Суперстан: Эскирген махабатым эске келгенде... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эскирген махабатым эске келгенде... Айзада аттуу кызга арналат

#1 Пользователь офлайн   Ali_Bolotbek   19 Июнь 2017 - 17:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 22 Май 2023 11:34

Анда сен 9-классты аяктап жаткансың. Мен болсо 1-курстун студенти. Жайкы сессиямды тапшырган соң адаттагыдай айылды көздөй чу койдум. Бир күнү классташтарым менен бака-шака түшүп айылдык маданият үйүнүн жанында отурсам концерт келиптир, кечинде барып келели деп калышты... Чогулуп алып концерт көргөнү бардык. Сени ошол жерден жолуктурдум. Кадимки индия кинолорунда көрүп жүргөн сулуу актрисалардан эч айырмаң жок экен. Өзүңө куп жарашкан кийимиң, узун чачың, карагаттай кара көздөрүң мени арбады да калды. Жаныңа баруудан канчалык тартынып турсам дагы акыры жигиттик намысым ойгонуп, таанышууга да үлгүрдүм. Ошол күндөн тарта сүйүү баяныбыз «СТАРТ» алды. Мен борбор калаада, сен айылда. Айда-жылда бир жолукканыбыз болбосо телефон аркылуу гана күнү-түнү сагынычыбызды таратып жүрдүк. Сени канчалык жактырып, жакшы көрүп турсам дагы жаныңа өзүм каалаган учурда бара алчу эмесмин. Ичимден сызып сагынган боюнча кала берер элем. Ушинтип жүрүп сени алыстатып аларымды билгенде айылда эле калып жаныңда болот белем?.. Балким жаныңда болбогонум менин кемчилигимдир. Алыстагы сүйүүнүн канчалык деңгээлде кереги бар экенин өзүң деле түшүнсөң керек. Акыры башканын колун кармап кеттиң. Ошол боюнча мамилебиз солгундап кетти. Мектепти бүтүп сен дагы шаарга келдиң. Кайрадан жолугуша баштадык. Сага болгон сүйүүм мурдагыдан дагы күчөдү. Жолуккан сайын көзүңдү карагандан эч тажабайм. Үйгө кетейин десең койнумда жаткан жубайымды бирөө тартып кете тургансып эч кое бергим келбейт. Бир жатындан чыккан эгизимдей жакын адамым болуп калдың. «Өтө кызыл бат оңот» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары экөөбүздүн ортобузду дагы кара мышык аралап, мамилебизге кайрадан жаракка кетти. Ары тартышып, бери тартышып отуруп, акыры сүйлөшпөй калдык. Андан бер 2 жылдын жүзү болду. Айтканга оңой болгону менен 2 жыл деле оңбогондой эле убакыт эмеспи. Ал убакытта үйлөнүп, балалуу болдум. Турмушум Куйдайга шүгүр. Мончоктой болгон жубайым, өзүмө окшош уулум бар. Кечээ капыстан жолугуп калдык. Мурдагыдан дагы сулуу болуп ачылып кетиптирсиң. Кантсе дагы эски сезимдер бар эмеспи. Учурашайын деп жаныңа барып апкаарый түштүм. Ал-акыбалды сурашып өз жолум менен баса бердим.
PS: Мындан саясат издеп, тепкилей берүүнүн кажети жок. Болгону эски сүйүүмдү көрүп эстеп кеттим.Сүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Ali_Bolotbek: 19 Июнь 2017 - 17:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Tansuluu09   19 Июнь 2017 - 17:57

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 15 Авг 2025 20:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Kominam   19 Июнь 2017 - 21:28

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

:unsure:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aijyldyz   21 Февраль 2018 - 15:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Уй-булоонду биринчи оорунга койгонун жакшы экен. Эгиздей болгон жубайын менен бактылуу омур сур
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Авг 2025 23:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: