Суперстан: Ким бар мени түшүнө турган? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким бар мени түшүнө турган?

#1 Пользователь офлайн   aruuzatym.2015   07 Июнь 2017 - 00:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Авг 2017 19:36

Салам урматту форумчулар. Мен жүрөк сырын дайыма окуйм, бирок өзүм жазам деп ойлогон эмесмин эмнегедир. Себиби жанымда дайыма колдоп турчу мамам, эжем, курбуларым жана сүйгөнүм бар болчу... ал эми азыр алардын бири да жок. Жок, аларда баары жайында, болгону мен алардан бир топ алыстап кеткем. Эч кандай деле себеби жок, бирок алар менен мурункудай сырдашып, төгүлүп-чачылып сүйлөшө албайм...мүмкүн чоңойгондурмун. Мүмкүн жон гана алардын эч нерсе билишин каалабайттырмын. Ойлорум чаржайыт, сезимдерим бир калыпта эмес, жүрөгүм башкача согуп турат. Мени ойлондурган форумдагы көпчүлүктүкүндөй сүйүү эмес, а менин жашоом. Келечектеги жашоом, кызым, алтыным мамам жана сүйгөнүм.
Баарын башынан баштап, ирээти менен жазайын.
П.с: окуп койгонуңуздар деле жетиштүү болот, кеп-кеңеш, каалоо-тилектерди калтырсаңыздар да болот. Бирок, сындап, аша чаап "кеңеш" бергениңиздер мага ашыкча болот. Себеби кичине эле көңүлүмө тийчү сөз болсо да көтөрө албай калгам акыркы убактарда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aruuzatym.2015   07 Июнь 2017 - 00:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Авг 2017 19:36

Ата энемдин кудайдан тиленип алган кыздарынын биримин. Менден улуу бир эжем жана байкелерим бар.
Балалык кезим жалаң гана жакшы элестер менен көз алдымда сакталган. Атакемдин, мамамдын, байкелеримдин жана жалгыз эжекемдин (менден 2гана жаш улуу болсо дагы) эркеси болуп чоңойгом. Ата энем бай болбосо дагы, бактысын, жашоосун акча менен ченебеген карапайым, кең пейил адамдар. Бизге да татыктуу тарбия беришкене өмүр бою ыраазымын.
Мен жогоруда айтып кеткенимдей эркелигимдин айынан 1-класска 2ирээт барганмын. Биринчи 6жашымда эжекемдин мектепке барганын көрүп ээлигип, ыйлап жатып барып алгам. 2ай өтпөй мектеп жакпай калды деп баргым келбей, кайра ыйлап, көк беттенип жатып барбай койгом. Ойлосом ошол кезде эле аябай туруксуз экенмин го. Ата энем да жайыма коюп айтканымды кылганына таң калам. Атакемди өзгөчө жакшы көрчүмүн, себеби мага дайыма болушат. "Кызымды өзүм эле кусуп алгам, атасынын кызы да" деп көп эркелетээр эле. Чоңоюп калганда деле атакеме эркелегеним калбады. Эжем менен урушуп калсак, атам сөзсүз мага болушчу, "бул кенедей да" деп. ошентип жүрүп атакемдин кенедей кызы бойго жетип алгачкы сезимдер, жигит жандоо, өткөөл курак деген да мага жетти. Өткөөл курагым аябай эле "өткөөл" болду. Эч кимди укпайм, байкелеримден гана кичине сестенем. Атам жанымда болсо аларды да тоготпой калам. Канчалык тентек эрке кыз болсом да мектепте 5деген баада окучумун. Өткүрлүгүм жанда жок, балдар менен да жакалашып мушташканга барчумун, а кыздарды айтпай эле коёюн. Ошондой күндөрдүн биринде бутум ооруп шишип кетти. Анда мамам кыздар менен урушуп, кармашып жүрүп кокустатып алдын да деп урушат. Бирок 2-3 күн өтсө жакшы болбодум. Мектепке да барбай калдым. Мамам поликлиникага алпарды. Бардык тийиштүү анализдерди, рентген кылдык. Акыры врач жүрөгүмдү тыншап экг га жөнөттү. Ал жерден эч нерсе деле түшүнгөн жокмун. Бишкек шаарына направление беришти. Лечение деле алган жокмун. Өзү эле айыгып кетти бутум. Бишкекке жайкы каникулда бармай болдук.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aruuzatym.2015   07 Июнь 2017 - 02:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Авг 2017 19:36

Жайкы каникул да башталып атам,мамам болуп бишкеке келдик. Биринчи джалга детский больницага бардык, ал жактан улуттук кордиология борборуна жөнөтүштү. Ошентип мен биринчи жолу өзүмдүн оорум жөнүндө билдим. ВПС ДМПП. Кээбирөөлөр айтат чыгаар, бул жеңил эле айыкчу дарт да,мындайлар толтура деп. Бирок ошол убакта мен жаштыкка салып эч нерсеге түшүнбөсөм да, атакем менен мамама аябай эле кыйын болуптур. Ата энем врачтар менен эмне деп сүйлөшүшкөнүнөн кабарым жок. Кечке жуук жолго чыктык.
Мурункудай жашоом улана берди. Эч жерим оорубайт, спорт менен машыкканга да жетиштим. Кээде гана көп чуркап калсам отдышка болуп калам. Анан ошого байланыштуу спортту да таштадым. Ата энем аяган көздөрү менен карап калат, болбосо баары жакшы. Ооруганымды деле эсимден чыгарып коём.
Мен 9-классты бүткөндө эжем 11кл аяктады. Баякы өжөрлүгүмө салып эжем мн бишкекке кетем деп баштадым. Эжекем мектептин эң алдыңкы окуучусу, өз күчү менен белгилүү эле окуу жайына бюджетке өттү. Ошол себептен үйдөгүлөр мени колледждердин бирине контрактка окутууга макул болушту. Көксөгөнүмө жетип атакеме ыраазы боло, эжемдин аркасынан бишкекке жөнөдүм. Байкелерим 2жыл мурун эле россияга иштегени кетишкен, атамдардын жанында ай күнүнө жетип төрөйүн деп калган женем калды.
Эжем экөөбүз шаардагы жатаканалардын бирине жайгаштык.
бишкеке келем деп көк беттенгенимдин да себеби бар эле. Ал менин алгачкы сүйүүм болчу. Анын жанында болуу үчүн,күндө көрүү үчүн жанына келип алдым. Күндө кечинде саат 20:00до эшигимдин алдында, өзүнүн ордунда күтөөр эле. "Менин кичинекеей кызыым" деп эркелетчү. Кечки бишкекетин керемет кооздугун менен ал адам тааныштырган. жүрөгүмдү элжиретип, өзүмдү кылыктантып, сүйүктүү сездирген, бакыт тартуулаган менин сүйгөнүм. Анын жытын, көз карашын, башкаларда жок жылмаюсун дайыма сагынып тураар элем. Ушунчалык таза, тунук, мүмкүн балалык сезим менен сүйүп жактыргам. Өзүнө сүйөм деп айткан эмесмин такыр. Ал болсо, "убакыт өтүп чоон кыз болосуң, башка балдар да көз кырын салып баштайт, колумдан келсе үйүмө катып алсам кана эчкимге көрсөтпөй, сага болгон сезимдеримди сен жадакалса толук түшүнө албайсың. 4-5жыл өтсө, ошого чейин жанымда болсоң, башкага кетпесең, баарын түшүндүм жаштык кылыпмын дебесең мен сени өмүр бою өзүмдүкү кылып алам" дечү эле. Бирок дал өзү айткандай жаштык кылыптырмын деп башкага турмушка чыгып алдым... Бул менин мүмкүн өмүрүмдөгү жалгыз гана туура чечимим болсо керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Suiomseni   07 Июнь 2017 - 13:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 17 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 17:23

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   clay   07 Июнь 2017 - 14:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 950
  • Катталган: 06 Март 17
  • Соңку аракети: 08 Фев 2018 16:46
  • Калаасы:Кыргызстан...

ммм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Adelia1010   07 Июнь 2017 - 14:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 03 Апрель 17
  • Соңку аракети: 02 Июл 2017 07:24

Кызыып баштаганда токтотуп коюпсунго, уландысы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Lady_90   07 Июнь 2017 - 17:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 76
  • Катталган: 02 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 19 Май 2018 23:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал-Абад.

Кутуп жатабыз автор...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aruuzatym.2015   08 Июнь 2017 - 00:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Авг 2017 19:36

Менин алгачкы сүйүүм, тунук сүйүүм жүрөгүмдө гана сакталып калды. Канчалык кааласам да бирге боло албайт элем ал адам менен. Себиби менин Дастаным үйбүлөлүү эле. Ооба, үйбүлөлүү. Эч таң калбагыла, жаман көрбөгүлө суранам. Баарын түшүндүрүп берүү үчүн сөз байлыгым тардык кылат.
Ошентип мен да эл катары студент болдум. Окуум жакшы, болгондо да финансы жана экономика факультетине тапшырып алгам. Экономикага кичине да болсо кызыгуум бар болчу. Студенттик күндөрүм өтүп жатты. Дастаным менен күндө жолугам, сөздөрүбүз эч эле түгөнбөйт, ал алып келген гүл аябай кооз, шоколад аябай даамдуу. Баардык жагынан бактылуу болчумун, бирок деген жери бар эле. Кээде отуруп ойлоном, мен ага бир кыз, бир уул төрөп берип, күндө тамагын жасап, кийимдерин жууп, балдарын тарбиялап, жумушка узатып кайра тосуп алып жаткан аялынын жанында киммин деп. Менин чачымдан жыттап, чекемден гана өпкөнү болбосо ашыкча эч нерсе жок. "Убагы келет сен да даяр болосуң, чоң кыз болосуң, менин да башым бошойт" деп айтчу. Бирок мен анын башы бошогуча күткөн жокмун.
Паралель группада симпатичный бир бала бар. Жанымдагы подружкам эле айта берчү,
-кыздардын баары жактырышат, бирок ал эчкимди карабайт, деп.
-Эмнеге карабайт, дедим кызыгып,
-оой анын сүйгөнү бар да билбейсиңби,
-кайдан билмек элем,
-билбесең билип жүр, анын суйкайган кызы бар, ал даже сени карабайт,деди
Жаман боло түштүм, мени кайдагы бир кызга салыштырганы үчүн
-көрөсүң го, бир жумада аркамдан чуркап, номеримди издеп калат,
-көрөбүз!
-көрөсүң, дедим да туруп кеттим подружкама таарынгансып.
Ошол күндөн баштап ал "мачо" менин эрмегиме айланды. столоваяда жалгыз отурса маңдайына отуруп алам, лекцияда Жанында отурам, эшикте жүрсөк да жанында тамашалашып, тийишип аркасынан жүрөм.
Бир күнү экинчи этажга көтөрүлүп баратсам алдымдан чыкты,
-привет, дейт
-привет, сен каяка? Параңар бүттүбү?
-жок мен кетишим керек болуп калды,
-мм, до завтра,
-завтра я не приду,
-анда номеримди берейинби, чалып тур, сагынып кетебиз дедим
-макул берчи.
Кечинде жатаканама келип андан звонок күтүп жата бердим. Бирок ал күнү чалган жок.
Эртеси окуума барып анын караанын издей бердим эмнегедир. Ал күнү көргөн жокмун. Ошол убакта Дастаным менен да сүйлөшпөйм деп өзүмө сөз бергем. аны сагындым,бирок өзүмдү алаксытып эле жүрө бердим.
Номеримди С....ка бергенден бери 4-5күн өткөн болчу. Тааныш эмес номер чалды, алсам С.... экен! Эмнегедир сүйүнүп жаттым. Ал мени жолугушууга чакырды.саат 6ларла үйдөн чыктым, февраль айынын аягы болчу. Шаардагы роллер клубдардын бирине алып барды. Бирок ролик менин эң жаман көргөн нерсем да! түшүнбөйм кантип чыдап жарым саат жүргөнүмө. Чыгып алып каар жаап жатканына карабай балмуздак жедик. Жөө басып жүрө бердик көпкөө чейин.
Ошол күндөрдөн баштап ал менин Дастанымды унуттура турган кишиме айланды. Билбейм мен өзүмдү ушинтип алдап койчу болдум. Ага аябай көнүп бара жаттым. Сабактан жолугабыз, столоваяга чогуу барабыз, жатаканама чейин сейилдеп жөө келебиз, мени жеткизип коюп шашып үйүнө кетет, кайра кечке жуук келет. Бири бирибизден эч нерсе жашырбайбыз, биз дос да эмес, сүйүшкөндөр да эмес экөөнүн ортосунда болсок керек.
Ал жөнүндө жаза берсем аябай көп убакыт керек, кыскача гана баяндаганга аракет кылайын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Ramina-malina   08 Июнь 2017 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 09 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 20:27

Jaza berchi
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   aruuzatym.2015   08 Июнь 2017 - 03:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Авг 2017 19:36

Ошентип жашоомдо пайда болгон жаңы адамга көнүп калганымды түшүндүм. Дастан акырындын унутулуп баратты.
Күндөрдүн биринде мага тааныш номерден чалуу келди. Менин өмүрүмдүн аягына чейин эсимде сакталчу номер. 0551803..4. Жүрөгүм башкача согуп, башым айлангансып кетти. Жооп бердим. Бүгүн аны менен жолугушумду суранып жатты. Акыркы жолу. Макулдугумду бердим. Саат 20:00 до ордумда күтөм деди.
15минута эрте чыгып алдым... ал дагы келип калыптыр.
"Менин кичинекейим, сени кимге тапшырып жатам?!? Ошону билгим келет. Кандай адам, бактылуу кыла алабы сени? Сен аны жактырасыңбы? " Дагы ушуга окшогон көөп көп суроолор. Мен унчукпай отура бердим, аягында "жок дегенде жазышып туралы, каалаган убагында мага чалсаң болот, жардам керек болсо сура" деп кетип калды. Мен көп сүйлөгөн жокмун. Ошол күндөн баштап соц тармактардын биринен жазып калат. Кээде жооп жазам, кээде жазбайм.
Жаз келгенде ата энем шаарга келишти, мени доктурга көрсөтүп, операцияны пландаганы. Доктурлар женил эле операциялардын катарына кирет, мындай диагноз мн миңдеген оорулууларыбыз бар, сарсанаа болбоңуздар деп, операцияны күзгө пландашты.
Кийин эмне болгонун деле билбейм. Операцияга барбай калдың, көпчүлүк өзү эле айыгып кетет, күйөөгө тийсе жакшы болуп кетет деп жатышат, деп ата энем операциядан баш тартышканын айтышты. Кийин ойлосом, менден айрылып калуудан коркушкан экен да. Ошентип ал тема жабылды. Ден соолугум деле жакшы, себеби менин оорум жаш өткөн сайын күч алчу оору турбайбы. Жаштыгым менен эч нерсени сезбей жүрө бердим.
Ал эми курсташым менен мамилем күндөн күнгө жакшыра берди. Мага акыры анын сүйлөшкөн кызы болуумду сунуштады. Макул болдум. Аны сүйөм деп айтпайм бирок, көнүп калгам, анын жанында өзүмдү эркин сезем, болочок күйөөм катары элестетем.
Окуумду бүтөөр жылы жигитим күндөгүдөй свиданиеге чакырды, жасанып алып чыктым, ал бүгүн көзүмө өзгөчө көрүндү. Досторун да ээрчитип алыптыр. Бир жакка барарыбызды айтты. Таанышканыбызга 2жыл болгон экен. Кафеге барып жайгаштык баарыбыз. Көңүлдүү отурдук. Бир маалда слайдшоу көрсөтүлүп баштады төрдөгү экрандан. Биздин сүрөттөр, биздин бактылуу көз ирмемдер, аягында менин колумду сурады..... эмне деп жооп береримди билбей шашып калдым. Күтөөрүн айтты.
Эртеси мамама чалдым, өзүмдө күмөн ойлор толуп жатты, мамам макул болушаарын айтты. Бирок ал бул жылы болгону 21, мен 19жашка чыгам да??! (Ал 9-кл бүтүп 2жыл иштеп анан колледжге окууга тапшырган)
Макул болдум. Жаштыкка салып, шашып эле күйөөгө тийип жатканымды сезген жок экенмин да ошол кезде.
Мени үйдөн 2015-жылдын 14-февралында алып кетишти. Баары сонун, 1айга жетпей кош бойлуу болдум! Болгондо да эгиз экен!!! Бирок кош бойлуулугум мн чогуу жүрөгүмдүн оорусу өзү жөнүндө эскертип жатты. Кыйналып жүрүп ай күнүмө жетпей кыз төрөдүм... бирөөсү кичине срок кезинде эле өөрчүбөй калган. Кыздуу болгондо кубандык аябай, апакебиз Аруузат деген ысым ыйгарды.
Ал эми Дастаным күйөөгө тийип балалуу болгонумду уккандан кийин жазганын токтотту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aruuzatym.2015   08 Июнь 2017 - 03:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Авг 2017 19:36

Кызым бир жаштан өткөндө апам(кайненем) менен күйөөм жашоо шартына байланыштуу россияга иштегени кетишти. Мен ата энемдикиндн кызым менен калдым. Кызым басып кичине өз алдынча болуп калганда мен да үйбүлөмдүн артынан жөнөгөнгө туура келди, кызымды таенесине таштап.
Россияга кетээримде баягы менин эсимден чыкпаган 0551803..4 номерине ватсаптан жаздым.
-добрый вечер, сегодня можете приехать на улицу ******** в 20:00?
-зачем?
-мне нужно вас увидеть.
-если не хотите, я не буду вас заставлять
-нет я приеду
-жду
20:00 болду.. эшикте күтүп жатсам, келдим деп смс жазды. Караап турсам, бир бейтааныш адам мен жакка басып келип, -0551803..4 номерге сиз жазып жатасызбы дейт
-а сиз ким болосуз
-мен ушул номердин ээси
-аа Дастан кайда?
-мен билбейм. Номерди бета сторестен сатып алгам , бир жыл мурун
-чын элеби?
-ооба, эмнеге калп айтмак элем. Мен кетишим керек, кечиресиз, деп кетип калды.......
Үйүмө кирип же ыйлаарымды, же күлөөрүмдү билбей отура бердим. Аллахым мени жолуктургусу келген эмес экенда ал адам менен деп. Кечирим сурап жаттым ичимден.
Күйөөмдүн жанына келдим. Азыркы убакта иштеп жатам. Кызымды сагындым. Бирок менде бул эле көйгөй эмес.
Жүрөгүмдүн ооруганы күндөн күнгө күчөп баратат. Акыркы жолу февралда доктурга бардым. Кеч болуп кетсе операцияга да албайбыз дейт. Себеби организм көтөрө албайт.
А биз бул жерде үйүбүздү салып, бизнес баштап алыш үчүн жүрөбүз да. Күйөөм шашпай туралы дейт. Апам ал жөнүндө ооз ачпайт.ата энем жардам кыла албайт.
Өзүм иштеп баштадым, ошол акчамды өзүмчө чогултуп ден соолугумду чыңдаганы кетирсемби дейм. Бирок деген жери бар да.
Дагы кененирээк жазып кетем ойлорумду,
билдирүүлөр чектелүү да азыр.
жакшы эс алыңыздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Asya_92   08 Июнь 2017 - 08:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсызбы автор ! Сиз бактылуу аял , бактылуу эне экенсиз . Ачыгы сизге суктандым . Дартын берген Аллахым шыыпасында берерин унутпасын Аааминь . Эн негизгизи сиз торой алыптырсыз . Куда кааласа корбогондой болуп кетесиз , бул кундорда отуп кетеет буйурса . Главный коп ойлонуп сыгылбаныз . Арканды узуун таштап , умут узбой , жакшы ниет , жакшы ойлорду ойлонунуз . Адам ооруган кезде позитив менен журсо , ооруну женип кетууго биринчи очередь озунуздо ишеним болушу керек . Сабыр кылыныз дуа кылыныз буйурса баары жакшы болот . Менда Рамазан айында сиздин ден соолугунузду сурап дуа кылам . Бактылуу болунуз . Жазып берген даарыларын калтырбай , режимин бузбай , убакты саатында ичиниз . Аллахым озу колдосун .

Менинда журогум ооручу . 19 жашымда мага 2-3 жыл турмушка чыкпасын деп строго запрещать кылышкан . Азыр Кудайыма шугур жакшымын . 7 жылдан бери оору менен алышып келем , сизди ото жакшы тушуном . Сабыр кылыныз автор буйурса баары алдыда .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   nur_ice   08 Июнь 2017 - 08:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Май 17
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 18:09
  • Калаасы:Ордолуу Ош

эхх. айыгып кетиниз, кучтуу, сабырдуу болунуз, сыгылып озунузду кыйнай бербениз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   leonar   08 Июнь 2017 - 10:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 30 Июнь 15
  • Соңку аракети: 01 Авг 2019 13:38

Дастанды дагы деле суйосузбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aruuzatym.2015   08 Июнь 2017 - 12:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Авг 2017 19:36

Жок деп да, ооба деп да айта албайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   waiting   08 Июнь 2017 - 21:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 618
  • Катталган: 01 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2017 08:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ шаары..

Ээх Аллахым кудурети кучтуу,чексиз, айыктырам десе тез эле айыктырып коёт, умут деген нерсени узбошунузду суранам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   izdeim.seni   08 Июнь 2017 - 23:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 07 Янв 2018 14:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Тынч токой

Кандай оорусу журоктун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   aruuzatym.2015   09 Июнь 2017 - 13:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Авг 2017 19:36

Врожденный порок сердца. Деффект межпредсердной перегородки (2.4)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   churagum   09 Июнь 2017 - 15:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 20 Сен 2018 08:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Жаш экенсиз,буюрса жакшы кундорунуз алдыда. Жаратканым мээнетин берген,шыпаасын да берерин унутпастыр. Сабыр кылыныз,кичинекейиниз акылдуу кыргыздын кыздарынан болуп чонойсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   aruuzatym.2015   14 Июль 2017 - 23:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Авг 2017 19:36

Кандайсыңар, темам чаң басып кеткен го...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 20:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: