asko55 (25 Август 2017 - 20:01) жазган:
Боюңузда бар мезгилде,кичинекейиңиздердин уул же кыз экенин жүрөгүңүздөр сезеби? )))
Мен өзүмчө эле уул деп жүрөм. Узиге дагы түшпөй эле. Жолдошум кыз десе да болбой эле,сен эмнени билет элең, менин жүрөгүм сезип атат уул деп жеңип кетемда.
Же мен өзүмчө эле башкача болуп атамбы. Сиздердеда ушундай болобу?))
Мен биринчимде анык сезгем. Тестти коргонумдон тарта "уул" дегем, кыз экени эч оюма келген эмес, адаштымбы деп озумо озум суроо салсам да "уул" деп туруп алчумун, тообо кылдым.
Экинчимде мынчалык катуу ишенуу болгон эмес, бирок ичим чонойгон сайын узи айта электе эле "скорее уул, чем кыз" деп болжогом)))
Бирок эки кош бойлуулугум бир бирине окшошчу эмес. Экинчисинде далай кыйналдым.
Мында билбейм эмне роль ойнойт, интуицияныз мурда -кийин адашпаса жана озунуздун "уул болсо экен" деген каалоонуз менен ички туюмдун чыныгы жообун алмаштырып албасаныз эле болду.
Кош бойлуу маалда ушинте беребиз, анан кийин ким торолбосун, ширинден ширин таттуудан таттуу болуп, уул-кыз экендиги анчейин роль деле ойнобой калат, менимче.