Суперстан: Ала качуу... турмуш - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ала качуу... турмуш

#1 Пользователь офлайн   mulinka13   13 Август 2017 - 22:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Салам форумчулар, бул окуя апамдын башынан өткөн жашоосу. Муну жазуумдан максат: кичине сыноого эле сынып калбай, өз колубуз менен бакытты куруп алууга чакыруу. Сын-пикирлерди, ката тапкандар алдын ала ырахмат, жазбай эле коюңуздар. 100% туура жазам дебейм, өллө ката жазам телимин экраны сынып калганга тамгалар адашып басылып кала берет.

Окуя
Үй-бүлөөбүз чоң, агамдар ЖОЖдордо окушат. Мектепте мен жана иним калганбыз. Сабакты чынында жакшы окуйм. Бир күнү мектептен келе жатсам, үйүбүздө көп кишилер жүрөт. Эмне болгонун түшүнбөй эле үйгө жакындай бердим. Боздогон, ыйлаган үндөр угула баштады. Эч нерсеге түшүнбөй дендароо болуп калыпмын, бир убакта "АТА " дер ачуу кыйкырганымы билем...
Ошентип 10-классымда тирегим атамдан айрылып калдык. Мына азыр эле, мектепти бүтүп, кыялдарым менен тээ шаардагы университеттерде жүргөм. Тыкылдап окучууларга сабак өтүп, эжей аталып жүргөн тилектерим быт-чыты чыгып кетти. Ооба, мен шаарга кетсем апам байкуш кантет. Ансыз да атамдын өлүмүнөн кийин өзүн жоготуп койчу болуп калды. Классташтарым чекеден шаарга агыла баштады. Айрымдары турмушка аттанышты. Мен жүрөм, окуудан калганым бир, жетимдик суусун ичкеним бир тең болуп кан жутуп жүрө бердим. Убакыт учкан куш экен, атамдын жылдыгы да өттү. Бир күнү досторум келип ой-боюма койбой олтурушка алып жөнөштү. Ошол олтуруш жашоомдү түп тамыры менен өзгөртүп жиберерин кайдан билипмин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   mulinka13   13 Август 2017 - 22:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Жолдо жакшы эле баратканбыз, бир үйдүн тушуна келгенде балдар сүдүрөп эле алып жөнөштү. Көрсө атайын план менен ала качуунун курмандыгы болупмун. Кызык, болгондо да өз буттарым менен келип турмушумдун босогосун аттапмын. Агам келип үйлөнсө, окуунун кечи жок, окуйм деп жүргөн пландарым дагы бир ирет талкаланды да калды. Көзүмдүн жашы сел, ак сакалдар киришти эмне жетим кызга боло берет дедиңерби? Апамдын астынан өтсөңөр болот эле го деп боздоп аларды да ыйлаттым. Бир убакта апам келди. Үйүбүз жакын кошунадай элебиз болгону 4-көчөдөн 3-көчөгө качып келдим. Калбайм дейм, апам болсо үмүттүмү дагы бир талкалап "жакын жер каласың " деди. Жок дедим, бир убакта апамын оорусу кармап калды.
-айланайын апа коркутпа мени, сиз айткандай болот баары, жоолугуң алып кел, көйнөгүңү бер деп кийинип, калып кеттим. Көрсө бул сүйлөшүлгөн иш экен эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   mulinka13   13 Август 2017 - 22:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Көрсө күйөөмдүн чоң агасы апама барып, бизге эле бериңиз деп макулдугун алып келген экен. Күйөөм да 7-классынан атадан калып, окубай калыптыр. Мектепте таануучумун. Аябай жоош бала, кыздар тийишсе, менин акама тийишпегиле деп коргоп калчумун. Армияга барып зыңкыйган сары жигит болуп келиптир
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   mulinka13   13 Август 2017 - 23:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Күндө мага жөнөтүшөт экен сүйлөшүп кел дешип. Ал болсо тартынчаактыгынан үйгө келсе да чакыра албай, эшиктин алдындагы өсүп турган маканин арасына кирип, мени акмалап олтурчу экен. Мен оюмду бетке айткан тарсылдаган кыз болгон үчүн, мындай жигиттер жакчу эмес. Ай жарыкта, кыялданган жигитим менен турсам, күйөөм маканин арасында турса да жашоонун айланпасы бизди бир агымга салып койду го. Жигитим демекчи, айылдын менмин деген балдарынын бири менен сүйлөшчүмүн. Трактор айдачуу. Мына -мына үйлөнөбүз, ата-энеми жуучулукка жөнөтөм деп даярданып кубанып алганын эстеп көп эле ыйлап жүрдүм. Ал байкуш мен турмушка аттанып, келин статусун алганымы да уга элек экен эле (талаада иш кызуу жүрүп жаткан) көп өтпөй күйөөм экөө, бир иш кылып калышыптыр. Камок (магазинге) келишсе сатуучу эже "куш бооң бек болсун балам, С.... үйрөнүп калдыбы? " деп сураптыр. С.... деген атты уккан жигитим болсо сөзгө аралашып кайсы с экенин билгенге умтулуп, акыры мен экеними билгенден кийин, күйөөиү жарым жолго таштар өзү кете берген экен. Байкуш ал да мендей боздогондур. ..
Жашоо бир калыпта өтүп жатты. Коёндой окшош күндөр, жипке тизгендей тизмектешет. Терезеден үй жакты карап ыйлоо менен күнүм өтө берди. Күйөөм экөөбүз же ачылып сүйлөшпөйбүз. Бактыга жараша жыл айланбай ширин кыздуу болдук. Аябай эле жууду күйөм. Ошондон ичкени көбөйө баштады. Ичсе соо малында мага айта албаган "косяг " тарымы айтып кыйла эле жүдөтө баштады. Тополоң кылат, ошентип жүргөндө дагы кош бойлуу болдум. Чоң кызым ичи өтүп ооруп барбаган жерибиз, албаган уколубуз, ичпеген дарыбыз калбады. Бечара кызымын сөгү менен эле эти калды. Уколду болсо терисин тартып туруп эле сайып коюшат. Баарынын адам болуп кетишине көзү жетпей калды. Эне деген эне экен да. Түнү менен уктабай, короз кыйкырып баштаганда кудайга шүгүр таңга чыктык дейт элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   mulinka13   13 Август 2017 - 23:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Кызымы карайм, үй иштери, тамеки тизем кыйла эле жүдөп кеттим. Бактыма жараша кайын энем жакшы. Бир күнү кызымы алып короого жөнөп кетти. Ал жакта айылыбыздын табып кемпири жашачуу. Барса неберелерине чокко бышырып дүмбүл берип жаткан экен. Эч нерсе жебеген кызым ошону жейм деп умтулган экен, дүмбүл бериптир Аллах шыпаа берип ошол дүмбүлдү себепчи кылып кызым куландан соо болуп кетти. Эт алып бөрсөйгөн кыз болду. Өлөт дегендердин баары эле таң калды, ал аралыкта экинчи кызымы жарык дүйнөгө алып келдим. Жолдошумун ичкени азаймак турсун көбөйө баштады. Ар кимден кызганат, болбогон эле нерсеге кычык чукуйт. Энемин сабырдуулугу менен мен да чыдадым. Энем ушунчалык чыйраак, сабырдуу жан эле жарыктык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   mulinka13   13 Август 2017 - 23:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Азыркы жаштарга түшүнбөйм кичине бир нерсе болсо эле, жаман түйүнчөгүн көтөрүп алып жөнөшөт. Же турмуш аларга оюнчукпу ким билсин. Мен деле кетем дегем, бирок бул күйөөмү бир аз сестентсин гана дейт элем. Кетем деп чыгып, үйгө жакындап калганда (ортолуктан эшик ачып алганбыз) короону айланып кайра үйгө жөнөчүмүн. Сөрүүдө олтурган апаи " Э паланча келбейсиңби десе " көзүмүн жашын ичиме жутуп, биздин тооктор келбеди бекен деп эле айланып жүрөм деп койчумун. Удаа 4 кыз төрөдүм. Күйөөмүн шылтоосу уулум жок болуп калды. Ичкилиги көбөюп уруш чыгат, мен да сөз кайтара баштадым, бечара кыздарым энесинин канатына бекинген жөжөлөрдөй жөжүрөшөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   mulinka13   13 Август 2017 - 23:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Дыйканчылык менен күнүбүз өтөт. Талаада жүрүп кыздарымы деле эрте эмчектен чыгардым.
Аллахтын каалоосу менен бешинчим биз күткөн уул төрөлдү. Күйөөмө күндө майрам күндө той. Уулду болсо деле ичкени калбады. Чоң кызым эрте мектепке барды. Өзүм жалгыз кетпейм деп ыйлап, көчөдөн өткөн кыздарга автобуска салгандай жетелеп барып кошуп келет элем. Арадан 3 жыл өтүп кыз төрөдүм. 35 имде 6 баланын энеси болдум. Артымы кылчайып карасам оор күндөр көп эле болуптур. Чоңум 8-класста окуп жүргөндө кайын энем ыраматылык болуп кете берди. Үйүбүздөн кут учкандай эле болду. Мен мектепке пол жуугуч болуп ишке кирдим. Балдарың чоңойсо намыстанып калышат экен. Ал ишти таштадым. Атасы ичкенин таштабады. Кыздарым классташтарымын көзүнчө уят эле болдум, көчөдө ичип олтурат деп келип заманымы курутат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Meruet84   14 Август 2017 - 00:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Эххх....аял заты ...арак ....балдар ....жетишпестик .....
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   kyrgyzstan00   14 Август 2017 - 02:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 691
  • Катталган: 19 Апрель 15
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2019 01:38

Иий,аракты ким чыгарса да мин"наалат" Атын очкур арак ай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   mulinka13   14 Август 2017 - 11:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Атасы көптүн катарында Москвага жөнөдү. Жакшы иштеп жүрдү. Бир күнү суук кабар келди. Иштеген жеринде бутун күйгүзүп алыптыр. Кудайга шүгүр өзү аман. Келип больницага жатып чыгып, үйдө жатты. Аз -аздан баса баштады. Ошону менен Москва бүттү. Кыздар катар-катар бой жетип чоң кызыбыз мектепти да аяктады. Эмнегедир өзү да окууга аракет кылбады. Бишкекке достору менен иштегени кетип калды. Атабыз кыйла токтонуп, ичкенин аздан таштай баштады. Арык узун киши, зыңкыйган курсактуу кишиге айланды) жуучу келип чоң кызыбызды турмушка узаттык бул аралыкта 3 кызым тең студент болуп калган. Чоңу 3-курс экөө 1-курс (бирөө 9 ду бүтүп тапшырды). Мурда кыздарын эркелетпеген атабыз кызынын белине кур байлап жатып, элди унутуп эле ыйлап алды. Ага мен кошулуп алгам. Бир чети кызымы узатып жатсам, бир чети сыноолорду сабырдуулук менен жеңип, ушул күнгө жеткенибизге ыйлап жаттым. Күйөөм экөөбүз мурдагыдан ынакпыз. Ал мени бойдок маалында эле сүйүп, сүйүүсү үчүн күрөшүп мени ала качса, мен аны никеден кийин билинбей сүйүп кетипмин. Күнүмдүк тиричилик менен болуп сүйүүгө деле маани бербеппиз. Сүйбөсөм кантип чыдайт элем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   mulinka13   14 Август 2017 - 12:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Азыр атасы 48 де, мен 45 темин. Төрт кызды тууруна кондурдук. Баарын мен арман кылган ак көйнөк кийгизип, колубуз менен өздөрү тандаган балдарга чыгышты. Күйөө балдарым ичпеген жакшы чыгышты. Кызыгы 3 өнүн күйөөсү тең 91 лер, бирөө 90. Баардык үйдө казан-аяк кагышат демекчи кыздар көп арыздана беришпейт. Айтса да, өзүң бышырган ашты өзүң же деп тим болом. Менин берген эң чоң тарбиям эмне болсо да балдарымы жетелеп төркүнүмө чуркабаганым болду окшойт. Ажырашууну ойлобогула дагы деп турам. Кыйын күндөрдү көрүп чоңойгон кыздарым бири да ажырашам дебейт. 6 неберебиз бар, буюрса 7-8-неберелерибизди күтүп жатабыз. Жалгыз уулубуз окуусун сырттан кылып коюп Москвага акаларинин жанында иштеп жүрөт. Кичинекейибиз мектепте 10-класс болду. Мурда үй толо ызы -чуу болсок эми соксоюп үчөөбүз эле калдык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   mulinka13   14 Август 2017 - 12:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Азыр дагы бирди төрөп албапмын деп калам. Уулубуз үйлөнгүчө кызыбыз мектепти бүтсө үйдө кармап олтурмак белек. Биздин арман болуп калган окуу жайга сапар алат да буюрса. Чоңдорум дипломду болуп иштеп калышкан. Бир кызымы күйөөсү уруксаат бербей азыр үйдө. Эмнеси болсо да наны бүтүн. Айтарым кыз деп чанбагыла, эртең эле бирөөнүн бүлөөсү болуп кетет. Күйүмдүү да болот.
Буюрса, келиним да жакшы чыкса экен, жыйганымы чакпай эстүү болсо экен деп тилек кылып олтурабыз.
Уулубуз болсо жалгыз болгону менен эрке эмес, ичимдик деген нерсени өллө жаман көрөт. Ушунусунан жазбаса экен. Кулунуму сагынып ыйлап алам. Кыздарым тез -тез келип турушат, бирок уулубуздун оорду башка экен да ИМОдон сүйлөшкөн сайын ыйлайм. "Апа ыйлабаң, мен да ыйлап ийем азыр деп тиштерин кашкайта күлүп койсо көңүлүм ачыла түшөт. Атабыз болсо ичимдик деген нерсе менен кош айтышкан тайата болуш да оңой эмес да) ) азыр кыздарына менен өтүп кыжалат болуп үзүлүп түшөт.
Бир убакта мени жакын жерге берем деп, ала качканына макул болгон апама ыраазы болуп кетем. Апам азыр тирүү, бирок көздөрү көрбөй калгаг. Жакын түшкөнүм өңүмө да апама да жакшы болду. Агаларым негедир тириликтен бошобойбу жумасына бир келип койбойт бир айылдабыз.
Айдын 15 караңгы болсо 15 и жарык, жакшылыктан үмүт үзбөй, сабыр менен жашасаңар иншаАлла бакыт сизге да жылмаят.
Аягы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   mulinka13   14 Август 2017 - 12:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Чоң кызым да 91-жылкы. Роддомдо бир күндө төрт келин, үчөөбүз кыз бирөө уул төрөдү. Өзүнүн абалы оор болуп ыйлаган баласын мен көтөрүп жүргөм. Ошондо каалаганыңды танда балам сага беребиз деп күлгөн элем. Убакыт өтүп 22 жылдан кийин экөө табышып жатышпайбы. Роддомдо эле болуп койгон элек деп күлүп калабыз. Азыр экөөнүн 1 уул 1 кызы бар 3чүсүн күтүп жатышат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   dinikyz   14 Август 2017 - 12:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 117
  • Катталган: 19 Март 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2018 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Аябай жакшы сабак болчу окуя экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   seli   14 Август 2017 - 13:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Ооба, сабырдын түбү - сары алтын деген макалды дагы бир ирет тастыктап койдуңуз окшойт.

Сизге жана чоң атага чын ден -соолук, узун өмүр каалайм. Аллахым бактылуу каарылык насип этсин. Жүзгө жүгүрүп, жүгүрүп чыгыңыздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   General.kg   14 Август 2017 - 16:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Ажырашпай сабыр кылгыла дегени туура эмес! Жакпайбы ажырашкыла. Эчким кепилдик бере албайт, жашы өткөн соң оңолот деп. Эгер уруп атып өлтүрүп койсочу сабыр кылып жүрө берсе!

Билдирүүнү түзөткөн: General.kg: 14 Август 2017 - 16:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Tomega   14 Август 2017 - 16:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 313
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 22:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения General.kg (14 Август 2017 - 17:18) жазган:

Ажырашпай сабыр кылгыла дегени туура эмес! Жакпайбы ажырашкыла. Эчким кепилдик бере албайт, жашы өткөн соң оңолот деп. Эгер уруп атып өлтүрүп койсочу сабыр кылып жүрө берсе!

Турмуш куруп,бала жытын жыттаганда тушуносун.Баланын толук кандуу уй-булодо чоноюсу учун баарына даяр экенинди.Азыр мындай кенештерди бергенге жаштык кыласын.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   mulinka13   14 Август 2017 - 16:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Жакшы тилектер үчүн рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   General.kg   14 Август 2017 - 17:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Кеңешиңиздерге ырахмат бирок үйдө уруш жаңжал болсо балдарым жетим калбасын деп жүрө бергениң менен ошол үй-бүлөдөгү балдар деле мостойуп кыйналып чыгышат. Анан дагы сабыр бир күн оңолоор деп, келтектен орукчан болуп жашаган, күйөөсүнүн колунан ажал тапкан аялдарды көрүп аргасыз ушундай ойго кептелем. А жакпаса ажыраш дегеним эмес болгону адам өзү үчүн да жашаш керек. Азапка өзүңдү өзүң салбай. Бирок эң башкысы өмүрлүк жарыңды туура тандаш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   mulinka13   14 Август 2017 - 18:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 03 Май 17
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 12:11

Просмотр сообщения General.kg (14 Август 2017 - 17:35) жазган:

Кеңешиңиздерге ырахмат бирок үйдө уруш жаңжал болсо балдарым жетим калбасын деп жүрө бергениң менен ошол үй-бүлөдөгү балдар деле мостойуп кыйналып чыгышат. Анан дагы сабыр бир күн оңолоор деп, келтектен орукчан болуп жашаган, күйөөсүнүн колунан ажал тапкан аялдарды көрүп аргасыз ушундай ойго кептелем. А жакпаса ажыраш дегеним эмес болгону адам өзү үчүн да жашаш керек. Азапка өзүңдү өзүң салбай. Бирок эң башкысы өмүрлүк жарыңды туура тандаш керек.

Ошондуктан эркектерди намыстуу болушка чакырат элем. "Эркек көзүн, аял тилин тыйса жашоо өз нугунда улана берет "
Өмүрлүк шеригиңди туура тандашыңа тилектешмин. Кээ бир кыздарга бул мүикүнчүлүк берилбей келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 13:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: