MUHLISA (14 Июнь 2017 - 15:12) жазган:
Ар ким ар кандай ниетте алат, бири напси үчүн болсо бири акырет кызыкчылыгы үчүн алат.Сырттан эле түшүнүп түшүнбөй баа берип курук кыйкырганыбыз туура эмес да.
Сен карындашым, озун куру кыйкырыкты жакшы корот экенсин! Мен жогоруда 2-3 аял алгандардын арасынан пайгамбардын изинен журуп жесирге уйлонгондор же Чубак ажыны угуп сойкуга уйлонгондор барбы деп сурадым! Экинчиси сен айткан 4-5 аял алгандар ото аз деп айттым, коп болсо 10-20 адам чыгаар. Аны копчулук деп айтып элди алдап кереги жок.
Эми, эркектер уйдо бала багып, аялдар тышта тиричилик кылса, анын 2 аял алууга тиешеси кандай?!! Бир аялын бага албаган эркектер 2 аялды багып жибереби?! !
Макул, сен кундош кааласан каалайт чыгаарсын, себеби бизге карангы, балким калп эле улутка куйгон адам болуп, чынында озун коп бала торогун келбей, ордуна кундошун тороп "планды толтурсун" деп жаткан чыгаарсын. Эмне болгондо да элдин копчулугу каршы экенин коруп жатасын, дагы эмне керек?!! Бир ууч бай Жантай чалдардын ырахатын ойлоп 2-аял алууга уруксат берген мыйзам кабыл алышыбыз керекпи копчулук азчылыкка баш ийип?!!
Ким колунан келсе, бага алса ала берсин деп жатасын, кеп анда эмес! Мен жогоруда жазгандай элден ыйман, намыс качты. Улуу муун болобу, жаштар болобу жашоого женил ойлуулук менен карагандар кобойду. Ошол учун да ажырашуулар коп болуп жатат. Ажырашуулардын санын билесинби? Ар 3 жуптун бироо ажырашып жатат!!! Бул дегени элдер бир катынын эптей албай жатканда 2 катынга балээ барбы деген соз!!!
Ал эми 2- же 3-катын болуп тийгендер карып калган Жантай чалдын байлыгына кызыгып тийгендер. Жашырып эмне кыласын?!
Сен Чубак ажыга окшоп бир ууч Жантай чалдарды эле ойлобо, бай-мансаптуу, алардын биринчи аялдары менен балдарын да ойло, алар муну кандай кабыл алат, ким жабыркайт деп!!! Озун коруп тургандай 2-аял алууга элдин 90%ти каршы. Эми эмне дейсин, ошол 90% эл эл эмес да, элдин 5-10%нин каалоосу аткарылышы керекпи?!!
Билдирүүнү түзөткөн: CEO: 14 Июнь 2017 - 19:13