1) Тилегинди айт орундалат дешсе
2) Адамдын жаны узулгондо жылдыз учат деп уккам .
Кай бирине ишеништи билбейм . Тек гана кузотуп бир чети суктанып карап тура берем . Озгочо тандын атканы жагат . Куштардын бир башкача кубулжутуп сайраган унунон маанайым которулот . Короздордун биринен бири отуп кыйкырганын угуп , адамдар тургула тан атты деп жатат живой будильник деп ойлоп калам . Менин азыркы жашоом ушундай . Андай деле мааниге ээ эмес , убактын кайран омурун текке кетип жатыптыр деп ойлошунар мумкун . Бирок мен ушул кундорго жеткирген Аллахыма раазымын . Куну тун укол жеп дары ичип , бир башкача жыты бар больницада откоргон кунумон коро , мин меретебе жакшы отуп жатат деп билем . Эх адамзат эмненин баркын билген кезде , ал нерсени совсем жоготкон болот экенбизда . Бул беш кундук омурдо бири бирибиздин конулубузду оорутпай , ынтымакта , эже -синди , байке карындаш , дос жар , эч болбосо сырттан болсода тааныш болуп калалычы . Бул жалган жашоодо коргон билгенин , жеген ичкенин , жакшы созун , кылган жумушун , кичи пейил , жонокойлугун , кимгедир кылган жакшылыгын же жамандыгын менен эле эсте калат экенбиз . Башка эчнерсе бул жашоодо туркук болбойт туура . Менден отсо жалпыныздардан кечирим сурайм урматтуу форумчулар . Ачуу душман акыл дос демекчи . Тилдин соогу жок экенда , ачууга алдырганда кандай гана , жууса кеткис создорду айтып салабыз . Бирок жашоода ушунусу менен кызык туура . Кимдир бироону чыйралтат , кимдир бироону кайгыртат . Кыскасы жашоонун озу бир жомок туура .
Урматтуу форумчулар ар дайым аман болунуздар . Мындай тандын эчеенин бирге тосуу бизге насип кылган болсун Ааминь !
Билдирүүнү түзөткөн: Asya_92: 13 Июнь 2017 - 06:06