Суперстан: Бала чак - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бала чак Бала чак

#261 Пользователь офлайн   raia   23 Июнь 2017 - 18:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Рахмат Аси кызым.Озундун да кармаган орозон кабыл болсун.Чу деген атка куч болот дейт.Ансыгандай сенин жазганын мага куч бергенсиди. Негедир оор тагдырды жазгым келбегенсип, жаштарга кызык болбосочу деп экиленип калдым эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#262 Пользователь офлайн   mawa.32   23 Июнь 2017 - 19:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 759
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2021 01:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Жаза бериниз кызыгып окуп жатабыз. Теманызды таза сактайлы деп эле билдируу жазбай жатабыз. Колунузга куч кубат берсин.
)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#263 Пользователь офлайн   Asya_92   23 Июнь 2017 - 19:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 508
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения raia (23 Июнь 2017 - 18:54) жазган:

Рахмат Аси кызым.Озундун да кармаган орозон кабыл болсун.Чу деген атка куч болот дейт.Ансыгандай сенин жазганын мага куч бергенсиди. Негедир оор тагдырды жазгым келбегенсип, жаштарга кызык болбосочу деп экиленип калдым эле.


Чоон рахмат айтканыныз келсин эжекем . Сиз менен корушуп баарлашып отургум келет . Теманыздын баш каарманы мн жашообуз окшошуп кетет экен аз маз . Кутуп окуп жатам журоко жеткиликтуу жазганынызга суктанып .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#264 Пользователь офлайн   Bulak25   23 Июнь 2017 - 23:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 04 Июнь 17
  • Соңку аракети: 18 Фев 2021 08:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Лондон

Рая эже биз деле окуп жатабыз.Болгону тэманы булгабайлы, улуу кишини шаштырбайлы деп сабыр кылып жатабыз... :гезит:

Ушул убакта теманы 17 колдонуучу,
15 конок окуп жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#265 Пользователь офлайн   Mirelina   24 Июнь 2017 - 00:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 20:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Кутобуз Рая Эже.......Абдан сонун жазып жатасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#266 Пользователь офлайн   raia   24 Июнь 2017 - 00:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бул азап акыркысы эмес экен.
Бактысыз болсом мен болойун,эжеми ыйлатпайын дедим.Ансыз деле эжем,коп азап чекендир,эчен сыздагандыр мен сыздатпайын деп макул бодум,канчалык оор келсе да мен аны таштайм деп соз бердим.Бирок эжем мага ото эле таш боорлук кылды.Бир куну отургузуп алып кат жаз деди,мен айтам сен жазасын болбосо ал келип алат,аны тунулдур деди.Эжем айтып атты мен жаздым.
Мени кечир мен сага турмушка чыга албайм.Сени суйом деп ойлогом бирок андай эмес экен.Бул кат тийгенче мен бироонун булосу болуп калам Кош аман бол!!
Жазарын жаздым го бирок эжеме катты салдырбай туруп эжеме айтым.Сиз мени таштатып атасыз бирок ал баары бир келет ,
ошондо оз куноонузду мойнунузга аласыз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#267 Пользователь офлайн   malika14   24 Июнь 2017 - 02:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Рая эже кутуп окуп жатабыз, соз байлыгыныз ото кучтуу экен, чыгарма окугандай болдум.туткан орозонуз кабыл болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#268 Пользователь офлайн   raia   24 Июнь 2017 - 09:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

- Сиз мени таштатып атасыз,озунуз менден жакшы билип турасыз ал келет ошондо сиз экенинизи айтып,кунонузду мойнунузга аласыз.
Чындыкты айтасыз.
Эжем макул болду.
Айлам жок,кантмекмин эн жок десе кунном жок экенин билсе,журогундо таза бойдон калгым келди.
Кат кетти....
Мен ойлоно берип,сыгыла берип,азып кеттим.Мен турмушта эле эмес,мен озумдун ааламымда кайгынын сазына чогуп кеттим...
Ойлонуп.мени келин кылгысы келгендерди, озу мага созу отпосун билип.аркаман сая тушуп,эркелигинин аркасынан ата энелерди ортого салып,мени женип бараткан,акмак жигитти жек кордум.
Мени эмне учун куйого бергилери келип шашылганына тан калам акыры мен 18 да чыга элекмин го деп ойлоном.
Эптеп чыгып кетсем,кайрылып колуна тийбесимди тушунуп,укурукту алыстан ыргытып,аркаман сая тушкон,каардуу жылкычыга окшотом.Уй буломду азгырып,байлыгына чиренип,ааламда кыз калбагансып, баласынын мени менен багы балтая ачыла тургансып,супсулуу акылдуу баласына бир мен буйруп турганына козу жетишкенсип, бура бастырбай эшикти чертип,турганына тан калам.
Окуйм дедим, эн жок десе окууга отойун дедим.
Той кылабыз,каалаган окууна окутабыз,экооно Фрунзеден уй алып беребиз,балалуу болсонор эки эненер багат бир кана экоон бактылуу жашасанар болду.Мен жон кана куурчакмын, менде конул жок,менде согуп турган журок жок.
Дуркурогон той элестетип,малинадай жашоо элестетип, эки ата эне той камылгасы менен журушот
Ал эми менин журогум карагаттай карарып,карагатай кычкыл турмуш болорун тушунгусу келишпейт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#269 Пользователь офлайн   raia   24 Июнь 2017 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Турмуштун татаал жолуна тушосунор - деп эже агайларыбыз айтмакчы.Мен турмуштун жолуна бир кадам аттабай эле туз жолунан адаштым.Чытырман токойго кирип кеттим.,алдым тунгуйук.Жаным суйуп жактырган , адамымды озум таштадым.Айрылыктын азабына чыдабай ооруп калдым.Озумо озум жасаган чыкынчылыкты которо албадым,жан дуйном ооруп турат.Азыр мен кузгу жалбырака окшоп турам.Саргайып жерге тушойун деп бирок тырышып жашоо менен курошуп,бутактан илинчек издеп,акыркы мумкунчулук издеп илинип турган акыркы жалбырактарга окшоп турам.Жалбырак жашыл болуп жашоого кире албай,кирууго кучу жетпегендей, мен да жашап кеткенге кучум жетпей,алсырап жашоодон жакшылык кутуп,тымызын жол карап саргайып кутуп келем...
Мен тошоко жатып калдым,мен ооруп калдым...
Козум жумсам мен аны кором,балалыгыбыздан бери коз алдыма тартылат.Кичинемде мени которчу деп котортот элем.Кышында чанага отуруп алып,чурка,чуркачы, тезирек чурка деп машырланым муз тебер элем элем.Селкинчегиме отуруп алып,куулочу бийик мени булутка жеткизчи деп.Улам бийиктеген сайын коркуп бирок корконумду жашырыш учун кыткылыктап кулор элем.
Кол жээгине мейманга келишкенде, жарышып чабак атар элек ,жаныма жеткире койбой,алыс, алыс сузуп мазактап,тилими корсотуп шоктонор элем . Экообуз эки ат минип,жарышар элек.Ага чалпо атка мингизип,озум кулугун тандап минип,жеткизбей намысына тиер элем.
Ошол алтын балалак кунундо эле бири бирибизге талпынган белек,бири бирибизди жакшы коргон белек...
Ал боз улан болуп,мен секелек кыз анын суйуусуно тушуно бербей балалыгым менен эчен ойго салып,эчен ойунга салып шоктонор элем.Жалындуу караган козуно карап,жалбарган созуно карап, сезимимде балалык арзуу суйууну сезип турсам да акылым баш бербей,балалык шоктугум кармап, озумон туртуп турар элем. Ошончо алыс жерден куса болуп,уйуно барбай мектепке келип,досунун сабагынан сурап чыгарса да жаштыгымбы, балалыгымбы ончулукту салам бере албай,эки жагымды карап элендеп ,сагынып турсам да аркама шашылып кире качаар элем.Коргусу келип айланчыктап, жанымда турса да жанына баралбай,коз жиберип карабай алыска качаар элем.Ушунчалык отунуп суранса да,уйдогулордон жооп алса да киного чогуу баралбай тайсалдап досторума кетер элем.Мен ал учурда жаш экем.Жакшы коргон адамым мени суйоорун билип,досум мага билгизбей ага ар онорун корсотчуу экен.Бийге имере тартып,кулагыма кулкулу создорду айтып,мени жылмайтып,озун бактылуу сезип анын жан дуйосун тебелечуу экен да...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 24 Июнь 2017 - 12:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#270 Пользователь офлайн   regina86   24 Июнь 2017 - 17:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 03 Январь 16
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 15:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Рая апа бул убакта жазып калат элесиз :капамын:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#271 Пользователь офлайн   baiazat   24 Июнь 2017 - 18:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 10:48

Эже кирип чыгып күтүп калдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#272 Пользователь офлайн   raia   24 Июнь 2017 - 18:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бир тууганымдын колуктусу каза болду эле ошого айтыка даярлык,бышыр сышыр менен журом.Балдары жаш уйлоно эле.Колум бошоп,эл аягы тыйылса кирип калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#273 Пользователь офлайн   Mirelina   26 Июнь 2017 - 04:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 20:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#274 Пользователь офлайн   raia   26 Июнь 2017 - 08:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Анын алыстан келе атканын жаш журогум сезер эле,бытырап согуп,ал келе атат,суйгонун келе атат жакшы коргон адамын келе атат деп алдын ала кабар берер эле.Жакшы коргон адамым демекчи. Досум айланып биздин жаныбызга келгенин жактырбай,кемсинтип, басынтып суйлоп калса ачык айталбасам да ичимен ал менин жакшы коргон адамым деп мыйыгыман кулуп койот элем.Уйдогулор тайэке деп сыйлап.отургузганга орун таппай,берере ашын таппай кадырлашса да мен ичимен жон кана менин жакшы коргон адамым келди деп ойлонуп койор элем.Чындап ал мендик эмес бирок ал менин жакшы коргон адамым...
Магазинден кутом деп шыбрап болбосо ыгын таап записка салып койор эле.Ал деген соз эжемин уйунон кутом деген созу эле.Ал мени уйдо кутор эле барсам эжемин козунчо, биринчи коруп аткансып,колун берип учурашып,колуму кысып койор эле.Мага конул болбогон адам болуп эжем менен кызуу суйлошуп калар эле.Мен да аш уйго чыгып экооно тамак жасап киргизип берип,оз болмомдо сабак окууп отуруп калат элем.Сабак окуп отурсам жаныма келип,уй тапшырмаларыма жардам берет эле айрыкча матиматикадан кучун корсртуп чыгарышып мени менен катардагы окуучу болуп отуруп калат эле.Ортодогу кысынуулар жоголуп адатыбызча ,мени чычыалатып тамашалап ойноп кетер эле.Кээде эжем дагы кошулуп,экоолоп кетишер эле.Кээде уйду уч которуп ийсек.
- Болду эми экоон качан чонойосунар деп кулуп эжем бизди токтотуп калат эле.
- Бул шок кыз качан чонойот,качан эс кирет,караныз мени да озуно тенеп тентек кылып койок болду деп кулуп калар эле.Кээде ал уйго барбай оз уйумо кетип калат элем.Ал кутуп,кутуп келбесиме козу жеткенде, ал уйго да учурашкан болуп барат эле,мен качып корунбоско аракет кылат элем,чыны байкемен коркот элем.
Кийин жолуканда бир корушко зар болуп барсам корунбойсун, сенин караанынды коруш мен учун азап.Качан чонойосун,качан сен бийкеч болуп,менин бийкечим,менин мухабатым деп элден жазганбай колунан жетелеп журом деп мунканып калар эле...
Мына эми бийкеч болгонумда айрылыштын азабтуу кунун коруп,жан дуйном кыйналып ага ден соолугум кошулуп кыйналып турганым менен эси дартым жакшы коргон адамымда....
Катымды алды бекен.Алса эмне жооп жок...
Оз козум менен коройун деп келет,соз жок келет деп тымызын куттуудо элем го...
Мен ага ишенгем,бекем ишенгем.
Же бироонун жары болду эми кеч деп журот бекен?
Озумчо жомоктогудай кыялданып, озу келсе созсуз беришет деген ишеничте элем го. Бир куну келип мени алып кетет деген умутто менен жашап журдум эле го...
Умутум соолуп барат...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Июнь 2017 - 08:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#275 Пользователь офлайн   raia   26 Июнь 2017 - 09:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен больницадан чыктым бирок мага окушка,узаак жол журушко болбойт деп тыйуу салып койду.
Ансыз да тендештеримен арта калдым.Алар жок мен жангыз калдым...жакшы коргон адамыман айрылып,канаты жок кушка окшоп калдым.
Досторум оздору каалаган универге отушту.Алар учун мен кубанычтамын. Алар мага кат жазып турушат.Кунуго жолугушпаса да тез тез бири бирин корушуп,мени эстешерин,оздорунчо мен учун капа болушарын жазып турушат.Айрыкча Сапар кыялыбызда экообуз бир универге барар элек.Ал мени дайыма коргоп турам,сени текшерип турам,студентер коп ачка калат дейт,мен сага тамак ташып турам склетим деп тамашалап калчуу эле. Биринчи катында эле сен каалаган факултеттин жанына келгенде сен ошол жерден чыкчуудай кутом.Бирок сен корунбойсун алтыным,эмики жылы озум колунан жетелеп келип тапшыртам,жетелеп журуп окуутам. айласыз козум жашы карегиме келди.Азыр мен окуу эмес оз айламды чече албай турам,камалган капастан чыга албай турам досторум...
Больницадан келишиме эжем мандайына отургузуп алып кеп баштады.
Мени тайэкесине келин кылып бербешин ачык айтты жана себептерин айтып отуп,биринчиден ден соолугумду ойлонушумду. Экинчиден бул турмушта бактылуу болуп жашашымды ойлонушумдуу катту талап кылды.Бир суйуу менен эле бактылуу боло албашымды,турмуш ото татаал экенин айтып отту.Биринчи жолу эжем балким туура айтат деген ой келди.Эжем башынан коп нерсени откорду ошон учун кызым бактысыз болуп калбасын деп ушундай жолго баргандыр,эжеме таарынычым сууп барат.
- Мен сени тайэкеме келин кылып бергим келбегендей, ал да уулуна сени алып бергиси келбейт.
Мен укан кулагыма ишенбей тиктеп калдым.
- Оба балам,апасы менин тентушум сени баласына алып бергиси келбейт.Эмнеге экенин билесинби?
Мен башымы чайкадым.
Ал сени каттуу суйгону учун алып бербейт.Ал жангыз баласы,козго басар медери.Ал сени суйбой апасын суйуш керек эле,ал сага чуркабай апасына чуркаш керек эле мына анын жанылыштыгы. Бир тууган тайэкесине бир ууч топурак салып,азаасына карабай сага келди.Уч кунго келип сага эки кунун кетирди.Сагынып куткон энесине карабай,сени бир корушко ошончо жол басып келди. Кандай эне баласынын ушу жоруган которо алат.Ал менден суранды,ыйлап кан какшады,кызыны уулума бербе деп жалынды.Эгерде Саадат сени келин кылам деп ак батасын бергенде,мен сени кош колдоп бермекмин.Акбарда эч айып жок жакшы бала билем кичиненерден бирини бирин жакшы корушосунор бирок айлам жок кызым ошол создон кийин аларга берер кызым жок....
Мына сага кеп каякта десем...
Неге эле эжем мага таш боорлук кылды десем,эжем жангыз эмес экен да.Экообуздун энелерибиз биригип,экообузду ажыратышыптыр да..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#276 Пользователь офлайн   raia   26 Июнь 2017 - 10:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен ушунчалык сыздап турам,мен тагдырыма таарынып турам,энелериме таарынып турам...
Мен бактысызмын, эми эч качан бактылуу боло албайм...
Мен кайра тошко жатып калдым. Арманым ичимде болуп, жашоо да кызыксыз болуп,мен чогуп бараттым.Эч кимди коргум жок...
Бир куну асманды тиктедим табийгаттын кооздугу мени озуно тарты.Карангы тун,баары уйкуда айлана жымжырт....
Айласыз ай нурунан козум ачам.
Тун жарык,ай жылдыздар жымындашат
Асманда эки жаштай кубалашып,
Тошокто ооруп жаткан менден качат
Жылдызым мен барайын боорун аччы.
Мээримсиз таш боорлордон мени катчы.
Алысызмын,бирок ага суйуум кучтуу.
Ага сен,менден барып салам айтчы.
Толгон ай,сен суйуубузго кубо элен.
Бактылуу аны менен журор элем.
Атин ай тосколдорду жене билсем.
Минтип мен тошогумдо жата белем....
Аргасыз ажырадым,бирок бул суйбоо деген эмес го...
Журогумдо катып суйом,омурум откончо суйом аны бир кана озум билем жакшы коргон адамым...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Июнь 2017 - 10:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#277 Пользователь офлайн   raia   26 Июнь 2017 - 10:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Экообуз суйгон кыш келди...
Айлана аппак.Мен жангызмын.Адамдардын арасында журуп мен жангызмын.Бирок кыялымда сен экообуз бирге журобуз,ишке да экообуз чогуу барабыз,чогуу келебиз,сен менин жанымдасын бирок сени эч ким корбойт анткен сен журогумдун ичиндесин.Уйдогулор сени унутуп келе атат дешкенсип суйунушот.Бирок сен тан менен кошо тан атып, кун нурунда "Салам жаным!! " -Деп жадымымда жылмайып турасын.Кун батканда,тун кирип ай менен кошо " Жалгызым,мени кут,мен сени сагындым,тушубуздо жолугушалычы Гулум!! "- деп мандайымда жанып турасын.
Бирок,бирок неге сенден кабар жок...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Июнь 2017 - 10:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#278 Пользователь офлайн   raia   26 Июнь 2017 - 10:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Менин туулган кунум!
Досторуман ар кыл открытка каттарды алдым.Белектер, белектер бирок конулум кун жарыкта шам чырак жакса да конулум жарышпайт...
Ушул куну мен анын телефондо биринчи унун угуп сурдоп суйлой албай калгам.Анын токтоо,кайраттуу унун угуп шашылып калгам.Сен 18 ге чыканда Фрунзе же Алма - Атада болобуз деген элен.Корсо турмуш толкунунда экообуз эки жээкте калып,кабарсыз ажырап турабыз....
Мен кыз,алсыз бир кыз баламын,сен не болдун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#279 Пользователь офлайн   raia   26 Июнь 2017 - 11:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

31- декабрь жылдын эн акыркы куну.
Мына бул жылдын акыркы куну.Сен кайдасын менин жакшы коргон адамым?Мен сени адатынча кутурбогон конок болуп кирип келет деп туулган кунумдо тымызын жол карап куттум.Мына бугун да кутуп отурам.Досторум силер каяктасынар, мен силерди сагындым.Чогуу шоктонуп жургон кундорду сагындым,отуруп алып эзилишип сулошкон кундорду сагындым.Силер мени сагындынарбы? Эскердинерби ? Мен силерди сагындым....
Быйылкы жылдарда эмине кана болбоду.Биз 10 классты буттук.Уядан учкан куш болуп ар тарапка учуп кеттиенр.Амен болсом канатым сынган куш болдум.Катарымдан калып калдым...
Мен Акбарымдан ажырадым,жакшы коргон,жандай коргон адамыман ажырадым...
Эх коп соз жазгым келди бирок эшик тыкылдап атат,барышым керек.Мени кутуп атат,кичинекей синдилерим кутуп эшигимди тыкылдатып атат.Жада калса мен сен жонундо жаза албайм,урулукча жазып отурам жакшы коргон адамым...
ЖАНЫ ЖЫЛЫН МЕНЕН ЖАНДАЙ КОРГОН АДАМЫМ!!
Жаны жылынар менен досторум 31 - декабрь 11саат 48 мунот.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Июнь 2017 - 11:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#280 Пользователь офлайн   karakoz2017   26 Июнь 2017 - 12:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 31 Май 17
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 18:34
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения raia (11 Июнь 2017 - 12:05) жазган:

Атам коп отпой эле ооруп тошоктон тура албай калды.Атамын кыйналганын коруп,атама болгон таарынычым тарап,атакемин жанынан чыкпайм.Жада калса кечинде да.
- Атакебай жанына эле жатайынчы деп атамын жанына жатам.Кичине болсом да бирдемени сезип коркуудамын. Бир куну сабактан келсем, ак матиралдан кепин тигип атабыз деп эжем Сайра энем болуп отурушуптур. Чынында кепин атама экенин билдим го бирок олгондо кийип жатарын билбепмин.Уйубузго адамдар кобойуп кирип чыгып,атамын жаны бош эмес.Эки козум атаман отот.Кечинде эжем,байкем, атамын женеси Сайра энем,иниси,келини анан да бир эки туугандар болуп уйго кирип,эшикти жаап алышып копко суйлошушту. Тышта женем ,мен,эжемин баласы Нур байке учообуз эле калдык.Корсо атакем бул жашоосу аз калганын сезип,балдарына туугандарына керездерин айткан экен.Коп соз болуп,мага тийешелуусу булар болгон экен.Кыз меники,мен бактым.Кызым бала байкем менен калам десе сен талашпа,Темике эжем менен калам десе сен талашпа.Бала озу суйгон уйдо жашасын.Каап баарынан ошол кызыма жаман болот.Кызыма этийет мамиле кылгыла.Баарынарга аманат кылам,аманатыма кыйанат кылбагыла мен силерден ушуну суранып кетем.Эжен чогуу жашаса балдары менен кыйналып кетет,уй салып бер даходу озуно жетет.Энчисин бирин калтырбай бер.Кудай буйурса турмуштан кыйналбайсынар, кор тиричилике жетер мал калды деген экен.Эжемдин кичи баласы уйдо коптон бери жок эле ошону алдыргыла бир коройун деп созун токтотуптур. Эртеси ал байкени да алып келишти.Туну уктап атсам,баланы жаныман алып болмосуно жаткыргыла. Сен аягымды бош кой кызым,мен кыйналып атам деген созу угулуп кетти.
- Атов деп мен ыйлап жибердим.
- Ыйлаба кызым сен жанымда жатсан кыйналып кетип атам.Сен байкендин жанына жатып турчу.Сенин ордуна эжен мени карайт да деди.Байкем мени которуп кроватыма жаткызып,чачыман сылап копко отурду,мен уктап кетипмин.Ошол куну танга маал атам бул дуйнодон кетип калды.
Мен жангыз калдым...

Ыйлап жибердим((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 21:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: