Биздин жомок
(Новелла)
Сен жөнүндө баарына айта берем. Угабы укпайбы, кызыгабы кызыкпайбы,
элес албай калам... Сен жөнүндө айткандан рахат алып, бала болуп кетем. Сүйлөшүп отурган, так айтканда мени угуп отурган адамды эч карабайм. Карасам менин айткандарым ал үчүн кызыксыз экенин туюп дилим муздай түшөт го деп сактанам. Божурап, божурап сүйлөп экөөбүз бирге өткөргөн аз убакыттарды узун сабак жомок кылам.
Жомок демекчи, эсиңдедир "Бугу эне" деген жомогум. Сага арнап чыгарган элем. Аны сен билип койгонсуң. Бугунукундай жайнаган кара көздөрүң мени бир башкача карады эле, мен дел болуп дем ала албай калгам. Сен ошентип карап турсаң дем алыштын деле кереги жок болчу. Көзүңдүн оту да кылымга жашатмак...
Ошондо жамгыр жаап жаткан. Көнөктөп. Кыргыздар көнөктөп төгүп деп коебуз го. "Көнөк"
деген эмне экенин азыркылар көбүбүз билбей калдык. Көнөк кыргыздын ыргытса сынбаган, кабырылбаган,
чапча ийрийбеген,
бөлүнбөгөн,
тоонун башынан кулактып жиберсең этегине жеткенде деле ошол калыбында жата берген уйдун, төөнүн, жылкынын калың терисинен тигип жасаган азыркыча айтканда чакасы болгон экен. Жамгырдан коркуп баарыбыз эшикке терезеден баш бага карап, жатаканага корголоп балапан болуп атканбыз. Кыл мурут жаңы кылтыйган студенттик курак. Сенин бөлөмөңө барып калдым. Аныгы, өзүң ээрчитип бардың. Тарыхтан консультация берчи деп. Анда төбөм көккө жетип, өпкөм таноомо тыгыла түшкөн. Көкүрөккө батпай. Өзүмдү чилистен сезе түшкөм. Кийин акыл токтогондо ойлосом шылтоо экен.
Жамгыр терезени жууп жатты. Терезе тушундагы бак-дарактар жамгыр бийин бийлешүүдө.
Сен көлдү эстедиң. Жамгырдагы көлдү, жамгырда көлгө түшкөнүңдү айтып берип жаттың. "Көздөрүң маралдыкына окшош экен, уругуң Бугубу", - дедим. Оозума сала бергенсип. Оооба уругубуз "Бугу энеден" дедиң музоонукундай кирпиктериңди төмөн салаңдатып.
"Бугунун кыздары сулуу болосуңар"
дедим. Жамалыңа кызыл кан жүгүрө түштү. Делбиреп кеттиң. Сулуулугуңа,
мен сенин сулуу экениңди көрө алганыма делбиредиң.
Эх өмүр...
"Бугу эне" жөнүндөгү жомокту билесиңби? - дедим. "Так эсимде жок. Кичине чагымда уккан элем. Эгер билсең айтып бересиңби"
- дедиң.
Ушуну күткөм. Ушинтип ооз учунан эле суранып койсо деп күткөм. Төгүлүп кеттим. Көнөктөгөн жамгырдай. Сен менин жомогума жуунуп жаттың.
х х х
Кыз булак башына келди да согончогуна жеткен узун кара чачын жазып жиберип тарана баштады. Кундуздай кара чач булак суусу менен толкуп агып турду. Кыздын карагаттай каректеринен эрксиз сызылып чыккан жаш ай жамалынан шорголоп өтүп, булакка тып-тып таамп жатты.
Мына ушул маалда булактын тээ төмөн жагына алты айры мүйүзү шаңкайа керилген ак бугу суу ичкени келген эле. Булактын туптунук мөлтүр суусуна тумшук салаары менен бышкырып кайра башын тартып алды. Булак агып келген баш жагын тиктеп турду да арткы бутуна тура калып ордунан чимирилип кетти. Бугу чимирилип барып кебездей ак булутка айланды да булактын башын көздөй каалгый учту. Кыздын тушуна келгенде ак булут удургуй түшүп бой мүчөсү келишкен баатыр жигитке айланды.
- Ай десе айды, күн десе күндү адаштыраар сулуу кыз. Көңүлүңүз эмне чөгүңкү? Карагат карегиңиз эмнеге жашка толгон?
Кыз кайдан-жайдан пайда боло калган жигиттин үнүн укканда чоочуганынан бакырып жибере таштап, ордунан атып турду. Жайылган чачы сыдырым урган желге серпилип уюлгуй денесине оролуп желбирейт.
- Мырза-жигит сиз кайдан келе калдыңыз? Бул чөлкөмдө жан жок эле го.
- Ал өзүнчө сөз. Алгач менин суроомо жооп берсеңиз селки?
Кыздын денеси корккондон калтырап, жүрөгү жарылчудай лакылдап чыкты. Душмандын же баскынчынын колуна түшкөн экенмин деп ойлоду. Экөөнүн каректери чагыла түштү. Жигиттин бакырайган каректеринен эч кандай душмандыкты көрө албады.
- Сиз коркуп жатасызбы? Жигит кыздын колдорун кармады. Колдон өткөн сыйкырдуу күчтөн кыздын денеси балкып кетти. Өзүн жоготуп койду. Коркууну такыр унутту. Жигит менен сагынышкан эски таанышындай элжиреп сүйлөшүп кетти.
- Биз чоң уруу эл элек. Капилеттен жоо тийип, эркек-ургаачы дебей кырышты. Бир уруудан үч жан калдык атам, энем, мен. Биз да кудайдын буйругу менен аман калдык. Энем акылдуу киши. Жоо тийсе сактанганга деп дайыма тактанын астынан ороо казып, үстүн чымдап жаап койчу эле. Курчоодо калып бүт кырылып арга түгөнгөндө үчөөбүз ошол ороого жашынып үстүн чымдап жаап алып аман калдык. Жоо кеткенден кийин ушул тоо арасына качып келип жашынып жашап жүрөбүз.
- Эх адамдар?! Эмне мынча бири-бириңерге душмансыңар.
Кыз жигиттин сөзүнө таңдана көзүнө тигилди. Жигиттин көздөрү кызга адамдыкына эмес, бугунукуна окшоп кетти. "Мен эмнени ойлоп жатам" деп койду кыз ичинен. Жигит кыздын колдорун кармалап койду эле, каны дүргүп кайрадан өзүн жоготуп койду.
Кыз жигитти ээрчип гүлдүү талаага кандайча келип калганын билбеди. Ар түрлүү гүлдөрдү көргөндө чыдабаган кыз делбиреп чуркай гүл терип кирди. "Гүл жандуу экенсиз" деди жигит. Кыз гүлдөн топу түйүп башына кийди. Оромол түйүп жигиттин мойнуна ороду. Экөөнүн оюну бүтпөдү. Кумарлары тарабады. "Ой, күн кечтеп кетиптир го" деп чоочуду кыз. "Ата-энем эмне дейт. Мен үйгө кетейин".
Экөө бөлүнүшө албай турушту. Жигит кызды экөө жолуккан булакка чейин узатып келди.
- Дагы жолугушабызбы?
- деди кыз кирпиктерин нурдай чачырата жигитке тигилип. Жигит үнсүз турду да
- Мен бүгүн биздин тукумдун мыйзамын буздум. Сага жолуктум. Эми кайра жолугушабызбы же жокпу, ачык айта албайм. Туура жети күндөн кийин күт. Эгер келсем келдим. Келбесем мени мындан башка көрбөйсүң. Кош бол перим. Менден башка эч нерсе сураба. Бүгүнкү жолугушуубуз тууралуу жан адамга, ата-энеңе да айтпа. Айтсаң экинчи көрүшпөй калабыз.
- Эмне сырыңды жашырасың деп кыз кылыктана таарынымыш болуп булак боюна отура калды эле жигит кандай пайда болсо кайра так ошондой жок болду. Ордунан айланып жигитти таппай калган кыз маңдайдагы карагайлуу белести ашып баратып кылчак-кылчак артын караган келишкен сулуу чоң ак бугудан башка айланадан кыбыр эткен жанды байкай албады.
Кыз үчүн жети күн жети жылдай созулду. Жигиттен айрылаары менен кайра сагынды. Эртеден кечке булак боюнда көз жаш төгүп отурчу болду. Үйрүлүп түшүп эмне кайгы басканын сураган ата-энесине сыр чыгарбады. Кыздын көз жашына чыдабай булактын таштары ээрип кум болду. Муздак булак ысык булакка айланды. Жетинчи күнү таң жарыгы менен келген кыз адатынча чачын жайып жиберип булак боюнда отурган эле. Күн жаңы тоо баштарынан нур чачканда ачык турган асман бүркөлүп караңгылай түштү да чагылган чартылдай шатырата жамгыр куюп жиберди. Кыз суу болгон чачын жыйнай башын көтөрсө маңдайында жигит турат. Кучагында боюн таштап жиберди. Кандай бүркөлсө так ошондой жарк деп күн ачылды.
- Кетпечи экинчи кетпечи. Мени таштабачы экинчи. Кыз жигитке жалбара суранды. Жигит кыздын колун кармалап көздөрүнө тигилип туруп сөз баштады.
- Менин төрт шартым бар. Ошол төрт шартты айтайын. Өзүң терең ойлонуп, эне-атаң менен да акылдаш. Анан жообун айт. Биринчи шартым: Эч убакта эч кимиңер энең да, атаң да, сен да менин тек-жайымды,
урук туугандарымды,
кайдан келгенимди,
жеримди сурабайсыңар!
Экинчи шартым: Биринчисинде макул болсоңор мен сени менен он жети гана жыл жашайм. Он жети жылда сен жети эркек төрөйсүң. Жетөө тең ченде жок баатыр, чынчыл, акылдуу жигиттер болушат. Жетөөнөн тараган тукум узарат. Үзүлгөнүңөр уланып жерге жээгиңер кеңейет. Душман чегиңерге жолобойт. Тукумуңар бүгүнкүдөй болуп эч убакта үзүлбөйт. Кайталайын,
экөөбүз чогуу он жети гана жыл жашайбыз. Себебин сурабайсыңар.
Үчүнүчү шартым: Эч убакта бугуга аңчылык кылбайсыңар.
Тукумуңарга ушуну үйрөтөсүңөр.
Бугуну ыйык тутуп сыйынасыңар.
Төртүнчү шартым: Жумасына бир күн белгисиз жакка кетип жок болуп турам. Кайда кеттим сурабайсың.
. Аркамдан аңдыбайсыңар.
Мына ушул айтылган төрт шартка көнсөң, так аткарууга, бузбоого макул болсоңор эртең так ушул жерден жолугушабыз.
Жигит кыздын маңдайын сылап койду эле кыз эс-мас боло түштү. Кыз өзүнө келгенде жигит эчак жок болуптур. Маңдайдагы белесте баягы ак бугу турду жаңы чыккан күн нуруна бөлөнүп, шаңкайа мүйүздөрү асман тилип.
Кыз болгон окуяны ата-энесине болгондой баяндап берди. Үчөө күнү-түнү ойлонушту. Акыры сырдуу жигиттин айтканына көнмөй, шарттарын так аткармай болушту. Антпесе эне ата карып баратышат. Тукум үзүлүп калышы да мүмкүн. Эң жаманы он жети жылдан кийин кантишмек. Бара көрөлү дешти.
Кыз таң сүрө булак боюна келсе жигит күтүп отуруптур. Кызды бир тиктеп койду да айтпай эле кой, баарын билем. Мен койгон шартты толук аткарууга макул болдуңар. Экөө кол кармашып ээрчишип алып кыздын ата-энесине келишти. Кыздын ата-энесине жигит бир көргөндө эле жакты. Экөөнө нике кыйып, ак баталарын беришти.
Арадан жылдар өтүп, жигит айткандай эле кыз удаа жети уул төрөдү. Жетөө биринен бири өткөн азамат болуп чоңоюп келатышты. Душман жолободу. Алардын тынчын эч ким албады. Бейпил жыргал турмушта жашашты. Он алтынчы жыл аяктап он жетинчи жыл жакындаган сайын балдардын энесинин тынчы кете баштады. Жигиттен сурайын дейт, шартты бузгандан коркот. Пенделик кызыкчылыгы күчөп күндөрдүн бир күнүндө жигит жума сайын кайда жоголот аңдып көрмөк болду. Түн ортолой туруп жөнөгөн жигиттин артынан уурданып кошо чыкты. Жигит баягы булак боюна барганда колун асманга созуп туруп бутунун башы менен айланганда айдын жарыгында булуттай бозоруп барып кайра ак бугу болуп тура калды. Коркуп кеткен Гүлпери (Жигит кызды ушинтип атоочу) таптакыр кетип бараткан экен деп - Гүлмырза (кыз жигитти ушинтип атоочу) деп кыйкырып жиберди. Бугу бышкырып жиберди да ордунан атылган боюнча көздөн кайым болду. Гүлперинин эси ооп жыгылды. Көзүн ачса, башында балдары турган экен. Үйүндө жатыптыр. Өңүбү түшүбү ажырата албай, түндөгү көргөнүн жан адамга айтпады.
Экинчи күнү түн ортосу болгондо Гүлмырза кирип келди да чөгөлөп отуруп ыйлап жиберди.
- Пендем пенделик кылдың. Дагы үч ай чыдаганыңда экөөбүз түбөлүк бирге калат элек. Менин жараткан теңирим Пенделер пенделик кылбай он жети жыл шартты туура аткарса сени алар менен калтыралы дешкен эле. Ушунча жыл чыдап, үч ай калганда шартты буздуң. Кош эми. Айтаарым тукумуң үзүлбөйт, уругуң кеңейет. Кылымдан-кылым карытып Ысык-Көлдү жээктеп жашай бересиңер. Көлдү сыйлагыла. Жаратылыш энени сыйлагыла деди да көздөн кайым болду. Гүлперинин кайрадан эси ооп калды.
Эртең менен көзүн ачса Гүлмырза жатчу жаздыктын үстүндө алты айры бугунун мүйүзү турган экен. Гүлпери мүйүздү кучактап буркурап боздоп ыйлады. Гүлмырза ошол бойдон кайрылбады.
Гүлпери мүйүздү ыйык көрүп, төрүнө коюп сыйынып жүрдү. Кийин-кийин өзү да Гүлмырзам деп боздой берип бугуга айланып кеткен дешет. Ошондон кийин Гүлмырза менен Гүлпериден тараган тукумду "Бугу эненин тукуму" деп атап калыптыр.
х х х
Менин жомогум бүткөндө жамгыр эчак басылыптыр.
Сенин көздөрүң жайнап, жомокко берилип кетипсиң. Кирпиктериң нурдай чачырайт. Экөөбүз тиктеше түштүк. Тымтырстык.
Көздөр эмнени сүйлөштү... Анан, анан... Колуңдан кармап өзүмө тарттым. Сен көздөрүңдү жуумп жибердиң. Жамалыңдан,
эрдиңден... Сен дирилдеп кеттиң. Жамалың алоолонуп күйүп чыкты. Ал от мага жаба берди. Бүлдүркөн эриндериңе тойбодум. Ордуңдан атып туруп кроватыңа барып көмкөрөңдөн куладың. Көзүңдү дагы бир көрсөм дедим. Көрбөй калдым. Жа дегенде балтырларыңды да кызыл кан тээп кетиптир. Мен өзүмдү өзүм кармоого кудуретим жетпей баратканда эшикке качтым. Качпасам чагылган чарт демек. Эшикке чыгып жамгыр дагы жааса, мен жамгырда калсам деп тиледим. Жамгыр жаабады. Мен өрттөнүп кеттим...
Чолпонбек Абыкеевдин аңгемелери Терезеде өскөн гүл
#42 18 September 2017 - 15:06
Улактын үнү
(аңгеме)
(Иним Рысбектин арбагына арнайм)
Кара улак энесинен жетим калган. Энеси желини салаңдаган чоң көк эчки болуучу...
Улактары секирип ойной баштаган кези. Кара улактын түгөйү энесине окшош көк улак. Деги улак сүйкүмдүү болот го. Иним экөөбүз алардын кулак башынан өпкүлөп, дайым көтөрүп жүргүбүз келет. Меники кыйын, сеники эмес меники кыйын болуп кээде жарга секирип ойногон аларды карап туруп, тартыша да кетебиз. Кечке эрмегибиз ошолор. Алардын артынан жарга кошо чыгып, кай бирде кулап түшүп кубалашып ойнойбуз.
Ал күнү улактар менен ойноп жатып, салактаган эки тайган ээрчиткен мергенчинин жакын келип калганын байкабаптырбыз. Качан гана желини салаңдаган көк эчкини чоң сары тайган зуулдата кубалап жөнөгөндө эч нерсе түшүнө албай оозубузду ачып, делдейип туруп калдык. Аңгыча биз менен кошо жарда ойноп жүргөн эки улак да энесинен аркасынан зыр коюшту. Тайгандардын бири улактарды качырып сала берди. Буйдалтпай көк улакка жетип бир силкип, эшик-тердей ыргытып ийди да томолонуп барып кызыл ала болуп жатып калган байкушту алкымдап кирди. Эсибизге ошондо гана келип "Кет... кет, дейм... Ай... тийбе дейм, тийбе" деп жарыша кыйкырып ылдый чуркадык. Кырга чыга келген кызыл бет ээси атына камчы басып "кой, койлоп" чаап жөнөдү. Мерген жеткен кезде көк улак эчак бут серпүүгө жарабай, көзү аңтарылып калыптыр. Тээ төмөндө көк эчкини сары тайган буйдалап жатты. Бирин ажыраткан мерген экинчисине чаап жөнөдү. Үлгүрбөптүр. Көзүбүздүн жашын аарчууга алыбыз келбей иним экөөбүз энтеңдеп чуркап барганда тиги киши эчкини мууздап коюп, бычагын жүнүнө аарчып отуруптур. Биз сүйлөй албай кекечтенип өпкө-өпкөбүзгө батпайт. Тигил мерген бизге багжая карап:
- Булардын малсаактарын, атаңарды тартсаңар керек го. Эч нерсе эмес. Тумшуктарына жыт илинбей буулугуп келаткан тайгандардын астынан ажал айдап чыккан тура. Тайгандын кылаары ушул, ошондуктан кийикчи тайгандар дейт да...
Тайгандарын сыймыктана карап коет. Менден да, инимден да сөз чыкпады. Кайдагы сөз далдайган неме ачуусу келсе экөөбүздүн тең башыбызды жулуп алчудай сүрдүү. Унчукпай кичине ойлонуп отуруп, анан ордунан туруп эчкини жеңил гана көтөрүп, атына бөктөрдү. Бизге кайрылып:
- Эмне турасыңар, оозуңарды ачып. Тиги улакты сүйрөп келгиле. Деги эле буларды, эчки өлгөнгө ыйлап.
Унчукпай улакты сүйрөп келдик. Аны да бөктөрүп канжыгасы менен бекем байлады да биздин үйдү көздөй кеткен кыязга салды. Ал кичине узай бергенде иним чыдабай кетти көрүнөт:
- Ээй, сенин энеңди... Сениби, атама айтам...
Тигил кайрылып артына жалт караганда коркконунан томполоңдоп, жарды көздөй качып жөнөдү. Ичимден "алын билбей сөгүнгөндү эмне кылат" деп иниме боорум ачыды. Анткен менен көк улак өлбөдүбү. Мергенчи болсо коктуну жаңырта каткырып
- Тигини... Тигини, кайратын деле... Кайратыңа чычайын.. Камчысы менен тап берип койду да, бурулбай бастырып кете берди. Иним экөөбүз көпкө бири-бирибизге тик багып карай албадык. Катуу коркуп калган кара улак кой арасын аралай чуркап, элеңдеп энесин издей чыйылдап маарайт. Унчукпай жүрүүгө чыдабай, сөз баштадым.
- Эми, кара улак экөөбүздүкү тең болсун ээ. Иним мойнун толгоп:
- Өзүң ала бер, мага кереги жок.
- Эмне тултуясың. Менде эмне күнөө.
- Мен сендей чоң болсом, мен жанакы кишиге көргөзмөкмүн. Турат бир сөгүүгө жарабай... Тескери карап жашын аарчыды.
- Ой атаа, тапкан экенсиң, мен сенден болгону төрт жаш улуумун го. Тиги кызыл бет тултугуң менден канча чоң дейсиң. Алым жетсе сенсиз деле мурдун канжалата муштамакмын. Андан көрө байкеме барып айтпайлыбы. Жазасын берсин.
- Байкемдин алы жетер бекен.
- Ой байкемдин алы жетпегенде. Сен күчүн билбей жүргөн экенсиң. Өөгүнү тору тайды куйругунан кармап токтотуп койду го.
Экөөбүз жарыша чуркап барып, булак боюнда оттоп жүргөн кашаң күрөңгө минип, теминип, кагына үйгө жөнөдүк.
Боз үйдүн жанындагы мамыда жанакы мергендин тору аты байланып туруптур. Ичкериде бака-шака. Кирсек, казанда эт кайнап жатат. Төрдө байкем, атам, жанакы мерген үчөө кымыз ичип, карта ойноп отурушат. Апам болсо чыгдан жакта камыр жаюуда. Экөөбүз удаа кирип келип, босогодо жарданып туруп калдык. Төрдөгүлөр бизге көңүл да бурушпады. Апам гана экөөбүздү алмак-салмак тиктеп турду да:
- Ии, улагыңарды итке жара тарттырып жибердиңерби. Жылмая тикдеди. Иним ушуну күтүп турса керек, өкүрө этегине кулады.
- Тетигинин ити жеди. Үйдөн кетирчи апа. Улагымды өлтүрүп таштады апа. Мен чыдай албай эшикке чыгып, боз үйгө жөлөнүп ээрдимди кесе тиштенип туруп калдым. Үйдөгүлөр инимди соорото алышпай кыжылдашып жатышты. Акыры байкемдин ачуу үнү чыкканда, жаагы жап болду көрүнөт. Кайрылып киргим келбей ары басып баратсам, жанакы эки сары тайган казыкта чынжыр менен байланып туруптур. Боз үйдүн курчоосуна жөлөп койгон узун укурукту алып, качырып сала бердим.
- Ме сага... Ме сага. Улакты тиштейсиң. Мына сага. Мага жардамдашып чулук куйрук көк дөбөт ары секирип, бери секирип, тийип, качып талап кирди. Эки тайган жулунушуп, каңкылдаша мага чаптырбай буйташат. Ушундан пайдаланган көк дөбөт капталынан качыра аткый жулат. Ан сайын мен да күчөп, сабайм.
Карылуу кол желкемден кармап, так көтөрүп, жаактан ары бир чапканда көзүмдөн от чагылыша түштү. Карасам, биз болушат деп үмүттөнгөн өзүмдүн байкем. Мени ары ыргытып ийди да, ачуу кыйкырды.
- Жогол ары. Булардын өжөрүн ай. Тигиниси аз келгенсип. Унчукпай боз үйдүн артына бастым. Көксөөм сууп, өзүмө-өзүм ыраазы боло жеңилдей түштүм. Жаагымдын ооругунан да сезген жокмун. Арыта мергенчи муруттарын бүлкүлдөтүп карап туруптур. Тайгандарына жакшы эле жаны ачыса керек. Байкеме "Бала да, урбай эле койбойсуңбу" демиш болду.
Үйдөн анча алыс эмес чоң кара таштын коңулуна иним экөөбүз курган алачыкка кирдим да, чалкаман түштүм. Көп өтпөй иним келди.
- Жүрү, сени эт жесин деп чакырып жатат.
- Жебейм. Корсулдап койдум.
- Сени катуу урдубу. Мени деле урду. Ошого эмне, ачка калмак белек жүрү.
- Барбайм дедим го. Сен барып жей бер. Ошол өз улагыңдын этин.
- Менин улагымдын этиби, казандагы.
- Макоо. Анан эмне менин улагымдыкы бекен. Менин кара улагым тирүү эле жүрөт. Үнсүз бир топко жаттык. Иним мага ыктап:
- Эмесе, мен да барбайм. Өздөрү жей беришсин. Сен кара улак экөөбүздүкү болсун дедиң эле го. Мен үндөбөдүм.
- Эмне, кайра экөөбүздүкү болушун каалабай калдыңбы. Инимдин үнү ыйламсырап чыкты.
- Мейли, кара улак экөөбүздүкү болсун. Мен көңүлсүз күңкүлдөдүм.
х х х
Күз келди. Мен үчүнчүдөн окуй баштадым. Атамдар жайлоодон түшүп, күздүккө көчүп келишти. Кара улак да чоңоюп, күлтүлдөйт. Азыр кубаласаң да карматпайт. Жайкы окуя унут болду. Инимдин болсо улак менен иши да жок. Мектепке тор кашка тай менен барып келип окуйм. Окуудан кайтканда жолумдан иним тосуп чыгат. Тайга минсем дегенде эки көзү төрт. Тайды аяп көп мингизгим келбейт. "Кой чарчап келди. Минбей эле койчу десем" таарына түшөт. "Сен өзүң жыргап окууга чейин минип, барып келесиң, мага кичине да бербейсиң" деп кээде мингизип коем. Кай бирде кашайып болбойм.
Чабандар уулдашып, дуулдашып күн мурунтан аттарын таптап жүрүшчү күзгү чоң майрам да келди. Атам, байкем, апам болушуп майрамдык оюнду көргөнү кетишти. Иним экөөбүзгө "койду көздөй тургула бүгүнчө, эртең силер майрамдайсыңар. Бириңе күлүк торуну, бири каракерди токуп берем. Айылдагы балдардын эч кимиси силерге жетпейт" деп байкем убада берди. Чөнтөктөрүбүзгө болсо түрлүү таттуудан шыкады.
Жайылган койдун четинде момпосуй соро, эртең кандай майрамдарыбыз тууралуу талашып, тартыша бастырып жүрөбүз. Мен тору тайчанмын. Иним кашаң күрөңдүн үстүндө конгон каргадай болуп чокчоет.
Уюлгуган чаң көтөрүлүп, дүпүрөтө чапкылап келген атчандар, жулунган аттарын демиктире койлорду чогулта баштады. Бизди барбы, жокпу деп да ойлошпосо керек. Кыйкырып каршысынан чаап жөнөдүк.
- Эйэ, эмне кылып жатасыңар. Койго тийбегиле.
- Тийбегилени коюп, чогултуш. Чабдар атчан байкемдин досу Аскар мага олунуп койду. Үрккөн койлор бат эле чогула түштү. Тигилер өздөрүнчө:
- Бириң түшө калып кармагыла. Ээй, түшүп жүрөбүзбү, эңип кетебиз. Бакылдашып, төбөлөрүнөн буу буркурап баары кызуу. Иним экөөбүз эч нерсеге түшүнбөй бири-бирибизди карап коебуз. Атчандардын бири койду аралай кирип, калың жерине кептеле түшкөн улакты эңип кетти. Колго түшкөн улак жандалбас кыла аянычтуу маарап баратты.
- Улакка тийбегиле! Улакка тийбегиле дейм. Улак меники! Мага кулак каккан киши болгон жок.
- Суу жээгин көздөй, суу жээгин көздөй, ошол жакка мууздайбыз. Баары жапырт чабышты. Эми түшүнүктүү. Менин кара улагымды көкбөрү тартышмак экен го. Тайымды камчылап, топту качырып сала бердим.
- Таштагыла. Тийбегиле дейм. Менин улагым. Сөзүмдү уккан киши жок. Айлам куруп жалына баштадым. Байкелер, улагыма тийбесеңер. Байкелер... Байкелер. Топураган чоң аттардын жанына тайым жолой албай теминип-кагынам. Кашаң күрөң желип-желип баспай койгондо түшө калып жүгүргөн иним:
- Таштагыла. Силерди байкеме айтам! Атама айтам! деп бакырып аркада жүгүрүп келатат. Бир аттын соорусу уруп кетип, тайым мүдүрүлүп оңкочок атты. Мен алда кайда учуп түштүм. Бетим жерге сүрүлүп тийип, мурдумдан кан жая берди. Улакчылар улам алыстап, алардын аркасынан уюлгуган гана чаң калды. Канчалык ыйлайын десем да көзүмдөн жаш чыкпайт. Отуруп алып жер тепкилеп, бакырып-өкүрүп, өжөрлөнүп жаткан инимди көрүп, итиркейим келип кетти.
- Бакырба! Уктуңбу. Бакырба! дейм. Үнүм киркиреп араң чыкты. Иним тып басылып мени алайып карап калды. Сыйрылган чекемден, мурдумдун аккан кан оозума кирген сайын жутуп коем. Бара-бара жер айлан көчөк атып, тирүүлөй көкбөрү болгон улактын чыркырап маараганы кулак жара күчөгөндөн күч алып, айланамдагы койлор да, тай да, күрөң ат да, ал түгүл иним да, ага кошулуп маарашып, мен болсо алардан бөлүнө кайдадыр учуп бараттым.

#43 18 September 2017 - 15:08
Коңулдагы үй
(аңгеме)
Калың бактын ичине орнотулган отургучта эки кемпир сүйлөшүп отурушат. Эмнени сүйлөшмөк. Өткөн-кеткендерди эске салышат. Кошуна колоңдордогу болуп жаткан жаңылыктарды козгошот. Көргөн уккандарын айтышат. Биринин оозунан чыкканы бири үчүн түгөл чындык. Анткени менен ооз сүйлөп жатса да кол тынымсыз иштейт. Бири дайым байпак, колкап, свитер түйүп отурса, экинчиси жээк тордоо менен алек. Эки кошуна үчүн бүгүн жаңы жаңылык. Кара кемпир аркы булуңдагы чукчуйган эки бөлмөлүү үйүн ижарага берди. Экөөнүн тең ойда сөздөрү бүтпөй шыпшынышат.
- Кайдан таап келгениңди билбейм. Ушуга окшогон селсаякты да кардар кылып алабы, ботом...
- Кой ээ, жакшынакай эле жигит го. Жаш көрүнөт. Жаш болсо да кызматта иштейт экен. "Энекелеп" жалынганынан алдым. "Ичкилик ичпейм" - дейт. Үйүңө топурап көрүнгөндөр келип, музыка коюп өкүртүп, кошуна колоңдун тынчын алабай жашасаң, жаша - дедим. Чүрүшкөн карасы балпайган сарысын көз айнегинин үстүнөн тиктеп койду.
- Билем мындайларды. Убада берип, жалына беришет. Менин колумдан буга окшогон нечендер чыкпадыбы. Эптеп маяна алган, кагаз тиктеген жерде иштесе болду, "кызматкербиз, тартиптүүбүз" - дешип чирене беришет. Өзүң деле байкабайсыңбы. Сууткан айгырдай болуп сөнкөйүп турганын. Күндө аягы суюк кыркма чачтарды жетелеп келип, таң аткыча музыкасын өкүртө коюп баарыбыздын тынчыбызды алат эмеспи. Сары балпайган кемпир ээги ээгине тийбей эбиреди.
- Болсо болоор. Деги азыркы жаштарды билип болбойт. Сыртынан карасаң зыңгырап турушат. А ойлогондору эмне түгөнгүрлөрдүкү. Жуурлуша келсең быкыйы чыгат. Кокус андай жаман жагын байкасам чыгарып жиберем да. Карасы сарыга кошула баш ийкеди.
- А катыгүн эмки жаштар такыр колдон чыгышпадыбы. Биздин учурчу. Түн ичинде өбүшсөк да уялгандан бетибиз чымырай түшчү эмес беле. Эмкилер сыгылышкан автобуста баратышып деле мурундары жалпайгыча жытташып калышат да, уялмак түгүл айланасындагыларга сыймыктана карашат. Андан да ичкиликти шыңгыткандарычы, жерден боорун көтөрө албай жүрүшүп, бутуна тике тура албай ылжыганча.
- А кокуй десең.
- Эми муну да көрөсүң. Күндө тоюп алып бүт короого чаң салат. Ошондо кууп чыга албай убара чегесиң. Чык десең "Сени караңгыда кармап алып өлтүрөм" - деп коркутуучулары да болот.
- Ким билет. Бирок адамдын баарын жаман деш туура эмес.
Бул маалда тигил жигит эшиги короонун ички бетин караган эки бөлмөлүү үйдү тазалап актоо менен алек. Үстүнө жаман халат кийип алган. Үйдү кеминде беш жылдан бери эч ким актап сырдабаса керек го. Студенттер, жумушчулар, ар түрдүү адамдар убактылуу жашашкандыктан дубалдын аргай жерине мыктар иретсиз кагылып, чийилип, полдун сыры кетип, жыты да бузулуп кеткен. Бөлмөлөрү да бөлмө аты болбосо көчүк айланбайт. Кейпи атайын ижарага бериш үчүн салынса керек. "Коңулдагы үй" - деп атоонун себеби бар. Чатырчалуу чоң ак үйгө улай салынганы аз келгенсип жанаша өскөн жаңгак жыгачы өзүнүн калдайган жалбырактары менен такыр ороптур.
Арадан күндөр билинбей кубалашып өтө берди. Эки кемпирдин күндөлүк маеги жакшы эле уланып келип тигил коңулдагы үйдүн "ээсине" келгенде талаш-тартышка айланат.
- Деги, жаштардын баарын тең жаман дей бериш да туура эмес көрүнөт. Карыган кезиңде адамга адилет баа бергениң жакшы эмеспи. Тиги жигит, түзүк неме экен. Келгенине көп болду, зымпыйып тартиби да жакшы. Кара кемпир адатынча көз айнегинин үстүнөн тигилди. Анткени дайым ылдый карап отургандыктан көз айнеги мурдунун учуна жете араң илинип турчу. Улам өйдө кылуудан эринип жайына коет.
Аңгыча коңулдагы үйгө сумка көтөргөн эки жигит келишип, беркилерге башын ийкеп учурашып коюп кирип кетишти. Буйдала түшкөн сары кемпирдин тили чыкты.
- Ушуга окшогон үксүйгөн немеге ишенген сен дагы... Кокуй күн... Жөн эле азырынча сыр билгизбей жатпайбы. "Көчүгүмдү бекемдеп алайын" - дегенсип. Мына эми көрөм... Тиги солкулдаган немелер жөн келди дейсиңби... Жанагы колтуктагандарынын ичинде бирден-экиден шише. Кичинеден кийин музыкасы өкүрөт... Анан өздөрү... Үйдө өкүрүп тынч отурушпай короого чыгышат. Жакын барып көр эр болсоң "Койгула" - деп. Бир муштап өлтүрсүн.
Карасы унчуга албай ордунан туруп үйүн көздөй жөнөдү. Кетип баратып күңкүлдөй:
- Ошентсе да жаштардын баары тең жаман эмес. Сарысы жеңиштүү табалай:
- Бышш... Кызыкты көрөсүң... Эрдин түйрө эликтеп койду. Бул күн да демейдегидей тынч өттү. Өкүргөн музыка деле чыккан жок. Короодо кадимкидей бейкуттук өкүм сүрүп турду. Сары кемпирдин тынчы кетип улам эшикке чыгып карайт. Кечке жуук келген экөө жөнөп кетишти. Тигил жигит узатып чыкты. Үчөө тең түз басып баратышты. Үндөрү да өзгөрүүсүз жөнөкөй. Сары кемпир өзүнө-өзү ишенбей аңдый ар бир кадамынан көз албайт. Кара кемпир бул маалда терезесинин түбүндө эшиктен кулагын албай тыңшоодо. Жигит астынан чыккан сары кемпирге "Кечиңиз бейкут болсун энеке" - деп күлүмсүрөй карап ийилип коюп кирип кетти. Берки негедир кыжырлана жийиркеничтүү жылмайып башын ийкеңдетти.
Эртеси эрте турган сары кемпир коңулдагы үйдүн эшигин тыкылдатты. Эшикти ачкан жигит таң кала көздөрүн ирмегилеп карап калды.
- Келиңиз энекеси...
Сары кемпир босогодон өтпөй туруп:
- Колго тартылган арак аласыңбы? Жигит, ала бер... Таптаза. Күчтүүлүгүн айтпа. Жыттай да албайсың. Жашыруун сырын айткандай шыбырай сүйлөдү.
Жигит уккан кулагына ишенбей ого бетер таңдана көздөрүн ачып-жуумп үтүрөйө тиктеп,
- Жок. Албайт элем...
-Алып кал дейм! Колуңдагы чоң сумканын ичинен шишенин мойнун көргөздү. Арзан сатам... Акчаң жок болсо кийин деле таап бересиң. Кошуна эмеспизби...
- Жок мага арактын кереги жок...
Кемпир сөзүн бөлүп,
- Ботом, сендей жигитке... Жоро-жолдошторуң келгенде деле...
-Энеке чынымды айтсам, ичкиликке анчалык шыгым жок. Башка кошуналарга барып көрүңүзчү балким алар алышаар... Балким жаңы жубайыма кийим болсо алайын. Сизге акча керек го...
Сары кемпир жаман көзү менен жигитти бир тиктеп койду да үйүнө бет алды. Кара кемпирдин үйү тарапты улам-улам карап коет. Жолдо баратып өзүнчө түкүрүнүп,
- Түү... ушунун эркек болгонун... Эркекмин деп... Тфүү... тфүү...
Орунтугуна жайланыша отургандан кийин кара кемпир:
- Ии ботом, булардын үйү түндө тынч болду го... Башы менен коңулдагы үй жакты жандап сөзүн улай: - Деги адамдар кызыкпыз. Кимдин кандай экенин туура баамдабай эле сыртынан баа быча коебуз.
Сары кемпир кыжырлана колундагы тордомону силкип.
- Жап-жаш туруп коңулда жашайт. Эркек болгондон кийин эркектей эле жашабайбы. Ушунуңдун жигиттигинде шегим бар...
Чачы ийнине жайылган, узун бойлуу, колуна кичинекей кара сумка кармаган кара тору сулуу сымак кыз беркилер менен баш ийкей учурашты да шыпылдай басып тигил үй жакка өттү. Эки кемпир үнсүз бири-бирин тиктеп калышты. Кыз эшикти бир-эки тырс-тырс урду да ичкери кирип кетти. Үй тараптан акырын чыккан назик музыканын үнү угулду. Музыка чыккан үйдөгү окуяны кемпирлер ар кимиси өз ченеминде көз алдына элестетишип термелише бирин-бири кандай сөз баштайт дегенсий күтүп жатышты. Жаштык кездери, орой мүнөз оттой күйгөн жигиттер эстерине түшүп колдору да көңүлсүз кыймылдайт.
Кара кемпир ордунан туруп жатып:
- Деги жаштардын баары жаман эмес. Адамды туура баалаган жакшы эмеспи. Күңкүлдөй үйүн көздөй басты. Сары кемпир унчуга албай кыпкызыл болуп чыңалды. Анан угулаар-угулмаксан:
- Тигил жигит колго токулган светир болсо сатып алат экен. Кара кемпир чала угуп калгансып кичине сарыны тиктеп турду да:
Мен ага энелик белек катары берейин, - деп түйүп жүрөм. Колундагы бүтө жаздап калган, кооздолуп токулган күрмөнү көргөздү.

#44 18 September 2017 - 15:12
Куугумдогу кусалык
(Болумуш)
Жайлоодо күндүн минтип жумалап ачык болуп ысышы чанда болот. Мына экинчи аптага өтүп баратат асман чайыттай ачык. Тигил көпкөк асманды жиреп чалкалаган ак мөңгү чокулардын, берки аркайган аскалуу кырлардын үстүнөн кетпеген булуттардын дайны да билинбейт. Мындай ысыкты көптөн бери көрбөгөн тоо куштары кайдадыр көлөкө издеп житип кетишсе керек айлана мемиреп, теребел тыптынч. Жүнү кыркылганына бир айга толо элек аппак койлор бирин- бири жөөлөп этектеги таштардын томуктай көлөкөсүнө баштарын катышып ысылашууда. Бийик дөңсөөнүн үстүндө койлорго көз салып отурган келин жанынан дүрбүсүн алып алгач тигил жакадан келчү (колхоздон, айылдан) жол тарапка көпкө телмире тигилди. Жолдошу колхозго малдын эсеп-кысабын берип, өлгөн койлорду өткөрүп, бир жолу үч айдан берки ала элек айлык маянаны алып кант, чай өңдүү майда-чүйдө сатып келем деп кеткенине жума өттү кайта элек. Мурда кеткенде ашса үч-төрт күн жүрбөсө мынчалык кечикчүү эмес. Бүгүн эсептесе 9 күн болуптур. Эмне болду деп санаркай баштады. Дагы аябай ичип башын көтөрө албай көрүнгөн арак досунун үйүндө жатат да деп бир ойлосо, балким баягы кассир сары катын " кымыз ала келбейсиң, семиз кой сое келбейсиң" , - деп каңкуулап " акча жок" деп бербей, эртең - бүгүнүн айтып чоюп жаткандыр, деп өзүн-өзү сооротуп коет. Канча тиктесе да дүрбү менен араң көрүнгөн үңүрөйгөн капчыгайдын оозунан ийри буйру чубалган чыккан жолдон бери чыккан караан көрүнбөдү. Үмүтү үзүлгөндө балким түндөп келип калаар деген ойдо кайрадан ысуулаган койлоруна сереп салды Дөңдө отурса да леп эткен желдин жогунан алкым асты , колтуктары ымшып чыкты. Арыта демейде ооздугун чыгара электе оттоого жулунган чоң курсак күрөң ат да башын ийкеңдете чымындан көрүнүп оттобой ылаалап турат.
Келиндин эсине бүгүн тигил ысык булактын этегиндеги көлчөгө жуунуп алсамбы деп атайын даярданып чыкканы түштү. Кайра дүрбүсүн алып айланада аң уулап же мал карап жүргөн киши кара көрүнбөйбү деп бир сыйра кыдырата кокту- кырынан бери аябай карап чыкса да жүрөгү апкоолжуй " Кудай уруп бирөө болбосо, бирөө баягынын аялы дырдайып ысык булактагы көлчөгө түшөт экен" деп лакап болбогой элем деген санаа турду. Кайра өзүнөн өзү кайрат берип "Өлүнкөрөйүн эч ким деле көрүнбөйт. Көрсө көрүп, айтса айтат да, тигил көл жээгиндеги кумда бир ээли чүпүрөктү жан жерлерине байлап алып жүргөндөрдү деле эч ким кеп кылган жок го. Көп болсо мени жылаңач көрдүк дешээр" деди да ордунан чечкиндүү туруп тигил калың өскөн карагандын этегиндеги ысык булактын чыккан жеринен он кадамча алыс эмес жерде көк ирим болуп мелмиреп жаткан көлчөгө көздөй басты. Ылдый түшүп келатып ылаалаган күрөңдү жетелей суу жээгине чейин апкелди да тушап коюп канжыгасындагы баштыгы менен алда кандай болот деп дайым жанына ал жүрүүчү кош ооз мылтыкты алып көлчөнүн жээгине келип мойнундагы жоолугун шиберге ыргыта чыптамасынын бүчүлүгүн чечкенден кийин кайрадан бирөө көрбөсүн деген ой жүрөк башына келип жерге отура калып айлана-теребелге көз жиберди. Дым. Ал түгүл "пырп" деп учкан куш да жок. "Өлүнкөрөйүн, тоо-тоолоп жүрүп жедеп жапайы болуп калсам керек. Жалгыз отуруп чечингенден коркуп" - деп дагы бир кайраттанып алды да ыргып туруп шак-шак үстүндөгү болгон кийимин шибер үстүнө ыргытып жиберип көлчөгө кирди.
Бул көлчөгө эки булактын суусу кошулат. Бири жанатан кеп кылып жаткан жер астынан оргуштап чыккан кол тийсе күйчүдөй ысык булактын суусу, экинчиси каршы тараптан агып түшкөн муздактыгы башкача туптунук билектей булактын суусу. Илгери бул жерди ыйык тутуп алыстан ат арытып келип суусуна түшүп жээгине конуп кетишчү экен. Тигил жогорку караган черге байланган эскилиги жетип өңдөрү өчкөн чүпүрөктөр да ошону ырастап тургансыйт. Жыл өткөн сайын бул көлчөнүн ыйык касиети унутулуп келүүчүлөр азайып отуруп азыр дээрлик жокко эсе. Анда-санда тегеректеги малчылардын эркектери чогулуп алып келишип мончо катары пайдалангандары болбосо. Анан калса бул тоого келиш үчүн жакадан ат арытып конуп-түнөп отуруп араң жетүүчү жер. Азыр кол жолу бош жүргөн эле ким бар дейсиң. Ал түгүл төрдү жыл сайын жайлаган Салтанат (келиндин аты) Абдыбек (күйөөсүнүн аты) бир жайда бир түшүшпөсө түшпөй да калган учурлары болот.
Көп-көк ирим болуп мемиреп жаткан көлчө келин киргенде "шарп" дей түшүп чыбырчык толкундары жээгине берди. Келиндин эзели күн көрбөгөн апапак денеси сууга дээрлик мойнуна чейин кирсе да кадимкидей көрүнүп турду. Суу мелмилдеп жып-жылуу экен. Ал түгүл ысыгыраак десе да болчудай. Кейпи күндүн ысык тийгенинин таасиринен болсо керек. Болбосо мынчалык ысык болчу эмес эле. Салтанаттын денеси магдырап сууга ээрип жайылып бараткандай болуп кетти. Көздөрүн жума маңдайына түшкөн жайылган чачтарын артына сылай ыргытып таштап колу менен балтырларынан баштап бүт денесин сылап чыкты. Өзүнө-өзү кумарлана бир колу менен капкатуу болуп тийчийген күкүрөгүн ушалай экинчи колу менен балтырларын анан улам жогорулай киндигин, кайра төмөн сылап баратып бир чети өзүнө тааныш эмес башка бирөөнүн укмуштай сулуу денесин кармалап жаткансып да кетти. Анткени бир гана кийим которгондо, анан анда-санда үйдөгү чоң дагырага сууга жуунганда жылаңачтанбаса ушу бүгүнкүдөй ээн-эркин жылаңач чечинип көрбөптүр. Которунуп же үйүнө жуунуп жатканда дайым алактап бирөө келип калабы же көрөбү деп саксынып бүрүшүп жатып өзүнө-өзү көңүл бөлмөк кайда. Абдыбек экөөнүн баш кошкондоруна беш жылдан өтсө да ушу кезге чейин эрди-катын болушуп ич кийимдерин чечинип жатып көрүшө элек. Буга балким Абдыбектин алгачкы баш кошкон түндөгү сөөкө өткөрө айткан сөзү да себеп болгондур. Чындыгы экөө мектепти окуп жүрүшкөндөн сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Анан ошол алгачкы түнү өзү бүт кийимин суранып жатып чечиндирип коюп кайра эртең менен кабыргага укуп "Эй көк мээсиңби, уялбайсыңбы, дырдайбай кийинип жатсаң боло" дебеспи. Алгачкы түндүн ырахатына чарчап кийинүү оюна да келбей уктап калган Салтанаттын ошондо үстүнө бирөө муздак суу сепкендей денеси дүр деп бүрүшө түшүп шашкалактай кийинген да ошондон соң антип чечингис болгон. Кийин Абдыбек мас болуп келгенде канча суранса да ич көйнөгүн чечүүчү эмес.
Тээ кыйлада барып жээке чыкты да баштыгынан атыр самын алып шашпай самынданып кирди. Улам суудан уучуна толтура уучтай денесине серпип коюп ырахаттана самынданып жатты. Капкара кундуз чачы далысын жаап төгүлөт. Кудай дене түзүлүшүнөн сулуулукту аяган эмес экен. Дайым кыймылда жүргөндөн го бир да ашык эт байкалбай кыздай болуп бели буралып көкүрөктөрү тийчийип, балтырлары шыңга боюна жараша керилет. Алгач боюна бүткөнүнө беш ай болгондо Абдыбек мас болуп келип курсакка тээп жиберип боюнан түшүп калган ошондон бери боюна бүтпөй жүрөт. Өз күнөөсүн сезген Абдыбек да төрөбөйсүң деген сөз чыгарбайт. Салтанат ичинен сыза бала күтөт. Ушу быйыл ылдый кыштоого түшкөндө догдурга көрүнүп төрөөр же төрөбөсүн билгиси келип жүрөт. Буга чейин деле көрүнсө болмок, бирок эми төрөбөйт экенсиң деген сөз угамбы деп ойлогондо догдурга баргысы келбей кетчү. Быйыл билбей кыйналгыча ары же берисин билип кыйналганым оң деп бел байлап калды.
Жараткан сулуулукту дене турпатынан аябаган менен жүзүнө келгенде тайыптыр бир көзүнүн кылыры менен калың түйрүгүрөөк эриндери, кырдач мурдунун, оту кызгылт тарткан беттеринин сулуулугун сызып жокко чыгарып биринчи көргөн адамга серт көрсөтөт. Негизи маңдайы жарык, ким менен болсо да жаркылдап ачык сүйлөшкөн келин. Кейпи бир үйдүн жалгыз кызы болуп денесиндеги кемчилдигин көп биле бербей эрке өскөндөн болсо керек.
