Бала чак Бала чак
#281 26 Июнь 2017 - 13:56
Журогум сыздап кетти.Алардан ажырап ар бир кадам аттаган сайын,мен жангыз калдым,мен жангыз калдым,мен бактысызмын, мен бактысызмын деген ой журогумон айтылып аткансыды.Мен чындап досторуман ажырап жангыз калдым.
Гуку менен Сапар дагы жолугуштук биорок бир канча убакытка эле.Учобуз суйлошуп отуруп бир азга болсо да чонойуп,турмушка олуту карап калганыбыз билинди.Тортообуздун балалык кундорубузго кирип,эскерип кулуп отурдук.Учобуз биригип сабак окууганыбыз, шоктонуп кочо бербей каткырыкты таш жарып жургонубуз, колго барганыбыз, кайыка тушуп алыс,алыс барганыбыз, токойго кирип жашынпак ойногонубузду эскердик.Мен учоонун эн коркогу элем.Коз танмай ойногондо менин козум танылса эле коркуп кетчуу элем.Ошону айтып экоо копко кулушту.Карангылыкатан коркушуму эстешти.Фрунзеде мени сагынгандарын айтышып ушундай досторум бар экенине суйундум.Эх биз сени сагынгагыбызды билсен эле деген созу конулумду которду.Эки кундон кийин кетеришин айттышты.Жакшы эле коштошуп узап атканда,козумон жашым агып кетти.Мен досторума ачык тагдырымы айта албадым.Канча ирет озумду эптесем да аларга жакшы коргон адамым тууралуу айта албадым.Мени азапка салып,эки уй булону озуно каратып,мага уйлоно турган турган парелел классташым тууралуу да айта албадым.Анткени окуп жургондо эле мен учун экоо коп мушташып бири коп токмок жейт деп укчу элем.Чыр кобойуп кетпесин деп корктум.Ошон учун да айталбаган арман коп болгон учун да мен унсуз жангыз ыйлап кетип аттым....
#283 27 Июнь 2017 - 07:48
Биз тогуз окуп жатканыбызда физкултурага барбай уйго кетип калат элек.Чыны мектепке барганча эле 15-20 минутабыз кетип калат эле.Акыркы эки саат болгон учун да уйго кетсек керек.1- апрел куну
- Химик агай айты,бир саат окуп таяраланышсын, экинчи сабакта барам сурайм,коспетилерин текшергенче сурайм деди,мен сурандым уйдо иш бар деп кетип калгам.Бечаралар химиядан таярланышып, конспетилер жоктор бири биринен кочурушуп бир саат откорушуптур, экинчи саата кутушсо агай жок.Ана келет мына келет жок.анан 1- апрел экени эске тушуп,каткырып кулушуптур, жини келгендер жини келиптир.Кийинки жылы бугун бизде комсомлский собрания болот деп баарын бош класска киргизип,озум да кутуп,агайды чыкырып келейин деп чыгып кеткем.Терезеден карашса уйумо кетип атканымды коруп калышып дагы алданып калышканын билишип дайыма алданабыз дешкенин эскерип отурушту.5- класста кыз куумайга тушуп жеткирбей кеткенимди эстешип.Мен учун кыжаалат болуп,тынчсыздангандарын айтып отурушту.Ошол мени менен кыз куумайга тушкон жигит каап школьница экен да жаш экен болбосо мен ала качып аял кылып алмакмын дегендерин кеп кылып отурушту.
Байкем кийин канча адам келсе да кыз куумайга тушпойт деп конбой койгон себеби ушу экен да.Мени да кыз куумайга тушой жур,байкем урушат деп барбагын деп кесе айткан эле.Мен озум кызыгат элем.Классташтарым менен бапырап отуруп убакыт тез эле отуп кетти.Кайтар мезгил жеткенде негедир коштошуу создорун айткысы келишпей,бир кана мени оз катарларынан коргусу келерин,кутушорун байма бай айтып атышты.Менден ыры окуп беруумду суранышты.Алар менден баягы балалык бактылуу шаттык,тамашалуу ырды кутушкон эле.Менде арманга толгон,суйуу, сагынуу кана бар эле.Мен озум канча азап чегип турсам да досторумду кошо кыжаалат кылгым келбеди.Ыр жазбай атам дедим,баары капа болуп андай кылбай жазып тур,калеминди таштаба деп кайра кайра суранышты.Сапар кетеринде.
- Берекем,сен уйдон чыкпа,сен жангызсын,биз копуз.Сенин жангыз кайра кайтышын бизге оор тийет экен.Тан атканча элесин коз алдыман кетпей,бугун кайра келдик.Мен мурун сени эстегенде кулуп жайнап турган элесин келет эле,алтыным эми мен сени кантип элестей алам бул элесине мен кантип чыдап окуп журо алам.Кечекидей акыбалынды бир корсом,мен озумо жооп бере албайм,Темир байке асманын устумо таштаса да сени ала качып кетем.Жаныман жарты кпрыш да чыгарбайт элем. деп тамаша менен созун бутуруп акыркы болуп эшигимди жаап,адатынча алыстан оозун чормойто ооп койду.
- Жинди.
Жинди деген созум жагып,жылмайып козунон мээрим,сагыныч айласыз коштошуу сезилип турду...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 27 Июнь 2017 - 07:54
#284 27 Июнь 2017 - 08:54
Мен эжемен мындай жорук кутпогом...
Катты берип атып мамана катты корсотпо деп дагы бир эскерти.
Мен уйго келгенче санаам санга,ойум онго болунуп шашылып келдим.Мен ага таарынып,таарынычтын сазына батып баратым эле...
Бирок таарыныч журогумон келип,оозуман чыгышы кыйын болуп,конулумдо аны актап турат элем.
Ал катында ото эле узакта экенин жакында кырсыктап госпиталга жатып чыканын.Ал жургон жер тоолу болуп,эч кандай машина катабасын,почта деген нерсе жок экенин.Мага арнап жазган каттарын кимдир кайтса же келсе ошолордон берип атканын,канчасы маа тийди аны деле биле албасын.Дагы канча журот айта албасын,чыны озу деле билбесин.Госпиталдан чыкандан кийин эки кунго озунун иштеген жерине келгенин,менден кат жок экенин уканда жаман болгонун.Кандай учур болсо да мен эски адреске кат жазышымды суранып кетиптир.Мен кайсыл окууга тапшырганымды билбей атканын бирок уйго тынбай кат жонотуп турганын айтыптыр.Акырында мени суйорун,мага ишенерин,экобуз бактылуу болуп,мага окшогон тармал чач балдарыбыз коп болорун,пенсияга чыканда мага колдун жээгине кичинекей бирок кооз уй салып берерин.Экообуз жетелешип кол жээгинде дайыма бирге болорубузду деги койчу дуйнодогу жакшы нерсенин баарын мага арнагандай жазыптыр.
Мени сагынганын бирок айла жок служба,служба экенин иши ошо экенин.Мумкунчулугу болсо эле биринчи мага учарын айтыптыр...
Менин ак таным,менин жалгызым, журогумдун ээси мени кут,куторуно ишенем...
Мен катты окуп бутуп жоготушка колум барбады,мага туболук эстелике болот деп катты.патолоктогу устунчага киргизип катып койдум.Бирок мен ошондо ойлобопмун, балдарымдын атасынын колуна тийип бир аз да болсо турмушума кедерги болорун...
#285 27 Июнь 2017 - 12:05
Салем жолдойм алыскы Кыргыз элинде жашап жана окуп аткан аяшым Г...
Биринчиден ден соолук,экинчиден окууларын дуруспу?
Биз жактан жанылыктарды айта албайм аны озун тушуносун.Мен дайыма часта болом ошон учун сенин катын менин колума тийет албетте досумдун тапшырыгы бойунча.Досум бир аз кырсыктап госпиталга жатып чыкты бирок коркунучтуу эч нерсе жок ошон учун кабатырдан орун жок.Аликтин Айжанасы ( ал сени ушунтип атайт ) мен сени бир аз критикалайм. Сенин катынды алдым.Шексанап ачсам ( озун билесин ) досум эмес мен кутпогон соз бар экен.Ал эмес мен бир жумача ойдо журдум.Кантип шондой болсун.Экоон бактылуу болосунар.Свадьбанарда биринчи тосту мен котором. Эх ошондо жанаша оскон жоуказындай болуп турсанар бах!! Силер бактылуу.Силерди коруп мен бактылуу! ! Досум кара кастюм ак койнок галустук ох кандай жарашатын.Кара тармал чачы,капкара кашы,ак жумал чырайына куп келер эле и баса ичке муруту да бар Айжана аны сен коро элексин.Биз ал куну форма кийбейбиз деп чечтик.
Ах Айжана,Айжана сенин аппак чырайына ак койнок куп келетин.Узун бойлоруна,кыпча белдерин,туп туз буттарын ак туфли жарашатын.
ОО ошондо сен досум айткандан да чырайлык болосун!!
Бир кемчилик мен сени менен жуздошо элекмин да бирок сени беш манжамдай билемин.
Сен бала кыйалкечсин, кулкучусун,ото назиксин,акылдуусун анан эн главный шоксун.
Ошонтип сен Алик менен коштошом деп ойлобо,ойунан айлансын шол ой. Сен биздикисин, кыргыз элинен казак жерине келин кылып алып келебиз.Айжана сен эн жок дегенде кут.Сен кутушун керек.Экоон бири бирин жакшы коросун гой,суйесин гой.
Ахбар кандай суйетин сенге деген мухабаты чек жок.Сен тунгуч балалык биринчи мухабатысын. Ал сени чексиз суйетин гой.Ага сенсиз кыйын шону ойло карындашым. Ал сени шондой суйетин айта албайм соз жок.Сен ойлон тушун аны таштаба.Ал сени чын калыбыдан,чексиз суйет.Азыр ишинде акыбалы оор,шарт ошондой.Иши шол.Сен учун кызматынан отказ кылып аз жерден калды.Башка жаза албайм,биздин ишти тушун.Кичинеке карындашым, эркетай сен кат жазбадым де, ал билбейт.Мен бербедим.
Экооно чексиз мухабат,чексиз бакыт,тунук суйуу каалап досунар Жанат
Козумдун жашы куйулуп,журогум сыздап турду.Андан ашык суйсом суйотурмун бирок,бирок кантем...
#286 27 Июнь 2017 - 12:40
Атаман жакшылык корбогону аздай болуп,мен таштап кетсем кандай болот.Энелик журогу менен сезип,ак батасын берсе,анда кетсем болмок элеТиш тырмагы менен каршы болсо,тушунбой, тушунгусу да келбей турса мен кантмекмин.
Асылым,мен сенин ишеничинди актай албай турамын.
Башка менен жан курошуп сайышсам да мени тогуз ай которуп,жетимдин ашын ичирбей,башка атанын козун каратпай остургон энекемди кантип ыйлатып кыйып кетемин.
Энелерибиз экообузго каршы болсо биз кантмекпиз.
Жангыз баласынын жанында кыргыз кызын коргусу келбей балким уйгурдан келин алар.
Балким экообуз тууган бойунча каларбыз.
Катымды алып умуту узулдубу ?- Деп ойлонор элем.Корсо сеники эмес менин умутум узулгонун сезбептирмин да.Бирок бул суйбоду деген эмес го. Мен ушунчалык сени аздектеримди, чын журогумдон сени суйорумду ак кагазга тушурууго азырынча азизмин...
Кыштын аппак карындай ак ниетим менен,жаздын эми ачылып келе аткан жоогазымдын жытындай, колумун терениндей, тунуктугундай сени суйгум келген аттин,аттин. .
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 27 Июнь 2017 - 12:40
#287 27 Июнь 2017 - 13:21
Комсомол комитети мени чакырып,( аны мен ушул кундолугумо жазгым келбеди эле ) аны чакырып,колхоз тарабынан бир жылкы кошумча,эгер мен же ал колхоз тарабынан окуусак стипендияны колхоз толоп берерин.Жана биз окуп келгенче экообуз го арналып уй салып беришерин айтып отту.Мен унчукпадым уйдогулор кандай чечсе ошондой болот деп койдум.
- Карындашым сен кайсыл замандажашап атасын.Сен мектепте окуп жатканда активист кыздардан элен.Чечкиндуу элен.Бул созун комсомолка кыздын созу болбой калды.Кичиненен колхозго жардам берип келе атасын.Мына иштегенине аз болсо да элдин козуно корунуп,газета бетин бербей,байма бай суроторун чыгып турат.Бул айтканым кур убада эмес.Менин асмандан алып,ойлоп аткан созум эмес.Силерге комсомол тойун откоруп,жаштарга силерди улгуу кылып,жаштарга туура жол корсотолу деген эле тилек.Бул иш кече каралды.Той кунун белгилесенер. Силер окууга кеткенче той откоруп,анан ак жол деп узатып алсак.Беш жылдан кийин силерге уй куруп,иш менен камсыз кылып тозуп алабыз.деп опурулуп жапырылып айтып отту. Мен унчукпадым, менин ордума Догдурбек барбаландап суйунуп ракматын айтып,числону кенешип анан айтарыбызды айтып суйунуп турду.
Эшике чыкандан кийин колуман кармады эле колун силкип жек коро карап басып кеттим.Коп соз бар бирок бул кундолугумо ал тууралуу жазгым келбейт.
#288 27 Июнь 2017 - 13:35
#289 27 Июнь 2017 - 15:13
#290 27 Июнь 2017 - 15:52
Жайлоо озунчо эле керемет.Бийик тоолор,карагайлуу черлер.Аркырап таштан ташка кулап аккан кок кашка суулар.Туркун тустогу гулдор.Мен бизге жакын байкем менен женем менен учобуз жашап аттык.Мени менен чон энебиз кошо келип бирок жайлоо ден соолугуна жакпай небереси эко жакага тушуп кетишти.Анын атасы атактуу жылкычы болуп ушул бизге жакын жайлоодо жашайт.Кунуго бир чанач кымыз келип тушот.Женем тамашалап.
- Кыз сага келди.Кайната болумуш жакшы киши.Сенин атына кошуп айланып кетейин келиним деп суйлойт.Мындай кайнатаны кыргызстанды кырк жолу кыдырсан да тапайсын.Бактын тоодой деп калат.Кана эми баласын суйо алсам,ичимен сызам...
Мен китеп окуйм,жангыз калып ойлоном.Канткенде мен булардан ажырап чыгып кетем.Кантенде бирок акылым айран.Журогум сыздайт,жакшы коргон адамымды ойлоштун озу азап.Максаты жок ойлоштон корком.Журогум толуп ,жарылып кетчуудой кыйналам.Акырын чыгып,китеп которуп суу жээкетеп бойлоп баса баштадым.Суунун ортосунда уйдой ак таш бар экен бирок жетиш кыйынга окшоду.Аракет кылып когоруп журуп жеттим бирок кийимдерим суу болуп калды.Таштын устуно чыгышка озунчо жол бар экен. Кыйналбай чыгып кеттим.Таш усту тегиз болуп,мага ынгайлуу сезилди.Суунун шары укмуш курпулдойт. Тегереги жапжашыл болуп,карагайлуу чер,устумдо копкок асман, ак булутар кайдадыр шашылып кетип баратышат...
Атырылган кок кашка суу мен отурган ташка тийип курпулдойт. Жансыз жан болуп,таш устундо катып отурдум.Ойлорум чачырап,сагынычым артып,балалык кунумду эстеп,ата энемди сагынып,кусалыгым артып коксоп ыйлап алдым.Эски жарам козголуп,жанысы коштоп кетти.
Карап туруп агып аткан суудай,журогум толуп ташып анын атын айтып чыкыргым келди.
Акбар! Акбар! Акбар!
Журогум сыздап мынча кыйнайт
Коз жашым,жамгыр болуп эзип ыйлайт.
Айрылуунун азаптуу арманында.
Кичинекей журогум тынбай сыздайт.
Сен,азаптуу кундорумду сезиминде сезесинби ?
Мен аргасыз кош айтым,сен аны билесинби?
Тагдырыбыз тайкы экен аттин арман.
Журогундун журогу ыйлап турат,сен аны сезесинби? - Деп дилимден ырлар кайнап чыга баштады...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 27 Июнь 2017 - 15:53
#291 27 Июнь 2017 - 16:12
Ал качан келди экен?
Озумду ынгайсыз сезип кеттим.
Суу мен кечип откондон да кобойуп буркан шаркан тушуп атты.Мен эми анын жардамысыз кечип ото албайт элем.
#292 27 Июнь 2017 - 17:20
- Ой бизди эмес сени чакырып атат,биз сеин чачпагынды которуп барып,сенин арканан сый коруп келебиз деп кулуп.Кой барбасан болбойт атан да улуу киши уят.Женем бир жагыман чыкты.Атайын жылкычысынан атарын жонотуптур, барбасан болбойт деп калды.Тортобуз жолго чыктык,орто жолдон ал кошулду жер карап уялган киши болуп. Байкем табыйгат менен тааныштырып, жайлоолордун аттарын,кимдин конушу эмне себептен аталып калган ,кызыктуу окуялардан кеп салып журуп отурду. Бир куну байкем шатыраган жамгырда суу болбой жаан басылганда купкурук келгенде сураганым бар эле ош эсине туштубу.
- Доку карындашыма бай карагайды корсотуп келчи,уйго барганда не кылмак эленер эт бышканча эки жакты карап тамаша кылып келгиле.Саанчыларга барып кыз Сайкалды кошуп алгыла,чогуу тортон бир тамаша кылып ойноп келгиле деп калды.Сайкал менин классташым, жылкычы жигиттин суйгон кызы деп уккам.Учообуз саанчыларга барып Сайкалды сурап чыктык. Мен онорсом уят учкаштырсам андан уят,Доку сен алып чык деп айты эле,ал мени карап ынгайсыз боло тушту.Менин жиним келе тушуп,астыга бастырып кеттим.Аркаман касым жете келип.
- Карындашым капа болдунбу?
- Неге?
- Докунун Сайкалды оноруп келишине,билбейт окшойсун ал менин болочок колуктум болот.Ошон учун элден татртындым.
- Жок жезде мен эч нерсеге капа болбодум.
-Мен бир суроо берейинби?
- ии.
- Сен озу Докуну суйосунбу?
- Бул суроно жооп бербей койсом болобу?
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 27 Июнь 2017 - 17:21
#293 27 Июнь 2017 - 19:10
Рая эже түшүнбөй калдым, сууда сүзгөндө ким келди Акбарбы же Гүлкайырды беребиз деп аткан балабы? Ал баланын аты Догдурбекби?
Байкелери менен Догдурбектин үйүнө бара жатасыздарбы?
#294 27 Июнь 2017 - 19:43
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 27 Июнь 2017 - 19:53
#295 27 Июнь 2017 - 20:01
#296 27 Июнь 2017 - 20:34
- Жезде кеп сулулукта деле эмес,кеп байлыкта деле эмес.Озунуз тушуносуз кеп конулдо.Менин конулумо топ келген,жакшы коргон адамым бар.Бирок уйдогулор каршы. Мен андан башка адамды бактылуу кыла аламбы аны билбедим го бирок мен ансыз эч качан бактылуу боло албайм.Жолум карангы тунгуйук,сиз да мен деген жигитенсиз, тушунунуз,мени тунгуйуктун торуно туртуп ийип убалыма калбаныз.Азыр мен жангызмын,жардам берип колун созор адамым алыста.Бул сырды уйдогулордон башка бир сиз билдиниз,озунуз тушунорсуз дедим.Ал мага тан кала тиктеп.
- Сапарбы ? деди. Ага чейин экоо жаныбызга жетип келди.Мен акырын кана баш чайкадым.
Касым сыр бербей
- Кел озумо суйгонум.Доку сени кыйнап койгон жокпу ?- Деп тамашалар ээрден артыраак жылып,Кыз Сайкалын алдына оноруп алды да сен Гулумго байтеректи коргозуп кел,биз силерди жолдон тозуп алабыз деп нары бастырып кетишти.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 27 Июнь 2017 - 20:36
#297 27 Июнь 2017 - 21:11
- Кире бер батасын коркпо,бул жерге 3-4 атчан кенири батат деп конулундо кири жок жаркылдап чакырып атты.Мен да кирип бардым, ушунчалык ичи кенен экен.Кордунбу сонун бул жерге эки кун жааса да жаан кирбейт.Табийгатын зонтиги.Малчылар жаанда уйго жетпей калса ушул жерге келишет.Кун да тийбейт.Мен сага корсотойунбу бул жерде сенин атын бар.Мына деп фонаригин куйгузуп ойдо кылды эле бадырайып менин атым турат.Ылдый кылды эле Д+Г деген жазуу ылдыйнда турат.Мындан башка дагы бир жерде бар. Мен унчукпай карагайдын ичинен чыгып кеттим.Артыман чаптырып келип,тизгинден кармап.Ал жер кайда экенин билесинби ?
- Жок билбейм,билгим да келбейт.
Мурда билбесен эми билесин,ал жазуу сенин терезендин тубундо бай теректе жазылуу.Ишенбесен карап кор.Ал терек менин экинчи уйум болгон.Мен дайым ошол тереке чыгып,сени бир коруп тагдырыма раазы болуп кетет элем.
- Кой бер тизгинди,мен сен учун эмес, сыйлап чыкырган ата энен учун баратам.
- Билем, мени суйбосунду билем,кимдидир каттуу суйушунду да билем, бирок кыз буйургандыкы. Тагдырыма жазылсан сен меникисин деп тизгинди колума берип,ызаа болуп алдыга тушту...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 27 Июнь 2017 - 21:11
#298 28 Июнь 2017 - 07:14
Экообзду тоонун кырынан эко кутуп отурушуптур. Конулдору шат бактылуу...
Кысым тизгинден алып аттан тушуруп,ушул жерге суйлошуп отурушубузду суранды.Учонун конулдору шат,дайыма чогулуп журушкону билинип турат.Мен койдон болунгон жат эчкиге окшоп жангызсырап, досторум эсиме тушуп,конулум чого баштады.Касым байкап калдыбы.
- Гулкайыр, сени атка тын журот деп калышат,кел жарышалы.
- Жок.
- Эмнеге?
- Сенин атын жорго чалыш кулук ат экен.
- Сен минген атчы?
- Мен минген ат басышы жакшы болгон менен кырчангы чалыш,карып калган ат экен бирок семиз экен.колбасный цехке жонотуп ийсенер болот.,стажы жетип калыптыр.
Касым каткырып кулуп ой сен мага окшогон жылкычыга колукту болушун керек экен деп козунун жашы чыканча кулду.Кел чындап жарышалы.Мен кырчангыны минейин деп асылып алды.Экообуз ат алмаштырып минип,жетер жерди молжоп,жарышып калдык.Менин атым чу дегенде эле зыр койду.Чындап аркада калды.Мен жетип аттан тушуп Касымды кутуп калдым.Ал кыйлада келип кулуп .
- Эй карындашым кел Докуну бир тушуролу,айта жургонго жакшы.Экон кыз кумайга тушкуло,анын аты чалпо сага жете албайт,анын устуно ал атка жакшы журо албайт деп калды.Биз суйлошуп отурсак эко келип калышты.
- Эй Доку кел экоон кыз кумайга туш. Эгер сен женсен бугун уйуно тушуруп аласын.
- А эгер мен женсем той мен каалаган куну болот.
- Жок мен тушпойм деп каршы болуп туруп алды.
- Акыры жигитсин го,кыздан качасынбы?
- Сен оз атын менен туш.
- Жок мен кызмын, кызды сыйлаш керек.Мен Касымдын аты менен тушом.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 28 Июнь 2017 - 07:15
#299 28 Июнь 2017 - 08:10
- И Касым байке,мени торго тушуройун деген экенсиз.Мелдеш деген мелдеш досунузга эскертип койунуз,той мен каалаган куну болот.деп ары бастырып кеттим.Касымдар кыйлада жетип келип,капа болбошумду суранып атты.Мен эчак эле капа болуп,бирок булар менин досторум эмес да капачылыка орун жок деп озумду басып алгам. Боз уй корунгондо мен аттан тушуп,Сайкал кел жоо барабыз дедим.Мен жылкычы жигитке чылбырды карматып,басып баратканымда. Касым мени шап илип кетти.Кандай болуп астына онорулгонумду да билбей калдым.Зуулдаган бойунча боз уй тарапка кетип аттык.Уйдогулор жапырт эшике чыгып бизди карап калышты.Бир кана парелел классташымын,
- Тагдырыма буйурса сен меники болосун деген созу кулагыма жанырып,эч соз оозума кирбей нес болуп бара жаттым.Уйго жакындап калганда кулуктун башын кайра буруп, артка салды.Тиги эко эстери оп бизди карап турушуптур. Жакындаганда атын жайлатып.
- Карындашым, коп эле жигитерди сындыра бербе,акылыбыз жок болсо да мына минтип кучубуз бар,бирде болбосун бирде сындырып койобуз. Сени суйдуруп алган жигитке танмын,неси болсо да аны менен бактылуу бол.Бирок досумдай жигит чанда.Ал ак конул,журогу таза,март жигит бирок озун билесин деп жакындаганда
- Охо оной менен женилем дебейт го.Олсом олдум го бирок чоголоп жалынбайм деген кыздан экен.Бир ооз байкелеп жалынбады го чиркин.
- Сен эмне жинди болдунбу? Сапардын пейлин билбейсинби? - Деп Сайкал безилдеп жиберди.
- Сапар болсо озуно Сапар мага эмне,болбосо силерге Сапар бизге эмне.Касым капа боло тушту.Доку болсо аз калдынбы дегенсип ырсайып кулуп карап туруптур.Сайкал безилдеп коркуп кеткенин айтып,жан алы калбай атты.Мен ал уйго баргым келбей,барыштан заарканып турдум.