Суперстан: Бала чак - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бала чак Бала чак

#61 Пользователь офлайн   raia   12 Июнь 2017 - 07:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен акыркы сабагымда силерге кирем.Ар бир сабагым кырк беш мунот болсо,мен силерге кырк мунотун суйлоп откорм.Мен силерге чарчап келип сабак отуп жатсам,сен дайыма мандайымда суз кабагын салып,мага капа болуп суз,жек коргон коз карашын менен тиктеп отурасын.Бугун чарчаптыр дедим,экинчи куну да чарчаптыр дедим карасам сен ар куну суз отурасын.Чарчаган жаным сени коргон сайын ого бетер чарчап,класстан чыга качкым келет.
- Кана балдар бул кыз кандай кыз,силер мага караганда 5 жыл бирге окуудунар,билсенер керек.Классташтарым чурулдап бир ооздон
- Агай жакшы кыз жакшы окуйт дешти.
Дагы эжемдин кошунасы.
-Агай ал сулуу кыз деди.
- О кордунбу,озун айткан гулго окшош сулуу кыз экенсин.Кана бизге бир кулуп койчу деди.
Озум ортодо турсам,классташтарымдын астында сынга тушуп турсам,эмненин кулкусу.Озу да катаал мугалим болсо ага кошулуп тигил кишиге да окшоп турса,айрыкча тармал чачтары,откур теше тиктеген коздору.Баары жымжырт болуп менин тиктеп калышты.
- Кана кызым бизди рахатка батырып бир кулуп кой.Чарчаган жаным бир женилдеп силерге жаны тема отойун.Аргасыз ууртумду тыржайтып кулгонго окшотуп койдум.
- Мына кызым,жылмайсан дагы сулуу болуп кетет экенсин,дайыма жылмайып жур.Отур кызым деп ото турган сабагынын камын коруп калды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   raia   12 Июнь 2017 - 08:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ошо ошо болду озу айтмакчы сабактын акырына кирет.Кунуго кулкулу нерселерди айтып бизди кулдуруп, эми болду чарчаганынар басылды сабак отолу деп сабак отот.
Бир куну тиктеп отуруп колдогу эсиме тушуп,ойлонуп ой колуно чогуп кетипмин.Канчага тиктеп турганын билбейм жанымдагы кыз турткулогондо чочуп кеттим.Коздорумон салаа,салаа жаштар куйулуп аткан экен.Шашканыман ордуман тура калдым.
- Отур. Кыйла унчукпай туруп калды да. Бар кызым уйуно кете бер сен чындап чарчап турат окшойсун деди.Бирок сабак буткондон кийин уйго келип байкем экоо узаак суйлошуп чай ичип,женемдин тамагын кутуп, тамак ичип кеч кетти.Байкем урушса керек деп корктум эле бирок унчукпады.Эртеси эле бизге эжей бере баштады.Эми ал агайды коридордон кана анда санда коруп калып журдум...
Шакылдаган эженин созунон кийин эжеме боорум ооруп,уйуно тез тез барып журдум.Эжем эч сыр бербейт бир калыпта журот.Кээде тан калып ушул эжем кантип менин энем болсун деп ойлонуп кетер элем.Энеме окшоп ооп жытап,жалынып, кагылып согулбайт деле.Качан келсем суз кабыл алат.Синдиме кармалып аны менен ойноп калсам,кеч боло электе уйуно бар деп койот.Уйго келсем женем жаны торолгон синдим менен алек,мени менен иши деле жок.
Конулумду сурап турган байкем анан атамын женеси чон энем бар.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 12 Июнь 2017 - 08:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   raia   12 Июнь 2017 - 13:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Чон энем окууга кетип атсам жолуму тозуп сумкама алма,ашрурт салып берип. Кышта чонтогума как.сумкама алма салып,озун же буларда витамин коп болот деп калат.Кээде сабактан келе атканда жумурткасын кууруп,чайын даярдап жолумду тороп суу жээгинде кутуп алып,уйуно эрчитип кирип чай берет.Атам менен энем тууралуу кеп кылып конулдумдуу которот.Кичинемде ыйлаак болуп энемди кыйнаганын айтат.Атамын боорунан тушпой,жатса койнунан чыкпай чыргоолонуп ыйлагандарымдан кеп салып берет.Энем мага аппак койнок кийгизип,чачыма шуру кошуп оруп бергенин, дайыма укусу бар шуру топу кийгизип эрчитип жургондорун айтат.Дайыма чон энем шуру кошуп чачынды орчуу эле дейт бирок мен эсимде жок элестете албайм.Чон энем ушул создорун кайра кайра айтса деле мен угуштан тажабайм уккан сайын кулагыма жакшы угулат.Чон энемдин жанында узаак отургум келчуу...
Жаз келип байкем тоого кочуп кетти.Айласыз мен эжемдикинде калдым.Байкем кетип атканда ыйлап эрчидм.
- Сен чонойуп калдын эжеме жардам бер.Карачы кичине эки синдилеринди таштап атам го.Эч кимини алып кетпейм.Женен экообуз эле кетебиз.Ал жака балдар барса болбойт,ал жер жайлоо эмес.Ал жерди сырт дейт.Кийин жайлоого кочуп келем ошондо сени алып кетем.деп унун каттуу чыгарып кесе айтты да.
- Нур сен мени узатпай эле кой,балдарды кара деп чыгып кетти.Кичине синдимди которгон бойунча боздоп ыйлаган бойунча калып кеттим.Байкем мен таштап кетет деп эч ойлобогом.Байкемен ажыраш ушунчалык оор болду айтууга созум жетпейт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Mumu1986   12 Июнь 2017 - 13:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 23:01
  • Жынысы:Аялзаты

Автору эсимден чыгыптыр, " Армандуу биздин балалык" деген чыгармадай сонун жазылып жатат. Жумушта чай иччуу жерге барып бекинип окуучу болдум, себеби созсуз ыйлаарымды билем. Рахмат сизге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   raia   12 Июнь 2017 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Нур байкем мага конул буруп,эки жака эрчитип,эркелетип эки жака коп алпарып ойнотуп келет эле.Бирок иштеген учун дайыма колу бош эмес.Каш кабагым бурколду дегенче эмне болгонун сурап,эгер берки байке капа кылса сазасын колуна берип,дагы бир капа кылсан олдум деп кой деп зекип турат эле.Кеч болсо да велосепедине оноруп колго алып барып келет .Колго барсам конулум ачылып,кандайдыр сагынычым тарагансып озумду жакшы сезем.Байкем мени созго тартып, менден коп нерсени сурап,кайра мага тушундурот эле.Бир жолу байкеми эски журтка алпардым анан кара добого ( менин тоомо) алпарып чокусуна чыгарып.Балалык кундорум жонундо тааныштырып, кичине кездерим жонундо айтып берип атып,ата энем барында деле ыйлаган кундорум эсиме келип кетти.
- Нур байке мен озу ыйлаакы кыз окшойм,ата энем барында деле ушул жерге чыгып алып,тетиги жолду карап бироону кутконсуп ыйлай берет элем.Байкем мени тан калаа карап,тиктеп туруп.
- Билесинби сен ошондо эмнеге ыйлаганынды. Сен бекерге ыйлабагансын, сен бизди сагынып,кутуп жол карап ыйлап журсон керек.Сен Иса байкеми сагынып ыйлап жургон болушун мумкун.Мен козуму жумуп ойлонуп, бир нерсени кыйналып тапай аткандай боло туштум.Коз алдымда кара шляпа,кара плашчан дамдын солокоту келе тушту
- Байке мен ошол кезде кара плашчан адамды корор элем,ошол адамга баргым келип,ыйлаар элем,мен азыр эстеп кеттим.
Байкемин мени карап козуно жаш молтуроп келе тушту да.
- Жангызым,беркем менин деп кучактап бооруна басып,кыйлага унчуга албай турду.Байкемин коз жашы жузумо тамчылап кетти бурулуп карасам жаагынан куйулган жаш мага тамчылап атыптыр.Аран турган жаным байкеми кучактап буркурап ыйлап жаттым.Байкем экообуз кучакташып, жузубуздон армандуу жаштар агылып,кыйлага отурдук.
Байкем эмнени ойлонуп атты билбейм.Мен болсо бизди кантип таштап кеткенине акылым жетпей,ичимен сыздап Иса деген адамды жек коруп турдум.Тилимде эле эмес,дилимде деле аны ата дегим келбей турду...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 12 Июнь 2017 - 16:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   raia   12 Июнь 2017 - 16:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ал адамды эстеп ыйлабай эле кой.Ал сенин коз жашына арзыбайт.Ал жок, биз учун ал олгон.Сенин эн жакын адамын женем,мен анан уйдогу жинди.Ал да чонойот,эс кирсе ал деле сенин бир тууган байкен.Ал эми Темир биздин бир тууган тайэкебиз.Ал сени багып алган.Таятам менен тайэнем сени кичине кезинде багып алган экен.Мени болсо атам менен энем багып алган анткени алардын баласы жок болгон.Мен да сага окшоп билбей чонойгом.Кошуна бала менен мушташып кетип уруп койсом.Асыранды бала экеними,оз атам Иса байке экенин,озумун энем атасыз калган балдарын эрчитип тентип торкунуно кеткенин айтып журогумду ооруткан.Ошон учун,атам менен энем мени алдаганы учун мен аларга таарынып келе бергем.Тентип десе мен силерди кыйналып жашайт экен да деп тынчым кетип жаман болгом.Айыл учун,жалан туугандар жашаган учун саа эч ким даап айта албайт.Мен шаарда чонойдум,орус мектепте окууган учун мага айтып койушту.Мен эмнеге капа болом, женемин мени атама таштап келе бергенине капа болом.Неге таштады байкем менен ажырашкандан кийин мени ала келе бериш керек болчу.Мен кошо келгенимде мен сени эч кимге бермек эмесмин.Сен минтип кыйналмак эмесин.Эми мен сени Темирге бербейм болду,сен ыйласан да алып кетпедиби болду.Эгер оз карындашы болгондо ыйлатып таштамак эмес,ала кетмек.Мен ичимен байкемен кантип ажырайм деп жанып кейип турду.
Айлам жок болдубу акырындап мен деле коно баштадым.Кыздар кылчуу иштерди кылып,эжеме жардам берип,синдилеримди озум карап аралаша баштадым.Эгер мен отун жарып,суу ташыганымды корсо,уул бала кылган ишти кылсам,берки байкени урушуп,мага сен биздин жангыз карындашыбызсын, эч качан уул баланын ишин кылба деп айтып,эч иш кылдырбайт эле.Байкем мага кроват сатып келди.Мектепке эрчитип журуп кийим кылып берди.Сумкам бар десем да болбой сумкадан баштап мектепке эмне керек болсо баарын сатып берди.Бирок озумун байкемди сагынып жаман болуп журдум.Байкем окуу башталарга эки уч кун калганда озу эле жангыз келди.Уйдун ичи толуп жыргап эле калдык.Мага окууга кийим кылганы келгенин айты эле Нур байкем озу баарын даярдап койгонун айты.Байкем негедир суйунуп,эже эмесе муну балдарга кышкы кийи сатып алыныз деп акча таштап кайра эле кетип калды.Мен байкеми сагынып кутуп,зарыгып кутконум таарынычка айланып,ич ичимен куса болуп сагынып,таарынып да журдум.Бул дуйнодо жангыз Темир байкемен башка эч кимим жоко окшоп,кутуудон кыйналып,ажыраштан коркот элем.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 12 Июнь 2017 - 16:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   mawa.32   12 Июнь 2017 - 19:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 759
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2021 01:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Рая апа кайда кеттиниз кутуп жатам
)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   raia   12 Июнь 2017 - 22:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бул жылы жаны окуу жылына эжемдин уйунон бардым.Бир айыл болсок да мен ботон элде жургондой сезер элем.Жангызсырап жатыркап,чочун элде жургонсуп, озумду ынгайсыз алып журор элем.Акырындап конуп,озум менен окууган классташтарым менен чогуу ойноп,чогуу сабака даярланып,чогуу мектепке барып,классташтарымдын чойросуно кошулуп кеттим.Эжемдин кошуналарынын балдары менин классташтарым болуп,беш кыз,уч бала бир класста окуйт элек. Ошолордун ичинен уч кыз бир бала дайыма чогуу журуп жакын достордон болуп озубузчо болунуп калдык.Мен жаны келип кошулган учунбу же ата энемен ажырап ага жененин колунда калган учунбу.Дайыма менин конулумо карап,капа кылбаштын аракетин кылгандарын сезип,озумду ынгайсыз сезип калар элем.
Куз келип байкем тоодон кочуп келип,кол жээгинде жашап калды.Кубанганым ошончо,эгер ошончо жерден барып келип окуу десе деле мен ошого таяр элем.Бирок бир жумада бир кунго барып,эртеси кыйналып кетким келбей,эртеси эжемкине айлам жок келишке туура келчуу.Ошол учурда чон эле адамдар,менин акыбалыма тушунбой,тушунгусу да келбегенине, мен ушунча сагынсам,байкемдин сагынбаганына тан калып,ызаа болуп ыйлап,озумчо каттуу капа болуп алчуумун.Кэде озумду эч кимге кереги жок куу тумшук кыздай сезип,бул дуйнодо мени жакшы коргон адам калбагандай болуп,ата энемдин артынан кетким келип кетер элем.Мен байкемен жылулуукту, мээримди издер элем..

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 12 Июнь 2017 - 22:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   raia   12 Июнь 2017 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Кыш ортолоп калган учурда эжем катуу ооруп,эс учун билбей комада жатып калды.Байкем да шашылыш кочуп келип баарыбызды колуна алды.Эки синдим мен болуп,оз уйубузго келип онуп калдык.Эжемдин оорусун деле этибар албадым.Сабакта отурсам бир мугалима эже келип,мени сабактан сурап чыкты да
- Кызым,эжени больницадан чыгарыптыр, сен уйуно барып тур деди.Журогум бир жамандыкты сезип,тызылдап чуркап барсам.Эжемин короосунда боз уйдун керегесин тигип,эми тундугун тузоп которо баштаган экен эле.Чуркап барып баканды кармап,эжем олбойт,байке тундукту тушурунуз,тушурунуз. эжем олбойт деп боздоп туруп алдым.Менин ыйыма чыдабай баканды которуп аткан байке,тундукту тушуруп баканды ыргытып ийип,ыйлаган бойдон короодон чыгып кетти.Эжелер уй тикпегиле эжем олбойт деп чырылдап уй тиктирбей койдум.Боздогон унумо даабай боз уй тигилбей туруп калган.Ошондо з8 жаштагы тайэжем,менин ыйма чыдабай.
-ОО кудай,ушул балдарды чыркыратып эжемди алганча,туубас мени ал деп тигилбей турган керегени кармап уч айланган дешет.Эжем озуно келип жакшы болуп,синдиси ай айланбай отуп кетти.Эми чындап менин тагдырым чечилди.Эжем оор ишке жарамак турсун,чай кайнатканга алы келбей калды.Мени эжеме беришти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   raia   12 Июнь 2017 - 23:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен энем экенин тан алгым келбей,ботонсуп журсом да чындап ооруп калганда энем экенин,энемсиз мага кыйын болушун бала болсом да сезип бир солк эттим.Бирок мен бакан ата энемди унута албадым.Же алардын мага берген чексиз мээримин сыйладымбы, билбедим.Эжемди козу откончо эне дей албадым.Эжем жаш эле туруп оорукчан болуп калды.Эжемдин оорусу кармаганда аба жетпей когоруп,кара кок болуп,балыка окшоп оозун ачып дем алалбай кыйналып кетер эле.Эжем кыйналган сайын,мен тиги адамды жек коруп,ичимен сыздап турар элем.Анткени эжемин оорусун врачтар сыгылуудан пайда болгон дешти.Эжемин оорусунан коркуп,жанынан чыга албай,турмуштун башка салганыбы,мен байкемен алыстап,жатыркап бараттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   raia   12 Июнь 2017 - 23:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Баарынарга бейпил тун !!
Эртеге чейин сак саламат болгула!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Mirelina   13 Июнь 2017 - 00:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 20:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы жазып жатасыз.Кутобуз. ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 05:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Байкем да мени консун дейби,уйго барсам кагып силкип,
- Тез кет, эжем эмне болду ,журо бересинби,туйшуктон качып атасынбы?- деп жемелей турган болду.Мен туйшуктон эч качпайт элем,канча иш болсо да кабагым кашым дебей кылып кете берет элем.Иши кылып эжем оорубаса экен деген тилек менен жашар элем.Эжемин баласы Нур байкем айылдагы эн сулуу кыз менен суйлошуп журуп,жене алып келди.Барбыз кубануу менен кабыл алдык бирок биз менен коп жашабады.Уйлонгонун угуп атасы эжемдин алдына келип,келин уулун сурап.кайтарып беришин,буларсыз куну карангы экенин айтып,ыйлап туруп алганда эжем жок дей албай баласын дагы кайнагасына берип жиберди.Кичи бакем,чон байкемен качып атакесине кетип калган.Ошонтип эжем,мен жана кичинекей синдим учобуз энсиреп уйдо калдык.
Мен Нур байкеме конуп калдым эле.Иштен келгенде дайыма жардам берип,колубуз бошосо мени менен ойноп,дайыма кулдургонго аракет кылып,китеп магазинден китеп сатып берип,жакшы создорун айтып,дайыма мээримин тогуп турат эле.
- Берекем,сен ыйлаба мен тез тез келип турам. Булар менин ата энем да барбай койо албайм.Мен сени жакшы кором,жаныман артык кором.Анткени сен менин жангыз карындашымсын. Керек болсо ата энемен да артык кором.Тайэкемин жети эжеси бар ал эми сен менин жангыз карындашымсын, бир боорумсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Asya_92   13 Июнь 2017 - 06:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты

Рая эже калеминиз курчуй берсин . Ден соолукта аман болунуз . Сиздин жазгандарынызды окуп кандайдыр бир денгээлде озумо , талим тарбия алам . Бар болунуз эжеке . Орозо тутуп жаткан болсонуз , Орозонуз кабыл болсун .

Билдирүүнү түзөткөн: Asya_92: 13 Июнь 2017 - 06:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 07:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Сен менин жангыз карындашымсын, бир боорумсун, эн кичинекейибизсин. Женем биздин энебиз,бакпаса да энебиз экенин эсинен чыгарба.Жангыз таштап кетип калба.Дайыма жанында бол.Иса байкем таштаганы эле жетет биз таштабайлы. Женемден башка адам болгондо,эчаак куйого тийип кетмек.Женем 27 жашында куйодон калыптыр.Ото жаш калса да биз деп куйого тийбей,тырышып журуп уй салып,биздин козубузду эч кимге каратпай багып келе атат.Минтип оорукчан болуп калды.Сени огой энеси багып алам деген учун кана берген экен,сен ага туура тушун.Эми сенин атан менен энен олуп калды,эми женемдин колуна келсен болот.Дегендей коп кенешин озумо жалгыздатып айтып.Атасы менен женем экоо кетип калды.Алыскы жолдо тез тез келишине козум жетпей,мени жакшы кором,жангыз карындашымсын деп бирок ата- энесине кетип калганына тушунбой,дагы эле айрылуунун азабын жеп,сагынуунун сары оорусуна батып,жангызсырап дагы эле жангыз калдым...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 07:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 08:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Эмнеге мен жакшы коргон адамдарыман айрылып калам?
Ушул суроого жооп таба албайм.Анан ойлонуп,ойлонуп эгер бизди Иса деген адам таштап кетпегенде, биздин жашоо башкача болмок деген жыйынтыка келем.
Ата дегим келбейт...
Менин бир кана атам болгон,ал дуйнодон оттуп кетти.Мээрбаным, ардагым,асылым атам элен.Мен бир кана сизди ата деп,ата деген созду таза бойунча,апак бойунча кармагым келет. Ата деген содун урматын сактагым келет.
АТА - деген созду мен уксам ата сизди эстейм.Асылым атам,жаркыным атам сиз менин журогумосуз, басам турсам элесимдесиз. Мен учун сиз тируусуз ата - деп,буулугуп, буулугуп,тойо ыйлап алам.Балпайып, аксакалын жайкалтып тошокто атам отурар эле,кийген кийми озуно жарашып,дуйнодогу аялдын сулуулугу бир кана менин энемде болуп,атама чайын берип жанында энем отурар эле.Экоонун кабак салып отурушканын эч корбогом.Мен шоктонсом энем урушуп,атам болушуп,мени койнуна катып,кач кызым,тозокудан кач кызым деп кучагын ачып,койнуна катып алар эле.Менин турмушумда эн бактылуу кундорум,ошол кундор болгон экен...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 08:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 09:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Окшош кундор,окуу, уйдогу майда чуйдо иштер болуп кундор отуп атты.Бир куну кутуусуздон кичи байкем келди.Жанылыктын кызыгы биздин районго Иса деген адам кошо келди.Биринчи эле бетме бет жолуканда.
-Неге келдиниз? - деген суроону узаттым.
- Силер учун келдим.Маман оорукчан болуп калды.Мурун атанарга ишенгем,эми силерди озум карашым керек,жанынарда болушум керек.
- Бекер келипсиз.Биз кичинекей экенибизде таштап,эми чонойуп калганда керек болуп калдыкпы.Ошол эжем оорукчан болуп калганына сиз куноолусуз. Менин атам жок,ал олгон.Мен жетимин,оба жетимин мен эми тируулой жетимин.Мен канча азап чектим,мен канча кыйналдым,мен канча оорудум ошону билесизби?
Мен атам ким экенин билбесем да онунузду эстей албасам да кара плаш кийген солокотунузду эстеп,эчен ыйлап жол карап куттум.Ошондо кайда элениз.
- Кызым,сен тушунбойсун атан жанылганын. .
- Жок,жок кызым дей корбо,ошоло сиз жанылып башка катынды ээрчип кеткенде.Мени сизди жалдырап кутуп,сагынып кутуп,ыйлап журуп менин журогум таш болуп катып калган.Кызым деп айта корбон,мен учун сиз жоксуз,жок,тушунсузбу жоксуз.деп суйлой деле бердим ыйлай деле бердим,козумдон жаштар куйулуп салаа,салаа болуп тогулуп да атты.
- Эже,бул киши уйго келбесин,киргизбен эгер дагы келгенин корсом,мен сизди таштап оз уйумо кетип калам деп эшике чуркап чыгып,кайда барышымы билбей,башымды кайда алпарып тыгышымы билбей,эсенгереп турдум да оз уйум эсиме тушуп ошол тарапка жол алдым...
- Оба мен аны тоодон кутком,чалкып жаткан колдон кутком,керилип жаткан узуун,узуун жолдон кутком,удургуган шамаалдан кутком,сабалап жааган жаандан кутком,кичине кыз болсом да эч кимге айтпай жалгыздап кутком.Кутуудон чарчап,кусалыктан азап жеп мен аны жек коруп калгам бул менин куноом эмес деп озумду озум актап кетип баратым...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 09:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 10:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Канча каршы болсом да ал киши келгенин токтотподу. Бир куну мектептен келсем уйдо отурушат,Аялы уйдо кызмат кылып журот.Жанына келип.
- Кантип уялбай келдиниз,чык эшике.Экинчи келбениз,эринизди кошо алып кетиниз деп орндоп атсам,эжем келип жаагыма бир тартып,эшике айдап чыкты.
Чонойуп калганым учун уялып,классташтарыман намыс кылып,мен чунчуп кеттим.Эжемдин кечирип экоону уйго киргизип мамиле кылганына эч тушуно албадым.Ал кишинин служебный машинасын уйдун астында турганын корсом,тентуштарыман уялып,кирерге жер тапай кыйналып кетет элем.Эми кана эже катарында коруп, боор берип келе атканымда,эжемдин тушунуксуз тигилер менен мамилеси мага оор тийип,капа болот элем.Эне болуп мага тушунуп,менин созумду укпаганына капа болуп кетем.Бир кездеги женемдин салбар деген созу журогумо оор батып,элдин баары салбар кылып таштаган эрин кечирип киргизип алыптып дешип атат го деген ой мени кыйнайт.Экоонун жарашышын каалабайт элем.Ал балдардын да мага окшоп жетим калышын каалабайт элем.Мен коргон кунду башка балдардын корушун ыраа корбойт элем.Тигил кишинин эки аял менен жашашына акылым жетпей,бала болсом да эки аялдын бир эркеке алданып кор болгонуна,жазыксыз балдары биз тентуштарыбыздын алдында куноосуз куноолу болуп кичиргенибиз жанымы кейитет эле.Тентуштарымдын астында качан ал ким деген суроо берсе,мен кантип жооп берем деген ой мээмди жеп басам турсам кыжаалат болуп турам.Мен азап менен куткон ошол суроо мага берилди.
Биз торт дос чогуу ойноп,чогу сабак даярлап,чогуу мектепке барып келет элек.Тортобуз адатыбызча мектептен эрчишип келе атсак,мен жек коргон машина токтоп, жанында кичине балдар ойноп турушат.Мен озумду ынгайсыз сезип томсордум.Ага чейин Шакин.
- Эй Гулу,сенин атан биздин районго которулуп келиптир дешет го.
- Жок ал менин атам эмес,менин атам олгон деп артыма бурулуп,козумун жашын тогуп,ызаа болуп,оз уйумо чуркап баратым...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 10:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 10:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Канчалык жек коруп,жолукпаска аракет кылсам да ал киши атайын издеп жолугуп,сабактарымы сурап,колума акча бергиси келип акча сунат.Ан сайын журогум ооруп,жек коруум кучойт.Ошоло акча менен оз куноосунон арылчуудай, мени акча менен алдачуудай сезилип ого бетер конулум оксуйт.Ошол кишинин акчасын эжеме канткенде алдырбай койом деп ойлоном. Акчасын албай,журогун бир соз менен оорутуп таштагым келчуу.Ойлонуп иштегим келди.Иштесем эле акчасын алдырбайт элем деп ойлоном.Акыры ойлонуп иштешке белсендим.Ал учурда апийим отоп,тилип,кырып айлык алышчуу.Ойлонуп корсом ушул ишке кучум жетерине толук мумкунчулугум бар.бирок 7- класстын окуучусуна иш бере бекен.
Биргадир байкеге жолугуп иш сурадым.
- Ой кызым,сен ото эле жашсын го.деп иш бергиси келбеди.
Байке мага ишениниз,мен иштей алам.Озунуз билесиз эжем оорукчан болуп иштебей калды.Мен эн жок десе оз кийимиди озум табайын.
- Темир жардам берчуу эле го?
- Оба жардам берет бирок озунуз билесиз баарыбызды бир байкем багып атат,ошого иштесем дедим эле.
- Тигил жезде деле келиптир.
- Байке мен ошон учун иштегим келет,мен ал кишиден жардам алгым келбейт.Ал киши эжеми таштап кеткен,эми келип жардам бергенин каалабайм.Мен иштесем анын жардамы кереги жок эле.Байке бизге жакын тууган учун менин созумду кыйа албады окшойт
- Биринчисинен 8 сотый берем анан калганын ишине карап берем.Ушунча болуп эч ким сенин жашында иштебеген.
- Анда эжемин атына жазып бериниз.
- Жок кызым озуно эле жаздырып берем.
-Байке,уйдогулорго айтпай турунуз ото буткондо озум айтам.
-
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 11:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

- Болуптур ишенип берип атам,ишеничимди аткар мени уятка койбо.Атаман акча албайм дегенин жакты. Атаноозурайын саяк,копкон да кыз десе кыз,уул десе уулу бар.Ушинтип эжеми сыйлап турсанар тобобуз коко жетет да деп озунчо суйлонуп кетти.
Окуудан кийин тырмаландап иштешти баштадым.Кошуналарга эмне себептен иштеп атканымды деле айтпадым.Эл копчулук мага окшоп жарым жалгыздар жок.Уй булоосу менен иштешет.Мен жангыз.Озумон чон кетменим бар аны менен ортосун чабам,эскилиги жеткен кыйшык отоочум бар ага деле кайылмын.Элден калбайын, жеримди отоо чопко бастырып албайын деп тытынып иштейм.Шаймандарды кошуна женемен сурап алгам.Ал мугалим учун жанысы жок кайненемден калган деп берди.Эл катары бутуп алдым.Биргадир байке мектептен келе жатсам жолугуп.
- О молодес,таза отпсун.Тез бутупсун.Озумчо сары кычыга бастырып албаса экен деп чочуладым эле.Эмикисинен 10 сотый берем.
- Ракмат байке.
Ошентип экинчисинен да алдым.Бир куну отоп атсам,озумун байкем ат менен бастырып келип.
- Акен иш илгери деди.Мен кетмен чаап жаткан жеримде катып калдым.Аттан тушуп колуман кетменди алып,унчукпай чаап жоноду.Байкемин жини келгенин сезип турдум.Унчукпай копко ортосун чаап анан,бугун уйго отчу деп унчукпай кетип калды.Кечинде иштен ары эми эмне дейт экен деп санаага батып,уйго келдим.Уйго келсем женем эми эле иштен келген экен.
- Чарчап келдим эле,сени кудай айдап келиптир,тамак асып койуп кетчи.
Мен унчукпай кара казанды коздой жонодум.Демек женем билбейт байкем айтпаган же уйго келе элек.Тамкты асып,уйду ииретке келтиргенче байкемди кутсом келбеди.
- Жене мен кетим,камырды жайып койдум,байкем келгенде камырды салсаныз болт.
- Озун ичпей эле кетесинби?
- Тиги уйго да барайын,кеч болуп кетет деп жолго туштум.
Жолдо келе атып оло чарчаганымды анан курсагым кыйын ачканын сездим.Дагы кара казан асышым керек...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 11:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 26 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 26, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 03:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: