Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар!
Араныздарда башка улут окулуно баш кошуп уй булоо куткондор барбы? Биринчи турмуш курганда кандай кыйынчылыктарга туш келдиниздер эле, жакында тууганыбыздын кызын турмушка узатып жатабыз куйоо бала башка улуттан, бирок апасы кыргыз экен.
Баракча 1 - 1
Интернационал үй-бүлөлөр
#2 17 Август 2017 - 17:02
AlikAsel (17 Август 2017 - 12:57) жазган:
Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар!
Араныздарда башка улут окулуно баш кошуп уй булоо куткондор барбы? Биринчи турмуш курганда кандай кыйынчылыктарга туш келдиниздер эле, жакында тууганыбыздын кызын турмушка узатып жатабыз куйоо бала башка улуттан, бирок апасы кыргыз экен.
Башка улутка турмушка чыккан жакын тааныштарым жок окшойт. Бирок апасы кыргыз экени көп нерсени өзгөртөт, анысы жакшы экен, б.а. жаңы келген келинге түшүнүү менен мамиле кылса керек. Анткени жаш кезде өзү ошондой көрүнүшкө туш болгон да.
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
#3 18 Август 2017 - 07:18
синдим татарга чыккан. алар кыргызча суйлоп кыргыз болуп калышкан. айылында бир урууга кошулуп алышкан.
#4 20 Август 2017 - 11:05
Менин испанецке, французга турмушка чыккан эжелерим бар. (Бир тууган эмес, аталаш). Кандай кыйынчылыктар болду билбейт экенмин...Бир женем Чүйлүк кореянка. Атамдын агасы Элисталык калмак кызына Москвада окуп жүрүп таанышып, үйлөнгөн, азыр чоң эне болуп калды. Чоң атамдын бир иниси тээ 30-жылдары Тажикстанда Совет бийлигин орнотуу иштери менен жүрүп, тажик кызына үйлөнүп, балалуу болуптур. Бирок ал келинчегин кичинекей баласы менен басмачылар өлтүрүп кетишиптир.
Таятам жактан таятамдын иниси украин кызына үйлөнгөн...
#5 20 Август 2017 - 12:50
Менин таятамдын энеси татар болгон экен.Чачы узуун,кашы кирпиктери капкара козу асман кок сулуу келин болгон экен.Бабамдар деле бай болсо керек бирок чон энебиз Кара- Кол шаарында байдын кызы боуп себин мен бала кезде деле айтып калышат эле.Ал учурда фарфор идиш жок бейм.Кайненеси айылчылап кетсе жыгачтан жасалган идиштерин чункурга тогуп салып озунун фарфор идиштерин чыгарып койсо кайненеси келип.
- Иит татар,жалтырак жултурагынды жогот да озумун аяк табактарымды таап кел деп уйдон айдап чыкан экен.Ошол ошо бойунча кайненесинин козу откончо чыгарып иштете албаган экен.Уч уул бир кыздуу болуп,кыргыздарга синишип жашап кеткен экен бирок жаш эле отуп кетип артында жакшы деген соз калган экен.Ошол жангыз тайэжемди коруп калдым.Узун бойлуу,чачыузуун, козу кашы капкара сулуу аял эле...
Менин атам (тайатам ) узуун бойлуу сымбаттуу,кара каш бирок козу кок эле.Татар энебизден тараган 11 кыз небереси бар эле.Баары узун бойлуу чачтары узун кээ бириники ото эле узуун айрыкча менин апам менен дагы бир тайэжемдин чачы суналып басса согончогуна тийип турат эле.Чон энесин тартып чачтуу дешер эле.торт тайэжемдин козу кок эле анын ичинде менин апамдын да козу кок эле.Кийин чеберелери да татар туспол болуп козу коктор да болду.ак жуздуу болуп чеберелеринен да сулуу кыздар болду.
Бир кезде татарлар биздин сыймыгыбыз, келсе сыйлуу коногубуз болуп,ото сый элек.Эми татардан туулгандар отуп кетип азыр кичине айып иш болсо каныбызда татардын каны бар да ошон учун деше турган болуптур.Ошол созду угуп капа болдум.Биз бала кезде мени бир агайым Сенин канында татардын каны бар да ошон учун да созго так,убадага бекемсин дегени бар эле.Биз бала кезе татар тупку энебиз учун сыймыктанат элек.Ал киши акылдуу,сулуу, созго чечен, колу жонду ууз,ишмер жан болгон экен.
Мен дайыма кыйялымда татар чон энемди ото сыйлайм,таазим кылам.Элесин апамдыкына окшотом...

#6 20 Август 2017 - 23:34
Баракча 1 - 1