эски дептерден:
Сенсиз...
Ажары чыкпай сенсиз
жаңы ырдын да,
Асылым,
мен сени сагындым да…
Адашып айлана-
чөйрөмдөн эх,
Чүмкөнүп ойлорго
жамындым да…
Түн болдум,
Көзүмдү жумуп алып,
Түпөйүл
ойлорго тунуп алып.
Түбү жок
санаанын кудугуна
Түйшөлдүм,
чыга албай чумуп алып.
Ак жаандай
а көрөк төгүлсөм не,
Буулукпай,
булуттай сөгүлсөм не!..
Ж.И.
Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.
#301 06 Февраль 2017 - 22:34
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#302 06 Февраль 2017 - 22:38
Бир кечте
Бүт аялзат
Сени гана карашып...
Эмнегедир бүгүн баары сага ашык.
Арасында мен да бармын алардын,
Башым турман, акылымдан адашып...
Ыр. Музыка.
Көңүлүмдү бийлейсиң...
Назар төшөп төгүлгөнүм билбейсиң.
Сен мен үчүн аргымагын алкынтып,
Айдан түшүп келген асыл пирдейсиң! ..
Көздөр... Сөздөр...
Жүрөктөрдүн кагышы...
Мага жагып арабыздын алысы,
Сүрөтүңдү тарттым дагы карадым,
Кандай сырдуу, кандай сүрдүү жан ушу...
Башкача бир
башты чулгуй карап Шер,
Кээде-кээде чагылышат каректер...
Ушундай бир улуу кечти көтөрүп,
Өз нугунда тегеренип барат Жер..!
Ж.И.
“Бир үзүм от” китебимден
Бүт аялзат
Сени гана карашып...
Эмнегедир бүгүн баары сага ашык.
Арасында мен да бармын алардын,
Башым турман, акылымдан адашып...
Ыр. Музыка.
Көңүлүмдү бийлейсиң...
Назар төшөп төгүлгөнүм билбейсиң.
Сен мен үчүн аргымагын алкынтып,
Айдан түшүп келген асыл пирдейсиң! ..
Көздөр... Сөздөр...
Жүрөктөрдүн кагышы...
Мага жагып арабыздын алысы,
Сүрөтүңдү тарттым дагы карадым,
Кандай сырдуу, кандай сүрдүү жан ушу...
Башкача бир
башты чулгуй карап Шер,
Кээде-кээде чагылышат каректер...
Ушундай бир улуу кечти көтөрүп,
Өз нугунда тегеренип барат Жер..!
Ж.И.
“Бир үзүм от” китебимден
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#303 06 Февраль 2017 - 22:40
Билбейм
Обончу, аткаруучу Гүлгаакы Сагындыкова
Кереметим,кененим,
Беделим, тоом, береним,
Эбедейим эзилет,
Неге? Билбейм себебин.
Сен бар кезде – мен да бар,
Сенсиз дүйнөм кембагал.
Бийлеп алган сезимди,
Билбейм, сенде эмне бар?
Эркелеткен көздөрүң,
Элжиретип сөздөрүң,
Ыр жашынган сезимди,
Ышкы отуна өрттөдүң.
Деңизимсиң, тереңим,
Теңир берген белегим,
Теңдеш сөздү таба албай,
Тегерене беремин...
Көздөрүңө караган,
Көңүлүңдү аяган,
Көгүчкөнүң болоюн,
Көөнүң сүйүп самаган...
Арстаным, асылым,
Ашыгым, ыр азыгым.
Айтып бүткүс дастан, ыр –
Ар тамгасы атыңын.
Ж.И.
Обончу, аткаруучу Гүлгаакы Сагындыкова
Кереметим,кененим,
Беделим, тоом, береним,
Эбедейим эзилет,
Неге? Билбейм себебин.
Сен бар кезде – мен да бар,
Сенсиз дүйнөм кембагал.
Бийлеп алган сезимди,
Билбейм, сенде эмне бар?
Эркелеткен көздөрүң,
Элжиретип сөздөрүң,
Ыр жашынган сезимди,
Ышкы отуна өрттөдүң.
Деңизимсиң, тереңим,
Теңир берген белегим,
Теңдеш сөздү таба албай,
Тегерене беремин...
Көздөрүңө караган,
Көңүлүңдү аяган,
Көгүчкөнүң болоюн,
Көөнүң сүйүп самаган...
Арстаным, асылым,
Ашыгым, ыр азыгым.
Айтып бүткүс дастан, ыр –
Ар тамгасы атыңын.
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#304 06 Февраль 2017 - 22:44
Эски дептерден:
Ыраа көрүп,
ысык-суугуңду арначу,
Ыржаныңдын
ырахаты, аргасы -
Ырларыңдын
болуп калсам эмине,
Жүрөгү эмес,
жок дегенде тамгасы!.. .
ак маржандай
ар сабыңдан "жылт" этип,
Арзуумду айтып
турбайт белем, андачы...!
Кереметтүү,
кээде таттуу, кээде ачуу,
кээде шаттуу,
кээде жумшак, же катуу,
ырдүйнөңдүн
болбосом да кадимки,
касиеттүү
колдоочусу - пегасы,
Жок дегенде
болуп калсам эмине,
кичинекей,
кибиреген темасы!
Карегимде
мөлтүр тамчы кургап, чын...
Ай ааламгаанда
сыйбай турмакмын!
О, кудурет!
Ошентсе да көңүлгө,
Көөнөрбөгөн,
көлкүлдөгөн нур жактың!
Ыры түгүл,
акын өзу бүкүлү
Сыйып турган
бүт өмүрлүк ыр таптым!..
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#305 06 Февраль 2017 - 22:46
Ыр арна...
Көксөөм басып,
Көңүлүмдү бөлбөөгө,
Көрүнбөөгө,
Көздөрүңдү көрбөөгө,
Көп эле ирээт
Көңүлдөнөм, а бирок,
Көнбөй койду,
Жүрөгүм эч жөндөөгө.
Сезем мендик
сезимиңди. Сагынам...
Себеленем,
Сен тарапка агылам.
Себеби жок,
Секунд сайын серпилип,
Сени эстөөнүн
сересинде жаңы улам,
Билинбеген
бийиктикке чыгам да,
Билбейм неге
Күтөм сени кыраңда...
Бир аз мендик
Сүйүүң болсо, суранам,
Белек эмес,
Бир керемет ыр арна?..
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#306 06 Февраль 2017 - 22:50
Эски дептерден:
БЕРБЕЙМ СЕНИ...
Сенин көркүң,
сенин күлкүң, көздөрүң,
Билем эс-мас,
кылат дагын көптөрүн...
Бүт аялзат
багынта албас дүйнөңдү,
Бир сап ырым
менен келет көрктөгүм.
Канча сезим
Жылыта албас дүйнөңдү,
Бир үзүм от
менен келет өрттөгүм..
Бир жарк этип,
кашты кагып койгонуң,
Канчалардын
Ээлеп акыл-ойлорун,
Арзыттырат,
Адаштырат акылдан,
Билип-билбей
Эчак мендик болгонуң...
Суктануу көп,
Сугу өтүп кетпесин,
Мен сүйүүңдү
Көздөн, сөздөн коргоюн.
Карек таштап,
кылгырышкан тымызын
Канчалардын
окулбаган ырысың.
Эч кимиси
бирок мендей сүйө албайт,
Бирине да
бербейм сени, ырысым.
Башка жандар
мейли сүйсүн, сүйбөсүн,
Жүрөгүмдүн
Ырдап бүтпөс ырысың...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#307 24 Апрель 2017 - 20:06
БАЛМУЗДАК ЖЕГЕН КАРЫЯ
(Болгон окуядан улам)
Жаштыгы алда кайда калып калган,
Кибиреп кичирейип, карып калган,
Баладай жалтаңдаган бир карыя,
Кеминде токсондорго барып калган,
Көлөчүн оң-тетири артын басып,
Коңултак сүйрөп алган тарпылдатып,
Тамшанып, балмуздак жеп баратыптыр,
Көчөдө колу-башын калчылдатып. ..
“Апаке, кара тиги чоң атаны,
Жөн эле жесе бирөө талашабы?
Көздөрү неге алаңдайт күнөөкөрдөй,
Же балким уурдап кетип баратабы?..” –
дейт уулум таң калганын жашыра албай,
айтууга дагы көптү батына албай...
ансайын карбаластайт карыя да,
колунда балмуздагын батыра албай...
Карылык чоң атаны жадаткандай,
Чочуркайт өз тобунан адашкандай. ..
Ушул жол, ушул таттуу балмуздагы,
Кайра аны бала кылып бараткандай. ..
“Карганда балага окшоп калат адам...” –
ушинтсем, уулум бир жалт карап маган:
“Кантип сиз..? Сиз да ушундай болосузбу?” –
дейт мени ишенбей да, аяп анан...
Башымды аста-акырын ийкеңдеттим,
Үшкүрүп: “Аттиң дүйнө, бир кем...” – депмин.
Бул сүрөт, бул жооп менин Нурэлиме,
Канчалык оор тийерин билген эмесмин...
“Тарп-турп, тарп...”- улам узап барат кадам,
Артына кылчак-кылчак карап балам,
Бакырып ыйлап азыр жиберчүдөй,
Көздөру жашылданып баратты анан...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#308 24 Апрель 2017 - 20:36
Эске түшкөн эски шиңгилдер...
КЫЗГАНА БЕРЕМ СЕНИ...
Болсо да бул –
Акылга сыйбагандык,
Азапка салып өзүн,
Көрүнөө кыйнагандык,
Кызгана берем сени,
Көрсөтпөй кирпигимди,
Тымызын нымдап алып.
Кызгана берем сени,
От жаккан ушакчыдан,
Оп тарткан тузакчыдан,
Калп күлүп тосуп алып,
Каар чачып узатчудан.
Кызгана берем күндөн,
Кызгана берем түндөн,
Тикени сайбасын деп,
Кызгана берем гүлдөн.
Ок менен данектелген,
Опуртал каректерден,
Кызганам кадамдардан
Тор жайып алектенген.
Кызгана берем сени...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#309 28 Апрель 2017 - 14:41
Ушул эженин ырлары аябай жагат.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#310 06 Август 2017 - 16:06
Жолдо...
Ыр жазгым келди бүгүн өзүңө арнап,
Көздөрүм сүйүп турган көзүңө арнап,
Көңүлгө катып жүргөн көп сырымды,
Эч кимге айтпай жүргөн сөзүмдү арнап...
Сүйүнүп... сүрөтүңдү тарткым келип,
Сүйүүмдү сүйүнчүлөп айткым келип...
А бирок алыстасың! Алыс-алыс...
Алдастайм, аттиң, артка кайткым келип...
Ырдагым келип ырым сага арнаган,
Тыңдагым келип үнүң... сага арбалам.
Ыйлагым келип бирок турам жолдо,
Сагынган менен жетип бара албаган...
Ж.И.
Ыр жазгым келди бүгүн өзүңө арнап,
Көздөрүм сүйүп турган көзүңө арнап,
Көңүлгө катып жүргөн көп сырымды,
Эч кимге айтпай жүргөн сөзүмдү арнап...
Сүйүнүп... сүрөтүңдү тарткым келип,
Сүйүүмдү сүйүнчүлөп айткым келип...
А бирок алыстасың! Алыс-алыс...
Алдастайм, аттиң, артка кайткым келип...
Ырдагым келип ырым сага арнаган,
Тыңдагым келип үнүң... сага арбалам.
Ыйлагым келип бирок турам жолдо,
Сагынган менен жетип бара албаган...
Ж.И.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#312 15 Август 2017 - 19:17
7 авг
Жыпар Исабаева
Ыйла, жүрөк
Туталанбай, тунжурабай, тумчукпай,
Ыйла жүрөк, не турасың унчукпай?!
Азабыңды жамгыр кылып төгүп сал,
Асманыңда калбаш үчүн күн чыкпай!
Өксүк менен өрттөй бербей жанды бу,
Өткүнгө айлан – өтсүн, кетсин бардыгы!
Өкүнүчтү көз жаш менен жууп сал,
Өзөгүңдөн өчсүн күйүт алдыгы!
Мистейбечи, таштай катып турбачы?
Чачыраба, бырчаланба, сынбачы?!
Билемин, оор! Бирок сенден суранам,
Оорубачы, андан көрө ыйлачы!
Ушунча жыл жер үстүндө думана,
Болдум эле, болдум канча убара?
Аруулукту мына таптым деп турсам,
Ылай сүртүп кетишиптир буга да...
Ж.И.
“Бир үзүм от” (китеп)
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#313 15 Август 2017 - 19:20
6 авг
Жыпар Исабаева
Жакшы ырмын...
Сени ырдадым. Сен деп жүрөк эргиттим,
Сени таптым, сен деп жашайм. Сендикмин...
Жарыгым да, жакыным да, жакшым сен,
Жаным кейип турган кезде дем-күчсүң.
Түшүмдө да күттүм. Үнүңдү эшиттим,
Жолугам деп жол карадым. Кезиктим.
Сени менен дүйнөм толук, бүтүнмүн,
Сенсиз – жарты, сенсиз сынык, кетикмин.
Кайрыгындай кайталанбас жакшы ырдын,
Сени сүйдүм. Сени гана жактырдым.
Сөздөрүңдү, көздөрүңдү мага арнап,
Турган кезде өзүм дагы жакшы ырмын.
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#314 15 Август 2017 - 19:22
Тапшырык менен...
Жолдо...
Ыр жазгым келди бүгүн өзүңө арнап,
Көздөрүм сүйүп турган көзүңө арнап,
Көңүлгө катып жүргөн көп сырымды,
Эч кимге айтпай жүргөн сөзүмдү арнап...
Сүйүнүп сүрөтүңдү тарткым келип,
Сүйүүмдү сүйүнчүлөп айткым келип...
А бирок алыстасың! алыс-алыс...
Алдастайм, аттиң, артка кайткым келип...
Ырдагым келип ырым сага арнаган,
Тыңдагым келип үнүң... сага арбалам.
Ыйлагым келип бирок турам жолдо,
Сагынган менен жетип бара албаган...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#315 15 Август 2017 - 19:26
Аделянын суроосу менен...
Бүгүн мага жолукпа
Жок. Суранам. Бүгүн мага жолукпа,
Баягыдай толкуп-ташып тосо албайм.
Сагынычтан, кубанычтан элжиреп,
Карегиңе – карегимди кошо албайм.
Эки бетим алоолонуп, от болуп,
Баягыдай күтө албаймын шоктонуп...
Ошондуктан азырынча кезикпе,
Баары кыйрап, кетпеш үчүн жок болуп...
Неге сындым? Неге мынча кирдедим?
Катуу добул... кайдан келди, билбедим...
Сага карай барчу жолдо капилет,
Канатымды кайрып түштү бир кебиң...
Жараттарды албайлычы жаңылап,
Сен дагы айык, көңүлүңдү дарылап.
Жүрөктөрдүн угалы анан чечимин,
Балким кош дейт, балким кайра сагынат...
Ж.И.
Бүгүн мага жолукпа
Жок. Суранам. Бүгүн мага жолукпа,
Баягыдай толкуп-ташып тосо албайм.
Сагынычтан, кубанычтан элжиреп,
Карегиңе – карегимди кошо албайм.
Эки бетим алоолонуп, от болуп,
Баягыдай күтө албаймын шоктонуп...
Ошондуктан азырынча кезикпе,
Баары кыйрап, кетпеш үчүн жок болуп...
Неге сындым? Неге мынча кирдедим?
Катуу добул... кайдан келди, билбедим...
Сага карай барчу жолдо капилет,
Канатымды кайрып түштү бир кебиң...
Жараттарды албайлычы жаңылап,
Сен дагы айык, көңүлүңдү дарылап.
Жүрөктөрдүн угалы анан чечимин,
Балким кош дейт, балким кайра сагынат...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#316 15 Август 2017 - 19:28
Сен мени
Сөзү :Жыпар Исабаеваныкы,
Обону :Мыктыбек Ташматовдуку,
Аткаруучу: Бакыт Сейталиев
Сен мени сагынтайын дедиң бекен,
Телефон чалбай дагы, келбей коюп.
Чын эле сенсиз мага күндөрүмдүн,
Татыбай тузу такыр кемдей болуп...
Сен мени таарынтайын дедиңби же,
Атайлап алыстатып кабарыңды,
А бирок билбейсиң ээ, кандай азап,
Жоготуу жандай көргөн адамыңды.
Сен мени унутайын десең керек,
Арга жок, ага деле түтөм демек.
Жолуңду карай-карай үшкүрүккө
үшүтүп, үмүтүмдү үзөм демек...
Сөзү :Жыпар Исабаеваныкы,
Обону :Мыктыбек Ташматовдуку,
Аткаруучу: Бакыт Сейталиев
Сен мени сагынтайын дедиң бекен,
Телефон чалбай дагы, келбей коюп.
Чын эле сенсиз мага күндөрүмдүн,
Татыбай тузу такыр кемдей болуп...
Сен мени таарынтайын дедиңби же,
Атайлап алыстатып кабарыңды,
А бирок билбейсиң ээ, кандай азап,
Жоготуу жандай көргөн адамыңды.
Сен мени унутайын десең керек,
Арга жок, ага деле түтөм демек.
Жолуңду карай-карай үшкүрүккө
үшүтүп, үмүтүмдү үзөм демек...
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#317 15 Август 2017 - 19:35
Бир сүйүү өчтү... бүттү
(Обону Бакыт Сейталиевдики)
Кечирчи, кереметим?
Мен сенден кетем эми.
Жашоонун жалгандыгын,
Жалгыздык сезем эми.
Таң калба, таарынбачы,
Тагдырдын жазганы де.
Тардыгы бул жашоонун
Жанына батканы де.
Өзүнсүз кыйын болор,
Өксүрмүн, өкүнөрмүн.
Өрттонүп барып өзүм,
Өзүмдү өчүрөрмүн.
Өкүнүч! Өкүнүчтүү!
Өксүгү кандай күчтүү!
Өмүрдө өрттөй жанган,
Бир сүйүү өчтү, бүттү!
Ж.И.
(Обону Бакыт Сейталиевдики)
Кечирчи, кереметим?
Мен сенден кетем эми.
Жашоонун жалгандыгын,
Жалгыздык сезем эми.
Таң калба, таарынбачы,
Тагдырдын жазганы де.
Тардыгы бул жашоонун
Жанына батканы де.
Өзүнсүз кыйын болор,
Өксүрмүн, өкүнөрмүн.
Өрттонүп барып өзүм,
Өзүмдү өчүрөрмүн.
Өкүнүч! Өкүнүчтүү!
Өксүгү кандай күчтүү!
Өмүрдө өрттөй жанган,
Бир сүйүү өчтү, бүттү!
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#318 15 Август 2017 - 19:37
Эски дептерден
Биз турмуштун
сыноосунан утулдук
Канча курдай калтырышып көңүлдү,
Канча курдай болдук эки бөлүндү.
Ошо сайын түшүнчү элек, ар башка
сүрүү азап экендигин өмүрдү...
Сагынышып, тоскоолдорду талкалап,
Жанылыштык кайра эле анан кайталап!
Адашуудан экообузду анда да,
сүйүү турчу, канатына калкалап.
Эми бүттү! Баары бүттү көрүнөт.
Сактай албай сүйүүбүздү учурдук.
Толкундарга бере албадык туруштук,
Биз турмуштун сыноосунан утулдук!
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#319 16 Август 2017 - 23:35
Кээде мен
Кээ бир кезде – өткөн, кеткенди эстеген,
Күндөрдү аяп көп мүдөөгө жетпеген,
Өзөк өрткө, өкүнүчкө чулганып,
Учурлар көп – аттиң дүйнө, эх деген!
Ээн калып, жайдакталган кезде мен,
Элестер бар – эңсөө менен эстеген.
Эңшерилип, бири кем бул дүйнөдө,
Эрксиз анан тунгуюкка кептелем.
Ооба, баары, тирүүлүк да чек менен,
Ошон үчүн барга тобо деп келем.
Оомал, төкмөл дүйнөнү эмес, жаңылган
күндөр үчүн кээде өзүмдү жек көрөм.
Келише албай жүрөк акыл-эс менен,
Кээ бир кезде мен сүйүүдөн четтегем.
Келбечүдөй кеткен сезим кайрылып,
Эми өчөшүп келүүчүдөй сестенем...
Өмүрдүн ар күнү батса, кеч менен
караңгы түн, жымжырттыкка кептелем.
Алда нени элестеткен бу түндөн,
Кээде чыкпай калуучудай шектенем.
Андай кезде өзүмдү-өзүм текшерем:
“Качандыр бир жерде калып, эх, денем.
Эстен чыгар өңү-түсүм... а бирок,
Эл ичинде ырым менен эстелем...
Анда өмүрдү сүрбөптүрмүн текке жөн...” -
деп өзүмдү алдап, бирок эске мен
бир чындыкты алгым келбей кайпактайм:
“Кечпи-эртеби, чын суракта тескелем...”
22.00
10.01.2016.
Кээ бир кезде – өткөн, кеткенди эстеген,
Күндөрдү аяп көп мүдөөгө жетпеген,
Өзөк өрткө, өкүнүчкө чулганып,
Учурлар көп – аттиң дүйнө, эх деген!
Ээн калып, жайдакталган кезде мен,
Элестер бар – эңсөө менен эстеген.
Эңшерилип, бири кем бул дүйнөдө,
Эрксиз анан тунгуюкка кептелем.
Ооба, баары, тирүүлүк да чек менен,
Ошон үчүн барга тобо деп келем.
Оомал, төкмөл дүйнөнү эмес, жаңылган
күндөр үчүн кээде өзүмдү жек көрөм.
Келише албай жүрөк акыл-эс менен,
Кээ бир кезде мен сүйүүдөн четтегем.
Келбечүдөй кеткен сезим кайрылып,
Эми өчөшүп келүүчүдөй сестенем...
Өмүрдүн ар күнү батса, кеч менен
караңгы түн, жымжырттыкка кептелем.
Алда нени элестеткен бу түндөн,
Кээде чыкпай калуучудай шектенем.
Андай кезде өзүмдү-өзүм текшерем:
“Качандыр бир жерде калып, эх, денем.
Эстен чыгар өңү-түсүм... а бирок,
Эл ичинде ырым менен эстелем...
Анда өмүрдү сүрбөптүрмүн текке жөн...” -
деп өзүмдү алдап, бирок эске мен
бир чындыкты алгым келбей кайпактайм:
“Кечпи-эртеби, чын суракта тескелем...”
22.00
10.01.2016.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#320 21 Август 2017 - 19:43
Көңүл кайрык
Көңүлдө көйгөйлөр көп көрүнбөгөн,
Көз жаш бар көлкүлдөгөн, төгүлбөгөн.
Көөдөнүм жарык кылар бирок нур бар,
Жакшы ырдан башкасын бүт төгүндөгөн.
Ооба, ырас, учкум келет... оюмда – асман!
А бирок жүгүм оор да моюнга арткан.
Жыгылып, туруп кайра... баратамын,
Алдабас ак жарык бар жолумду ачкан.
Кадамдар түйшүк менен тушалганда,
Ийгилик жолу издетип узарганда,
Убакыт жиреп улам өжөрлөнүп,
Качырып каршылыкты бузам кайра..!
Ж.И.
20.08.2017.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.