Суперстан: Бала чак - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бала чак Бала чак

#121 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 10:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Баарыбыз коптоп кечирим сурап,кунообуз учун ушул ишти бутмойунчо кетпейбиз бул биздин комсомолдук созубуз деп атып зорго Токону алып калдык.Эки кундук иш соз бергенден кийин бутурушубуз керек.Жанталашып атып карангы кирип калганда буттук.Агайга кошулуп чарчанып жоо кеттик.Берки класс саат 6 эле кетишкен.Ойлонбой тапкан ойунубуздун азабын ушинтип ачка шалдырап,жоо кетип баратык...
Жаз келип 9- класстарды гектарлап кузика остуросунор, бул комсомолдук тапшырма деп уч классты уч биргадага болуп салды. Биз биринчи биргадага туш болдук.
Кайсыл класс жакшы иштесе,тушумду жакшы берсе Кыргызстандын кооз жерлерин жана да шаарларын кыдырышка жолдомо беребиз деп бизди кокутуп койду.
Кузика - асты кызылча,усту капустага окшогон осумдук экен.Жерден кулагы корунгондон баштап,жыйылып буткончо карашыбыз керек экен.
Биздин биргадирибиз жоош токто,маданиятту киши экен.Башында эле биз менен суйлошуп.
- Балдар эми силер жаш бала эмесинер,ишти тушундунор. Уч ай чогуу иштешет экенбиз бири бирибиз менен сый бололу.Силерди мен кийин мактагандай болойун ээ.Силер да мени жакшы агай эле дегендей болгула.Ынтымак менен сый менен иштешели.Мен силердин оз эркинерге,оз абийиринерге койом,силер да мени уятка койбогула деди.
Эрчитен агайыбыз жок ал киши биргадирге откоруп берген.Чыны биз менен кечке талаада уч ай журмок беле,ал киши окуучулардан экзамен алат.Биргадир бизди эркин койду.Чындап комисия менен чогуу 3-4 жолу эле келди балким биз жокто текшерип жургондур бирок башка биргадирлерге окшоп согунуп сагынып,бизди кыйнаган жок.Биз да дайыма ал кишинин созун эстеп жинди болуп баратсак да эстей койуп онолуп калат элек.Мен озумо апийимден 10 сотыйдан учоону алып алгам.Иштен башымы которо албай калдым.Тез бутолу деп шашылып буткон менен баарынын уйундо апийим кутуп турат.
Ошондо да ойунга тойбой чогуубуз менен ойногонго да убакыт табар эле.Кээбир кундору чарчап келсек да мектептин кружокторуна катышып,кечки мектеп уйуштурган диспуд,кечелерине да барат элек.Кинонун да жаагын айрыйт элек.Классыбыз менен жалкообуз кармаганда колго да кире качат элек.Иштегенче келечекте ким болорубузду кыялданат элек.Кэде отуруп алып бири бирибизге сын коз менен карап,келечекте ким кандай болорун,ким эмне иш кыларын,балдар кандай куйо,балдарына кандай ата,кайсыл кыз кандай аял,кандай эне болорун да айтат элек.Кээде ким канча балалуу болгусу келет деген суроо берип,жооп алат элек.Баары эле эки балалу болушкусу келет эле азы кана 4 дешет эле.Мага кезек келгенде 20 дейт элем.Баары кулушуп чынынды айтсан дешер эле.Чын менин таэнем 54 то каза болуптур ошого чейин 20 ны торогон экен дагы жашаса 30 га жетмек.Эмне учун мен 20 ны торой албайм деп тамашаны чынга айлантып койом.Ай ошончо балага атты кантип табасын дешет.Мен уйкаштырап айтып жеткирем.Гукунун кезеги келгенде мен торобойм Гулумдун балдарын карашам деп чыга берет.Сапарга кезек келгенде сеники белгилуу сен 20 балалуу болосун деп ага тийишишет.Экобузду жабыштырышып калышат.Анда мен чычалап кетем жок,мен ага тийбейм деп.азыр эле алып алчуудай.Эч нерсе эмес алтыным,озун тийбейсин билем мен сени жон эле ала качам деп мага соз атат.Ала качсан кетип калам деп мен кожором.Кете албайсын дейт.Жок кетем дейм.Билесинби эмнеге кете албайсын десе соз таба албай калам.Анткени ал дайыма.
- Эжем мени жакшы корот,дайыма жангыз кызымды сага берем Сапаш деп айтат.Мен очом чыны экенин же калп айтканын биле албай,кыжаалат болуп кетем.Ал каткырып соз бутту дегенсип ордунан туруп кетет.Эжемен оозум батып сурай албайм.
Тагдырдын тамашасын кара канча жыл откондон кийин Гуку.
- Э Гулум,сен шоктонуп 20 баланы айтпаганда, мен да айтмак эмесмин.Ошондо периште бата кылып койгон окшойт минтип балам жок балам эмес куйо жок.Эми сен бир баланды бер дегени.Мен да кунолу болуп оба баламды ал деп айта албай же бала жандан ширин баламы сураганча жанымды ал дей албай томсоргом.Балалык байоо кездеги шоктугуман курбумдун астында бир сындым...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 16 Июнь 2017 - 10:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 10:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Иш алып алган учун чогуубуз менен каникулда эч жака кетпей коргон кунубуз кузика анан озубуздун апийим болуп жайды откордук.Байкем окуусун бутуруп,иштеп калды.Мен да апийимди эл катары кырып,тилип откоруп бердим.
Сентябр келип жаны окуу жылы башталып,биз мектептин кузгусу болуп эн жогорку класс болдук.
- 1- сентябрь куну эртен менен бир кучак гул которуп,тайэкем кутуусуздон уйго кирип келди...
Ал бойлору осуп,ичке мурут койуп алыптыр.Жылмайганда ичке муруту жарашып,формасы бойлоруна топ келип,зынкыйган аскер адамы болуп калыптыр.Бизге кутулбогон мейман болуп кирип келди.Жайда отпуск берилбей,иштен кой бербей келбей калган эле.
Эжемдин козунчо эле жаны окуу жылым менен куттуктап,бойлорумдун осуп кеткенине тан калып турду.Бойлору узарып мага жетейин деп калыптыр,аяш эне караныз,деп мени бойуна тенеп.Дагы бир отпускага келгенимче маа жетип ашып кетпесе болду деп тамашага салып тийиштик кылып атты.Мен коштошуп мектепке алеп делеп болуп суйунучумо чек жок кубанып бара аттым.Бирок кечигип,эжейим менен жарышып кирип бардым.Жылыга отура турган алдынкы ордум бош туруптур,суйунуп барып отуруп калдым.Эч озгоруу жок былтыр кандай отурсак дал ошондой.Астыда Докуш экообуз,артыбызда Сапар менен Шакин,капталыбызда Гуку менен Жамийлаш.Башкалар орун алмашса да достор алмашбапыз. Отурушума досум.
-Жаным кандайсын,неге кечиктин деп купшундап тийише баштады.Чычаласам жабышып алат аркама карап жанындын уйуно конок келип кечигип калдым деп тике карадым. Тайсалдап кулуп жиберди да жер карап жылмайып отуруп калды.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 16 Июнь 2017 - 10:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 11:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Биринчи куну сабактар жалан биздин бутуп кетишибиз жонундо болуп,биздин келечегибиз туралуу создор.Былтыркы окуучулардан ким кайсыл окууга отту,ким отпой калды аларды талкуладык. Быйыл бутобуз деп бир жагынан суйунсок,бир жагынан 10 жыл бирге окууган достоурбузду, журогубузго жакын мектебибизи кыйбай ич ачышат.
Мен дубалга жолонуп алып классташтарымды карайм.Чындап баары бой жетиптир.Жигиттер баары кастюм шым,ак койнок,мойундарында галустук,чачтары тептегиз тим эле кычырашат.Кыздар ак кофта,чачтары ар турду жасалгаланган, эч ким ак бантик тагынгысы келбейт анткени биз чонойдук да бирок экообуз эле бантик тагынган.Ал да педагоктун кызы.Мени эжем урушат,кээде эле оз уйумдо болсом мен да чачымды жасалгалап келем.Эжем коруп калса тентуштарымдын астында мени уятка койбо деп мени урушуп силкип кагып салат.Эжемдин классташтарынын кобу педагок анан да баары семиз.Эрчишип басып калышса семиздер колонасы келе атат деп досум бизди кулдуруп калат.Карып калышса деле классташ деп кайрылышып бат баттан эле чогулушуп калышат.Мен кээде класста шоктонуп калсам.Сен кимди тартып калгансын,сенин эжен кандай жакшынакай кыз болгонун билесинби ? Ал эки чачын суналтып астыбыздан откондо балдар суктанып,жакшы коруп, уялып,шок балдар да тентектенбей отуруп калат элек дегени бар.Анда досум жон калбай.
- Агай,биз деле бул кыз шоктонгондо баарыбызга жагып,суйуп калабыз деп агайды соз менен чымчып алган.Историядан берип ото токтоо агай эле. Досумдун созуно бир аз ынгайсыз болуп бирок жылмайып койгон.Досум мага тийишип точно ушул агай мага окшоп эжебизди суйуп жургон болуш керек.Анан да жетпей калганда бечара агай деп купшундап, бирок билип кой мен сени эч кимге тартырып жибербейм деп тамашалап калат.Ал эмес кызы сени да жакшы корот анткени айтымдарына караганда сен эжемдин жаштыгына куйуп койгондой окшош экенсин.Чындап мени кызындай мамиле кылат эле.Бирок башкалары деле тентушумдун кызысын да болуптур,экинчи шоктонбо мунусу кечиримдуу, экинчи мындай болбосун деп койушат эле.Ошон учун да аларга эркелеп коп шоктонсом керек да..

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 16 Июнь 2017 - 11:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 12:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

- Чон кыз,кайжактарга журосун деп досум чукулап ойуман адаштырып жиберди.
Эжейибиз озунун студентик кундору туралуу кеп кылып атыптыр...
Бугун эч кандай деле сабак болбоду.Эки экиден сырдашмай,бири бирине тийишип,соз менен чукумай.Каткырык кулку менен сабак да бутту.Адатыбызча сумкаларыбызды досубузга жуктоп,тортобуз уйубузго барбай башка тарпка кыдырып кеттик.Тигилер жыргап кулуп журушот, мен ичимен мени куткон бир адамды эстеп,булардан болунуп кете албай,созум анча коошпой эптеп журом.Клубдун жанына жеткенде Индия киносу болору жазылып,элдер кирип атыптыр.Досум жургуло киного менин эсебимен деп бизди шаштырып,ач курсака магазинге кирип печения менен иристен алып чыкты.Эрчишип узун кыска болуп киного кирип кеттик.Биздин адатыбыз кинодон бала чыкса Сапар деп анан ал кыздар чыкса бизди атай баштайт.Бир жигит чыкты эле Сапаш дедим,анан бир кыз чыкты эле ал мени сен деди.Баланын апасы олчойгон семиз аял чыкты эле ал Шакин деди биз кулуп калдык.Ага чейин эле кыз менен бала суйлошуп калды.Мына точно биз деди экоо жыргап кулуп калды. Аркабыздан тынч отурасынарбы деген ун чыгып, биз тынчып калдык.Кыз менен бала ажырашып,бала кызды сагынып ырдай баштады эле.
- Энеков мен да суйгонумду сагынып кетим кел орун алмашалычы деп шыбырап, Шакинди оз ордуна жылдырып менин жаныма келип отуруп алды.Мага тийишип,жаным менин жакын болсон да сагындым сени деп колун аркама жойлотуп кучактайын деди эле жамбашынан чымчып узуп алдым.И деген бойунча туз отуруп калды.Эконо бырс кулуп ,тынчып калышты.Кайдан да муну сен деп койдум деп бушайман жеп чындап капа болдум.Кинону деле жакшы коро албай,кыжаалат болдум.Кино бутуп туруп бара атып аркамда турган таэкемди коруп нес болуп калдым.
- Алтыным менин,суйгонум менин кеттик деп досум далыман турткондо эсиме келип,тартипсиз кинодо отурганыбыз учун уялып кыжаалат болуп турдум...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 16 Июнь 2017 - 12:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 12:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Эшике чыканда эки бетим кызып, чоктой болуп кызарып кеткенсиптир. Аны байкаган Гукую
- Ана суйуунун керемети,киного кирип атканда аппак досум,алмадай кызарып бышып чыкты го
- Мени чын журогунон берилип суйот десем ишенбейсинер, аппак кызды кыпкызыл кылып бышырап койдум.
- Оба сен журогуно от жагып атканында,кычкач санындан аткып узуп алды го ээ деп Шакин какшыктап калды.
- Ошол кычкачка рахмат, болбосо мен ошол жерде эрип жок болмокмун ошону билип кычкач жардамга келди да деп кеп жебей атты.Жолдун устунку бетинде биз тен ал кетип атты.Мен мурункудай шакылыктап коп суйлой албай,тилим буулуп,айлам куруп турду.Эми кантип жолугам,сураса не деймин,Биз ушундай тартипсизбиз, жон эле суйлошобуз, чыны андай эмес деп актанамынбы. ушул ой мээми жеп,ичимен кыйналып аттым.Эжемдикине барсам жолугам,кайсыл жуз менен..
Бурулушка келгенде.
- Сумкамы берчи,мен оз уйумо барам.
- Сага не болду,капа болдунбу?Тамаша да деп Гуку чебелектеп ийди.
- Жок чарчадым уйумо баргым келди.Тигил экоонун сумкасын берип мен сени узатып койм деп эрчип алды.Бир болсо тайэкеми байкап калган деген ой келип унчукпадым. Экообуз тен унчугушпай келе аттык.Энирек жерге келгенде кутусуздон колуман кармап
- Алтыным кечир мен,мен жон эле тамашалайын дегем.
Колумду силкип тартып алып.
Биринчиден мени алтыным,жаным дебегин,экинчиден сен досум болсон да кучаташка,колуму кармашка мен сага руксат бербеймин деп басып кеттим.Кыйладан кийин чуркап келип астымды тороп,мени караганча арты менен басып.
- Алтыным,жаным кийинчерек мен суйгон колуктум болосун,мен суйгон сулуу колукткм болосун деп аржайлана баштады.Мен аны менен айтышканга алым деле кучум деле жок эле.Мен озум суйгон бир адамдын астынды сынып турган элем.
- Жиндисин,бар кетчи.
- Жок кетпейм,сени да кетирбейм. Эгер сен мени таштап кетсен уйуно кирип байкеме

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 16 Июнь 2017 - 13:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 13:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

- Кызынды мага бер байке,кызынсыз мага жашоо жок.Автандилдей, Тариелдей дуйно кезип кетем байке,убалыман корк байке деймин.
Бул жинди аны деле кылат,мени шерменде кылып.
- Болуптур мен азыр эле сага тийбеймин го.Окууну бутолу,Биринчи озун суйгон Алмагулду ал анан болбосо мени ал,болбосо деп келе атканымда эле.Болду,болду мен пас.Бул соз сага да жетиптир да деп мурункудай чакачандабай шалдырай тушуп,басып кетти.
Ох деп кутулганыма суйунуп мен да бат бат басып уйумо кири келдим. Уйдо байкем мен тайэкем чай ичишип, экоо суйлошуп отурат.Чагымда байкем иши тууралуу сурап отурган го.Байкем мага неге кеч келдин деп калды.Классташтарым менен киного бардым деп торку оз болмомо кирип кеттим.Кинодогуларды эстеп озумчо уялып отурсам женем кирип.
- Эмне курсагын токпу? Кочодо тамак бышырып койуптурбу? - деп жини келгенсип кекеткенсип.
- Жур тамак бышып калды,азыр да эжем келет,жакшы тайэке да келип калыптыр.Казанды эрте эле аскам эжеме карап эмне болсо да бугун сенин майрамын го.жакшыраак тамак менен тозуп койлу дедим эле.Женем менен кошо чыгып аш уйго кирип кеттим.Женем камыр жууруп койуптур мен жайып кесип атсам байкем кирип, эт чыгарганча
- Акен,чонойуп калдын,эки жака коп эле баспа деп койду.Демек менден кыжаалат болушкан. Бул мага эскерттуу.Кутулбогон коноктор узагандан кийин,эртенки сабагыма китептерди салыштырып, кийимдеримди растап, коридорго чыгып бут кийимимди суртойун деп атсам кагаз тушуп кетти.Ачып карасам " жоогазымды мен магазинден коргум келет" дептир.Эжемин уйу магазиндин жанында болгон учун демек эжемкинен кутот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 19:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Сабактан кийин уйдо жолуктук.Эжеме апасы Алма-Атага кочолу деп атасы экоону кыйнап атканын айтып отуруптур.Кочсонор кочкуло да ата конушу ошоякта болсо,тайэкендин баласы жок болсо же бир биякта сенден башка баласы болбосо.Сенден ажырап калыштан апан коркот.Атан озу деле атасы татар болгон менен апасы кыргыз болгон.Биздин чон энебиз татар болгон менен чон атабыз кыргыз болгон.Кара - колдук татардын кобу эле аралашып жатып калган.Апан озу уйгур болгон менен татарларды жакшы корбойт.Кайненем кыргыз болгон учун эле атам берген деп калат..Казакстанга кочуп кетсем татарлардан кутула белем деп коркуп отурат.
- Аяш эне,атамын ата журту кол да.Колдо туулуп оссо,менин деле ата журтум кол.Мен тайэкеме карап Казаксанда журом ушу апам ыйлабаса экен деп.Атамын тууган уругу бут колдо болсо анан апамы ээрчип казактарга кетип калабы.Тууган урукту таштап апамын созу деп кетип кала белек.
- Оба тайэкем жангыз бирок атам экообуздун да максатарыбыз бар.Мен тайэкем учун эле зорго журом,карган кишини таштай албайм бирок менин деле максатарым бар.Мен колдун кулунумун,колсуз жашай албайм.Киндик каным токон жер.Мен кете албайм.Сизди уйдогулор урмат кылат,сиз менин созумду жеткирип,тушундуруп бериниз.Мен айтсам эле ыйлап берип атат.
- Балам кептин ачыгын айтсам,сенин татар кызга уйлонушун жакпай атат.
- Ой мени татарга уйлонот деп ким айтты аяш эне.деп кызарып кеттип мен кыргыз кызга эле уйлоном деп жер карады.
Мен да эшике чыга качтым.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 16 Июнь 2017 - 19:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 20:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Агородо максатсыз эле отурдум. Озу татарга тийип алып татарларды жаман коргонуно акылым жетпей.Бала чагымда атамын тайэкелери деп топ татарлар келет.Атам сыйлап кой сойдуруп,коп келсе тай сойдуруп эки уч кун коноктойт эле.Жыргап оз тилдеринде чулдурап ырдашат эле.Керек болсо атам да татар тусподош болчу.Бирок атам татар тилинде ырдаганын укпагам.Чон энемди эч ким жаман дегенин да укпагам.Чон энем ото сулуу,кашы капкара,чачы узун болгон экен бирок козу копкок болгон дешет.Чон тайэке деле узун бойлу кашы козу капкара,бир карасан татарга,бир карасан кыргызга окшош.Жакшы киши...
Татарлар го татарлар акыркы жылдары атам жок оздору деле катабай баратат.
Биздин тагдыр не болот.Ал каттарында Фрунзеге которулуп келмек.Чогу болобуз деген тилек аткарылбайт экен да...
Ойлонуп отурсам артыман шыбырт чыгып калды,карасам ал.Жаныма отуруп,акыбалымы, окууму сурап,озу жонундо айтып уч кунго эле келгенин айтты.Кудай буйурса кышта келерин.Экообузго лыжа алып келип,тоого чыгып ойноп келишибизди айтып.Быйыл жакшы эле колдун сезонунда келгиси келгенин бирок буйрук деген буйрукта,чет жака которуп ийгенин айтып отурду.
- Сенин кышкы каникулунда соз жок келем.Уйдогулордон сени сурап Фрунзеге алпарып андан ары Алма-Атага алпарып тайэкеме тааныштырып келем.Ошол келгенимде уйдогулорго сен экенинди айтып, аяш энемен астынан отуп,сени сурап кетем
- Сен ошого макулсунбу ?- деп откур козу менен карап калды.Мен не дешими билбей жер карадым.Эгимен колу менен аста которуп.
- Жангызым,жаным менин,бир жолу оз озун менен суйом деп койчу.Билесинби бир ооз созун мени канча даражада бактылуу кылып,мени шердентерин. Мен унчуга албадым. Ал создун чыгышы озу кыйын. Кат жузундо айталбайм анан кантип озуно айталам...
Билем берекем айтпасан да суйорунду билем мага ошонун озу деле чон бакыт.Колун тушуруп ордунан туруп экообуз чогуу уйго кирдик.Эжем менен коштошуп анан мага колун берип,колуму акырын кысып коштошуп чыгып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 20:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Эжем ой узатып кой уят деп калды.Эшике чыксам негедир короодо кутуп турган экен. Экообуз эрчишип дарбазага жеткенибизде
- Жангызым,аярым менин сен эшике чыкпай эле кой,жаман коз коруп саа соз тийип калбасын деп колуман аста кармап,колумун учунан ооп,эртеге бир коруп кетем деп чыгып кетти.Мен дарбазаны жаап,жылчыгынан карааны корунбой калганча карап турдум...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 23:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Эртеси кайдан корунот экен деп эси дартымын баары анда болуп,Шакинди байкабай калыпмын.
- Эй сулуу,бир адамдын суйгону деп артыман чуркап келди.
- И таарынычын тарай элекпи.Тим койсом карабайсын деп кучактап кетти.Каяктагы таарыныч эстей албай анан кинодогу эсиме тушуп кетти.Узунду кыскалуу болуп эрчишип келе атсак,дарбазадан ак тишин ырсайтып досубуз тозуп алды.Учобуз эрчишип келе атсак залда агай менен суйлошуп тайэкем турат. Мага жалт карап козун тартып алды.
Ошол коз карашта сагынуу да,айрылуу да тупкурундо мага таарынуу да бар эле.Досум адатынча тенсинбей.
- Эй ушул формачан куйгузду,чиренет бул ары жок метис кимдин аркасында журот билбедим го бирок ал кыз муну тоотпогону анык.деп угуза эле айтып калды.
- ошол сен тоотпогон адам " Менин жакшы коргон адамым " деп ичимен жооп берип,жылмайып койдум...
Экинчи сабак башталганда эшик тыкылдап агай эшике чыгып кетти.Бир аздан кийин кирип.
- Исаква эжем чыкырып атат.
Точно эжем эмес,эжем ишин таштап маа келбейт. Бул ал жеп журогум тыпырап кетти.Чыксам колума бир нерсени бере койуп,кош ардагым деп шыбырап,коздорун жоодуратып карап,саамга туруп кети калды.Колумдагы катты кайжагыма катарымды билбей шашкалактап фартугумдун астына катып класска кирип келдим.Отурушума Исаева кана катты бери чозчу деп шыбырап тийише баштады.Агай байкап калып,Асаналиев сага отурган жакпай атабы,чык эшике деп кууп чыкты.Ал жогунан пайдаланып катты бекем катып алдым.Сабактан чыкандан кийин кимден кат алганымды сурап,жанымды койбой тийишип калды.Жини келип туталанып,айтпаганыма ичи бышып,акыры мен билем деди.Сен жанагы формачанга жолугуп кат алдын.Мен сенин катына кызыканымды угуп калып агай атайлап сабактан кууп чыкты.Ошол агайын менден бир куну олот.
Мени билбейт дейт го мен баарын билем экоо дос.Дайыма агайдын сабагында саа жолугуп кат берет.Сенин аны жактырбасынды деле билем.Анын акркы создору жагып турду.Офисерге турмушка чыканча эрсиз отконун жакшы деп мага кенеш айтып коштошуп кетип калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   raia   16 Июнь 2017 - 23:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Кайрылуу тун!!
Кармаган орозонор кабыл болсун.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Nurbekova_nb   17 Июнь 2017 - 04:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 16 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2018 21:25

Жакшы жазып атасыз ,чоон рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   raia   17 Июнь 2017 - 09:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Уйго келип катын окуусам,ал да мени досуман этиет болушумду,ал менин дайыма жанымда журушу жакпай атканын,эгер ал мени суйуп калса ар ишке кол урарын,мени оной менен кой бербей койушун эскертип жазыптыр.Мен учун кыжаалат болгону ачык эле билинип калыптыр.
Досум оозу менен ар кимди суйоо берерин,оз суйгон кызы бар экенин тушундуруп жазып жибердим.Бир жумада эле жооп келди.
Мен жаштык кылып атканымды.Анын суйуусун байкабай ага ишенип жургонумду. Чекеден караган адамга мени каттуу суйору билинип эле турганын.Бекеринен мен кайда болсом чогуу журбошун,жада калса бий кечесинде эч кимди жолото койбой бир озу алып жургонун айтып, ал турмак туну да бакка чыгып отуруп алып терезеден мени карап тун кузоторун айтыптыр...
Мен ойлонуп коруп кызганычтан чыкан соз деп кабыл алдым.
Чындап биздин уйдун тушунда 5-6 адам биригип кучактаса кучак жетпеген бай терек бар.
Мен ыр жазганымда теректин шуулдаган унун угуп,жалбырактардын дирилдегени менин журогумду уйгу туйгу кылып ыр саптары келет эле.Терезени ачып койуп,телмирип копко отурат элем.Терезенин тубундо кроватым,ылдый жагында сабак окуй турган столум,бурчта Нур байкем белеке берген,нур чача турган чон родилам бар.
Мен кроватыма жатканымда да дарактын ар бир бутактарын карап,эчен санап,жалбырактадын дирилдегенин коруп,радиоладан сыбызгыган музыка жанырып,мен тербелип уйкуга кетет элем...
Сабак даярдаган столумда терезеге жакын болуп,даракты карап суктанып,эчен ойлонуп,эчен толгонуп,ушул дарактай кенен кулачымы жайгым келип,ушул дарактай бийик,бийик оскум келип анан ушул дарактын жалбырагындай ыр саптарын токум келчуу.Дуйнодо ушу дарактай кооз,ушу дарактай кулачын кенен жайып,асаман тиреп бийик анан да мээрман энедей,кулачын кенен жайып бутактаган терек жоктой сезилчуу...
Бирок мага билгизбей кучагына синирип,бироолорду катып,душмандык кылат деп эч ойлобогом. Мен таарына даракты карап капа болуп турдум...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   raia   17 Июнь 2017 - 09:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Кундор отуп кыш келип,тымызын жол кароодомун. Бир куну уйго келсем, эжем аппак шапканы башына кийип,кызыл ручканы колуна алып,чай ичкен хан столдо кат жазып отуруптур.
Шапка мага экенин билдим бирок сыр бербей билбемишке салып ички уйго кирип кеттим.Уйго кирип эле мага бандрол келгенин тушундум. Бирок эжемин колуна кандай тушуп калганына тушуно албай турдум.
Кайра чыгып унчуга албай эжеми карап туруп калдым.Эжем кебелбей.
Кичи тайэкем мага шапка,ручка салып ийиптир деди.Чындап эжемин атына жонотот эле да.Урулугум кармалып,кулуп эле унчуга албадым.Эжем да кулуп,почтага барса почточу кыз
-эже сизге бандроль келди деп кол койдуруп бериптир.( Экообуздун жеке почточубузГиргорий байке жок болуп калган го)Ал киши ал жерде начальник болуп,кат,бандроль ду биринчи озу текшерип,эжеме келген анын каттарын уйго жонотпой озу алып калып,озумо берер эле.
Шапканы,ручканы берип ичинде да булар бар экен деп кызыл кутуча менен кат берди.Кутучада алтын саат бар экен.Катында жакында жуз корушуп калаарыбызды чыдамсыздык менен кутуп атканын.Жуздошкондо коп соз айткысы келерин бирок мен жаштык кылып тушуно албай,коптогон армандары ичинде каларын жазыптыр...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 17 Июнь 2017 - 09:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   raia   17 Июнь 2017 - 10:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Окуучулук кундор конулдуу да кызыктуу да отуп атты.Мурункудай коп урушуп,таарынышпай, бири бирине сый болуп,эртеге эле ажырашып кетсек сагынышаарыбызды айтып,кечиришип ынтымактуу болгонсуп калдык.Киного да кобунчо чогуу баарыбыз.Жашыруун отуруш уйуштурушат бирок мен эч бирине баралбайм.Эжемди мугалимдерибизге айтып койот деп тартынышат, мени жур деп зордой алышпайт.Менин да андай ызуу чууга кызыгым жок.Туулган кун откорушот бирок ата энеси уруксат берип,мектептен ата эне тарбиялык завучтан уруксат сурамай.Менин да туулган кунум келе атат бирок биздин уйдо темирдей тартип.Оз уйумдо болсом уч кызга руксат,эжемдикинде болсом тортобуз чогуу болсок керек.Дагы билбедим байкем кызым 17 ге чыгат, кой сойуп туугандарды чыкырып бата алып берем дегени бар.Туулган кунумо эки кун калганда кутуктоо теллеграма алдым аны менен кошо переговорный да алдым, туулган кунумдо аны менен суйлошом...
Туулган кунумдо аны менен биринчи суйлоштум,уну чон адамдардай токтоо угулат экен.
Бирок туулган кунумдо биринчи болуп досум куттуктады. Оз уйумон чыгып бурулушка жеткенимде, теректин тубундо туруптур.
Туулган кунун менен чон кыз!!
Колуман кармап мен суйгон китеп " Боз торгой "ду белек кылды.Жолдон Гуку мен Шакин белектери менен тозуп алды.Тортобуз узун кыска болуп эрчишип келе атсак адатынча тийише.
- Ымыркайды которуп алсамба деп шап которуп алды.
- Жинди, токто эл корсо уят десем.Бетиме бетин тийгизип,эмики жылы сен 18 ге чыканда,Фрунзеде куду ушу кундой сени которуп ала качып кетемин. Уйумо алпарып улпулдотуп ак жоолук салып,колукту кылып аламын деп жерге тушуруп койду.Тамаша экенин же чын экенин биле албай ичимен сызылып кала бердим.Берки экоо тамаша катары кабыл алып ага кошулуп жыргап кулуп атышты.Балким мага эскертуу каты келбегенде мен да буларга кошулуп жыргап кулуп турмак белем...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 17 Июнь 2017 - 10:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   raia   17 Июнь 2017 - 11:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Сабакта отурсак,бапалактап кар жаап мага куттук айтып жаткансыды. Ушундай жааган карда мен аны менен жангыз баскым келди.Бирок ал алыста...
Ага болгон кусалыгым артып,кусалык кусалыкты чыкырып мен атама баргым келди.
Класс жетекчиминен суранып,сабакты таштап,мен атама бет алып,атам жаткан жайга бардым.
-Атаке мен 17 ге чыктым.Сиздин жакшы коргон жытоочунуз 17 ге чыкты атаке.Мен сизди,энекем экоонузду кандай сагынганымды билсени эле...
Бирок бозоргон боз топурак,бозорот да турат...
Атам,энем жана мен болуп бактылуу кундорубузду эстеп.алыста мелтиреп чалкып жаткан колуму карап,аркама бурулуп асман тиреген аска зоолорду, ылдыйында жайгашкан карагайлуу чер тоолоруду карадым.Ошол тоолордо учообуздун бактылуу кунорубуз калды,чалкып жаткан колумдо издерибиз калды. Сиздер кана жок.. Кыялдын кемесине тушуп,кайра аркама кайттым.Келген изим корунбой,каар улуулап жай баштады.
Кеч коноктор келе баштады бирок уч кызга озунчо болмого даярланып,кутуп калдык.Досум Гукуго саатын дайындап кеч барарын айтырып жибериптир.
Шакин женемдин авасынын кызы болуп,жакын синдиси эле.Сапардын келишине женемди кондуруптур, байкем кантип конгону мага карангы.Кечирек Шакин экоо эрчишип кирип келди.Байкем кокусунан кирип калса кантем деп чыйпылыктап эки уч жолуу качан кетесин деп сурап ийдим.Ал тамашалап.
- Алтыным эч камтама болбо.Карындашым 18 ге чыканда озум эле уйуно кийрип бермекмин деп байкем суйунуп тозуп алды ишенбесен сурап кор.Быйылча озун эле келип тур,эмдиги жылдан экоон эрчишип келип турасынар деп аржайлана баштады.Бирок тортобуз конулдуу жакшы отурдук.Акырында досум жакшы тилек айтып артынан уч куплет ыр окуп берди.Ырдын мааниси суйгон кызы жонундо экен.Учобуз тунжурап,ойлонуп калдык...
Иши кылып мага арналбасын деп журоксунуп, бирок мага эмес,суйгону сулуу,назик кыз экен го,мен эмес деп озумон туртуп койдум.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 17 Июнь 2017 - 11:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   nnn.sss   17 Июнь 2017 - 11:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 26 Август 12
  • Соңку аракети: 13 Сен 2021 21:52
  • Жынысы:Аялзаты

Mumu1986 (12 Июнь 2017 - 13:51) жазган:

Автору эсимден чыгыптыр, " Армандуу биздин балалык" деген чыгармадай сонун жазылып жатат. Жумушта чай иччуу жерге барып бекинип окуучу болдум, себеби созсуз ыйлаарымды билем. Рахмат сизге.

Камбаралы Бобулов болчу автору,сонун жазылган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   raia   17 Июнь 2017 - 12:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Коштошуп эшике чыгып,каар бапалактап дагы эле токтобой жаап атканын корушуп,женемен бир аз ойноп келели,кайра озубуз уйго алып келип колунузга тапшырабыз дешип чуулдап женеми кондурушту. Тортобуз колтукташып кенен кочодо,келечектен кеп салып,бапалактап жаткан каардын астында,аппак карды кычырата тебелеп жыргап басып журдук.Айылдын четине чыгып жолдун бойунда оскон ак кайынга жолонуп досум учообуздун ортобузда суйгону жонундо ыр ырдап арманын того баштады.Шакиндин шоктугу кармап кар менен бетине бир койду эле ыры токтоп саамга ызаа боло тушуп Шакинди кубалап кетти.Ал чыркырап бизди жардамга чакырып калды.Баары бир эрекек бала да учообузду уч жака ыргытып,учообузду тен карга комуп айлабызды кетирди.Кулуп атып алыбыз кетип калдыбы же чын эле кучтуубу,эч алыбыз жетпей койду.
Тан атканча жааган кар тизеден аша тушуптур.Байкем мен турганча карды куроп ал гана эмес мага жол салып кыйла жерге чейин куроп койуптур.
Биринчи эле ойум эжем кантет болду экен.Менин ойумду байкем окуп койгонсуп,мектепке тамагынды ичип кет,мен эжеме кеттим деп чыгып кетти.Тамактанып эшике чыксам басылып калган кар кайра жаай баштаптыр.Айлана аппак.Кыштын керемети кандай сонун.Журогум кубанычка толуп,аппак карды кычырата басып,аппак тилегим менен мен аны ойлоп,кечеги керемет создорун эстеп келе аттым.Озуно айталбасам да аны суйуп калган бактыма раазы болуу менен аны элесиме келтирип,бул дуйнодо экообуздон бактылуу адам жоктой,ой кыялында термилип келе аттым.
Аркаман далыма доп деп кар тийди.Ал дайыма корбомушко салып басып кетсем аркаман кар атар эле.Чын эле ал келип калдыбы деген ой кылт дей тушту.Аркама бурулуп паралел окууган классташымды кулуп турганын кордум.Журогум тыз деп колунан ойунчугун жулдуруп ийген баладай мостойдум ,жек коруу сезимим ойгонуп турду.
Тез тез басып жаныма жетип.Кече туулган кунумдуу куттуктайын деп мектептен таппай калганын,кечинде келсе коноктор келип атканын чыкыртайын десе уйндогулор машинасы менен келип калганын кобурап келе атты.Астыбыздан досум чыкты.
-Ой чон кыз! Биз келсек жоксун,ымыркай уктап калса ойготуп келейин деп чуркап келе жатым эле.деп бажандап калды.
- Досун адам тааныбайт.Мени корбой,жыргап жылмайып бактылуу,кимдидир ойлоп бараткандай. Чагымда досун бироону каттуу суйп калган го.
- Достуктан суйуу жаралат дейт деп бир колу менен сумкамды алып,бир колу менен белимен тартып ууртуман ооп,мени гана ойлоп келе атты да деди.
Муну кутпогон жаным нес боло туштум.Озума соз кирбей,кызарып уятыман олдум.
- Берекем бол кечигебиз деп шаштырып калды.Озумо келе тушуп,атайы кылып атканын сезип унчуга албай жетегинде басып баратым.Учобуз чогуу басып келе атканыбыз менен ойлорубуз чачырап,бир кызык акыбалда келе аттык.Класска киришке экообуз болунгондо.
- Кечирип кой,мен ага атайын кылдым.Ал дайыма сени суйом,созсуз алам деп мактанып журот.деп туз эле суйлоп аркасынан шылтоо менен сени бир ооп алдым деп каткырып калды.
- Жинди.
Экообуз эрчишип кирип ордубузга отуруп калдык.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 17 Июнь 2017 - 12:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   raia   17 Июнь 2017 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Эй жоо келе аткансып сумкабызды жерге таштай качтын го жада калса озундукун да ала кетпепсин.Шакин досубузга тийишип калды.

- Оба,досубузду онбогон жоодон мушташып журуп куткарып келдим деп кулуп купшундап калды.
- Уйку деген жоодонбу деп Гуку да коштоп кетти.Эжейибиз кирип тынчып калдык.
- Эй кыздар бир сонун жанылык болду деп купшундап калды.
- Кана балдар тынчтангыла деп эжекебиз октом кагып койду.
Бул жинди тигилерге айтып,учоолоп шылдындашарын сезип.Секин дубалга жолонуп,ага муштумумду тйуп олосун деп жандап,ондонуп отуруп атып эжейди карасам,ал мени карап туруптур.Бир аздан кийин капталыман кат кели.Партанын астынан окуусам " Алтыным ал сырды эч кимге айтпаймын "деген экен ох, деп эс ала туштум.
- Исаева катты бери жонотчу деп ачуу уну менен талап койду.Ордуман туруп эмне кылышымды билбей былтыйып туруп бердим.
- Бери жонот деп атам,сен эле окуубай баарыбыз окуп рахатаналы деп какшана баштады.Аркаман досум бер,берип кой деп шыбырады.Мен бере албай уялам.
- Бар эжемди чыкырып кел деп Гукуну жумшады.Ал да мага окшоп ордунан туруп менин конулумду кыйя албай ал да турат.
- И эжеми чыкырып келсе ушунча балдардын астында мен учун кыжаалат болуп кызарганы козумо элестеп кетти.Мен аргасыз катты берди.Эжей катка коз жугуртуп.
- Экоон тен эшике чыккыла,ага карап алтынындын колунан жетелеп 45 минут суйуу баган аралап кел.
- Кана эшике чыгып кеткиле,силер чыкмайын мен тема отпойм деди.Экообуз эрчишип коридого чыгып туруп калдык.
- Жур алтыным суйуу багын аралап келели деп купшундап калды.Мен аргасыз аны эрчип эшике чыктым.Эшикте каар жаап бурганактап, шамаалы менен кошо кар жаап атыптып,экообуздон башка эч ким жок.Кутурган итти байлса качып кеткендей суук экен.Экообуз ушугондон айланып басып журдук.Мектепти айланып басып журобуз,эгер экообуз болсок оозуна талкан сугунуп алат деп ойлонуп аны карасам ал да мени карап калды,экообуз тиктешип бирден каткырып кулуп калдык.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 17 Июнь 2017 - 12:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   raia   17 Июнь 2017 - 13:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

- Жакында жакшы кино кордум,ошону айтып берейинби деп,кино жонундо айта баштады.Ал кино жонундо айтып,экообуз мектепти тегеренип басып эптеп убакыт откордук.
Званок болуп,экообуз жарыша класска кирдик.
-Эки суйушконго каар жаап,озгочо эле романтика болду го -деп Кубул.
- Экоо таш жааса деле тоотпойт анткени ортосунда суйуу да.-деп Саламат.
- Керек болсо эжей дагы суктанды го деп -Жаныл.Иши кылып аларга соз эле табылбай калды го.Биздин ушуп жургонубуз менен иши жок. Колум тонуп калган жемпирим да жука эле дагы бечара досум болбосом болбой кастюмун кийгизип койгон .Ал бечара койнокчон,жука желетчен журду.Устубуздон кар жаап бороон журуп турса.Мен чуркап барып контромарканы кучактап калдым,ушугонумон титирейм.Досум жаныма келип колдорун койуп,экообуз дик,дик титирейбиз.
- Эй Сапаш боломду тонутуп койупсун го.Мен болгондо кучактап журогумо басып,демим менен жылтып турмакмын.деп болом сагызгандай шакылыктайт.
Болон уянда не кылайын,кучактатмак турсун колун да карматпайт. Бугун зорго... деп келе атканда эртен мененки эсиме тушо калып.
- Айтпа,айтпа деп оозун баса калдым.
Ал менден качам деп чалынып баратып мени кошо ала кетти.Мени катту тийет дегенсип кучактап, кучагына ороп алды.Экообуз кучакташкан бойунча жыгылып туштук.Класс кыраан каткырык болуп жанырып кетти.Коз ирмемде,кутуусуз болгон учун экообуз тен онтойсуз болуп,жаман акыбалда калып,кубунуп, ондонуп атсак агай кирип келип.
-Охо мынча баарын жыргап атасын,кулкунор таш жарат го деп учурашканча отуруп калды.Сабак башталды,баарынын конулу бурулуп тынч отурушат. Бир эле мен переменде дагы шылдындашат деп кыжаалатмын. Тез эле убакыт отуп,агай коштошуп чыгып кетти.Агай менен кошо жарышып чыгып баратып
- Балдар ойун бир,кулку эки деп досум эшике чыгып кетти.Мен да китебимди ачып сабак окуп отурган адам болуп унчупай отуруп калдым.Эч ким даап соз айталбай,шылдындан ошонтип кутулуп кеттик.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 17 Июнь 2017 - 14:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 03:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: