Суперстан: Мен эми эмне кылам? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен эми эмне кылам?

#1 Пользователь офлайн   Arminam   27 Август 2017 - 18:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2018 05:42
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсыздарбы урматту форумчулар. менин жазайн нерсем кээ биролорго сабак болор деген максатта гана жазып атам,жеке жашоомо эч кандай тиешеси жок андыктан таламай жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Arminam   27 Август 2017 - 18:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2018 05:42
  • Жынысы:Аялзаты

Мен былтыр 3-курсту бүтүп, каникулга айылга барган жокмун. Себеби ата-энем да кыйналып тургандыктан, шаарда калып иштеп, кичине болсо да келерки окуу жылына кам көрүп алайын дедим. Эгер ашса ата-энеме деле жеңилдик болот, сиңдилеримдин окуу куралдарын даярдап берейин деп чечим чыгардым. Жумуш издеп жүрүп борборубуздагы кийим тигүүчү цехтердин биринен жумуш таптым.
Азыр бардык эле жаштар колдонуп жаткан Фейсбукту мен да колдончумун, Фейсбукка кирип курбуларыма жумуш тапканымды сүйүнчүлөдүм. Айназик аттуу курбум да жумуш таппай жүргөн экен, бизде дагы орун болгондуктан, жаныма чакырып алдым. Ошентип жайдын аптаптуу ысыгында мага алгачкы иш күндөрүм оор эле болду. Бирок ата-энемди, эртеңки күндү ойлогондо чыдоого туура келди. Ишемби, жекшемби күндөрү эс алчубуз. Бул күндөрү аябай жыргап калам. Эс алуу күндөн пайдаланып өзүмдү иретке келтирип, анан кечке Фейсбукта отурмай. Анан эле мага бир күнү бир бейтааныш жигит достук сунуштап кат жөнөтүп калды. Сүрөтүн карасам алыстан түшүптүр, келбети анчейин билинбейт экен. Бирок дене боюнун түзүлүшүнө караганда келбеттүү экен. Макул деп аны менен кат жазышканым күндөн күнгө күч алды. Ал бойлуу жигиттин аты Азат эле. Азат өзүнүн куюлушкан каттары менен мени бат эле өзүнө багындырып алгандай болду. Менден качан номеримди сурап, качан мага чалат, мен анын үнүн качан угам деп күтө берчүмүн. Эмнегедир өзүм биринчи сураганга намыстанып батына алчу эмесмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Arminam   27 Август 2017 - 18:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2018 05:42
  • Жынысы:Аялзаты

“Чын эле кыз бала кулак менен сүйөт турбайбы...”
– Күткөнүм орундалды, Азат менин номеримди алып, Фейсбук аркылуу сүйлөшүү менен эле чектелбей, эми мага телефон чала баштады. Мен болсо: “Азат мага жолугалы деп качан айтат?” деп чыдамым кете баштадым, акыры өзүм айтууга туура келди. «Жолукпайлыбы? » - деп акырын сөз баштасам, эмнегедир сөздү башка жакка эле буруп туруп алды. Мен да мейли эми өзү айтар, балким, бошобой жаткандыр деп өзүмдү сооротуп койдум. Анткени Азат мага: «Бир фирмада директордун жардамчысымын, убактым аябай тар»,-деп кеп кылып калчу.
Ошентип каникул да аягына чыгып калды. Мен болсо айылга ата-энеме барып келип, жаңы окуу жылын баштадым. Азат дагы деле жолугалы деп кеп кылбайт. Бул мага абдан таң калыштуу болду. Мамилемди үзүп салайын дейм, эмнегедир ага байланып калган немедей анте албадым. Көрсө «кыз кулак менен сүйөт» деген ошол турбайбы.
“Өзүмдү эле эмес, курбумду кошо тузакка түшүрдүм”
– Күндөрдүн биринде Азат мага:«Курбу кыздарыңдын номеринен бербейсиңби, досум менен тааныштырып коёлу»,- деп калды. Жаман оюм жок Айназиктин номерин берип койдум. Ошентип Айназик менен анын Бакыт аттуу досу да телефон аркылуу байланышып калды. Сентябрь айы аяктап калган, анан мен Азатка:«Жолугалы, жолукпасаң, мен сенден байланышымды үзөм»,- деп шарт койдум. Себеби бул табышмактуу мамиленин аягына чыгуу керек эле. Анын үстүнө убакытты бекер коротпоюн дедим. Азат аргасы жок «макул» деген жообу менен кошо эле «курбу кызыңды ээрчите кел, мен да Бакыт менен барам» деп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Arminam   27 Август 2017 - 23:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2018 05:42
  • Жынысы:Аялзаты

Ошентип кездешчү күн келип, болжошкон жерге Айназик экөөбүз кечикпей келип калдык. Анткени алардын жүзүн көрүп, жакындан баарлашуу биздин көптөн күткөн эңсөөбүз эле. Мага бир маалда Азаттын телефонунан коңгуроо келип, кайсы жерде, кандай кийинип турганымды сурады. Мен турган жеримди, кийимимдин түсүн айттым. Телефондон эмнегедир эле Азаттын үнүн эмес, башка бирөөнүн үнүн уккандай болдум. Курбума айтсам: «Сага ошондой сезилип жатат»,- деп мени жоошутуп койду. Ошентип жолугушуу биз күткөндөй болбой калды. Эмнегедир биздин алдыбызда Азат менен Бакыт эмес эле башка балдар тургандай болду, же сөздөрүбүз жалганбайт. Бир саат тургандан кийин биз калп эле жумуштарыбыз бар деп кетүүгө шашыла баштадык. Алар деле бизди көпкө кармаган жок. Айназик экөөбүз алардан узарыбыз менен тең жарыша «башка балдар окшойт» деп күмөн санап калдык. Мага телефондон үзүлүп түшкөн Азат эмнегедир жолукканда такыр башкача. Мен уккан үн, мен билген Азат ал эмес… Мага ошол күнү кечинде Азат башка номер менен чалды. Мен мурдагыдай эмес, көңүлүм жок сүйлөштүм. Телефондон Азат баягыдай эле. Мен:«Эмнеге өзүңдүн номериң менен чалган жоксуң?» - деп териштире баштадым. Себеби ал өзүнүн номерин башка бирөөгө берип, бизге жолугушууга жибергени айдан ачык болуп калды…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Arminam   27 Август 2017 - 23:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2018 05:42
  • Жынысы:Аялзаты

“Абакта жаткан балага байланып калганымды сездим”
– Өзүнүн кылганын мойнуна алганы менен кечирим сурайт го десем, тескерисинче, корсулдап, үнүн бийик көтөрүп сүйлөй баштады. Көрсө, Бакыт дагы, Азат дагы 5 жылдан бери абакта жаткан бир эле бала экен, өзү жолуга албай дагы бир зөөкүр досторуна биз менен жолугушуусун өтүнүптүр. Мен мунун баарын билген соң мамилебизди токтотолу деп андан кутулууга шаштым. Ал мага: «Абакка бир жолу кел, экөөбүз ошол жерден сүйлөшөбүз», - деди. Канчалык баргым келбесе да ал мени көндүрдү. Ошентип бир жумадан кийин абакка бардым. Чынында жакшынакай жигит экен. Ал мага бул жайга эмне болуп келип калганын айтып актанып жатты. Айтканына караганда, «адам өлтүрдү» деген жалган жалаа менен жатыптыр. Бирок ким билет, чын-бышыгын. Беш жылдан бери түрмөдө жаткан балага ишенүү да кыйын. Анын үстүнө ата-энем билсе эмне дейт. Канчалык ал жылуу сөздөрү менен алдаганы менен мен өзүмдү кармап, артка гана чегинип туруп алдым. Азат мага абактан 2 жылдан кийин чыгарын, бактылуу жашарыбызды айтып мени көндүрүп жатты. Акыры менин көк бет мүнөзүмдү жылуу сөздөрү менен жеңбесин туйду окшойт, мага корсулдаган үнү менен: «Менин айткандарымды ойлонуп көр, сен мага бир жумадан кийин жообун бересиң, калганын сенин жообуңа жараша чечебиз», - деди. Мен ал жактан чыккандан кийин оюм онго, санаам санга бөлүнүп кимден кеңеш сурарымды билбей жаттым. Абакта жаткан адамга «макул» деп жооп айтыш кыйын, «жок» деп айтыш андан кыйын. Себеби ал адамдардан баарын күтсө болот. Ошентип абакта жаткан балага байланып калганымды сездим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Arminam   27 Август 2017 - 23:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2018 05:42
  • Жынысы:Аялзаты

“Атам бир ажалдан калды”
– Лекцияда отурсам, Азаттан коңгуроо келди. Жүрөгүм «шуу» дей түштү. Бир жума эмне болуп өтүп кеткенин өзүм да туйбай калыптырмын. Сыртка чыгып эле тобокелге салып Азатка «жок» деген жообумду айттым. Ал менден ушундай жоопту угарын билгендей: «Сен жакындарыңдын өмүрүнөн коркпойсуңбу, мени абакта жатат, эч нерсе билбейт же сырттан кабары жок деп жатасыңбы? Мен сага мүмкүнчүлүк бергем, эми мен кайталабайм. Менин телефонум дайыма иштеп турат, сен мага өзүң кайрыласың. Айназик экөөңөр менден кутулабыз деп ойлобогула! » - деп туруп мен сүйлөгүчөктү болбой телефонду коюп койду. Атам Ысык-Көлдөн Бишкекке иштегени келгенине эки жума болгон. Келери менен жездемдер таап койгон жумушка кирип иштей баштаган. Жумушу өтө деле оор эмес эле, болгону дүкөндөргө товар таратып саат 9дан 4кө чейин иштечү. Анан эле бир күнү тамак жасап коюп атамды күтсөк кечигип келбейт. Уюлдук телефонуна чалсак өчүк. Эжем : «Досторуна жолугуп калса керек, тамакты иче берели», - деп калды. Саат кечки 8ден өтүп калган. Биз тамакты ичип, жаңы бата кылалы деп жатсак атам сырттан оор абалда кирип келди. Кийими бүт кан, бети кара көккө боёлуп көзү араң эле көрүнөт. Чуркап барып эле атамды кучактап ыйлап кирдим. Үйдөгүлөр да тегеректеп эмне болгонун сурап жатышты. Атамдын айтуусуна караганда, жөн жерден эки бала кармап алып сабап, чөнтөгүндөгү документтерин, акчасын алып алгандыгын айтты. Эртеси эле атам ооруканага дарыланууга жатты. Эжемдер болсо: «Тоноочулар тоноп кетти», - деп жыйынтык чыгарып кала беришти. А менин оюм түз эле Азатка кетти, анткени атамдын эки баланы сүрөттөп бергенине караганда, баягы Айназик экөөбүз жолуккан балдар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Arminam   27 Август 2017 - 23:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2018 05:42
  • Жынысы:Аялзаты

Эртеси иштин жайын Айназикке төкпөй-чачпай айтып бердим. Айназик дагы мага: «Кайдагы балага номеримди бергенсиң билбейм, сенин Азатың мени да коркутуп жатат», - деп калды. Көрсө, Айназикти дагы Бакыт сөлөкөтүн кийген Азат абакка чакырып жатыптыр.
“Айламдын жоктугунан түрмөгө өзүм бардым”
– Атам ооруканадан чыгып келип, дароо эле айылга кетти. Документтери да жоголуп шаардан оңчулуктуу жумуш таба алмак эмес. Анан эле бир күнү отурсам бейтааныш номерден коңгуроо келип калды. Алсам: «Атаңдын документи керекпи, келип алып кет», - деп дарегин айтты. Даректи угарым менен эмне кыларымды билбей калдым. Анткени дарек баягы абактын дареги эле. Барууга аргасыз болдум. Ошентип кайрадан Азат менен жүз көрүштүм. Бирок бул жолку жолугушууда мен эч кандай каршылык көрсөткөнүм жок. Себеби абакта жатса да анын колунан баары келерин түшүндүм. Мен түрмөдөгү адам десе бардыгынан чектелип калган эрки жок адамды элестетчүмүн. Көрсө, алар абакта жатканына карабай сырт менен ээн-эркин баарлашып, ал тургай кыздар менен да жакындан мамиле түзүп турушат экен. Акыры Айназик экөөбүз да ошол кыздардын катарына кошулдук. Курбумдун тагдырынын бузулушуна да мен себепкер болдум. Башында жакшынакай эле кыздардын абакка кирип-чыгып жүргөнүн көргөндө: «Ушулар эмнеге келишет?» - деп жинибиз эле келе берчү. Азыр ойлосом, балким, алар деле биз сыяктуу өз өмүрүнөн, жакындарынын жашоосунан корккон жандардыр…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Arminam   27 Август 2017 - 23:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Окт 2018 05:42
  • Жынысы:Аялзаты

“Эми эмне кылам?..”
– Азат менен таанышкандан бери бир жылдын жүзү болду. Ал эми моокумун кандырып жүргөнүмө алты ай болуп калды. Мен эми андан кантип кутулушту билбей айлам алты кетип жүргөн учурум. Кыздык абийиримден айрылдым. Андан кутулган күндө да мени кандай жашоо күтүп турат? Мага азыр бардыгы туман. Ата-энем болсо менин мындай жаман иштин аркасынан жүргөнүмдү билсечи?.. Билбейт да… Алардын оюнда ата-энемдин акылдуу кызы болуп мен бул борбордон окуп жүрөм да. Меникиндей тагдырга эч кимдин кезигишин каалабайм. Мен бардык кыздарга телефон аркылуу бирөө менен мамиле курууну сунуштабайт элем. Ошондой эле тааныштардын номерин өзүнөн сурабай туруп бирөөгө бербегиле, мендей болуп бирөөнүн убалына калып, тагдырына балта чаап аласыңар демекчимин. Азыр курбум мага нааразы болгондо жерге кирип кетким келет. Мен деле мындай болуп кетерин кайдан билиптирмин. Бул да болсо тагдырдын табышмактуу, татаал тамашасыдыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   oorup-turat-juroogum   27 Август 2017 - 23:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 16 Август 16
  • Соңку аракети: 08 Июл 2019 01:00

Аягына чейин жазыптыр
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Linkin.   28 Август 2017 - 00:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 175
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 05 Авг 2019 14:31

Мен да типа ушундай окуянын четине кабылганмын. Бейтааныш чалганда башка адам менен адаштырып суйлошо берипмин. Бирок дайым ал чалганда Окуу жана окуу деп тытынып жургон маалым болчу, акыркы жолу чалганда. Кундузу да туну да качан чалбайын окуп жаткан болосун, а башка кыздар ойноп журушот. Дайым ушинтип жакшы кыз болуп жургун деп. Жакшы создорду айтып коштошкон эле. Кийин случайно билип калдым мага турмодон чалып журушконун.

Билдирүүнү түзөткөн: Linkin.: 28 Август 2017 - 00:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   atai9292   28 Август 2017 - 00:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 17 Июл 2025 02:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения Linkin. (28 Август 2017 - 00:36) жазган:

Мен да типа ушундай окуянын четине кабылганмын. Бейтааныш чалганда башка адам менен адаштырып суйлошо берипмин. Бирок дайым ал чалганда Окуу жана окуу деп тытынып жургон маалым болчу, акыркы жолу чалганда. Кундузу да туну да качан чалбайын окуп жаткан болосун, а башка кыздар ойноп журушот. Дайым ушинтип жакшы кыз болуп жургун деп. Жакшы создорду айтып коштошкон эле. Кийин случайно билип калдым мага турмодон чалып журушконун.

Абайлаш керек, алар ал жерде туруп кимге кандай сүйлөштү мыкты өздөштүргөн
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   admin_superstan   28 Август 2017 - 10:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Темага тиешеси жок билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Баарыңарга эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   advokat.nur   28 Август 2017 - 11:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 341
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 20 Окт 2021 07:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ушуну кайсы бир гезиттен окудум окшойт эле
Senorita
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   buku   28 Август 2017 - 19:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 19 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 10:17

Lady гезитинен окугам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   bars_wire   28 Август 2017 - 19:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 519
  • Катталган: 19 Июль 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2019 13:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Тообо дейин.Жакында эле бироолор чалат.алсам суйлобойт.Сен кимсин?сен кызсынбы?каерликсин. тоолтура суроолорду жазат.Мен эээй мээси жок.мен Жабраилмин дагы бир жолу чалсан же жазсан олдум дей бер десем ошол боюнча дайыны жок.Кудаага шугур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   28 Август 2017 - 23:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Менин бир жиндидей болгон принцибим бар эле: "бирөөгө бирөөнүн номурун анын уруксатысыз бербөө" деген. Ошондой эле ошол талапты башкаларга да койчумун. Жана чужой номурларга чанда учурда жооп берем..
Тобоо кылдым, азыр ушул теманы окуп, ошол принцибимдин түзүк эле экенин баамдадым..
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   karyshkyr-booru   28 Август 2017 - 23:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 13 Май 2020 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ordoluu Osh

Просмотр сообщения bars_wire (28 Август 2017 - 19:35) жазган:

Тообо дейин.Жакында эле бироолор чалат.алсам суйлобойт.Сен кимсин?сен кызсынбы?каерликсин. тоолтура суроолорду жазат.Мен эээй мээси жок.мен Жабраилмин дагы бир жолу чалсан же жазсан олдум дей бер десем ошол боюнча дайыны жок.Кудаага шугур.

Тилдин соогу жок карындаш байка озун олуп калба
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   karyshkyr-booru   28 Август 2017 - 23:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 13 Май 2020 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ordoluu Osh

Мен газетадан окугам муну
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Lilia11   30 Август 2017 - 17:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2017 20:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Турмодо жаткан черныйлар булар. Крим чойронун балдары булар. Оздору абакта болсо да сыртагы жашоо жашагандай жашайт. Абайлаш керек мындайлардан. Булар олтуруп кетуудон да тайбайт.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   echkim   30 Август 2017 - 17:49

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 81
  • Катталган: 22 Август 17
  • Соңку аракети: Кечээ, 21:09

Андан коро танышкандан кийин эле коп отпой жолугуу сунуштаган жакшыбы деген ой болду менде.Бирок жолугушуу сунуштаганда кыздар бат эле жаман ойго барып калбайбы деп да ойлоном.Эмне болсо да мындай адамдардан узак болгон жакшы. Ал эми авторго айтар деле пикирим, сунушум жок.Кудай сабр берип ал адамдардын оной менен кутулуп кетишин тилейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 00:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: