Мен сени сүйөм. Сенсиз күндөр өтө берет бирок....
#1 21 Август 2017 - 00:37
Сенсиз жашай берем. Кундорум отуп жатат, а бирок эстеген сайын ичим туз куйгандай ачышып чыгат.((( Тагдырыма нааразы боло кээде бук тушо буркурап ыйлап алган адатым акыркы кундору жон гана мелтиреп ойлуу отуруп калууну адат кылдым. Копко ойлоном, ото копко. Аягы жок, жыйынтыксыз, чаржайыт ойлор....
Кээде журогум ушунчалык сыгылганынан эч нерсеге конул бурбай иштей берем. Озумду алаксытам. Алдайм. Унутууга далбастайм. Бирок эч кандай тыянак чыгара албадым. Башымда ойлор. Ким куноолуу? Менби же сенби?
#2 21 Август 2017 - 00:51
2005-жыл.
Тан эрте мектепке жонойм. Кошунам Адыл классташым. Экообуз бирге жонойбуз. Биринчи класска жетелешип барганбыз. Ошол кундордон тарта, чогуу барып кайра келебиз. Биздин класстагы эн тентек окуучу. Бир куну сабака келсе, эки кун жок. Класс жетекчибиз менден сурайт. А менин жиним келет. Адылдын милдетин мен алгандай болуп. Эртен менен чогуу келебиз, анан эле жок. Туштон кийин уйго жоногондо пайда болуп калат. Мени менен окуудан келе жаткандай болуп.
Бул жолу да артымдан рюкзагын которо шашып чуркап келди. Каяктан чыга калды билбейм. Аркамдан келип эки козумду колу менен баскан Адыл:
-Мен киммиииин?
Таанындым да.Бирок жиним келе:
-Адыл сенсин, ким болмок эле? Кое бер шашып баратам! дедим жактырбагандай тур корсотуп.
Билдирүүнү түзөткөн: Aikabany: 21 Август 2017 - 00:56
#3 21 Август 2017 - 00:54
Бир болууга козунор жетсе анан суйгуло да, суйо турган адамынарды. Обу жоктонуп ойноок убагынардагы суйуп калганынарды да опол тоодой кыла бербей.
Баары убакыт сааты менен, силерге буюруп койгон адамын менен гана табышканынарда, бир болууга козун жетсе, анан соз айтып, келечек тууралуу соз ачып, андан кийин гана суйууго убакыт болгуло.
#4 21 Август 2017 - 20:06
Sagyn.91 (21 Август 2017 - 00:54) жазган:

Сүйүүнү - каалаган убакта жасап, тое жегидей тамак сыяктуу элестетесизби. .?)
#5 21 Август 2017 - 20:19

#6 21 Август 2017 - 20:26
#7 21 Август 2017 - 20:28
Sagyn.91 (21 Август 2017 - 00:54) жазган:
Бир болууга козунор жетсе анан суйгуло да, суйо турган адамынарды. Обу жоктонуп ойноок убагынардагы суйуп калганынарды да опол тоодой кыла бербей.
Баары убакыт сааты менен, силерге буюруп койгон адамын менен гана табышканынарда, бир болууга козун жетсе, анан соз айтып, келечек тууралуу соз ачып, андан кийин гана суйууго убакыт болгуло.
Досум жүрөгүң менен сүйүп көргөн эмессинда,жүрөгүң менен сүйгөнүңда анан билбесин мындай күндөрдү.
Ага чейин мындай окуялар жомок сыяктуу сезиле берет))
#8 21 Август 2017 - 22:22
-Адыл койсончу ар кайсы кызга кооз суйлогонду. Бал тил менен аларды ойнотпой...
Албетте менин айтканым ага баары бир эмеспи, аппак тиштерин кашкайта жылмая:
-Да ну Аида мени кызганып жатасынбы?
-Хмм... мен сениби? Кааласан гарем куруп ал кийин мени ойлонпойт. Болгону туруктуу чыныгы мырза болсончу деп атам.
Ого бетер каткырып алып:
-Ошондо сенин кыялындагыдай мырзабы? Жашоо бир келет, жаштык отуп кетет, несин аяп жатасын? Кыздар менен суйлошуш керек. Мен ар бирине уйлонуп анан таштап кетип жаткан жокмун го. Мага жагат кыздар, алар менен суйлошкон дагы. А сен менден озундун ханзааданды иштеп чыккын келип жаткан жоксунбу?
-Ээк, сага баары тамаша. Менин кыялымдагы мырза бар болду бекен?
-Менчи? дейт суроолу тиктей.
Жон гана башымды чайкай "ЖОК" деген ишарат кыла жолумду улайм.
Билдирүүнү түзөткөн: Aikabany: 21 Август 2017 - 22:30
#9 21 Август 2017 - 22:44
Sagyn.91 (21 Август 2017 - 00:54) жазган:
Бир болууга козунор жетсе анан суйгуло да, суйо турган адамынарды. Обу жоктонуп ойноок убагынардагы суйуп калганынарды да опол тоодой кыла бербей.
Баары убакыт сааты менен, силерге буюруп койгон адамын менен гана табышканынарда, бир болууга козун жетсе, анан соз айтып, келечек тууралуу соз ачып, андан кийин гана суйууго убакыт болгуло.
Сүйүү-сенин статусуңа,жашыңа, өң-келбетиңе, кыял-жоругуңа, улутуңа,жашаган жериңе карабайт да.Сүйүү акылга эмес,жүрөккө баш ийээрин билбейт окшойсуң.
#11 22 Август 2017 - 02:35
atai9292 (21 Август 2017 - 17:28) жазган:
Ага чейин мындай окуялар жомок сыяктуу сезиле берет))
Журогумон суйуп коргом(бир жолу, Ноокаттыктарга куйоо бала болуп калышымда мумкун эле, бирок буйрубаптыр))), бирок озунду башкара билуун керек да. Суйот десе эле суйуу ушул экен деп баш мээни жеп, как будто ансыз жашай албагандай абалга тушуп калбастан.
Жаштар жогорудагыдай суйушу мумкун, а эми биз акыл калчап иш кылып калбадыкбы.))
Билдирүүнү түзөткөн: Sagyn.91: 22 Август 2017 - 02:50
#12 22 Август 2017 - 02:40
beka2605 (21 Август 2017 - 19:44) жазган:
Ошол акыл менен иш кыласынбы? Акылды иштетип, ой жугуртуп , ал жонундо билип, анан конулуно жакса, журокко жакын алып анан суйуу пайда болобу? Же журогун кайсыны десе акылдан кетип суйуп каласынбы? Журогун ошону деп турса да акылын мн иш тутасын да.
#13 22 Август 2017 - 02:47
happy02 (21 Август 2017 - 17:06) жазган:
Ким айтты? Мен айттымбы?)) Кээбироолорго ошондойдур, бир кундук, эки кундук, утурумдук, суйоттур. Максатына жетуу учун тое жегидей тамак сыяктуу болушу мумкун, максатына жеткен сон кол шилтеп кететтир, бокуп калган букага окшоп! Бирок мен андайлардан эмесмин. Антип элестете албайм дагы.
#16 23 Август 2017 - 07:35
#17 25 Август 2017 - 01:41
-Кандай экен? Красавчик бекен?
Суротту кунт коюп карап, кабагын туйо:
-Мырк го, не кыласын муну?
Вкус олук го?
-Койчу ай, сулуу болбосо да мээси иштейт. Мага жагат деп койдум.
Кабагын туйо, тез коштошуп кетип калды. Кызык озу канча кыздын суротун корсотуп мактанат? А меникин жакшыраак карап койбойт деп отуруп калдым. Жашоонун анча мынча кыйынчылыктарын корбогонгобу, айтор баары оной болчудай чон суйлойт. Балким алдыда токтолуп калаар дегеним менен мактанганын укканда тунулуп кетем. Студенттик кез жаны баштала октябрь айы болсо керек. Окуудан уйго келсем, апакем дасторконду кенен жайып, Адылдын ата энеси менен чай устундо отурушуптур. Эшиктен келген мени карай апам:
-Келе гой кызым, чай ич. Курсагын ачтыбы?
деп дайымкыдай куйполоктогону менен негедир бул жолкусу башкача сезилди. Унундо, кыймылындары да болокчо. Корсо, мага куда тушуп келишиптир. Болгондо да Адылга. Оозумда чайнап жаткан тамагымды аран жута, отургандарды карап:
-Адыл? Ал али жаш го? Он сегизге эми толобуз. Не анча шашып? Жок... мен дагы азыр турмушка чыгыппы? Тамашалап жаткан жоксунарбы? Ааа... тамаша э? Мени эмне кылаар экен дединерби?
Тамаша чыны аралаш жылмая карап жооп кутуп турдум.
Билдирүүнү түзөткөн: Aikabany: 25 Август 2017 - 01:49
#18 26 Август 2017 - 00:48
-Адыл, сенден дагы канча кутулбогон сюрприздерди кутсок болот?
Демейде соз бербеген Адыл куноолу кишидей жер тиктейт.