Суперстан: Ажырашуудан кийинки абал - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ажырашуудан кийинки абал Ажырашуу

#21 Пользователь офлайн   Markita   23 Сентябрь 2017 - 22:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 14 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 01:31

Просмотр сообщения ashamkan (23 Сентябрь 2017 - 20:42) жазган:

Менин башымдан отту бул кундор ал кундорду эстештин кереги жок дейм балдарымды багып алам дейт элем бирок атанын мээримин бере албайт экенмин азыр балдарым атасын эстешпейт соз кылышпайт чонойгондо айтам баарын эки балам эки жакты карап оздорунчо буулугуп ыйлашканда кирерге тешик таппай калам го окуном неге мындай кылдык деп куйоом кайра жарашам деп келсе кайра жарашам балдарым учун


Сиз балдарыныз эс тартканда ажырашкансызбы? Анан балдарыныз атасын сагынып ыйлайбы же жон эле буулугавы? Мен да садике алып барганда атанар барбы толук семьясынарбы дегенде не дешими билбей оа командировкада дегем. Эгер жок десем элден кемигендей сезилип кетти.чын эле обществада жарты адамдай болуп калавы балдарым деп ойлонуп кетем. Кемсинтишет бекен же атан жок деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   ashamkan   23 Сентябрь 2017 - 22:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 02 Май 17
  • Соңку аракети: 08 Сен 2019 16:24

Просмотр сообщения Markita (23 Сентябрь 2017 - 22:12) жазган:

Сиз балдарыныз эс тартканда ажырашкансызбы? Анан балдарыныз атасын сагынып ыйлайбы же жон эле буулугавы? Мен да садике алып барганда атанар барбы толук семьясынарбы дегенде не дешими билбей оа командировкада дегем. Эгер жок десем элден кемигендей сезилип кетти.чын эле обществада жарты адамдай болуп калавы балдарым деп ойлонуп кетем. Кемсинтишет бекен же атан жок деп.

жок балдарым жаш 3-5 жашта озуно куч чогулт эрктуу бол ажырашкан бир сен эмес бирок жарашканга аракет кылсан болбойбу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Aijamal_95   24 Сентябрь 2017 - 10:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 30 Май 14
  • Соңку аракети: 22 Фев 2021 10:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Жалал абад

Менинда башымдан откон ажырашуу. Уагында каттуу депретция болдум. Ажырашунун себебинда билбей калдым. Ата энемдин жардамы м.н ажырашуну жендим. Менда такыр уйдон чыкпайт элем. Озумду 2-сорт адамдай сезет элем. Шугур кийин турмушка чыктым кыздуу болдук. Жолдошумда ойдогудай эн негизгиси суйот, сыйлайт. Анча мынча кыйынчылыкты эсепке албаганда жашоом жакшы. Ажырашканыма суйуном ажырашпаганда бул жолдошума жолукмак эмесмин. Ананда алыска турмушка чыкам. Менда жолдошумду, кызымды эл козунон алыс кармайм коз, соз тийбесин деп. Ажырашуу м.н жашоо токтобойт экен. Жашоо улана берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Sweetdream   24 Сентябрь 2017 - 15:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 312
  • Катталган: 24 Март 14
  • Соңку аракети: 18 Дек 2020 02:10
  • Жынысы:Аялзаты

Ажырашуу менин да башымдан откон. Мындан так 1 жыл мурунку абалымды эстесем, дагы деле журогум сыгылып, озумду койгонго Дер таппай кетем. Досторум менен такыр мамилемди токтотком,анткени уялат элем. Уйдон да чыкпай калгам. Бир жерде отурган бойдон кечке отура берчу элем. Ошол кезде мага бироо суйлосо деле укчу эмес экенмин, жанагы психически больной кишиге окшоп. Апам, бир-туугандарым аябай коркушуп, молдого алып барып окутуп журушту. Кээде олуп алгым келчу, козумо жиптен башка эч нерсе корунбойт эле ошол кезде. Ойлойт элем, жок дегенде Бир балам болгондо жарашып калмак белек деп.
Эн жакын бир досум бар Москвада болчу. Кун алыс чалып абалымды сурап турчу. Ал чалган сайын ыйлап-ыйлап алат элем.
Мектепте мугалим болуп иштейт элем. Жумушумду да таштап салдым.
Уйдо журуп аябай чунчуп кеттим. Комнатамды капкарангы кылып жаап алып ыйлап эле жата берчумун. Бир жарым айдын ичинде соогум эле калды. Уйдогулор кенешип, мени шаарга жибермей болушту.
Акем, эжем-жездем болуп чогуу турушат болчу. Келээрим менен эжем озу иштеген жерге мени да жумушка киргизди. Эртен менен тан атпай кетип, кечинде кеч чарчап келип уктап калам. Кундо ошол. Ойлонгонго Бир да бош убакыт жок журуп, баары унутулду, жараат эскирди. Азыр баары жакшы.
Бирок, сутко оозу куйгон айранды уйлоп ичет болуп, турмушка чыгасынбы деген созду уксам кадимкидей коркуп кетем. Аябай корком.
Krasota-svetitsya iznutri...[size[font=" Tahoma"][/font]=" 4"][/size]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Aijan06   25 Сентябрь 2017 - 14:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2021 17:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Менин да абалым ушундай. Мен да элдин созунон качып алыста журом. Менде да бала жок. Бирок эч окунбойм азыр. Келечектен умут узбойм. Баары жакшы болоруна ишенем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   jaskaaa   28 Сентябрь 2017 - 12:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 67
  • Катталган: 25 Март 15
  • Соңку аракети: 19 Дек 2023 14:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-балта.

Достор менде да ушул көйгөй болуп жатат!
Балдарым бар! Канча жылдан бер батирде туурабыз. Күйөм ала качып кетип үйлөнгөнбүз. Күйөм ичсе токтобойт. Жумушума чеин барып уят кылат. Туугандарга төркүндөрүмө уят болуп бүттүм.
Соо кезинде андан жакшы адам жок. Ичип алса чогулткан акчаларды ичип чачып иет. Өзүм банкта иштейм. Жумушум аркылуу мага оформление кылып кредитке машина алган элек. Аны болсо талкалап жүрбөй калды! Өзүм телпилдей берип чарчап бүттүм, Кызгачаак. Андан көрө ажырашып тынсамбы ?Ох балдарым чайналып калабы деп эле корком Көнүлүмда катуу калды.Ата-энем да жаман көрүп калды.Ушу арактын азабы? Күндө мас. Чарчап кеттип. Ичип алсада уйку жок. Аракты такыр сатпай койушса мынча азап чекпейт элек. Азыркы учурдада соолуктуралбай убарабыз. Жыл сайын кайталап турат жоругун.

Билдирүүнү түзөткөн: jaskaaa: 28 Сентябрь 2017 - 12:36

[font="Arial Narrowмш"][/font][color=дм" #00FF00"][[color="#00FF00" ][/color]/c[color="#2E8B57" ][/color]olo[color="#00FFFF" ][/color]r]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   aylun   29 Сентябрь 2017 - 18:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 09 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2018 16:00

Ажырашаарда жакшы ойлонуп, чечимге ишенип ажырашуу керек экен. Мен ажырашкан балага турмушка чыккам. Бирок канча жыл отсо да мурунку аялы турмушубузда пайда болуп турат. Ортолорунда кыз бар. Багып алгыла мен жанымды кыям деп кат жазат, бирде сотко арыз жазат, квартирама акча жетпей атат толосун деп. Жолдошум колунан келишинче каралашат, бирок кызын каалаганда коро албайт. Ар кайсы шылтоону айтып кезиктирбей коет. Базардан эмес бутиктен кийим алып бер деп турат. Мен сенин жашооно тынчтык бербейм деп айтат экен. Жарашып деле жашап алмак окшойт деп ойлоп кетем. Мен тоскоол болгондоймун. Бирок алар чогуу жашабай калгандан кийин 2 жылдан сон таанышып дагы эки жыл суйлошуп баш кошконбуз. Же турмушка чыгып кетпейт. Башында жолдошума кызына барып тур, атасын билип оссун деп турчумун. Азыр ал барбайт такыр мен да айтпайм. Кызына эле жалко. Мотурайган сонун кыз. Бир жолу уйго келип папасы менен суйлошуп отурат, папасы сени маман мага корсотпой алып кетип калган десе, ошо, мен моягым менен (чекесин корсотуп) ойлоно берем да, папам эмнеге келбейт деп коет байкуш ((( ошон учун балдарды ойлош керек экен биринчи. Колдон келсе ажырашпай эле койгулачы. Баарын сабыр менен женсе болот. Озгочо материалдык жактан карап ажырашам дегендерди айтам. Менин жолдошумдун мурункусу дагы келген жерин тенсинбей журуп кеткен дешет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Numi   09 Октябрь 2017 - 00:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 16 Июнь 10
  • Соңку аракети: 21 Фев 2022 01:45
  • Жынысы:Аялзаты

Салам форумдун катышуучуларына! ажырашууну эч кимге каалабайм! бирок мени ошол жолго туртку кылды тагдырым(бирок эки жаш балам менен бут баарына чыдап женип келатам бул менин тандоом болду сыноосуна да сынбаганга аракет кылам главное жолдон адашпообуз керек и все Кудай деген Кур калбайт ар бир баскан жол балдарыбызга тарбия болот!мен бактылуумун мин ирет шугур кылам Жаратканыма
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Nurzida90   11 Октябрь 2017 - 09:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 07 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 26 Дек 2017 10:01

Ажырашпаганга аракет кылыш керек,Эгер ортодо бала болсо,менде да эки балам бар куйоом аябай катуу кызганат даже уйумо жибербейт уйго барам десем эрте мн алып барып кайра после обед алып келет.Уйдон кошнанын уйуно да чыгарбайт кочодо эркек тиктеп койсо же званок кылса албай калсам да кызганып Ким келди уйго не албайсын деп чыр чыгарат,ошондо менда жашап кете албайбыз деп ажырашууну ойлоп калам бирок балдарымчы деп чыдап жашашка аракет кылам,улуу балам 1класс кызым 4жарым жашар азыр торосом жашообуз жакшы болбой уруша берсек деп торобой жургон убагым,мындай кызганган эркек аз болсо керек туугандарга кошпойт уйумо алып барып алып келет,достору мн олтуруштарга алып барбайт озу барат,анан шекший берет жумушка барып алып звандайт уйго эчким келбедиби чын айт Ким мн суйлоштун деп ошого кызганганы калабы же ажырашсамды деп ойлоп дагы бир чети шайтан азгырып жатат мени деп балдарым учун жашайм деп озумду сооротуп келем,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Ali.na9595   11 Октябрь 2017 - 14:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 22 Март 17
  • Соңку аракети: 27 Дек 2018 06:22

Азыркы учурда үйлөнгөндөн ажырашкандар көп сабырлары жок жаштардын өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн ажырашышат балдарын ойлоп да коюшпайт ажырашкандар стреске кабылдым деп коюшат а балдарыңарды кандай стреске түшкөнүн билесиңерби силер кыпындайда кабарыңар жок күлүп жүрүшсө эле ии баары жакшы деп атасыңарда андай эмес толук кандуу үйбүлөөлөрдү көрүп жүрөктөрдү жарылат менин эмнем кем неге менин үйбүлөөм мындай эмес деп эркек балдар бойго жеткенде терс жолго кете башташат ичишет чегишет кыздарда ошондой болот жаман жолго кетишет Б алдарыңардын бузулушуна өзүңөр себепчисиңер ажырашкандар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Sweetdream   12 Октябрь 2017 - 23:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 312
  • Катталган: 24 Март 14
  • Соңку аракети: 18 Дек 2020 02:10
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Ali.na9595 (11 Октябрь 2017 - 14:45) жазган:

Азыркы учурда үйлөнгөндөн ажырашкандар көп сабырлары жок жаштардын өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн ажырашышат балдарын ойлоп да коюшпайт ажырашкандар стреске кабылдым деп коюшат а балдарыңарды кандай стреске түшкөнүн билесиңерби силер кыпындайда кабарыңар жок күлүп жүрүшсө эле ии баары жакшы деп атасыңарда андай эмес толук кандуу үйбүлөөлөрдү көрүп жүрөктөрдү жарылат менин эмнем кем неге менин үйбүлөөм мындай эмес деп эркек балдар бойго жеткенде терс жолго кете башташат ичишет чегишет кыздарда ошондой болот жаман жолго кетишет Б алдарыңардын бузулушуна өзүңөр себепчисиңер ажырашкандар

Тааба кылбай, тообо кылыныз.
Жаш эле экенсиз, жаштар сабырсыз деп жетимиштеги кемпирдей суйооптурсуз го.
Андан коро тообо деп, эртенинизди тилениз Жараткандан. Муну деген тагдырдан дейт. Эч ким билбейт келечегин.
Мисалы, эч Ким бугун турмуш куруп, эртен ажырашайын деп уй-було курбайт, чынбы?
Krasota-svetitsya iznutri...[size[font=" Tahoma"][/font]=" 4"][/size]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Angel92   13 Октябрь 2017 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Просмотр сообщения Sweetdream (12 Октябрь 2017 - 23:41) жазган:

Тааба кылбай, тообо кылыныз.
Жаш эле экенсиз, жаштар сабырсыз деп жетимиштеги кемпирдей суйооптурсуз го.
Андан коро тообо деп, эртенинизди тилениз Жараткандан. Муну деген тагдырдан дейт. Эч ким билбейт келечегин.
Мисалы, эч Ким бугун турмуш куруп, эртен ажырашайын деп уй-було курбайт, чынбы?

Менимче табалабай эле "балдарынарды ойлоп,сабырдуу болгула"деп жакшы эле соз айтты окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   raia   13 Октябрь 2017 - 08:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ажырашуу...
Ажырашуу азабын мен бала кезден сездим.Бала чак деген ангемемде жазганымдай атамы кутоор элем,зарыгып кутоор элем.Ушунчалык сагынар элем.Куса болгонумду мындан бил шамал болсо шамаалга жалдырайт элем мени атама учуруп кетчи,мен жаанга жалдырайт элем мени атама ала кетчи,мелмилдеп турган колго жалдырайт элем,кол мени атама алпарчы толкундарына айтчы деген кундорум эсимде.Бирок ата деп эч бир жанга билгизбейт элем анткени бала болсом да сезет элем тайларым атамы жек корорун.Тайэжелерим атамы канчалык жаман дешсе да кичинекей журогумдо мен атамы жакшы деп ичимен кайяша берер элем.Ачык айта албайт элем Мен ошондо болгону 3-4 жашта болгон экем.Кийин тайатамы ата деп мен атамы унуттум.Бирок мен дайыма бир тушту коро берер элем.Кара плаш,кара шляпа кийген киши мени которуп,машинадан тушуп, бир аялга бергенде,жакасынан тырмышып кармаганым анан,анан колум ооруп,колумдун оорусунан ойгонуп кетер элем.Бул туш мен 20 га чыканга чейин кирер эле кундо кирбесе да жыл отуп,айлар отуп кирет эле.Тушуно албай тан калат элем.Акыры апаман сурадым,мен ушундай туш кором десем.Апам аябай тан калып.
- Тобо кызым сен анда уч жашка да чыга элек элен ошол эсиндеби? Мен ажырашып келгенде атан бизди озу узатып келген.Сени ото жакшы корор эле.Балыкчыдан келгенч бооруна басып кучактап келген.Кетип атканда сен чырылдап жакасына жармашып алганда чыдабай кетип,сени эжеме берип туруп машинага отуруп,ыйлап кеткен.Сен басылбай чырылдаганынан карасак тырмактарын сынып кетип,канап атыптыр.ошол эсинде калыптыр да деген.Кордунорбу баланын тарткан азабын.Жол караганым,эшике чыгарбай койсо терезеден телмирип кутконум элес булас эсимде....
Атага аял табылат балага ата табылбайт дешет го.Мага ата табылды,жаныман артык коргон тайятамдын боорунда эркелеп чонойдум оз энгем ким экенин билбей чонойдум
Бирок бакма ата энемдин козу откондо баардык чындык калпып чыкты.Мен ошондо жаман кыйналдым бир оскон тайэкемен мээрим издедим,оз энемден мээрим издедим бирок арман ай тайятам менен тайэнемдикиндей мээримди мен эч кимден таба албай 10 жашымда жаман кыйналдым.Сагынуудан сыгылуудан мен оорукчан болуп чонойдум.Аз кандуулук оору менен оруп эчен кыйналдым...
Мен бой жеттим дайыма атасыз кыз дебесин деп жалтан остум...Ар бир кадамымды басардан мурун ойлоп бастым.Буга окшогон тагдыр ажырашуудан келип чыгат.Ата эне айрыкча эне балдарын ойлобой,торкунго качат.Торкун бала учун жээн.Эмнеге жээн келгенче жети бору бир келсин делет.Жээн эл болбойт,бучкак тери тон болбойт дешет.Кадимден калган соз.Жээн эл болбойт анткени ата журт деген бар каны тартып турат.Тага журтка билгизбей,энене сездирбеген менен ата журтунду коргондо журогун каттуу согуп,ичинен имерилип турасын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   raia   13 Октябрь 2017 - 09:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен бой жетип турмушка чыктым,эне болдум.
Бечелге жотолдун не кереги бар дешет.Мен бечел жаштыгым менен коктугумо салып бир элден бир элге келин болдум.Ал учурда мен эки элдин бири бирин суйбосун,жек корорун билбеген экем.Мен аркалык болуп бутум ак босогону аттаган куну кайын акемен адам чыдагыс соз уктум.Ак никебиз кыйылбай туруп чыр болду.Кайын атам жакшы киши эле ошол атам мени сактап калды.Никебиз чыр менен кыйылып,мен келин болдум.Эки жыл дегенде уулду болдук.Мурун намыс учун чыдадым.Оштуктар айдап ийиптир сооп болот бизди чанды эле деген создон намыс кылдым.Балалуу болдум баламды менин кунумду корсотпойун дедим баарына чыдадым.Кээ бир жерде эси жок адамдар аркалыксын деп адам ордуна корбогондо бир куйот элем,аркалыкты баары бир кетиртебиз дегенде бир куйот элем.Коп ойлонот элем жаманды да жакшыны да ойлойт элем.Аркалык баары бир бир куну алып кетесин дешер эле.Аркалык бечара кетпегенде не кылсын акасаклы баш болуп,жаш баласы тош болуп аркалыктарга асыла берсе,аския кылып аркалыктарга таш ата берсе ошон учун да качышса керек да.Бирок мен антпедим жанталашып баш панек издеп Оштун озуно качтык.бир аз болсо да алыс.Когоруп журуп,ойлонуп журуп жакшылык менен баарын жендим.Корсо адамды бир кана жакшы мамиле,жакшы сый,белек берип конулун которуу,башына иш тушкондо мурункуну кектебей,чын журогунон жардам берсен акыры сен женет экенсин.Мен ошонтип жендим.Бир кезде ото ото капа кылган адамдар кийин жыл отуп биздин келинибиз эмес кызыбыз деген даражага жеттим.Атам раматылык бейиши болгур.
- Балам кекти капырга берген,кекчил болбо,деп эчен ыйлап отурган жериме барып сооротот эле.
Корсо атам рас айткан экен,кектей берсен,эстей берсен биринчиден ден соолуктан ажырайсын,экинчиден нерв жукарып,тилин чыга баштайт анан кайын журтка болбосо омурлук жолдошуна жек коруносун.Ошон учун сабыр кылып,тобо кылып,жакшы нийет кылып бир аз жыл чыдап койсон,таш менен урганды аш менен урсан баарын женесин.Айдын 15 жарык демекчи жарык кун да жарк деп кирип келет ошондо да сен жакшы болсон баарын акылга салып кечире билсен.
Бул турмушта нелер кана болбойт,башына не кана сыноолор келбейт.
Оштугум окурто ичип.бир туугандарынан ажырап жангыз калды ого бетер женилип турмушум кара кунго айланды.
Сабыр,сабыр чыдайын бул адам менен 25 жыл турмуш куруп эми куда кутуп небере суйуп атканда,чыдайын, жакшы кунун кордум жаманына чыдайын деп эчен сыздадым.Аллахыма эчен жалынып сурандым.Аллахым дитине салдыбы 12 жыл болду ичкенин токтотту.Чындап келгенде жакын тугандарыбыз деле билбей калышты.Бир кана озум,балдарым менен бул азапка чыдадык,жабылуу аяк жабылуу бойдон калып кобу билбей калды.
Бир кездеги аркалык жек корунду келин, азыр очор бачар Оштук эне болду,чон эне,тайэне болду, Кайын журтумда аксакалдар барсам кел келегой деп урмат кылат,жаштар чон апа деп сыйлап турат.Аллахыма шугурчулук калдайган кайын журтум бар менин конулум ток,чындап ойлонсом мен бактылуумун. ..
Бул бакытка жетиш учун эчен тосмолордон оттум,эчен сыноолордон отум балдарым.
Ата тышкы тон,эне ички тон делет.уйдун очогоун очурбой кармап калыш,узулгонду улап,чачылганды жыйнап калыш кобунчо аял затынын милдети...
Бул турмуштун чындыгы кыздарым бирок капа болуш жок.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 13 Октябрь 2017 - 09:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Nuridin44   13 Октябрь 2017 - 09:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 26 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 17 Дек 2017 11:35

Просмотр сообщения Bintu.Ibrahim (20 Сентябрь 2017 - 23:32) жазган:

Ээх туугандар мен дагы бугун эртен ажырашам деп турам.Буйруса баары жакшы болот деп озумду озум даярдап турам.Тан аткандан заарканып атам.Себеп тандын атаары менен жук тагымды алып келгени турам.Балам менин.Аталап жаны тынбаган балам кантээр экен.Балам учун жашайын деген менен озумду бир нерсеге дуушар кылып аламбы деп корком.Мээм ажырашууга даяр болгону менен журогум кандай кабыл алаар экен андан кийинки кунду.Биле албай убарамын.Журогум кал деп айткансыйт да тообо:(((



Ажырашуу деген ойду алып сал ,калганы жакшы болот.Ажырашкандан кийинки жашоонду элестетип корчу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   airada   15 Октябрь 2017 - 21:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Мен дагы жаны ажырашып келгенден кийин сыгылып, кыйналып журдум. Мынтип жургон болбойт деп баламды садике берип озум иш издеп бир жыл дегенде жумушка кирип иштеп калдым. Ажырашканыма 3 жыл болуп калды. Эми жакшы бала болсо турмушка чыгышты ойлоно баштадым, бирок кызыгы башка балдар менен суйлошуп тил табышып, эми турмушка чыга берейин деп чечим чыгарганда кайра болбой калат.
Ошондо ойлонуп калам куйоом менен тагдырым бир окшойт, барыбир жарашат окшоймун деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Naziko_Bayazet   21 Октябрь 2017 - 16:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 22 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2017 08:58

Просмотр сообщения Markita (20 Сентябрь 2017 - 01:46) жазган:

Саламатсынар урматтуу форумчулар! !!А жырашкандан кийинки акывал кандай болот жаза кетсениздер кимде ким башынан откорсо. Жана кандай кенештерди бере аласыздар. Кутом.

Ажырашкансызбы же ажыраша элексизби , билбейм. Эмнеси болсо да бул жерге полный историянызды жазбай эле койуңуз. Мен да жолдошум менен кичине таарыныша кетип эң жакын курбума айтсам суперстанга жазыш керек пусть баары билсин ким кандай экенин десе өзүм кыжаалат болуп турган жаным логин , парольдоруму берип ал тема ачып барынча жазып салыптыр. Мен ага ишенем азыр деле байкуш мага күйүп ачуусу келип жазып салыптыр . Номериңи жазып койдум поддержка беришет деди, беришти убагында. Эми өзүң кир бир эже жаман кылды темаңды жаппасак болбойт деп калды. Тааныштарың жокпу десе , бир эле жеңе бар эч ким кирбесе керек жаза бер деп макулдугуму берген элем. Көрсө бул жерге баары кирет экен. Өздөрү ажырашкан же болбосо өздөрүнүн эже-сиңдилери ажырашкан адамдар айта баштаганда ушу тема эсиме келип кетти , кызык мен эч кимге айтпадым эле алар кайдан угушту деп тан калдым. Көрсө ушакчынын баары суперстанда экен))) Ошого сак бол. Адам өзүнүн башындагы чөптү көрүп бирөөнү табалабаш керек. Айткан адамдардын өзүндө да кыз бар алардын пешенесин бир Аллах билет. Ошо ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Sagizgan   26 Октябрь 2017 - 00:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 931
  • Катталган: 28 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 23 Янв 2024 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тез тез озгорулуп турат

Ушул теманы ачканда Назикону Жен совет группага кошуп акылдуум болуп кенеш да берген болчум.Эми ошол кенештерди озумо айткан адам жоок.Башына келгенде ээч бир кенеш же бир акылдуу ой деле меене кирбей же синбей калат экен.Ошондуктан оз башына келбейин эч нерсени тушунбойт экенсин да.
[color="#006400" Куйуту жок кулуп журот дебегин, Куйутумду кулуп журуп женемин!!!!?[/ color]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Stella_1   26 Октябрь 2017 - 03:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 537
  • Катталган: 24 Январь 14
  • Соңку аракети: 24 Авг 2020 07:49

Ажырашуу кандай азаптуу оор нерсе.башыман отуп журот,ушундай кыйналам балам болгондо деп арман кылам,жашоонун маанызы кеткендей аракет кыласын алаксыганга но иногда срываешься ыйлап ыйлап аласын...уф не могу жазганга да дарман жок ый только
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Angel92   26 Октябрь 2017 - 13:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Просмотр сообщения Stella_1 (26 Октябрь 2017 - 03:01) жазган:

Ажырашуу кандай азаптуу оор нерсе.башыман отуп журот,ушундай кыйналам балам болгондо деп арман кылам,жашоонун маанызы кеткендей аракет кыласын алаксыганга но иногда срываешься ыйлап ыйлап аласын...уф не могу жазганга да дарман жок ый только

Жаман болуптур.Сизди эстедим эле кечээ эле.Эмдигиче балалуу болсо керек деп.Кайгырбаныз, алдыда жакшы кундор кутуп тургандыр
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 03:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: