Суперстан: Катылган таттуу махабат. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Катылган таттуу махабат. Сырдуу жандын баяны...

#1 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 11:51

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Салам достор.



Мейли, мейли журогумду жылытпай,
Мейли, мейли учуп кетсен булуттай,
Бийик коюп суйуумду намысымдан
Бир озунду суйомун унутпай...

Дал ушул ыр саптары билесинби менин жашоомдо канчалык мааниге ээ? Билесинби эмнени гана туюндурбайт? Жок... жок...
Билбейсин жаным, тек гана мен учун жазылгандай. ..

Анда жай айы болчу жадыраган, айлана кооздукка болонуп, не бир кереметтуу коз караштарды алып келе жатты мен тарапка, алоолонуп жанган таттуу сезимдерди кучагына катып келе жатты...
Жашоонун ылдый-ойдо тепкичтеринде мен басып келе жаттым, чон-чон максаттарды алдыма уйуп алып шаарды коздой келдим.
Балким тагдыр буйругудур, бул жылы оюмдагыдай дыйканчылыгыбыз жакшы тушумун берди, ата-энем да кыйналбастан жашашат деп коодонум ток, мектебимди аяктап, коз жашымды колдотуп келе бердим... Алдыдагы кундорум гана ойлондурат...

Билдирүүнү түзөткөн: Kominam: 11 Август 2017 - 11:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 12:01

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кийимдерим, бир аз азык-тулукторум жана акчам мн келдим,университеттин жатаканасына жайгаштым, филология болумуно отуп озумчо кубанып, жаны жашоого бел байлап, кээде таныркап чын эле мен эми студент боломунбу?-деген сыяктуу суроолорду озумо берип, кубанычым коюнума батпай жайдарымын. Бул жер албетте мага чон, анан да жакшынакай тим эле кинодогудай элес калтырды, ар бир кыймылымды кылдаттык мн жасап жаттым. Алгачкы куну кыздар мн таанышып, кийимдерибизди, азыктарды жайгаштырдык, чакан гана болмодо 4кыз жашайбыз, бул жердин да озуно ылайык тартиптери, милдеттери бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Vika.El   11 Август 2017 - 12:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 06 Июль 17
  • Соңку аракети: 19 Июл 2018 18:52

Коминам эже кандайсыз? Сиздин суйуу баянынызды окусам эле, откон кундорум эсиме тушо берет да. Мен да сиз сыякттуу отто чооон суйууго кабылгам. Тагдыр бюрук экен жетпедим... Жетип арман болгуча жетпей барктуу болгон суйуу жакшы экен. Ушул тапта уй-булолумун эки баланын энесимин, Жашоо башка салса баарын корот экенбиз да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 13:17

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Башкача чойро, башка ааламда калгандай ички туюм болду, балким мен алгач ирет чон шаарга келгенименби билбедим, же озум жалгыз ата-эне, бир туугандарыман алгач ирет болунгондуктонбу билбедим...

1-сентябрь.
Бул куну дайыма мектеп форма мн барчубуз ар жылы, бул жылы студент катары кыздар мн окуу жайга бет алдык, баары озгочо мен учун, жакшы саналган кийимимди кийип жоноп жаттым кыздар мн катарлаш. Аида эже, Айгул, Тансулуу жана мен Миргул (Мика).
Айгул экообуз тенбиз, ал эми Тансулуу бир жаш кичуу бизден.
Аудиториябызды, группабызды тапканча бир топ башым чаташып, кабинеттерди таба албай айлам кетти. Алгачкы куну эле шаабайым сууп, четте туруп калганда бир жигит корунду. Жакын барып гана
-Кандайсыз? Бул группанын кабинети кай жерде экенин билесизби?
деп жай гана сурадым, сыртынан сымбаттуу корунду. Бирок суроомо жоопту шылдындаган тур мн берди, маанайым андан бетер тушуп кетти...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 13:36

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сураганыма окунуп терс бурула артыма кеттим, бир мугалим эжеден сурап группаны аран таптым, бул жердеги атмосфера да озгочо, бирок тушкон маанайымды билдирбестен жылмайып гана кечигип кирип бардым, баары башкача карап, тан калгандай тур корсотушкондой сезилди. Ошончо коз менде болуп жатканынан мен да албырып, сурдоп чыктым, качан гана куратор "олтур" -дегенинен чочугандай бош орундукка жонодум. Блогто жалгыз олтуруп, жанымдагыларга коз чаптырып карасам баары шаардыктай корунду, а мугалимибиз мн таанышып, баарыбызды тизмектеп жазып, айрым келбегендерге бир белгини коюп жатты. Мугалимди карап олтурсам артыман "Эй, кантип таап келдин анан?" -деген уну кулагыма ото тааныштай угулуп артымы карасам, чын эле ошол жигит. Эми ого бетер чогуп кеттим, жоопту бербестен алдымы карап олтуруп алдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 13:48

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Мен чын эле ушул мн группалаш боломунбу? Мынча озунчо эле уффф ((
Бир чети жиним келсе,бир чети адам калбагансып ушудан сураганымычы деп ойлонуп олтурдум.
Ал куну ошентип таанышуу мн пара бутуп кетти,1-курста аудитория
Пара
Блог
Куратор
Бул создор мага жаны терминдей жаттап журдум. Уйго келип ата-энеми ойлоп, аларга баары жакшы деп чалып койдум, атам го конул деле бурбайт, кыз бала деп...
Кыз... ушул создун артында аял, эне, карындаш, эже деген ыйык айымдар тураарын менин атам туйбайт го сыягы, ошондуктан да кызды жаман корот, биз уй булоодо торт кызбыз, уул жок, кемчилик да ошол...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 13:57

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Апакем асылым уул деп эмнелерди гана жасабады, корунбогон табып калган жок, бирок тилегин таш каап уулга жете албады, атам коп ыргылжын болуп апамды куноолойт, элдин катындары уул тороп эле жатышат деп кун алыс кулагына кумдай эле куят... Биз деле бул создорду кунумдук соз катары кабыл алып коебуз, анан эмне мен эс тартып 3 синдим торолгондон тарта уга берсек, кулагыбыз деле уйронуп бутту да... Синдилерим талаанын ишин эркек балдардан кем калбай бутурушот, бирок баары бир аларды аяйм. Мен келээрде коздорунон жаш акканы журогумду ыйлатып жиберди, кучактап гана "Мен окууну бутуп келем, каникулда келип турам, апамды аягыла, силерге ишенем"-деп коштошо келе бергем,2-3кун отуп-отпой сагындым. ..

Билдирүүнү түзөткөн: Kominam: 11 Август 2017 - 13:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aizada9595   11 Август 2017 - 14:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 02 Апрель 17
  • Соңку аракети: 28 Янв 2019 20:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Чыгармабы, дегеним мурда жазганын башка болчу .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 14:23

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Суроо-талап, комментарийлер акырында болсун, чыгарма болсо башка болумго жазылат эле, баса, авторго жакын адамдын баштан откон баяны...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 15:12

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ушуларды ойлогончо Айгул жаныма келип
-"Журу тамактаналы" -деп ээрчите столго олтурдук, тамактанып жатып да тиги жигитке жиним келип жатты. Эртеси эрте туруп аудиторияга биринчи болуп барып кечээки орундуктан орун алдым, саат жебеси 8:00ду каккыласа да, бул аудиторияга эч ким келбеди, кызыгы бул куну мен дагы бир жолу адашыптырмын, расписаниени таап, дагы бир кабат которулуп башка аудиторияга кирдим, дагы кечээки коз караштар... Албырып чыктым, мугалим олтур дегендей кол жансап койду. Бардык орундуктар бош эмес, эмне кылам деп ойлонуп турсам бир кыз ары жылып "Кел бул жерге батабыз"- деп сылык гана акырын ун мн айтты, суйунуп жанынан жай алдым, бул куну кечээ келбегендердин баарысы келиптир, копчулук... Басымдуу болук кыздар. Сабакта лекция жаздым, ал кундон тарта бир аздан бири-бирибизге суйлоп, чогу тамактанып баштадык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 15:52

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Аз-аздан уйронуп баштадым шаарга, окуу жайга, жатаканага, кусаланып ата-энемди сагындым, андайда ич-ичиме батпай оксуп ыйлап алам, кобунчосу апам мн суйлошом, атамын мээрими жетишпегендей. Сабакка барам, кайра келем, тамак кылабыз ортодон, жыйнайбыз, сабак даярдайбыз. Мына ушундай кундор мн коштолуп,1-курстун жарымына келип калдык, кышкы сессия.
Зачеттор жакшы баалар мн болду, ал эми экзамендерге акча суратып айтор акча зарылчылыгы келип чыкты. Копко ойлондум, эмне кылам? Апама чалып сурадым, тилекке каршы уйдо акча жоктугун, атам коп "майрамдап" жургонун айтты, карыз таап тезинен салып жиберем деди. Апам мектепте тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенет, атам айылдын жалгыз тракторун минет, дыйканчылык да кылабыз, синдилерим мектепте окушат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 21:32

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Мына ушундай кундор уланып жатты, жатаканада жашаганыбыз учун тартип кучтуу, ага баш ийуу ар биринин милдети. Акча жок кундорумдо кыйналып гана жашап калдым, азык-тулугум тугонуп, кыздардын эсебине жашап, озумчо сыгылып, шаарды да жакшы билбей эмнегедир кысынып калдым, иштесемби деген гана ой. Бирок кай жерде? Иштесем жатаканада жашоого мумкунчулук болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   rozabeku   11 Август 2017 - 22:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 17 Март 17
  • Соңку аракети: 27 Сен 2020 23:30

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 22:27

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Коп ойлондум, акыры бир группалаштын жардамы мн экзамендерди бутурдук, кычыраган ызгаар суук кундор. Апам каникул башталышы мн кел деп чалды, бирок карызды толоп беруум керек, аны айтуудан айбыгып турам, ансыз да кышкысын апамын гана маянасына кун коробуз, синдилерим мектепке кышкы кийим кылышат, уйго керектуулорду алышат... Дагы да ойлонуп олтуруп бир ай болсо да эптеп иштоону чечтим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Kominam   11 Август 2017 - 22:40

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Тансулуу да айылына кетпестен иштемекчи болду, бирок жашаганга жер таппай кыйналдык, калганы айылга кетишти, акыры Тансулуунун бир агасынын уйундо жашоого туура келди, шарты жакшы, бирок бизге орун жок, озу аялы мн бир комнаталуу батирде турушат экен, ошого ашканасында жашоого туура келди, ал эми квартирага бизде акча жок болчу.


Аялы жаман коргондо кагынып-силкинип калат, оюн окуп эле тургандай белгилуу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Jako18   12 Август 2017 - 01:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 13 Окт 2018 01:03

Анаааан???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Perish_   12 Август 2017 - 03:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 12 Июль 17
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 19:57
  • Жынысы:Аялзаты

Анан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   nur_ice   12 Август 2017 - 12:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Май 17
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 18:09
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Жакшы жазып жатасыз автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Kominam   12 Август 2017 - 16:27

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Келгенден тарта кыйынчылыктар болуп жатты, апам болсо "Кел уйго"-дейт, а мен карызды ойлойм.

Бир куну адатыбызча уйду жыйнаштырып коюп жумуш издеп кочого чыктык, шаардын так ортосунан чон ресторанга келдик, ичкери киргенден бир аз ойлоно туруп калдык.
-Мика, журчу бул жерден деле сураштырып королучу?

-Макул деп жонодук, бири-бирибизге карап коюп кирдик.
Ичи кооз эки кабаттан турган, озуно жарашыктуу гулдуу кагаздар мн жасалгаланган ресторан, бул жерге той откорчу атайын стол-стулдар коюлган. Бизге эмне идиш жуугуч болсо деле иштей бермекпиз дал ушул тапта...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Kominam   12 Август 2017 - 16:38

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Админстраторун издеп тапканча туш болду, ал ресторандан тел номерин алып шаардын четине келуубузду айтты, ал жерге барып суйлошсок, орун жок экендигин, эгерде официанттары келбей калган кундору болсо, же орун бошосо звонок кыларын айтты.

Ал шаардын четинен жашаган жерибизге чейин жоо жумуш сураштырып келдик, кышкысын суук, менин бутума кадимкидей суу отуп жатты, колум тонуп чонтогумо салсам да жылыбайт. Тансулууну карасам ал дагы эки бети, мурдунун учу тонуп, кабагы салынкы жай гана келе жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 02:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: