Суперстан: Дубайдан ысык салам - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Чет өлкөдөн салам!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Дубайдан ысык салам

#21 Пользователь офлайн   aylin_kg   27 Март 2017 - 23:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 28 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2021 06:42
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения nur_92 (27 Март 2017 - 11:34) жазган:

Дубайдан Кыргыз кыздарына салам

Кыргыз кыздарынан Дубайга да чоон салам!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Almazina   23 Апрель 2017 - 23:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 17 Апрель 17
  • Соңку аракети: 09 Май 2017 21:39

Баарынарга салам.Бизде Бишкекте каяктан ОАЭ валютасын алмаштырса болот? (Дирхам) Билгендер же алгандар, отунуч жазып коюнуздарчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   love.me.again   24 Апрель 2017 - 01:26

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 78
  • Катталган: 13 Апрель 17
  • Соңку аракети: 24 Июн 2019 02:53

Сов. Московский. Белинка киев кочосундо бар го коп эле купюраларды огуштурат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Begim_4   24 Апрель 2017 - 01:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Улуттук Банкка барып коргуло, балким алмыштырат. ..

Билдирүүнү түзөткөн: Begim_4: 24 Апрель 2017 - 01:56

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Almazina   24 Апрель 2017 - 03:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 17 Апрель 17
  • Соңку аракети: 09 Май 2017 21:39

Чоон рахмат)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   century   27 Апрель 2017 - 10:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 08 Апрель 17
  • Соңку аракети: 15 Май 2018 01:34
  • Жынысы:Белгисиз

Дубайга ысык салам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   tahircan   11 Май 2017 - 14:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 07 Март 07
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 16:06
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Herokg (16 Январь 2017 - 00:11) жазган:

Дубайга тур виза менен барып андан ары башка олкого чыкса болобу?м:Америка, же Британиягабы

Болору болот го, бирок, "Дубайдан келатыптырсың, кирегой", - деп киргизе койчу эмелер жок. Алардын да визасын алуу керек. Кыргызстандан болобу же Дубайдан болобу. Ал үчүн ошол барчу өлкөнүн элчилигинин сайтына кирип визанын алуу жолдорун тактап алуу керек. Справочник деген ошол жакта :)

Просмотр сообщенияJesika (27 Март 2017 - 11:20) жазган:

Кетуу жолдорун сураган адам эле коп,а бирок Дубайдан салам жолдогондорубуз жазбайт го

Жазып эле жатырык. Жооптор бар эле. Бир аз көз чаптырып окуп койсо мурунку жазылган жооптор деле жарай берет. Өзгөрүү деле жок.

Просмотр сообщенияJesika (27 Март 2017 - 11:23) жазган:

Менин курбум через агентство кеткен Оштон Абу Дабиге.Курска окуп,экзамен тапшырып.Зп аз дейт 400$

400 доллар. Аз экен.. Мындай маянаны Эмиратка жаңы келгендер дагы албайт. Эсептеп көрсөң бул баскан-турганыңа эле кеткен чыгым болуп калат. Мындай айлыкты жаңы келгендер жана ал жумушчуга тамак-ашын, жол-киресин, жаткан жерин төлөп берген компания берсе анда для начала боло берет. Бирок, эптеп келип алып анан аз айлык болсо да 3 ай болобу, 6 ай болобу иштеп туруп анан тилди өнүктүрүп алгандан кийин, өлкөнүн заң-закүнүн билип алгандан кийин, башкалар менен карым-катнаш кылып жергиликтүү кырдаалды өздөштүрүп анан башка жумушту караштырып, маянасы жана шарттары жакшы жумуш таап алууга болот. Баары эле ошентишкен болушу керек. Фейсбукта Kyrgyz Club UAE, Кыргызстанцы в ОАЭ, Русские Эмираты деген группалар бар. Ошол жакта бардык талкуулар жүрөт, жумуш издеп жүргөнү, жумушунан бошоно албай жүргөнү, квартира издеп жүргөнү - айтор, койчу, Эмират десе эле акча асмандан жааган өлкө экен деп келип алып +50 гр алапайын таппкай калгандардын чогулушу же келип кечээги жыртык, жамаачы ыштанын бүгүн Долче Габбанага алмаштырып, себингени Армани болуп, мурду асманды карап, анча-мынчаларды теңине албай, Шералынын чокоюн түшүндө да көрбөй дердеңдеп калгандардын чогулушу деп койсо да болот. Адам жылкы мүнөз эмеспи, бир аз кыйынчылык көрсө мүңкүрөп, жону калыңдап калса текирең таскак салып, жумуру баш, айры бут ушундай пенделербиз да. Быросто, көөөп адамдарды көрүп ушундай ойго келет экенсиң. Айтор, Дубайдан Кыргызстанга салам, ошондой эле Дубайга келип ушул жазылып кеткендерди окуп, "Ии, туура айтасың" деп аткандарга да салам. Сентябрга чейин эптеп чыдагыла, кайра лафа-жашоо башталат (дегеним, күн бул жакта майдан октябрга чейин ит эле ысык болот).

Им-пич- мееееент!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   tahircan   25 Май 2017 - 16:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 07 Март 07
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 16:06
  • Жынысы:Эркек

- Тамактын баарын жедиңизби?
- Жок, биртике артып калды. Ыргытып салдым.
- Ээ, жеш керек да баарын. "Жамандан жарым кашык калат" болбой, - деп кейип калат келинчегим.

Кечээ үйдөн адаттагыдай тамак алып келбей сырттан заказ кылгам түшкүгө тамак. Аны да кыйратып жебей 1/3 бөлүгүн эле жеп калганын ыргытып салганга даабай офисти тазалап иштеген балага (Индиядан болот) "Бир аз тамак артып калды эле, кааласаң жеп кой анан", - десем, ыраазычылыгын билдирип жеп коюптур. Бүгүн да үйдөн алып келген тамагымдын баарын жей албай жарымын эле жеп, калганын тиги балага берип сүйлөшүп калдым. (Айта кетчү нерсе, үйдөн тамакты пластмасса идишке салып келип, офистин ашканасындагы айнек идиштен атайы тамак ысытчу идишиме салып ысытып жедим. Пластмассага ысытса рак пайда кылчу бир балээлерди бөлүп чыгарат имиш.)

Анын жумушу, айлык акысы, ж.б. тууралуу суйлөшүп калдык. Айтканына караганда биздин офисте 8 ден 5 ке чейин иштейт. Эртең менен саат 4 төн 8 ге чейин башка офисте тазалап иштейт. Анан бизден чыккандан кийин барып кайра ошол офисти тазалайт. Ал жакта 6 дан 10 го чейин. Жашаган жерине (шаардын чееет жакасында жумушчулардын шаарчасы) түнкү саат 11 де барат экен. Бир саат тамак бышырып, кийим-кечесин жууп, тамак жеп анан уктайт экен. Анан кайра таңкы 3 тө автобуска отуруп жумушка кетмей... Алган айлыгы канча экен дебейсиңерби? .. Биздикине которгондо 30000 эле сом. Күнүнө 15-16 саат иштеп тапканы ошончо ле. Анан да айына бир эле күн эс алат экен... Боорум ооруп кетти байкушка. Мунун баарын мага ал эч кандай кейип-кепчибей эле жылмаюу менен айтып берип жатты. Айтканына караганда, берки офисте, мурунку иштеген жеринде да мунун абалына боору ооруп тамак алып берип жүргөндөр болчу экен. Мен да эми үйдөн көбүрөөк тамак алып келип бөлүшүп турат окшойм. Үйдөгүлөр да мени көөп тамак жеп атат деп сүйүнүп калсын ))

Ушундай. Дубайга келсе эле акча асмандан жаап жатат экен деп ойлош да болбойт. Бул жакта бир айда 760000 сом (40000 дирхам) алгандар бар (албетте, ал мен эмес), жана бир айда болгону 30000 (1500 дирхам) алгандар да бар. Биринчиси экинчисинин 2 (ЭКИ) жылдык айлыгын бир айда алып коюп атат. Жумасына 5 күн 7 сааттан иштеп.

Билимдин таасириби дейсиң же эмнеден экенине да баш ооруткуң келбейт. Жөн гана азыркы абалыңа шүгүр келтирип өз арабаңды кылдыратууну улантмай.

Им-пич- мееееент!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   romantic.girl   26 Май 2017 - 01:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 25 Май 17
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 01:19

Просмотр сообщения tahircan (25 Май 2017 - 16:37) жазган:

Красавчик .гений окшойсуз жазганынызга караганда)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   SERENADA.   04 Июнь 2017 - 15:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 475
  • Катталган: 07 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Дек 2018 02:20

Э Тахиржан брат, Дубайга барсам иш таап бере аласпы?
Жардам бере аласпы дегеним.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   asiia03   08 Июнь 2017 - 23:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 172
  • Катталган: 14 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 26 Июн 2018 21:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Okeandun jeeginde.

Просмотр сообщения Herokg (16 Январь 2017 - 00:11) жазган:

Дубайга тур виза менен барып андан ары башка олкого чыкса болобу?м:Америка, же Британиягабы

Bolot esli dubaidan rezidentkanyz bolso kaisyl mamleketke barsanyz oshol mamlekettin visa surasanyz kerektrluuchu dokument tolturup baary tuura chyksa visa alasyn.Men Dubaidan achtyrgam shengen visany.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Beyshenov99   11 Июнь 2017 - 09:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 29 Июль 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2019 08:57

✌️
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   janka7   11 Июнь 2017 - 10:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 410
  • Катталган: 18 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2023 00:37
  • Жынысы:Аялзаты

Мен да уч кундон бери Дубай,Дубай деп дле калдым,оозума салып койгондой барып калсам соонун болмок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   tahircan   16 Июнь 2017 - 01:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 07 Март 07
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 16:06
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения SERENADA. (04 Июнь 2017 - 15:22) жазган:

Э Тахиржан брат, Дубайга барсам иш таап бере аласпы?
Жардам бере аласпы дегеним.

Жок, таап бере албайм. Биякта рашкадагыдай эмес абал. "Баланча деген таанышымды жумушка алып койчу", - дегенде эле "Аа, майли", - деп ала койбойт. Баары мыйзам алкагында, жумуш берүүчулөр талап кылган талапка жооп берген кандидаттарды интервьюга чакырып, алар менен сүйлөшүп (АНГЛИСЧЕ) анан жактырса жумушка алат. Болбосо, "кечирип кой" деген сөз.

Просмотр сообщенияasiia03 (08 Июнь 2017 - 23:39) жазган:

Bolot esli dubaidan rezidentkanyz bolso kaisyl mamleketke barsanyz oshol mamlekettin visa surasanyz kerektrluuchu dokument tolturup baary tuura chyksa visa alasyn.Men Dubaidan achtyrgam shengen visany.

Факт эмес. Дубай резидент визасы болсо эле бардык өлкөлөр "Мегой" деп виза ачып бере бербейт. Консулдуктарда келесоолор иштебегендиктен, алар виза сурап аткан кишини иликтешет - канча жылдан бери жүрөт биякта, эмне иш кылат, маянасынын өлчөмү кандай, бул жакта үй-бүлөсү менен турабы, жашаган жерин арендага алабы, банк эсебинде канча сөлкөбай бар ж.б.у.с. Биякка келип эле бир жыл иштеп анан (бойдок) АКШ га же Англияга же Австралияга барам деп визага жазылсаң, алар сени көрүп эле "Кийин кел", - деп коёт. Анткени, башы бош, али бир жерде отурукташа элек адамды алар потенциалдык "саясий качкын" деп эсептешет да ошол жерден кайтарышат. Башка кеп - эгер сенин айлыгың бул жакта жакшы болсо, жашаган батириңди мыйзамдуу түрдө үй ээсинен жене real estate компаниядан келишим түзүп жашап жатсаң, үй-бүлөлүу болуп, катын-балаң жаныңда болсо, анан, тигил өлкөлөргө "үй-бүлөм менен эмгек өргүү убагында эс алууга баратам" десең туристтик виза берүүсү мүмкүн.
Им-пич- мееееент!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Rozhulun   17 Июнь 2017 - 14:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 150
  • Катталган: 06 Апрель 17
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 15:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Акырет жолу

Дубайдагы жердештерге салам

Менин сурайын дегеним Араб тилин билгендин кереги барбы же англисче керекпи (зарылбы)?.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   tahircan   17 Июнь 2017 - 23:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 07 Март 07
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 16:06
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Rozhulun (17 Июнь 2017 - 14:44) жазган:

Дубайдагы жердештерге салам

Менин сурайын дегеним Араб тилин билгендин кереги барбы же англисче керекпи (зарылбы)?.

Өтө деле кереги жок. Бирок, "тил билген адам дил билет" дейт эмеспи. Ошондуктан араб тилин билсең да жакшы. Бирок, албетте, бул жакта англис тили эң биринчи орунда турат. Ал тилди билбеген адам келип жумуш таап орношуп алам деген үмүттөн алыс эле болгону жакшы.
Им-пич- мееееент!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Rozhulun   20 Июнь 2017 - 22:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 150
  • Катталган: 06 Апрель 17
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 15:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Акырет жолу

Просмотр сообщения tahircan (17 Июнь 2017 - 23:56) жазган:

Өтө деле кереги жок. Бирок, "тил билген адам дил билет" дейт эмеспи. Ошондуктан араб тилин билсең да жакшы. Бирок, албетте, бул жакта англис тили эң биринчи орунда турат. Ал тилди билбеген адам келип жумуш таап орношуп алам деген үмүттөн алыс эле болгону жакшы.

МмМ рахмат. Англиский языктыда аз дегенде 2 жыл окуш керекко дейм а же аздык кылабы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   aylin_kg   21 Июнь 2017 - 03:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 28 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2021 06:42
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Rozhulun (20 Июнь 2017 - 22:06) жазган:

МмМ рахмат. Англиский языктыда аз дегенде 2 жыл окуш керекко дейм а же аздык кылабы?

3,4айда курстардан уйронсонуз болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Rozhulun   21 Июнь 2017 - 13:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 150
  • Катталган: 06 Апрель 17
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 15:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Акырет жолу

Просмотр сообщения aylin_kg (21 Июнь 2017 - 03:43) жазган:

3,4айда курстардан уйронсонуз болот

Аз эмеспи дейм да 3.4 ай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Июнь 2017 - 16:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

SERENADA. , ар кайсы темада колдонуучулардын намысына шек келтирип, аларды кемсинтип, мазактап, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтыргандыгы үчүн 10 күнгө БАН!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Чет өлкөдөн салам!
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 00:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: