Менин уч уулум бар ,тортунчусун периштедей кыз тородум эле бир жашка чыгып мени сыздатып таштап кетти,кызым козумо ушундай сулуу корунот эле азыр тирик адам экеними деле унутуп калып жинди адамдай кызымын суроту менен суйлошуп жашап калдым.Эч бир эне мага окшоп сыздабасынчы ичим ортонуп кетет ,кээде ушундай эч ким жокто кылыктарын эстеп алып бакырып ыйлайм ,сагындым ушундай сагындым,тушумдо ыйлап мени издеп карангы уйдо жургон болот журогум тез тез согуп озуму контроль кылалбай калам ойгонуп туну менен ыйлап чыгам.Ошентип журуп бойумда болгонун билбей калыпмын азыр кичине ичимдеги бала учун ыйлабайм дейим бирок баарыбир кызымы эстесем озуму башакаралбай титиреп кетем.Беш ай болдук тороп алаксыбасам жинди болуп каламбы деп корком.
Сабыр кылыныз, аза кайгынызды тен болушойун...
Кайсыл карышкырды баксан, кайсыл тарапка дитинди койсон, ошол нерсе басымдуулук кылат демекчи, откон ишке салават, келечектеги бопонуз учун кызыныздын суротун бекитип коюнуз, тороп буткон сон ачып карайсыз балким. Ага дейре ичиниздеги баланын акысын алдырбоо учун, конулунузду бир гана болочок наристенизге арноо учун кызыныздын элесин журокко теренирээк бекитуу керек болот. Унута албайсыз, бир омур унутулбайт, бирок откон кайра кайтып келбейт тура, бешенениздеги сизден мээрим куткон уч баланыз, ичиниздеги чурпону учуп кеткен периштениз учун артка жылдырып салганынызга кийин окунуп калбагыдай болуп дитинизди салууга улгуруп калыныз.

Супер-Инфо
super.kg
видео











