Суперстан: Шайлоо-2017. Кыргызстандын 5-президенти ким болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Шайлоо-2017. Кыргызстандын 5-президенти ким болот? Кыргызстандын жакынкы 6-7 жылдагы тарыхын ким калчайт?

Сурамжылоо: Шайлоодо кимге добуш бересинер? (86 пользователей проголосовало)

Шайлоодо кимге добушунарды берип колдойсунар

  1. Бабанов Омурбек Токтогулович (28 голосов [32.56%] - Просмотр)

    Процент голосов: 32.56%

  2. Жээнбеков Сооронбай Шарипович (9 голосов [10.47%] - Просмотр)

    Процент голосов: 10.47%

  3. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (49 голосов [56.98%] - Просмотр)

    Процент голосов: 56.98%

Голосовать

#101 Пользователь офлайн   CEO   08 Август 2017 - 00:30

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Бугун туштуктун 4 талапкери биригип, шайлоого арасынан бир талапкер корсотуп, калганы ошонун айланасына топтолуу чечимин кабыл алышыптыр... Эгер Мадумаров мырза окурмандарынын пикирине кулак туро жургондо, окурмандары Мадумаровду Ташиев, Мырзакматов, С.Жапаров менен биригууго чакырып келген. Келдибековду Ташиев ээрчитип журот, мен лично Келдибековго жакшы баа бере албайм, андан ар кандай интрига, саткындыкты кутсо болот. Ал эми Торобаев акчасына ишенген бири, анда президенттик эмес, бир партия жетекчиси катары жакшы сапаттарды табуу кыйынга турат. Анын "Онугуу" партиясы жергиликтуу шайлоолор болобу же Жогорку Кенешке болгон шайлоодо болобу, элдин добушун акчага сатып алуу боюнча сап башында болуп, шайлоолордо аздыр-коптур женишке жетип келген "сыры" ошол....

Эми бугун булардын тандеми жарыяланаары менен ар кандай ойлор айтыла баштады, арасында бул торттук Торобаевге токтолот экен деген да кептер бар. Биринчиден бул торттук Торобаевдин талапкерлигине токтолсо, анда шайлоодо кун мурунтан утулганы ошол. Анткени бул торттуктун ичинен Мадумаровдун шайлоочулары сан боюнча тиги учоонун шайлрочуларын бириктиргенде да 2-3 эсе коптук кылат. Эгер Мадумаров талапкерлигин алып салчу болсо, аны колдоого даяр шайлоочуларынын басымдуу болугу шайлоого катышпайт же башка эле талапкерге добушун берет, Торобаевке добушун берчулор аз болот деп ойлойм. Эсинерде болсо, Супер жургузгон сурамжылоого ылайык Торобаев тизменин ылдыйында жайгашып келген, аны колдогон форумчулар аз болуп... Мен кайра башынан суроо салып откум келет, бул торт адамдын кимисин шайлоодо талапкер катары коргунор келет: Торобаевди, Ташиевди, Келдибековду же Мадумаровду? ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Taranchy   08 Август 2017 - 01:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Мен да ушундай болорун ойлогом. билсеңер бираз мурунураак жазгам. салмактуулардын биригүүсүнө карата өз оюмду. Эми баалансты сактоо учүн Жээнбеков же Бабанов өз адамдарын же командасын чогултушу толук ыктымал. Эгерде элар бириге албаса анда жеңилди деген сөз. Бирок Бийликтеги Атамбаев, таасирдүү бир туугандары көп Жээнбековдор жана акчалуу бизнесмен Бабанов шайлоонун шахматында чечкиндүү жүрүшкө барышы толук мүмкун. Саясий күроштүн чыныгы каармандары ушулар. Сапиев да ушул топко кошулушу ыктымал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   CEO   08 Август 2017 - 01:31

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Просмотр сообщения Taranchy (08 Август 2017 - 01:19) жазган:

Мен да ушундай болорун ойлогом. билсеңер бираз мурунураак жазгам. салмактуулардын биригүүсүнө карата өз оюмду. Эми баалансты сактоо учүн Жээнбеков же Бабанов өз адамдарын же командасын чогултушу толук ыктымал. Эгерде элар бириге албаса анда жеңилди деген сөз. Бирок Бийликтеги Атамбаев, таасирдүү бир туугандары көп Жээнбековдор жана акчалуу бизнесмен Бабанов шайлоонун шахматында чечкиндүү жүрүшкө барышы толук мүмкун. Саясий күроштүн чыныгы каармандары ушулар. Сапиев да ушул топко кошулушу ыктымал.



Эми Атамбаевчи окурмандар учун Жээнбеков, Бабановдор "чыныгы" каарман болоору айтпаса да тушунуктуу да.....

Анан калса Бабанов саясий курошту акчаны мол чачып, теле-радио, гезит, сайттардан тушпой озун мактатып пиарлап, шайлоодо элдин добушун акчага сатып алуу деп тушунсо, Жээнбеков саясий курошту административдик ресурсту колдонуу, мамлекеттик кызматкерлер менен студенттерди озуно добуш берууго мажбурлоо, шайлоо жыйынтыгын бурмалоо деп тушунушсо ажеп эмес.....

Билдирүүнү түзөткөн: CEO: 08 Август 2017 - 01:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Missing-u   08 Август 2017 - 07:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 02 Август 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2023 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жээнбеков мин сомдон уже голос сатып алып баштаптыр
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Patriot7   08 Август 2017 - 20:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Мадумаров каяктагы Торобаев, Сариевдер менен жолугушуп суйлошуп озунун кадыр баркын кетирип жатат. Эл Мадумаровдон чечкиндуу кадам, олкодо радикалдуу озгоруулорду кутот. Ал эми Сариев, Торобаев ж.б. менен бириксе, биригип шайлоодо женсе, олкодо биз куткон озгоруу болбойт. Мадумаров озу айтмакчы сандан сапатка отуп, журогу эл учун соккон лидерлер менен гана бириккени дурус. Озу саясатта коптогон жылдар журуп кимдин ким экенин ажыратып калса да, кайра эле Торобаев, Сариев сыяктуу саясатчылардан колдоо кутуп, алар менен биригууго кадам таштаганы биз учун тушунуксуз да, акыркы умутторду да узуудо........
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   arawan   08 Август 2017 - 21:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 23 Апрель 16
  • Соңку аракети: 21 Сен 2021 14:41

бириккени оздоруно эле минус копко узабайт булар маанайынан билинип турат биригип женсе деле тортоо шайлоодон кийин кызмат талашып мушташат ошондо каша болот да баары
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Taranchy   09 Август 2017 - 12:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Камчы ака камчылайт да берки учоон бирден
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Patriot7   10 Август 2017 - 19:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Таза шайлоо отпосу кун мурунтан айкын болду!!! Кайран гана мурдуна бок суйколгон шордуу эл, таза шайлоодон умутун узбогон, Атамбаев менен БШК таза шайлоо откорот деп ишенип отура берсенер, анда тарткылыгынар коп экен.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Август 2017 - 14:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Revolyutsiya2 , порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертилген, 5 күнгө БАН!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   progresskg   15 Август 2017 - 18:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 01 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 19:54
  • Жынысы:Эркек

Эмне учун Мадумаров - Президент болбошу керек?

Кыскасы мындай - Мадумаров кыргыз экономикасын талкалап салат. Ага мисалы бир дагы чын ишкерлер жана бизнесмендер ишенбейт жана ага поддержка кылбайт. Эмне учун? Жана эмне учун аны кобуроок Россиядагы мигранттар колдоп жатат? Мен озум ишкермин, менде бизнесим бар кичине Кыргызстанда андан дагы башка бир мамлекетте кичи ишим бар. Мадумаров деген полулист - ал аябай кооз жана жакшы нерселерди айтат, бирок тилекке каршы аларды ишкер ашыруу мумкун эмес анын айтканындай. Мисалы ал 1 кундо коррупцияны жоготобуз дегени, бул анын созуно ишенген адамдар акылы жок экенин билдирет. Бул мумкун эмес, 1 кун эмес, 1 жыл эмес, 10 жылда да коррупцияны жогот албайсын, аны азайтууга эле болот.

Экинчиден Мадумаров - социалист-полулист, ал жаны заводдорду сала албайт, инвестиция келбейт, анын саясаты экономикага абдан чон зыян алып келет. Aнткени биз, ишкерлер, Мадумаровтой адамдарга ишенбейбиз. Бут баарын талкалайт.

Эгер модернизацияны каалсанар, айылдарынарды ондойбуз десенер, анда Бабанов - эн экономикага пайда алып келчу кандидат.
Эгер Мадумаров болсо, анда коп ишкерлер иштерин токтотот КРда, Казакстан жана башка олколорго кетет.
Aнын коз караштары баягы эле эски Советтик коз караштар экен, алар бугунку убакта артта калган жана иштебейт.

Бабанов президент болсо, чет жердеги кыргыз ишлеркер, КРга келип жумуш оорундарын ачабыз. Мигранттар Россиядагы чынында Бабановко добуш берсе, кобуроок утат - анткени Бабановтун программасы боюнча областтарда бизнес кылуу женил+эч кандай налог болбойт 7 жылдай, бут салык текшеруулор азаят. Ишкерлер жаны заводдорду ошол областарда ача баштаса, анан ошол Россиядагы кыргыз мигранттар Кыргызстанда эле ишетей алат, продукцияны экспортко бир эле Россия эмес, башка мамлекеттерге да чыгара баштаганга женил болот.

Мигранттар эгер Россияда эле калгысы келсе, анда ооба, Мадумаров -
ды шайлаш керек.

Эгер экономикада катуу озгоруулор болсун десенер, Кыргызстанга келип, КРда эле иштесем десенер, анда Бабановко добуш бергенинер акылдуу кадам болот.

Билдирүүнү түзөткөн: progresskg: 15 Август 2017 - 18:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   progresskg   15 Август 2017 - 19:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 01 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 19:54
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Edward.14 (15 Август 2017 - 18:46) жазган:

И анан да бир нерсе Бабанов экөөң ушул убака чейин жумуш орун түзбөй эшек такалап жүрдүңөрбү? Же шайлоодо эле жумуш орун түзүп каласыңарбы?
Эл тажады аферисттерден






Аферисттер Бабанов эмес, сендей адамдар аферисттер!

Бироонун жасаган иштерин жокко чыгарып, акты кара, караны ак дейсинер.

Биринчиден Бабанов Бизнесмен катары, КОП жумуш оорундарын тузгон буга чейин эле! Ага тиешелуу бизнестер налогторду толоп турат.

Мисалы:

1. Банк АКБ Кыргызстан - ар кандай областтарда 100 го жакын филиалдары бар банктын! Аларда коп адамдар иштейт! Канча мин деген адам жумуш оорундары менен камсыз болгон! Ал эми Мадумаровчу? Канча адамды иштетет сенин Мадумаровун? канча адамды жумуш менен камсыз кылат?


2. Ошол эле азыр коп соз болуп аткан "Азия Моллдо" да жумуш коп оорундары тузулуп, коп адамдар иштей баштайт. Же болбосо НТС каналы - жумуш оорундарын тузгон.

3. Буга чейин да башка бизнестери Бабановтун, коп адамдарга иш берип жатат. Алар иши жок болсо, алар да кетмек чет жакка, туурабы? Кана Мадумаровун канча жумуш оорундарын тузду буга чейин? 0 жумуш оорундарын ачты. Мадумаровун канча деген миллион сом бюджетке салык толоду эле?

Мадумаров соз менен айтканды, Бабанов иш менен кылат коп суйлобой эле! Ошондуктан бироосу мульти-миллионер, экинчиси мигранттардан акча алып жатат президенттикеСүрөт

--------------------- ---------
Экинчиден, Бабанов Премьер-Министр катары ал 7 ай эле иштеди, бирок ошол 7 айдын ичинде, ал башка бир дагы ПМ иштебегендей нерслерди кылды:

1. Ал 2012 жылы коптогон Чиновниктерди кыскартты! Бул коррупцияны да азайтат, бюджетке да коп акча берет.

2. Казинолорду жапканга Бабанов буйрук берген.

3. Бизнеске, ишкерлерге кереги жок нерсерлерди алып салып, аларга жашоону женилдеткен. Ошон учун аны колдойбуз.

4. Техосмотр жана башка коррупциялык нерселерди жойгон эле!

5. Коррупцияга баткан Финполду жок кылган!

6. 7% менен селхоз креддитти 6,456 чарбалар алды! Бул - факт.

7. Чет элдик туристтерге визаны алып салды, мына ошол учун бугун Кыргызстанга дуйно жузунон коп туристтер келе башташты - Японияндан баштап Израильдик туристтер келе баштады кыргыз жергесине! Бул да Бабановтун заслугасы!

Жана башка да реформаларды жасамак эле бирок ал убакта 2012 башында ага Ташиев бут тосуп бир жагынан, экинчи жагынан Текебаев ичи куюп, бут тосуп, аны аргымагы бар деген шылтоо менен 7 айдан кийин эле кетирген.

--------------------- ---

Учунчу, Бабанов депутат катары.


1. Депутаттык привилегияны алып салбадыбы Бабанов жана анын партиясы! Депутаттардан 120 служебный унаалардан алынды, 120 шоферлору алынды, 120 помощниктер ди! Жылына 150 Миллион сом эконом кылат экен азыр ЖК, анткени Бабанов ушундай законду туртуп киргизди!
A сенин Мадумаровунчу? Ал тескерсинче - Жогорку Кенешке кымбат ремонт кылам деп, коррупция боюнча скандал болгон эсинде болбосо.



2. Бабановтун "Республика" партиясы башка партиялардан эн коп айтканын аткарган партия экен (85%), коз карандык эксперттер айтып жатат.

--------------------- -------

Эми Бабанов Президент болсо эмне кылат?

6 жылда, 10 тез онугуп жаткан мамлекеттерге кошот Бабанов жана командасы Prosperity Index деген рейтин боюнча. 10 эн онуккон эмес (Америка же Туштук Кореядай эмес), 10 "тез азыр онугуп жаткан" мамалекеттердин катарына ( мисалы Грузиядай). Анткени онуккон мамлекет болуш учун, биринчиден, коп жыл бою тез онуккон мамлекет болуш керек. Бул азыр Бабанов жана анын командасынын эле колунан келет. Мадумаровтун командасы жок, профессионалдуу реформаторлор жок анда, же ага ишкерлер поддержка бербейт Бабановко поддержка кылгыдай.

Мадумаровун (Жээнбековун, Сариевин, Ташиевин, Келдибековун, Торобаевин, жана баша) булар эски коз караштагы адамдар, алардын экономикалык жана социалдык саясаты бул "нокия кирпич" сыяктуу, бугунку убактыка таптакыр туура келбейт. Бизге "Айфон 7" дей жаны заманбап экономикалык саясат жана реформалар керек. Аны Бабанов эле кыла алат!


Так что бироону аферист дегиче, сендейлер биринчи жок дегенде чимикиргин тартып алсынчы, экинчидей жок дегенде Бабановтой болбосо да 1-2 миллион доллар тапчы, кыйын экенсинСүрөт Же Бабановтой мин эмес, жок дегенде 10 адамга эле жумуш оорундарын тузуп берчи. Аферист эмес экенсин. Колунан келеби? Аферист болсон да 100 миллион таба албайсын, анткени ага акыл керек, команда керек, анан коп иштеш керек. Силердей диванный эксперттер учун жомок айткан адамдар (Мадумаровтой) жакшы угулат, анткени ал оной жолду айтып жатат. Жата бергиле. Мадумаров болсо мага баарыбир мен, кыйналбайм, А вот силер, Мадумаровко добуш бергендер, озунор эле кыйналасынар. Анткени мигрант болуп журуп, отосунор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Patriot7   16 Август 2017 - 04:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Просмотр сообщения progresskg (15 Август 2017 - 18:20) жазган:

Эмне учун Мадумаров - Президент болбошу керек?

Кыскасы мындай - Мадумаров кыргыз экономикасын талкалап салат. Ага мисалы бир дагы чын ишкерлер жана бизнесмендер ишенбейт жана ага поддержка кылбайт. Эмне учун? Жана эмне учун аны кобуроок Россиядагы мигранттар колдоп жатат? Мен озум ишкермин, менде бизнесим бар кичине Кыргызстанда андан дагы башка бир мамлекетте кичи ишим бар. Мадумаров деген полулист - ал аябай кооз жана жакшы нерселерди айтат, бирок тилекке каршы аларды ишкер ашыруу мумкун эмес анын айтканындай. Мисалы ал 1 кундо коррупцияны жоготобуз дегени, бул анын созуно ишенген адамдар акылы жок экенин билдирет. Бул мумкун эмес, 1 кун эмес, 1 жыл эмес, 10 жылда да коррупцияны жогот албайсын, аны азайтууга эле болот.

Экинчиден Мадумаров - социалист-полулист, ал жаны заводдорду сала албайт, инвестиция келбейт, анын саясаты экономикага абдан чон зыян алып келет. Aнткени биз, ишкерлер, Мадумаровтой адамдарга ишенбейбиз. Бут баарын талкалайт.



Прогресс,

Сен экообуз Бабанов темасында карама-каршыкелген элек, шайлоо жакындап, кайра пайда болуп калыптырсын. .. Мейли, ар бир адамдын оз коз карашы, оз тандоосу болот, бирок анын пикири калптан туруп, ошол озу ишенген калпын башкаларга ишендиргиси келген адамды кандай атоо жарашат,озун жооп берчи?!!


Мадумаров бизнеске каршы деп пикир билдирип жатасын, бул создорун фактыга негизделгенби же Атамбаевдин создоруно окшоп чындыктан алыс куру созбу?!! Эмне, Мадумаров кайсы бир маегинде "мен президент болсом ишкерликке тыю саламын же ишкерлерге болгон салыкты 50-60%ке чейин которомун" деп айтты беле?!! Хотя, Мадумаровду сен сыяктуу ишкерлердин копчулугу колдобошу мумкун, билесинби эмнеге, анткени Кыргызстандагы ишкерлердин 80-90%ти салыкты туура жана толук толобойт, копчулугу салыктан качып, толосо да толонушу керек болгон сумманын 1/3 же 1/10 толойт. Эртен Мадумаров президент болуп калып, олкону иреттеп баштаса, салыктан качып жургон ишкерлерге кыйын болушу мумкун... Балким сен айтышын мумкун, ким салыктан качып жатат деп, базар аралап, базарларда соода кылган соодагерлердин канча проценти салык толойт, канча салык толойт деп бир кызыгып кордун беле?!! Базарда 1 соодагер миллиондорду айлантып жатат, мамлекетке тологону бар болгону патент,жанында соодасы аран кыбыраганында да ошол патент, ошондо бул адилеттуулукпу? !Ошол патент да толук эмес, 1 жылда 12 ай болсо, 3-5 айдын гана патенти толонгон болот... Мына кирпич завод, ун завод иштеткендер бар, ошолор олкого канча салык толойт деп ойлойсун?! Эгер мисалы кирпич завод 1 кундо 20 мин даана кирпич ондурчу болсо, 10 мин даана деп корсотот. Ал эми чыгашасын корсото келгенде ал жерде иштебеген, маяна албаган тааныштарына чейин маяна алды кылып, чыгашасын апыртып-кобуртуп жазат. Ошондо кирпич заводунун жетекчилиги 1 айда таза 1 миллион сом киреше тапса, бухгалтердик отчетторунда 100-200 мин сом болуп корунот. Дагы санап берейинби?! !......


Мадумаров экономиканы талкалайт деп жазыпсын, калпты ышкыртып, куру соз менен ооз арчуудан уялбадынбы? !! Болбосо Мадумаров экономиканы эмне учун, кантип талкалайт деген суроого жооп бергидей тушунуктуу, фактыга таянып жазсан анда башка кеп болмок.... Мадумаровду популист деп жазыпсын, кел элдин сынына коелу, Мадумаров популистпи же Бабановпу?! ! Популист деп куру убадаларды мол берип, лапшаны болушунча элдин кулагына илип, кооз суйлогон адамды айтат. Андай адамды кыргыз элим "тышы жалтырак, ичи калтырак" деп коюшчу эле. Эл айтсын, экоосунун кайсынысы популист?! !


Коррупцияны 100% жок кылууга болбойт, бирок аны менен курошуп 95-98%ке чейин азайтса болот, бул дегени олкодо дээрлик коррупция жок деген соз. СССР убагында олкодо коррупция 90-95%ке чейин болбогон, ал жомок эмес, аракет кылсак ошол корсоткучторго жетсе болот, мыйзамдар иштеп, жаза катааалдашса, коррупционер ким экенине карабай жоопко тартылса ж.б. Кел, инвестиция боюнча анан айтып берейин,ал эми Мадумаров завод-фабрика сала албайт деп эмнеге таянып айттын, баягы эле куру созун да карандай калптан турган, же Мадумаров тушуно кирип айтып бердиби, мен завод-фабрика курбайм деп?!! Баса Бабанов Бакиев учурунда вице-премьер министр эле, Атамбаев Окмотту жетектеп турганда вице-премьер министр болду,кийин сен айтмакчы 7 ай Окмотту жетектеди, ошол убакыт аралыгында олкого канча завод-фабрика курду, санап берчи?!! ...






Билдирүүнү түзөткөн: Patriot7: 16 Август 2017 - 05:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Patriot7   16 Август 2017 - 05:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Просмотр сообщения progresskg (15 Август 2017 - 18:20) жазган:


Эгер модернизацияны каалсанар, айылдарынарды ондойбуз десенер, анда Бабанов - эн экономикага пайда алып келчу кандидат.
Эгер Мадумаров болсо, анда коп ишкерлер иштерин токтотот КРда, Казакстан жана башка олколорго кетет.
Aнын коз караштары баягы эле эски Советтик коз караштар экен, алар бугунку убакта артта калган жана иштебейт.

Бабанов президент болсо, чет жердеги кыргыз ишлеркер, КРга келип жумуш оорундарын ачабыз. Мигранттар Россиядагы чынында Бабановко добуш берсе, кобуроок утат - анткени Бабановтун программасы боюнча областтарда бизнес кылуу женил+эч кандай налог болбойт 7 жылдай, бут салык текшеруулор азаят. Ишкерлер жаны заводдорду ошол областарда ача баштаса, анан ошол Россиядагы кыргыз мигранттар Кыргызстанда эле ишетей алат, продукцияны экспортко бир эле Россия эмес, башка мамлекеттерге да чыгара баштаганга женил болот.

Мигранттар эгер Россияда эле калгысы келсе, анда ооба, Мадумаров -
ды шайлаш керек.

Эгер экономикада катуу озгоруулор болсун десенер, Кыргызстанга келип, КРда эле иштесем десенер, анда Бабановко добуш бергенинер акылдуу кадам болот.




Прогресс,

Алма сабагынан алыс тушпойт демекчи, сен да Бабанов байкене окшоп чон жомокчу экенсин?!! Бабанов байкен 2010-жылдагы шайлоо алдында элди эмне деп "уктатканын" айтып берейинби, кийинки комментимде айтып отом...

Бабанов айыл-шаарларды ондоп, Мадумаров кайра ондогонду бузат деп эмнеге таянып жаздын, айтчы угалы?!! Эгер илим-билимдуу болгонунда социализм капитализмден кийинки баскыч экенин, биз капитализмге кайтып артка кеткенибизди корбой турасын го менимче?!! Ош-Бишкек жолун откон кылымдын 50-жж Америкалык Сэм байкен келип куруп берди беле?! Суу сактагыч, ГЭС, ТЕЦтерди да Америка, Европа куруп берди беле?!! Канча жылдан бери бир ГЭС кура албай корунгонго жалдырап жургонубуз калппы?!! Мына бугун жашап жаткан чакан жана орто шаарлар, андагы кабаттуу уйлор, мектеп, бала-бакча, оорукана, парктар баары сен эски, жаман деген СССР убагында курулду беле же Бабановдун атасы Американын акчасына куруп берди беле?!! Бишкекчи, Бишкектеги курулуштардын 80-90%ти Союз убагында курулган курулуштар эмеспи?!! Союз тарап жатканда толтура фермалар кыйрап, завод-фабрикалар талкаланды, билесинби эмнеге андай болду, анткени Америкалыктардын кенеши ошол болгон, баарын менчиктештиргиле, саткыла, акча жасагыла деп.... Американы карап кылчактаган адам прогрессивдуу, Союзду карап кылчактаган адам отстой бекен?!! Бул сандырак пикиринди унут, Американын оозун карай берсен, эртен эркек менен эркек, аял менен аял баш кошсо болот деп сайрап каласын....

Бабанов президент болсо эле элдин баары Россиядан кайтып, ишкер болуп бизнес баштайт бекен, кыргыздын баары бизнесмен болуп кетсе, колунда кимди иштетет, кытайларды кочуруп келип иштетип каласынарбы? !! Баса, ишкермин дейсин, ишкер болгонун ырас болсо, бизнес туптоп ишкердикти баштоо учун капитал керек экенин билесинби?! Же Бабанов элге кап кап акча таратып чыгат бекен, мына силерге капитал деп?!! Мейли, ишкердикти да баштадынар дейли, 7 жылга салыктан бошоттук, ошондо бизнесинер журушуп, итинер чоп жеп, банкрот болбойсунар деп ким кепилдик берет айтчы, же бизнес баштап, катар катар завод салып эле Европа, Америкага товар экспорттоп каласынарбы? ! Башканы коюп 30 жылда бир тузук завод курулуп, Европа, Америкага кыйратып экспорт кылган 1 да ири ишканабыз жок го, жомокту да окшоштуруп, эптегендер айтса...... Мен окуп жургондо 1 мугалим айтчу, Америкада жаны башталган 10 бизнестин 1 гана жашап кетет деп, анан ошол жашап кеткен 10 бизнестен 5-6 жылда суюлуп 1-2 гана калат деген. Бир соз менен 100 бизнестин 1-2 гана ийгиликтуу болуп уланып кетет деген соз... Сен болсо, Бабанов экоонор ишкерлер 100% ийгиликтуу болуп чекеден завод-фабрика курабыз деп катуу кетпединерби? !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Patriot7   16 Август 2017 - 05:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Просмотр сообщения progresskg (15 Август 2017 - 19:33) жазган:

Аферисттер Бабанов эмес, сендей адамдар аферисттер!

Бироонун жасаган иштерин жокко чыгарып, акты кара, караны ак дейсинер.

Биринчиден Бабанов Бизнесмен катары, КОП жумуш оорундарын тузгон буга чейин эле! Ага тиешелуу бизнестер налогторду толоп турат.

Мисалы:

1. Банк АКБ Кыргызстан - ар кандай областтарда 100 го жакын филиалдары бар банктын! Аларда коп адамдар иштейт! Канча мин деген адам жумуш оорундары менен камсыз болгон! Ал эми Мадумаровчу? Канча адамды иштетет сенин Мадумаровун? канча адамды жумуш менен камсыз кылат?

2. Ошол эле азыр коп соз болуп аткан "Азия Моллдо" да жумуш коп оорундары тузулуп, коп адамдар иштей баштайт. Же болбосо НТС каналы - жумуш оорундарын тузгон.

3. Буга чейин да башка бизнестери Бабановтун, коп адамдарга иш берип жатат. Алар иши жок болсо, алар да кетмек чет жакка, туурабы? Кана Мадумаровун канча жумуш оорундарын тузду буга чейин? 0 жумуш оорундарын ачты. Мадумаровун канча деген миллион сом бюджетке салык толоду эле?

Мадумаров соз менен айтканды, Бабанов иш менен кылат коп суйлобой эле! Ошондуктан бироосу мульти-миллионер, экинчиси мигранттардан акча алып жатат президенттикеСүрөт

--------------------- ---------






Бабанов акчасы бар экен, бир банк ачып коюптур, бирок ошол банкты Бабанов элге жардам болсун деп ачты бекен же чонтогумо тыйын шынгырап турсун деп ачты бекен, барып сурап келбейсинби? ! Мисалы сен банкка аманат акча салсан, моонотсуз болсо ага банк процент толобойт же толосо да 1-2%ке чейин толойт жылдык (годовой). Моонотту аманат акча салсан 8-12% толойт. Эми сен банктан кредит алсан 25-32%тен аласын, же калппы?!! Банк ортодо 15-20% акча жеп калат. 1 миллион сомдон жылына 150-200мин сом калат банкка... Банктын чыгымдары бар, сен айткан жуздогон адамдарга маяна толонот, бирок миндеген эмес, (ашып барса АКБ Кыргызстандын эмгекчилеринин саны 1500-2000ге жетиши мумкун олко боюнча, андан коп эмес). Башка чыгашалары бар толтура. Бирок банкта да жуздогон миллиондор айланат, же калппы?! Ошондо тиги эмгектенген элдин маяналары Бабановдун оз чонтогунон эмес, кредит алган катардагы элдин чонтогунон толонуп жаткан жокпу?!!


Баса, Бабанов иниси менен куруп жаткан конул ачуучу борбордун (ТРЦ) аты Азия Молл'бу же башкабы, айтор эмнеге буга акчаны Кыргыз-Орус онуктуруу фондунан алышты?!! Эмнеге муну Бабановдун АКБ Кыргызстан банкы каржылаган жок?!! Кыргыз-Орус фондунун тузулуу жана кызмат корсотуудогу максаттарын санап берчи, алардын арасында ТРЦ ачууну сунуштаган долбоорлор колдоого алынсын деген жери бар бекен?!! Бабанов саясатта журуп кантип Кыргыз-Орус Фонду тууралуу кабары болбосун?! ! Эл бизнес туптоп, чет олкого продукцияларын экспортко чыгарышы керек дейсин, ошол максатта тузулгон фонддун акчалары Бабанов сыяктуу олигархтардын бизнесине жумшалып жатса, анан кантип олкодо бизнес ачкан жаны ишкерлер колдоого алынат деп жатасын, аларга колдоо кормотуунун ордуна алардын акчасын Бабанов тартып алып жатса.....


Бабановдун бизнеси кантип туптолуп кантип кобойгонунон кабарын барбы?!! Эмнеге кечоо Айдар Акаевди коштоп жургон Бабанов, Бакиев убагында куугунтук коруунун ордуна Максим менен дос болуп журду, эмнеге Атамбаев "силер бакиевчисинер" деп окуруп-бакырып жатып, Максимдин досу Бабановду бакиевчи дебей-этпей эле он колу кылып алып журду деп озуно-озун суроо салып корбодунбу? !! Эгер мен сага, Бабановдун байлыгынын 5-10% бешене тер, калганы арамдан чогулган акча десем ишенесинби? !! Бабановдун биртке бизнеси, Айдар менен, кийин Максим менен дос болуп кучакташып жургондо 10-20 эсе, 100 эсе осуп кобойгонун ишенбегендер изилдеп корсо болот... Колунда бийлиги бар же бийликтеги досу бар адам кандай арам-коррупциялык схемалар менен байлыгын арифметикалык эмес, геометриялык прогресс менен кобойтсо болоорун, Прогресс мырза жакшы билет чыгаар?!! .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Patriot7   16 Август 2017 - 06:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Просмотр сообщения progresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:

--------------------- ---------
Экинчиден, Бабанов Премьер-Министр катары ал 7 ай эле иштеди, бирок ошол 7 айдын ичинде, ал башка бир дагы ПМ иштебегендей нерслерди кылды:

1. Ал 2012 жылы коптогон Чиновниктерди кыскартты! Бул коррупцияны да азайтат, бюджетке да коп акча берет.




Канча чиновникти кыскартыптыр, факты менен айтпасан эч ким ишенбейт! !! Мен тем более ишенбедим...



Просмотр сообщенияprogresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:

2. Казинолорду жапканга Бабанов буйрук берген.



Казинолорду жабуу Окмоттун же Бабановдун демилгеси менен эмес, Жогорку Кенештеги 1-2 депутаттын демилгеси болуп, алар мыйзам долбоорун даярдап, ал мыйзам долбоору коомчулуктун кысымы менен акыр-аягы Жогорку Кенеште кабыл алынган сон, казинолор жабылып баштады эле го... Же Бабанов менин эмгегим деп айттыбы сага?!!

Просмотр сообщенияprogresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:

3. Бизнеске, ишкерлерге кереги жок нерсерлерди алып салып, аларга жашоону женилдеткен. Ошон учун аны колдойбуз


Биринчи ишкерлик тармагына тартип орнотуп, коррупция менен курошуп алгылачы, анан шарт тузгуло, калп эле популисттик созунорду кайталай бербей!! ! Бабанов убагында ишкерлик болуп корбогондой дуркуроп осо баштаганы менин эсимде жок.....



Просмотр сообщенияprogresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:

4. Техосмотр жана башка коррупциялык нерселерди жойгон эле!


ТО (тех.осмотр) керек, башка олколордо, ал тургай Россияда да машина белгилуу км аралыкты басып откон сон ТОдон отот. Бул нерсе бизге да керек, бирок андагы коррупциялык системаны жойгон сон гана....


Просмотр сообщенияprogresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:

5. Коррупцияга баткан Финполду жок кылган!


Бабанов фин.полду таратып, конкурс уюштуруп, финполчулардын чонтогун кагып алып туруп, кайра эле фин.полду тузуп, атын озгортуп койгон, адашпасам "экономикалык кылмыштуулук менен курошуу" деп.. Бул дегени ак кепканы чечип, кок кепка кийип алгандай эле кеп... Баса, фин.полдун аты озгоргон менен, жаны коллективдин копчулугун фин.полдо иштегендер эле тузот... Муну Бабановчосунан акча жасоо аферасы деп атаса туура болот.....


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Patriot7   16 Август 2017 - 06:51

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Просмотр сообщения progresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:

6. 7% менен селхоз креддитти 6,456 чарбалар алды! Бул - факт.


Бабанов жалпы элге 7%тен кредит берем деп убада кылбады беле, селхоз кредит дебестен... Анан калса, алынган селхоз кредиттердин 50-60% максаттуу пайдаланылбаганын билчу беленер?!!


Просмотр сообщенияprogresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:

7. Чет элдик туристтерге визаны алып салды, мына ошол учун бугун Кыргызстанга дуйно жузунон коп туристтер келе башташты - Японияндан баштап Израильдик туристтер келе баштады кыргыз жергесине! Бул да Бабановтун заслугасы!


Чет олколук туристтерден казынага коп акча тушуп жатыптырбы? !! Туристтерин келет, денесин 1 эли кылып майдан шыбап алып колго тушот, колду май, химикат менен булгап, сейрек кездешуучу жаныбарларга анчылыкка чыгышат, кыскасы туристтер табиятты бузууга жакшы эле салым кошуп кетишет. Туристтер Бабановго окшогон бай олигархтарды байытат, коттеждерден турган поселогу, пансионаттары, мергенчилик кооперативдери, колдо сузуп конул ачуу учун скутер, яхта, кемелери бар... Анан туристтерден чонтокко тушкон ар он долларды 1 доллар деп коргозуп отуруп, казынага болбогон эле акча тушот. Ал тургай отчетторунда кирешесинен чыгашасы коп корсотулгон пансионат ж.б. эс алуу борборлору кулкуну гана кыстатат да, Кудайды карап туруп калп айткандарына тан каласын....


Просмотр сообщенияprogresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:


Учунчу, Бабанов депутат катары.


1. Депутаттык привилегияны алып салбадыбы Бабанов жана анын партиясы! Депутаттардан 120 служебный унаалардан алынды, 120 шоферлору алынды, 120 помощниктер ди! Жылына 150 Миллион сом эконом кылат экен азыр ЖК, анткени Бабанов ушундай законду туртуп киргизди!
A сенин Мадумаровунчу? Ал тескерсинче - Жогорку Кенешке кымбат ремонт кылам деп, коррупция боюнча скандал болгон эсинде болбосо.


Мен билгенден учурдагы Жогорку Кенеш депутаттары унаа, шофер жана квартираларынан баш тарткан жери жок, Бабановдун партиясы мындай мыйзамды демилгелегени менен... Так что ишке ашпаган нерсени жениш деп корсотуу дегеле эч кандай акылга сыйбайт го... Биринчи баш тартышсын, анан жаз...


Просмотр сообщенияprogresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:

2. Бабановтун "Республика" партиясы башка партиялардан эн коп айтканын аткарган партия экен (85%), коз карандык эксперттер айтып жатат.

--------------------- -------


Сен айткан тиги коз карандысыз эксперттер, акча учун энесин саткан жомокчулар, аларга ким ишенсе, демек акмак... Бабанов арзан кредит, электр энегиясы оз баасында ж.б. убадалар берди эле, 85% аткарылмак турсун, 20% да аткарылган жок. 7%селхоз кредит менен жалпы кредиттерди алмаштырып элдин башын айлантпай кое тур...
Бабановдун башка да убадалары бар эле, эстей албай турам, билгендер улап жазып коюшсун...


Просмотр сообщенияprogresskg (15 Август 2017 - 19:28) жазган:

Жана башка да реформаларды жасамак эле бирок ал убакта 2012 башында ага Ташиев бут тосуп бир жагынан, экинчи жагынан Текебаев ичи куюп, бут тосуп, аны аргымагы бар деген шылтоо менен 7 айдан кийин эле кетирген.

--------------------- ---


Бабановдун миллион долларлык аргымагы боюнча эртен кеч озунчо коммент калтырайын, жооп берууго улгурбогон калган жазгандарына да эртен убакыт кенири болгондо жооп жазып отойун, капа болбосон, Бабановдун жомокчу иниси.......

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   progresskg   16 Август 2017 - 11:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 01 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 19:54
  • Жынысы:Эркек

Patriot7

Сенин жазгандарын - фактыларды бурмалоо жана карандай калп.
Мадумаровтун кишиси экенин билинип эле турат - калпты жазып, дагы чындыкты бурламалап жатасын:)
Мен сендейлерге убакыт короткум келбейт, менде башка маанилуу иштер бар.

Бир нерсе эле айтып коеюн - Мадумаровтун шанстары абдан эле томон.
Тундукто мисалы Мадумаровту шайламак турсун аны жек корот эл. Эмнеге? Анткени ал Бакиев менен Каркыраны казактарга окткоруп бергенге макул болгон. Башкача айтканда Мадумаровту, Бакиевтей эле кыргыз жерлерин казактарга берген адам катары жек корот озгочо тундук областтарда.

Ошондуктан озунун айылында эле добуштарды албаса, башка областтарда ага добуш бербейт адамдар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Patriot7   16 Август 2017 - 14:01

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Progress,

Кеп менин Мадумаровду же сенин Бабановду колдогонунда эмес, кеп сенин бул жерге карандай калп, жоо жомокторду жазганында. .. Экообуздун кимибиз калп, кимибиз чындыкты жазганыбызды окурмандардын таразасына коелу... Мен сен айткандай, фактыларды бураласам далилде, казинолорду жабуу Бабановдун идеясы болуп, ал озу демилге которуп жаптырды беле же Окмотту жетектеп турганда электр эннргиясынын тарифтери арзандады беле?! Ошол 7 айда хотя бы 1 завод курдубу мамлекет?! ! Кечинде убактым болсо том том коммент жазып берем Бабанов тууралуу...

Мадумаровдун шансы аз дейсин, 2010-жылы шайлоодо да "Ата-Журт" учун ушул созду айтышкан. Чынында "Ата-Журт" тундуктон кыйратып добуш албаганы менен, туштуктогу добушу анын марага биринчи болуп жетип келуусуно ашыгы менен жеткен... Ал эми Мадумаровдун тарапкерлери тундукто коп болбосо да, аз да эмес... Эгер таза шайлоо откондо, добуш сатууга каршы чара корулгондо Мадумаров марага биринчи келмек. Бирок бугунку шартта шайлоо таза отоорунон копчулук кумон кылууда. Таза шайлоону камсыз кылуунун бир жолу, бийликти кубалап, кармалгандарын камап, 2 айга Окмотту башкарууну Жогорку Кенешке (спикер) тапшырып же Убактылуу Окмот тузо коюп, анан 2 ай аралыгында башынан шайлоо откоруу... Башка жолу жок.....

Билдирүүнү түзөткөн: Patriot7: 16 Август 2017 - 14:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   16 Август 2017 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Орус, озбек, хохол, тажик, курт баары бар экен кандидаттардын арасында, ар бирибиз ойлонушубуз керек, биздин балдар кандай Кыргызстанда жашайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   MIRlan   16 Август 2017 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кыскасы, мен, өзүм, мага кимиси акча берсе, ошону шайлайм. Жогоруда президенттик шайлоого катышып аткан конкурсанттардын кимиси келседа бизде заман жана эл, ошол эле көрүнүштө болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 00:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: