Суперстан: Он жыл - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Он жыл

#1 Пользователь офлайн   buku   08 Июль 2017 - 11:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 19 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 10:17

Салам.мен бул жактагы темаларды окуп журом коптон бери, бугун озум жонундо да жазгым келди.мага кенеш керек эмес жон гана бул окуя же болбосо биздин кыргыздын ушул салтына кандай коз караштасыздар ой болушсок деген максатта.анда кеттик...
Мен анда он бир жаштагы уйдун эрке кызы элем.биз ошол жылы атамын оорусуна врачтар жакшы болот дегенинен улам жайкысын жайлоого бардык ал жактан атамдар союз маалында кошуна болуп жургон уй було менен кошуна туруп калдык.ал киши чон небересин багып алган экен ошол небереси экообузду бат эле бел куда боло коюшту.тушунугунуздор бардыр э бул жонундо балдарды кичине кезинде же болбосо тороло элек кезинде кудалашып коюшат.ошол менен убакыт отуп атты биз чоноюп аттык Ал менден бир жашка улуу эле улам бой жеткен сайын мен так секирип ал создорун жолотпой журдум болушу мумкун эмес тийбейм деп азыр ойлосом эмнеге анткеними деле билбейм балким мен ал учурда бул тема боюнча кантип ойлонушуму билбесем керек жаш болгондуктан.
16жашымда биз кокусунан суйлошуп калдык жылдызыбыз келишти бир бирибизди жакшы тушундук ошол кунго чейин ошончо жыл кошуна болуп эч суйлошпоптурбуз. Коп отпой ал мени туну жолугушууга чакырды макул болуп уйдогулорду уктатып коюп качып чыктым. Азыр ал тунду жылмаю менен эстейм. Чон суу ага турган Ал суунун аркы бетинде мен берки бетинде мен тарапка кечип отуп мени кайра озу жакка которуп отту отуп баратып бутундагы батинкасын ыргытты эле бироосу агып кетиптир таппай эле калдык.эртеси куну уйуно барсам женеси тундо тигинин батинкасынын бирин кучук суйроп кетиптир жок таппай атабыз силер жакка алып барбаппы дейт аны карасам ыржайып кулуп отурат каткырып жибербейин деп билбейм деген боюнча качтымго.
Эртеси куну да жолуктук ал кун менин жайлоодогу акыркы кунум эле ал туну менин акеме кармалдык...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   buku   08 Июль 2017 - 12:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 19 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 10:17

Ошентип мен колледжге кеттим Ал армияга. Биздин байланышыбыз да узулду ал учурда азыркыдай телефон ар кимде жок эле. Эки жылдан сон атамдар мени сурап атышканын чон атасы катуу ооруп козум откончо уйлоп коюп кетейин деп атканы жонундо айтышты эч кимге ооз ачып айта албадым ичи дартым ичимде гана мени батыраак таап келишин кутуп журо бердим. Атасы улам ар кимден айттырып журо берди ошондо бастырып эле ырым жырымын кылып уйго келип кызыны бер деп отуруп алса беришмек да бирок антишпеди. Биздикилер да кочодон эле макул келсин берем демек беле кызыбыз окуп атат деп эле тим болушту. Бир куну эртен уйлонот экен деген со знаком ду уктум жаман болдум ичим куйду кызгандым таарындым ыза болдум ата энелерибизге таарындым бизге ушул умутту беришпесе ушул нерсени чыгарышпаса балким биз бир бирибизге конул да бурбайт белек бир бирибиз жонундо ойлонбойт белек ...
Убакыт ото берди акырындан унута баштадым Ал жонундо. кийин эгиз кыздары бар экенин укканда дагы козголду ошол эгиздерди мен торомокмун деп эстеген сайын берген убадаларына турбаганы учун ага жиндеп журдум. Окууму буттум жакшы жерге жумушка орноштум иштеп кичине болсо да алаксыгандай болдум арада башка балдар менен да суйлошо коюп журдум. Жашын отуп баратат деп апам байкуш ар кимди айтат байкап кор таанышып кор деп акыры бироосуно турмушка чыктым. Жолдошум менен мамилебиз жакшы бир бирибизге куйумдуу жубайлар болдук шугур жыл айланбай балалуу да болдук. Жумуштан чарчап келсек там тун басып эшиктин алдынан кутуп алса бизден откон бактылуу адам жок.
Бир куну соц.тармактардын биринен Аны коруп калдым жазыша баштадык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   buku   08 Июль 2017 - 12:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 19 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 10:17

Мен ага таарынып журсом ал мага таарынып журуптур мени тоготпой койду деп. Дагы эле суйорун сагынганын коргусу келгенин аргасы жок гана тушалып турганын ошол эле учурда 4 бала тороп берген аялын да жакшы короорун бактылуу экенин айтат.мен да жон калган жокмун ага айтпасам да ичимден журогумун тубундо ага болгон кандайдыр бир сезим бар экенин сездим. Бир канча кун кызыктай абалда журдум он жыл мурунку кундорубузго кайтып кеткендей эле болдум.
Эмне дейм бактылуу бол дедим. Бирок эркектигин кылдыбы же кандай тушунбодум мен менен да байланышып тургусу келди убакыт тапканда жолугуп. Албетте макул корбодум мен бироонун суйуктуу аялымын баламын мээримдуу энеси ушул бойдон калгым келет Ал менен жазыша коем жолуга коем деп "бузулду" атка конгум келбейт .
Кандай ойлойсуздар деги эле азырго жокко эсе ата бабаларыбызда болгон да бул нерсе Бел куда дешип онугуп эле калган заманда жашап жаткан менин психологияма ушунча таасир этти илгерки кыздар балдар кандай абалда болушту экен. Мен кичине кезимде кошуна колондун туугандардын баягы келин кылып алам леген кызын ушулбу же сени тигиге беребиз деген создорду укса сразу жиндеп чыкчуумун кыйкырып бакырып баары менен урушуп ыйлап кирчуумун жада калса мен эч качан куйоого тийбейм эгер ага берсенер асынып алам боюму таштайм дечуумун.буларды эмнеге айтканымы азыр тушунбойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aijan   08 Июль 2017 - 13:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Себеби ар бир адам учун тандоо укугу, озу каалап курган келечеги таттуу. Сиз ал балага эмес, сизден сурабай туруп тагдырынызга олуттуу бурулуш жасай турган чечимдин кабыл алынып калганына каршы болгонсуз.
Анан да жаш кезде бироого бироону "плюс барабар суйуу" десе канча эмоция болот, а ага караганда олуттуу келген кудалыктвн таасири абдан эле чон. Жаш маалда "тийбейм, уйлонбойм" коп эле болот негизи.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   happyflower   09 Июль 2017 - 09:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 11 Июнь 14
  • Соңку аракети: 21 Авг 2021 16:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где Ред Бен!

Суйсонор да бири биринерди эч байланыша корбогуло. Антпесе учунчунор шайтан бт.Каяктагы суйууну деп уй-булонордон ажырап калбагыла. Уй-було бул ыйык тутка, доо кетсе калыбына келтируу кыйын. Куйоосу бп туруп же аялы бп туруп башкага карап койгондун озу зына. Сак болунуз бир тууганым
Не скажи Аллаху что, у тебя есть проблемы. А скажи проблемам что, у тя есть- Аллах!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   nur_ice   09 Июль 2017 - 09:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Май 17
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 18:09
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Байланышынызды узуп салын демекчимин, ага деген жылуу сезимдер дагы деле болсо журогунуздун теренине катып коюнуз, эч ким билбесин. Тагдырынар башка экен, оз уй булонорду сактап калгыла, бактылуу болунуз автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   buku   09 Июль 2017 - 12:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 19 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 10:17

:) рахмаат баарынарга болушунча байланышпаганга аракет кылып атам блокировка черный список дегендердин жардамы менен бар болсун ошолор деп койбоюнбу :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 22:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: