raia (26 Август 2017 - 13:32) жазган:
Келиним сый тамака кафеге чакырыптыр. ..
Бир кезде мен 38 деги жаш кайнене элем,келиним 18 жаштагы жаш келинчек,кызым сегиз жашар секелек кыз эле.Ошол жылдардан баштап ушул жылкыга чейинкилерди эстеп,жаштыгыбызда кетирген каталыкты эстеп кулуп отурдук.Бул дуйнодо учообуздон башка эч ким жоктой каткырыгыбыз таш жарып жыргап кулуп да алдык.
Кызым айтат:
Жене биз кичинебизден чогуу жашадык,уруштук, талаштык,таарыныштык бирок конулго тийер жаман соз айтышпапыз, чогуу журуп,чогуу проблемаларды чечип журуп биз бир туугандай болбосо эгиздей болуп калыпыз.
Келиним айтат:
Мен апамын тарбиясында эс кирдим,эркеледим эч киминен жаман соз укпадым.Мен акенди кандай сыйласанар мени ошондой сыйлайт эленер мен ошого эле бактылуу болчумун.Уйдо деле чон болгонум менен оз ука синдим атыман айтып сенсирешесе, торкунго барганда капа болуп келер элем.Айрыкча апам дайыма мага болушуп силерди суйлойтпойт эле.Иш буйурса баарыбызды чогуу жумшайт эле.Бул эркек,бул кыздыкы деген жок эле.Кандай кыйынчылык болсо да апам тамак ичип атканыбызда жаркылдап жакшы маанайда чай ичирет эле,эч кабак буркоп,тумтуйуп отурганыбыз эсимде жок...
Кызым:
Мен кичине кезимде сиз апамын жун носкийин кийип алыпсыз.Апам тайэнем олуп бизге корсотпой коп ыйлаар эле.Мен апамын апасы токуп берген носкийди апам озу гана кийиш керек деп ойлосом керек.
- Жене чеч апамын носкийи муну апасы токуп берген деп чечтирип алгам.Ошонуму эстесем уялам.
- Менин эсимде жок келиним кулуп калды.Кошулуп биз да кулдук.
- Апам бир жолу Мейли эжемин саатын сурабай тагынып окууга кетип атсам,коруп калып.
- Сааты чечип ордуна кой,руксатсыз тагынба деген.Мен иниститутка чейин ыйлап баргам,ошондо апама аябай таарынгам...
- Менин эсимде жок.
Бирок ал кыз бала мейман менин кайын синдим,силердин эженер сыйлашынар керек анткени ал атанардын карындашы.
Ушунтип откон кундордуу эскерип биз бактылуу болуп отурдук...
Келинимдин келгенине 24 жыл болуптур.Кэчеги эле жапжаш келиним минтип 42 ге чыгып оз уйунун ханышасы менин кенешерим он колум болуп калыптыр.Кызым бир кездеги секелек кыз эки кыздын энеси бир жигиттин жары болуп,башка чойрого кетиптир.
Келиним сый тамака чыкырган менен мен эн кичуунормун мен толойм жене эмикиде сиз толон деп женесин карыз кылып оо бир тунку убакта бир кезде бир уйдо чонойгон,бир уйдо жашаган учообуз таксиге отуруп уч жака тарадык...
Турмуш деген ушу экен да бир кездеги темир канат балапандарым, канаттары жетилип оз уясына шашылып кетип бара атышты...
Апа сизге ракмат,сиз бизди тарбияладыныз, сиздин тарбиянызда биз минтип бир тууган болуп эже синдидей болуп,сагынышып каташып атабыз деген создорун эстеп Аллага шугур,ыймандуу келин,ыймандуу кыз бергенине деп ичимен мен бактылуу уйго келе аттым...
Корсо бул турмушта бир бирин сыйлап,бул омурдо бактылуу жашаганга не жетсин.Бири бирин сыйлап,колунан иш алып,катачылык кетсе кайрылып кечирим сурап,конул деген гул го.Ошол гулду сыйлап урмат кылса экоонун тен конулу жайрап турат экен го...
Мен ушуну кошо ойлондум...кандай сонун+++++апам женемдер менен тан атканча отурган кундоруму сагындым созубуз бутпой апамы уктатпай чогу отурчулек кайнене жакшы мамиле кылып келин деп болбосо келиндер бат эле кыздай аралашып конушуп кайын синди кайын эже проблемасы жашабай калатле