Чубак ажы айтат, бир гезитте бири 2-аял алам деп жарыя бериптир, талаптарын окусан 2-аял эмес эле уй кызматкерин алчудай. Бул деген маданияттын томондугу дейт. Ал эми жанында отурган Озубек ажы айтат: Кавказда бир аял бир эркекке тортунчу болуп тийгиси келип анын аялдарына айтат имиш, мага 1/4 берсенер болду, зато мен куйоонорду да, силерди да кошо бакканга алым жетет, ким нааразы болсо 100мин рублга шуба алып бергенге алым жетет" деп айтат деп. Эми ошондо бул маданияттуу адамдын айта турган созубу?! Чубпк ажы айткан маданиятсыз адам жанында отурат го?! Же ким акчалуу болсо эле сатып алчу адам товарбы?! Мисалы Озбек ажы айткан аял акчалуу чыгаар, ал эми 1-аялына анын акчасы да башкасы керек эмес, куйоосун болушкусу келбейт чыгаар!
Кеп арасында Айчурок Семетейдин экинчи, Каныкей Манастын учунчу, Ак Моор Жантай чалдын тортунчу аялы болгон, биринчилер калып кетип эле булардын аты чыккан дейт. Ошондо алардын биринчи аялдары эмне болгон, балким тируунун олугу болгондур, эмнеге аны ойлобойт?! Ак Моор бир жагынан сулуулугу, бир жагынан аны карыган чалга зордоп бергени менен эл оозунда калды. Оздору айтмакчы Манас Каныкейди, Семетей Айчурокту башкалардан жогору койгону, коп аял алган эркек аялдарын бирдей карай албайт деген кептин далили...
Озубек ажы тууралуу айтсак ал Мотуевдин эле озу, баса Мотуев да коп аял алгандардын катарына кирсе керек, биринчиси менен ажырашпаган болсо. Озубек ажы аялдардын тен уктуулугу боюнча суроого туз жооп беруудон качып эркек ойнош кутсо жакшыбы же 2 аял кутсо жакшыбы дейт?! Эмне, бардык эркектер эле ойнош кутот бекен, же озу ойнош кутуп журуп анан 2-аялына уйлонду беле?!!
Бир юрист 2-аялдардын укугун коргоону айтып чыкты, алар 2-аялдын укугу корголбосун билсе анда эмнеге билип туруп 2- же 3-аялы болуп тийди деген суроо бар! Тийбеш керек болуучу, 2-болуп тийдинби эми оз убалын озуно!
Бироо айтат, кудагыйы кайтыш болуп кудасы карыган чакта ооруп кыйналып жаткан имиш, ошол учун 2-3 аял алуу жакшы дейт. Эгер чалы эрте кайтыш болсо анын кемпирлери башка чал издешеби же чалды караганы кемпир керек да, кемпирди караганы чал керек эмеспи, раз так?!!
Бироо айтат, 2-аял алууга тыю салган мыйзам 20 жылдан бери иштебей келет, негизи 2-аял алууга уруксат берген мыйзам кабыл алынышы керек эле деп. Ошол адам эшегине жараша тушагы деген кептен кабары жокпу?! Оздору айтмакчы депутат-министрлер 2-3тон жаш катын алса мыйзам кимге иштемек эле?! Мыйзам иштеш учун Союз убагындай тартип керек, мыйзам бай-кедей баарына бирдей иштей турган. Союз убагында 2 аял алуу токтогону калп беле?!! Ким батынып 2 аял ала алчу эле?!! Эгер Сталиндей катуу адам келсе корот элем мыйзамдардын иштебегенин. ..
Коп соз айтылып маанилуусу аз. Кыскасы баары эле "тошок оюнунан" башканы коро албаган, бугунку бай Жантай чалдардын камчысын чапкандар экен, кеп жок... Баарынан да жанына Озубек ажыны ээрчитип 2 катын алуунун пайдасын санаган Чубак ажыдан тунулдум. Лучше Мотуевди ээрчитип албаптыр. Чубак ажы чон аалым десем "тошок оюнунан" жогору которулуп элди ыйманга чакырбай, бугунку Ак Моорлорду бугунку Жантай чалдарга салып берууну кубаттап отурганы мени катуу иренжитти...
Билдирүүнү түзөткөн: CEO: 15 Июнь 2017 - 03:49