Көрүп турасыздар, mentol видеокайрылууну мыкты жасаган, алган упайы 10. "Суроо-жооп" боюнча, он суроонун канчасына жооп берсе ошончо упай берилиши керек эле, бирок mentol'дун жооптору кеңири берилгендиктен, купулума толгондуктан мен 9 упай бердим. Дилбаянга 9 упай, эң жогорку упайды sultansha_1996 деген кызыбызга бердим, бул кыздын дүйнөтаанымындагы аялзатынын орду меникине төп келди, ыраазычылык билдирем. Фотосынак боюнча, бул жерде окемдер айтмакчы " на вкус и цвет товарищей нет" ))) фотосынакта жогорку упайды Lucky_star илип кетти, себебин жогоруда айттым Калгандары белгилүү. Ушул кыскача комментарийим.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайм. Ар бир аялзаты мыкты, ар бир аялзаты мыкты жар, мыкты апа, мыкты кыз. Бирок, сынак деген сынак, жеңилген болот,жеңген болот. Баарын туура кабыл аласыздар деп терең ишенем.
Урматым менен.
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 25 Август 2017 - 21:20