Бала чак Бала чак
#261 23 Июнь 2017 - 18:54
#262 23 Июнь 2017 - 19:24
#263 23 Июнь 2017 - 19:29
raia (23 Июнь 2017 - 18:54) жазган:
Чоон рахмат айтканыныз келсин эжекем . Сиз менен корушуп баарлашып отургум келет . Теманыздын баш каарманы мн жашообуз окшошуп кетет экен аз маз . Кутуп окуп жатам журоко жеткиликтуу жазганынызга суктанып .
#264 23 Июнь 2017 - 23:43

Ушул убакта теманы 17 колдонуучу,
15 конок окуп жатат.
#266 24 Июнь 2017 - 00:33
Бактысыз болсом мен болойун,эжеми ыйлатпайын дедим.Ансыз деле эжем,коп азап чекендир,эчен сыздагандыр мен сыздатпайын деп макул бодум,канчалык оор келсе да мен аны таштайм деп соз бердим.Бирок эжем мага ото эле таш боорлук кылды.Бир куну отургузуп алып кат жаз деди,мен айтам сен жазасын болбосо ал келип алат,аны тунулдур деди.Эжем айтып атты мен жаздым.
Мени кечир мен сага турмушка чыга албайм.Сени суйом деп ойлогом бирок андай эмес экен.Бул кат тийгенче мен бироонун булосу болуп калам Кош аман бол!!
Жазарын жаздым го бирок эжеме катты салдырбай туруп эжеме айтым.Сиз мени таштатып атасыз бирок ал баары бир келет ,
ошондо оз куноонузду мойнунузга аласыз...
#267 24 Июнь 2017 - 02:53
#268 24 Июнь 2017 - 09:49
Чындыкты айтасыз.
Эжем макул болду.
Айлам жок,кантмекмин эн жок десе кунном жок экенин билсе,журогундо таза бойдон калгым келди.
Кат кетти....
Мен ойлоно берип,сыгыла берип,азып кеттим.Мен турмушта эле эмес,мен озумдун ааламымда кайгынын сазына чогуп кеттим...
Ойлонуп.мени келин кылгысы келгендерди, озу мага созу отпосун билип.аркаман сая тушуп,эркелигинин аркасынан ата энелерди ортого салып,мени женип бараткан,акмак жигитти жек кордум.
Мени эмне учун куйого бергилери келип шашылганына тан калам акыры мен 18 да чыга элекмин го деп ойлоном.
Эптеп чыгып кетсем,кайрылып колуна тийбесимди тушунуп,укурукту алыстан ыргытып,аркаман сая тушкон,каардуу жылкычыга окшотом.Уй буломду азгырып,байлыгына чиренип,ааламда кыз калбагансып, баласынын мени менен багы балтая ачыла тургансып,супсулуу акылдуу баласына бир мен буйруп турганына козу жетишкенсип, бура бастырбай эшикти чертип,турганына тан калам.
Окуйм дедим, эн жок десе окууга отойун дедим.
Той кылабыз,каалаган окууна окутабыз,экооно Фрунзеден уй алып беребиз,балалуу болсонор эки эненер багат бир кана экоон бактылуу жашасанар болду.Мен жон кана куурчакмын, менде конул жок,менде согуп турган журок жок.
Дуркурогон той элестетип,малинадай жашоо элестетип, эки ата эне той камылгасы менен журушот
Ал эми менин журогум карагаттай карарып,карагатай кычкыл турмуш болорун тушунгусу келишпейт...
#269 24 Июнь 2017 - 12:53
Мен тошоко жатып калдым,мен ооруп калдым...
Козум жумсам мен аны кором,балалыгыбыздан бери коз алдыма тартылат.Кичинемде мени которчу деп котортот элем.Кышында чанага отуруп алып,чурка,чуркачы, тезирек чурка деп машырланым муз тебер элем элем.Селкинчегиме отуруп алып,куулочу бийик мени булутка жеткизчи деп.Улам бийиктеген сайын коркуп бирок корконумду жашырыш учун кыткылыктап кулор элем.
Кол жээгине мейманга келишкенде, жарышып чабак атар элек ,жаныма жеткире койбой,алыс, алыс сузуп мазактап,тилими корсотуп шоктонор элем . Экообуз эки ат минип,жарышар элек.Ага чалпо атка мингизип,озум кулугун тандап минип,жеткизбей намысына тиер элем.
Ошол алтын балалак кунундо эле бири бирибизге талпынган белек,бири бирибизди жакшы коргон белек...
Ал боз улан болуп,мен секелек кыз анын суйуусуно тушуно бербей балалыгым менен эчен ойго салып,эчен ойунга салып шоктонор элем.Жалындуу караган козуно карап,жалбарган созуно карап, сезимимде балалык арзуу суйууну сезип турсам да акылым баш бербей,балалык шоктугум кармап, озумон туртуп турар элем. Ошончо алыс жерден куса болуп,уйуно барбай мектепке келип,досунун сабагынан сурап чыгарса да жаштыгымбы, балалыгымбы ончулукту салам бере албай,эки жагымды карап элендеп ,сагынып турсам да аркама шашылып кире качаар элем.Коргусу келип айланчыктап, жанымда турса да жанына баралбай,коз жиберип карабай алыска качаар элем.Ушунчалык отунуп суранса да,уйдогулордон жооп алса да киного чогуу баралбай тайсалдап досторума кетер элем.Мен ал учурда жаш экем.Жакшы коргон адамым мени суйоорун билип,досум мага билгизбей ага ар онорун корсотчуу экен.Бийге имере тартып,кулагыма кулкулу создорду айтып,мени жылмайтып,озун бактылуу сезип анын жан дуйосун тебелечуу экен да...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 24 Июнь 2017 - 12:53
#272 24 Июнь 2017 - 18:48
#274 26 Июнь 2017 - 08:02
Магазинден кутом деп шыбрап болбосо ыгын таап записка салып койор эле.Ал деген соз эжемин уйунон кутом деген созу эле.Ал мени уйдо кутор эле барсам эжемин козунчо, биринчи коруп аткансып,колун берип учурашып,колуму кысып койор эле.Мага конул болбогон адам болуп эжем менен кызуу суйлошуп калар эле.Мен да аш уйго чыгып экооно тамак жасап киргизип берип,оз болмомдо сабак окууп отуруп калат элем.Сабак окуп отурсам жаныма келип,уй тапшырмаларыма жардам берет эле айрыкча матиматикадан кучун корсртуп чыгарышып мени менен катардагы окуучу болуп отуруп калат эле.Ортодогу кысынуулар жоголуп адатыбызча ,мени чычыалатып тамашалап ойноп кетер эле.Кээде эжем дагы кошулуп,экоолоп кетишер эле.Кээде уйду уч которуп ийсек.
- Болду эми экоон качан чонойосунар деп кулуп эжем бизди токтотуп калат эле.
- Бул шок кыз качан чонойот,качан эс кирет,караныз мени да озуно тенеп тентек кылып койок болду деп кулуп калар эле.Кээде ал уйго барбай оз уйумо кетип калат элем.Ал кутуп,кутуп келбесиме козу жеткенде, ал уйго да учурашкан болуп барат эле,мен качып корунбоско аракет кылат элем,чыны байкемен коркот элем.
Кийин жолуканда бир корушко зар болуп барсам корунбойсун, сенин караанынды коруш мен учун азап.Качан чонойосун,качан сен бийкеч болуп,менин бийкечим,менин мухабатым деп элден жазганбай колунан жетелеп журом деп мунканып калар эле...
Мына эми бийкеч болгонумда айрылыштын азабтуу кунун коруп,жан дуйном кыйналып ага ден соолугум кошулуп кыйналып турганым менен эси дартым жакшы коргон адамымда....
Катымды алды бекен.Алса эмне жооп жок...
Оз козум менен коройун деп келет,соз жок келет деп тымызын куттуудо элем го...
Мен ага ишенгем,бекем ишенгем.
Же бироонун жары болду эми кеч деп журот бекен?
Озумчо жомоктогудай кыялданып, озу келсе созсуз беришет деген ишеничте элем го. Бир куну келип мени алып кетет деген умутто менен жашап журдум эле го...
Умутум соолуп барат...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Июнь 2017 - 08:03
#275 26 Июнь 2017 - 09:46
Ансыз да тендештеримен арта калдым.Алар жок мен жангыз калдым...жакшы коргон адамыман айрылып,канаты жок кушка окшоп калдым.
Досторум оздору каалаган универге отушту.Алар учун мен кубанычтамын. Алар мага кат жазып турушат.Кунуго жолугушпаса да тез тез бири бирин корушуп,мени эстешерин,оздорунчо мен учун капа болушарын жазып турушат.Айрыкча Сапар кыялыбызда экообуз бир универге барар элек.Ал мени дайыма коргоп турам,сени текшерип турам,студентер коп ачка калат дейт,мен сага тамак ташып турам склетим деп тамашалап калчуу эле. Биринчи катында эле сен каалаган факултеттин жанына келгенде сен ошол жерден чыкчуудай кутом.Бирок сен корунбойсун алтыным,эмики жылы озум колунан жетелеп келип тапшыртам,жетелеп журуп окуутам. айласыз козум жашы карегиме келди.Азыр мен окуу эмес оз айламды чече албай турам,камалган капастан чыга албай турам досторум...
Больницадан келишиме эжем мандайына отургузуп алып кеп баштады.
Мени тайэкесине келин кылып бербешин ачык айтты жана себептерин айтып отуп,биринчиден ден соолугумду ойлонушумду. Экинчиден бул турмушта бактылуу болуп жашашымды ойлонушумдуу катту талап кылды.Бир суйуу менен эле бактылуу боло албашымды,турмуш ото татаал экенин айтып отту.Биринчи жолу эжем балким туура айтат деген ой келди.Эжем башынан коп нерсени откорду ошон учун кызым бактысыз болуп калбасын деп ушундай жолго баргандыр,эжеме таарынычым сууп барат.
- Мен сени тайэкеме келин кылып бергим келбегендей, ал да уулуна сени алып бергиси келбейт.
Мен укан кулагыма ишенбей тиктеп калдым.
- Оба балам,апасы менин тентушум сени баласына алып бергиси келбейт.Эмнеге экенин билесинби?
Мен башымы чайкадым.
Ал сени каттуу суйгону учун алып бербейт.Ал жангыз баласы,козго басар медери.Ал сени суйбой апасын суйуш керек эле,ал сага чуркабай апасына чуркаш керек эле мына анын жанылыштыгы. Бир тууган тайэкесине бир ууч топурак салып,азаасына карабай сага келди.Уч кунго келип сага эки кунун кетирди.Сагынып куткон энесине карабай,сени бир корушко ошончо жол басып келди. Кандай эне баласынын ушу жоруган которо алат.Ал менден суранды,ыйлап кан какшады,кызыны уулума бербе деп жалынды.Эгерде Саадат сени келин кылам деп ак батасын бергенде,мен сени кош колдоп бермекмин.Акбарда эч айып жок жакшы бала билем кичиненерден бирини бирин жакшы корушосунор бирок айлам жок кызым ошол создон кийин аларга берер кызым жок....
Мына сага кеп каякта десем...
Неге эле эжем мага таш боорлук кылды десем,эжем жангыз эмес экен да.Экообуздун энелерибиз биригип,экообузду ажыратышыптыр да..
#276 26 Июнь 2017 - 10:12
Мен бактысызмын, эми эч качан бактылуу боло албайм...
Мен кайра тошко жатып калдым. Арманым ичимде болуп, жашоо да кызыксыз болуп,мен чогуп бараттым.Эч кимди коргум жок...
Бир куну асманды тиктедим табийгаттын кооздугу мени озуно тарты.Карангы тун,баары уйкуда айлана жымжырт....
Айласыз ай нурунан козум ачам.
Тун жарык,ай жылдыздар жымындашат
Асманда эки жаштай кубалашып,
Тошокто ооруп жаткан менден качат
Жылдызым мен барайын боорун аччы.
Мээримсиз таш боорлордон мени катчы.
Алысызмын,бирок ага суйуум кучтуу.
Ага сен,менден барып салам айтчы.
Толгон ай,сен суйуубузго кубо элен.
Бактылуу аны менен журор элем.
Атин ай тосколдорду жене билсем.
Минтип мен тошогумдо жата белем....
Аргасыз ажырадым,бирок бул суйбоо деген эмес го...
Журогумдо катып суйом,омурум откончо суйом аны бир кана озум билем жакшы коргон адамым...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Июнь 2017 - 10:14
#277 26 Июнь 2017 - 10:30
Айлана аппак.Мен жангызмын.Адамдардын арасында журуп мен жангызмын.Бирок кыялымда сен экообуз бирге журобуз,ишке да экообуз чогуу барабыз,чогуу келебиз,сен менин жанымдасын бирок сени эч ким корбойт анткен сен журогумдун ичиндесин.Уйдогулор сени унутуп келе атат дешкенсип суйунушот.Бирок сен тан менен кошо тан атып, кун нурунда "Салам жаным!! " -Деп жадымымда жылмайып турасын.Кун батканда,тун кирип ай менен кошо " Жалгызым,мени кут,мен сени сагындым,тушубуздо жолугушалычы Гулум!! "- деп мандайымда жанып турасын.
Бирок,бирок неге сенден кабар жок...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Июнь 2017 - 10:31
#278 26 Июнь 2017 - 10:46
Досторуман ар кыл открытка каттарды алдым.Белектер, белектер бирок конулум кун жарыкта шам чырак жакса да конулум жарышпайт...
Ушул куну мен анын телефондо биринчи унун угуп сурдоп суйлой албай калгам.Анын токтоо,кайраттуу унун угуп шашылып калгам.Сен 18 ге чыканда Фрунзе же Алма - Атада болобуз деген элен.Корсо турмуш толкунунда экообуз эки жээкте калып,кабарсыз ажырап турабыз....
Мен кыз,алсыз бир кыз баламын,сен не болдун...
#279 26 Июнь 2017 - 11:34
Мына бул жылдын акыркы куну.Сен кайдасын менин жакшы коргон адамым?Мен сени адатынча кутурбогон конок болуп кирип келет деп туулган кунумдо тымызын жол карап куттум.Мына бугун да кутуп отурам.Досторум силер каяктасынар, мен силерди сагындым.Чогуу шоктонуп жургон кундорду сагындым,отуруп алып эзилишип сулошкон кундорду сагындым.Силер мени сагындынарбы? Эскердинерби ? Мен силерди сагындым....
Быйылкы жылдарда эмине кана болбоду.Биз 10 классты буттук.Уядан учкан куш болуп ар тарапка учуп кеттиенр.Амен болсом канатым сынган куш болдум.Катарымдан калып калдым...
Мен Акбарымдан ажырадым,жакшы коргон,жандай коргон адамыман ажырадым...
Эх коп соз жазгым келди бирок эшик тыкылдап атат,барышым керек.Мени кутуп атат,кичинекей синдилерим кутуп эшигимди тыкылдатып атат.Жада калса мен сен жонундо жаза албайм,урулукча жазып отурам жакшы коргон адамым...
ЖАНЫ ЖЫЛЫН МЕНЕН ЖАНДАЙ КОРГОН АДАМЫМ!!
Жаны жылынар менен досторум 31 - декабрь 11саат 48 мунот.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Июнь 2017 - 11:35
#280 26 Июнь 2017 - 12:25
raia (11 Июнь 2017 - 12:05) жазган:
- Атакебай жанына эле жатайынчы деп атамын жанына жатам.Кичине болсом да бирдемени сезип коркуудамын. Бир куну сабактан келсем, ак матиралдан кепин тигип атабыз деп эжем Сайра энем болуп отурушуптур. Чынында кепин атама экенин билдим го бирок олгондо кийип жатарын билбепмин.Уйубузго адамдар кобойуп кирип чыгып,атамын жаны бош эмес.Эки козум атаман отот.Кечинде эжем,байкем, атамын женеси Сайра энем,иниси,келини анан да бир эки туугандар болуп уйго кирип,эшикти жаап алышып копко суйлошушту. Тышта женем ,мен,эжемин баласы Нур байке учообуз эле калдык.Корсо атакем бул жашоосу аз калганын сезип,балдарына туугандарына керездерин айткан экен.Коп соз болуп,мага тийешелуусу булар болгон экен.Кыз меники,мен бактым.Кызым бала байкем менен калам десе сен талашпа,Темике эжем менен калам десе сен талашпа.Бала озу суйгон уйдо жашасын.Каап баарынан ошол кызыма жаман болот.Кызыма этийет мамиле кылгыла.Баарынарга аманат кылам,аманатыма кыйанат кылбагыла мен силерден ушуну суранып кетем.Эжен чогуу жашаса балдары менен кыйналып кетет,уй салып бер даходу озуно жетет.Энчисин бирин калтырбай бер.Кудай буйурса турмуштан кыйналбайсынар, кор тиричилике жетер мал калды деген экен.Эжемдин кичи баласы уйдо коптон бери жок эле ошону алдыргыла бир коройун деп созун токтотуптур. Эртеси ал байкени да алып келишти.Туну уктап атсам,баланы жаныман алып болмосуно жаткыргыла. Сен аягымды бош кой кызым,мен кыйналып атам деген созу угулуп кетти.
- Атов деп мен ыйлап жибердим.
- Ыйлаба кызым сен жанымда жатсан кыйналып кетип атам.Сен байкендин жанына жатып турчу.Сенин ордуна эжен мени карайт да деди.Байкем мени которуп кроватыма жаткызып,чачыман сылап копко отурду,мен уктап кетипмин.Ошол куну танга маал атам бул дуйнодон кетип калды.
Мен жангыз калдым...
Ыйлап жибердим((