Суперстан: Бала чак - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бала чак Бала чак

#81 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 12:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Уйго келсем,эжем жаман козу менен карап.
- Кайда журосун,элге жардам берип жургончо уйду карасан боло.деп коп соз айткысы келип бирок демигип оруусу кармап.
- Камыр жайып койдум,салып бышырып кел.
Унчукпай ашканага кирип колум иште болгону менен ойумда эжемдин оорусун ойлоп,ушунча эл дем алган абадан кенири дем ала албай,тумчугуп аба жетпей турганы жанымы кейитип,журогум сыгылып турду.Мен кечигип тамакты озу асып,камыр жайган учун кышылдап калганына озумду куноолу сезип турдум.Иштеп атканымды айтсам капа болбу деп айта албай бироолорду шылтоо кылып жардам берип атам деп койчуу элем.Эми айтпасам болбойт,байкем корс деп бир тийиши мумкун.Тамакты берип,тошок салып койуп,столумда сабак окууп отурам бирок мээме эч нерсе кирбей,кантип айтсам болот деп ошону ойлонуп отурам.Эжеме карасам эч нерсе менен иши жок,момурап китеп окуп отурат.Байкушум момундугунан эрден ажырап,момундугунан балдарынды туугандарга таратып,момундугунан торкунго батып отурасын да.Атанын торундо тородой кыз отурат демекчи,байкуш эжем...
Айталбадым, эртеси да шылтоо таап талаага кетим.
Ишиме келсем тыпыйган кетмен,жакшына отооч кутуп туруптур. Кошуна эже кулуп.
- Ботом уйуно айтпаганын кызык экен.Байкен келип мына буларды берип кой деп кетти.Кара озуно окшотуп тыпыйтып жасатыптыр. Бугун сен ортосун чапай эле отоп кетесин.Байкен эптуу ченди жерди чаап кетти.
Чындап солдорумду кыйла чаап кеткен экен...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 12:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 13:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Кечинде келсем байкемин атты байлануу турат демек уйго келиптир,экоо мени соттойт.Бир аз босогого туруп терен дем алып,баарына таяр болуп уйго кирдим.Киришиме эжем.
- Алда балам ай, отоодомун,жер алдым деп айтпайсынбы?
- Жаш жанынды кыйнап,ачка журосунбу?
Эмнеге жашырасын,арыктыгын бул болсо,кезерип ачка кетмен чапсан,отоо отосон,ооруп калсан эмне болот.деп кейип кепчип кетти.
- Байке иштейм десен жаныбыздан болдуруп берет элем го.Чогуу иштеп,чогуу бутурот элек.
- Отоосун мейли дечи,кырып,тилгенде кантебиз.Мен омуру кырып тилген эмесмин.Асмам кармап туруп алса кантик.
- Эже кырып тилгенде озу эле жетишет,менден кыйын кырып тилет.Мен отоо мезгили кол сурайт,ошо жагынан кыйналат го дедим эле.Эми болору болду,атайын сага ишенип бергенден кийин биргадирди уятка калтырбай,баланчанын кызы деп бизди да уят кылбай,озун да уят болбой жакшы иште.Уйдон тамак алып ал,курсагы ток адам кетменди кере кере чабат да,батымдуу которот деп акыл насаатарын айтып отуруп тамак ичип алып уйго кетти.
Эртеси кыйпычыктабай, жашырынбай ишке кетип атам деп жузум жарык,максымдан куйуп алып ишке кеттим.Эжем колунан келишинче уй ишине жардам берип турду.Менин иштегеним баарына айян болуп классташтарым да жардам берип турушту.Айрыкча кошуна досум дайыма эрте барып,озулордукунон мурун меникин чаап журуптур.Мен биринчи байкем чаап журот депмин.Качан апасы айтканда билип журом...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 13:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   gulsayra   13 Июнь 2017 - 13:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 94
  • Катталган: 06 Апрель 17
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 14:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кызыл кыя

Рая апа сонун жазып жатасыз. Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 14:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Биринчи эмгек акмы алганда кыйын суйундум.Алып келип эжемин колуна бердим.Арзыбаган акча болсо да мен иштеп атам деп тигил кишиден акча алдырбайт элем.Ошентсе деле баламын да эртен мененки уйкудан камыгып кыйналат элем,бирок эжемен айбыгып, капа болуп калса ооруп калбасын деп билгизбегенге аркет кылам.Эртен менен тургандан кыйналсам,тушто апийимдин сасыган жытынан кыйналып,кускум келип башым ооруйт эле.Канча кыйналсам да эжеме билгизбегенге аракет кылып.Эл катары иштеп,жангыз болсом да аркада калбаштын аракетин кылам.Бир куну кошуна байке аялын урушуп атканын угуп калдым.
- Уйялбасынбы ошо тырмактай кыздын эмгегин урдаштан,сенин ушу менен тен кызын уйдо сасып уктап жатат.
Мен угуп тан калдым,ойлонуп корсом мен арта калганда жардам беримиш болуп оз идишине салып алат экен да.Болбосо билинип калмак да.
Ушунча эмгек кылган мээнетимди урдаганын жиним келсе бир кулкум келет.Ичимен болду силерден экинчи кеч калбайм деп ичимен кошоруп турдум.Эжем да сарсаана болуп,эл катары тапшырсан экен. Уйят болуп и бала да баланын иши чала деп эл алдында уйят болуп калбасан экен деп суйлонуп калат.
Бирок кичине чагыман байкем менен жарышып,женемен озуп тилип ,кырып жургонум учун анча деле кыйналбаым. Ошол кичинекей чагымда бойум жетпей баштарын коп сындырып коп тил угат элем.Жалкоом кармаганда баштарды баса тилип,байкем урушса таарынып барып алыс жерге колоко таап отуруп алат элем.Кобунчо жалынып журуп алып келет эле.Кээде мейли дечуу окшойт тим койот эле анда ошо колокодо уктап калат элем.Кырымда кызыгып байкем менен жарышып кырат элем.Азыр кимге таарынат элем озумку учун жанталашып, чондор менен жарышып тытынып иштеп журом.Эртен менен кун чачырап чыканча кырып албасан ичине кирип кетип аз болуп калат.Эртен менен учто туруп тортто жетебиз.Жанымдагы кошуналар менен келсем жакшы,эгер озум эле келип калсам,апийимдин ичине киргенден коркуп,кошуналар келгенче четинде туруп турам.Бирок аларды деле коро албайм,бойум менен тен ,кобу бойлоруман узун ошонтсе да ундорун угуп коркпой калам.Апийимдин кырган тилгендери бутуп эс алып калдым бирок жайкы каникул да тугонуп окуу башталганына аз калды.Балдары мектепке бара тургандарга айлык эрте берилет экен,мага да айлык тийди.Байкем женем болуп мага мектепке кийим кылдык.
Байкем мына чонойгонун ушу алтыным,эжеми баканга жарап калдын.Оз кийминди иштеп камдап алдын,бул сенин мандай терин менен тапкан акчан.Эжеме жакшы койнок алалы суйунуп калсын.Эжеме тигилуу сонун койнок алдык,Уч синдиме окшош койнок,окшош куурчак алдым.Байкеме шляпа женеме жоолук алып бердим.
Женем мага балон плаш алып берди,ал да базарда жок тааныш аркылуу таап берди.Бул плаш жаны чыгып эч ким деле кийе элек эле.Жене озунуз кийиниз десем болбой менин разимеримди таап мага алып берди.Женем мага.
- Жок алтын кызым сен кий,сен бойго жетип калдын.Сенин кийгенин,менин кийгеним деп болбой койду.Женемдин сен бойго жетип калдын деген созу мага кызыктай угулду...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 14:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   aijyldyz   13 Июнь 2017 - 14:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Ыйлап ыйлап окудум. Башында баяндаса да мен Рая эженин тагдыры деп элестетип, кинотасмадай коз алдыма тартылды. Арыбаныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 14:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Жаны окуу жылы башталып,чындап биз чонойгонсуп, баарыбыз салбатту болушка аракет кылып,чозулгансып бойлорубуз осуп,кээ бир кыздарыбыз жасанып,таранып бой жеткен селки болуп,балдарыбыз жигит болуп керилип калыптыр.Женемин сен бой жетип калдын деген созу чын экенин тан алдым.
Эжем да жакшы болуп уй оокатка аралашып,балдарды карап.Байкем менен женем иштеп мал багып,турмушубуз бир калыпта отуп атты.Мен жек коргон байкем да жигит болуп армияга кетти.Мен да ыйлаакы кыз озгоруп,турмуштун агымына кирип,шок кызга,шайыр кызга айландым.Тентек кызга айландым.Эки уйдун эркесине айланып,эки уйдун ортосунда жашап калдым.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 14:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 16:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Окуу учурунда эжем менен бирге жашап,каникулда байкем, женем менен бирге жашап,аларга кошулуп бирде тоодо жашасам, бирде кол жээгинде жашап,зерикенимде тетектигим ашынып аттын кулагы менен тен ойноп,шамаал менен жарышып ойнор элем.Кол жегинде атымды кыйнап журуп колго салып,айласыз суздурор элем.Кайсыл ат колдон коркуп кирбесе ошону минип келип кыйнап журуп колго салар элем.Сары кунан деген атыбыз болор эле.Жаш кезинде кулук чыкма болуп,азыр карып калып куу болуп калган эле.Ошол атка мен жакындаганда эле кошкуруп,бышкырып жактырбай ,мен мингенде эле бышкырык атып,монкуп, чунандап эки бутун так которуп,мен шыпырылып калчуудай так секирип,бирде астынкы бутун которсо,бирде арткы бутун которуп,тээп силкип сени шашпа тентекти бир жыгайын дегенсип чунандап калат эле.Мен да шыпырылмак турсун кайра сазасын берип,жанын оорута камчы менен басып,басып, узонгуну менен жанын кыйнай тэп,тэп,чылбыр менен тизгинди бекем тартып,башын тикчийтип алсам жини ого бетер келип,башын буруп чунандап,ала качып барып ээ бул кызга женилбесем болчуудай эмес деп жоошуп жорго салыш болуп жорголоп калар эле.Ушул шоктугумду коргон байкем кулуп.,аттин уул болуп торолбогонун, уул болгонунда сяйапкер,бир айылдын тын чыкма эр жигити болмоксун деп калат.Шоктугумду жылкыларга эле корсотпой,айлана чойрого да корсотуп,эчен кыз жигитердин айласын кетирип,бошошкон балдарды,озумо тийишкен балдардын эчен шорун берет элем.Уйдогу иштерди тез бутуруп салып.Телторуга минип алып ,баягы мен кичине кезимде чыкчуу добого чыгам.Айлана, жол алаканга салгандай ,ким колго келе атат,кай тарапка баратат, баары корунот.Кайсыл жол менен кайда барарын конулумо туйуп койом.Кийин туш ооганда,токой ичиндеги жолго салып, ундоруно кулак тошоп журор элем да кээде кызыгып кол жээгине чыгат элем.Бир жолу колго чыгып,кайыктардагыларды кызыгып карап турсам кыз жигиттин кызы мага тийишип тамашалап калды,жигити да коштоп кетти.Мен создоруно соз айтып тамашаласам кызы чычалап кетти.Мен кичирек болсом,алар жогорку класстан болсо ага чычалаган кыз мени урушуп,колго кирип кетти.Артынан жигити да кетти.Мен ызаа болуп,оздору тийишти мен жооп бердим деп тиктеп туруп шоктугум кармап. Ат устунон тушпой туруп.кумда жаткан кийимдерин камчы менен шыпырып чаап жонодум.Жигити кыйкырган бойунча чуркап келе атты.Ого бетер шоктугум кармап чапкан бойдон кетип калдым.Алыс барып корунбогон имерилиштен токойго кирип кеттим.Тушуна келип тыншасам эко бири бири менен урушуп атат.Сен баштадын,мен баштадым,эми айылга кантип кетебиз дешип атат.Кун болсо кечтеп атат.Алысыраак жерден токойдон чыгып,кыйкырып мени коргондо кийимдерин кумга таштап,жай бастырып кетип калдым.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 16:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   raia   13 Июнь 2017 - 17:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ошо ошо болду бул ойун мага жагып калды.Чаптырып келе атып эле камчы менен кийимдерин шыпырып кетем да алыс алпарып таштап койом.Кээ бири жаман соз айтса кайрылып келип кийимдерин чычырканактын устуно ыргытып кетип калат элем.Бирок айланып келип,бойлору жетпей кыйналып аткан болсо озум чычырканака тытылып журуп озум алып берген кундорум да болгон.
Байкеме арызданып да келишкен кундору болду.Байкем сени ким кыз бала дейт мындай жорук тарыхта болбогон.деп бир эки кун Телторуну бербей койот эле.Кайра эле унуткарып ушул жоругум башталат эле.Кийин мен чыканда эле кыз болбу,бала болобу кийимдерине чуркашчу болду...
Ошонтип жылдар отуп,жинди кыйял балалыгым кетип,менда кыз болуп чозулуп 8- класска келип калдым.Байкем да билимин оздоштуруп Россия тарапка окуусун улантып студент болуп кетти.Женем эки синдим жана мен болуп, кайра оз уйубуздо жашап калдык.Женем экообуз эрчишип эжемдикине тез тез барып турабыз.Эжем чон синдимди багып экоо оздорунчо жашайт.Женем экообуз чон кирлерин жууп,уйлорун жыйнап келебиз.Эжем менен женемдин создору тугонбойт.Экоо энем кетиргенде кандай ынтымактуу болсо дагы деле ошондой ынтымактуу. Мурункудай жек корбосом да энемди ойлоп,атамы ойлоп экоо тен бири бирин ээрчишип,тигил келбес сапарга кеткенине ичим ачышып,эгер ушул экоо тим койсо,балким дагы деле жашайт беле деген умут жетелеп,ич ичимен таарынып калаар элем.Андайда кыртышым суйбой,экоо менен суйлошпой китеп менен болуп,башка дуйного кеткенсип жалгызсырап калам.Экоо канчалык мен деп турса да баары бир ата энемдин мага карап мээримин чачкан бир коз ирмемине да жетпейт эле...
Айласыз женем менен жашайм анткени атам куруп кеткен уй,мага башкача корунот.Эч ал уйдон кетким келбейт,атам тигип кеткен бак дарактар,карагат, малиналар жада калса оруктору бышып жегенимде,атам тикти эле деп бир оксуп алмайым бар.Атамын колу тийген,атамын изи калган,ата энемин мээрими калган.Атин арман.Жаз келип гулдогондо арасына отуруп алып экоону эстейм,оздору тикен бакча да жашабай калышканына зеним кейип,ичим ачышып бир оксуп алам...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Июнь 2017 - 17:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   nurka85   13 Июнь 2017 - 17:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 15 Январь 13
  • Соңку аракети: 07 Май 2018 12:49

Рахмат сизге Рая эже. Сиз менен чогу балалык мезгилинизде чогу журом. Кутобуз уландысын. Кудай куч кубат берип, жаза бериниз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Mirelina   13 Июнь 2017 - 22:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 20:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Аявай жакты ушул окуя........улантыныз ......кутобуз. .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   raia   14 Июнь 2017 - 00:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Женем мени чонойду дедиби,бир куну бойго жеткен кундорун,суйуп жетпей калган суйгон жигитии тууралуу айтып берди.Женемдин тагдырын угуп отуруп, бир кезде бир байке мага дайыма кат берип,эч кимге корсотпой женене бер деп колума карматчуу.Ошол эсиме тушуп мен оз байкеме кыйянат кылып жургон экенмин да деп уялып кеттим.
Бирок экоонун таза суйуусуно тьан бердим.Экоо классташ болуп,классташтары биздикине коп мейман болгондору эсиме тушуп,ал байке деле келип жургонуно тан берип озумчо кыжаалат болуп калдым.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 14 Июнь 2017 - 00:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   raia   14 Июнь 2017 - 09:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Азыр деле кочодон жолугуп калса,синдилерими колуна алып ооп.магазинге алпарып бизге шокалад алып берип калчуу.
Эмнеге ? Суйуу ушунчалык кучтуубу...
Бир кезде байкем чон ичике ороп атка оноруп келгени эсиме тушуп,журогумдон женемди аяп,акчага сатып жиберген атасына капа болуп турдум...,
Бир куну кыштын узуун тундорунун биринде женемдин бала кезине кызыгып сурап калдым.Женем узаак унчукпай туруп.
- Мен бала кезимди эстегим келбейт,сеникинен меники оор откон.Мени торогондон кийин энем отуп кетип, озумун чон энем чонойткон,5- классымда чон энем отуп кеткен.Экинчи бул туралу сураба деп ары карап жатып алды.
Мен ата энем эсиме тушуп,огой болсо да энем жакшы адам эле деп,ичимен энемди огойго ыраа корбой,огой дегенимди энем билип койгонсуп,жандан артык энеме кыйянат кылгансып,огой деген соз мээме кайдан келип калды деп бушайман жеп копко уктай албай жаттым...
Бир убакта женемин ыйлап жатканын сезип калдым.Берген суроомо бушайман жеп,кайактан сурай койдум эле деп кыжаалат боло баштадым.Женем мени уктады дедиби,оксуп, оксуп ыйлай баштады.Мен не кыларымды билбей аста кроватыман тушуп,женемдин жанына барып кучактадым. Женем мени бооруна басып ого бетер боздоп ыйлады.Ушул ыйда коп арман,айта албай жургон,журогун эзген арманы бар экенин сездим,айяп турдум.
Коз жашын алаканым менен аарчып,жене мени кечириниз деп кучактап ыйлап жибердим.
Женем мени бетимен ооп,сенин эч куноон жок кызым,силер бар менин бактым бар деп кайра мени сооротуп,кучакташкан бойунча уктап калыпыз.
Ошол кундон женемди мен аядымбы билбедим жакшы коруп,аяр мамиле жасап капа болушка жол бербегенге аракет кылып калдым.
Чындап женем жакшы адам эле,энелик мээримин бербесе да женелик милетин аткарып мага туура тарбия берди.Турмушка бышырды.Кылганын мен учун болсо да уйронгонун озун учун деп акыл насаатын айтып калат.Кыз бала башына тушкондо эле уйронуп алат деп уй сагызбайт анан от жакызбайт эле.Кыз бала ыш жытанып,мал жытанып турса уят дер эле.Калган тиричиликти, тамак аш жаатын куп кана уйроттуу.Тил жагынан да тарсылдап,бетке айтып,ачык айрым женеме окшогон шакылдаган кыз болдум.Эжем женендин тубун ичкенсин да деп калат.Бирок женем менен тамаша айтып болбосо сырдашып кайын синди боло албадым.
Эне дебесем да эне катарында,энедей сый урматты бар эле...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 14 Июнь 2017 - 09:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   raia   14 Июнь 2017 - 09:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Эжем (тууган энем) момураган жоош аял эле.Эжемин шорун коп берет элем.Синди болуп оскон учун ага тен ата болуп,тамашалап жудотуп ийет элем.Ал да эже сыйяктуу тамашалап,соз менен чымчып алар эле.Момурап китеп коп окуйт эле.Бирок чеберчилигине эч ким жетпей эле.Курактарды ар кыл курап,эски кийимге экинчи омур берип,турду курактарды курап уйуно салып алат эле.Туш кийиздерди илме шибеге (бапап) менен сайып,ар кыл арламенттерди салып,оз ойундагы кыйалдарды тушуруп кооздоп сайат эле.Эжемдер 7 кыз болуп,ар биринин уйундо эжемдин саймасы жаркырап турат эле.Тайэнем жаш каза болуп,кыздарга атам экоо келиштирип себин беришкен экен.Терезесинин ич жагына келиштирип сайма сайган эле тышы менен ичи бирдей тушурулуп он солу жок эле.Ичинен карсан деле тышынан карасан деле ошол корунуш эле.Жолу жок аппак бозго кантип сайганына азыр мен тан калып турам.Кийим илгичтердин да ак сурптан жабуусу болот эле этегине кооздоп сайма сайып анан тор токуп жабыштырып койот эле.Ошол ак чупуроко этегине гулдордун туру анан кополоктор конгону,учуп келе атканы,роза гулго чымчыктардын конуп турганы,учуп келе атканы иши кылып бирине бири окшобой же кайталанбай сайган саймалары коздун жоосун алат эле.Устулоруно карагай тартып элик,бугуулады тушургону бар эле карагайдын арасынан лыжа тээп келе аткан уул баланын суроту бар эле бул эки корунуш эки уйдун кийим илгичинде тагылган эле.Кийим илгичтин жабуусу,кроват жапкыч иши кылып баары сайма болуп,саймачынын уйу экени билинип турат эле

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 14 Июнь 2017 - 09:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   raia   14 Июнь 2017 - 11:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ак селде жиб делип ошол жиб менен тор токуйт эле.Ал учурда тюль болбогонбу же кол ишин жакшы коргонбу терезелерине тюлдай кылып келишитирип, токуп тагып алган.Жаздыктарын да тизип туруп токуган тор жаап койор эле.Ушунчалык кроватын коркун ачып кооздукту жарытып калчуу.Ал эмес ак койдун жунунон улпулдотуп ийрип,озуно жемпир кемзел токуп ,ал эмес бизге да токуп кийгизип койот эле.Айрыкча кыш мезгилинде эжемин свитирин кийсен канча суук болсо да ушубос элем.Байкем экообузго окшош кылып,аппак свитер токуп берген эле.Экообуз окшошуп калат элек.Кийим тигуу жагынан да бар эле.Кыздар менин тигилген кийимиме суктанса мен баркына жетпей магазиндердеги кийимдерге суктанат элем.
Чеберчилигине чек жок эле.Ошон учун да момурап коп суйлобой кыял менен жашап калса керек.Мен жанында болуп шакылыктап коп суйлосом.
- Ох мынча коп суйлойсун,жаагын талыбадыбы деп койор эле же болбосо
- Азырак суйлочу башым ооруп кетти деп калаар эле.Эне болуп жалынып,жалбарганын корбогом.Бирок козунон мээрими тогулуп,жалынбаса да жакшы коргонун сезип турар элем.Бирок эжемдин урук туугандарга, торкундоруно, ал эмес кетип калган кайын журтуна,айрыкча классташтарына кадыр баркы жогоруу эле.Эже синдилери,келиндери ( инилеринин аялдары ),кошуна келиндер куйосуно же кайненесине таарынса эжеме келип арызданышар эле.Эжем акыл насаатын айтып,эрчитип барып жараштырып келчуу.Сиз эмне торкундорунуздун шайланбаган адвокатасызбы деп тийиштик кылат элем.
Мен мына ошондой эки эненин тарбиясында остум бирок туугандыкы эмес бакандыкы болуп женеме окшоп баратым.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 14 Июнь 2017 - 11:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   regina86   14 Июнь 2017 - 11:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 03 Январь 16
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 15:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Рая АПА сиздин жазганынызды баарыбыз сыйлап жайбай жатабыз.Сонун жазылып жатат ыйлатго кыз бечара башында женесине жиним келди эле Эми кайра оюм озгорду :менин жүрөгүм:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   raia   14 Июнь 2017 - 15:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Биз торт дос дайыма чогуу журобуз.
1) Гулмира бойу узун,арыкчырай, чачы узун капкара,кирпиги узун козу бакыракай,токтоо акылдуу жана сулуу кыз - биз аны Гуку дебиз.
2) Шайыргул орто бойлуу,аты айты атып тургандай шайыр,арык чырай ак сары,ананда ото эле ыйлаак анан да тентек - биз аны Шакин дейбиз.
3)Сапарбек,аты айтып тургандай атасы армияга кеткенде торолгон,негирден бир аз эле агырак болбосо ону кара тиши эле аппак,узун бойлу,олбурлу спотртсмен - аны биз Сапар дейбиз.
4) Анан да мен,кичинемде бойум кичине болуп Шакинден арта элем,Шакин эмес Гукуну ашып отуп бирок Сапарга жете албай журом.Тентектигиме эч ким жетпейт,шок, откурмун,кепти бетке айтма да кыялым бар - мени Гулум дешет.
Биз мектепте чогуу журобуз ал гана эмес уйубуз жакын болгон учун сабакты да чогуу даярланабыз. Тортобуз бирикенде айтылбаган ааламда кеп калчуу эмес.Жада калса сабак жок болсо тортообуздун башыбыз биригип,бир партада тыгылып тугонбос жомоко кирет элек.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 14 Июнь 2017 - 15:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   raia   14 Июнь 2017 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Биз жомоко киргенде эч кимге конул бурбай суйлошот элек.Окууган китептерден, коргон кинодогу каарманды туурап ойнойт элек. Киного барсак да эки кыздын ата энеси Сапарга ишенип жонотушчу.Мен ата энемин уйундо болсом мен кошула албай калат элем.Бирок менин аркамда Сапар отурган учун,шыбырап журуп,кино тууралу мага айтып берер эле.Кээде ошол ишибиз учун экообуз эки бурчта 45 минут туруп калган кундорубуз коп болот эле.Дагы озумон корбой, аркы бурчта турган ага муштум туйуп сени шашпа деп кекенген кунум да болот эле.Берки эки кыз коп таарынып,тез жазылышат эле.Мен кем таарынат элем бирок жазылышым кыйын эле.Кобунчо каникулга чыгып эжемдикине кетип келсем,астоновкадан кутуп алып,сумкамды которушуп,мен жоктогу жанылыкты айтып анан элдешип калар элек.Кокусунан мени капа кылганын байкап калган классташтарым, кун санап ээ Сапаш эми олдун каникулга мынча кун бар,досунан айрылдын,эми сага суйлобойт дешип тамашалашса чычаалап кетер эле.Бирок элдешкенге аракет кылып,дудук болуп жандап тийиштик кылып корот эле ого бетер мелтейип унчупасам.Кээде ал да мостойуп капа болуп,башкаларга сиркеси суу которбой,шоктонбой тултуйуп,кимгедир кыр корсотуп калчуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   raia   14 Июнь 2017 - 17:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Шоктонгон балалыгыбыз калгансып,бой жеткенсип,кээ бир кыздар жигиттерден кат алып, сырлуу болуп чозулушуп менменсинишет. Ал учурда жигиттерден кат алуу,вечеркага баруу ото тартипсиз деп эсептелип,кыздар чогулушунда ортого тушуп,согуш алат эле.Дагы вечеркага барса ата энеси мектепке чыкырылып,ото каттуу жаза берилуучу.Окуучу кыздардын жигит менен суйлошусу ото жашыруун болуп,кыздарга каттуу тыйуу болот эле...
8 - класстын окуучусу болсом да кыздар советинин тороагасынын жардамчысы болуп шайланып,торага эжейим менен иштешип калдым.
Мурун эле ото шоктугуман кыздар мени кошчуу эмес.Эгер кыздардын секретин билип калсам,коздорунчо эле шылдындап балдарга айтып салма жайым бар эле.Ошон учун менден сыр кылып,андай ишке мени жаш деп кошпой койушчуу.Кийин торага болгондон кийин ого бетер,мага жашырышып айтпай чететип,болунуп сырдашчуу.Мен келсем кадимкидей унчукпай,тымпыйышып калаар эле.Канчалык китеп окуусам деле,арасында суйуу тууралуу соз болсо деле мага кызыгы болбой, ал нерсе менден алыстай сезилчуу.Кыздарга караганда балдар менен дос болуп,ат чаптырып жарышып,велик менен жарышып,жуушан ойноп 100 парасы менен эки катарды так секирип чыгарып,утуп алган кундорум коп балчуу.Чозулган кыз тентуштарымды тийиштик кылып атып ыйлатып алчуумун.Кол жээгинде оскондуктонбу анча мынча кыз эмес балдар урган чабагыма жетпей бушайман болушар эле.Назиктенген тентуш кыздарымды колунан суйроп колго туртуп ийип чачынан илип кетип теренге алпарып эжекелетип жалынтып айлаларын кетирер элем.Бойонгон кыздарды,жасалма кулуп наздангандарды корсом итатайым тутулуп кетип,колго суйроп барып баштарын тыгып,краскаларын кетирип,жинди кылат элем.Жиндери келип туйтундашып, жакшы да кызсын уул бала болгондо барбы дешип кулуп кутулушат эле...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 14 Июнь 2017 - 17:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   raia   14 Июнь 2017 - 17:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бир аз куттуруп койом го.Оз ачарга айлыбызга кетип атабыз,чыкырык келип...
Баарынардын кармаган орозонор кабыл болсун,тилеген жакшы тилектеринер ишке ашсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   seli   14 Июнь 2017 - 17:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Аамииинь. Сиздин да орозоңуз кабыл болсун! Шашпай жаза бериңиз, күтөбүз. Аллахым ден соолук берсин сизге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 19:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: