Кийин балким бул ойум өзгөрөөр. Бирок, азыр эч эле турмушка чыккым келбейт. Элестете албайм. Өзүмдүн эркиндигимди чектеп, баш ийип отургум келбейт.
Анан эжелерим, женелерим баары эле күйөөсүнүн бир кыялын айтып кейий беришет. Күйөөгө чыгып жыргадым дегендерди жолуктура элекмин.
Анан эжелерим, женелерим баары эле күйөөсүнүн бир кыялын айтып кейий беришет. Күйөөгө чыгып жыргадым дегендерди жолуктура элекмин.
Биз аялдар шугур кылганды унутуп, кейий берет экенбиз. Бир окуя бар го: Аялы куйоосунон арызданып молдого барат, барса ал "сен оз уйундон эч нерсе албай,кошуналарындан туз, суу алып нан жасап кел"-деп жонотот. Аял молдонун айтканындай кылып,кошуналарынан сурап барса баардык кошуналары куйоосунон арызданат. Аягында жанагы аял молдого барып "менин куйоом жакшы экен, мен билбей журупмун" -дейт. Ошол сыяктуу эле жакшылыкты жамандыктан айырмалай алсак, жамандыктан да бир жакшылыкты коро алсак, Иншаллах жашоодон коркконго негиз калбайт, кандай дедин?

Супер-Инфо
super.kg
видео














