joomart (22 Ноябрь 2016 - 23:05) жазган:
Менин дагы бир билгеним (ушул эле гезиттен окугам) - баланын жынысы аял-эркектин жашынан да коз каранды, мен зачатие болгон жылы жолдошумдун каны жаны эле, ошондой метод менен да санашат гинекологдор. Кыз бала торолуш учун аялдын каны жаны болуш керек экен, аялдыкы 3 жылда бир, эркектин каны 4 жылда бир жанырат деп окугам. Бирок кыз деп жеригенибиз менен кыз деген сонун болот экен, мен акмак жаштык кылып "2 кыз болуп кетти, эми уул керек" деп бекер кайгырып журчу экенмин, жолдошум эркек торогон аялдарды эле мактап "молодец, кандай аялдар эле эркек торойт" десе эле нервтенип журуп канча чачым агарды?! Анан мына сага деп туруп эркек тороп салдым, метрикасын алганы барсак жолдошум уулубуздун фамилиясынын аягын "ОВА" деп жазып коюптур, анан кайра мени куноолоп "кайра-кайра кыз тороп атсан ошо да" деди эле ЗАГСтагы эже "кайдагы кайра-кайра? ?? Эки эле кызын бар экен го, 7-8 кыз болсо бир жон эле" деп бир тийди эле, оозу жабылып эле отуруп калды.

