Жаз келип 9- класстарды гектарлап кузика остуросунор, бул комсомолдук тапшырма деп уч классты уч биргадага болуп салды. Биз биринчи биргадага туш болдук.
Кайсыл класс жакшы иштесе,тушумду жакшы берсе Кыргызстандын кооз жерлерин жана да шаарларын кыдырышка жолдомо беребиз деп бизди кокутуп койду.
Кузика - асты кызылча,усту капустага окшогон осумдук экен.Жерден кулагы корунгондон баштап,жыйылып буткончо карашыбыз керек экен.
Биздин биргадирибиз жоош токто,маданиятту киши экен.Башында эле биз менен суйлошуп.
- Балдар эми силер жаш бала эмесинер,ишти тушундунор. Уч ай чогуу иштешет экенбиз бири бирибиз менен сый бололу.Силерди мен кийин мактагандай болойун ээ.Силер да мени жакшы агай эле дегендей болгула.Ынтымак менен сый менен иштешели.Мен силердин оз эркинерге,оз абийиринерге койом,силер да мени уятка койбогула деди.
Эрчитен агайыбыз жок ал киши биргадирге откоруп берген.Чыны биз менен кечке талаада уч ай журмок беле,ал киши окуучулардан экзамен алат.Биргадир бизди эркин койду.Чындап комисия менен чогуу 3-4 жолу эле келди балким биз жокто текшерип жургондур бирок башка биргадирлерге окшоп согунуп сагынып,бизди кыйнаган жок.Биз да дайыма ал кишинин созун эстеп жинди болуп баратсак да эстей койуп онолуп калат элек.Мен озумо апийимден 10 сотыйдан учоону алып алгам.Иштен башымы которо албай калдым.Тез бутолу деп шашылып буткон менен баарынын уйундо апийим кутуп турат.
Ошондо да ойунга тойбой чогуубуз менен ойногонго да убакыт табар эле.Кээбир кундору чарчап келсек да мектептин кружокторуна катышып,кечки мектеп уйуштурган диспуд,кечелерине да барат элек.Кинонун да жаагын айрыйт элек.Классыбыз менен жалкообуз кармаганда колго да кире качат элек.Иштегенче келечекте ким болорубузду кыялданат элек.Кэде отуруп алып бири бирибизге сын коз менен карап,келечекте ким кандай болорун,ким эмне иш кыларын,балдар кандай куйо,балдарына кандай ата,кайсыл кыз кандай аял,кандай эне болорун да айтат элек.Кээде ким канча балалуу болгусу келет деген суроо берип,жооп алат элек.Баары эле эки балалу болушкусу келет эле азы кана 4 дешет эле.Мага кезек келгенде 20 дейт элем.Баары кулушуп чынынды айтсан дешер эле.Чын менин таэнем 54 то каза болуптур ошого чейин 20 ны торогон экен дагы жашаса 30 га жетмек.Эмне учун мен 20 ны торой албайм деп тамашаны чынга айлантып койом.Ай ошончо балага атты кантип табасын дешет.Мен уйкаштырап айтып жеткирем.Гукунун кезеги келгенде мен торобойм Гулумдун балдарын карашам деп чыга берет.Сапарга кезек келгенде сеники белгилуу сен 20 балалуу болосун деп ага тийишишет.Экобузду жабыштырышып калышат.Анда мен чычалап кетем жок,мен ага тийбейм деп.азыр эле алып алчуудай.Эч нерсе эмес алтыным,озун тийбейсин билем мен сени жон эле ала качам деп мага соз атат.Ала качсан кетип калам деп мен кожором.Кете албайсын дейт.Жок кетем дейм.Билесинби эмнеге кете албайсын десе соз таба албай калам.Анткени ал дайыма.
- Эжем мени жакшы корот,дайыма жангыз кызымды сага берем Сапаш деп айтат.Мен очом чыны экенин же калп айтканын биле албай,кыжаалат болуп кетем.Ал каткырып соз бутту дегенсип ордунан туруп кетет.Эжемен оозум батып сурай албайм.
Тагдырдын тамашасын кара канча жыл откондон кийин Гуку.
- Э Гулум,сен шоктонуп 20 баланы айтпаганда, мен да айтмак эмесмин.Ошондо периште бата кылып койгон окшойт минтип балам жок балам эмес куйо жок.Эми сен бир баланды бер дегени.Мен да кунолу болуп оба баламды ал деп айта албай же бала жандан ширин баламы сураганча жанымды ал дей албай томсоргом.Балалык байоо кездеги шоктугуман курбумдун астында бир сындым...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 16 Июнь 2017 - 10:07