***
Мына ушулндан көп өтпөй эле эле үчөө Кумайык таптаган жалгыз аяк жол менен
тээ тигинде, кудум шаардын күрөө тамыры окшоп суналып жаткан кара жолду карай
эрчишип баратышты...
Улам арттагы экөөнө кылчайып карап ордуна эмес эле. Окуяны кандай кылып
чемелөөгө акылы жетпей, тунгуюкта келатты. Антсе да, көүрөк-көңүлүндөгү быкылдаган
эсеби көп суроолорго каяктандыр,
кандайдыр жооп алгысы келип баратты...
А бирок, ал жооптун баарын Жаркынай тээ кийин-кийин,
жапайы балага адамча
тил бүтүп, адамча кош аяктап басып, адамча жатып-туруп,
ак-караны боолгоп, акыл-эси
киргенден кийин гана алмак...
Айтмакчы, ошондой күндөрдүн бир күндөрүндө Кумайык эрчитип кирип келген
наабайчы да Кумайыктын кимге, эмнеге нан ташып жүргөнүн түшүнөт.
Чындыгында,
ит-эненин адамчасына качандыр Жаркынай экөө ата-эне болуп
калары анын үч уктаса анын түшүнө да кирген эмес...
Бирок, өтө өкүнүчтүүсү,
баары жай-жайына келип, анын жакындарынын баары
бактылуу жашап калган кезде, “Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт” болуп, Кумайык алардын
жашоосунан эчак “кетип калып”, өзүн билгендердин эсинде дагы эле каяктадыр жашап
жүргөндөй болуп кала берет...
Ал эми азыр, ит-энесине куйрук улай, төрт аяктап тепилдеген баланы, улам бир
жерден токтой калып, адамчасын жалап-жуктап коюп соңунан келаткан Кумайыкты
кылчайып карап, букулдап ыйлагысы келип, бирок анте да албай, тек гана жаагы ылдый
салааган көз жашын улам бир алаканы менен арчып, алдыда баратты адам-эне...
Аягы
- (2 )
-
- 1
- 2
"Кумайык" Жыпар Исабаева.Повесть.
#22 19 September 2017 - 15:37
Сонун чыгарма экен, бир дем менен окуп чыктым, колун дарт корбосун Мега айым! дагы ушундай чыгармалардан кутобуз.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео









