Бир жакшы форумчу кыздан монолог аркылуу кечирим сурайм((Шарт туура келбей калды,болбосо сени менен кенен олтурур сүйлөшкүм келди эле.
Буйруса биз жолукчу көп күндөр алдыда алтыш...
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#18802 25 Июль 2017 - 01:12
Саламатсынбы Монолог ! Билесинби бугунку кунум озгочо аяктады . Саардан жинденип аска зоодон кара эчкилерим тушуп , нерфке тийгендерди чекеден сузуп баштагам . Кулак укса курсак кайнайттан болуп калп создорго ачууланып . Негизи калпты кутконду оло жек кором ! Эки жуздуу адамдарды бууп салгым келет своими руками . Бирок арга канча ар адамда ар кыял ал кыялды ким тыяр демекчи оливам кетсин деп козумду акырын жумуп салдым .
" Жааным сен мага керексин . Сен менин барлыгым байлыгым жашоомдун манызы , менин эркем Малинамсын . Жааным жаман созго конул бурба эл оозунда элек жок , сени корбой билбей суйлогондорго таарынба . Эч кимге актанып жанынды кейитпе . Самый главный мен сага ишенем . Беш манжамдай жакшы билем госпожа . Мен учун сенин ден соолугун манилуу . Жааным бир ачуунду мага берчи . Билем сен кучтуусун сабырдуусун баарын женип кетеерине ишенем себеби сен менин шириин Малинамсын " ..
Суйуктуу адамымдын ушул создору тоодой бийик ачуумду заматта таратып , бозоргон жузумо жылмаю тартуулады . Чындыгында ачуу келсе акыл кетет туура . Аллахыма шугур кандай кырдаал болбосун жанымда колдоп кубаттап , эки ооз ширин созу мн туура жолго баштаган инсаным бар болгонуна шугуур . Оо жаратканым билип билбей суйлогон создоруму кечире гор . Мен бактылуумун Кудайым ушул кундорду насип кылганына шугур . Кстати после авариядан сон рульга отуруудан коркуп колум калтырап калчу . Аллыхыма чексиз мактоолор болсун бугун бул илдеттен арылдым буйурса ..

#18803 25 Июль 2017 - 01:22
Эс тарткандан баштап эле «аял жакшы – эр жакшы», «жакшы аял жаман эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти хан кылат» деген апамдын насааты менен чоңойдум. Менин курагымдагы же менден улуу, же кичүү баары эле ушундай тарбияда чоңойсо керек. Акыркы кездерде мен бул макалдарга кыжырым келе баштады. Эмнеден улам экенин азыр икаямдан улам түшүнөсүз. Жашоо шартка байланыштуу Түркияда жашап калдым. Акырындап түрктөрдүн жашоосуна аралаша баштадым. Ооба, бай-кедей, кыйынчылык деген Стамбулда деле, Африкада деле ошол. Бирок ар бир улуттун өзүнө жараша адаттары болот экен. Мисалы, мен ал жактан биздин аялдардай эмгектенген аял көрбөдүм. Боюнда бар, эми төрөйм деп жаткан аял базарда отурганын көрбөдүм. Өзүнөн чоң баштыктар менен товар ташыйм деп бели бекчейген келиндерди,
бензин куюучу жайларда түн ичинде иштеген секелек кыздарды, пенсия курагындагы апалар дили, тили бөтөн жерге кетип кор болгонун көрбөдүм. Күндүз иштеп келип, кечинде каардуу кайнененин тилин таап, бала-чакасын багып, ортодо күйөөсүнөн чала-бучук таяк жеп, эртеси эс албай жумушка кеткен аял тууралуу айтсам, алар үчүн жомок.
Ал жакта аял акак таштай сыйланат экен. Мыйзамы да, эли да, эркеги да коргоп турушкан аялдарды көрдүм. Алардын көздөрү бактылуу, ишенимдүү. Көрдүм да, ичимден сыздым. Биздин элдин аялга кылган мамилеси да, макалы да, сөөгүнө сиңген түшүнүктөрү да туура эмес сезилди.
Сиз деле ойлоп көрсөңүз, эмнеге башка улут кызын «сен ханбийкесиң, сен дүйнө сулуусусуң» деп тарбияласа, биздин апалар таптакыр башкача тарбиялашат. «Кызым, тилиңди тишиңе кат, кокуй, ошентип жеңесиң, ошентип эл болосуң, күйөөнү деген алдаш керек, чыда, өлүп кетпейсиң» деген кептерге кулагыбыз бышкан. А аталарыбызчы, менимче, алар «кыз дегенди энеси тарбиялайт» деген түшүнүк менен өздөрүн суудан кургак чыгарып кетишет. Капа болгонум, атам замандан эле кыргыздар макалы менен, башкасы менен кыздарды эркектер үчүн кызмат кыла турган объект катары көрүп жүрүп сөөгүбүзгө сиңип калганы.
Ал жакта кабылган бир кызык окуя эсиме түштү. Сейил бакта жүргөн элек, бир түрк айым сөз баштап, мен жооп берип дегендей отуруп калдык.
– Сиз эмне иш кыласыз?- дедим мен.
– Эч нерсе, үйдөмүн.
– Аа, демек, үй иштери менен алек экенсиз да?
– Жок, үй иштеримди кызматчы кылат.
– Түшүндүм, кыздарыңыз менен алек болот экенсиз, ээ?..
– Кыздардын 2 бала багуучусу бар.
– Анда күйөөңүзгө көңүл буруп, жакшы карайт турбайсызбы?
– Эмнеге, күйөөм мага көңүл бурсун...
Эрксизден күлдүм. Биздики менен салыштырсаң, асман менен жердей. Балаңды тарбияла, акча да тап, кайын журтка да кызмат кыл, үй тиричилигиңди тың кыл, алыс-жакын туугандар менен катташ, күйөөң башкага кетип калбаш үчүн ага жагуунун жолун изде. Айтор, баарына жетиш!
Негедир «үй- бүлөнү алып кетиш аялдан» деп тыянак чыгарып алышкан. Ал тургай эркек балдарын таштап, башканын үстүнө кирип кетсе да биз анын аялын күнөөлөйбүз. Басып кеткен эркекти эмес, аны кармай албаган аялды... Күлкү келерлик нерсе эмеспи, ээ, замандаш.
«Мыкты аял экен, үй-бүлөсүн сактап калды» деп да көп угам. Мурун мен да ошондой аялдарды кыйын экен деп ойлочумун. Азыр мага алар байкуштай сезилет. Баарына көз жумуп, үй-бүлөнү сактап калдың, ошол эле учурда өзүңдү жоготкондурсуң, балким... Аны кандай күч менен сактап калганын бир өзү, бир Кудай билет. Мени ойлонткон нерсе, эмне үчүн биздин кыздар, келиндер, апалар өздөрүнө эркек ташый турган жүктү алып алышкан? Андан да жаманы, эмнеге биздин эркектер ошого макул болуп отуруп калышкан?
Билем, көп эркектер менин оюма каршы чыгат. «Тантыраган неме да, аз убакыт башка өлкөдө жүрсө эле кыйын болуп калат. Бул аялдын жүгү эмей эмне?!» дегендер четтен чыгат. Албетте, актанууга акыңар бар
Кыздар, келиндер, апалар, бүгүнкү күндүн жүгү оор. Кайышып, майышып көтөрүп келе жатасыңар. Айтарым, ошол жүктү жалгыз көтөргөнгө милдеттүү эмессиңер. Силер корголо турган, аярлана турган, аяй турган затсыңар! Тарбия муундан-муунга өтөт эмеспи, биз кыздарыбызга болгон тарбияны, талапты өзгөртүшүбүз керектир. Балким, биз ошондо аялы, баласы корголо турган коомго келербиз...

#18805 25 Июль 2017 - 02:23
Аябай уят болдум
Сенден башка бирөө болгондо ыйласам керек эле
Эки күндөн бери уят болом. Бүгүнкүсү ашыкча болуп кетти
Болгондо да форумчусуң
Эч кимге айтпа а
(

Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#18807 25 Июль 2017 - 06:56
Узак жол эзип бутту......
Бирок аз гана коз ирмемдерден сон кереметтуу Ыссык-Кол тосуп алат

#18808 25 Июль 2017 - 08:19
Мен болсо ойго батып отурам,уктап жаткан кичинекей баламды карап эми сени кайрадан таштап алыска кетишим керек,жүрөгүңдү жаралап,сени кыйнап кайрадан сен мага көнгөндө ээхх....турмуш деген муш тура!эмнеге?
эмнеге?эмнеге?
даагы жан балам сени таштап кетип иштөөгө мажбурмун!
оо Жаратканым мага сабыр,сабыр бере көр ушул күндөрдү суудай агызып,шамаллай учура көр бактылуу сен мен жана балабыз чогуу жашаган күндөргө жеткизе көр!мына бүгүнкү жан дүйнө күндөлүгүм
#18810 25 Июль 2017 - 09:25
Уффф...бүгүн эмнегедир ичимдеги уйгу-туйгу ойлор чогулуп,тынчтык бербей вулкан болуп атылчудай болуп жатат го.
#18811 25 Июль 2017 - 10:45
Билесинби мен сен жонундо эмнени уктум?!
Сен каяктан билет элен.
Сен каяктан билет элен.
Салам
#18812 25 Июль 2017 - 14:13
Аллах шыпаа берсин сизге, бактыбызга айыгып кетиңиз.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#18813 25 Июль 2017 - 15:58
"Эмне, айыгат деп ойлойсунбу,айыкпайт.
Бекерге убактынды, акчанды кетирбе",
деп алып, бир канча суммалык даары-дармек,
витаминдерди жазып берди го врач эжем
. Умуттуу караган мени ушуну менен болсо да алаксып турсун жок дегенде деди окшойт )
"Таттуу жалгандан коро, ачуу чындык жакшы" деген нерсе ушу врачтарда жашайт да )

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 25 Июль 2017 - 16:15
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#18814 25 Июль 2017 - 16:37
Салам!
Бүгүн негедир шаарда аралап жүрүп сени эстедим..
Билесиңби, мен сени дагы да болсо унутпапмын, дагы да болсо сенин күлкүңдү, жалооруп карап мени өзүңө имерип алып жытымдан искеген убактар...
Кандайсың, жакшы эс алдыңбы,- деп таң атпай жазган билдирүүлөрүн, түн бир оокумга чейин сени менен баарлашып отурган, ар бир сүйлөгөн сөзүң дагы деле болсо эсимде...

Дүйнө кызык мени менен...
#18817 25 Июль 2017 - 19:13
Жон эле окуй бербесекчи?
деген билдирууну окуп, ырсайып бир кулуп алдым го
#18818 25 Июль 2017 - 19:35
Иш деп журуп мени унутканы калдын,пппфффф озун бил...
Сен бар учун...
#18819 25 Июль 2017 - 20:44
Тагдырым мынча татаал болбосо.Же ушул жолду озум тандап алдым бекен.Кээде жашоого нааразы болуп кетсем,кээде кайра эле Жаратканга шугур айткым келет.Алыстарга кетким келип журуп,алыска да келдим.Элестет атан тааныбаган шаарда жападан жалгыз озун журосун.Коркунучтуубу?
Жок мага зеригиштуу болуп жатат.Суйлошоорго,
сырдашаарга эч ким жок.Мен да жинди элемин тооба.Ушул жака коркпой,тобокел кылып кантип келдим экен))Бирок бир жагынан эч ким жок болгону да жакшы деп ойлоп кетем,ашыкча проблемалардан да алыс болосун дегендей.Буйруса баары жакшы болот деген умуттомун.Мага жардам бергендерге жана бербегендерге да рахмат айткым келет.Себеби озунордун кандай экенинерди мага далилдеп койдунар.Азыр мага бир гана САБЫР деген нерсе керек.Эх,монолог айта берсем арман коп...
#18820 25 Июль 2017 - 21:09
Бул жылдын же кызыктуу Темасы окшойт кечке кулуп журом эстегенде ,бири биздин катабызды жазып олтуруп Популярный болуп кеттиго хе хе .