Түз эфирде Жанар Акаев! Кызыктырган суроолоруңуз болсо, узатыңыз.
#2 10 Июнь 2017 - 20:19
Билдирүүнү түзөткөн: syimyk_ataiuulu: 10 Июнь 2017 - 20:21
#3 10 Июнь 2017 - 20:22
Эгер сизге элден "президентикке талапкерлигинди кой" деген сунуш тушсо эмне дээр элениз?
#4 10 Июнь 2017 - 20:40
Жаштарды колдоо боюнча ар кандай иш-чараларды, долбоорлорду уюштурасызбы?
Уюштурсаңыз мен да катышайын деген элем. Бул менин электрондук дарегим adikokg16@gmail.com
Ишиңизге ийгилик каалайм. Ар дайым жаштарга туура багыт берип жүрө бериңиз. Биз сиз менен сыймыктанабыз!
#5 10 Июнь 2017 - 20:57
#6 10 Июнь 2017 - 21:15
1)Кыргызстанда токтоосуз чечүүнү талап кылган,абдан актуалдуу болуп саналган маселелер кайсылар,сиздин оюнуз?
2)Депутат болуу учун эмне кылуу керек?Акчасыз депутат болуу"жомок" болсо керек?
Жообунузга алдын ала ырахмат.
#7 10 Июнь 2017 - 23:01
Азыркы система өзгөрбөсө, жаштар азыркыдай эле жумушсуз болуп, миграцияда жүрө берет. Азыр кыргыз жаштары конкурентүү эмес болуп жатат.
Келечек муун үчүн жаңы, жашоого керектүү сабактарды киргизишибиз керек мектептерде - "финансылык сабаттуулук" , "технологиялар" , "программирование" , "психология" жана башка. Бааларды таптакыр жоюш керек, анткени алар тескери эффект берет.
Анан Англис тилин да киргизиш керек биринчи класстан баштап. Билим беруу системасы эскирген, бүгүнкү күнгө жарабайт.
Ушул боюнча сенин оюң кандай? Ушундай өзгөрүүлөрдү киргизгеңге, сен лоббизм кыла аласыңбы? Рахмат.
#8 10 Июнь 2017 - 23:19
1.сен анча мынча депутаттвн заказын аткарып.акчага иштейт экенсин го?
2.президенттин Балашка созуно таасирлендинби?
#9 10 Июнь 2017 - 23:27
progresskg (10 Июнь 2017 - 23:01) жазган:
Азыркы система өзгөрбөсө, жаштар азыркыдай эле жумушсуз болуп, миграцияда жүрө берет. Азыр кыргыз жаштары конкурентүү эмес болуп жатат.
Келечек муун үчүн жаңы, жашоого керектүү сабактарды киргизишибиз керек мектептерде - "финансылык сабаттуулук" , "технологиялар" , "программирование" , "психология" жана башка. Бааларды таптакыр жоюш керек, анткени алар тескери эффект берет.
Анан Англис тилин да киргизиш керек биринчи класстан баштап. Билим беруу системасы эскирген, бүгүнкү күнгө жарабайт.
Ушул боюнча сенин оюң кандай? Ушундай өзгөрүүлөрдү киргизгеңге, сен лоббизм кыла аласыңбы? Рахмат.
Бааларды жоюу керек дегенге таптакыр каршымын. Баалар жоюлса анда эч ким окубай коет го. Кичине өзүн ойлосон. Англис тили экинчи кластан баштап өтулот. Себеби биринчи класстар учун бир учурда уч тилди уйронуп кетуу кыйынга турат.
#10 11 Июнь 2017 - 00:06
izdeim.seni (10 Июнь 2017 - 23:27) жазган:
Окуучулар баалар үчүн эмес, билим (пайдалуу информация) үчүн окуш керек.
Баа эч кандай роль ойнобойт жашоодо. Ал эми мээде калган билим, информация ойнойт.
Отличник болуп же кызыл диплом алып, жумушсуз жүргөн адамдар буга далил.
Тескерисинче, жаман баа алып калам деп, көп балдар мугалимден суроолорду сурагандан тартынат.
Ошондуктан билим алуу процессинде баалар жолтоо болот.
Тилди жаш кезинен окуса, адам тез эле үйрөнүп кетет. Анткени кичине кезинде, балдардын мээси жаңы тилдерди оной өздөштүрөт.
Билдирүүнү түзөткөн: progresskg: 11 Июнь 2017 - 00:13
#11 11 Июнь 2017 - 00:14
1.Эмне үчүн КСДП партиясын тандап шайлоого бардың? Бирок аягында пикир келишпестиктен улам чыгып кеттиң себеби эмнеде?
2.Кийинки чакырылышта депутаттыкка койсоң кайсы партиядан коёсуң?
3.Жума күнү түшкү тыныгууну узартабыз дегенге каршы добуш берген элең, ар андай сын пикирлер болду, кандай кабыл алдың, өкүнгөн жоксуңбу?
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 11 Июнь 2017 - 00:17
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#12 11 Июнь 2017 - 00:20
#13 11 Июнь 2017 - 00:51
Сиз жаңы партия түзө аласызбы баарын жаштардан тандап. Жаштар азыркаларга караганда жакшыраак иштешеби деген ойдомун. Эгер сиз түзсөңүз мен сизге кошулат элем.
#14 11 Июнь 2017 - 02:21
#15 11 Июнь 2017 - 02:57
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#16 11 Июнь 2017 - 03:50
:)
#17 11 Июнь 2017 - 04:03
Мисалы : Текебаев чындыкты айткандардын курмандыгы болуп жатпайбы.
#18 11 Июнь 2017 - 08:47
Жанар байке жума намазды 2 саатка жылдырyуга каршы болдунуз эле Кудай буйрyп намаз окусаныз (же намаз окуйсyзбу?) кылганынызга окунбойсyзбу?
Жумуш 1 саатка кечигип калат деп иштеген адам деле аз го
Билдирүүнү түзөткөн: KOHHOP: 11 Июнь 2017 - 08:49
#19 11 Июнь 2017 - 13:07
#20 11 Июнь 2017 - 21:39
progresskg (11 Июнь 2017 - 00:06) жазган:
Баа эч кандай роль ойнобойт жашоодо. Ал эми мээде калган билим, информация ойнойт.
Отличник болуп же кызыл диплом алып, жумушсуз жүргөн адамдар буга далил.
Тескерисинче, жаман баа алып калам деп, көп балдар мугалимден суроолорду сурагандан тартынат.
Ошондуктан билим алуу процессинде баалар жолтоо болот.
Тилди жаш кезинен окуса, адам тез эле үйрөнүп кетет. Анткени кичине кезинде, балдардын мээси жаңы тилдерди оной өздөштүрөт.
Ошол эки уч албайын деп тырышып окушатта. Сен айткандай баалар жоюлса мугалим тапшырма да талап кылбай окусам окубасам баари бир дегендей болуп калатта. Ал эми сурагандан коркот дейсинер андай эмес бизде мисалы мугалимден эмнени болсо да тартынбай сурай ьеребиз жана ал учун урушпайт. Билбегенин сураса эмнеге мугалим урушсун. Эч жерден коргонум жок
Ал эми тил боюнча айтсам
1-класста орус тили жана кыргыз тили окутулат . Бул туура эле Ал эми англис тили 2-класстан баштап окутула баштайт. Менин оюм бир эле учурда 6-7 жаштагы бала учун уч тилди уйронуп кетуу кыйын болот дегеним. Биринчи учурда эки тилди башын оздоштуруп алса кийин оной болотта