Учурда сени бактылуу кылган нерсе.
#42 02 September 2017 - 21:30
Учурда мени бактылуу болушума себеб куйоом. Жана ойлонуп отуруп бактымдын бир болугу жаным апкем. Жашоодо жалгызым шириним синдим. Заманыбыздын тынчтыгы, журоктун тынчтыгы чоон бактылуулук тартуулайт.
Аллахыма чексиз шугур...
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#43 03 September 2017 - 16:32
Көп нерсе бактылуулугума себепкер. Бирок, ошондо да негатив өз тамчыларын серпип калганга үлгүрүп атат. Балким, ошол негативди өзүм жаратып атам..ким билсин..
В каждой шутке есть доля правды...
#44 03 September 2017 - 22:12
Кызымын ар бир кылыгы, кулкусу мени бактылуу кылат. Ал апоу деп жылмайып турса бардык кайгы капаны унутам...
#45 03 September 2017 - 22:13
Бир гана уй булоом бактылуу кылат
Жашоо бир келет....жанылбай жашоо керек..
#46 04 September 2017 - 03:23
Учурда мени бактылуу кылып жаткан нерсе, подкурска тапшырдым. 15инде башталат, чыдамсыздык менен кутуп жатам. Быйыл диплом алам, аны да эстесем бактылуу болом. Келечеке койгон максаттарым бар коп, алар да бактылуу кылат. Кудайга мин мертебе шугур, акыл-эсим жайында, ден-соолугум чын.
Salam baaryna
#47 04 September 2017 - 07:34
Ичимдеги балапанымдын кыймылы, ушул аман эсен дени сак болуп бул жарык дуйного келип алса...
#48 05 September 2017 - 08:37
Эрте менен алты жарымда туруп, кухняга кирсем чоң ата бар экен, кофе, куурулган балык дагы бир нерселер менен завтрак кылып аткан экен (шаарга чыгайын деп жатса керек).
Мен болсо сүт чай растап, столдун берки башына отурдум.
-Балык жейсиңби?-дейт.
-Жоо, рахмат,-десем, бир аздан соң:
-Адам күнү кечке бактылуу болушу үчүн, эрте менен ойгонгондо "бул күндөр дагы өтөт, жакшы күндөр келет" деген илгери үмүт менен жылмайып ойгонуш керек. Анан күнү кечке жакшы маанайда жүрөсүң. Ойгонгондо эле кабакты салып ойгонсоң, күнү кечке үтүрөйүп жүрөсүң,-деген насаатын айтты.
Ашказаным кечээтен бери кыжаалат кылгандан улам суроосуна кабагым салыңкы жооп берсем керек го..(өзүмө болсо билинбейт да)..
Бактылуулукту эрте менен ойгонгондон башта, өзүңө-өзүң бактылуулук шартын түз деген мораль алдым. Рахмат сизге чоң ата. Азыр жылмайып жүрөм.

#49 07 September 2017 - 14:55
Уйку...
Тун тушуп, уйку деген кичуу олумго кетуу мен учун озунчо бир, кундо кайталанган бактылуулук. Бактылуумун эч нерседен кам санабай, тынч уктай алганыма.
Тун тушуп, уйку деген кичуу олумго кетуу мен учун озунчо бир, кундо кайталанган бактылуулук. Бактылуумун эч нерседен кам санабай, тынч уктай алганыма.
#50 23 August 2018 - 19:07
5-6 кундон кийин Кыргызстанга барам, атам-апамын алдында, бир туугандарымын жанында болом деген ой мени бактылуу кылып жатат)
АльхамдулиЛлях!
#52 23 August 2018 - 20:36
Бир нерсе бактылуу кылып журот, эмне экенин айтпайм азырынча.
Salam baaryna
#53 23 August 2018 - 21:36
Темачы жакты го чиркин...коп нерсеге баам салдырчу суроо экен
Канаты суудан кургап,кайра учуп кеткен аарыга деле бактылуу боло берем)))))))))
Канаты суудан кургап,кайра учуп кеткен аарыга деле бактылуу боло берем)))))))))
#55 24 August 2018 - 00:14
#56 24 August 2018 - 08:41
Кечинде балам йааз, дыва деп машыгып атса аны кызым туурап, муштумун түйүп алып быдыыш деп чуркап жүрөт, аларды карап туруп атасы экөөбүз эзилип калдык. Ошол бактылуу мүнөттөрдөгү жылмайуу менен уктап, азыр да ошол абалда жүрөм.
#59 25 August 2018 - 11:58
Жашап жатканым мени бактылуу кылат, жакшы адамдардын бар экени, жакындарымдын,
озумдун ден соолугумдун бутундугу мени бактылуу кылат. Баары учун шугур кылам, ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар.))
#60 30 May 2020 - 19:30
Учурда мени бактылуу кылган нерселер коп экен. Жакыным "сен дуйнодогу эн бай, эн бактылуу адамсын" - деди эле. Ойлоп корсом чын эле ошондой экенмин.)) анан ошол жакыным да бактылуу экенимдин себепчиси...

Супер-Инфо
super.kg
видео