Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 57
  • 58
  • 59
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#1161 Пользователь офлайн   Girl1996   29 Июнь 2017 - 04:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 00:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения kaidasyn (28 Июнь 2017 - 10:16) жазган:

Бири-бирибизди издеп журбойбузбу анда? :)

Аллах билуучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1162 Пользователь офлайн   uikuchu7   04 Июль 2017 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

(Үйлөнгөндөр үчүн...үйлөнө электерге да...жана үйлөнүүнү каалагандарга. ..)

Жигит үйлөнөт, атасы куттуктап, батасын берип, анан барак, калем жана өчүргүч алып келүүсүн суранат.
- Эмне үчүн? – жигит таңдана сурайт.
- Алып келе бер, - дейт атасы, сырын чыгарбай.
Кагаз менен калемди алып келип, өчүргүч жок экенин айтат.
- Таап келе кал, - дейт атасы.
Жигит көчөгө чыгып өчүргүч сатып келет.
- Жаз, - дейт атасы.
- Эмнени жазайын?
- Каалаганыңды жаз.
Жигит бир сүйлөм жазат.
- Өчүр, - дейт атасы.
Жигит өчүрөт.
- Кайра жаз, - дейт.
Чыдабаган жигит сырын сурайт.
- Жаз, деп кайталайт атасы, олуттуу.
Жазат... дагы өчүртөт... кайра жаздырат... кайра өчүртөт...
Бир канча жолу кайталагандан кийин атасы сурайт:
- Барагыңдын бети дагы эле актай турабы?
- Ооба, кайра-кайра өчүрүп жатсам...?
- Оп, баракелде, - атасы уулун далысына таптайт, - кептин төркүнү мына ушунда, сен бүгүн үйлөндүң, эми көкүрөгүңдө дайыма “өчүргүчтү” ала жүр. Эгерде аялыңдын кээ бир кемчиликтерин, жаман жорук-жосунун дароо көңүлүңдөн өчүрүп салбасаң, бат эле кирге толуп жакшылыгын жазчуудай орун табылбай калат. Аялыңда да ушундай өчүргүчү болууга тийиш. Мына ошондо гана силердин көкүрөгүңөр актай болуп, жакшылыкты жазганга орун табылат. Болбосо эр-аялдын “барагы” бат эле кирге толору турган кеп...
Эгер жашооң бактылуу, ырыс-кешиктүү болуусун кааласаң, “өчүргүчтү” дайыма ала жүр. Кимдир бирөөнүн жаман мамилесин, кемчилигин дароо “өчүр”, таза жаша, ак кагаздай таза бол, жашоонун мааниси ушул... “өчүргүчтү” унутпа...

Даярдаган: Алайчы Сеитбеков

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1163 Пользователь офлайн   uikuchu   19 Июль 2017 - 10:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Просмотр сообщения uikuchu7 (04 Июль 2017 - 19:23) жазган:

(Үйлөнгөндөр үчүн...үйлөнө электерге да...жана үйлөнүүнү каалагандарга. ..)

Жигит үйлөнөт, атасы куттуктап, батасын берип, анан барак, калем жана өчүргүч алып келүүсүн суранат.
- Эмне үчүн? – жигит таңдана сурайт.
- Алып келе бер, - дейт атасы, сырын чыгарбай.
Кагаз менен калемди алып келип, өчүргүч жок экенин айтат.
- Таап келе кал, - дейт атасы.
Жигит көчөгө чыгып өчүргүч сатып келет.
- Жаз, - дейт атасы.
- Эмнени жазайын?
- Каалаганыңды жаз.
Жигит бир сүйлөм жазат.
- Өчүр, - дейт атасы.
Жигит өчүрөт.
- Кайра жаз, - дейт.
Чыдабаган жигит сырын сурайт.
- Жаз, деп кайталайт атасы, олуттуу.
Жазат... дагы өчүртөт... кайра жаздырат... кайра өчүртөт...
Бир канча жолу кайталагандан кийин атасы сурайт:
- Барагыңдын бети дагы эле актай турабы?
- Ооба, кайра-кайра өчүрүп жатсам...?
- Оп, баракелде, - атасы уулун далысына таптайт, - кептин төркүнү мына ушунда, сен бүгүн үйлөндүң, эми көкүрөгүңдө дайыма “өчүргүчтү” ала жүр. Эгерде аялыңдын кээ бир кемчиликтерин, жаман жорук-жосунун дароо көңүлүңдөн өчүрүп салбасаң, бат эле кирге толуп жакшылыгын жазчуудай орун табылбай калат. Аялыңда да ушундай өчүргүчү болууга тийиш. Мына ошондо гана силердин көкүрөгүңөр актай болуп, жакшылыкты жазганга орун табылат. Болбосо эр-аялдын “барагы” бат эле кирге толору турган кеп...
Эгер жашооң бактылуу, ырыс-кешиктүү болуусун кааласаң, “өчүргүчтү” дайыма ала жүр. Кимдир бирөөнүн жаман мамилесин, кемчилигин дароо “өчүр”, таза жаша, ак кагаздай таза бол, жашоонун мааниси ушул... “өчүргүчтү” унутпа...

Даярдаган: Алайчы Сеитбеков

yym daaa
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1164 Пользователь офлайн   Eli.91   21 Июль 2017 - 09:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 05 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2024 16:25
  • Жынысы:Аялзаты

эн соонун темаларды бири экен менда жазып кетбесем болбос,чындыгында Ислам динин тушунгондор учун жана билгендер учун кандай таза дин,ойлой берсен учу кыйыры жок ойлорго жетеленесин Ислам дини жонундо,Кудайга мин мертебе шугур айтам,ата-энеме ыраазымын ушунчалык кичинекейибизден баштап дин жонундо кулагыбызга куюп,мусулманмын деп туруп мусулман кылган ишти кылбай арам менен адалды билбей жургон адамдарды коруп журогум ооруйт,кандай гана адашуучулардан жок дегенде гусул деген эмне экенин билишбейт,жок дегенде гусул кылбайт,мусулман атын гана атын алып журушот.
Бир адам сураган экен кандай мамлекетти басып алуу оной болот деп,ошондо жооп берген экен,кайсы олконун аялдары ачык кийинип,чачтрын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1165 Пользователь офлайн   jakshylyk   24 Июль 2017 - 09:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 07 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2018 11:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:OSH

Бир хадисте келген: «Эртең менен эрте туруп садака берип жүргүлө, себеби балээ садакадан озуп кете албайт».(Таргиб)
«Садака Алла Тааланын ачуусун басаңдатат жана жаман өлүмдөн сактайт». (Мишкат) Аалымдар жазышкан: «Садака өлүм келген учурда шайтандын азгырыгынан сактайт, кокустуктан келген өлүмдү тосот».
Кыскасы жакшы өлүмгө (ыйман менен өлгөнгө) жардамчы болот.
Бир хадисте келген садака кабырдын ысыктыгын кетирет.
Адам кыямат күнү өзүнүн садакасынын көлөкөсүндө болот. (Канз) башкача айтканда, канчалык садака көп берген болсо, ошончо көлөкө чоң болот.

Билдирүүнү түзөткөн: jakshylyk: 24 Июль 2017 - 09:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1166 Пользователь офлайн   jakshylyk   25 Июль 2017 - 08:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 07 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2018 11:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:OSH

Кабырдагы жигиттин арманы

Соолих Мари (рахматуллохи алайхи) айткан: «Күндөрдүн биринде бейшемби күнү, түндүн акыркы бөлүгүндө эртең мененки намазды окуу үчүн мен мечитке бара жаткам. Таң ата элек болчу. Мен бара жаткан жолдо мүрзө бар эле. Ошол жерде бир мүрзөнүн алдына отурдум. Отураарым менен уктап кетиптирмин. Түшүмдө баардык мүрзөлөр ачылып өлүктөр чыгып бири менен бири кубанычтуу абалда сүйлөшүп жатышты. Ошолордун арасында кийими кирдеген капалуу бир жаш жигит да мүрзөдөн чыгып бир тарапка отурду, бир аздан кийин асмандан көп периштелер түшүштү. Алардын колунда идиш бар экен, идиштин үстү нурдан болгон жоолук менен жабылган. Алар ар бирине идиш берип жатышты. Идиш алгандар мүрзөсүнө кирип кетип жатышты. Баардыгы алып бүткөндөн кийин, жаш жигит эч нерсе албастан мүрзөсүнө жөнөдү. Мен андан сурадым: «Сен эмне үчүн капалуусуң? Ал эми бул эмне деген такталар?» Ал айтты: «Бул тирүүлөр өзүнүн өлүк туугандарына белек кылып жиберген идиштер. Мага жибере турган эч ким жок. Болгону жалгыз энем бар. Бирок, ал байлыкка батып калган. Башкага турмушка чыгып, күйөөсү менен алек, мени эстеп да койбойт». Мен анын энесинин жашаган жерин сурадым. Эртеси күнү ошол дарек боюнча барып, энесин парданын артына чакырып, баласы туурасында сурап түшүмдү айтып бердим.
Аял: «Ооба ал менин жанымдай көргөн балам болчу. Аны өз колум менен өстүргөм». Анан ошол аял мага миң дирхам берип: «Муну менин баламдын атына садака кылгын! Мен эми ал үчүн дуба жана садака кылып, эч качан аны унутпайм» - деди.
Соолих (рахматуллохи алайхи) айтат: «Мен түшүмдө ошол элдерди дагы баякындай абалда көрдүм. Баякы жаш жигитти да кубанычтуу абалда көрдүм. Ал мага карап чуркап келип айтты: «Эй, Соолих! Алла Таала сага жакшылыктарды берсин. Сениң белегиңди алдым». (Ровз)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1167 Пользователь офлайн   Meruet84   25 Июль 2017 - 11:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения jakshylyk (25 Июль 2017 - 08:31) жазган:

Кабырдагы жигиттин арманы

Соолих Мари (рахматуллохи алайхи) айткан: «Күндөрдүн биринде бейшемби күнү, түндүн акыркы бөлүгүндө эртең мененки намазды окуу үчүн мен мечитке бара жаткам. Таң ата элек болчу. Мен бара жаткан жолдо мүрзө бар эле. Ошол жерде бир мүрзөнүн алдына отурдум. Отураарым менен уктап кетиптирмин. Түшүмдө баардык мүрзөлөр ачылып өлүктөр чыгып бири менен бири кубанычтуу абалда сүйлөшүп жатышты. Ошолордун арасында кийими кирдеген капалуу бир жаш жигит да мүрзөдөн чыгып бир тарапка отурду, бир аздан кийин асмандан көп периштелер түшүштү. Алардын колунда идиш бар экен, идиштин үстү нурдан болгон жоолук менен жабылган. Алар ар бирине идиш берип жатышты. Идиш алгандар мүрзөсүнө кирип кетип жатышты. Баардыгы алып бүткөндөн кийин, жаш жигит эч нерсе албастан мүрзөсүнө жөнөдү. Мен андан сурадым: «Сен эмне үчүн капалуусуң? Ал эми бул эмне деген такталар?» Ал айтты: «Бул тирүүлөр өзүнүн өлүк туугандарына белек кылып жиберген идиштер. Мага жибере турган эч ким жок. Болгону жалгыз энем бар. Бирок, ал байлыкка батып калган. Башкага турмушка чыгып, күйөөсү менен алек, мени эстеп да койбойт». Мен анын энесинин жашаган жерин сурадым. Эртеси күнү ошол дарек боюнча барып, энесин парданын артына чакырып, баласы туурасында сурап түшүмдү айтып бердим.
Аял: «Ооба ал менин жанымдай көргөн балам болчу. Аны өз колум менен өстүргөм». Анан ошол аял мага миң дирхам берип: «Муну менин баламдын атына садака кылгын! Мен эми ал үчүн дуба жана садака кылып, эч качан аны унутпайм» - деди.
Соолих (рахматуллохи алайхи) айтат: «Мен түшүмдө ошол элдерди дагы баякындай абалда көрдүм. Баякы жаш жигитти да кубанычтуу абалда көрдүм. Ал мага карап чуркап келип айтты: «Эй, Соолих! Алла Таала сага жакшылыктарды берсин. Сениң белегиңди алдым». (Ровз)

Таасирлүү баян экен....
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1168 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   31 Июль 2017 - 02:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Тык, тык, тык…

Эшикти кимдир бирөө черткилеп жатты…
– Ким бул?
– Даярдан кетебиз.
– Сен кимсиң? Каяка кетебиз деп жатасың?
– Кезегиң келди. Чыныгы үйүңө сени алып кетем.
– Чыныгы үй дейсиңби? Анда сен…!
– Ооба, кетебиз тезирээк бол!
– Беш мүнөт күтө тур..жарым-жартылай калып кеткен иштерим бар.
– Бүтпөгөн иштериң болсо, башкалар аягына чыгарат. Тездет!
– Балдарымчы? ! Алар кичинекей да. Макул, анда коштошуп алайынчы..
– Сенсиз да алар чоңоюшат.. Тезирээк! Сени күтүп жатышат…
– Күтүп жатышат? Кимдер?
– Барганда көрөсүң..!
– Түшүнүп турам. Бирок, жүрөгүн оорутуп, кечирим сурай элек, жакшылык жасай
элек адамдар бар. Суранам, мен аларга карыздар абалда кетким келбейт.
– Муну убагында ойлонушуң керек болчу!
– Убагында? А мен… убактым көп деп ойлочумун.
– Баарыңар окшошсуңар. . Убакыт – сен жашап жаткан убак..
Мындан да узак эмес…
– Аттиң! Аттиң!….
– Каалайсыңбы жокпу, мен сени алып кетем. Бүгүндө жашап жатып, дайыма эртеңкиңдин бар экенин ойлоп жашадың.
Тууганым! Бул сиз бизге сабак боло турган мисал…
Бул сага да бир эскертүү. Азыр барсың. Бирок, эртең жоксуң…
Ал келгенде, сен үмүт менен сүйүнүү менен тосуп алганга даяр бол!

Даярдаган: Адилет Сыдыков
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1169 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   31 Июль 2017 - 02:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

МАГА СЕН КЕРЕКСИҢ, ЭНЕ!

Өмүрүндө мындай жалган сөз уккан эмес эле. Эски досторунун чучукка жеткен суук сөздөрүнө көзүн кылгыртып келе жатты. Бул кичинекей айылда ошол достору менен далай ирет шапар тээп, ойду-тоону койбой кыдырып, энеси сатып берген машине менен ойноп-күлүп, барбаган жери калбады эле го. Ал кезде ким эмнеге алчу эле мындай машинени? Эч ким. Ким минтип күндө шапар тээп, ойноп-күлчү эле? Эч ким. Ошол достору жанынан бир тыйын кошчу беле? Жок, ичип-жеп ойноп-күлгөнүнө кайыл, жаштыкка, байлыкка мас болгон бир учур өткөн экен. Эми карачы, ошол достору кайра минтип, жылаңач-жыртык калганда өзүн кемсинтип, корсунтуп "Кебетеңди карачы"-деп, бирин-бири шыкактап, шылдыңдашат. Кантип ыйлабайт?! Бул биринчи эле жолу дейсиңби! Жок, мындай сөздөргө бышыкулак болуп калган. Бирок… бирок, бүгүнкү өтө эле…

Келип, короодон ичке кирип жатып, байкабай босогону тээп алып, колу менен жер таяна барып, бети менен кулап, бозала болуп тура калды. Бекиш калчылдап, муштумдарын түйүп, адам болсо жеп жиберчүдөй ызырына аттап жетип, жаман өтүгүнүн такасы менен босогону тепкилеп: "Жадагалса, өз босогом да, өз үйүм да каршы мага! Мына, мен үчүн бул жашоодо орун калган эмес экен да!"- деп бышактап ыйлап, колунун ооруганына карабай, дарбазаны муштагылап, үйүнө кире түнөдү.

Эрке өскөн Бекиш бала мүнөз болуп, чоңойгондо да ар кимден таяк жеп, энесине ыйлап келгенин койгон эмес эле. Бала кыялы дагы кармап, эми деле кээде үңкүлдөп ыйлай берет. Мыкты урам деп балка менен колун уруп алганда, Кудайга үнү жетип сыздады го, чиркин! Ачуусу келип казан-аякты талкалап, сынганы сынган боюнча, ошондон бери турат. Какаганга-муштаган болуп, энеси тирүү кезинде үйлөнтүп койгон аялы да кетип калган. Азыр ээн үйдө жалгыз калды. "Туруп оокат кылайын, там-ташты, короо-жайды оңдоюн"- деген эзели оюна да келбейт. Турган үйүнүн сүрү качып, алыстан көзгө сомсоо көрүнүп, кишинин киргиси да келбейт. Терезенин айнектери сынып, дубалдын кээ бир жеринде шыбагы түшүп калган, карала болуп. Ал гана эмес, үстү түшүп, кыйшайып калган үйдүн каалгасын оңдоп-түздөп убара болбой, көтөрүп ачкандан эринип, эңкейип кирип-чыгып жүрө берет.

Ошол баягы адаты, үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы болуп, бир жаздыкка бетин коюп, үңүлдөп жатты. Оюнда энесинин айткан насааттары, урушуп-тилдеп сүйлөгөндөрү.

"Кылчайып, оокат кылганга үйрөтө албадым го сени. Дүйнөнүн баркын билбей, кашыктап жыйнаганымды чөмүчтөп чачып, жедеп, менин өлүмүмдү тилеп калдыңбы, акмагым!! ! Шордуум!! !"- деп далай жолу энеси буркурап, кээде кармана албай буркан-шаркан түшүп урушаар эле. Жалгыз уулум деп канаттууга кактырбай бапестеп жүрүп, өтө эле эрке өстүрүп алганына, эми ошол эркелиги өз башына таяк болуп тиерин ойлоп, ыйлаар эле. Баласы, эркелиги аз келгенсип, "Төө десе , бээ"- деген аңкоо, түшүнбөс, кеп жебес неме эле. Ушунун баарын ойлоп келип, байкуш эне өлөөрүндө: "Ай акмак! Бери кара. Мындан ары маңдайыңда сайраган мен жок. Ай дээр ажо , кой дээр кожо жок. Оромпой тээп жыргаарсың. Мен өлгөндө бул жыйган-терген дүйнөнүн аягына чыгып, ичип-жеп, баркыңды билбей, тебелеп-тепсеген, шарактаган, көпкөлөң досторуң сени кор кылар. Сен таалайсыздын багына жалаң ушундай жатып ичер шүмшүктөр туш келип калганын карасаң. Ошондо билерсиң энеңдин баркын, байлыктын баркын, азыр сайраныңды курсаң. Эртең эле жылаңач-жыртык калып, бул дүйнөгө батпай кор болорсуң, эси жогум!!! "- деп, эне байкуш, уулунун кийинкисин көрө билип, буркурап ыйлаган бир маалда. Оюна сандаган санаа, баласынын самтырап турганы келип, жанында отурган Бекишти колдон кармап булкуп: "Ук! Ушуга чейин айткандарым кулагыңа кирген жок, акыркы сөзүм, ушуну ук. Жедеп бул дүйнөгө батпай кор болгондо, сенделип тирүү-өлүк болуп жүргөнчө кепедеги жыгач-туткага барып, асынып өл! Уктуңбу? Уктуңбу дейм?!"- деген.


Бекиш энесинин өлөрүндөгү ушул сөздөрүн эстеди. Акырын башын көтөрүп арканды карады. Кирдеген жеңи менен көзүн аарчып, арканды алып кепеге барды. Ыш жыттанган тар кепеде эски, майда-барат оокаттар бар эле. Ызасы дале тарабай, бурчта турган жаман отургучту жерге коюп, үстүнө чыгып, жыгач туткага аркандын бир учун байлап, чактап, экинчи жагына илмек жасап, мойнуна илди. Эки колу менен көзүнүн жашын аарчып: "Эне!… Мына карачы, менин эч кимге керегим жок. Сенделип тирүү-өлүк болдум. Тосуп ал мени!!! "- деп, отургучту буту менен түртүп ийди. Асылганга болгон жок, үзүлдүбү, эмне болду, "карс" деп бир нерсе ачылгансып, өзү "талп" деп жерге кулап түштү, өлбөй калды. Үстүнө бир нерселер төгүлүп жатты. Бекиш көзүн ачып тура калды: Акча!!! Тутам-тутам түйүлгөн акчалар! Аңырайып өйдө караса, жыгач тутка көмкөрөсүнөн коюлган кичинекей үкөкчө экен. Бекишти көтөрө албай, үкөктүн оозу жулуна түшүптүр. Мойнундагы аркандын бир учунда калдактап үкөктүн оозу жүрөт. Аңкоолугун, ушуну сезди. Бут алдына жайнап төгүлүп жаткан акчаларга көпкө карап, "дүп" эте тизеси менен үстүнө чөк түштү. Эки колуна чеңгелдеп акчадан уучтап кармап, мыжыгып үнсүз мелтиреди. Аз-аздан көзүнө жаш толуп, жаак эттери түйүлүп, кимгедир кыжыры келгени же сүйүнгөнү билинген жок. Улам карыштыра мыкчып, көзү чанагынан чыгып кетчүдөй чакчайып, бир караган жеринен көзүн албады. Бир маалда муун-жүүнү калчылдап: "Аа-а-аа-а! "- деп бакырды… "Энее-е! … Мени өлгөндө да бактыңбы?! Жаным апа!!! Өлүп жатып да мени ойлодуңбу? Менин кор болоорумду билдиңби? Энекебай! !!" -деп жаш балача өңгүрөдү. Далайдан бери көкүрөгүнө толгон кайгы-арманын кимге айтып төгөөрүн билбеген Бекиш дайрадай толкуп, бугун чыгарып боздоп жатты. Энеси жаңы көз жумгансып, "энекебайлап" сыздап жатты. Билген асыл сөздүн баарын "эне" деген сөзгө кошуп, чындыгында эми жоктоп жатты...

"Сенин... Эне... Сенин тирүүңдө баркыңды билбей, тилиңди албай кыйнаган уулуңду кечир, эне! Угуп жатасыңбы? Мен...мен али бала элем го?! Уулуңду, карачечекей уулуңду таштап кеттиңби? Ушулардан көрө сен калсаң эмне? Мага сен керексиң! Мобулардын кереги жок!"- деп бакыра, эки колдой чеңгелдеп, акчаларды туш-тушка чачып жатты... ''Көргүм келбейт буларды, көргүм келбейт! Байлык ... Байлык, сени жек көрөм! Мени кор кылган сенсиң! Жалгыз гана сенсиң!! !" деп үңүлдөп, үнүн баспады. Эне мээримине, жакшы сөзгө зар болгон Бекиш көмкөрөсүнөн түшүп, ыйлап жатты. Саксайып өскөн чачы чекесинен чыккан терге жабышып, жыртык, кир кийими топого аралашып тургае кейпин ого бетер жүдөтүп, эпсиз, жөндөмсүз экенин ашкерелеп турду. Өпкөсү көөп чыккан неме дагы эле шыбырап сүйлөп жатты: *"Мага сен керексиң, эне!"*



<Бейиш эненин таман астында>_*

<Жер бетинде эненин мээриминен өткөн мээрим жок>>_* _{Ж.Абидетегин}_
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1170 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   31 Июль 2017 - 03:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аллахтын каалоосу

Шаьбан Валий азиреттин жанына бир кедей адам келип:

- Азирет, мен абдан кедей адаммын. Бир гана эшегим бар эле, ошону менен турмушумду өткөрүп, бала-чакамды багып жүрөт элем. Ал өлгөндөн бери жашоом оорлоп кетти. Мага дуба кылыңыз, Аллахым жашоомду жеңилдетсин, тилемчилик кылып калуудан сактасын – деп суранды. Шаьбан Валийдин кедейге ичи ачышты. Колун көтөрүп Аллахка дуба кылды. Ал дубасын бүткөн учурда, эшигин тыкылдатып, бир адам кирүүгө уруксат сурады. Азирет ага уруксат берди. Салам айткан жигит:

- Азирет, көптөн бери ниет кылып жүргөн жакшылык ишим бар эле. Эшикте бир качырды жетелеп келдим. Ушуну менин атымдан белек катары кабыл алыңыз, - деди. Шаьбан Валий кедейге жылмая карап:

- Мынакей, Аллах сүйүктүү пенделерине жамандык артынан жакшылык берет. Өлгөн эшегиңдин ордуна, андан күчтүүрөк качыр берди. Аны алып үйүңө кете бер, - деди. Кедей ыраазылыгын билдирди да, качырын алып үйүнө кетти. Шаьбан Валийдин бул ишине таңданган тиги:

- «Субханаллах» – деди таңыркап,
- Бул качырды сизге эртең менен алып келейин дедим эле, бирок эртең менен өтө зарыл жумуш үчүн эртелеп жолго чыга турган болуп калдым да, караңгыга карабастан келе бердим эле. Көрсө, Аллах Таала качырды бул кедейге буйруп койгон экен да...
Бактылуулук Формуласы
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1171 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   31 Июль 2017 - 03:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Алманын ээсин издеген жигиттин окуясы



Бир күнү бир дайранын жээгинде даарат алып жаткан эле. Сууда бир алманы көрөт. Даарат алып болуп, сууда чирип кете турчу бул алманы алып жейт. Бирок, түкүрүгүндө кан көрөт. Бул убакка чейин мындай абалга туш келбегендиктен түкүрүгүндөгү кандын ушул жеген алмадан улам болгондугун божомолдойт. Жегенине өкүнөт. Алманын ээсин таап, кечирим сурап ыраазылыгын алуу үчүн дайраны бойлоп басат. Акыры барып жеген алмага окшогон алма бакка туш келет. Ээсин сурайт. Бул заттын абдан жоомарт, жакшылыктуу адам экендигин, жада калса, бактагы алмаларды түгөл жыйнап алып кетсе да эч нерсе дебей тургандыгын, бир алма үчүн убара тартуунун мааниси жоктугун айтышат. Буга карабастан алманын ээсин табат, окуяны түшүндүрүп же акчасын алуусун, же акысын адал кылып, ыраазы болуусун суранат.
Алма бактын ээси бул жаш жигиттин абалын карап, такыбаалыгынын чын-жалганын билиш үчүн мындай дейт:

– Жеген алмаң үчүн эмне бересиң?

– Алтын-күмүш, эмнем болсо берейин.

– Мен алтын-күмүш каалабайм, бирок, эгер кыяматта сага доочу болуумду каалабасаң сага бир сунушум бар, аны кабыл кылышың керек.
– Сунушуң эмне?

– Орундай турган болсоң айтайын…

– Исламиятка туура келсе орундай алам.

– Сокур, дүлөй, тилсиз жана колу-буту шал болгон бир кызым бар, аны менен үйлөнүүгө макулдук берсең ошондо гана бул алманы сага адал кылам.
Сабит хазреттери акыретке кул акысы менен кетпөө үчүн бул сунушту кабыл кылат. Нике той даярдыктары көрүлөт. Сабит хазреттери биринчи түнү бөлмөгө киргени менен чыкканы бир болот. Дароо кайын атасына жүгүрүп барып: «Ата, бул жерде бир жаңылыштык бар сыяктуу, бөлмөдө сиз айткан сыпаттагы кыз эмес таптакыр башка бири отурат!» – дейт. Кайын атасы күлүмсүрөп: «Балам, ал менин кызым, сага адал болгон кыз. Мен сага аны сокур деп айткан болсом, ал эч качан арам нерсе көргөн эмес. Дүлөй деген болсом, ал эч качан арам нерсе уккан эмес. Тилсиз деген болсом, ал эч качан арам нерселерди сүйлөгөн эмес. Шал деген болсом, ал эч качан арам жерлерге барган эмес. Бар эми адал жубайыңдын жанына бар, Аллаху Таалаа мубарек жана бактылуу кылсын.»
Мына ушул үйлөнүүдөн, б.а., ушундай эне-атадан Имам Азам Абу Ханифа дүнүйөгө келген.

Шемседдин Сивасинин Менакых-и Имам Азам аттуу эмгегинен алынган
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1172 Пользователь офлайн   jakshylyk   02 Август 2017 - 10:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 07 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2018 11:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:OSH

АТАНЫН ОН ОСУЯТЫ Көптү көргөн ата уулу үйлөнөр күнү аны жанына чакырып:

- Уулум,бүгүн сен бир мамлекетти куруп жатасың, үй-бүлө куруу- бул аял менен эркектин чогуу жашоосу эле эмес. Калган өмүрүңдү бактылуу жашап, артыңда атыңды улай турган туяк тарбиялап, Жараткан кудайдын алдындыгы милдеттериңди аткарып өтүшүң керек. Демек, үй-бүлө куруу менен жашоонун бийик ашуусун ашасың. Ал эми бул нерсе - жеңил иш эмес .
Уулум, оң кулагың менен да, сол кулагың менен да угуп, жүрөгүңө түйүп алгын. Төмөнкү он осуятты аткара билбесең, бул" ашууну " аша албай калышың толук мүмкүн:


[color=#1D2129][size=4] 1. Аял затты эркектин сүйүүсүн ачык, даана көрүүнү каалайт. Ошондуктан сүйүүңдү билдирүүгө сараңдык кылба. Эгер антпесең экөөбүңөрдүн ортоңорго жек көрүү көшөгөсү тартылып калуусу мүмкүн.

2. Аялдар эркектер сыяктуу жакшы сөз угууну жактырат. Ошон үчүн аялыңа дайыма жакшы сөз айтып көңүлүн көтөр;

3. Аялына ар дайым жылмаюу менен кара. Жылмаюу аялдын көңүлүндөгү кирди тазалайт ;

4. Таза кийим жана жыпар жытты жактырбаган аял болбойт. Тер жыттанып кир кийим кийген эркектен аялдын көңүлү бат калат;

5. Үй аял үчүн мамлекет. Анда аял өзүн падыша сезсин. Анын падышалык тактысын кулатып койбо. Тактысынан айрылган падыша эртели- кеч өч албай койбойт.

6. Аял сага кызмат кылуу менен бирге, үй - бүлөсүн да четте калтырбайт. Ошондуктан, өзүң менен анын үй- бүлөсүн да бирдей даражада алып жүр;

7. Аялдар ийри кабыргадан жаралганын унутпа. Бул айып эмес," каштын көркүн - ийрилиги айгинелейт" эмеспи. Аны түздөөгө аракет кылба, сындырып алууң мүмкүн;

8. Аялдар жакшылыкты бат унутуучу болот. Эгер ага өмүр бою жакшылык кылып, бир жолу жамандык кылып, кемчилдик кетирсен," сенден эч жакшылык көрбөдүм" деп айта берет. Сен буга көңүл бурба.

9. Аялдар табиятынан назик, алсыз жаратылган, ошондуктан Алла Таала аларга кээде( этек кири келгенде, төрөгөндө) намаз окуу, орозо кармоодо да жеңилдик берген. Бул учурларда сен да ага жеңилдик кылып, жардам беүүнү унутпа;

[font=inherit]10 . Аял- сенин туткунун сыяктуу. Туткунга жакшы мамиле кылсаң. ал сага өмүр бою жан шеригиң болуп жүрө берет.


[font=inherit][font=inherit]Сүрөт [font=inherit][size=2]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1173 Пользователь офлайн   Meruet84   13 Август 2017 - 19:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Умар бин Хаттаб өзүнүн жолдоштору менен баратып кой кайтарып жүргөн койчуга жолугуп калат. Азирети Умар койчуга: Мага бир койуңду сат – дейт. Өзүм да койлор да бирөөгө таандык, мен өзүм кул болсом, кожойунумдун койун сизге кантип сатмактын? – деп жооп берет койчу жигит. Азирети Умар тиги койчуну сынап көргүсү келет да: Бир койуңду мага сат, а кожойунуңа болсо: Койду карышкыр жеп кетти – деп кутуласың – дейт. Анда койчуман жигит: Кожойунумду алдашым мүмкүн, бирок “Алла Тааланычы?, Алланын астына барганда эмне деп жооп берем” – деп суроолуу жооп кайтарат. Койчунун сөзүнө таңыркаган Азирети Умардын көзүнөн аккан жашы сакалын суулап жиберет. Койчунун: “Алла Тааланычы?”, – деген сөзүнөн катуу таасирлеген Азирети Умар койчуман жигиттин кожойунуна келип анын акчасын төлөп кулдуктан азат кылат. Андан кийин тиги жигитке карап: Бир сөзүң сени бул дүйнөдө кулдуктан азат кылды, ошол сөздүн себебинен Алла Таала кыяматта сени тозок отунан азат кылуусун үмүт кылам – дейт.

Кел мусулман бир тууганым, ушул окуядан өзүбүзгө чоң сабак алайлы!, Кудайдан коркуу деген сезим ушундай болушу шарт. Кудайдан коркуу тил менен айтып койуу менен ишке ашпайт, балким аны денебиз, мүчөлөрүбүз менен аткарышыбыз керек. Ар-бир мусулман: “Мени Алла көрүп турат, сүйлөгөн сөзүмдү, сөзүмдү эле эмес, балким шыбыраган дабышымды да угуп турат деген сезимде жашашы керек. Чындыгында Алла Таала Көрүүчү, Билүүчү жана Угуучу Улуу Жаратуучу. Алла Таала караңгы түндө, караңгы үйдө, караңгы таштын астында басып бараткан кара кумурсканы көрүп, басып бараткан үнүн угуп турат…


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1174 Пользователь офлайн   Asalim-99   15 Август 2017 - 20:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 480
  • Катталган: 24 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 17:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Кулжа

Жолдон бир досума жоолугуп калдым. Бир шаарда жашасак дагы, ал досумду коптон бери коро элек болчумун. Адатынча шымы кычырата утуктолгон жашыл тустогу костюм кийип досума жолукканыма жетине албай амандашып, откон-кеткенди суйлошуп отурганыбызда жакын турган мечиттен азан уну угулуп калды. Мен жума намазына бараткан элем. Азандын уну аяктап дуба кылгандан кийин досума кубанычтуу карадым да: -Жур досум, жума намазга кеттик, -дедим колунан тартып. Менин сунушума жийиркенген кишидей бетин бырыштыра кабагын туйгон досум:
-Доске, бара албайм! Менин жума намазга барбай турганымды, деги эле намазга жакын эмесимди билесин го? Тамаша кылба! Бар бара бер!, -деди колун кагып. Досумдун мындай жоругуна шагым сына тушту да:
-Эч озгорбопсун го досум. Анча эмне мечиттен качасын?,-дедим шаабайым сууп. Досум мени кулмундоп карады дагы: -Билбейм, айтор... Такыр эле мечитке бара албай койдум. Анын устуно намаз окусан шымдын кыры кетип, тизе бултуйуп чыгып кетет да. Мен аны каалабайм,-деди.
Анын бул создорун угуп бир башкача кулуп жибердим да:-Ооой, досум! Сен эмне тамаша кылып жатасынбы? Ошондо биз шымдын кыры кетип калат деп намаздан качалыбы! ,-дедим. -Сын айтам Доске. Озун деле билесин го, мен учун кийим озгочо орунда турат. Анын устуно жашыл тусту ото жакшы коргондуктон, бул тустогу кийимдеримди кайдагы бир мечитке барып жышкым келбейт,-деп кесе жооп Берли. Чындыгында эле бул досум кичинесинен кымбат кийимдерди кийип, ар дайым кычырап журчу. Ошентсе дагы анын ьул жоругуна тырчып: -Омурундо бир ирет мечитке бардын беле? -дедим. Менин улам суроо бергениме жактырбагандай жолдо мечитти коздой шашып бараткан адамдарды конулсуз караган боюнча: -Ооба баргам. Кичинемде атамды ээрчип барып калчумун. Ал кезде шымымдын тизеси чыгат деп коркпогон жылдарым болсо керек да. Бирок мындан ары дагы мечитке барам деп ойлобойм. Деги эле мечитке аяк баскым келбейт!,- деди. Ошентип досум экобуз бири-бирибизге таарынышкан боюнча айрылдык. Мен мечитти коздой чуркап, ал болсо кара коз айнегин тазалап, анын кымбат кийимине суктанып карагандарга маашыр болгонсуп оз жолунда кетип баратты...
Арадан эки ай убакыт отту. Бир тааныштарым тиги досумдун мечитте экенин айтышты. Мен учун бул кутуусуз кабаре эле. Кылып жаткан ишимди таштап мечитке жугуруп жеттим. Сын эле досумду мечиттен таптым. Адатынча жапжашыл туско болонуп, болгондо да мечит толгон жааматтын сап башында экен...
Акырын жылып отуруп досума жакын келдим да:
-Досум... Досум... Кана сен мечитке эч качан аяк баспайм дедин эле го?,-деп шыбырап суроо бердим. Бирок досумдан ун чыккан жок.
Анткени досум усту жапжашыл кездеме менен жабылган табытта жансыз жаткан эле...

БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ
BROKEN ANGEL
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1175 Пользователь офлайн   nalukg   02 Сентябрь 2017 - 21:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 17 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 00:16

Кайтар дуйно
Жазылган болсо кечирим сурайм.
Уйбулодо жалгыз калган атасын жаш жубайлар карап жатты. Албетте бала оз атасына биразда болсо меерими барго. Бирок айалы анын каарылыгына анын туйшугуно чыдай албай куйоосун жемелейт болчу. Балада айалы себеп болуп шайтанга азгырылып атасын жоготууну чечти. Атасы уктап жатканда жанына келип которуп капка салып алыскыы жарды коздой жоноду. Ыргытаар жерине келгенде добуш угулду. Капты койуп атасына карады атасы балам сураныч дагы бираз ойдороок алып бар теетиги бактын жанынан ыргыт деди. Баласы эмнелигин сураганда атасы менда оз атамды ошолжерден ыргыткан болчум деп жооп кайтарды..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1176 Пользователь офлайн   Asalim-99   10 Май 2018 - 21:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 480
  • Катталган: 24 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 17:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Кулжа

Маймылдан болгон керемет

Бир сүт сатуучу бар эле. Ал акчасын чогултуп жүрүп, кобойгөн кезде ажыга барууну максат кылды. Кемеде кубанычы койнуна батпай ажылык сапарга баратты. Ал түшкөн кемеде толтура эл ар түрдүү улуттагылар жана ар түрдүү кесиптегилер бар эле. Алардын арасында бир маймыл үйрөтүүчү адам жана анын желкесине чыгып, түшүп ойногон кичинекей маймылы да бар эле.
Сапар уланууда биздин каарманыбыз улам ычкырындагы тыйын салынган баштыгын өз ордунда бекен дегенсип улам-улам кармалап койчу. Бир убакта кеменин бурчунда жатып көзү илинип кетет. Чочуп ойгонуп эле бир шумдукту сезгенсип, баштыгын кармаласа жок. Ал дамам ордунда эс учун жоготуп, ордунда катып калды. Өмүр бою чогулткан тыйыны заматта жок болуп кеткенине кыжалат болду. Бир азга эсин жоготуп кайра өзүнө келди. Ал адам кыялында ууруну тапкансыды. Ал маймыл деп ойлоду. Ошол убакта акчасын жоготкон адам маймылды издей баштады. Ал убакта маймыл болсо эчак эле кеменин парусунун чокусуна чыгып, чочоюп олтуруп алган болчу. Акчасын жоготкон адам маймылдын ээсин тапды да жанынан чон канжарын сууруп чыгарып, анын кекиртегине такады.
Акчасын жоготкон адам:- "Менин тыйынымды сенин маймылын гана алды. А сен болсо ага акчаны урдоого үйрөткөнсүн. Тез менин акчамды кайтарбасан ушул жерде мууздап салам",- деди ал.
Маймыл үйрөтүүчү:- "Тыйынын менде эмес, ишенбесен тинтип көр капчыгымды" ,-деди.
Акчасын жоготкон адам : -" Сенде болбосо маймылында. Айт ага тыйынымды кайтарып берсин",- деп канжарын дагыда кекиртегине батыра такап турду.
Маймыл ээси "Болду болду токтот. Алып беремин анда болсо",- деп жалдырап ийди. Анан чокуда тыйын салынган баштыкты кармап ойноп олтурган маймылга кожойуну ылдыйда туруп дагы бир баштыкты көрсөттү. Чокудагы маймыл да баштыгын кожойуну көрсөткөндөй кайталады. Анткени маймыл, ээсин тууроону үйрөнгөн болчу. Маймылдын кожойуну баштыктан бир акчалык тыйынды чыгарып жерге таштады. Маймылда так ээсиндей кылып баштыктан бир тыйынды алды да кемеге таштады.
"Алхамду лиллаах", - деди муну көрүп турган сүт сатуучу. «Акчам кайра колума тийгидей болду»,- деп кубанды. Маймыл ээси баштыктан экинчи тыйынды алып жерге таштады. Маймыл да баштыктан экинчи тыйынды алды да бирок, аны кемеге эмес, денизге таштады. Таң калаарлык окуя болду. Маймыл бир тыйынды кемеге, бир тыйынды денизге таштай берди. Акыры баштыкта тыйын түгөндү.
Сүт сатуучу адам муну ан-тан болуп көккө карайт эле. "Оо Жараткан кудуретинен айланайын. Ушунчалык адилеттүү белен",- деп көз жашын тыялбай окүрүп ыйлайт эле. Себеби, ал сүткө тең барабар суу кошуп сатчу.
Ал адам: -"Мына эми сууңдуку сууга, сүттүкү жанга калды",- деп боздоп атты.
BROKEN ANGEL
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1177 Пользователь офлайн   Meruet84   19 Февраль 2019 - 23:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан


АЛ БААРИБИР ЭНЕ ...(болгон окуя)
Бир жалгыз бой аял чиедей жаш балдарын атасыз чонойтууда коп эле кыйынчылыктарды баштан кечирет.
Башкалардан кем кылбайын деп кара жанын карч урат.
Эс алууну, жакшы кийинууну унутат.
Башкаларга окшоп тойго,кечелерге да барбайт, озу менен озу убара.Эч ким деле аны чакырбайт.
Бар дуйносу тооктору бар....Балдарына тез тез тоок кайнатып, этине тойгузат.
Эттуу жиликтерин балдарына берип, озу моюн этин жемиш болот, балдарым кенири,тое жесин дейт эне.Апа, сиз озунуз неге жебейсиз? дешсе балдары, " мен моюн этти жакшы кором" деп коет.
Таттуу алып келип, балдарына болуп берип, балдарым жесин деп, " мен таттууну жактырбайм" деп коет экен, абдан жегиси келип турса да,балдарым жесин деп....эч качан жаны кийим озуно сатып албай,турдонуп кийингенди жактырбайм деп коет...балдарым кийсин деп...
Балдары чоноет,уй- було кутушот...
Эне ооруп калат...
Балдары сурап келишет...Ар бири тооктун моюн этин салып, шорпо кайнатып келе беришет...
Тойго чакыруу келсе, апасына айтышпайт, апам барганды каалабайт деп...
Таттууну жактырбайт дешип, эч нерсе деле алып келишпейт.
Турдонуп кийинуу апама жакпайт деп, эч кандай кийим- кече деле сатып беришпейт... .������Эне оор улутунуп...ушкурот!
Бирок, баары кеч эле..Балдарына берген " туура эмес тарбиясына" абдан окунот.
Эми ал кусогон тамагын жасап иче албай, жумшак кийим кие албай, айыл апага бара албайт, ал ооруулуу....
Урматтуу энелер!Балдар жашында эле торго отуруп, эттин майлуусун, кийимдин жумшагын,тамактын таттуусун эле жеп оз кадырынарды жайына коюуну унутпагыла! Оорубагыла! ������








Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 20 Февраль 2019 - 00:00

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 57
  • 58
  • 59
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 23:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: