Суперстан: Кулагыңа күмүш сырга - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кулагыңа күмүш сырга Адептүүлүк ыймандан

#181 Пользователь офлайн   waiting   14 Июнь 2017 - 17:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 618
  • Катталган: 01 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2017 08:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ шаары..

Бали! Аллахым ыраазы болсун сизден .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   luntik88   14 Июнь 2017 - 20:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 14 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2019 18:59

Рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Asya_92   14 Июнь 2017 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты

Алла раазы болсун сизден . Чоон рахмат .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   MoltirJan   15 Июнь 2017 - 12:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 072
  • Катталган: 04 Апрель 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2019 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс экен

Алла ыраазы болсун,силерге окшош адамдар коп болсо баары ата энени кадырласа бейиш эшиктери баарына ачык болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   tuuldun-kaldyn-baleege   15 Июнь 2017 - 13:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 14 Июнь 17
  • Соңку аракети: 27 Июн 2017 16:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Көр-тиргилик

Спасибо!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   Ardagymsyn   15 Июнь 2017 - 13:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 26 Май 17
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 00:53

Ата энени козу барда сыйлай жур , козу откондон кийин алтындан эстелик курсан да кеч болот. "Балам балалуу болгондо билесин"- деп бекер айтышпаган экен , озум эне болуп апамдын кадырын билип атам. Эгер мен кайра жаралуу мумкунчулугум болгондо апамдын жанынан чыкпас элем. Ар дайым жардам берип айтканын кылып жанында болмокмун. Окуйм, иштейм деп кетмек эмесмин. Ойлоп отурсам биз баарыбыз чогу атам ,апам , бир туугандарым болуп чогу откоргон кундор кайталангыс бактылуу ,сонун кундор экен.Азырчы бирибиз уй булоолу , бирибиз иштеп, бириси окуп ар кимиси ар жакта а ата-эне балдарын кутуп уйундо жалгыз калат. Колунардан келсе ата эненердин жанында коп болгула ,алар учун биз ар дайым бала бойдонбуз.

Билдирүүнү түзөткөн: Ardagymsyn: 15 Июнь 2017 - 13:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Nuriza90941214   15 Июнь 2017 - 14:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 05 Март 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2020 19:08

эн бир соонун создорду калтырыпсыз. Аллах сизден,бизден ыраазы болсун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   kaidasyn   16 Июнь 2017 - 17:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Кайда жазышты билбедим ушул жака жазып коеюнчу.


Азирети Умар (радыяллаху анху) айткан;


Коп кулгон кишиде-сур болбойт.

Тамашакой кишинин кадыры тушот.

Адамды кордогон киши-озу кор болот.

Ким кайсы иш менен алектенсе ошону менен таанылат.

Созу коп пайдасы жок тантык болот.

Тантык киши уяты жок.

Уяты жок куноодон коркбойт.

Куноодон коркбосо дил олот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   Zeinep_gunew93   16 Июнь 2017 - 20:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 15 Май 17
  • Соңку аракети: 10 Июл 2017 13:45

Автор сизден Аллахым ыраазы болсун кээ бир инсандарга сабак болор. Ата энени козу барда сыйлап кадырын билели кеч боло электе Бул дуйнодон отуп кетсе артынан тынбай куран окуп сооп иштерди жасап турушубуз керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   KeHeBeC   17 Июнь 2017 - 15:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 14 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Июл 2017 21:06

Абдышүкүр ажы Нарматов: “Ар бир үйдө бейишке карай ачылган эшик бар”


Биздин ар бирибиздин үйүбүздө бейишке карай ачылган эшик бар. Бирок тилекке каршы, көпчүлүгүбүз эшик ачык турганда анын кадырына жетпей, качан гана ал жабылып калганда гана бармагыбызды тиштеп өкүнүп, «аттиң ай!..» – деп арман кылабыз. Деги ал кандай эшик болду экен?

Ал албетте, биздин ата-энебиз.

Жахима Пайгамбарыбызга келип:

– Оо, Алла Тааланын Элчиси! Мен казатка аттангым келди. Мына ошондуктан сени менен кеңешкени келдим, – деди.

Пайгамбарыбыз андан:

– Сенин энең тирүүбү? – деп сурады.

Ал:

– Ооба – деп жооп берген кезде, Пайгамбарыбыз ага карап:

– Андай болсо, анын алдынан жылбагын. Анткени бейиш – анын таманынын астында – деди.

Мына ушул хадистин негизинде: «БЕЙИШ – ЭНЕЛЕРДИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА» – деген куттуу сөз айтылып калган.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бейиш сенин энеңдин таманынын астында болсо, анын ортоңку дарбазасы сенин атаң болсо, анда эмне үчүн сен бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнүн кадырына жетпейсиң! ? Эмне үчүн бейиштин эшиги сенин үйүңдө турса, аны башка тараптан издейсиң?

Мурдагы заманда ыймандуу адамдардын бирөөсүнүн энеси каза болот. Ал абдан кайгырып, көз жашын төгө боздоп ыйлайт. Курбу-курдаштары аны жубатканга аракет кылышканы менен анын ыйын токтото алышпайт. Эч айласы калбаганда курбу-курдаштары ага:

– Сен эмне Алла Тааланын тагдырына нааразы болуп жатасыңбы?! Энең менен акыретте жолугарыңа ишенбейсиңби? ! – деп айтышат. Ошондо энесинен айрылган тиги киши:

– Мен энемдин каза болгонуна эмес, үйүмдөгү бейиштин эшиги жабылып калганына абдан кайгырып жатам – деп жооп берген экен.

Азыркы учурда баарыбыздын жумушубуз көп. Кээ бирибиз жумуш, кээ бирибиз окуу, дагы кай бирибиз ар түрдүү көйгөйдүн артынан чуркап, үйүбүздөгү бейиштин эшигин эсибизден чыгарып коёбуз.

Убакыт деген – бул зымырык куш тура. Эч бир нерсе мурдагысындай эле бир калыпта өзгөрбөстөн тура бербейт экен. Жаңы эскирет, мата жыртылат, темирди дат басат, тирүү жандык өлөт, бар жоголот, жок болгон унутулат… Мына ошондуктан үйүңүздөгү бейишке карай ачылган эшик дайыма эле ачык тура бербейт экен. Анын да жабыла турган учуру келет тура. Бирок анда баары кеч болуп калат.

Абдуллах бин Масуд Пайгамбарыбызга келип:

– Оо, Алланын элчиси! Кайсы амал Алла Таалага ары жагымдуурак, ары сүйкүмдүүрөөк? – деп сураганда, Пайгамбарыбыз ага:

– Өз убагында окулган намаз – деп жооп берет. Кутман сахаба:

– Андан кийин кайсы? – деп узаткан суроосуна:

– Ата-энеге жакшылык кылуу– деген жооп алат.

Кутман сахаба кайра эле:

– Андан кийин кайсы? – деген суроосун узатканда, ага Пайгамбарыбыз :

– Алла Тааланын жолунда жихад кылуу – деп жооп берет.

Алла Тааланын жолунда жихад кылуу, казатка аттануу – исламдагы эң маанилүү жана өтө сооптуу амалдардан болуп саналат. Алла Тааланын жолунда жихадга чыккан адам ошол казатта шейит кетсе, анын бейишке кирүүсү милдеттүү болуп калат. Ал адамдын денесинен аккан кандары кыямат күнүндө миск-атырдын жытындай жыпар жыты буркураган шейит болот. Бирок, Пайгамбарыбыз ата-энеге жакшылык кылууну жихаддан да алдыңкы, андан да жогорку орунга койгон.

Ардактуу Пайгамбарыбызга бир жигит келип, анын да жихадга аттангысы келгендигин, ошон үчүн уруксат берүүсүн суранат. Анын сөзүн угуп, оюн билгенден кийин Пайгамбарыбыз андан:

– Сенин ата-энең тирүүбү? – деп сураганда тиги жигит:

– Ооба, экөө тең тирүү – деп жооп берди. Анын жообун уккандан кийин Пайгамбарыбыз ага:

– Андай болсо, сен ал экөө үчүн жихад кылгын, – деген кеңешин айтып, ал жигиттин жихадга чыгуусуна уруксат бербестен, ата-энесине кызмат кылуусун буйруган.

Биз бул хадисти көп эле жолу угуп жүрөбүз. Бирок, анын маанисин, хадистин төркүнүн жакшы түшүнбөйбүз. Пайгамбарыбыздын, «андай болсо, сен ал экөө үчүн жихад кылгын» – деп айтышынын себеби, ата-эне картайган кезде алдан-күчтөн тайып, башка бирөөнүн көмөгүнө аябай зар болуп калгандыгы үчүн аларды кароо перзенттери үчүн оор болуп калышы толук мүмкүн. Анткени, картайган адамдын кыялы жаш баланыкындай болуп калары бышык. Андай кезде аларга демейдеги кадыресе болгон сөздөр да оор болуп, ар бир айтылган же жасалган ишти өзүнүн көңүлүнө жакын алып алуусу турган иш. Баласынын айткан сөзүнө түшүнбөй же кулагы укпай калышы ыктымал. Мына ошондой учурда баласы ата-энесине сабыр кылып, аларга кызмат кылуусу – бул Алла Тааланын жолунда жихад кылууга тете. Керек болсо, андан да жогору турат.

Эми өзүң терең бир ойлонуп, өткөндү эстечи. Сенин да тилиң жаңы гана чыгып, көзүңө көрүнгөн нерсенин баарын «ал эмне?», «тетиги эмне?»- деп сурай бергениңде, ата-энең тажабастан берген суроолоруңдун баарына жооп берчү эле го. Алар сага бир да ачууланбастан, кайра тескерисинче, сенин ар бир сөзүңө кубануу менен жооп беришчү. Сен эми ошонун акысын, кайрымын бербейсиңби?

Ата-эне ооруп төшөктө жатып калса, ордунда даарат ушатып калса, сен ага сабыр кылып, жихад кылгын. Сен да ымыркай кезиңде, ордуңда даарат ушатчу кезиңде сенин энең ар бир саат сайын алдыңды тазалап, сени бапестеп караган эмес беле?! Ал сенин андай жоруктарыңа ачууланбастан, кайра тескерисинче, «баламдын ден соолугу таза экен» – деп, кубанычтан албырган жүзү менен сага мээримин төкчү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын, «андай болсо сен ал экөө үчүн жихад кылгын!» – деп айткан сөзүнүн мааниси, түпкү төркүнү мына ушунда жатат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Эненин перзенти үчүн тарткан азабы, толгоосу, чүрпөсүн багуудагы көргөн кыйынчылыгы, эмизген ак сүтү, кылган кызматы эч качан акталбайт. Эч бир жан энесинин ак сүтүн, баласы үчүн кылган кызматынын акысын толугу менен төлөй да, актай да албайт.

Улуу сахабалардын бири Абдуллах бин Умар ажылык амалын аткарып жаткан учурда, энесин мойнуна көтөргөн бир жигит келип:

Мен энемди Хорасандан бери мойнума көтөрүп келип, Каабаны жети айланып, ажы амалдарын аткарттым. Эми мен энемдин ак сүтүн актай алдымбы? – деп сурайт. Ал кишинин айткан сөздөрүн уккандан кийин Абдуллах бин Умар ага мындай дейт:

– Жок! Сен энеңдин ак сүтүн актаган жоксуң. Керек болсо, анын сени төрөш үчүн тарткан бир толгоосун да актаган жоксуң. Бирок, сен сооптуу иш жасап, энеңе жакшылык кылдың. Ошентсе да, Алла Таала аз гана амалга мол сооп бере турган Айкөл Зат.

Чынында эле карыган ал байкуш эне өз алдынча эч бир нерсе жасай албайт эле. Уулу энесин даарат ушаттырып, ага даарат алдыргандан кийин түз эле ошол кездеги улуу халифа Умар бин ал-Хаттабга барды. Себеби, улуу халифанын уулу Абдуллах бин Умардын айткан сөзүнө канааттанган эмес. Жигит халифанын алдына кирип, энесин тээ алыстан бери көтөрүп келип, ажылык амалдарын аткартканын айткандан кийин:

– Оо, момундардын амири! Адилеттүү өкүмдар! Мен энемдин акысын, ак сүтүн актай алдымбы? – деп сурайт.

Умар ага жөн гана жайбаракат, бирок ишенимдүү түрдө:

– Жок! Актай алган жоксуң – деп айтты.

Мындай жоопту күтпөгөн жигит халифадан оң маанайдагы жоопту алуу үчүн:

– Карасаңыз! Жакшылап ойлонуп көрсөңүз… Мен аны жонума көтөрүп келбедимби? .. Бүтүндөй убактымды ага бөлүп, өзүм кызмат кылбадымбы? – дейт.

Ошондо халифа Умар ага мындай дейт:

؟

– Өзүң да бир ойлонуп көрчү. Энең да сага жаш кезиңде кабагым-кашым дебестен кызмат кылган. Бирок, ал кызмат кылган кезинде сенин көпкө жашашыңды тилек кылган. Азыр сен да энеңе кызмат кылып жатасың. Бирок, сен кызмат кылып жатып, мындай кыйынчылыктан батыраак кутулууну самайсың. Эми өзүң айтчы, экөө бири-бирине тең келеби, оо, Кудайдын кулу?

Алла Таала Курани Каримде минтип айткан:

«Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аны кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен көтөрүп жүрөт. Төрөлгөн соң аны эмизүү мөөнөтү эки жыл. (Оо, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар! » – деп айткан.

Мына ошентип ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таала бизге осуят кылды. Ошондой эле, осуяттын өкүмү буйруктун өкүмүнөн жогору турат.

Оо, менин мусулман бир тууганым!

Карагын. Энең сени кыйынчылык- тын үстүнө кыйынчылык менен тогуз ай көтөрдү. Эненин курсагында бала чоңойгон сайын аны көтөрүү эне үчүн кыйындагандан кыйындай берет. Ошого карабастан, курсагындагы бала чоңойгон сайын эненин кубанычы да көбөйүп, арта берет. Андай кубанычты энелерден башка эч бир жан билбейт. Эне тогуз ай курсагына көтөрүп төрөгөн баласын эки жылдай кучагында, көкүрөгүндө көтөрөт. Андан кийин деле өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүрөт. Ошентип, эне өзү бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин балдарын кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен жүрөгүндө көтөрөт. Эненин сен үчүн кылган мына ошондой жакшылыктарына шүгүр келтирбесек, ага өз ыраазычылыгыбызды билдирбесек, кызматын кылбасак, анда биз кимбиз?! Ата-энени ыраазы кылып, алардын бата-дубасын ала албаган адам бул дүйнөдө да, акыретте да бактылуу боло албайт. Бул тууралуу мына бул куттуу хадисти айтпай кетсек болбостур:

Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз минбарга чыгып баратып:

– Тумшугу менен кара жерге кирсин! Тумшугу менен кара жерге кирсин! Тумшугу менен кара жерге кирсин! – деп кайталайт.

Сахабалардын бири:

– Оо, Алла Тааланын Элчиси, кимди айтып жатасыз? – деп сурайт.

Ошондо Пайгамбарыбыз :

– Улгайган ата-энесинин бири же экөө тең тирүү кезинде, бейишке кире албаган адамды, – деп жооп берет.

Күндөрдүн биринде Муса пайгамбар Алла Таалага кайрылып: «Оо, Кудайым! Бейиште мени менен бирге боло турган адамды мага көрсөтчү» – деп суранат. Алла Таала тарабынан: «Азыр сенин жаныңдан өткөн адам сени менен бейиште бирге болот», – деген жооп келет. Ошол убакта анын жанынан жупуну кийинген касапчы жигит өтүп калат. Муса Пайгамбар таң калат да, анын артынан ээрчип жөнөйт. Жигит кичинекей бир алачыкка барып, ичине кирип кетет. Муса пайгамбар анын артынан келип караса, жигит бир картайган кемпирге тамак берип, анын буту-колун ушалап, ага төшөк салып берет. Кемпир анын кулагына шыбырап дуба кылат. Жигит кайра чыккандан кийин Муса пайгамбар андан: «Бул кемпир ким?», – деп сурайт. Жигит: «Бул менин энем. Күн сайын жумуштан келгенде ага тамак берип, ал-абалын сурап турам», – дейт. Муса пайгамбар: «Ал сага азыр эмне деп бата берди?», – деп кызыга сурайт. Жигит ага: «Оо, Алла Таалам! Менин баламды Имрандын уулу Муса Пайгамбар менен бейиште бирге кыла көргүн деп дуба кылды», – дейт. Муса Пайгамбар: «Анда энеңдин дубасы кабыл болуптур. Мен Имрандын уулу Мусамын. Алла Таала тарабынан мага экөөбүздүн бейиште бирге боло тургандыгыбыз тууралуу кабар келди» – деп жигитке сүйүнүчтүү кабар айтат.

Келиңиздер! Бир жакшылап ойлонуп көрөлүчү. Эмне үчүн биздин азыр кылган дубаларыбыз кабыл болбой жатат? Балким, бул атабыздан же энебизден жүз сом акчабызды аяп жатканыбыздан болуп жүрбөсүн? Ар бирибиз өзүбүзгө-өзүбүз суроо берип көрөлү: Ата-энеңе акыркы жолу качан белек алып бердиң эле? Аларды акыркы жолу качан зыярат кылдың? Алардын ал-абалын акыркы жолу качан сурадың экен?..

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Ооба, баарыбыз ибадат кылууну, сооптуу амалды жасаганды каалайбыз. Намаз окуйбуз, ажылык амалын аткаргыбыз келет. Бирок, ошол ибадаттардын сообундай соопко ээ кыла турган ата-энеге жакшылык кылуудан эмнегедир аксап келебиз.

Куттуу хадистердин биринде минтип баяндалат:

Анас бин Маликтин айтканы боюнча:

Сүйүктүү Пайгамбарыбызга бир киши келип:

– Мен да жихадга чыгууну самаймын. Бирок, ага менин кудуретим жетпейт, – дейт.

Пайгамбарыбыз андан:

– Ата-энең тирүүбү? Жок дегенде бирөө барбы? – деп сурайт. Ал киши:

– Ооба, энем бар, – деп жооп берет.

Ал кишинин жообун алгандан кийин Пайгамбарыбыз ага минтип айтат:

– Энең тууралуу Алла Тааладан корккун (жана ага урмат-сый көрсөтүп, жакшылап карагын)! Эгер энең (жасаган кызматың үчүн) сага ыраазы болсо, анда сен ажы, умра жана жихадга чыккан (ушуларды аткаргандай чоң соопко ээ) болосуң. Алла Тааладан корккун жана ага жакшы мамиле жасагын!

Факих Абу Исхак ал-Бухарий аттуу аалымга бир шакирти келип:

– Устаз, мен түшүмдө сиздин сакалыңыздан каухар-берметтердин куюлуп жатканын көрдүм, – дейт. Ага устазы жылмайган абалда күлүмсүрөп:

– Мен сакалымды энемдин таманына сүртүп жаткан болчумун, – деп жооп берген экен.

Эми ушул жерде энесине ак кызмат кылгандыгы үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын мактоосуна татыган жана анын дубасын алганга сахабаларды үндөгөн адам тууралуу айта кеткенибиз оң болуп турат.

Күндөрдүн биринде Пайгамбары- быз улуу сахабалардан Умарга) карап:

– Эгер, йемендик Увайс бин Аамир силерге келип калса, колуңардан келсе анын дубасын алып калганга аракет кылгыла, – деген кеңешин айтат.

Увайс бин Аамир Йеменде жашаган жана Пайгамбарыбызды көргөн эмес. Ал эми Пайгамбарыбыздын андан дуба сурагыла деп айтуусуна, Увайстын ата-энесин абдан урматтагандыгы жана аларга кылган ак кызматы себеп болгон.

Ошентип Умар ар дайым Йеменден келген адамдардан: «Увайс аттуу адам келдиби?», – деп сурап жүрөт. Бир жолу адаттагыдай эле соода кылуу үчүн келген йемендиктерден сураса, алар ага Увайсты көрсөтүшөт. Ага келип:

– Сен Увайс бин Аамирсиңби? – деп сурайт. Тиги:

– Ооба, – деп жооп берет.

– Сен ала оорусу менен ооруп айыккан белең?

– Ооба. Мен ала оорусу менен ооруп айыкканмын. Бирок, бир теңгедей гана жерим ак боюнча калган, – деп ошол жерин көрсөтөт. Умар:

– Сен мен үчүн дуба кыл. Сенин батаңды алып калайын – деп суранат. Увайс:

– Оо, момундардын падышасы! Сен Пайгамбарыбыздын эң сүйүктүү жолдошу болсоң, мен сага кантип дуба кылып, кантип бата бермек элем? – деп баш тартат. Анда Умар:

– Мен Пайгамбарыбыздын: «Эгер Увайс келсе, андан дуба кылуусун сурангыла, батасын алып калганга аракет кылгыла» – дегенин укканмын. Андыктан, келгин да бизге өз батаңды бергин, – дейт.

Мына ошондой улук адамдан Пайгамбардын оозунан өзүнүн аты чыкканын уккан Увайс кубанганынан ыйлап, дуба кылып, батасын берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Алла Таала ар бир күнөө үчүн жаза даярдаган. Күнөөкөр пенде акыретте күнөөсүнө жараша жазаланат. Ал эми ата-энесин нааразы кылган адамдын жазасы акыретте да, бул дүйнөдө да болот. Ата-энесин карабай таштап кеткен, ата-энесине кол көтөргөн, аларга тил тийгизген, аларды жаман көзү менен караган ар бир бала жана кыз эртең эле өзү да ата-эне болот. Алар ата-энесине кылган мамилени ашык-кеми жок өз балдарынан көрөрү шексиз. Бул Алла Тааланын алар үчүн бул дүйнөдө берген азабы. Пайгамбарыбыз :

«… Ата-энеңерди урматтап-сыйлагыла! Мына ошондо өз балаңардын урмат-сыйын көрөсүңөр…» – деп айткан. Ал эми ата-энени нааразы кылган адам үчүн болуучу акырет азабы айтпаса да баарына маалым.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Ата-эне бизден эмнени каалайт? Аларга биздин акчабыз, малыбыз, байлыгыбыз керек эмес. Аларга болгону сенин бир ооз жылуу сөзүң гана, бир гана жылуу көз карашың, болор-болбос убактың гана керек. Сенин аялың: «Алып келген жоксуңбу, качан алып келесиң?» – деген сөздөрдү айтып, алууну гана каалайт. Ал эми энең болсо: «Алып кеткен жоксуңбу, качан алып кетесиң?» – деп, берүүнүн гана камын ойлойт. Аялыңдын көңүлү чөгүп, сага таарынымыш болуп калса, анын көңүлүн көтөрүү үчүн колуңдан келгендин баарын жасайсың. Эми энеңдин көңүлү кандай экенин сурабаганыңа канча күн болгонун бир эстеп көрчү?

Бир жолу зер буюмдарды саткан дүкөнгө жаш жигит аялы менен кирип калат. Алардын артынан жаш баланы көтөргөн улгайып калган аял да кирет. Келин сөйкө, шакектерди тандап отуруп, акыры эки жүз долларга бир сөйкө сатып алат. Жигит анын акчасын төлөп жаткан мезгилде, сатуучу ага: «Эки жүз сексен доллар бересиз», – дейт. Жигит: «Кандайча? Эмне үчүн?» – деп сураганда, сатуучу: «Мына бул аял да сексен долларга бир шакек алды»,– деп, жанагы бала көтөргөн аялды көрсөтөт. Ошондо ачууланган жигит: «Сага мунун эмне кереги бар эле?» – деп тиги аялга кыйкыра баштайт. Аял уялганынан колундагы баланы жерге коюп, шакекти таштайт да, дүкөндөн чыга качат. Келин күйөөсүнө карап: «Сен эмне үчүн ага айкырасың?! Эми баланы ким көтөрөт? Ким карайт?»– деп аны жекире баштайт. Жигит жерде жаткан шакекти алып, сыртка чыгат да, тиги аялга карап: «Эне кечирип коюуңуз, ала бериңиз бул шакекти» – деп, ага сунат. Бирок, көзүнө жаш алган эне жүзүн буруп: «Ыракмат балам. Мен эми өмүрүм өткөнчө шакек тагынбаймын» – деп жооп берет. Көрсө, жанагы улгайган аял ошол жигиттин энеси экен.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Баарыбыз өзүбүздү мусулманбыз, ыймандуубуз деп эсептейбиз. Келгиле, ушул куттуу мечиттен чыкпастан туруп өзүбүзгө мусулмандык убадабызды берели.

Ким ата-энесинен көптөн бери кабар ала элек болсо, барып кабар алсын.

Ким ата-энеси менен көптөн бери сүйлөшө элек болсо, телефон чалып ал-акыбалын сурасын.

Ким көптөн бери ата-энесине белек тартуу кыла элек болсо, белек берсин.

Ким шайтанга азгырылып ата-энесин нааразы кылып койгон болсо, кечирим сурасын.

Ал эми кимдин ата-энеси бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо, Куран окуп, аларга багыштап дуба кылсын.

Оо, Алла Таалам! Ар бирибиздин билип-билбей кылган күнөөлөрүбүздү кечиргин! Ата-энелерибиздин да кылган күнөөлөрүн кечиргин! Ата-энебиз бизге ымыркай кезибизде кандай мээрим төккөн болсо, сен да аларга ошондой, керек болсо андан да ашкан өз мээримиңди төккүн.

Оо, Алла Таалам! Ар бир баланы ата-энесин урматтоочу, аларга ак дилден кызмат кылган, кылган жакшылыктары себептүү ата-энесинин батасын алган бактылуу пенделериңден кылгын.

Оомииин!..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   hanisa   18 Июнь 2017 - 04:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 222
  • Катталган: 08 Апрель 12
  • Соңку аракети: 04 Дек 2018 18:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Astana

Келменин жана зикир чалуунун сообу
АССАЛЯМУ АЛЕЙКУМ ВА РАХМАТУЛЛАХИ ВА БАРАКАТУХ
Бисмиллахир рохманир рохиим.
Хадис: Бир куну бейиштен бир киши эртен менен туруп бир жыпар жыт сезип калат, анан периштеден сурайт
- бул эмненин жыты?
периште
- бул жыпар жыт сенин устундогу даражадагы бироо тошогун желпип атат ошондон чыккан жыт деп жооп берет.
дагы сурайт
- ал эмне кылганы учун ушундай даражага жеткен?
периште
- ал киши жалган дуйнодо, сага караганда бир жолу СУБХАНАЛЛАХ де кобуроок айтыкандыгы учун. Деп жооп берет
ошондо тиги киши
- мен эмнеге 2 жолу кобуроок СУБХАНАЛЛАХ деп айткан жокмун деп кейип калыптыр.

Бул хадис менен эмнени айткым келет:
1. Бир жолу СУБХАНАЛЛАХ деп айтылган создун сообу, анын бейиштеги берилген даражасы, жана бул жалган дуйнодогу анын эн оной женил айтылышы.
2. СУБХАНАЛЛАХ дегендин мааниси- АЛЛАХ ЧЕКСИЗ (мээримдуу, боорукер, кечиримдуу)
3. Сообу- бир жолу айтылган СУБХАНАЛЛАХ деген создун сообу 80 тоону (верблюд) союп кедей кем багалдарга, жетимдерге тараткандын сообуна барабар экен.
Келгиле анда бир кундо 99 жолу СУБХАНАЛЛАХ деп келме айты, зикир чалып туралы.
АЛЛАХ ТЪААЛА баарыбыз кылган ибаадаттарыбызды кабыл кылып, сообун бул дуйнодо жана аркы дуйнодо берсин.
АССАЛЯМУ АЛЕЙКУМ ВА РАХМАТУЛЛАХИ ВА БАРАКАТУХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   22 Июнь 2017 - 13:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Бул теманы "Дин" бөлүмүнө жылдырып койбойсуңарбы.


В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   rnurzida   23 Июнь 2017 - 10:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Тема "Дин жана философия" бөлүмүнө жылдырылды.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   rnurzida   26 Июнь 2017 - 03:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Мен үчүн бейиштин эшиги жабылган темасы менен бириктирилди.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   Salixa.   08 Июль 2017 - 01:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

"КУРАНДЫН КЕРЕМЕТТЕРИНЕН"

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Курандагы эң чоң сүрө: "Бакара" - сүрөсү.

Курандагы эң кичинекей сүрө: "Кавсар" - сүрөсү.

Куранда айтылган эң жакшы ичимдик: "Сүт". Куранда айтылган эң жакшы тамак: "Бал". Курандагы эң улуу аят: "Аят-Алкурсий" . Курандагы эң узун аят: Бакара сүрөсүндөгү: "Карыз жөнүндө айтылган 282 чи аят". Курандагы эң кыска аят: "Тоха". Куранда эскерилген адал нерселердин эң жаманы: "Талак" . Куранда айтылган эң узун сан:
"Жүз миң". Курандагы эң узун сөз: "Фа`аскойнаакумууху" - деген сөз.
Хижр сүрөсүнүн 22 чи аяты.

Куранда эң көп колдонулган тамга: "Алиф" - тамгасы.

Куранда эң аз колдонулган тамга: "Зо" - тамгасы.

Куранда айтылган эң жакшы түн: "Кадыр түн". Куранда айтылган эң жакшы ай: "Рамазан" - айы.

Куранда айтылган эң чоң жаныбар: "Кит". Куранда айтылган эң кичинекей жаныбар: "Чиркей" . Курандагы эң жакшы сүрө: "Фатиха" - сүрөсү.

Курандагы сүрөлөрдүн эң көбү: "Отузунчу парада (бөлүмдө)" - келген.

Алла Тааланын нейматтары эң көп айтылган сүрө: "Нахл" - сүрөсү.

Касам маанисин өз ичине камтыган аяттардын эң көбү: "Шамс" - сүрөсүндө келген.

Алла тааланын кооз аттарынын ичинен Куранда эң көп айтылганы: "Аллах" .
Куранда аты эң көп кайталанган пайгамбар: "Муса". Куранда аты эң аз аталган пайгамбарлар: "Зул-Кифл, Алйасаъ, Иляс жана Идрис". Куранда эң көп эскерилген жемиш: "Жүзүм" . Шейх

Жүктөгөн-MaKsaT SaTyKuLoV

Nasaat.kg
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   Meruet84   13 Август 2017 - 19:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

*_КЫЗ - СЕН ҮЧҮН БЕЙИШИҢ!_*

_Жердин тайгак болгонун муздан көрдүм,_
_Эттин ачуу болгонун туздан көрдүм._
_Жаш кезимде "кыз төрөдүң" деп менменсинип, _
_Картайганда жакшылыкты кыздан көрдүм..._

Жашоо - бул сыноо! Ар бир адам үчүн ар кандай сыноо! Кээ бирөөгө зар, кээ бирөөгө кор. Азыркы учурда баланы да буюмдай колдонуп, кээ бири акча үчүн сатып, кээ бири талаага таштап, кээ бири жетимдер үйүнө таштап, бала кадырына жетпей жүрсө, а кээ бири балага зар...
Жахилят доорунда адамдар кыздуу болгонуна намыстанып, кыздарын тирүүлөй көөмп коюшчу. Аялдарын хайыз учурунда арам деп бөлүп коюшаар эле. Аялдарды эң төмөнкү даражага коюшчу. Качан гана Ислам дини келгенде аялзатынын кадыр-баркы көтөрүлгөн. Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айткан: *_"Бейиш- эненин таман алдында"_* - деп. "Бейиш- эненин таман алдында"- деп аял затынын ушунчалык кадыр-барктуу экенин даана белгилеп айткан. (Ин шаа Аллах, аял затынын кадыр-баркы бобнча өзүнчө бир сабак кылабыз. Бул сабакта бизге таасирлүү болгон бир окуяны (мисалды) баян кылмакчыбыз)

Адамга көбүнчөсү маселени мисал менен түшүндүрсөң жеткиликтүү болот эмеспи?! Ошол себептүү биз сиздерге жана биздерге өтө бир чоң сабак болчу окуяны айтып берүүнү максат кылдык. Ин шаа Аллах, бул окуяны окугандан соң, эч бир эркек аялын: "Кыз төрөдүң!" - деп жемелебейт деп үмүт кылабыз...

_ "Ар бир адам ката кетирүүчү. Алардын эң жакшысы тооба кылгандар" . Мен да бир кезде өтө чоң ката кетиргем. Ал эми азыр ага өкүнүп турган кезим, бирок, кеч болуп калган... Менин башымдан өткөн окуя кээ бирине сабак болоор деп үмүт кылам. Анда кеп башынан болсун..._

_Мен үй-бүлөөм менен айылда турчумун. Кош бойлуу аялым жана үч кызым бар эле. Мен канчалык уулду болууну кааласам да Кудай бизге жалаң кыз берип жатты. Бир күнү аялыма: *"Кыздар.. .кыздар! Эгер сен дагы кыз төрөй турган болсоң, мен анын көзүн тазалайм! Акыркы жолу сага эскертемин! Мага уул керек! Уул керек!" * - деп бакырып, үйдөн чыгып кеттим. А аялым ыйлап кала берди. Анын ыйы мени кызыктырбайт эле. Адамдын эмес, Аллахтын буйругу менен дагы бир кыздуу болдук. Мен төрөт канага барганымда, кыз экенин билген соң, эшикти бир муштап, ачууланып кетип калдым. (Аялыма эң кыйын учур ушул абал болсо керек эле.) Кийин аялым да төрөт канадан чыгып келди. А мен уулду болбой калганыма абдан ачууланып жүрдүм. Бир күнү кызды алып, үйдөн чыктым. Максатым аны жок кылуу эле. Аялым болсо бутума чөгөлөп, жалбарып жатты. Мен болсо кызды ээн бир талаага алып келдим. Аны таштап келе бердим. Бирок, кайра ошол талаага бардым. Кыз аябай ылап жаткан эле. Эмнегедир аны таштоого жүрөгүм чыдабады._ _Ошентип, аны үйдө багып, чоңойтууну туура көрдүм._

_⏳Күндөр өтүп жатты. Аялым дагы кош бойлуу болчу. Бул жолу көптөн-көп күткөн уул баланы жарык дүйнөгө алып келди. Ошол убакта кубанычымда чек жок эле. Бирок, кубанычым көп узабай чоң кызымдан айрылып калдык. Бир жылдан кийин аялым дагы уул бала төрөдү. Бирок, дагы кубанычыбыз көп узабай экинчи кызыбыздан айрылдык._ _Ошентип олтуруп үч уулду болдум. Бирок, Кудайым да үч уулумдун ордуна үч кызымды алып кетти. Бир гана кыздарымдан ошол төртүнчү кызым тирүү калды. Арадан көп убакыт өтпөй аялымдан да ажырадым. Мага эң оор жагдай ушул эле. Кыйынчылык оорлоп баратты. Турмуш ушуну менен токтоп калбады, албетте. Ар бир адам өз тиричилигин жасайт эмеспи?! Арадан жылдардын өтүшү менен уул-кыздарым бой жетип чоңоюшту. А мен карылыкка баш ийип отурган кезим. Карыганда оору көп болот эмеспи?! Азыркы тапта менин акыбалым оор... А уулдарымдын баары чоң кызматтарда! Алардын убакыттары жок болсо керек. Кээ бири мени көргөнү 1 айда бир, бирөөсү 1 жылда бир келишет. Бирок, менин ушундай оор акыбалымда ким каралашып жатат билесизби? Ошол мен жарык дүйнөгө келишин каалабаган кызым, төртүнчү кызым! Ар дайым менин жанымда! Бой жетип, турмуш куруу убактысы келген болсо да, мен үчүн, мени эмне болот деп турмушка чыкпай жүрөт! Кээ бир учурда, кызымдан бекинип, өткөн катам үчүн абдан өкүнүп ыйлайм._ _Көрсө, уул балага караганда, кыз бала күйүмдүү болот туура..._

Ооба, бир тууганым! Кыз деген ушундай ары мээримдүү,ары күйүмдүү ары кызматтуу ары ызаттуу,ары намыстуу эң негизгиси болочокто "эне "деген улуу инсан болот! Кыз деген үй -бүлөөнү шаңга бөлөгөн нур, апасынын жардамчысы атасынын колдоочусу, бир туугандарынын жолдоочусу болгон мээримдүү жан болот! Мына ушул себеп Пайгамбарыбыз (с.а.в) кыз үй -бүлөөдө орду жогору экенин баалап өз хадисинде мындай кабарлайт: "Ким үч кызды тарбиялап өстүрүп турмушка узатса, ал Бейишке кирет" - деп айтат. Аны угуп турган адамдардын бири: "Эгер эки эле кызды тарбиялап өстүрсөчү? - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Эки кызды тарбиялап өстүрүп турмушка узатса да Бейишке кирет" - деп жооп берет. Ошондо жалгыз кызы бар бир адам: "Оо, Аллахтын элчиси, эгер бир кызы болсочу?" - деп сурайт. Жылмайып күлгөн Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Эгер бир эле кызды тарбиялап, анан турмушка узатса да, Бейишке кирет" - деп жооп берет. (Абу Дауд) .

Демек, кыз деп кейиген,жериген, арман кылган аталар. Сиз үчүн жогорудагы окуя,Пайгамбарыбыздын (с.а.в) сүйүнүч кабары сабак болот деген үмүттөбүз ....

Нуриза Кармышакова .

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 13 Август 2017 - 19:16

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   Meruet84   19 Ноябрь 2017 - 12:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Интернет деңизине чөгүп кетүүдөн сактангын!

✍Бул интернет деген балээ адамзатка келген апаат деп айтсак жаңылбайбыз. Ал
деңиз сыяктуу көпчүлүк жаштар, карылар адеп-ахлагынан ажырап, акылынан айрылып кала жаздады. Деңиздин толкундары секелек улан-кыздардын уятын жутуп, көпчүлүк адамдарды кыйроого алып келди.Адамдар ортосундагы мээр -акыбетти,ынтымакты, адеп -ахлакты,тууганчылык катнашты күндөн -күнгө соолутуп,алсыздатып жутуп бара жатат,адамдар адам эмес маймылга айланды. Эң негизгиси ата -эне,балдар, бир туугандар,достор арасындагы мээрим тамчсын уурдап, сагынуу,сүйүү, кабарлашуу ,сурашуу сезимдерин кадырын кетирип адамдык касиеттен,сыпаттан ажыратып салды. Деңизге терең кирип кетүүдөн сактангыла!

Көзүңөр менен көрө элек адамдын достугуна ишенбегиле!
Жазганына карап адамдарга баа бербегиле! Кээ бир адамдар, түлкү терисин жамынган карышкырдай, сырты жалтырап турсада ичи чирип кеткен жемиштей болот.
Алардын адеп-ахлактары жасалма, сөздөрү кооз болот.
Алар өздөрүнүн чыныгы жүздөрүн жашырышып, жакшы адамдын кейпин кийип жүздөрүн маска менен жаап алышат.
Жалганды чын кылып жарыялап, чындыкты жашырышат. Канчалаган бузуку акмак адамдар бар, алар өздөрүн дин жолунда жүргөн адамдай кылып көрсөтүшөт.
Канчалаган көрксүз, уятсыз адамдар бар, алар өздөрүн кооз кылып көрсөтүшөт.
Канчалаган сараң адамдар бар, алар өздөрүн берешен адам кылып көрсөтүшөт.
Канчалаган коркок адамдар бар, алар өздөрүн баатыр, тайманбас адам кылып көрсөтүшөт.

Куранда Аллах Таала пенделеринин бул жоопкерчилигин төмөнкүчө билдирет: «Билбеген нерсеңдин (дүйнөдөгү жана айрыкча акыреттеги зыянын билбей туруп) аркасынан тyшпө! Чындыгында, кулак, көз жана жүрөк – булардын баары ал үчүн жоопкер болот (суракка тартылат).» (Исра:36)

Жазып, көчүрүп жаткан маалыматтарды тандап алгыла! Анткени, силер жазып,эмнени көрүп,эмнени угуп жаткан учурда, периштелер да силердин кыймылыңарды жазып жаткан болот. Жараткан баарын көрүп, көзөмөлдөп турат.
«Чындыгында, жерде да, асманда да Алладан жашыруун эч нерсе жок.» (Аали Имран:5)

«Аллах деген жер жана асмандарда: силердин жашыруун нерсеңерди да, ачык нерсеңерди да билет. (Ошондой эле) Ал (жакшы менен жамандан) өзүңөргө эмнени ала турганыңарды да билет.» (Анъам: 3)

Сөзүбүздүн аягында эмне демекчибиз тууганым интернет сени эмес сен интеренетти колдоно билгин,чеги, сааты менен өзүңө керек маалыматты алгын!
Эң негизгиси бир нерсени эч качан унутпагын алтындай болгон убактыңды сааттап,күндөп -түндөп коротуп,жаныңдагы жакындарың үй -бүлөң,ата -энең,бала-чакаң, дос -туугандарң көңүл бурбай коюудан сактангын! Бир күн интернет ааламы өчүп,телефонуң сынаар, а жакындардын көңүлүн,өздөрүн жоготуп алсаң эч качан таппайсың! БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 19 Ноябрь 2017 - 12:43

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   Meruet84   27 Ноябрь 2017 - 15:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кирпикти которо албаган КОЗДОРГО тоодой оор куноолорду жуктоп жатабыз...

Ар бир ООРУУДА алды алынбаса ОЛУМ менен аяктоочу жыйынтык бар. Ар бир КУНООДО алды алынбаса ТОЗОК менен аяктоочу жыйынтык бар...

Иртернетке кеткенчелик убакытты ИЛИМГЕ да кетирууну билуу керек...

Бир даана кичинеке ширенке бир бутун уйунду орттоого жеткендей эле, бир даана КУНОО бир бутун омурунду жокко чыгарбасын, ТОЗОК отуна куйгузуп кулго айлантпасын. ..

Чыныгы жетим ата менен энеден айрылуу эмес, чыныгы жетим адамгерчилик менен илимден айрылуу. Азыр бутун аалам ушул жетимдик менен ооруп жатат...

Ибадатыбыз адатыбызга айланбасын. ...
Автор Идирис Айтбаев

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20171127_110704_11.jpg

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   GENTLEMEN   27 Ноябрь 2017 - 22:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 501
  • Катталган: 05 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2018 14:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жердин бетинде

Соонун маалыматтар экен. Чынында интернетке ит эле болуп калды азыр. Анан кыздар косметикага кул-ит болуп калышты, баары жогун батташтырып боёп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   rnurzida   30 Ноябрь 2017 - 22:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

*ЖАЛГАН СҮЙЛӨӨ*


Жалган сүйлөө чон күнөөлөрдөн болуп саналат. Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: *“Жалган сүйлөөдөн сактангыла! анткени ал бузуку иштерге жетелейт. Бузукулук болсо Тозокко жетелейт. Бир адам жалган сүйлөп жүрүп Алланын алдында жалганчылардан болуп жазылып калат”*. (Бухари, Муслим)


Жалган сүйлөө шариятта тыюу салынган арам иштерден болуп эсептелет, өзгөчө төмөнкүлөрдө:


1⃣-Алла Таалага жалган айтуу. Бул – Алла Тааланын адал кылган нерсесин арам деп, арам кылган нерсесин адал деп айтуу. Алла Таала айтты: “Алла Таалага жалган жалаа жабуу үчүн тилиңерге келген жалганды сүйлөп: “Бул адал, бул арам”-дей бербегиле. Алла Таалага жалаа жапкандар Тозоктон эч кутулбайт”. (Нахл-116)


2⃣-Алланын элчисине жалган айтуу. Бул – жалгандан бир хадис ойлоп чыгарып, аны Алланын элчисине (Алланын салам-дубалары болсун) жабыштыруу. Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: *“Кимде-ким менин атыман жалган сүйлөсө анда ал өзүнө Тозоктон жай камдасын”*. (Бухари 107)


3⃣-Мамиледе жалган сүйлөө. Өзгөчө соода-сатык иштеринде. Бул – жалган айтып мунун баасы ушундай, сапаты мындай деп айтуу. Ощондой эле буюмдун айыбын жашырып, жакшы жагын көрсөтүү. Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: *“Ким бизди алдаса, ал бизден эмес”.* (Муслим 101)


4⃣-Сөз айтууда жалган сүйлөө. Бул эки жүздүүлөрдүн сыпаттарынан. Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: *“Кимде төрт сапат болсо ал чыныгы эки жүздүү болот алардан ажырамайынча: Аманатка кыянат кылуу, сүйлөөдө жалган айтуу, убада берсе аткарбоо, талашып-тартышып калса сөгүнүү”.* (Бухари 34), Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: *“Акыйкатта жалгандардын эң чоң жалганы болуп саналат: көздөрү көрбөгөн нерсени көрдүм деп айтуу”.* (Бухари 7043)


5⃣-Түш көрүүдөгү жалган. Бул – түшүндө көрбөгөн жоруктарды көрдүм деп айтуу. Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: *“Кимде-ким түшүндө көрбөгөн нерсесин көрдүм деп айтса, ал адам Кыямат күнү эки арпаны бириктирип байламайынча азапта болот, бирок ал эч качан байлай албайт”.* (Бухари 7042)


Тамашалап же элдерди күлдүрүү максатында жалган сүйлөө. Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: *“Элдерди күлдүрүү максатында жалган сүйлөөчүгө азап болсун! Азап болсун! Азап болсун!”. *(Абу Дауд:4990)
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 06:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: