kaidasyn (01 Июль 2017 - 19:34) жазган:
Хизбут-тахрир ал-Ислами араб созунон алынып,бизче которгондо Ислам боштондук партиясы деген маанини билдирет.Бул агымдын башка Ислам агымдарынан айырмасы дуйно жузундо туздон-туз саясий устомдук кылууга аракет кылгандыгында жатат.Бул партиянын негиздоочусу Мухаммед Такыйуддин ал-Нвбхани болуп эсептелет.Ал 1909-жылы азыркы Израил мамлекетинин Хайфа шаарында туулган.Ал ал-Азхар университетин бутургондон кийин Палестинада мугалимдик жана кадылык (Дин адамдарынын аймактык башкаруучусу) кызматтарында эмгектенген. Жаш мезгилинен тартып Иззадин ал-Касам (белгилуу дин адамы) менен бирге Ангилиялыктарга жан Яхудийлерге (Еврей) каршы ар кандай каршылыктарды коргозуп турган.Ошол учурда ал Хасан ал-Банан жетектеген "Ихвани Муслимин" (мусулман туугандар) деген жааматка келип кошулат.Бирок бул жаамат саясий максаттарды коздобогонуно байланыштуу коп отбой бул жааматтан чыгып кетет. 1948-жылы Палестина жооттор (Йахуди,Еврей) тарабынан басып алынгандан кийин бул абалдан кутулуу учун системалык турдо озгочо бир партиялык кыймылдын керек экенин айтып,1949-жылы ошол партиянын негизин тузо баштайт.Бул максатта ал "Палестинаны куткаруу" деген макаласын жазып анда Палестинанын бир гана мусулмандарга тиешелуу экенин баса белгилейт.1950- жылы Александрияда чогулган "Араб тилдуу элдердин улуттук конференциясында" озунун "Рисалату ал-Араб" деген доклады менен чыгып анда арабдардын Ислам динине бекем болууларын жана дуйно саясатында жандуураак болууларын катуу талап кылат.Бирок бул конференцияда арабдар анын созуно анчалык маани бербеген сон ,1953-жылы Иорданияда Хизбут-тахрир ал-Ислами партиясын тузот.Набханинин бул партияны тузуусунун эн негизги себеби Йхудийлерге болгон душмандыгы жана Ихвани-Муслимин жамаатынын лидери болгон эски узтазы (мугалим) Хасан ал-Банандын олтурулгондугу (1949) болуп эсептелет.1953- жылы Набхани Иордания окумотуно партиянын курулгандыгын расмий турдо билдирет.Бирок ошол учурда Иордания армиясынын башында турган генерал Глубб 1954-жылы анын партиясын ар турдуу иш чаралардан тыю салат.Мунун натыйжасында Ливанга качып кеткен Набхани партиянын мулкун оз кызыкчылыгы учун колдонду деген куноо менен 1956-жылы Ливан окмоту тарабынан камакка алынат.Ошентип омурунун аягына чейин (1977) Бейруттагы камакта калат.Набханинин олумунон кийин анын ордуна Абдулкадим Заллум келип анын иштерин улантат..