Revolyutsiya2 (02 Август 2017 - 01:42) жазган:
Ажыке, биз сизди урматтап сыйлайбыз, анткени Сиздин диний билиминиз терен, дуйно таанымыныз кенен. Кеп анда да эмес, кеп ошол билиминизди туура колдонуп, билгендеринизди элге жеткирип, ыйман жолуна чакырганынызда. .. Бирок кээде мактанып барып аша чапмайыныз бар. Сиздин Жанар Акаев экоонордун алым-сабагынарды эл унуткан жок. Ошондо Сиз койгон талап туура болгону менен, ал жигитке кийинки айткан создорунуз сиздей аалымга жарашпас жорук болуучу...
Кечоо 2 катын алуу темасын котордунуз, бирок мындагы форумчулардын 80-90%ти сиздин оюнузга каршы чыкты, же озунуз келип биздин талкууга катышпадыныз же шакирттериниз ондуу пикир жаза алышпады...
Атамбаев качан болсо Бакиевди куноолойт, озунун ийгиликсиздигин да Бакиевден корот. Ошол сынары силер да Союзду куноолой бергенди токтоткула, Атамбаевге окшобой... Ажыке, Сиз азыркы жаштардан айырмаланып Союздун нанын жеп, ал коомдогу адамдардын жашоосун, пейилин коруп калдыныз. Ал убакта адамдардын копчулугу намазга жыгылбаганы менен, пейли кенен, ак конул калк эле... Азыр кадам сайын мечит-медресе, диний аалымдар теле-радио, гезит, интернет менен элгн уну жетип турган убак. Намазга жыгылгандар коп. Ошондой болсо да элдин пейили мурдагыдай эмес, азыр намаз окуганы да, окубаганы да алсам-жулсам деп озун гана ойлоп калган убак... Ошондуктан бир нерсени каралап жамандоодон мурун ак-караны айрып тааный журсок, Атамбаевчесинен куру доомат артпасак... Жалгыз намаз окуу менен адам онолуп кетпейт, журогу таза болбосо, адам биринчи журогун тазалоосу керек...
Сиз Ленин атабыз тууралуу дин аалымына жарашкыс пикир айткансыз, адашпасам Манас атабыз тууралуу да... Мына сиз элди ыйман жолуна тартуу учун коп эмгектенип жатасыз, ал эми Ленин атабыз мусулман эмес, атеист болсо да, кыргыз эли учун сизден коп соопчулук иш кылганын негедир мойнунузга алгыныз келбейт. Эгер ал адам болбогондо ким билет бугун Кыргызстан деген мамлекет болот беле же жокпу, Сиз менен Биз торолуп бугункудой алым-сабак айтышып отурат белек?!! Балким айтаарсыз, Алланын амири менен болгон баары деп?! Туура, Алланын амири менен болгон, бирок Алланын тандоосу ошол кишиге тушуп, ошол киши биздин бугунку кунго жетишибизге себепкер болуп отурат Алланын окумун аткарып. Сиз да Алланын амири, тандоосу менен бул даражага жетип, чон диний аалым болуп, бизди он жолго баштап отурасыз... Бирок ошол он жолдо баратып пендечилигинизге алып, туура эмес пикир айтып же иш жасап койгон учурларынызды мойнунузга алганды уйронунуз...
Созуно кошулам. Озу жетише албаган ийгилиги учун бироону кунооло туура эмес. Ийгиликке карай умтулуп, жетуу учун-акыл, мээнет, практика, оттой ыссык калоо керек болот.
Атамбаев алжыган адамдай ар жерде ар кимди куноолойт, балким эртен аны да куноологон адам чыгаар?
"Сен тарыхты мылтык менен атсан, тарых сени замбирек менен атат" деген соз бекеринен айтылбаган чыгаар?
Кумондор деле оз оюн айтканга акысы бар да. Мисалы олгон адамдын балдары окуруп ыйлоо шариятта жок. Бирок салтта бар, эгер окуруп ыйлабаса айтышат да "ушул даражага жеткирген ата-энеси эле ыйлап койгонго жарабады наадан" деген соз анын омуру откончо айтылат.
"Келин келгенде жугунбош керек, пенде алланын алдында гана жугунот" деп айтылат, бирок ошол адамга сый катары, салт катары жугунуп койсо болот да. Омур бою жугунуп келген чон апаларыбызга жугунбосок капа болот. Шарияттын окумдорун толук аткара албасам да беш убак намазды казасыз окуганга аракет кылам. Чубак ажы деле пенде да жанылышат. Ажобуз ошо болгондон кийин. Ажынын Ленинге карата айткан созу туура эмес. Ал Москвада эле суйлогон создору закон катары он беш мамлекет кабыл алып кынтыксыз аткарган. Жакшы дейби жаман дейби анын кылган жакшы эмгектери алтын тамгалар менен жазылып тарыхта калды. Ленинге окшоп адамдарды бир идеолргияга сугара албай, озунун созу отпогону учун эчак олгон Ленинди куноологондун озу туура эмес.
Жогоруда бироо жазыптыр откон муун куноолуу деп. Балким бизди эртенки муун куноолойттур: откон муун куноолуу жерлерди сатып, кен байлыктарды ташытып, бизге эч нерсе калтырбады" деп?
1950-60-жылдары адамдардын коз карашы башка болгон. 70-80-жылдары дуйного болгон коз карашы башка болгон. Ошол адамдар азыркыдай муун чыксын деп балдарын тарбиялаган эмес да. Чычалаган менен чын эле ошол замандын адамдары пейли кенен, жан дуйносу таза, боорукер болушкан. Мечиттер аз болгон, молдолор да аз болгон. Саны коп сапаты жок болуп мечит уйунун жанында турса да жума намазга убакытка шылтоолоп барбагандар деле бар. Мандайында даават айтса деле бир кулагынан кирип бир кулагынан чыгып кетсе СССРди куноолошот же шайтанды. Балким айткан адам же укпаган адам куноолуудур? Канткенде да откон муунду куноолобой куноону озубуздон издейли.