Суперстан: Чубак ажыга берилген суроолорго жооп - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.

#221 Пользователь офлайн   -LEGENDA-   15 Июнь 2017 - 15:22

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 185
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 17:07
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения nurbanurba (11 Июнь 2017 - 10:50) жазган:

мен мамлекеттик жумушта иштейм, бизден айлык маянанын 20 пайызын ар кандай налогдорго кармап калат. кармаган налогдордун зекетке тиешеси жокбу? же колго тийген акчанын 2,5 пайызынан зекет чыгаруу керекби?


Просмотр сообщенияTaranchy (29 Май 2017 - 13:49) жазган:

Коомубузда майып адамдарга оз ордун табуу ото кыйын. Тушунбогон адамдар ар кандай соз айтышат, сындайт. Ал эми ылайыктуу жумуш табылса билимге эмес физикалык шартка карап албай коюшат. Же иштеп жургон болсон ден соолукка шек келтирген создорду айтышат. Турмуш маселесинде кыйынчылыктар ото эле коп. Мындан корунуштордон улам майып адамдар кыйналып кеткендиктен кээ бир куноо иштерди жасап коюшат . Сурайын дегеним алар учун оо дуйнодо сурак жургондо женилдиктер барбы? Жалган дуйнодо азап тартып отуп кеткен майып адамдарга Аллахтын мээрими кандай?


Просмотр сообщенияKabylan- kol (14 Июнь 2017 - 21:42) жазган:

Эгерде бала мусулман болуп торолсо баланын чочогу кесилип торолсо эмне кылыш керек баланы отургузуш керекби же кереги жоокбу
Анан ал баланын чочогунда кал болсо эмне болот ?

Чубак ажыке бул жактан жооп бербейт. Бул темага, ал кишинин башка сайттардагы суроо-жооптору эле жазылат. Силер бул суроолоруңарды ушул эле бөлүмдөгү "Илимдүүлөргө суроо" деген темага жазгыла, бул темадан силерге эч ким жооп бербейт.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   Meruet84   13 Ноябрь 2017 - 10:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

=ЗАРЫЛ МААЛЫМАТ=
Шарият буюргандай кийинүү бул демократияга каршы эмеспи?

1-суроо. Шарият буюргандай кийинүү бул демократияга каршы эмеспи?

Жооп:
Демократия деген түшүнүк бизге батыштан келген. Демократия деген аларда: -каалаганыңды жаса, каалаганыңды жеп ич, каалаган кийимиңди кий, каалаган нерсеңе ишене бер, каалаганыңменен жашай бер дегенди түшүндүрөт. Эгер андай болсо, натыйжасы кандай болот? Албетте ал нерседен көптөгөн бузукулуктар жаралат. Бул баарыбызга белгилүү нерсе. Кээ бирлер: биз силер ойлогондой батыштын демократиясын максат кылган жокпуз,- деп айтышы мүмкүн. Андай болсо бизге зыян жетпегидей жашоону бир гана АЛЛАХ ӨЗҮ бере алат. Анткени Ошол Зат гана бизге эмне пайда, эмне зыян экенин билет. Эгер Кудайдын буйругун силер демократияга каршы десеңер, анда төмөнкү мисалды келтирели. Мисалы, сиз врачка ооруп барсаңыз, ал сиздин пайдаңыз үчүн жакшы көргөн тамагыңыздан тыйып, ачуу дарыларды ичүүгө буюрат. Бул сиздин демократияңызга каршы болсо да, врачтын айтканын аткарасыз. Врачтын билгенинен билбеген нерсеси көп, ошого карабастан анын айтканын жасайсыз. Сиздер ойлогондой АЛЛАХтын буйругу демократияга эч убакта каршы келбейт!

2-суроо. Батышта аялдар өздөрү каалагандай кийим кийишет. Аларда эркектер азгырылбай эле бизде азгырылабы?

Жооп:
Айдан ачык белгилүү, алардын сөздүгүндө (түшүнүгүндө) аялдын тазалыгы, эркектин азгырылуусу деген түшүнүк жок. Алар нафсилери каалаган нерсени эң жакын жерден же көчөдөн эле бүтүрүп алышат. Аларда бири-биринин көзүнө чөп салуу сыяктуу бузукулуктар жөнөкөй эле көрүнүш. Мисалы: 12-14 жаштагы кыздардын бирге жашаган жигиттери бар. Үй-бүлөлүү деген аялдын жок дегенде 2-3 ойношу бар, а алдыдагылар 7-9 ойношу менен мактанышат. Бул нерселер батыштын статистикалык маалыматтарынан алынган кабарлар. Анткени, аларда бузукулукту тыйган мыйзам да, үрп-адат да, диний жактан да тыюу жок. Бузукулуктун баардык түрү таркалган жерди өнүккөн жер деп айта албайбыз жана үлгү тутпайбыз. Андай нерсе шариятка да, кыргыздын менталитетине да жат, туура келбейт.
АЛЛАХ Куранда мындай дейт: - “Арам нерсенин көптүгү сени кызыктырса да, ыплас менен таза тең эмес. Андыктан: "Эй акыл ээлери! Такыба болгула! Мүмкүн кутулаарсыңар. ..!" (Маида: 100). Ибну Масьуддан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз(с. а.в) дын мындай дегенин жазган: „Силер"иммаь" болбогула дегенде, Сахабалар: "иммаь" деген эмне?-деп сурашты. Ал айтты: Биз эл мененбиз, алар туура жолго түшсө, биз да туура жолго түшөбүз, адашышса биз да адашабыз дегендер”-деп жооп берет.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Пользователь офлайн   Patriot7   17 Ноябрь 2017 - 18:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Жогоруда Чубак ажыны пайгамбарга тенеп, анын ар бир созун бул жакка ташыгандарга кайрылып кетемин...

Чубак ажынардан сурап билип бергилечи:

Сокенин жетим жугуругу болгон жакшы бекен, намыс, абийрин саткан жакшы бекен Чубак ажы?!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   Salixa.   17 Ноябрь 2017 - 20:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

1) Имамдыкка кандай адам
өтүшү керек?
Жооп: Мусулман, илимдүү,
акыл-эстүү, тарбиялуу, өңү өтө
серт эмес, жаман жыт
жыттанбаган (колоңсо, буту
жыттануу), зынадан төрөлбөгөн
(теги белгилүү), жергиликтүү
элдин тилин жана дилин,
маданиятын, менталитет-
өзгөчөлүгүн билген эркек адам
болуусу кажет.
2) Үй-бүлөсү менен шаарда
туруктуу жашап, ата-
энесине, тактап айтканда,
туулуп-өскөн жерине аз
күнгө барган адам намазын
толук окуйбу же касыр
окуйбу?
Жооп: Эгер ошол жерде
(төрөлгөн жеринде) өзүнө
таандык мүлкү (үй, жер, сарай,
бак ж.б.у.с.) бар болуп, байлана
турган болсо, анда ал жерге
барганда намазды толук окуй
берет. Андай болбогон шартта
намазды касыр окуу важып
болот.
3) Жашаган жеринен алыс
айыл, район же облуста өзү
жашап иштеп, кээде 14
күндөн аз убакыт
аралыгында үйүнө келип
турган адам намазын касыр
окуйбу же толук окуйбу?
Жооп: Адам үйүнө келгенде
канча мөөнөткө экендигине
карабай эле толук окуй берет.
Иштеген жерине 14 күндөн аз
убакытка келсе, ошол убакта
гана касыр окуйт.
4) Жолдошум менен турмуш
курганыма 6 жыл болду, 1
балабыз бар. Кайненем
менен жолдошумдун
карыздары көп. Ошол
карыздарды төлөш деп бир-
эки жолу мени Москвага
жиберишти. Жолдошум
барайын десе депорт болгон.
Одноклассникиден кыздар,
келиндер, апасы менен тең
аялдар менен сүйлөшөт.
Акыркы күндөрү мага: “Сени
көргүм келбей калды”
дегенинен баламды алып
апамдыкына келе бергем.
Телефон чалып: “Экинчи
кайтып келбе үйгө” дейт.
Талак түшөбү? Эмне кылсам
болот? (суроону устаз толук
окуду, бул жакка
кыскартылып берилди)
Жооп: Менин түшүнүгүмдө сага
күйөөң тараптан талак түшкөн
эмес. Ажырашууну каалаган
учурда ата-энең менен чогуу
барып башыңды бошоттуруп
алсаң болот. Күйөөңдүн кылган
кылыгы шариатка туура
келбейт. Аялын иштетип коюп
үйүндө калган эркектин
барынан жогу. Ушундайында
кутулуп алганың жакшы
болуптур. Сага Кудайым өзү
бериптир.
5) Кайнатамдын инисинин
кызын экинчи аялдыка
алсам болобу?
Жооп: Болот. Анткени сенин
аялың менен кайнатаңдын
инисинин кызы бири бирине
махрам эмес. Экөөнүн бирин
эркек деп элестетсе, экөөнө
бири-бирине үйлөнүүгө шариат
тараптан мүмкүнчүлүк берилсе,
анда алар намахрам (махрам
эмес) деп эсептелет. Эки махрам
эмес аялды бир никеде
чогултууга мүмкүн.
Аял кишини бир тууган сиңдиси
менен, бир тууган таэжеси
менен (апасынын бир тууган
эжеси же сиңдиси), бир тууган
абжеси (атасынын бир тууган
эжеси же карындашы) менен
бир никеде чогултууга шариатта
мүмкүн эмес.
6) Ата-энемдин арбагы
ыраазы болуусу үчүн эмне
кылуум керек? Кой союп
куран окутсам, ал нерсе
болбойт дешти.
Жооп: Болот. Болмок турсун
болот. Сен ошол Куран
окубагандардын маселесин
уксаң керек. Деги эле ата-
эненин арбагын ыраазы кылуу
үчүн төмөндөгү иштерди
аткарууң мүмкүн:
Ата-эненин курбулары менен
катташып, аларга көмөк
көрсөтүп туруу; Атам өлсө өлсүн,
атамды көргөн өлбөсүн.
Ата-эненин бүтүрө албай
калган жакшы иштерин
бүтүрүү;
Ата-эненин бир туугандары
менен мамилени үзбөө;
Колдон келген
кайрымдуулук иштерди (мечит,
мектеп, оорукана салуу, суу
чыгаруу, жол салуу, жетим-
жесирге жардам берүү, жакшы
китептерди басып чыгаруу жана
таратуу) аткарып аларга
соопторун багыштап туруу.
7) Аялдардын кийимдерин
сатып иштейбиз. Жеңи, этеги
кыска, жакасы жакжайган
кофталар да бар. Биз
күнөөкөр болбойбузбу?
Жооп: Жок, күнөөкөр
болбойсуң! Анткени, ал
кийимдерди үй ичинде
күйөөсүнүн көңүлүн көтөрүү
үчүн кийген болсо, соопко ээ
болот. Жакшылыкка
мүмкүнчүлүгү бар болгон
нерсени бир беткей
жамандыкка оодара берүү
туура эмес болот.
8) Сиздин сабактарыңыз
кайсыл күндөрү, кайсыл
жерде болорун айтып
коёсузбу, устаз?
Жооп: Менин жадыбалдарым
төмөнкүдөй:
Ар дүйшөмбүдө “Манас
жаңырыгы” каналынан 20:00
дөн 21:00гө чейин түз эфир.
Ар шейшембиде “Аян”
каналынан 20:00дөн 21:00гө
чейин түз эфир.
Ар шаршембиде шам намазга
1 саат калгандан баштап шам
намазына чейин эркектерге
фыкых (мухтасар, Фатху баабил
инаая) сабагы. Шамдан кийин
суроо жооптор. КАСИ мечити
(Ахунбаев көчөсү, Ататүрк
паркы).
Ар бейшембиде “ЭлТР”
каналынан 21:20 дан 22:20 га
чейин “Түзөтүүгө тийиш сөз” түз
эфир.
Ар жумада Жума баяны Абу
Бакр (Алмата-Фрунзе кесилиши)
мечитинде 12:30 дан 13:30 га
чейин.
Ар айдын үчүнчү жумасы Көк-
Жаңгак шаарындагы борбордук
мечитте Жума баяны. Ошол эле
күнү “7-канал” каналынан түз
эфир, “Бетме-бет” 21:00 дөн
22:00гө чейин.
Ар эки жумада бир жолу
“Биринчи Радиодо” “Шариат”
түз эфирдеги уктуруусу
Сагынбек ажы менен;
Ар ишембиде 19:00дөн 20:30га
чейин “Марал” радиосунда
“Аалымдан асыл жооп “ түз
эфирдеги уктуруу.
Ар жекшембиде “Ыйман”
мечитинде (Ленинград-Жаш
Гвардия) 10:30дан 13:00 гө чейин
аялзатына баян (парда менен),
суроо-жооптор (кагаз аркылуу)
болот.
Ар жекшембиде шам намазга
1 саат калгандан баштап шам
намазына чейин эркектерге
хадис (Мишкаат, Миркаат)
сабагы. Шамдан кийин суроо
жооптор. КАСИ мечити
(Ахунбаев көчөсү, Ататүрк
паркы).
Ар аптада “Саресеп”
гезитинин окурмандарынын
суроолоруна жооп жазуу.
9) Мүрзөгө барып аял киши
куран окуп келсе болобу?
Жооп: Жалгыз барганы жакшы
эмес. Жанында туугандары
болсо, маркум көмүлгөндөн
кийин барып Куран окуса боло
берет. Маркум көмүлүп жаткан
учурда аялдардын мүрзөгө
баруусу жакшы эмес.
10) Уйкудан тургандан кийин
жеңил даарат алып намаз
окуй берсе болобу?
Жооп: Ооба. Деги эле истинжа,
оор же жеңил даарат
бузулганда гана керек болот.
Башка учурда истинжа кылбай
эле даарат ала берсе дурус
болот. Ал эле эмес, жел
чыккандыгы үчүн истинжа
кылган амалды бидьат амал деп
баалаган аалымдарыбыз бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   Meruet84   17 Ноябрь 2017 - 20:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

14) Сиздин жообуңуз менин
тагдырымды чечет, устаз!
Мен учурда абдан чоң
күнөөлөрдү жасап жатам,
аны токтотуу такыр мүмкүн
болбой жатат. Ата-энемди уят
кылып коёмбу деп корком.
Апамды ушунчалык жакшы
көрөм. Өлүп калгым келет,
бирок апамды кыялбаймын.
Өлдүгө чыгып жер кезип,
алыстарга кетип калсамбы?!
Кеңешиңизге муктажмын
устаз!
Жооп: Садагасы, өлбөй коё
турчу, өлдүгө да чыкпай коё
тур! Сен мени менен байланыш.
Гезиттен телефонумду ал....
15) Апам, эжем,
карындашым бар. Апам
оорукчан, эжем 30га чыкса
да турмушка чыкпай жүрөт.
Карындашым 16да, анык
көпкөн маалы. Атам көп эле
жерге окутту, бирок атам
каза болгондон кийин үй-
бүлөнү багыш керек болуп,
азыр Москвага келдим.
Акыркы күндөрү көп көчөгө
чыгып, ичип, чегип калдым.
Орозодо таштайын деген
ниетим бар. Намазымды да
баштап жатам. Эжем апам
менен карындашыма катуу
айтып жатыптыр. 30га
чыкканча күйөөгө тийбей,
орой болуп калды. Эжемден
көңүлүм калды. Эми
карындашымдан да көңүлүм
калып баратат. Кеңешиңизди
бериңиз? (Суроону устаз
толугу менен окуду. Бул
жакка кыскартылып
берилди) Москва, Эсентур.
Жооп: Садагасы, бир тууганым!
Сенин сурооңду окуп олтуруп
менин көз алдыма далай тарых
келди. Сен сыяктуу асыл
жигиттер элибизде бар экенин
эстеп көңүлүм ордуна түштү.
Кудай Таалам сени апаңа, эжеңе
жана карындашыңа валий
(кожоюн, кароочу, жоопкер)
кылып койду. Үйдөгү жападан-
жалгыз эркектана катарында
сенин милдетиң зор. Балким,
Кудай Таалам ушул үч алсыз
аялзатты жакшы карап, аларды
бактылуу кыла алсаң, сага
жалпы кыргыз элинин
тагдырын тапшыраар! Балким
сен асмандан күтсөк жерден
чыккан, күндүзү күтсөк түндөсү
чолпон жылдыздай
жаркыраган, бактыбызга
жаралган улуттук лидер, эл
баккан азамат, дин баккан
такыба, сөз баккан куйма кулак
болуп жүрбө! Андыктан, бир
боорум, иним, кандашым,
диндешим эч мүңкүрөбө! Сага
капаланганга болбойт! Чөккөнгө
да болбойт. Бук болгон учурда
намазда Кудай Таалама
мунаажат кылсаң, ошол жерден
Аллахтын өзүнө арманыңды
айтсаң жеңилдеп каласың.
Эптеп эжеңди эрге берүүгө,
тентек карындашыңды
тарбиялап, адепке көндүрүүгө
аракеттен. Жакшы иште,
намазды калтырба!
Жакшыларга жанаш,
жамандардан адаш. Келечекке
үмүт арт, үмүтсүз шайтан.
Шайтанга алдырба, жем болбо!
Бишкекке келгениңде жолук,
чай ичкенче баарлашабыз!
Өткөн кеткенди эстеп, досторчо
чогуу олтурабыз! Атам өттү деп
капаланба. Мени атаңдай кеңеш
берчү, агаңдай сырдашчу,
досуңдай баарлашчу адам
катары көр! Ошент, Эсентур!
Жолугушканга чейин эсен тур!
16) Жолдошум урушканда
“кет” деп көп айтат. Уга
берип көнүмүш адатка
айланып калыптыр. Никебиз
бузулбайбы?
Жооп: Ниетинде талак берүү
жок болсо нике бузулбайт. Эгер
ажырашуу ниети болсо бир
талак “боин” түшкөн болот.
Жаңыдан нике кыйдырууга
милдеттүү.
17) Мен мүнөзүмдү кантип
оңдосом болот? Аябай
кополмун, апама да катуу
сүйлөп алам.
Жооп: Дуба кыл! Дааватка чык.
Абдишукур ажынын
маселелерин көп уксаң, ордуңа
келесиң.
18) Атамдан аяш баласы 15
жыл мурда 30 000 сом алган
экен. Карызын бул дүйнөдө
да, акыретте да кечпесем
өзүм күнөөкөр болуп
каламбы деп жатат?
Жооп: Күнөөкөр деле
болбойсуң. Бирок, колуңдан
келсе кечип жиберсең жакшы
болот.
19) Бир досум 10 жыл мурун
бөйрөгүн алдырган.
Үйлөнөрдө кызга ошол
нерсени айтуу шартпы?
Айтса кыздар тийбей коёт
экен. Өзү күчтүү, тың жигит.
Жооп: Айтканы туура болот.
Акылы бар кыз деле айлантып
карап көрөт да. Кызга бергис
жубан бар, атка бергис кунан
бар дегендей, кош бөйрөктүүгө
бергис жалгыз бөйрөктүү бар
дегенди билген эстүү кыз кош
көңүл болбос.
20) Адам тирүүсүндө “мен
өлсөм колдонгула” деп
органдарын муктаж
адамдарга мурас катары, же
бир пайдалуу болсун деп
таштаса болобу? (Мисалы:
өпкө, боор, жүрөк)
Жооп: Болот. Бирок сатканы
туура эмес. Арам болот.
21) Кайсыл кесипти тандоого
кеңеш берет элеңиз?
Медреседе окусам кийинки
турмушумда кыйналып
калбаймынбы?
Жооп: Медреседе окугандар
турмушунда кыйналбайт.
Турмушунда жыргайт садагасы.
Анткени шариаттын жолун
билип, эл баскан бокту да, чокту
да басышпайт. Кесип тандоо
боюнча кабыргаӊ менен
кеӊешкениӊ жакшыраак.
22) Үйдөгү чыр-чатактан улам
кыздын ата-энеси келип
күйөө баласын мажбурлап 3
талак жаздырып кетиптир.
Келиндин 1 кызы жана
боюнда бар. Талак түштүбү?
Жооп: Ошол кагазды
көргөнүмдө жана күйөө бала
менен оозмо-оз
сүйлөшкөнүмдө толугураак
жооп берген болоор элем. Аттиӊ
ай....
23) Шариатта тушоо кесүү
барбы?
Жооп: Жок. Бирок, ниетин
түзөп, балам жашоосунда
жаӊылбасын деген аруу тилек,
асыл максат менен тушоо
кестирсе, шариатка каршы
эмес.
24) Мен Москвада түрк
фирмада иштейм. Малдын
эти, койдун эти кошулган
тамактарды берет. Бирок биз
каякта союлганын, кантип
союлганын билбейбиз.
Жесек эч нерсе болбойбу?
Жооп: Түрктөр мусулман
элдерден болгондуктан,
шектенбей жей берсеӊер болот
ко деп ойлойм.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   Meruet84   17 Ноябрь 2017 - 21:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

*СОЦИАЛДЫК ТАРМАККА ӨЗҮНҮН СҮРӨТҮН КОЙГОН ТУУГАНДАРГА. ..*
========================
Чубак ажы Жалилов

*СУРОО-*Социалдык тармактарга өзүнүн, үй- бүлөсүнүн сүрөттөрүн ачык коюп алган туугандарга кандай түшүнсө болот?

*ЖООП-*Шариатта керектүү гана делген документтерге (паспорт, айдоочунун күбөлүгү жана башка) сүрөткө түшүүгө уруксат.

Ашыкча эле нан жегенин, тойго барганын, ар бир кыймылын, алдын,артын тартып соц тармактарга жүктөө тыйылат. Медицинада да селфимания психикалык оору катары каралат. Бул оору азыр хиджабты мода кылып кийген ыйманы алсызыраак кыздарга да жуккан.

Үй-бүлөлүк альбомду жакын тууган деген гана адамдарга көрсөтөбүз. Антип ачык коюп алуу көчөдөгү бей тааныш кишилерге ошол альбомуңду ме көрө бер деп колуна карматып койгон сыяктуу. Ал сүрөтүңдү жакшы ою бар, арам ою бар,кылмышкер да көрөт.Информация катары. Керектүү убакта зыяндык кылып коёт.



لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   Maero   18 Ноябрь 2017 - 17:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 208
  • Катталган: 17 Февраль 14
  • Соңку аракети: 08 Июл 2025 02:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20171114_215326_0.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   Patriot7   20 Ноябрь 2017 - 03:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Бул болумдун акими колунан келсе аким болсун!! !

Мен темага ылайык суроо менен кайрылган сон, комментарийимди очурууго акимдин укугу жок!!!

Чубак ажынын ар бир созун хадиске окшотуп кочуруп келип жаткандарга кайрылып кетемин, менин суроомду Чубак ажынарга жеткирип, жообун кочуруп келип жазып койсонор! !!

Чубак ажы, сага суроом бар! Сокенин колунан уча жеп, анын Арзыматы болуп аны мактап сага муйуз чыктыбы?!! Сокенин жетии жугуругу болгон жарашат бекен сана Чубак ажы, ушуга ачык жооп берчи?!! ...

Билдирүүнү түзөткөн: Patriot7: 20 Ноябрь 2017 - 03:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   Patriot7   20 Ноябрь 2017 - 03:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Бул болумдун аты "дин жана философия" ... Бирок бул болумдо исламчылар менен радикал исламчылар гана менчиктеп, атеист, буддист же башкаларга эшик жабык... Алар бир тема ачса эле, бир талкууга аралашса эле админ келип алардын комменттерин очуруп, теиаларын жаап салат...

Мисалы мен Омар Хайямдын философиялык рубаилерин жазчу болсом, исламга каршы угут деп админ теманы жаап салаары бышык... Ошондо менден супердин жетекчилигине сунуш: эмнеге бул болумго калыс коз караштагы админ дайындабайсынар? !! Учурдагы админ кайсы бир топтун кызыкчылыгы учун бир тараптуу иштеп, философия темасындагы эркин ой жугуртууго биротоло тыю салып отуруп, философиянын жыты да калбаптыр... Чындыкты айткан адамды таламай жок, элибизде "баш кесмек бап, тил кесмек жок," деген макал тегин жерден чыкпаган.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   Aygul777   20 Ноябрь 2017 - 09:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 260
  • Катталган: 02 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 20:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаарым

Просмотр сообщения Patriot7 (20 Ноябрь 2017 - 03:23) жазган:

Бул болумдун аты "дин жана философия" ... Бирок бул болумдо исламчылар менен радикал исламчылар гана менчиктеп, атеист, буддист же башкаларга эшик жабык... Алар бир тема ачса эле, бир талкууга аралашса эле админ келип алардын комменттерин очуруп, теиаларын жаап салат...

Мисалы мен Омар Хайямдын философиялык рубаилерин жазчу болсом, исламга каршы угут деп админ теманы жаап салаары бышык... Ошондо менден супердин жетекчилигине сунуш: эмнеге бул болумго калыс коз караштагы админ дайындабайсынар? !! Учурдагы админ кайсы бир топтун кызыкчылыгы учун бир тараптуу иштеп, философия темасындагы эркин ой жугуртууго биротоло тыю салып отуруп, философиянын жыты да калбаптыр... Чындыкты айткан адамды таламай жок, элибизде "баш кесмек бап, тил кесмек жок," деген макал тегин жерден чыкпаган.....


Кайсы бир убакта ушул жазгандарынызга окунуп калаарсыз! ? Ошон учун адам озунун негатив жеке оюн ичинде эле каткан жакшы.
Сиз азыр акыйкаттыкты, чындыкты издеп журосуз. Издениниз, окунуз, христиандардын Инжилин (Библиясын) окуп, еврейлердин Торатын окуп, жана Ислам дининин Куран китебин окуп салыштырыныз. Эгер атеист болсонор Дарвин, Маркс, Енгельс, Лениндин омур баянын, китептерин окунуз. Ленин атеист болгон, денеси комулбой кыйналып мавзолейде турганы жондон-жон эместир. Чындыкты табасыз! Тапканга чейин негатив комментарий калтыргандан алысыраак болуп турун уят болуп калбаш учун.
Дуйнодо канча адам болсо ошончо кыял-жоруктар бар. Кайсы бир адамдын кылганы учун баарын жаман корбош керек. Бардык нерсе жакшылык учун экенине ишениш керек. Калганын убакыт корсотот.

Билдирүүнү түзөткөн: Aygul777: 20 Ноябрь 2017 - 09:56

Аллах-кудуреттуу зат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   Patriot7   20 Ноябрь 2017 - 12:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Просмотр сообщения Aygul777 (20 Ноябрь 2017 - 09:53) жазган:

Кайсы бир убакта ушул жазгандарынызга окунуп калаарсыз! ? Ошон учун адам озунун негатив жеке оюн ичинде эле каткан жакшы.
Сиз азыр акыйкаттыкты, чындыкты издеп журосуз. Издениниз, окунуз, христиандардын Инжилин (Библиясын) окуп, еврейлердин Торатын окуп, жана Ислам дининин Куран китебин окуп салыштырыныз. Эгер атеист болсонор Дарвин, Маркс, Енгельс, Лениндин омур баянын, китептерин окунуз. Ленин атеист болгон, денеси комулбой кыйналып мавзолейде турганы жондон-жон эместир. Чындыкты табасыз! Тапканга чейин негатив комментарий калтыргандан алысыраак болуп турун уят болуп калбаш учун.
Дуйнодо канча адам болсо ошончо кыял-жоруктар бар. Кайсы бир адамдын кылганы учун баарын жаман корбош керек. Бардык нерсе жакшылык учун экенине ишениш керек. Калганын убакыт корсотот.


Биринчиден тема ислам дини эмес, "дин жана философия" деп турат, демек бул темага мусулмандардан тышкары атеист, буддист, христиан ж.б. да кирип пикир биллирсе болот... Бирок тилекке каршы кайсы бир темада атеисттер менен мусулмандар пикири келишпей акыйнек башталса, админ келип теманы жабып, атеисттерди банга айдайт. Бул туура эмес... Анысы да, мунусу да теманын алкагында жазып жаткан сон, админ калыс болушу керек болуучу!! !

Мисалы админ менин комменттеримди очуруптур, мен бул жерде Атамбаев же Назарбаевге кайрылып же "алиги" болумун бул жакка ташып жатканым жок го, комменттерди очурууго негиз болгудай?! !

Ленинге келсек анын денесин эл комдурбой отурат, аны корууго куштар эл коп экен... Анын устуно орустарда дене жерге берилбесе азап тартат деген тушунук жок экен... Ошондуктан озундун коз карашынды эле тануулабай, башкалардын коз карашын да уга жур... Ал адам кандай болгон кундо да кыргыз элине сенден, менден, Чубак ажындан мин эсе коп жакшылык кылган, б.а. ат которгус жакшылык кылган... Ал эми Чубак ажын буга чейинки муфтийлерге окшоп бийликтин этегин кармап, ошолордун созун суйлоп журот, Арзыматы болуп...

Мен бул болум атына заты жарашып, ислам дини менен катар сен жогоруда жазган философтордун да эмгектери жарыяланган, админи кругозору терен, калыс болуусун каалаймын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   no.comment   20 Ноябрь 2017 - 14:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Patriot7 (20 Ноябрь 2017 - 12:52) жазган:


Биринчиден тема ислам дини эмес, "дин жана философия" деп турат, демек бул темага мусулмандардан тышкары атеист, буддист, христиан ж.б. да кирип пикир билдирсе болот... Бирок тилекке каршы кайсы бир темада атеисттер менен мусулмандар пикири келишпей акыйнек башталса, админ келип теманы жаап, атеисттерди банга айдайт. Бул туура эмес... Анысы да, мунусу да теманын алкагында жазып жаткан сон, админ калыс болушу керек болуучу!! !

Эгерде мен бир тема ачып, анда ачыктан ачык эле христиан, еврей, буддист, атеисттерди шылдындап, аларга акаарат кылып, алардын диний ишенимдеринин устунон куло турган болсом, анан аким келип теманы жаап, мени банга айдоочу болсо, мен анчейин капа болбогон болот элем.

Ал адам(Ленин)кандай болгон кундо да кыргыз элине сенден, менден, Чубак ажындан мин эсе коп жакшылык кылган, б.а. ат которгус жакшылык кылган... Ал эми Чубак ажын буга чейинки муфтийлерге окшоп бийликтин этегин кармап, ошолордун созун суйлоп журот, Арзыматы болуп...
Лениндин(атанын) кылган жумушу, чон болгон. Бирок кээде чон саясат "докажет обратное" . Ленинграддын озгортулушу, памятниктердин алынышы, ж.б. коптогон мисалдар буга себеп. Бирок, чындыкты тарых озу ачыктап чыгат оз убактысы келгенде. Азырынча Ленин менен Чубак ажыны салыштырбай кое турганыныз жакшы, экоо салыштырыла турган адамдардан эмес, менин оюмча.

Мен бул болум атына заты жарашып, ислам дини менен катар сен жогоруда жазган философтордун да эмгектери жарыяланган, админи кругозору терен, калыс болуусун каалаймын...
"Вот именно", ошондуктан Чубак ажыга же башка диний ишмерге же Сооронбай Шариповичке болгон "нааразычылыгынызды" атайын ошого арналган болумдордон билдирсениз максатка ылайык болмок. Дин жана философия болуму бул жер, арман жана сын-пикирлер башка болумдо
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   Aygul777   20 Ноябрь 2017 - 15:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 260
  • Катталган: 02 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 20:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаарым

Мен эмес сиз озунуздун коз карашынызды бербейт экенсиз урматтуу "патриот" .
Мейли бир куну кантип ыйманга келип калганынарды билбей каласынар! Аллахым ыйман насип кылсын! Талашып-тартышкым деле келбейт, Аллага койдум.

Лениндин даражасы чонбу же Чубак ажыныкыбы Аллах озу далилдеп коет.

Билдирүүнү түзөткөн: Aygul777: 20 Ноябрь 2017 - 15:36

Аллах-кудуреттуу зат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   Meruet84   20 Ноябрь 2017 - 23:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Намаз окубай эле хижап кийсе болобу?
______________________________________________

СУРОО: Намаз окубай эле хижап кийсе болобу?

ЖООП: Болот. Хижаптын парзынан кутулат, намаздын парзынан тутула берет.

СУРОО: Намазды эки маал эле окуса болобу?

ЖООП: Экөөнөн кутулат, калганы карыз болуп тура берет.

СУРОО: Аялым Орусияга кеткенине 6 ай болду. Нике бузулбайбы?

ЖООП: Бузулбайт. Бирок, сен аялыңды тигил жакка жиберип коюп бул жакта эшек такалап жүрөсүңбү? Сен да кет. Барып аны кара.

СУРОО: Сизди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жакшы көрөбүз, сыйлайбыз. Кыргызстанга сиздей такыба аалымдар абадай кажет. Чет өлкөгө кете турган ниетиңиз болсо, кетпеңизчи. Биз чын ыкласыбыз менен суранабыз. Эгерде жубайлар бул дүйнөдө ажырашса, тиги дүйнөдө дагы чогуу жашашабы?

ЖООП: Сизди Аллахым өзү жакшы көрсүн. Жалгыз бир эле адам менен жашаган болсоңуз, экөөңөрдүн бара турган жериңер бир болсо чогуу болосуңар.

СУРОО: Квас ичсе болобу?

ЖООП: Шаарда сатылып жаткан, бөлкөдөн жасалган квастарды ичсе болот. Суусундук катары каралат. Бирок балчелекчилердин балдан жасаган квасы кадимкидей мас кылуучу касиетке ээ болгондуктан, арам деп билебиз.

СУРОО: Аялым менен урушуп «ажырашабыз, кет, тойгуздуң мени» деген сөздөрдү айтып алдым. Талак түшпөйбү?

ЖООП: «Ажырашабыз» деген сөзүңүз келээр чакта болгондуктан маани берилбейт. «Тойгуздуң мени» деген сөзүңүз да нике маселесине таптакыр тиешеси жок. Ал эми «кет» деген сөзүңүздү ажырашуу ниетинде айткан болсоңуз, бир талак боин түшөт. Кайрадан нике кыюуга милдеттүүсүз. Ал эми андай ниетиңиз жок болсо, эч кандай мааниге ээ болбойт. Катардагы эрди-катындын урушканы болуп эсептелет.

СУРОО: Аср намазы 4 рекет парз элеби, же 4 рекет сүннөтү да барбы?

ЖООП: Асрдын алдынан окулчу төрт рекет мустахабы бар. Аны сүннөт деп айтканга болбойт. Мустахаб деп айтсак туура болот.

СУРОО: Намаз окуп жатып кекирип, же эстегенде намаз бузулбайбы?

ЖООП: Намазы бузулбайт. Намаз учурунда эстегенде колу байланып турган болсо, сол колунун аркасы менен оозун жабат. Колу байлануу эмес болсо, оң колунун аркасы менен оозун жабат. Намаздын сыртында эстесе, сол колдун аркасы менен оозду жабуу мусулманчылык адептерибизден.

СУРОО: 33 жолудан зикирди сол кол менен чалса болобу?

ЖООП: Оң кол менен жакшыраак. Бирок сол колуңуз менен, же эки колуңуз менен чалсаңыз да жарай берет. Маселе, кайсыл кол менен чалууда эмес, зикирдин чалынуусунда турат.

СУРОО: Эркектердин чачын кыркып иштесе болобу? Чачтын бардыгы бирдей болуш керек дейт, бирок азыркы учурда төбөсүн, маңдайын бир аз узунураак кылышат. Болобу?

ЖООП: Бирдей дегендин мааниси, таптакыр маскарапоз болуп кетпесин деген сөз. Кээ бирлер башынын кээ бир жерин таптакыр кырдырып, башка бир жерин өстүрүп алганын шариятыбыз жактырбайт. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) жек көргөн. Ал эми узундугу бири-бирине жакыныраак болгон чач жасалгаларына шарият каршы эмес. Андыктан эркектерге чачтарач болуп иштесеңиз болот.

СУРОО: Мен музыканы көп угам. Бул туура эмес дешет. Чынбы? Сүрөөлөр жаздырылган телефон, дисктерди үйгө коюп койсо болобу?

ЖООП: Музыканы көп уксаң жүрөгүң карайып кетет. Ырайым-мээримден кур жалак каласың. Телефон менен дисктерди үйгө койбогондо көчөгө коймок белең? Бийигирээк жерге койсоң жакшы.

СУРОО: Аалымдарды каяктан тапса болот?

ЖООП: Республикалык масштабдагы аалымдарыбыз бир топ эле бар. Облустугу андан көп, райондугу жер жайнайт. Айылдыгынын эсеби жок, көп. Кыргыздын эки күн намаз окуса, үчүнчү күнү молдо болуп алмайы бар эмеспи?. Молдо Сабыр, Молдо Газы, Молдо Надыр, Молдо Ахун, Абдышүкүр ажы, Максат дамбылда, Сиражиддин шейх, Нурулла кары, Жээнбек шейх деп санап олтурсаң бир канчага барып калат.

СУРОО: Күйөөм мас эле, атасына өчөшүп «3 талак бердим» деп айткан. Бирок артынан «Тообо кылдым, сени менен жашайм, атама өчөшүп айттым эле»,- деди. Азыр нике окутпай эле жашап жатабыз...

ЖООП: Күйөөңдөн суроо керек. Эгер сага талак берүүгө ниети жок болсо, айткан талагы түшпөйт. Анткени ал өз сөзүндө сенин атыңды айткан эмес, талакты сага таандык кылуучу сөздөрдү колдонгон эмес. А эгер, ниетинде талак берүү болгон болсо, талак түшөт. Кокустан сенин атыңды айткан болсо, ал учурда ниети суралбайт. Айткан талагы түшөт.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   Meruet84   25 Ноябрь 2017 - 23:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

=СУРОО- ЖООП=
Суроо:Үйлөнгөндөн кийин ортодогу сүйүү өчүп калса эмне кылыш керек?

Жооп:
Аял эркектин аз сүйлөгөнүн каалайт. Өзүнө теңелишин каалабайт. Ар кайсыны айта бербей дароо ишке өтүш керек. Үй-бүлө бузулган жаман. Азыр көп учурда зордуктап кетти, минтип кетти, антип кетти деген жаңылыктарды көп укчу болдук. Анын баары үй-бүлө бузулгандан болуп жатат. Ата-энеси ар тарапка кетип, балдарын бирөөгө бактырып койгон. Сенин аялың бучук болуп, мурду көктү карап, тешигинен өпкөсү көрүнүп турса да, ал сенин балаңа дүйнөдөгү бардык аялдардан жакшы мамиле кылган аял. Сенин эриң сасып, биттеп, селсаякка айланып кетсе дагы балдарыңа дүйнөдөгү бардык эркектерден мээримдүүрөөк ата. Сага жакшы мамиле кылып жаткан эркек балдарыма да ошентет деп ойлойсуң, бирок андай эмес. Түндөгү 15 мүнөттүк ырахаттын айынан аялыңа талак берип кетип каласың. Бирөөнүн катыны бирөөнө кыз көрүнөт болуп, кээде өзүңдүкүн карабайсың да, башканын аялын, балдарын карап жаткан болосуң. Сенин балдарың кандай тагдырда калды, ага кантип жооп бересиң? Эркек, аялдын ортосунда махабат болушу шарт эмес. Бири-бирине ырайым, аёо деген болуш керек. Сенин жашооң жашоо, балдарыңдыкы жашоо эмеспи? Балдарды ойлош керек. Ал эми сүйүүнү табыш керек. Жарандык никеде жашап көрүп, жакса үйлөнүш керек деген жалган сөз. Ал атайын мусулмандарды бөлүп-жарыш үчүн капырлардын ойлоп тапкан саясаты. Сүйүү деген никеден кийин болсо беш, болбосо он беш. Ал болбосо мээрим деген бар, ошону менен жашай берет. Алланы сүй, динди, мекенди, элиңди, пайгамбарыңды сүй. Сүйүү тукум-курут болуп калган жери жок. Кыргызстанды сүй. Колдо бар алтындын баркы жок деген эң туура сөз. Жаман көрүп, күндө уруп, тепкилеп аткан сасык катының талак бергенден кийин айчүрөккө айланып кетет. Болгону сен анын колдо бар кезде кадыр-баркын билбейсиң. Болбосо анын артынан 2-3 жыл чуркап жүрүп, жатаканада жашаган болсо терезесин карай берип моюнуң үзүлүп, кыйшайып калайын деген. Кызганып, түнү менен ырларды жазып, ыйлап жаман болгонсуң. Анан үйлөнүп, колуңа келип калгандан кийин салып берген мончоң жок, жуунганга самыны жок, бетине упа, эндиги жок көркүнөн кетпегенде анан эмне болуп кетиши керек?! Сен дагы мурункудай эмес өзгөргөнсүң, анан аялым жакпай калды, сүйүү өчүп кетти деп талак бергенден кийин эки күн өтпөй үйүңдүн куту кетип, балдарың ачка калып, идишиң жуулбай үйүлүп, намаз окуганга дамбалың калбай калганда аялыңдын баркын билип, "аттиң ай" деп өкүнөсүң.
ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВдун жоопторунан. ..

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   Meruet84   13 Декабрь 2017 - 10:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Азирети Шейх Чубак ажы Жалилов

(Бизге келген суроолордун жооптору)


СУРОО


Tuugan bayke, taekelerim baari ele islam jolunda jurushot, oshogo karabastan ich ara koralbastik oto kuch?munun kanday tushunso bolot? jahiliyatbi je?

ЖООП


Жахилият деп айтпайбыз. Инсанды жаман көрбөйбүз, бирок ошол инсандын кээ бир жаман пейилдери болот эмеспи, ошону жаман көрөбүз. Жакшы адеп-ахлак келиши үчүн жакшылыкка үндөп, жаман сыпаттарды таштоону айтыпаларга даават, Жараткан Аллахтан хидаят тилеп дупкылуубуз керек.

Адам мусулман болуп калса эле периште болуп кетет деген сөз эмес. Исламга келгенден кийин да дайыма тазаланып туруусу, арууланып туруусу зарыл. Бул да өзүнчө илим десек жаңылышпайм. Аны үйрөнүү керек.

СУРОО


Эки суроом бар: 1) 5 жылдан бери медреселерде окуймун бирок 3 күнөөнү таштай албадым алар көз зинаасы, жалган сүйлөө, эки жүздүүлүктү. мен буларды көпкө чейин аткарбай койом да бир канча убактан кийин кайра жасай берем кантсем болот.2) мен 24 жаштамын простатит менен ооруп журом врачтар уйлон дейт менин шартым жок. эмне кылсам болот? Alla raazi bolsun.

ЖООП


1) Тооба кылыңыз, тооба кылыңыз, Аллахтан ыйлап сураңыз, Аллах кааласа мен да сиз үчүн дуба кыламын. Баары жакшы болот, Кудай Таала булардын баарын кечирет, ин шаааллах. 2) Үйлөнүүгө аракет кылыныз. Кыргыздарда бир жакшы макал бар эмеспи: “Карыз алып аял ал. Аялың жанга калат, карыздан кутуласың” деген. Аллах ишинизге ийгилик, алган илимиңизге береке берсин!

СУРОО


Алкоголсуз 0% болгон пиволорду ичсе болобу? мен озум араб олколорундо коп болом, Саудиа, Эмират, Оман олколору ушул сыяктуу ичимдиктерди чыгарып, эл арасына кенири тараган.

ЖООП

Алкоголсуз, мас кылбаган ичимдик болсо – ал арам эмес, аны ичсе болот. Ошондуктан Аравияда, Мекке шаарында бул ичимдиктер бар.

Маселе башка жерде турат. Сиз бүгүн 0% болгон сыраны ичип жатсаңыз, көргөн адамдар аны градусу жок пиво деп айтпайт да. Кийин сиздин абройуңузга “ал киши ичимдик ичет экен” деген так түшүп калышы ыктымал. Баарынан жакшысы күмөндөн жана күмөн жаратуучу факторлордон алыс болгон жакшы.

СУРОО


Мен дүкөнүмдү сатайын дедим эле, бирок ала турган кишинин акчасы банктан кредитке алынган экен. Ошондой акчага сатууга болобу?

ЖООП


Таквачылык үчүн банктан алынган акчага сатпаган жакшы. Негизи, сатып алуучу алып келген акчанын арам-адалдыгын териштирүү сооданын адебине жатпайт. Элестетип көрсөңүз, бирөө базарга шым алайын деп келсе сатуучу “Акчаңды кантип таптың, адалбы же арамбы?” деп сурап жатканын. Биз мусулмандар тууралуу жакшы күмөндө болууга аракет кылалы.

ВОПРОС


1. Намаз на русском можно читать? 2. Мой брат говорит что он прочитал хадис: У кого доброе расположение тот равен молящемуся и постящемися. И он не читает намаз.

ОТВЕТ


1) Намаз читается только на том языке, на котором был ниспослан Благородный Коран, т. е. на арабском. А дуа можно читать на любом удобном для вас языке.

2) Хадис гласит: “Благодаря превосходному нраву верующий достигает степени постящегося [днем] и выстаивающего молитвы [по ночам]”. (Абу Дауд)Здесь имеется ввиду достоинство выского нрава, т. е. человек, у которого благой нрав зарабатывает награду как будто он постится днём добровольный пост (нафиль ураза) и молится по ночам добровольную молитву (нафиль намаз). Речь идёт о добровольных поклонениях, это не в коем случае не относится к фарз намазу и фарз орозо.

Самым достойным нравом из людей обладал наш Пророк Мухаммад, мир ему. Аллах сам в Коране похвалил его нрав и сказал «Воистину, твой нрав превосходен». Но, он не переставал выполнять фарз намазы и орозо. Хотя, он более был достоин сделать это.

Шайтан может путать людей, вселяя в них разные сомнения насчёт аятов и хадисов. Для этого мы должны брать знания у алимов и устазов. Пусть Аллах будет доволен вами!



СУРОО


Үйлөнгөнүбүзгө 3 жылдан ашса дагы балалуу боло албай келебиз, жолдошум экөобүз тең бул Аллахтан экенин билебиз, бирок себеп издешибиз керек да, жолдошумдун уругун алып менин жатыныма куюп коюуга болот экен, ошенттирсек күнөө болбойбу?

ЖООП


Качан күнөө болбойт качан, балалуу боло албай жаткандыгыңыздан, элдер силер күйөөңөр экөөңөрдү ажыраштыргысы келип, жаман сөздөрдү айтышып, проблемалар үйбүлө бузула турган деңгээлге жеткен болсо – эркектин уругун аялдын жатынына куюп кою эч күнөө болбойт.

Ал эми эч кандай жаманчылык болбой эле, ынтымактуу жашап жүрүп, коом дагы туура түшүнүү менен мамиле кылып, анан жөн гана балалуу болоалбай жатабыз деп урукту куюга бара турган болсоңуз – анда мунун кажети жок болот. Себеби дегенде ауратты жабыш бул фарз, ал эми балалуу болуу сүннөт. Сүннөттү аткарам деп арам ишти жасоо мүмкүн эмес. Бул учурда перзенттин жоктугуна сабыр кылып, Аллахтын тагдырынын жакшысын күтүп, дуба, ибадат менен болгула. Аллах силердин багыңарды ачып көп салих балдар менен сыйласын.

Баласыз жашоо – сыноо. Жөн гана адамдар эмес, пайгамбарлар да бул кыйынчылык менен сыналышкан. Аллах жакшы көргөн пенделерин сынайт дегендей сизге да Аллах бир сыноо берип, сабыр кылсаңыз көптөгөн чоң, ажайып ажр-сыйлыктарын берүүнү каалаптыр. Пайгамбарлардын арасынан Азрети Ибрагим жана Закария баласы карыганчы бала көрө алышкан эмес. Бирок, кылган сабырына, аткарган ибадатына, дубаларына Аллах жооп кылып уул-бала берген. Болгондо да ал уулдарын салих, ата-энесине каралашкан, ыймандуу перзенттерден кылган.

Мисалы Закария пайгамбар намаз окуп минтип дуба кылчу экен:

“О, Раббим! Өз даргөйүңөн мага жакшы бала белекке бер. Чындыгында сен дубаларды Угуучусуң да!” (Куран, Аалу Имран сүрөсү 38-аят)

Аллах анын дубасын Аллах Таала кабыл этип аны Йахйа аттуу уул менен кубандырат.

#Фатава Бөлүмү
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   Bemma12   17 Январь 2018 - 00:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 87
  • Катталган: 06 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 03 Апр 2018 09:58

Ушул жерден суроо берсек болобу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   Eli.91   17 Январь 2018 - 23:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 05 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2024 16:25
  • Жынысы:Аялзаты

Ассалоому алейкум рахматулахи баракатуху, мусульман бир-тууганым кандайсыз?жакшысызбы? ден-соолугунуз жакшыбы?биринчиден бул дуйнону жараткан бул ааламдын жаратуучусу Аллах Таалама чексиз мактоолор жана салаваттар болсун,Жана анын элчиси пайгамбарыбыз Мухаммет Салалоху Алейхи ВаСааламга салаваттар болсун,суроолорумду берейин Эми?
1)Биз баш кошконубузга 6 жыл болду,5 жаштагы кызыбыз бар,андан кийин боюмда болбоду,корунгонда жокбуз,баардык нерсе Алладан деп,бирок куйоом балалуу болууну ушунчалык каалайт,дайыма айта берип акыркы кундору журогумо каттуу тийе баштады,эмне кылыштыда билбей калдым,Ким бала жонундо суйлосо журогум ооруйтурган болду,озум ачуулуда болуп баратам,терен ойлоп сизге кайрылууну туура кордум,атайын келишим менен бала которо турган аялдар барго,ошолорго куйоомдун уругун алып салып торотсок болобу?же бул нерсе Исламга туура келбейби?сизден сураныч ушул сууромо жооп берет деген умуттомун?сизден Алла Ыраазы болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   MUHLISA   18 Январь 2018 - 00:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

Просмотр сообщения Eli.91 (17 Январь 2018 - 23:49) жазган:

Ассалоому алейкум рахматулахи баракатуху, мусульман бир-тууганым кандайсыз?жакшысызбы? ден-соолугунуз жакшыбы?биринчиден бул дуйнону жараткан бул ааламдын жаратуучусу Аллах Таалама чексиз мактоолор жана салаваттар болсун,Жана анын элчиси пайгамбарыбыз Мухаммет Салалоху Алейхи ВаСааламга салаваттар болсун,суроолорумду берейин Эми?
1)Биз баш кошконубузга 6 жыл болду,5 жаштагы кызыбыз бар,андан кийин боюмда болбоду,корунгонда жокбуз,баардык нерсе Алладан деп,бирок куйоом балалуу болууну ушунчалык каалайт,дайыма айта берип акыркы кундору журогумо каттуу тийе баштады,эмне кылыштыда билбей калдым,Ким бала жонундо суйлосо журогум ооруйтурган болду,озум ачуулуда болуп баратам,терен ойлоп сизге кайрылууну туура кордум,атайын келишим менен бала которо турган аялдар барго,ошолорго куйоомдун уругун алып салып торотсок болобу?же бул нерсе Исламга туура келбейби?сизден сураныч ушул сууромо жооп берет деген умуттомун?сизден Алла Ыраазы болсун.

Ва алайкумму ассалам ва рохматуллаахи ва барокатух.
Бул жерден сурооңуз Чубак ажыга жетпейт, бул жакка бөлөк сайтта жарыяланган суроо жооптор келет.

Билдирүүнү түзөткөн: MUHLISA: 18 Январь 2018 - 00:09

Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   Meruet84   30 Январь 2018 - 09:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

СУРОО ЖООП 5

- Акыретте адам жаман оюна жооп бербейт, бирок жакшы тилегине жооп берет деген жообуңузду терең түшүндүрүп бериңизчи. Анткени мен көп тилек тилей берем. 077779...

- Адам жаман ниет кылса, кайра ошол жаман ниетинен кайтып кетсе ал адамга бир сооп жазылат. Жаман ниети үчүн күнөө жазылбайт. Эгер адам жакшы ниет кылса, жакшы ниетине бир сооп жазылат. Эгер жакшы ниетин ишке ашырса, анда ага он сооптон жетимиш соопко чейин жазылат. Жакшы тилек жарым ырыс, жаштын тилегенин берет. Амалдар ниеттерге жараша.

- Биздин никени күбө жок эле окуган, Куранды коюп, ушул күбө болот деп. Туурабы же зына болдубу? 077330...

- Зына болду. Нике кыйганда эки эркек күбө, же бир эркек, эки аял күбө болмоюнча кыйылган никени жараксыз деп билебиз. Куран Карим китеби күбөнүн ордуна өтпөйт. Молдо өзү бир күбөнүн ордуна өтөт. Күбөсү жок нике кыйылгандардын жашоосу арам. Нике кыйган молдоке сөрөй дагы сойкулукту мыйзамдаштырып берип жаткандай болуп калыптыр. Ушинтип нике кыйган молдокелерди билсеңер кабар бергиле. Аларга атайын чара көрүлөт.

- Маркумду узатып жатканда маркум ээлери кандай таризде узатуу керек? Мисалы: бизде адам келгенде өкүрүп ыйлайт, мал союлат, аялдар көк кийишет, кыркылык, жылдык өткөрүлөт. Маркумду узаткан күнү муким адамдар аш, эт жешет. Булар шариатка туура келеби? Сүйөрбек

- Сиз айткандын баары шариатка туура келбейт. Караманча каршы келет. Маркум өлгөндө эртерээк жерге бергенге ашыгуу керек. Маркумдун аялы төрт ай он күн аза күтөт. Жасалгаларын тагынбайт. Көчөгө өтө зарыл иши болбосо чыкпайт. Калган аялдар (мисалы: апасы, эже-карындаштары) үч эле күн аза күтүшөт. Көк кийүү, ак ачтыруу дегендер болбогон кеп.

- Жин менен ооругандарды чилдеге отургузуп көзүн ачат экен. Чилдеге отурган ширк эмеспи? 077316...

- Чилде дегени кырк күн эч ким менен аралаштырбай олтургузуу демектир. Аял киши болсо жараша берет. Бирок эркек адам жамаат намаздарга, жума намаздарга баруусу милдеттүү болот. Чилдеден ширкти издөө туура эмес. Ал эми көзүн ачтыруу дегени таптакыр туура эмес. Мына ошону ыймандан чыгаруу десек туура болот.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 03:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: