Суперстан: Бала чак - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бала чак Бала чак

#101 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 10:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Чындап кыз балага караганда уул балдарга кыялым окшош эле,чарчап чаалугу деген менде жок.Чарчап иштен келсем да байкем келип калса шарт атын минип,айылдан чыгып,жел менен жарышып,ээлигип ойномойум бар эле.Кол жээгине барып,кыш болсо да бир кыдырып, ата энемдин баскан издерин,эски журтун,оздорунун караанын издемей дагы деле адатым калбаган.Бирок мурункудай ыйламай,эзилип сыздамайым калып калган.Ата энемди эстеп,кол жээгинде турганым мага рахат тартуулайт болчу.Кадимкидей учообуздун унубуз, кээ бир создорубуз кулагыма жанырып,бактылуу кундорум менен бактылуу болуп,мелтиреген колумду кусалуу тиктеп туруп,аркама кайтчуумун. Кыш демекчи кыштын керемети кандай сонун.Ал учурда туну менен опойтуп карды жаап салар эле.Эжемдикинде болсом кар куройт элем.Эртен менен турсан эшик ачылбай кыйынчылыктар болуп,зорго ачып алып окуу башталганча туш тарапка жол салмай.Антпесем эжем кар курой албайт.Билип калсам короонун кобун куроп койот элем.Дарбазага чейин куроп,кочо жолуна чейин жол ачып алат элем.Жолго чыгып мектепке барыш учун,кимдир бироо жол салса деп кутуп турар элем.Жогорку класстын балдары жол салып,отугу менен жиреп,жакшы из калтырышып койушат.Бирок дайыма эле андай боло бербейт.Алар мектепке кеч барышат же барбай да коймойлоруу бар.Кобунчо кошуна классташ досум чыгат,кээде ал мени кобурок кутуп калат болбосо кирип кар курошуп жиберет.Анын курошуп жибергенин мен жактырбайт элем.Кыз болуп алсыз сезилгим келчуу эмес.Ал кээде жол ачып кетип атып чон,чон аттап кетер эле,мен анын атаганын кошо аттайм деп карга тыгылып,будаланып атып жыгылып калганымда кайра чуркап келип жардам берип,устумдогу карларды кубуп,кечирим сурай албай чый пыйы чыгып кетет.Мен жыгылып калганыма бушайман жеп,кыз болуп алсыз экениме арданып аны жаман коздоздорум менен атып алчуумун.Кыз болуп алсыз экеними тан алгым келбей,когоруп койот элем.Сабакта аркама отуруп алып,алтыным капа болбочуу,мен сени капа кылгым келген эмес деп кат жонотот эле.Мен жооп кылып,аркама бурулуп жаман козум менен дагы атып койот элем...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 15 Июнь 2017 - 10:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 11:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ошон учунбу мага андай онорлорун коп эле корсото албайт.Уч кыздын бири жакын тууганы болгон учун ага да унчуга албай бир кана Шакин болуп анын шорун берчуу.Ал жашык болгон учун кундо бир ыйлатып,сооротуп жинди кылар эле.Экообуз ортого тушмойун экоонун чыры тугонбой жинди болушат.
Тортобуз узунду кыскалуу болуп,китепканага да чогуу барабыз.Ал жерде сапардын эжеси иштеген учун жакшы китептер биринчи биздин колго тийчуу.Ошого да алымсынбай китеп магазинге барып,болгон тыйындарды ортого салып китеп сатып алар элек.Бир куну уч кыз ага айтпай китеп сатып келе жатсак,жолдон велиги менен тозуп алды.Бизге капа болуп,мен канчаны очредемин деп калды.Биз жарышып акыркысын дедик.Мени жур дебегенинер учун,мен биринчимин деп китепти алып качып кеттип калды.Учообуздун жинибиз келип,чон атасынан коркот жо папасынан коркот деп талашып туруп,папасынын жини жаман каттуу уруп койот андан коро чон атасына айтып алдырып алалы деп учообуз уйуно жоноп калдык.Уйуно жакындаганда дарбазасынан тозуп.
- Келгиле,жакшы келдинер,энеме уч жоолук камдатып койдум,учоонду тен колукту кылып алам десе.Учообуз тен аркабызды карабай качсак.Жакынырак Шакиндин уйуно кире качып,каткырып кулуп атабыз.Эмнеге качтык озубуз да билбейбиз.Куду биз чон кыз болгонсуп качканыбызга тан калабыз.Бир кун Шакин сабак даярлап отуруп.Эй мен байбиче болойун,силер менин токолчом болгула.Силер уй тапшырманы аткаргыла мен кочуруп алам деп чалкасынан кетсе.Ошол окуядан мурун эле бир китеп окууган элек.Бир бай уч аял алып,бир бирине азап бергенин.Экообуз бири бирибизге коз кысып,бир ооздон Шакинди токол кылып шайлап койдук да.Сен токолсун,сен бизди айтканды кыласын деп тапшырмаларды аткартып биз кочуруп алдык.Бул ойун бизге жагып калып копко чейин ушул ролдо журуп, Шакинди кыйнайт элек.
Эмнеге мен токол боло берем келгиле очред менен бололу десе экообуз ыкшып кулуп ынабайбыз.
- Жок,карачы сени жакшы корот,сени ыйлатат кайра соротот анткени сени суйот да. Дайыма 1- сентябрда саа места алып,сени кутот,экоон дайыма бир отурасынар деп биз ынабайбыз.Бир куну экообуз биригип алып катуу тамашаласак ызаа болуп озуно айтып салыптыр.Ал бизге.
- Муну байкем олуп аялы мага калган деп Гукуну корсотуп,Шакинди суйдуруп, суйуп алгам бул экинчиси.Мага карап сен суйбосон да мен сени суйуп,сулуу жузуно,бой келбетин акылына кызыгып,бар малымды чачып зорлоп токол кылып алгам десе. Мына сага,тортобуздун биригип окууган китептерибиздин кесепети.Учообуз тен эмне дешибизди билбей уятыбыздан жерге кирип не дешибизди билбей калдык.
Сен менин суйуктуу токолумсун деп мурдуман чымчып туруп качып кетсе.Ошол болду ошол ойунубуздун аягы болду...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 12:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Тортобуз дайыма чогуу журот элек.Жайында да иш маалында бири бирибизге жардам берип,бири бирибизди аяп конулго тийер кеп айтпайт элек.Достугубуз куч эле.Ал бар учун бизге эч ким тийиштик кылып же кат жазып,бизге суйлой да алышпайт эле.Отурушка баруу жигитерден кат алуу бизде жок эле.Мен оз уйумдо кобурок жашап калсам алардан болунуп калат элем.Ошондо да базар кундору короодо иш кылып журсом велиги менен ышкырып отуп калат эле.Бирок байкем кырс муноз учун уйго даап келе албайт эле.Мектепте и чон кыз карабайсын деп таарынып калат бирок уйдо темирдей тартип бар экенин менден мурун тушунуп турчу.
Каникулда Бишкеке барып силерге китеп алып келдим очредге тургула деди.Мен экинчи болуп калдым.Оз уйумдо эшике сууга чыксам астыман тозуп,сенин харектирине окшош, сага окошогон кыз туралуу экен,ме окуп чык деп мага берди.Ал китеп турк элинин БОЗ ТОРГОЙ деген китеби экен.Ошол учурда ошол китепти китеп суйуучулор колдон колго откоруп талашып окудук го.Алыкулдун китептеринен кийин эле боз торгой талаш болуп,класс бойунча окуп чыктык.Чындап копчулугу мага окшотуп кыйлага чейин Феридеханум деп журушту.Мен озумду ал кызга окшото албагам .Мен андай сулуу кыз болбогом анан да мен ыйлаакы кыз элем.Бирок чындап менде тайэжелер коп болуп андан тараган бололор ого эле коп элек.Эки боло бири бирин жакшы корушор эле. Мен ошолорду китептин кармандары деп баланы Кайемирен боло деп кыз ушунчалык сулуу эле аны Фериде деп атайт элем.Чындап экоо бири бирине жарашып турушат эле анын бироо менин классташым .
Мен болорумдун баары менен тил табыша албайт элем.Бололорум чон тайэнебиз татар болгон учунбу сулуу кыздар эле. Оздорун асмандан алып журушчу.Мен эрекек балага окшоп ат мингеним,велик тепкеним аларга жакпайт эле.Кичирек кезимде атка учкаштырып, атты чаптырсам журоктору тушуп,назик немелер ыйлап,байкемен эчен тил уккам.Кол жээгинде жашаганыбыз да чабак уйротом деп колго салып,тубуно чоктуруп алып ,суу жуткузуп какап чакатып алып,алар уйронмок турсун коркуп байкеме арызданып мени уруш угуздурушат эле.Ошон учун да менден жатыркап,чочулап турушат эле...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 15 Июнь 2017 - 12:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 13:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Биз жогорку класс болуп,кээ бир колхоздун жумуштарына бизди иштете баштады.Кузгусун алма узмой,картошка термей.Биздин класс ич ара болунуп жургонубуз менен мындай жерде ынтымактуу болчубуз.Машинага тушуп алып ырдап барабыз,кечинде машина барат келе жатып деле чарчоону билбей шарактап ырдап келебиз.Кээ бир балдар озунун велиги менен барат.Сапардын школьник деген велиги бар.Ал женил болуп тепкенге ынгайлуу.Ал велик менчигиме айланат эле.Мен машина менен барганды жактырбайт элем.Бизден да жогоркулар тийишип,кысталыштан пайдаланып билгизбей чонтокторубузго кат салып койушканга улгурушор эле.Мен бала кезден бироо менен урушуп корбогом болгону жаман козум менен жактырбай карап, унчукпай калуу менин адатым. Ошон учун да досум менин машинага тушушумдуу каалабайт. Эгер велиги бош болбой калса жаныман чыкпай,башка балдардан коргоп турат эле.Эгер чон класстын балдары зулумдук кылып тийишсе мушташтан деле кайра тартпай,мушташып кетет. Ошон учун да кообу бизге тийише албай бирок кантип чонтогубузго кат салып кеткенин билбей калат элек.Алысыраак жерге барсак кошунасы Тимурга табыштайт ал деле эжеме кошуна,менин классташым. Ал уян болгон учунбу бизге кошулбайт.Суйлоп косон уялып кызарып татарып кетет.Ал турмак карап тиктеп койсон деле уялып кызарып кетет.Сабактан начар окуйт.Астыда отурган учун ага коп жардам берер элем.Озумду булкулдотуп, унсуз суйлоп койсом,ошону илип алып айтып берер эле.Жооп берип атканда мени жал,жал карап туруп,айтышыма жараша баа алат.Бирок намысы кучту жардам бер деп суранбайт. Кээде шоктугум кармап кетсе,чейрек алыс болсо,тескери айтып тантытып класстагыларга жанырган кулку тартуулайт элем.Бирок капа болуп таарынбайт деле болсо да ичинде.Бир жолу озумчо эле унчукпай карабай койдум.Химик агайбыз ага эки отур деп.
- Исаева сабака даярданып келбегенсин деп мага журналга эки койуп койду.Мурун чейрек чыгарда Исаева жардамга деп тамашалап ар нерсени айтып бизди кулдуруп калчуу.Бечарага эрдинди учко ылайыктатырып кыбыратып кой эптеп силерден калбай кочуп кетсин деп калат эле.
Алгебра,геометриядан класс жетекчибиз, талапты каттуу койгон,кайраттуу эжей,андан кобуроок корком.
- Исаева кошунана шыбыр кулак кылып кой,эн жок десе ошол эмгеги учун чейреке уч койуп койойун.Бул да озунчо талант деп бизди кулдуруп калат.Ишенбесенер кана доскага чыкылачы,кимин ушунтип жооп бере аласынар деп калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 14:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ушул шыбыр кулакты мен тим койбой, эки кызга айтып туруп. Эй,мен сени суйом деп тийишем.Бечара кызарып,татарып уялып тамагын иче албай ордунан тура качат.Эки кыз кыйрап калыптыр.Ал нерсени учообуздон башка эч ким туйбайт.Талаа жумушу бутуп сабакта отурсак,бир куну ал доскага чыканда эки кыз башта деп белги берип калды Ал менден сабак кутуп атса.Эй дедим ал озу бош эй деди,мен сени дедим,ал да мен сени деди,мен сени суйом дедим эле кыпкызыл болуп тетири карап туруп калды.Эки кыз ыкшып,кыйрап калыптыр.Адабият сабагы эле.Эжейибиз тынчтангыла деп койуп ии суйло деп койот.Ал мага карамак турсун тескери карап турат.Бул жоругумду досум шекшип калып,Шакинден кыйнап журуп билип алыптыр.
- Гулум, экинчи антпей жур бул тамаша кылчуу соз эмес эгер ал чындап суйуп калса сен суйо аласынбы?
Сен озунду билбейсин Сен шоктонгондо, коздорун жайнап сулуу болуп кетесин. Башкалар эмес мен деле сени суйуп кетем деп тийишип купшундап калды.Бул нерсе башыма келбептир.Ошонтип бул ойунубуз да этегине жетип токтоду.Коп отпой кыш келип ченемсиз кар жаап салды.Уйдо кар куромой, жогорку класс болгон учун мектепке барып дагы кар куромой анан эн сонун жыргал лыжа тепмей.Бизден жогоркуулар тоого барышат.Бизге айдоо таласы эле тийет,бизди тоого ким жибермек.Базар кундору жыргап лыжа тебебиз.Досубуз чыйрак учун физируктар менен мамилеси жакшы, мектептен тортобузго бирден лыжаа алып таярлап койот.Кээде уян Тимур да чогуу барат бирок тартынып унчукпай жургону жургон.Биз тортобуз шатыра шатман кулку,созубуз тугонбойт бирок анда санда ыйыбыз да бар.Шакин ыйлаак,тамашаны которо албай,кээде досубуз карга комуп ыйлатып койот.Бирок жыргап ойноп келебиз.
Биз кайсы жерде болбойлу,биз менен озунчо бир жигит барат.Ал бизге тууган.Чон энем татар болуп ошол тараптан.Атасы татар апасы уйгур.Биздин уй- булоо менен тыныз катташ.Айрыкча апасы менен эжем калын достордон.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 15 Июнь 2017 - 14:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 15:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Кичинебизден мушташып,тиштешип чогуу осконбуз.Ал менден беш жашка чон болуп бирок каттоо тыгыз болгон учун жолуканда чогуу коп ойнойт элек.Кичине кезимде чачыман тартып,жулкулдатып жудотуп жиберер эле ага мен чыдабай ыйлап калчуумун.Жиним келсе мен да тиштеп алмайым бар эле.Ал 8- классты бутуп эле Алма атада тайэкесинин баласы жок ошого мураскор болуп кетип,ошол жактан военый училищада окуп калган.Ал бир жылдан кийин эле токтолуп озунчо керилип жигит болуп,мурункудай мушташпай сый болуп калганбыз.Агасы уйлоном деп турганда авариядан каза болуп,азыр ата энесинин да жангызы болуп тез тез келип турган чагы.Ошончо балдардын арасынан анын карааны мага корунуп турар эле.Мен кокусунан жыгылып тушсом жаныма таяр болуп,кээде досум менен кар чачышып жулкулдаша тушсок жаныма жетип келип,бир кызык акыбалда туруп калат эле.Кара каштары чимирик атып,откур кара коздору менен мени атып тиктеп бирок жаныма келип даап суйлой албайт.Кобунчо чекеде кызганып коз кырын салып турар эле.Мен ого бетер шоктонуп,досума тийишип жанынан чыкпай,бир эле досум менен суйлошуп анын созун уккан болуп,тигинин кызганганы мен учун чексиз рахат эле...
Сангам деген кино келип,классыбыз менен бармак болдук.Эжемкине келип уй жыйнап,тамак кылып,эжеме тошогун салып тызылдап чуркап журом.Киного барыш учун эжеме жагынышым керек да.Тиги тууганыбыз кеч келип биз менен тамактанып, киного барып келели деп эжемен сурап калды.Эжем макул болду.Экообуз эми чыгып келе атсак узунду кыскылуу болуп досторум келип калышты.
- Болуптур сага ракмат, эжемен сурап бергенине деп койуп досторума чуркап кошулуп кетип калдым.Кинодон чыкандан кийин Сапар кинодогу каармандарды туурап жата калып,тура калып ырдап, биз каткырыгыбыз таш жарып озубузчо жыргап келдик.Биринчи менин уйум болгондуктан короого киригизип .Мен светерди куйгузуп,терезеден кол булгалаганым да кана жолго тушушчу.Алар менен коштошуп атып,уйдун мандайында чон тереке жолонуп,жашынып акмалап карап турган аны коруп калдым .Демек бизге байктпай чогуу барып,чогуу келген...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 15 Июнь 2017 - 15:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 16:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ошол учурда жогорку класс таанымал акын жазуучулардын чыгармаларынан диспут уйуштуруп,акырында бий кечеси болот эле.Ага адабияттан берген мугалимдер, жогорку класстын окуучулары ал кана эмес колхоздун алдынкы комсомолдору да катышат эле.Чынгыз Айтматовдун Жамийласын биз даярдаган элек.Жамийланы орус тилден берген агайым экообуз терс каарман деп элдин баары жырылдашып айтышып кетишкен.Зал экиге болунуп кызуу талаш болгон.Жарымы Жамийланы коргоп,жок,турмушка туруксуз ,куйосуно чыкынчылык кылды,коркок дешип талашып кеткенбиз
Канчалык суйуп турса да ал бироонун аялы,ал куйосуно кыйанат кылды.Ата мекенин коргоп,эл жери учун согушуп жургон куйосун кутпой ал кыйанат кылды.Бул суйуу эмес,бул куйосуно,эл жерине чыкынчылык деп бутургонумдо зал шатырата кол чаап,мени колдоп кеткен.Жаш секелек кыз,бироону суйуп коро элек кыз суйуунун несин билди экен.Ошол кечте биринчи жолу озум жазган ырымды жаштардын алдында окуп бердим.Ага чейин эле адабият болумундо,кызгалдак журналында ырларым чыгып кызуу талкуу журуп калат эле.Шок кыйалыма ырым жарашпай тургансыды. Анда ата энесин сагынып,колго кайрылып турган армандуу кыздын арманы жанырып турду..Акырында биздин класска жакшы калоолрду айтып,анын ичинен менден жакшы акын кыз чыгарына умут тартуулап,ракмат айтылып аяктап,бий кечесине кезек келди.Ал учурда валска кобурок кызыгышат эле.Досум экообуз дайыма бирге бийлейт элек.Ал мени эч кимге бере койбой,балдарга кысым корсотуп кагып салат эле.Ушунчалык берилип бийлеп атсам да эл арасынан озум билген тууган тайэкемин карааны козумо корунуп,досумун жетегинде журсом да аны менен коз ирмемде коздорубуз чагылышып турар эле. Ал эч ким менен бийлебей,дубалга жолонуп бизди кузотуп,коздору жайнап мага таарынгансып, бирок дайыма жылмайып кулумсуроп турар эле.Ичимен,сен батынып келе албасан,мен кыздар тандайт дегенде озум сага барам деп ойлонуп аттым.Музыка жанырып кыздар парын тандаган учурга келип,мен шашалып аны коздой жоноп калдым.
Ал мени озуно келе атканымды коруп,тан калган коз карашта,кара коздору жайнап,мени утурлагансып талпынган бойдон калып кетти.
Досум белимен имерип озуно тарткан бойдон музыканын коштосунда жетелеп баратып,акырын кулагыма "алтыным сен каяка "деп шыбырап койду.Менин ага болгон ойумду досум окуп койгонсуп,уятыман олуп анын жетегинде журуп,тайэкемди жоготуп койдум.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 15 Июнь 2017 - 16:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 17:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ал дайыма " Менин Гулум!!, Жангыз Жоогазымым! ! "- деген создор менен башталган каттарды байма бай жонотор эле.Болгондо да почта менен эжемин атына жонотор эле.Кат жазганда саймедиреп созго чечен болгон менен бетме бет келгенде ундобой тиктешкен менен коп создорду коз караш менен айтып,бир ооз да суйлой албайт эле.
Мен деле шакылыктап коп суйлогонум менен ага кат жаза албай,не жооп беришими билбей,ручканы кармаган мен бир да соз жаза албай каттары жоопсуз калат .Аны коргондо журогум туйлап,озумчо эле ага корунгондон тайсалдап,корунбогонго аракет кылат элем.Жакын тууган учун уйго келип,эжемдер менен суйлошуп,узаака отуруп калат, тамак бышырып астыларына койгон менен.Бирге отуруп тамак ичпей эшике чыгып кетем.Ал баары бир аскер адамы болгон учун ото эле токтоо.Аны мен эмне учун жакшы корушумду деле билбейм.Озумчо ал менден чон,сулуу,бойлоруу узун!- деп ойлоном
.Ошонусуна кызыктымбы? - деп озумо озум суроо берем.
Бирок журоктон, чындап жакшы корушумду акылым сезбесе да,сезимимде сезер элем.Чындап аны жакшы корот элем бирок эч мойнума алгым келбейт эле.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 15 Июнь 2017 - 17:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   regina86   15 Июнь 2017 - 17:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 03 Январь 16
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 15:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Сонун жазылып жатат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Rozinda   15 Июнь 2017 - 19:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 30 Апрель 16
  • Соңку аракети: 23 Сен 2018 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бир дем менен окуп чыктым Рая апа абдан соонун жазып жатасыз уландысын кутом..
Альхамдулиллах мен бактылуумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 19:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Жангыз байкеси каза болуп калып,сойко салган кыз бойго жетип.Кыз башы менен жесир деген наам алып,эшике чыга албай уйуно отуруп калды.Ал кыз апа тараптан болгон учун уйгурка эле.Ушунчалык сулуу,улбурогон назик кыз экен деп эжем сойко салдысында мактап келген.Ошол кыздын ата энеси,кичуу уулунар менен тен,той кылып кийирип алгыла болбосо башын ачып койгула,кызыбыздын бактын кара кылбагыла жашы отуп баратат деген экен эле.уйгур туугандарынан кол узгусу келбей, кичуу улум,нары жангызыма алып берем деп кыздын башын ачып койбой, баласын Алма -Атадан чакыртыптыр. Эгер кичи тайэке макул болсо жакын арада той болушун эжем кеп кылып отурду.Женем менен эжем тайэкебиз жакшы киши экенин бир кана уйгурга уйлонуп адашып калганын.Чон баласы апасынын созунон чыга албай уйгулашып калганын бирок жакшы бала болгонун кеп кылып отурушту.Мен сабак кылып отурсам да алар тууралуу кеп кеткени учун тыншап отуруп калдым.Кичуу баласы жакшы болуп осуп келе атканын,жаш болсо да озун корсотуп званиясын которулгонун. Курч откур бала каалабаса уйлонбойт деп отурушту.Акыркы создору мага жагып, акырын барып эшикти жаап алдым.Экоо уйлонот десе уйлонуп алчуудай коркуп турдум...
Эки уч кундон кийин эле орус тили болуп атса,эшик тыкылдап агай эшике чыгып бир аз кармалып туруп,кайра кирип келе атып эле.
- Исаева эшике дегенче эле сабагын улап кетти.Негедир кичинекей журогум туйлап белгисиз нерсе тургандай,коркуу менен эшике чыгып тайэкемди коруп,оозума соз кирбей,тан калып карап туруп калдым.
- Салам тентегим !-деп биринчи колун сунду.Мен колумду бере албай,эки жагымды жалтандап турганымча, ар жактан тыкылдап басып бир мугалима келе атты.Ал жаныбызга жете бергенде.
- Муну сага апам алып барып берчи деди эле деп колума кутучаны бере салып шарт эле эшике чыгып кетти.Мен да кутучаны которгон бойунча класска кире качтым.
Отурушума эле ал эмне ?- деп аркамда отурган досум чукулай баштады.Агайым сырдуу тынч отургула деп бизди кагып койду.Мен чыйпылыктап ичинде эмне бар экен, иши кылып кат бол
босо экен,кат болсо олдум,колго туштум деп сабак эмес ой менен алпурушуп конгуроонун урулганын деле сезбей калдым.
Сапар жанымдагы Докушту тургузуп ийип,жаныма келип.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 15 Июнь 2017 - 20:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 20:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Жолдош Исаева сага ким келди ?
Мен анын тикирейген коз карашынан жалтандап.
- Болом дедим. Озума ошол соз кириптир.Кана, ошол сени суйуп сабака шоколад алып келген,болондун тартуусунан менин да жешке акым барбы?- дегенче колуман кармап,оорутканча озуно тартып.
- Козумо кара,мени тике карачы деди.Айыбым ачылып анын коздоруно тике карай албай жалтандап турдум.Баары тынч болуп экообузду карап калышты.Бир колу менен мени имере кучактап,бир колу менен кутучаны партага койуп,чон муштуму менен бир койду.Ага да алымсынбай, мени кой берип эки колдоп оромдон ача баштады.Ичинен чачы майда орулгон сувинир куурчак, бир авторучка чыкты.Кат жок экенине суйунуп кетип.
- Жинди,ал болом кыз.Алыска кетип атыптыр мени менен кошотошкону келиптир.Ошол боломду сага тааныштырып койом.Билесинби ал сулуу кыз,корсон суйуп каласын деп ага басым кыла баштадым.Башкалар ишенди го бирок ал ишенбеди.
Экинчи сабакта аркаман кат жонотту "Ошол болоно айтып кой,сага онундо эмес тушундо да жеткис кылып койом.Сен бир кана адамга таандыксын, ушуну эсине салып койгум келди". Мен сабак буткондо,баракты майдалап тытып туруп,алаканыма салып туруп уйлоп чачып ийип басып кеттим.Ал адатынча кууп келип кармап калат го дегем,артымды карасам отурган жеринде ызаа болуп тиктеп турган экен...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 15 Июнь 2017 - 20:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   clay   15 Июнь 2017 - 20:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 950
  • Катталган: 06 Март 17
  • Соңку аракети: 08 Фев 2018 16:46
  • Калаасы:Кыргызстан...


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 22:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Кечинеде эжем синдими бизге таштап,тайэкесиникине кетти.Эмне деген жанылык угам деп чыйпылыктап журдум.Эжем аябай кеч келди.Ал учурда мен жатып алгам.Ал эжемди узатып келгенин унунон таанып,болмомо кирип келчуудой журканымын ичине кире качтым.Элпек женем тамак ооз тий деп жаналы калбай,торго откоруп сыйлап атканы угулуп атты.Жууркандын ичинен демим кайтып ысып кетип башымы ачсам кеткенсиптир. Эжем анын ынабай койгонун,апасы ыйлап капа болгонун айтып атыптыр.
Анын суйгон кызы бар экенин болгондо да тууганын кызын суйот экен бирок ким экенин айтпады.Али жаш мектепте окуйт,силер деле тааныйсынар деп айтты.Тайэкем каттуу сурака алганда ошонтип эле кызды айтпай койду.Чагымда татарлар жактан го болбосо айтмак,апасын капа кылбайын деп айтпай койду го деп эжем бутум чыгарып койду.Мен уятыман бетим кызарып,жууркандын ичинде уятыман олуп жаттым.Менин атым аталбаса да соз болгонума уялып аттым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 22:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Эртеси досум ортодон эч нерсе болбогондой кулуп жайнап,мектептин оозунан тозуп алдды.Мен деле кечеги оз ойлорум менен аны унутуп калыпмын.Дарбазадан тозуп колуман сумкамды алып,экообуз эрчишип келе атсак,тайэкем тенис ойногон аянтчада,ойногон балдарды караган киши болуп,бизди козу менен тозуп алып аркабыздан узатып турду. Досум жон кетпей колтугун которуп.
- Алтыным куйонду бир колтуктап басчы деп калды.
- Жинди жон бас,азыр сени таштап тызылдап чуркап кетип калам.
- Э мен уч жыл мурун элестеп алган турбайымбы. Бизди Фрунзенин аллеясында келе жатам деп тушуркоп алыпмын.Корсо биз студент эмес окуучуу турбайбызбы. Мен суйгон алтынымдын жанында эмес, мен суйгон классташымын жанында кетип атыптырмын. Кечирип кой алтыным,кечеги кылган ишиме да кечирим сурайм,кааласан бут классташтардын алдында сенден кечирим суйрайм деп аржайланып калды.Мен да ага кошулуп аржайланып. Кечирдим досум,дос болгонун учун кечирдим.Менин куйумдуу досум бар учун кечиридим деп класска кирип барып,эч соз болбогондой отуруп калдык.
Экинчи сабак журуп жатса " жур тенис ойнойлу " деген кат жиберди.Сабак этектеп калганда суранып чыгып кетти.Эртен менен келе атканда ал турду эле кетти бекен деген ой келип,дагы ынгайсыз калдым.Чыкпай койсом досум атайын эрте чыгып кетти,не кылсам экен деп баш катты.Эмдигиче кетпей койбостур,кетсе керек деп чыксам.Колуна эки ракетканы кармап досум турат,

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 15 Июнь 2017 - 22:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Asya_92   15 Июнь 2017 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты

Соонун жазып жатасыз Рая эже . Берилип кууп окуп келе жатам . Колунуз талыкпай жаза бериниз эжекем .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   raia   15 Июнь 2017 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Тенистин жанында окуучуларга кошулуп алда турат.
- Бол,бол тез кутуп калдык деп тенистин аянтчасында досум шаштырып кыйкырат.Экообуз жогорку класстын балдары менен ойноп утуп алдык.Негизи экообуз бириксек, атандашыбыз кучтуу болсо да эч женилбей,женген сайын алакан уруштуруп же суйунуп ийнимен кучактап коймой адаты бар, же кол кармашып алмай жайыбыз да бар.
Экинчисинде парелел классташтар менен ойноп атсак орус тилден берген агай келип.Кана киминер утуп атасынар деп калды.
- Биз да агай деп калдык.
- Ушу экоо кыйын ойнойт окшойт,Кана мага бергилечи,кыйын болсо мени утуп корушсунчу деп калды.
- Кел конок мага шерик бол деп тайэкеме карады.
Тайэкем жылмайып кошулуп калды.Мен кызык акыбалда калдым бирок сыр бербедим.Досум тоотпойт.Мага шыбырап,агай ойной албайт, тигиниси бир койрон,формасына чиренгеден башка колунан эч нерсе келбейт.Сен мага ишен экоону тен утам.Сен жакшысы коркпо,мага ишен деп атат. Эми кызуу ойноп 6-4 эсебине келгенде звонок чырылдап калды.Агай учун ынгайлуу болду окшойт.
- Болду сабака киргиле деп токтотуп койду.Досум кыр корступ.
- Агай сабактан кийин улайлы деп ого бетер кыр корсотуп.
- Жок ишим бар, башка куну.деп аны менен суйлошуп калды.Досум баары бир биз экообуз уттук.6-4 эсеби демек биз уттук деп,суйунуп келдик.
Демейдеги мен тилим жутуп алгансып,анын жалындуу коз карашы элесимин кетпей,Сапардын жанында дудук болуп келе аттым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 05:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Жазгы чейрек чыгып,бааларыбызга конул буруп,жакшы баа алышка даярланып аттык.Бугун чогуу даярланалы деп суйлошуп уй уйлорубузго тарадык.Мен эжемдикине жатмак болуп уйдон суранып кемек болдум.Уйго келип,женеме жардам берип,уйлоду жыйнаштырып берип,женемен суранып эжемкине келдим.Сумкамды уйго койуп,китеп дебдеримди алып Шакиндикине барсам,мени кутуп чай ичип отурушуптур.
- И эки уйдун эрке кызы,эмне кеч келдин деп сурака алып досум тийишип калды.Эки уйдун чуйгун тамагын сага берсе керек,неге мынча арыксын.Кайнагама айтсам окшойт бага албасанар озумо бергиле деп.
Мен да тим калбай.
- Сен баксан эжене окшоп семиз бочка болуп калам дедим.Атасынын жангыз эжеси болуп,ал эже толук , бирок озуо жараштырып кийинген сулуу аял эле.Эжем экоо классташ достордон болчу.Каткырып кулуп калды демек андай кулгону чычалап женилгени эле.Кулгончо эле.
- Чын сен семирип кетесин.Семиз алтышкам экиге болунуп мага уул тороп берет десе.Мен муну кутпогом.
- Жинди,деп таарынып калдым.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 16 Июнь 2017 - 05:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 05:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Учо каткырып кулушуп,аттарынан бери койуп салышты.Эко жентектеп коляска алып келишмек болду.Мени окууну таштатып,ага окшогон капкара баланы бактырып салышты.Мен чычалап кетип.
- Жок эй, мен ага окшогон кара бала туубайм десем ого бетер каткырышып, создор чукулуп кетсе.
- Алтыным мейли озуно окшогон аппак кыз торосон деле мейли,арык кыз болсо деле мейли деп ага жага бербей калды.Ошонтип азил,азил болуп сабака даярлана албай,убактыбыз бекерге кетти.Уйго келип эжеме жардам берип,кеч сабагыма даярланып туну бир убакта жаттым.Уктап жатсам бироо пешенемен сылап эркелеткенсиди. Козуму ачалбай,мени ким ушинтип пешенемен сылоочу эле деп ойлорум чаташып атканда пешенемен оп койду.
Энем,энекем чочуп козуму ачсам.Тайэкем мандайымда бактылуу жылмайып турат.Энем эмес башка болгонуна ызаа болуп.
- Энем экен десе деп тескери карап жатып алдым.Кроватымын кыйчылдаганынан тушум эмес экени эсиме тушуп,умачтай уйкум ачылып ойгонуп кеттим. Тышкы уйдон ойгонупу деген эжемин созунон,самор которуп тыштан кирип келе атканы сезилип турду.Ордуман тура албай,тышкы уйго чыга албай,уятыман олуп,бетим чыдап экоонун жанына баралбай,кыйналып турдум...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 08:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен сабака кечигип экинчи сабака бардым.Бала ыйлап сабака кечигип келдинби дешип аларга табылбай эле калы.Унчукпай кутулдум.Акыркы сабака жооп берип,отурушума агай кундолугунду алып кел деди.Кундолукту ачып атып ичинен бир барак таап алдым,жакшы да ачып бергеним.Тайэкем кат жазып салып койуптур.Анда эки кунго келгенин.,кайра тез эле кайтышын.Мени каттарына жооп жазып турушумду анан да жазда бир айлык отпускага келерин кыстарып кетиптир...
Жазгы 10 кундук каникулга чыгып келдик.Жаз жарыш демекчи 9 - класс болуп,жазгы талаа иштерине бизди коп жумшап,окууга деле анча конул жок.Шатыра шатман болуп ишке брабыз.Иштен ойунубуз коп.Кылган ишибиз куздо комулгон картошканы 2- 3 болуп кесип беребиз.Куздо комулгон учун чычкан эле коп.Чычкандан коркондор кыйкырып качып калабыз.Бир жолу чычкан балалап салыптыр аны бир мыкаачы балабыз чон таш менен балчайтып бир койду.Канжалап эле жатып калды.Чычкандын майда балдарына боору ооругандар болуша кеттик.Эки тарап болуп кыйла боло туштук.Бир тарап рас болот чычкандын эч кандай пайдасы жок дешет.Экинчи тарап чычкан болсо да майда балдары бар экен минтип олтуруш мыкаачылык дедик.Бир убакта бойуу кичине Токо деген балабыз кыраатын келтири куран окуп калды.Баарыбыз алаксып аны карап калдык.Окуп келип эле чычкан байке жаткан жерин,жайлуу болсун,топурагын торко болсун,эми кутурбай корундо тынч жат десе.Кыраан каткырык болуп талашыбыз унутулуп калды.Чычкандарды тазалап аткан Самар жургуло балдар жаназасын окуп комуп келели деди.Балдар жаназага турушуп,кыздар кошок кошуп узатык. Бир убакта балдар ката тизилип ылдыйдан окуруп келишти.Кыздар кошок кошуп тозуп алышты.Тушку тамак учуру болуп калган уч торт кыз дасторкон жайып,тамак даярлап чычкан байкенин кара ашына деп бар тапканыбызды дарстоконго койуп аттык.Окуруп келгендерге биягы алыстан келген конокторго деп атабыз.Чыны продуктуну уйдон алып келип,очред менен эки кыз бышырып бир бала от жагып озубуз даярлайт элек.Ошо куну Марям экобуз анан Сапар элек.Балдар окуруп басылышты,кошок кошкондор какшанып басылышпайт да.Бир убакта уч класстын агайлары келе атканы корунуп калды.Баары тим тим болуп тамака отуруп калышты.Биз шашылып бадоводорго куйуп ар бирине узата баштадык.Агайлар да келип калышты,аларга да тамак куйп бердик.Тамак ичилип балдар ишке кете баштаганда биздин агайыбыз.
- Кана ким олуп,окуруп келдинер.?
- Кыздар силер ким олуп кошок коштунар? - деп кыдырата карап куноолуну таба албай жинденип турду.Баарыбыз озубузга талкан салып алганбыз.
- Ушу сен эле баштасан керек,дайыма эле куран окуп жатып каласын деп молдокебизди кулагынан чойуп кирди.
- Жок агай мен эмес,олуп кетейин деп ийди.Агайдын ого бетер жини келип кулагын толгоп чойо баштады.
- Ой агай чындап мен эмес,кудай урсун мен эмес деди.
- Кудай урсун де сен кудайга ишенет экенсин да ээ.Мен сага ишенбейм ушул созун учун сени комсомолдон айдатам деп чындап кызарып татарып жини келип алды...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 16 Июнь 2017 - 08:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 19:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: