Суперстан: "Эне-бала" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Эне-бала" Менин темам эмес, интернеттен алынган

#1 Пользователь офлайн   turgunbaeva2018   24 Август 2017 - 10:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 135
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 04 Дек 2019 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ


Саламатсыздарбы! Мен да оз башымдан откон окуям менен болушкум келди. 2016 жылдын январь айында мен турмушка чыктым. Жашым 24 эле, куйоом 33 то. Бири бирибизди катту суйчук. Март айында боюмда бар экенин билип куйоомо айтсам мени которуп алып козунон жаш айлангыча айлантып суйунду, ал да наристе жытын энсеп жургон жан эле. Кайынжурт менен чогу жашачубуз айылда. Уйубуз да 2 болмолуу времянка эле. Биз менен чогу кайынсиндимдин уч баласы жашашчу, оздору Россияда эле. Ай кунум келип толгом башталды. Тороп атканда куйом баш жагымда колумдан кармап турду, торотум да женил болду. Ошентип 1 декабрь 2016 ж кыздуу болдук. Суйунгонубузду айтпагыла. Куйоом озу атын мен койом деп Сауле деди. Кайын атам жок мен койом деп Айсулуу деп койду, биз да макул болдук. Коп кун отпой 27 декабрь куну уйдо мен кайынсиндимдин балдары менен калгам кызымды уктатып коюп идиштеримди жууп алайын деп кухняга чыгып кетсем кайынсиндимдин балдары чуркап ойноп атып биросу кызым жаткан кроватька чыгып кызымды жерге кулатып жибериптир, чонурак кызы келип жене Айсулуу жыгылып кетти деди. Журогум тушкон бойдон чууркап барып карасам кызым чалкасынан жаткан жеринен ала калып боорума кысып отуруп калдым. Кечинде кайынэнем келгенден кийин айтсам эчнерсе болбойт деп кана койду. Он кундон отпой кызым туну бою ыйлап кусуп баштады. Больницага алып баралы десем кайынэнемдер уйдон эле даарылайбыз ичи оруп атат суук тийгиздин деп кайра мени кунолоп баягы куйрук майы менен дарылай башташты. 10 январь куну кызымдын башы чоноюп коздору антарыла баштаганын байкадым. Чыдабай ыйлап больницага алып келдик. Райондук больницадан реанимацияга киргизип грипптен отушуп кетиптир дешти бирок кызым такыр грипп болгон эмес эле. Бир кундон кийин эле главврач чакырып Бишкеке Джалга алып баргыла биз эч нерсе кыла албайбыз дешти. 12 январь биз алып кеттик. Алып барсак кызды коруп сразу реанимация болумуно киргизип кетишти. Ошентип кызым эмчек да эмбей калды. Кыз отто ор абалда деп кана айтып атышты. Туну бою реанимациянын сыртында куйоом экообуз каролчу болдук. Эртеси куну башын узиге томографияга тартышты. Ар бир эки саат сайын кызыма кирип сут саап берем мурду аркылуу сутту беришет,кызымды жалдырап жатканын коруп озумду ушунчалык алсыз сезип ыйлайм, журогум ооруйт. Ошол куну кечинде мени врач Дамир Муратович деген башка улуттагы киши чакырды, мен куйоом кайынэнем болуп кирдик. Кирсек диагнозду угузду. Кыз здоровый торолуптур бирок травма алыптыр деди. Каракушунда гематома бар кан тамыр жарылып мээсине кан аралашып кетиптир бул инсульт менен барабар, окклюзионная гидроцефалия головного мозга деди. Баарына даяр тургула деп кана койду. Эч нерсе дей албай эле отуруп калдык. 14 январь куну кызым комага тушуп калды. Ошентип дагы эки кун отту. 16 январь тан атпай Дача сууга самолет кулап да джалда киши отто коп болду. Сут алып барган сайын кызыма кирейин коройун десем болбой койушту, ошол кун эч кызымды коро алган жокмун. Кечинде саат ондордо сут берип келдим кайра жарым саат отпой мени чалып чакырышты, барсам врач отуруптур онун коруп баарын тушундум. Кыздын абалы оор экенин билесизда кыз кетип калды сактай албадык деди. Мени менен эмне болгонун соз менен айтып бере албайм. Кызымды кором дедим. Мени башка болмого киргизип кызымды беришти. Кучактап кана ыйладым бир да энеге оз баласынын олугун корорун калабайт элем. Куйомо врач озу угузду. Куйом менен эжем келишти алып кетели десек бойбой коюшту моргго кетиребиз ошол жактан чыгарып кетесинеи деп. Тан атпай морго барсак Дачасууда кырсык болуп ыйлаган киши коп экен. Моргтон да 1 жашка чейинки балдарды чыгарышпайт экен экспертизага кетиришет экен. Бербейбиз деп турушту бирок биз да алып кетебиз деп тура бердик. Акыры беришти. Толтура кагаздарды жазып атып мага бир кичине кагаз берди да подвалдан алып кет деди. Подвалга барсак жерде эле кан болгон чон кишилердин олуктору жатыптыр кан болгон тошоктор самолет кулаган жерден корсон журогун ооруйт. Дагы бир кагаздарга кол кой деди, буткон сон кызымды корсотуп алып кет деди. Байкуш кызым муздак плитканын устундо жатыптыр. Которуп алып эшике чыкканга шаштым. Ошентип айылыбызга кеттик. 6 саатык жолдо озум эч кимге кызымды бергим келбей боорума кысып кучактап бардым. Барарыбыз менен баарын даярдап турушуптур жуунтуп жерге бердик. Копко кыйналдым,эстей берип эмчектериме сут толуп, молдолорго барып дем салдырып журдум. Кичинекей баланы корсом эле ыйлачумун. Эч бир эненин башына салбасын мындайды. Бут баарына бир адамды кана кунолоп жек коруп журдум ал баягы кулатып жиберген кайынсиндимдин баласы эле. Коргонумдо олтурум салгым келчу. Ошол себептен алар менен чогу жашай албадым кетип калдым. Бирок убакыт барын дарылайт деген туура экен. Андан кийин 8 ай отуп калды баарын кечирдим, унуттум. Азыр кудайым буйруп торт айлык боюмда бар. Куйом экообуз озунчо жашайбыз. Чет олкодо жургон туугандарга бир созум бар. Ар бир эне баланы озу учун торойт биро учун эмес. Ошо баланы оз ата энесиндей эч ким суйо албайт эч ким энелик мээрим бере албайт. Чон ата чон апа тайне тайта деле суйбойт баланарды. Канча деген балдар нары туртулуп бери туртулуп жургонуно кубобуз. Кечирим суурайм туура эмес суйлосом. Кудайым баарыбызга сабыр берсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   raia   24 Август 2017 - 12:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Кызым биринчиден сага Аллахым сабыр берсин.Экинчиден кумонуно Аллахым омур берсин,бергени рас болсун...Аманчылык менен балан экоон эсен аман жуздошуп ал....
Кызым бул мандайга жазганда пенде которбоско чара жок.Сага деле тушунуп турам бирок журогунду кен кой,кечиримди кенен бер.Аллахымсыз чымындын деле буту сынбайт дейт.Сени суйундуруп берди суйундун тагдыр дейбизби куйундуруп алды демек куйутуно да чыда.Дагы да перзентуу болгону турасын журогунду тазала,Аллахыман омурун тиле бактысын тиле,сага куйумдуусун тиле кызым.Эми сага кайрыларым эч качан мигрантарга капа болбо алардын да журогун оорутпа.Жыргаганынан жалдыратып балдарын таштап,сагынуунун азабын жеп,айрылуунун азабын тартып журот сага окшогон миндеген келиндер.Менин келиним да эгиздей кылып мага ьташтап иштеп журот.Скайптан балдарын молтуроп карап,куса болуп,журогу тилек пара болуп турганын коп байкап биякта менин да журогум ооруп кетет.Сен балдарынды эч ким суйбойт,турткунчук деген создорун канчалаган ушул жерди окууган келиндердин журогун оорутуп атканынды билесинби ?
Алар да сага окшогон эне,сен баланды жандай коруп куйуп турасын алар да ошондой...
Эми алып калган ата энелерге соз тийгенин да туура эмес.
Турткунчук дегенин дегеле тьуура эмес.Ошол наристелер озубуздун неберебиз.Баладан небере ширин дейт,козубуздун агы карасы.Ата энеси алыста деп аларга башкача,ашыкча коз караштабыз. Жакшы окутканга,жакшы тарбиялаганга, ата энесин куса болбосун деп конулун карайбыз.Мисалы учун мен дегеле оз балдарыман эмне бышырып берейин деп бир ооз сурабагам.Ал эми азыр карыганыма карабай интернеттен кухняга кирип каалаганын бышырып берем.Топойтуп жакшына кийинтип колунан жетелеп журом.Чон атасы личный шафер,окууга жеткирип,алып келет.Каратейине, танцасына жеткирет.Мына кыздарым ар бир чон ата чон эне,тай ата тайэне ушунтип балдарынарга коз карегиндей карайт.Эч кандай балдарым турткунчук деп журогунор оорубасын.Биздин козубуз бар экен неберелер турткунчук болбойт,анткени алар биздин урпактарыбыз, келечегибиз, тукум уларыбыз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   tinki   24 Август 2017 - 12:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 02 Август 17
  • Соңку аракети: 18 Окт 2017 15:52

Туптуура айтылган создор,эч Ким оз ата-энесиндей карабайт баланы,автор сага сабыр тилейм,эсен- аман коз жарып ал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Rozinda   24 Август 2017 - 15:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 30 Апрель 16
  • Соңку аракети: 23 Сен 2018 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Сабыр тилейм автор. Жаратканым эки дуйно бактылуу кылып, этек толо бала берсин ылайым.
Альхамдулиллах мен бактылуумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   bema_bema   24 Август 2017 - 15:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Журогумдун жарасын сыйрып алгандай эле болду,((((( бирок кызым чонойуп бир жаш болгондо кылыгы чыгып ушундай ширин кезинде сыздаттып мени таштап кетти.Бирок мага ото оор мезгил эч унута албайтам ичим орттонот .Эч бир эне баладан ажырабасын. Суротун карап жинди кишидей суйлошом кээде(((,Мага дагы гриптен отушуп кеткен деди,бирок грип болгон эмес.Кундо тиленем жок дегенде тушумдо коройунчу деп,кыйналып кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   aijyldyz   24 Август 2017 - 15:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Сени туура тушуном. Сабыр кыл. Аркы дуйнодо кызын периште болуп сени кутот. "Олгондун ордун туулган женет" дегендей ымыркайынды аман эсен жарык дуйного алып кел. Жараткан бардык наристелерди ыйманы менен, ырысы менен, бакыт таалай, омуру менен,акыл эси, алты саны, он эки мучосу, суйоору куйоору, ата-энеси менен, ден соолугу менен бекемдеп берсин.
Баарын журогун менен кечир, жан дуйнонду тазала. Кызындын омуру кыска жазылган да, кайынсиндин себеп болуп калгандыр. Башка жашаганын жакшы болуптур алардан. Ар бир пенде жакшылыктан умут кылып жашайт. Намаз оку, жараткандан сураган колунду курук койбойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   bikusim   24 Август 2017 - 18:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Сабыр берсин. Кудайдын айтканындай болот экен баардык нерсе. Аман Эсен коз жарып ал. Биз да балдарды таштап, алыста журобуз. Рая эжеге рахмат. Жакшы создору, жакшы кенештери учун. Ата энелерибиз аман болушсун бизге дайыма колдоо корсотуп келген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Acema06   25 Август 2017 - 00:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 09 Март 17
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Белгисиз

Журогум бир башкача согуп кетти, ичим ачышып жаман болуп кеттим окуп алып. Кудайым сизге сабыр берсин,эсен- аман наристенизди колунузга алыныз. Эч бир энени баладан, баланы энеден ажыратбасынчы. ...
Салам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   General.kg   25 Август 2017 - 01:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Эх жашоо! АЛЛАХЫМ сизге эки дүйнө тең бактылуулук берсин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   sereznaya   25 Август 2017 - 01:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 208
  • Катталган: 19 Август 17
  • Соңку аракети: 20 Окт 2019 19:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:moskov

Убакыт керек....даарылайт. Аллахым жардамчын болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   hayat18.   25 Август 2017 - 02:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 109
  • Катталган: 12 Май 17
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2017 02:09

Ууххиииии коркуп кеттим окуп элестетип.аз калыптыр буйруса дагы ширииин балалуу болушунузга. кудайым эч качан эне баланы ажыратпасынчы айрыкча наристелерди. рая апа туура айтат ар кандай чон ата чон эне тай ата тай энелер бар.менин женемда таштаган эки баласын апамын балдарын караганын коруп мен бул жакта ыраазы болуп ыйлагым келет женем байкушта ыраазымын деп дайым рахмат дейт.автор омурунуз узууун болуп коооп балалуу болунуз.жакшы кундорунуз корунуз балдарыныздын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Begimjan   25 Август 2017 - 08:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 16 Май 16
  • Соңку аракети: 07 Окт 2018 12:47

Жаман иш болуптур кудайым озу сактасын.Элестетип ойлосон журок ооруйт.Кайн синдин кечирим сурадыбы жок дегенде,аларда оздорун куноолу сезгендир,кайненчи эч нерсе болбойт грипп суук откозуп койдун деп,эх аллахым баарыбызга ден соолук, тынчтык,амандык, сабыр берсин.Кудай буйурса кызын сени жанатта кутуп алат,коп сыгылып ыйлай бербе эми озунду ичиндеги баланы ойло.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: