Суперстан: Экинчи аял алууну мыйзамдаштыруу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Экинчи аял алууну мыйзамдаштыруу Ким макул, ким каршы?

Сурамжылоо: Экинчи аял алууну мыйзамдаштырууга макулсузбу? (54 пользователей проголосовало)

Экинчи аял алууну мыйзамдаштырууга макулсузбу?

  1. Каршымын (44 голосов [81.48%])

    Процент голосов: 81.48%

  2. Макулмун (10 голосов [18.52%])

    Процент голосов: 18.52%

Голосовать Гости не могут голосовать

#61 Пользователь офлайн   CEO   15 Июнь 2017 - 03:43

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Мен азыр эле 2-аял алуу боюнча 40 минуталык талкууну коруп чыктым. Ачыгын айтайын, бул талкуу бир пикирди карманган бир канча адамдын ортосундагы ушакташуудан башка эч нерсе эмес. Эгер чындап эле талкуу каалашса "за и против" эки тараптан тен катышып бар ойду ортого салуу керек эле, эки тарап оз пикирин айтып, ортодон чындык издешмек...

Чубак ажы айтат, бир гезитте бири 2-аял алам деп жарыя бериптир, талаптарын окусан 2-аял эмес эле уй кызматкерин алчудай. Бул деген маданияттын томондугу дейт. Ал эми жанында отурган Озубек ажы айтат: Кавказда бир аял бир эркекке тортунчу болуп тийгиси келип анын аялдарына айтат имиш, мага 1/4 берсенер болду, зато мен куйоонорду да, силерди да кошо бакканга алым жетет, ким нааразы болсо 100мин рублга шуба алып бергенге алым жетет" деп айтат деп. Эми ошондо бул маданияттуу адамдын айта турган созубу?! Чубпк ажы айткан маданиятсыз адам жанында отурат го?! Же ким акчалуу болсо эле сатып алчу адам товарбы?! Мисалы Озбек ажы айткан аял акчалуу чыгаар, ал эми 1-аялына анын акчасы да башкасы керек эмес, куйоосун болушкусу келбейт чыгаар!

Кеп арасында Айчурок Семетейдин экинчи, Каныкей Манастын учунчу, Ак Моор Жантай чалдын тортунчу аялы болгон, биринчилер калып кетип эле булардын аты чыккан дейт. Ошондо алардын биринчи аялдары эмне болгон, балким тируунун олугу болгондур, эмнеге аны ойлобойт?! Ак Моор бир жагынан сулуулугу, бир жагынан аны карыган чалга зордоп бергени менен эл оозунда калды. Оздору айтмакчы Манас Каныкейди, Семетей Айчурокту башкалардан жогору койгону, коп аял алган эркек аялдарын бирдей карай албайт деген кептин далили...

Озубек ажы тууралуу айтсак ал Мотуевдин эле озу, баса Мотуев да коп аял алгандардын катарына кирсе керек, биринчиси менен ажырашпаган болсо. Озубек ажы аялдардын тен уктуулугу боюнча суроого туз жооп беруудон качып эркек ойнош кутсо жакшыбы же 2 аял кутсо жакшыбы дейт?! Эмне, бардык эркектер эле ойнош кутот бекен, же озу ойнош кутуп журуп анан 2-аялына уйлонду беле?!!

Бир юрист 2-аялдардын укугун коргоону айтып чыкты, алар 2-аялдын укугу корголбосун билсе анда эмнеге билип туруп 2- же 3-аялы болуп тийди деген суроо бар! Тийбеш керек болуучу, 2-болуп тийдинби эми оз убалын озуно!

Бироо айтат, кудагыйы кайтыш болуп кудасы карыган чакта ооруп кыйналып жаткан имиш, ошол учун 2-3 аял алуу жакшы дейт. Эгер чалы эрте кайтыш болсо анын кемпирлери башка чал издешеби же чалды караганы кемпир керек да, кемпирди караганы чал керек эмеспи, раз так?!!

Бироо айтат, 2-аял алууга тыю салган мыйзам 20 жылдан бери иштебей келет, негизи 2-аял алууга уруксат берген мыйзам кабыл алынышы керек эле деп. Ошол адам эшегине жараша тушагы деген кептен кабары жокпу?! Оздору айтмакчы депутат-министрлер 2-3тон жаш катын алса мыйзам кимге иштемек эле?! Мыйзам иштеш учун Союз убагындай тартип керек, мыйзам бай-кедей баарына бирдей иштей турган. Союз убагында 2 аял алуу токтогону калп беле?!! Ким батынып 2 аял ала алчу эле?!! Эгер Сталиндей катуу адам келсе корот элем мыйзамдардын иштебегенин. ..

Коп соз айтылып маанилуусу аз. Кыскасы баары эле "тошок оюнунан" башканы коро албаган, бугунку бай Жантай чалдардын камчысын чапкандар экен, кеп жок... Баарынан да жанына Озубек ажыны ээрчитип 2 катын алуунун пайдасын санаган Чубак ажыдан тунулдум. Лучше Мотуевди ээрчитип албаптыр. Чубак ажы чон аалым десем "тошок оюнунан" жогору которулуп элди ыйманга чакырбай, бугунку Ак Моорлорду бугунку Жантай чалдарга салып берууну кубаттап отурганы мени катуу иренжитти...

Билдирүүнү түзөткөн: CEO: 15 Июнь 2017 - 03:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   bliznesy   15 Июнь 2017 - 08:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 28 Июн 2017 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабат

Просмотр сообщения CEO (11 Июнь 2017 - 03:18) жазган:

Чубак ажыга кайрылуу: Ажыке, 2 аял алуу маселеси азырынча бышып жетилбеген маселе. Учурда элдин жашоо турмушу оор, озунуз коргондой жаштардын дээрлик тен жарымы тышта иштеп журот, айрым жубайлар чогуу, копчулугу бири тышта, экинчиси Кыргызстанда болуп. Балдар ата-эне мээримине зар болуп осуудо. Оор турмушту шылтоолоп ажырашуу, сойкулук кобойду, ата-эне уул-кыздарына туура тарбия беруудон калды. Эл ыйманга келип, тарбия онолуп сойкулукту жойгулачы, анан кайрылгыла бул темага!
Кошулам сөзүңөргө.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   mawa.32   15 Июнь 2017 - 08:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 759
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2021 01:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Ыссык отуп кетиптир Чубак ажыга
)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   aijyldyz   15 Июнь 2017 - 12:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

2-аял десе эле "тошок оюну" деп ойлош оюма келбептир. Мен баламдын бир туугандарын: ылдыйда обок жолок боло бир туугандарды элестетипмин. Хе хе хе. Жакшы жагын алып караса жакшы жаман жагын алып караса жаман. Ким билет эми. Жолдошума окшоп баш тарткандар коп эле окшойт. Кавказдын аялдары менен биздин аялдарды салыштырып болбойт. Служаг досу чакырып Бакуга жолдошум, балам учообуз барып келгенбиз. Эки аялы бар экен. Айтсан жашоосу жомок. Ал жакта эли бай экен. Аялдары иштебейт экен. Ханышадай каржылашат экен. Ошондой эркектер алса жарашат, ажылар алардын аялдарын санабай барып адамдарын салыштырсын. Бизде тиричилигин жыйыштырып коюп аялдар калып эле эркек эки аялы менен айтышып отура береби деген ой келди жогоруда жазгандарды окуп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   girlzat   15 Июнь 2017 - 13:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 28 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 21:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения MUHLISA (14 Июнь 2017 - 01:33) жазган:

Айланайын кыргызым эмнеге чындыкты мойнуңарга алгыңар келбейт.ЭРИН ЖОК НЕМЕ ОКШОЙСУН,ТОРТУНЧУ АЯЛ Б.СОДА ТИЙГИН БАРГО Я?! Жогорудагылар азыр эле күйөңөр бирөөнү жетелеп келчүүдөй баарына асылып кириптирсиңер да.
МЕН КОЛДОЙМ! Турмуш шарты жетиштүү, бакканга кудурети бар ар бир КЫРГЫЗ МЫРЗАСЫН алгыла экинчи жубай демекмин.
КОЛДОП ЧЫККАНЫ да ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДА туура багыт көрсөтүп жатыптыр. Анткени улут көйгөйү республикабыздын түштүк бөлүгүндө кандай болуп жатканы баарына белгилүү.
Баарыңарга белгилүү туугандарда алды төрт беш аялдан алгандары бар. Буларда жесир калганы да күйөөгө тийбей жүргөндөрү да жокко эсе. Балалуу болгондорунун алды жети сегиз болсо аркасы төрттөн бештен ...............
А, биздечи. Араңдан зорго эки балалуу болобуз .........(мисал катары жаздым)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   girlzat   15 Июнь 2017 - 13:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 28 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 21:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

ЭРИН ЖОК НЕМЕ ОКШОЙСУН,ЭПТЕП ЭЛЕ 4-Б.П ТИЙИП АЛСАН Я?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   15 Июнь 2017 - 13:24

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

aijyldyz (15 Июнь 2017 - 12:46) жазган:

2-аял десе эле "тошок оюну" деп ойлош оюма келбептир. Мен баламдын бир туугандарын: ылдыйда обок жолок боло бир туугандарды элестетипмин. Хе хе хе. Жакшы жагын алып караса жакшы жаман жагын алып караса жаман. Ким билет эми. Жолдошума окшоп баш тарткандар коп эле окшойт. Кавказдын аялдары менен биздин аялдарды салыштырып болбойт. Служаг досу чакырып Бакуга жолдошум, балам учообуз барып келгенбиз. Эки аялы бар экен. Айтсан жашоосу жомок. Ал жакта эли бай экен. Аялдары иштебейт экен. Ханышадай каржылашат экен. Ошондой эркектер алса жарашат, ажылар алардын аялдарын санабай барып адамдарын салыштырсын. Бизде тиричилигин жыйыштырып коюп аялдар калып эле эркек эки аялы менен айтышып отура береби деген ой келди жогоруда жазгандарды окуп.


Башталды баягы эле башка улуттун эркектерин мактамай. Муну уккан кыздар азери куйоо издээри анык. Азерилер баары чекеден бай болсо Россиялап журбостур эле соодада же башка тармакта. Ырас бизден дурус жашайт, бирок телегейи тегиз деп айтуудан алысмын. Анан аял учун акча болсо, иштебей уйдо отурса эле болду деп жашоодо максаты жок биртке эле аял айтпаса, копчулук аял курсагы тойгонуна суйунуп 2-аял болуп тийууну каалабаса керек. Аял да тируу жан, ысык жан. Курсагы ток, кийими бутун болсо, куйоосун 1-2 кундошу менен болушуп кезектешип куйоосун кутсо эле жашоолору малина деп ойлодунбу?! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   aijyldyz   15 Июнь 2017 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Revolyutsiya2 (15 Июнь 2017 - 13:24) жазган:

Башталды баягы эле башка улуттун эркектерин мактамай. Муну уккан кыздар азери куйоо издээри анык. Азерилер баары чекеден бай болсо Россиялап журбостур эле соодада же башка тармакта. Ырас бизден дурус жашайт, бирок телегейи тегиз деп айтуудан алысмын. Анан аял учун акча болсо, иштебей уйдо отурса эле болду деп жашоодо максаты жок биртке эле аял айтпаса, копчулук аял курсагы тойгонуна суйунуп 2-аял болуп тийууну каалабаса керек. Аял да тируу жан, ысык жан. Курсагы ток, кийими бутун болсо, куйоосун 1-2 кундошу менен болушуп кезектешип куйоосун кутсо эле жашоолору малина деп ойлодунбу?! !

Козум менен коргонумду айттым. Менин жазганым учун себеп болуп башка улутту кыздар тандаса тандай беришсин. Ансыз деле эркектерге караганда аялдардын саны коп. Экинчи аял болсо да жакпаса, башка улутту тандашса да жакпаса анан эмне кылсын аял болуп жаралган сон бактылуу жар, эне болгусу келет да. Башка улуттан уйлонуп кыргыз санын кобойто бергиле. Курама темир курч болуп кыргыз учун бычакка сап болчу жигиттер жанылык болуп торолоор?. Анан ар ким "малина" жашоону ар турдуу тушунот сага окшоп. Ачка болсом ден соолукта болуу мен учун "малина".
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   15 Июнь 2017 - 14:11

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

aijyldyz (15 Июнь 2017 - 13:55) жазган:

Козум менен коргонумду айттым. Менин жазганым учун себеп болуп башка улутту кыздар тандаса тандай беришсин. Ансыз деле эркектерге караганда аялдардын саны коп. Экинчи аял болсо да жакпаса, башка улутту тандашса да жакпаса анан эмне кылсын аял болуп жаралган сон бактылуу жар, эне болгусу келет да. Башка улуттан уйлонуп кыргыз санын кобойто бергиле. Курама темир курч болуп кыргыз учун бычакка сап болчу жигиттер жанылык болуп торолоор?. Анан ар ким "малина" жашоону ар турдуу тушунот сага окшоп. Ачка болсом ден соолукта болуу мен учун "малина" .



Ошондо аялдар эркектерден канча коп экен, бир эркекке 2 аял туура келет бекен?! Мектепте окуганында 10 эркекке 20 кыз туура келет беле?!! Башка улуттун эркегине кыргыз эркек калбай калып тийип жатышыптырбы? !! Же женил ойлуу болгону учунбу?!! Башка улутка тийген аялдардын балдары кыргыз болот деп сага кайсы "акылдуу" акыл айтты?!! Туркко турмушка чыккандардын балдары турк, кытайга турмушка чыкандар кытайдын санын кобойтуп журот го, козунду чоон аччы, ойлонуп анан суйлочу!! !


Хотя кыргызга калп эле куйумуш болуп, башка улуттун эркегин самаган женил ойлуу кыздар, сойку кыргыз келиндер ошол турк, азери, кытайга тийип ошол бойдон жоголуп кетсе коомубуз "мусорлордон" бир топ арыла тушмок...

Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya2: 15 Июнь 2017 - 14:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   aijyldyz   15 Июнь 2017 - 14:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Revolyutsiya2 (15 Июнь 2017 - 14:11) жазган:

Ошондо аялдар эркектерден канча коп экен, бир эркекке 2 аял туура келет бекен?! Мектепте окуганында 10 эркекке 20 кыз туура келет беле?!! Башка улуттун эркегине кыргыз эркек калбай калып тийип жатышыптырбы? !! Же женил ойлуу болгону учунбу?!! Башка улутка тийген аялдардын балдары кыргыз болот деп сага кайсы "акылдуу" акыл айтты?!! Туркко турмушка чыккандардын балдары турк, кытайга турмушка чыкандар кытайдын санын кобойтуп журот го, козунду чоон аччы, ойлонуп анан суйлочу!! !


Хотя кыргызга калп эле куйумуш болуп, башка улуттун эркегин самаган женил ойлуу кыздар, сойку кыргыз келиндер ошол турк, азери, кытайга тийип ошол бойдон жоголуп кетсе коомубуз "мусорлордон" бир топ арыла тушмок...

Башка улуттан уйлонуп деп жаздым, эркектер учун. Аялдар ар улуттан тороп келгиле дебедим. Башкага турмушка чыккандар ал оздорунун тандоосу. Сойку болуппу же башка нерсе себеппи мен аны билбейм. Балким сенчелик акылдуу эместирмин балким КРдан сыртка чыгып алардын жашоосун корбогондондур. Же "шамк кармап" турбасам. Козумду чон ачсам деле кичине ачсам деле башканы тандагандар тандай берет да. Алар тандай беришсин. Эркектер башка улуттан уйлонуп кыргыз санын кобойто бергиле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   -LEGENDA-   15 Июнь 2017 - 15:33

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 185
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 17:07
  • Жынысы:Эркек

MUHLISA (14 Июнь 2017 - 17:49) жазган:

Мен төрт беш аял алып баары менен никеде жашап жаткан туугандарды мисал кылып жазган элем, кыргыздарды эмес. Кыргыздарда ушунча аял мн никеде жашагандар жокко эсе болсо да саналуу гана.
Аа, менин айткым келгени эмнеге биздин улутташтарыбыз ошончодон аялды алып никеси мн багып жашаганга бакканга кудурети жетет да а, биздин кыргыздарыбыздын жок дегенде эки аялды бакканга кудурети жетпейт. Эмне себеп!
Бул туугандарда мен дайыма көруп жүрөм эрине аялы, улуу аксакалдарына айыл маалеси мн баш ийишет. Бизге окшоп баардык жерде ""катындар ""менен чечишпейт.Аялдарына эри аксакалы айттыбы болду.
Буларда жесир же эрден ажырашып же болбосо олтуруп калганы жокко эсе, өз ара келишип ылайыктуусуна никелеп беришет.Аа, бизде дагы деле аялдар ажылдап чыгабыз, өзүм билем, өзүм кыйынмын, өзүм деле акча таап алам деп.
Биз кыргыздарда эрине аялы, улуусуна кичүүсү, аксакалына айылы угуп баш ийүү деген жок. Ар ким туурабы туура эмеспи, өз оюунан кайтпайт.
(Бул жерде мээм кыйын иштегенден минтип жазган жерим жок эле, болгону өз оюумду жазганым болчу)


+++

Оюңузду колдойм. Акыйкат кимдерди гана чырылдатпасын чиркиндики десе. Бул темада көпчүлүк атеисттерди ыйлатып ийипсизго, айрыкча сео тантыкты.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   bosmos777   15 Июнь 2017 - 15:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 488
  • Катталган: 17 Июнь 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2017 11:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:moscow

Кыргыздын аял зааты ! Дин тутунсаанар да! Терен билим,илим алгыла! Мобул дин таанучуулардын, окууган адабиятары жана тушунугу. Сиздердин жашоонуздарга залалы тийип калышы мумкун. Билим алыныздар! Диний карангылыкка кабылып калбагыла! !!

Бул дин таануучулар! Кыргызды "манкурт" ка айландыруу максаты билинди. Тупку тушунугу катын жана тошок кумары маселесинде экендиги тушунуктуу болду!!!


Уй булолук жоопкерчилик, уй булонун каржылык маселеси, тарбия беруу жана ата эненин толук кандуу мээрими, билим беруу жактары. Эске алынбаган! !!

Билдирүүнү түзөткөн: bosmos777: 15 Июнь 2017 - 15:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   CEO   15 Июнь 2017 - 16:48

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

-LEGENDA- (15 Июнь 2017 - 15:33) жазган:

+++

Оюңузду колдойм. Акыйкат кимдерди гана чырылдатпасын чиркиндики десе. Бул темада көпчүлүк атеисттерди ыйлатып ийипсизго, айрыкча сео тантыкты.)





Чубак ажынын этегине намаз окуп аны пайгамбарга тенеген диний фанаттарга чындык жакпады окшойт ээ?!! Сен Чубак ажына айтсан жарашат, сааттар бою суйлоо боюнча алдына киши салбайт! Чындык менен биз эмес силер, диний фанаттар эсептешкинер келбейт. Айла кеткенде жомок жазасынар. Озбек туугандарын баары 2-3тон катын алып 8-10дон балалуу болуп жатат деп ордок учуруп кайра озунор ошол ордогунорго ишенип отурасынар. Акыйкат имиш!!! Диний фанаттар эмне деп суйлогонун оздору тушунбой отурушат. Эгер чын эле 2-аялга уйлонуп соопчулук иш кылгын келсе 2-аял кылып жесирге же сойкуга уйлон, колундан келеби?!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Hadyja   15 Июнь 2017 - 17:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 16:45

Кыргыз озунун туура созун,ишин билдириш учун,обязательно бироону жамандайт.Качан эркин адам болобуз.Качан сыйлайбыз бири-бирибизди. Чубак Ажыга асылбай,андан жакшы адам болсонор,же акылдуурак болсонор,оз ойунарды эч кимге жамандык кылбай,жазганды уйронолу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Kominam   15 Июнь 2017 - 19:24

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Э ушу биздин бийлик тоболдор биринчи экономикасын которуп,карыз- кооладан кутулуп алышпайбы катын албай! Мындай мыйзамдын эмне кереги бар? 120сы биригип алып... Ээ ушу саясатчыларды! !!!!! !!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   aika2015   15 Июнь 2017 - 19:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2020 11:11
  • Жынысы:Аялзаты

Илгери-илгери аялдар таптакыр иштеген эмес. Аларды торолгондон баштап олгонго чейин баккан эркектин милдети болгон. Ал эми куйоолору согуштан каза болгон жесир аялдарды кобунчо кайнилери экинчи аялга алган. Максаты озунун бир тууган байкесинин балдарына татыктуу тарбия беруу жана аялдарды балдарды камсыздоо болгон.Ошол эле учурда жесир женесине уйлонууго эч кимди мажбурлаган эмес. Калааса алган,калаабаса алган эмес. Ошондой аялдарга уйлонсо сооп болот дешкен. Ал эми ал кездеги аялдар ото ыймандуу болушкан. Экинчи аялга эч кандай каршылык корсоткон эмес.


Азыр заман башка. Жесир аялдар деле бизнес леди болуп балдарын бакканга чамасы келет.Анткени биздин заманда аялдар окуушат,билим алышат жана коомдо оз ордулары бар. Жесирлерди бала чакасы менен алганга копчулук эркектердин "духу"жетпейт. Кобунчо бай карыган эркектер "тошок кумары" учун эле жаш кыз келиндерге уйлонуп жатышат. Илгери кубунчо экинчи аялдары биринчи аялдарынан жашы бир топ улуу болсо,азыр баары тескеринче. Так что биздин эркектерге токол алыштын эч зарылчылыгы жок. Азыркы замандын аялдары илгеркидей ыймандуу эмес. Даже МЕН озум кийин куйоого тийип калсам куйоомдун токол алышын каалабайт элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Asya_92   15 Июнь 2017 - 20:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты

Мен таптакыр каршымын . Биринчисин эптеп бага албай , олум тугун аялдарга артып балдарына татыктуу тарбия бере албаган аракечтердин санап отурсан башын айланат . Кыргызстанга эч кандай зарылчылыгы жок бул мыйзамдын . Биринчисин эптеп алсынчы биринчи ! Канчалаган уй булоо бузулат кызганычтын айынан , бей куноо наристелер тирулой жетим наамын алып жатышат . Алладан коркпогондор абайлап суйлошсо болмок ! Тетиги Узбек мн Чубак ажыдай ( кудай озун кечир ) Кыргызстандын эркектери бардык тараптан жетишкен эмес . Мисалы бай токол алса мыйзам жол берет деп , аны коруп энирендеген досу кембагал болсода намыс кучу токолго жугурот . Эчкиге тенилип койдун буту сыныптыр дегендей . Канчалаган уй булоо уурап канчалаган коз жаштар тогулот . Мына ошондо коросунор эрин олтургон катындардын кылмышын . Айланайындар тилим бар деп жаза бербей , эки жака коз чаптырып анан жазсанар боло ! Лично мен озум суйгон адамымды , бир жаздыка баш койуп жашаган , келечектеги балдарымдын атасын озумон башка эчкимге ыраа корбойм ! Турмушка чыга элек болсомда 100% ишеничтуу айта алам !

Билдирүүнү түзөткөн: Asya_92: 15 Июнь 2017 - 20:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   bosmos777   15 Июнь 2017 - 21:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 488
  • Катталган: 17 Июнь 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2017 11:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:moscow

Hadyja (15 Июнь 2017 - 14:35) жазган:

Кыргыз озунун туура созун,ишин билдириш учун,обязательно бироону жамандайт.Качан эркин адам болобуз.Качан сыйлайбыз бири-бирибизди. Чубак Ажыга асылбай,андан жакшы адам болсонор,же акылдуурак болсонор,оз ойунарды эч кимге жамандык кылбай,жазганды уйронолу



Дин таануучулар, Чубактын чуусун Оздору уйлоп, тутоотуп жатса! Кимди айталы ???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   ACAH-AKA.   15 Июнь 2017 - 21:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 826
  • Катталган: 26 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 17:13
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЖЕРДЕ........

Ар ким өзүнө өзү чечим чыгаруу керек.
Ар кайсы галдирдин сөзүнө ишенип
ииии ушундай болот турбайбы
омиииий тигиндей турбайбы деп галдирабай.
Мисалы мага бекер берсе да экинчи катын албайм мага десе жынынсы алтындан болуп кетсе да.
Эмне кереги бар
эмнеси өзгөчө?
анда бар жыныс аялымда да бар
анда бар эмчек аялымда да бар
ал тууган баланы ал да тууйт
ал жасаган тамакты жасай алат короче өңү түсү эле болбосо айырмасы ак ит кара ит баары бир ит дегендей.
Бириң манасты айтып
бириң чубакты айтып эле эмне болуп кеткенсиңер.
Же мееңерди чубак менен манастын аспабы өйкөп салганбы
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУ ЖОЛДОР БАР











МЕН ЖОНУНДО ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОН ОЙЛОЙ БЕР
МЕН СЕН ЖОНУНДО ОЙЛОП БАШ ООРУТПАЙМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   aikera1992   15 Июнь 2017 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Мдаа... мен ойлогон ойдун баары жазылыптыр. Бирок бир нерсеге тан калам, мындан башка проблемалар толтура, деги бир мыйзамды озгорткондон башка, козго коруноорлук чыныгы койгойлор толуп жатат, ошолорду чечишпейби! Карап отуруп баарын отурган креслосунан кууп чыгып, мээге чапкын келет. Озулору деле ойлонбойбу, туугандар эки жакты карагылачы мындай ишке аша турган, олкону онуктуро турган мыйзамдарды кабыл алып, кыргыз аялдарын толук камсыз кылып, темселетип талаалатып ар жакта иштетпей анан биз бир аялды укмуш кылдык дегенден кийин мага десен он беш аял алгыла! Куйдурот да, ары жоктун мыйзамы. Дагы журушот экен да мен экинчи аял алганга укуктуумун тра-дя-ля...
Олконуну келечегин ойлогон Чубак ажы аке, элдин баары сиздей болуп Мединадан билим алып келип, динди терен тушуно билгендерден эмес. Баары сиздей болуп элге таалим айтмак тургай коргон тушун онураак айтып бере албашандар бар. Биздин там тун баскан мамлекетибиз сиздин ой жугуртуунуз менен элестеткен мыйзамга даяр эмес. Бээ десениз тоо дегенден жазбайт. Ошондой эле болбой закон кабыл алгынар келип жатса, Курандагыдай эле, бирок биринчи аялынын оз эркиндиги, ыраазычылыгы менен кагаз турундогу макулдугу менен озу кошо тандашып гана алууга мумкун кылыш керек. Ошондо балким кыргызбайлар (баары эмес) экинчи аял алгысы келсе башы менен жер казып, биринчи аялын толук кандуу камсыздап, ыраазы кылып, адилеттуу турдо анан экинчисине чуркайт чыгаар. Ошондо эки аялга адилеттуулук болбойт. Эч качан болбойт.Бирок иш жузуно келгенде кудайым эле сактасын, элестетип алып жаман болдум, биз мындай нерсеге даяр эмеспиз, психологиялык жактан дагы.Мен озумо келсе лучше уй жайды таштап, балдарымды озумо калтырып, козумо мазоль корунбой эле менин жашоомдон биротоло чыгып барып уйлон демекмин. Кудайым озу сактасын!

Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 15 Июнь 2017 - 22:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 05:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: