LXV глава
ДАГЫ БИР ИНТЕРМЕДИЯ ===================
Үчүнчү жолу кепенин жанында акыры жамандык менен бүтө тургандай тымтырс боло калды.
Адамдын үрөйүн учурган окуяны көрүп, катышып турган кишилер өз орундарын дагы ээледи.
Кыл аркан анжыр дарагынын бутагына кайра илинди. Аркандын бош учун баягы эки желдет дагы
кармады. Бул жолу алар арканды керилип тарта баштады.
«Бир аздан соң Морис Жеральд өмүр менен коштошот!
»
190
1 ПРОЛОГ
Эми шордуу Мористин ажалы биротоло жетип калды. Кала берсе, сүйүү да аны аман сактап кала алган
жок. Акыры жамандык менен бүтө турган окуяны дагы кандай күч токтото алат? Эми ага жардам
берүү мүмкүнчүлүгү жардам берүү үчүн убакыт жок өңдөнүп көрүндү. Регуляторлордун каарданган
көз карашынан ырайым кылуу көрүнбөй, эртерээк өлтүрсөк экен деп шашып тургандары гана көрүндү.
Дагы буйдалып калбагай элек деп коркконсуп,
желдеттер да шашты. Кесиби жагынан тажрыйбалуу
эмелерче, алар арканды шамдагайлык менен тарта баштады. Топураган элдин өкүмү орундатылганча
алтымыш секунда да өтпөйт.
— Кана, Билл, даяр болдубу? — деп сурады желдеттердин бири экинчисинен,
команданы эми күтпөй
тургансып.
— Баары жайында, — деп жооп кайтарды Билл. — Бул шүмшүктү мойсо! Тарткын!
Арканды тартышты, бирок соттолгон кишинин денесин жерден өйдө көтөрүлгүдөй катуу тарта
алышкан жок, Чалма анын башын гана жерден зорго көтөрдү.
— Тарт дейм, каргыш тийгир! — деп кыйкырды Билл өзүнүн жолдошунун боштугуна таңыркап. —
Эмне оозуңду ачып турасың?
Билл токойго далысын салып тургандыктан дарактын арасынан чыга калган кишини көргөн жок.
— Кана, баштагын!
— деп кыйкырды башчы желдет. — Экөөбүз тең тарталы! Жогору тарт! Жайлагын
муну!
— Жок, анте албайт! — деп күрүлдөгөн добуш угулду.
. Ийнинде мылтыгы бар, бою заңкайган киши бадалдын
арасынан атырылып чыга келди. Дагы бир көз ирмемге жетпей, Зеб Стумп топураган элдин арасында
боло калды.
— Жок, силер мындай кыла албайсыңар!
— деп кайталады мергенчи сулк жаткан кишиге эңкейип,
узун мылтыгынын оозун желдеттерди көздөй сунуп. — Коё бергиле, болбосо атам! Эй, Билл Грифин,
эгерде сыйыртмакты кичинекей эле кыймылдатсаң,
курсагыңа ок орной түшөт, окту сиңирип
кетериңде шегим бар! Арканды коё бергиле, атаңа наалаттар!
Зеб Стумптун келгенине караганда, бээнин кутургандай чыңырганы да топураган элге мынчалык
катуу таасир кылган жок эле. Аны ошерде тургандардын баары тааный турган. Аны кадырлашып,
көбү андан коркчу эле. Билл Грифин менен анын жолдошу да андан коркуучу. «Коё бергиле!» деген
буйрук угулганда, алардын колунан аркан түшүп кетти.
— Бу жигиттер кайдагы жорукту баштап жүрүшөт? — деп, мергенчи таңыркаганынан дудук боло
түшкөн элге кайрылып, сөзүн улантты. — Силер бул оорулуу кишини асып өлтүрмөкчү болосуңарбы?
— Дал ошондой кылалык дедик эле, — деген каардуу жооп угулду.
— Эмне үчүн асып өлтүрүүгө болбойт? — деп сурады дагы бирөө.
— Эмне үчүн асып өлтүрүүгө болбойт экен дейсиңерби?
Техастык гражданды сотсуз асып өлтүрүү үчүн
силерге ким укук берди?
— Кадырман кишини тапкан экенсиң! А түгүл, биерде адилет сот болду.
— Ошондой де! Эс-учун билбей жаткан киши өлүм жазасына кесилген экен го! Эчтекени тааныбай
жатканда муну тиги дүйнөгө жөнөтмөк болгон экенсиңер го! Ушуну да адилет сот деп айтасыңарбы?
— Аны менен ишибиз эмне? Анын күнөөкөр экенин билебиз. Андай экендигинде эч кимибиздин
шегибиз жок.
191
1 ПРОЛОГ
— Ишенесиңерби?
Ошондой экен да! Сени менен, Жим Стордас, а жөнүндө сүйлөшпөйм.
Бирок сен,
Сэм Мейли, сиз да, мистер Пойндекстер,
мындай тартипке макул болушуңар мүмкүн эмес. Биерде
болуп жаткан иш — киши өлтүрүү менен бапбарабар.
— Сен бардыгын билбейсиң, Зеб Стумп, — деп регуляторлордун башчысы бул ишке катышканын
актагысы келип, сүйлөй баштады. — Бизде факты көп!
— Силердин фактыңар жерге кирсин! Эч нерсе уккум келбейт! Кадимкидей сот болгондо, бул ишти
тергештирип билүү үчүн убактыбыз жетет; андай сотко, албетте, эч ким каршы да чыкпайт.
— Сиз өтө эле мыктысынып кеттиңиз, Зеб Стумп, — деп, Кассий Кольхаун кийлигише кетти. — Өлгөн
киши сиздин балаңыз да, бир тууганыңыз да, а түгүл жээниңиз да эмес. Болбосо, башкача сайраар
элеңиз. Мунун сизге кандай тиешеси бар экенин, бул ишке эмне үчүн кийлигишип жатканыңыздын
себебин көрө албадым.
— Мага тиешеси бар экенин мен көрүп турам. Биринчиден,
бул жигит ирландиялык,
чет өлкөлүк
киши болсо да, менин досум. Экинчиден, адилетсиз оюн Техастын прериясында болуп жатса да, Зеб
Стумп ага жол коё албайт.
— Адилетсиз оюн имиш! Сиз ушуну адилетсиз оюн деп айтасызбы? Техастыктар,
ырас эле мына бул
келжиректен коркуп турасыңарбы?
Бул ишти бүтүрүүгө убакыт жетти! Өлгөн Пойндекстердин каны
өч алууга чакырат. Кармагыла арканды!
— Эр болсоңор кармап көргүлөчү!
Батынып арканды
биринчи кармамакчы болгон киши, арканды колуна ала электе оңкосунан кетет. Зеб Стумптун
жансыз денеси, аны менен кошо силердин дагы бир тобуңар көк чөпкө суламайынча,
бул шордууну
эч кимиңер аса албайсыңар.
Кана! Арканды кармаганыңарды көрөйүнчү!
Тымтырс боло калды. Кай Сирөөлөрү тигинин чакырыгын кабыл алуудан коркуп, кайсы бирөөлөрү
мергенчинин эрдигин айкөлдүгүн кадырлап, кишилер ордунан жылган жок. Ыңгайлуу учурдан
пайдаланып,
Зеб Стумп айтканынан кайтпай, сөзүн уланта берди.
— Бу жигитке адилет сот кылгыла, — деди ал. — Муну адегенде сеттльментке алып баралы. Мейли
ошерде соттошсун. Ушул ыплас ишке катышты дегидей силерде көрүнөө далил жок; өз көзүм менен
көрбөй туруп, бул ишке ишенсем, кудай урсун! Жаш Пойндекстерге мунун жакшы мамиле кылганын
билчү элем. Анын душманы эмес, чыныгы досу болгон.
— Мистер Стумп, биз азыр эле уккан нерсени сиз билбейсиз.
— Силер эмне уктуңар?
— Дал тескерисинче далилдеген сөздү уктук. Жеральд менен жаш Пойндекстердин ортосунда жаңжал
болгондугу жөнүндө бизде далилдер бар, атүгүл жаңжал дал ошо түнү болуптур.
— Антип ким айтты, Сэн Менли?
— Мен айттым, — деди Кольхаун Зеб көргөндөй алдыга чыга калып.
— О, сиз айттыңызбы,
мистер Кассий Кольхаун? Экөөнүн каны кызуулук кылганын сиз билесизби?
Экөө жаңжалдашканда сиз жанында белеңиз?
— Жанында болчумун деп айтканым жок, Зеб Стумп. Анын үстүнө мен сиздин суроолоруңузга жооп
бергим келбейт. Менимче, жентльмендер,
чыгарылган өкүмгө баарыңар макул болдуңар, Эмне үчүн
мына бу картаң акмак кийлигишкенин түшүнбөйм.
— Картаң акмак экемин да! — деп чаңырып жиберди мергенчи. — Сиз мени картаң акмак дейсизби?
Оңбоюн, ушул сөзүңүзгө кийин өкүнөрсүз; муну сизге кентуккилик Зеб Стумп айтып жатат. Болуптур,
192
1 ПРОЛОГ
бул жөнүндө азыр айтышып отурар убак эмес. Ар нерсенин өз учуру бар. Сиз- дин кезегиңиз да келер,
мистер Кассий Кольхаун; балким, сиз ойлогондон эрте келип калар. А тиги Генри Пойндекстер
менен бу жигиттин ортосундагы жаңжал жөнүндө сөз болсо, — деп Зеб регуляторлордун башчысына
кайрылып, сөзүн улантты, — мен ага ишенбейм. Мына бул эменин келжиреген сөзүнөн көрө,
ынанарлык далил болмоюнча, качан ишенбейм. Мен билген нерселердин негизинде мындай
корутунду чыгарууга жарабайт. Жаңы фактыларыбы3 бар дейсиңер? Андай фактылар менде да бар.
Ушул табышмактуу ишти ажыратууга анча-мынча жардам бере тургандай фактылар го деп ойлойм.
— Кандай фактылар!
— деп сурады Сэм Менли.
— Бир нече факты бар. Биринчиден,
жигиттин жарадар болгонун өзүңөр көрүп турасыңар. Мен тиги
тытылган жерлерин айткан жерим жок. Сыягы, койоттор тытмаласа керек. Бирок тизесин карап
көргүлөчү. Эч кандай койот мындай кыла албайт. Бу жөнүндө сен кандай деп ойлойсуң, Сем Менли?
— Бул… Экөө кармашып жатканда болгон го деп, биерде жоромолдоп айтышты, анан…
— Ким экөө? — деп, кескин сурады Зеб.
— Жанагы дайынсыз жок болгон киши экөө.
— Ырас, биздин пикирибиз ошондой, — деди кимдир бирөө топтун арасынан. — Генри Пойндекстер
өзүн музоодон бетер өлтүртпөй турганын баарыбыз билебиз. Экөө кармашып, мустангер жыгылганда
тизесин ташка уруп алган болуш керек. Шишиктин себебин ушундай деп түшүндүрүүгө болот. Анын
үстүнө, мунун башында тапанчанын огу тийгендей жаракат бар экен. Тиги тытылган жерлери
жөнүндө болсо, сиз ойлогондой,
өсүмдүктүн тикенегинен болдубу, же койоттордун тырмагы менен
тиштеринен болгонбу, биз билбейбиз. Биерде апенде чалыш эме ягуар жөнүндө жомок айтты; бирок
биз ага ишенбейбиз.
— Кайсы апенде жөнүндө айтып жатасың? Жанагы Фелимдиби? А кайда кетти?
— Жанын ала качып кетти. Мына бул ишти бүтүрөр менен аны таап алабыз. Бул даргада бир аз
термелип тура турсун; ошондо ал кадимкидей сайрай баштайт.
— Ягуар жөнүндө билгиңер келсе, силер жаңы эч нерсе биле албайсыңар.
Ал жырткычты мен өзүм
көрдүм, анын тырмагынан жигитти жулуп алууга үлгүрдүм. Кеп анда эмес. Жанагы эме дагы эмне
деди?
— Дагы кандайдыр индеецтер жөнүндө узун жомок сүйлөдү. Бирок ага ким ишенмек эле!
— Сүйлөсө эмне экен, ал мага да айткан. Анысы чындыкка окшойт. Аларды карта ойношту деген
болучу. Мына, карагылачы,
кепенин полунан карта таап алдым. Бул испаниялыктардын картасы
экен.
Зеб чөнтөгүнөн картаны сууруп чыгып, регуляторлордун башчысына сунду.
Регуляторлордун башчысы ар бир картаны ыкыласы менен карап чыкты да, анан мексикалыктардын
картасы экен, мындай картаны алар монте ойноо үчүн колдонушат деди.
— Команчалар кайдан карта ойномок эле? — деген бирөөнүн добушу угулду. — Болбогон кеп!
— Болбогон кеп дейсизби? — деп, картаң мергенчилерден команчаларда бир жылга жакын туткун
болуп жүргөн бирөө жооп кайтарды. — Балким, болбогон кептир, бирок бул чындык. Стол ордуна
бизондун терисинин үстүнө жапайылардын карта ойногонун нечен жолу өзүм көргөм. Алар
дал мексикалыктардын картасын ойной турган; калыбы, алар өздөрү туткунга түшүрүп алган
кишилерден үйрөнгөн болуу керек. Кандай гана болбосун, команчалар карта ойнойт, бул жаткан
чындык, — деп чал сөзүн бүтүрдү.
193
1 ПРОЛОГ
Анын ушинтип ырастап айтканына Зеб Стумп абдан кубанды.
Индеецтерди жакын жерлерде көрүшүптүр деген сөздөрдөн улам, сеттльменттин ары жагында
команчалар каракчылык кылып жүрөт деп алигече жоромолдоп турган регуляторлор да бул ишке
башкача карай баштады.
— Албетте, ошондой — деп, Зеб соттун текшерүүсүн калтыра туруу керек экендигине катышкандарды
ынандыргысы келип, сүрөп кетти. — Биерде индеецтер же ошолорго окшош шайтандар болгону
ырас… Иосафат! Тетиги аял каяктан чапкылап келатат?
Дал ошол учурда жарташ тараптан аттын дүбүртү ачык угулду.
Зыркыратып келаткан аял жардын четинен көрүндү. Аялдын чачы саксаңдап калпагы башынан учуп
кетти. Чабендес аял аты катуу баратса да, атын үстү-үстүнө камчылап, теминип, чаңырып келатты.
Мындан жарым саат мурда эле өздөрүнө кепеге барчу жолду көрсөткөн аял дал ошол зыркыратып
келаткан аял экенин дароо эле тааный коюшту.
LXVI глава
КОМАНЧАЛАР КУУГУНТУКТАГАН КЫЗ =============================
Исидора капылестен көрүндү. Кайра келүүгө аны эмне мажбур кылды? Эмне үчүн ал ушунчалык жин
тийген эмедей катуу келатат?
Мунун себебин түшүндүрүү үчүн техастыктар менен жолугушкандан кийин кыздын кайгылуу ойго
катуу муюп бараткан учуруна кайта кайрылуубуз керек.
Отряд менен коштошкондон кийин Исидора Леонага бара берсемби же кепеге кайра келип, ошерде
боло турган, окуяны көрсөмбү деп, эки ойлуу болуп бараткан эле.
Ал токойлуу бадалдын жанына, дарактын көлөкөсүнө токтоду да, Аламонун бийик кашатынан
сороюп көрүнүп турган кипаристин карарган төбөсүн байкоостон карай койду. Көңүлүнө кандайдыр
оор шектенүү муюй калды.
Отрядды кепеге жөнөтүп жиберип, ал эмне кылды? Өзү жек көргөн кыздын шагы сынса мейли эле,
бирок өзү сүйгөн киши опот болушу мүмкүн го!
— Santissima Virgen!67 — деп күбүрөдү ал. — Балааны баштадымбы?
! Эгерде жанагы ажаан судьялар
аны күнөөлүү деп тапса, акыры эмне менен бүтөт? Өлүм менен да! О, андай болушун каалабайм!
Алардын колунан өлүшүн такыр каалабайм!
Жок, жок! Мен аларга жолду көрсөткөнүмдө,
алар мени
эсине да түшүрбөй, алга карай чымын-куюн болуп кетишпеди беле! Дон Морисион өлүүгө тийиш деп,
алар алдан бүтүм кылган экен го. Ал биерде бардыгына жат, чет өлкөдө туулган киши эмеспи. Достору
жок, душмандын арасында жалгыз өзү… Santissima! Оюма каяктагы эме келди эле! Жаныман эң кийин
кеткен эме өлгөн кишинин жээни болуп жүрбөсүн? Эмне үчүн менден сураштырганын эми түшүндүм.
Менин кабыргам кайышкан сыяктуу, анын кабыргасы да кайышат турбайбы.
Ичинен күйгөн кыздын көзү прерияны аңтарып карай берди. Аңгыча болбой, аты акырын кишенеп,
бадал жакка башын бурду. Анда киши болуп жүрбөсүн?
Аттын ошенткенинен чочуп, Исидора да кылчайып, жаны эле өзү бастырып өткөн жалгыз аяк жолду
тигиле карай баштады. Ал Леонага барчу жол эле. Ал жолдон анча- мынча гана аралык көрүнөт, андан
ары, бурулуштан кийин ал жол бадалдын арасынан көрүнбөй кала турган. Жем издеп жортуп жүргөн,
арык эки-үч койоттон башка аерден эч нерсе көрүнгөн жок.
Жок, боз ат ал койоттордон чочулаган жок. Койотторду ат көрүп турат, бирок андан эмне коркмок эле?
Прериянын карышкыры ат үчүн көнүмүш нерсе. Ат кандайдыр башка нерсени сезип, укту окшойт.
67Ыйык кудай эне! (испанча).
194
1 ПРОЛОГ
Исидора кулагын түрүп калды. Бирок азырынча чочулагандай эч нерсе жок. Чөө улуп жатат — анын
улуганы да коркунучтуу эмес — айрыкча, чак түштө.
Кыздын көңүлү техастыктарга кайра бурулду. Бөтөнчө, жана өзүн эң акырында токтоткон кишиге
бурулду.
Эмне үчүн ат тыбырчылап ордуна турбайт, кошкуруп, катуу кишенейт?
Ангыча болбой, жол менен катуу келаткан, бирок дагы эле бадалдан көрүнбөгөн бир топ ат кишенеп,
жооп кайтарды. Аттардын дүбүртү гана угулуп турду.
Анан кайра дагы баары тынчып калды. Аттар бирде токтой калып, бирде дабышын чыгарбай,
лыпылдап басты.
Исидора токтоп калды го деп жоромолдоду.
Өзүнүн атынын кишенегенин угуп, үстүндө минген
кишилери бар аттарды токтоп калды го деп ойлоду.
Исидора боз мустангасын араң тынчытып, бүтүндөй кулагын түрүп калды. Бадалдын арасынан
кандайдыр гүүлдөгөн добуш бүдөмүк угулду. Бул шыбырашып жаткан бир нече кишинин үнү экенин
Исидора ойлонбой-этпей эле биле койду.
Анан баары дагы жымжырт болуп калды. Ким болсо да, атчан кишилер батынбай токтоп калган
окшоду.
Бул окуя Исидораны анчалык таң калтырбай, көп деле чочуткан жок.
«Жолоочулар Рио-Грандеге баратса керек, — деп ойлоду Исидора — же, мүмкүн, техастык отряддан
артта калган кишилердир.
Биерде индеецтер болушу мүмкүн эмес, алардын башка жерде согушка
аттанганы белгилүү. Бу белгисиз кишилер ким болбосун, баары бир этият кылуу керек».
Ушундай ой менен Исидора четке бастырып чыкты да, акациянын далдасына токтой калды. Ошерден
ал дагы кулак сала баштады. Көп узабай эле, ал белгисиз кишилер өзүн көздөй жол менен эмес,
чытырман бадалды аралап келатканын биле койду. Баары бирге бастырбай, кызды курчап алмакчы
болуп, жалгыз-жалгыздан келаткан сыяктанды.
Кыздын душмандары бар, айрыкча эң коркунучтуусу — дон Мегуэль Диаз. Анын үстүнө, команчалардан
да ар дайым коркууга туура келет; андан бетер, алар азыр согушка аттанган кези эмеспи. Исидоранын
жүрөгү болк эте түштү. Ошого чейин ал камырабай келатты эле, бирок эми атчан кишилердин жоругу
ага шектүү көрүндү. Эгерде алар кадимки эле жолоочулар болсо, бадалды аралап, жашырынып
бастырбастан,
жол менен кете беришет эле. Каерге жашырынууга болор экен деп, ыңгайлуу жер
табууга тырышып, ал эки жагын каранды: акациянын торкодой болгон суюк жалбырактары ал үчүн
начар далда эле. Аттуу бир нече киши жакындап келатканы аттың дүбүртүнөн ачык болду. Алар бир
аздан кийин кызды көрүшөт.
Исидора атын теминип, бадалдан чыкты да, Аламону көздөй өрөөн менен чу койду. Жаанын жебеси
да, ок да жетпегидей эки-үч жүз ярд аралыкка бастырып чыгып, ал жакындап келаткандар достору же
душмандары экенин билүү үчүн ушерге токтомокчу болду.
Чабендестер бадалдын арасынан атырылып чыгып, кызды жабыла кууп калышты.
Кылчайып карап, кыз чала-була жылаңачтанып,
эти кара-сур болуп жылтылдаган беттерин кызыл
ала кылып боёп, чачтарына кызыл үкү тагынып алган кишилерди көрө койду.
Los Jndios!68 деп, мексикалык кыз күбүрөдү да, атын дагы катуу теминип, кипаристи көздөй чу койду.
68Индеецтер!
(испанча).
195
1 ПРОЛОГ
Кылчайып карап, беркилердин куугунтуктай турганына кыздын көзү жетти, ошондой болорун кыз
ансыз да билип турган эле. Чабендестер жакындап калды, алардын ырайымсыздык ниети бар.
Өздөрүнүн салты боюнча индеецтер кыйкырып кулак тундурган жок.
Алардын унчукпаганы кызды туткунга ала турган ниети бар экенин далилдеди.
Буга чейин Исидора прериянын түсү кызыл көчмөн кишилери менен жолугушуудан аз коркчу. Нечен
жылдар бою алар техастыктар менен да, мексикалыктар менен да таттуу болуп келген эле.
Корко турган бир гана нерсе, — мас болгондо алар оройлук кылуулары мүмкүн. Бирок пивоканадан
мас болуп келаткан матросторго ээн жерден жолугуп калса да маданияттуу дүйнөнүн ар бир аялына
ошондой коркунуч болор эле. Исидора ошондой коркунучту башынан бир жолу өткөргөн болучу;
жалаң коркунучтан да, өзүнүн эңсеген тилегинин бузулушуна дуушар кылган нерсе эсинде көбүрөөк
калган эле.
Бирок азыр анын башына башка коркунуч түшө турган болду.
Убактысынча жарашуу убагы бүткөн. Согуш бүгүн-эртең болот деп турушкан. Аны куугандар мас эмес,
канды эңсеген кишилер. Эми ага мас болгон кишилердин кордогонунан эмес, ажалың жеткиргендей
укмуштуу коркунучтан да чочуш керек.
Чочулап камчыланып,
теминип, Исидора өкүм атын зыркыратып келатты.
Кыздын үнү гана угулат. Аны кубалап бараткандардын үнү такыр чыкпайт.
Кыз бир жолу гана кылчайып карады.
Алар төртөө, кыз жалгыз.
Бирден-бир үмүт — техастыктарга корголоо.
Исидора кипаристи көздөй чапкылап баратты.
"Башы жок чабандес" Роман. Майн Рид.
#62 09 June 2017 - 07:50
LXVII глава
ИНДЕЕЦТЕР ============
Куугунтукталып келаткан чабендес кыз кипарис өскөн жарда үч жүз ярддай аралыкка келип калды.
Ал дагы кылчайып карады.
Алдыда келаткан индеец ээринин кашындагы чалмасын алып, башынан өйдө тегеретип ыргытканга
камданып күүлөп жаткан экен.
Исидора коктудан эңкейишке жете бергиче, аркандын сыйыртмагы анын мойнуна ороло түшмөк эле.
Анан ошондо…
Аңгыча болбой, Исидоранын эсине бир жакшы ой келе калды.
Колоттон жакыныраак, Аламонун төбөсүнөн оркоюп чыгып турган жар таш бар эле. Жар таш кепеден
көрүнүп тура турганы анын эсине түшө калды.
Чабендес кыз багытын шарт бурду да, кипаристи көздөй жөнөбөй, тике эле жарды көздөй чу койду.
Кубалап келаткандар анын ошенткенине кубанып кетишти — алар ошол жерди жакшы билишчү эле,
кыздын эми аргасыз абалга түшкөнүн жакшы түшүнүштү. Эми кыз ушерден алардын колуна түшө
тургандыгында шек жок.
Алардын башчысы кыл арканды кайра алды. Чалма ыргытууга ал шашкан жок. Себеби иш оңунан
чыгарына көзү жеткен эле.
— Chingro! — деп жиберди ал, — дагы бир аздан кийин жардан кулап түшөт!
196
1 ПРОЛОГ
Бирок ал жаңылган экен. Исидора жардан кулап түшпөй эле, улам илгерилеп чаба берди. Дагы ылдам
бурулуп, жарды бойлой катуу чапты да, техастыктар аны көрө коюп, айран-таң калган Зеб: «Иосафат! »
деп кыйкырып жиберди.
Бул сөз мергенчинин оозунан өтө кыйын учурларда гана чыга турган.
Ага жооп кайтаргансып, атчан кыздын кыйкырыгы, угулду: — Los jndios! Los jndios!
Түштүк Техаста үч эле күн болгон киши кайсы гана тилде айтылбасын, бул сөздөрдүн маанисин
жанылбас биле алат. Бул — үч жүз жылдан бери чек арадагы тилкени бойлой үч миң миля жерде ар
түрдүү үч тилде; « Los jndios!» « Los jndios!» «the jndios »69 деп айтылып келаткан дүрбөлөң кыйкырык
эле.
— Техастыктар, куткаргыла! Жардам кылгыла! Мени индеецтер кубалап келатат!
Кыздын артынан жар ташты бойлой индеецтердин жол башчысы чапкылап келатты. Анын кыл
арканы абада дагы булгалана баштады. Аңгыча болбой, мылтык тарс дей түштү. Колунун тыз дей
түшкөнү, индеецти кыл арканын таштап жиберүүгө аргасыз кылды да, ал эмне болуп кеткенин
билбей, эки жагын каранды.
Төмөн жакта, өрөөндө, куралданган бир жоон топ кишинин үстүнөн түтүн буркурап чыкты.
Куду сүйлөшүп алгансып, төртөө тең атынын башын бура тартты да, баягы чапкылап келаткандай,
кайра чапкылап жөнөштү.
— Кап! — деди Зеб Стумп мылтыгын кайра дүрмөттөп. — Эгерде кыз болбосо, тигилердин баарын
ушул ойго түшүрөт элем. Алар колго түшсө, жанагы табышмактуу иш жөнүндө анча-мынча нерсе
билет элек. Бирок эми
аларды кууп жете албайсың.
* * *
Мусгангердин кепесинин жанында котолоп турган элдин көңүлүн индеецтердин көрүнгөнү бүтүндөй
өзгөртүп жиберди.
Кольхаун менен анын жолдош-жоролору эми бийлик кыла албай калышты. Регуляторлордун
башчысы сот кийинкиге калтырылат деп жарыялады.
Кандай аракет кылабыз деп, бир заматта жаңы план түзүп жиберишти. Караланган кишини
сеттльментке алып барыш керек, ошол жерде өлкөнүн законуна ылайык сот текшерүүсү болсун
дешти.
Индеецтерди эмне кылуу керек? Аларды куугунтуктоо керекпи? Албетте. Бирок качан? Азыр, ушул
эле заматпы? Сактык кылгандыктан, азыр куугунтуктабайлы дешти. Төрт гана индеец көрүштү, бирок
алар төрт жүз индеецтин авангарды болушу мүмкүн эле.
— Жарды бойлото чапкылап келаткан кызды күтүш керек, индеецтер жөнүндө ошондон билербиз, —
деди техастыктардын бирөө акыл айтып.
Эми баары Исидораны күтүп калышты.
Ошол арада Зеб Стумп шордуу туткундун оозунан тыгынды алып, катуу байланган арканды чечип
жиберди. Анын ошентип жатканын Луиза Пойндекстер калтырат-. масы кармаган кишиден бетер,
калчылдап карап турду.
Бирок дон Сильвио Мартинестин жээни кайда?
69Француз, испан, англис тилдеринде — индеец деген сөз.
197
1 ПРОЛОГ
Ал алиге жок. Кала берсе, анын атынын дүбүртү да угулбай калды. Исидоранын көрүнбөй калганы
таңыркатып дүмөктөндүрүп чочутту. Аерде мексикалык кызды жакшы көргөндөр көп эле. Балким,
кызды туткунга түшүрүп кетишкендир?
Техастыктар ардана түштү. Себеби кыз: «Техастыктар! Куткаргыла! » деп жардам сурабады беле!
Мына эми мустангерден өч алабыз деп кекенип тургандары башка жакка бурулуп кетти: түсү
кызылдардан өч алуу керек болду.
Жашыраак, өкүмүрөөктөрү белгисиздикке эми чыдап тура алган жок; алар аттарына ыргып минди да,
кызды таап, куткарып калуубуз керек, же өзүбүз өлүүбүз керек деп жар салып кыйкырышты.
Жаш жигиттерди эч ким токтоткон жок. Алар Исидораны издегени, прериянын пираттарын
куугунтуктаганы жөнөштү.
Ошол жерде анча-мынча гана киши калды; алардын арасында Зеб Стумп бар эле.
Дале регуляторлор кайтарып турган оору жөнүндө мергенчи жанын үрөп, кам жеп жатты. Бирок
мустангерге ушундай кырсык башына түшкөндө чын көңүлүнөн берилген жалгыз Зеб гана болгон
жок. Мустангерге ошондой эле кыйбас мамиле кылган дагы эки киши бар эле. Кабыргасы кайышып,
боору ооруп турганын жашырууга аргасыз болсо да, сулуу креолка мурдагысындай эле андан көзүн
айырган жок.
Экинчиси — Фелим эле. Кепенин жанында эмне болуп жатканын байкап, ошол арада ал дарактын
башында жашырынып олтурган болучу. Кырдаалдын өзгөрө калган- Дыгынан пайдаланып, ал
акырында коркпостон жерге түштү да, өзүнүн милдетин орундата баштады — ал ошон үчүн Атлантика
океанын басып келген эмес беле.
Мындан кийинки окуялар Аламонун жээгинен алда канчалык алыс жерде болот»
Бир сааттан кийин кепе каңгырап, ээн калды; эми Морис-мустангерге, балким, ушул меймандос үйдө
эч качан турууга туура келбес.
LXVIII глава
ОҢУНАН ЧЫКПАГАН ЖОРТУУЛ =======================
Команчаларга каршы жортуулга чыккандары үч-төрт күндөн ашкан жок. Батыштагы мейкиндин
индеецтеринин такыр эле согуша турган ою жок болуп чыкты. Алардын сеттльментке кол салганы,
жүрөктүү эр экен деп наам алууга тырышкан бир нече жаш азаматтын жөнөкөй эле тентектиги экен.
Түсү кызылдарды атчан аткычтардын эскадрону Сан-Сабанын теребелинен кыйратты. Алар алган
олжосун таштап, башын ала качып араң кутулду.
Команчалар бейтарап тилкенин чегинен нары кеткенден кийин аларга каршы жиберилген отрядга
катышкандар өзүнүн бөлүктөрүнө кайта келип, башкы штабдан буйрук күтүүдөн башка эч нерсе
калган жок.
Нуэсес дарыясынын жээгине чейинки районду кайтаруу иши тапшырылган Инж фортунун
эскадрону индеецтерди издөөгө тийиш болгон жерден бүтүндөй башка тарапты көздөй жөнөдү.
Бул жаңылыштык билингенде, эрдик көрсөтсөк экен деп эңсеген жаш офицерлер өкүнүп, ыза
болгонунан жанын кайда коёрун билишпеди. Өздөрү жокто индеецтер Леонанын аркы өйүзүнөн,
чыгыш жактан да көрүптүр деп угушуп, алар дагы экспедицияга барабыз го деген үмүт менен кайра
дагы демелене башташкан эле.
Бирок алардын көңүлүн калтырган дагы бир нерсе болду: граждан кишилерден чогултулган отряд,
түсү кызылдарга каршы жиберилген жортуулдан кайта келип, Аламонун теребелинен бир да
индеецти кезиктиргенибиз жок деди.
198
1 ПРОЛОГ
Ушундай шартта чын экендигине оңой эле шек келтире турган сөздөрүн ырастоо үчүн алар далил боло
ала турган буюмдарды алып келишти. Ошол буюмдар — жылкынын куйругунан жасалган париктер,
короздун жашылга, кызылга боёлгон канаттары, бугунун терисинен тигилген шымдар, мокосиналар,
бир нече куту боёк эле. Ушунун баары эски теректин көңдөйүнөн табылыптыр.
Индеецтерге каршы дагы жортуулга чыгуу жөнүндө эңсөөнүн кажаты да жок эле. Баатырдык иш
издегендерге өздөрүнүн делебесин суутуп, бейкут турмушка алым- сынууга туура келди.
Инж форту кандайдыр чоң маданияттуу борбордон алыс болгондугуна карабастан, аердеги турмушту
көңүлсүз өтүп жатты деп айтууга болбойт эле. Биринчиден, сулуулук жагынан чанда учуроочу
кыз жакында эле ушерге көчүп келген. Экинчиден, кыздын агасынын дарексиз жоголуп кетиши,
аны өлтүрүп коюшту го деген жоромол бар эле. Үчүнчүдөн, башы жок чабендестин пайда болушу
андан бетер табышмактуу окуя болду; индеецтерче кийинип алган актар жөнүндөгү эски тарых; эң
акырында, Генри Пойндекстерди ушул өлтүрдү го деген шектүү кишинин кармалганы жана жинди
болуп абакта жатканы жөнүндөгү кабар, элди анчалык кызыктырбаганы менен соңку кабар болду.
Исидора Коварубио де-Лос-Ланос — ушул ойсоңдогон сулуу — сүйлөнүп жүргөн сөздөрдүн эн жакшы
темасы болду. Бардыгын ушунчалык толкундаткан табышмактуу окуя менен анын кандайдыр
байланышы бар экен деген ушак да таралып жүрдү.
Аламодо болгон бардык окуялар — кепесинде ооруп жаткан жеринен табылган мустангер, топураган
элдин аны асылсын деп өкүм чыгарганы, Луиза Пойндекстердин кийлигишкени аркасында өкүмдүн
аткарылбай созулуп калышы, Зеб Стумптун эрдик кылып жактаганы аркасында ал иштин жакында
кайра карала турганы, — мына ушунун баары түгөнбөгөн айың-ушактарга себепкер болду.
Генри Пойндекстерди өлтүрдү деп айыпталган мустангердин күнөөлүү экени же күнөөсүздүгү
жөнүндөгү маселенин тегерегинде өтө кызуу талаштар жүрүп жатты.
— Киши өлтүрүү, — деди акылдуусунган капитан Сломан, — бул кылмыш, менин оюмча, мындай ишке
Морис Мустангер барбайт. Ушинтип айтуу үчүн ал жигитти мен жетишерлик жакшы билем.
— Далилдин баары ага каршы экенин сиз тана албайсыз, — деди Кроссман. — Анын күнөөлүү
экендигине эч ким шек келтире албайт.
Кроссман ирландиялык жигитти эч качан жакшы көрчү эмес эле. Интенданттын жээн кызы —
форттун ашкан сулуусу, укмуштуу окуяны издеген ошол зоболосу жок жигитке өтө мейримдүү
карагандай болуп көрүнгөн эле.
— Сиздин бул айтканыңызга мен эч качан макул боло албайм, — деп жооп кайтарды Сломан.
— Бирок жаш Пойндекстердин өлтүрүлгөндүгүнө шек саноого болбойт го. Ал талашсыз иш. Бул иш
дагы башка кимдин колунан келет эле? Жигит менен Жеральддын жаңжалдашканын өзүм тыңшап
уктум деп, Кольхаун карганып жүрбөйбү.
— Эгерде өзүнө пайдалуу болсо, ал кымбаттуу жээни эмне десең да каргана берет — деп, драгун Генкок
кийлигише кетти. — Анын үстүнө, мустангер менен ыркы келишпей жүргөнү анын айткандарына
шек туудурат. Ырас эмеспи?
— Жаш Пойндекстер менен мустангердин ортосунда жаңжал болуптур деп эле коёлу, — деп жөө
аскерлердин офицери каршы чыкты. — Кош, андан эмне деш керек? Киши өлтүрүү менен ишибиз
болуп жатканын бул али далилдебейт.
— Демек, сиз жанагы жигит Пойндекстерди адилет кармашууда өлтүрдү деп ойлойсузбу?
— Ошондой болушу абдан ыктымал.
199
1 ПРОЛОГ
— Бирок алардын жаңжалдашканы эмнеден улам чыкты? — деп сурады Генкок. — Кольхаун менен
мустангердин ыркы келишпей жүргөнүнө карабастан, жаш Пойндекстер мустангер менен дос экен
деп уктум. Алар эмне жөнүндө чатакташышы мүмкүн эле?
— Кызык суроо бересиз да, лейтенант Генкок, — деди жөө аскерлердин офицери көп нерсени
билгенсип. — Жанагыдан башка нерсе үчүн да… эркектер жаңжалдашчу беле?
— Кыздар үчүн дегиңиз келеби! — деп кийлигишти драгун. — Бирок кайсы кыз үчүн экенин түшүнө
албадым. Жаш Пойндекстердин карындашы үчүн эместир!
— Ким билет! — деди Сломан ийнин куушуруп.
— Болбогон кеп! — деп жиберди Кроссман. — Жапайы жылкы кармап, оокат кылып жүргөн жигит
мисс Пойндекстерге көз артат деп кантип ойлоого болот? Ал болбогон кеп!
— Сиз, Кроссман, ашкан аристократсыз. Өзүнүн табияты жагынан сүйүү — демократ экенин
билбейсизби; — социалдык теңсиздик жөнүндөгү ойлоп тапкан теорияңызды сүйүү шылдыңдап
күлөт. Бул маселе жөнүндө мен эч нерсени ырастагым келбейт. Биздин фортту ырыстуу кылган сулуу
жандардан башка, өздөрү үчүн кармашууга арзыган бөлөк кыздар да сеттльментте жок эмес…
— Капитан Сломан! — деп, аткычтар бөлүгүнүн лейтенанты анын сөзүн орой бузуп кетти. —
Өзүңүздүн даражаңыздагы киши үчүн өтө олдоксон сүйлөп жатканыңызды айтышым керек.
Ушундай кордогон осол сөзүңүз үчүн биздин гарнизондун аялдары сизге алкыш айта койбос.
— Кандай кордогон осол сөз, сэр?
— Ошол аялдардын ичинен бирөө жанагыдай киши менен сүйлөшөт деп, чын эле ойлойсузбу?
— Жанагы кишиңиз ким? Мен эки кишини айттым го.
— Менин айтканымды сиз абдан жакшы түшүнөсүз,
Сломан, а мен сиздин айтканыңызды түшүнүп турам. Жанагыдай тексиз авантюристтердин
— уурунун, киши өлтүрдү деп шек калтырган адамдын аты менен өздөрүнүн атын жанаша
айтканыңызга аялдардын бүтүндөй таарынышарында шек жок.
— Морис-мустангерди киши өлтүргөн экен деп шек саноо өтө кыйын. Ал ууру да, авантюрист да эмес.
Ирландиялык жигит менен мен сизден көбүрөөк кезигишкем, ошондуктан, ал биздин ар кимибизден
жаман тарбияланган эмес деп айта алам. Ушул тема жөнүндө сөз кылып калганыбыздан соң,
кошумчалап айтарым: алар, эң кеминде алардын кай бирөөлөрү, эгерде ыгы келе калса, аны менен
жакын таанышуудан качпас эле. Менин байкоомдо Морис-мустангер биздин аялдардын арасында
өзүн чыныгы жентльменче сылык тута турган. Анын үстүнө, биздин аялдардын кай бирөөнө аны
кызыгат экен дегенге чоң шегим бар.
— Ырас элеби? Аны менен теңтайлаша турган киши табылса, ал өзүн ырыстуумун дээр эле!
— Балким, ошондой чыгар, — деп, жөө аскерлердин капитаны жайбаракат жооп кайтарды.
— Ким билсин? — деди Генкок көп нерсе билгенсип. — Дагы андай жаңжал болсо, ким үчүн болгонун
ким билет. Жанагы азыр көп сөз болуп жүргөн татынакай сеньорита ушул ишке катышып жүрбөсүн?
Ошол аял жөнүндө уккандарым ал үчүн эркектер биринин колкосун бири жулат го деп ойлоого
болот… Мустангерди абакка камап коюшту. Жанында баягы апенде чалыш малайы бар. Ал гана
эмес, кароолчуларды эки эсе көбөйтүлсүн деп майор буйрук бериптир. Бул эмне деген сөз, капитан
Сломан? Балким, мунун себебин сиз башкалардан жакшыраак түшүндүрөрсүз. Аны абактан качып
кетүүгө аракет кылат деп күтүшкөн жери жокпу?
— Андай болбоо керек, — деп жөө аскерлерднн офицери жооп кайтарды, — айрыкча анын оору экенин,
кала берсе, каерде олтурганын да билбегенин көңүлгө алсак,
200
1 ПРОЛОГ
андай болушу мүмкүн эмес. Азыр эле мен ага барып келдим. Акыл-эсинен ушунчалык танган экен,
күзгүдөн көрсө, өзүн да тааныбай турган.
— Акылы жайында эмес дейсизби? Эмне деп айткыңыз келет? — деп сурады Генкок.
— Анын алдастап жаткан кези экен.
— Кантип эле ошон үчүн кароолчуларды көбөйтүшсүн? Өлчөөсү кургандай таң каларлык иш! Майор
өзү да акылынан анча-мынча адашып калган болуу керек.
— Балким, анткендери… майордун зайыбынын буйругудур? Ха-ха-ха!
— Бул эмне дегениңиз? Кантип эле картаң майор мустангерди камактан качып кетет деп чочусун?
— Жок, менин оюмча андай эмес. Биерде, тескерисинче, башка нерседен коркушат… Менин айтайын
дегеним: Морис-мустангер үчүн тыштан көрө, абакта коркунучсузураак. Кандайдыр таң каларлык
эмелер пайда болуптур, Линч соту жөнүндө дагы жаны сөздөр башталыптыр. Же сотту калтырып
коюшканына регуляторлор өкүнөт; же элде ошондой пикир болсо экен деп, өтө кызыккан бирөө бар.
Мустангердин бактысына анын кыйбас досу, картаң мергенчи ошерде болуп калганын айтпайсыңбы.
Биздин отрядыбыз убагында кайтып, кароолчуларды көбөйтүүгө мүмкүн болгону жакшы болду.
Дагы бир күн өтсө, Морис Жеральдды биз тирүүлөрдүн арасынан көрбөйт элек. Эми бечара жигитти
бүтүндөй адилеттик менен соттошот.
— Сот качан болот экен?
— Ал эс-учун жыяр менен болот экен.
— Ал эс-учун жыйганча, бир нече жума өтүп кетиши мүмкүн го?
— Балким, бир нече күндөн кийин, кала берсе, бир нече сааттан кийин эсине келиши ыктымал. Ден
соолугу анча деле жаман көрүнбөйт. Калыбы, ал кандайдыр өтө оор кырсыкты башынан өткөргөн
окшойт. Бардыгы бир күндүн ичинде өзгөрүп кетиши мүмкүн. Регуляторлор аны эс-учун жыяр менен
токтоосуз соттоо керек дешет имиш.
— Балким, ал өзүн актай алар? Менимче, ал өзүн актай алат, — деди Генкок.
— Шегим бар, — деди Кроссман. — Көрө жатарбыз. Тирүү болсок, көрөрбүз.
— Ошондой болоруна ишенем, — деди Сломаи. — Тирүү болсок көрөрбүз.
LXIX глава
ЖАШЫРЫН СЫР ЖАНА АЗА КҮТҮҮ ==========================
Каса-дель-Корво гасиендасында кайгырып аза күтүү өкүм сүрдү. Вудли Пойндекстердин үй-
бүлөсүнүн арасында кандайдыр табышмактуу мамиле пайда болду. Алардын үчөө эле калды.
Мурдагысынан алар алда канчалык сейрек көрүшөт; алардын көрүшкөнүнө да кандайдыр бирин
бири жактырбагандык сезилет. Алар тамак ичкени отурганда гана көрүшөт, эн зарыл нерсе жөнүндө
гана сүйлөшүшөт.
Кайгынын себебин түшүнүү кыйын эмес; алардын сүйлөшпөгөн себебин да анча-мынча түшүнүүгө
болот.
Эми эч ким шек санабаган өлүм, жалгыз баласынын, жалгыз агасынын күтпөгөн жерден дарексиз
өлүшү — атасы үчүн да, карындашы үчүн да каттуу сокку болду. Өлгөн жигиттин жээни Кассий
Кольхаундун да ындынын өчүргөн ушул өлүм болуп жүрбөсүн?
Бирок анын ындынынын өчкөнүндө дагы бир кеп бар. Кала берсе, үй-бүлөсүндөгү күйүт жөнүндө
сүйлөөгө туура келген учурларда да, алар бирин-бири зарыктырып өтө эле токтоо сүйлөшүшөт.
201
1 ПРОЛОГ
Баарынын башына түшкөн кайгыдан бөлөк, эч кимиси айтпаган, айта да албай турган, ар кимисинин
кандайдыр дагы бир жашырын сыры бардай көрүндү.
Бир кездеги кербез плантатор, эми үйүнөн чыкпас болду. Нечен саат бою ал бөлмөдөн-бөлмөгө же
коридордо ары-бери басып жүрдү. Күйүтүнүн күчтүүлүгү анын кербездигин жоюп, мүңкүрөтүп
таштады. Бирок чалды жабыр- каткан жалан эле өлгөн баласын сагынуу болгон жок; оозунан чыккан
түшүнүксүз каргоо анын башка күйүтү бар экенин да билгизип жүрдү.
Кольхаун ар дайым каяккадыр кетип, тамак ичерде же уктаганы жатарда гана кайра келип жүрдү.
Луиза өзүнүн бөлмөсүндө көбүрөөк отурчу болду. Ырас, кээде анын ойлонуп, азотеяда да жалгыз
отурганын көрүүгө болот эле. Өзүнүн жапа чеккенин, өлгөн агасы жөнүндө куса болгонун, жакшы
көргөн кишисинен ажырайм деп коркконун, балким, өзүнүн аты менен байланыштуу жаңжал
жөнүндөгү жаман пикирлерди аерде, көпкөк асмандын астында башынан өткөрүү жеңилирээк эле.
Морис Жеральддын абакка камалганын Луиза билет. Ал аскерлердин абагынын бекем дубалынын
ичинде олтурат.
Дубалды эч ким бузалбай турганы анын жүрөгүн өйкөбөйт. Кайра ошол дубал анчалык бекем эмес го
ден коркот.
Ошентип ойлоо үчүн Луизада негиз бар. Линч соту жөнүндө сөз кылып коюп жүрүштү; бул жолу Сэм
Менли старший сот болбойт экен, регуляторлор да сотто заседатель болбой, андан алда канчалык
ырайымсыз, чек арадагы ар бир форттун теребелинен көп табыла турган анда да ырайымсыз, жөн
эле желдеттер заседатель болот экен деп жүрүштү. Бул сөздөр көп кишини таң калтырды. Камактагы
кишини эмне үчүн закон боюнча соттошпой тургандыгын түшүнүү кыйын. Соңку убакта ачылган
далилдер абалды өзгөртө алган жок; эмне болсо да, анын күнөөлүү экендигин далилдей турган эч
кандай жаңы маалымат- тар жок.
Андай болсо эмне үчүн камактагы кишиге кастарын тигүү дагы кайтадан күчөдү? Мына ушунда бир
шумдук бар.
Мунун себебин түшүнгөн, же шек санап билген үч гана киши — Зеб Стумп, Луиза Пойндекстер жана
Кассий Кольхаун болду.
Болуп жаткан окуяны ыклас менен байкап жүргөн картаң мергенчи ушул шектүү иштин маанисин
түшүнүп, жүрөгү сезип жүрдү. Жалданган кишилер аркылуу аракет кылып, шыктандырган
Кассий Кольхаун болду. Анын жаман оюн орундаткандар — Мигуэль Диаз жана жергиликтүү
баш кесерлерден тандап алынган он чакты киши менен шерик болуп жүргөн анын жолдоштору эле.
Зеб Стумп өзүнүн шек санаган пикирин жаш креолкага айтып жүрдү. Анын шек санаганынын
бүтүндөй адилет экенин Луиза толук баалады. Кыздын кыйналып, дүмөктөнүшүнө дал ушул себеп
болду.
Ал жаңы айың сөздөрдү тек кетирген жок. Же өлүм жазасын, же аман калат го деген үмүттү өзүнө
ошол жактан алып келе турган бирөөнү күткөнсүп, ал Каса-дель-Корвону форт менен бириктирген
жолду карап, эки көзү төрт болду. Ал абактын жанынан көрүнүүгө батынган жок. Эс-учун билбей,
жөөлүп жаткан жигиттин сөзүн угууга дилгир болгондор кароолчулардын турганына карабастан,
абактын эшик алдынан топурап кетишкен жок. Ошол топураган эмелерди аралап өтүү, алардын
бүшүркөп караганын сезүү өтө кыйын эле.
Эгерде Луизаны өз эркине койсо, балким, ал аерге барат беле, бирок ансыз да шектенген атасы аны
аңдып жүрдү. Анын үстүнө дагы бир туушканы коомдун көзүнчө кыздын абийирин андан кем
сактаган жок. Кыз ошондой кылууга батына албады. Үйдө отуруудан башка, эч кандай айла калган
жок.
202
1 ПРОЛОГ
Индеецтерге каршы экспедицияга жиберилген аткычтар кайра кайтты деген кабар менен, төртүнчү
күнү эртең менен Каса-дель-Корвого Зеб Стумп келгенде, Луизанын кубанычы койнуна батпады! Эми
мустангерди анын душмандары кароолчуларга көрсөтпөй уурдап кетет экен деп коркуунун кереги
жок эле.
— Эми кам санабасаңыз да болот, — деди Зеб үнүн ишенген эмедей чыгарып. — Азыр андай коркунуч
өтүп кетти, Мисс Луиза, мен тийиштүү чара көрдүм.
— Чара көрдүңүзбү? Кандай чара, Зеб?
— Баарынан мурда, кайра келери менен майорго жолуктум. Өзүмө белгилүү болгон нерсенин баарын
ага ай- тып бердим. Кудай жалгап ал мурдагысындай эле ирландиялык жигитке жакшы мамиле кылат
экен. Анан ага жанагы америкалыктардын, мексикалыктардын, дагы башкалардын бетпак бандасы
жөнүндө айттым. Ошолордун коркунучтуусу болгон алиги шүмшүк Диаз жөнүндө да унутканым жок.
Ошондуктан, майор кароолчуларды эки эсе көбөйткүлө деп буйрук берди.
— Абдан жакшы кылыпсыз! Эми коркпоого болот деп ойлойсузбу?
— Сиз, сыягы, мистер Мигуэль Диаздын шайкасы жөнүндө айтып жатасыз го? Коркунуч жок
экендигине каргана алам. Адегенде Диаз өзү абактан чыгып алсын.
— Эмне? Диаз абактабы? Кандайча? Качан? Каерде?
— Сиз мага суроону жаадырып жибердиңиз го, мисс Луиза. Болуптур! Ыңгайлуу болсун үчүн акыркы
суроодон баштайлы. Демек, каерде деп сурап жатасыз го? Бул жерде бир гана түрмө бар, башка абак
жок. Менин айтайын дегеним, жанагы форттун абактысы. Ал ошондо.
— Аны менен бирге…
— Билем, сиз жигитти айткыңыз келет го. Ырас, экөөнү эки башка камерада болгону менен бир үйдө.
Экөөнүн ортосунда жука дубал бар. Ал дубалдан баары угулуп турат; эгерде өздөрү каалашса, экөө
сүйлөшө алат. Ошол мексикалык менен жанаша анын жолдоштору отурат. Иши кылып, ошол үчөө өз
ара сүйлөшө турган сөз таба алышат.
— Мунуңуз жакшы жаңылык экен, Зеб. Кечээ айтпадыңыз беле, жанагы Диаз…
— …Өзү тузакка түшүү үчүн ошентиптир. Ошол тилеги ишке ашты. Эгер абакка өзү түшпөсө, баары
бир аны башка бирөө олтургузат болучу.
— Бирок айтыңызчы, кантип, качан? Мен эчтеке билбейм.
Эх, сиз өтө шаштырбаңызчы! Бирпас дем алын алайынчы. Сиздин экинчи сурооңуз — качан го? Бул
суроо да жооп берүү кыйын эмес. Аны каматып салышканын көргөнүмөн бери бир саат өтө элек.
Ошондон кийин тике эле биерге келдим.
— Бирок аны эмне үчүн камашканын мага айта элек- сиз го.
— Айтууга мүмкүнчүлүгүм боло элек. Ал өтө узун сөз бүт айтуу үчүн көп убакыт керек. Сиз аны азыр
уккуңуз келеби, же кийин…
— Эмнеден кийин, Мистер Стумп?
— Сизге кандай десем… мисс Луиза, мен ойлодум эле да… картаң бээми атканага алып барып
койгондон кийин айтайын дедим эле. Жүгөрүдөй бирдеме жалмалап, анча- мынча суу ичкиси келген
окшойт. Ал экөөбүз узак жол бастык.
— Кечирип коюңуз, ардактуу мистер Стумп! Мен а жөнүндө ойлобопмун… Плуто, мистер Стумптун
атын атканага алып барып, жакшылап тойгузгула. Флоринда! Флоринда! .. Сиз эмне каалайсыз,
мистер Стумп?
203
1 ПРОЛОГ
— Мен тууралу убара болбоңуз, мисс Луиза, сизге ыракмат. Мен тиги бечара бээм жөнүндө гана
ойлодум эле. А мен тамаксыз дагы эки саатка чейин чыдай алам. Бирок жанагы мононгахель
вискиси сыяктуу бирдемеңиз болсо, көңүлүмдү көтөрүш үчүн пайдалуу болор эле.
— Мононгахель вискисиби? Болбогондочу… балким, андан жакшыраак башка бирдеме ичсеңиз,
кандай болор эле?
— Мононгахель вискисинен жакшырагынбы?
— Ооба, шерри-брэнди, шампан-брэнди, эгерде аны жакшы көрсөңүз?
— Жок, мага андай франңуз ликерлорунун кереги жок. Питтербург заводдорунан чыккан жүгөрүнүн
таза ширесинен жакшы эмне болмок эле!
— Флоринда! Флоринда!
Эмне үчүн ал чакырганын кызматчы аялга айтпаса да болот эле. Өзүнө эмне алып кел дешкенин
ал Зеб Стумптун ошерде отурганынан эле ачык билди. Кандай буйрук берерин күтүп турбастан
эле, ал бөлмөдөн чыкты да, теңме-теңи жанагы чал «жүгөрүнүн нагыз ширеси» деп атаган, бирок
чындыгында кара буудайдан кайнатылган эмени толтуруп, бир минутадан кийин графин көтөрүп
келди.
Зеб жалынтып отурган жок. Графиндеги суюктук тез эле үчтөн бирине кемип калды. Үчтөн экисин
ал өзү беленденип айтмакчы болуп отурган узун аңгемесин сүйлөгөндө тамагын суулап туруш үчүн
калтырды.

*************************************
#63 09 June 2017 - 07:51
LXX глава
БАРЫҢЫЗ, ЗЕБ, КУДАЙ ЖОЛУҢУЗДУ АЧСЫН ===================================
Картаң мергенчи бирдемени шашылып иштегенди жаман көрчү эле. Ошонусу ичкилик ичкен
кебетесинен да көрүндү. Ал вискини тамшанып жатып, жай ичти. Креолка шашкалактап чыйпыйы
чыгып, анын сүйлөгөнүн күтүп турган жок.
— Айтыңызчы, ардактуу Зеб, — деди кыз кызматчы аялды жибергенден кийин, — жанагы
мексикалыкты эмне үчүн камашты? Мен алиги Мигуэль Диазды айтып жатам… Мен ошо жөнүндө
бирдеме билсем керек эле.
— Аны билген жалгыз гана сиз эмессиз, мисс Луиза, ал шүмшүктүн жоругун билгендер көп. Сиздин
агаңыз… Бирок а жөнүндө азырынча сүйлөбөйлү… А Мигуэль Диаздын анча-мынча тиешеси бар
экенин Зеб Стумп билет, билбесе да чоң шеги бар… Эмне жөнүндө айтканымы түшүнүп жатасызбы?
— Сүйлөй бериңиз, мистер Стумп?
— Эмесе мындай. Биз Аламодон кайра келгенибизден кийин көп узабай эле индеецтерди куугунтуктаганы
кеткен жигиттер да келген. Албетте, а жөнүндө сиз уккан чыгарсыз. Дарактын көңдөйүнөн табылган
алиги буюмдардын баары жардын үстүнөн биз көргөн кишилердин актар экенин ачык далилдейт.
Кепеден карта таап алганымда, а жөнүндө мен да ойлодум эле.
— Демек, түн ичинде кепеге келгендер баягы Фелимдер көргөн кишилер экен да?
— Шексиз, алар ошол эле мексикалыктар.
— Ошолор мексикалыктар болчу деп жоромолдоого сиздин кандай негиздериңиз бар?
— Негиздерим өтө чоң. Ошондой экенине көзүм жетти. Ошол шайканын ар бирөө кайда жашырынганын
аңдып Жүрдүм.
Жаш креолка эми суроо берген жок. Аңгеменин андан аркы узатылышын ыкласы менен күтүп,
унчукпай отурду.
204
1 ПРОЛОГ
— Билесизби, мисс Луиза, карта, ошону менен катар гальвеец мага айткан кээ бир сөздөр ошо
кишилердин мексикалыктар экендигине мени шектендирди. Ошондой экенине ишенгенден кийин
алардын кайдан келгенин божомолдоп билүү мага кыйын болгон жок. Башкалардын сүрөттөп
айтканы боюнча төртөөнүн ар биринин ким экенин билүү Үчүн жергиликтүү мексикалыктар мага
өтө жакшы маалим. Анын үстүнө алардын бирөөнө өзүм тамга баскан болчумун.
— Тамга баскам дейсизби? Кантип, Зеб?
— Баягы менин атканым эсиндеби? Мен ага окту кепенин босогосунан жиберген болчумун.
— Мылтык атканыңызды көргөм, бирок мен анда да рактын көлөкөсүндө турбадым беле, кимди
атканыңызды байкаган эмесмин.
— Эмесе мындай, мисс Луиза, картаң Стумптуң кан төкпөй мылтык аткан учуру аз болот. Ошол
шүмшүккө ок тийгенин билген болчумун. Алыстан атууга туура келген ошондуктан ок четкерээк
кеткен болуш керек, бирок ок аны анча-мынча чырпып кеткенин билген элем. Эти ооруганынан
кыйшалактай түшкөнүн көрүп: «Эгерде ушунуң терисин тешпесем, анын териси менен өзүмүн
терими алмашууга даярмын» — деп ойлогон элем. Ошондон кийин биздин жигиттер кайра келип,
түсү кызылдар эмес, актар жөнүндө айтышкан болчу. Ошол индеецтер ким экенин мен жакшы
билген элем, аларды кармап да алат болчумун, бирок ал жолу кармаган эмесмин.
— Эмне үчүн, мистер Стумп? Балким, бечара агамды өлтүргөн кишилер ошолор чыгар!..
— Дал ошол себептен мен аларга азырынча тийген эмесмин. Дагы бир башка себеп болгон. Мен
форттон алыс кетким келген эмес, мен жокто дагы бир балаа болуп жүрбөсүн деп коркком. Түшүнүп
жатасызбы? Дагы, анын үстүнө, ишти акырына жеткирүү үчүн эрте го деп эсептегем. Андай ишти
жаздымсыз иштегим келген эле. Ошентип мен аткычтардын кайра келишин күттүм да, ошондон
кийин гана мистер Мористи ишеничтүү кароолчулардын карамагында камырабай калтыра алат
элем. Ошондон кийин гана картаң бээмди токунуп, ал экөөбүз ошол жигиттер буюм тапкан жерге
жөнөдүк. Алардын айтуу боюнча ал жерди мен оңой эле таптым. Алар керектүү иштин теңин
да аныктай албагандыгы таң каларлык эмес, аларды ээрчитип барган жанагы боз баш Спенглер
болчу. Калгандарын өзүм табууга туура келди. Болжолдогонуман жаңылган эмес экемин. Бир
кезде прерияда болгон ар бир акмак ошо жалган команчалардын кайра кеткен изин таба алат эле.
Алардын прериядагы изин кандай көпөс болсо да кубалай алат болчу; а жанагы мистер Спенглер
менен башкалар андай кыла алышпаптыр. «Тажрыйбалуу» из куучулардын аттарынын изи абдан
таптап салса да, мен опоңой эле изилдедим.
— Анан?
— Анан, майор менен сүйлөштүм. Жарым сааттан ки ошол төрт азамат абактын ичине кирди.
Башчысын биринчи кармашты, антпесе, ал качып кетиши мүмкүн эле. Мистер Мигуэль Диазга тамга
басканым жөнүндө жаңылышкан эмес экемин.
— Демек, ошол эме Диаз экен да? — деген суроо Луизанын оозунан чыгып кетти. — Өтө эле тан
каларлык. Биздин дөбөнүн бадалдарынын арасынан мен аны жакында эЛе көргөм. А мексикалык
кыз Исидора бекен? Ах! Мында бир жашырып сыр бар экен. Айтыңызчы, ардактуу Зеб? — деп сурады
Луиза мергенчиге жакыныраак отуруп, — ошол мексикалык кыз… айтайын дегеним, баягы ошерде
болгон кыз… аныкына көп барып жүрчү бекен?
— Кимдикине? Ким жөнүндө сурап жатасыз, мисс Луиза?
— Түшүнгөнүңүз жокпу, Зеб? Мистер Жеральд жөнүндө сурап жатам.
— Мүмкүн, көп баргандыр, а балким, такыр барган эместир — анысы мага белгисиз. Мен өзүм да аерге
аз барчумун. Демейде мен ал жерлерде ан уулабайм. Кээде жөн эле жадап кеткенимен ошерге барып
205
1 ПРОЛОГ
калчумун. Эгерде менин пикирими сурай турган болсоңуз, менимче, ал кыз мурда аерде эч качан
болбосо керек. Иши кылып, ал жөнүндө мен уккан эмесмин. Жанагы Фелим бирдеме деп калжыраган
го. Ошол кепеге мейман болуп барып жүргөн бир гана кыз жөнүндө уккам.
— Ким жөнүндө? — деп креолка шашыла сурап жиберди да, ошентип сураганы жөнүндө ичинен
өкүнүп калды. Зебдин бүшүркөгөнсүп караганын көрө коюп, эки бети кызарып кетти. — Бирок анын
эч кандай мааниси да жок, — деп, ал жооп күтүп турбастан сөзүн улантты. — Ошентип, Зеб, сиздин
оюңузча, агамды өлтүрүүгө ошол мексикалыктар катышкан экен да?
— Эгерде чындыкты билгиңиз келсе, эмне деп ойлорумду өзүм да билбейм. Прерияда мындай
табышмактуу окуя эч качан болгон жок эле. Кээде бул иш ошол мексикалыктардын колунан келгенге
окшойт. Кээде башка бирөө да аракет кылгансыйт. Ким экенин азырынча сизге айтпайм,
— Бирок, ал эмес го, Зеб, ал эместир?
— Жок, мустангер эмес. Көп нерсе ага каршы далил болсо да, анын айыптуу эместигинде эч кандай
шегим жок.
— Бирок аны кантип далилдөө керек? Бардык далил ага каршы дешет. Аны жактап эч ким эч нерсе
айткысы келбейт.
— Андай деп айтууга болбойт. Бул ишти бир жаңсыл кылып биле алганым жок — убакыт жетишпеди.
Бирок эм мүмкүнчүлүгүм бар, эми ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланам. Прерия — бул чоң китеп, мисс
Пойндекстер, болгондо да өтө кызык, чоң китеп, анда эмне жазылганын окуй билиш керек. Башка
жагынан Зеб Стумп анчалык чоң илимпоз болбосо да, аны окуй билүүгө кудурети жетет. Балким
Мористин пайдасына сүйлөй турган айгактарды таба аларбыз. Менин картаң мугалимим: кээде таш
да сүйлөйт деп айтчу эле.
— Кылмыштын изин таба алам деп ойлойсузбу?
— Барып, бардыгын жакшылап изилдеп чыгуу керек. Айрыкча ирландиялык жигит ягуардын
тырмагына түшкөн жерди изилдөө керек. Аерге мурда барууга да болот эле бирок эмне үчүн
баралбаганымы сизге айтпадым беле. Кудай жалгап, ошондон бери жамгыр жааган жок, кала берсе,
бир жума мурун түшкөн изди да көп кыйналбай эле билүүгө болот. Албетте, дасыган киши болбосо,
ажырата албайт… Кош, эми кете турган убакыт болду, мисс Луиза. Фортто эмне болуп жатканын
айтайын деп, сизге бир минутага гана келдим. Убактыны текке кетирүүгө болбойт. Бүгүн эртең
менен мени камактагы жигитке киргизишти. Бир кыйла оңолуп, акыл-эсине келип калыптыр.
Регуляторлор сотту токтоосуз дайындаш керек деп жатышыптыр. Мүмкүн, сот эки күндөн кийин
болуп калар. Сот башталганга чейин кайра келишим керек.
— Барыңыз, Зеб, барыңыз, кудай жолуңузду ачсын. Ишиңиздин ийгиликтүү болуп чыгышын чын
жүрөгүмөн тилейм. Анын күнөөсүз экендиги жөнүндө далил таап кайтыңыз. Ошенткениңиз мен
үчүн жанымдан артыгыраак. Сиздин кызматыңызды эч качан, эч качан унутпайм.
LXXI глава
ТОРУ АТ ===========
Жүрөгү элеп-желеп болуп, берген батаны угуп, мергенчи аты турган атканага жеткенче шашты.
Бээ жүгөрү жеп жаткан экен — Плуто аны жакшылап тойгузуу үчүн сараңдык кылбаптыр.
Плуто да ошерде, аттын жанында экен. Демейдеги сөзмөрдүгүнө карабастан, атчы-негр бу жолу көп
сүйлөгөн жок. Негедир ал сиркеси суу көтөрбөй турган сыяктанды.
Анын ошондой абалын түшүнүү кыйын эмес эле. Жанындай жакшы көргөн жаш кожоюнунан
ажыроо, ошондой эле жан-дили менен жакшы көргөн жаш кожоюн кызынын күйүтү, дагы, балким,
206
1 ПРОЛОГ
капитан Кассий Кольхаун аны өтүк менен сабаганыдыр — мына ушунун баары бечара негрдин
ындынын өчүргөн чыгар.
Зеб өзүнүн оюна ушунчалык уюп калган эле, кулдун ындыны өчүп турганын байкаган жок. Кала
берсе, шашканынан ал бээсине жүгөрүнү да жакшы жегизбеди. Тумшугунан кармай салып, Зеб
бээсинин ооздугун салды да, тизгинин мойнуна арта салып, суулугунан кармап, атканадан алып
чыкмакчы болду. Кожоюнуна бээси тарткынчыктабыраак моюн сунду, ширин жемдеги бээни зордук
менен жетелеп чыгууга туура келди.
— Ой, ой, мистер Стумп, — деп кийлигише кетти Плуто. — Сиз мынчалык эмне шаштыңыз? Шордуу
бээ али тоё элек. Тойгончо жей турсун.
— Убактым жок, досум, алыс жолго баратам. Жүз милядай жол жүрүшүм керек, а эки сааттан азыраак
убакыт гана калды.
— Коюңузчу, масса Стумп! Мен андай ылдам жүргөндү уга элек элем. Тамаша кыласыз го?
— Жок, чын айтып жатам.
— Ушул прерияларда эң эле ылдам жүрүшкөндөрүнө таң калам. Мына бу ат да түндө эки жүз миляга
жакын жол жүргөн окшойт.
— Кайсы ат?
— Тетиги эшик жакта, четте турган тору ат. Масса Кольхаундун аты.
— Эмне себептен аны эки жүз миля жол жүрдү деп ойлойсуң?
— Ак көбүк болуп тердептир. Сугарганы сууга алып барганымда, жаңы төрөлгөн музоодон бетер
темтеңдеп турду. Ооба, ооба! Ой, аябай кыйналган экен!
— Качан, Плуто?
— Качан дейсизби? Ойлоого мүмкүнчүлүк бериңизчи… Баса, албетте, баягы масса Генри жок болгон
күнү, — эртең менен, күн чыккандан бир саат өткөндөн кийин. Бу тору аттын мындай кыйналганын
мурда көргөн эмесмин, — таңга жуук талаага кеткен элем. Атканага кайра келсем, куду чоң дарыядан
сүзүп чыккансып, жаныбар ак көбүккө батып, көл-шал болуп тердептир…
— Ошо түнү бул торуну ким минди эле?
— Билбейм, масса Стумп. Деги масса Кольхаундан башка эч ким минбейт. Ооба, ооба! А түгүл буга эч
ким минүүгө да даабайт.
— Демек, бул атты ошол минген дечи?
— Билбейм, масса Стумп, эч кандай билбейм. капитандын алып чыкканын да көргөн эмесмин, мунун
кара атканага киргенин да көргөн эмесмин.
— Ак көбүк басып тердеген эле деп айтканың чын болсо, анда муну бирөө минген болуу керек.
— Ырас. Ырас! Бирөө минген болуу керек.
— Кулак салчы, Плуто. Менимче, сен чын айтасың ошол түнү бул тору атты ким мингенин билбейм
дегениң да чын. Бирок сенин оюңча ким миниши мүмкүн эле? Мистер Пойндекстер менин досум
экенин жакшы билесиң; аның мал-мүлкүн башка киши жаман урунганын каалабайм, айрыкча,
капитан Кольхаундун мал-мүлктү урунганын жаман көрөм. Бу жаныбарды плантацияда иштеген
негрлердин бирөө уурдап алып чыгып, бүткүл прерияны аркы-терки кыдырып чыккан го. Ушундай
эмеспи?
207
1 ПРОЛОГ
— Жок, масса Стумп. Ошондой болду го деп негр ойлобойт. Плантацияда иштеген кулдарды биерге
киргизүүгө уруксат жок. Алар биерге келүүгө да батынбайт. Плантацияда иштеген негр тору атты
алып кетиши мүмкүн эмес.
— Шайтан алгырдыкы, атты ким алышы мүмкүн? Балким, надсмотрщик алгандыр? Бу жөнүндө эмне
дейсиз?
— Жок, ал эмес.
— Аттын кожоюну өзү албаса, анан ким алышы мүмкүн? Эгерде өзү алган болсо, анда мен кейип-
кепчип эмне кылам. Оюна келген жакка, дал тозоктун өзүнө чейин болсо да, атын минип жүрүүгө
анын акысы бар. Ал менин ишим эмес.
— Ооба, ооба, менин да ишим эмес, масса Стумп. Бүгүн эртең менен ошол иш оюма келбегени жаман
болгон экен.
— Эмне үчүн ал жөнүндө өкүнөсүң? Бүгүн эртең менен эмне болду эле, эмне үчүн кабагың бүркөө?
— Ох, бүгүн эртең менен болгон окуя! Чоң кырсык болду. Аябаган чоң кырсык болду!
— Кандай кырсык?
— Эх, масса Стумп, мени бүтүн кызылдай союп сабашты. Дал түштөн кийин бир саат өткөндө.
— Сабашты дейсиңби?
— Ооба, этимин ооруганынан бүткүл атканада ары-бери жүгүрдүм.
— А, түшүндүм. Ат тээп алды деп айткың келет го. А сени тепкен кайсы ат?
— Сиз, жаңылышасыз. Мени ат тепкен жок, аттын кожоюну тепти. Масса Кольхаун өтүгү менен
тепкиледи. Негр жаман эчтеме деле кылган жок эле. Ошо түнү атыңыз эмне болду деп сураган гана
жазыгым; атыңыз мынчалык эмне кыйналган деп сурагам. Ал сенин ишиң эмес деп, масса мени өтүгү
менен тепкилей баштады. Анан камчы менен сабады. Анан мени опузалап коркутту. Дагы ушул
жөнүндө сүйлөсөң, жүз балак жейсиң деди. Аябай сөктү. Ох, тилдегенин көрсөңүз! Масса Кольхаундун
мынчалык сиркеси суу көтөрбөй ачууланганын Плуто эч качан, өмүрүндө эч качан көргөн эмес.
— Ал азыр кайда? Бүгүн эч жерден көрүнбөйт го? Тору аты биерде турган соң, бир жакка кетпеген
чыгар.
— Жок, масса Стумп, ал азыр биерде жок. Кетип калды. Эми ал дайыма каяккадыр, бир жакка кетип,
кеч келет.
— Атчан кетеби?
— Ооба. Эми ал боз атты минчү болду. Тору атка тийбейт. Ошол түндөн тартып ал тору атты бир эле
жолу минди. Мүмкүн, торуну тыныксын дей тургандыр.
— Бери карачы, Плуто, — деп Зеб бир нече минута ойлонуп туруп, — менин картаң бээм бир аз жүгөрү
жеп, тоюнуп алса, чын эле жакшы болуп жүрбөсүн. Мейли, чери жазылганча тойсун. Ал жемин
күйшөп бүткөнчө, мен башка иш менен убара боло турайын. Ашканага барып, жегидей бирдеме бар
бекен, карап келчи. Бир кесим муздак эт, бир сындырым жүгөрүнүн наны болсо, башка эчтекенин
кереги жок. Сенин кожоюн кызың мени сыйламакчы болду эле, бирок кечигип каламбы деп коркуп,
болгон жокмун. Эми, тиги жаныбарымы аяп, айнып калдым. Бир аз күтө турууга туура келет. Тамак
жегенде мага да көңүлдүрөөк болор.
— Азыр эле жүгүрүп барып келем, масса Стумп.
Ошентип, Плуто короону аралай ашканага жүгүрүп кетти. Зеб Стумп атканада жалгыз калды.
208
1 ПРОЛОГ
Негр кетери менен Зеб тору ат турган жерди көздөй басты. Ат коркуп, калчылдап, дубалга ыктап
калды.
— Тынч тур, акмак жаныбарым! — деди күңкүлдөп Зеб. — Сага эч кандай жамандык кылбайм. Сенин
кылыгың дал кожоюнуңдукундай экен. Акырын деп, сага айтып жатам! Такаңды карап көрөйүнчү.
Ошентип, Зеб эңкейип, аттын бутун кармалап көрмөк- чү болду.
Ат тыбырчылап карматкан жок. Аңгыча болбой, ат Жерди чапчылап, өзүнө бирөө жамандык
каалагансып, кошкура баштады.
— Каргыш тийгирдин малы, сендей да айбан болот экен-э! — деп ачуулана бакылдады Зеб. — Бир
минута тынч тура албайсыңбы! Сени эч ким урганы жаткан жери жок! Кана, бери турчу, айбан. Такан
барбы-жокпу, карап көрөйүнчү.
Ал аттын бутун дагы көтөргүсү келди эле, ат көшөрүп карматпай койду.
— Мындай каргаша болот экен деп күткөн жок элем, — деп кобурады Зеб, бу кыйынчылыкты жеңүүгө
жардам бергидей бирдеме бар деген үмүт менен эки жагын каранып.
«Эмне кылсам, жардам бергин деп негрди чакырууга болбойт. Ал бул жөнүндө эч нерсе билбөө керек».
Мергенчи ойлонуп, бир нече минута туруп калды.
— Бу каргыш тийгирдин макулугу! — деп жиберди ал дагы. — Жөн эле турган жеринде атып салгым
келет!.. А, болду! Таптым! Негр жолто кылбаса эле болду. Флоринда аны буйдалтып коёрунда шек жок.
Кана, токтой турчу, азыр сени тек тургузам, же башыңды жулуп алам! Мына бу чылбыр мойнуңа
оролгондо, тыбырчылай албайсың!
Зеб ээринен кыл арканын алып, аттын мойнуна сыйыртмак салды да, аркандын экинчи учун кере
тартты. Ат кырылдап, мөңкүй баштады. Бирок көп узабай эле аттын корулдаганы токтоп, таноосунан
зорго жел чыгып, мууна баштады.
Зеб эми камырабай жакын келди. Аркандын экинчи учун кере байлап коюп, ал аттын ар бир такасын
ыклас коюп карай баштады.
Кезек аттын арткы сол бутуна жеткенде, такасынын жартысы сынып калган экен.
Ошондо мергенчи кездигин сууруп чыгып, аттын такасынын астына тыкты да, таканын сыныгын
чыгарып, мык-сыгы менен кошо чепкенинин түпсүз чөнтөгүнө салып алды. Зеб анан арканды чечип
жиберди.
Бирпастан кийин Плуто көп тамак алып келди. Патностун үстүндө мононгахель вискиси куюлган
кичинекей графин койкоюп турду. Зеб ошол замат тамакка киришти.
Бирок атчы атка бирдеме болгонун ошо замат эле байкай койду: тору ат калчылдап, корккондой эки
жагын элеңдеп карап турду.
— Бул атка эмне болгон? — деп жиберди негр. — Ооба, ооба! Сизден коркуп тургансыйт, масса Стумп.
— А, баса, — деп Зеб кара күчкө көңүл кош болгонсуп созуп калды. — Мүмкүн, менден бир аз чочуп
тургандыр. Менин бээме жакын келгенде, аркан менен бир-эки жолу чаап жибердим эле.
Плуто анын ушинтип айтканына толук канааттанды да, ал жөнүндөгү сөз ошону менен токтоп калды.
— Айтчы, Плуто, — деп дагы сүйлөй баштады Зеб, — силердин аттарыңарды ким такалайт? Силердин
устаңар бардыр?
— Ооба, аттарды сары Жек такалайт… А жөнүндө эмне үчүн сурайсыз, масса Стумп?
209
1 ПРОЛОГ
— Картаң бээни такалатып алышым керек эле. Такалабайм деп Жек кыйыктанбас?
— Албетте, албетте! Жан-дили менен такалап берет сизге.
— Эки така кагуу үчүн канча убакыт керек деп ойлойсуз?
— О, аз эле убакыт керек, масса Стумп. Жек абдан жакшы уста деп баары макташат.
— Балким, анын даяр такалары бардыр. Силердин аттарыңарды такалаганына кеп болду беле?
— Бир жумадан ашып калды, масса Зеб. Акыркы жолу мисс Луизанын атын, сулуу чаар байталды
такалаган болучу. Бирок анын дагы эле даяр такалары бар. Анысын мен жакшы билем, тору атты
ал дагы такалашы керек, торунун бир такасы сынык. Такасы сынганына он чакты күн болуп калды.
Мистер Кольхаун ошол таканы алып ташта деди эле. Ооба, ооба! Жекке ошентип айтканын бүгүн
эртең менен уккам.
— Ырас эле убактым аз калган экен, — деди Зеб күтпөгөн жерден өзүнүн оюн өзгөрткөнсүп. — Атымды
кайра келгенче такалатпай тура турайын. Мүмкүн, картаңым такасыз да жүрөр. Прериядагы жол
жумшак. Такасыз жүгүрсө да жаман болбойт…
Зеб атканадан короого чыкты да, асманды карады.
— Ырас, кетүүгө убакты болуптур. Болду эми, жаныбарым, ушул күйшөгөнүң да жетер. Жүгөрүнүн
ордуна мына бул темирди тиштешиң керек. Жарайсың, жаныбарым!
Зеб бээсине жүгөн катып минди да, тизгинин силкип бастырып кетти.
LXXII ГЛАВА
ЗЕБ СТУМП ИЗ ТАПТЫ ==================
Каса-дель-Корвонун дарбазасынан чыгып, картаң мергенчи дарыянын жээги менен фортту көздөй
жөнөдү. Чейрек саат өтө электе, ал ошерде болду.
Атынан түшүп, Зеб коменданттын үйүнө кирди. Бээси аянтта калды. Инж фортунун башкы
начальниги менен көрүшүү картаң мергенчиге кыйын эмес эле. Аскер кызматчылар Зеб Стумпту
кадырлаша турган, кайсы убакта болсо да, ал үчүн алардын эшиги ачык. Кароолчулар аны өз
кишисиндей киргизип жиберишти. Дежур офицер аны менен жайдары саламдашты; анын келишин
күтүп тургансыган адьютант Зебдин келгени жөнүндө майорго ошол замар билдирди.
— А, мистер, Стумп, сизди көргөнүмө кубанычтуумун Кандай жаңылык бар? Биерге тез эле кайра
келгениңизге караганда, бир жаңылыгыңыз бар го дейм. Жанагы бечара жигит үчүн кандайдыр
жакшылык барбы? Эмне билдиңиз?
— Сизге кантип айтпай коёюн, майор, — деди Зеб калпагын ийменбей алып, — азырынча менде
анчалык деле бөтөнчө жаңылык жок, бирок ошондой болсо да, сизге кайра келүүнү ылайык таптым.
Сиз менен сүйлөшкөнү келдим.
— Кулагым сизде. Иштин жөнүн айта бериңиз.
— Мүмкүн болушунча, соттун тергөөсүн бир аз кечиктире турсаңыз экен. Сотту тезирээк болсун деп
кысым көрсөтүүчүлөр болорун билем; бирок аларга моюн бербей тургандай бийлигиңиз бар экенин
да, сотту кечиктирүүгө каршы болбой турганыңызды да жакшы билем.
— Туура айтасыз. Жанагы бечарага жардам берүүдөн качпайм. Өзүңүз билесиз го, биздин
республикада өлкө согуш абалына өттү деп жарыялагандан башка учурда, аскер мекемелери дайыма
граждандык мекемелерге баш иет. Бекитилген закондорду бузууга каршы чыгуу үчүн колуман
келгенин аябаймын, бирок закондун өзүнө каршы чыга ал- баймын.
210
1 ПРОЛОГ
— Законго каршы чыкпай эле коюңуз, андай кылуунун кереги жок. Законду өз колуна алып, өз
пайдасы үчүн бузмакчы болгон кишилерге каршы чыгууңуз гана керек. Сеттльментте андай
кишилер бизде бар, эгерде аларга жолто кылбасаңыз, законду өз кызыкчылыгына пайдаланышарына
шек жок. Айрыкча коркунучтуу бир киши бар…
— А ким?
— Теңир жалгаган майор, бу сөз ичиңизде эле калсын. Эч кимге айтпай турганыңызды мен билем.
— Мистер Стумп, биерде болгон иштин баары жашырын. Ойлонгон оюңузду тартынбай айта бериңиз.
— Эмесе, менин оюмча, жанагы өлтүргөн киши Морис-мустангер эмес.
— Менин пикирим да ошондой. Мага дагы эмне айта аласыз?
— Мен дагы анча-мынча нерсе айтмак элем, майор: бирок ал менин болжолум гана, Жаңылып
калышым да мүмкүн. Нуэсес дарыясынын боюнан кайра кайтканымча, ошол оюмду айтпай коё
турганым жакшы болор. Кайтканымдан кийин азыр билгеними, балким, прериядан дагы жаңыдан
билген нерселеримди сизге жан-дилим менен айтып берем. Үч күн токтото турайын деп убада бере
аласызбы?
— Үч күнбү? Эмне үчүн?
— Соттун башталышын үч күнгө Созуш керек.
— Сизге убада берейин, мистер Стумп. Балким, мен кызмат жагынан өзүмө сөз тийгизип алышым
мүмкүн. Офицерлик сөзүмү берейин: үч күндүн ичинде Морис-мустангер абактыдан эч кайда
жылбайт. Ал айыптуубу, жокпу, баары бир ошол үч күндүн ичинде ал менин коргоомдо болот.
— Сиз кыйышпас досумсуз, майор! Сиздин ушул жакшылыгыңызга бир убакта мен да жакшылык
кылармын. Жанагы айткан сөздү оозуңуздан чыгарбаңыз дегенден башка, менде сизге айта турган
сөз жок. Менин изденип жүргөнүмдү билсе, мага жолтоо кылуу үчүн жерди астын- үстүн кылууга
даяр турган кишилер биерде жок эмес.
— Алар менден жардам күтпөй эле койсун, мистер Стумп. Менин убада кылганыма камарабай
ишенсеңиз да болот.
— Ошондой экенин билем, майор. Мустангерге жакшылык кылгыңыз келген үчүн сизге ыракмат,
майор.
Майор менен коштошуп, картаң мергенчи бээси байлануу турган аянтты көздөй жөнөдү.
Шаардан чыгып, Каса-дель-Корводон ушул жерге келген жалгыз аяк жолун көздөй бурулду.
Пойндекстерлердин плантацияларынын чек арасына жакын жерден Зеб талаанын бери жагындагы
дөбөгө чыга баштады. Токойлуу бадалдын четине чыкканда, ал акациянын көлөкөсүнө токтоду. Ал
атынан түшпөдү, түшө турган ою да жоктой сыяктанды. Бир аз алга обдулуп, ойго баткан кишиче
жерди ары-бери карап чыкты.
— Шайтан баскырдыкы! — деп кобурады Зеб. — Өтө керектүү кырдаал экен. Ошол түнү Кольхаундун
аты сарайында болбоптур, үйүнө кара терге түшүп кайткан экен. Бул эмне деген сөз? Ал ушул ыплас
ишке катышпаса, мурдумду туура кесип берейин. Небактан бери ушинтип ойлоп келатам. Бирок
Кольхаун өзүнүн таякесин өлтүрүптүр деп божомолдоо деги киши ишене койчу иш эмес. Албетте,
ал ар кандай жүзү каралыктан кайра тартпай турган неме. Бирок эмне үчүн мындай ишке колу
барганын түшүнбөйм. Эгерде чал өлгөндөн кийин Генринин ордуна мурасчы болуп калам десе,
башка кеп эле. Бирок андай болушу мүмкүн эмес. Бир да негри жок сыяктуу, картаң Пойндекстерге
бир да акр жер тиешелүү эмес. Бардыгын ошол шүмшүк колуна алып алды. Андай болсо, эмне үчүн
211
1 ПРОЛОГ
ал таякесинен кутулгусу келди? Менин билишимче, ал экөөнүн ортосуң. да эч кандай кастык болгон
эмес. А биерде эмне мустангер катышып, анан Луиза мага айткан жаңжал болуп жалган индеецтер
менен мексикалык кыз, башы жок чабендес, деги капкайдагыиын баары аралашып кетти! Иосафат!
Мунун баары барып турган эсепчини да акылынан адаштырар… Ошондой болсо да асыл убактыны
текке кетирүүгө болбойт. Мына бу сынык така колумда турганда мүмкүн ушул кандуу окуянын
жандырмагын таба алармын. Бирок кайда барышым керек?
Жоо издеген немече, Зеб эки жагын айландыра караң чыкты.
— Форттун же сеттльменттин теребелинен издей баштоонун кажаты жок. Короодогу сыяктуу, аердеги
бардык жерди жылкынын тепсегени белгилүү. Андан көрө прерияга жетин, Рио-Грандеге барчу жолду
кесип өткөн жалгыз аяк жол менен жүрүү керек. Ырас, ошондой кылганым түзүгүрөөк болор.
Ушундай бүтүм кылганына толук канааттангансып, картаң мергенчи тизгинин жыйды да, картаң
бээсине бирдеме деп кобурап, бадалдын чети менен желдирип жөнөп калды.
Нуэсес дарыясын көздөй бир миляга жакын жол жүргөндөн кийин Зеб күн батышты көздөй шарт
бурулду; ошондуктан эми анын бара турган жолу Рио-Грандеге барчу жалгыз аяк жолдордун баарына
кыйчалыш болуп калды.
Эми ал эки жагын элеңдеп караган жок. Бүткүл тулкусу менен алга карай обдулуп, Зеб өзү бараткан
жалгыз аяк жолдун эки жагындагы чөптү тигиле карап, жүрүп отурду.
Бир миляга жакын жол жүргөндөн кийин ал күтпөгөн жерден селт этти да, тизгинин тарта койду.
Бээси токтой калды. Зеб атынан ыргып түшүп, эки кадамча алга басты да, чөгөлөп отура калды; анан
чөнтөгүнөн таканы алып, чөптөн даана көрүнүп турган аттын изин салыштыра баштады.
— Дал өзү экен! — деп жиберди мергенчи. — Мына чыккынчынын, балким, киши өлтүргөн неменин
изи ушу турбайбы,.

#64 09 June 2017 - 07:52
LXXIII глава
ПРЕРИЯДАГЫ АРАЛЧА =================
Кең-кесири прериянын жайыттарында жүз, кээде үч жүз жылкынын үйүр-үйүр болуп жүргөнү
жолоочунун көңүлүн бурбай койбойт, ошондой эбегейсиз чоң көрүнүштү көрүп, таңыркаганынан
жолоочу токтой калат. Техастын жергиликтүү калкы андайга көңүл койбой өтүп кетет да: «Жайылып
жүргөн мустанг турбайбы» деп ичинен ойлоп гана тим болот. Жалгыз жылкы оттоп жүрсө, ошого
көбүрөөк таң калат, таңыркайт да: үйүрүнөн куулуп чыккан жапайы айгырбы, же жолоочулардан
калган атпы деп ойлонуп калат.
Прерияда туулуп өсүп, көзү каныккан киши анын кандай жылкы экенин ошо замат билет. Эгерде
башында жүгөн, үстүндө ээр болсо, анда эч кандай шек болбойт. Бул аттын кожоюну кайда болду экен
деп гана ойлонууга туура келет.
Эгерде үстүндө минген кишиси болсо да, аты оттоп жүрсө, анда атын кадыресе оттотуу үчүн үстүнөн
түшүүнү билбеген мээси жок же жалкоо киши экен деп гана ойлоого туура келет.
Жалаң мээси эмес, бүтүндөй башы жок киши болсо, анда чындыкка бири да жакындабай турган миң-
сан жоромол оюна келет.
Түштүк-батыш Техастын прерияларында 185… жылы дал ошондой ат, ошондой киши болгон эле. Ошо
кайсы жылы болгонун тактап айтуу кыйын, бирок он чакты жылдын ичинде болгону туура бойдон
калып келатат.
Бул окуянын кай жерде өткөнүн тагыраак көрсөтүүгө болот. Рио-де Нуэсес системасынын түндүк
жагында, Леона дарыясынын түштүк куймаларында жыйырма чакты миляга жакын жерде болгон
экен. Аны ошердеги жайдак прериядан да, токойлуу бадалдын арасынан да көрүшкөн экен.
212
1 ПРОЛОГ
Башы жок чабендести көп киши көргөнү мындай турсун, аны нечен жолу, ар кандай убактарда
көрүшкөн экен. Биринчиден, Генри Пойндекстерди, аны өлтүрдү го деп шек санаган кишини издеп
барган отряддын мүчөлөрү көрүптүр. Экинчиден, Морис мустангердин малайы көрүптүр. Үчүнчүдөн,
токойлуу бадалдын арасында түн ичинде сандалып жүргөн убагында Кассий Кольхаун да көрүптүр.
Төртүнчүдөн, жалган индеецтер да ошол түнү көрүптүр. Эң акырында, Зеб Стумп ошондон кийинки
түнү көрүптүр.
Башка жерлерден, башка кырдаалда башы жок чабендести көргөн башка кишилер да болуптур;
мергенчилер. койчулар, жолоочулар көрүптүр. Ушул табышмактуу элес баарынын жүрөгүн түшүрүп,
анын эмне экенин баары биле албаптыр.
Бул жөнүндө Леонадагы сеттльментти эмес, андан ыраакы жерлерди да дүрбөлөң түшүргөн сөз болду.
Ошол башы жок чабендес жөнүндөгү кабар Рио-Гранденин жээк- терине жетип, Сабин көлүнө чейин
наркы өйүздүн баарына таралды.
Башы жок чабендести көргөндөрүнө эч ким шек кылган жок. Ишенбей коюуга болот беле? Ишенбей
шек саноо, эң кеминде, эки жүз кишинин көргөнүн тоотпой коюу менен барабар. Аны арбак деп
айтууга да болбойт. Ар кимиси өзүнө өзү берген бирден бир суроо: табияттын нечен кылымдар бою
келаткан законуна каршы чыккан бул таң каларлык окуяны кандай деп түшүнүүгө болот?
Аздыр-көптүр чынга, аздыр-көптүр сандырак сөзгө окшогон эң кеминде оп чакты божомол айтылды.
Кай бирөөлөрү индеецтердин ойлоп тапкан фокусу деп эсептеди, башкалары аны каракчы деп
ойлошту. Кайсы бирөөлөрү бу кадимки эле чабендес экен, бирок башын серапэнин астына жашырып
алыптыр, а алдындагы жолду көрүп атын башкаруу үчүн көзү көргөндөй кылып, серапэсин эки
жеринен тешип коюптур деп жоромолдошту. Башы жок чабендес анык шайтандын өзү экен деп
айткандар да болбой койгон жок.
Башка жоромолдор да болду, бирок алардын жоромолу атчан кишиге тиешелүү эмес, аны менен
өлтүрүлгөн жаш Пойндекстердин ортосундагы байланышка тиешелүү болду.
Ушул табышмактуу эки фактынын ортосунда сөзсүз байланыш бар деп көпчүлүк эсептеди. Бирок ал
байланыштарынын кандай экенин эч ким түшүнө алган жок. Ошол табышмактын сырын ача турган
киши алдастап жөөлүп жатты.
Ушундай чалды-куйду сөздөр менен бир жума өтүп кетти. Ошол убакыттын ичинде башы жок
чабендес прериядан улам көрүнө берди. Кээде ал чапкылап, кээде жай бастырып, кээде аты токтоп,
эки жагын элеңдеп карап, кээде Техастын от жериндеги ширелүү чөптө оттоп жүрдү.
Табышмактуу чабендестин жүргөнү ар кандай фантазиялуу, эч кандай негизи жок сөздөрдү туудурду.
Ошо болгон сөздөрдүн баарын эсептеп чыгууга мүмкүндүк эмес, эсептеп чыгуунун кажети да жок.
Бирок бир чын аңгемени айта кетүүгө болот, себеби, ушул укмуштуу тарыхта ал маанилүү орун ээлейт.
* * *
Прериянын арасында эч ким этибар кылбаган аралга окшобогон токой бар. Ошол бир топ дарак ары-
бери жагы болуп, үч-төрт акр жерди ээлейт.
Ошол кичине токойдон анчалык ыраак эмес жерде, эки жүз ярддай аралыкта алиги башы жок
чабендес минген ат камырабай оттоп жүрөт. Ким экени белгисиз киши, дагы эле аттын үстүнөн
түшпөйт. Аны кишилер биринчи жолу көргөн убактан тартып анын кийими да, атка отурган
кебетеси да эч кандай өзгөрбөгөн окшойт. Чаар-ала серапэси мурункудай эле ийнинен салаңдап,
көкүрөгүн жаап турат. Бутунда мурдагысындай эле ягуардын терисинен тигилген өтүгү бар.
Атын оттотууга оңой болсун дегенсип, ал ээрден бир аз эңкейип отурат. Атка тизгини да жолто
кылбайт — тизгини ушунчалык узун экен, аты тизгиндин бар, жок экенин такыр сезбейт.
213
1 ПРОЛОГ
Анын башын көрдүк деп ишендирген кишилер чын айткан болчу.
Алтындап саймаланган кара сомбреро менен жабылган башы чабендестин сол санында, бирок аны
сол жагынан караган киши гана көрө алат эле. Ээги тизесине тийип, кээде бети көрүнүп да калат.
Өңү сулуу болгону менен кийин адамдын жүрөгү түшкөндөй болуп кетиптир. Чала-була ачылып, эки
катар аппак кашка тиши арсайып, көгөрүп кеткен эриндери ыржайып калыптыр.
Буга чейин табышмактуу чабендес жалгыз жүрчү эле, эми анын жолдоштору бар. Артынан калбай
асылып, он чакты карышкыр дайыма жанында жүрөт.
Карышкырлар аттын көкөйүнө тийгенинде шек жок: карышкырлардын кай бирөө атка асылмакчы
болгондо, ат кошкуруп, тээп жиберет. Ийнине коно калчудай болуп айланып жүргөн кара жоруларды
капарына албаган сыяктуу, чабендес карышкырларды да капарына албайт.
Кээде камырабай ширелүү чөптү оттоп жүргөн, кээде карышкырлар менен жоруларды тыбырчылап
тепкилеген аттын үстүндөгү киши айланасындагынын баарына көңүл бурбай, аралдай болгон кичине
токойдун абасында жортуп жүрөт.
LXXIV глава
КАРМАЙ АЛБАЙ КАЛДЫ ==================
Карышкырлар менен жорулар ээрчиген башы жок чабендести кимдир бирөө көрдүбү?
— Ооба, көрдү.
Бир киши көрдү, бүткүл Техас боюнча ушул эч ким жандырмагың табалбаган жашырын сырды ошол
биринчи болуп түшүнө баштады.
Бирок ал үчүн али бардыгы ачык эмес эле. Башы жок чабендес каракчы да, иблис да эмес экенин ал
билген болучу, бирок башкалар сыяктуу эле, ал да коркуп жүрдү. Жыгачтын далдаасынан, аралдай
болгон токойдун четинен, ал башы жок чабендести карап турду, бирок ошол буйткадан чыккысы
келбегендей өңдөндү.
Коркконуна, эч кимге көрүнбөөгө тырышканына карабастан, ал тегеректин ичинде айланып жүргөн
чабендестен көзүн айырган жок, бирок токойдун четиндеги бир эле жерде тура берди, дал ошондой
радиуста турууга аны кандайдыр сыйкырданган күч аргасыз кылгандай өңдөндү.
«Атаны, шайтандын айбаны-ай! Эң жок дегенде жыйырма ярддай жакыныраак болсом, атып салат
элем. Эми атсам андан биротоло кол үзүп калышым мүмкүн».
Өзүнүн божомолдогонун дагы бир жолу текшерип көргүсү келгенсип, башы жок чабендестен өзүн
бөлүп турган аралыкты ал өз көзү менен өлчөп чыкты. Кичинекей мылтыгын кармап даярданып
турду.
— Атуунун кажаты жок, — деп кобурады ал. — Ок чаалыгып кайып, атты гана үркүтүп жиберет.
Аттын жакын келишин чыдап күтүп туруш керек. Ант ургурдун карышкырлары! Алар артынан
ээрчигенин коймоюнча, ат токойго жакын келбейт — техастык мустангдардын бардыгынын кылыгы
ушундай, арам өлгүрлөр! Алдап чакырсам, келбес бекен? Менин атымы көрсө, балким, үйүр тартып,
баякы жолкусундай келиши ыктымал. Ырас, ал жолу түнкү айдын жарыгында болгон эле, анда аттын
артынан арсылдап үрүп ит ээрчип жүрдү эле. Ким экени белгисиз неме үстүндө жүрүп, ат жапайы
болуп кеткендир. Андай болушу мүмкүн эмес…
Өзү менен өзү сүйлөшүп жаткан киши ушул сөздү айтары менен атын тык токтото койду. Жыгачтын
жалбырактарынын арасынан, жакшыраак көрөйүн дегендей эңкейип, ал токойдон окчундап
бараткан укмуштуу чабендести тигиле карап тура берди.
214
1 ПРОЛОГ
Бул ошонун аты экен, андай экендигинде; шек жок эр да, серапэ да — баары ошонуку экен. Мунун
баарын башкага кандай жин-пери бериши мүмкүн? Фокуспу, жокпу, иши кылып, ким кылса да бул
ыплас иш. Ошо түнү эне болгонун ушу киши бүт билүүгө тийиш. Менден акмак киши жок! Мындай
нерсеге кантип мактанууга болот!.. Дал асылып өлгөн кишидей, чын эле кара жолтой болдум!.. Такыр
жакын жолобойт. Ал токойдон коркот экен. Эмне кылсам? Балким, адамдын үнүн угуп, ат үйүрсүнүшү
мүмкүн. Ал жыйырма эле ярддай жерге жакын келсе, абдан ыраазы болот элем. Сынап көрүш керек.
Токойлуу бадалдын четине чукулураак бастырып келип, а киши берки атты чакыра баштады.
— Бери кел, акылдуу жаныбар! Бери кел! Жакшы ат экенсиң!
Бекер эле чакырыптыр — ат жакын келмек тургай, мурдагысынан бетер үркүп кетти. Оозундагы чөбүн
таштап жиберип, башын чулгуп алып, кошкуруп жиберди. Койоттор менен жорулардан да анын
добушу атты көбүрөөк чочутту.
Адамдын жакын экенин сезе коюп, ат прериянын кеңири талаасы менен чымын-куюн болуп жөнөдү.
Колунан чыгып кеткен олжону каргап-шилеп, көңүлү сууган уучу ачык жерге чыкты.
Курулай ызырынып, кекенип аткан огу мээлеген жерине жеткен жок, башы жок чабендес ыраак узап
кетти.
LXXV глава
ИЗИНЕ ТҮШКӨНДӨ ==============
Таканын изин тапкан жерине Зеб Стумп көп токтогон жок. Ал ордунан турду да, изди кууй баштады.
Өзү жөө басып отурду. Картаң бээси буйдалбай артынан окчунураак басып келатты.
Таканын изи начарыраак байкалган жерге келгенде жайыраак басып, таканын изи даанараак
көрүнгөн жерде ылдамыраак адымдап, Зеб бир милядан ашыгыраак жол жүрдү. Өзүнүн изилдөөсүнө
бүтүндөй берилип кеткен мергенчи айланасынан эч нерсе байкабагандай сыяктанды. Учу-кыйырына
көз жетпеген саваннага, айланасындагы саймалуу килем менен төшөлгөндөй жерге ал маашыр
болгон жок; төбөсүндөгү түпсүз, чексиз көпкөк асманга, да караган жок. Таманынын астындагы көк
чөпкө тигиле карап жүрүп отурду.
Байкоостон угулган добуштан Зеб эки жагын карап койду. Ал ыраактан угулган мылтыктын үнү эле.
Зеб токтой калып, башын көтөрдү, бирок боюн жазып кайкайган жок. Картаң мергенчи горизонтту
кыдырата карап чыкты. Дагы эле тоголок шардай болуп, көгөргөн түтүн дал аралдай болгон токойдун
үстүндөгү көгөргөн асманды көздөй жай көтөрүлүп бараткан эле. Токойдун карарган тилкеси,
мылтыктын тарс эткен үнү ушунчалык ачык эмес эле, мергенчинин тажрыйбалуу көзү, сак кулагы
гана андай таасирди кабыл алат болучу. Бирок Зеб мылтыктын түтүнүн көрүп, тарс дегенин укту.
— Шумдук! — деп кобурады ал огороддо капустанын көчөтүн отургузуп жаткан кишиче эңкейип
туруп. — Шумдук, мындан ашык сөздү да табалбайсың. Мындай жерде аң уулап чыгуу кимдин оюна
келип жүрөт? Аерде эч кандай илбээсин жок. Бир атым дарыңы да актай албайсың. Койоттон башка,
анда кыбыр эткен жан жок… А-а! — деп жиберди ал бирпас унчукпай туруп. — Өздөрү айткандай
«экскурсияга» кеткен шаардык соодагерлердин бири болсо керек; тиги кан ичер койотторду кубалап,
анан карышкырды атканы бардым эле деп мактанмак. Мейли — анын мага тиешеси жок… Токто!
Бул келаткан ким? Бирөө келатат окшойт! Ысык айрыны колуна алып, мин сандап келаткан
шайтандардан качкан эмече, атын сабалап келаткан экен. Кудай урсун, бул жанагы башы жок эме
болуу керек! Ошонун өзү!
Картаң мергенчинин айтканы ырас эле. Аны көздөй башы жок чабендес зыркыратып келатты.
Техастын жеринен картаң мергенчиден жүрөктүү кишини табуу кыйын эле. Ал ягуар менен
да, кугуар менен да, аюу менен да беттешкенден коркчу эмес; ал мыкаачылардан да коркпой
215
1 ПРОЛОГ
турган. Команчалардын бүтүндөй бир полкуна жолугушуп калса да, калтаарбайт болучу. бирок бул
башы жок чабендести көргөндө, шашып калды. Жапайы табияттын шартында жүрүп такшалган,
ушу даанышман окутуучунун дасыккан шакирти, Зеб Стумптун ырым-жырымдан анча-мынча
корко турган жагы бар эле. Анын коркуп кеткени мындай турсун, үрөйү учканынан калчылдап,
жашынгандай жер издей баштады.
Жакын жердеги бадал ага буйтка болду. Ээр-токуму бар бээ ээсинин ошерде экенин билгизип коёт эле.
Бир Зеб андай болушун да алдан билген болучу.
— Жат! — деп кыйкырды ал, өзүнүн тилин жакшы түшүнгөн ишеничтүү төрт аяк досуна кайрылып.
— Жерге лып жата кой, болбосо тозоктун отуна түшүп кетесиң!
Кожоюнунун дүмөктүү үнүнөн корккон бээ, адегенде алдыңкы эки буту менен чөгөлөп, анан арткы
бутун жыйып, эс алмакчы болгонсуп көк чөпкө жата калды.
Зеб бээси экөө жашырынып үлгүрөр замат, алардын жанынан табышмактуу чабендес чапкылап өтүп
кетти.
Ал зыркырап баратты, токтолоюн деген ою да жоктой сыяктанды, анын ошенткенине Зеб абдан
кубанды.
Зеб өзүнүн буктурмасынан чөгөлөп, аны тигиле карап турду.
Зеб жашынган бадалга ат жанаша түшкөндө, башы жок чабендестин серапэсинин этегин шамал
ачып кетти. Этегинин астынан мергенчи өзүнө жакшы тааныш костюмду көрүп калды. Ал төшүндө
бүйүрмөсү бар, көк кездемеде тигилген блуза эле. Көк көйнөктөн катып калган кандын кара тагы
ачык көрүндү.
Зеб Стумп ойлонуп калды. Ат, ээр-токум, чаар ала серапэ, көк блуза, ошондой эле шым, кала берсе,
башындагы калпак да — мына ушунун баары мергенчиге таанымал эле.
Картаң мергенчи узап бараткан чабендести сөз менен да, кыймыл менен да токтотууга эч кандай
аракет кылган жок, бул чабендестин ким экенин ал эми жакшы билди.
— Иосафат! Чын экен… Бечара жигит! Опат болгон экен!
LXXVI глава
БОРДУУ ПРЕРИЯДА ТАПТЫРБАЙ КЕТТИ ===============================
Зеб Стумп алыстап бараткан чабендести өзүнүн буктурмасынан көпкө чейин карап турду. Ал акация
өскөн кичирээк токойдун арасына кирип, көрүнбөй калганда гана картаң мергенчи өйдө туруп, боюн
жазды.
Ушул таң калаарлык, күтүлбөгөн эпизод анын оюн чалды-куйду кылып жиберди. Сынган таканын
изин кубалап, дагы нары баруу керекпи, же жанагы ат зыркырап кеткен тарапты жакшылап кароо
үчүн из кууганын таштоо керекпи?
Атылган мылтыктын түтүнү чыккан жакты көздөй бурулуп, мергенчи өзүн көгөргөн акациянын
астына дагы
жашырынууга аргасыз кылган, дагы бир нерсени байкай койду.
Бу жолу Зеб эки ийнинде башы бар, кадимкидей эле атчан келаткан чабендести көрө койду,
Чабендес эңкейип алып, өзүнүн аты бараткан тараптагы жалгыз аяк жолду үңүлө карап келатты.
А кишинин эмне менен алек болуп баратканын ажыратып билүү кыйын эмес эле: белгисиз киши
башы жок чабендестин изин кууп бараткан болучу.
216
1 ПРОЛОГ
— Ах, ушундай беле! — деп күбүрөдү Зеб. — Бул табышмактын жандырмагын тапкысы келген жалгыз
эле мен эмес турбайымбы. Менден башка дагы ким тапмакчы болду экен?
Зебге көпкө чейин божомолдоп турууга туура келген жок. Ат текирең-таскак менен катуу келаткан
эле; чабандес абдан чукул келип калгандыктан, мергенчи анын ким экенин кыйналбай-этпей эле
ажырата койду.
— Иосафат! — деп кобурады Зеб. — Бу жөнүндө мурун кандайча оюма келген жок. Эгерде
жаңылышпасам, мага бардык далилдерди табууга жардам бергендей экинчи китептин дагы бир
буга байланыштуу жаңы главасы так ушундай башталат экен. Былк этпей жат, айбаным! Кичине эле
кыймылдай турган болсоң, тамагыңдан мууздап салам!
Бээсине ушинтип кайрылгандан кийин Зеб башын көгөргөн акацияга далдалап, турган жеринде
катып калды. Ал жакындап келаткан чабендести ынтаа коюп карап турду.
Келаткан — Кассий Кольхаун эле.
Капитан куралдуу болсо да, аны менен беттешүүдөн картаң мергенчи корккон жок. Алдындагы ачык
талаада эмне болуп жатканын жакшыраак көрүү үчүн гана Зеб жыгачтын көлөкөсүнө жашынып
турду.
Башы жок чабендестин изин үңүлө карап, Кольхаун беркинин жанынан өтүп кетти.
Биринчи чабендес көрүнбөй калган токойдун арасына капитан кирип кеткенче, Зеб Стумп андан
көзүн айырбай тура берди.
* * *
Эгерде мурун Зеб Стумпта башы жок чабендестин изин кууш үчүн негиз болсо, эми андай кылуу андан
бетер керек болду.
Бир аз ойлонуп туруп, ал ыргылжың болгонун таштады.
Бөтөнчө машакаттанып турууга туура келген жок, Зеб Стумп тизгинин алып, картаң бээсин күп дегизе
капталга бир тепти эле, бээси ошол замат ордунан тура калды.
Мергенчи бадалдын далдаасынан чыгып, Кассий Кольхаун жаңы эле өтүп кеткен жалгыз аяк жол
менен жөнөп калды.
* * *
Эки чабендес көрүнбөй калган акациялуу кичинекей токойду айланып өтүп, мергенчи андан ары
бордуу прерияны, аны менен башы жок чабендес гана кеткенин көрдү.
Анчалык ыраак эмес жерден Зеб капитанды көрө койду. Чил издеп аңызда ары бери жортуп жүргөн
мадыл сыяктуу, Кольхаун бир эле жерде карбаластап жүрдү. Капитан изден адашып калып, эми ошол
изди табууга аракет кылган эле.
Акациянын далдасы менен мергенчи уурданып, Кольхаундун ар бир кыймылын карап турду.
Ошол эле жерди кыдырып чыгып, капитан өзүнүн оюнан айнымакчы болгондой сыяктанды. Ачуусу
келгенинен атын күп дегизе бир теминип Леона жакты көздөй жөнөдү.
Кольхаун көрүнбөй калары менен Зеб өзүнүн өнөрүн сынап көрмөкчү болду. Бирок тажрыйбасынын
чоң экенине карабастан, ал оюнан айнууга аргасыз болду.
Күн мээ кайнатып, чоктой ысыган бордуу прериядан көз уялып карыгат. Кескелдириктен башка эч
ким мындай жарыкта көрө албас эле.
217
1 ПРОЛОГ
Эч кандай арга калган жок да, картаң мергенчи кайра тартып, жаңы эле өзү изилдей баштаган изди
кайра куумакчы болду.
Эми эмгегинин текке кетпей турганына, дагы жаны көп нерселерди табарына ал толук ишенди.
Көп узабай эле Зеб Стумп мурунку жерине кайра келди.
Убактысын текке кетирип турбастан, ал алга карай шыпылдап жөө басты. Бээси мурункусундай эле
артынан ээрчип отурду.
Зеб бир гана жолу — өзү бая көрүп кеткен эки аттын изи кошулган жерге токтолду. Кээде ошол эки из
бөлүнүп, бир-биринен жыйырма ярддай аралыкта тушма-туш жүрүп отуруп, кайра бирин-бири басып
өттү.
Бардык аттын такасы бар экен. Изди жакшылап кароо үчүн, мергенчи токтой калды. Үч аттын бирөө
америкалык жылкынын тукумунан, экинчиси чоң мустанг экени ага ачык болду; мустангдын изи
куду америкалык аттыкындай экен десе да болот.
Америкалык ат мустангдын артынан басыптыр. Такасы сынган ат эң артта жүргөн экен.
Үч ат тең бир эле жол менен, жалгыздан удаа өтүптүр, Термометрдин шкаласындагы сандарды окуган
киши сыңары, Зеб Стумп ошондой экенин оңой эле көзү жеткендей ажырата койду.
— Жакшы, — деди да Зеб ыраазы болгон эмече илгерилеп жөнөдү.
Картаң бээси шашпай, артынан ээрчип отурду.
— Мына бул жерден бөлүнүшүп кетиптир, — деди мергенчи дагы токтой калып, таман астындагы
жерди жакшылап караштырып. — Мустанг менен америкалык ат бирге жүргөн экен — менин
айтайын дегеним бир эле: жалгыз аяк жол менен кетишиптир. Такасы сынган ат башка тарапты
көздөй бурулуптур. Эмне үчүн бурулганын билсем, кызык болор эле? Мындай чаташкан издерди
өмүрүмдө эч качан көргөн эмесмин. Бул издердин кайсынысын биринчи болуп кубалашым керек?
Эгерде тиги изди кубалабасам, алардын кайда барарын алдынан эле билип турам. Бул эки из баягы
кан уюган жерге барышы керек. Кана, үчүнчү из кайда кетти экен, көрөлүчү… Оңго бурул, картаңым,
менден ыраак калсаң, адашып кетип, казыңа койоттор тоёт!
Картаң бээсине ушинтип кайрылгандан кийин мергенчи үчүнчү аттын изин көздөй бурулду.
Ал из баягы үч из чаташкан жердеги бадалды бойлоп жүрүп отурду.
Алды жакта аллеяга окшогон, окуучуларга жакшы белгилүү, токою кесилген тилке бар эле. Такасы
сынган ат четке бурулуп, чытырман токойду көздөй кетиптир. Ошерден, токойдун четинен элүү
кадамдай бери жактан ат байланган жерди тапты. Ал мындан ары кетпөө керек, жалгыз аяк башка
жол менен болсо да, прерияны көздөй кайра кеткен из ушерден башталышы керек деп тыянак
чыгарды Зеб.
Атынын такасы сынган чабендес бадалдын ыраак жерине жөө кетиптир. Ат байланган жердеги
соолуп калган булактын жанындагы баткактуу жерден жөө кишинин изи даана көрүндү.
Ошол эле «атканада» картаң бээсин калтырып, мергенчи жөө кишинин изи менен басты.
Көп узабай эле, ал эки киши болгонун: бирөө алга кетип, экинчиси кайра тартканын биле койду. Зеб
биринчи кишинин изин кууп басты. Баягы кан уюган жерден анчалык алыс эмес аллеяга ошол издин
барарын көргөндө, ал такыр таң калгам да жок. Эми аерде кан жок эле — аны койоттор небак ######
таштаган.
Зеб дагы бир абдан кызык нерсе тапты. Калың бадалдын арасынан ал бир киши көпкө чейин
тургандай болгон жерди байкай койду. Ал жердин чөбү жок экен, борпоң жер өтүктүн же ботинканын
такасы баскандай тапталып калыптыр.
218
1 ПРОЛОГ
Ошол такалардын изи ошерден кан уюган жакты көздөй кетиптир — бири ошо жакты көздөй кетип,
экинчиси кайра келиптир. Ошол окуялуу эки жердин ортосундагы бутактан, Зеб өзүнөн мурда
келген көп чалгынчылар, из куучулардын жол башчысы Спенглер табалбаган нерсени тапты. Ал
карайып, жарым-жартылай күйүп калган, сыягы патронго тыгын койгонсуган кагаз эле. Кагаз лоскут
жыгачынын бутагына илинип калыптыр.
Картаң мергенчи бутактан кагазды ала койду, кагазды аерге шамал учуруп барган окшоду; кагазды
мергенчи калдайган алаканына жазып карады. Бырышып-тырышып, чала күйгөн кагазда өзүнө
жакшы тааныш кишинин аты — инициалы, чини жазылган: «К. К. К» деген үч тамга бар экен.

#65 09 June 2017 - 18:56
LXXVII глава
ДАГЫ БИР ИЛИНЧЕК ================
Ошол документти изилдегенде, Зебдин иреңи таң калганынан да, көбүрөөк ыраазы болгонсуп кетти.
— Бул конверттин айрыгы экен, — деп кобурады Зеб Стумп. — Бул кагазда көп сыр бар экен. Жазган
каттан да мындан көбүрөөк нерсе табылууга мүмкүн. Тыгын катарында пайдаланылыптыр. Бугунун
майланган бир тилим терисин пайдалануунун ордуна, ушундай болор-болбос нерсени кандай
пайдалануу керек экенин мындан ары биле жүрөр. Бул тамгаларды аял жазган экен — деп, кагазды
карап, ал дагы сөзүн улантты. — Аялдын жазганы эчтеке эмес. Тигиге карата жазылган экен, демек
ошого таандык. Катып коюу керек!
Ушинтип айтаары менен картаң мергенчи оттугун салып жүрчү кисесин алып чыкты да, табылган
кагазды бүктөп ага салып койду.
— Болуптур, Зебулон Стумп карыя, — деп Зеб Стумп Дагы өзү менен өзү сүйлөшө кетти, — бул
табышмактуу баш катырмадан сен көп нерсени биле тургандай өңдөнөсүң. Азырынча дагы ачык
эмес, бул окуядан белгисиз калган
жерлер бар, бирок ал эчтеке эмес. Ким болсо да өлгөн киши жанагы кан уюган жерде болгон болуу
керек. Ким болсо да, өлтүргөн киши лоскут дарагынын далдаасында турган болуу керек. Жанагы боз
баштар иштин жөнүн бузбаса, дагы кошумча бир топ нерсе табармын. Эми башкача кылууга болбойт
— издин баары аябай чаташып кетиптир. Бул багыт менен дагы илгерилеп баруунун кажаты жок. Эгер
мүмкүнчүлүк болсо, ушул из менен эми кайра барын, атынын такасы сынган киши ан уулагандан
кийин каякка кеткенин билүү жакшыраак болор. Эмесе, Стумп карыя, сага өтүктүн изин кубалоого
туура келет.
Ошентип картаң мергенчи кылмышкердин кайда кеткен жолун издегени жөнөдү. Бир-эки жерден
гана жөө баскан кишинин изин ажыратууга мүмкүн болду. Бирок ошол калтырган киши акыр
аягында ат байланган жерге бара турганын ал андан мурун эле билген болучу.
Зеб жөө кеткен кишинин изин убактысынча калтырды да, кайра бурулуп, талаага чыкты. Ага дагы
анча-мынча нерсени ажыратып билиш керек эле.
Зеб Стумп көп узабай эле, апачык, бирок бүтүндөй башкача издерди байкай койду. Ал — талаанын
бир тарабынан кирип, экинчи тарабынан чыгып, жакшы тапталган жалгыз аяк жол эле. Бул
жырткычтардын жүргөн жолу экени Зебге ачык болду.
Зеб талаадан кетмекчи болуп бурулду да, кайра токтой калды.
— Бул изди таштап кеткеним абдан өкүнүчтүү болор эле, бирок убактым аз калды. Шайтан
баскырдыкы, ошондой болсо да, бир аз баса түшөйүн! Картаң бээм мен кайра келгенче күтө
турсун.
Ошентип, Зеб Спенглер баштаган отряддын чабендестери өткөн, жапайы дарактардын арасындагы
жалгыз аяк жолу менен жөнөдү.
219
1 ПРОЛОГ
Бир жерге жеткенде Зеб Стумп токтоп калды. Ал майда таштуу, бүтүндөй чөп чыкпаган кумдак жер
эле.
Бутактары туурасынан өскөн килейген дарак ошол жерден заңкайып көрүнүп турду. Бутактардын
бири жалгыз аяк жолдун үстүнө ушунчалык жапыз өскөн экен, эңкеймейинче атчан кишиге өтүү
мүмкүн эмес окшоду. Зеб Стумп жакшылап карай баштады. Ал бир бутактын кабыгы сыйрылып
калганын байкай койду. Кабыктын сыйрылганы анчалык чоң болбосо да, ал кандайдыр бир катуу
нерсеге тийгени ачык эле.
— Бул бутактын кабыгын адамдын башы сыйырган окшойт, — деди мергенчи, — болгондо да атчан
кишинин башы
тийген экен. Мындай катуу урунган киши ээрден жыгылып түшпөй койгон жок… Ура! — деп
кыйкырып жиберди ал кыйраткан эмече. — Дал ушундай го деп ойлодум эле. Мына анын жыгылып
түшкөн жердеги изи. А мына бу жерден боортоктоп жылып өткөн экен. Жанагы табышмактуу шишик
кайдан пайда болгонун эми түшүндүм. Жырткычтын тырмагынан болбогонун билдим эле! Ташка
жыгылып, шишитип алганга да окшош эмес.
Кубанганынан өңү жадырап-жайнап, Зеб жыгач өскөн жерди таштады да, айбандар өткөн жалгыз аяк
жол менен эмес, ошол катуу жыгылган кишинин изин көздөй шыпылдай баса баштады.
Зеб, балким, кадыресе көзгө түшүнүксүз, бирок өзү үчүн жол боюндагы зым карагайларга жазылган
жазуудай дапдаана көрсөтмөнү ээрчип отурду. Четке майрыйып калган бутак, сойлоп өскөн
өсүмдүктөрдүн мурутчаларынын сынып калганы, жердин уйпаланган бети — мына ушунун баары
биерден киши өткөндүгү жөнүндө ачык сүйлөп турду.
Ошентип бечара жигиттин изи булактын жээгине барып жеткенин көргөнчө Зеб Стумп жүрүп отурду.
Окуянын үзүлгөн бир учугу кайра табылды. Дагы бир аздан кийин табышмактуу сыр бүтүндөй
ачылмак.
LXXVIII глава
АТ АЛМАШТЫРУУ ==============
Кольхаун каргап-шилеп, башы жок чабендестин изи жоголгон жерден бордуу прерияны таштап,
атынын башын бурду.
«Эми дагы нары баруунун эч кандай кажаты жок. Анын кайда кеткени эч кимге белгисиз. Өзөн сууну
көздөй барсам, балким, ага дагы жолугушармын. Мага эмне керек экенин билгенсип, мустангердин
жанагы шайтан айгыры мени жакын жолотпойт. Жазбай бир атсам, анын сайрандап жүргөнү бүтөр
эле. Мустангды кууп жеткидей бир күлүк ат тапсам, канча сураса да аябас элем. Ырас эле сеттльментте
ошондой күлүк ат жокпу? Сураштырып билүү керек — эки жүз, үч жүз доллар болсо да мейли!»
Ошентип ой жүгүртүп, капитан бордуу прерияны таштады да, арыган атын аябастан, ылдамдап жүрө
баштады. Касадель-Корвонун плантацияларына барып кошулган кичине токойго жарым саат өтө
электе кирип барды.
Ал Кольхаунга абдан белгилүү, жалгыз аяк жол эле мурда башка ат минип жүргөнүндө да ал ошерден
нечен жолу өткөн болучу.
Соолуп калган сайдан өтөөр менен, суунун нугундагы ылайдан, башка бир аттын изин көрө коюп, ал
абдан таң калды. Бири такасы сынган аттын туягынын изи экен. Ал из ошерден жети-сегиз күн мурда
өткөн кишинин эски изи- не окшоду. Бирок Кольхаун анын качан өткөнүн так аныктоо үчүн токтогон
жок. Ал кайсы күнү болгонун гана эмес, кайсы саатта болгонун да жакшы билчү эле.
Изди караганы ал башка себеп менен эңкейди. Тан калган сезимине ырым-жырымдан коркуу сезими
аралашып кетти. Ал из мурунку күнү эле кеткен кишинин изиндей көрүндү. Бирок андан бери
220
1 ПРОЛОГ
жамгыр жаап кара бороон болбоду беле. Кала берсе, табияттын катаал капсаланы да изди өчүрүп
кете алган эмес экен.
Кольхаун изди өчүрмөкчү болуп, атынан түштү. Ошентип убара болбосо, ал үчүн дагы жакшыраак
болот эле, Каткан ылайда калган өтүктүн такасынын изи, бир такасы сынык ат менен ким өткөнүн
көрсөткөн далил болду.
А эч нерсени жаздым жибербей турган киши артынан жакындап калды.
Экс-капитан атына дагы минди. Ал өзүнүн аркы-беркини бат биле койгонуна маашыр болду. Бирок
жагымдуу ою ошо замат жок болуп кетти, өзүнүн атынын эмес, башка аттын дүбүртү угулду.
Ал кылчайып карап, бадалдын ары жагынан эч кимди көргөн жок. Дүбүрт жакындагандан жакындай
берди. Бир калыпта угулган дүбүрттөн улам, атчан киши келатат го деп божомолдоого болот эле.
Дагы бирпастан кийин адегенде боз ат, анан анын үстүнөн Исидора Коварубио де-лос-Ланос көрүндү.
Беркини кыз да ошол замат көрө койду.
Өзү жек көргөн кызга Кольхаундун ашык болуп жүргөнүн Исидора билчү эле. Жек көргөнү мындай
турсун, өзү өлтүрмөкчү болуп жүргөн кишисине Исидоранын ашык болгонун Кольхаун да билчү.
Экөө тең ушул кезигишүүдөн оолак болууну каалагандай көрүндү. Жанынан өтүп баратып, Исидора
баш ийкеп саламдашуу менен гана тим болот эле, деги андан кемирээк назар салуу кыйыныраак го.
Кольхаун да ошенте өңдөндү. Бирок өзүнүн оюн бүтүндөй өзгөртүп жиберген бир пикир күтпөгөн
жерден Кольхаундун эсине келе калды. Кольхаун тизгинин тартып, мексикалык кыздын жолун
тороп, фуражкасын алды да, сылыктык кылып эңкейип сүйлөшө кетти,
Айла жоктон Исидора да баш ийүүгө аргасыз болду.
— Айып көрбөңүз, сеньорита, — деди Кольхаун. — Атаганат, сиз үчүн бүтүндөй жат киши менин
ушинтип сизди токтотконум адептүүлүк эмес экенин жакшы билем.
— Кечирим сурабай эле коюңуз, сеньор. Экөөбүз жаңылбасам, Нуэсеске жакын жердеги прериядан
жолугушсак керек эле.
— Ооба, ырас айтасыз, — деди Кольхаун мукактанып: ошол жөнүндө эсине түшүргөндү такыр
каалаган жок. — Ал жөнүндө эмес, жардын бою менен чапкылап өткөнүңүз- дөн кийин сиз менен
эмне болгонуңуз жөнүндө сүйлөшкүм келди эле. Капылеттен жок болуп кеткениңизге баарыбыз
айран-таң калганбыз.
— Таң калгыдай анын эмнеси бар, кавальеро? Силердин бирөөңөр аткан ок мени куугунтуктагандардан
куткарган болучу. Алардын кайра тартканын көрүп, токтобой келе бергем.
— Сиздин капылестен жок болуп кеткениңизге таң калгандардын бири мен элем деп жаткан
жерим жок, сеньорита. Ал жөнүндө сиздин өзүңүзчө пикириңиз болушу керек. Чабендестигиңиз
баарыбызды бөтөнчө таң калтырды. Атыңыз да сонун болучу! Ал жөн эле учуп бараткандай көрүнгөн
эле. Жаңылбасам, азыр да ошол атты минген окшойсуз. Ушундай болор-болбос нерсе жөнүндө
сураштырып жатканым үчүн айып көрбөңүз.
— Эстөөгө уруксат этиңиз… Менин минчү аттарым көп. Ырас, ошондо мингеним ушул ат экен. Ооба,
ушул болучу. Бу аттын мага чыккынчылык кылганы эсиме түштү.
— Чыккынчылык кылганы? Кандайча?
— Бул ат мага эки жолу чыккынчылык кылды. Биринчи жолу силердин отрядыңар жакындап
калганда. Экинчи жолу индеецтер бадалды аралап аңдып келишкенде — тобо, алар эмес экен деп
мага кийин айтышты!
221
1 ПРОЛОГ
— Ат сизге кандайча чыккынчылык кылды?
— Кишенеп жиберген. Жакшы үйрөтүлгөн ат эч качан кишенебейт. Бирок эчтеке эмес. Рио-Грандеге
барарым менен бул атты таштайм. Жайытына кайта кете берсин!
— Коюңузчу, сеньорита! Балким, бу жөнүндө айтканым чеки болгондур, бирок, менимче, анткениңиз
туура болбос.
— Эмне туура болбос?
— Болор-болбос нерсе үчүн мындай сонун аттан баш тартуу туура эмес. Ушундай атка ээ болуу үчүн
сараңдык кылбас элем.
— Тамашаны койсоңузчу, кавальеро! Мунун эмне бөтөнчөлүгү бар? Башка аттардан анча-мынча
сулуураак, күлүгүрөөк гана жайы бар. Менин атамдын мындай жылкысы беш миң; ошондой көп
жылкынын мындан сулуураагы да, күлүгүрөөгү да аз эмес. Алыска санар чегүү үчүн чыдамдуу жакшы
экени ырас, ошондуктан, азыр ушуну минип жүрөм, — Рио-Грандедеги үйүмө кетип баратам, Эгерде
ошонум болбосо, бул атты алсам деп эңсегендер. дин кимисине болсо да, жан-дилим менен берер элем.
— Кечириңиз мени, сеньорита, — деди Кольхаун иштен чолоосу тийбеген эме өңдөнүп, бирок үнүн
анчалык батынбагандай чыгарды: — Эгерде бул боз атыңызды ошончолук эле кем бааласаңыз, мен
жан-дилим менен ат алмашар элем. Менин атым сиздикиндей сулуу эмес. Бирок бул ат сизди
үйүңүзгө аман-эсен жеткирерине, андан кийин да сизге жакшы кызмат кыларына ийменбей убада
бере алам.
— Ырас элеби, сеньор? — деп жиберди Исидора таң калганын жашырбай. — Өзүңүздүн америкалык
жакшынакай атыңызды мексиканын мустангына алмашасызбы? Сиздин бул айтканыңыз ашкан
айкөлдүк, бул сунушуңуз өн эле тамаша кылып жаткандай көрүнөт. Билесизби, Рио-Грандеде сиздин
бул атыңыз үчүн үч, а түгүл алты мустанг бериши да мүмкүн!
Ошондой экенин Кольхаун билчү эле. Бирок ошону менен катар күлүк мустанг өзүнүн атындай
дардайган тобурчактардын он чактысынан керегирээк экенине да шек кылган жок. Өзүнүн тоң моюн
атын гана эмес, прериянын беркидей кулуну үчүн капитан акчаны канча сураса да берүүдөн качпайт
эле.
— Эгер бул айтканыңыз чын болсо, сеньор, — деди Исидора дагы эле шек санап, — андай болсо,
өзүңүзгө керек атты ала коюңуз.
— Бүтүндөй чын айтам, сеньорита.
— Андай болсо, алыңыз, — деди Исидора, атынан ыргып түшүп, басмайылын чече баштап. — Ээрди
алмашууга болбойт: сиздин ээриңиз мен үчүн бир аз чоңдук кылар.
Кольхаун ыракмат айтуу үчүн сөз табалбай, абдан кубанып кетти. Ал кызга ээрин алууга жардам
бергенче шашты. Кыздын ээрин алгандан кийин өзүнүкүн алды.
Беш минута өтө элек жатып, ат алмаштырышты. Ээри менен жүгөнү ар кожоюндун өзүндө калды
Исидорага ушунун баары дагы эле абдан кызык сыяктанды. Күлкүсүн зорго токтотуп турду.
Бул ишке Кольхаун бүтүндөй башкача карады, анын көздөгөн олуттуу максаты бар эле. Айрыкча
кобурап сүйлөшүп турбастан, демейдеги эле «кошуңуз» деген сөздү айтып, экөө эки жакка жөнөп
кетти, Исидора америкалык атка минип кетти, а капитан боз мустангды минип, Каса дель-Корво
гасиендасын көздөй дагы жөнөдү.
LXXIX глава
ТАЛЫКПАГАН ИЗ КУБАР ===================
222
1 ПРОЛОГ
Зеб бээси байлануу турган жерге тез эле кайра келди. Бадалдуу токойду коёндун жатагына чейин
жакшы билчү, ошондуктан ал төтө жолду тандады.
Бул из Каса-дель-Корвого алып барат деп толук ишенип, ал такасы сынык аттын изин кайра кууп
жөнөдү.
Ошол из аны Инж фортуна кайра кеткен Рио-Грандедеги кайчылаш жолдордун бири менен ээрчитип
отурду. Ал жолдун кеңдиги жарым миляга жакын эле; такасы сынык ат да ошол жолдун жээги
менен жүрүп отурган экен, Бирок Инж фортуна төрт-беш миля калганда, жол күтпөгөн жерден тике
бурулуп кетти; эгерде андан тике сызык сызса, ал жол тике эле Пойндекстердин плантациясына алып
барат болучу. Ошондой экендигине көзү жеткендиктен, Зеб эңкейип карабай, өзүн бирөө жетелеп
бараткансып, ылдам жүрүп отурду.
Зеб атчан жүргөндү жаман көргөн киши болсо да, бу жолу аттан түшпөй, сапарын бүтүрүүдөн
тартынган жок, прерия менен бадалдуу токойду аралап, көпкө чейин жүрүү аны аябай чарчатты.
Анда-санда гана ал изге көз чаптырып коюп келатты, бирок такасы сынык аттын изи менен
баратканына ишенүү үчүн эмес, ошол из багыттан тышкары дагы бирдеме билгизеби деген үмүт
менен ошентти.
Прерияда кай бир жерлер абдан катып калгандыктан, аттын изи кээде такыр көрүнгөн жок. Саякатчы
ошерден биринчи жолу баратам го деп ойлошу да мүмкүн эле. Дыңсоо жерге чыкканда, прериянын
былпылдаган жумшак жеринен издин дагы кайра көрүнөрүн Зеб Стумп билген болучу.
Көзү жетип турса да, этияттык менен, Пойндекстердин плантациясына мергенчи жакындап калды.
Акациялардын чокусунан азотеянын аркайган периласы көрүндү. Жолдон бирдемени байкай коюп,
Зеб күтпөгөн жерден токтой калды. Ал атынан ыргып түшүп, тизгинин атынын мойнуна таштады да,
жөө басты. Кожоюнунун ушундай күтпөгөн жерде кераяктык кылганын нечен жолу көргөнсүп, бээси
артынан ээрчип отурду.
Эмне себептен Зебдин капысынан атынан ыргып түшкөнүн аныктоо — такшалбаган кишиге кыйын.
Адамдын да, айбандын да аягы баспаган жерге келгенде ал атынан түштү. Эмне себептен экенин
Зебдин бир ооз сөзүнөн эле түшүнүүгө болот.
— Анын үйгө кайра келгендеги изи турбайбы, — деп жиберди картаң мергенчи үнүн акырын чыгарып.
Ошондон кийин гана мергенчи ашыкпай изди жөө кууп олтурду.
Көп узабай эле из токойдун ичине келип кирди. Өзү да, бээси да такыр өтө албай тургандай тикенектүү
бадалга такалгансып, дагы бир нече минутадан кийин ал күтпөгөн жерден токтой калды.
Бирок анын алдында баягы эле жалгыз аяк жол бар болучу. Ошол жол төмөндөп, кээ жеринде гана
көлчүк бар, суусу бүтүндөй соолоюн деп калган сай ачык көрүнгөн өрөөнгө түшүүчү эле. .
Ошол кургап калган сайда бир киши, анын артында бир ат турган экен.
Аттын турушунда шек санагандай эч нерсе жок эле, ал жөө бараткан кожоюнунун артынан жөн эле
басып келатты.
Бирок ал киши эмне кылып жүрөт? Анын кыймылы кандайдыр таң каларлык болуп көрүндү, эч
нерседен кабары жок карап турган киши аны көрүп, абдан аң-таң калар эле.
Бирок Зеб Стумп таң калган жок, таң калса да, бир эле секундага таң калгандыр. Ошол кишинин эмне
кылмакчы болгонун ал дароо эле түшүнө койду да, ичинен мындай деп кобурады:
— Сынган таканын изин жок кылып жатат, же жок кылмакчы болот. Аныңыздан эч нерсе чыкпайт,
мистер Кольхаун. Өзүңүздөн кийин бутуңуздун мындан тереңирээк изин калтырасыз. Мени алдай
албайсың. Тозоктун отуна алып барса да, эми мен ушул жол менен жүрөрүмдө шек жок, кудай урсун!
223
1 ПРОЛОГ
Мергенчи сөзүн бүткөндөн кийин ушул сөз өзүнө карай айтылган киши атына минди да, иштеген
ишине маашыр болгонсуп, шашыла жөнөй баштады.
Зеб да анын артынан жүрүп отурду, бирок жөө басты. Ал Кольхаундан көзүн айырбай кароого аракет
кылган жок, — антишинин зарылдыгы да жок эле. Эми Касадель-Корвонун чегине чейин токтоого
туура келбейт деп ойлоп. мергенчи камырабай басып отурду.
Бирок картаң мергенчи бу жолу жаңылып калды. Исидора Коварубио де-Лос-Лаиос менен Кассий
Кольхаун кезигишкендей, кырсыкка туш келерин ал күн мурунтан кантип билмек эле!
Акырын артка бурулуп, Зеб бээсинин кулагына бирдеме деп кобурады да, акация өскөн бадалды
көздөй басты.
Бээ моюн сунуп, артынан акырын жүрүп отурду.
Көп узабай эле Зеб токтоду, анын артынан бээси да токтоду.
Күбүр-шыбыр болуп сүйлөшүп жаткан эки кишиден мергенчини дубалдай калың өскөн дарак бөлүп
турду.
Зеб беркилерди көргөн жок, бирок Кольхаун менен Исидора эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын бүт
угуп турду.
Берки экөө коштошуп, ар кимиси ар тарапты көздөй бастырып кеткенде гана, Зеб бугуп турган
жеринен чыкты. Ат алмашышкан жерге келгенде гана токтоп, мергенчи:
— Иосафат! Эки желмогуз өз ара келишим кылды! — деп жиберди.
LXXX глава
ЖАКШЫ КАЙТАРЫЛГАН ДАРБАЗА =========================
Кольхаунга атын кай себептен алмашууга туура келди?
Мексикалык кыз чын айтканын Зеб билген болучу, ырас эле америкалык жылкы мустангга караганда
базарда кымбат баалана турган. Мындай иште Кассий Кольхун алдатып жиберчү кишилерден эмес
экенин да ал жакшы биле турган. Бирок эмне үчүн ал ушундай ат алмашууга барды?
Картаң мергенчи козунун жүнүнөн жасалган калпагын алып, үрпөйгөн чачын, анан сакалын эки
жолу сылады да, чөптөн жооп таба тургансып жерди тиктеп калды.
— Бир гана түшүнүк болушу мүмкүн, — деп кобурады акырында ал. — Боз мустанг америкалык аттан
күлүгүрөөк экендигинде шек жок. Мистер Каш ушул атка минип, башы жок чабендести кууп жеткиси
келген экен. Дагы издегени кетти. Ошондой экени чын болбосо менин Зебулон Стумп деген атым
өчсүн… Кана, жаныбарым, жүр, — деп ал бээсине кайрылды. — Сага дагы ушерде бир-эки саат, а
балким, түнү бою оттоого туура келер. Эчтеке эмес, картаң жаныбарым, биердин чөбү жаман эмес.
А тырмалап тоюу үчүн убактың жетишет. Курсагың да азырынча ач эмес.
Зеб бээсинин ооздугун чыгарып, чытырман бадалдын арасындагы даракка байлады да, өзү
Кольхаундун изи менен жөнөдү.
Бадалдын арасынан мергенчи ачык талаага чыгып калды. Талаанын экинчи четинде Каса-дель-Корво
гасиендасы көрүндү.
Акталган фасаддын фонунан атчан кишинин карааны даана көрүнүп турду. Бирок ал караан, аңгыча
болбой, дарбазадан кирип кетти.
— Анын кантип чыгарын мен биерден көрөм, — деп күбүрөдү Зеб. — Таң атканча ушерде турууга туура
келсе да күтөм. Ушинтип чыдаш керек.
224
1 ПРОЛОГ
Зеб Стумп локуст дарагына сүйөнүп, жерге отурду. Бир сындырым жүгөрү нан, чоң бир кесим
чочконун куурулган эти, мононгахель вискиси куюлган фляжкасы салынган баштыкты түпсүз
чөнтөгүнөн алып чыкты.
Нан менен эттин жарымын жеп, калганын мергенчи кайра баштыгына салды да, даракка илип койду.
Анан фляжкасынан кериле бир жутуп, канжасын чегип, локуст дарагына кайра дагы жөлөндү да, эки
колун көкүрөгүнө кушуруп, Каса-дель-Корво дарбазасынан көзүн албай, алга карай баштады.
Ошентип ал эки саат чамасында отурду.
Анын көз жаздымында эч нерсе калган жок. Гасиенданын дарбазасынан кишилер — эркектер менен
аялдар кирип, чыгып жатты. Кала берсе, ошондой ыраак жерден да Зеб алар жалаң гана кулдар экенин
көрүп отурду. Ал чыккандардын баары жөө кишилер эле. А Зеб күткөн киши атчан чыгууга тийиш
эле.
Мына эми күн горизонтко бата баштады. Иңирдеги кызгылт көлөкө жерге түштү. Ошондой абалда
ойлонгону тынчыраак боло тургансып, Зеб шашылбай ордунан турду да, даракка жөлөнүп калды.
«Бу түлкү түн ичинде кутулуп кетиши абдан ыктымал, — деп ойлоду ал ичинен, — же таңга жуук жылт
коюп кетиши мүмкүн. А мен анын прерияга кайсы жол менен бара турганын билишим керек. Картаң
бээни артыман ээрчитип жүрүүнүн кажаты жок. Бээ жолто кылышы гана мүмкүн. Анын үстүнө, азыр
түндө ай тиет, бээни байкап калуулары да ыктымал.
Картаң мергенчи бээсине басып барып, ээр-токумун алып, аркандап койду да, анан өзүнүн эски байка
одеялосун ээринен алып, колуна көтөрүп, Каса-дел-Корвону көздөй жөө жөнөдү.
Байкагыдай жакыныраак жерди тандап алышы керек эле, Зеб абдан чоң этияттык менен басып отурду,
Барат-
кан жери бүтүндөй көрүнөө болчу. Мергенчи бирде жай, бирде ылдам, кез-кези менен бөкчөңдөп,
уурданып басты.
Зеб Стумп көздөгөн жерине жеткенде, күн биротоло батып кетти. Ал гасиендадан эки жүз ярддай
жерге токтоду. Ошерде кичирээк бадал бар эле. Бадалдын үстүнөн эңкейип, Зеб Каса-дель-Корвонун
дарбазасын акмалап карай баштады.
Картаң мергенчи түнү бою кирпик каккан жок, уктабай дайыма кароолдоп турду. Аны ошончолук
укмуштуу ишке кандай себеп түрткөнүн түшүнүү үчүн чалдын өтө томсоргон кебетесин бир
караганда эле билүүгө болот. Адегенде кулдардын кепелеринен чыккан добуштар анын уктабай бир
калыпта кайраттанып отурганын буза берди. Түн ортосу болгон ченде кишилердин добушу чыкпай
калды да, айланадагы жымжыртты койоттордун улуганына жооп кайтаргансып, каңгып жүргөн
иттердин анда-санда улуганы бузуп кетип турду.
Зеб күндүз аябай чарчаган эле, уйкусу келип карамыгып кыйналды. Бир жолу айласы кетип, уктап
баратканда ордунан ыргып турду. Бир-эки жолу көк чөптү аралап басып келди. Анан дагы жатты да,
башын бадалга калкалап, тамеки чеге баштады.
Түн бою ал гасиенданын чоң дарбазасынан көзүн айырбады. Дарбаза жабык болчу, жабык экенин
айдын жарыгында ачык көрүүгө болот эле.
Мурун күндүн батканы сыяктуу эле, эми күндүн чыкканы да мергенчини байкап отурган жерин
өзгөртүүгө аргасыз кылды.
Горизонттон күндүн бүлбүлдөгөн нуру чачылар менен Зеб ордунан акырын туруп, одеалын ийнине
салды да, Каса-дель-Корво тараптан бурулуп, кечинде келген мурунку жолу менен акырын ыраактай
баштады.
225
1 ПРОЛОГ
Кечээ кечинде жанына отуруп тамак ичкен локуст дарагына жеткенче Зеб эч жерге токтолгон жок.
Мурунку күнкүсүндөй эле, ошол жерде тамактана баштады.
Кечээгиден калган жүгөрү нан менен эттин теңин бат эле жеп, артынан флягадагы вискиден да жутту.
Канжасына тамеки толтуруп, жаңы эле күйгүзүп тартканы жатып, Зеб оттук ташы менен куусун
баштыгына кайра сала койду.
Каса-дель-Корвонун дарбазасы ачылды да, кичирээк боз ат минген киши көрүндү. Ошо киши
дарбазадан чыгар менен дарбаза кайра жабылып калды.
Ал кишинин кайсы багытты көздөй жөнөгөнүн Зеб көрдү да, убактысын текке кетирбей, картаң
бээсине жеткенче шашты, ээрин токунуп, көрүнбөй карап турууга болгудай бадалдын арасына алып
жөнөдү. Жашынып алып, картаң мергенчи атчан кишинин жакындаганың күтүп турду. Ошол атчан
киши капитан Кассий Кольхаун экенине ал шек санаган жок. Бадалдуу токойдун тилкесинен капитан
өтүп, эртең мененки бозомук баскан прериядан көрүнбөй калганча, ал күтүп тура берди.
Анан гана Зеб Стумп бээсине минип, ылдамдап жөнөдү.
Ал Кассий Кольхаундун артынан бастырды.
Шүүдүрүм түшкөн чөп эски из куучу үчүн таза кагаздай, а боз мустангдын изи китепке даана басылган
тамгадай эле.

#66 09 June 2017 - 18:57
LXXXI глава
АЛДАСТАП КАЧУУ ==============
Өзүнө боз мустангысын токуп берген Плутодон башка бирөө көрүп койдубу деп шектенбестен, Кассий
Кольхауп прерияга чыкты. Бадалдан чыккандан кийин Кольхаун Нуэсес дарыясынын боюн көздөй
текиреңдетип жөнөдү.
Атынын Техастын бугусундай күлүктүгүнө карабастан, Кольхаун ишим ийгиликтүү болот го деп
ишенген жок. Башы жок чабендес бүгүн анын көзүнө учурабасы толук мүмкүн эле. Башы жок
чабендести эки жолу бир жерден жолуктурган эле. Мүмкүн, бу жолу да жолуктуруп калгысы бардыр.
Ошол жер — айландыра бадал өскөн саванна бар ачык талаа эле, ал — киши өлтүрүү ошерде болду го
деп болжошкон токою кесилген кең талаага жакын эле.
«Анын дайыма ушерге кайра-кайра келип жүргөнү өтө таң каларлык, — деп ойлоду Кольхаун. —
Ырас эле так билет окшойт… Ошол жер оттуу болгондугу үчүн аты атайы тандап келип жүрсө
керек, себеби аердин чөбү ширелүү, суусу да жакын. Болуптур, аны бүгүн да жолуктурам деп үмүт
кылайын. Эгерде жолуктура албай калсам, бадалдын арасына барып, асылып өлүшүм гана калат.
Чындыгында, мустангер аман-эсен абакта отурганда эмнеден корком? Кандай далилдер бар! Бир
тоголок коргошун гана бар. Бирок, атымды бардыктырып өлтүрүүгө туура келсе да, ошол коргошунду
алууга тийишмин».
— Кудая тобо! Тетиги эмне деген балакет!
Ушул сөздөр Кольхаундун оозунан угуза чыгып кетти да, ал үрөйү учкан эмедей атынын оозун
кержейте тарта койду эле, мустангысы арткы буту менен кош аяктап тура кала жаздап токтоду.
Горнзонттон күндүн мурду көрүнүп, чабендестин аркасына тийип турду. Алды жагындагы асмандын
четин көгүлтүр тумандын анчалык алыс эмес жердеги бадалдуу токойдон көтөрүлүп чыккан буунун
тилкеси каптап турду. Дарактар көрүнгөн жок, көгүлтүр торкодон тигилген парда сыяктанып,
дарактар мунарыктап турду.
226
1 ПРОЛОГ
Ошол мунарыктан же анын ар жагынан кандайдыр таң калаарлык кыймылдаган караан көрүндү,
андай караанды мурда эч ким, эч качан көрбөгөн, такыр чындыкка окшобогон нерсе сыяктанды. Ал
башы жок чабендес эле.
Бирок Кольхаунду кошо эсептегенде, мурда анын андай кебетесин эч ким, эч качан көргөн эмес
эле. Жок! Бүгүн чабендес бүтүндөй башкача кейиптенди. Сөлөкөтү мурдагыдай болгону менен,
демейдегисинен он эсе көрүндү.
А кадыресе киши эмес, алпка окшоду. Мингени ат эмес, бийиктиги мунарага окшогон айбанат
өңдөндү.
Жалаң бул гана эмес. Башы жок чабендестин кебетесинде, деги бирдеме түшүнүүгө болгон күндө
да, мурдагысынан бетер түшүнүксүз, чоң өзгөрүш болуптур. Ал жер менен эмес, асман менен
келаткандай көрүндү. Анысы мындай турсун, ат менен киши көңтөрүлүп калыптыр. Аттын туяктары
мунарыктын четинен даана көрүнүп, а чабендестин эки ийни — (башы деп жибере жаздабадымбы)
жерге тийип турду десе да болот.
Чабендестин ийниндеги серапэ тартылыш законуна карабастан, анын жонунан түшкөн жок. Аттын
тизгини менен узун куйругу да кандайдыр түшүнүксүз түрдө, ошондой эле асмандап турду.
Ушул кереметтүү элес шашпай жай келатты. Куту учканынан селдейип, Кольхаун ага карап турду.
Аңгыча болбой прериянын жумшак чөбүнөн аттын жеңил дүбүртү угулду. Ушундай шумдуктуу
көлөкөсү түшүп турган чабендес кадимкидей эле атчан киши экенин Кольхаун түшүнө койду.
— Бул закым турбайбы! — деп жиберди капитан. — Ушундай нерсеге алданган мендей акмак жок!
Тигине, мен корккон эме! Мен ушуну издеп жүрбөдүм беле. Абдан жакын келип калды! Эми кууп
жетейин! Техастын төрт бурчун кыдырып чапкылоого туура келсе да кууп жетмейинче тынбайм.
Беш минутадан кийин учу-кыйырына көз жетпеген прерияда эки чабендес чымын-куюн болуп
чапкылап жүрдү. Экөөнүн мингени тең күлүк мустанг. Бирөөнүкү тору, экинчисиники боз ат. Бир
чабендес экинчи чабендести куугунтуктап жүрдү.
Куугунтукталган чабендес — башы жок киши. А куугунтуктап жүргөн кишинин башы бар; ошол башы
бар киши өлсө да бир жаңсыл кылмак болду.
* * *
Кубалоо көпкө созулган жок. Кольхаун жеңип чыгат экемин деп үмүт кылды. Боз мустанг тору
мустангга улам жакындай бергени ачык болду. Кольхаун мылтыгын сунуп калды, ал тору атты атып,
ошону менен куугунтуктоону бүтүргүсү келди.
Эгерде жаздым атып каламбы деп коркпосо, ал ошол эле замат атат болучу. Бирок ал ыргылжың болуп
турганда, башы жок чабендестин торусу бадалды көздөй шарт бурулду.
Капитан андай болот деп күткөн жок эле. Кайра дагы куугунтуктоого туура келди.
Укмуштуу чабендеске Кольхаун дагы жетейин деп калды. Жакындаганда да, боз мустангдын
дердеңдеген таноосу торунун булактаган куйругуна тиер-тийбес болуп калды. Капитан мылтыкты
сол колуна белендеп кармап, оң колу менен курокту басмакчы болду. Кайсы жерине атканым жакшы
болор экен деп, ага мээлөө гана калган эле.
Дагы бир көз ирмемде, алды жагында зымырап бараткан атка ок тиет эле, бирок коркунучту так
сезгенсип, боз ат четке жалт берип кетти да, артынан кубалап келаткан мустангды тумшукка бир
тээп, дагы чымын-куюн болуп жөнөдү.
Боз мустанг токтоп калды, шпора менен күрсүлдөтө темингенден эти ооруганынан гана ал кайра
чуркоого аргасыз болду.
227
1 ПРОЛОГ
Кольхаун чыдай албай заманасы куурулду. Тору ат дал чытырман токойду көздөй бурулганын ал
байкай койду. Куугунтуктоо дагы оңунан чыкпай калышы мүмкүн эле. Айласы кеткенинен Кольхаун
мылтыгына дагы асылды.
Башы жок чабендес көгөргөн бадалга жарым-жартылай кирип кетти. Качып бараткан торуну капитан
мээлеп калды. Мылтыктын оозунан түтүн бурк дей түштү. Тарс эткен дабыш угулду да, кандайдыр
карарган бирдеме жерге былч этип түштү, ал бир-эки секирип тоголонуп Кольхаундун атынын бутуна
тийди.
Боз ат кошкуруп кетенчиктей берди. Чабендес чаңырып жиберди: жердеги көк чөптүн үстүндө
кишинин башы жаткан эле. Башта дагы эле төгөрөк катуу кыры бар калпак түшпөй жүргөн экен.
Кан болуп бырышып, кумсарган бет тике эле Кольхаунду карап турду. Куду айнектен жасалган
тоголок эки шарга окшоп: көздөрү адамдын жүрөгү түшкөндөй алайып жатты. Көгөргөн эки эрдинин
ортосунан аппак тиштери жаркылдап турду.
Кассий Кольхаун башка жүрөгү түшкөн эмедей карады.
Ушундай беттешүү көпкө-созулган жок. Калпактын кыры жөлөп турган баш жумшак чөптөн
көрүнбөй кала электе эле, Кольхаун атынын башын шарт буруп, күп эткизе теминип, кутурган
эмеден бетер зыркыратып жөнөдү.
Эми башы жок чабендести ал кубалаган жок, башы жок чабендес чытырман бадалдын арасы менен
зыркыратып кете берди. Кольхаун прерияны көздөй, Каса-дел-Корвого кайта чапты.
LXXXII глава
ШУМДУКТУУ ТҮЙҮНЧӨК ==================
Бадалдын арасынан чыгып, картаң мергенчи карамагында бүтүндөй бир күн бардай, эми шаша турган
иши жок эмече, капитандын изи менен шашпай жүрүп отурду. Бирок эртерээк эле бир жаңсыл болсо
экен деп дүмөктөнгөнү анын өңүнөн көрүнүп турду.
Этияттык кылып жай бастырып, Зеб акырында капитан закым көргөн жерге келди. Эми андай
закымдаган эч нерсе жок эле, асмандын көгөргөн чети жашыл прерияга тийип тургандай көрүндү.
Бирок ал көргөн нерсе, аны закым көргөндөн кем чочуткан жок. Ал эки аттын изин көрдү, арт жактагы
из Кольхаундун жаңы атынын изи эле.
— Демек, жанагы шүмшүк акыр-аягы издеп тапкан экен — деди Зеб издерди тигиле карап. — Бирок
бул чабендести капитан кармап алды дегенге жатпайт… Келесоо эмеден бетер, мен биерде эмне турам?
Азыр убактыны текке кетирүүгө болбойт! Эгерде Кольхаун башы жок чабендести кууп жетип, андан
өзүнө керектүү нерсени алса, анда талаадан шамал издегендей мага кыла турган эч нерсе калбайт.
Шашуу керек! Кеттик, картаң жаныбарым! Биерден жарым саат мурда жүгүрүп өткөн боз атты кууп
жетүүгө тырыш. Кана, алардан кем жүгүрбөй турганыңды көрсөтчү. Кана, кеттик!
Картаң мергенчи жалгыз шпорасы менен бээсин капталга күп дегизе теминди да, бээ таскактап
жөнөдү. Бээден азырынча андан ылдам жүрүүнүн кереги жок эле. Зеб мурдагысындай эле этияттык
кылып, алды жагын кыраакылык менен карап отурду.
— Анын изи каякка кеткенине карап, — деп ой жүгүрттү картаң мергенчи, — анын каякка чыгарын так
аныктай алам. Жолдордун баары ошерден кошула тургансыйт. Кайрылып кайра келбей турган бечара
да ушул жол менен жүргөн экен. Болуптур, айла барбы! Эгерде аны кайра тирилтүүгө болбосо да, анын
өмүрүн кыйган жанагы шүмшүктөн өч алыш керек… Токто! Тигине! Башы жок чабендес да тигине!
Иосафат! Экөө тең чымын куюн болуп баратышат. Кудай акы, боз мустанг торуну кууп жете турган.
Алар биякка келаткан жок — бизге жашырынуу да керек эмес. Былк этпей тур! Азыр басууга болбойт,
алар бизди көрүп коюшу мүмкүн. Коркпо! Ал өзүнүн оюну менен алек болуп, алдындагы кишиден
228
1 ПРОЛОГ
башканы такыр көрбөйт… Түзүк, менин күткөнүм ушул эле — тике эле токою кесилген жерди көздөй
бет алышты. Кош, картаң жаныбарым, дагы илгерилейлик!
Зеб Стумп токою кесилген жерден көзүн айырбай, бадалдын жанына келди.
Мылтыктын тарс эткенине Зеб анчалык деле таң калган жок. Куугунтуктоону байкаар менен эле, ал
ушундай болорун күткөн болчу.
Картаң мергенчи кийинчерээк Кольхаундун жүрөгү түшкөн эмедей кайра чапканын көргөндө таң
калды.
— Шайтан баскыр! — деп кобурады Зеб. — Ушунун баары эле эң эле шумдук болду го! Экөөнүн
ортосунда бирдеме болду окшойт. Ха-ха-ха! Өзү шайтан кууган эмеден бетер качып баратат! Балким,
экөө ролдорун алмашып, эми башы жок чабендес капитанды кубалап баратабы? Ошондой окшойт.
Ушундай тамашаны көрүп маашыр болуу үчүн бир күмүш доллар садага кылып берер элем. Ха-ха-ха!
Картаң мергенчи аттан түшүп, жанын ала качып бараткан чабендес көрбөгөндөй болуп, бадалдын
арасына бээси менен жашырынып калды.
Бирок ушунчалык ылдам, ушунчалык дагдаарган кейпи менен Кольхаун алдындагы ачык жерде
турган Зебди да байкабайт болчу.
«Иосафат! — деп ойлонду мергенчи капитандын куту
учкан иреңин көргөндө. — Эгерде аны шайтан кубалап баратпаса да, ага жин тийгени чын көрүнөт.
Деги өмүрүмдө мындай коркунучтуу иреңди көргөн эмесмин. Буга тийген аялдын шору кайнарында
шек жок. Шордуу мисс Пойндекстер! Анын мындан безип, бул баш кесерге тийбей турганына
ишенем… Деги иштин жөнү кандай болуп кетти? Аны кубалап бараткан эч ким деле көрүнбөйт.
Бирок дагы эле чымын-куюн болуп качып баратат. Эми бул каякка бармакчы? Аңдыш керек».
— А-а, үйүнө бараткан экен! — деп жиберди Зеб токойдун четине чыгып, Кольхаун Каса-дель-Корво
гасиендасына дагы эле чапкылап баратканын көрө коюп. — Үйүнө баратканына шек жок! Кана эми,
картаң жаныбарым, — деп сөзүн улантты Зеб боз ат көрүнбөй калганда, — экөөбүз барып, тиерден
эмне атканын билеличи.
Он минут өтөр менен Зеб бээсинен түштү да, ашкан кан ичер киши болсо да, жүрөгү түшүп кармай
албай турган буюмду жерден алды. Бирок Зебдин жүрөгү түшкөн жок. Картаң мергенчи өлгөн
кишинин башын кылдаттап өйдө көтөрдү. Өлүмдөн чырайы бузулуп, канга булганып бырышып
калса да, ал өзүнүн аздектеген кишисинин өңүн тааный койду.
Өлгөн кишинин башынан Зеб калпагын алмакчы болуп көрдү, бирок канчалык аракет кылса да,
калпакты ала алган жок: баш ушунчалык көөп кеткен экен, калпакты тегерете тартылган лента
үзүлүп кетчүдөй болуп зорго туруптур. Зеб башты колунан чыгарбай, опот болгон жигиттин бетине
мээримин төгүп, көпкө чейин карап турду.
— Кудая тобо! Кудая тобо! — деп жиберди мергенчи. — Атасы менен карындашына бу кандай болмок!
Башты биерден алып кетүүнүн кереги жок. Муну ушерге көөмп, эч кимге эч нерсе айтпас керек…
Жок, андай кылууга болбойт. Бул иште баш көп деле жардам бере койбос, бирок анча-мынча нерсени
аныктоо себеп болор, соттун алдында бул шумдуктуу күбө болот.
Ошентип, эски байка одеялын жайды да, башты ороп койду; анан ушул шумдуктуу түйүнчөктү ээрдин
кашына илип, бээсине минди да, ойго батып, сеттльментти көздөй кайра кетти.
LXXXIII ГЛАВА
ЗАКОНДУ КОРГООЧУЛАР ===================
229
1 ПРОЛОГ
Аскерлердин абагына түшкөндөн кийинки күнү Морис Деральддын этинин ысыганы бир аз
басаңдады да, жөөлүгөнү токтоду. Төртүнчү күнү айыгайын деп калды. Бешинчи күнү соттун
тергөөсү башталмак болду.
Кишини жыйырма төрт сааттын ичинде соттоп, асып өлтүрүүгө боло турган Техаста мындай
шашкалактоо өөн учурабай койгон жок. Камактагы кишинин көп сандаган душманы кандайдыр
өздөрүнүн пикири боюнча ушул ишти тезирээк бүтүрүүгө ашыкты. Душмандарынан бир кыйла
азыраак анын досторунда ошол шашкалактагандарына каршы чыгуу үчүн олуттуу негиз жетишерлик
болгон жок.
Шаштырган кишилер баягы эле: «өлгөн кишинин каны өч алууга чакырат» деген сөздү кайталай
беришти.
Көпчүлүк душмандардын тарабында болуп, соттун тергөөсү тезирээк башталып, кылмышкердин
жазаланышын талап кылды.
Окусунан болгон кырдаал алардын чырагына май тамызды. Округ соту ошол убакта кыдырып жүргөн
эле да, Инж фортундагы иштерди кароо үчүн дайындалган күн дал ошол жумага туура келип калды.
Ошентип, соттун тергөөсү кечиктириле турсун деп эч ким сурабагандыктан, Морис Жеральддын иши
башка кылмыш иштери менен бирге дал ошол күндөрдүн ичинде сөзсүз каралууга тийиш болгонсуп
калды. Сот ошол айдын он бешинчи числосуна дайындалды.
Айыпталган кишиге жактоочу керек болуп калышы мүмкүн эле, бирок сеттльменттен андай
кесип кылган киши табылган жок. Демейде сот кишилери менен жактоочу кошо келе турган; сот
бийликтери Инж фортунан бир кыйла алыс болучу.
Бирок бүтүндөй күтүлбөгөн жерден кадыр-беделдүү бир юрист мустангерди жактоо үчүн Сан-
Антониодон сеттльментке келип калды. Ал биерге өз ыктыяры менен келдим деди. Анын анткени
боорукердик кылганынан болдубу? Бирок кандайдыр бир аял көп акча берип, юристти ошерге
жиберген имиш дешти.
Сот болордун мурунку күнү Инж фортуна дагы бир адвокат келип, айыпталган кишини мен жактайм
деди.
Сан-Антониодон келген кишиге караганда, бул юрист андан ары да ыраактан келген экен. Айыпталган
жигитти актоо үчүн ал Ирландиядан келиптир.
Ырас, ал кандай иш болорун билген эмес экен — ал мустангерге жөн эле башка жумуш менен келиптир
Морис Жеральд абакта отурат деп Обердофердин мейманканасынан угуп, таң калыптыр, Мористин
эмне деп караланганын билгенде, ал андан бетер аң-таң болуптур.
— Кандайча! Мунзер Жеральддын уулу киши өлтүрүптүр деп айыпталып жатабы! Баллах ак
сарайынын ээси! Анын документтеринин баарын мен ала келгем! Мени ага киргизгиле! — деп талап
кылды ал.
Техастагы өкмөт кишилери ал адвокатка жинди болгон эме го деп карашса да, ага камактагы киши
менен көрүшүүгө макулдугун бербей коё алышкан жок. Анан ал майорго документтерин көрсөттү,
ошол документтердин аркасында абактын эшиги ага кеңири ачылды да, ал эркиң кирип, эркин чыгып
жүрүү үчүн укук алды.
Ирландиялык адвокаттын келиши аркасында, форт менен сеттльментте нечен сөздөр болду. Морис
Жеральд кандайдыр укмуштуу окуяны ага айтып бериптир деген айың сөздөр болду. Бирок ал
укмуштуу окуянын мазмунун эч ким билген жок. Ошондуктан, билсек экен деп, сеттльменттин
обывателдеринин эки көзү төрт болду.
230
1 ПРОЛОГ
Ал жөнүндө бир гана киши — Зеб Стумп гана билиши мүмкүн эле. Бирок картаң мергенчи көргөн
жок. Картаң мергенчинин ирландиялык юрист менен сүйлөшкөнүн бир гана жолу көрүштү. Ошондон
кийин мергенчи көздөн кайым болуп кетти. Зеб Стумп каадасынча бугу, аюу же жапайы күрп уулап
кетти го деп ойлошту. Бирок баары жаңылышты. Зеб бу жолу илбээсин уулап, токойду кыдырбастан,
башы жок чабендести уулап кетти.
LXXXIV глава
НАЗИК ЖЭЭН =============
«Кудая шүгүр, аны эртең соттошот экен!
Сотко чейин жанагы каргыш тийген айбанды кимдир бирөөнүн кармап үлгүрөрү шектүү! Андай
болбой турганына үмүт кылалы. Эми менин эчтемеден корко турган жөнүм жок. Ансыз далилдеп
көрүшсүн.
Жанагы ирландиялык кыйкымчыл эме биерге эмне үчүн келип жүрөт? А жанагы экинчи юрист эмне
үчүн келди? Кызык, аны биерге ким, эмне үчүн жиберди экен? Сыягы, ага акчаны жакшы төлөшсө
керек…
Экөө тең жерге кирсин! Мен баары бир кыпындай да
коркпойм! Морис Жеральд жанагыдай кылмыш кылды дегенден башка, алар эмне ойлоп тапмак эле?
Бардык далил ага каршы.
Бирок Зеб Стумп гана башкача ойлойт. Атаны, оңбогон шектүү жылан! Аны эч кайдан таба алышпай
койду. Ал каякка житип кетиши мүмкүн? Аң уулап жүрөт дешет. Андай болбоо керек. Бирок ал
беркинин артынан кетсе, эмне болот? Кокусунан аны кармап келсечи?..
Өзүм да дагы бир жолу аракет кылып көрөйүн дедим эле, бирок азыр кеч болуп калды. Эртең кечке
бардыгы бир жаңсыл болот.
Бирок кийин бардыгы ачылып калса кантем? Ал жерге кирсин, ал жөнүндө ойлобой эле коёлу. Эң
негизгиси, азыр бардыгы жайында болгондой кылуу керек. Бирөөнү асып өлтүргөндөн кийин экинчи
кишини ким айыптагысы келмек эле.
Менимче, регуляторлор менен ишим жайында. Кала берсе Сэм Менли да толук ишенген сыяктанат.
Ошо түнү эмне болгонун айтканымда, анын шектенгени бүткөн болчу.
Каргыш тийгир!.. Бирок бул өтүп кеткен иш. Кыз аны менен жолугушуп жүрдү эле, анткенине да
кайыл болуу керек. Кыз эми, балким, тиги дүйнөдө көрүшпөсө, аны менен эч качан көрүшпөйт.
Болуптур, бардыгы кыздын өзүнө байланыштуу… доюр мүнөзүнө карабастан, бул кыз андайлардан
эмес. Балким, анын ошол жолку көрүшкөнү алкыш айтканы болгондур.
Жок! Жок! Жөнөкөй алкыш айтуу үчүн караңгы түндө төшөктөн туруп, бактын ыраак жерине бара
койбос. Кыз аны сүйөт, кыз аны сүйет!
Сүйсө сүйө берсин. Эми ал эч качан кыздын эри болбойт. Эгерде доюрдугун кыла берсе да, кыз эми
аны эч качан көрбөйт. Кыздын оозунан бир сөз чыкса эле, жигиттин мойнуна сыйыртмак салынат.
Эми дагы бир жолу кыз баш тартса анда мен аларга өзүмдүн үстөмдүгүмдү көрсөтөм. Кыздын
ирландиялык жигит менен кылган авантюрасы бүтө турганы мындай турсун, кыз анын өлгөнүнө өзү
да айыпкер болот. Кыз андан да, плантациядан да, үйдөн да, негрлерден да — баарынан ажырайт…»
Кольхаун бөлмөсүндө жатып, ушундай деп ойлоду…
— А, Вудли таяке! Мен сизди көрөйүн дедим эле.
231
1 ПРОЛОГ
Эмне кыларын билбей дагдаарып, плантатор Каса-дель- Корвонун коридорлорунда үнсүз-сөзсүз басып
жүрдү. Жээнинин бөлмөсүнө ал эч кандай ойлонгон ою жок, кокусу- нан кирип калды.
— Сен мени көргүң келди беле, Кассий? Эмне үчүң көргүң келди эле?
Кайгыдан мүңкүрөгөн чалдын үнү кандайдыр кемсинип баш ийгендей чыкты. Эки жүз кулу өзүн
көргөндө калчылдап кетчү кербез Пойндекстер эми өзүнүн үстөм болгон кишисинин алдында турду.
Ырас, мындай үстөмдүк кылган анын жээни өзүнүн эжесинин баласы эле. Бирок, ошондой болсо да,
ага жеңил болгон жок.
— Мен сиз менен Лу жөнүндө сүйлөшкүм келди эле, — деп жооп кайтарды Кольхаун.
Вудли Пойндекстер жаа бою качып жүргөн тема дал ушул болчу. Ал кыз жөнүндө ойлоодон да, андан
бетер кызын айыптоодон да коркуп жүргөн эле.
Кольхаундун сөз баштагандагы кыязы жакшылыкка алып келбөөчүдөй көрүндү. Кайра өтүнүчтөн
көрө, талабы күчтүүрөөк сыяктанды.
— Лу жөнүндөбү? Эмне демек элең? — деп сурады Пойндекстер кара күчкө камырабагансып.
— Эмесе мындай… — деди Кольхаун сөз баштоого батынбагансып, бир аз ыргылжың болгон эмече. —
Мен… Айтайын дегеним…
— Мен Лу жөнүндө азырынча сүйлөшкүм келген жок эле, — деди плантатор.
Ал жалынып-жалбарган эмедей сүйлөдү.
— Эмне үчүн азырынча дейсиз, таяке? — деп сурады Кольхаун таякесинин каяша айтканына нааразы
болгон эмече, үзүл-кесил кыяз менен.
— Эмне үчүн экенин өзүң билесиң.
— Сизге оор экенин түшүнөм. Бечара Генри опат болду. Бардыгы аны… Акыр-аягы ал кайра кайтып,
баары жайында болушу мүмкүн.
— Эч качан кайтпайт! Эми биз аны тирүүлөй өзүн да, өлүгүн да эч качан көрбөйбүз. Уулум түбөлүккө
жок болду!
— Бирок кызыңыз бар го, а кызыңыз болсо…
— Кызым мени маскара кылды.
— Мен анткенине ишенбейм, жок…
— Өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккан нерсени кантип башкача түшүндүрүүгө болот? Ат
менен соода кылган карапайым жигиттин кепесине жыйырма миля жерге барууга аны эмне мажбур
кылды? Кудая тобо! Эмне үчүн менин баламды, өзүнүн агасын өлтүргөн кишини эм- не үчүн жактайт?
Ой, тобо!
— Кайсы кыз болсо да ошондой кылат эле. Ал эми Лу да ошондой эле кыз.
— О, эгерде сенин айтканыңа ишене ала турган болсом! Шордуу кызым! Эми баламан ажыраганда,
кызым андан бетер мага азизирээк.
— Сизге баланы… Сизге эң жакын, өлгөн балаңыздын ордун басууга бардык күч-кубатын жумшаган
кишини алып келүү Луга байланыштуу. Мен табышмактап сүйлөгүм келбейт, Вудли таяке. Эмне
жөнүндө ойлогонуму билип жатасыз го. Менин тилегим — Лу менин зайыбым болсо экен дейм.
Ушул сөздү угуп плантатор эч кандай таң калган жок; ал ушундай болот го деп күтүп жүргөн эле.
Ошону менен катар, анын мурдагыдан бетер ындыны өчтү.
232
1 ПРОЛОГ
Бул таң каларлык болуп көрүнүшү мүмкүн эле. Акыркы убакка чейин Пойндекстер алардын
үйлөнүшүн жактап жүргөн; абдан чебердик менен кызын көндүрүүгө бир нече жолу аракет кылып
да көргөн болучу.
Техаска көчүп келе электен мурун Пойндекстер өзүнүн жээнин жакшы билчү эмес эле. Кольхаун бойго
жетип, Миссисипи штатынын гражданы болгондон кийин ал убактысынын көбүн Жаңы Орлеанда,
шапар тепкен шаарда өткөргөн болучу. Вудли Пойндекстер Луизианадагы плантацияларына
окусунан келгенде гана жээни менен көрүшө турган. Бирок кийин Луиза бойго жетип, сулуу кыз
болгондо, Кольхаун тез-тез келип, алардыкында көпкө чейин мейман болуп жүрчү болду.
Анан Мексикага барган жортуулга катышып, аерде бир жылга жакын туруп, капитан деген чин алган
эле. Аскер ишинде эрдик көрсөткөндөн кийин жаш креолканы өзүмө ашык кылам деген айныбас ниет
менен жээни туулуп-өскөн жерине келген болучу.
Ошол күндөн тартып Кольхаун таякесинин үйүнөн кеткен жок десе да болот. Кыздын бөтөнчө
кадырлаганынан пайдаланбаса да, иши кылып, ал кыздын атасынын колунан оңой менен келбей
турган себептер боюнча кадырлуу конок болуп кетти.
Бир кезде абдан бай болгон плантатор соңку жылдарда тозо баштады. Шапар тепкен турмушка көнүп
калганы аны эч качан төлөп кутула албай тургандай карыздар болууга дуушар кылды. Жээнинин
акчасы аркасында Вудли Пойндекстердин иши кайрадан оңоло баштады. Өзүнүн мекенинде
Пойндекстерди дагы эле коңшулары кадырлай турган, жээнине карыздар болуп, көз каранды экени
аерде көп кишиге белгисиз эле. Техаска көчүп келгенден кийин гана, карыздар болгону плантаторду
кыйнай баштады. Ал Луизанын артынан калбай, асыла баштап, кыз да анын
асылганын ар дайым кага баштагандан кийин жээни менен анын мамилеси мурдагыдан бетер ырбап
кетти.
Эми жээнинин мүнөзүн тагыраак билүүгө плантатордун мүмкүнчүлүгү бар эле. Каса-дель-Корвого
көчүп келген убактан тартып, анын көңүлүнүн калганы күн сайын күчөй берди. Кольхаун менен
мустангердин жаңжалы, жаңжалдын акыры жаман болуп бүткөнү, тууган болгондуктан гана жээнин
жактоого туура келсе да, Пойндекстер чал жээнин мурдагысынан ашык кадырлаган жок.
— Эгерде сенин оюңду туура түшүнсөм, Кассий, той жөнүндө айтып жатасың го. Башыбызга аза түшүп
турган күндө, ал жөнүндө ойлой турган убакты эмес. Эгер сеттльментте а жөнүндө билишсе, чоң чатак
болот.
— Жаңылышасыз, таяке, мен азыр эле үйлөнө коёюн деп жаткан жерим жок. Менин айтайын дегеним:
жакын арада той болсо дейм… Көзүм жетип, ишенсем эле болгону эле; ыгы келген учурду күтүүгө
макулмун.
— Эмне дегениңи түшүнбөдүм, Каш.
— Мен сизге баарын түшүндүрөйүн. Кулак салып угуңуз.
— Сүйле.
— Менин айтайын дегеним мындай. Үйлөнөйүн деп чечтим. Жакында отуз жашка чыга турганымы
өзүңүз билесиз. Ошондой жашка чыккан кезимде, көрүнгөн жерде сандалып жүрүү кишини тажатат
экен. Ошентип жүрө берип, өлгүдөй чарчадым, эми жалгыз баш сандалып жүргүм келбейт. Луиза
менин колуктум болсо экен дейм. Мындай иште шашуунун кереги жок. Мага Луиза убадасын берсе
эле болгону. Эч кандай бүдөмүк ой калбасын үчүн ошол убадага Луиза кол коюп, мөөр басышы керек.
Ажыраган агасы жөнүндөгү кайгы сууганча той жөнүндө, дагы ошондой нерселер жөнүндө сүйлөшө
жатарбыз.
233
1 ПРОЛОГ
Ушундай соода-сатык сөздө «агасы» деген сөз, уулу жөнүндө аза күтүп жүргөн чалдын кабыргасын
кайыштырып, таң калтырды. Вудли Пойндекстердин кербездиги кайра ойгонду; анын аябай куйкасы
курушту.
Бирок ал сезими ошол замат эле басылып калды. Биринчиден, плантациялары, кулдары, байлыгы,
коомдогу өзүнүн даражасы анын көз алдына келди; экинчиден, кедейлик өзүн ойрон кыла тургандай
көрүндү. Бирок ошондой болсо да, чал моюн берген жок.
Үнүн көп батынбагандай чыгарып, плантатор мындай деп жооп кайтарды:
— Өзүңө эмне керек экенин жетишерлик ачык түшүндүргөнүң үчүн сага ыракмат айтуу керек, Кассий.
Сени кызымдын бөтөнчө жакшы көргөнүн байкай элекмин. Аны сен өзүңө колукту кылып алгың
келет го. Бирок анын ою кандай болду экен? Менимче, анын ою менен эсептешүү керек.
— Менимче, таяке, бул иш көбүнчө сизге байланыштуу. Сиз — атасысыз, кызыңызды көндүрө аласыз.
— Көндүрө аларыма көзүм жетпейт. Каалабаган нерсесин зордоп каалаттыра койчу кыздардан эмес.
Ошондой экенин, Кассий, сен мендей эле жакшы билесиң.
— Болуптур, менин билгеним эле: сеттльменттеги, же жалпы эле Техастагы башка бир кызга эмес, Луга
үйлөнүп, аны Каса-дель-Корвонун колшюну кылмакчы болдум.
Анын ушинтип уят-сыйытты билбей айткан сөзүнө Вудли Пойндекстердин куйкасы куруша түштү.
Эми өзүн Касадель-Корвонун кожоюну эмессиң деген сөздү биринчи жолу укту.
Кайра дагы ага бүткүл чындык: плантациялар, кулдар, коомдогу өзүнүн даражасы, экинчи жагынан
өзүнүн кедейлиги менен кызынын зарлаганы көзүнө элестеди… Ошентип, Вудли Пойндекстер
кызынын таалайынан аша
кечип, Колйхаунга убада берди.
* * *
— Лу!
— Ата, сенсиңби?
— Сага айта турган өтүнүчүм бар эле.
— Кандай өтүнүч, ата?
— Жээниң Кассий сени жакшы көргөнүн, сага үйлөнгүсү келгенин билесиң го?
— Билем, бирок ага чыккым келбейт. Жок, ата! Андан көрө өлгөнүм артык. Ал менменсиген шумпай!
Ага тийбей койсом, эмне болоруму билем. Ушинтип айткын деп, ал сени мага жиберген экен го. Ага
барып айткын: прерияга качып кетип, жапайы жылкы кармап оокат кылганым андан артык экенин
жакшы түшүнөм, кайра да тартпайм! Кудай жалгагыр, ага ушинтип айткын.
— Кулак салчы, кызым, калыбы, билбейт окшойсуң…
— Жээнге карыздар экениңи айткың келеби? Баарын билем, ардактуу ата. Бирок сен Вудли
Пойндекстер экениңи, мен сенин кызың экеними да жакшы билем…
Өзүнүн кадырын, сыймыгын сезгенинен плантатордун төбөсү көккө жете түштү да, мындай деп жооп
кайтарды:
— Садагаң Луиза! Дал энеңди тартыптырсың. Жаман көрбө, алтын кызым! Болгон ишти унуталы.
Өзүң билгин. Ага эмне деп айтсаң, өз эркиң.
234
1 ПРОЛОГ
LXXXV глава
АК КӨҢҮЛ ЖЭЭН =============
Луиза Пойндекстер атасынын өзүң бил деп эркинче койгонунан толук пайдаланды. Бир саат өтө
электе, Луиза Кольхаунга жок деп кесе жооп берди.
Кольхаун кызга үчүнчү жолу сунуш кылган эле. Ырас, алгачкы эки жолу ачык айта албай, каңкуулап
сүйлөгөн болучу.
Үчүнчү жолу ал жөнөкөй, бирок абдан ачык баш тарт- кан жооп алды. Луиза: «Жок» деп кесе айтты
да, түшүнүктүүрөөк болсун дегенсип: «Эч качан» деп кошумчалады.
Кольхаун кыздын сөзүн таң калбастан кайдигер гана укту.
Бетинин бир жери да дирт этип койгон жок, өңү кубарган да жок, үмүтүн үзгөндөй эч кандай жышаана
да билдирген жок; эгерде диртилдеп, кумсарып үмүтүн үзгөндөй жышаана көрсөтсө, анысы өзүнө
келишет эле.
Жей турган жемине секирмекчи болгон ягуар сыяктуу, ал татынакай кыздын алдында турду.
Ал кызга: «Бир минута өтө электе бул кылыгыңды өзгөртөсүң» деп айткысы келгендей сыяктанды.
Бирок ал мындай деди:
— Сен муну тамаша кылып айтып жатасың го, Лу?
— Жок, бүтүндөй чын айтып жатам, сэр. Андай иш менен да тамаша кылчу беле?
— Сен бул жоопту бүтүндөй ойлонбой айткан эмедей айттың.
— Эмне жөнундө ойлонмок элем?
— Көп нерсе жөнүндө.
— Атап айтканда?
— Биринчиден, менин сүйгөнүм жөнүндө.
Луиза унчукпай калды.
— Мен сени сүйөм, — деп сөзүн улантты Кольхаун, — сүйгөндө да эч ким, эч качан мендей сүйгөн
эместир, Лу! Менин ошол сезимим өзүмдөн күчтүүрөөк. Бу сезимим өзүм менен кошо өчүшү гана
мүмкүн. Бул сезимим сен өлгөндө да өчпөйт.
Ал унчукпай калды, бирок кыз жооп кайтарган жок.
— Сүйгөнүмүн тарыхын айтып берүүдөн эмне пайда! Сени биринчи жолу көргөн күнү, кала берсе,
көргөн саатта эле ашык болуп калган элем.
Атаңын үйүнө келгенимде, мындан алты жыл мурун,
аттан түшөрүм менен эле, сен мага: тамак даяр болгончо, бакка барып, ары-бери басып келели деген
элең. А кезде сен бойго жете элек, секелек кыз болучусуң, бирок азыр- кыңдай эле татынакай элең!
Сен мени колуман кармап, майда шагыл төгүлгөн, кичине жол менен ээрчитип баскансың, бирок
сенин колуң тийгенде эт жүрөгүмүн эзилгенин, албетте, сен билген эмес элең. Ошону өмүр бою
унутпайм. Ал эстеликти убакыт да, аралык да, азыркыдай эндекей турмушум да жок кыла албайт…
Креолка сөздү угуп тура берди. Бирок мурдагысындай кайдигер тыңшаган жок. Ушундай чечен сөзгө,
сүйөм деп далбасалоого маашыр болбогон аял чанда табылбаса, табыла койбос.
Бирок кыз эчтеке деген жок.
235
1 ПРОЛОГ
Кольхаун сөзүн дагы улантты:
— Ырас, Лу, сага чын айтып жатам. Бардыгын сынап көрдүм. Алты жыл — жетишерлик көп мөөнөт.
Миссисипиден Мексикага чейинки аралык аз жер эмес. Ал жакка мен сени унутуу үчүн гана барган
болчумун. Бирок анткеним да жардам бербеди. Кайра келип, күйгөнүмөн ичкиликке да берилип
кеттим. Ошенткеними Жаңы Орлеан жакшы билет. Сезимимди басайын десем, ого бетер күчөдү деп
айта албайм. Мындан күчтүүрөөк сүйүү мүмкүн эмес чыгар. Мени колуман кармап, Кассий, сулуу
экенсиң деген сааттан тартып, ошол сезимимдин кылдай да өзгөргөнү эсимде жок. Күнүлөгөнүмөн
сени ушунчалык жек көрдүм эле, өлтүрүүдөн да кайра тартпайт болунумун. Ишенесиңби, чын айтып
жатам.
— Ушинтип айтуудан уялсаң боло, Кассий. Бул айтканың наадандык! А түгүл, жөн эле кеңкелестик!
— Ошондой болсо да, чын айтып жатам. Сени күнүлөгөнүмөн, эмне кыларымы билбей калчу элем.
Кыжырымын келгенин жашыра алган эмесмин, аны өзүң жакшы билесиң.
— Атаганат, менин кандай айыбым бар эле, Кассий? Андай деп ойлоо үчүн сага эч качан себеп
билдирген жок элем го…
— Эмне деп айтарыңы билип турам. Антип айтпасаң Да болот. Сен үчүн мен айтайын: «Бир кезде мени
сүйдүң эле деп ойлоо керек». Ушул сөз сенин оозуңан чыгып кете Жаздады. Ал жөнүнөн сени айыптап
ич-аткан жерим да жок, — деди ал үмүтүн үзгөндөй сөзүн улантып. — Мени азгырдың деп, айыптаган
жерим жок. Бирок кимдир бирөө ошондой кылды: сага ушундай сулуулукту кудай бердиби,
же сага көзүмү түшүргөн ибилис болдубу, — иши кыл кимдир бирөө ошондой кылды.
— Сенден уккан сөз зээнимди гана кейитти. Мага кошомат кылын жатат го деп ойлобойм. Ошондой
экенине шек санабоо үчүн сен өтө демеленип сүйлөдүң. Ишенип кой, Кассий, бул сенин кыялыңдын
натыйжасы гана өзүңдүн сезимиңен опоңой эле кутула аласың. Менден алда канчалык сулуу аялдар
толуп жатпайбы. Алар сени сүйөм деп айткан сөзүңө маашыр болушар. Эмне үчүн ошондой аялдарга
кайрылбайсың?
— Эмне үчүн? — деп кайталады Кольхаун кейигенсип. — Кандай обу жок суроо?
— Бул суроону дагы кайталайын, анымы болбогон суроо деп да эсептебеймин. Андан көрө, сенин
мени сүйүшүң болбогон кеп. Жашырбай чынымды айтайын, Кассий, мен сени сүйбөйм, сүймөкчү
да эмесмин.
— Демек, сен мага тийбейт экенсиң да?
— Мына ушунуң эң кеминде эчтеке чыкпай турган карандай суроо. Сени сүйбөйм деп айтпадымбы.
Менимче, ушул сөз жетиштүү болуу керек.
— Мен сени сүйөм дебедимби? Сени эмне үчүн колуктум болсун деп жаткан себептеримин бири ушул,
— дагы башка себептер да бар. Менин сөзүмдү акырына чейин уккуң келеби?
Ушинтип сураганда Кольхаундун жалынгансып турган иреңи өзгөрүп кетти. Ягуардын жырткычтык
көз карашы анын көзүнөн дагы ойноктой түштү.
— Дагы башка себептер бар дейсиңби? Айтып кер сөзүңдү акырына чейин угуудан коркпойм.
— Ошондой беле! — деди мурутунан күлүп Кольхаун, — Коркпойсуңбу?
— Жок, коркпойм. Эмнеден коркмок элем?
— Ырас, сен эмес, сенин атаң коркушу керек.
— Атама тиешелүү нерсенин баары мени да кам жегизет. Мен анын кызымын, эми, атаганат, жалгыз
гана баласы менмин… Сөзүңдү улант, Кассий. Атамын башына түшкөн ал кандай бакытсыздык?
236
1 ПРОЛОГ
— Бакытсыздык эмес, Лу, бирок оңбогондой жаман иш. Анын оңдоого күчү жетпей турган
кыйынчылык. Өзүң такыр билүүгө тийиш эмес нерселер жөнүндө сүйлөөгө сен мени мажбур
кылып отурасың.
— Ой, ырас элеби? Жаңыласың, Кассий. Мен баарын билем. Атам сага карыздар экенин, сен ага акча
бергениңди да билем. Ошону кантип байкабай коёюн. Биздин үйдө текебердик кылып, мен-менсинип
жүргөнсүң, малайлардын.
көзүнчө мактаанчактык кыласың, биздин үйдө бардык нерсе тегиз эмес экенин, кала берсе,
малайларга да ачык көрсөтөсүң. Сен Каса-дель-Корвонун кожоюнусуң. Аны да билем. Бирок сен
мага үстөмдүк кыла албайсың.
Утам деп ойлогон картасы, маш тийип басылып калганын Кольхаун ачык көрдү. Бирок Кольхаундун
колунда андан да күчтүүрөөк көзүр бар эле; ошол көзүрдөн ал пайдаланмакчы болду.
— Ошондой де! — деп мыскылдагансып, жооп кайтарды Кольхаун. — Сенин жүрөгүңө үстөмдүк
кыла албасам, болуптур. Бирок сенин таалайың менин колумда. Сени айныткан жанагы ары жок
шүмшүктү жакшы билем…
— Ким жөнүндө айтып жатасың?
— Билмексен болбой эле кой!
— Ырас, ары жок шүмшүк деп сен өзүңдү айтсаң — туура. Бул сөздү жаңылбай таапсың.
— Ошондой эле болсун, — деп жооп кайтарды капитан ачуусу келгенинен кызара түшүп, бирок дагы
эле өзүн бир аз токтотуп. — Сен мени сайда саны жок деп эсептесең, сени эмне кылмакчы болгонуму
айтып, сенин көзүңчө кадырымы түшүрбөөгө тырышайын.
— Мени эмне кылмакчы болосуң? Сен өзүңө-өзүң өтө ишенесиң, жээн. Сен мени менен куду күңүң
катары сүйлөшөсүң. Кудай жалгап, сага күң болбой калган экемин.
Кольхаун кыздын жутуп жиберчүдөй караганынан коркуп кетип, унчукпай калды.
— Мени эмне кылмакчы болгонуңу билгим келет, — деди Луиза сөзүн улантып.
— Биле жатарсың.
— Сен мени үйүмөн прерияга кууп, же монастырга каматып койгуң келер? Балким, абакка
жиберерсиң?
— Абак сага көбүрөөк жагар эле, — албетте, жакшы кишилердин арасында тигини менен бирге
камаласың…
— Айтчы, мени кандай тагдыр күтүп турат, айтчы. Тезирээк билгим келип, чыдай албай баратам, —
деди Луиза үнүн шылдыңдагандай чыгарып.
— Шашпа. Тамашанын биринчи бөлүгү эртең башталат.
— Ошончолук эртеби? Каерде болорун билүүгө мүмкүнбү?
— Сотто.
— Кандайча, сэр?
— Жөн эле: сен соттун, он эки присяжныйдын алдына барып турасың.
— Осмок сөзүңө абдан кубандың окшойт, капитан
Кольхаун, бирок сага айтышым керек: сенин бул тамашаларың мага жакпайт.
237
1 ПРОЛОГ
— Кандай тамаша! Эртең соттун текшерүүсү болот. Мистер Морис Жеральд же Мак-Свини же
О’Тогерни аны андай деп аташпасын — сенин агаңды өлтүрдү деп айыпталып соттун алдына турат.
— Мунуң калп! Морис Жеральд эч качан…
— Эч качан бул кылмышты кылмак эмес дейсиңби? Аны далилдөө керек. Анын айыптуу экенин
далилдене турганында шегим жок. Сотту абдан маашыр кылып, ага каршы эң күчтүү далилди биз
сенин оозуңдан угабыз.
Чочуп кеткен эликче, креолка эчтеке түшүнбөй, кабатыр болуп, жээнине элейип карап калды.
Луиза сүйлөгөнчө бир нече секунда өтүп кетти. Шектенип, күтпөгөн жерден кадиктенин, коркконунан
ал унчукпай турду.
— Сенин эмне демекчи болгонуңду түшүнбөдүм, — деди акырында Луиза. — Сен мени сотко
чакырышат дедиң. Эмне үчүн? Өлтүрүлгөн кишинин карындашы болсом да, эл сүйлөп жүргөн сөзгө
эчтеке кошо албайм, эчтеме билбейм.
— Ошондойбу? Сен башкалардан алда канчалык көп айта аласың. Маселен, ошол түнү бакта Жеральд
менен жолугушканыңы эч ким билбейт. Ошол жашырын көрүшүү убагында эмне болгонун да эч ким
сенден жакшы билбейт: ал ишке Генринин кийлигишкенин, жалаң карындашына гана эмес, бардык
үй-бүлөсүнө көө жабылат деген ой эсине келип, анын кандай ачууланганын, ал кишини өлтүрмөкчү
болгонун, эң акырында, уялбай, алданган кыздын болуша кеткени гана ага жолто кылганын сенден
жакшы эч ким билбейт. Кийин эмне болгону да: Генри акмак баладан бетер ошол шумпайдын
артынан жүгүргөнү, кандай ою болгону эч кимге белгисиз. Бирок алардын жаңжалын көргөн эки
гана киши бар.
— Эки кишиби? Ал кимдер?
— Бири — Кассий Кольхаун, экинчиси — Луиза Пойндекстер.
Луиза селт этип кеткен да, кыпындай таң калган да жок. Ал кыжырланып бир гана сөз айтты:
— Койчу?
— Койбой эле койдум, — деп жиберди Кольхаун өзүнүн сөзү эч кандай таасир кылбаганынан калтаара
түшүп, — менимче, эми түшүнүшүң керек…
— Мурункудан көбүрөөк түшүнгөнүм жок.
— Сен мени дагы узартып сүйлөсүн деп турасыңбы?
— Өз билгениңдей кыл.
— Эмесе, сага түшүндүрүп берейин. Атаңды бүлүнүүдөн, сени маскара болуудан куткара турган бир
гана мүмкүнчүлүк бар деп жатпаймынбы, Луиза. Эмне дегеними түшүндүңбү?
— Түшүндүм окшойт.
— Эми мага жок дебейсиңби?
— Эми мурдагыдан бетер макул эмесмин..,
— Ошондой эле болсун. Демек, эртең, эртең дал ушул маалда сотко барып, күбөнүн ордун ээлейсиң.
— Жүзү кара тыңчы! Көзүмө көрүнбөй жогол! Азыр эле жогол! Болбосо атамы чакырам!
— Убара болбой эле кой. Сага жакпаган соң, мен өзүмдү мындан ары таңуулабайм. Баарын жакшылап
ойлонуп көр. Балким, сот башталганча өз пикириңен айнырсың. Эгерде ошенте турган болсоң,
238
1 ПРОЛОГ
сотко чакырууну токтотуу үчүн, мага дал убагында билгизип кой. Жакшы жаткын, Лу. Сени оюман
чыгарбай, уктаганы кетейин.
Наалыгандай мурутунан күлүп, Кольхаун бөлмөсүнө кетти. Бирок анын кебетеси такыр жеңген
кишиникиндей болгон жок.
Анын дабышы угулбай калганга чейин Луиза кулагын түрүп, тыңшап отурду. Эки колун көкүрөгүнө
бекем басып, ал креслого отуруп калды, азыркыдай эч качан коркунуч жүрөгүн өйкөгөн эмес эле.

#67 09 June 2017 - 19:09
LXXXVI глава
ТЕХАСТЫН СОТУ =============
Экинчи күнү таң атып, шашке болду. Техастын саванасынын төбөсүнөн кызарып аткан таң Инж
фортунда нурун төктү.
Таң атар менен бардык жактан аскер шаарын көздөй келаткан атчан кишилер көрүндү. Алар эки-
үчтөн, кээде беш-алтыдан болуп топтошуп келатышты. Белгилүү жерге келер менен аттарынан
түшүп, аттарын мамыларга, а прериянын ортосунда казыктарга байлап коюшту. Анан топтошуп,
аянтка чогулушту да, кай бирөөлөрү кыштакка барып, тавернага киришти.
Чогулгандар — улуту да, кесиби да ар түрдүү кишилер. Аерден Европанын ар кандай өлкөсүнүн
өкүлдөрүн жолуктурууга болот. Алардын көпчүлүгү бою узун, чымыр кишилер; булар индеецтер
менен согушуп, кан менен сугарылган Жерлеринен аларды кууп чыгып, мурда вигвамдар турган
жерлерге жыгачтан уй салган, биринчи жолу ошерге көчүп келген кишилердин тукуму. Миссисипинин
боюнда алар токойду кыйып, өздөрүнүн өмүрүн өткөрүштү. Токою кыйылган жерлерге алардын кай
бирөөлөрү жүгөрү, кай бирөөлөрү пахта эге башташты. Миссисипи штатынын түштүк аймагында
жашагандардын көбү кант же тамеки өнөр жайларын өрчүтүү үчүн Техаска көчүп келген.,
Мал багуучуларды, мергенчилерди, мал менен соода кылгандарды, кала берсе кул сатып соода кылган
ар түрдүү коммерсанттарды жолуктурсаң да, аердегилердин көбү — плантаторлор.
Юристтер да, ченчилер да, малга тамга салуудан, команчаларга каршы жортуулга баруудан, Рио-
Гранденин наркы өйүзүндө талоончулук кылууга катышуудан кайра тартпаган ар кандай белгисиз
кесиптеги зөөкүрлөр да ошерде эле.
Өздөрүнүн кесиби сыяктуу, алардын кийими да ар түрдүү. Алардын кийимин биз жазып өткөнбүз, —
алар бир нече күн мурда Каса-дель-Корвонун короосуна чогулган эң ар түрдүү кишилер эле: айырмасы
эле — бүгүн алар өтө кеп болду. Ошону менен катар дагы бир бөтөнчөлүк: эркектер менен кошо бүгүн
аялдар да — зайыбдары, эже-карындаштары, кыздары да келди.
Алардын кай бирөөлөрү атчан келип, аттарынан түшкөн жок; кыры түшүрүлгөн жумшак калпактар,
аларды көз уялткан күндөн сактап турду. Кай бирөөлөрү арабалардын ак саяванынын же кареталардын
торко пардаларынын астына жайланышты.
Бүгүн сот болмок. Сот качан башталат деп баары ашыга-ашыга күтүп турушту.
Сеттльментте Морис-мустангер деген ат менен белгилүү болгон Морис Жеральдды соттошо турганы
жөнүндө айтуунун кажаты да жок чыгар.
Аны Генри Пойндекстерди өлтүрдү деп айыпташа турганы жөнүндө да айта кетүүнүн кажаты жок.
Көп сандаган опур-топур эл ошондой катуу айыптоо жарыялангандыктан чогулган жок; опат
болгон жигиттин же киши өлтүрдү деп айыпталган адамдын тагдырына бөтөнчө кызыккандыгы
үчүн да келишкен жок, — сеттльментте аларды аз билише турган. Ошол эле округ соту эң эле ар
түрдүү кылмыштарды нечен жолу тергештирген болчу: ууруларды, ар түрдүү митаам куруттарды,
эң акырында киши өлтүргүчтөрдү соттоп, анча-мынча гана кызыккан кишилер катышчу эле.
Сеттльментте сөз болуп жүргөн өл-
239
1 ПРОЛОГ
түрүү жөнүндөгү ишке тиешеси бар таң каларлык табышмактуу, адамдын көңүлүн жашыткан бир
катар кырдаал соттун текшерүүсүнө бөтөнчө кызыгууга себеп болду.
Албетте, ушул топураган элдин арасында жөн эле кызыгуу максаты менен аерге келбеген кишилер
да бар, себеби алар айыпталган жигиттин тагдырына чын жүрөгүнөн таламдаш эле. Андан да
тереңирээк кайгырып, күйгөн башка кишилер да ошерде болду, — алар өлдү деп эсептелген жигиттин
достору менен туушкандары эле. Кылмыштын далили али жок экенин унутууга болбойт.
Бирок анча-мынча гана шек калды. Бир-бирине байланышпаган бир топ кырдаал кылмыш чын
эле болгон экен го деп жоромолдоого мүмкүндүк берди. Ошондой пикирге кишилер абдан көнүп
калгандыктан, ал кайгылуу окуя жөнүндө алар өз көздөрү менен көргөн эмедей сүйлөштү.
Алар окуянын майда-чүйдөсүнөн бери уккусу, окуянын качан, кантип, эмне үчүн болгонун билгиси
келип гана күтүштү.
Саат он болду. Сот башталды.
Топураган элдин составында анча деле өзгөрүү болгон жок, бир аз гана кызыл-тазыл кебетеси жандана
түштү: граждандык кийимдердин арасынан аскер кишилердин мундирлери көрүндү.
Плантаторлор, мергенчилер, соодагерлер, авантюристтер менен катар эртең мененки парадды
бүтүрүп, драгундар, аткычтар, жөө аскерлер, артиллеристтер да келишти.
Сот жүрүп жатат.
Силер перила менен тегерете тосулган тектирчеси бар чоң зал, периланын ары жагында чоң стол,
анын наркы бурчунда лекция окулчу залдагы же чиркөөдөгү кафедрага окшогон жай бар деп ойлой
тургандырсыңар.
Арс чычкандын терисинен мантия кийген судьяларды, ак парик, кара кийим кийген адвокаттарды,
жалтыраган топчусу бар көк мундирчен клерктерди, приставдарды, репортерлорду, полисмендерди,
алардын артынан кээде чачын жакшылап тарабаган, кээде жуунбаган, деңиздей кылкылдаган баштар
менен жүздөрдү көргөн чыгарсыңар.
Эгерде Техастагы чек аралык сот жөнүндө билгиңер келсе, мына ушунун бардыгын унуткула.
Аерде соттун атайын имараты жок; ырас, ар түрдүү жыйналыштар өткөрүлүүчү бөлмө бар; соттун
заседаниеси да ошол бөлмөдө өткөрүлөт.
Күн абдан ысык болгону турган эле, ошондуктан соттун заседаниесин үйдө өткөрбөй, плацпараддан
анчалык алыс эмес жерге өскөн, саксайып испан балыры каптап кооздолгон, килейген дубдун
көлөкөсүнө өткөрүшмөкчү болушту. Ошерге чоң стол, столду айландыра булгаары капталган
жыйналма орундуктарды коюшту. Столдун үстүнө кагаз, каздын канаттарын, сот законунун
килейген китебин коюшту. Сыя челек, коньяк куюлган графин, бир нече рюмка, бир куту саванна
сигар, ширеңке алып келишти.
Столдун артына судья келди. Анын үстүндө арс чычкандын терисинен тигилген мантия да, кала берсе
пиджак да жок эле: ысык болгондуктан, ал жөн эле жалаң көйнөкчөн ишке киришмек болду. Парик
ордуна башына кыйшайта панама кийип, оозуна сигара тиштеп алган.
Калган орундуктарды өздөрүнүн кесиби жөнүндө костюмдары эч нерсе билдирбеген кишилер ээледи,
— алар адвокаттар, форттун командири, капеллан, доктор, офицерлер жана дагы кесиби дайынсыз бир
нече киши.
Четирээк жактан он эки присяжный орун алды. Алар сомдолуп жасалган скамейкага, башкалары жөн
эле көк чөпкө отурду. Судья менен присяжныйлардын айланасында топураган ар түрдүү кишилер
жардашып турду.
240
1 ПРОЛОГ
Окчунураак жакта, саяван арабалар менен экипаждарда аябай жасанган аялдар жайланышты.
Алар судьяга карап да коюшпайт, судьяга кээде кайдигер көз чаптырып гана тим болушат. Алар
присяжныйларга жакын, жыгачтан анчалык алыс эмес жерде турган үч кишиден көздөрүн алган
жок. Үч кишинин бирөө отуруп, экөө туруп турду. Отурган киши — айыпталуучу, туруп турган экөө
— сакчы.
Адегенде жалгыз Морис Жеральдды гана эмес, жолдош-жоролору менен кошо Мигуэль Диазды
жана Фелим О’Нилди да соттошмокчу болушкан эле. Бирок алгачкы тергөө убагында өзүнүн аерде
болбогонун далилдеп, мексикалык- мустангер, ошондой эле анын үч жолдошу эптеп акталып кеткен
болучу.
Алар индеецче кийингенибиз чын болчу деп мойнуна алышты. Бул факты мурун эле далилденгендиктен,
башка кыла турган иш калган жок. Бирок алар өздөрүнүн ошол жоругун тамаша кылдык эле деп калп
айтышты. Генри Пойндекстер жок болуп кеткен түнү ал төртөө тең үйүндө болгону, анын үстүнө
Диаз өлгөндөй мас экени аныкталгандыктан, аларды башка суракка алышкан жок.
Фелим жөнүндө болсо, аны соттун скамейкасына отургузууну зарыл деп табышпады, себеби ал күбө
катарында көбүрөөк пайда келтирер деп эсептешти.
Ошентип, соттун скамейкасына Морис-мустангер дегеи наам менен бардыгына белгилүү болгон
жалгыз Морнс Жеральд гана калды.
LXXXVII глава
ЖАЛГАН КҮБӨ ==============
Айыпталып жаткан кишини ошерде катышкандардын анча-мынчасы гана биле турган. Бирок ал
жөнүндө укпаган кишилер да аз эле. Балким, андайлар такыр болгон эмес да чыгар.
Жакында эле анын аты кеңири жайылган болчу. Кольхаун менен эрөөлгө чыкканына чейин аны
жапайы жылкы уулоочу жакшы аңчы катарында гана билише турган. Мустангерди бардыгы эр
жүрөк, келишкен сулуу, жылкыны жакшы сынаган, аялдарды өзүнө ашык кылган, жакшы жигит
деп эсептешчү эле. Анын жүргөн-турганы дайыма оор басырыктуу экенин, эрдик кылганы эч качан
акылсыздыкка өтпөй турганын, сүйлөгөндө сабырдуулук кылып, эч качан орой келжиреп, сөгүнбөй
турганын билишчү.
Анын кайдан келгени, эмне үчүн Техаска көчүп келип, жапайы жылкы уулоо сыяктуу таң каларлык
кесипти тандап алганы эч кимге белгисиз эле; андай кесипке техастык- тар өгөйлөп карай турган.
Ошонусу анын жалаң маалыматтуулугун гана эмес, тубаса жентльмен экендигин билгендер үчүн
бөтөнчө таң каларлык көрүндү; бирок анын ошондой экенин Техастын чек арасында анчалык
таназар кылышпай турган.
Киши өлтүрдү деп айыпталып, бетине көө жабылган Морис Жеральд ошентип топураган элдин
алдында турду. Аны ошентип айыптоо адилет болушу мүмкүнбү? Иштин карала башташын күтүп
тургандардын баары өздөрүнө эрксизден ушундай суроо берди.
Соттолгону жаткан кишиге кай бирөөлөрү жөн эле сонуркап, кай бирөөлөрү бүшүркөп, бирок
көпчүлүгү жектеп, кекенип карап турушту.
Бирок дагы бирөө бар. Анын көзү башкалардыкындай болбой, такыр башкача карайт. Ал көздөн
дүмөктөнүүнү, назиктикти да, ошону менен катар айтканынан кайтпаган тайманбастыкты да көрө
аласыңар.
Купкуу болгон жүзү каретанын пардасына жашырынып турса да, кыздын ошентип көзүнүн нурун
чачып караганын көбү байкап турду. Бирок анын сырын анча-мынча гана киши түшүндү.
241
1 ПРОЛОГ
Ошол түшүнгөндөрдүн ичинде камалган киши да бар эле. Ал көз өзүнө карап турган, камактагы жигит
өзүнүн кор болгонун унутуп койду. Ооруп жаткан кезинде кыялданып эңсегенин эми эң сонун чындык
экендигин ал азыр түшүндү. Кекенип турган элдин арасында өзүн өмүр бою кыйбай турган назик
жолдошу бар экенин да билди.
* * *
Соттун тергөөсү бөтөнчө эрежелерди сактабастан эле башталды. Судья панамасын алып, өчүп калган
сигарасын күйгүзүп тартты. Беш-алты жолу кериле тартып, ал сигарасын оозунан алды да, столдун
четине коюп, мындай деп сүйлөй баштады:
— Жентльмендер менен присяжныйлар! Биз биерге майда-чүйдөсүнөн бери өзүңөргө белгилүү
болгон ишти кароо үчүн чогулуп отурабыз. Биздин эң кадырман граждан- дарыбыздын биринин уулу
өлтүрүлдү. Камалып алдыңыздарда отурган киши ошону өлтүрдү деген кылмыш менен айыпталат.
Көрсөтмөлөрдү укканыңардан кийин, ал туура айыпталып жатабы, жокпу деп силер чечүүңөр керек.
Анан айыпталуучуга салт болуп калган суроо беришти:
— Сиз өзүңүздү күнөөлүүмүн деп мойнуңузга аласызбы?
— Жок, — деген акырын, бирок кесе айткан жооп угулду.
Кассий Кольхаун жана дагы аны менен катар турган жергиликтүү бир нече киши ишенбегенсип,
мурутунан күлүп койду.
Судья унчукпай, сигарасын алды. Мамлекеттик адвокат алгачкы бир нече эскертүүдөн кийин
күбөлөрдү суроого киришти.
Адегенде Франц Обердоферди чакырышты.
Кесиби жөнүндө жана ошол өңдүү бир нече формалдуу суроодон кийин аны бул иш жөнүндө
билгениңи бүт айтын бергин дешти.
Обердофер баягы мурунку айткан сөзүн кайталады. Ал Морис Жеральд баягы жаш Пойндекстер
жоголгон түнү менин мейманканаман бардык счеттору боюнча акчасын төлөп, жүрүп кеткен эле,
акчасы мол көрүнгөн болчу, анын акчасы мол болгон учур аз болчу эле деди.
Мустангер Нуэсестин боюндагы үйүнө кеткен. Ырас, кетип баратам деп айткан эмес, себеби
экөөбүздүн ортобузда достук мамиле жок эле, Менин ошондой деп ойлогон
себебим: мурунку күнү мустангердин малайы анын буюмдарын Морис Жеральд өзү атына артып
кеткен эле деди.
— Ал эмне алып кетти эле?
Анын мылтык алып кеткенине күбөнүн көзү жетпейт экен, бирок анын мылтыгы болсо керек эле,
мексикалык- тардын каадасы боюнча мылтыгы ээринин канжыгасына байлануу жүргөндөй көрүнгөн
экен.
Бирок ал анын кабына салынган тапанчасы, куруна байланган шамшары бар экенин ишенгендик
менен айтты.
Каадасынча Жеральддын кийгени мексикалык костюм, ийнине арта салынган чаар ала серапэси бар
эле. Эртең эрте кетем деп айтса да, анын түн ичинде кеткени таң каларлык көрүндү.
Ал түн ортосуна чейин болгон жок, бирок аты мейманкананын атканасында калган болучу. Кайтып
келери менен кетүүгө даярдана баштады. Мустангер өтө эле делебеси козголуп, шашып турду. Бирок
анын андай болгонуна шарап себеп болгондой сыяктанды. Ырас, ал флягасына виски толтуруп алды,
бирок мейманканада ичкен жок.
242
1 ПРОЛОГ
Делебеси козголуп турганына шек санабасам да, мустангер бүтүндөй сопсоо болгонуна карганып
берүүгө даярмын деди күбө. Атын токуп жатып, ал ачууланган эмече өзү менен өзү сүйлөшө берди.
Бирок антип сүйлөгөнүнө аты себеп болгон эмес, Мейманканага кайра келелекте болгон бир нерсеге
ачуусу келип, кандайдыр бирөөгө кекенип турган болуу керек деп ойлоптур күбө.
Жеральд каякка барган экен? Аны мейманкананын кожоюну адегенде билбептир. Сеттльменттин
четинен өтүп, Пойндекстердин плантациясын көздөй, дарыяны бойлоп төмөн түшүп кеткенин көргөн
кишилер гана кийин ага айтышыптыр. Соңку үч-төрт күндүн ичинде аны ошол жер- ден күндүз да,
түндө да, атчан да, жөө да көп көрүшкөн экен.
Айыпталган кишинин кайгылуу окуя болордон мурунку күнү жүрүш-турушу жөнүндө Обердофердин
көрсөткөнү негизинен мына ушундай болду.
Андан Генри Пойндекстер жөнүндө сурашты.
Жаш Пойндекстерди ал аз билчү экен, себеби мейманканада аны такыр болчу эмес экен деп айтууга
да болот, Мейманканага ал ошол каргашалуу түнү гана келиптир.
Күбө анын келишине таң калыптыр, таң калган анча-мынча себеби — күбө аны көп көрүп үйрөнгөн
эмес экен, айрыкча түн ортосунда.
Жаш Пойндекстер тавернага кирбептир. Салунга баш багып кожоюнду эшикке чакырыптыр.
Ал мистер Жеральдды көрмөкчү болгон экен. Ал да мас эмес, бүтүндөй сопсоо, бирок бирдемеге
жээликкенсип турган экен. Мустангердин кетип калганын билгенден кийин ал мурдагысынан бетер
толкундана баштаптыр. Мага Жеральд дал азыр керек эле дептир. Аны кайсы тарапты көздөй кетти
деп сураптыр. Күбө аны мустангер дал ошол жол менен кетти го деп ойлоп, Рио-Гранде тарапты
көздөй жибериптир.
Жаш Пойндекстер мустангерди кууп жетем го деген ой менен ошол тарапты көздөй кеткен экен.
Обердоферди суракка алуу ушуну менен бүттү. Анын айткандары айыпталган кишинин пайдасына
сүйлөнгөн жок. Жеральддын кетем деген саатын өзгөрткөнү бөтөнчө шектүү көрүндү. Обердофердин,
балким апыртыбыраак, мустангер капаланып, ачуусу келип турду эле дегени айыпталган кишинин
пайдасына шыбаа болгон жок.
Бирок эмне үчүн Генри Пойндекстер да толкунданып турду? Эмне үчүн ал Жеральдды кууп жетүүгө
шашып, өзүнүн жупуну адетине, түн ортосу болуп калганына карабастан, анын артынан кетти?
Эгерде тескерисинче болсо Жеральд беркинин артынан бармакчы болуп, жигит жөнүндө сураштырса,
иштин жөнү түшүнүктүү болор эле. Бирок ошондой болгондо да өлтүрүүгө эмне үчүн оолукканы туюк
бойдон кала берет эле — соттун алдында ушул кырдаалды ким ачык айтып бере алат?
Бир нече күбөнү чакырышты. Бирок алардын айткандары кырдаалды мурункудан бетер чатыштырды.
Алар соттолуп жаткан киши менен Генри Пойндекстердин мамилеси жакшы эле деп ырасташты.
Акырында, бүтүндөй тескери нерсени далилдеген күбө чыкты. Ал — капитан Кассий Кольхаун эле.
Анын сөзү тергөөнүн мүнөзүн бүтүндөй өзгөртүп жиберди. Өлтүрүү себептерин айгак болуп айтканы
мындай турсун, ал кылмышты өтө апыртып, отургандарды кайгыртып сүрөттөдү.
Ушундай нерсени айтып бергениме абдан өкүнөм деп, чечендик менен сөз баштагандан кийин
Кольхаун бардыгы жөнүндө: Мустангер менен Луизанын көрүшкөнү, Генри Пойндекстер менен
мустангерднн чатакташканы жөнүндө сүйлөп берди. Анын сөзүнө караганда, Жеральд опузалап
коркутуп, анан кеткен экен. Кольхаун мустангерди Генри кууп жетмекчи болуп кеткени жөнүндө
сүйлөдү; бирок жигит аны эмне үчүн кууп жетмекчи болгону жөнүндө
243
1 ПРОЛОГ
капитан ооз ачкан жок. Ошол окуяда өзүнүн кандай роль ойногонун да ал айткан жок.
Ушул жоболоңдуу бет ачуу угуп тургандарды таң калтырды. Бардыгы — сот да, присяжныйлар да,
карап тургандар да айран-таң калды. Элдин арасынан нааразы болуп күңкүлдөгөн сөздөр угулду.
Мустангердин кылмышынын оордугу эки эсе күчөп кетти: ал Пойндекстердин уулун өлтүргөнү
мындай турсун, анын кызын да маскара кылган болуп чыкты.
Кольхаун ушинтип сүйлөп жатканда, угуп тургандардын арасынан күңгүрөнгөн добуш угулду. Ал
добуш шордуу плантатор чалдын көкүрөгүнөн чыккан күйүт эле.
Бирок карап тургандардын көзү Пойндекстерге көпкө токтолгон жок. Карагандардын көздөрү
нарылап, бардыгын өзүнүн сулуулугу менен айран-таң калтырган кыздын көзү көрүнгөн каретага
жамырады.
— Луиза Пойндекстер! — деп жарыялады күбөлөрдү чакырып турган жарчы.
Кольхаун айткан убадасында турду.
LXXXVIII глава
ЭРКСИЗ КҮБӨ ===============
Бир калыпта чакырган сөз үч жолу айтылып бүткөнчө, Луиза Пойндекстер каретанын баскычынан
түшө баштады.
Соттун мүчөсү ээрчип келаткан Луиза күбөлөр турчу жерге келип токтоду. Кыпындай да коркпой, ал
тайманбастан соттун алдына келди.
Баары ага карап калышты. Кай бирөөлөрү бүшүркөгөнсүп карады. Анча-мынчалары, балким,
жектеп да карагандыр. Бирок кылмышка жакындык да эч кандай кадик туудурбай турган кыздын
сулуулугуна көпчүлүгү көрүнөө кубанып карашты.
Бирок бир гана киши башкалардай карабай, бөтөнчө карады. Анын көз карашынан мээримдүү сүйүү,
билинер- билинбес дүмөктөнүү байкалып турду.
Ал айыпталып жаткан киши эле. Бирок, башка эч кимди көрбөгөн сыяктуу, Луиза аны да көргөн жок.
Бир гана киши — жаңы эле күбө болуп чыккан киши анын кунт коюшуна арзыды. Ал өзүнүн жээни
Кассий Кольхаунга жөн эле жутуп жиберчү немедей карады.
Корсунуп, Кассий Кольхаун кетенчиктей түштү да, элдин арасына кирип кетти.
— Агаңыз жок болгон түнү каерде болдуңуз эле, мисс Пойндекстер? — деп сурады кыздан айыптоочу.
— Үйдө атамдын гасиендасында.
— А бакка бардыңыз беле?
— Ооба. Болгом.
— Теңир жалгагыр, кайсы саатта болгонуңузду айтыңызчы?
— Түн ортосунда, күнү бүгүнкүдөй эсимде.
— Жалгыз болдуңуз беле?
— Жок дайыма эмес.
— Демек, анча-мынча убакыт сиз менен дагы бирөө болгон экен го?
— Ооба.
— Өзүңүз менен ким болгонун айта аласызбы?
244
1 ПРОЛОГ
— Мени менен агам бирге болгон.
— Бирок агаңыз келгенге чейин бакта сиз менен дагы башка бирөө болду беле?
— Ооба.
— Биз ошо кишинин атын уккубуз келет. Аны жашырбассыз деп ойлойбуз.
— Эмне үчүн жашырмак элем, ал мистер Морис Жеральд болчу.
Анын жообун уккан элдин таң калганы мындай турсун, аны жектеп, кыжырланышты.
Айыпталып жаткан кишинин көзүнөн жеңип чыккандай кубанган нур жаркырай түштү.
— Суроого уруксат этиңиз: кокусунан жолуктуңуздар беле, же күн мурунтан убадалашып коюп
жолуктуңуздар беле? — Убадалашып жолукканбыз.
— Сизге дагы бир оңтойсузураак суроо берүүгө туура келет. Мени жаман көрбөңүз, мисс Пойндекстер,
иштин жөнү ушундай болуп жатат. Жолугушканыңыздардын мүнөзү же, тагыраак айтканда, максаты
кандай эле?
Луиза эки ойлуу боло калды, бирок анысы көз ирмемге да созулган жок. Боюн керип, ал айланасында
тургандарга тартынбай карап, жооп кайтарды:
— Мүнөзүбү же максатыбы — бул акыр-аягы баары бир. Мен эч нерсе жашыргым келбейт. Бакка
сүйгөн кишим менен көрүшөйүн деп чыккам; ал киши азыр кылмыш кылган киши катарында
айыпталып, ушерде, силердин алдыңарда турганына карабастан, мен аны азыр да сүйөм. Эми сэр,
алымсынгандырсыз?
— Жок, али бүтө элек, — деп айыптоочу элдин арасынан нааразы болуп күңкүлдөгөндөргө көңүл
бурбастан, суракка алганын уланта берди. Мен сизге, мисс Пойндекстер, дагы бир суроо беришим
керек. Сизден мурун сурак берген күбөнүн эмне дегенин уктуңузбу? Агаңыз айыпталган киши менен
чатакташып ажырашты эле дегени чыңбы?
— Бүтүндөй чын.
Эл нааразы болуп, дуулдап кетти. Жооп Кольхаундун айтканын ырастады. Өлтүрүүгө ниети бар экени
эми ачык болду. «Асуу керек» Мустангерди асып өлтүрүү керек!» деген үндөр угулду.
— Тартипке чакырам! — деп кыйкырды сот, оозунан сигарасын алып, топураган элге буйрук бергендей
акырая карап.
— Агам анын артынан аябай ачуусу келгенинен кеткен эмес, ал мистер Жеральдды кечирген болчу,
— деп Луиза Пойндекстер суроону күтүп турбай эле сөзүн улантты — Агам кечирим сураганы анын
артынан кууп жеткени кеткен.
— Мен анча-мынча кошумчалашым керек, — деп Кольхаун белгиленген тартипти бузуп, кийлигише
кетти. — Алар кийин жаңжалдашкан болчу. Мен азотеяда баарын угуп тургам.
— Мистер Кольхаун, — деп судья аны токтотуп койду, — « сот сизден сураганда айтып берерсиз,
азырынча жолто кылбасаңыз экен.
Дагы бир нече кошумча суроо берилди да, Луиза күбөлүк милдеттеринен кутулду.
Ал өзүнүн ордуна кайра келди; кабыргасы кайышып, зээни кейиди. Чындыкты айтып, жардам
бергиси келген кишиге зыян гана келтиргенин кыз түшүндү… Элди аралай басып баратып, ал жектеп,
кара санап карагандарын сезип турду.
* * *
245
1 ПРОЛОГ
Кольхаунду дагы чакырышты. Күбө катарында ал дагы чыгып сүйлөдү. Анын ар бир сөзү калп болду,
бирок айыпталган кишини жек көрүүнү элдин арасында ого бетер күчөтүп жиберди.
Кыжырдануу кайра күчөдү. «Асып өлтүрүш керек!» — деп кыйкырган үндөр мурдагыдан бетер
кекенип, катуу чыкты.
Азыр элдин ниети мурдагыдан активдүү боло түштү, Эркектер күрмөлөрүн чечин, калпактарын
асманга ыргыта башташты.
Кала берсе каретадагы аялдар да айыпталган кишиге кутургандай кекенүүгө ортоктош болду; буга
парданын ары жагында отурган кыз гана кошулган жок.
Анын да кыжыры келди, бирок башка себеп боюнча. Элдин ушинтип кыжырланышына өзү себеп
болбодубу. Морис Жеральддын айыптуу экендигин далилдеген сөздү дал өз оозуңан угушат деп,
Кольхаундун эжелеп айтканы ушундай кыйын учурда Луизанын эсине түштү.
Элдин толкундаганы улам күчөй берди. Айыгыштырган үндөр угулуп жатты. Мээримсиз кыйкырыктар
улам көшөрүп, ырбай берди.
Судья Робертстин абалы — олку-солку боло баштады. Линчтин законсуздугу дагы орун ээлемекчи
болду.
Ошондо эмне болот? Анда соттун тергөөсү бүтөт да, өкүм ачык болгондуктан, ал өкүмдү жүзөгө
ашыруу гана калат.
Тажрыйбалуу желдеттер бул ишти бирпаста эле жүзөгө ашырат. Бир нече минутадан кийин Морис-
мустангердн азыр анын төбөсүнө бутактары тийип турган дубга асып өлтүрүшөт.
Ээнбаштык менен соттоонун башталышына качан сигнал берилет деп күтүп тургандардын баары
ушундай деп ойлоду.
Бирок айыпталган кишинин бактысы бар окшойт, ошерде тургандардын арасында пейли башка
кишилер да бар экен.
Бир топ аскер киши күйпөңдөп кеңеше кетти. Алар командири баш болгон форттун офицерлери эле.
Бир нече секунддан кийин алар өзүнчө чечим чыгарды. Майордун буйругу боюнча чоор тартылды.
Ошол эле замат кырк драгун, дагы ошончо аткычтар мамы кашаанын нары жагынан көрүндү.
Ойлонбой аракет кылган сыңары, алар унчукпай, чууруй басып, соттун мүчөлөрүн үч тарабынан
курчап алды.
Топураган эл уу-дуусун токтотуп, бат эле тынчый баштады.
Эми Линчи соту болот экен деп ойлоого болбойт эле. Мамлекеттик закон кайра өз күчүнө кирди. Судья
Робертс өзүнүн милдетин кайра орундата баштады.
— Граждандар! — деп кыйкырды ал элге кайрылып. — Закондун талаптарына моюн сунуш керек?
Өзүн актоо үчүн бир да ооз сөз сүйлөтпөй туруп, кишини жөн эле асып өлтүрүүгө болбойт го! Бул
законсуз, адилетсиз иш, бул киши өлтүргөн менен барабар.
— Бул эмне, киши өлтүргөндүк эмес бекен? — деп кыйкырды Кольхаундун жанында турган баш
кесерлердин бири. — Бул жаш Пойндекстерди өлтүргөн экен, мунун өзүн да ошентип өлтүрүш керек,
— Өлтүргөнү али далилдене элек. Силер али бардык кишинин айткандарын уга элексиңер. Экинчи
тараптагы күбөлөрдүн эмне айтканын да угуш керек.
Судья буйрук берди да, жарчы Фелим О’Нилди чакырды.
246
1 ПРОЛОГ
Мустангердин малайынын чатыштырып сүйлөгөнү, кээде бүтүндөй чындыкка окшобогон сөздөрү
кожоюнуна анча дале пайда келтирген жок.
Анан экинчи күбөнү чакырышты:
— Зебулон Стумп!
Лакыйган чал элдин арасынан чыга келди; сеттльменттеги эң мыкты мергенчи — Зеб Стумпту
бардыгы билчү эле.
Карап тургандар дымын чыгарбай, кулагын түрүп калды. Табышмактуу сырды ача турган ачкыч Зеб
Стумпта экенине бардыгы дээрлик ишенип турду.
— Болуптур, мырза судья, — деп баштады картаң мергенчи соттун бетине тике карап, — бул иштер
жөнүндө билгенимдин баарын төкпөй-чачпай айтып берүүгө даярмын. Эгерде присяжныйлар каршы
болбосо, мен адегенде жигит өзү түшүндүрсүн дээр элем. Андан кийин мен өз билгендерими, анын
айткандарын ырастай тургандай сөзүмдү айта жатармын.
— Кайсы жигит жөнүндө айтып жатасыз? — деп сурады сот.
— Албетте, мустангер жөнүндө. Жаш Пойндекстерди өлтүрдү деп айыптап жаткан кишиңер жөнүндө.
— Антүү белгиленген законду анча-мынча, бузат, — деп жооп кайтарды сот, — бирок акыр-аягы биз
үчүн чындыкты билүү зарыл. Өзүм жөнүндө болсо, мен иштин формалдык жагына анчалык чоң
маани бербейм, эгерде присяжныйлар каршы болбосо, мейли, сиздин айтканыңыздай болсун.
Он эки присяжный тең каршы болушкан жок.
LXXXIX глава
АЙЫПТАЛУУЧУНУН ЫИАНДАЙ СЫРЫ ===========================
Айыпталуучу алга чыкты, кароочулар анын артынан эки кадамдай жерге келип токтоду. Тымтырс
болуп калды. Бардыгы мустангерден көзүн айырбай карап турушту. Ымандай сыры боло турган
сөздүн бирин да укпай калбагай элек деп бардыгы дымын чыгарбай, кулагын түрүп калды.
— Мырза судья менен присяжныйлар! — деди Жеральд
Техаста кабыл алынган формага ылайык сөзүн баштап. — Сүйлөө үчүн мага мүмкүнчүлүк
бергениңерге абдан ыраазымын. Биерде айтылып кеткен табышмактуу кырдаалга карабастан,
баарынан мурда менин айта турган сөзүм жөнөкөй жана табышмактын анча-мынчасына гана жооп
кайтарат. Биерде укканыңардын баары эле чын эмес. Айткан сөздөрдүн бир кыйласы — бүтүндөй
калп: болгондо да ошону айткан кишинин өзүндөй калп.
Айыпталып жаткан киши Кассий Кольхаунга тигиле карап калды. Өзүн көздөй тапанча сунулгансып,
Кассий Кольхаун анын кез карашынан бүрүшө түштү.
— Мисс Пойндекстср менен жолугушканым чын. Бул асыл зат өзүнүн чын айтышы менен мага да
биерде чын сырымды айтууга мүмкүнчүлүк берди; андай болбосо, мен батынып бүткүл чындыкты
айта албайт элем. Мындан ары айтылган сөзгө да ишенсеңер экен деп өтүнөм. Биздин жашырын
көрүшүп жүргөнүбүз да, ал көрүшкөнүбүздү Генри Пойндекстердин бузуп кеткени да чын. Генри
Пойндекстер менен чатакташканым, тагыраак айтканда, мени анын тилдегени да ырас. Бирок биздин
чатакташканыбыз кайра башталды эле деген сөз туура эмес. Ошентип карганып сүйлөгөн киши, эгер
өзүнө арзый тургандай ага жооп берүүгө мүмкүнчүлүгүм болсо, антип айтууга батынбайт эле.
Коркконунан элдин арасында жашырынып турган Кольхаунга айыпталган жигиттин көзү дагы
мадалды.
247
1 ПРОЛОГ
— Тескерисинче, — деп сөзүн улантты Жеральд, — Генри Пойндекстер экөөбүз кайра жолугушуп,
болгон окуя жөнүндө ал өкүнгөнүн айткан болчу. Өзүм тууралуу болсо, экөөбүздүн жарашканыбызга
абдан кубанган элем.
— Демек, иши кылып, жарашкан экенсиздер да? — деп сурады сот беркиннн токтон калганынан
пайдаланып. — Каерде жараштыңыздар эле?
— Өлтүрүү болгон жерден төрт жүз ярд чамасында.
Судья ордунан турду. Заседателдер да турду. Карап
тургандар мурдагысындай эле тура берди. Таң калган үндөр дагы кайра чыкты. Кылмыш болгон жер
жөнүндө алигече эч ким айткан эмес болчу.
— Сиздин айтайын дегениңиз жанагы кан төгүлгөн жер го? — деп сурады сот көп батынбагансып.
— Менин айтайын дегеним, Генри Пойндекстер өлтүрүлгөн жер. Эми күбүр-шыбыр, күңкүлдөгөн
дабыштар гана угулуп турду. Эң катуу чыккан добуш — онтоо болду. Бул — баласы жок экенине
эми шек кылбай калган Пойндекстер чалдын көкүрөгүнөн чыккан онтоо эле. Генри, балким, али
тирүүдүр, ооруп калып, же индеецтерге туткунга
түшүп же дагы башка себептен келе албай жаткандыр деген үмүт, ошого чейин атасынын оюнан
кетелек болчу. Ошол убакка чейин анын уулунун өлгөндүгү жөнүндө ачык далил жок эле; анчалык
ишенерлик эмес, окусунан болгон айрым жоромолдор гана бар эле. Эми андай үмүткө эч кандай асыла
албайсың — уулунун өлтүрүлгөндүгү жөнүндөгү фактыны айыпталуучу өзү ырастады.
— Демек, Генри Пойндекстердин өлгөнүнө ишенет экенсиз да? — деп сурады каралоочу камактагы
мустангерден.
— Толук ишенем, — деп жооп кайтарды айыпталуучу. — Эгерде сиз мен көргөндөй жакын жерден
көрсөңүз, алдыгындай суроо бергениңизден эч кандай пайда жок экенин түшүнөр элеңиз.
— Демек, өлүгүн көргөн экенсиз да? — деп каралоочу дагы сурады.
— Суракты мындай жүргүзүүгө мен каршымын, — деп, жактоочу кийлигише кетти. — Бул законду
тике бузгандыкка жатат.
— Биздин өлкөнүн соту мындай кылууга жол бербес эле, — деп кошумчалады ирландиялык адвокат.
— Каршы-терши суроо берүү убактысы жетмейинче, бизде сүйлөө үчүн айыптоочунун укугу болбойт.
— Биздин өлкөнүн закону да ошондой, — деди сот тартипти бузган кишини карай опузалагандай
жаңдап. — Айыпталуучу, сөзүңүздү уланта бериңиз. Сиздин жактоочуңуз өзү керек деп тапкан
суроолорду сизге бере алат. Бирок сиздин сөзүңүз бүтмөйүнчө эч кимдин суроо берүүгө акысы жок.
Узата бериңиз. Бизге айта ала турган нерсеңиздин баарын уккубуз келет..
— Мен жарашканыбыз жөнүндө, — деп сөзүн улантты айыпталуучу, — каерде? жарашканыбызды
айтпадымбы. Эми, калганын түшүндүрүл беришим керек. Мисс Пойндекстер, анын агасы үчөөбүз
кандай ажырашканыбызды билесиздер. Экөөн калтырып, мен дарыядан сүзүп өттүм; анткенимин
анча-мынча себеби: кандайча өтүү жөнүндө ойлоно албай, өтө эле толкунданып турдум эле;
экинчиден, бакка менин кантип келгеними Генриге билгизгим келген жок. Антиш үчүн менде негиз
бар эле. Дарыядан сүзүп өтүп, сеттльментти көздөй жөнөдүм. Түн абдан жылуу болучу; ошондой
болгону көбүңөрдүн эсиңердедир; мейманканага барып жеткенче, кийимим бүт кургап калды.
Таверна али ачык экен да, кожоюну стойканын ары жагында туруптур, Мен үчүн бөтөнчө мейман
дос болбогон үйдө калгым келген жок да, Аламого түн ичинде кайра келмекчи болдум. Жигитимди
алдан жиберип, өзүм эртесинде эртең менен жөнөйм го дедим эле, бирок Каса-дель-Корводо болгон
окуя мени шашылыш кетүүгө аргасыз кылды. Обердофер менен эсептешип, жөнөп кеттим.
248
1 ПРОЛОГ
— А төлөгөн акчаларыңызчы? — деп сурады айыптоочу. — Акчаны кайдан алдыңыз эле?
— Мен каршымын! — деп жактоочу анын сөзүн бузуп кетти.
— Тартип эмес бекен, э! — деп жиберди ирландиялык адвокат, айыптоочуга олурая карап. — Эгерде
Ирландияда ушундай болсо, сиз менен башкача сүйлөшөр эле.
— Сабыр кылгыла, жентльмендер, — деди судья буйрук бергенсип. — Айыпталуучу сөзүн уланта берсин.
— Мен жай бастырып отурдум, шаша турган ишим жок эле. А түнү каерге түнөсөм да, уктай алмак
эмесмин — прериядабы, же өзүмдүн кепемдеби, — баары бир эле, Аламого таңга жуук жетерими
билгем, андан мурун баруунун мага кереги да жок болчу.
Ойго батып баратып, арт жагымы кылчайып караганым жок, — чынымы айтсам, артымдан бирөө
жете келеби деп, кылдай да шектенген эмес болчумун. Бадалдуу токой менен жарым милядай жол
жүрүп, Рио-Грандеге кетүүчү жерге жеткенимде арт жагыман аттын дүбүртү угулду.
Жаңы эле бурулган болчумун, ошондуктан атчан кишини көрө алганым жок, аердеги жол чукул
бурулат. Бирок кимдир-бирөөнүн таскактатып келатканын угуп турдум. Прерияда өткөргөн
турмушуман өнөкөт болуп калган каадамча, ойлонуп турбастан эле, чытырман токойду көздөй
шарт бурулуп, атчан киши жакындап келгенче күтүп турдум.
Жаңы эле жаңжалдашып ажырашкан кишини көргөнүмдө, кандай таң калганымды элестетип
көрүңүздөрчү. Жаңжалдашып дегенимде өзүмдү эмес, аны айтып жатам.
Анын азыр кыялы кандай экенин билгеним жок. Бал- ким, карындашымы маскара кылып койдубу деп
шек санап, мени эрөөлгө чакырабы деп ойлодум. Сот алдында жашыргым келбейт, Генрини көргөндө
дал ошондой пикир оюма келе калган.
Айыптуу экенимди сезбеген соң жашырынганым жок. Ырас, анын карындашы менен жашырын
жолугушуп жүрчү элем. Бирок ал үчүн мен да, кыз да айыптуу эмес, башка кишилер айыптуу. Кызды
бүткүл жүрөгүм менен, эң назик, ууздай таза жүрөгүм менен сүйчү элем. Азыр да аны дал ошондой
сүйөм.
Луиза Пойндекстер каретанын түшүрүлгөн пардасынын нары жагында, бир кыйла окчун болсо да,
айыпталуучунун оозунан чыккан ар бир сөздү угуп отурду. Жигиттин жашырбай, чынын айтканы
— кыздын сезиминин жаңырыгы эле. Купкуу болгон бети кызара түштү, бирок ал уялганы нан
кызарганы эмес, кубанганынан кызарганы эле.
Кыз кубанганын жашырууга тырышкан жок, тескерисинче, аны караган киши каретасынан азыр эле
ыргып чыгып, өзүнүн агасын өлтүргөн үчүн соттолуп жаткан кишини көздөй жүгүрөт го деп ойлойт
эле; сүйгөн аялдай тайманбай, ал абийирсиз каралоочулардын бетине жектеп карады.
Кайгынын көлөкөсү кыздын бетин кайра томсортту, бирок күнүлөгөнүнөн анткени жок, оорулуу
кишинин жанында олтуруп уккан сөздөрү Луизанын күнү бүгүнкүдөй эсинде эле. Ошол сөздөрдөн
шектенүүгө болот беле? Эми ошол сөздөр акыл-эси чайыттай ачылып, алдагыдай эч кандай себеби
жок, өлүм оозунда турган кишинин ымандай сырынан далилденди.

#68 09 June 2017 - 19:10
ХС глава
ЗАСЕДАНИЕ КҮТПӨГӨН ЖЕРДЕН ТОКТОП КАЛДЫ ======================================
Айыпталуучунун акыркы сөзү Луиза Пойндекстердин жүрөгүн кубанычка толтурса, башкаларга
бүтүндөй тескери таасир кылды.
Элдин арасынан нааразы болуп күңкүлдөгөн добуш дагы чыкты. Кольхаундун жан-жөкөрлөрү дагы
чуулдай баштады. Майор өзүнүн отрядын дагы олуттуу карап койду. Сот зобололуу үн менен:
250
1 ПРОЛОГ
— Чуулдабагыла! — деди.
Дагы тымтырс боло калды. Айыпталуучу дагы сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алды.
Ал сөзүн улантты:
— Генри Пойндекстерди тааный коюп, токойдун арасынан чыктым да, атымдын оозун жыйдым. Бир
кыйла жарык эле, ал да мени дароо эле тааный койду.
Өзүм күткөндөй жаман жолугушуунун ордуна, анын жайдары жүзүн көрүп, кубанып кеттим, таң
калдым; жолугушканыбыз жаман болот го деп ойлоо үчүн менде толук негиз бар эле.
Ал досчосунан мага колун сунуп, адегенде эле өзүнүн каны кызуулук кылганы үчүн менден кечирим
сурады. Балким, жакында менин жек-жаатымын колу болот го деп үмүт кылып жүргөн колду кагуу
кысканым жөнүндө айтуунун кажаты жок чыгар. Анын колун дагы бир жолу экөөбүз ажырашканда
кыстым.
Присяжный мырзалар! Ал экөөбүздүн ортобузда болгон сөздү кайталап айтып, силердин убактыңарды
текке кетиргим келбейт, — ал сөз соттун бул текшерүүсүнө эч кандай тиешеси жок.
Биз бир кыйла жерге чейин жанаша бастырып бардык да, анан дарактын түбүнө токтодук. Ошерден
сигара алмашып чектик. Өзүбүздүн достугубузду бекемдөө үчүн калпагыбыз менен плащтарыбызды
алмашып кийдик. Мындай адатты мен команчалардан көргөм. Мен Генри Пойндекстерге
мексикалык сомбрером менен ала серапэмди бердим, анын ордуна анын плащы менен калпагын
алдым.
Ошондон кийин экөөбүз коштоштук — ал жөнөп кетти да, мен ошерде калдым.
Аламону көздөй жүрүп кетпестен, эмне үчүн ошерде калганымы жакшы биле албайм. Ошентип
жарашуу болгон дарактын түбүнө түнөгүм келген окшойт.
Агыман түшүп даракка байлап койдум: анан плащка оронуп, калпагымы албай, көк чөпкө жаттым.
Үч секундадай убактан кийин уктап кеткен экенмин. Менин андай уктаган учурум өтө сейрек боло
турган. Жанагыдай кайгырып-капалангандан кийин көңүлүм жайланып, магдырагандыктан, тез
уктаган окшойм.
Уктаганым көпкө созулган жок. Бир нече минута өтө элек жатып эле, мылтыктын тарс дегенине
окшогон катуу дабыш ойготуп жиберди.
Атым кулагын чунандатып, кошкуруп жиберди. Ордуман ыргып туруп, тыңшай баштадым. Бирок
андан башка эчтеме уга алганым жок. Мустангым тынчтанып калды да, экөөбүз тең жанылган
экенбиз го деп божомолдодум. Ат токойдо жортуп жүргөн жырткычтын жакын келгенин сезген го
балким биз мылтыктын тарс эткенин укпай эле, бас- канда бутактын карс этип сынып кеткенин
укканбыз го деп ойлодум.
Көк чөпкө кайра жатып, дагы уктап кеттим. Бу жолу таң атканча уктадым да, таңга маал чучугума
жеткен сыздан ойгондум.
Эми дарактын түбүндө жата берүү жагымдуу болгон жок. Аттанууга белендене баштадым. Мылтыктын
тарс эткени дагы эле кулагыма угулгансып туруп алды. Генри Пойндекстер кеткен тараптан угулуп
тургандай сыяктанды. Жүрөгүм бирдеме сезгендей тынчый албадым да, барып эмне болгонун билгим
келди,
Узак дале жүргөнүм жок. Кудая тобо! Эмне көргөнүмдү… Менин көргөнүм…
— Башы жок чабендес! — деп бирөө элдин арасынан кыйкырып жиберди да, баарысы кылчайып
артын карады.
251
1 ПРОЛОГ
— Башы жок чабендес! — деген элүү чакты кишинин үнү жаңырды.
— Тигине келатат. Тиги жакка! Тиги жакка!
— Жок, бери келатат! Карагылачы! Тике эле фортту көздөй чапкылап келатат!
Чын эле башы жок чабендес ошол багытты көздөй чапкылап келаткан экен. Бирок прериянын
ортосуна, дарактын тегерегинде топурап турган элдин бет маңдайына келгенде, токтой калды.
Көргөнү атка өгөй учурагандай окшоду. Адегенде кошкуруп, анан заңкылдап кишенеп жиберди; мына
эми ат прерияны көздөй кайра чымын-куюн болуп жөнөдү.
Айыпталуучунун айтканына кызыгып, муюп отургандар алагды боло түштү.
Окуянын жандырмагы бардыгына кокусунан көз алдарынан көрүнө калган арбактан табылчудай
өңдөндү.
Көпчүлүгү аттарын көздөй жүгүрдү. Кала берсе присяжный заседателдер да жүгүрүштү, эң кеминде
он эки заседателдин алтоо табышмактуу чабендести куугандарга кошулду.
ХСI глава
ТОКОЙДУ АРАЛАТА КУУГУНТУКТОО ============================
Башы жок чабендести куугандар прерияны аралап, токойду көздөй жөнөштү.
Бирок куугунтуктагандар барган сайын азая берди. Делөөрүп, узакка чейин чапкылап отурууга
алардын аты туруштук бере алган жок.
Анча-мынчалары токойго жакындап калды. Алды жакта кутурган эмедей чапкылап бараткан башы
жок чабендеске анча-мынча жакындап, эки гана киши токойдун арасына кирди.
Көк мустанг минген чабендес ага баарынан жакыныраак эле. Куугунтуктоо кумарына берилип кетип,
ал өзүнүн күлүгүн аяган жок — аябай камчылай, шпорасы менен күрсүлдөтө теминип, чучулап отурду.
Анын артынан, бирок бир кыйла артта калып кийиз калпак кийген узун бойлуу киши чапкылап
баратты; ал картаң бээ минген киши эле.
Андай жылкынын ошончолук катуу жүгүргөнү түшүнүксүз өңдөндү; бээнин ээси камчыланбай,
шпорасы менен теминбей, чучулабай эле чапкылап баратты. Ал андан да ырайымсызыраак амалды
колдонду: мезгил-мезгил менен бээсинин соорусуна курч бычагынын мизин улам матырып коюп
турду.
Кууган кишилердин башында эки чабендес — Кассий Кольхаун менен Зеб Стумп баратты. Көп узабай
эле өздөрүнөн кашаныраак бараткандарга ал экөө көрүнбөй калды.
Чытырман токойдун арасында үч чабендес чапкылап баратты. Жабалактаган кара жорулар асманга
атырылып чыкты. Бул куугунтуктоо бирөөнү өлтүрүү менен бүтө турганын канаттуу жырткычтар
сезип турду. Алар канатын кеңири жайып, чабендестерден калышкан жок.
— Каргыш тийгирдин шордуу макулугу! — деп жиберди Кольхаун, айласы түгөнгөндөй. — Менден
дагы кутулуп кете турган болду! Менден башка биерде эч ким болбосо, эчтеке эмес эле. Бирок бул
жолу жалгыз эмесмин. Мына бу картаң шайтан да ошо жакты көздөй баратат. Аны токойдун арасына
киргенде көрдүм эле. Экөөбүздүн арабыз үч жүз ярддан ашпайт. Кудай урсун, муну азыр жолдон жок
кылууга болот!
Ушинтип айтар менен капитан атынын тизгинин жыйып, саал бурулду да, азыр эле өзү чапкылап
өткөн жалгыз аяк жолду ыклас коюп карай баштады. Ошону менен бирге, Кольхаун мылтыгын да ала
койду. Бирок ыргылжың болуп калды.
252
1 ПРОЛОГ
— Жок, минткеним жарабайт, — деп кобурады ал. —« Артыбыздан эң эле көп киши келатат, алардын
кай бирөө изди жакшы ажыратат. Алар өлүктү таап алары шексиз, мылтыктын үнүн да угушат. Жок!
Мындай кылууга болбойт.
Дагы бир кыйла убакка чейин капитан ордунан жылбай тыңшап турду. Прериядан бир да дабыш
угулган жок. Бир балааны сезгенсип, асмандагы жорулардын кара канаттары гана шуулдайт.
— Ырас, ал биерге келет, — такыр жолум болгон жок, калгандары да анчалык алыс болбоо керек. Эгерде
ушундай болбосо, куугунтуктоону бир жаңсыл кылууга мүмкүн эле. Болгондо да опоңой эле, бир
жаңсыл кылууга болот эле.
«Тигил изден адашып кетсе жакшы болор эле!» — деп ойлоп, Кольхаун дагы кылчайып карады.
«Кандай болсо да, бул ишти акырына жеткирүүм керек, болбосо башка бирөөнүн иши онунан
чыгышы мүмкүн,
Мендей акмак жок, убактыны текке кетирдим, Дагы кылчактап турсам, тиги картаң как баш мени
кууп жетет да, ошондо бардыгы бүтөт. Шайтан алгырдыкы, мындай кылууга жол берүүгө болбойт».
Атын дагы күп дегизе теминип, Кольхаун ийри-муйру жалгыз аяк жол менен алга карай жөнөдү.
Бир нече секундадан кийин ал ыраазы болгонсуп, бирок бир аз таң калган эме кейиптенип, дагы
токтоду.
Башы жок чабендес көп узай элек эле.
Ал бадалдын арасында — атынын башы былкылдабай жерге салынып турду, ат акациянын
муруттарын терип оттоп жаткандай көрүндү.
Кольхаун мылтыгын шап көтөрө коюп, ошол замат кайра түшүрдү. Ал мээлеген ат мурдагысындай
былк этпей турган да, акацияны оттогон да жок; аттын башынын теңи бадалга кирип турду.
Тизгини бутакка оролуп, ат бошоно албай жатканын Кольхаун көрө койду.
— «Акыр-аягы кармалды! Кудая шүгүр, кудая шүгүр!»
Кольхаун алга карай умтулуп, максатына жетишкен эмедей кыйкырып жибере жаздады. Дагы бир
секундадан кийин ал башы жок чабендестин жанында болот — көптөн бери жетише албай жүргөнү
ушул учур эмес беле?
ХСII глава
АРГАСЫЗДАН КАЙРА КАЙТУУ =======================
Кольхаун атты чылбырдан алды. Ат жулкунганы менен, чыгып кете алган жок. Бу жолу ат колго түштү,
бир секундадан кийин бекем байланды.
Кубанганынан капитан кыйкырып жиберди. Эки жагын элеңден карап, бир секундадай кулагын
түрүп турду да, ошо замат ишке кирише баштады. Бычагын алып, серапэнин этегин өйдө көтөрдү да,
чабендестин жүрөгүнө бычагын батырып алмакчы болгонсуп, эңкейип калды. Бирок аңгыча болбой,
Кассий Кольхаун колун булка тартып алды.
Капылестен бадалдын арасынан чыга калган Зеб Стумптун кыйкырганы угулду.
— Бул оюнуңузду токтотуңуз! — деп кыйкырды Зеб бээсин ылдамдата бастырып. — Токтотуңуз деп
жатам.
Кандай оюнду? — деп сурады капитан бычагын
шашыла жашырып. — Биерде эмне кыйкырасыз? Мына бул айбан бадалга чалынып калыптыр. Дагы
качып кетпегей эле деп корктум; бул ишти бүтүрүш үчүн тууздап таштайын дедим эле.
253
1 ПРОЛОГ
— А, ошондой беле? Бирок менин оюмча атты мууздоо үчүн негиз жок. Кан төкпөй иш бүтүрүүгө
да болот. Бирок сиз кимди мууздамакчы болдуңуз эле? Атты го! Мен сиз- дин айтканыңызды туура
түшүндүмбү?
— Албетте, атты айтып жатам.
— Түзүк. А бу киши жөнүндө кандай дейсиз? Муну ушинтип сойгон ким болду экен? Ал жөнүндө
кандай дейсиз, мистер Каш Кольхаун?
— Ким билет! Мен эчтеке түшүнбөдүм. Буга жакшылап карагыдай убактым да болгон жок. Мен азыр
эле келдим… Кудая тобо! — деди ал калп эле таң калымыш болуп. — Бул кишинин денеси экен…
болгондо да өлгөн кишинин.
— Кийинки айтканыңыз абдан туура. Ийнинде башы жок киши тирүү болушу мүмкүн эмес го. Мына
бу чүпүрөктүн астына катылган эчтеме жок көрүнөт, ыраспы?
— Жок. Менимче, эчтеме жок.
— Чүпүрөктү бир аз көтөрүп карап көрүңүзчү.
— Буга кол тийгизгим келбейт. Мунун өңү эң эле жаман экен?
— Кызык! Мындан бир эле минута мурун анчалык жийиркенген жок элеңиз го. Сизге бирпаста эмне
боло түштү?
— Ах! — деп жиберди Кольхаун мактангансып. — Кубалап келатып, делебем кызып кеткен экен. Аябай
ачуум келип, бу фокусту бүтүргүм келди эле.
— Макул, болуптур, — деди Зеб, — андай болсо өзүм киришип көрөйүн… Түзүк, түзүк, — деп сөзүн
улантты мергенчи, дагы жакыныраак келип, таң каларлык кишини караштырып. — Ырас, бул чын
эле кишинин денеси экен. Өлгөн киши экен, бүтүндөй жыгач болуп катып калыптыр… Токтоңуз! —
деп жиберди Зеб серапэнин этегин өйдө көтөрүп. — Бул жанагы ушун үчүн сот процесси болуп жаткан
кишинин өлүгү турбайбы? Сиздин таякеңиз Генри Пойндекстер экен. Дал өзү, кудая тобо!
— Сиздин айтканыңыз чын окшойт. Ой тобо, чын эле ошол экен.
— Иосафат! — деди сөзүн улантып Зеб. — Биерде он жүгүртүп убактыны текке кетирүүнүн кажаты жок.
Өлүктү дал ушул кейип менен, атчан бойдон тиерге алып барганыбыз жакшыраак болор, Жыгылып
кетпечүдөй жакшы
отурат. Бул атты мен билем. Менин бээмди кыйыктанбай ээрчийт го деп ойлойм. Кана, картаңым,
муну менен амандашып кой. Бул эски досуң экенин көрбөй турасыңбы? Ырас, соңку убакта бул көп
кыйналды, анча-мынча жапайы да болуп калган окшойт.
Мергенчи сүйлөп жатканда тору ат менен картаң бээ бир-бири менен жытташып, саламдашкан эмече
бышкырып коюшту.
— Ушундай болот го деп ойлогом — деп жиберди Зеб, акацияга оролуп калган тизгинди чыгарып. —
Менин бээме кошулганда бул айгыр биздин артыбыздан жөн эле жүрүп отурат. Кандай болсо да, муну
мууздап таштоонун зарылдыгы жок. Кана эми, мистер Кольхаун, — деп мергенчи сынаган эмече
капитанга кайрылды. — Жөнөй турган убагыбыз болду го дейм? Сот токтобой болуп жаткандыр.
Ошондой болгон соң, албетте, биз катышсак да жаман болбойт. Менимче, бул ишти анча-мынча
ашкерелей турган күбө эми биз менен бирге, мустангерди же асып өлтүрүшөт, же акташат. Кош, кайра
жөнөөгө даярсызбы?
— Албетте! Туура айтасыз, биерге токтоп туруунун кажаты жок.
Туткунду жетелеп, Зеб алдан бастырды.
254
1 ПРОЛОГ
Кольхаун манчыркагансып, артта жай баратты.
Жалгыз аяк тике бурулган жерге жеткенде, Кольхаун атынын оозун жыйып, алга барсамбы, же кайра
тартсамбы деп, эки ойлуу боло калгансыды. Аябай кайгырып турганы анын өңүнөн байкалды.
Артынан аттын дүбүртүн укпай, Зеб Стумп да атынын оозун тартып, бурулду да, капитанга
бүшүркөгөн эмедей карады. Ал Кольхаундун алеп-желеп болуп турган өңүн көрүп, эмне үчүн
андай экенин дароо эле биле койду. Бир ооз сөз айтпастан, картаң мергенчи мылтыгын алды да,
капитанды көздөй сунду. Капитан эчтеме байкабагансып, дагы бастырды.
Бирок Зеб Стумп эми арттан бастырды.
Экөө токойду аралап жай жүрүп отурду. Анан ачык прерияга чыгышты. Аерден Кольхаун дагы токтоло
калды. Коркконунан анын үрөйү учту.
«Эмне кылсам? Прерияга кайра чаап, элге көрүнбөй кетсемби же кереметтүү бороонго бел байлап
кайра каршы барсамбы?» Жек көрүмчү Зеб Стумптан он эле минутага кутулса, башы жок чабендес
менен өзү бирге калса, ал бардык дүйнөсүн, кала берсе Луиза Пойндекстерди кошо, келечекте ээ болом
го деген бүткүл байлыгын берүүдөн кайра тартпайт эле.
Бирок андай кылууга мүмкүн эмес, Картаң мергенчи демейдегисинен бетер сак болду. Кольхаун анын
туткуну катарында калды. Эр болсо качып көрсүнчү, ошо замат жонуна ок кадала түшөт.
Бирок, акыр-аягы, Зеб эмне айтып, эмне кылалмак эле? Кольхаунду эмне кыйнап жатканын ал кайдан
билсин. Зеб, көрүнөө шек санап турат. Бирок андан коркууга болобу? Кассий Кольхаундун достору
жетишерлик эмеспи. Эгерде ушул кичинекей окуя чукулуп чыкпаса, бардыгы өз жайында болот. Ок
тийген жеринде туруп калбастан, бадалдын арасына бир жерге түшүп калышы да ыктымал го.
Ушундай үмүт менен кайраттанып, Кольхаун көңүлү тынчып, демейдегисинен көрө анткордугу
көбүрөөк кебетеси менен, алга карай дагы бастырды. Генри Пойндекстердин өлүгү минген торуну
жетелеп, Зеб Стумп картаң бээси менен анын артынан жүрүп отурду.
XCIII глава
БАШЫ КЕСИЛГЕН ӨЛҮК ==================
Дем алыш жарыялоодон башка судьяда эч кандай чара калган жок — бардыгы таркап кетти,
присяжный заседателдердин теңинен азыраагы гана калды.
Бир саат убакыт өттү. Ошол убактын ичинде судья бир нече сигара чегип, бир кыйла коньяк ичип
жиберди. Ал тартынбай, айыптоочу менен, аты жоктор же жөн эле куугунтуктоого катышкысы
келбей, дубдун саябанында калган кишилер менен маектешип отурду.
Сүйлөшүү үчүн тема табуу кыйын эмес. Азыр эле баарынын көз алдында болгон окуя ушунчалык
табышмактуу, а жөнүндө бир жыл сүйлөөгө да болот.
Табышмактуу окуянын себебин табууга баары бекер эле убара болду, куугунтуктап кеткендердин
кайра келишин эки көзү төрт болуп күтүштү.
Алар башы жок чабендес кармалгандыр деп үмүт кылышты. Эгерде кармалса, ушул табышмактуу
кубулуштун жандырмагын табууга болору мындай турсун өлтүрүү жөнүндөгү факты да ашкереленерине
ишенип олтурушту.
Башы жок чабендестин өлгөнүн түшүндүрө ала турган, бирок башкасы билбеген бир киши бар эле. Ал
айыпталып жаткан киши болчу.
Мүмкүнчүлүк беришер менен эле, ал ымандай сырын улантып айтат, азырынча унчукпай отурат.
255
1 ПРОЛОГ
Бир кыйла убактан кийин куугунтуктап кеткендердин анча-мынчасы кайра келди. Баары бирге эмес,
артта калганына жараша, топ-топ болуп келишти.
Баары бир эле нерсе жөнүндө сүйлөштү, Белгилүү болгон нерсеге бирдеме кошумчалап айтылгандай
болуп, алардын эч кимиси башы жок чабендеске жакын барган эмес экен.
А дегенде кубалап кеткен эки кишинин кайра келбегени тезден эле ачык болду. Алар картаң мергенчи
менен волонтерлердин экс-капитаны болчу, — экс-капитан алдыда эле. Анын артынан Зеб Стумп
кеткен болчу.
Балким, алардын далбасы ийгилик менен бүткөндүр,
Баарысы прерия тарапты көз айырбай карап отурушту,
Куугунтуктагандардын эң айыгышкан экөө горизонттон качан көрүнөр экен деп баары күттү. Башы
жок чабендести алар алып келер бекен деп күтүштү.
Дагы бир саат өттү, бирок эч ким көрүнгөн жок. Соттун тергөөсүн дагы калтырууга болобу, жокпу?
Айыптоочу текшерүүнү токтоосуз кайра баштоо керек деп чебеленди. Жактоочу кайра башталбасын
деп, андан кем жактаган жок. Эң керектүү күбө, алигиче өзүнүн көргөн-билгендерин айта элек Зеб
Стумп жок болгондуктан, жактоочу текшерүүнү экинчи күнгө калтырыш керек деп эсептеди.
Текшерүү улантылсын деп талап кылган добуштар угулду.
Сатып алган кишилер көкүткөн элдин кыстаганы боюнча соттун заседаниесин кайта баштамакчы
болушту. Деги жанагы күбөсүз да уланта берүүгө болот го. Балким, эгерде келбей калса, соттун
текшерүүсүн кийинкиге калтырса да кеч болбойт.
Судья ушундай деп сунуш кылды. Присяжныйлар анын сөзүн кубатташты. Эл каршы болгон жок.
Айыпталуучуну дагы чакырышты. Күтпөгөн жерден ток-
топ калган сөзүн ал уланта баштады,
* * *
— Сиз прериядан көргөндөрүңүздү бизге айтмакчы болдуңуз эле, — деди жактоочу Морис Жеральдга
карап. — Уланта бериңиз, кулагыбыз сизде.
— Мен көк чөптө сулк жаткан кишини көрдүм,
— Уктап жаткан бекен?
— Ооба, түбөлүккө уктаган киши экен.
— Өлүк бекен?.
— Андан да бетер экен. Эңкейип карап, анын башы кесилип ташталганын көрдүм.
— Башы кесилип калган бекен?
— Дал ошондой экен. Эңкейип карай элегимде, андай экенин байкаган эмесмин. Көмкөрөсүнөн
жатып, башы кадимкидей эле абалында экен. Кала берсе калпагы да башында экен. Бир балаа бар
экенин сезип турсам да, аны уктап жатат го деп ойлогум келди. Колу менен буту шалдайып сунулуп
жатыптыр. Андан башка жерде да бирдеме карайып жаткан экен. Таңга маалдагы бүдөмүк жарыктан
анын эмне экенин ажыратып көрө алганым жок. Эңкейип караганымда жыты мурдума бур дей
түштү. Мойнунун тегерете кесилген жерине кан катып калганын көрдүм. Жакшылан карасам, башы
денесинен бөлүнүп бүтүндөй кесилип калган экен.
256
1 ПРОЛОГ
Отургандардын баары айран-таң калды. Чурулдаган добуш чыкты.
— Сиз ошо кишини тааныдыңыз беле?
— Ооба, атаганат.
— Бетин жакшылап карабай туруп эле тааныдыңызбы?
— Бетин кароонун кереги жок эле. Анын кийими ким экенин толук билгизип турду.
— Кандай кийим экен?
— Үстүндө чаар ала серапэ, башында сомбреро бар экен. Ал менин кийимим эле. Эгерде ошол кийимди
алмашып кийбесек, бу жаткан өзүм экен деп ойлошум мүмкүн эле. Ал Генри Пойндекстер экен.
Котолоп турган элдин күбүр-шыбыры менен кошо, адамдын боюн дүркүрөткөн дагы бирөөнүн
онтогону угулду.
— Сүйлөй бериңиз, сэр, — деди жактоочу. — Дагы эмне көрдүңүз эле, айтыңыз?
— Анын денесин кармап көргөнүмдө бүтүндөй катып, муздап калганын сездим. Анын бир нече
саат мурда өлгөнүн түшүндүм. Катып калган кан эртең мененки жарыкта карайып көрүндү.
Кандай себептен өлгөнүн жаңылбай билүү кыйын эле, анткени кесилген баш оңой эле чаташтырат
болчу, бирок мылтыктын тарс эткен дабышы дагы эле кулагыма угулуп турду да, дагы бир жерине
мылтыктын огу тийгендир деп ойлодум. Жаңылган эмес экемин. Өлүктү чалкасынан жаткызганымда,
серапэнин тешилген жери көзүмө урунуп калды. Чүпүрөктүн тешилген жеринде кан уюп калган
экен. Серапэни жерге таштап жиберип, көйнөгүнүн топчусун чечейин деп жатып көкүрөгүндө кара
кочкул тамга бар экенин байкай койдум. Октун ошерге тийгенин ажыратуу кыйын эмес эле, Бирок
арка жагында октун
чыккан жарасы жок экен. Сыягы, ок чыкпай ичинде калган окшойт.
— Ошол кишини өлтүрүү үчүн бир окту жетишерлик деп эсептейсизби? Же башын кесип салгандан
кийин өлдү деп ойлойсузбу?
— Менин оюмча, ок тиер менен өлгөн болуу керек. Эгер- де ошол замат эле өлбөсө да, бир нече
минутадан кийин, а балким, бир нече секундадан кийин өлгөн болуу керек.
— Башы кесилип калган экен дедиңиз. Биротоло денесинен шылый кесилип ташталган бекен?
— Жанында жатса да, бүтүндөй шылый кесилген экен. Башы кесилгенден кийин денесинин бир да
булчуңу, — башы кыймылдабагандай сыяктанды.
— Башы кандай курал менен кесилди деп ойлойсуз?
— Менимче, балта менен же мергенчинин шамшары менен кесилген болуу керек.
— Сизде ушул укмуштуу ишти ким кылды деген шек болдубу, жокпу?
— Ошол учурда менде шек болгон эмес; оюма кирген эмес эле. Өлүп жаткан кишинин өлгөнүнө да
ишене алганым жок. Бир аз акыл-эсимди жыйгандан кийин гана, муну команчалардын кылган иши
го деген ой эсиме келди. Бирок баш териси сыйрылып алынбаптыр, а түгүл, калпагы да башында экен.
— Демек, сиз муну кылган индеецтер деп ойлойсузбу?
— Жок.
— Шек санаган кишиңиз барбы?
257
1 ПРОЛОГ
— Дал ошол учурда эч кимден шек санаган жок элем. Биерде да, деги кайда гана болбосун, Генри
Пойндекстердин душманы бар деп уккан эмесмин. Кийин анча-мынча шек санай баштадым. Ошол
шектенгеним азыр да калган жок.
— Ошол шегиңизди айтыңызчы.
— Сурактын мындай метод менен жүргүзүлүшүнө каршымын, — деп айыптоочу кийлигише кетти. —
Бизге айыпталуучунун шек санаганы такыр кызык эмес. Менимче, бүтүндөй чындыкка окшогон бу
кишинин сөзүн уксак жетишет го деп ойлойм.
— Мейли, сөзүн уланта берсин, — деп сот буйрук берди, жаны сигарасын дагы күйгүзүп жатып.
— Сиз өзүңүз эмне кылганыңызды айтыңызчы? — деп сурады жактоочу. — Ошол болгон ишти
көргөнүңүздөн кийин сиз эмне кылдыңыз эле?
— Өз көзүм менен көргөн окуядан төбө чачым тик туруп, эмне кыларымды адегенде өзүм да билгеним
жок.
Жигиттин дал мен үнүн уккан октон өлгөнүнө көзүм жетти. Бирок ким атты экен? Албетте, индеецтер
эмес экенине шек санаганым жок.
Бандиттер өлтүрдүбү деп ойлодум, бирок ал да чындыкка окшогон жок. Менин мексикалык серапэм
эң кеминде жүз доллар турат. Алар серапэни, албетте, алып кетишет эле. Ал гана эмес, бир да буюму
алынбаптыр, кала берсе, алтын сааты да чөнтөгүндө экен. Өч алам деп өлтүргөн киши экени ачык
эле.
Жаш Пойндекстердин ысмы менен байланыштуу кандайдыр бир чатак уктум беле, жокпу деп, эсиме
түшүрө баштадым. Бирок эч нерсе эсиме келген жок. Анын үстүнө, башын кесип таштоо кимге керек
эле? Ошентип башын кескени кутуму учуруп, таң калтырды.
Кандай болгон себебин таба албай, бул өлүктү эмне кылсам деп ойлой баштадым.
Жанында тура берүүнүн эч кандай кажети жок эле. Өлгөн жерине көмүп коюу да жакшы эмес болуп
көрүндү, Ошондо фортко кайра барып, өлгөн кишини Каса-дель Корвого алып баруу үчүн бирөөнү
жардам бергин деп сурамакчы болдум.
Эгерде аны токойдун арасына таштап кетсем, койоттор менен жорулар өлүктү таап алып, мен кайра
келгенче, жалмап жеп коёт эле. Жигиттин көркү абдан бузулса да, андан бетер болууга кыя алганым
жок. Жакын кишилери үчүн бул кайгы андан бетер оор болот го деп ойлодум.
XCIV глава
ТАБЫШМАКТЫН СЫРЫ ЧЕЧИЛДИ ========================
Айыпталуучу унчукпай калды. Аны шаштырып эч ким суроо берген да жок. Табышмактын
жандырмагы азыр ачыла турган убакыт келип калганын баары сезип турду.
Сот, присяжныйлар, катышып отургандар — баары демин чыгарбай, айыпталуучуну тигиле карап
турушту.
Тымтырс болуп турганда Морис Жеральддын сүйлөгөнү дагы угулду:
— Андан кийин: жерде жаткан өлүктү серапэге ороп туруп, үстүнө плащымды жаап коёюн деген ой
эсиме келе калды. Өзүм кайра келгенче жырткычтардан аны ушинтип сактасам болот го деп ойлодум.
Плащымды чечээрим менен дагы бир нерсе оюма келе калды, аным жүйөлүүрөөк көрүндү; фортко
жалгыз барганымдан көрө, жигиттин сөөгүн өзүм менен ала кеткеним туура бөлөт го дедим.
Өлүктү аттын соорусуна арта салып, кыл аркан менен байлап койсом болот го деп ойлодум.
258
1 ПРОЛОГ
Ошол ой менен атымды алып келдим да, өлүктү көтөрүп салганы жатып, Генри Пойндекстердин
ошол эле жерде жүргөн атын көрө койдум. Ал жаныбар такыр эчтеме болбогондой жай-баракат оттоп
жүргөн экен; тизгини сүйрөлүп жүрүптүр, ошондуктан аны кармоо мага кыйын эмес эле. Жерде
жаткан кожоюнунун жанына алып келгенимде, ат тыбырчылап, тынч турбай койду.
Эптеп жатып, жигиттин сөөгүн атка арта салдым, бирок жыгылып кетпегендей кылып байлоо өтө
кыйын болду, — өлүк жыгачтай болуп катып, жылбышып туруп алды. Бир нече жолу аракет кылып
көргөнүмдөн кийин анткени мен эч нерсе чыкпай турганына көзүм жетти.
Аңгыча болбой, дагы бир ой эсиме түшө калды. Түштүк Американын талаасында өлгөн кишини
индеецтер атка мингизип туруп, ээрге байлап алып жүргөнүн китептен окудум эле. Генри
Пойндекстердин сөөгүн эмне үчүн мен да ошентип алып кетпейм деп ойлодум.
Ыраматылыктын сөөгүң адегенде өз атына артууга ара- кет кылдым, бирок ээри анчалык бийик
эмес экен. Ал аракетимен дагы эч нерсе чыккан жок. Бир гана мүмкүнчүлүк калды: аттарыбызды
алмаштыруу керек эле. Менин атым мөңкүбөй, тынч туруп бере турганын билдим; анын үстүнө,
мексикалыктардын бийик ээри аны олтургузуу үчүн абдан жакшы экенине көзүм жетти.
Ошентип, өлүктү атка миңгизип, үзөңгү тепкизип койдум. Андан кийин кыл аркандан кесип алып,
анын денесин ээрге байладым. Ошенткенимен ал аттан жыгылбайт эле.
Башын эмне кылам деп ойлонууга туура келди. Башты жерден алып, калпагын чечмекчи болуп
көрдүм. Бирок чече алганым жок. Баш күпчөктөй болуп шишип кетиптир, сомбреро алынбай койду.
Калпак баштан түшпөй турганына көзүм жеткенден кийин калпакты жип менен айландыра курчап,
ээрдин кашына асып койдум. Менин аракет кылганым ушуну менен бүттү.
Убактыны текке кетирип отурбастан, Генри Пойндекстердин атына миндим, өзүмүн тору атым
артыбыздан ээрчип отурду. Ошентип сеттльментти көздөй жөнөдүк. Бирок беш минута өтө элек
жатып, аттан жыгылып, эсим ооп калды. Эгерде ошондой кырдаал болбосо, айыптуу киши катарында
азыр силердин алдыңарда турбас элем.
— Аттан жыгылдыңызбы? — деп сурады судья. — Кандайча жыгылдыңыз эле? »
— Окусунан жыгылдым, тагыраак айтканда, өзүмдүн этият болбогонуман жыгылдым. Бөлөк атка
минип, тизгинин колума алган эмес экенмин. Өзүмүн атымы теминип, тизгинин тартпай бастырчу
элем. Бир аз узай элек жатып, башын шарт бурду да, үркүп кетип, жүгүрө баштады, укмуштуу
чабендестин артынан баратканын көрө койгон экен. Тизгинди кармай коймок болдум, бирок антүү
оңой болгон жок. Ат чымын-куюн болуп жүгүрдү да, тизгин түшүп кетип колум жеткен жок.
Жаңылганымы оңдоп, сагалдырыктан кармамакчы болуп жатып аттын каякка жүгүрүп баратканын
байкабай калыпмын. Бетиме бутак шарт этип тийгенде гана, ачык жол менен эмес, токойдун арасына
кирип кеткенибизди биле койдум. Ошондон кийин ээрден жыга коюп түшүрө турган акациянын
тикенектүү бутактарынан сактанууга гана көңүл бурдум. Колумду тикенек тытса да, бутактар менен
кармашып, жыгылганым жок.
Бирок килейген дарактын туурасынан өскөн жоон бутагы дал алдыма туш келип калды — ал
ушунчалык жапыз өскөн экен, дал көкүрөгүмө тушма-туш келди. Алагачып бараткан атым ошол
бутактын астына кирди. Андан ары кайда кеткенин силер менден жакшыраак билесиңер. Жалгыз
айта турганым эле: башым жарадар болуп, тизем күпчөктөй болуп шишип, ошол дарактын астына
сулап калган экенмин.
Акыл-эсиме келип, эки саат өткөндөн кийин гана ошондой болгонуму билдим. Көзүмдү ачып карасам,
күн бийик көтөрүлүп, асманда жорулар айланып жүргөн экен. Өлгүдөй суусап, суу издемекчи болдум,
бирок өйдө тура калсам, аяк шилтөөгө алым келген жок. Ал гана эмес, басып тура алганым да жок.
Ошерде кала берсем, өлө турганымы жакшы түшүндүм.
259
1 ПРОЛОГ
Абдан кыйналып жатып, жыла баштадым. Ошерден алыс эмес жерде булак бар экени эсиме түштү.
Бирде төрт аяктап жылып, бирде ошерден өзүм жасап алган балдак менен басып, кыймылдаган сайын
кыйналып, акырында булакка жеттим да, суусунум канганча ичип, уктап кеттим…
Ойгонсом, койоттор тегеректеп калган экен. Алар мени жемекчи болгону ачык эле. Чындыгында
да алар мага тиш салып качыра баштады. Кудай жалгап, жанымда шамшарым бар экен, алардан
коргонууга жарадым. Ошентип, айыгышкан күрөш башталды.
Бактылуу учур сактап калбаса, албетте, ошол түрү сууң жырткычтардын жеми болот элем: өзүмүн
ишеничтүү досум, Тара деген итим мени куткарганы жүгүрүп келди. Иши кылып, ит мени өлүмдүн
жез тырмагынан куткарып калуу үчүн дал убагында келди. Ал келер менен койоттор качып кетти.
Алдан тайып, арыганымдан уктап кеттим, туурараак айтканда, эсим ооп калды. Көзүмү ачкандан
кийин гана абалымын кандай боло турганын ойлой баштадым. Почтальон катарында итти
пайдаланайын деген үмүт менен үйгө кабар жибергим келди. Ошондой ой менен өзүмүн визит
карточкама бир нече сөз жаздым.
Малайым сабатсыз болсо да, карточкаман улам катты эптеп түшүнөрүнө ишендим. Эптеп сабаттуу
бирөөнү таап, окуйт эле. Анын үстүнө, катты кан менен жазганыман билери шексиз болчу.
Калпагымдын астынан айрып алып, катты ороп, иттин каргысына байлап койдум. Андан кийин
Тараны өзүмөн эптеп жиберүү өтө кыйын болду. Акыр-аягы итти үйгө жибердим. Каттын алып
барылганы жөнүндө, албетте, мен кечээ гана билдим.
Ит кеткенден кийин ушу жердин барып турган жырткычы — ягуар мени аңдып келип калды. Ошол
жаман жолугушуу эмне менен бүткөнүн, канчага созулганын айтып бере албайм. Ошол кармашуу
жөнүндө мени аман алып калган баатыр Зеб Стумп айтып берсин. Анын азыр эле келип сүйлөп
береринде шегим жок. Ошондо кандай болгону ушул күнгө чейин мен үчүн табышмак бойдон кала
берди.
Ошол учурдан тартып кээде жыргалдуу түш менен аралашып, капкайдагы жаман нерселердин баары
түшүмө киргенин гана билем. Акыл-эсимин чайыттай ачылганы кечээ гана болду. Эс-учуму жыйып
карасам, киши өлтүргөн кылмышкер катарында экемин.
Мындан башка кошо турган эч нерсем жок.
Айтып жаткан кишинин эч нерсени жашырбай, жөнөкөй айткан ымандай сыры чоң таасир кылды.
Тургандардын көпчүлүгү күнөөлүү эмес экендигине шектенген жок. Бирок мунун баары карандай
гана сез. Айыптоону төгүнгө чыгаруу үчүн күбөлөрдүн ырастаган сөздөрү да керек. Көп нерсени айта
турган күбө кайда жүрөт? Зеб Стумп кандай?
Мала кек асман жапжашыл саваннага тийип турган жерге баары бирдеме күткөндөй карап турушту.
ХСV глава
АКЫРКЫ КҮБӨ ===========
Салабаттуу тымтырс болуп турганда дегдеп күтүү он минута гана созулду.
Ошол тымтырстыкты бирөөнүн сөзү же унчукканы үч жолу бузуп кетти. Горизрнттон кандайдыр
бирдеме көрүнгөндөй сыяктанды. Бирок ал жөн эле көздүн жанылышы эле. Күтө берип чарчоо
чегине жеткенде, дагы бирөөнүн көзү жеткендей кыйкырып жибергени угулду. Бу жолу элдин күтүп
турганы оңунан чыкты: горизонттон кандай- дыр жылып келаткан көлөкөлөр көрүндү: күн чайыттай
тийип турган прериядан атчан үч кишинин карааны көрүнгөндө, карт эмендин астына саксондордун
илгерки «ура» деп кыйкырган ач кыйкырыгы угулду.
Ошол үчөөнүн экөөнү таануу кыйын эмес, алар Зеб Стумп менен Кассий Кольхаун болчу. Үчүнчүсүн
ким жаздым тааный алат эле? Ал укмуштуу кишини тааныбай коюу мүмкүн эмес эле.
260
1 ПРОЛОГ
Дүркүрөгөн добуштар бат эле жап болуп калды. Дагы тымтырс болду. Атчан кишилер жакын келгенде
күбүр-шыбыр гана угулду. Үч чабендес ошо замат эле өздөрүн тегеректеп калган элдин жанына келип
токтоду. Экөө атынан ыргып түштү. Үчүнчүсү атчан тура берди.
Кольхаун атын четке алпарып койду да, котолоп турган элдин арасына жылт коюп кирип кетти. Анын
аерде турган турбаганына эч ким кызыккан жок. Баарынын көзү — башы жок чабендесте болду.
Картаң бээсин таштап, Зеб Стумп башы жок чабендестин атын ооздугунан кармады да, көлөкөсүндө
сот болуп жаткан эмендин түбүнө жетелеп келди.
— Мына, мырза судья, он эки присяжный, — деди эски мергенчи, — Бул шектүү ишти анча-мынча
ашкерелей турган күбө ушул.
— Кокуй, өзү турбайбы! — деген үн чыкты да, узун бойлуу чал алга басып, башы жок чабендестин
жанына тура калды.
Ал — ошол жигиттин атасы эле.
Эси ооп жыгылып бараткан аялдын чыңырганына окшогон добуш, басырыңкы онтоо алыстан угулду.
Бул — анын карындашы эле.
Вудли Пойндекстерди четке алып кетишти. Тегерегинде эмне болуп жатканын да билбей, ал каяша
кылбай басып кетти. Аны каретанын жанына алып келишти, кызынын жанына отургузушту.
Карета ордунан жылган жок. Луиза Пойндекстер сот бүтмөйүнчө ал жерден кетпейт.
Зеб Стумпту күбенүн ордун ээле дешти.
Ал каадасынча тартынбай, эркин сүйлөдү:
— Генри Пойндекстер жоголуп кеткенден кийин экинчи күнү ушул жаман иш жөнүндө биринчи жолу
уккам. Ага чейин ан уулап жүрдүм эле. Мага мустангерди киши өлтүрдү деп айыпташып жатышат
деди. Морис Жеральд андай ишке барбай турганын билгенимен аны менен көрүшкөнү жөнөдүм.
Үйүнө барсам, жок экен. Үйүндө анын малайы Фелим жалгыз экен. А шордуу ушунчалык коркуп
калыптыр, анын мага айткан сөзүнөн такыр эчтеке түшүнө алганым жок. Ал ошентип, мага аркы-
беркини айтып жатканда, мойнуна бирдеме байланган ит жүгүрүп келди. Иттин мойнундагысы
карточка экен. Карточкага кызыл сыя менен, жөн айтканда, кан менен жазылган сөздөр бар экен.
Ошол сөздөр аркылуу жигитти кайдан табууга боло турганы ачык айтылыптыр. Фелим менен итти
алып, ошо жакка жөнөдүм. Мустангерди ягуардын тырмагынан куткарып калгандай болуп, дал
убагында келиптирбиз. Ошол чаар ала мышыкка ок атып жибердим. Ал ошону менен ойрон болду…
Эмне кылмак элем. Ошондон кийин мустангерди кепесине алып келдик десе да болот. Өзү бир да
кадам шилтей алган жок. Мээси да жайында эмес экен: жигит жазгы күрптөн жакшыраак эчтеме
билбейт экен. Ошентип оорулуу кишини кепесине алып келдик. Регуляторлор келип тапканча, ал
ошентип жата берди.
Мустаигердин кепесинде болгон бардык окуя жөнүндө айтсамбы. жокпу дегенсип, күбө бир аз
унчукпай токтоп калды. Эчтеме айтпай койсо, жакшы болуп жүрбөсүн?
Бирок айыптоочу каршы-терши суроо берип, Морис Жеральд камакка алынганга чейин эмнелер
болгонун бүт айтып бергин деп кыстап калды.
— Кош эми, — деп сөзүн улантты Зеб Стумп, — дагы анча-мынча кошкум келет.
— Сүйлөңүз, мистер Стумп, — деди Сан-Антаниодон келген жактоочу.
— Эмесе мындан. Азыр менин айта турганым, соттолуп жаткан кишиден көрө, ошонун ордун ээлей
турган кишиге көбүрөөк тиешелүү. Азыр анын атын айтпай эле коеюн.
261
1 ПРОЛОГ
Тырмышып жүрүп билгеним жөнүндө гана айтам. Силер, присяжныйлар, калган нерсе жөнүндө
божомолдоп билерсиңер.
Картаң мергенчи көп сез сүйлөмөкчү болгонсуп, бир аз эс алып, бир минутага токтоп калды.
Топураган эл кунт коюп тыңшап турду.
— Эмесе — мырзалар, — деп сөзүн улантты Зеб, — укканыман, негизгиси көргөнүмөн кийин мен бу
бечаранын тирүү эмес экенин түшүндүм. Бул ыплас ишти кылган мустангер — Морис Жеральд эмес
экенин да жакшы билдим эле. Андай болсо, бул ишти ким кылды деп ойлодум. Өзүңөр сыяктуу
эле, ушул суроо менин жүрөгүмү абдан өйкөдү. Ирландиялык жигиттин айыптуу эмес экенине шек
санабай, чындыкты акырына чейин тергештиргим келди. Көп нерсе ага каршы далил болду. Бирок
ошентсе да, мени айныта алган жок. Прериядагы изди өзүм изилдемекчи болдум. Бир аттын изи мага
бөтөнчө кызык туюлду. — Ал — Америкалык такаланган аттын изи эле. Төрт таканын бирөө сынып
калган экен. Ошол така мына?
Күбө камзолунун чоң чөнтөгүнө колун салып, сынган таканы алып чыкты.
— Мына, судья, ушул ат ошо киши өлтүрүлгөн түнү прерияда жүргөн ат экен. Ал ат өлтүрүлгөн
кишинин, ошондой эле азыр киши өлтүрдү деп караланып жаткан кишинин атынын артынан
жүрүптүр. Кылмыш болгон жерден анчалык алыс эмес жерден гана издер бөлүнүптүр. Бирок киши
токтогон эмес экен — ал дагы нарылап жөө басыптыр. Баягы кан уюп жаткан жерге чейин барыптыр.
Төгүлгөн кан — ошол кишинин колунан келген иш болуу керек. Киши өлтүргөн адам такасы сынык
ат минген экен.
— Уланта бериңиз, мистер Стумп, — деди судья, — Бу сиздин укмуштуу сөзүңүз эмне экенин
түшүндүрүп бериңиз.
— А менин сөзүм мындай: мен айтып жаткан киши бадалдын арасына жашырынып алып, ок аткан
экен; ошол октон жаш Пойндекстер каза болуптур.
— Кандай киши? Ал ким? Атын айтыңыз! Анын аты ким? — деген бир нече добуш катары менен
угулду.
— Менимче, анын атын ошондон табасыңар.
— Каерден?
— Мына бу башы жок кишинин денесинен табасыңар. Бери карагылачы, — деп күбө башы жок
кишини көрсөттү. — Ала серапэдеги катып калган канды көрдүңөрбү! Кандын ортосунда тешик бар.
Бирок жонунан чыккан тешик жок. Мына ошентип, менин оюмча, ок мунун денесинде калган болуу
керек, Эмесе, чечиндирип карап көрөлү.
Эч ким каршы болгон жок. Эки-үч киши, алар менен кошо Сэм Менли да алга чыкты. Ошол учурга
ылайык келген салабат менен алар серапэни чече баштады.
Айлананын баары тымтырс болуп калды, кала берсе күбүр-шыбыр да угулган жок. Баары көзүн
айырбай карап турду.
Өлүктүн эки жерине — жүрөгүнүн тушуна, анан дагы төмөнүрөөк эки ок тийген экен. Кан жалаң гана
төмөн жактагы жаранын тегерегине уюп калыптыр. Өйдө жактагысы жаракат эмес, жөн эле ок тийип
тешип кеткен жер экен, кан да уюбаптыр.
— Мунун, — деди Зеб Стумп, өйдө жактагы тешикти көрсөтүп, — эч кандай баркы жок. Кандын биерде
жок экенин көрүп турасыңар; бул ок өлгөн денеге тийгенин далилдейт. Муну мен мустангердин
кепесинин жанынан түн ичинде аткан болчумун. Мына бу экинчи ок — мунун жөнү такыр башкача.
262
1 ПРОЛОГ
Figure 3:
263
1 ПРОЛОГ
Бу жигитти өлтүргөн жаракат ушул. Октун чыгып кетпей ичинде калганына көзүм жетип турат.
Тилип туруп, карасак, жакшы болор эле.
Өлүктү чечип, аттан түшүрүштү.
Өлгөн жигиттин сөөгүн этияттап көк чөптүн үстүнө жаткызышты. Сэм Менли негизги хирургдун
милдетин аткарды.
Акырында окту алып чыгышты да, присяжныйларга беришти. Октон: «К. К». деген инициал ачык
көрүнүп турду.
Ягуарга мергенчилеп барып жүргөн кишилер бул ок кимдики экенин оңой эле түшүнүштү.
— Бу жөнүндө эмне дейсиз, мистер Стумп? — деп сурады жактоочу.
— Бу жөнөкөй эле иш, ар бир боз баш балага да ачык болууга тийиш. Жаш Пойндекстерди өлтүргөн
ушул ок,
— Бирок ким атты деп ойлойсуз?
— Ким атканында түшүнүү кыйын эмес. Кат жазган киши кол койгондо, катты ким жибергенинен
эч ким жаңылбайт, бизде да ошондой учур болуп отурат. Ырас, биерде биринчи тамгалары гана
жазылыптыр, бирок билүү кыйын эмес. Тамгалар өзүн өзү айтып турбайбы.
— Окко белги коюлганы ырас — деп, айыптоочу кийлигише кетти. — Мүмкүн сеттльменттеги
белгилүү жентльменге октун таандык болушу ыктымал. Ошондой деп эле коёлу. Бирок бул али
эчтекени далилдебейт. Мылтыкты бирөө уурдап алып өлтүргөндүр, — бул көп боло турган окуя, анын
үстүнө, айтыңызчы, бул өлтүрүүнү кандай деп түшүндүрүүгө болот, сиз шек санаган киши өлтүрдү
деп кандай негизде болжолдоого болот? Атын айтпасак да, бул
кимдин инициалы экенин билебиз. Ал жентльмен өзү да бул менин инициалым эмес деп тана койбос.
Бирок анын анткени да эч нерсеге жатпайт. Анын атын ушул өлтүрүү менен байланыштыра турган
дагы башка далилдер жок.
— Сиз ошондой деп ойлойсузбу? — деп сурады айыптоочу сөзүн качан бүтөр экен деп шашыла күтүп
турган Зеб Стумп. —А сиз мына муну эмне дейсиз?
Ошентип айтар менен Зеб капчыгынан кичинекей, чети күйүк, дарыдан карайып калган кагазды
алып чыкты.
— Бул кагазды мен киши өлтүрүлгөн жердин жанындагы бадалдын арасынан таптым, — деди
картаң мергенчи кагазды присяжныйларга берип жатып. — Бу кагаз акациянын тикенегине
илинип калыптыр; аерге ок чыккан мылтыктын оозунан учуп барып түшкөн болуш керек. Менин
түшүнүүмчө, жездин оозуна тыгын кылып тыккан конверттин айрыгы болуш керек. Октогу
инициалга далма-дал келген ат ушу кагазда да бар экен. Сот өзү окуп чыкса да болот.
Присяжныйлардын бири кагазды алып, жайып туруп, жарыя окуп берди:
— «Капитан Кассий Кольхаунга».
XCVI глава
КАЧТЫ! ===========
Ушул ат соттун мүчөлөрүнө чоң таасир кылды. Ошону менен кошо элдин арасынан кыйкырык чыкты.
Бул таң калган добуш эмес эле. Жок? Ал айыпталган кишини актоо, каралоочулардын эн ашынган
кишисин айыптоо эле.
Зеб Стумптун айткандары Морис Жеральддын бүтүндөй айыпсыз экендигин, Генри Пойндекстерди
өлтүрүүгө такыр катышпаганын ачык далилдеди. Эми бу жөнүнөн эч ким шек санаган жок.
264
1 ПРОЛОГ
Ошону менен катар өлтүргөн киши Кольхаун экендигин да андан кем ырастаган жок. Чети күйгөн
алакандай кагаз бир топ далилдердин эң акыркысы болду.
Зеб сөзүмдү бүтө элекмин дегендиктен, аны сөзүңдү улантып сүйлөй бер дешти. Ал кандай
шектенгенин, прерияда кылмыштын изин издегенин, башы жок чабендести капитандын кубалап
жүргөнүн эки жолу көргөнүн айтып берди. Анын ат алмаштырганын да сүйлөп берди.
Эң акырында, башы жок чабендести кармаганда, бадалдын арасында болгон окуяны да түгөл сүйлөп
берди.
Сөзүн бүтүрүп, картаң мергенчи сот дагы эмне деп суроо берер экен дегенсип, камырабай күтүп турду.
Бирок топурап турган эл эми анын айтканына кызыккан жок. Кыйкырган добуштар чыкты.
— Ирландиялык жигитти бошоткула, ал күнөөлүү эмес! Аны коё бергиле?
Андан да кем талап кылбаган башка кыйкырыктар угулду:
— Кассий Кольхаунду камагыла! Аны сотко бергиле! Киши өлтүрүп, кылмыш кылган ушул турбайбы?
Дал ошол үчүн мустангерди каралоого тырышкан экен го. Эгер күнөөкөр болбосо, өзү далилдеп берсин.
Сотко бергиле! Соттолсун! .. Судья, сиздин сөзүңүздү күтөбүз, Кольхаунду айыпталуучулардын ордуна
олтургузууга буйрук бериңиз. Бул орунду айыпсыз киши көпкө чейин ээлеп келбедиби!
Судья көпчүлүктүн айтканына каршы тура алган жок, Кассий Кольхаундун атын айтып үч жолу
кыйкырды. Жооп болгон жок. Баары капитанды көзү менен издеп калышты.
Аңгыча болбой, Зеб Стумп сүйлөп жаткан ордунан басып, картаң бээсине жүгүрүп барды.
Ошерде тургандардын баарын таң калтырган шамдагайлык менен ал бээсине ыргып минип, дубдун
жанынан чу коюп өттү.
Четте байлануу турган аттардын арасынан дагы бирөө уурданып басып баратканын ошо замат көрө
коюшту. Канчалык сактык кылса, да, а кишинин кыймылынан өтө шашкалактаганы байкалып турду.
— Тигине! Кольхаун экен! Качмак болду! — деп туш-туштан кыйкырышты.
— Кармагыла! — деген судьянын үнү угулду. — Кармап, бери алып келгиле.
Буйрукту кайталоого туура келген жок — ондогон кишилер аттарын көздөй жүгүрдү. Кольхаун өзүнүн
боз мустангына баарынан мурун жетип, ыргып минди. Эки жагын алаңдап карап, прерияны көздөй
ызгытып жөнөдү.
Элүү чабендес майордун: «Тирүү болсо да, өлүү болсо да алып келгиле!» — деген сөзүнө шыктанып,
анын артынан чү дешти.
Кавалериянын экс-капитанынын өмүрү эч качан мындай коркунучта болгон жок эле. Буэн Висттеги
уруш майданында да, Обердофердин аракканасынын полунда жатканда да жаагына мустангердин
тапанчасы такалганда да мындай болгон эмес эле. Ал Рио-Грандени көздөй чапкылап баратты, бирок
Мексиканын чек арасынан өтө качып кетүү үчүн бараткан жок; ал ошерден сыйын табам деп ойлогон
да жок — ал команчалардын вигвамына жашырынгысы келди. Артынан кууп келаткан коркунучка
алдынан чыга турган азап-тозок тең келе албайт эле. Балким, өзүн ушундай зарылдыкка түрткөн
акыл-эссиз жоругу жөнүндө кийин өкүнөр. Ал байлыгынан, досторунан, маданияттуу коомдогу
даражасынан ажырар; ал гана эмес, сүйгөн кызынан да кол үзөр. Бирок азыр ал жөнүндө ойлогудай
убакыт жок. Анын кара жаны сүйүүдөн кымбатыраак.
* * *
265
1 ПРОЛОГ
Баш кесердин боз мустангысы арабдын күлүгүнөн бетер зыркырап баратты. Ошентип чуркоого
ат туруштук бере алар бекен? Ал эртең менен жыйырма милядан ашыгыраак жол жүрүп тынбай
чапкылап отурган эле.
«Бактыма жараша, атымды мексикалык атка алмаштырганым жакшы болгон экен! — деп ойлоду
Кольхаун. — Эгерде кыздын мустангысы болбосо, сүрдүү соттун, кыжырланган элдин алдында турмак
элем».
Кассий Кольхаун эми андай тагдырдан коркпой, коркунуч өтүп кетти го деген ой менен көңүлүн
жубатты. Кылчайып карап, чабендестердин алыс калганын көрө койду. Капитан алды жагын карап,
берметтей жылтылдаган көпкөк саваннадан дүмпүйүп карайган токойду көрө койду. Ошол токойго
жетсе жаны аман каларына кылмышкер шек санаган жок.
XCVII глава
БАШ КЕСЕРДИ КУУГУНТУКТОО ========================
— Чын эле кылмышкерди кууп жете алышпайбы? — деген суроо дарактын түбүнө калгандардын
оозунан чыгып кетти.
Прерия менен жүзгө жакын чабендес, аскер жана карапайым кишилер — зыркыратып баратышты,
Зеб Стумп да алар менен бирге.
— Жетпей коюшпайт!
Тигине, кууп бараткандарга дагы бир чабендес кошулду — ал өзүнүн күлүгүн минген, элдин арасынан
кимдир бирөө бере койгон кыл арканы бар Морис Жеральд.
Аны бардыгы ынтаа коюп карап турушту; кылмышкерди кууп жетип, кармап, сотко алып келишерине
эч ким шек кылган жок,
Өзүнүн аман калганына ишенип үлгүргөнчө, Кольхаун арт жагын кылчайып карап, тору атты көрө
койду. Бирок тору аттын үстүндөгү мурунку башы жок өлүк эмес, Морис мустангер экен. Андан качып
кутула албассың!
Качкындын бүткөн бою дүркүрөй түштү. Бирок жакын жердеги бадалды көрө коюп, кутулам го деп
дагы үмүт кылды. Кыйналган боз атын ал дагы камчылай баштады.
Токою кесилген жер бар эле. Кольхаун ошол жерге кирди. Тике бурулган жер да көрүндү. Чытырман
бадалдын арасына жигит жашынып калууга болот эле. Бирок андай болбоду! Тору аттын дүбүртү арт
жагынан угулду. Мустангер токтогун деп капитанга кыйкырды.
Айласы кеткен эмедей бакырып, капитан Кольхаун тизгинин жыйды да, шап дегизе тапанчасын алды.
Тарс эткен добуш угулду. Абадан ок чырылдап өтүп кетти. Аңгыча болбой, шуулдаган добуш угулду;
абада узун жылан аты- рылгандай боло түштү, — Кольхаун аны бозоргон түтүндүн арасынан көрүп
калды. Жылан тике эле өзүн көздөй атырылды.
Тапанчасын экинчи жолу басууга чамасы келбей калды. А түгүл, кыл аркандан мант берип кетүүгө да
чамасы келбеди: сыйыртмак анын ийнине илине түштү. «Багынгын, баш кесер!» — деген кыйкырык
чыкты. Кассий Кольхаун тору аттын бура тартканын көрө койду, ошол эле замат капитан ээринен
учуп түштү.
Ошондон кийин Кольхаун эч нерсе уккан да, көргөн да, сезген да жок. Жерге катуу тийип, талып
калган эле.
XCVIII глава
АЛИ ТИРҮҮ =============
266
1 ПРОЛОГ
Баш кесер жерде сулк жатты. Анын колу аркан менен байланып калган эле. Ал өлүп калгандай
сыяктанды.
Бирок аны колго түшүргөн киши башкача жоромолдоду. Ал же эси ооп калды, же болбосо жөн эле
анткорлонуп жатат деп ойлоду. Анткорлонуп жатат го деп чочуганынан, Морис арканын кере тартып,
атынан түшпөй турду.
Кожоюнунун тилин алып, ат же артка кайра тартууга, же алга атырылып жөнөөгө минута сайын даяр
болуп, былк этпей турду.
— Энчисин алат. Муну ушундай кылмыш кылды деп ойлосоң, төбө чачын тик турат! — деп кобурады
мустангер, — Өзүнүн бир тууган таякесин өлтүрүп, башын кескенин карабайсыңбы! Башын кескен да
ушул экендигинде шек жок. Таякесинин башын кесүүгө муну эмне аргасыз кылды? Ошенткенин бул
өзү түшүндүрөр.
— Жаңылышасыз жигит, — деген бирөөнүн үнү угулду. — Ушул суроонун баарына жооп бере турган
киши бар, Картаң Зеб Стумп сиздин кызматыңызды аткарууга даяр. Бирок азыр ал жөнүндө сүйлөп
тура турган убакыт эмес, биерде сандалып турууга да убакыт жок. Муну эмендин жанына алып
баруубуз керек; кылмышкер ошерден өз энчисин алат.
— Бирок муну кандай кылабыз? Аты качып кетти.
— Опоңой эле, мистер Жеральд, жөн талып калган болуп жаткандыр. Эгерде жөө баралбаса, атчан
барсын — менин бээм жеткирет. Атчан жүрүп ээр абдан тажатты.
Эгерде бул анткорлонгонун койбосо, атка мингиси келбесе, анда өлгөн бугудан бетер атка арта салып
алып барабыз. Токто! Эси-учун жыя баштады окшойт… Кана, досум, тур, — деди Зеб Стумп, Кольхаунду
жакадан алып силкилдетип. — Тургун деп жатабыз, жүр. Сизди күтүп жатышат. Сиз менен анча-
мынча сүйлөшө турган кишилер бар.
— Ким? Каерде? — деп сурады туткун, эс-учун бир аз жыйып, эки жагын элеңдеп карап. — Мени менен
ким сүйлөшкүсү келет?
— Баарынан мурда мен.
— А? Бу сиз белеңиз, Зеб Стумп? Анан… дагы…
— Дагы, мистер Морис Жеральд, мустангер. Аны менен мурда жолугушсаңыз керек эле. Ал да сиз
менен сүйлөшкүсү келет. Анан дагы, тиги жакта, форттун жанында сизди күтүп турган ар түрдүү эл
бар. Андан көрө тезирээк туруп, биз менен жүрүңүз.
Кольхаун жай ордунан турду. Эки колу сыйыртмак менен бекем байлануу эле.
— Менин атым кана? — деп кыйкырды ал эки жагын карап. — Менин атым кайда?
— Атынын кайда качып кеткенин шайтан билбесе ким билсин. Мүмкүн, үйүңө, Рио-Грандеге
кеткендир. Ал шордуу атты абдан кыйнаган экенсиз. Сизге алмашып барганын наалаттап, бир аз дем
алганы өзүнүн туулуп өскөн жайытына кеткендир.
Кольхаун картаң мергенчиге таңыркап карады. Алмаштырганы? Бул ошону да билет экен го!
— Болду, — деди Зеб шаштырып, — сотту күттүрүп коюу — оңтойсуз. Даяр болдуңузбу?
— Эмнеге?
Биринчиден, мистер Жеральд экөөбүз менен бирге барууга. Экинчиден, соттун алдына турушуңуз
бөтөнчө зарыл.
— Соттун? Мен соттун алдында турушум керекпи?
267
1 ПРОЛОГ
Figure 4:
268
1 ПРОЛОГ
— Ооба, мистер Кассий Кольхаун.
— Кандай айыптоо боюнча?
— Таякеңиз Генри Пойндекстерди өлтүргөнүңүз үчүн.
— Калп! Ким кандай дебесин, барып турган калп?
— Бас жаагыңды! — деп буюрган эмече кыйкырды Зеб. — Сүйлөйм деп убара болуп кыйналбаңыз. Эгер
Зеб Стумп жаңылбаган болсо, сизге дагы көп сүйлөөгө туура келет. Эми жүрүңүз. Сот күтүп отурат,
адилеттик күтүп жатат, ошону менен кошо алтымыш регулятор да күтүп турат.
— Мен кайра барбайм! — деп, мен-менсинип жооп кайтарды Кольхаун. — Мага буйрук бергидей сизге
ким укук берди? Андай кылуу үчүн сизге эч ким полномочие берген жок…
— Ырас элеби? — деп, Зеб анын сөзүн бөлүп жиберди.. — Андай укукту мага адилеттик өзү берди, —
деп мергенчи сөзүн улантты мылтыгын алып. — Мына муну көрдүңүзбү? Өз укугумдан пайдаланбай
койбойм. Келжиреген сөздү койгонуңуз жакшыраак болот. Мен кулагын шалпайтып турчулардан
эмесмин. Андан көрө, менин бээме миниңиз да, акырын жолго түшүңүз. Болбосо, кадимки таңгак
өңдөнтүп, атка таңып салам. Сиз кайра барууңуз керек, сөз бүттү.
Кольхаун жооп кайтарган жок. Ал үмүтүн үзгөнсүп бирде Стумпка, бирде Жеральдга, бирде тегерегин
айландыра карап, анан билгизбей чөнтөгүнөн чыгып турган тапанчасын карады. Тапанчасын алууга
аракет кылды, бирок кыл аркан, андан башка мылтыгын аны көздөй сунуп турган картаң Зеб жолто
кылды.
— Ылдамыраак! — деп кыйкырды мергенчи. — Атка миниңиз, мистер Кольхаун! Сизди картаң бээ
күтүп турат. Тезирээк миниңиз деп айтпадымбы!
Кавалериянын экс-капитаны кыңк этпей мергенчинин буйругуна баш ийди. Антпесе, ажалы жетерин
билип, коркту.
Зеб Стумп бээсин тизгининен алып, жетелеп жөнөдү. Мустангер ойго батып, алардын артынан
бастырып отурду. Ал эрдик кылып, жүрөгүн түбөлүккө ээлеген кыз жөнүндө ойлоп баратты.
XCIX глава
ЭКИ ОК АТЫЛДЫ =============
Биринчи жолу токтоп турганынан азыраак созулган экинчи жолку капылес токтолуудан кийин
сот эмендин түбүндө заседаниесин кайра баштады. Күн кечкире баштады. Батып бараткан күндүн
кыйгач нуру дарактын калың жалбырагы калкалап турган жерге төгүлүп турду. Күндүн ошол нуру
күндүзгүдөй алтын өңдөнүп жылтылдабай, бир балаа башталчудай болуп кызарып тийди.
Морис Жеральд эми соттолуучу кишинин ордунда отурбай күбө катарында отурду. Айыпталуучу
киши отура турган орун бош калган жок. Кассий Кольхаун камакка алынган кылмышкер болду.
Соттун көрүнүшүндөгү болгон бирден-бир өзгөрүү ошол эле.
Баягы эле судья, баягы эле присяжныйлар, баягы эле эл. Айырмасы эле: алардын айыпталган кишиге
кылган мамилесинде болду. Кольхаундун айыптуу экендигине эч ким шек кылган жок. Айыптуу
экени ачык. Бардык далил түгөл болду.
Бир гана нерсе жетишпеди, эмне себептен өлтүргөнү ачык болгон жок. Эмне үчүн Кассий Кольхаун
өзүнүн бир тууган таякесин өлтүрдү? Эмне үчүн анын башын кесип салды? Өлтүргөн кишиден, башка
бул суроого эч ким жооп бере албайт.
Соттун тергөөсү бат эле бүттү. «Айыптуу» деген өкүм чыгарылды. Судья башындагы панамасын алып,
өкүмдү жарыялаганы өлүмдүн кайгылуу эмблемасы бар кара шапкесин кие баштады.
269
1 ПРОЛОГ
Формалдуулукту сактап, айыпталган кишиге акыркы сөз берди.
Кольхаун селт этип кетти. Бирөөнү көөмп жатканда кагылган коңгуроо сыяктуу, ушул сунуш анын
кулагына суук учурады. Ал элеңдеп, эки жагын карап, бир да киши боору оорубаганын көрүп, үмүтүн
үздү.
Жаны оорубаганын көрүп, үмүтүн үздү.
• Жаны ачыган бир да кишини таба алган жок. Баарынын өңү каарданып турду.
Кылмышка кошо катышкандар, акыркы учурга аны колдоп турган, пара алып жалданган бандиттер,
эми такыр керексиз болду — алардын жан тартканынан пайда жок. Закондун алдында туруштук
берип тура албай, кылмыштын ашкере ачык экенине чыдай албай, алар кайдадыр бүт качып
кетишкен,
Өзүнүн байлыгына, атактуу экенине карабастан, Кольхаун эми достору да, жакын кишилери да жок,
жападан-жалгыз калды. Киши өлтүргөн адамдын тагдыры Техаста ошондой болот.
Анын өңү, кебетеси бүтүндөй өзгөрүп кетти, — каадасынча менменсинип мактанбай, суу жүрөктүк
кылып корккону өңүнөн көрүнүп турду.
Ошенткенине таң калуу керек беле? Абалы аргасыз экенин, көрдүн оозунда турганын сезип отурду.
Аңгыча болбой, ындыны өчкөн көзү, бир арга болчудай ой эсине келе калгансып, жалаңдап кетти.
Анын кебетеси бирдемени мойнуна алгысы келгендей боло түштү. Анысы айыбын мойнуна алмакчы
болгону беле? Чынын айтып, жанынын кашайганын жеңилдеткиси келеби?
Анын оюн билип, кишилер дымын чыгарбай, күтүп турушту.
Кала берсе, чегирткелер да чырылдабай калгандай болду.
Тымтырстыкты соттун үнү бузуп жиберди:
— Өлүм жазасын алмаштыргыдай бир нерсе айта аласызбы? — деп сурады сот.
— Жок, — деп Кольхаун жооп кайтарды, — айткыдай эч нерсем жок. Өкүм туура чыгарылды. Өлүм
жазасына арзыдым.
Толкундандырган окуяларга жык толгон ошо күнү катышып отургандар бир жолу да мынчалык таң
калган эмес эле.
Эл унчукпай турду.
Тымтырс болуп турганда, соттолгон кишинин үнү гана угулду — ымандай сырын качан айтар экен
деп баары күтүп турду.
— Абдан туура, — деп сөзүн улантты Кольхаун, — Генри Пойндекстерди мен өлтүргөм, чытырман
токойдун арасынан аткан болчумун.
Топураган элдин арасынан кимдир бирөөнүн чыңырган үнү угулду. Бул кыйкырык кыжырланганынан
да төбө чачы тик турган кишинин кыйкырыгы эле. Ошондой эле зарлаган үн да угулду, — бул өлгөн
жигиттин атасынын зарлаганы экенин баары биле койду.
— Билем, мен өлүшүм керек, — деп Кольхаун калп эле камырамаксан болуп сөзүн улантты. —
Силердин өкүмүңөр ошондой; өкүмүңөрдү өзгөртө турган оюңар жок экени өңүңөрдөн да көрүнүп
турат.
270
1 ПРОЛОГ
Өзүм мойнума алгандан кийин кечирим болот экен деп ойлоо дөдөйлүк болор, Бул катуу жазага мен
толук арзыдым. Бирок ошондой болсо да, таякесин өлтүрдү деген маскаралык менен өлгүм келбейт.
Эмне үчүн өлтүрдүң, бул өлүмгө сени кандай себеп түрттү деп сурадыңыздар? Менде эч кандай себеп
болгон жок.
Турган кишилердин дагы күбүр-шыбыр болгону байкалды; ошол күбүр шыбыр таң калгандарын, эмне
болгонун билгиси келгендерин, кыжырлангандарын ачык көрсөттү.
Бирок эч ким үндөгөн жок, сүйлөө үчүн кылмышкерге эч ким жолто да кылбады.
— Таң калып отурасыңар го? Анын себебин түшүндүрүү оңой: мен аны жаңылышып өлтүрдүм.
Топурап турган элдин арасынан таң калган үндөр угулду.
Айыпталган киши сөзүн улантты.
— Ырас, жаңылыштыктан болду. Жаңылыштыктан өлтүргөнүмү билип кыйналганымы айтып берүү
өтө кынын. Ошондой болгонун бир кыйла убакыт өткөндөн кийин билдим.
Ушул сөзүмү угуп, боору ооруган киши барбы экен деп үмүт кылгансып, соттолгон киши өйдө карады.
Бирок сурданган кишилердин иреңинен ырайым кылуу жышаанасын көрө алган жок.
— Танбайм, — деди Кольхаун, — өлтүргүм келген киши бар экенин танбайм, анын атын да жашыргым
келбейт. Ал тетиги менин алдымда турган жек көрүнчү шүмшүк. — Кольхаун Морис Жеральдга жутуп
жиберчүдөй карады.
Морис Жеральд такыр кам санабаган кишиче, кебелбей карады.
— Ырас, мен ушуну өлтүргүм келди эле. Өлтүрүү үчүн менин негиздерим бар болучу, ал жөнүндө
сүйлөбөй эле коёюн. Эми андан пайда жок. Мен ушуну өлтүрдүм го деп ойлодум эле. Бу ирландиялык
итти таякем менен плащын, калпагын алмашканын кайдан билет элем?.. Калганынын баары
силерге белгилүү. Душманымды мээлеп, досумду аткан экенмин. Атуунун акыры жаман болуп, атчан
киши жыгылып түштү. Өлтүрөйүн дегеним жаздым болбосун деп, шамшарымды сууруп чыктым да,
шордуунун башын кесе чаап таштадым, каргыш тийген серапэ мени дагы эле алдап турган экен.
Арзыгыдай өч алыш керек деп кыйкырган добуштар угулду.
— Эми, — деп чаңырды Кольхаун чурулдаган добуш бир аз басаңдаганда, — болгон окуяны бүт
билесиңер, бирок эмне менен бүтөрү силерге белгисиз! Көр оозунда турганымы көрүп турасыңар,
бирок мына муну да ала жатпай тынбайм. Ошентпесем, мени кудай урсун?
Акыркы сөзүн айтып бүтө элек жатып Кольхаундун колунан тапанча жаркырап көрүнө түштү —
тапанчасын акыркы минутага чейин катып турган экен.
Ошол замат тапанча удаасы менен эки атылды.
Эки киши оңкосунан кетти. Экөө тең башы тийишер- тийишпес болуп сулк жатып калды.
Экөөнүн бири — Морис Жеральд мустангер, экинчиси — кавалериянын экс-капитаны Кассий
Кольхаун болучу.
Жабалактап турган эл аларды курчап калды. Экөө тең өлгөндөй сыяктанды.
Жымжырт болуп турган элдин арасынан адамдын кутун учурган аялдын чыңырганы угулду.
С глава
КУБАНЫЧ ========
Кубаныч!
271
1 ПРОЛОГ
Өзүн өлтүрүү оңунан чыгып, башка кишини өлтүрүү оңунан чыкпай калганда, килейген эмендин
түбүндө отурган Луизанын сезими ушундай болду.
Жүрөгүн тызылдатып эңсегени анын кубанганын токтото алган жок.
Ошенткени үчүн жаш кызды ким айыптамак эле?
Башка киши болбосо, мен эмес. Адилеттик кылсаңар, силер да айыптабассыңар.
* * *
Морис Жеральддын жүрөгүнө мээлеген Кассий Кольхаундун огу Луиза белек кылып берген металл
тумарга тийип тайып кетти. Жүрөгүнүн тушуна сактап жүргөн эстелик буюм жигитти аман алып
калды.
Бирок ок зыянсыз өткөн жок.
Октон жаш ирландиялыктын эси ооп, оорудан жакшы болуп кете элегинде, дагы катуу жапа чекти.
Бирок эми баягы канкор койоттор менен айры куйруктар жабалактап асылган токойдун арасында да,
өзүнүн кичинекей кепесинде да, же багуусуз абакта да жаткан жок.
Морис көзүң ачканда, өзү кастарлап, сүйгөн кызы төшөгүнүн жанында отурган эле, Эми аны багуу
үчүн кызга эч ким жолто кылган жок. Эч ким, кала берсе, атасы да жолто кылбады.
Башынан өткөргөн күйүт кербез плантатор — чалды абдан мүңкүрөттү. Эми ал кызы менен Мористин
үйлөнүшүнө каршы чыккан жок; ырас, каршы чыга турган жөнү да жок эле. Ирландиялык жигит жөн
эле жапайы жылкы уулап жүргөн, карапайым мергенчи эмес, атактуу тектен чыккан маалыматтуу
жигит. Техаста жаманатты болгон чөйрөгө анын эч кандай тиешеси да жок.
Вудли Пойндекстердин көңүлүнө туура келген дагы бир кырдаал бар эле. Ирландиядан келген юрист
бала көрбөй өлгөн тууганынан калган байлыкка Морис Жеральдды мураскер кылды.
Экс-капитан Кассий Кольхаундун бир кезде үйлөнгөнү белгилүү болду да, анын байлыгы Жаңы
Орлеанда турган баласына бүт өтүп кетти.
Луиза менен Морис Жеральд үйлөнүп, той бергенден кийин саякаттап Европага кетишти. Анан
Мористин туулуп, өскөн жерине да барышты.
Ирландиялык жигитке кусадар болгон көк көз сулуу Фелимдин кыялында гана калган болучу.
Ирландияда болгон убагында Морис Жеральддын жаш колуктусу бир жолу да күнүлөгөн сезимин
билдирген жок. Каса-дель-Корвого кайра келгенден кийин гана, анын ошол кыйнаган күнүлөө
сезими бир аз козголду. Бир жолу эри көкүрөгүнөн кан аккан татынакай аялды үйүнө көтөрүп келди.
Аял али түрүү эле, бирок өлө турган минутасы эсептелүү болчу.
«Ким жарадар кылды»? деген суроого аялдын: «Диаз! Диаз»!» деп жооп кайтарууга гана чамасы келди.
Бул Исидора Коварубио де-Лос-Ланостун акыркы сөзү эле.
Исидоранын өлүшү менен Луизанын күнүлөгөн сезими өчүп жок болду. Эми күнүлөө сезими
Луизанын жүрөгүн өйкөгөн жок.
Күнүлөө ордуна ал шордуу сеньоритага боору ооруду.
Морис өлтүргөн кишини кууп жетип, өч алмакчы болуп, тору мустангын токунганы жатканда, жаш
креолка ага өзү жардам берди.
Диаз мустангердин сыйыртмагында жатканын көрүп, Луиза ыраазы болду. Бир топ регулятор Диазды
ошол эле жердеги даракка асып өлтүрмөкчү болушканда да, ал мексикалык жигитти жактаган жок.
272
2 «БАШЫ ЖОК ЧАБЕНДЕС» ЖАНА АНЫН АВТОРУ
Он жыл өттү. Ошол убактын ичинде Техаста, айрыкча Леона менен Нуэсестин теребелиндеги
сеттльменттерде зор өзгөрүүлөр болду.
Мурун чытырман токой өскөн жерлерге плантациялар пайда болду. Үйүр-тобу менен мустангдар
оттоп жүргөн жапайы талаага шаарлар курулду.
Эми кишилердин, жердин, кыштактардын жаңы аттарын угасыңар.
Бирок Каса-дель-Корвонун эски гасиендасы өзүнүн мурунку наамын сактап калды. Ошерден өзүңөргө
тааныш кишилерди да табасыңар.
Гасиенданын кожоюну — Техастагы эң көрүнүктүү эркектердин бири, анын зайыбы ошол аймактагы
эң сулуу аялдардын бири. Алар Морис Жеральд менен Луиза, алар али картая элек, гүлдөп турган кези.
Аерден Вудли Пойндекстер деген чалды да жолуктурасыңар. Ал силерди өзүнүн короолоруна
ээрчитип барып, уйларын көрсөтүп, плантациянын жайыттарында жайланып жүргөн үйүр-үйүр
жылкысы жөнүндө сыймыктанып сүйлөп берет.
Эски гасиенданын ичинен алты баланын шаңкылдаган үнүн угасыңар. Алар Пойндекстердин
неберелери, анын картайгандагы эрмектери.
Атканага баш багып карасаңар, аерден эски таанышыңар Фелим О’Нилди көрөсүңөр. Эми ал Каса-
дель-Корводо ат багарлардын башчысы болуп кызмат кылат. Өңү кара Плутону да ошерден кезиктире
аласыңар, эми ал арабакечтин милдетин аткарат, арабага чыгып, божуну колуна алганча, атты анда-
санда гана, көңүлү ооганда карайт.
Плутонун зайыбы бар; ал — окуучуларга белгилүү Флоринада.
Каса-дель-Корводо тамак ичип отурган жерден дагы бир тааныш атты — картаң мергенчи Зеб
Стумптун атын угасыңар. Күрптүн же бугунун куурулган эти столго келер менен эле, Зеб Стумп
жөнүндө сөз башталат.
Столго шарап коюлганда, аны бөтөнчө көбүрөөк эске түшүрүшөт.
Ырас, Зебдин өзүн аерден анда-санда гана учуратасыңар. Баары төшөктөн турбай уктап жатканда,
ал гасиендадан кетет да, башкалар уктаганы жатканда кайра келет. Бирок ууга барып, алып келген
нерселери картаң Стумптун ошол үйдө турарын ачык далилдейт.
Каса-дель-Коррого барганыңарда, бүт дээрлик жомок
болуп кеткен табышмактуу тарыхтын үзүндүлөрүн укпай койбойсуңар.
Малайлар бүткүл тарыхты баштан-аягына чейин айтып берүүдөн качпайт, бирок шыбырап сүйлөшөт.
Бул — үйдө сүйлөнүүгө тыюу салынган тема, ал гасиенданын кожоюндарынын эсине кайгылуу
окуяны түшүрөт.
Бул — башы жок чабендес жөнүндөгү баян.
Бүттү

#69 09 June 2017 - 19:14
2 «БАШЫ ЖОК ЧАБЕНДЕС» ЖАНА АНЫН АВТОРУ
«Башы жок чабендестин» автору — Томас Майн Рид (1818—1883) жөнүндө анын эң мыкты китептеринен
да кызыгыраак роман жазууга болор эле.
Улуттук теги ирландиялык, анчалык бай эмес, провинциялык поптун уулу Майн Рид өзүнүн үй-бүлөсү
кыстаса да, атасынын жолуна түшүүнү каалаган эмес. Жыйырма жашар жигит болгон кезинде ал
273
2 «БАШЫ ЖОК ЧАБЕНДЕС» ЖАНА АНЫН АВТОРУ
мекенин таштап, ошо кездеги өзүнүн көп мекендештери көчүп барган Америкага жөнөйт. Ошол көчүп
баргандардын арасында Ирландиядагы америкалык үстөмдүккө каршы багытталган революциялык
кыймылга катышкандар аз эмес эле.
XVII кылымда эле Англия Ирландияны басып алып, өлкөдө калкты массалык жакырланууга
дуушар кылган ырайымсыз колониялык режимди орнотот. Запкы көрсөтүп, эксплуатациялоого
Ирландиянын эли көтөрүлүш чыгарып жооп берет. Англиялык бийликтер аябай басып келген
боштондук кыймылы калктын улам кеңири чөйрөлөрүн кучагына алат. Көз каранды болбоо
үчүн күрөшкөн жашырын уюмдар өлкөдө аракет кыла баштайт. Ирландиялык эмигранттардын70
арасында, айрыкча Америка Кошмо Штаттарында ошол уюмдардын өзүлөрүнүн бөлүмдөрү болгон:
аерде XIX кылымдын биринчи жарымында жумуш таппаган нечен жүз миң ирландиялыктар көчүп
барат.
Өзүнүн ирландиялык теги, өзүнүн эли жана элинин маданияты менен сыймыктанган жан Майн
Рид кээ бир ирландиялык эмигрант-революционерлерге жакын болгон. Балким, анын Америкага
кетишине англиялыктардын үстөмдүгү менен элдешкиси келбегени себеп болгон чыгар. Майн Рид
жаш чагында эле улуттук эзүүгө каршы чыгып, өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшкөн элдерге жан тартат.
Бир кыйла жылдар бою ал Америка Кошмо Штаттарынын аз изилденген, эли өтө аз аймактарында
укмуштуу окуялуу турмушту башынан өткөрөт. Изилденбеген, суусу жок чөл аркылуу Батышты,
Тынч океанды карай үрккөн алгачкы америкалык көчмөндөрдүн тагдырынан ал көзүн айырбайт:
Калифорнияда «алтындын желикмесинин» башталышын өз көзү менен көрөт. Анын көзүнчө
Америка Кошмо Штаттары Техасты жана дагы башка территорияны басып алат. Майн Рид
Американын эң чоң Дарыяларын — Ред Ривер, Миссисипини — изилдеп чыгат да, кийин өзүнүн
романдарында жазган Американын прериялары менен тоолорунда саякат кылып жүргөн. Ал
индеец элдеринин, аралаш ак калктын: америкалыктардын, француздардын, испаниялыктардын
тиричилик-турмушу менен жакын таанышат. Ээн талаа, эркин тоолор» го алыс жол чегип, ал өмүрүн
нечен жолу коркунучка учуратат.
Америка Кошмо Штаттарынын жана Мексиканын аны менен чектеш аймактарынын турмушун
байкап, изилдеп жүрүп, Майн Рид аерден адилетсиздикти, кысымчылыкты өз мекениндегиден аз
көргөн эмес.
Өзү киришүүгө аракет кылган соодагерчилик иши анын романтикалык мүнөзүнө жат экени көп
узабай эле ачык болот. Эми өзү жакшы билген америкалык жана европалык соодагерлер каракчылар
менен авантюристтер экенин көрүп, Майн Риддин кыжыры кайнайт.
1843-жылдан тартып Майн Рид журналист болуп иштей баштайт; Америка Кошмо Штаттарынын
адабий чөйрөлөрү менен байланышат. Көп убакка чейин Филодельфияда туруп, америкалык атактуу
романтик-жазуучу Эдгар Аллен По менен таанышат.
1846-жылы Майн Рид Мексика менен Америка Кошмо Штатынын ортосундагы согушка америкалык
аскерлер менен кошо катышат. Сыягы, Мексиканын ошо кездеги өкмөтүнө, айрыкча, саясий эски
авантюрист — мексикалык диктатор Санта Анага тескери мамиле кылгандыгынан болсо керек.
Америкалык бийлик башындагы кишилер ошо кезде эле Мексиканы багындырып алууга умтулат.
1846-1848-жылдардагы согушта Мексиканын америкалык оккупанттарга каршы партизандык согуш
уюштурган эл массаларынын эрдик менен каршылык көрсөтүшү аркасында багындырып ала
алышпайт. Ошондой болсо да, согуштун натыйжасында Мексиканын бир кыйла жерин бөлүп
алышат. Америка Кошмо Штаттары Калифорнияны, Техасты алат.
Мексикага каршы жүргүзүлгөн согуш баскынчыл, талоончул мүнөздө болгонун жаш капитан Майн
Рид бат эле түшүнөт. Мексикалык партизандардын эрдик көрсөткөндүгүнө ал абдан кубанат.
70Эмигрант — саясий, диний жана башка себептер менен бир өлкөдөн башка өлкөгө көчүп барган киши.
274
2 «БАШЫ ЖОК ЧАБЕНДЕС» ЖАНА АНЫН АВТОРУ
Ошол согуш жөнүндөгү өзүнүн романдары менен повесттеринде эмес; бирок ошондой болсо да
Мексикадагы америкалык аскерлердин мыкаачы жүргөн-турганы жөнүндө, мексикалыктардын
баатырдыгы жөнүндө көп жазган.
1848—1849-жылдардагы революциячыл окуяларды Майн Рид кызуу куттуктайт. Ошол кезде ал
реакцияга каршы чыгып, монархиялык курулушка жана феодалдык калдыктарына душман болуп,
республиканы жактайт. Ошо кезде революцияга жан тарткан кишилерди аташкандай ал «1848-
жылдагы кишилердин» бири болгон. Волонтерлердин отрядын баштап, Майн Рид канга батып
жаткан Венгрияга жардам бергени Европага жөнөйт, бирок кечигип калат.
Майн Риддин өмүрүнүн мазмундуу, дуулап турган доору ошону менен бүтөт.
Европа өлкөлөрүндө 1848-жылдагы революциянын жеңилиши анын революциячыл- романтикалык
иллюзияларына, эркиндикти сүйгөн санааларына сокку урат. 50-жылдардын башында ал Лондонго
жайланышып, профессионал жазуучу болот: 40-жылдардагы өмүрүндө болгон бардык нерселерди ал
өзүнүн китептеринде жана окуучулары менен кошо дагы бир жолу көз алдынан өткөргүсү келет.
Майн Риддин романдары биринен сала бири чыгат. Анын китептери жалаң жаштардын гана
эмес, окуучулардын кеңири чөйрөсүндө да атактуу болот. Ф. Купердин романдарынан кийин
XIX кылымдын 40-жылдарындагы америкалык турмуш жөнүндө биринчи жолу жазылган анын
романдары болгон. Майн Риддин китептери Франция менен Германияда которулуп чыга баштайт.
1850-жылы «Атактуу аткычтар» (орусча котормосу — «Мексикадагы аткычтар»), 1851-жылы
«Скальпты уулагандар» (орусча котормосу «Баш сөөктү издегендер»), 1855-жылы «Ак жол башчы»
деген китептери басылып чыгат. Алардын артынан 1856-жылы Майн Риддин эн атактуу романдарынын
бири, Америка Кошмо Штаттарындагы расалык дискриминацияга багытталган «Квартеронка», 1858-
жылы «Оцеола, семинолдордун жол башчысы» басылып чыгат; бул Майн Риддин америкалык
колонизаторлорго каршы күрөшкөн семинолдордун индеецтик уруусунун күрөшүн жан тартып
жазган мыкты романы болуп эсептелет.
Бул китептерде жазуучунун турмушундагы эң бай тажрыйбасы сүрөттөлөт, Америка Кошмо
Штаттарындагы тиричилик-турмушту, социалдык мамилелерди байкагандарынын жыйынтыгы
болот. «Квартеронкада», «Ак жол башчыда», «Оцеолада» Майн Рид индеец элдерин аябай жок
кылууну айыптап, Кошмо Штаттарда гүлдөп турган кулчулукка каршы чыгат.
Майн Риддин алгачкы романдарынын каармандары — өз элдеринин эркиндиги үчүн күрөшүп,
америкалык мыкаачы-плантаторлорго, кул ээлерине, спекулянттарга каршы чыккан кайраттуу,
айкөл кишилер.
Майн Риддин биринчи романдары басылып чыккан кезде (50-жылдарда), курчуган тап карама-
каршылыктарын, күрөшүп жаткан коомдук күчтөрдүн кагылыштарын сүрөттөгөн бир кыйла
көрүнүктүү көркөм чыгармалар англиялык адабиятта да пайда болот. 50-жылдарда Диккенс
чартисттер жөнүндө «Оор заман» деген өзүнүн романын, андан кийми 1789— 1794-жылдардагы
француз буржуазиялык революциясынын окуяларына арналган эн сонун «Эки шаар жөнүндөгү
повестин» басып чыгарат. Теккерейдин — «Генри Эсмонданын турмушу» (1854), «Виргинцилер»
(1859) деген тарыхый романдары XVIII кылымдагы Англиялык коомунун партияларынын күрөшүн
көрсөтөт. 50-жылдарда өзүнүн акыркы дуулап турган кезин чекисттер кыймылынын жазуучусу
өзүнүн романдары менен поэмаларында 1848-жылдагы дүркүрөгөн саясий окуялар жөнүндө жазат.
Майн Рид 50-жылдардагы көрүнүктүү англиялык жазуучулардын деңгээлине көтөрүлө алган эмес,
бирок анын китептери Америка Кошмо Штаттарындагы эзилген элдер менен социалдык чоң
топтордун тагдыры жөнүндө сүйлөйт. Майн Риддин бүт дээрлик алгачкы романдарынын баарында
испаниялык согушка жана Техас менен Калифорнияны басып алууга байланыштуу, индеецтик
элдерге каршы жүргүзүлгөн согуштук экспедицияларга, акырында, түштүк штаттарда кулчулуктун
275
2 «БАШЫ ЖОК ЧАБЕНДЕС» ЖАНА АНЫН АВТОРУ
ырбаган проблемаларына байланыштуу Америка Кошмо Штаттарында күчөгөн саясий күрөштүн
дүмөктүү атмосферасы көп.
Албетте, Майн Риддин ал романдары — баарынан мурда ошол окуяларга өзүнүн катышкандары
жөнүндөгү эстеликтер эле. Бирок, Англияда жазгандары кыйыр түрдө болсо да, англиялык
турмуштагы социалдык жана улуттук карама-каршылыктардын күчөгөнүн, 40—50-жылдарда
англиялык коомдун Европадагы боштондук кыймылына тилектеш болгон чөйрөлөрүнүн ой-
пикирин көрсөтөт: 60-жылдарда Гарибальддын эрдигине, Италия элинин өз эркиндиги, көз каранды
болбостугу үчүн жүргүзүлгөн күрөшүнө чып ниети менен кубанат. Бул анын «Тырмактай тагдыр»
деген романында сүрөттөлөт. Ал романында жазуучу Италиялык республикачыларга абдан тилектеш
экенин жашырып-жаппай айтат.
60—70-жылдарда Майн Риддин чыгармачылыгынын мүнөзү бир кыйла өзгөрөт. Эми анын
чыгармаларынан укмуштуу окуялуу сюжет, эффекттүү, кээде көрүнө жасалма декорация орун
алат. Анын романдарында популяризатордук элемент көрүнө күчөйт: аз изилденген өлкөлөрдүн
географиясынан, зоологиясынан, ботаникасынан дүйнөнүн картасындагы «ак тактарды» талыкпай
өчүргөн, XIX кылымдагы европалык саякатчылардын аракети менен табылган ар түрдүү фактыларды
ал укмуштуу окуялар повесть формасында жан-дили менен сүрөттөйт. Майн Риддин романдары
улам барган сайын бир түрдүү болуп, сюжеттери ойлонуп табылган, образдары күңүрт боло баштант.
Жазуучу мурунку жазгандарын көн кайталайт. Өзүнүн алгачкы романдарында тийип өткөн коомдук
чоң маселелер, анда-санда гана болбосо, акыркы жылдардагы китептеринде учурабайт, учураса да
үстүртөн учурайт.
Майн Рид өмүрүнүн акырына чейин жазган. Анын кээ бир чыгармалары өзү өлгөндөн кийин басылып
чыккан.
60—70-жылдарда жазган чыгармаларынын арасынан Майн Риддин 50-жылдардагы жакшы китептерине
жакын турган бир нече гана китеби бар. Алардын катарына «Башы жок чабендес» кирет (1866) Майн
Рид бул романын укмуштуу окуяларды баяндоо манерасында жазган.
Бул китептин биринчи бетинен баштап эле табышмактуу кылмышты ачып көрсөтүүгө негизделген
чебер сюжет окуучуну өзүнө тартып алат. Адеп жолугушканда эле Луиза менен Жеральддын
жүрөгүн өрттөгөн романтикалык сүйүү сюжетте аз роль ойнобойт. Чаташкан сюжетти өрчүтүп,
окуучуну бир эпизоддон экинчи эпизодго ээрчитип отуруп, Майн Рид 50-жылдардагы Техастын
тиричилик-турмушунун кеңири, көп жагынан чыныгы сүрөтүн көрсөтөт. Романдын күчтүү жагы
мына ушундан ачылат. Техасты сүрөттөө менен романчы Америка Кошмо Штаттары оккупациялап
колонизаторлор «төмөнкү расанын» макулуктары деп эсептеп, мексикалыктарды кемсинтип, одоно
мамиле кылат. Нечен кылымдардан бери индеец элдерине таандык болуп келген жерлеринен кууп
чыгып, америкалыктар индеецтерди аябай кырат.
Техастын америкалык колонизаторлору — кербез плантатор Пойндекстер, аракеч дуэлчи Кольхаун
— 40—50-жылдардагы америкалык турмуштун мүнөздүү өкүлү болуп эсептелет. Пойндекстер чалды
көрүнө айыптап, Майн Рид жаткан бай, шантажчы, Мексикалык каракчылык жортуулга катышкан
киши катарында Кольхаун жөнүндө бөтөнчө катуу айтат. Кольхаун өзүнүн капиталынын күчүнө
сыйынат, өзү эмне кылса да жаза тартпайм деп ишенет; ал эч кандай жүзү каралыктан кайра
тартпайт; акырында кылмышкер болуп чыгат. Гангстерлик жоругу бар. дүнүйөкор Кольхаун Майн
Риддин романдарында нечен жолу бети ачылган америкалык авантюристтин толук реалдуу тиби
болуп эсептелет.
Кан төгүп, жазалоодон кайра тартпаган, кандай киши болсо да өздөрүнө ылайык келбесе, Линч
менен соттоого белен турган топураган «регуляторлор», — Техаста үстөмдүк кылган америкалык
демократиянын образы мына ушундай. Гарнизондук кызматтан кыйналып азап чеккен, ар бир
жаңжалды тамаша катарында көрүп кубанган бир топ офицерлерди сүрөттөп жазуу америкалыктардын
276
2 «БАШЫ ЖОК ЧАБЕНДЕС» ЖАНА АНЫН АВТОРУ
Техаста кожоюндук кылган сүрөтүн толуктайт. Алардын жакшы көргөн жери — араккана,
жазуучунун заардуу тили менен айтканда, «генерал формасын кийген жергиликтүү баатырлардын
биринин» сүрөтү вывескасына тартылган «салун». Мүдөөсүн Америка Кошмо Штаттарынын желеги
астында коргогон. ашкан соодагер, дүнүйөкор Обердофердн да окуучу ошо жерден табат.
Жүз миңдеген индеецтерди курман кылып, Техасты Испаниянын ырайымсыз, адамгерчиликсиз
колонизациялап алышы феодалдык формада өтөт. Мексика Испаниядан бөлүнүп калгандан кийин
мексикалык жаш республиканын ошол чет жерлеринде феодалдык мамилелер чындыгында жоюлат.
Америкалык колонизациянын одоно машинасынын кысымы астында Техастын эски тиричилик-
турмушу кандайча кыйраганын Майн Рид ачык көрсөтөт. Эски тиричилик-турмуш тартиби бузулуп,
индеецтердин уруулары жок боло баштайт; жакырданып, бүлүнүү мексикалык дыйкандардын
тагдыры болот. Өлүп бараткан кесиптердин өкүлдөрү — «Башы жок чабендестин» каармандары
— жапайы жылкыны кармап, үйрөткөн мустангер Морис Жеральд, картаң мергенчи Зеб Стумп.
Эми, жакында жапайы жылкыны кармап үйрөтө турган киши Техаста жок болот, деп жазуучу ошо
жөнүндө соңку сөздөрүндө жазат. Американын жаны штаттарына биринчи болуп, эркин турмуш,
эптеп оокат кылгандай каражат издегендер, плантаторго кул болгусу, көпөстөр менен өнөр жай
ээлеринин зомбулугуна түшкүсү келбегендер нечен жүз миля жерлерге шаарлар менен гавандардан
тентип кетет.
Бирок Майн Риддин доорунда америкалык көпөс, өнөр жай ээлери бир кезде эркин болгон
эмгекчилерди, алардын укум-тукумун бардык жерден кууп жетип, өздөрүнө багындырып алат.
Романда бөтөнчө жакшы көрүп жазылган картаң Зеб Кентуккиден Техаска келет: сыягы, ал
жерде туруу ага кыйын боло баштаган окшойт. Бирок ошо жерде да байлардын имениелерине
илбээсиндин этин сатып оокат кылууга аргасыз болгон Зеб да, жапайы жылкыны үйрөтүү эмгеги
менен күн көрүүгө аргасыз болгон анын жаш досу Жеральд да, америкалык колонизаторлордун
көз карашынан алганда, сайда саны жок кедейлер болуп эсептелинет. Бирок бөлөк бирөөнүн
эмгегинен пайдаланууга дам конбогон, ак көңүл, туйтунууну жат көргөн, эч кимди эзбеген ушул
кишилерге чыныгы адамгерчиликтүү сезим берип сүрөттөйт. Алар — эч кимге сатылбаган, ниети ак,
кадырын сезе билген кишилер. Ушул сапат мустангерди кемсинтмекчи болгон Кольхаун Жеральдды
талашып-тартышкан жеринен ачык көрүнөт.
Индеецтердин эркиндигин тайманбай жактаган Оцеола сыяктуу, романда баатыр образдар жок.
Бирок Жеральд да Кольхаун кордогон элинин ар намысы үчүн кармашат. Жеральддын табышмак
бойдон кала берген өткөндөгү турмушун каңкуулап, жазуучу Техаска мустангердин өз эркинче
келбегенин, ирландиялык эмигранттын күрдөөлдүү турмушун башынан өткөргөнүн айткысы
келгенсийт.
Өзүнүн карындашы сыяктуу эле, бузулбаган, ниети ак, жаш жигит Генри Пойндекстер Жеральдга чын
көңүлү менен жакын болгусу келген; Жеральд романда Кольхаунга жана анын бөтөлкөлөштөрүнө,
картаң Пойндекстерге, дагы башка америкалык колонисттерге карама- каршы коюлган. Ал бекер
жеринен мексикалыктар менен достошпойт; америкалыктардын жеңилгендерди кемсинтип жек
көргөнү ага жат.
«Башы жок чабендестеги» катышкан кишилер эффекттүү тышкы манерасы жагынан бир нече
шарттуураак жазылган. Алардын сезимдерин терең анализдөөнү, көңүлүндөгү карама-каршылыктардын
сүрөттөлүшүн издөөнүн кажети жок. Андай кылып жазуу Майн Риддин колунан келген эмес; анын
баяндоо планына да кирбейт; анын баяндоо планындагы башкы нерсе — катышуучу кишилердин
сезими эмес, окуялар. Майн Риддин каармандарынын портреттери кээде алаңгазар болгону менен,
көркөм келип, эсте калат. Андай болушунун себеби жазуучу өзүнүн каармандарынын реалдуу турмуш
шарттары жөнүндө, алардын каадасы, кесиби жөнүндө, алардын кийими, турак жайлары жөнүндө
ачык баяндаганынан келип чыгат. Европалыктар менен индеецтердин адаттары, кыйма-чийме
277
2 «БАШЫ ЖОК ЧАБЕНДЕС» ЖАНА АНЫН АВТОРУ
аралашкан экзотикалуу Техастын үрп-адаттары, модалары китепте этнография жагынан сүрөттөлүп
жазылат.
Картаң Пойндекстер имениесинин фонунда, топураган малайлары менен аарам тамактардын
арасында бөтөнчө типтүү. Мустангердин образы талаада, анын жупуну үйүндө бөтөнчө даана
көрсөтүлөт. Кольхаун үчүн анын Жеральд менен чатакташып дуэлге чыккан жери — «салон» сөзсүз
фон болуп саналат.
Катышуучу кишилердин мүнөздөрү көбүнчө Майн Риддин романдарында өтө бай диалог аркылуу
сүрөттөлөт. Баяндоону жандырган курч диалогдор үчүн «Башы жок чабендестин» драмалык сюжети
зор мүмкүнчүлүк берет.
Майн Рид үчүн каада болгон пейзажчыл — жазуучунун чеберчилиги да романга таасир кылган.
Техастын табигатын сүрөттөө, аба ырайынын кубулуштары, өлкөнүн жан-жаныбарлар менен
өсүмдүктөрү окуянын жандуу фону болуп, баяндоодо көрүнүктүү орун ээлейт. Роман да тан каларлык
чабендес жүргөн түнкү талааны сүрөттөөдөн башталат. Бул сцена таланттуу жазуучунун колу менен
жазылган.
Майн Риддин толгон башка романдарындагы сыяктуу эле, «Башы жок чабендесте» да шарттуу,
ойлонуп алынган, анын кезиндеги адабий штамптар өтө көп (булар көбүнчө сүйүү эпизоддоруна
тиешелүү). Турмуштагы чындыкка китептин жакшы беттеринде жакын турган жазуучу кээде
күлкүнү келтирип, кала берсе, окуучуну өкүнтүп, чындыктан четтеп да кетет. Жеральдга ягуардын
тиш салганы сюжет үчүн кереги жок — бул аңчылардын Майн Рид үчүн мүнөздүү кошмо аңгемелеринин
бири болуп эсептелет. Романдын бактылуу болуп бүтүшү — мустангерди бай кылган күтүлбөгөн
мурас, Пойндекстердин кызына үйлөнгөнү жасалма болуп көрүнөт. Жеральдга ашык болгон жаш
мексикалык кыздын сюжеттик линиясы да өрчүтүлгөн эмес.
Бирок ушул кемчиликтерге карабастан, «Башы жок чабендес» кызык китеп. Бул китепте буржуазиялык
Американын адамгерчиликсиз үрп-адаттары айыпталып, ак ниет, кайраттуу кишилердин күчүнө
ишенгендик бар. Ошондой кишилердин бири — Зеб Стумп — Кольхаундун кылмышын ачат да,
«регуляторлордун» бандасы айыпсыз жазага тартышкан Жеральдды актап чыгарат.
«Башы жок чабендес» романында Майн Ридге таандык, адилеттикти жакшы көрүү, капитализмдин
жырткычтык закондоруна сын көз менен мамиле кылуу, ошол закондордон запкы жеген кишилерди
жактыруу ачык көрсөтүлгөн. Ушул сезимдер Майн Риддин жакшы китептерин дагы сүйкүмдүүрөөк
кылып, советтик окуучулардын көңүлүн бурууга укук берет.
АЯГЫ

#70 10 August 2017 - 13:53
Аллах ыраазы болсун бул чыгарманы мен кичинемде 99 2000чи жылдары окуган элем,аябай кызыктуу чыгарма.Озумда таппай акыры ушцл жака жарыя кылган элем кимде болсо жазып койгулачы деп мына эми тилегим орундалып жыргап окуп жатам)))
#71 10 August 2017 - 13:54
Аллах ыраазы болсун бул чыгарманы мен кичинемде 99 2000чи жылдары окуган элем,аябай кызыктуу чыгарма.Озумда таппай акыры ушцл жака жарыя кылган элем кимде болсо жазып койгулачы деп мына эми тилегим орундалып жыргап окуп жатам)))

Супер-Инфо
super.kg
видео