Али бала оозу тийбеген үрптөрү колу тийген сайын бир башкача дир-дир дей түшүп миң тамырын чоочутуп жатты. Аябай самынданган соң кайра сууга кирди. Бул жолу көлчөдөн чыкпай башын самындап үч-төрт жолу жууду да билектей жоон чачын ороп туруп төбөсүнө түйүп койду.
Эки үч жолу көлчөгө кирип чыккандан кийин денеси талыкшып жаткысы келип кетти. Жоолугу менен көйнөгүн шибер үстүнө жайып жиберип чалкасынан түшө керилип жата кетти. Өмүрүндө мынчалык өзү менен өзү болуп ырахат албаса керек. Адам кээде өзү менен өзү болгондо да ырахат аларын биринчи туюп алгач сууга түшөөрдөгү кысынуунун кайда кеткенин да билбей ушул жыргалчылыгы дагы улана түшсө деп туюк сезиминде эңсей убакыттын кантип өтүп жатканын да билбеди.
Колдорун жая таштап эки бутун эки жака керилте сунуп үргүлөп жаткан келинди сак сезими селт дедирип ордунан тура калды. Эмнегедир ан үчүн кайсы бир тараптан аны кимдир бирөө теше тиктей тургандай сезилип жүрөгү лакылдап чыкты. Коркконунан колдору калчылдап баштыгынан ич кийимдерин шаша-буша алып алеки саатта кийине салды да жанында жаткан кош ооз мылтыгын мыкчый кармап айлана тегерегин акырын карап чыкты. Эч нерсе байкалбайт. Күн төбөдөн тийип койлордун асты оттоого чыга баштаптыр. Төмөндө күрөң ат бей капар оттоп жүрөт. Шилисинен өткөн бул кандай көз. Жогорку дүпүйгөн карагандын арасын канчалык тиктесе да эч нерсе байкалбайт.
Өлүңкөрөйүн "коркконго кош көрүнөт" болуп жатамын го. Ким келмек эле ээн жайлоого" - деп өзүн сооротту да жыйналып туруп мылтыгын жонуна иле күрөң ат тарапка басты. Жок. Бирөө аркасынан тиктеп тургансыйт. Бурулуп караса эч нерсе жок. Басса кайрадан шилиден өткөрө тиктеген бирөө. "Өлүңкөрөйүн эмне болуп жатам" - деп шыпылдай басып барып күрөңгө минди да койлорунун башын кайра үркүтүп ылдый түшүрө баштады. Аябай жуунганга денеси жеп-жеңил болуп көңүлү көтөрүлүп ырдагысы келип созолонто кое берди. Келиндин ырына жанатан аптапта уктап жаткан жайлоо ойгонуп көлөкөдөгү чымчыктар учуп чыгышып сайрап, ар жерден суурлар ышкырып жайлоо өз турмушунда азан - казан түштү да калды.

#45 18 September 2017 - 15:13
ХХХ
Өмүрү мындайды көрбөптүр. Деги эле бир да жандуунун мынчалык таң кала мынчалык сугу арта тиктебесе керек. Алгач аппапак бир башкача жандуу ысык көлмөнүн жээгинде жатканын көргөндө коркконунан качып жөнөй сактап аз калды. Анан аярлап караса турпаты өзүнүкүнө окшош бирок башынан башка жеринде өзүнүкүндөй жүнү жок. Күндүз эмес түндө да бери дегенде элүү кадам жерден учкан чымчыкты жазбай көрүүчү курч көздөрү менен теше тиктесе да бир жерин кошпогондо жүн аттууну байкай албады. Тигил төмөндө жашоочу эки буттууларга да окшобойт. Алардын терилери билгенине караганда ар түрдүү болчу эле. Бирок жыты ошолордукуна окшоп кетет. Өңү-бет түзүлүшү да ошолордукуна окшош. Болгону териси апапак болуп эч окшобой турат. Туюк сезиминде тигил жаткан жандуу ургачы экенин сезди. Көздөрү тумандап аттап- буттап жетип барып басып жыгылгысы келип кетти. Корккону бир башкача ачуу жыт жыттанган тигинин жанында жаткан союл болду. Эгер ал союл оозунан от бүрксө ишинин бүткөнү. Муну анын бүт тукуму жакшы билет.
Тигил ордунан ыргып турганда тикчийген көкүрөктөрү менен көзүнө бир башкача жакын тааныш ысык көрүнгөн жеринен көзүн ала албай шилекейи куюла катты да калды. Качан гана тигил жерде чачылып жаткан терилерин үстүнө ороп алганда эсине келе үрпөйө түштү. Укмуш сулуулук жок болуп көз алдында кадимки эки бутуу желмогуз турду. Болгондо да колунда оозунан от бүрккөн союлу бар желмогуз. Жанага көргөн сулуу жанды жоготуп ийгенге ичин тарта сыздап жиберди. Балким тигинин колундагы оозунан от чачкан союлу болбогондо учуп жетип үстүнө орогон бүт терини тытып-тытып жиберип апапак сулуусун эзиле тиктемек беле ким билсин. Ушунчалык көңүлү чөгө, бир чети бүт жүндөрү үрпөйө ачуусу келе бүрүшүп калың чердин арасына чөктү.
Келин күн уясына жакындаганда койлорун төрдөн түшүрүп кеткенден кийин гана ордунан турду да аярлай басып көл жээгине келди. Көл жээги бир башкача жыттанып калыптыр. Жанагы келин жаткан жердин уйпаланган шиберинин үстүнө чөгөлөй отурду да таноолорун дердеңдете жерде келин жаткансып теше тиктеп туруп "Ауу-аа" деп тиштене күңгүрөнүп кулап түштү. Манжаларын жерге ушунчалык катуу ургандыктан колдору билегине чейин бата түштү. Дардайган зор денеси титиреп безгек тийгенсийт. Кичине жатып жерден колдорун сууруп алганда уучу менен кошо килейген келки-келки чымдар туш-тушка чачылды. Ордунан кайра атып турду да жүрөк тушун апчый бир ууч үксүйгөн жүнүн жулуп алды. Алакандын отундай жүнсүз калган жердин териси канталап чыкканы менен тээ ичкеридеги жүрөккө түшкөн өрт өчө койбоду. Ого бетер күчөй көз алдынан жанагы аппапак дене кетпей көздөрүн жума айласы кеткенсип башын чайкай кош колу менен өз чекесин өзү башын калжаңдата урганда чалкасынан кулап түштү. "Ауу-аа" деген ачуу чыңырык тоолорду титиретип аска таштар кулап, кийиктер үркүүгө жарабай бүрүшүп, учуп бараткан куштар кулап түшүп, төр ичи кый-сыпыр болуп кетти.
Таноолору бир башкача дердеңдеп албууттана көлчөгө секирди. Ары бери кулач уруп сүзүп суу түбүнө деми кыстыккыча чумулса да көзүнөн аппак элес кетпей койду. Эси оогуча көлчөнү чайкап шарпылдатып жүрүп жээке келип солуй жыгылды. Баары бир көзүнөн аппак элес кетпеди. Сокур сезими менен өлгүчө кутулбай турган азапка түшкөнүн сезип айласы куруй кадимкидей өңгүрөп көздөрүнөн жаш куюлта ыйлай көкүрөгүн тытмалап кирди. Акыры ордунан ыргып турду да келин коюн айдап жөнөгөн тарапка жин ургандай ой чуңкурга карабай дардаңдап чуркап жөнөдү. Мынчалык ылдамдыкка учкан куш да жетмек эмес. Жерге буту тийсе тийип, тийбесе тийбей зымырап келиндин боз үйү турган конуштун үстүндөгү кырчага жеткенде гана чоң кара ташка чабыла токтоду. Аңгыча тоо баштарынан табактай болуп толгон ай чыга келди. Короодо койлор бир үзүм ак булут чөгүп калгансып жатат. Боз үй тараптан түтүндүн жыты менен кошула келиндин да билинээр билинбес жыты келген сайын беркинин оозунан ак көбүк чыгып таштын боорун тытмалайт. Көзүндө буралган аппак элес.

#46 18 September 2017 - 15:14
ХХХ
Кечки тамагын ичкенден кийин келин төшөк салып жатууга кам урду. Жүрөгү дүкүлдөп эмнегедир тынчы кетип улам эшке кирип чыгат. Койлор тынч жуушоодо. Күйөөсүнөн дайын жок. Түндөп келип калабы деп күн сайын төшөктү кенен салат. "Өлүңкөрөйүн, келээрсиң. Сазайыңды бербесемби. Тапкан тура койчуну. Мага коюн кайтартып коюп жүргүсү бар жакада айлап арак ичип. Сениби", кыжыры келгенинене ыйлай да кетти.
Күндүз ысык булактын көлчөсүнө көп түшүп койгондуктанбы денеси талыкшып уйкусу келе баштады. Сырткы кийимин чечип адатынча ич көйнөгүн чечпестен төшөктүн ичине кирди. Асма чырактын билигин кичирейтип жанына койду. Төшөктүн этегинде керегеге жөлөнүп турган кош ооз мылтыкты, керегенин башындагы илинген ок чонтойду, бир сыйра карап эсине дагы бир жакшылап түйдү. Бул эгер кой үркүп калса шашканда карбаластабай баарын өз-өз ордунан табайын деген аракети эле. Жаздыка башы тийип тийбей кандай уктап кеткенин да билбей калды.
Шарак деп катуу ачылган эшиктин үнүнөн чоочуп ойгонуп башын көтөрө салып үн чыгарууга дарманы келбей аптыгып коркконунан колдорун сербеңдете аба чапчылап жиберди. Босогодо бүт денеси жүн баскан, көздөрү кичинекей төптөгөрөк кыпкызыл, таноолору бир башкача дердеңдеген оозу бир аз урчуйуп алдыга чыгып турган, өтө эле чоң адам аны тиктеп турган эле. Экөө болгону эки-үч көз ирмемге тиктешти. Келин өңү- түшүн айрый албай турган абалда төшөктүн этегиндеги мылтыкка тап койду. Тигил келиндин аракетин түшүнө койгонсуп бир секирип жетти да келинди кичинекей балача төшөгүнөн жепжеңил сууруп алып колтугуна кыса эшике жөнөдү. Келин эсин жоготуп койду.
ХХХ
Аска-зоону титиреткен ачуу чыңырыктан чоочуп кетти. Мындай чыңыруу булардын тукумунда өтө чанда болот. Өлүм менен өмүр беттешкенде гана ушинтип чаңырышпаса жөн жагдайда мындай ачуу үн чыкпайт. Тоонун экинчи бетинде жүрсө да анын сак кулагы кадимкидей укту. Катуу бышкыра ордунан атып турду да колундагы жеп жаткан карагатты ыргытып жиберип, жаңы кармаган кийиктин улагынын этин да унута түгөйүнө эртерек жетиш үчүн жалама аска-зоону аралай тырмышып өйдө чыга баштады. Кечөө экөө түнөк кылган зооканын коңулуна жетип келип демиге айланасын карай туруп калды. Түгөйүнүн кайда экени белгисиз. Тоо ичи мемиреген тынчтыкта. Күн батып айлана улам күүгүмдөп баратат. Өзүнүн гана дүкүлдөгөн жүрөгүнүн үнүнөн башка дабыш угулбайт. Жанагы чыңырган үндүн так ушул төрдүн ичинен чыкканы анык. Демек түгөйү ушул төрдүн бир жеринде. Дүгдүйгөн калың жүн баскан денесинен тарам-тарам болуп чыпылдап тер агууда. Көкүрөгүндөгү салпыктаган эмчектеринен улам ургаачы экенин билбесең беркисинен айырмачылыгы жок. Ал түгүл ага караганда чоңурактай көрүнүп колу бутунун булчуңдары бөлүнүп-бөлүнүп буркуят. Оозу кичине астыга чыгып эриндери томпок келип астыңкы эрди жука жамакайы чоң. Мурдунун кыры жок жалпак келип таноолору эңирейип чоң-чоң. Демигип чарчаганга огобетер чоңураак көрүнүп карышкырдан корккон жылкынын таноолорундай дердеңдейт. Колдору узун келип дээрлик тизесине жетип турат. Манжалары шадылуу. Тырмактары уркуйуп учтуу келип колдун ичин көздөй ийрейип катып калган.
Кичинеге кулак түрө айланасын аяр тыңшап турду да анан мурдун көтөрүп абадан жыт искей баштады. Күчтүү өнүккөн ички туйгу сезими астыдагы жаманчылыктан кабар берип тынчы кете түгөйүнүн изинин жыты менен жөнөдү. Ысык булактагы көлчөгө келгенде адам -желмогуздун жыты кеңилжерин жарып кетти. "Ауу" - деп онтоп алды. Түгөйүнүн ачуу чаңырыгына адам-желмогуз себепчи болгонун түшүндү. Ысык көлчөнү айлана жыт искей жүгүрүп тыбырчылай далбастап жанын коерге жер таппайт. Адам-желмогуз оозунан от чачкан таягы менен түгөйүн өлтүрүп таштады го деп коркуп кайта-кайта "Ауу-ауу" дей кынкыстайт. Жакшылап көңүл бөлсө издин жыты тигил төмөнкү тарапка адам желмогуздар жашаган тарапка кетиптир. Учуп-күйүп, из кууй ал да төмөн жөнөдү. Кандай да болсо түгөйүнүн өлүү-тирүүсүн билүү максаты турду.
Булардын тукумунун бирден-бир коркушкандары ушул өздөрүнө түспөлдөш келген эки аяктап жүрүүчү адам-желмогуздар. Колдорунан келсе адам-желмогуздун аягы тийген жерге жологулары келишпейт. Ушундай тоолорду мекендеп чытырман токойлордун түпкүрүндө жашап келатышынын, күн-түн дебей саксынып жашырынып жүрүшүнүн да башкы күнөкөрү адам-желмогуздар. Ички сезимдериндеги кандан-канга өткөн баладан баласына берген мурасы да колуңдан келишинче адам-желмогуздан кач деген түшүнүк. Жыты келген аймактан алыс бол. Көзүнө чалдыкпа. Биринин көзүнө чалдыксаң, миңи сенин артыңдан түшөт. Бирин өлтүрсөң түмөнү сени, сенин тукумуңду куугунга алат. Желмогуздун- желмогузу, жырткычтын- жыткычы - адам. Аларда жаратылыштын башка жандыктарын аяе жок. Боорукерлик дегенди билишпейт. Колдоруна тийгендерин, көздөрү көргөндөрүн, оозунан от чачкан таяктары менен, андан башка да нечен өздөрү ойлоп чыгарышкан жан алгычтары менен, жок кылып кырып өлтүрүп, кармап алып темир торго камап мазактап келатышат. Алардан дайым сак болугула. Жашаган аймагыңды жаткан уяңды көрсөтпө. Биринин эле көзүнө чалынып калсаң жер которуп кет" деген мурас. Жылдан жылга азайып жок болуп бараткан бул жандуулардын тукуму мындай мурасты катуу сакташаар эле.
Жер которуп бул төргө келүүлөрүнө мурдагы жашаган тоо-токойлорго да кийинки жылдарда адам -желмогуздар көп катташып, ой-чуңкурунан бери тинте башташы себеп болгон. Эми кара бул жерде бир айча жашаша элегинде дагы балакетке жолугуп отурушат. Ушундай ойлор менен учуп күйүп из кууп келатканда жакын эле жерден түгөйүнүн жыты мурдуна бур дей түштү. Ошол тарапка калың черди аралай жапыра жөнөдү.

#47 18 September 2017 - 15:16
Ай нуруна күндүзгүдөй жарык болуп турган аянтчада түгөйү аппак денелүү жандыкты жерге жаткызып алып жан алы калбай чолоо жерин калтырбай жалагылап жатыптыр. Ушунчалык өзүн жоготуп койгон экен шырп эткен дабышка алдырбаган кулагы беркинин он, он беш эле кадам жерден чыга калганын да байкабады. Өз көргөн көзүнө ишенбей дел боло түштү. Ал түгүл тигил түгөйү жанталашып жалап жаткан эмне жандык экенин да түшүнбөдү. Барып-барып тигил аппак денелүү адам-желмогуз экенин, болгондо да ургаачысы экенин билгенде жүрөгүн кызганычтын ийнеси тепчий сая "Аауу" деген күрүлдөгөн добуш чыгара алдыга умтулду. Эки секирип жетип тигил түгөйүнө жалаттырып коюп чалкасынан жаткан неменин колун кол, бутун бут кылып жулуп, башын бычырата кармап өлтүрүү тилеги турду. Аңгыча түгөйү беркини байкай койду да "Аауу" деп ачуу үн чыгара астын торой мына азыр секирүүчү илбирстей бүт булчуңдары түйүлө туруп калды.
Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. "Кое бер мени тигини мыжып жок кылайын" деген түшүнүк берди ургаачысы. " Бул жерден кет болбосо сени аябайм, Тигиге тиймек түгүл жакын да жолобойсуң" дегенди түшүндүрдү эркеги. Экөөнүн ортосунда буга чейин мындай чыр болгон эмес. Томуктай жем тапса да тең бөлүшүп жешчү. Бири-биринин жанын оорутуп жулмалашып урушуп көрүшпөгөн. Ургачысы акырын баса айлампа жасап эркегин жоошутуп көрөйүн деди эле берки бир секирип астын торой туруп калды. Ал түгүл "Аауу-аауу" деп " Кетчи, тилди алып кетип калчы" деген түшүнүк бере аянычтуу үн чыгарды. Ургачысы астын торогон эркеги тирүү турганда тигил аппак денелүү немеге жете койбосун билип мурду менен күнкүлдөй басып карагандын түбүндөгү ташка отура кетти. Бир чети бул жерде эмне окуя болуп жатканын түшүнгүсү келсе, экинчиден катуу жүгүрүүдөн чарчаган өпкөсүн басып эс алгысы келди. Анан калса түгөйүнүн тирүү экенин көргөнгө жаны тынчып шалдырай да түштү. Аңгыча тигил ак денелүү неме кыймылдап кирди. "Кетчи, кетип калчы" деген түшүнүк бере аянычтуу тиктеген түгөйү беркини унута кайра тигиге жетип барды да аяр кучактай көкүрөгүнөн баштап ылдый көздөй кайрадан назик эркелете жалап кирди. Тигинин ичке кичинекей колдору менен тырмалаңдап койгулап жатканын тоготуп да койбоду. Бара-бара беркиси тырмалаңдагынын токтотуп тынчый баштады. Так ушул маалда жанатан көргөн көзүнө ишене бербей эси ооп отурган ургаачысы эки секирип тигилерге жетти. Иштин жайы кайсыл максатты көздөй ооп баратканына ачык көзү жетсе керек. "Кетчи десем болбодуң" дегенсип эркеги ордунан атып туруп ургаачысын башка урду эле мындай күтүүсүз соккудан ургаачысы күп деп учуп түштү. Эркеги бир секирип барып басып жыгылды да кекиртегинен апчый кармап муунтуп ушунчалык кыжыры келгенинен эмчегинин үстүн тиштеп туруп бармактай этин жулуп алды. Денесинин катуу ачышканынан эсине келе түшкөн ургаачысы муунтуп өлтүргөнү жаткан эркегинин көзүн бир тиктеп алып экөөнүн ортосунда өлүм менен өмүрдүн кармашы турганын туйду.
ХХХ
Келин эсине алгач тиги күрсүйгөн неменин кучагында келатканда келди да колу менен тигини бир муштамыш болуп кайра эсин жоготту. Экинчи жолу эсине келгенде муздак шиберде жатканын туйду. Көзүн ачкандан корко ичинен болуп жаткандар түшүм эле болгой экен деп кичине айлананы тыңшай жатып колдорун кыймылдатса чын эле жерде шибер чөптүн үстүндө жаткан экен. Көзүн ачып башын көтөрөөрү менен жанагы күрсүйгөн жүндүү неме кайра пайда боло калды да жаш балача имерип кучактай көкүрөгүнөн баштап уй музоосун жалагансып шалкылдатып жалап кирди. Келин кантсе да көнө түшкөнбү же бул күрсүйгөн-үксүйгөндүн өлтүрөйүн же жеп алайын деген ою жогун туйдубу бул жолу эси оободу. Тескерисинче тигиге каршылык көрсөтүүгө аракеттенип туш келди жерине бар күчү менен муштагылап кирди. Тигил келиндин муштумун чиркей чакканча да көрбөдү. Кайра келиндин колдору топоз муштагансып ооруп калды. Күрсүгүй келиндин курсагын, балтырларын жалап келип жан жерин ырахаттана кайта-кайта жалап киргенде келин бүткөн бою бир башкача чымырап тигинин чын эле уйдукундай катуу тили жан жерине кайта-кайта тийген сайын каршылык көрсөтүп тыбыроого чамасы келбей колдору шалдырап баратканын сезбеди. Аңгыча жакын жерден "Ауу-уу" деген үн угулганда жалт караса дагы бир күрсүгүй келатыптыр. Келиндин көздөрү чакчайып кетти. Ал түгүл берки өзүн жалап жаткандын бооруна жабыша да калды. Беркиси тигини байкаары менен келинди кое берип ордунан атып туруп тигиге жетип барды да кыжырлуу "Ауу-уу" деген үн чыгара башка уруп калды. Тигиниси кулап түшкөндө басып жыгылды. Келин көчүгү менен кетенчиктей кичинеге артка жылып экөөнүн айыгышкан кармашын карап туруп эми качууга кезек келгенин эстей койду да ордунан жөрмөлөп беркилерди кылчак-кылчак карай бадалга жакындады да бадал ичине кирээри менен денеси бутактарга урунуп ооруксунганына карабай бет келген жагына карай безип жөнөдү.
Жыйылган чачы желге таралып сызып баратты. Чиркин ай нуруна оролгон аппак денеси түндү тилип ак мамасы силкилдеп, балтырлары бүлкүлдөп, май куйругу былкылдап келиндин жүгүрүп баратканы өзүнчө эле бир керемет эле.
Мындай тоо сулуулугун көрбөгөн ай көктө ордунан жыла албай аңкайып оозу ачылып калды го чиркин. Колтуктарынын, чаткаягынан сызылып тер агып денеси ымшып чыкса да келин жүгүрүүсүн бастатпады. Тескерисинче дагы ылдамыраак бут шилтөөгө далалаттанат. Кайкылуу белеске чыга келгенде тээ төмөндөгү боз үйү ай жарыгынан даана көрүндү.
Үйгө учуп кирип төшөккө күп жыгылганда гана жүрөгү мына, мына оозунан чыгып кетчүдөй болуп уруп, өпкөсү айдаган желге таноолорунун тешиги тардык кылып көкүрөгүн жарчудай болуп калган экен. Канчага өзүнө келе албай жатты ким билсин бир учурда сырттан чыккан дабышты кулагы чалып " Апаа" дей ордунан обдула керегеде жөлөнгөн мылтыкка асылды, нечен жолу атып жүрүп көнүп калган колдору шарак-шурак октой салды да боз үйдүн эшигин тиктеп отуруп калды. Кичине өтпөй жанагы күрсүгүйдүн бир акыреги көрүндү. Эшиктен түз кирүүгө батпагандыктан кыйшайып акырегин салган эле. Келин мылтыгын эшикти каратып туруп көздөрүн жуумп жиберип басып калды. "Ауу-уу" деген ачуу чаңырык жер сууну бузуп кетти. Келин дагы атты.
Мылтыктын үнү тоо жаңыртып бир топко тынымсыз кайта-кайта атылып жатты. Келин өзүнө жаңы эле келип эс учун жыя баштаганда кайрадан эшиктен дабыш угулду. Шашкалактаган келин ок чонтойдон ок издеп бир да ок таппады. "Апакебай" деп бакыра айласы кеткенсип мылтыгын кучактай бурчка тыгылды да көздөрүн жуумп жиберди.
- Салтанат сага эмне болду? Жинди болгонсуңбу? - деген күйөөсүнүн үнүн укканда көзүн аңтарылта бир ачып күйөөсүнүн астына шалак кулап түштү.
Кайра эсине келгенде бирөө башында суу чүпүрөк менен чекесин басып отуруптур. Үй ичинде кобур-собур үндөр. Жакыныраак деген жердеги коңшу малчылардын баары чогулса керек.
- Абдыбек сен адам эмесиң? Жаш келинге ушунча малды таштап коюп кайсыл кудай урган киши жарым ай жакада жоголсун деген үндү элдир-селдир эшитти да кайрадан көзү караңгылап уйкусу келип мемиреп уктап кетти.
Арадан эки жума өткөндө барып келип оруданан турууга жарады.
Баягы каргашалуу түн жөнүндө келин эсине толук келгенден кийин бардык чогулгандарга айтып берген эле.
Көрсө, күйөөсү келгендин эртеси тегеректеги кошуналардын баары чогулуп келиптир. Таң аткыча тарсылдаган мылтык үнүн жана да бир башкача ачуу чаңырган үндү дээрлик баардыгы уккан экен. Тегеректеги эркектер чогулуп алып эки күн ой-тоону тинтип чыгышты. Бирок шектүү эч нерсе жолуктура алышпады.
Боз үйдүн босогосуна чачыраган кан белеске чейин агып барыптыр да жок болуптур. Итке из куудуралы десе бир дагы ит жыт албай кыңшылап туруп алды.
Абдыбектин аттуу кишини короо четине жолотпогон кабанаак эки дөбөтөрү бар эле катуу коркуп калышса керек сай-сайлап качып кетиптир бир жумада барып кайтып келишти.
Келин күн өткөн сайын оңолуп түнкү уйкудан чоочумайы калып баягы каргашалуу түн унут болуп баратты. Анын үстүнө ал төрдү таштап журт которуп көчө качышкан.
Арадан жыл өткөндөн кийин келин ошол коркунучтуу түндү кайра эстеп жүрөгү эзилип куса болуп, баягы ысык булакка кайра барып, жыпжылаңач чечинип алып аппак чокулуу тоолордун мөңгүсүнөн урган желге көкүрөгүн тосо дендароо боло карагаттай каректеринен жаш куюлуп тураарын атиң билген жок.

#48 18 September 2017 - 15:17
ХХХ
Өлүм менен үмүрдүн ортосунда туруп көзү чанагынан чыккыча тиктеген ургаачысы эркегинен буга чейин мынчалык муш жемек түгүл акырая караган көз карашына кабылган эмес. Кантсе да кичинесинен өзү чоңойтконгобу эч убакта кайрылып каяша кылбай, айткан тилин алаар эле. Мурдагы эркеги күрткүдөн учуп өлгөндөн кийин мына ушул азыр муунтуп өлтүргөнү турган эркегин 10-12 жаш кезинен асырап эр кылып алган. Тагдыр маңдайларына буюрган татаал турмуштун сырларына сары эсеп салып аңдап үйрөтүп, акыры эртедир-кечтир карылык келип алдан тайганда кор кылбай баксын үчүн, астын ала кам көрүп өзү да бар тапкан тамагын оозуна кармап ургаачылык мээримин аябай төгүп көзүнүн кареги менен чимирилип турчу.
Бир чети жаштыгынын толуп турган учурунан, экинчиден табият берген өзгөчө күчтөн болсо керек ангилиги буга чейин кезиктирген эркектерден ашыкча экенине таң калып кай бир учурда тажагандан жанына жолотпой ургаачылык озуйпасын аткаруудан качканы болбосо шагын сындырды беле. Аттиң арман түбү түшкөн дүйнө күндө бир өзүнүн түшүнүксүз кырын кылт дедирип көрсөтүп кыйнай бермекпи.
Каргашаны кара. Тигил үстүңкү терисин сыйрып ыргыткан аппак денелүү желмогуз экөөнүн ортосуна каскак болуп отурбайбы. Кейпи эркегинин акыл-эси тигил ак денелүү немени жалагандагы тилинин шилекейи менен агып кеткен го. Болбосо кайнаса каны кошулбас кас душман үчүн да ушунчалык эс акылдан айрылмакпы.
Тиктешүү көпкө созулбады. Кантсе да нечен кармаштан өткөн ыктуулугуна салып төшүнө мине калган эркегин эки тизеси менен так далынын ортосуна какканда эркеги өзөрө түшүп беркинин башынан алыс учуп кетти. Ордунан ыргып туруп томолонуп- жумаланып тура албай жаткан эркегин кара кабыргага колдун кыры менен урганда тигил узунунан сулап түштү. Эки кулагынан бек кармап туруп тизелери менен төшүн ныгырганда көздөрү чанагынан чыга тили бултуя түштү. Дагы бир ныгырса жан таслим болуп калмак эми эле өзүн эч айоосуз өлтүргөнү жаткан неменин такыр түбүнө жетпестен колдору калтырай ордунан турду да арыраак барып шиберге бүрүшүп отура калып оозун колдору менен жаба бүт денесин сүлкүлдөтүп ыйлап кирди. Көздөн жаш булактай чууруп жатты. Бул бир тил жеткис күйүттүн, ызалыктын ыйы эле.
Эркекги далайга эсине келе албай сулк жатып бир учурда башын көтөрүп айланасын элтеңдей карай али да көзүндө турган ак денелүүнү издеп кирди. Эч жерден көрүнбөйт. Өзүнөн үч-төрт кадам жерде муңканып ыйлап отурган ургаачысына көңүл да бурбады. Ордунан атып туруп келиндин үйүн көздөй чуркап жөнөдү. Ургаачысы ордунан козголгон да жок. Муну токтотуу мүмкүн эмес экенин түшүнүп калган. Болгону оозун дагы бекемирээк басып буркурап ыйлай берди.
Ким билет канча отурмак, мылтыктын тоо жарган ачуу үнү менен кошо ачуу чаңырык чыкканда ордунан бүргөдөй түйүлүп атып туруп эркеги кеткен тарапка чымын-куюн болуп жүгүрдү.
Ай жарыгында калдаңдап качып келаткан эркегин алыстан таанып астын утурлай чыгып жакындай электе эле кандын жытын мурду сезди. Экөө кучакташа түшүштү.
Жараткан астында эркегинин аман келгенине кубана өз тилинде жалынып да жиберди. Экөө ээрчише ак мөңгүлүү тоо тарапка жетелеше жүгүрүштү. Көп өтпөй эркеги кансырагандан болсо керек жүрүшүн жайлатып чалыштап барып чөк түшө отуруп калды.
Оң колун ок жулган экен кичине териси кармаганы болбосо жансыз шалактайт. Ургачысы ай жарыгына сала калың шиберлүү тоо чөптөрүнүн арасынан отура калып жыт искей жүгүрүп канды токтото турган, денеге күч бере турган чөптөрдөн таап келди да эркегинин оозуна салды. Соолуктап отурган эркеги жашыл чөптү тамыры менен буртулдата чайнап жутаары менен кайратына келе түштү. Ургаачысы узун чачынан тутам жулуп алып да чоң жалбырактын бетине майда чөптөрдү чайнап шыбап тигил эркегинин шалактаган колун таңайын деди эле эркеги араң эле териси кармаган жансыз колунун каруусун мыжып туруп "Ауу-уу" деп ачуу күңгүрөнө так акыректен жулуп алды. Ургаачысынын бүт денеси калтырап кетти. Түбүнөн жулунган колду жерге таштап ургаачысына эми таң дегендей белги берди. Кан сызылып агып мултуюп турган акырекке жалбыракты коюп туруп учун чач менен орой таңып чыкты да сол каруусунан сүйөй ордунан тургузуп белинен кучактай жетелеше тоого бет алышты. Бул маалда төмөндө дагы деле мылтык "тарсылдап" жаткан.
Табигат берген туюк сезимдин жардамы менен дары чөптөрдү айра билгендиктен таап жеп эсине араң келсе да эркегинин көзүнөн аппак денелүү келиндин элеси кетпей колу жулунган мулук акыректин оорусунан да жүрөктүн оорусу күчтүү болуп көзүнөн жаш чууруп ыйлап баратты. Чиркин түпкүрдөгү өрт сезимдин күчү жараттын оорусун жокко чыгарып коеруна өрттөй сезимге туш болуп азабын чеккенжан гана туюп ишенбесе эч ким ишенбес.
Арадан жыл өткөндө аппак чокунун аппак карынын арасындагы жаракада отуруп баягы ысык булактын боюнан аппак денелүү келинди кайра көрүп, мулуйган акырегин мыжый кармап учуп күйүп жетип барууга батынбай титиреп отураарын билген жок чиркин.

#49 18 September 2017 - 15:20
ХХХ
Келиндин жүрөгүн түшүргөн күрсүгүй жөнүндө ар кимиси ар кандай божомол айтып жүрүштү. Бир даарлары "чаңырык" деген ошол дешсе бир даарлары "кош аяк" дейт. Деги бул окуя жайлоодогулар үчүн тээ эки-үч айга чейин түгөнгүс жомок болуп эки-үч кишинин башы кошулса кеп кылып жүрүштү. Айрымдары келиндин көзүнө жөн эле көрүнчү көрүнгөн. Жумалап жалгыз калганда корккондон эле көзүнө ар нерсе көрүнсө керек да дешип кол шилтеп коюшту.
Келин өзү болсо болгон окуяны толугу менен жан адамга айткан жок. Күрсүйгөн жүндүү неменин келиндин төшөгүнөн сууруп качып капчыгайга алпарганын, ал жерден кийимин бүт тытып таштап чолоо жерин койбой жалаганын, жаш баланы эркелеткенсип көкүрөгүнө кысып эркелеткенин, аңгыча экинчи бир күрсүйгөн пайда боло калып экөө талаша кетип урушуп жатканда качып үйгө келгенин жашырып койду. Эмнеге жашырды өзү да толук түшүнө албады. Ал түгүл алгачкы күндөрү күйөөсүнүн "көзүнө чөп салып" койгонсуп, өзүн күнөөкөр сезип бир кызыктай кыжалат сезимден кутула албай кыйноо тартып күйөөсүнөн жалтаңдап оор кылмышынын жүзү ачылчудай жүрөк заада болгонучу.
Бара-бара баары унут болот беле ким билет эгер астыдагы турмуш агымы кайра-кайра ошол өткөн окуяны эстөөгө аргасыз кылып жетелебесе.
Анда күздүк конушка түшүшүп, айылга жакын көчүп келишкен. Күндөрдүн биринде эле узун бойлуу, жаак эттери жабышкан арык, көздөрү алаңдаган ак куба жаш жигит келип калды. Көгүш костюм шым кийип галстук тагынып алган. " Ашыкча арыктыгы болбосо өзү жылдыздуу неме экен" - деди келин алгач көргөндө эле ичинен.
Тигил өзүн райондук гезиттин кабарчысымын деп тааныштырды. Кабарчы-журналист дегенди угуп жүргөн бирок өмүрүндө беттешип сүйлөшүп көрбөгөн.
- Опей, силер кабачсысыңарбы? - деп чоочуп кетти.
Тигил шашкалактай чөнтөгүнөн сыртында чоң-чоң жалтыраган тамгалардан турган "ПРЕССА" деген жазуусу бар күбөлүгүн сууруп чыгып:
- Ооба, кабарчымын" Мына күбөлүгүм, ишенбесеңиз окуп көрүңүз", -деп, суна берди. Келин:
- Жок. Ишенем! Мен жөн эле мурда кабарчы десе токтолгон кишилерди элестетчүмүн. Сиз жаш бала турбайсызбы?
- Аа, окууну бүтүп, районуңуздарга жаңы келдим. Иштегениме көп деле боло элек, - деп өзүн тааныштыра кетти. Аябай шакылдаган сөзмөр неме экен улам бир күлкүлүү окуялардан, өзүнүн студенттик жылдарынан айтып берип отуруп экөө бат эле эски тааныштардай сүйлөшүп кеткенин келин байкабай да калды. Абдыбек коңшу чабандан кой издеп кеткен. Үч -төрт күндөн бери эки кою жоголуп таппай жаткан эле.
Ортодогу чай ичилип бүткөндөн кийин барып кабарчы келгендеги максатына өттү. Кайдан-жайдан экенин белгисиз келиндин баягы жайда болгон окуясы кабарчыга жетип калыптыр. Келген себеби да ошол экен.
Келиндин ал окуяны кайра эстегиси келбей кабарчынын суроолоруна чолок-чолок жооп берип туруп алды. Ал түгүл жыйынтыгында балким чындыгында эле көзүмө көрүнчү көрүнсө керек. Даана көргөнүмө өзүм да ишенбейм деп койду.
Кабарчы келинди көздөрүн жүлжүйтө ойлуу тиктеп ичеги боорунан бери аңтара карагансып туруп "Ушул сиз бир нерсени жашырып жатасыз. Эрк өзүңүздө" , - деп койду.
Келин болсо жер карай, "Жок жашырган жокмун. Болгонун айттым да" деп сөз таппай кайпалактады. Келин өмүрүндө биринчи ирет ошол кабарчыдан " кар адамы" деген болоорун , ал эмне деген жандык али толук изилдене электигин. Болжолдоолорго караганда аларда да адамдыкы сыяктуу сезим, акыл-эс бар экендигин, үй-бүлөө болуп жашашаарын укту. Кар адамдарына байланыштуу укмуштуу легендаларды ошондо кабарчы биринчи жолу айтып берди. Ал түгүл кыргыздар аларды илгээртен эле билишээрин. Бир даарлары "Чаңырык" дешсе экинчилери "Кош аяк", "Жез тумшук" деп жүрүшкөнүн бирок ушулардын бары божомолдоолорго караганда "Кар адамы" экендигин айтты. Кабарчы Абдыбекке да аябай жаккан экен кечинде кетирбей алып калып, козу союп коноктоп эртеси өз аты менен айылга жеткирип койду.
Ошол кабарчы келип кеткенден кийин келин жайдагы болуп өткөн окуяны кайрадан эсине түшүрүп, ичинен кабарчынын берген суроолоруна чын дилден жооп бергенге аракеттенди.
Суроо: - Сиз ошол окуя болгон күндү толук эстеш үчүн эртең менен тургандан баштап эмне кылганыңардын баарын ийне-жибине чейин кайта айтып берсеңиз?
Келин баарын айтты Болгону ысык булакка сууга түшкөнүн айткан жок.
Жүрөгү тыз дей түштү. Сууга түшүп жатканда өзүн бирөө тиктеп тургансып корунганын эстеди. Ал түгүл көз алдына жогорку аска түбүндөгү калың карагаттын бадалы элестей түштү.
Чын эле ошондо оңбогон күрсүгүй бадалдын арасынан мени карап отуруп кумары түшүп калганбы. Ушул ой башынан кетпеди. Кабарчыдан экинчи жашырганы бардык элден жашырганы, ал түгүл күйөөсүнөн жашырган күрсүгүйдүн алгачкы төшөктөн уурдай качканы болду.
ХХХ
Күздүкө түшкөндөн баштап Абдыбектин айылга каттамай өнөрү көбөйдү күн сайын ар түрлүү шылтоо айтып кетет да конуп калып, эртеси келет же таңга-жуук келет. Салтанат менен оңдуу да сүйлөшпөйт. Экөө үйдө болгон күндө да эки жерде үңкүйүп олтуруп үн дешпей тамак ичишкени болбосо баарлашпай калышты. Салтанаттын кылдай ишинен кыйкым таап кекетип-мокотот да турат. Салтанат канчалык жайдарыланып ортолорундагы мамилелерди оңдошко аракеттенсе да майнап чыкпады.
Салтанат ортодо бала жок ошондон улам кийинки учурда ичкиликке берилип мүнөзү бузулуп жүрөт да, " артымда калаар туягым жок болсо көр дүйнөнү ким үчүн жыйнап ким үчүн жашап жүрөм" деген ой көкүрөгүн өрттөп жүргөндүр. Тели-теңтуштары деле тамаша чынга аралаштырып ар түрлүү кеп айтышат да деп өзүн күйөөсүнүн астында күнөөкөр сезип, тили менен таягына чыдап келатат. Эки үч жолу догдурга көрүнсөм болот эле деп кеп учугун чыгарды эле "Көрүнгөндө эле майнап чыга калабы. Азыр таанышың жок догдуруң да киши карабай калган. Барган эле убараң. Көрүмүш болот да ар нерсени айтып жолуңа салат" деп көңүлсүнбөй койду. Кайдагы таанышты тапмак. Өткөндө кабарчы келгенде нечен жолу оозун таптап " Тааныш догдур таап бересизби? Ден соолугумду көрсөтөйүн дедим эле" - деп айта сактап барып токтоду. Бир келген немеге догумду артпайынчы, өзү жаш неме экен кайдан, таанышы деле бар дейсиңби деп. Анын үстүнө күздүккө түшкөн акыркы эки айдын ичинде алты кою жоголду. Абдыбек сен кайтарганда жоголду. Көзүң аккыр эмнени карап жүрөсүң деп койлорун эстеген сайын камчысын ала жүгүрүп буркулдап жүрөт. Жанынан карыш жылбай кайтарса да жок болду. Жер жутуп кеткенсип. Короодон алдырдык дейли десе ажан иттери "чычканга кебек алдырбайт" . Алты килейген койдун ың- жыңы жок болгонуна келиндин өзү да аң-таң. Болгондо да киши кара келсе соелу деп белгилеп жүргөн үчөөнүн экөө кошо жок болуп жатпайбы. Коңшу чабандардан шек санай тургандары да жок. Эч кимине койлору кошулуп же четтешкен эмес. " Сен кайтарганда жоголгон болбосун" - десе Абдыбек асман-айдай түйүлүп "Мен күн сайын санап кийирип жүрбөйүмбү. Түп-түгөл болчу" деп келет.
Малдын санаасы менен догдурга көрүнөм дегенди да унутту.
Адатынча койлорун жайыттан кечирээк айдап келип санап короого кийрип атын жайгарып жатса, сырдаш болуп анда-санда жолугушканда бири-бирине арыз- армандарын айтып калышчу коңшу чабандын аялы келип калды. Абдыбек эки күндөн бери айылга кеткен боюнча жок болчу. Экөө сөз сүйлөшө албай эле бирин-бири кажып кажылдаша бергенден тажаган Салтанат кийинки убакта Абдыбектин үйдөгүсүнөн сыртта жүргөнүн көбүрөөк самап мейличи деп калган.
Тигил аттан түшүп-түшө электе бакылдап кирди. Өзү да кызуу экен, өңү кара-көк тартып оолжуп алган.
- Ай, катын !? Сен эмне күйөөңдү айылдын бойдок катындарына аңги салдыңбы? Же эрдин кереги жок болуп калганбы?
Эмне дешти билбей шашып калган Салтанат:
- Сөзүңүзгө түшүнбөдүм, эже. (Өзүнөн 4-5 жашча улуу болгондуктан эже дечү). Үйгө кириңизчи? Үйдөн сүйлөшөлү.
- Ошол үйүңө кирип жанагы акмак аңги, кызыл камчы эриңдин кылык тарын сага айтайын деп атайы келдим. Болбосо сендей момун байкуш мурдунун суусун тарта албай жүрө бергидей.
Экөө ээрчишип үйгө кирип Салтанат күйпөлөктөп чай коюп конок каадасын көрүп жатты. Тигил болсо жаагы басылбай айтайын деп келген жаңылыгын ийне-жибиине чейин төгүп кирди.
Коңшу чабандын аялы кеткенден кийин Салтанат оюн жыя албай бир топко дел болуп отурду. Ушул кезге чейиен күйөөсүн башка аялдарга барат деп ойлобогон аңкоолугуна таңдана өзүнө-өзү кыжыры да келди.
Көрсө күйөөсү кийинки айларда айылда жашаган төрт кызы менен ажырашып келген бир келин менен жакын болуп алыптыр. Ай сайын семиз кой союп берет экен. Тигиниси үйүндө арак саткан неме дейт. Ал түгүл бир нече койду базарга сатып тигиге түркүн кийим-кече, белек-бечек алперген имиш.
Барынан да мына ушуну укканда күйдү. Бир жума мурда Абдыбек мас болуп келип, кой жоготтуң деп кызыл камчыга алып теридей ийлеген. Эгер жулунуп атып качып кутулбаса ким билет өлтүрүп да коймок беле. Көрсө короодогу койлорду өзү уурдап сатып, анан бет тырмаарлык кылып жүргөн тура. Ошондогу этине түшкөн көк ала али тарай элек. Көзүнүн жашы ызаадан буурчактап- буурчактап куюлуп кетти. Жүк бурчуна бүк түштү да буулугуп ыйлап кирди. Тээ далайга ыйлады. Көзүнөн жаш чыкпай калгыча ыйлады. Анан жатып алып ойлонуп кирди.
Өзүн-өзү күнөөлөп: "Өлүк канаңды деги мен киммин? Айбандан айырмам кайсы? Итти деле кой кайтарганды үйрөтүп койсо койлорду жайытка айдап чыгып, кайра айдап келе берет тура. Мен Абдыбек үчүн ошол иттей болуп калган экемин да. Иттен да жаманмын. Итти кызыл камчыга алып күн ара сабай берсе кой кайтармак түгүл короого да жолобой качып кетет. Мен иттен да жаманмын" . Таң аткыча кирпик ирмебеди. "Адам эмесмин да. Болбосо ой тебелеп тепсей бергидей мен талпак белем. Же сенин астыңда күнөөм барбы деп бир жолу сурабайымбы десең. Деги ошосуз жашоом өтпөй калса да".
Эрте туруп үй ичин жыйнаштырып, Абдыбектин кийимдеринен жана эркекке тийиштүү буюмдардан башкасын бүт тыкыйта таңылчак кылып таңып чыкты. Жедеп көчүп жүрүп машыккан неме бат эле ары-бери кыла койду. Анда-санда сыйга минишчү тор кашка күлүктү кармап келип аял кишилер токунганга ылайыктап өзү үчүн өз колу менен жасаган оймо ат жабдыкты токуду. Өзү да болгон жакшы деген кийимин жасана кийинип алды.
Күн көтөрүлүп шашке болгон ченде Абдыбек келди. Алыстан эле кыйкырып кирди.
- Энеңди... катын эмгиче койду жайытка чыгарбай кыра турган болгон тура!
Салтанат үйдөн чыга келгенде жасанып алганын көрүп, таңдана карап калды:
- Эй энеңди... Сен эмне мени өлдү деп ойлоп, кара-ашыма камданып алгансыңбы? Же күйөө издеп чыкканы жаттың беле?
- Жок. Сени өлдү деп укпай эле айылдан жаш кыз алып койлорун күргүштөтүп айдап барып семизин союп, калганын сатып ай көл, сүт көл той берип жатыптыр деп угуп, тоюңа барып коеюн деп даярданып жаттым эле. Кер какшыкты укканда Абдыбек делдейе түштү.
- Эмне энеңди... Көп дөөрүбөчү. Келжирегениңди коюп, койду жайытка чыгар.
- Жаш катыныңды апкелип бактырып ал. Төрт жардамчысы да бар дейт го.
- Жаагыңды бас дейм. Болбосо... Көнгөн адатынча камчы шилтеп калды эле Салтанат билегин тосо койгондо камчы ороло түштү. Чап кармай калып күч менен катуу силккенде бүлдүргөсү билегинен чыкпай, мындайды күтпөй ээрде бош отурган Абдыбек кандай телп деп учуп түшкөнүн билбей калды.
Салтанат шашпай басып барып тор кашка күлүтү минди да ойдолотуп бастырып келип ордунан очорулуп тура албай жаткан Абдыбекке:
- Өзүң сатып, союп куруткандан бөлөгү короодо түгөл турат. Жүктү болсо таңып койдум. Эртең же бүрсүгүндөн келип өзүмө тийиштүү мал-жаныма кошуп алып кетем. Экөөбүздүн сөз ушуну менен бүттү. Мени төрөбөйт деп чанып, төрөгөн катын ала турган болупсуң каршылыгым жок.
Кепти ачык айтып жасасаң болмок. Жаман катындарча күйпөлөктөп тымызын жасабай. Төрөбөгөнүмө билсең өзүң күнөөкөр элең. Эми деле жок дегенде догдурга бир көрсөтүп туруп түңүлгөндөн кийин "төрөбөйт" деп чансаң болмок. Канча жыл чогуу жашап, тепкилесең да баарына чыдап келдим эле сыйды билбеген акмак экенсиң! - деди да аттын башын шарт буруп, айыл тарапты көздөй тор кашка күлүктүн оозун койо берди. Карагат каректеринен он талаа ызанын жашы куюлуп туруп ушинтип айтты.
Боз ала чаң болуп ордунан тура албаган Абдыбек чөк түшкөн боюнча оозуна сөз кирбей тили күрмөгө келбей жалдыраган боюнча калды.
Ак шалы чоң жолугу шамалга желбиреп жайылган Салтанаттын карааны улам алыстап баратты. Тор кашка күлүк чуркабай эле учуп баратты окшойт. Салтанат менен кошулуп денесиндеги бүт даремети кеткенсип Абдыбек очорула ордунан кыймылдай албай койду...

#50 27 September 2017 - 13:07
Урматуу аким Чолпонбек Абыкеевтин "Ай менен жарышкан автобус" деген чыгармасы бар ошол сизде болсо илип койбойспу сураныч.

Супер-Инфо
super.kg
видео