын мас болгону жүргөн-турганынан кылдай да сезилген жок.
Анын кетип калышына эмне себеп болду? Балким, өлгөн таякесин жакшы көргөнүнөн өлгөн
кишинин сөөгүн издегени кеткендир? Же өзү жалгыз барып, бөтөнчө тырышканын көрсөткүсү
келдиби?
Анын оозунан чыккан айрым сөздөргө караганда, чын эле анын ошондой ниети бар экен деп
түшүнүүгө болот.
— Кудая шүгүр, азыр ай жарык тийип турат, бу жигиттер ойгонгончо кеминде алты саат өтөт. Эки
миляга жакын бадалдуу жердин ар бир кадамын аңтарып чыгуу үчүн убакыт жетет. Эгерде өлүк
ошерде болсо, мен аны табышым керек. Бирок жанагы эмне деген кеп болуп кетти? Эгерде жалгыз
өзүм көрсөм, жинди болдум деп ойлошум мүмкүн эле. Бирок эч кимиси калбай баары көрбөдүбү.
Кудая тобо! Бул эмне болушу мүмкүн?
Ушул сөздөрдү айтып үлгүргөнчө, анын жүрөгү түшүп, таң калгандай кыйкырык чыгып кетти. Куду
алдынан ажал чыга калгансып, ал атын тык токтотту.
Кольхаун бизге белгилүү токой арасындагы жолду көздөй канжыга жол менен бараткан. Ал жаңы эле
ошо жолго чыкмакчы болгондо, токойду көздөй келаткан кандайдыр бир атчан кишини көрө койду.
Атчан киши жай бастырбай, токойдун арасындагы жол менен текирең-таскактатып келаткан экен.
Атчан киши жакындап келе электен мурда эле, Кольхаун ал баягы башы кесилген чабендес экенин
байкай койду,
Ал жанылган жок. Айдын күмүштөй жарыгы чабендестин эки ийнине түшүп турду, башы жок экен.
Бул айдын жарыгынан закымдап көрүнгөн элес болушу мүмкүн эмес эле. Кольхаун ошол эле кишини
күн чайыттай ачык тийип турган күндүзгү маалда да көргөн болучу.
Кольхаун эми андан да жакшыраак көрдү, чабендестин башы жетишпегени анын көзүнө урунду;
бирок чабендестин башы ордунда эмес, тапанчанын кабы жартысын калкалап турган каптал
жагында экен, кан болуп, адамдын үрөйүн учургандай купкуу болуп, салаңдап туруптур. Атты,
чабендестин үстүндөгү ала серапэни, суу өтпөй турган өтүктү даана көрдү, мына ушунун баары
Морис-мустангерге таандык.
Бардыгын талдап көрүү үчүн капитандын убактысы жетиштүү эле. Жүрөгү түшкөнүнөн селдейип,
ордунан жылууга чамасы келбей, ал канжыга жолдо тура берди.
Укмуштуу чабендестин аты азынап жиберди да, ага жооп кайтаргансып, артынан келаткан иттин
улуганы угулгандан кийин шарт бурулуп, качып жөнөдү, ошондо гана Кольхаун бир аз эсин жыйып,
тили күрмөөгө зорго келди.
— Кудая тобо! — деп ал калчылдаган үнү менен кыйкырып жиберди. — Бу эмне деген кеп? Бу эмне,
кишиби? Же ибилис мени шылдыңдап жатабы? Же жинди болдумбу? Жинди болгон экемин, жинди
болуптурмун!
Мындан башка ал эчтеке айта алган жок. Кольхаун атынын башын булка бурду да, мурунку көздөгөн
максатынан баш тарткансып, кайра чапкылап жөнөдү.
129
1 ПРОЛОГ
Анан оттун жанына акырын уурдана басып келип, мас болгон бөтөлкөлөштөрүнүн жанына жатты.
Бирок ал уктай алган жок. Бир минутага да кирпик какпады. Безгек болгон немече калчылдап, таң
аткыча эки көзү төрт болду. Эртең мененки жарык анын өлгөн кишиникиндей купкуу болгон бетине,
оңурайып нары кирип, шумдуктай алаңдаган көзүнө бүдөмүк түшүп турду.
ХLVI глава
СЫРЫН АЙТУУ ===========
Тан атып, жарык болор менен Каса-дель-Корво гасиендасынын тегерегинде тиричилик кылгандар
жыбырап жүрдү.
Короонун ичиндеги котологон эл аскер болбосо да, куралданып алган эле. Кай бирөөндө колдойгон
бир атар мылтык, кай бирөөнүкү кош ооз мылтык; кай бирөөлөрүндө пистолет, тапанча; кээсинде
кадимки эле шамшар же айбалта.
А кнйнм жагынан да кишилердин айырмасы андан кем эмес, индеецтер токуган чаар таардан
тигилген камзол, кемтукки бумазейинен тигилген күрмө менен катар, кызыл фланелден тигилген
көйнөктөр көздүн жоосун алды; таардан, көк кездемеден тигилген шымдар; токтунун жүнүнөн
жасалган калпак, булгаары шапке, ийленип кабыкка салынган териден тигилген кончу бийик өтүк
жана бугунун терисинен ултарылган бут кийимдер.
Куралданган күчтүү кишилердин ушундай ала-була тобу — Техастын чек арадагы кыштактары үчүн
көнүмүш каада. Чогулгандардын көздөгөн максаты кандай гана болбосун, эң эле бейкут турмушту
эңсешсе да, баары бир бу кишилер ошондой кийим кийип келмек.
Каса-дель-Корвого таң азан менен алардын эмне үчүн чогулганы белгилүү.
Кылмыштын изин кууп, драгундар менен мурунку күнү кошо барган кишилер да, жаңы келип
кошулгандар ыраакы сеттльменттерден келгендер да, мурунку күнү үйүндө болбогон мергенчилер
да ошерде эле. Ошол топураган ала-була кийимчен кишилердин арасында «регуляторлор»58 да болду.
Башка кишилерден алардын кийим жагынан да, курал жагынан да эч кандай айырмасы жок, чоочун
киши болсо регуляторду тааныбас эле, бирок алар бирин-бири билип турду.
Баарысы өлгөн киши жөнүндө, Генри Пойндекстердин өлтүрүлгөнү жөнүндө сүйлөштү. Морис-
мустангердн жамандай беришти.
Прерияда башы жок, табышмактуу чабендес пайда болгону жөнүндө ар кандай сөздөр айтылды.
Скептиктер муну жөн эле ойлоп табышкан сөз деп, адегенде ишенишкен жок. Бирок көп кишилердин
өз көзү менен көрүп ырастап айтканына алар көп узабай эле ишенүүгө аргасыз болду.
Бүгүнкү экспедицияны баштап чыгууга тийиш болгон Вудли Пойндекстерди баары күтүштү. Анын
кандай буйрук бере турганын күтүп отурушту. Аламого жол көрсөтүп, Морис-мустангердин кепесине
отрядды алып бара турган киши табамбы деп, плантатор буйдалып калды, Андай киши чыккан жок.
Аламодогу кепенин каерде экенин плантаторлордун, көпөстөрдүн, дүкөнчүлөрдүн, юристтердин,
мергенчилердин, ат менен кул саткан соодагерлердин эч кимиси билчү эмес.
Сеттльментте андай милдетти мойнуна ала турган бир гана картаң Зеб Стумп бар экени ачык болду.
Бирок Зеб Стумпту табууга болбоду. Каадасынча, ал кандайдыр алыс жакка аң уулап кеткен болучу.
Аны таап келгиле деп, бир нече кишини туш-тушка жиберишти. Бирок алардын эч кимиси таба албай,
биринин артынан бири кайра келишти.
Гасиендада мустангердин кепесине барчу жолду жаңылбай көрсөтө турган бир аял бар. Бирок Вудли
Пойндекстер аны билген жок.
58Регуляторлор — кылмышкерди камакка алууга укугу бар, өз ыктыяры менен полиция дружинасына кирген кишилер.
130
1 ПРОЛОГ
Билбегени да жакшы болуптур. Аламодогу жалгыз кепеге кызы ээрчитип барууга жарай турганын
кербез плантатор билсе, өлгөн баласы жөнүндөгү күйүтү дагы жаңы күйүт менен — кызынын абийри
кетип калганы менен андан бетер күчөмөк.
Зеб Стумпту таап келгин деп жиберишкен акыркы киши да аны табалбай кайра гасиендага келди.
Эми дагы күтүп отура алышкан жок, өч алсак деп эңсегени өтө күчтүү эле.
Жол көрсөтүүчү кишисиз эле жөнөп калышты.
Отряд Каса-дель-Корводон мындай чыгары менен эле, гасиенданын ичинен эки киши жолугушту,
алардын ар бири Аламого барчу жолду жакшы билчү эле. Эки кишинин ушул жолугушканында
жамандагыдай, мурдатан ойлонулган эч нерсе жок болучу. Ал экөө кокусунан жолугуп калышты.
Зеб Стумп аң уулаганынан жаңы эле кайтып, плантатордун ашканасы үчүн илбээсиндин этин алып
келген.
Зеб Стумп келгенде Луиза Пойндекстер, албетте үйүндө болучу. Ал гана эмес, аны менен жолуксам
экен деп, Луиза ынтызар болуп жүргөн эле. Картаң мергенчини көрсөм деп абдан эңсегендиктен,
Луиза мурунку күнү таң заардан күн батканга чейин жолдон көзүн айырган эмес.
Экспедицияга катышкандардын топураган тобу узап кетер менен эле, өзүнүн картаң бээсин минип,
жакындап келаткан мергенчини кыз көрө койду. Илбээсиндин эти көп артылып, бээ илкип зорго
келатты. Зеб Стумп дарыянын наркы өйүзү менен келатып, гасиенданы көздөй атынын башын бурду.
Чалдын лакыйган кебетесин көрүп, Луиза абдан кубанып кетти. Луиза ушу кишини өзүнүн
жүрөгүндөгү жашырын сырын айта турган досу катарында көрүүчү.
Зеб Стумп короого келип кире электен мурда эле кыз аны азотеяда күтүп турду.
Мергенчи камырабай гасиенданы көздөй басты, кырсык жөнүндө билбей, эч нерседен капары жок
болгондуктан көңүлү шат болучу.
Гасиенданын дарбазасы бекем жабылуу турганын байкай коюп, анын иреңи айран-таң калгандай
боло түштү. Дарбазаны бекем жаап коюу Пойндекстердин каадасы эмес. Негрдин ындыны өчүп
турганы да Зеб Стумпту андан бетер таң калтырды.
— Досум, Плуто, сага эмне болгон? Ындының өчүп калыптыр го. Чак түштө эмне үчүн дарбазаны
бекитип таштагансыңар? Силерде бирдеме болдубу?
— Ооба, ооба! масса, Стумп, болду. Болгондо да чоң кырсык болду. Айтууга адамдын оозу барбайт.
Аябагандай чоң кырсык болду!
— Чоң кырсык дейсиңби! — деп жиберди мергенчи. — Негирим, кандай чоң кырсык болду? Тезирээк
сүйлө, сенин өңүңдө жазылуу тургандан коркунучтуурак эч нерсе болууга тийиш эмес. Кожоюн
кызың бирдеке болдубу? Андай болушу мүмкүн эмес! Мисс Луиза…
— Ооба, ооба, мисс Луиза эчтеме болгон жок. Бирок ошого окшош бир нерсе болду. Жаш мисс үйүндө.
Кире бериңиз, масса Стумп. Суук кабарды сизге ал өзү айтат.
— А кожоюнуңчу? Үйүндөбү?
— Жок, жок. Азыр ал жок. Масса азыр үйдөн алыс кеткен убагы. Мындан чейрек саат мурда кеткен.
Азыр ал үйүндө жок. Ал жапайы жылкы жүргөн прерияга кетти. Мындан бир ай мурун аң уулап
барган жерине кетти.
— Жапайы жылкы жүргөн прерияга? Аякка эмне үчүн кетти? Аны менен кошо ким кетти?
— Ооба, ооба! Аны менен кошо масса Кольхаун, дагы башка көп киши кетти. Ооба, ооба! Көп киши
кетти! Плуто сизге чынын айтып жатат.
131
1 ПРОЛОГ
— А тиги жаш мистер Генри да кошо кеткендир?
— О, масса Стумп, биздин күйүтүбүз ошондо болуп отурат. Масса Генри да кеткен. Эми ал эч качан
кайра келбейт. Аты кызыл ала кан болуп үйгө келди. Ооба, ооба, масса Генри эми тирүү эмес дешет.
— Тирүү эмес? Чынын айтасыңбы, негирим?
— О! Барып турган чындык, масса Стумп. Ал жөнүндө айтуу мага абдан кайгылуу. Анын кай жерде
жатканың издеп тапканы баары кетишти.
— Ме, муну ашканага алып бар. Мында күрпү менен жапайы тооктор бар. Мисс Луиза кайда?
— Мен мындамын, мистер Стумп. Кириңиз! — деп мергенчиге жакшы тааныш, шаңкылдаган үн
жооп кайтарды, бирок бу жолу абдан кайгылуу чыккандыктан бул үндү Зеб Стумп зорго ажыратты.
— Атаганат! Плуто сизге айткан сөздүн баары чын. Агам дарексиз жок болуп кетти. Мурдагы күндөн
бери аны көргөн эч ким жок. Аты, ээри кызыл ала кан болуп үйгө келди. О, Зеб, ойлосоң жүрөк
түшөрлүк иш.
— Ырас, абдан суук кабар экен. Ал бир жакка кетип, аты үйгө жалгыз келген экен да. Мен сизди орунсуз
жерден дагы кейитким келбейт, мисс Луиза, балким, мен да бул иште жардам берермин; а бул үчүн
мен майда-чүйдөсүнөн бери билишим керек.
Зебге Луиза билгенинин баарын айтып берди. Бирок баягы бакта болгон окуя жөнүндө жана андан
мурун болгон иш тууралу гана ал жашырып айткан жок. Генри мустангердин артынан кетсе керек
эле деген сөздү ырастай турган Обердофердин айтканын гана шылтоо кылды.
Кыздын сөзүн угуп, Зеб Стумп аябай кайгырды. Кыздын агасын өлтүргөн Морис деп эсептеше турганы
жөнүндө Луиза айтканда, анын кыжыры кайнаганы чегине жете түштү.
— Ал айткандары калп! — деп чаңырып жиберди мергенчи. — Жалаа! Ниети бузук доңуздар гана
ошентип ойлоп табышы мүмкүн! Андай болушу ойго келер иш эмес. Мустангер андай ишке колу
баруучу кишилерден эмес. Эмне үчүн ага андай иш керек? Эгерде экөөнүн арасында араздык болсо,
башка кеп эле. Бирок андай араздык жок эле го! Агаңызды жактыра турганын Морис-мустангер мага
нечен жолу айткан. Ырас, сиздин жээниңиз Кассийди ал жек көрчү, бирок жээниңизди жек көрбөгөн
деги киши барбы, билгим келет? Сизге ушинтип айтканымы айып көрбөңүз. Эгерде агаңыз менен
мустангердин ортосунда жаңжал, чыр-чатак болсо, анда…
— Жок, жок! — деп, креолка өзүнүн күйүтү күчөп турганы жөнүндө унутуп, чаңырып жиберди. —
Агам менен мистер Жеральддын ортосундагы чатак андан мурда эле бүтүп, татуулашкан болучу. Мага
Генри ошентип айткан, а Морис…
Маектешип отурган кишинин таң калып караганы кыздын сөзүн токтотуп койду. Бетин эки колу
менен басып, кыз бышактап ыйлап жиберди.
— Демек, экөөнүн ортосунда бирдеме болгон экен да, — Деп кобурады Зеб. — Сиз, мисс Луиза, агаңыз
менен Жеральддын ортосунда чыр-чатак болду дедиңизби…
— Кымбаттуу Зеб! — деди кыз эки колун бетинен алып, калтаара түшкөн мергенчинин көзүнө карап.
— Эч кимге, эч кимге айтпайм деп убада бериңиз! Мага дос, ниети ак, жакшы киши катарында убада
бериңиз. Убада бересиз го, чынбы?
Мергенчи ант берген кишиче, өзүнүн баржайган колун өйдө көтөрүп, таң калгандай карады да, өзүн-
өзү төшкө бир койду.
Беш минутадан кийин аялдар демейде оозунан чыгарганды жаман көргөн, жашырын сырын
мергенчи бүт билди. Андай жашырын сөздөр абдан кадырлап, ишенген кишиге гана айтылат эмеспи.
132
1 ПРОЛОГ
Зеб Стумп кыздын антип сырын айтканына көп деле таң калган жок.
— Мында эчтеме деле жок го, мисс Луиза! — деп, ал кыздын күйүтүнө ортоктош кишиче сүйлөдү. — Зеб
Стумп бул сөздөн уялгыдай эч нерсе деле тапкан жок. Бардык жердеги сыңары, прерияда да аял — аял
бойдон кала берет. Мустангерге өзүнүн жүрөгүн багыштап, сүйбөй турган кишини сүйдү деп эч ким
сүйлөбөй эле койсун. Ал сиздин сүйгөнүңүзгө арзый турган жакшы адам. А жанагы сиздин айткан
сөздөрүңүздүн бардыгы менин ойлогонумду ырастап турат: деги болору болсо да, андай жаман ишке
анын колу барбайт. Далил болгудай эмне табышты? Өзү, ээри кан болуп аттын кайта келгени гана
далил болобу?
— Атаганат, башка да далил табышты. Кечээ керели кечке издешти. Көпкө чейин анын изин
кууп жүрүшүп, бирдеме табышкан экен, бирок мага айтышкан жок. Атам мага ишенип айткысы
келбегендей көрүндү, а башкаларынан суроодон корктум. Сизди жолдон көргөнүмөн бир аз эле мурда,
алар бүгүн дагы кайра издеп кетишти.
— Бирок мустангерчи? Ал өзүн актап эмне дейт экен?
— О, мен сизди билет го деп ойлодум эле. Аны да таба албай жүрүшпөйбү. Mon dieux! Mon dieux!59
Балким, агамы өлтүргөн колдон ал да каза болгондур!
— Ошентип, кеткендер анын изин кууп жүрөт деңизчи? И, изин табышыптырбы? Эгерде ал тирүү
болсо, Аламодо. Эмне үчүн алар ошерге барышкан жок? А, түшүндүм! Сыягы, анын үйүн эч ким
билбейт окшойт. Жанагы боз баш Спенглер бордуу прерияда из табам деп жөн эле убара болуп жүргөн
чыгар. Ошентип, алар дагы ошо жакка кетти деңизчи?
— Дал ошон үчүн мен сизди көргүм келди эле. Атам менен ар кандай эл эң эле көп кетти. Алардын
арасында жанагы регулятор дегендер да бар. Алар сотсуз эле сабап өлтүрүш керек дешти. Кайсы
бирөөлөрү өч алабыз деп ант беришти. Морис өзүнүн айыпсыз экенин жакшылап далилдей албаса,
аны издеп табышса, эмне боло турганын ойлоп көрүңүзчү, Зеб!.. Ачуусу келип, каарданып турган
ошо кишилер, анын үстүнө Кассий Кольхаун сыяктуу жардамчысы болсо, — Мористи алар эмне
кыла турганын элестеп көрүңүзчү?! Кымбатуу Зеб, мен үчүн, Морис үчүн, биздин достугубуз үчүн
ошол жакка тезирээк барыңыз! Алардан мурунурак барып, Мориске эскертиңиз. Сиздин атыңыз
анча жүрүштүү жылкыдан эмес көрүндү эле. Менин атымы алыңыз, атканадан каалаган атыңызды
тандап миниңиз. Эртерээк жөнөңүз…
— Туура айтасыз, — деп мергенчи кетмекчи болуп, кыздын сөзүн бөлүп жиберди. — Жаш мустангер
үчүн бул иш чым эле жамандык менен бүтүшү ыктымал. Сизге жардам берүү үчүн колуман келгенди
аябайм. Кайгырбаңыз, мисс Луиза. Жаман бээм менен мен алардан мурун жетем, ал жакка баруучу
жолду картаң бээм жакшы билет, биз азыр эле жетебиз. А сиздин чаар байталыңыз менин көөнүмө
анчалык жакпайт. Эмесе, кошуңуз. Кайгырып, капа болбоңуз, балким, агаңыз эчтеме болбогон чыгар.
А Морис-мустангердин бул иште ак экени мага бу кудайдын ак күнүндөй ачык.
ХLVII глава
КАРМАЛГАН КАТ =============
Коркуп, үрөйү учкан Эль-Койот өзүнүн үч жолдошу менен аттарына жүгүрүп жетип, шашыла ыргып
миништи. Алар мустангердин кепесине кайра баруу жөнүндө ойлогон да жок. Ойломок тургай, ошол
жалгыз турган үйдөн мүмкүн катары оолак качуу жөнүндө гана эңсешти.
Жанагы башы жок чабендес «дон Морисио» экени жөнүндө алар шек келтирген жок. Үчөө тең,
баарынан көбүрөөк Диаз, башы жок чабендес дал ирландиялык жигит экенине көздөрү жеткидей
жакшы биле турган.
59Кудайга тобо (французча).
133
1 ПРОЛОГ
Анын атын, ягуардын терисинен тигилген өтүгүн, мексикалыктардын демейдеги гүлдөп, көчөттөлүп
саймаланган серапэсинен башкача, индеецтердин наваха деген уруусу иштеп чыгарган серапэни, эң
акырында анын башын жазбай таанышты.
Бирок ат токтогон жок да, алар аттын өңүн жакшылап көрө алышпай калды. Чабендестин башында
калпак — дайыма Морис-мустангер кийип жүрчү жылтыраган кара сомбреро бар экен. Айдын
жарыгына киргенде, калпак андан бетер жалтырады. Анан алар килейген тайганды көрүштү да, Диаз
ал ирландиялыктын ити экенин биле койду. Тайган аларга арсылдап үрүп жулунду; ырас, иттин
үргөнү деле орунсуз болучу, себеби, беркилер ансыз да таманы жерге тийбей кача башташкан.
Төрт чабендес бадал менен чымын-куюн болуп чапкылап баратты. Өздөрү Мористи өлтүрөбүз деп
ойлогон коктунун капталынан чыкпастан, башка жакка бурулуп, тегиз жерге чыгышты. Бирок
алар аерге бир да минута токтогон жок, баягы өздөрү дал команчадай болуп жасанышкан токойлуу
бадалдын арасына кайра киргенче, алар чапкылап отурушту.
Кайрадан кубулуп жасанууга алар анчалык көңүл бурган жок. Ошондуктан, бат эле кайра кийинише
койду. Бети-башын боёгон боёкторун шашыла жууп жиберишти (алардын чоң шише менен ала
жүргөн суусу бар эле); жыгачтын көңдөйүнө катып коюшкан мексикалык костюмдарын андан бетер
шашыла кийип, аттарына ыргып минип, Леонаны көздөй зымырап жөнөштү.
Кайра келатканда алар башы жок чабендес жөнүндө гана сөз кылышты. Коркуп куту учкан
мексикалык мустангерлер жанагы укмуштуу кубулуш жөнүндө өздөрүнө эчтеме түшүндүрө алышкан
жок. Эмне кыларын билбей Дагдаарып, сеттльменттин четине жеткенде, алар өздөрүнүн кепелерине
тарап кетишти.
— Carajo! — деп жиберди Эль-Койот кепесине кирип, төшөгүнө жата кеткенде. — Мындай укмуштан
кийин кантип уктайсың. Ой, тобо! Бу кандай шумдук! Жөн эле бүт- көн боюм дүркүрөп, жаным
жер тартып турат! Жылынгыдай эчтеме жок, бөтөлкө да бош экен. Таверна да жабык. Баары уктап
жатышат. Кудая тобо, бу эмне болду экен? Арбакпы? Жок. Өзүм кармалап көрбөдүмбү, деги денеси,
сөөгү мага кишиникиндей көрүндү… Эгерде каракчы болсо, анда мындай тамаша кимге керек?
Прерияда мындай карнавал уюштургусу келген менден, менин жолдошторуман башка кимге керек?
Миң шайтан! Бу кандай шумдук маскарад! .. Токто, ал менден мурун озунуп кеттиби? Балким, бирөө
жанагы миң долларды иштеп алып койдубу? Балким, жанагы ирландиялык неме бирөөнүн колунан
өлүп, өзүнүн башын колуна кармап, атчан чапкылап жүргөндүр?.. Жок, андай болушу мүмкүн эмес,
деги бул чындыкка окшобогон укмуш!.. Анан ким болот?.. А, эми түшүндүм! Биздин келерибиз
жөнүндө ага бирөө айтып койгон экен, же өзү шек санап калган болуш керек. Бу бизди коркутуу үчүн
кылган куудулдук экен! Биздин маскара болуп качканыбызды ал өзү көрдү. Атаңа наалат!.. Бирок
биздин сырыбызды ага ким айтып, айыбыбызды ким ачты экен? Эч ким. Албетте, биздин ниетибизди
эч ким билген жок. Андай болгондо, бул шайтандын мындай укмушун ким даярдады?.. А! Унутуп
калган турбаймынбы! Прериядан биз дал чак түштө өтпөдүк беле. Бизди көрүп калышы мүмкүн. Дал
ошондой болуу керек. Токойдун арасында кийинип жатканыбызды бирөө аңдып, ушундай тамашаны
ойлоп тапкан экен. Мындан башка сыр болушу мүмкүн эмес… Акмак болуппуз! Каракчыдан качып
ит болгон экенбиз!..
Carramba! Эртең эле Аламого кайта барам. Ошол ниетимди орнотуу үчүн бир жыл керек болсо да,
жанагы миң долларды алмайынча тынбайм. Кандай гана болбосун, ошол ишти орундатышым керек.
Исидорадан ажыраганым да жетишет. Балким, андай эместир, бирок, ушул ойго кантип чыдап
турам. Исидора аны сүйгөнүн, баягыдан кийин… экөөнүн жолукканын билсем… Кудая тобо! Жинди
болуп баратам. Ачуум келгенде кыздын жакшы көргөн кишисин гана эмес, өзүм сүйгөн кызды да
өлтүрмөйүнчө тынбайм. О, донья Исидора! Сулуулуктун периштеси, арампөөштүктүн шайтаны!
Сени кучагымда муунтуп, же канжар менен сайып өлтүрмөйүнчө тынбайм!
Эми коркунуч жок деп ойлоп, бир аз көңүлү тынчып, Эль-Койот өзүнүн ниетин орундаткан эмедей
134
1 ПРОЛОГ
магдырап, бат эле уктап кетти.
Эшигинен күндүн жарыгы менен кошо мейман келип киргенче, ал катуу уктады.
— Хосэ! — деп Эль-Койот таң калгандай, кубангансып кыйкырып жиберди. — Сен биердесиңби?
— Ооба, сеньор, бу менмин.
— Досум Хосэ, сени көргөнүмө кубанычтуумун. Донья Исидора да ушердеби? Леонадабы? — деп
сурамакчы элем. — Ооба, сеньор.
— Ушунчалык тез кайттыбы? Анын биерден кеткенине эки жума боло элек го, ыраспы? Мен
сеттльментте болгонум жок, бирок а жөнүндө уктум. Сенден кабар күтүп жүргөм. Эмне үчүн сен мага
кабар бергенин жок?
— Кабар бербеген себебим, дон Мигуэль, ишеничтүү киши болгон жок. Сизге айтмакчы болгон
кабарды башка кишиге ишенүүгө болбойт. Өкүнүчкө карата, сизге айта турган кабарым үчүн мага
алкыш айтпайсыз… Бирок жаным сиздики, ошондуктан, сизге бардыгы белгилүү болот деп убада
бергем.
Прериянын карт бөрүсү жылан чаккан немеден бетер секирип кетти.
— Морис менен Исидора жөнүндө го! Ошондой экенин өңүнөн көрүп турам. Сенин аял төрөң аны
менен жолугуштубу?
— Жок, сеньор. Эн кеминде, менин билишимче, алар баягы биринчи жолугушкандан кийин көрүшө
элек.
— Анда эмне болду? — деп, Диаз бир аз көңүлү тынчыгандай суроо берди, — Морис тавернада
жатканда, Исидора ушерде болдубу? Экөөнүн ортосунда деги кандай байланыш болду?
— Ооба, дон Мигуэль, байланыш болду. Жакшы билем, себеби, өзүм экөөнүн ортосунда жүрдүм. Донья
Исидора берген себетке тамак толтуруп, үч жолу алып барып бердим. Акыркы жолу тамак менен кошо
кат да жазган болучу.
— Кат! Каттын мазмунун билесиңби, окудуңбу?
— Сиздин аркаңызда, кылган жакшылыгыңыз аркасында бечара жигитиңиз ушундай кыла алды.
Окумак тургай катты көчүрүп жазып келдим.
— Жазганың жаныңдабы?
— Ооба! Мына көрдүңүзбү, дон Мигуэль, сиз мени мектепке бекер жиберген эмес экенсиз. Донья
Исидоранын каты мына!
Диаз анын колунан катты шашыла жулуп алып, окуп баштады. Кат анын көңүлүн бир аз жайгарып
койгондой болду.
— Carramba! деди ал камырабагандай, катты бүктөп жатып. — Бу катта анча деле эчтеме жок экен.
Хосэ досум, Исидора анын жакшылык кылганына ыракмат айтып гана жазыптыр. Бар болгону ушубу?
— Жок, дагы бар. Сизге дал ошол үчүн келип отурам: сеттельментке баргын деген тапшырмасы бар.
Мына окуп көрүңүз.
— А! Дагы кат барбы?
— Ооба, сеньор. Бул — менин чааралакей кылып көчүрүп жазганым эмес, өз колу менен жазган каты.
Калчылдаган колу менен Диаз берки сунган бир барак кагазды алып, ачып окуй баштады;
135
1 ПРОЛОГ
«Сеньор дон Морсио Жеральдга.
Ардактуу досум. Силызио таякемдикине мейман болуп биерге дагы келдим. Сизден кабар алмайынча
жаным тынбады. Эмне болгонуңузду билбегенимен абдан кыйналдым. Ооруңуздан кийин сакайып
кеттиңизби, айтыңыз мага. О, эгер сакайып кеткен болсоңуз! Биротоло айыгып кеткениңизге толук
ишенүү үчүн сиздин жакшынакай мөлмүлдөгөн көзүңүздү тике карагым келет! Достуктан кетишпей,
көзүңүзгө ошентип кароого мүмкүндүк бериңиз. Таякемдин үйүнүн ары жагындагы дөңдө жарым
сааттан кийин күтүп турам.
Келбей койбоңуз, күтөм!
Исидора Коварубио де-Лос-Ланос».
XLVIII глава
ИСИДОРА =============
Прериянын горизонтунун үстүнөн күн жаңы эле көтөрүлүп чыкты. Куду кызыл алтындан
жасалган тегерек табактай болуп, күн бийик чөптүн үстүнө нурун чачты. Саваннанын ар кайсы
жеринен көрүнгөн чытырман бадалдын арасынан күндүн нуру түшүп турду. Коюу жалбырактарын
салмактандырып, шүүдүрүмдүн ири тамчылары акациядан салаңдап, бирөө көз жашын төккөндөй
жерге тамчылап турду. Дарактар түн менен ажырашканын жоктоп ыйлагансып, салкын, ным менен
коштошкусу келбегенсип, күндүзгү мээ кайнаткан ысыктан корккондой сыяктанды. Чымчыктар
чыгып келаткан күндү куттуктагансып, бутактарда чыйпылдап сайрап жатты.
Бирок Техастын прериясынан башка жерде, таң заардан мындай кайраттанып бастырып жүргөн
кишини кезиктирүүгө мүмкүн боло койбос.
Леона дарыясынын боюнан Инж фортунан үч милядай жерден ат минген кандайдыр бир кишинин
карааны көрүндү. Атка минишине, кийимине, ийниндеги серапэсине, башындагы сомбреросуна
караганда, албетте, ар бир адамды эркек экен деп ойлор эле. Бирок бул окуя түштүк-батыш Техаста,
ушул күнгө чейин испаниялык- мексикалыктар дале болсо жашап келаткан жерде болгонун, аердеги
аялдар дал эркекче кийинип, атчан жүрө турганын унутууга болбойт.
Ырас, таң азандан ат минип жүргөн киши — эркек эмес, аял эле. Анын аял экенине көз жетүү
анчалык кыйын эмес. Тизгин кармаган кичинекей колун, үзөңгү тепкен кичинекей бутун, оор
серапэнин астынан көрүнүп турган татынакай аялдын мүчөсүн, ороп туруп сомбреронун астына
түйүп койгон чачын бир караганда эле, алдыңарда турган — аял экенинде эч кандай шек калбайт.
Ал донья Исидора Коварубио де-Лос-Ланос эле.
Мексикалык кыз жаңы эле жыйырмадан ашкан. Өңү кара тору, абдан сулуу. Бирок анын сулуулугу
куду ургаачы жолборстукундай сулуулук, назик сүйүүдөн көрө, адамдын үрөйүн көбүрөөк учурат.
Ал кыздын акылы өз жынысынын өкүлү үчүн өтө зор экенин бир караганда эле сезесиңер, чексиз
кайраттуулук, бекемдик, жүрөктүүлүк татынакай өңүнөн көрүнүп турат. Куду сыдыргыга салып
копшогондой назик мүчөсүнөн чабалдыктын, коркоктуктун эч кандай жышанасын таба албайсыңар.
Кара тору өңүнөн бетинин жошодой кызылдыгы өлүм коркунучуна туш келсе да кубарбай тургандай
көрүнөт.
Леона дарыясынын токойлуу жээгинен кыз жалгыз келатты. Анчалык ыраак эмес жерден үй көрүнүп
турду, бирок кыз үйдөн улам ыраактагандан ыраактай берди. Ал үй — кыздын таякеси дон Сильсио
Мартинестин гасиендасы эле.
Мексикалык кыздын тыңдыгы билинип, ээрде эркин отурат. Мингени ала өпкө өкүм ат, бирок атчан
кыз жөнүндө сиз кайгыргыдай эч нерсе жок, ал атка абдан чыйрак.
136
1 ПРОЛОГ
Жеңил кыл арканды жакшылап түрүп, ээрдин кашына илип койгон. Бул куралды ал мексикалык
мустангерлердин кайсынысынан болсо да кем колдонбойт, ошонусуна өзү да мактанат.
Ал дарыянын жээгин бойлой кеткен чоң жол менен эмес, Леона дарыясынын ылдый жагындагы
бирден-бир бийиктик болгон, таякесинин гасиендасына жакын жер- Деги дөңдүн чокусуна чыга
турган каптал жол менен баратат. Исидора дөңдүн чокусуна чыкканда, атын эс алды- РУУ үчүн эмес,
бармакчы болгон жерине жеткендиктен гана тизгинин тартын, атын токтотту.
Дал ошол жерден жалгыз аяк жол кара жолго барып кошулат; жолго жакын жерде чоңдугу эки-үч акра
келген кичинекей талаа бар; талаанын чөбү калың, бирок эч кандай дарак өспөйт. Аны тердиктей
прерия деп айтууга болот. Тикенектүү бадал жыгачтар бул талааны туш-тушунан курчап турат.
Чытырман бадалды аралап, аерден туш-тушка жалгыз аяк бүдөмүк үч жол кетет.
Исидора талаанын ортосуна бастырып чыкты да, атың токтотуп, жоошусун дегенсип, моюнга
чапкылап койду. Антпесе деле бийик дөңгө чыгам деп күйүккөн аты мурдагысындай алга жулунуп,
тыбырчылаган жок.
— Убадалашкан убактан эрте келип калган экемин! — деп жиберди атчан кыз, серапэсинин астынан
алтын саатын алып карап. — Мүмкүн, ал такыр келбес? Атаганат, ал келсе, кандай сонун болор эле!..
Бүткөн боюм калтырап турат. Же атымын дем алганынан ошентип жатамбы? Жок, нервим козголуп
калчылдап жатсам керек. Жүрөгүм эч качан алып учкан эмес эле. Коркконуман ушинтип жатамбы?
Ырас, сыягы…
Жакшы көргөн кишимен, эч качан эч кимди мынчалык сүйбөгөн жалгыз кишимен коркконум
кандай таң каларлык иш. Дон Мигуэлге болгон сезимим сүйүү болушу мүмкүн эмес. Аным жөн
эле өзүмү өзүм алдаганым. кыялдын оюну болуш керек. Кудай жалгап, анын коркок экенин көрүп
калдым. Романтикалык кыялдарымын каарманы болгон ал пьедесталынан түштү да, анан андан
көңүлүм калды. Ошондой болгонуна абдан кубанам! Эми жанагыдай болгонун билгенден кийин…
дон Мигуэлди жек көрөм. Кудуретинен айланайын кудайым, ырас эле ал каракчы болуп кеттиби!..
Ушундай ээн жерден жолуксам да андан коркпос элем…
Өзүң эң асыл, бул дүйнөдө жок эң сонун киши деп сүйгөн кишиңен коркконун, ошондой эле өзүнүн
ырайымсыздыгын, кара санатайлыгын билип туруп, абдан жек көргөн кишиңен коркпогонуң кызык
экен.
Ошондой болсо да, мында таң калгыдай эч нерсе жок. Коркунучтун алдынан чыгып, коркконуман
калтырабай, сүйгөн жигитим чанып кетпеген эле деп коркконуман калтырап жатам. Мына ошон
үчүн калтырап жатам, баягыда мас, жапайы кишилердин колунан өзүмдү Морис Жеральд куткарып
алган күндөн тартып, түн ичинде тынч уктай албаганым мына ошол себептен турбайбы…
Мен ага сени сүйөм деп эч качан айткан жок элем. Менин сүйгөнүмө анын кандай жооп айтары
белгисиз. Бирок ал баарын билүүгө тийиш. Ушул дайынсыз кыйналууга мындан ары чыдап
туралбайм. Эгерде кыялым алдап кетсе, мүңкүрөөдөн, а түгүл өлүмдөн да кайра тартпас элем…
А! Аттын дүбүртү угулду. Бу келаткан ошобу? Ырас! Биздин улуттук, кызыл-тазыл кийимибиздин
жаркыраган түсүн жыгачтын арасынан көрүп турам. Морис Жеральд ушундай кийимди жакшы көрөт.
Анын өңүнө ушундай кийимдин жарашканы да таң каларлык эмес…
Кудая тобо! Оронгонум серапэ, башымда сомбреро… ал мени эркек деп ойлоор! Бул түрү суук масканы
жок кылайын! Аял эмесминби, ал да алдынан аял көрүшү керек!..
Аңгыча болбой, Исидора серапэ менен калпагын алып ыргытып жиберди; сахнада да андай ылдам
кийинүү оңой менен боло койбос. Бутактары калдайып, өзүн колдоп тургансыган тикенектүү
137
1 ПРОЛОГ
жыгачтардын арасынан назик аялдын фмгурасы, Канованын60 чебер колунан гана иштелип чыга
тургандай татынакай баш көрүнүп турду. Үзөңгүсүн кере теминип, бир аз боюн өйдө көтөрүп, эңкейди
да кыз бир нерсени күтүп турган эмедей боло түштү.
Өзүнүн сөзүнө карабастан, Исидора эч нерседен корккон жок. Эрди калчылдабай, өңү кубарбай тура
берди. Кайра, анын алга умтулган көз карашы, эркек бүркүттү ургаачы бүркүт чакыргандай, шаңдуу
сүйүүгө чакыруу эле.
Бирок кандай шумдук өзгөрүш боло калды? Алтын жалаткан сайма Исидораны жаңылыштырып
мексикалыктарча жасанган чабендес Морис Жеральд эмес, Мигуэль Диаз экен.
Көңүлү суу сепкендей сууй түшкөн кыз ээрге көчүгүн кайра коюп, үмүтү үзүлгөн эмеден бетер күрсүнө
үшкүрүп жиберди.
Эль-Койот биринчи сүйлөдү.
— Саламатсызбы, сеньорите! Ушундай тикенектүү бадалдын арасындагы мындай ээн жерден сизди
көрөт экемин деп ким үмүт кылды экен?
— Ага сиздин эч кандай тиешеңиз болбоо керек, дон Мигуэль Диаз.
— Жообуңуз кызык экен, сеньорита. Албетте, мага тиешелүү, мага гана тиешелүү болуш керек. Сизге
аябай ашык болгонуму жакшы билесиз го. Сиздин кулуңузмун деп айтканымда, акмак болгон экемин.
Дал ошентип айтканым сиздин көңүлүңүздү калтырды.
— Жаңылышасыз сеньор. Сизди сүйөм деп эч качан айткан эмесмин. Атка жакшы жүргөнүңүз мага
жагып калса, ошо жөнүндө сизге айтсам, кандайдыр бир кору, тунду чыгаруу үчүн сизге ал себеп
болбойт. Мен сизди көрүп эмес, сиздин атка мыкты жүргөн өнөрүңүздү көрүп кубангам. Ал кезде
мен кичинекей кыз элем, ошондой чагында кыздарга андай нерселер чоң таасир кылат. Адамдын
ички көңүл сапаты эмес, тышкы көркү таң калтырат. Эми мен бойго жеттим, ошондуктан көп нерсеге
башкача караганым табигый иш.
— Бирок эмне үчүн сиз мени жок жеринен үмүткөр кылдыңыз? Баягы жээлигип турган буканы,
атаңыздын жылкысындагы эң азоо жылкыны үйрөткөнүм эсиңиздеби? Ошондо жылкычылардын
бири да алардын жанына келе алган эмес. Ошо күнү сиз мага күлүңдөп карагансыз: ошол күлүңдөп
караганыңыз сүйүп калганыңыздын жышанасы экенин түшүнгөм. Аны танбай эле коюңуз, донья
Исидора. Кишилердин сырын жетишерлик жакшы билем; сиздин эмне ойлоп, эмне сезгениңизди
өзүңүздөн оңой эле билгем. Бирок азыр баары өзгөрүп кетти. Эмне үчүн? Себеби, мен сиздин
сыйкырдагандай сулуулугуңузга могон сунуп калдым эле; тагыраак айтсам, ошондой болгонуму
мойнума алганда акмактык кылган экенмин. А сиз, демейдеги аялдардын каадасынча, жеңилген
кишиден көңүлүңүз сууп, кызыкпай калдыңыз. Чыны ушундай эмеспи, сеньорита.
— Жок, андай эмес, дон Мигуэль Диаз. Сизди сүйгөнүмү сөз менен да, көз карашым менен да эч
качан билдирген эмесмин. Мен үчүн сиз жөн эле ашкан чабендес гана болгонсуз. Ошондо сиз
чын эле чабендес белеңиз, же мага ошондой болуп көрүндүбү. Бирок, азыр сиз кимсиз? Билесизби,
биердегилер, жалаң биердегилер гана эмес, Рио-Грандедегилердин бардыгы өзүңүз жөнүндө эмне деп
жүргөнүн билесизби?
— Чыккынчы досторуман болдубу же калпычы душмандарыман чыктыбы — мындай ушак сөзгө жооп
берүүнү ылайык таппайм. Мен биерге андай суроого жооп берүү үчүн эмес, сизден түшүнүк алуу үчүн
келдим.
— Кимден?
60Канова Антонмо (1757—1822) — италиялык скульптор.
138
1 ПРОЛОГ
— Сизден, татынакай донья Исидора.
— Сиз өзүңүзгө өтө ишенет экенсиз, дон Мигуэль Диаз. Ким менен сүйлөшүп жатканыңызды
унутпаңыз, сеньор. Унутпаңыз мен кимдин кызы экеними…
— …Рио-Грандедеги ашкан кербез плантаторлордун бирөөнүн кызы, Техастагы кербездиги андан
кем эмес диадеронун61 жээни экениңизди билем. Ошонун баары жөнүндө ойлогом. Бир кезде менде
да гасненда болгонун, азыр бар болгону жылкы уулаган карапайым уучу экени да эсиме түшүрдүм.
Андан эмне пайда? Сиз кедей экен деп гана кишини жектөөчү кыздардан эмессиз. Нечен жүз
жылкысы бар байдан көрө, кедей мустангер да сизди сүрөт го, үмүткөр болушу мүмкүн го. Сиздин
айкөл мүнөзүңүздүн далили мына менин колумда.
— Кандай далил? — деп, кыз биринчи жолу сабырсызданганын билгизип, шашыла сурап жиберди. —
Ал далилиңиз кайда?
— Мына бу жакшынакай катта. Донья Исидора Коварубио де-Лос-Ланос жазган кат мына менин
колумда. Мендей эле кедей мустангерге жазылган кат экен. Бул катты сиздин колуңузга берүүнүн
зарылдыгы жок чыгар. Өзүңүз жазган катты алыстан болсо да таанырсыз?
Исидора катты тааный койду. Анын Диазга ачууланып караганы катты тааныганын билгизип койду.
— Бул кат кандайча сиздин колуңузга түштү? — деп сурады Исидора кыжыры келгенин жашырбай.
— Кандайча түшкөнүнүн баркы жок. Кат менин колумда. Көптөн бери колума түшүрө албай жүрдүм
эле. Мага кызыкпай калганыңызды билүү үчүн эмес — кызыкпай калганыңыз мага ансыз да ачык
болгон — башка кишиге ашык болуп жүргөнүңүздү далилдөө үчүн ошентип жүрдүм эле. Аны
сүйгөнүңүз, анын татынакай көзүн көрсөм деп кусадар болуп жүргөнүңүз жөнүндө бул кат күбө.
Билип коюңуз, эми аны сиз эч качан көрбөйсүз.
— Бул эмне дегениңиз, дон Мигуэль Диаз?
Бул суроосуна жооп угуудан коркуп, кыздын үнү калчылдап кетти. Эль-Койоттун өңү адамдын жүрөгү
түшкөндөй болуп турганы кокусунан эмес эле.
Ошонусун биле коюп, Эль-Койот мындай деди:
— Сиздин чочуй турган жөнүңүз бар. Мен сизден ажыраган болсом, донья Исидора, баары бир сиз
башка кишиге таандык боло албайсыз — мен ошондой кылмакчы болдум.
— Бул эмне дегениңиз?
— Сизди эч ким меники, андан бетер Морис-мустангер меники деп айтпайт дегеним.
— Ошондой беле!
— Ооба! Дал ошондой. Сиз мага мындан ары аны менен эч качан жолугушпайм деп убада бериңиз,
болбосо бу жерден кетпейсиз.
— Тамаша кылбасаңызчы, дон Мигуэль.
— Жок, бүтүндөй чын айтып жатам, донь Исидора.
Бул айткан сөзүнүн чын экени эн эле ачык көрүнүп турду. Өзүнүн коркоктугуна карабастан, Эль-
Койоттун көз карашы сурданып, эч нерседен кайра тартпоочудай болуп турду, канжарынын сабын
оң колу менен кармай койду,
Кала берсе, эр жүрөк Исидора да чочуп кетти. Коркунуч бүтүндөй даана болуп, коркунучтан качып
кутулуу мүмкүн эместей көрүндү. Алгач жолукканда Исидоранын жүрөгү болк эте түшкөн, бирок
61Малы көп бай (испанча).
139
1 ПРОЛОГ
сүйгөн досум үлгүрүп, коргоп калат го деп үмүт кылды эле. Мексикалык кыз аттын дүбүртү угулар
бекен деп кулагын түрүп, ошол дүбүрттү күткөн жактагы бадалды улам-улам карай берди.
Эми үмүтүн үздү. Кат аты жазылган кишинин колуна тийген эмес экен. Кыз качсамбы деп ойлоду.
Бирок качуу өтө кыйын, абдан коркунучтуу болучу. Колуна кармап турган канжар сыяктуу Эль-
Койоттун жанында пистолет бар эле, ок желкесине тиет болчу.
Абалдын кандай коркунучтуу экенин Исидора жакшы түшүндү. Кандай аял болсо да, анын ордунда
калтаарып калат эле. Бирок Исндора Коварубио суу жүрөк кыздардан эмес болучу. Беркинин
коркутканы өзүнө кандайдыр таасир кылганын кыз сездирип да койгон жок.
— Болбогон кеп! — деп чаңырып жиберди Исидора. — Тамашаны койсоңузчу, сеньор. Сиз мени
коркутмакчы болосуз го. Ха-ха-ха! Эмне үчүн сизден коркуум керек? Атта сизден кем жүрбөйм.
Чалманы да сиздей эле шып дедире, алыс ыргытууга жарайм. Чалманы кандай мыкты ыргытканымы
көрүңүзчү!
Ушул сөздү күлүмсүрөп сүйлөп, кыз кыл арканды ээринин кашынан алып, өзүнүн өнөрүн көрсөтмөкчү
болгон эмече колуна түрө баштады.
Бирок кыздын ою такыр башкада эле; анын оюн Диаз билген жок. Кызды эмне кылар экен деп, Диаз
унчукпай, атчан тура берди.
Чалма эки чыканагына оролуп, кыса баштаганын сезгенде гана, кыздын оюн мексикалык ошондо
түшүндү. Бирок кеч болуп калды. Андан кийин көз ирмемде эки колу эки капталына кысылып калды.
Ал канжарын да, тапанчасын да суура алган жок. Эль-Конот кыл арканды кармап үлгүргөнчө, аркан
аны мурдагыдан бетер катуу кыса баштады. Аркан булка тартылганда, ал атынан кулап түштү.
Эми, дон Мигуэль Диаз, — деп кыйкырды кыз атынын башын бура тартып, — эми мени коркута
албайсыз! Бошонуп чыгат экемин деп да чебеленбеңиз. Колуңузду кыймылдатсаңыз эле, сүйрөтүп,
аттын оозун коё берем. Кара санатай, арампөөш! Өзүңдүн коркоктугуңа карабастан, мени өлтүрмөкчү
болдуң эле; ошол жаман оюңду көзүнөн байкап тургам. Бирок экөөбүздүн ролубуз алмашып кетти,
эми…
Анын эмне деп жооп берерин күтпөстөн, кыз унчукпай калды. Кыздын арканы кере тартылып турду,
жерге жыгылып түшкөн кишиден кыз да көзүн алган жок.
Арканга оролуп калган Эль-Койот былк этпей жерде жатты. Аттан жыгылганда эси ооп калган эле.
Өлүп калган эмедей сулк жатты.
— Кудая тобо! Чын эле өлтүрүп койдумбу, — деп жиберди Исидора атын бир аз кетенчиктетип. —
Өлтүргүм келген жок эле. Бирок өлтүрүп койсом да, эч ким мага кине коё албайт: мени өлтүрмөкчү
болгон айныбас ниети бар эле. Өлүп калдыбы же мени жакыныраак келсин деп кара күчкө
анткорлонуп жатабы? Эмне болгонун башкалар көрө жатар. Эми манчыркабай үйдү көздөй кете
берейин; бул мени кууп жете албайт. Эгерде өлүм оозунда жатса, гасиендадан жардам бергиле деп
киши жиберейин. Кошуңуз, дон Мигуэль Диаз!
Ушул сөздү айтар менен Исидора корсажынын астынан кичинекей канжарын алып чыкты да,
ээринин кашынын түбүнөн кыл арканды кесип жиберди; жамандык кылдым го деп кейибестен,
өзүнүн жерде жаткан душманын таштап, кыз үйүнө чапкылап кетти.
Чочуп кеткен кара куш шаңкылдап асманга көкөлөп чыкты. Беркилердин жан талашып далбас
урганынан коркуп кеткен кара куш, чынар теректеги уясын таштап, чалгындап учуп жөнөдү.
Канатын бир-эки жолу какканда эле, ал кичинекей талаанын үстүнө көтөрүлдү; канаттарын
зыпылдатып, асманда калкып, кыраакы көзү менен жерди карай баштады.
140
1 ПРОЛОГ
Атынан жыгылып түшүп, сулк жаткан кишини кара куш көрө койду. Жердеги киши өлүп калгандай
сыяктанды. Аты качып кеткен жок. Жакын жерден гана кишенегендей угулду.
Кара куш асмандан кичине талааны курчап турган бадалдарды да көрдү. Ал атчан эки кызды байкады.
Бири башында эчтемеси жок, чачын желпилдетип, атта эркекче баратты. Ары жактан ал таскактатып
келатты.
Дагы бир кыз чаар байтал минип келатты. Бул кыз аялдарча, ээрге кыйшайыбыраак отурган экен;
кийгени да амазонка, башында калпагы бар.
Бул эки кыз бизге тааныш. Талаадан тескери жакты карай чапкылап баратканы — Исидора Коварубио,
а беркиси, талааны көздөй келатканы — Луиза Пойндекстер.
Биринчи кыз эмне үчүн талаадан чапкылап баратканы белгилүү. А экинчиси эмне үчүн талааны
көздөй келатканын түшүндүрүүгө туура келет.

#55 07 June 2017 - 07:46
ХLIX глава
АРКАН ЧЕЧИЛДИ =============
Зеб Стумп менен аңгемелешкенден кийин жаш креолка өзүнүн бөлмөсүнө кайтып келди да, икондун
алдына чөк түшүп отура калып, чокуна баштады. Бардык креолдор сыяктуу, кыз да католик
дининде эле; мадоннаны соопчулук кылып жардам берерине абдан ишене турган. Кыздын кудайга
сыйынганы да өтө кайгылуу, таң каларлык болду: өзүнүн агасын өлтүргөн киши деп жүрүшкөн
адамдын амандыгын тилеп, кудайга сыйынды.
Морис Жеральдды ушундай укмуштуу кылмышта күнөөлүү эместигине Лунза такыр шек келтирген
жок. Ал кечирим жөнүндө эмес, коргоп сактап калуу жөнүндө сыйынды. Кудайга жалбарып,
бышактап ыйлаганынан сүйлөгөн сөзү жакшы угулган жок. Луиза агасынын назик карындашы
катарында жакшы көрүүчү эле. Анын күйүтү абдан күчтүү болду, бирок бир туугандык байланышынан
алда канчалык күчтүү, башка бир сезимди бул күйүтү басып кете алган жок. Курман болгон агасы
жөнүндө күйгөнү менен кыз ашык болгон жары жөнүндө кудайдан суранды. Ордунан өйдө турганда,
сүйүү жөнүндө жазган каттарын ташып жүргөн баягы жаасы кокусунан көзүнө урунуп калды.
«Коркунуч жөнүндө Мористи эскертүү үчүн, ушул жаанын жебесин атып жиберер белем!»
Аңгыча болбой: анын оюна дагы бир нерсе түштү: өздөрүнүн жашырын көрүшүп жүргөн жеринде
из калбады бекен? Акыркы жолу Морис суудан кайыкка түшүп өтпөстөн, өзү сүзүп өткөнүн Луиза
эсине түшүрдү. Мористин кыл арканы кайыкта калган болуу керек. Мурунку күнү күйүтү күчтүү
болгондуктан, Луиза а жөнүндө ойлогон жок. Түн ичинде көрүшүп жүргөн жашырын сырлары
ачылып калышы ыктымал эле.
Күн бир кыйла бийик көтөрүлүп, айнектүү терезеге ачык тийип турган болучу. Луиза бакка кирип,
кайыкка (Зармакчы болуп, эшикти ачып жиберди. Террасага чыгары менен, өйдө жактан чыккан
добушту уга коюп, токтой калды. Кожоюну жокто азотеяга чыгып, салкын аба жутмакчы болуп,
Флоринда менен Плуто сүйлөшүп турушкан. Асты жактан алардын ар бир сөзүн ачык угууга болот,
бирок Луиза алардын сөзүнө кызыккан жок. Өзүнүн аздектеген кишисинин атын укканда гана кыз
кулагын түрүп тура калды.
— Алар жаш жигитти Жеральд дешет. Анын аты Морис Жеральд эле го. Алар аны ирландиялык
деп жүрүшөт; бирок бул айткандары туура болсо да, ал мен Жаны Орлеанада көрүп жүргөн
ирландиялыктарга такыр окшоочу эмес. Ал жентльмен плантаторго көбүрөөк окшоочу. Ал дал
ошондой эле.
— Сен, Плуто, масса Генрини ошол өлтүрдү деп ойлойсуңбу?
141
1 ПРОЛОГ
— Ооба, албетте, мен ойлобойм! Ооба, ооба! Масса Генрини ошол өлтүрдү! Ойлоп табышкандарын
кара! Балким, масса Генрини мени өлтүрдү деп да айтышар. Бул да ошондой эле калп. Тетиги
келаткан эмне? Карачы, Флоринда. Көрдүнбү?
— Кайда?
— Тетиги, дарыянын аркы өйүзүндө. Атчан кишини көрдүңбү? Ошол Морис Жеральд, баягы өрттөнгөн
прерияда бизге кезиккен киши ошол эмес беле… Мисс Луга чаар байталды белек кылып берген ошол
болчу. Бардыгы жок жерден азыр издеп жүрүшкөн киши ушу!
— О, Плуто, анын айыптуу эмес экенине толук ишенем. Ал сулуу, жүрөктүү төрө болчу! Ал эч качан
андай кылбайт…
Луиза мындан башка сөздү уккан жок; үйүнө кайта кирди; азотеяны көздөй басканда, кыздын жүрөгү
алеп-желеп болуп катуу сокту. Толкунданып турганын өзүнүн малайларынан жашыруу ага өтө кыйын
болду.
— Эмне деп жебиреп жатасыңар? — деп, Луиза калп эле сурданымыш болуп сурады.
— О, мисс Луиза, тетиги жакты караңызчы! Жаш жигит…
— Кандай жигит?
— Жанагы издеп жүрүшкөн жигит, ошол жигит…
— Эчтеме көрө албадым.
— Ооба! Ооба! Дарактын далдасына кирип кетти. Тетиги жакты караңыз, тетиги… Жылтылдаган кара
калпакты, баркыт күрмөнү, жаркыраган күмүш топчуларды
көрдүңүзбү? Ошонун өзү — ошол жигит.
— Жаңылышып жатасың го, Плуто. Биердегилердин көбү ошондой кийинет. Айрыкча эми, такыр
дээрлик көрүнбөй калганда, кишини таануу үчүн аралык өтө алыс. Баары бир… Флоринда, төмөн
түшүп, менин калпагым менен амазонкамы алып келчи. Атчан сейилдикке барып келейин. А сен,
Плуто, Лунаны мага токуп бергин, ылдамыраак. Күн өтө бийик көтөрүлүп кетеби деп чочуйм. Кана,
тезирээк болгун!
Малайлары баскычтан түшүп кетери менен Луизанын жүрөгү опколжуп, азотеянын периласына дагы
келди. Тетиги дөңдө, бадалдын арасында турган ким экенин жакшылап кароо үчүн калды, эми ага эч
ким жолтоо кылбайт.
Бирок кечигип калды, атчан киши өтүп кетти.
«Абдан окшош экен, бирок ага анчалык да окшобогонсуйт. Эгерде Морис Жеральд болсо, эмне үчүн
бул тарапта жүрөт?»
Он минутадан кийин Луиза дарыянын наркы өйүзүнө чыкты да, атчан киши көрүнбөй калган
бадалдын арасына кирди. Ал алды жагын ыклас коюп карап, шыпылдата бастырып отурду. Дөңдүн
төбөсүнө чыкканда, Луиза бирөөнүн добушун уга коюп, капысынан атын тык токтотту.
Кыз кулагын түрүп тыңшап турду. Добуш алыстан чыгып, араң эле угулса да, эки кишинин — бир аял,
бир эркектин үнүн ажыратууга болот. Кандан эркектин кандай аялдын үнү? Анын жүрөгү дагы болк
этип тызылдап кетти.
Кыз дагы жакыныраак бастырып барды. Кайра дагы токтоду. Кулагын түрүп дагы тыңшап турду.
Беркилер испанча сүйлөшүп жаткан экен. Алардын сөздөрүнүн маанисин түшүнүү үчүн креолка
испан тилин жетишерлик билчү эле. Бирок кыз беркилерден бир кыйла алыс тургандыктан, эмне
142
1 ПРОЛОГ
деп жаткандарын ажырата алган жок. Берки экөөнүн сүйлөшкөнү делөөргөндөй, экөө тең бир нерсеге
аябай ачуулангандай туюлду. Луиза дагы жакыныраак бастырып барды. Эми эркектин үнү угулбай
калды. Аялдын үнү коркутуп сүйлөгөндөй, абдан ачык угулду.
Ал үндөр Луиза абдан жакшы билген талаадан чыгып жатты. Луиза үчүн эң кымбаттуу эстелик ошол
жер менен байланыштуу. Ал нарылап бастыруудан, күйүттүү чындыкты билүүдөн коркту.
Акырында атынын оозун коё берди.
Ээр токулган ат талаада ары-бери оюн салып жүрөт. Жерде кандайдыр бир киши жатыптыр, анын
эки колун кыл аркан менен кыса байлап таштаган экен. Сомбреро менен серапэси жерде жатыптыр,
сыягы ошол кишинин кийими өңдөндү. Бул жерде эмне окуя болушу мүмкүн.
Бул эркек киши мексикалык ранчеронун кооз кийимин кийген. Атында мексикалыктардын кооздоп
тиккен жабуусу бар.
Луизанын жүрөгү туйлап, кубанып кетти. Бул жаткан киши өлүүбү, тирүүбү, кандай болсо да өзү
азотеядан кергөн киши экени шексиз. Бул — Морис Жеральд эмес. Луиза жакын бастырып келип,
жерде сулк жаткан кишини карай баштады. Бул, албетте, мексикалык киши экени ачык.
«Өңү сулуу экен», — деп ойлоду креолка.
Бирок аттан ыргып түшүп, жаткан кишиге боору ооруп эңкейип кароого Луизаны анын сулуулугу
себеп болгон жок. Байланып жаткан киши өз абамбы деп корккон кишиси болбой чыкты, бирок боюн
бийлеп турган кубанганы кызды адамгерчилик кылууга түрттү.
«Өлбөптүр: дем алганын угуп турам».
Кыл арканды кыз чечип жиберди.
Жаткан киши эркин дем алалат. Бирок биерде эмне болушу мүмкүн? Ал эсин жыя баштады… Кудая
шүгүр! Азыр бардыгын билем.
— Эс ала түштүңүзбү, сэр?
— Сиз кимсиз, сеньорита? — деп сурады дон Мигуэль Диаз башын көтөрүп, чочугандай эки жагын
элеңдеп карап. — Тиги кайда?
— Ким жөнүндө сүйлөп жатасыз? Биерде сизден башка эч кимди көргөнүм жок.
— Carramba! Мына кызык! Боз ат минген аялды көргөн жоксузбу?
— Биерге жакындап калганымда, бир аялдын үнүн уктум эле.
— Туурараак айтканда — желмогуздун үнү деңиз; ал Исидора Коварубио де-лос-Ланостун үнү.
— Ошол аял байлап кеттиби?
— Ага каргыш тийсин! Ырас! Ал кайда? Айтыңызчы, сеньорита.
— Билбейм. Аттын дүбүртүнө караганда, ал тиги жалгыз аяк жол менен ылдый түшүп кеткен болуу
керек. Ошондой окшойт го. Мен биерге экинчи тараптан келдим.
— А! Демек, үйүнө кеткен экен го. Сиз абдан кайрымдуу экенсиз, сеньорита. Мына бул чалмадан
куткарганыңыз үчүн ыракмат. Балким, жардамдашып, эптеп атка мингизерсиз. Эптеп минсем,
ээрден жыгылып түшпөсмүн деген үмүтүм бар. Иши кылып, биерде мага мындан ары калууга
болбойт. Менин душмандарым биерден алыс эмес. Бери эле Карлито, — деп ал минип жүргөн
атына ун салды да, ошо замат кандайдыр бөтөнчө ышкырып жиберди. — Бери жакыныраак кел, бул
жакшынакай аялдан коркпо. Бизге шылдыңдап кордук көрсөткөн бу киши эмес. Кана, бери келчи,
жаныбарым, коркпо!
143
1 ПРОЛОГ
Ышкырыкты угуп, ат ордунан турган кожоюнуна жүгүрүп келди да, тизгининен кармаганда, былк
этпей туруп берди.
— Аз эле жардамдашыңыз, эптеп минүүгө жарай турган көрүнөм. Атка мингенден кийин, куугунтуктоодон
коркпойм.
— Өзүңүздү куугунтукташат деп ойлойсузбу?
— Менин душмандарым бар дебедимби сизге. Бирок анын баары коркунучтуу эмес. Шайым кеткенин
сезип турам. Мага жардам көрсөтүүдөн баш тартпассыз?
— Колуман келген жардамды жан-дилим менен көрсөтөйүн.
— Сизге абдан ыраазымын, сеньорита. Абдан ыраазымын!
Жаш креолка абдан убара болуп жатып, мексикалыкты атына мингизди.
— Кошуңуз, сеньорита, — деди Эль-Койот. — Ким экениңизди билбейм. Бирок мексикалык аял эмес
экениңизди көрүп турам. Менимче, америкалык болушуңуз керек. Бирок баары бир. Ансыз да сиз
кайрымдуу, жакшынакай экенсиз. Бир ыгы келип калганда, Мигуэль Диаз ушул кызматыңыздын
эсесин кайтарар.
Ушинтип айтар менен, Эль-Койот жөнөп кетти. Аттан жыгылып кетпегей элем деп тырмышып, ал
жай бастырды. Бир аздан кийин дарактардын арасына кирип, көрүнбөй калды.
Жаш креолкага ушунун баары түшүндө көргөндөй болду; кандайдыр жагымсыз болгонунан да,
көбүрөөк таң калтырды.
Бирок кыз ордунан туруп, Диаз таштап кеткен катты жерден алып окуганда., бул иллюзия дароо эле
таркай түштү. Кат Морис Жеральдга жазылып, «Исидора Коварубно де-Лос-Ланос» деп кол коюлган
экен.
Луиза атына араң эле минди.
Касса-дель-Корвого кайта келатканда, Леона дарыясынан өтүп баратып, суунун ортосуна келгенде,
атын токтото койду. Эси ооган эмедей, көзүн алайтып, ал сууга көпкө чейин карап турду. Өңү айласы
кеткендей болуп турду. Сууга дагы бир аз тереңирээк кирсе, Леонанын толкуну кызды түбөлүккө
жутат эле.
L глава
КОЙОТТОР МЕНЕН КАРМАШУУ =======================
Тикенектүү бадалдын арасынан абдан кыйналып жатып өткөн киши араңдан-зорго булактын
жанына эптеп жеткенде, Техастын кечки көгүлтүр көлөкөсү жерге түшө баштады.
Суусунун кандырып, ал көк чөпкө суналып жата кетти.
Буту ооруса да, анчалык какшаткан жок. Жарадар киши эми келечекте эмне болору жөнүндө
ойлободу, абдан чарчагандыктан, антип ойлоого чамасы да келген жок. Жорулар түнөгүнө учуп
кетти. Акациянын жука жалбырактарын термелткен салкын жел алдейлегендей таасир кылды да,
жапа чеккен киши бат эле уктап кетти.
Бирок ага көп уктоого туура келген жок. Жарааты дагы ооруй баштады да, ойгонуп, түнү бою кирпик
какпады. Чөөдөй жорткон койоттордун улуп-уңшуганы тынчын алды. Коркок карышкырдан ал
корккон жок, себеби, алар өлгөн кишиге гана тиш сала турганын ал жакшы билүүчү. Ажалым
жакындап калган экен деп, жарадар жигиттин оюна да келбеди.
Түн ага абдан узун өңдөнүп, таңдын атканын күтүп түгөтө албады. Акыр аягында таң атты, бирок таң
менен кошо кубангыдай эч нерсе болгон жок, таң менен кошо кара жорулар да кайра келе баштады.
144
1 ПРОЛОГ
Шашкедеги күндүн жарыгында жорулардын карарган көлөкөсү анын үстүнөн дагы калкыды. Курсагы
ачты, эптеп тамак табуу керек.
Жакыныраак жерде жаңгак өскөн токой бар. Бутактарда жаңгак көп, бирок жерден беш-алты футтай
бийик.
Жаны аябай кыйналганына карабастан, жарадар жигит эптеп даракка чейин жылып келди. Балдагы
менен ал бир нече жаңгакты кагып түшүрдү да, бир аз тамактанып алды.
Эми эмне кылуу керек?
Аерден кетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Кичинекей эле кыймылдаса, этинин какшатып оорутканына
чыдай албады. Шордуу бечара бирөө келип, жардам берет экен деп ишенген да жок. Үнү карыкканча
кыйкырса да, эч ким укпады. Ошого карабастан, анда-санда анын кырылдап чыккан кыйкырыгы
угулуп турду. Анысы ажал менен алпурушуп, бир дабаа болор бекен деп, анча-мынча үмүт кылганы
эле.
Тандагыдай эч нерсе болгон жок. Жаткан жеринде жата берүү керек эле. Ушундай корутундуга келип,
жарадар жигит көк чөпкө суналып жатты да, мүмкүн болушунча чыдайын деп белсенди.
Кээде онтоп жиберип турду. Этинин ооруганынан бүтүндөй шайманы кетип, ал айланасында эмне
болуп жатканын байкаган жок. Кара жорулар мурдагысындай эле төөсүндө калкып жүрдү. Бирок
жигит ага үйрөнүп калган, кээ бир жорулар анын башына канаты тийип кете жаздагыдай болуп абдан
жапыз учса да, ал такыр байкоо салган жок.
Бирок бул эмне? Дагы кандайдыр бир добуш чыккансыйт…
Булактын кумдуу жээги менен басып келаткан кандайдыр кичине буттардын дүбүртү чыкты. Ошол
дүбүрт энтиге-энтиге дем алуу менен аралаш угулду. Бул эмне болду экен деп, жарадар жигит
кылчайып карады.
«А, койоттор турбайбы», — деп ойлоду ал жээкте ары-бери жойлоп жүргөн бир жоон топ койотту көрө
коюп.
Ошого чейин ал корккон жок эле, коркок жырткычтарды көрүп кыжыры гана кайнаган болучу.
Демейде койоттор кишиге тиш салбай турганын, бирок кишинин чабал экенин, коргоно албай
турганын сезе койсо, алардын айгышып кете турганын ал эми эсине түшүрдү. Жапа чеккен кишинин
этин кактустун тикенектери тытып, кан агып жаткан.
Койоттор кандын жытын сезген экен, ошол жыт аларды абдан кызыктырды. Койоттор жемекчи
болгонуна жигит эми шек кылган жок.
Кудай жалгап, ан уулаганда ала жүрчү шамшары курунда кыстарылуу экен, башка эч кандай куралы
жок. Ээрге байланган мылтыгы менен тапанчасы ат менен кошо кеткен. Жарадар жигит шамшарын
сууруп чыгып, оң тизесине эптеп сүйөндү да, коргонмокчу болуп беленденип калды. Бир эле минута
буйдалса, кечигип калмак. Кандын жытынан делебеси козголгон сугалак койоттор жемекчи болгон
кишисине тиш сала баштады. Алты койот анын колуна, бутуна, денесине жабыла асылды.
Бардык күчүн жыйнап, шамшары менен коргонуп, койотторду жигит бир аз нары кууду. Бир-эки
койот жарадар болуп, каңшылаган бойдон четке чыга берди. Күрөш аябай эрегишип, өлүм менен
бүтчүдөй боло баштады. Бир нече жырткыч өлдү, бирок калгандары мурункусунан бетер өжөрлөнүп,
тиш сала берди. Жарадардын абалы үмүтсүз боло баштады. Жемекчи болгон кишисин жулкулоо
үчүн койоттор бир-бири менен жөөлөштү. Жигит бычагын шилтегилей берди, бирок колунун каруусу
кетип, шамшар койотторго анда-санда гана тийди. Ар минута сайын жигиттин дарманы кете берди.
Ажал көзүнө карап тургандай сыяктанды, .
145
1 ПРОЛОГ
Дал ошондой опурталдуу минутада жарадар жигит дагы бир жолу катуу кыйкырды. Кызык, анысы
үмүт үзүп кыйкыруу эмес, кубанып кыйкыруу эле. Андан да таңкаларлык нерсе: ошол кыйкырыкты
угар менен, койоттор тиш салганын токтотту. Өлдүм-талдым деп кармашып жаткандар бир аз
тымтырс боло калды. Бирок бул тымтырстыктын себеби — ал жигиттин кыйкырганы эмес эле.
Аттын дүбүртү, иттин арсылдап үргөнү угулду.
Жардам сурап, жарадар жигит кыйкыра берди.
Ат чукул келип калгандай сыяктанды. Бирок анын жалбарып кыйкырганын атчан киши кайдан
уксун. Эч кандай жооп болгон жок. Атчан киши жанынан өтүп кетти, Аттын дүбүртү алыстап, улам
күңүрт угула баштады.
Кайраттана түшкөн жырткычтар дагы тиш салганы жулунду. Күрөш дагы кайра башталды. Алдан
тайган киши өлүмдөн качып кутула албайт экемин деп, айласы түгөнгөнүнөн гана коргоно берди.
Аңгыча болбой, койоттор жегени жаткан кишисинен четтей берди: бу жолу бечара жигитти
кайраттандырган жактоочу келди.
Анын жалбарганына атчан киши жооп кайтарган жок эле, бирок ага жардам бергени ит калды. Бугу
тиштеп жүргөн дүрөк тайган кармашуу болуп жаткан жерди көздөй бет алды. Аргый-аргый секирип,
арсылдап үрүп, бадалдын арасынан тайган качырып сала берди. — Досум! Бактым бар экен! Досум.
Бадалдан атырылып чыгар менен тайган оозун аңырдай ачып, койотторду көздөй жүгүрдү. Тайганды
көрөр менен койоттор жемекчи болгон кишисин таштап, коркконунан чегине баштады. Бир
секиргенде тайган бир койотту баса калды. Куду чычкан өңдөнтүп, карышкырды тайган кекиртегин
үзө тиштеп, жерге көтөрүп урду.
Дагы бир карышкыр дал ошондой болду. Үчүнчү койот сулаган жок, өлгөн койоттордун жүрөгү
түшкөн туугандары куйругун кысып, уңулдаган бойдон качып жөнөдү. Бири калбай койоттор калың
бадалдын арасына кирип кетти.
Кыйналган киши андан башка эч нерсе көргөн жок. Шайманы биротоло кетип калган эле. Ал колун
сунуп, жылмая күлүмсүрөп өзүн куткарган тайганды кучактады да,
бирдеме деп күбүрөп, эсинен танып калды.
* * *
Эс-учунан тайып көпкө чейин жаткан жок. Жарадар бир аздан кийин эсине келди да, чыканактап,
эмне болду, дегендей эки жагын каранды,
Кармашуу болгон жерге карап, төбө чачы тик турду. Эгерде жарадар киши эс-учунан танып калбаса,
андан бетер укмуштуу тамашаны өз көзү менен көрөт эле.
Ал талаада эсинен танып жатканда, башы жок чабендес көрүнгөн эле. Жарадар киши уккан дүбүрт
ошонун атынын дүбүртү болчу; жардам сурап, жалбарса да, унчукпай кете берген ошол болучу. Ал
чабендес өтө кеч калып, берки шордууга жардам берейин деген эч кандай ниети да жок эле. Ал атын
гана сугармакчы болгондой сыяктанган.
Ат суусунун кандырганы булактын боюна келген. Суу ичкенден кийин ат бийик жерге чыгып,
жарадар киши жаткан талаадан оюн салып өтүп, бадалдын арасына кирип кеткен болучу. Чабендес
сулк жаткан кишиге эч кандай кунт койбой, жаткан кишини ат гана көрүп, кишенеп койгон. Ат
сымбаты абдан келишкен жылкы. Кишинин башы жок болучу.
Башы бар, бирок өз ордунда эмес. Башы ээрдин алдынкы кашында болгондуктан киши башын колуна
кармап жүргөндөй көрүнгөн. Ит үрүп, чабендестин артынан дагы жүгүргөн, бирок көп узабай эле
кайра келип, жарадар кишинин жанында жаткан.
146
1 ПРОЛОГ
Жарадар жигит дал ошондо эсин жыйган болучу. Тайганды эркелетип, ал жерге дагы суналып
жатты да, тызылдап тийген күндөн сактанып, башын плащтын этеги менен калкалап уктап кетти.
Тайган да жарадар жигиттин аягына жатып, үргүлөй баштады. Бирок ал улам ойгоно берди, сак
болуп, кайтарып жаткандай сыяктанды. Тайган мезгил-мезгили менен башын көтөрүп, төмөн түшүп
келаткан жоруларды кубалап, ырылдап үрүп турду.
Жигит түшүндө жөөлүп жатты. Анын кеберсиген эрдинен кандайдыр таң каларлык сөздөр чыгып
кетип турду. Анысы бирде ашык жарын чакырган, бирде кандайдыр өлтүрүү жөнүндө айтылган
дайынсыз сөздөр эле.
LI глава
ЭКИ ЖОЛУ МАС БОЛДУ ==================
Кожоюну жокто ичине кирип, карта ойногон кумарчылар күтпөгөн жерден чыга качкан, Аламодогу
жалгыз кепеге дагы кайта кайрылалы. Экинчи күнү түш болоюн деп калса да, кожоюну дагы эле
кайткан жок. Мурдагысындай эле Фелим кепеде жалгыз тура берди. Мурдагысындай эле мас болуп,
ал жерде сулк жатты.
Бардыгын туюндуруу үчүн баягы кумарчылар кепеден күтпөгөн жерден качып кеткен күнү эмне
болгонун айта кетиш керек.
Бети-башын боёп алып, столдо кумар ойноп жаткан үн мыкаачынын кебетеси Фелимдин мастыгын
уйкусу кангандан бетер таратты.
Андан кийин эмне болгонун ал ачык элестете алган жок. Боёнуп алган үч индеецтин күтпөгөн жерден
оюнду токтото коюп, картаны жерге ыргытып, өлтүрмөкчү болуп канжарларын суурганы гана анын
эсинде калган. Анан Фелимди өз жайына коюп, аларды чакырганы жүгүрүп келген төртүнчү индеецке
моюн сунуп, эшикти көздөй шашыла чыга качкан болушчу.
Мына ушунун баары кандайдыр жыйырма чакты секунданын ичинде болду эле. Фелим эс-учун
жыйганда кепеде эч ким жок болучу.
Ал уктап жаттыбы же басып жүрдүбү? Мас болгонунан көзүнө ошондой көрүндүбү же түшүндө
көрдүбү? Бул окуя чын болдубу же ушу күнгө чейин көз алдынан кете элек кубулушка окшогон акыл
жеткис дагы бир нерсе беле?
Жок, көзүнө андай болуп закымдап көрүнүшү мүмкүн эмес. Мыкаачыларды абдан чукул жерден
көргөндүктөн, ал булардын кадимки эле киши экенине шек санаган жок. Өзүнө түшүнүксүз тилде
сүйлөшкөнүн да ал өз кулагы менен уккан. Ал гана эмес, алар картасын да жерге таштап кетишкен
болучу.
Чыныгы картабы, жокпу деп аныктап билүү үчүн Фелим картанын бирин да жерден алайын деп
ойлогон жок. Ал кадимкидей эле соо, бирок картаны алып кароого батына албады. Карта колун
күйгүзүп кетпесине ал кантип ишенмек эле. Карта чын эле иблистин картасы экенин ал кай- дан
билсин!
Ою чалды-куйду болуп жатканына карабастан, Фелим кепеде калуу коркунучтуу экенин биле койду.
Боёнуп алган кумарчылар дагы кумар ойноо үчүн кайра келиши ыктымал. Алар аерге өздөрүнүн
картасын гана калтырбастан, мустангердин мүлкүнө да тийген жок. Ырас, кандайдыр бир маанилүү
нерсе аларды күтпөгөн жерден качып кетүүгө аргасыз кылды. Бирок алар ошондой эле күтпөгөн
жерден кайра келиши да мүмкүн.
Ушундай ою эсине келе калганда, ирландиялык жөн турбай аракет кылмакчы болду. Сактык
кылып, чыракты өчүрдү да, уурдана басып, бөлмөдөн чыкты. Каалганы ачып чыгууга батынган жок.
Үйдүн алдындагы аянтчага айдын жарыгы түшүп турган эле. Мыкаачылар кайдадыр жакын жерде
147
1 ПРОЛОГ
болушу ыктымал. Аттын терисин чегеден чыгарып, четке жылдырды да, дубалдагы ачыла түшкөн
жылчыктан сыгылып чыгып кетти. Сыртка чыкканда, Фелим кипаристин көлөкөсүнө жашына
калды.
Алды жагынан бир нече караанды байкай калганында, ал али ыраак кете элек эле. Ат чөп жеп
жаткандай дабыш угулду: анан аттын дүбүртү чыкты. Фелим тык токтой, кипариске далдаланып
тура калды.
Көп узабай, дүбүрт чын эле аттын дүбүртү экенине анын көзү жетти. Алар төртөө экен. Мустангердин
кепесин кумар ойноочу үйгө айландырган жанагы төрт жоокер экенинде шек жок. Аттар дарактарга
байланып коюлгандай сыяктанды; бирок аттардын жанында кожоюндары болушу да ыктымал.
Ушундай ой эсине келе калганда Фелим бурулуп, башка тарапты көздөй баскысы келди. Бирок дал
ошол учурда ал экинчи тараптан чыккан добушту: опузалап, буйрук берип сүйлөнгөндөй бир нече
кишинин үнүн уга койду. Анан корккон кишилердин үнү, анын артынан иттин үргөнү угулду. Анан
дагы тымтырс боло калды да, бир нече киши коркконунан карбаластап, бадалды аралай качып
келаткансып, бутактардын кычырап сынганы угулду.
Фелим кулагын түрүп, тыңшап тура берди, берки кишилер кипариске жакындап калды. Бир нече
секундадан кийин алар аттарынын жанына келди да, аярлап турбастан, аттарына ыргып минип,
чапкылап кетишти.
Төрт качкын айдын жарыгы түшүп турган тилкеге чыкканда, Фелим алардын жылаңачтанып, кызыл
боёк менен боёп алган жонун ачык көрдү. Ошол төрт индеец мустангердин кепесинде болгон жанагы
немелер экенин ал тааный койду.
Төрт чабендес өр менен тегиз жерге чыгып, прерия менен таскактатып жөнөгөнүн аттын дүбүртүнөн
ачык билгенче, Фелим ордунан жылбай тура берди.
Беркилер узап кеткенден кийин ал бугуп тургам жеринен чыкты да, алаканын шак уруп, сүйлөп
жиберди:
— Ыйык Патрик! Бу эмне деген кеп! Бу шайтандарга биерде эмне керек эле? Буларды кубалап жүргөн
ким болду экен? Буларды кимдир бирөө абдан коркутканы ачык. Ошол коркуткан неме баягы болуп
жүрбөсүн? Кудай ур- сун, дал ошол экен. Тайгандын арсылдап үргөнүн, анан башы жок чабендестин
артынан жүгүрүп кеткенин уккам. Ой, тобо, бул эмне деген шумдук? Чын эле жанагы башы жок
чабендес ушулардын артынан биерге чапкылап келип жүрбөсүн?
Табышмактуу чабендес менен дагы жолугушуп калбагай элем деп коркконунан, Фелим дарактын
артына дагы далдаланып калды. Эмне болор экен деп жүрөгү опколжуп, бир кыйлага чейин ошерде
турду.
«Бу деги мистер Мористин тамаша кылган жоругу болуш керек. Үйгө кайта келатып, ал мени
коркутмакчы болгон окшойт. Дал учурунда келип, жанагы териси кызыл немелерди коркутканы
жакшы болбодубу, антпесе алар бизди өлтүрүп, тоноп кетмек эле. Бир кыйла убакыт өттү окшойт.
Жакшы эле ичкеним эсимде. А эми мастыктын кыпыны да калган жок… Баса, менин тиги чоң
бөтөлкөмү таба алышкан жокпу экен? Түсү кызылдар бул мүрөктүн суусун ак түстүү бизден кем
көрбөйт дегендерин уктум эле. Кудай атып, алар жытын сезип калса, анда бир тамчы да калган
эместир! Кайра барып, текшерип көрүү керек. Эми алардан корккудай эчтеме жок. Ушунчалык катуу
качышты, азыр алардын изи да сууп калгандыр».
Буктурмадан чыгып, Фелим кепени көздөй басты. Ал этияттык кылып, жакын жерде эч ким жок бекен
деп, бир нече жолу токтолду. Көңүлүн жубатуу үчүн өзү ойлоп тап- кан гипотезага карабастан, Фелим
жанагы башы жок чабендес менен жолугушуп калбагай элем деп, дагы эле корко берди.
148
1 ПРОЛОГ
Бирок ичкиси келип эңсегени коркконун басып кетти да, Фелим анчалык чамдабаса да, акырындап
отурду. Акырында, ал кепеге уурданып кирди.
Чырак жаккан жок. Чоң бөтөлкөнү кармалап табуу ал үчүн кыйын эмес, бөтөлкөнүн кай жерде
турганын өтө жакшы биле турган.
Бирок эңсеген жеринен бөтөлкөнү тапкан жок.
— Шайтан баскырлар! Бөтөлкөнү табышкан окшойт. Болбосо, эмне үчүн ордунда жок? Тетиги
жерге койгом. Ордуна койгонумду дал азыркыдай эстеп турам… А, биерде белең, алтыным! — деп,
ал акырында сыйпалап жүрүп чоң бөтөлкөнү таап алды. — Айбандар, бир тамчы да калтырбай
соолтушуптур. Тиги дүйнөгө барганда, түсү кызыл ууруларды шайтан тозокко салып кыйнасын!
Уктап калган кишинин шарабын уурдашат, э! Ой тобо! Эми эмне кылам? Дагы уктаганы жатамбы?
Алар жөнүндө дагы башка нерселер жөнүндө ойлоп жатып, кантип уктайсың? Бир аз ичпесем,
жаным тынбайт. Бир да тамчы калбаптыр… Токто! Ыйык Патрик! Мен эмне деп жатам? А, фляга
толтура эмес беле! Сандыкка катып койбодум беле! Мистер Морис акыркы жолу сеттльментке
кетеринде, жолго иче кетсин деп оозуна чейин толтура куюп койгом. Ал ала кетпей унутуп койсо
керек эле. Жанагы өңү суук индеецтер таап алышса, кудай өзүң кечире көр, анда мен жинди болуп
кетем!
— Жаша, жаша, ура! — деп Фелим кыйкырып жиберди, сандыкты ачып аңтаргандан кийин. — Ура!
Мына бакыт! Жанагы индеецтердин оюна сандык кирген эмес экен… фляга толтура — бир тамчысына
да эч ким тийбептир! Жаша, жаша, ура!
Кереметтүү таасири бар байлыктын кожоюну кубанганынан кыйкырып жиберип, караңгы бөлмөдө
бийлей баштады.
Анан тыгындын ачылганы, бөтөлкөнүн оозунан ирландиялыктын оозуна суюк бир нерсе тез куюлуп
жатканын билгизип, кулкулдатып жутканы угулду.
Бир аздан кийин кулкулдаган добуш токтолуп, кумары жазылгандай тамшанып, кубанган добуш
чыкты.
Бошогон фляга жерге түшүп ток эткенче, ошол кулкулдатып, тамшанган добуш угула берди.
Анан, мас кишинин бирде ырдап, бирде обу жок каткырганы, түсү кызыл команчалар менен башы
жок чабендес жөнүндө байланышсыз сөздөр угулду. Акырында, мас болгон чечен тынбай корулдап,
коңурук тартканга чейин башынан өткөргөн укмуш жөнүндөгү сөздөр улам басаңдай кайталана
берди.
LII глава
ОЙГОНУУ ==========
Фелим биринчи жолкусунан экинчи жолу көбүрөөк уктады. Акырында ойгонуп көзүн ачканда, түш
болуп калган эле; өзүнүн эрки менен ойгонгон жок, тике эле башына куюлган бир чака муздак
суудан ойгонуп, акырында көзүн ачты. Анын мастыгын түсү кызыл мыкаачылардан бир чака суу кем
тараткан жок.
Бул душту ага Зеб Стумп уюштурду.
Каса-дель-Корвонун дарбазасынан чыгып, картаң мергенчи Нуэсес дарыясынын башталган жерин
көздөй эң төтө жол менен жөнөдү. Ал прерия менен тике салып, андан өзүнө жакшы белгилүү жалгыз
аяк жол менен жүрүп отурду.
Луиза Пойндекстер өзүнө айткан сөздөн картаң мергенчи Морис Жеральддын зор коркунучта
калганын ачык түшүндү. Пойндекстердин отряддары менен жолугушпоого тырышып, Аламого
Стумп беркилерден тезирээк жетүүгө. . Шашты.
149
1 ПРОЛОГ
Эгерде регуляторлор менен жолугушуп калса, киши өлтүрдү деп жалаага калган жигиттин үйүнө
эриксизден жол көрсөтөрүн ал билген.
Кепеге анча-мынча жер калганда, Аламонун жапыз жээгиндеги бадалдын арасына Стумп атын байлап
коюп, жөө басты.
Мустангдын териси капталган каалга чала жабылып, ортосунда аңырайган тешик бар эле. Бул эмне
деген кеп?
Картаң мергенчи дабышын чыгарбай, кепени айлана басып, дарактын далдасы менен кепенин арт
жагындагы бастырмага келди; чөгөлөп отура калып, кулагын түрүп тыңшай баштады.
Кепеден бирөөнүн корулдап коңурук тартканы угулду. Зеб Стумп эшиктин жылчыгынан шыкаалап
карап, жерде уктап жаткан Фелнмди көрдү. Эми этияттык кылуунун зарылдыгы жок. Мергенчи
ордунан турду да, кепени дагы бир айланып келип, эшиктен кирди. Каалга жабык эмес эле. Таңылып,
жерде жаткан буюмдарды көргөнчө, ал Фелимди ойготкон жок. Зеб эки ойлуу болуп тура калды.
«Буюмдарын бекер таңышкан эмес окшойт. А! Билдим: Морис жакында биерден кетем деп айтпады
беле. Бул азамат жөн уктап жаткан эмес окшойт, өлгөндөй мас экен. Кызык, вискиден бир тамчы
болсо да калтырды бекен? Ан, кайдан калтырсын… Мына тыгыны жок бөтөлкө да жерде жатат, мына
бу жанаша жаткан фляга да бош экен. Шайтан сайгырдын аракечи — бүткүл бордуу прериядан да
суюктукту бул кем жутпайт!..
Испандардын картасы! Бүт карта чачылып жатат. Картаны бул эмне кылмак эле? Сыягы, мас болуп
алып, төлгө тарткан окшойт. Бирок каалганы ким тешип, бу дубалдагы тешик каякка чыккан?
Себебин бул мага түшүндүрүп бере алар. Ойготуп, сурап көрөйүн»,
— Фелим! Фелим!
Гальвеец жооп берген жок.
— Фелим, бул менмин! Фелим!
Жооп болгон жок. Жарым миляга угулгандай кылып, мергенчи катуу кыйкырса да, Фелим былк этпей
уктап жата берди. Зеб ал мас болуп жаткан немени күчүнүн бардыгынча жулкулдата баштады; жооп
ордуна кандайдыр ыңгыранган добуш угулду; бирок ошол замат эле мурдагысындай корулдаган
коңурук кайра чыкты.
«Эгерде коңурук тартпаса, мен муну өлүп калган го деп ойлойт элем. Өлгөндөй мас экен… Мас
экендигинде шек жок. Бирок муну кантип эсине келтирсем?»
Бурчта турган чакага картаң мергенчинин көзү урунуп калды. Чакада толтура суу бар эле.
Мыйыгынан күлүп, Зеб чаканы көтөрдү да, уктап жаткан эменин бетине суулу жаба куйду.
Суу жаба куйганы күткөн натыйжага жеткирди. Фелим ойгонгону менен масы толук тараган жок.
Анын энтелеп чакырганына картаң мергенчинин каткырып күлгөнү кошулуп кетти.
Акырында экөө тең тынчып, олуттуу сөзгө кирише башташты. Фелим көзү көргөн укмуштун
таасиринен али кутула элек эле. Зебдин обу жок тамаша кылганына ал таарынган жок, өзүнүн
көргөн-билгендерин айтып берүүгө жараганына ал абдан кубанды. Шумдуктуу чабендес жөнүндө
Зеб андан биринчи жолу укту.
Зеб адегенде Фелимди шылдыңдап күлүп, эски аракечтин «кыялынын ойногону» деди. Ошондой
болсо да, Фелим бул айтканым чын, өз көзүм менен көрдүм деп ырастай баштаганда, өзүнө белгилүү
башка кырдаалдар менен анын көргөнүн салыштырып, картаң мергенчи ойлонуп калды.
150
1 ПРОЛОГ
— Кантип эле жаңылайын! — деп чебеленди ирландиялык. — Мистер Мористи дал сизди көргөндөй
көрбөдүмбү. Башынан башкасын бүт көрдүм. Атын бура тартканда, башын да көрдүм. Анын үстүндө
мексикалыктардын серапэси, бутунда ягуардын терисинен тигилген өтүгү бар экен. Анын аргымагын
кантип тааныбайын? Баса, айтам деп унутуп кетипмин, Тара да анын артынан кетти. Анан тайгандын
индеецтерге арсылдап үргөнүн уктум.
— Индеецтер? — деп жиберди мергенчи, ишенбегендей башын чайкап. — Испаниялыктардын
картасын ойногон индеецтерби? Сыягы, түсү ак индеецтер окшойт?
— Аларды сиз индеецтер эмес деп ойлойсузбу?
— Менин ойлогонумдун баркы жок. Аркы-беркини териштирип отурууга азыр убакты жок. Сүйлө:
дагы эмне көрүп, эмне уктуң?
Акырында Фелим өзүнүн баянын бүткөндө, Зеб ага башка суроо берген жок. Кепеден чыгып, кек чөпкө
суналып жата кетти.
Ал өзүнүн ой-пикирин териштирип билгиси келди. Фелимдин айткандары бардыгын мурдагыдан
бетер чатыштырып жиберди.
Буга чейин жалаң Генри Пойндекстердин жок болгону гана белгилүү эле: малайынын сөзүнө
караганда, мурунку күнү эртең менен келүүгө тийиш болгон мустангердин үйүнө алигиче кайтпаганы,
эми ишти андан бетер татаалдаштырып жиберди.
Мустангерди прерияда атчан көрүшкөнү, бирок башынын жоктугу, бар болсо да башын колуна кармап
жүргөнү жөнүндө айтылган укмуштуу аңгеме бүтүндөй табышмак болду. Бул иш кимдир бирөөнүн
кылган жоругу болушу гана мүмкүн.
Киши өлтүрүлүп, сеттльменттин калкынын теңи ошол өлтүрүлгөн кишини издеп жүргөндө, мындай
обу жок тамаша кылуу, албетте таң каларлык. Кылмышка айыптуу башка бирөө эмес, дал Морис
Жеральд деп эсептешкенде, бул иш андан бетер чындыкка окшогон жок.
Кандайдыр таң каларлык кырдаалдардын же, тагыраак айтканда, кандайдыр бир баш-аламан
окуялардын чиеленген сүрөтү Зеб Стумптун кез алдына келди. Көрүнөө себепсиз болгон окуя,
көрүнөө натыйжасыз себептер, түшүнүксүз делөөрүү боюнча кылмыш кылуу, албетте, таң каларлык.
Кандайдыр табышмактуу, түшүнүксүз окуя болгон өңдөндү…
Морис Жеральд менен Луиза Пойндекстердин түн ичинде көрүшкөнү, ошол көрүшүүнүн кесепетинен
кыздын агасы менен болгон жаңжал, Мористин прерияга кеткени, Жеральддан кечирим сураганы
анын артынан Генринин кеткени — мына ушунун баары толук түшүнүктүү, табигый иш. Бирок андан
ары баары чаташып, карама-каршы болуп кетти.
Морис Жеральддын Генри Пойндекстерди жакшы көрө турганын Зеб Стумп биле турган. Ал жигит
жөнүндө Морис нечен жолу сүйлөп, аны жаман көргөнүн же аны менен касташканын эч качан
сездирген эмес; кайра Генринин асыл заттык сапаттарын айтып, төбөсү көккө жете турган. Морис
жигит менен достуктан кетишип, аны өлтүрдү деп жоромолдоо такыр чындыкка окшобой тургандай
көрүндү.
Акылынын опсуз айкындыгына, ар нерсе анализдей билүүгө жөндөмдүүлүгүнө карабастан, Зеб Стумп
ушул татаал драманын жүйөлүү жандырмагын таба алган жок. Ал бир нерседен гана шек санады:
өзүнүн оюнча индеец эмес, төрт чабендес Мустангердин кепесине чабуул коюшу кандайдыр өлтүрүү
менен байланыштуу болушу ыктымал.
Бирок ошол кишилердин кепеге келиши, кепенин кожоюнунун жоктугу Стумпту дагы күйүттүүрөөк
божомолго алып келип такады: эми ага бир гана киши өлтүрүлбөстөн, бадалдын арасынан эки
кишинин өлүгүн издөөгө туура келчүдөй сыяктанды.
151
1 ПРОЛОГ
Ушундай пикир эсине келгенде, картаң мергенчинин үшкүрүгү таш жарды. Ирландиялык жигитти
баласы сыяктуу жакшы көрүүчү. Морис Жеральддын караңгы бадалда чыккынчылык менен
өлтүрүлүшү, анын өлүгүн азыр кузул менен койоттор жеп жатышы мүмкүн го деген ой караң
мергенчинин сай-сөөгүн какшатып, зээнин кейитти. Канчалык көбүрөөк ойлонгон сайын, ал
ошончолук катуу үшкүрүнө берди. Акырында, мындай кыйын күйүткө чыдай албаганын сезе коюп,
Стумп ордунан ыргып турду да, ары-бери баса баштады. Ал өч алмакчы болуп кекенди.
Картаң мергенчи өзүнүн кайгылуу күйүтүнө өтө берилип кетип, мустангердин чоң тайганы жанынан
жүгүрүп өткөнүн байкабай калды.
Тайганды көрө коюп, Фелим кубанып кетти. Өзүнө кайрылып бирөөнүн кыйкырганын укканча, Зеб
Стумп көңүл кош эмедей болуп көрүндү:
— О, мистер Стумп, Тараны караңызчы! Мойнунда байланган бирдемеси бар экен! Үйдөн кеткенде
мындай эчтемеси жок эле. Муну эмне деп ойлойсуз?
Чын эле тайгандын мойнунда бугунун терисинен тигилген кайыш бар экен; кайыштын астынан
кандайдыр кичинекей пакетке окшогон бирдеме көрүнүп турду.
Зеб бычагын алып, итке эңкейди: ит коркконунан кетенчиктей берди. Бирок анан анын эч кандай
жаман ою жок экенин түшүнө койгонсуп ит тынч туруп берди.
Мергенчи кайышты кесип, пакетти тилди да, пакеттин ичиндеги визит карточканы сууруп чыкты.
Пакетте кандайдыр кызыл сыя менен, сыягы кан менен жазылгандай, жазуу бар экен.
Зеб окуй баштады. Эмне жазылганын ал дароо эле ажыратты. Эс ала түшкөнсүп, үшкүрүп жиберди.
— Тирүү экен, Фелим! Тирүү экен! Мына муну карачы… Э, баса, сен сабатсыз эмес белең! Мени окууга
үйрөткөн картаң мугалимиме ыракмат. Баары бир. Тирүү экен! Ал тирүү экен!
— Ким? Мистер Мориспи? Кудайдын кудуретине алкыш айтыш керек!
— Токто! Кудайга алкыш айтып отургудай, азыр убакты эмес. Одеяло менен кайыш аркан алып чык.
Мен бээмди алып келгиче, алып келе кой. Ылдамыраак кыймылда! Бир минутага да буйдалууга
болбойт, антпесек кечигип калабыз!

#56 07 June 2017 - 07:50
LIII глава
ДАЛ ҮСТҮНӨН ЧЫГЫШТЫ ===================
Жанагинтип айтар менен картаң мергенчи кепеден чыгып, жолго түштү.
Анын айтканы абдан туура, бир минутага да буйдалууга болбойт.
Кан менен кат жазган кишиге жардам берүү үчүн мергенчи дал шашып бараткан убакта, жарадар
бечаранын башына дагы өлүм коркунучу түштү — койоттор аны дагы айландырып тооруй баштады.
Бирок ал корко турган нерсе — бул эмес. Мындан да коркунучтуу душман менен кармашууга туура
келди да, шордуунун өлүмүнүн акыркы эсептелүү минуталары калды.
Панама менен плащ кийип, жарадар болуп жаткан киши — Морис Жеральд экени окуучулар үчүн
анык чыгар. Коноттор менен жанагы айтылгандай кармашкандан кийин Таранын кийлигишүү
аркасында аман-эсен калган жигит эми алынын кеткенин сезип, уктагысы келди.
Досунун бар экенинен көңүлү тынчып, ишеничтүү ити аны эч кимге кор кылбай турганын — жалаң
канаттуу жырткычтардан гана эмес, төрт аяктуу жырткычтардан да сактарын билип, бир аздан кийин
эле тырп этпей уктап калды.
Бир нече сааттан кийин ойгонуп, ал тыңып калганын, эми өзүнүн абалы жөнүндө камырабай ойлоого
чамасы келерин ачык сезди.
152
1 ПРОЛОГ
Тайган аны койоттордон аман алып калды, койоттор дагы тиш салса да, иттин жардам береринде шек
жок. Бирок апаң эмне болот? Үйүнө эптеп кетүүгө чамасы келбейт. Биерде калса, ачкадан, балким
жаракатынан өлөт.
Жарадар жигит ордунан турду, бирок керилип, боюн жаза алган жок. Бөкчөйүп, бир-эки кадам шилтеп
көрдү, бирок кайта жатууга аргасыз болду. Алы бүтүндөй кеткенинен башы айланып турду. Дал ошол
кыйын минутада күтпөгөн жерден бир жакшы ой эсине түшө калды: «Тара үйгө кабар алып барышы
мүмкүн».
— Тайганды үйгө эптеп кетире алсам, жакшы болор эле! — деп, ал сынагандай итине карады. — Бери
кел, аздегим, — деп Морис тили жок досуна кайрылып, сөзүн улантты, — сен мага почтальон болуп,
мына бу катты үйгө алып барсаң жакшы болор эле, түшүнөсүңбү? Мен кат жазганча сабыр кыла тур,
анан бат эле сага жакшылап түшүндүрүп берем.
Жигит колун чөнтөгүнө салып, карточкасын алып чыкты.
— Жаза тургандай кагаз бар экени жакшы болду. Карандаш жок. А да кеп эмес, биерде сыя толуп жатат,
а калам учтун ордуна мына бу агаванын тикенеги мага жардам берет.
Дарактын жанына жылып барып, жалбырактын учунда сороюп турган узун тикенектин бирин
сындырып алды да, койоттун канына малып, жаза баштады.
Катты жазып бүткөндөн кийин жарадар жигит бугуну, терисинен жасалган жаргактан тилип алды
да, иттин мойнуна байлап койду. Панамасынын астарынан айрым алган, суу өткөрбөгөн чүпүрөккө
Карточканы жакшылап ороду да, иттин ошол замат өзү жасаган каргысынын арасына тыгып койду.
Эми итти почтальондун милдетин аткарууга көндүрүү гана калды.
Итти көндүрүү өтө кыйын эле. Өтө билгичтигине карабастан, ишеничтүү ит өзү өлгөндөй жакшы
көргөн кишисин ушундай кырсыкка эмне үчүн таштап кетиши керек экенин такыр түшүнгөн жок.
Үйгө кеткин деп жалынып жалбарса да, көпкө чейин былк этпей тура берди. Өзү жакында эле ажалдан
куткарып калган кишиси кара күчкө ачууланымыш болуп, балдагы менен бир чапкандан кийин гана
ит моюн сунуп, жөнөп кеттп.
Ошентсе да Тара бир нече жолу кайрылып, жемеленгең эмече кожоюнун карап алды.
— Кайраным! — деди Морис тайган бадалдын арасынан көрүнбөй калганда, үнүн аяган эмедей
чыгарып. — Бул итти урганым өзүмдү, же эң жакын көргөн досумду урганым менен барабар. Айла
барбы, эчтеке эмес. Сенин да бир керегиңе жарармын. Эми койоттор дагы тиш сала баштаса, кандай
коргонуу жөнүндө ойлошум керек. Жалгыз калганымы сезип, койоттор келбей койбойт.
Кандай сактануу планы бышып жетилди.
Мурда биз айтып өткөн жаңгак дарагы жанында. Анын бир-эки бутагы жерден алты-жети футтай
бийиктикте бир-бирине тийишип, туурасынан өскөн эле.
Жеральд плащынын этегинин бир нече жеринен бычагы менен тешип, анан креп шарфын ороп туруп,
узатасынан экиге айырды да, узундугу бир нече ярд болгон кур кылып койду. Андан кийин плащын
эки бутактын ортосуна керип, тамак сыяктантып айрылган шарфын эки бутакка байлап койду.
Койоттордун даракка чыга албасын, ошондой илинүү турган төшөккө чыгып, койотторду камырабай
карап жата ала турганын жакшы билген.
Ошондой асма төшөктү орноштурам деп ал абдан убара болду. Себеби, койоттордун кайра келе
турганына көзү жеткен. Чын эле бир аздан кийин карышкырлар көрүнө баштады. Эки жагын
элеңдей карап, уурданып келе башташты. Бир-эки кадам алга басып, эки жагын караганы улам
153
1 ПРОЛОГ
токтой калып турду. Мурда кармашуу болгон жерге акырындап жакындай берди. Иттин жок экенин
билгенден кийин карышкырлар ууруп-чууруп бат эле үйүр-тобу менен келип жетти.
Коркок айбанат үчүн мүнөздүү, өлчөөсү кургандай сугалактыкты Морис көрүп турду. Карышкырлар
адегенде өздөрүнүн өлгөн туугандарынын өлүгүн жей башташты. Жыйырмага чейин санап
үлгүргөнчө, алар шапылдатып жулмалап жеп жиберишти. Койоттор анан кишини көрө койду.
Гамагын илип, мустангер аны калкалап жашырган жок, жерден бир кыйла бийик, ошондуктан ага
коркунучсуз өңдөнүп көрүндү.
Кандуу тамак жырткычтардын аппетитин араандай ачыртты окшойт, эми алар кан болгон тумшугун
тили менен жалаңдата ######, жыгачтын түбүндө турду. Коркок айбанаттар анын бутуна жете жаздап
секирсе да, Морис аларга карап да койгон жок.
Бирок ал алдан көрбөгөн дагы бир коркунучтук бар эле. Бекер эле убара болгондоруна көзү жеткенсип,
жырткычтар дарактын түбүнө ынтыгып жатып алды. Мустангерди эми бул коркутууга тийиш эмес
өңдөндү. Себеби, тамагында өзүн коркунучта эместей сезди. Эми мурдагысынан бетер минута сайын
көбүрөөк кыйналып суусаганы кайра башталбаса, ал камырап да койбойт эле.
Даракка чыгар алдынан эмне үчүн ошол суусары жөнүндө ойлобогонуна ыза болду. Сууну запас
кылып өзү менен кошо ала чыгуу анчалык кыйын эмес эле. Булак жанында болучу, а агаванын
бүктөлгөн жалбырагы идиш боло алат эле.
Эми антүүгө кеч болуп калды. Чаңкап суусаганы улам күчөгөндөн күчөй берди. Тооруп жаткан
койотторду аралап булакка баруу мүмкүн эмес, төшөгүнөн түшүп, сууга барса, ажалы жетет болчу.
Кансырагандан кийин суусаганы ого бетер күчөдү. Кыйналганына чыдай албады. Кыйналганынан
бу жолу көзүнө ар түрдүү нерселер көрүнө баштады. Карышкырлар он эсе көбөйүп, эми алар жүз эсе
эмес, миң болуп талаага толуп кеткен сыяктанды. Жайнаган карышкырлар улам жакындай берди.
Алардын көзү адамдын үрөйүн учуруп, жалжылдап кетти. Кыпкызыл болгон тилдери салаңдап
турган плащка тийип турду. Плащтын салаңдаган этегин арсайган тиштер менен жулкуп, үзө
баштады. Секиргенде алардын оозунан чыккан сасык жыт Мориске сезилип турду.
Эс-учун жыя калганда, ушул көргөндөрүнүн баары оору кишинин алдастап, кыялына ар нерселер
келип жатканы экенин мустангер ачык көрдү. Карышкырлар өзүнүн туткунун кайтарып, көк чөптө
жайбаракат жата берди.
Ушундай учурлардын биринде Жеральд күтпөгөн жер. ден түшүнүксүз өзгөрүүнү көрө койду:
койоттор капысынан ыргып туруп, чытырман бадалды көздөй жүгүрдү. Заматта эле карышкырлардын
бири калбай жок болуп кетти.
Бул жөн эле эсеңгирөөдөн көзүнө көрүнүп жаткан нерсе беле? Жок, азыр анын акыл-эси жайында
болчу.
Карышкырларды эмне коркутуп жиберди?
Кубанганынан Морис кыйкырып жиберди. Тара кайра келгендей сыяктанды. Балким, ит менен кошо
Фелим да келгендир. Ит катты алып барып жеткиргендей убакыт болгон эле. Койоттордун камап
жатканы эки сааттай созулду. Морис эңкейип, эки жагын карады. Тайганы да, малайы да көрүнгөн
жок. Дарактын бутактары менен бадалдан башка эч нерсе жок. Жигит кулагын түрүп, тыңшап калды.
Дагы эле качып бараткансыган койоттордун улуганынан башка, эч кандай дабыш чыккан жок. Дагы
кайтадан жөөлүп жатып жүрбөсүн? Карышкырларды качырган эмне болду? Бирок баары бир жол
бошоп калды. Булакка басып баруу эми коркунучсуз. Булактын суусу көз алдында жылтылдап жатты.
Суунун шылдырап акканы кулагынын кычуусун кандырды.
154
1 ПРОЛОГ
Ал дарактан түшүп, булакты көздөй басты. Бирок сууга эңкейер алдынан Морис дагы эки жагын
каранды.
Эмне экенин айра биле албай таң калганын анын суусап турганы да басып кете алган жок.
Иттин жакындап келатканын көрө коюп, койоттор күтпөгөн жерден качты го деген үмүтүн үзбөсө да,
баары бир чочулап турду. Анын алдан сезгени төгүн эмес экенине ишенүү үчүн анын бир караганы
эле жетиштүү болду. Көк чөптүн арасынан ягуардын чаар ала сары терисин ачык көрдү. Куду жылан
сыяктуу, өзүнүн ичке, узун тулкусун ийреңдетип, ягуар бадалдын арасынан чыгып келатты.
Карышкырлардын эмне үчүн качканы эми түшүнүктүү болду.
Жырткычтын кандай ою бар экени да эми ачык болду: ал кандын жытын сезип, кан төгүлгөн жерге
шашып келаткан эле. Өзүнүн жаалдыгы жагынан Эски Дүйнөдөгү өзүнүн тууганы жолборстон кем
калышпаган, Жаңы Дүйнөнүн ушул эң каардуу жырткычы кандуу тойдун жемин бөлүшүп жегиси
келгени кыймылынан сезилип турду.
Дарактан түшүп келаткан кишиден ал көзүн албай карап келатты. Адегенде ал акырын жылып, анан
улам ылдамдап, секирмекчи болуп беленденип калды.
Даракка кайра чыгуунун эч кандай пайдасы жок эле: куду мышык сыңары, ягуар да даракка кыйын
чыгат. Андай экенин мустангер жакшы бөлчү, бирок билбесе да, жыгачка кайра чыгуу баары бир
кеч болуп калган. Мустангер айланышкан дарактан ягуар өтүп кетти, дагы чыккандай жакын жерде
башка дарак жок эле.
Жан талашкан бечара жигит тике эле сууга кире качты. Эгерде Морис ойлонсо, сууга кире качканынан
эч кандай пайда жок экенин түшүнөт эле, себеби, ягуар жалаң даракка чыга билгени мындай турсун,
сууда да кундуздан бетер сүзөт. Ягуар сууда да, кургак жерде да бирдей коркунучтуу. Морис антип
ойлонгон жок. Ойлонуп аркы-беркини териштирбестен, Морис өзү кире качкан суу аны аман сактап
калчудай сезди.
Сууга бел курчоосуна чейин кирип, Жеральд бүтүндөй үмүтүн үзүп, токтой калды. Эми эч кандай айла
калган жок. Сактана турган эч нерсе жок: мылтыгы да, тапанчасы да, бычагы да, кала берсе балдагы
да жок эле. Колу менен кармашуу баары бир аны аман сактап кала албайт болучу.
Чаар ала жырткыч секирмекчи болуп, бүрүшө калганда, шордуу жигиттин оозунан амалы
түгөнгөндөй кыйкырык чыкты.
Куду жаңырык сыяктуу, мустангердин кыйкырыгына жооп кайтаргансып, досунун кыйкырыгы
угулду да, ошол замат эле мылтык тарс дей түштү.
Ошону менен бирге ягуар да өкүрүп жиберди. Баса калмакчы болгон кишисине секирүү ордуна, ал
сууга оңкосунан сайылды.
Килейген тайган бадалдын арасынан атырылып чыгып, сууга секирип түштү. Бою эбегейсиз узун
киши жээкти көздөй жакындап келип калды. Орто бойлуу дагы бир киши анын артынан ээрчип,
кубанганынан абаны жаңыртып, кыйкыра берди.
Ошол добуш менен элестер жигитке чындыктан көрө түш сыяктуу болуп көрүндү, ошол коркунучтуу
күнү анын өз көзү менен акыры көргөнү ушул эле. Андан кийин ал эмне кылганын түшүнгөн да, эч
нерсе эсинде калган да жок. Өзүнө эреркеп келген ишеничтүү итин жарадар жигит муунтуп өлтүргүсү
келди, өзүн суудан алып чыкмакчы болгон досунун кыса кармаган кучагынан чыгууга далбас урду.
Ошол күнү башынан өткөргөн укмуштары адамдын акыл-эси үчүн өтө оор сынак эле, андан
чымырканууга Морис туруштук бере алган жок. Шумдуктуу чындыктын окуяларын түшүнүүгө
чамасы келбей, мурдагысынан бетер эс учунан ажырап калды. Ал далбастай баштады.
155
1 ПРОЛОГ
LIV глава
ПРЕРИЯНЫН ЗАМБИЛИ =================
Мустангерди Зеб Стумп ажалдан алып калды. Катта жазылган сөздөн улам, картаң мергенчи ошол
жерге тезирээк жетүү үчүн колунан келишинче шашкан болчу.
Ал дал учурунда, ягуар секиргени беленденип калганда келип жетти. Бакытка жараша Зеб бута атым
жерге келип калган эле.
Катаал жырткычтын жүрөгүнө тийген ок, анын секир- генин токтоткон жок, бирок ал жырткычтын
акыркы секириши болду.
Картаң мергенчи сууга секирип түштү.
Бирок аерде анын өзүнө кол салынды. Ага ягуардын тырмагы эмес, өзү өлүмдөн алып калган кишинин
колу тие баштады, акылынан тайыган жигит өзүн аман алып калган кишини муунтмакчы болду.
Зебдин бактысына, мустангердин бычагы бери жакта калган эле. Мергенчи мылтыгын ыргытып
жиберип, кол салган киши менен кармаша баштады. Күрөш бир кыйлага созулду. Акырында Зеб
ирландиялык жигитти кучактап алып, жээкке алып чыкты.
Бирок оорулуу жигит беркинин колунан бошонгонун сезе коюп, ордунан ыргып турду да, буту такыр
оорубаган эмеден бетер, жаңгак дарагын көздөй күчүнүн бардыгынча тызылдап жүгүрдү.
Мустангердин эмне кылмакчы болгонун мергенчи биле койду. Плащтын үстүндө жаркырап жаткан
бычактын мизин ал көрө койду. Мустангер бычагын алганы бараткан эле. Зеб акылынан тайган
кишинин артынан жүгүрдү да, аны дагы шап кучактай коюп, дарактан тескери жакты көздөй сүйрөп
кетти.
— Ылдамыраак, Фелим! — деп кыйкырды Зеб. — Алдагы немени каткын! Жигит акылынан танып
калган экен, Жөн эле от болуп күйүп турат. Алдастай баштаптыр.
Фелим ошол замат анын айтканын кылды.
Бирок күрөш дагы эле бүткөн жок. Оорулуу жигит өзүн аман алып калган кишини муштагылай
баштады. Ал чаңырып, жулунду, эки көзү оттон бетер жаркылдап, алактап турду. Ушундай акылсыз
кармашуу он чакты минута созулду. Акырында бүтүндөй алдан тайып, Жеральд кок чөпкө жыгылды
да, буту-колу диртилдеп, энтиге дем алып, анан сулк жатып калды. Өмүрүнүн эн акыркы учкуну өчүп
калгандай өңдөндү.
Фелим озондоп, өксүп ыйлай баштады.
— Озондогонуну токтот, каргыш тийген акмак! — деп кыйкырды Зеб.
— Сенин ушундай озондоп улуганыңан адамдын жаны чыгып кетиши мүмкүн. Бул да сен сыяктуу
өлүк — эси ооп калды. Мени менен кармашканына караганда, жаракаты анчалык деле коркунучтуу
эмес окшойт.
Кожоюнунун тирүү экенин, эми өлүмдөн аман калганын билип кубанган Фелим үмүтүн үзгөндөй
кайгырып озондогонун лып токтотту да, төбөсү көккө жетип кубанганынан кандайдыр далбас урун
бийлей баштады.
Анын делөөрүп кубанганы Тарага да таасир кылды. Ирландиялыктын жанын үрөп бийлегенине
кошулуп, тайган Фелимди айлана секире баштады.
Зеб адамдын күлкүсүн келтиргендей бул тамашага көңүл бурган жок. Ал оорулуу кишиге дагы
бир жолу эңкейип карады. Коркунучтуу жаракаты жок экенине көзү жеткенден кийин Зеб Стумп
өйдө болуп, жерде чачылып жаткан буюмдарды карай баштады. Анан ал дагы эле мустангердин
156
1 ПРОЛОГ
башынан түшпөгөн панамага кунт коюп карады да, эсине бир ой келе калды. Гваяквиль чөбүнөн
жасалган, ошердегилер панама деп натуура айтып жүргөн калпакты, бүткүл түштүктөгү сыяктуу
эле, Техаста да көп кийише турган. Бирок ирландиялык жигит дайыма мексикалыктардын бүтүндөй
башкача тигилген сомбреросун кийип жүргөнүн мергенчи жакшы билчү. Балким, бу жолу мустангер
өзүнүн каадасын өзгөртүп жиберген чыгар. Ушул калпакты кимдир башка бирөө кийип жүргөнү
Зебдин эсине түшө калды. Панаманын ич жагын карап, мергенчи эки жазууну: калпак чыгарчу
фабриканттын Новый Орлеандагы белгисин, дагы бир колдон жазылган: «Генри Пойндекстерэ деген
жазууну байкай койду.
Эми ал плащты караштыра баштады. Плащ да ошол эле кишиге таандык экенин далилдеген дагы бир
белгини Стумп андан да көрдү.
— Мунун баары эмне деген кеп экенин шайтан билеби! — деп кобурады чал жерге карап, терең ойлоно
калып. — Калпактар өз баштарында эмес, баштар өз орундарында эмес! Кудай урсун, мында бир балаа
бар. Бу жигиттин урганынан сол көзүм ооруганын сезбесем, өзүмдүн баш сөөгүм ордунда эмес го деп
шек санайт элем, Эмне болгонун азыр бул айтып бере албайт, — деп кошумчалады Мориске карап.
— Мына бу алдастаганы бүткөндөн кийин бирдеме айтпаса. Бирок алдастаганы качан бүтөрүн ким
билет?.. Макул, — деп сөзүн улантты мергенчи бир аз унчукпай туруп. — Эми биерде бекер туруунун
кереги жок Оорулуу жигитти үйүнө алып барыш керек; бирок биерде кантип алып баруу жөнүндө
ойлоого туура келет. А мына бу баары бир эч нерсе ойлоп таба албайт, — деди Зеб Тара менен убара
болуп жаткан Фелимге жалт карап. — Мындан көрө тиги дөбөт акылдуураак. Болуптур, айла барбы,
Буга да иштөөгө туура келет. Кандай кылыш керек? Замбилдей бирдеме жасоо керек. Эки таяктан,
плащтан же Фелим ала келген одеялодон жасоого болор эле. Ырастан ошондой кылуу керек. Азыр
бизге эң керектүүсү дал ошол замбил.
Эми ирландиялыкты жардамга чакырды.
Ар биринин узундугу он фут келген эки даракты кесип алып сомдошту, андан кыскараак дагы эки
жыгачты туурасынан орноткудай кылып кошушту. Дарактын үстүнө адегенде одеялону керип туруп,
үстүнө плащ жабышты. Ошентип, майыпты же мас кишини көтөргүдөй замбил өңдүү бирдемени
эптей коюшту. Оорулуу кишини эмес, мас кишини салган окшоп калды. Себеби, алдастаганы дагы
башталбагай эле деп, Зеб Стумп оорулуу кишини замбилге буту-колун байлап койду.
Демейде көтөрчүдөй эки киши көтөргөн жок. Узун таяктын алдыңкы эки учун атка таңып, арткы эки
учун киши кармады. Аны көтөргөн Фелим болду.
Зеб жол көрсөтүп алдан басты.
Оорулуу кишини ушинтип көтөрүп жеткирүү жаңы ойлонуп табылган амал эмес. Бул мексикалыктардын
замбилине окшоштуруп жасалган жөнөкөй аспап болучу. Сыягы, Зеб мындай замбилди Техастын
түштүгүнөн көргөнгө окшоду. Айырмасы эле, булардыкында кадимкидей балдахин болгон жок; эки
качырдын ордуна бир бээ менен бир киши жүк көтөрдү.
Ушундай жок жерден ойлоп табылган замбилге салып, Морис Жеральдды кепесине алып келишти.
* * *
Ушул таң каларлык көрүнүш мустангердин кепесине келгенде, түн кирип калды.
Карылуу колу менен мергенчи оорулуу жигитти этияттап замбилден алып, кроватына жаткырды.
Жеральд каерде жатканын түшүнгөн жок, жанында эңкейип карап турган досу Зебди да тааныбады.
Мурдагысындай далбас урбаганы менен анын ою дагы эле башка жакта адашып жүрдү. Азыр ал бир
аз тынчып калды.
157
1 ПРОЛОГ
Оорулуу жигит сүйлөй берди, бирок өзүнө эркелетип айтылган суроолорго жооп кайтарган жок: анын
оозунан кандайдыр табышмактуу сөздөр чыгып жатты.
Достору колунан келишинче мустангердин жаракатын танымыш болушту, бирок башка эч нерсе кыла
алышкан жок. Таңдын атышын күтүш керек эле.
Зеб Фелимди барып уктагын деди да, өзү оорулуу кишинин жанында калды.
Бул жөнүндө картаң мергенчинин өзүнчө ойлонгон ою бар эле. Өзүнөн башка эч кимге, кала берсе,
Фелимге да оорулуу жигиттин жөөлүгөнүн уктургусу келген жок. Ал түнү бою Мористин жанында
анын ар бир сөзүн тыңшап отурду.
Өзүнүн сүйүү антында оорулуу киши Луизанын аты нечен жолу кайталанганын укканына Зеб Стумп
таң калган жок.
Бирок оорулуу кишинин оозунан дагы бир кишинин аты улам-улам чыга берди. Ошол кишинин аты
менен кулакка суук учураган сөздөр да айтылды. Ал Луизанын агасынын аты эле. Ошол ат менен
кошо кандайдыр байланышсыз, мааниси жок, укмуштуу сөздөр кээде кошо айтылды.
Зеб Стумп өзүнө белгилүү болгон фактыларды уккан сөздөр менен салыштырып отурду. Таң атып,
кепенин ичи жарык болгончо, Генри Пойндекстердин өлгөнүнө ал шек санаган жок.
LV глава
КАБАРЫ КӨП КҮН ==============
Дон Сильвио Мартинес — түндүк колониячылар өлкөнү басып алгандан кийин да Техасты таштап
кетпеген, мексикалык байлардын бири.
Ал саясатка көп кызыкпаган, туулганынан тартып эле тынчтыкты жакшы көргөн, улгайып
калган, ошондуктан жаңы абал менен бат эле келишип кетчү киши. Улуттук көз карандылыктан
ажыроо анын түшүнүгүндө, Түндүктөн колониячылар ошерге келгенче, өлкөнү террорлоштурган
команчалардын кол салуу коркунучу азайганына жараша бара-бара унутула берди. Жапайылар
биротоло багынбаса Да, алардын кол салуусу анда-санда гана болуп жүрдү.
Мексикалык чалга ошол да чоң жетишкендик өңдөнүп көрүндү.
Дон Сильвио «ганадеро» эле. Анын жайыты узунунан да, туурасынан да нечен миляга созулуп, нечен
миң жылкысы, ую бар. Турак имараттан көрө абакка көбүрөөк окшогон узун, жапыз бир кабаттуу
үйдө тура турган. Гасиендасынын айланасында мал кийире турган нечен короосу бар.
Демейде аерде абдан тыптынч. Бирок күзүндөгү малга тамга салуу майрамы болгондо, бир нече күнгө
уу-дуу болуп, шапар тепкен той боло турган. Бирок андай майрам жылында бир гана жолу болчу.
Башка убакта гасиенданын картаң ээси жаш кезинен бери бойдок жүрүп, эч кимге аралашпай, жалгыз
турганды жакшы көрүүчү эле. Өзүнөн алда канчалык улуу, мөгдөп калган эжеси аны менен бирге тура
турган.
Ырас, татынакай жээн кызы Рио-Грандиенин боюна келгенде, тыптынч жаткан гасиенда жандана
баштайт. Исидоранын келгенине аердегилердин баары кубанат. Исидора каалаган убагында келип,
каалаган убагында кетет. Таякесинин үйүндө ага оюна келгенин кылууга уруксат эле. Исидоранын
шайырдыгы, шамдагайлыгы чалга жага турган, чал өзү да түнт киши эмес эле. Исидоранын башка
өлкөлөрдө одоно көрүнө турган кай бир мүнөзү, шаардын тышындагы көп учурда чепке айланып,
коломтосу канга сугарылган бул өлкөгө өөн учуроочу эмес.
Дон Сильвио Мартинестин жаш чагы дайыма коркунуч болуп турган шартта өткөн. Кээ бир обу жок
жоруктары кандайдыр акылсыздык менен чектешип кетсе да, Исидораны ал койгун деп айтпаганы
таң каларлык эмес.
158
1 ПРОЛОГ
Мексикалык чал жээнин өз кызындай эркелетип жакшы көрө турган. Исидора анын бардык
байлыгын мурас кылып алып каларын да баары билише турган.
Сеньоританы бардыгы кадырлаганы да таң каларлык эмес, дон Сильвио Мартинестин үйүндөгүлөр
кызга өздөрүнүн келечектеги кожоюну катарында караша турган. Ошону менен катар Исидораны
анын артыкчылыгы, айрыкча эр жүрөктүүлүгү үчүн жанындагылардын баары кадырлашчу; аны
коргоп, мачетасын62 сууруп чыкпаган киши бүткүл поместьеден табыла койбос.
Соңку убакта Исидора өзүнүн таякесиникине көп келүүчү болду. Бирок таякелерин жакшы көрүп,
картайган кезинде аларга эрмек болуу үчүн көп келип жүрбөстөн, келишинин башка себеби бар. Ал
Леонда Морис Жеральд менен жолугушамбы деген үмүт менен келчү, Исидора мустангерге ашык
болуп калганын да ачык айтууга болот. Индеецтердин колунан Морис бошотуп алган күндөн тартып,
Исидора ага ашык болуп калды.
Ошо күндөн тартып Исидоранын жаны жай таппады.
Төрөлгөнүнөн тартып өткүр болгон кыз бир жаңсыл эмес абалына чыдап тура алган жок. Ал өзүнүн
ашык болгонун ачык айтып, мени сүйөсүңбү, жокпу? деген суроого ачык жооп алмакчы болду.
Жеральд кыздын чакырыгына келген жок.
«Мигуэль Диаз экөөбүздүн ортобузга каргаша болду!» — деп ойлоду Исидора таякесинин гасиендасына
кайта келатып,
* * *
Исидора боз атын таскактатып келатты. Башында калпагы жок болгондуктан, кундуздай кара чачы
жазылып, аркасында саксаңдап келатты. Көзү элиргендей ойноктоп, эки бети тамылжып, кызарып
турат. Үйүнө жакындаганда Исидора атынын оозун жыйды. Ат жайлап, адегенде желип, анан жай
басып, акырында жолдун ортосуна токтоп калды.
Исидора ойго батып кеткен эле.
«Аны жайына койгонум түзүк. Чоң жаңжал чыгышы мүмкүн. А жөнүндө азырынча эч ким билбейт…
Анын үстүнө менден башка эч ким көргөн да жок. Эх, эгерде ушунун баарын мээрман техастыктарга
сүйлөп берсем, аны аябай жазалоо үчүн жалаң менин айткандарым да жетиштүү болор эле! Мейли,
күнүн көрсүн… Ал жаткан жүзү кара, бирок мен андан коркпойм. Жанагыдай болгондон кийин
ал мага жакын келүүгө даабайт. Кудурети тирүү кудай эне! Ага бир минутага болсо да кантип
азгырылдым экен!.. Аны бошотуп жибер деп бирөөнү жумшаш керек. Бул жашырын ишти оозунан
чыгарбагандай киши керек. Кимди жиберсем? Жылкычылардын башчысы Бенитону жиберейин. Ал
ишеничтүү, эр жүрөк киши. Тигине, өзү да келатат. Демейдегисиндей дагы мал санап жүргөн тура».
— Бенито! Бенито!
— Кулдугум бар, Сеньорита.
— Бенито, сага айта турган бир өтүнүчүм бар. Мага жардам берүүдөн баш тартпас бекенсиң?
— Сиздин буйругуңузду аткарууга даярмын, — деди мексикалык таазым кыла эңкейип.
— Буйрук эмес, мен сенден өтүнүп жатам.
— Буюруңуз, сеньорнта.
— Үч жол кошулган дөбөнүн чокусундагы жерди билесиңби?
— Таякеңиздин гасиендасындагы коралды билгендей эле жакшы билем.
62Мачета – мексикалыктардын шамшары.
159
1 ПРОЛОГ
— Эң сонун. Ошерге баргын. Ошерден жерде жаткан бир кишини табасың. Анын эки колу аркан
менен байлануу. Ошону бошотуп жибер, башы ооган жагына кете берсин. Эгерде бир жери окус болуп
калса, колуңан келишинче жардам бер. Бирок сени ким жибергенин оозуңан чыгарба. Балким, сен
аны билерсиң. Мага аны таанычудай көрүнөсүң, бирок анын эч кандай баркы жок. Андан эч нерсе
жөнүндө сураба. Эгерде ал бирдеме сурап калса, суроосуна жооп кайтарба. Ордунан тургузарын менен
башы ооган жагына кете берсин. Айтканымы түшүндүңбү?
— Абдан түшүндүм, сеньорита. Сиздин буйругуңуз так орундатылат.
— Ыракмат, Бенито. Дагы бир өтүнүч: мен үчүн орундаткан ишиңди үчөөбүздөн башка эч ким билбөө
керек. Үчүнчү киши — азыр сени мен жиберип жаткан киши. Калган эки киши ким экенин өзүң
билесиң.
— Түшүндүм, сеньорита. Сиздин айтканыңыз мен үчүн закон.
Бенито атын теминип, бастыра баштады.
— Токтой тур! Унутуп калган турбайымбы! — деп кыйкырды Исидора. — Ошерден менин серапэм
менен калпагымы көрөсүң, ала келгин. Сени ушерден күтө турам же алдыңан тосуп чыгам.
Эңкее кулдук уруп, Бенито бастырып кетти. Бирок аны кайра токтотту:
— Мен сени менен бирге бармакчы болдум, Бенито.
Дон Сильвионун малайы кожоюнунун жээн кызынын назданганына көнгөн киши эле.
Малай алдыда бастырып, Исидора анын артынан жүрүп отурду.
Бирок Бенито жаңылып калган экен. Сеньорита Исидора назданганынан аны ээрчиген эмес болучу.
Аны менен кошо баруу үчүн кыздын өзүнө олуттуу себеби бар эле. Кыз серапэси менен калпагын
гана унутпастан, аябай зээнин кейиткен катты да унутуп калган болчу. Кат жөнүндө Бенито билүүгө
тийиш эмес.
Бирок ал кат кандайча Эль-Койоттун колуна түшүп калды? Катты ага Хосэ бердиби? Демек, малайы
чыккынчылык кылган экен да? Же аны менен жолугушканда Диаз, атты зордук менен тартып
алдыбы? Малайдын чыккынчылык кылышы да, Диаздын зордук менен тартып алышы, чындыкка
окшош эле.
Акырында, көздөгөн жерине жетишти. Бенито менен жанаша бастырып, Исидора кичинекей талаага
чыкты.
Мигуэль Диаз жок экен. Деги эч ким жок экен.
Бирок кызды баарынан көбүрөөк кейиткен нерсе — каттын жоктугу болду.
Кыздын калпагы, серапэси менен кыл арканынан башка эч нерсе жок экен,
Бенито кайра бастырып, белестен көрүнбөй калды. жыгылып түшкөн киши эс-учун жыйып, кетип
калган окшойт. Ошенткени жакшы болуптур. Бирок унутпагын, Бенито. Бул иш экөөбүздүн ортобузда
калышы керек, түшүндүңбү?
— Түшүндүм, донья Исидора.
Бенито кайра бастырып, белестен көрүнбөй калды.
Исидора токой арасындагы аянтта жалгыз турат.
Исидора атынан секирип түшүп, серапэсин оронуп, калпагын кийди да, кайра дагы жаш гидалгого
окшоп калды. Атына акырын кайра минди; анын ою кандайдыр алыста жүргөн окшоду.
160
1 ПРОЛОГ
Атына минер менен эле, алдынан Хосэ жүгүрүп чыкты. Исидора андан ошо замат сурады: . .
— Катты эмне кылдың?
— Алып барып бергем, сеньорита.
— Кимге?
— Мейманканага таштап кеткем, — деди ал мукактанып, өңү кубарып. — Дон Морисону аерден
тапканым жок.
— Калп айтасың, шүмшүк! Катты сен Мигуэль Дназга берген турбайсыңбы. Сөзүңөн танба. Катты өз
көзүм менен көрдүм.
— О, сеньорита, кечириңиз! Мен айыптуу эмесмин, ишенип коюңуз, мен айыптуу эмесмин!
— Макоо, өз калпыңы өзүң чыгарып жатасың. Чыккынчылык кылганың үчүн дон Мигуэль сага канча
төлөдү?
— Оңбой калайын, бийкеч, чыккынчылык кылганым жок. Ал… ал… Коркутуп сабап жатып тартып
алды… Мен… Мен… Мага эчтеке төлөгөн жок
— Эмесе, сага мен төлөйүн. Мындан ары сенин мага керегиң жок. Каалаган жагына кете бер. А сыйлык
кылып сага — ме! Ме!
Исидора ушул сөздү он чакты жолу кайталап, улам кайталаган сайын малайды жонго чаба берди.
Малай качмакчы болду. Бекер эле качмакчы болгон экен! Исидора
кууп жетти да, кызыган ат тепсеп кетпегей эле деп малай токтой калды. Карарган эти кызыл ала болуп
көгөрүп чык. канда гана, кыз сабаганын токтотту.
— Эми биерден жогол! Экинчи жолу көзүмө көрүнбө Жогол!
Корккон мышыктан бетер, малай талаадан чымын-куюн болуп жүгүрдү. Тикенектүү бадалдын
арасына кирип, жашырынып калганына малай кубанды. Аерге кирип жашырынса, өзүнүн маскара
болгону да көрүнбөйт эле.
Исидора да талаада көп турган жок. Анын ачууланганы терең наалуу менен алмашты. Эңсеген жигит
менен көрүшүүгө жолто кылгандары мындай турсун, жүрөгүндөгү сыры чыккынчылардын колуна
түшүп кетти.
Кыз үйүн көздөй жөнөдү.
Гасиенданын жанында опур-топур болуп жаткан эле. Талаада иштеген пиондор63, койчулар,
жылкычылар, дон Сильвио Мартинестин гасиендасын тейлеген бардык малайлар — баарысы
ары-бери: талаадан коралга, коралдан короого жүгүрүп, бирдеме деп кыйкырышып жүрдү. Эркектер
куралданып жатышкан экен. Аялдар чөк түшүп алып, кудайга жалынып, жардам сурап жатыптыр.
— Эмне болуп кетти! — деп сурады Исидора таңыркап.
— Кандайдыр прерияда, — деди жанаша турган Бенито. — Жакында Каса-дель-Корво гасиендасына
көчүп келген плантатордун уулу курман болуптур. Бул кылмышты кылган индеецтер дешет.
Индеецтер!
Дон Сильвионун кишилеринин будуң-чаң болуп жүргөн себеби ушул сөздөр эле.
Кандайдыр бир кишини өлтүрүшүптүр деген фактынын өзү бул өлкө үчүн анчалык чоң окуя эмес
болучу. Эгерде бул чоочун кишиге — «американого» тиешелүү болсо, анда мынчалык дүрбөлөң
63Пиондор — плантатор-кожоюнга карызын төлөй албай, кул катарында болуп калган мексикалык дыйкандар.
161
1 ПРОЛОГ
түшүшпөйт эле. Бирок индеецтер киши өлтүрүптүр деген кабар бүтүндөй башкача кеп эле. Коркунуч
дал ушунда болучу.
Исидора бул кабарга көңүл кош карады.
Бир нече саат өттү. Киши өлтүрүү жөнүндө дагы жаны кабарлар жайыла баштады. Киши өлтүргөн
команчалар эмес, түсү ак киши — Морис-мустангер экен деген кабар угулду! Индеецтер жакын жерде
жок имиш.
Бу жаңы редакцияланып айтылган кабар дон Сильвионун көңүлүн бир аз тынчытканы менен, анын
жээн кызына тескери таасир кылды. Исидора жанын кайда коёрун билген жок.
Жарым саат өткөндөн кийин Исидора атын Обердоферин мейманканасынын эшик алдына токтотту.
Мексикалык кыз англис тилин анча-мынча биле турган; эч кимге белгисиз себеп менен ал бир нече
жумадан бери англис тилин ынта коюп үйрөнүп жүргөн эле, өлтүрүлгөн киши жөнүндө эмес, өлтүргөн
киши жөнүндө сураштыруу үчүн, ошол үйрөнгөн сөздөрүнүн запасы толук жетиштүү болду.
Кыздын ким экенин билип, тавернанын кожоюну кыздын суроосуна өтө сылык жооп кайтарды.
Морнс Жеральд эми анын мейманканасында турбай турганын, небак белгилүү болгон «киши өлтүрүү
жөнүндөгү сөздөрдүн баарын» кыз толук билди.
Жүрөгүнө кайгы толуп, мексикалык кыз Мартинестин гасиендасына кайра келди. Аерде дагы эле
будуң-чаң болуп жаткан эле. Коркунучтуу жаңы кабар — Нуэсес дарыясынын боюнан башы жок
чабендес чыгыптыр деген кабар келиптир.
Исидора Рио-Грандеге кайра бармакчы болду; аны эч нерсе токтото албайт эле. Бара турган жолунан
бир кишини өлтүрүптүр деген сөз кызга кеп эмес эле! Башы жок чабендес деген сөз аны андан бетер
чочуткан жок. Ал гана эмес, кыз өзүм жалгыз барам деди. Дон Сильвио куралданган он чакты вакеро
кайтарып барсын деди. Исидора такыр болгон жок. Бенитону өзү менен ээрчитип алса эмне болот
эле? Жок. Кыз жалгыз барганды артык көрдү. Акырында дал ошондой кылды.
Экинчи күнү эртең менен Исидора чын эле жалгыз өзү жолго чыкты. Таң атар менен ал атка минди.
Эки саат өтө электе мексикалык кыз алыс узап кетти. Бирок Рио-Гран- Деге баруучу жол менен жүрбөй,
Аламо дарыясын бойлоп жүрдү.

#57 07 June 2017 - 07:51
LVI глава
ИБИЛИСКЕ ОК АТЫЛДЫ ==================
Оорулуу жигит түнү бою кирпик каккан жок. Бирде ал унчукпай тынч жатты, бирде эс-учун
билбей, жөөлүп алдастады. Картаң мергенчи да түнү бою анын жанынан кетпей, бечара жигиттин
байланышсыз ар бир сөзүн тыңшап отурду.
Жаңжал. Калпак. Плащ… Зебдин ою кандайдыр табышмактуу, караңгы лабиринтте учуп жүргөн
сыяктанды Картаң мергенчи өмүрүндө мындай кыйынчылыкты кезиктирген эмес эле. Өзүнүн күчсүз
экенин сезип, Зеб Стумп онтолой берди.
Эртең менен айдын жарыгы таңдын жарыгына кошулганда бадалдын арасында сандалып жүргөн
Таранын озоңдоп улуганы угулду.
Чыракты өчүрүп, Зеб эшикке акырын чыкты да, кулагын түрүп тыңшай баштады. Тропиктеги
бадалдын арасындагы түнкү добуш тымтырс болуп калган эле. Бирок Таранын улушуна эмне себеп
болду?
Мергенчи адегенде үйдүн алды жагындагы талаага көз чаптырып, анан бадалдын четин карады:
анан дарактардын арасындагы көлөкөгө тигиле карай баштады. Бардыгы өз жайында эле. Асмандын
162
1 ПРОЛОГ
фонунан асканын түнөргөн карааны ачык көрүнүп турду. Тоолуу рельефтин сызыгы аердеги
дарактардын чокусунан саал-паал бөлүнүп турду. Өйдө жакта, жардын ары жагында тегиз талаа
бар эле. Айдын жарыгы дал асканын чокусуна түшүп, кала берсе, жыландын сойлоп өткөнү да ачык
көрүнгүдөй болуп, теребелдеги бардык нерселер даана көрүнүп турду.
Бирок эч жерден эч ким көрүнгөн жок.
Кандайдыр бир дабыш угулду. Ал дабыш талаа жактан чыгып, аскадан алыс эмес жерден угулгандай
болду. Ал аттын такасынын ташка тийип чак эткен дабышына окшоду.
Бул дабыш дагы угулар бекен деп, ынтаасы менен кулагын туруп турган Зебге дал ошондой болуп
көрүндү.
Бирок дабыш кайта угулган жок.
Картаң мергенчи жаңылбай, туура жоромолдогон экен. Бир аздан кийин чын эле дарактын ары
жагынан ат көрүндү. Аттын үстүндө киши бар экен. Мала-көк асмандын фонунан атчан кишинин
карааны көрүнүп турду. Сыдыргыга салгандай болуп, аттын эч жеринде кымтыгы жок экен. Аттын
үстүндөгү кишинин карааны ээрден ийнине чейин гана ачык көрүндү. Ийнинен жогору эч нерсе
көрүнгөн жок.
Зеб Стумп көзүн укалап, дагы карады. Улам-улам көзүн сүрткүлөп караса да, ошол караан
мурдагысындай эле болуп турду.
Өз көзү менен көргөнүнө ишенүүгө болог беле?
Ал аттын тегиз жер менен камырабай жай басып келатканын көрүп турду. Ат жылып келаткансып,
дабышы такыр угулган жок.
Зеб ошол табышмактуу чабендестен көпкө чейин көзүн айрыган жок. Өңү-түсүн көзү менен ачык көрө
албаса да, ал кишинин караанын ачык көрдү. Ал караан арбак же галюцинация эмес экени мергенчи
үчүн ачык эле. Атчан киши акырындап, бара-бара алыстай берди. Адегенде аттын башы, анан мойну,
анан соорусу, андан кийин үстүндөгү киши — кишинин арбакка окшогон укмуштуу сөлөкөтү, андан
кийин аттын жайкалган узун куйругу дарактын ары жагындагы жардан көрүнбөй калды.
— Иосафат! — деп жиберди айран-таң калган мергенчи. — Иосафат!
Ал ар дайым толкунданганда ушинтип кайталачу эле. Мергенчинин күрдөөлдүү бүткөн бою дүркүрөй
түштү. Аябаган сабырдуулугуна, кайраттуулугуна карабастан, коркконунан эрди кубарып кетти.
Куду дудук болуп калган немече, такыр добушун чыгарбай Зеб бир кыйлага чейин турду.
— Шайтан баскырдыкы! — деп жиберди акырында ал. — Жапагы ирландиялык эменин айтканы
чын экен. Мен мас болгонунан көзүнө ушундай укмуш болуп көрүнгөн экен деп ойлодум эле? Жок!
андай эмес экен. Куду мен сыяктуу эле, ал да чын көргөн тура. Бечаранын корккону таң каларлык
эмес. Өзүмдүн бүткөн боюм, иче-кардым калтырап турат. Иосафат! Бул эмне болушу мүмкүн?..—
Бул эмне болушу мүмкүн? — деп дагы кайталады Зеб, бир аз ойлонуп туруп. — Кандай болсо да,
бул табышмактын жандырмагын таппасам, мени шайтан сайсын. Күндүз болсо, же мындан да
жакыныраак болгондо бул атчан кишини жакшылап карайт элем. Ага эмне үчүн жакын барганым
жок? Иблистин өзү болсо да ал мени жеп коймок беле: башы жок чабендес чын эле иблистин өзү
болсо да, ок менен сынап көрөм, — ок аны аттан кулатып түшүрөр бекен, түшүрбөс бекен. Болуптур,
жакыныраак барып, ошол шайтан менен таанышып көрөйүн — ким болсо, ал болсун.
Ушул сөздү айтары менен мергенчи суунун кашатын көздөй кеткен жалгыз аяк жолду карай басты.
Иттин улуганын угуп, кепеден ал мылтыгын кошо ала келген болучу. Зеб өзүнүн маневрин жакшы
болжолдоду: Жалгыз аяк тик жол менен өйдө чыгып баратып, ал атчан кишини бат эле көрө койду;
атчан киши дал кашатка барып токтоптур. Зеб да токтой калды.
163
1 ПРОЛОГ
Мергенчи өзүнүн ойлогон оюн орундатмакчы болду: кишиби, же иблиспи, ким экенин билиши керек
эле.
Зеб мылтыгын көтөрүп, мээлей баштады. Бирпаста табышмактуу чабендести ок мойсоп өтөт эле.
Бирок мергенчинин оюна дагы бир нерсе келе калды; эгерде өлтүрүп койсом, эмне болот? Зеб
мылтыгынын оозун төмөн түшүрүп, бир минутага эки ойлуу боло калды.
— Алло, бейтааныш киши! — деп кыйкырды ал. — Сейилдикке өтө эле кеч чыккан экенсиз.
Башыңызды каерге унутуп калтырдыңыз эле?
Жооп болгон жок. Кишинин добушун уга коюп, ат гана кошкуруп тим болду.
— Кулак салыңыз, бейтааныш киши! Сиз менен Зеб Стумп, Кентукки штатынан келген чал сүйлөшүп
жатат. Ал өзүн шылдың кылдырчу кишилерден эмес. Сиз фокусуңузду түшүндүрүңүзчү. Эгер кара
күчкө өлгөн киши болуп көрүнгүңүз келсе, анда сизден сураганым — колуңузду көтөрүңүз. Кана, жооп
кайтарыңыз, болбосо атам.
Дагы эч кандай жооп болгон жок.
— Шайтан баскыр! — деп кыйкырды мергенчи. — Дагы алты секунда берем! Ошол алты секундада
жооп кайтарбасаңыз, атам. Эгерде каракчы болсоңуз, ок сизге зыян келтирбейт. Эгерде иблис
болсоңуз, балким, анда да сизге зыян келтирбес. Бирок өлгөн кишинин ролун ойноп жүргөн
болсоңуз, анда мындай акмакчылыгыңыз үчүн окко учасыз. Кана, жооп кайтарыңыз! — деп, ал улам
кыжырланып сөзүн улантты. — Угуп жатасызбы, жокпу? Жооп кайтаргыңыз келбейби? Макул! Атам!
Бир, эки, үч, төрт, беш, алты!
Алты деп айтары менен, мылтык тарс дей түштү.
Мылтыктын тарс эткенин угуп, ат үркүп кишенеп жиберди, а үстүндөгү киши мурдагысындай эле
ээринде камырабай отура берди.
Ат оюн салып кетти, а Зеб айран-таң калып, турган жеринде каккан казыктай боло түштү.
Зеб Стумп үрөйү учканынан катып калды. Ок атчан кишинин жүрөгүнө же кандай болсо да адамдын
жүрөгү турчу жерге тийди го деп, картаң мергенчи толук ишен- ген эле.
Зеб качмакчы болду, бирок кача алган жок. Алыстан бараткан укмуштан көзүн айырбай, ал селдейип
тура берди. Башы жок чабендес көрүнбөй калганда гана, чал бир аз эсин жыйып, кепени көздөй кайра
басууга чамасы келди да, кепенин ичине киргенде гана ошол укмуштуу окуя Жөнүндө камырабай
ойлоо үчүн эс-учун жыйды. Жанагы эме иблис болсо керек го деген ой көпкө чейин эсинен кетпей
койду. Бирок акырында жүйөлүү пикир андай болбой тургандыгына көзүн жеткирди. Бирок аның не
экенин ал ошо бойдон түшүнбөй кала берди.
Таң атып, жарык болду. Оорулуу кишинин жанына отургузуу үчүн Фелимди ойгото турган убакыт
болуп калган эле. Мастыгы бүт тараган ирландиялык андай милдетти жан-дили менен кабыл алды.
Бирок тажрыйбасыз жардамчысына орун берүүдөн мурун, картаң мергенчи оорулуу жигиттин
жаракатын өзү кайра танды.
Чөптүн дарылык касиетин Зеб жакшы билчү эле. Ал жигиттин жаракатына кактустун көп түрүнүн
бири болгон нопалды жаракатка жаап койду. Ушул өсүмдүктүн ширеси дарылык таасир кыларын, бир
суткадан кийин жаракаты тартылып, үч күндөн кийин айыгып кете турганын чал тажрыйбасынан
биле турган.
Кактустар өскөн жерде-жашоочу кишилердин көбү сыяктуу, Зеб да врачтарга ишенчү эмес, эгерде
мүмкүнчүлүк болгон күндө да, оорулуу кишиге ал өлүп баратса да врачты чакырбайт болучу. Анын
үстүнө, картаң табып жигиттин жаракатында эч кандай коркунуч жок экенин да билген. Морис
Жеральд үчүн коркунуч башкада болучу.
164
1 ПРОЛОГ
— Кош, мистер Фелим, — деди Зеб жигиттин жаракатын таңып бүтүп, жаракатты айыктыруу үчүн
экөөбүз колубуздан келген иштин баарын кылдык; эми оорулуу кишинин курсагын тойгузуу жөнүндө
ойлообуз керек. Жегидей бир демең барбы?
— Эчтеме жок, мистер Стумп. Андан да жаманы — ичкидей эч нерсе жок, бүткүл үйдө бир тамчы да
ичкилик жок.
— Атаны оңбогон шумпай, ушунун баары сенин кылганың? — деп ачуулана чаңырып жиберди Зеб. —
Эгерде сен болбосоң, мырза айыкканча виски жетет эле. Эми эмне кылабыз?
— Сиз мени бекер эле жекирип жатасыз, мистер Стумп, мен кичинекей флягадан гана ичкен болчумун.
Чоң бөтөлкөнү жанагы индеецтер какшытып кетти. Ишенип коюңуз!
— Калпыңды кой! Кичинекей флягадагы вискиден сен мас болмок белең? Сенин бул айтканыңа
ишенбейм, сенин каргыш тийген көмөкөйүңү өтө жакшы билем. Чоң бөтөлкөдөн да аз ичпеген
көрүнөсүң.
— Кудай арбак урсун!
— Кудай, арбагыңы мындай коё тур, сен аларды бекер эле убара кыласың. Акылы бар киши сенин ушул
жомогуна ишенет деп ойлойсуңбу? Болду. Ушу келжирегениң да жетер. Жүгөрүнүн кирчимесин да
ыпым калтырбай жутуп койгон турбайсыңбы. Кирчиме алып келгени жыйырма миля жерге кантип
барасың, а жакын жерден табууга болбойт. Эми кирчимесиз калууга туура келет.
Эми кандай кылабыз?
Унчукпай, айткан сөздү угуп тур. Ичкиликсиз эптеп күн өтөр, бирок ачкадан өлүүнүн эч кандай
кажаты жок. биздин оорулуу кишибиз абдан ачка болгон окшойт. Мен жөнүндө болсо, жөн эле
койотту жутуп жибергендей ачка болуп турам, а күрптөн, албетте, баш тартпайм. Сен биерде калып,
мырзанын жанында олтургун, а мен суунун боюна барып, карап көрөйүн — бирдеме атып келүүгө
мүмкүн болбос бекен.
— Кадырыңыз жан болсун, мистер Стумп, керек болгон иштин баарын бүтүрөм. Кудай урсун…
— Унчукпа, мен айтып бүтүрөйүн!
— Бир ооз сөз айтсам, оңбоюн.
— Эмесе, угуп тур. Биерде колдон чыгарып жибербей турган бир иш бар. Эмесе мындай. Мен жокто
биерге бирөө келип калса, бир минута кечикпей, мага кабар кылгын.
— Ишенип коюңуз, айтканыңыздай кылам.
— Байкагын, жазып калып жүрбө.
— Кантип жазып калайын, бирок кантип кабар кылам, мистер Стумп? Эгерде алыс кетип калсаңыз,
менин үнүмдү уга албай каласыз го, анда кандай кылабыз?
— Ыраак деле кетпейм — жапайы күрптү жакын жерден атууга да болот. Ырас эле кандайча
билдиресиң, — ден сөзүн улантты Зеб бир минутадай ойлонуп туруп. — Сенин мылтыгың барбы?
Тапанча болсо да жарайт.
— Мылтык да, тапанча да жок. Кол оюн ала кеткен. Тыякка таштап келсе керек.
— Кызык… Чын айтасың, сенин кыйкырганыңы укпай калышым да ыктымал.
Зеб босогону аттап чыкмакчы болду да, кайра токтоп, ойлонуп калды.
— Таптым! — деп жиберди ал бир аз ойлонуп тургандан кийин. — Таптым. Менин картаң бээми
көрдүңбү?
165
1 ПРОЛОГ
— Кантип көрбөйүн, мистер Стумп? Албетте көрүп турам.
— Макул. Дагы нары — тикенектүү кактусту, тетиги талаанын четиндеги немени көрдүңбү?
— Алаканымдагыдай көрүп турам.
— Азаматсың? Эми угуп тур. Эшикке көз сал. Мен Жокто бирөө келип калса, тетиги кактуска жүгүрүп
баргын да, тикенеги көбүрөөк бутагын кесип алып, менин картаң бээмин куйругунун астына тыга
койгун.
— Ыйык Патрик? Эмне үчүн андай кылам?
— Билесиңби, Фелим, биерге ким келгенин мен билишим керек. Алыс деле кетпейм, бирок сенин
үнүңү укпай калышым мүмкүн. Бээ кишенеп көрсүн — анын үнү сеникинен бийигирээк чыгар.
Түшүнүктүүбү, Фелим? Карагын, дал мен айткандай кылгын.
Акыркы буйругун берип, картаң мергенчи мылтыгың ийинине салып, кепеден чыгып кетти.
Бул чал акмак эмес, — деп ойлоду Фелим.
Зеб кепеден мындай узап кетери менен эле, Фелим да кепеден чыгып, кароолчу сыяктуу босогонун
түбүнө отурду.
LVII глава
ШАРТТУУ СИГНАЛ ==============
Фелимге кароолдо көп турууга туура келген жок. Он минута өтө электе эле, аттын дүбүртүн укту.
Кимдир бирөө сууну бойлоп, кепени көздөй келатты. Фелимдин жүрөгү опколжуй түштү: «Баягы эме
дагы келатабы?»
Дарактардын көгөргөн коюу жалбырагы жакындап келаткан атчан кишини жакшылап кароого
жолто кылды. Фелим адегенде талаага жүгүрүп барып, Зебдин буйругун орундаткысы келди. Бирок
коркконунан карыш басалбай турган жеринде былк этпей тура берди. Бекер эле коркконуна
ирландиялыктын көп узабай эле көзү жетти. Келаткан бейтааныш кишинин башы ордунда экен.
— Дал ошондой экен — башы ийнинде экен, — деди Фелим атчан киши дарактардын ары жагынан
көрүнүп, талаанын наркы четине токтой калганда. — Башы кадимкидей эле, анын үстүнө өңү да сулуу
экен. Бирок бечара бирдемеге ыраазы болбогон окшойт. Чоң энесин жаңы эле көөмп келаткан киши
го деп ойлоого болот! Тим эле укмуш жигит экен! Бутунун эң эле кичинекей экенин кара!.. Олуя-
машайыктар, бул келаткан аял турбайбы?
Ынтаа коюп, жакшылап карап, Фелим белгисиз кишинин кайсы жыныстан экенин туура тапканына
биротоло көзү жетти.
Ал келаткан — Исидора эле.
Мексикалык кызды Фелим биринчи жолу көрдү, кыз да аны билчү эмес. Кыздын өңү капалуу экенин
Фелам туура байкаптыр. Анын өңү кайгылуу гана эмес, үмүтүн үзгөндөй ындыны өчүп калган
экен. Исидора дарактардын ары жагынан көрүнгөндө, анын өз карашынан кандайдыр чоочуганы
байкалып турду. Талаага бастырып чыкканда, кыздын өңү жаркырабастан, 0Ирдемеден көңүлү сууп,
таң калгандай болуп кетти.
— Жаңылган жокмунбу? — деп сурады Исидора англисче батынбагансып. — Кечиресиз, мен… Дон
Морисиону ушерде турат го деп ойлодум эле.
— Дон Морисио дедиңизби? Жок. Андай киши биерде жок. Дон Моришо… Мориш деген бирөөнүн
фамилиясын билчү элем, анын турган жери Баллибаллахат болучу, аны Пат Мориш деше турган.
166
1 ПРОЛОГ
— Дон Морисио. Мо-рис, Мо-рис.
— А, Мориспи! Балким, сиз менин кожоюнум мистер Жеральд жөнүндө сурап жаткан чыгарсыз?
— Ооба, ооба! Сеньор Жеральд.
— Мистер Жеральд дал ушул кепеде турат, тагыраак айтканда, аң уулап чыккандан кийин ушерге
келип кетет. Ал биерге аң уулоо убагына гана көчүп келген. Ырас, ал- бетте… Эгерде анын өз
жериндеги сонун үйүн көрсөңүз барбы. Көк көз сулуусун көрсөңүз, бечара аны качан кайта келет деп
күтө берип, көзүнүн жашы көл болгондур. Эх, ал сулууну көрсөңүз барбы, жөн эле! Фелимдин баш
аламан сүйлөгөнүнө карабастан, сүйлөшүп жаткан кыз анын эмне дегенин жакшы түшүндү. Фелим
«кыз» деген кыска сөздү айтканда, Исидоранын көкүрөгүнөн кандайдыр үшкүрүккө окшогон добуш
чыкты.
— Мен такыр эле «кызды» көргүм келбейт, — деп Исидора шашыла жооп кайтарды. — Мен Мористи
көргүм келет. Үйүндөбү?
— Үйүндөбү дейсизби? Суроо тике коюлду. Сизге айтсам, үйүндө эле деп коёлу. Анда эмне
кылмакчысыз?
— Мен аны көргүм келет.
— А, ошондой беле? Сизге күтө турууга туура келет. Азыр мейман кабыл алчу убакты эмес: ага
докторду же попту гана киргизүүгө болот. А сизди киргизе албайм.
• Мен аны көрүшүм зарыл.
— Гм, сиз аны көргүңүз келеби? Андай сөздү уктум. Бирок сизге көрүүгө туура келбес. Фелим О’Нил
сизге окшогон кара көз сулууларга чанда жок дебесе, баш тартчу эмес. Бирок мүмкүн болбогондон
кийин айла барбы!
• Эмне үчүн болбойт?
— Эмне үчүн экенинин себеби аз дейсизби! Биринчиден, ал азыр мейманды, айрыкча, аялды кабыл
албайт.
• Эмне үчүн, сеньор, эмне үчүн?
• Себеби, ал жылаңач. Жанагы Зеб чалдын таңган
чүпүрөгүн эсептебегенде, жалаң гана көйнөгү бар. Шайтан баскырдыкы! Ошол чүпүрөктү тиксе, ага
бир костюм пиджак, желетке, шым болор эле.
— Эмне дегениңизди түшүнбөдүм, сеньор.
— А, түшүнгөнүңүз жокпу! Аны төшөктө жатат деп айт- каным анчалык ачык болгон жокпу?
— Төшөктө, ушул маалда! Менимче, эчтеке деле…
— Эчтеме деле болгон жокпу деп айтмакчысыз го. Каргаша болду. Дагы нечен жума төшөктө
жаткырууга туура келе тургандай чын кырсык болду.
— О, сеньор, чын эле оорубу?
— Сизге айтайын дегеним дал ошол эле.
167
1 ПРОЛОГ
— Демек, оору экен да. О сэр, айтыңызчы, оорусу эмне, эмне үчүн ооруп калды?
— Макул, мен сиздин бир гана — биринчи сурооңузга гана жооп берейин. Анын оорусу башка
бирөөнүн жаман мамиле кылганынан болду, бирок анын ооруп калышына ким айыптуу экенин бир
кудай өзү билет. Буту оорулуу, а бүткүл денеси болсо, куду жыйырма чакты ажаан мышык менен
кошо сандыкка салып койгон эмедей. Эх, эгер көрсөңүз! Кыпындай да соо жери жок. Кала берсе,
сиздин алаканыңыздай кичинекей соо жери да жок. Андан да жаман жери, эс-учун билбей жатат.
— Эс-учун билбейби?
— Дал ошондой. Жөн эле көп ичип койгон кишиден бетер, жөөлүп жатат. Ал үчүн бир тамчы шарап
болсо, жакшы дары болор эле, бирок, айла барбы, шарапты кайдан алмак элек. Кичинекей фляга да,
чоң бөтөлкө да бопбош. Жаныңызда ала жүргөн бирдеме жокпу? Анча-мынча агвариенте силердин
тилинерде ошентип айтылса керек эле? Мен андан да жаманын ичип көргөм. Бир ууртам ошондой
суюктук болсо, кожоюнума абдан жардам берерине көзүм жетип турат. Чынын айтыңызчы, бийкеч,
жаныңызда бир тамчы болсо да барбы.
— Жок, сеньор, менде бир тамчы шарап жок эле.
— Кап, мистер Морис үчүн жаман болду, шарап ага абдан керек эле.
— Бирок, сеньор, ырас эле аны мага керүүгө болбойбу?
— Кылдай да калпы жок. Анын үстүнө, аны көргөндө эмне пайда? Баары бир ал сизди өзүнүн чоң
энесинен ажырата албайт. Дагы айтайын, ага жаман мамиле кылышыптыр, эс-учун билбей жатат.
— Ошон үчүн да көрүшүм керек. Балким, мен ага жардам берермин. Мен ага карыздармын…
__ О, карыздар белеңиз, төлөгүңүз келеби? Анда кеп башкача. Андай болсо, көрүүнүн сизге кереги да
жок. Мен анын ишенип койгон кишисимин, анын иштеринин баары сен аркылуу өтөт. Ырас, кат
жазганды билбейм, бирок сиздин тил катыңызга крест берүүгө жарайм. Менин ошол крест койгонум
документ үчүн толук жетиштүү болот. Акчаны мага тартынбай эле төлөй бериңиз, сизге чынын
айтайын, кожоюнум сизден экинчи жолу сурабайт. Азыр төлөсөңүз, абдан жакшы болгону турат —
биз жакында кетебиз. Бизге акча абдан керек. Эмесе, акча жаныңызда болсо, калганын — кагазды,
калем учту, сыяны кепеден табабыз. Айтыңызчы, эгерде макул болсоңуз, мен сизге тил кат берейин.
— Жок, жок-жок! Акча жөнүндө айтып жаткан жерим жок. Ага алкыш айтууга карыздар элем.
— А бар болгону алкышпы! Эмесе, андай карызды төлөө кыйын эмес. Тил каттын да кереги жок.
Бирок азыр андай карызды төлөй турган убакты эмес. Кожоюн баары бир эчтеме түшүнбөйт. Эс-учун
жыйганда, сизди келип кетти деп айтып коём. Бүттү.
— Деги аны көрүүгө мүмкүнбү?
— Азыр болбойт дебедимби?
— Мен аны көрүшүм керек!
— Мына, аны көрүшү керек имиш! Такыр эч кимди киргизбегин деп, мени кароолго коюшкан.
— Анын мага тиешеси болбосо керек. Мен досумун. Дон Морисионун досумун.
— Андай экенин Фелим О’Нил кайдан билмек эле? Жүзүңүз жакшынакай болгону менен, анын ашкан
душманы болушуңуз да мүмкүн.
— Мен аны көрүшүм керек. Көргүм келет, көрбөй койбойм да! Ушул сөздү айтар менен Исидора
атынан секирип түшүп, кепенин эшигин кездей басты.
168
1 ПРОЛОГ
Өзү менен сүйлөшүп турган кыздын ойлогонунан кайткысы келбегенин иреңинен көрө коюп,
ирландиялык Зеб Стумптуи буйругун орундата турган убакыт жеткенин түшүнө салды. Кепеге
шашыла кирип, Фелим андан айбалтасын алып чыкты да, жанынан жүгүрүп өтмөкчү болду, бирок
токтоп калды: кыздын колу тапанчаны анын чыкыйына такай койду.
— Abojo la haha!64 — деп чаңырды Исидора. — Коркок шордуу, эр болсоң мага кол көтөрүп көрчү —
сөзсүз өлөсүң!
— Аяш, сизге кол салмак белем? — деп кобурады фелим коркконунан бир аз эсин жыя калып. — Ыйык
кудай эне! Мен бу куралды сизди чабайын деп алганым жок Калп айтсам, кудай-арбак урсун!
— Андай болбосо эмне үчүн алып чыктың? — деп сурады мексикалык кыз өзүнүн катасын түшүнө
коюп, тапанчасын тартып алып. — Эмне үчүн мынчалык куралдандыңыз?
— Кудай урсун, кактус кесүү үчүн гана алып чыктың, тетиги жерде өскөн кактусту, — ошону кыйып
алып, бээнин куйругунун астына тыгуум керек. Ошондой кылсам, каршы болбоссуз дейм.
Сеньорита унчукпай калды. Беркинин андай таң каларлык ниетин кандай деп түшүнөрүн билген
жок.
Алдында эпейип турган эме аны коркута албас эле. Ирландиялыктын кейпи, кыймылы, жандаганы
коркутуудан көрө, адамдын күлкүсүн келтирчүдөй көрүндү.
— Унчукпай коюу — макул болгондукка жатат, ыракмат сизге, — деди бир аз көңүлү тынчый түшкөн
Фелим.
Кичинекей талаадан жүгүрүп өтүп, ал Зеб чалдын айтканын так орундатты.
Мексикалык кыз адегенде таң калганынан унчуккан жок эле. Анан сөз сүйлөөдөн пайда жок
болгондугунан унчукпай тура берди.
Фелим мергенчинин буйругун орундатар менен эле, бээнин чаңырып кишенегени, мөңкүп оюн салган
дүбүртү угулду. Иттин уңулдап улуганы ага кошулуп кетти. Аңгыча болбой, токойдогу добуштардын
— канаттуулардын, жырткычтардын, курт-кумурсканын бүтүндөй хору ээ-жаа бербеген концертти
сүрөп кетти.
Исидора эмне дээрин билбей, унчукпай турду. Ушул тозоктогудай ызы-чуу бүткөнгө чейин эмне болуп
кеткенин түшүнөм деп аракет кылуунун кажаты жок эле.
Фелим кепенин эшигине кайра келип, моокуму канган эмече, өзүнүн ролун жакшы ойногон артист
сыяктуу, өзүнүн кароолдо турган ордун кайра ээледи.

#58 07 June 2017 - 07:56
LVIII глава
УУЛУУ ӨБҮШҮҮ ============
Ошол ызы-чуу түшкөн концерт он минутага жакын созулду. Бээ чала мууздалган торопойдон бетер
чыңырды, ага ит улуп-уңшуп кошулуп кетти. Ушул ызы-чуу бир милядай жерге угулду. Зеб Стумп
андан алыстап кетпегендиктен, албетте, угуп турду.
Кепеге эч кимди киргизбей, Мористи кайтарып турган дагы бир сакчы табылды, ал — Тара эле.
Чакыртпай келген мейман кызга тайган да ишенбегендей сыяктанды. мексикалык кыздын кыймылы
итке касташкандай көрүндү да, дал эле Фелимдин алдында туура токтоп, кепенин эшигин тороп турду.
Исидора жөөлөп киргиси келген жок.
Ал жерге кагып койгон немеден бетер какайып, күтүп тура берди. Ушундай айыгышкан окуянын
акыры да ошого жараша бүтүүгө тийиш экени шексиз эле. Концерттин акыры эмне менен бүтөр
64Куралыңы ташта (испанча).
169
1 ПРОЛОГ
экен деп кызыгып, кыз күтүп тура берди. Оңуп кеткен кафтан кийип, ийинине узун мылтык асынган
лакыйган киши дарактардын арасынан көрүнгөнгө чейин ал бирдеме кылууга чамасы келбей, аң-таң
болуп карап турду.
Исидораны көрө коюп, келаткан киши бирдеме деп кобурады. Бирок анын эмне дегенин ошол ызы-
чуунун арасынан ачык угууга мүмкүн эмес эле. Стумп бээсин көздөй шыпылдай басып барып, бээнин
куйругун көтөрүп аябай кыйнаган нерсени алып таштады. Эми кайтадан жымжырт болду. Исидора
дагы эле эчтеме түшүнгөн жок.
Стумп кабагына кар жааган бойдон кепени көздөй тике бурулганда, Фелимдин өзүнө өзү маашыр
болуп турганынан эчтеме калган жок. Кала берсе, сулуу кыздын ошерде турганы да анын жебиреп
сөгүнгөнүн токтото албады.
— Эх макоо! Ирландиялык келесоо! Эмне үчүн мени мында чакырдың. Кеминде отуз кадак келе турган
килейген күрөгү атмакчы болуп, жаңы эле мээлей баштадым эле. Ант урган бээнин өкүргөнү, мен
мылтыкты басканча күрптү чочутуп жиберди. Эми эртең мененки тамагыбыздан кол жуудук.
— Мистер Стумп эгер бирөө биерге келип калса деп өзүңүз айтпадыңыз беле…
— Сендей да акмак болот экен- э! Мен аял жөнүндө айтыптырмынбы? Сенин башыңда такыр мээ жок!
— Мунун аял экенин мен кайдан билиптирмин. Атка мингенин көрсөңүз болот эле! Дал эле эркектей
жүрөт экен.
— Жүрсө эмне экен? Мексикалык аялдардын баары атта ошондой жүрөт. А бул кишини мен бир
нече жолу көргөм, бу киши жөнүндө уккам да. Биерге эмне үчүн кел- генин билбейм. Эмне үчүн
келгенин айтып бере да албас — бул мексикалыктардын тилинде гана сүйлөй алат. Мексикалыкча
эчтеме түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт.
— Жаңылышасыз, мистер Стумп. Англисче да сүйлөйт экен. Ыраспы, бийкеч?
— Анча-мынча билем — деп, ошого чейин унчукпай тыңшап турган мексикалык кыз жооп кайтарды.
— Мына эмесе! — деп жиберди Зеб бир аз оңтойсузданып. — Айып көрбөңүз, сеньорнта. Англисче
анча-мынча кобурай аласызбы? Сүйлөсөңүз, андан бетер жакшы. Андай болсо, биерге эмне үчүн
келгениңизди мага айтып бере алат экенсиз. Менимче, биерге адашып келген эместирсиз?
— Жок, сеньор… — деп, кыз көп батынбай жооп кайтарды.
— Андай болсо, сизге биерде эмне керек эле?
— Мага, сеньор… мага… Бул дон Морисио Жеральддын үйүбү?
— Ооба, ошондой. Бу кепени үй деп айтууга кыйын болсо да, ошондой. Сиз кепенин кожоюнун
көргүңүз келген го?
— Ооба, сеньор, ырас! Биерге ошон үчүн келдим.
— Болуптур, мен каршы эмесмин. Эч кандай жамандык оюңузда жоктур деп ойлойм. Ыраспы? Бирок
аны менен сүйлөшүүнүн кажаты жок го дейм? Ал сизди өзүнүн таш таманынан да ажырата албайт.
— Оорубу? Кырсык болдубу? El guero, ал жөнүндө мага айтты.
— Ооба, айткам, — деп, Фелим куйкул сары чачы өзүн ошентип жоокер деп айтууга себеп болгондой,
сөзгө кийлигишти.
— Дал ошондон, — деп жооп кайтарды Зеб. — Жарадар болду. Дал азыр ал анча-мынча жөөлүп жатат.
Менимче, коркунучтуу деле эчтеме жок болуу керек. Жакында эс-учун жыят го деп ишенүү керек.
170
1 ПРОЛОГ
— О, сэр, мен кайрыкер сестра боло алам. Бечара! Кирүүгө уруксат этиңиз, каралашып багайын. Мен
анын кыйышпас досу болом.
— Болуптур. Анткениңизден мен эч кандай деле жаман нерсе көрбөйм. Оору кишини багуу аялдын
иши дешет. Кемпирими Миссисипинин жээгине көмгөндөн кийин андай нерсени текшерип көрүүгө
мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Анын досу экенсиз, эгерде оорулуу кишинин жанында отургуңуз келсе,
мейлиңиз. Биз кайра келгенче, жанында отурсаңыз да болот. Бирок, байкаңыз, крозаттан секирип
түшүп жүрбөсүн, мен таңган чүпүрөктөрдү жулуп таштаттырбаңыз.
— Мага ишенип коюңуз, сэр, мен аны колуман келмейинче этият болуп сактайм. Бирок, айтыңызчы,
ушунун баары кандайча болду? Индеецтерби, бирок жакын жерде индеецтер жок го. Бирөө менен
жаңжалдашып калдыбы?
— А жөнүндө, сеньорита, менин билгеними сиз да билесиз. Койоттор менен кармашыптыр. Бирок
тизеси эмне болгону эч кимге белгисиз. Анын тизесинде койоттордун тиешеси жок. Кечээ аны ыраак
жердеги бадалдын арасынан таптым. Бел курчоосуна чейин сууга кирип турган экен, а жээктен
чаар ала жырткыч аны секирип баса калганы жатыптыр. Силер, мексикалыктар, ал жырткычты
жолборс деп атайсыңар. Ошол кичинекей жаман иштен Мористи куткарып чыктым. Бирок мурун
эмне болгону мен үчүн табышмак. Жигит эс-учунан танып калган экен: азыр да андан эч нерсе биле
албайсың. Ошондуктан бизде кетүүдөн башка чара жок.
— Сиз, сэр, анын корккудай эч кандай жаракаты жок экенине ишенесизби? Жаракаты коркунучтуу
эмеспи?
— Жок. Бир аз калтырап жатат. Жаракаты жөнүндө болсо, ал жөн эле эти тытылып калган экен. Бир
жумадан кийин бугудан бетер оюн салып, сакайып кетет.
— О, мен аны алпештеп багам!
— Сиз абдан кайрымдуу экенсиз, бирок… бирок…
Зеб ыргылжың боло баштады. Капылестен бир ой аны айнытып жиберди. Ошол оюнун артынан
дагы башка ойлор эсине келди. «Бул кыз баягы тавернада жатканда азык-түлүк жиберип жүргөн
кыз болуш керек, — деп ойлоду ал. — Мориске ашык болуп калгандыгы шексиз. Аябай ашык болгон
экен. Ашык болгон дагы бирөө бар. Жигиттин бул кызды эмес, берки кызды эңсегени да ачык. Жигит
жөөлүп жатып, берки кыз жөнүндө сүйлөгөнүн укса, анын сөзү бу кыздын жүрөгүн жарадар кылат,
— ал түнү бою ошол кызды чакырып жатты. Бечара, зыяндуу кыздардай эмес экен, — адамдын боору
ооруйт. Бирок ирландиялык жигит эки кызга тең таандык болмок беле. Ушунун баары эң эле кызык.
Жигиттин жөөлүп жатып, ашык болгону жөнүндө сүйлөгөнүн укпасын үчүн бул кара көз сулууну
анын жанына кирбе деп көндүрсөм, жакшы болор эле».
— Бирок, мисс — деп, акырында, Стумп чыдай албай күтүп турган мексикалык кызга кайрылды, —
үйгө кеткениңиз жакшы болот го дейм? Бу жигит айыкканда келиңиз. Ал сизди тааныбайт да. Аны
бакканы биерде калганыңыздын зарылдыгы жок, ал анчалык деле катуу оору эмес, өлмөкчү да эмес
— Мейли тааныбай эле койсун. Баары бир мен аны көрүшүм керек. Балким, ага бир нерсе керектир?
Мен бардыгын табам.
— Демек, биерде калмакчы болдуңузбу? — деди Зеб ойлонгонсуп. — Болуптур, эрк өзүңүздө. Бирок
анын сүйлөгөн сөзүнө таарынбаңыз. Ал киши өлтүрүлгөндүгү жөнүндө сүйлөйт, сүйлөй турган
нерсеси аз дейсизби. Жөөлүп жаткан кишини айыптоого болмок беле. Ал бир аял жөнүндө сүйлөрү
шексиз — ошол аялды үстү-үстүнө эсине түшүрүп жатат.
— Аял жөнүндөбү?
— Ооба, аял жөнүндө. Аялдын атын өз кулагыңыз менен угасыз.
171
1 ПРОЛОГ
— Аялдын атынбы? Сеньор, аялдын аты ким экен?
— Карындашынын аты болушу керек. Карындашын эстеп жатканына толук ишенем.
— Мистер Стумп, сиз мистер Морис жөнүндө айтып жатасыз го… — деп баштады Фелим.
— Унчукпа, айбан! Тиешең жок ишке кыпчылба. Ал сенин акылың жетчү иш эмес. Мени менен
жүргүн. Бир аз сергип ал. Жээк менен жогору кетип баратканымда, бир шартылдак жыланды өлтүрүп,
ошерге таштадым эле. Дагы бир оңбогур алып кетпеген болсо, аны үйгө ала кел.
— Шартылдакты? Шартылдак жыланды айткыңыз келет го?
— Дал ошондой?
— Бирок аны сиз жемек белеңиз, мистер Стумп? Жегенде ууланып калууга болот го?
— Ии, сен көп билесиң! Анын уусу калган жок. Анын башын кесип салгам, уусу башы менен кошо жок
болду.
— Фу, ачкадан өлсөм да, андай ыплас нерседен бир тиштем да, баары бир жебес элем.
— Андай болсо, ачкадан өлө бер! Сени жегин деп ким кыйнап жатыптыр. Мен жыланды үйгө ала
келгин деп гана айтып жатам. Жүргүн да, айткан сөздү орундат. Болбосо сага жыландын башын, ичек-
карды менен жегизем.
— Кудай урсун, мистер Стумп, мен сиздин тилиңизди албайм деген жерим жок го. Ишенип коюңуз,
Фелим О’Нил сиздин айтканыңыздын баарын орундатат. Жыланды жутуп жиберүүгө да даярмын!
Ыйык Патрик, мендей күнөө- көрдүн күнөөсүн кечире көр.
— Ыйык Патригиң менен куруп кал! Кана, жүргүн!
Фелим башка эчтеме айтпай, мергенчини ээрчип, кыңк
этпей токойду көздөй жөнөдү.
Исидора кепеге кирип, оорулуу кишинин жанына келди. Анын ысып-күйгөн маңдайын, кеберсиген
эрдин чопулдатып өбө баштады. Аңгыча болбой чаян чаккандан бетер, селт этип кетти. Аны артка
секирткен нерсе чаяндын уусунан да жаман эле. Ал бир гана ооз — кыска айтылган гана сөз эле.
LIX глава
ХАКАЛАДАГЫ ЖОЛУГУШУУ ====================
Мигуэль Диазды Луиза Пойндекстер колу-бутун чечин бошоткон кун — Луиза үчүн кайгылуу, калыбы,
бүткүл өмүрүндөгү эң кайгылуу күн болду.
Агасынын дарексиз болуп кеткени жөнүндөгү күйгөнү сүйгөн кишиси жөнүндө кабатыр болуу менен
кошулуп кетти.
Күйүтүн күнүлөгөнү ого бетер ырбатты.
Ырас, катты жазган ал эмес эле, ошондуктан кат эч нерсе далилдеген жок. Каарданып турган кезинде,
жаш креолка адегенде а жөнүндө ойлободу. Каттын мазмунуна караганда, Морис Жеральд менен
мексикалык кыздын ортосундагы мамиле Морис өзү айткандан мээримдүүрөөк болуп чыкты. Демек,
Морис аны алдап жүргөн болуу керек. Болбосо, эмне үчүн ал кыз уят-сыйытты коюп, өзүнүн сүйгөнү
жөнүндө ушундай ачык жазат. Катта жөн эле достукту көрсөткүдөй эч нерсе жок. Катта сүйүү
жөнүндө гана айтылган болчу.
Анын үстүнө, жанагы жолугушалы дегеничи!
172
1 ПРОЛОГ
Кыздын ага өтүнүч менен кайрылганында көңүл жубаткандай эмне бар эле. Өзүнө өзү ишенип,
кыздын назданганы жөн эле сырткы көрүнүшү болучу. Кат өтүнүч менен бүтпөй, буюрган кыязда:
«Келбей койбоңуз! Сизди күтөм!» — деп бүткөн.
Ушул сөздү окуп. Луиза өч алгысы келгендей, катты аябай мыжыгып салды.
— Ырас, эми баары мага ачык болду, — деп жиберди Луиза күйгөнүнөн. — Морис мындай өтүнүчкө
нечен жолу жооп берген болуу керек. Ошол жерде алар нечен жолу жолуккан экен. «Таякемдин
үйүнүн ары жагындагы дөңдө». Алардын дайыма көрүшүп жүргөн жери ошол турбайбы.
Луизанын айласы түгөндү. Анын сүйгөн сезими өзүнүн бутунун астында тепселип жаткан бир барак
кагаздай тепселди.
Аябай капаланып, Луиза бир кыйлага чейин ойлонуп отурду. Ал өзүнүн жакшы көргөн Луизианасын
эсине түшүрдү да, ошо жакка кайра барып, өзүнүн күйүтүн монастырда унуткусу келди.
Чын эле ошол Луизанын өмүрүндөгү эң кайгылуу күң болду.
Бир нече саат заманасы куурулуп, кейигенден кийин креолка көңүлүн бир аз тынчытып, жүйөлүү
ойлоно баштады. Катты дагы бир жолу окуп чыгып, анда жазылган сөздү ойлонуп калды. Ал дагы эле
үмүтүн үзгөн жок; Морис Жеральд сеттльментте болбоо ыктымал эле го.
Ошондой жоромол мүмкүн эместей болуп көрүндү, Эгерде өзү көрүшөлү деп чакырган, өзүнүн сүйгөн
кишисин ушундай ишенгендик менен күткөн кыз аны билбегени кызык экен… Жигиттин кетип
калышы да мүмкүн. Кетем деп кызга ал өзү айткан турбайбы. Караңгы түндө жылтылдап көрүнгөн
жылдыз сыяктуу, ал ушул жоромолго үмүт кылып жабышып калды.
Өзүнүн шектенгенин текшерүү Луиза Пойндекстер үчүн абдан кыйып эле, бирок андан башка арга
да жок болучу. Иңир кире баштаар менен эле, ал өзүнүн мустангасына минип, сеттльментти көздөй
жөнөдү да, мындан бир нече саат мурун Исндора турган тавернанын эшик алдына келип токтоду.
Ошо күнү кыштакта такыр эч ким жок эле. Кай бирөөлөрү кылмыштын изин кууп жүрдү, башкалары
команчаларга каршы кеткен болучу. Луизанын олдоксон кылыгын көргөн жападан-жалгыз
Обердофер болду.
Морис-мустаигер жөнүндө сураштырып жүргөн жалгыз өзү эмес экенин угуп, дагы бир кыз ошондой
эле суроо бергенин билгенде, Луиза үмүтүн үзүп, Каса-дель-Корвого кайра тартты.
Луиза таң атканча кирпик какпай, далбас уруп чыкты. Бир аз уктап кеткенде, түшүнө капкайдагы
нерселер кирип кыйналды.
Таң атканы менен көңүлү бир жайлуу болуп тынчыган жок, бирок таңдын атышы менен кошо
айныбас бекен, а түгүл бел байлаган чечкиндүүлүк боюн бийледи. Аламонун жээгине кайра кетүүдөн
башка Луиза Пойндекстер өзү үчүн арга тапкан жок. Аны жоошуткудай, «койгун» деп айткыдай эч
ким болбоду.
Түнү бою издешти, бирок эч ким кайткан жок, а түгүл эч кандай кабар да келбеди.
Өзүнүн кылык-жоругун өзү билгендей, жаш креолка гасиенданы бийлеген жалгыз өзү болду.
Луиза Пойндекстер жалаң гана божомол менен тынчып калчу кишилерден эмес. Ашкан кайраттуу
кишилерди да баш ийдирген сунуу да, Луизаны кыңк эттирбей баш ийдире алган жок: ал чындыкты
билүү керек!
Мүмкүн, анын көңүлү тынчып, үмүтүн үзөр. Кала берсе, үмүтүн үзүү да ага кыйналып шек саноодон
дурусураак болуп көрүндү.
173
1 ПРОЛОГ
Луизаны айнытуу пайдасыз. Кала берсе, атасы да анын ойлогон оюн орундатууга жолто кыла албайт
болучу ажалдан башка бардык нерсенин күчү жетпеген, каршы чыгууга моюн бербеген ыйык сезим
менен толкунданган креолканын кайраты, Египеттин королевасынын кайратынан калышпас.
* * *
Күндүн мурду көрүнгөндө, Луиза атка минди. Касадель-Корвонун дарбазасынан чыгып, ал өзүнө
белгилүү жол менен прерияны көздөй жөнөдү. Каса-дель-Корво менен мустангердин жалгыз
кепесинин ортосу жыйырма чакты миля. Эки саат өтө элек жатып, Луиза көздөгөн жерине күлүк
мустангасы менен жетип келди. Луиза эми айласы түгөнгөндөй далбасалаган жок, жүрөгүндөгү
кайгысына көрөмбү деген үмүттүн шооласы жарыгын чачып турду.
Бирок кепенин босогосун аттап кирер менен ал шоола жалп этип өчүп калды. Аптыккан кыйкырык
көкүрөгүнөн чыгып кетти. Ал ооруган жүрөктүн акыркы ач кыйкырыгы окшоду.
Кепеде кыз бар эле. Жаш креолканын зээнин кейиткен иштин бардыгы ачык болду… Ашыктык кат
жазган кыз анын алдынан чыкты. Сыягы, жолугушуу акыры ордунан чыккандай сыяктанды.
Исидоранын корутундусу да андан кем ачык болгон жок, андан кем кыйнаган жок. Мексикалык кыз
таалайдан үмүт үздү. Түйшүктүү чындыктан шек саноо үчүн ал оорулуу кишинин байланышсыз
сөздөрүн көпкө чейин тыңшап отурган эле. Анын ордун ээлеген кыз босогодо турду.
Бирин-бири жутуп жиберчүдөй тиктешип, экөө бетме-бет турушту. Экөө тең бир кишиге ашык болуп,
экөө тең күнүлөгөнүнө наны жай таппай, экөөнүн тең бар экенин билбеген кишинин жанында турду.
Экөөнүн ар кимиси өзүнүн күнүсүн өзүнөн бактылуураак деп эсептеди. Луиза өзүнүн көңүлүн жубата
турган сөздөрдү уккан жок. Бирок ал сөздөр ошого чейин Исидоранын жаиын жай таптырбай, дагы
эле кулагынын кужурун алып турган эле.
Бул тымызын касташуу эле. Экөө бирине-бири сөз айт- кан жок. Биринен бири эмне болду деп сураган
да жок, суроонун эч кандай зарылдыгы да жок эле. Сөз айтуунун
кереги болбогон учур болот эмеспи. Бул жутуп жиберчүдөй караган көздөрүнөн, эки ууртунун
жектегендей бырышып турганынан гана билинген, кордолгон сүйүүнүн өз ара касташканы эле.
Мындай абал жыйырма секундадан ашык созулган жок. Бул Луиза Пойндекстердин шарт бурулуп,
эшикти көздөй (5асканы менен бүттү. Морис Жеральддын кепесинде ал үчүн орун жок эле!
Күнүсүнүн шлейфин басып ала жаздап, Исидора да чыкты. Анын көкүрөгүндөгү ой да беркиникиндей
болду. Морис Жеральддын кепесинде чынында эми ал үчүн да орун жок эле!
Экөө тең кепеден мүмкүн катары тезирээк чыгып кетүүгө ашыккандай көрүндү. Боз ат жакыныраак,
чаар байтал алысыраак байланган болучу. Исидора атка биринчи болуп минди. Ал Луизанын
жанынан өткөндө, Луиза да атка минип жаткан эле. Күнүлөшкөн эки кыз дагы тиктешип гана тим
болду. Экөөнүн эч кимисин да жеңип чыкты ден айтууга болбойт, бирок эч кимисинен да кечирим
сурагандай кыяз көрүнгөн жок. Креолканын көз карашында кайгы, каардануу, таң калуу көп эле.
«Carajo!» деген орой сөз менен кошо, Исидоранын акыркы көз карашында да алсыз кекенүүсү болчу.
LX глава
ЧЫККЫНЧЫ СУЛУУ ==============
Тышкы дүйнөнүн кубулуштарын адамдын күйүтү менен салыштырууга мүмкүнчүлүк болсо, Аламого
тийген күндүн көз уялткан жарыгынан, мустангердин кепесинен чыгып баратканда Исидоранын
уйгу-туйгу болгон кайгылуу сезиминен күчтүү нерсени элестетүү кыйын болор эле. Өч алсам деп
кекенүү бардыгынан күчтүүрөөк болду.
Өч алсам деп кекенүү менен ал кандайдыр күйүтүн басты, — үмүт үзүүдөн аны ошол сезим аман алып
калды. Антпесе, күйүтүнүн күчтүүлүгүнөн ал опат болот эле.
174
1 ПРОЛОГ
Исидора ындыны өчүп, дарактын көлөкөсү менен жүрүп отурду. Кубултуп көгөргөн асманды
караганда да, ага көңүлдүү болгон жок, — ага асман шылдыңдап күлүп тургандай сыяктанды.
Исидора бийик өрдүн этегине келип токтоду. Дөбөнүн төбөсүндө кипаристин карарган опсуз чоң
шактары көрүнүп турган эле. Күндүн сүйүндүргөн нуруна караганда,
ошол карарган көлөкө жараланган жүрөккө жакыныраак туюлду.
Бирок атынын токтошуна анысы себеп болгон жок Анын оюна кипаристин көлөкөсүнөн карараак
ой түшө калды. Чытыган кабагынан, балбылдаган кара көздөрүнүн үстүндөгү бүркөлгөн кашынан,
каарданган өңүнөн гана ошондой экенин билүүгө болот эле.
Сырткы сымбатынан башка, аялга таандык касиеттин баары жок болуп кеткендей сыяктанды; мүчөсү
кемтик болбогону менен заарканткан нерсенин баары өңүнө чыкты,
— Жанагы кызды турган жеринде өлтүрүшүм керек эле, — деп кобурады Исидора. — Кайра барып,
эрөөлгө чакырсамбы? Бирок аны өлтүргөндө эмне өзгөрмөк? Аны өл- түрүүдөн Мористин сүйгөнүн
кайра тапмак белем. Аның сүйгөнү түбөлүккө жок болду. Жанагы сөз анын көңүлүнүн эң терең
жеринен атырылып чыкпадыбы. Ал жанагы кыз жөнүндө гана ойлойт экен. Эх, мендей бечарада
үмүттүн кыпыны да калган жок!.. Жок, тиги жигит өлүүгө тийиш. Менин шоруму кайнаткан ошол
болду… Бирок а жигиттин өлүгүндө эмне пайда? Менин турмушум эмне болмок? Жан чыдагыс
кыйналууга айланмак! А азыркы кылганы кыйноо эмеспи? Эми мындан ары буга чыдай албайм!
Өч алуудан башка арга калган жок. Жалаң кыз эмес, ал экөө тең өлүүгө тийиш!.. Бирок азыр эмес,
кимдин колунан өлгөнүн билүүгө жигиттин чамасы келген убакта өлүүлөрү керек! О, менин өч ала
турган күчүмдү бүт сезип көрсүн!.. Ыйык кудай эне, өч алуу үчүн мага кубат бергин!..
Исидора атын теминип, бийик өргө ылдам чыга баштады.
Тегиз жерге чыкканда, ал токтогон жок, атын эс алдырган да жок, каякка бараарын өзү да билбегендей,
прерия менен чу коюп атынын оозун коё берди. Атын чучулаган да, тизгинин бурган да жок; үстү-
үстүнө теминип гана чапкылап отурду.
Оозун бош койгон аты ошерге келгендеги мурунку жолу менен зыркырап кете берди. Ал жол Леонага
алып барчу эле.
Бирок аты минген кишисин ошол жакка алып барууга тийиш беле?
Кыз буга эч кандай кунт койбогондой көрүндү. Башын шылкыйтып, терең ойго батып, ал
айланасынан эч нерсени байкаган жок. Өзү бойлото чапкылап бараткан, аңырайган аңды да
көрбөдү, аны аты кишенеп, тык тура калганда гана байкады.
Ошондо ал ачык прериянын ортосунан бир топ атчан кишини көрө койду.
«Индеецтерби? Жок, актар экен. Техастыктар», — деп ойлоду Исидора.
Команчаларды издеп жүргөн отрядбы? Бирок индеецтер биерде жок. Сеттльментте айткандары чын
болсо, алар дарыянын наркы өйүзүнөн алыс болууга тийиш.
Мексикалык кыз алар менен азыр жолугушкусу келген жок. Башка убак болсо, ал көрүшүүдөн качпайт
эле. Бирок күйүт башына түшкөн ушундай убакта жаадырып айткан суроолорго жооп кайтаргысы,
сонуркап карагандарга көрүнгүсү келбеди.
Жашырынып калууга убакты бар. Атчан кишилер аны байкабаган да чыгар. Чытырман токойго шарт
бурулуп, көрүнбөй калууга болот.
Бирок Исидора ошондой кылууга үлгүргөнчө, аты азынан кишенеп жиберди. Беркилердин жыйырма
аты да ага жооп бергенсип, кишенеп калды.
175
1 ПРОЛОГ
Дагы эле көрүнбөй калууга болот. Анда атчан кишилер аны куугунтукташы мүмкүн. Бирок аны
айрыкча токойдун арасындагы өзүнө тааныш ушул ийри-муйру жолдон кууп жетишет беле?
Ушундай ой менен ал атынын башын бурду, бирок ошол замат кайра бурулуп, тике эле өзүн көздөй
чапкылап келаткан отряддын алдынан чыкты.
«Сандалып жүргөн немелерби? Жок! Өтө жакшы кийинген эмелер экен. Булар өлгөн Генринин атасы
баштаган чалгынчылар болсо керек. Ырас, ошолор экен. О, кудай! Өч алууга эми мүмкүнчүлүк болду.
Бул кудайдын кудурети окшойт.
Бадалды көздөй бура тартпастан, Исидора ачык жерге чыкты да, ийменип-тартынбастан, тике эле
атчан кишилердин алдынан утурлай бастырды. Анын чыккынчылык кылгысы келген планы бир
жаңсыл болду.
Ал беркилердин жакын келишин күтүп калды.
Бир минутадан кийин мексикалык кыз туш-тушунан курчаган атчандардын ортосунда турду.
Бирок курчоодо калганы аны такыр чочуткан жок. Жабалактап курчап алган кишилерден ал коркуп
да койбоду. Исидора алардын кай бирөөн таанычу эле. Отряддын баштап жүргөнсүгөн улгайып
калган кишини ал эч качан көргөн эмес, бирок анын ким экенин божомолдоп билди. Ал киши өлгөн
жигиттин жана өзү өлтүргүсү келген же, эң кеминде, маскарасын чыгармакчы болгон кыздын атасы
өңдөндү. Ох, кандай ыңгайлуу учур!
— Французча сүйлөйсүзбү, мадмуазель? — деп сурап андан Вудли Пойндекстер француз тилинде
сүйлөсөм мексикалык кыз жакшыраак түшүнөт го деген ой менен.
— Эң эле аз билем, сэр. Англисче сүйлөсөңүз жакшыраак болор эле.
— О, англисчеби? Андан бетер жакшы, биз үчүн. Айтыңызчы, мисс, жолдо келатып эч кимге
жолукканыңыз жокпу? Мен айтайын дегеним — кандайдыр атчан кишилерди жолуктурганыңыз
жокпу, же балким, бирөөнүн лагерин байкарсыз?
Исидора ыргылжың болгонсуп, же эмне деп жооп берерин ойлонгонсуп калды.
Плантатор дагы эң сылык сураштыра баштады.
— Суроого уруксат этиңиз, каерде турасыз?
— Рио-Гарендеде, сеньор.
— Азыр ошерден келатасызбы?
— Жок. Леонадан.
— Леонаданбы?
— Бу киши картаң Мартинестин жээн кызы болот, — деп түшүндүрдү ошердегилердин бирөө. — Анын
плантациялары сиздин плантацияларыңыз менен чектеш, мистер Пойндекстер.
— Ырас, мен дон Сильвио Мартинестин жээни болом.
— Тике эле үйдөн келатасызбы? Кечиресиз, балким, бул сураштырганым сизге асылгандай болуп
көрүнө тургандыр, бирок ишенип коюңуз, мисс, биз сизден жөн эле сонурка- гандыктан сураштырып
жаткан жерибиз жок. Бизде сураштырууга абдан олуттуу себептер, андан да олуттуураак себептер бар.
— Ооба, мен тике эле Мартинестин гасиендасынан келатам, — деп жооп кайтарды Исидора
плантатордун акыркы сөзүнө кунт койбогон өңдөнүп. — Таякемдин үйүнөн дал мындан эки саат
мурда чыктым эле.
176
1 ПРОЛОГ
— Анда сиз киши өлтүрүлгөндүгү жөнүндө уккандырсыз дейм?
— Уккам, сеньор. Кечээ таякем Сильвионун үйүндө ошо жөнүндө сөз кылышкан болучу.
— Бирок бүгүн сиз үйдөн аттанганда, сеттльментте кандайдыр жаңы кабарлар болду беле?
— Өлтүрүлгөн кишини издегени кетишиптир дешкенин гана уккам. Сиздин отрядыңызбы, сеньор?
— Ооба, алар биз жөнүндө айткан болуу керек… Дагы башка бирдеме укканыңыз жокпу?
— Уктум, таң каларлык, таң калганда да мени тамаша кылып жатат го деп ойлогудай нерсе уктум,
сеньорлор.
— Эмне уктуңуз? — деп жыйырма чакты киши жабыла урады, ат минген татынакай кызга сонуркап
карап.
— Кандайдыр бир башы жок кишини көрдүк деп сүйлөштү, кандайдыр ушерде атчан жүрөт дешет.
Valga me dios!65 Биз ошол жерден алыс болбообуз керек. Ал ушерден, жол Рио-Грандеге бурулган
жердеги кечүүдөн алыс эмес, Нуэсестин жанында болуу керек. Вакеролор ушинтип айтышты.
— А вакеролор аны көрүшүптүрбү?
— Ооба, сеньорлор. Үчөө өз көзүбүз менен көрдүк деп карганышат.
Өзүнүн сөзү техастыктарды анчалык айран-таң калтырбаганына Исидора бир аз таңыркады.
— Ал башы жок чабендести биз да көрдүк, — бирок алысыраак жерден. Анын ким экенин тааныгыдай
жакын жерден көрүшкөн бекен силердин малчыларыңар?
— Santissima! Жок.
— Бизге айтып бере алар бекен, мисс?
— Менби? Жок. Мен айтып бералбайм. А жөнүндө уктум эле деп айтпадымбы… Бирок анын ким
экенин ким билет?
Ал эмне болушу мүмкүн деп ой жүгүрткөнсүп, баары унчукпай турду.
Анан плантатор дагы суроо бере баштады.
— Бу жерден сиз эч кимди кезиктирген жоксузбу, мисс?
— Кезиктирдим.
— Кимди? Кичи пейилдик кылып, аты-жөнүн айтып бериңизчи.
— Бир аялды.
— Аялды? — деген бир нече добуш жаңырыктай жабыла чыкты.
— Ооба, сеньорлор,
— Кандай аял экен
— Американка.
— Американка бекен? Ушерденби? Жалгыз бекен?
— Ооба.
— Ким деген аял экен?
65Кудая тобо! {испанча).
177
1 ПРОЛОГ
— Ким билет.
— Аны сиз билбейсизби? Кебетеси кандай эме экен?
— Кебетеси кандай дейсизби?
— Ооба. Кийими кандай экен?
— Атчан жүрүү үчүн кийчү кийим экен.
— Демек, атчан экен да?
— Атчан экен.
— Ошол айткан аялыңызды каерден кезиктирдиңиз?
— Биерден алыс эмес, токойдун наркы тарабынан.
— Ал кайсы багытты көздөй бараткан экен? Ал барат. кан жакта кандайдыр турак үйлөр барбы?
— Бир гана кепе бар.
— Ал кепе кимдики?
— Дон Морисио мустангердики.
Топураган эл сүйүнгөндөй уу-дуу боло түштү. Эч кандай натыйжа чыкпаса да, эки күндөн бери
талыкпай издеп жүргөндөн кийин алар акырында өлтүргөн кишинин изине түшүштү.
Атынан түшүп тургандар жолго чыгууга беленденип, аттарына кайра ыргып минди.
— Биз сизди жадата бергибиз келбейт, мисс Мартинес, бирок бизге сиз ошол жерге барчу жолду
көрсөтүп беришиңиз керек. Теңир жалгасын.
— Антиш үчүн мага айланып барууга туура келет. Болуптур эмесе, жүрүңүздөр! Ошерге бармакчы
болсоңуздар, узатып коёюн.
Исидора токойлуу бадалдын тилкесин кайра дагы аралап өттү. Аны атчан кишилер ээрчип отурду.
Бадалдын күн батыш жактагы четине жеткенде, ээрчитип бараткан кыз токтоло калды. Ошо жер
менен Аламонун ортосунда ачык прерия бар эле.
— Тетиги, — деди Исидора, — горизонттогу карарган чекти көрдүңөрбү? Ошол кипаристин төбөсү. Ал
дал эле Аламонун жээгине өскөн. Ошо жакка баргыла. Аерде колотко түшө турган айдөш жер бар.
Төмөн түшкөндөн кийин андан нарыраак жерден жанагы мен айткан кепени табасыңар.
Чалгынчылар эми сураштырып отурган жок. Өздөрүнө жол көрсөткөн кызды унутуп коюп, алар
кипаристи көздөй прерия менен чапкылап жөнөдү.
Атчандардын бирөө гана ордунан жылган жок. Ал өзүнүн эне тили сыңары, Исидоранын тилин да
жакшы билчү эле.
— Албетте! Аны ким байкабай коймок эле? — Ага жалбарган эмедей кайрылды, — ошол аял минип
бараткан атты байкадыңызбы?
— Албетте! Аны ким байкабай коймок эле?
— Аттын түсү кандай экен?
— Чаар мустанг экен.
— Чаар мустанг бекен? Ой тобо! — деп, Кассий Кольхаун онтогон эмедей сүйлөп жиберди да, отряддын
артынан чапкылап жөнөдү.
178
1 ПРОЛОГ
Өлүмдөн башка нерсенин күчү жетпей турган, өчпөс жалынга чалдыккан дагы бир жүрөк бар экени
Исидорага ачык болду

#59 08 June 2017 - 19:49
LXI глава
ЖЕРДЕГИ ПЕРИШТЕ ===============
Күнүсүнүн күтпөгөн жерден тез жөнөп кеткени Луиза Пойндекстерди айран-таң калтырды. Ал
өзүнүн Лунасын теминип, жөнөмөкчү болду эле, бирок болгон окуянын таасири астында эмне
кыларын билбей, буйдалып калды.
Мындан бир эле минута мурун кепени шыкаалап карап, ал өзүн үйдүн кожоюнундай сезген аялды
көргөн эле.
Эми ошол аялдын капылеттен качып кеткенин кандай түшүнүүгө болот? Анын кекенип, жек
көргөндөй караганында кандай себеп бар? Өзүнүн күчүн сезип жеңгендей ишенгендик эмне үчүн
ошол көз карашта болгон жок?
Исидоранын караганы креолканы кемсинткен жок, кайра аны кандайдыр тымызын кубантып
жиберди. Прерияга чапкылап кетүүнүн ордуна Луиза Пойндекстер атынан кайра түшүп, кепеге
кайра кирди.
Оорулуу кишинин купкуу болгон өңүн, алаңдаган көзүн көрүп, креолка өзүнүн ыза болгонун бирпаска
унута койду.
— Mon dieuix! — деп жиберди ал, төшөктү көздөй атырылып. — Жарадар болуп, өлгөнү жаткан
окшойт… Кимдин колунан келди?
Жооп болгон жок. Кандайдыр байланышсыз кобураган гана добуш угулду.
— Морис! Морис! Жооп берчи! Мени тааныдыңбы? Луизаны. Өзүңдүн Луизаңды! Мени ушинтип
айтчы эмес белең!
— О, силер татынакайсыңар, асмандагы периштелер. Бу дүйнөдө силерге окшош эч ким жок деп
айтпагыла. Бардык периштеден сонунураак бир кызды билем…
— Кыздын аты эсиңдеби?
— Луиза… Луиза… Луиза… — Анын атын жашырып эмне кылмак элем. Аны мен сыяктуу бардык
жүрөгү менен сүйбөй коюуга мүмкүн эмес… — деп Морис жөөлүп жатып кобурады.
Сүйүү сөзү Луизаны эч качан мынчалык кубандырган эмес эле. Кала берсе, акациянын көлөкөсүндө
туруп биринчи жолу укканда да, акыл-эси соо кезинде экөө ошентип жүрөгү эзилип турганда да, —
кала берсе ошондо да кызга мындай сөз мынчалык күчтүү таасир кылган жок эле. О, кыз кандай
таалайлуу!
Оорулуу кишинин ысык маңдайын, кеберсиген эрдиң аймалап өбүү кайра башталды. Бу жолу өзүн
чалкасынан кетүүгө мажбур кылгыдай эч нерсени укпай турган кыз өөп жатты.
Луиза боюн жазды төбөсү көккө жетип, жигиттин көңүлүн жубатууга тырышкансып, колун жүрөгүнө
басып турду. Ушул бактылуу минуталар тез эле өтүп кетпесин деп коркту.
Атаганат, анын чочуганындай болуп чыкты.
Кепенин босогосунан бир киши көрүндү.
Луиза баягы апенди чалыш Фелим экенин тааный койду. Ал бир колуна ай балта, экинчи болуна
килейген жыланды кармап алган экен.
— Ыйык Патрик! — деп жиберди ал колундагыларын түшүрүп жиберип.
179
1 ПРОЛОГ
— Мен бүтүндөй жинди болуп калсам керек!
— Мындай болушу мүмкүн эмес, бул чын эле сиз — мисс Пойндекстерсизби? Мындай болушу мүмкүн
эмес!
— Дал ошондой, мистер О’ Нил. Мени ушунчалык тез унутуп койгонуңуз жакшы эмес!
— Сизди кантип унутайын? Коюңузчу! Унутуп койдуң деп мени айыптоого болбойт. Деги сизди ким
унутушу мүмкүн? Алыс барбай эле коёлу! Жөөлүп жатса да, сизди унутпаган киши мына.
Гальвеец көп сыры бар эмедей кроватка карап койду, Луизанын бүткөн бою кубанганынан дүр дей
түштү.
— Бу эмне деген сөз? — деди Фелим табышмактагыдай эки кыздын алмаша түшкөнүн эстей коюп.
— Жанагы жигитпи аялбы, ким билсин кайда кеткен? Биерден сиз эч кимди керген жоксузбу, мисс
Пойндекстер?
— Көрдүм.
— О, көрдүңүзбү? А кайда кетти?
— Кетип калды окшойт.
— Кетип калдыбы! Демек, эмне каалаганын ал кыз өзү да билбейт экен го. Аны мен кепеден мындан
он эле минута мурда калтыргам. Калпагын алды, карасам — эркектин калпагы экен — анан өз
үйүндөгүдөн бетер жайланып отура кетти. Аны кетип калды дедиңизби? Кудай жалгаган экен!
Анын кеткенине такыр өкүнбөйм! Андай аялдан оолак жүргөнү жакшы. Ишенесизби, жокпу, мисс
Пойндекстер, тананчасын ал тике эле менин мурдума такаса болобу,
Ботом! Эмне үчүн антет?
Кепеге киргизбегеним үчүн гана ошентти. Бирок баары бир кирди. Кайра келгенде Зеб ага тоскоолдук
кылган жок. Кыз мистер Жеральд менин досум эле, оорулуу кишини баккым келет деди.
— Ырас элеби? О, мына кызык, таң каларлык экен, — деп кобурады креолка, ойлоно калып.
— Туура айтасыз. Биерде таң каларлык нерсе көп болду.
— Ардактуу Фелим, айтыңызчы, эмне болду?
— Макул мисс, бирок антиш үчүн калпагыңызды алып биерде көпкө калууңузга туура келет. Кечетен
бери болгон окуянын баарын айтып бериш үчүн бир күн жетишпейт.
— Кечетен бери биерде кимдер болду?
— О, капкайдагынын баары болду! Баарынан мурда бир куудул эме болду. Ал жөнүндө сизге айтып
берүүгө оозум барбайт. Айтсам, жүрөгүңүз түшөт, мисс.
— Айтыңыз. Коркпойм.
— Макул, бирок анын эмне экенин өзүм да ажыратып биле албадым: башы жок, атка минген киши
экен.
— Башы жок бекен?
— Баарынан таң каларлыгы: мистер Мориске куюп койгондой окшош экен. Ушунчалык корктум
дейсиз, тим эле жан кулактын учунда боло түштү!
— Аны каерден көрдүңүз, мистер О’Нил?
180
1 ПРОЛОГ
— Тетиги жардын үстүнөн. Кожоюнумду тоскону чыктым эле. Ал ошо күнү эртең менен келем деген
болчу. Адегенде мен бул келаткан мистер Морис го деп ойлогом. Аңгыча болбой, жанагы… башы жок
неме келатыптыр. Калпагыңызды алып, сандыктын үстүнө отуруңузчу — орундукка отургандан көрө
анда ыңгайлуураак. Отуруңуз, өтүнөм. Али мен бардыгын айтып бүтө элекмин.
— Мен тууралуу убара болбой эле коюңуз, сөзүңүздү улантыңыз. Ошол таң каларлык атчан кишиден
башка биерде дагы ким болду? Ал жөн эле сизди тамаша кылып жаткан бирөө го.
— Тамаша имиш! Картаң Зеб да мага ошентип айткан.
— Демек, ал да ушерде болдубу?
— Ооба, бирок биерге кийин келди.
— Башкаларыңыз ким?
— Ооба, мисс. Зеб кечээ эртең менен гана келген. А жанагы эмелер мага мурунку түнү келип кетишкен.
Келгенде да түн ортосунда келишти. Түшүнөсүзбү, таттуу уйкуда жаттым эле. Алар келип, мени
ойготуп жиберишти,
— А «башкалар» дегениңиз кимдер экен?
— Сиз ким деп ойлор элеңиз? Индеецтер!
— Индеецтер дейсизби?
— Ооба! Бир короо эме экен! Ойлоп көрүңүзчү, мисс жанагы мен сизге айткандай, таттуу уйкуда
жаттым эле. Бироокумда кимдир бирөө карта тартып жаткансып, кагаздын шуудураганын уктум…
Ыйык Патрик, эмне деп ойлойсуз?
— Эмне экен?
— Сиз ырас эле эчтеке уккан жоксузбу? Мына дагы келатышат! Аттын дүбүртү чыкты.
Фелим эшикти көздөй жүгүрдү.
— Ыйык машайыктар! Бизди атчандардын отряды кур. чап калыптыр. Жөн эле миңге жакын киши.
Картаң Зебге билгизүү керек. Кудай өзүң сактай көр! Азыр балким, кеч болуп калгандыр!
Кактустун бутагын ала коюп, Фелим кепеден жүгүрүп чыкты.
— Кудая тобо! — деп жиберди креолка. — Ошолор экен! Атам… Эмне деп айтам? Ыйык кудай эне,
маскарачылыктан өзүң сактай көр!
Ойлонуп турбастан эле, Луиза босогого келип, каалганы жаап койду. Бирок жапканынан пайда жок
экенин ал ошол замат түшүндү. Сыртта турган кишилер андай каршылыкты көрүп токтоп кала
койбос. Луиза регуляторлорду үнүнөн тааныды.
Дубалдагы аңырайган жылчык анын көзүнө көрүндү. Качса кантет?
Бирок качууга кеч болуп калды. Аттардын дүбүртү кепенин арт жагынан угулду. Атчан кишилер
кепени туш-тушунан курчап алган эле.
Баары бир анын биерде болгону жашырын бойдон калышы мүмкүн эмес. Чаар мустанг кепенин
жанында байланып турбайбы; аны тааныбай коюуга да мүмкүн эмес. Бирок кызды качуудан
токтотуп калган дагы бир себеп болду. Морис коркунучта калды. Луиза оорулуу жигитти сактап
коргоого тийиш.
«Өзүмдүн абийиримден ажырасам да, — деп ойлоду креолка, — атамдан, досторумдан ажырасам да
мейли. Бирок Мористен ажырабоом керек. Маңдайыма жазылганы ушундай экен. Маскара боломбу,
жокпу, баары бир аны кыйбайм».
181
1 ПРОЛОГ
Ошентип Луиза жигит үчүн бардыгынан, а түгүл, жаны- нан ажыроого да кайыл болуп, оорулуу
жигиттин жанына камырабай отура калды.
LXII глава
ЗОРДОНО КҮТКӨНДӨ ================
Мустангердин кепесинин жанында эч качан, кала берсе, кармалган жапайы жылкыга короосу жык
толгондо да, мындай дүбүрт болгон эмес.
Эшиктен жүгүрүп чыкканда, Фелимди жыйырма-отуз добуш жабыла токтотту.
Бир добуш баарынан катуурак чыкты; Фелим аны отряддын жетекчисинин добушу экен деп ойлоду.
— Токто, шумпай! Качкандан пайда жок! Дагы бир кадам шилтесең, ордуңан жылбай сулайсың. Токто
дегенде, токто!
Гальвеецте моюн сунуудан башка эч кандай айла калган жок.
— Ишенип коюңуздар, жентльмендер, мен такыр эле качкым келген жок, — деди Фелим үнү
калчылдап, каарданып жутуп жиберчүдөй жабыла караган көздөрдүн алдында, өзүнө каршы
көтөрүлгөн мылтыктардын коркунучу астында. — Менин качайын деген такыр ниетим жок эле, Мен
жөн эле…
— Кутула ала турган болсоң качып көрчү. А дегенде жакшы эле качмакчы болдуң эле. Бери бас, Дик
Тросп! Мына муну байлагын! Шайтан алгырдыкы! Биз издеп жүргөн неме бул болсо керек.
— Жок, жок! Бул эмес. Бул анын малайы, Жон.
— Эй, эмне кылып турасыңар, кепени айландыра курчагыла! Муну көз жаздымдан чыгарбагыла.
Чоңуна али жете элекпиз. Эч кимге, кала берсе, чычканга да биерден чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк
бербегиле. Кана сүйлөчү: тиги ичте ким бар?
— Кепенин ичинде ким бар деп айткыңыз келеби?
— Берген суроого жооп бер, акмак! — деди Троси гальвеецти аркан менен бир чаап. — Кепенин ичинде
ким бар?
— Биринчиден, менин кожоюнум бар.
— Кызык бул эмне деген кеп? — деп сурады жаңы эле келген Вудли Пойндекстер чаар мустангды көрө
коюп. — Бу тиги… Луизанын аты го?
— Ооба, ошонуку, таяке, — деп жооп кайтарды аны менен жанаша келаткан Кассий Кольхаун.
— Кызык, аны биерге ким минип келди?
— Калыбы, Луиза өзү келген го.
— Бу кандай оңбогон иш! Тамаша кылып жатасыңбы, Кассий?
— Жок, таяке, бүтүндөй чындыкты айтып жатам,
Сен менин кызымды ушерде болду деп айткың келебиз.
— Болуптур — азыр да ушерде экен. Ал жөнүндө менин эч кандай шегим жок.
— Андай болушу мүмкүн эмес!
— Тетиги жакты караңызчы!
Эшик жаңы эле ачылды. Бөлмөдө аял отурган эле.
182
1 ПРОЛОГ
— Ой тобо, менин кызым го!
Пойндекстер атынан ыргып түшүп, кепени көздөй шашыла басты. Анын артынан Кольхаун да жөнөдү.
Экөө кепеге кирип барды.
— Луиза, бул эмне деген укмуш? Жарадар болуптур. бу? Бу ким? Генриби?
Жооп укканча, плантатордун көзүнө Генринин калпагы менен плащы урунду.
— Өзү экен! Тирүү тура! О кудай!
Пойндекстер төшөктө жаткан кишини көздөй умтулду,
Анын кубанганы көз ирмегенче жок болду. Төшөккө жаткан купкуу киши — баласы эмес эле.
Плантатор онтолоп, кайра тартты.
Кольхаун да андан кем калышпай толкундангандай болуп көрүндү. Үрөйү учканынан ал кыйкырып
жиберди. Бүтүндөй бүрүшө калып, кепеден акырын чыгып кетти.
— Бул эмне? — деп күбүрөдү плантатор. — Бул эмне? Мага түшүндүрүп бере аласыңбы, Луиза?
— Жок, түшүндүрө албайм, ата. Биерге келгениме бир нече эле минута болду. Мен келгенде дал
ушундай абалда жаткан экен: Эси-учун билбейт, өзүң көрүп турбайсыңбы.
— А… а… Генричи?
— Булар мага эчтеке деген жок. Мен келгенде мистер Жеральд жалгыз экен. Малайы жок экен, жаңы
эле келди. Андан сураштырып үлгүргөнүм жок.
— Бирок… бирок… сен биерге кантип келдиң?
— Үйдө олтура алганым жок. Эч нерседен дарек болбогону жаныма катуу батты. Мен жападан-жалгыз
элем. Баарынан да ошол өтө жаман болду!.. Жалгыз чыдап отурууга шайым келбеди. Шордуу агам
жөнүндөгү ой… Айланайын кудайым! Кудуретиңден айланайын кудай!
Пойндекстер калтаарып, дагы эле бирдеме сурамакчы болгонсуп, кызына карады.
— Генрини мүмкүн ушул жерден табармын деп ойлодум эле.
— Ушерден… Бирок биерге келчү жолду кайдан билдиң? Сени ким ээрчитип келди? Биерде өзүң
жалгызсыңбы?
— Ата, жолду билчү элем, Баягы уу уулап чыкканда, станг мени ала качып кеткени эсиңдеби? Кайра
келатканыбызда мистер Жеральд өзүнүн кайда турганын мага көрсөткөн болучу. Ошондуктан бул жер
менин эсимде калыптыр.
Пойндекстер мурдагысындай эле эмне кыларын билбей, делөөрүп тургандай көрүндү, бирок
Луизанын сөзүнөн улам, анын өңү мурдагысынан бетер түнөрүп кетти.
— Бул кылганың аңкоолук, кызым. Бул жоругуң жакшы эмес, обу жок олдоксондук. Акылы жок, акмак
кыздан бетер кылыпсың. Сага азыр биерден кетиш керек. Жүргүн, жүргүн! Бу — кыздар жүрчү жер
эмес. Атыңа мингин да, кайра кеткин. Сени бирөө узатып коёт. Биерде ар кандай жаман иш болушу
мүмкүн. Сага биерде калууга болбойт. Кана, жүргүн, жүргүн!
Атасы кепеден чыкты, кызы көрүнөө көңүлдөнбөй, анын артынан ээрчиди.
Сырттагылар атынан түшүп, кепенин алдындагы ээн жерде котолоп турган эле.
Кольхаун аларга иштин жөнүн айтып берди. Турган кишилер топ-топ болуп бөлүнө түштү. Кай
бирөөлөрү унчукпай, башкалары аңгемелешип турду. Буту-колу байланып, жерде жаткан Фелимдин
183
1 ПРОЛОГ
жанына эл көп чогулду. Анын эмне деп жооп кайтарганын бөтөнчө барк албай, сураштырымыш
болушту.
Кызын ээрчитип атасы келгенде, баары аларды көздөй бурулду. Тургандардын көпчүлүгү кызды
тааный турган. Баары таң калды, ал гана эмес, кыздын ошерде экенин көрүп, аябай аң-таң калышты.
Өлгөн кишинин карындашы өлтүргөн кишинин үйүндө олтурат деген эмне шумдук! Эми алар
кылмыш кылган айыпкер мустангер экенине мурдагыдан бетер ишеништи. Кольхаун кепеден
табылган калпак менен плащ жөнүндө айтты.
Бирок эмне үчүн Луиза Пойндекстер киши ээрчитип келбестен жалгыз өзү биерде?
Топураган эл күбүр-шыбыр боло түштү. Кала берсе, ушул орой кишилер да аталык сезимин кордоодон
коркуп, баарысы эмне болгонун айтып берет го деп күтүп турушту.
— Атыңа мингин, Луиза. Мистер Янси сени үйгө жеткирип коёт.
Ушул өтүнүч менен өзүнө кайрылган жаш плантатордун кубанычы койнуна баткан жок. Ал Кассий
Кольхаундун төгүн бактысына бөтөнчө суктанып жүргөндөрдүн бири эле.
— Эмне үчүн мага сени күтө турууга болбойт? — деп сурады кыз. — Сен биерде көп болмок белең?
— Кой, кызым, мен айткандай кылгын.
Луиза кыңырылып жатып, атына минди. Жаш плантатор алдыда бастырды. Луиза анын артынан жай
ээрчип отурду. Янси өзүнүн кубанганын, кыз өзүнүн күйүтүн шыра алган жок.
Аңгыча болбой, креолканын өңүнө кандайдыр бир үмүт нуру чалгансып, жаркырап-жайнай түштү.
Луиза токтой калды. Аны узатып бараткан жигит да токтоого аргасыз болду.
— Мистер Янси, — деди кыз бир аз унчукпай тургандан кийин, — менин басмайылым бошоп
кетиптир. Бастырууга абдан оңтойсуз болуп жатат. Кичи пейилдик кылып, басмайылды катуурак
тартып бериңизчи…
Янси атынан секирип түшүп, кыздын басмайылын карады. Ага басмайыл катуу эле тартылгандай
көрүндү. Бирок ошондой экен деп айткысы келбей, басмайылды күчүнүн бардыгынча катуу тартты.
— Бир аз токтой туруңузчу, — деди кыз. — Мен аттан түшөйүн сизге оңоюраак болор.
Беркинин жардамын күтпөстөн эле, Луиза жерге секирип түшүп, мустанганын жанына тура калды.
— Эми, мисс Пойндекстер, жакшы болду окшойт.
— Ырас, жакшы болду, — деди кыз ээрди кашынан кармап аркы-терки булка тартып көрүп. —
Билесизби, биерге жаңы эле келгем, абдан катуу жүрдүм эле. Бечара Лунам көкүрөгүн баскан да
жок. Бир аз токтой тургулачы, атым аңгыча эс алып калар. Атты эс алдырбай, кайра чапкылап баруу
ырайымсыздык болор!
— Бирок атаңыз… А киши сизди…
— Мени дароо үйгө баргын дегениби? Десе эмне экен? Ал жөн эле мени жанагы топураган орой
кишилердин арасында калтыргысы келген жок. Бар болгону ошо. Эми, мен окчунураак кеткенде,
атам кам жебейт. Биерде эң эле сонун экен! Дарактын көлөкөсүндө кандай сонун! А прерияда күндүн
ысыгына чыдоо кыйын. Ах, мистер Янси, караңызчы, дарыядагы балыктар кандай сонун! Тетигине,
көрдүңүзбү, чыбырчыгы күмүштөй жаркылдайт?
Жаш плантатор маашыр боло түштү. Ал көп жалындырып турган жок.
— Мисс Пойндекстер, буюруңуз. Сиздин каалашыңызча ушерде болууга жан-дилим менен даярмын.
184
1 ПРОЛОГ
— Луна эс алганча гана ушерде болобуз. Силердин отрядыңар келгенде мен аттан жаңы эле түшкөм.
Лунаны караңызчы, алыстан чапкылап келгендиктен, бечара абдан арыды.
Луизанын аты кандай болуп турганына Янси такыр кызыккан жок. Ал жанындагы кыздын кынындай
эле тилегин орундатууга жанын үрөдү.
Экөө дарыянын жээгине барып токтоду.
Жаш плантатор балыктарга, чаар мустангга Луизанын өтө эле аз көңүл бурганын байкай коюп, бир
аз таң калды; а өзүнө такыр эле көңүл бурбаганын көрүп, кейиди. кыздын көзү ойноктоп, кепенин
алдындагы кичинекей талаада угулган ар бир добушту кулагын түрүп тыңшап турган эле.
Кызга кызыкканына карабастан, Янси да добуштарга эрксизден кулак сала баштады. Кепенин
жанында кандайдыр коркунучтуу окуя болгону жаткандай сыяктанды.
Бир нече эркектин үнүн ачык угууга мүмкүн эле. Ошол үндөрдүн бири башкаларынан катуу чыкты.
Луиза ал үндү тааный койду. Сүйлөп жаткан Кассий жээни эле: ал бирдемени далилдеп, топураган
элди бирдемеге ишендирип жатты. Анын кекенип кезенгени сөзүнөн угулуп турду. Мына эми ал сөзүн
да бүттү. Аны кубаттап, дүркүрөгөн добуштар ошо замат угулду.
Кулак салып Янси жанындагы татынакай кыздын бар экенин унутуп койду. Кыз кепени көздөй
жүгүргөндө гана, ал кызды эсине түшүрдү

#60 08 June 2017 - 19:50
LXIII глава
РЕГУЛЯЮРЛОРДУН СОТУ ===================
Жаш креолканын турган жеринен чымын-куюн болуп жөнөөгө аргасыз кылган ач кыйкырык соттун
бүтүмүн да, өкүмдүн мүнөзүн да ошол замат билдирди.
Мустангердин кепесин көздөй жөнөгөндө «асылсын» деген сөз кыздын кулагына шак дей түштү.
Эл эми топ-топ болуп турбастан, тегерете чогулуп калды. Тегеректеп турган элдин арасынан
регуляторлордун заңкыйган начальниги көрүнүп турду; Вудли Пойндекстер да ошерде эле, аны
менен жанаша Кассий Кольхаун турган болучу. Алар болгону жаткан окуянын күбөсү катарында
гана катышып, чечүүчү сөз башкаларга таандык сыяктанды.
Бул киши өлтүрдү деп айыптоо боюнча текшерүүчү сот — Линч соту эле. Регуляторлордун
башчысы айыптоочу катарында сүйлөдү. Камакка алынган эки кишиден бөлөк топураган эл
сот заседателдеринин ролун ойноду.
Морис Жеральд менен анын малайы Фелим тегерете курчап алган элдин ортосунда эле. Кыл аркан
менен колу. буту байланып, ал экөө көк чөптүн үстүндө жатты. Аларга сүйлөө үчүн мүмкүнчүлүк
беришкен жок. Фелимди коркутуп сүйлөт түрүшпөдү; а анын кожоюнунун унчукпай жаткан себеби,
оозуна тыгын тыгып коюшкан болучу. Кыл арканды кере тартып, катуу байлашса да, оорулуу жигитти
кыймылдатпай коё алышкан жок. Мористи эки жигит ийнинен кармап, үчүнчүсү тизеси менен жерге
катуу басып турду.
Айыптоонун оордугу Морис Жеральддын мойнуна түштү, Фелимди жөн эле кошо катышкан киши
катарында эсептешти.
Аны зордуктап эмнени билгенин айттырышты. . Башы жок чабандес жөнүндө Фелимдин айткандары
шек саноону ырастагандай, ошонун баары өлтүргөн кишинин из жашыруу үчүн ойлоп тапканындай
көрүндү. Индеецтер жөнүндө, ягуар менен кармашканы жөнүндө анын айтканын «сотту адаштыруу
максат менен бүтүндөй калп жеринен ойлоп табылган амал» деп коюшту.
Соттун текшерүүсү он чакты минутадан ашкан жок. Корутундунун кандай болору ачык эле. Генри
Пойндекстер киши колдуу болуптур, анын өлүшүнө Морис Жеральд жооп берет деген пикирге
көпчүлүгү биротоло ишенди.
185
1 ПРОЛОГ
Мурда эле белгилүү болгон ар бир кырдаалды дагы талкуулашып, талдап чыгышты. Эми эле
кепеден табылган жаны фактылар ошол кырдаалга кошумча болду. Өлгөн кишинин калпагы менен
плащынын кепеден табылышы эң ишенимдүү далил болду.
«Өлтүргөн кишини асыш керек!» деген орой кыйкырыктар чыкты.
Өкүм кандай боло турганы мурда эле чечилип коюлган болуу керек. Бул учунда сыйыртмагы бар кыл
аркан жерде жатты. Ырас, ал жөн эле кыл аркан эле, бирок ошол максат үчүн андан жакшынын кереги
да жок болучу. Дарактын туурасынан өскөн бутагы дарга ордуна жарайт эле.
Тургандардын көпчүлүгү өлүм жазасы берилсин дешти. Өзүнүн кандан пикири бар экенин кай
бирөөлөрү жазага кесилген кишини каргап-шилөө менен колдошту. Эмне үчүн өкүм орундатылбай
турат?
Эмне үчүн? Андай болгон себеби, баарынын пикири толук бирдей болгон жок. Өкүмгө кай бирөөлөрү
макул болбоду. Соттолгондордун арасынан Мористи асып өлтүрүүгө каршы чыккандары да болду.
Андай кишилер аз болгону менен, өздөрүнүн «жок» деген сөзүн камырабай толук ишенгендик менен
айтышты.
Регуляторлордун начальниги Сэм Менли да азчылыктын тарабында болду.
— Граждандар! — деп, ал топураган элге кайрылды. — Мындай олуттуу чечим кабыл алуу үчүн
бизде жетишерлик далилдер жок. Айыптуу кишинин сөзүн угуш керек эле, бирок анын сөзүн,
албетте, чамасы келгенде гана уга алабыз. Өзүңөр көрүп тургандай, азыр ага кайрылуудан пайда жок.
Ошондуктан мен соттун чечимин чыгарбай коё туралык дейм.
— Коё туруунун кандай мааниси бар? — деп Кассий Кольхаун күпүлдөп, анын сөзүн бөлүп кетти. —
Эмне дейбиз, Сэм Менли? Эгерде күнөөсүз өлтүрүлгөн сиздин досуңуз, балаңыз же бир тууганыңыз
болсо, анда сиз башкача сүйлөөр элеңиз. Бул шумпайдын айыптуу экенине ишенүү үчүн сизге дагы
эмне керек? Кошумча далилдер керекпи?
— Дал ошондой, капитан Кольхаун.
— Андай далилдер сизде барбы, мистер Кассий Кольхаун? — деп сурады дагы бирөө.
— Менимче, далил жетишээрлик, а түгүл, эң эле көп дешке болот. Эгерде кааласаңыз менде кошумча
далилдер бар.
— Айтыңыз, айтыңыз! — деп дагы жыйырма-отуз киши чурулдап калды.
— Жентльмендер! — деди Кольхаун топураган элге кайрылып. — Бул экөөбүздүн ортобузда эмне
болгонун баарыңар жакшы билесиңер. Бу кишиден мен өч алганы жат- кан экен деп ойлобогула.
Менде андай тилек жок. Эгерде өлтүргөн ушу киши экенине ишенбесем, ийнимде башым. бар
экенине да ишенбес элем…
Капылестен оозунан чыгып кеткен сөз жанында тургандарга таң каларлык таасир кылганын көрө
коюп, Кольхаун мукактана баштады, а түгүл карбаластап да калды.
— Эгерде, — деп ал сөзүн улантты, — ошондой экенине ишенбесем, көргөнүм, тагыраак айтканда,
укканым жөнүндө эч нерсе айтпас элем.
— Эмне уктуңуз эле, мистер Кольхаун? — деп сурады регуляторлордун башчысы. — Менимче, ушул
тургандардын баары билген сиздин айыптуу киши менен жаңжалдашканыңыздын бул айткан
сөздөрүңүзгө эч кандай тиешеси жок. Жалган күбө болду деп, сизди эч ким айыптагысы келбейт.
Кана, сөзүңүздү уланта бериңиз. Сиз эмне уктуңуз эле, качан, каерден уктуңуз эле?
— Муну мен таякем жок болгон шейшембинин түнүндө Уккам.
186
1 ПРОЛОГ
Шейшембинин түнүндөбү? Анан,
— Мен таякеме баргам. Абдан ысык болуп чиркей мазамды алып, уктоого мүмкүн эмес эле. Ордуман
туруп сигара күйгүзүп, бөлмөдө бир аз чектим да, анан үйдүң төбөсүнө чыкмакчы болдум. Түн ортосу
беле, же андан эртерээк беле — билбейм, себеби, убакытты караган эмесмин Сигараны чегип бүтүп,
жаңы эле дагы бир сигараны колума алганымда, дарыя тараптан бир добуш угуп калды. Ал ачууланып,
кажылдап сүйлөшкөн кишилердин үнү экен Жаңжал болуп жатканы ачык эле. Кулак салып туруп,
адегенде бир үндү, анан экинчи үндү тааный койдум. Биринчи добуш Генри таякемдин үнү, экинчиси
— мына бу киши өлтүргөн эменин үнү экен.
— Узата бериңиз, мистер Кольхаун, а дегенде сиздин айтканыңызды угалы, а өзүңүздүн корутундуңузду
кийин айтарсыз.
— Бнлесиздерби, жентльмендер, таякемдин үнүн угуп, анча-мынча таң калдым: мен аны небак
уктап жатат го деп ойлодум эле. Ал экенине көзүм жеткендиктен, анын бөлмөсүнө барып текшерип
көргөнүм да жок. Жаңжалдашып жаткандардын экинчиси мустангер экени да мен үчүн абдан
ачык болду. Каадасын таштап, ушундай түн ортосунда Генринин талаага чыкканы мага бөтөнчө
өгөй учурады. Факт — факты бойдон кала берет эмеспи, жаңылыштык болушу мүмкүн эмес эле.
Талашкандар эмне жөнүндө сүйлөп жатканын билейин деп тыңшай баштадым. Алардын үндөрү
бүдөмүк угулуп турду. Менин ажыратып билгеним эле: мустангерди Генринин сөгүп жатканы болду.
Таякемдин эмнегедир ыза болгону ачык эле. Анан мустангердин опузалап коркутканы ачык угулду.
Экөө тең бирин-бири атынан айтып, катуу сүйлөдү; ошондо менде эч кандай шек калган жок. Ошерге
барып, иштин жөнүн аныктап билишим керек эле, бирок бутума кийгеним түнкү туфли болчу. Генри
кечикпей үйгө кайтат го деп жарым саатча күтүп турдум. Бирок ал келген жок. Аны тавернага
кетти го деп ойлодум. Форттон ал тааныштарын учуратып узак отуруп калышы мүмкүн эле. Жатып
уктамакчы болдум. Ошентип, жентльмендер, мен сиздерге билгенимди бүт айтып отурам. Бечара
Генри Каса-даль-Корвого кайта келген жок. Төшөгүнө кайра келип жатпады. Ошо түнү ал прериянын
бир жеринде токойдо түнөгөн болуу керек, бирок кай жерде түнөгөнүн мына бу киши гана билет.
Ошентип, ал айыпталган кишини сөөмөйү менен көрсөтө берди.
Кольхаундун сөзү чоң таасир кылды. Анын сөзүнүн чын экенине эч ким шек кылган жок,
— Асылсын! Асылсын! — деп туш-туштан кыйкырышты.
Кала берсе, судья өзү да олку-солку боло баштады. Каршы чыккандар анда да азайды. Куду бороон
болор алдындагыдай, ызырынуу күчөй берди.
Чек арачы баш кесерлердин жаңы эле Кольхаун менен жыбырашып турган бирөө аркандын жанына
келип, эңкейди да, мурдагыдай эле эс-учун билбей жаткан бечаранын мойнуна сыйыртмакты тез
кийгизип жиберди.
Желдетти токтотууга эч ким аракет кылган жок, туткунду коргоого эч ким дааган жок.
Морис-мустангердин мойнуна сыйыртмак салынды. Аркандын экинчи учун жыгачтан ашыра
ыргытышты
«Бир аздан кийин Морис Жеральд өмүр менен коштошот».
LXIV глава
УЛАМ-УЛАМ ИНТЕРМЕДИЯ66 =========================
«Бир аздан кийин Морис Жеральд өмүр менен коштошот» деп дарактын көлөкөсүндө болуп жаткан
ушул апатка катышып тургандардын ар кимиси ойлоду.
66Интермедия — бул жерде: окуянын жүрүшүнө жолтоо кылган кыстырылма эпизод; так мааниси боюнча — XVI—XVII
кылымдардагы спектаклдерде дем алыш убагында ойнолуп туруучу күлкүлүү кичинекей пьеса.
187
1 ПРОЛОГ
Бирок аңгыча болбой, күтпөгөн жерден үзгүлтүк боло калды: апат капысынан амал менен алмашып
кетти. Бул амалдын каарманы Фелим болду.
Өч алабыз деп эңсеп тургандарды ого бетер делөөрүткөн Кольхаундун далилдери регуляторлордун
көңүлүн негизги кылмышкерге буруп кетти. Кылмышкерге жардамдашкан киши жөнүндө эч
ким ойлогон жок. Мустангерге баарысы ызырынып, көз айырбай турушту. Фелимге качуу үчүн
мүмкүнчүлүк боло калды да, ошол мүмкүнчүлүктөн ал дароо эле пайдалана койду.
Чөптө ооналактап жатып, ал катуу таңылган арканды бошотуп, колу-бутун чыгарды да, топураган
элдин арасы- нан акырын сойлоп чыгып кетти. Анын андай аракетин эч ким байкабай калды. Болуп
жаткан окуядан делебеси козголуп, аркы-беркини байкабаган кишилер, дарга ордуна колдонула
турган жыгачтан көзүн айырбай, бирин-бири түртүшө берди.
Качып баратып, Фелим өзүнүн кожоюнун такыр эле таштап кеткиси келген жок. Тескерисинче, ал
Морис Жеральдга жардам берүүгө дагы аракет кылды. Эми анын үмүт кылганы жалаң гана Зеб Стумп
болду; ошондуктан ал бизге тааныш амал менен мүмкүн катары тезирээк чакырмакчы болду.
Топураган элдин арасынан култ этип чыгып, Фелим кар. таң бээ оттоп жүргөн жерге уурданып
жыла баштады. Келгендердин аттары токойдун четине байланган эле. Аттар туташ дубалдай болуп
кыдыратасынан турган болчу. Ошол аттардын далдаасы менен Фелим көздөгөн жерине эптеп жетти.
Бирок тийиштүү куралды ала келбегенин ошерге жеткенде билди. Ал кактустун бутагын беркилер
өзүн кармаган жерге таштап жиберген эле. Жанында бычагы жок болчу — кактусту кесе турган эчтеме
табылган жок.
Кайгыра ойлонуп, эмне кыларын билбей, гальвеец токтоп калды. Убакытты текке кетирбей, дароо
аракет кылуу керек. Ар бир кечиккен минутасы кожоюнунун өмүрү үчүң жамандык менен бүтүшү
мүмкүн. Кыйбас досу баш тарткыдай эч нерсе жок болчу. Фелим тикенектүү өсүмдүккө жүгүрүп
барып, бутакты жалаң колу менен сындырып алды.
Анын колу тытылып канга батты. Адамдын тагдыры чечилгени жатканда, андай болор-болбос ишке
көңүл бурууга мүмкүн эмес эле! Ирландиялык бээге жүгүрүп барды да, эч кандай этият кылбастан,
бээнин куйругунун астына кыйноо куралын тыга койду.
Ошол арада окуя мурдагысындай эле жүрүп жаткан. Сыйыртмак мустангердин мойнунда эле;
дарактын бутагына арта салынган аркандын учу өз ыктыяры менен чыккан желдеттердин колунда
эле. Эң акыркы буйрукту күтүп турушту.
Топураган эл катып калды. Айланасындагы дарактардын сөңгөгү сыяктанып, алар унчукпай, былк
этпей турду. Жамандык сигналын берүүгө эч ким дааган жок. Кала берсе, Кольхаун да эмне үчүн
экенин өзү билбей, жалтактап калды.
Ошентнп, чымыркана жымжырт болуп турганда, картаң бээ күтпөгөн жерден кутуруп кеткендей
болду, — ал Зеб Стумптун бээси экенин бардыгы билишчү эле. Талааны жаңыртып, кулак тундура
кишенеп, бээ туйлап бийлей баштады. Жанында турган аттар да аны туурап, кишенеп, кутургандай
мөңкүй баштады.
Топураган элдин көңүлү бүтүндөй өзгөрүп кетти. Өңдөрү чочугандай бузулуп, корккон кыйкырыктар
чыкты, Регуляторлор мылтыгы менен аттарды көздөй жүгүрдү.
— Индеецтер!
Команчалар кол сала баштаганда гана ошондой дүрбөлөң болушу мүмкүн эле.
Ээлери аттарына жеткенче, карбаластоо тыйылган жок аттар кишенеп, мөңкүгөнүн токтотту, бирок
Зебдин бээси мурункусундай эле туйлап өкүрө берди.
188
1 ПРОЛОГ
Ошондо гана бул дүрбөлөңдүн чыныгы себебин билишти. Аңгыча болбой, гальвеецтин качып
кеткенин көрө коюшту.
Фелим этияттык кылып, бадалдын ары жагына жашырынып калды. Эгерде ал ошентип жашырынбаса,
анын өмүрү кожоюнунун өмүрүнөн кем коркунучта болбойт эле.
Жыйырма чакты киши мылтыктарын шап ала коюп, жаңжалга себепкер болгон айбанды мээлеп
калышты. Бирок алар курокту басып үлгүргөнчө, чукулураак турган бирөө мойнуна чалма ыргытты
да, бээнин жаагын жап кылды.
* * *
Уу-дуу кайра басылды. Тургандардын көңүлү соттолгон бечарага кайра топтолду. Регуляторлор
мурдагысындай эле кекенип турду. Ызы-чуулуу окуя алардын көңүлүн ачмак тургай, кайра алардын
кыжырын ого бетер келтирди.
Ушул жалган дүрбөлөңдө суу жүрөктүк кылып койгонунан кайсы бирөөлөрү уялды. Кай бирөөлөрү
кайгылуу шаан-шөкөттүн токтоп калганына ачуусу келди.
Мурдагысынан бетер ызырынып, кайра дагы аракетке киришти. Асып өлтүрүлсүн деп кекенген
добуштар угулду.
Өч алабыз деп эңсеп турган опур-топур эл, соттолгон кишини айландыра курчап калды.
Бандиттер кайра арканга жабышты, ошерде тургандардын оюна: «Бир аздан соң Морис Жеральд өмүр
менен коштошот! » деген пикир кайра келди.
Бактыга жараша, өлүм менен болгон ушул кайгылуу тамашада дагы бир үзгүлтүк болду.
Дарактын көлөкөсүнөн, жаркыраган күндүн жарыгынан чыга калган шарапаттуу фигура ажалга
окшобойт экен.
Кыз! Сулуу кыз!
Бардыгы мурдагысындай эле былк этпей турду, бирок өздөрүнүн күнөөсүн мойнуна алгансып, жер
тиктеп калышты. Кала берсе, ушул татынакай кыздын көрүнүшү эң ашынган ырайымсыз кишилерге
да таасир кылды.
Топураган элдин арасына куду закымдаган желдей зымырылып кыз кирип келди. Эч кимге карап
койгон да, эч кимге эчтеме деген да жок. Акырында соттолуп, көк чөптүн үстүндө жаткан кишиге
эңкейип карады.
Желдеттер эрксизден коё берген кыл арканды ал шап кармады.
Арканды эки колу менен бекем кармап, желдеттердин колунан жулуп алды.
— Техастыктар! Жүзү каралар! — деп ал каарын төгүп кыйкырды.
— Маскарачылык! Маскарачылык!
Ачууланып жекиргендей тургандардын баары бүрүшө түшкөндөй болду.
— Сот имиш! Ушуну сот деп айтабы. Өзүн актап бир ооз сөз айталбай жатканда, айыпталган бечараны
соттодуңар. Ушуну силер адилеттик деп эсептейсиңерби? Техастыктардын адилеттиги ушу экен да?
Уялсаңар боло! Силер киши эмес, жырткыч экенсиңер! Кан ичерлер!
— Бу эмне деген кеп? — деп кыйкырды Пойндекстер алга жутунуп, кызын колдон кармап. — Сен
жинди болгонсуң го, Лу! Сен такыр акылдан адашыпсың! Биерге кандайча келип калдың? Сага
эмне, үйгө баргын деп айткан эмес белем? Азыр кеткин! Азыр кеткин, өзүңө тиешеси жок ишке
кийлигишпегин!
189
1 ПРОЛОГ
— Ата, бул мага тиешелүү иш!
— Сага тиешелүүбү? Кандайча? Ошондой де! А, ырас, карындашы эмессиңби. Мына бу киши сенин
агаңды өлтүргөн эме.
— Анын өлтүргөнүнө мен эч качан ишенбейм. Эч качан! Эч качан! Мындай кылмышка муну эмне
түртмөк эле? Мунун баары калп! О, калайык, эгерде чын эле киши болсоңор, минтип жырткычтык
кылбас элеңер. Мейли адилет сот болсун, ошондо… ошондо…
— Буга адилет сот болду, — деп кыйкырды топураган элдин арасынан бирөө. — Мунун айыптуу
экендигине эч ким шек кылбайт. Сиздин агаңызды ушул өлтүрдү, башка эч ким өлтүргөн жок. Бул
кылганыңыз жакшы эмес, мисс Пойндекстер, — ушинтип айтканым үчүн айып көрбөңүз, — өзү
арзыган өлүмдөн мустангерди куткарып калууга аракет кылганыңыз жакшы эмес.
— Туура! — деп бир нече киши кошула кетти.
— Кылмышына жараша жазаланууга тийиш! — деп кыйкырышты элдин арасынан.
— Жазаланууга тийиш, жазаланууга тийиш! — деп чурулдаган үн жаңырык сыяктуу кайта
кайталанды.
— Сиздин тилегиңизди орундата албаганыбызга абдан өкүнөбүз, биерден окчунураак кетиңиз деп
айтууга аргасыз болуп турабыз… Мистер Пойндекстер, кызыңызды жөнөтүп жиберсеңиз болор эле.
— Жүргүн, Лу! Бул сен турчу жер эмес. Кетишиң керек. Баш тартасыңбы? Бул кылганың эмне?
Моюн сунгуң келбейт экен да! Кассий, мунун колунан алып, нары жакка алып кетчи. Эгерде Луиза,
ыктыярың менен кетпесең, сени зордук менен кетиребиз. Кой, акылдуулук кыл. Айткан тилимди ал.
Баргын!
— Жок, ата! Сен мага убада бермейинче, баарыңар убада бермейинче, биерден кетпейм…
— Сизге канчалык убада берелик десек да, эч нерсе убада кыла албайбыз. Мисс, анан деги бул аялдын
иши эмес. Кылмыш кылып киши өлтүргөнүн өзүңүз билесиз. Судьялардын пикирин зордоого
жарабайт. Өлтүргөн кишиге ырайым болбойт.
— Ырайым болбосун! — деп ызырынган бир топ кишинин үнү сүрөп кетти.
— Асыш керек! Асып өлтүрүш керек!
Суктандырган сулуу кыздын ошерде турганынан регуляторлор эми ийменген жок. Сылыктыкты
бүтүндөй унутуп коюп, Кассий Кольхаун оройлук кылып, Луизаны кичинекей талаадан мындай
сүйрөп кетти. Кыз анын колунан жулунуп, көзүнүн жашын көлдөтүп, адамгерчиликсиз жазалоого
каршы кыйкырып-бакыра берди.
— Желмогуздар! Баш кесерлер! — деп кыйкырды Луиза.
Бирок кызды топураган элден четке сүйрөп кеткендиктен, ал өзүнүн жанын берүүгө даяр турган
кишисине эми жардам кыла турганынан үмүтүн үздү.

Супер-Инфо
super.kg
видео