Суперстан: Күчтүү болгум келет! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Күчтүү болгум келет! Өкүнүч,таарыныч,кайгыруу эмес. Келечекке жол,үмүт,кайраттуулук издедим

#1 Пользователь офлайн   Araika   12 Август 2017 - 20:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Ассалалоому алейкум форумчулар. Менин башыман откон тагдырымды бир жолу баяндап жазган элем. Андан бери 3 жылдай убакыт отуптур. Ушул арада коп эле нерсени тушунуп эне болдум. Кайрадан Сырдашып корунбогон досторумдан куч дем алгым келип тагдырымды сиздер менен болушуп отурам. Катааларым болсо алдын ала кечирим сурайм. Окуу жайды бутурбосом да Мектепте жакшы эле окугам. (Тельден жазып жатканым учун катааларым болушу мумкун) анда баарын толук болбосо да устурттон сиздерге тушунуктуу кылып жаза берейин. Кеп кенештериниздерди жазаарсыздар? !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Araika   12 Август 2017 - 20:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

КОп бир туугандын кичуусу,апакемдин эрке кызы, жетишпестик учурунда жашасам да бактылуу остум деп айта алам. Балалык мезгил баарынан сонун анан кайталангыс учур эмеспи? Мен апама жана агаларыма ыраазычылыгым чексиз. Алардын мээрими менен чонойгом. Биз бир Уйдо жыртык кийим менен ачка болсок да бири Бирибизге деген мээрим толо болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Araika   12 Август 2017 - 20:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Убакыт отуп баарыбыз уй-було курдук. Жыл откон сайын бири-бирибизге болгон суйуу мен айткан мээрим азайып акыркы кундору таптакыр жоголуп бараткансыйт. Эркек кишиге Караганда Аял киши куйумдууроок болот дегенге кун сайын ишенип келем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Araika   12 Август 2017 - 21:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

КОптон бери суйуусун арнап жургон жигитке турмушка чыктым. Анын жакшы адам экенин билчуумун жана суйуусу ошончолук ишеничтуу жана туруктуу бала. Башка суйуп жургон балдар деле бар болчу. Мен озумдун айылыма турмушка чыккым келбегендиги учун оз суйуумдон баш тартып азыркы жолдошума турмушка чыктым. Анткени буга да коп себептерим бар болчу бир туугандарым тараптан. Алыс эле жерге тийип сый менен келип сый менен кетким анан да кайын журтум менин торкунумм жонундо азыраак эле билуусун кааладым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Araika   12 Август 2017 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

БИр уйдун Чон келини болуп,турмушум жакшы эле башталды. Куйоом экообуз ынтымактуу, суктана турган жубайлардан болуп жашап баштадык. Кайнене кайнатамын жакшы келини. Жакшы жене болуп убакыт отуп жатты. Арада боюма болбой бир жыл журуп калдык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Araika   12 Август 2017 - 22:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Сабырдын тубу сары алтын дегендей боюма бутуп баарыбыз кубанып калды. Козумо караган кайын журтум андан бетер козумо карап айтор мени болушунча эле эркелетишти. Кайненемин анча мынча атып койгон создору болбосо. (Себими аз деп ичи чыкпайт тошокторумо. Бирок гарнитур,спальный, сандык.тошок ж.б кооп эле буюмдар келген болчу) ай кунум жетип коптон куткон уулубуз жарык дуйного келди. Эне болуу кандай бакыт экенин жон терим менен сездим. Наристем менин, Периштемди кучактап коопко ойлондум ушундай кыйналып тороп торолтуп шипширин болуп калган убагымда(6 айымда) кантип Менден кечтин экен АПА негизи АПА деп атай албайм эч коно албай койгом. Аны сен билесин сага мээрим тогуп суйо албаганым менен сени кечирип суйлошуп байланышып тургам. Буга менин асыл,мээрими чексиз апам уруксаат берген. Менден болок балдарынды чонойтуп, эмнеге мени алардан болуп,башка эч бир тааныбаган адамдын колуна карматтын экен? Бул да тагдыр Аллахым пешенеме ушул сыноону жазган экен олбой,кочодо тентибей бир уй-булоонун мучосу болуп осконумо шугур кылдым. Туп тамырын Сураштырып кыйнаган жокмун. Мен сени кечирдим Аллах менин куноолоруму ушул себеп менен кечирсе экен деп тиледим. Кантсе да ак сутунду аз болсо до Берген экенсин кечирдим дедим. Жашым токтобойт ушул нерсени ойлонсом.
Больницадан кайненемдер чыгврып кетишти апам (баккан апам) Грипп болуп неберелери менен кыйналып мени 40 кун карай албайт Болчу. Кайненем озум карайм жакшылап деп алып кетти. Тун небере,тун балабыз баарыбыз айланчыктап бактылуубуз. Бирок мен учун кыйн кундор башталган Экен. 40 кун эмес 4 кун отпой коноктор басты уйду. Кайненем бала коргону туугандарын чакырды. Андан сон кошуналар. Келбей калгандары бирин серин эртеси келип айтор кундо конок тосмой. Ичимдикти жаман Кором. Ушул ичимдиктин айынан оз бир тууганым оз атам Уй-буломдон болок озго уйдо чонойдум. Айтор кайнене кайнатам Алгачкы небересин укмуш эле жуушту. Кудайга шугур куйоом ичпейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Araika   13 Август 2017 - 03:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Коноктордун аягы узулбой кайненемдин кайненелиги башталды. Кыш Мезгилинде торогондуктон печке жаккан уйго жатып аттым(ал уйдо кайненемдер жатчуу) тамак, суу ушул комнатада даярдалат. Кайненем кундуго кир жуумай адат таап алды. Болгондо да Мен жаткан уйдо. Кышында кир деле болбойт анын устуно кир машина деле бар. Азырга чейин колго жуудурат. Башында жата албай жуушуп атсам кой озум жууйм деп койчу оозучунан. Кундо эле колуму сууга салбай турайын кичине озумо келгиче десем акыркы кундору жуушпайсын деп баардык нерсени тарсылдатып, кабак кашы биригип калчу болду. Куйоом эч нерседен кабары жок. Кышта жумушу токтоп уйдо болгон менен Эрте кетип кеч келет. Эмне кылып жургонун сурасак достору менен жургонун айтат. Кундузу да туну Да Достору менен журду. Биз уктаган маалда келип атты. Анын айынан бир аз капалашып калчуубуз. Ошентип торогонумо 25 кун болгондо бешик той откормой болдук. Кайненем Бир чечим чыгарса аны эч ким озгорто албайт анткени уйдогу бийлик анын колунда. Январьда Тойго Даярданып журом пытырап. Бешикти ата кордусу менен алмай болдук. Мурунтан Мага апан тошокту Кооп Жасап Келсин Ушу бойдон Кантип Алмак Элен Апанын Козу барында Алдырып Деген сыяктуу созду Коп Айтчуу Кайненем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Araika   13 Август 2017 - 03:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Негизи мунозум ишенчеек,таарынчаакмын. Мен кандай жакшы корсом мени да ошончолук жакшы корушсо дейм. Мени капа кылгандарга ошол убагындале жоопберип оозун басып салчуумун. Узак таарына албайм тез алданам.
Кайненеме эч кандай жооп кайтарбадым. Негизи эле жиниме тийгенде тултундап унчукпай журуп алуу мага адатка айланды албетте узак эмес. Бирок бул мен учун Чон жениш эле. Бир да соз кайтарбай унчукпай калып калуум менин жаны мунозум болду. Жолдошум менин Кандай кыйналып жургонумду такыр сезген жок балким сезсе да бала карап кыйналып журот деп ойлоду. Той кун да келди дасторкондо баарын даяр кылдык. Тойго чейин Бири Бирине сарпай Алышты куда кудагыйлар. Апамдар келишти. ( торогон апам менен суйлошсом да туугандарга ачыктай элек болчубуз. Апам менин алдыман отсун уйго барып тууган туушканды чакырып сыйлап тушундуройун Анан акырын катташасын Деген. Бирок торогон апамын шарты жокпу же озу каалабадыбы айтор апама бара элек болгондуктан чакырган эмеспиз.) Мен тошок айткан эмесмин апама кийин болунуп уй салганда стенка менен берем. Ага чейин уруна деле албайсын Да Деп макулдашканбыз. Бирок кайненем ага макул Эместей. Айтор апамдарды коруп Кубанып калдым. Холодильниктен баштап тельевизор кир машина бааарын алып келишиптир. Аяп кеттим байкуш апам кантип буларды даярдады экен? Агамдар оздору зорго журушсо. Иши кылып ортодо баары чогулуп алышкан экен. Суйунуу,сыймыктануу менен конокторуму узатып жаттым. Ошентип тоюбуз Да аяктады. Кайрадан мейман аягы кобойо баштады. Дагы кундо киши тозмой. Кайненемин созу кундон кунго кучоп таппаган жерден кычык таап. Озубуздун жашоо башталды. Куйоом жумушуна кетмек болду (жумушунда жатып иштечуу. Бизден алыс башка шаарда жумушу) аны Укканда капа болдум. Кантсе да жанымда жургонуле мага чон куч берчуу. Кыркым Чыккан куну жолдошумду узаттык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Araika   13 Август 2017 - 04:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Кайненем кайын синдим болуп жанагы комнатада чогуу жатып аттык. Кундузу кечке чарчап(создорунон. жумуштардан) тундосу бугумду чыгарып ыйлап алчуумун. Эми бул да чектелди. Кайненемин создоруно жаны создор кошулду. Туну менен анантип уктайт мынантип уктайт. Баласын антип карайт мынтип карайт. Айтор кундуго озун жонундо терс ойлорду уга берсен чогот экенсин. Жолдошума апасы жонундо ооз ача албайм. Кантсе да апасы эмеспи. Кайнатам ичип тополон кылмайы кучоду. Туну да тынч уйку жок. Кайын синдим да какшыктап,жумшаган жагыма барбай турган адат таап алды. Переходный мезгили деп аны тушунгону аракет кылганым менен мени тушуно турган адам жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Araika   13 Август 2017 - 04:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Жаз келип айыл жеринде жумуш кобоёт эмеспи. Балам менен коп эле жудоп калдым. Арыктап эки козум калыптыр. Торкунумо да коп барбайм. Эки уч айда эки же уч кунго барам. Апам келбей эле баланы чонойтуп ал деген. Карап корсом жумушума же балама жетишпей чуркап журуп тан атып кеч кирет экен. Ошончо жугурсом да кайненеме жакпай тил укканым ашыкча. Куйоом да коп суйлошпой калды. Акыры мага эмне керек эле деп жумуштарымы азайтып балама кобуроок убакыт болуп баштадым. Канча жаман соз айтса да унчукпай кутулганым менен ичимде ношорлоп жамгыр тогулуп журдум. Кышты,жазды, жайды откозуп мына куз босогодо турат. Куйоом келди. Кубанычым чексиз. Аны кундо кутоор элем. Ал келсе кайгым азаяр балким ал жок ар бир соз мага Катуу Тийип Кыйналып журом деп ойлоочуумун. Келди кайненемдер бир аз озгоро тушту Создору таптакыр жоголбосо да азайып аз да болсо тынч отуруп калдым. Бирок куйоом мага мурункудай жакын туюла албады. Албетте шыртайып коздорумдо кайгы, жузум сумсак нуру очкон жудоп кичинекей Арык болуп озгоруп кетсем мага анчейин тартыла албады окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Araika   13 Август 2017 - 04:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Озумду карабаганым учун албетте куноолу элем. Эч кайда кете албайм дагы. Биз аялдар учун жолдошубуздун бир эле жакшы созу журогубузго майрам эмеспи. Башкалар кандай билбейм. Мен учун анын ар бир таттуу созу жашоом. Бир Эле ширин созун уксам башка айтылган конулду тушурчуу создор таасир бербей калат болчу. Мен куйоомдон бир гана куч болушун жакшы суйуусун куттум. Мага ошол эле жетиштуу эле. Анын ошол Создору мени кайгыга азгырбайт болчу. Конулум Которунку болуп эч бир Жаман Соз таасир тийгизе алчуу эмес. Ошентип журуп ооруп калдым леченье алып жатып оор которбой суу кармабай турушумду эскертишти врачтар. торкунумо бара албайм. (Озунчо да себептери бар). Ошентип дарыланып кайра чуркап журом. Ушул менен жолдошум экообуздун ортобуз онолобу билбейм. Ал башка эч кимди суйбошун билем баласын аябай жакшы корот. Тельде да достору менен эле суйлошот. Менин мурункудан озгоруп калганым Учун коно албай журот окшойт. Буюрса дагы иштеп болунсок баары алдында. Дайыма Озумо карап Жолдошум каалаган жубай болом деп ниет кылам. Бирок ошол кунго жетиш учун куч сабыр керек. Мен мурункудай кучтуу. Оюмду Шарт айта албаган дагы эмне деген соз угуп калам деген коркооко айландым. Дос, тааныш,душман, тууган астында алар Ойлогондой кучтуу.сраз суйлоп Оз ордуларына койгон абалымды жоготкум дегеле озумду жоготкум келбейт. Алардын элесиндегидей эрктуулугум менен Калгым келет. (Оз Ата-энем.бир туугандарыман баш тарттым. 2 жыл байланышып конуп калган экенмин бул да оор Болду. Аларды кечишимеда чон себептер Болду туура кылганыма ишенем! Азыр Уулума алаксып анын Кылыгына Тойбой Кунум Отуп жатат. Ар Бир эркеке Айтаарым Аялыныздарды капа Кылбаныздар. Алар Катуу соз айткан Менен Ичинде Назик Болот. Жакшы соз. Мээрим тартууласаныз сизге ошол Мээримди Эки Эселеп Тогот. Балким айта Албаган Сырлары Болушу мумкун Дайыма жубайынызга Куч болунуз. Аял бактылуу болсо Уй-булодо Баары бактылуу Болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   General.kg   13 Август 2017 - 08:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Өз ата-эне, бир туугандарыңыздан баш тартканыңыз туура эмескоо эже. Бул жашоодо көөп сыноолор болот, мына ошол сыноолордо бир тууган, ата эне жаныңызда болот. Алар бул дүйнөдө жолдошуңузга караганда сизди он эсе жакшы көрүшөт. Мага ишениңиз. Өзүңүздү карабай жүдөсөңүз дагы алар үчүн эч өзгөрүүсүз эң жакшы көргөн адамы боюнча кала бересиз! Бактылуу болуңуз, ден-соолукту караң, ден-соолук кеткен соң башка нерсенин кереги эмне?
Эрктүү, тайманбастыгыңызды кайненеңизге көргөзө көрбөңүз! Ал үчүн сиздин үй-бүлөңүздү бузуп кою бир паста!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Kominam   13 Август 2017 - 11:39

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Коп нерсени катып коюпсуз, баарын жазыныз эже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   tynara81   13 Август 2017 - 20:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения General.kg (13 Август 2017 - 08:44) жазган:

Өз ата-эне, бир туугандарыңыздан баш тартканыңыз туура эмескоо эже. Бул жашоодо көөп сыноолор болот, мына ошол сыноолордо бир тууган, ата эне жаныңызда болот. Алар бул дүйнөдө жолдошуңузга караганда сизди он эсе жакшы көрүшөт. Мага ишениңиз. Өзүңүздү карабай жүдөсөңүз дагы алар үчүн эч өзгөрүүсүз эң жакшы көргөн адамы боюнча кала бересиз! Бактылуу болуңуз, ден-соолукту караң, ден-соолук кеткен соң башка нерсенин кереги эмне?
Эрктүү, тайманбастыгыңызды кайненеңизге көргөзө көрбөңүз! Ал үчүн сиздин үй-бүлөңүздү бузуп кою бир паста!

Тууган эне эмес, баккан эне дейт. Ал ошол биологический энесинен баш тартыптыр. Алар менен табышып, катташканына аз эле болгон экен. Жогоруда жазгандай, төрөгөн апасы өзү катташканга умтулбай койгон окшойт.
Сен айткандай эң жакшы көргөн адамы катары кабыл алса го жакшы ошол апасы.

Автор, сүйлөнгөн кайненең сүйлөнүп кала берер. Ден соолугуңду биринчи орунга коюп,
өзүңө көңүл бур. Айылдагы келиндердин көбүнүн жашоосу ушундай. Жүдөсөң кайненең андан бетер сөзүн көбөйтөт. Өзүңө тың болуп, сүйлөсө макул деп коюп, өзүңө да убакыт тап. Артист бол бир аз. Менин кайнатам бизге үйрөтөт болчу, "баланы уктатып чыгам демиш болуп уктап ал" деп . Сен да ошент. Жакшы уктап, жакшы тамактанышың керек, ошондо бир аз толосуң да. Чарчаганда "башым ооруп турат, жата турайынчы " деп эс ал. Косметикалык каражаттарга акчаң жок болсо, бат- баттан жуунуп, чачыңды оңдоп, жоолукту жарашыктуу салын. Иши кылса, колуңдан келгенче аракет жаса. Сабыр деп отура бергенден толк жок. Күйөөңдүн көңүлү калып, башка бирөөнү таап алышына жол ачып бербе.

Билдирүүнү түзөткөн: tynara81: 13 Август 2017 - 20:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   General.kg   13 Август 2017 - 20:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Эжекеси 9 ай көтөрүп төрөгөн энесине ыраазы болуш керек! Бир туугандары менен деле бир жатындан түштү да. Ошол үчүн баарибир кечип кеткенге акысы жок!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Araika   13 Август 2017 - 22:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения tynara81 (13 Август 2017 - 19:28) жазган:

Тууган эне эмес, баккан эне дейт. Ал ошол биологический энесинен баш тартыптыр. Алар менен табышып, катташканына аз эле болгон экен. Жогоруда жазгандай, төрөгөн апасы өзү катташканга умтулбай койгон окшойт.
Сен айткандай эң жакшы көргөн адамы катары кабыл алса го жакшы ошол апасы.

Автор, сүйлөнгөн кайненең сүйлөнүп кала берер. Ден соолугуңду биринчи орунга коюп,
өзүңө көңүл бур. Айылдагы келиндердин көбүнүн жашоосу ушундай. Жүдөсөң кайненең андан бетер сөзүн көбөйтөт. Өзүңө тың болуп, сүйлөсө макул деп коюп, өзүңө да убакыт тап. Артист бол бир аз. Менин кайнатам бизге үйрөтөт болчу, "баланы уктатып чыгам демиш болуп уктап ал" деп . Сен да ошент. Жакшы уктап, жакшы тамактанышың керек, ошондо бир аз толосуң да. Чарчаганда "башым ооруп турат, жата турайынчы " деп эс ал. Косметикалык каражаттарга акчаң жок болсо, бат- баттан жуунуп, чачыңды оңдоп, жоолукту жарашыктуу салын. Иши кылса, колуңдан келгенче аракет жаса. Сабыр деп отура бергенден толк жок. Күйөөңдүн көңүлү калып, башка бирөөнү таап алышына жол ачып бербе.

Рахмат Кенешиниз учун. Аракет кылам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Araika   13 Август 2017 - 22:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2023 11:46
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения General.kg (13 Август 2017 - 19:36) жазган:

Эжекеси 9 ай көтөрүп төрөгөн энесине ыраазы болуш керек! Бир туугандары менен деле бир жатындан түштү да. Ошол үчүн баарибир кечип кеткенге акысы жок!

Ыраазы болуп кечирим бердим. Бирок катташууга оздору аракет кылышпады. Билишимче эми баары топтолуп бизге келмек экен. Арада башка маселе Болуп аларга катташууга мумкундугум калган жок. Мин аракет кылса да кеч болуп Калды. Менде куноо жок деп ойлойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   tah.min22   14 Август 2017 - 00:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 13 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Янв 2018 16:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан♥

Баарысын озунуз таразаланыз, мындан ары баланыз учун керексиз ал учун кучтуу кайратуу сабырдуу эне болуунуз кк, сиз бактылуу болууга татыктуусуз кайненеизге каяша айтпай урушпаптырсыз демек сиз сабырдуу аялсыз баарына чыдаган. Аял заты корунушунон кучтуу болуп корунот бирок ал да ички дуйносунон назик эркектерге айтарыым аялдарды ыйлатпагыла кордобогула алар деле сиздер сыяктуу адам керек болсо сиздерден да кучтуу болот болгону аны керектуу жерде аяп асрап алууга милдеттуусунор бул исламда да айтылган... Арайка турмуштун муштарына сиз эч качан женилип муш жеп калбаныз муштумдары кооп болсо да сиз аларга жыгылып кана калбаныз сиз сулуусуз назиксиз бапры колунуздан келет биз сизге ишенебиз! Сизге бактылуулук каалайм..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Meruet84   14 Август 2017 - 01:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сиз күйөңүзгө жар болуп бардыңыз, анын айтканын жасап, бала төрөп аны тарбиялап берүүгө гана милдеттүүсүз.
Ар дайым үйдө сиз үчүн күйөңүздүн сөзү гана маанилүү, эч качан жолдошуңуздан бөлөк адамдардын айтканы менен болгонуңуз туура эмес, аларды сыйлап, урматтоңуздун өзү эле жетиштүү.

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 14 Август 2017 - 01:23

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 11:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: