Суперстан: Таза сүйүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таза сүйүү

#1 Пользователь офлайн   bikusim   28 Сентябрь 2017 - 19:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Салам форумчулар. Комментарий, сын пикирдин кереги жок. Жон гана жазып жатам. Каталары болсо кечирим сурайм.

Жашоомдо таттуу да ачуу да кундорду баштан откордум десемда болот.
Аркага коз жугуртсом таттуу балалылым келет коз алдыма. Ушунчалык тентек болуптурмун деп ойлоп калам. Ошол эле учурда апама да кол кабыш кыла койчумун. Уй жумуштарына, бакчага. Уйубуздун алдында жузум, алма, алмурут деги эле бут нерсени тигип койгонбуз. Жашылча жемиштерди да бар болчу. Кундун ысыгында тушто апам уктатчу бизди. Апамдын жанында козубузду жумуп, апамды уктатып качып кетчубуз. Сууга тушчубуз. Ылайланып аккан суу болор эле жаныбызда. Ошол суудан чыкпай жайды откорчубуз бир туугандарым менен. Апамдын колу катуу болчу. Сабап уруп жатса деле эртеси ошол корунуш. Атам кундузу дээрлик уйдо болчу эмес. Кеч кирип калганда жумуштан келишин кутуп, уйдун алдында тизилип отурчубуз. Атам келгенче уктабай отура берчубуз, кеч болуп кетсе да. Эмнеге экенин билбейм азыр. Эшикте апам бир туугандарым болуп инилерим уктап калчу. Апамдын бутуна жолонуп.
Мектепке бардым алты жашымда. Башкача сезимдер, башка чойро. Бир мен тааныбаган кыз конгуроо какты. Ал менин классташ кызым экен. Суктанып апамдан сурадым эмнеге мен конгуроону какпадым деп. Анын чон энеси эжекеге белек жасап кетиптир. Мен жакшы окусам акыркы конгуроодо мен кагарымды айтты. Ошол кундон баштап окуучу атка конуп, Жакшы окуганга аракет кылып жаттым. Ооба жакшы окудум. Биринчи класста жаны жылда стипендия алдым. Акыркы конгуроодо артыкчылык баракчасын алып, конгуроону кактым.
Кийинчерээк башка мектепке которушту Ата Энем. Жашообуз Жакшы болгону менен. Кыйынчылык учурлар болбой койгон жок. Мен ооруп калдым. Экинчи жолу сарык оорусу менен. Коп отпой атам машина менен баратса, атам жактан машина келип сузуп жаракат алды атам. Коопко ооруканада жатты. Атамы коргону барып, коруп алып суйлой албай ыйлаганбыз. Кудайдан тилейт элем атамдын айыгып кетишин. Ушунча оор кундор Келди кыйналдым деп. Бирок алдыда мындан да оор кундор бар экенин билбегем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   bikusim   28 Сентябрь 2017 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кийинчерээк чон эне, чон атама каралашкан киши жок иним экообузду ошол жака жиберди. Кайра башка мектеп, башка чойро. Окуп жашап журдум чон атамдын уйундо. Чон атам менен чон энем камыр тамак эле жей беришет. Кундо камыр жайып тамак жасайбыз. Ата апама айтам камырдан тажадык деп. Алар башка азык тулук алып келип берсе деле камыр жасайбыз. Камыр жей берип семирип да кеттим. Жайында жайлоого барышат чон атамдар. Бизди да кошуп алып чыкмай болушту. Барбайм, жайлоо суук деп отуруп бардык. Таза аба, жап жашыл чоптор, арча карагай ушунчалык кооз. Жыл сайын барып келчубуз ошондуктан жайлоонун туйшугунон качып барбайм дедим эле. Чон Энем кыйын аял болчу. Он баласы бар. Жайында ыссыкта куйкалабай балдарды деп жайлоого алып кетчу бизди. Он баласынын бирден экиден балдары барса да он беш жыйырмага жакындап калабыз.Он бешибиз бир боз уй, бир чатырда жашайбыз. Болунуп жумуштарды жасайбыз. Отун тезек терип, курут жасап, суу ташып дегендей. Эн кызыгы туну ойун ойночубуз жаштар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   bikusim   28 Сентябрь 2017 - 19:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ошол кундордо ойунга чыктык. Марал деген бир кыз бар эле чын эле маралдай сулуу, чачы узуун. Маралга айтып жатышты кыздар " Эмил келиптир Марал. Экоон соонун келишкен парасынар" деп. Ошол замат жаныбызга эки бала басып келишти. Бири Эмил бироосу Асан деген бала экен. Экоо менен таанышып алып, ойун болчу тарапка карай бастык. Асан менен таанышып жатканда бир аз жаман суйлоп койду мага. Таарынып калдым ичимден. Бирок ойноп журсок мага келип суйлоп, менин жанымдан жылбай калды. Анын суйлогонуно эле жиним келип жатты.
Туну ойноп жургон жерден чон энем келип бизди алып кетмей адаты бар эле тилдеп. Болду уят эле кыздар балдарга деп аран токтотчубуз. ))
Конулубуз калбай кундо чыгабыз. Кудай жалгап ошол куну чон Энем келбеди. Ойноп жатып Марал менен Эмилди карап койуп жаттым. Маралдын жанынан Эмилди таппай калып эки жагымды карап жаттым. " Кимди издеп жатасын" деп менин аркамдан келе жаткан Эмил сурап калды. Кулуп унчуга албай туруп калдым. Жайлоо жактыбы деп сурай койдум. Жакты мен кооп жылдан бери эле келем. Сага жактыбы деп менен сурады. Менда коп жылдан бери келеримди айттым. Кызык мен аны мурда корбоптурмун. Экообуз жакындан таанышып отурдук. Ал менден бир жашка улуу экен. Экообуз кооп убакыттан бери тааныш адамдардай созубуз тугонбойт. Ошол эле учурда жаныбызга Асан менен Марал келгенин токтотпой келе беришти. Ал куну конулдуу уйго тарадык. Эмил менен суйлошуп отуруп анын акылдуу бала экенин билдим. Ушунчалык жонокой, тартынып уялышты билбейт, ачык муноз.
Чон энем уйдун тезегинен бери чогултуп бизге жаптырчу. Тоголок формага салдырып. Биз тажап ары бери чачып атышып кар тоголоктогондой кылып, туготчубуз. Атышып жатсак менин башыма жабышып калды. Сууга чуркап барып жууп жатсам Эмил карап турат кулуп. Уялып унчукпай тазалап жатсам келип жаныма, кел жардам берейин деп калды. Уялып озумду озум жемелеп жаттым. Ушунча да тентек боломбу деп. Кызарган бойунча уйго кетип калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 00:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кундо ошол корунуш. Мен кетип, инилерим келип алмашчубуз. Бирок ушул жылы кетким келген жок. Эмил экообуз жакын болуп соз эле коп. Ал уялбай кундузу уйго келип отура берет жанымда. Мен эле чон Энем, уйдогу менден башка ондон ашык туугандарыман уялып олом. Уйуно барбайсынбы деп айтсам да болбойт. Агаларым менен журот, жаныма келип суйлойт. Марал менен Эмилдин уйу жакын болчу. Марал Эмилдин уйуно барып, Эмилдин Эжеси бар болчу кичинекей балдары бар ошолорду карап жардам берет. Эмилдин уйундогулор Маралды мактап жактап жатып калышат. А Эмил биздин уйдон кетпейт. Эмилдин эки карындашы бут жумуштарды жасайт. Эмил эс алып эле журчу эркелеп.
Кундо ойун, Эмил экообуз ынак болуп бара жаттык. Булак бар болчу шорголоп аккан. Булактын жанынан экообуз жолугуп, суйлошуп отура берээр элек. Чакаларга суу толсо Эмил тогуп салат, кайра кутуп суйлошуп созубуз бутпойт.
Эмил экообуз эки башка жакта жашайт экенбиз. Ал кетип жатам деп коштошуп кетти. Ал кезде телефон жаны чыгып жаткан. Мага номерин берди. Менде жок болчу телефон. Номери жоголду бат эле. Маани бербедим деле номерине. Ошентип каникул бутуп, конулдуу уйго бардык. Чон энемдер менен жашап жаттым. Уйдо женем бар эле. Бирок балдары кичинекей, бир эки жаштан болгону учун мен жардам берчумун.
Ойумдун баары Эмилде. Ошол жылы окууну да Жакшы окубай койдум. Атаандашып окуган баягы мен озгоруп кеттим. Конулсуз журуп калдым. Мектепте кыздар балдар менен суйлошуп, кат алышып оздорунчо башкача. Бирок мен эчбир катга жооп да бербедим. Суйлошподум дагы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Коендой окшош кундор отуп жатты. Жайдын келишин кутом. Жай да келди. Ый, ызы чуу менен баргчумун жайлоого. Бул жылы суйунуп даярданып биринчи жонодум. Барсам мен куткон Эмил жок. Анын эки карындашы журуптур. Барарым менен Эмилдин жанында келээрин, экзамен тапшырып жаткандыгын айтышты. Мага салам да айттырып жибериптир. Коп отпой озу келди. Анын келгенин билбей калыптырмын. Ойноп жатканбыз, Эмил жанында Марал келе жатат. Марал менен Эмил суйлошуп журушчу экен экообуз тааныша электе. Эмилди кызганып кеттим. Ал куну да экообуз жылуу учурашып, ойноп уйубузго кеттик.
Чон энем бир нерсеге жумшады Эмилдин уйуно. Барсам Марал журот дагы деле. Эмил уктап жатыптыр. Эмилдин энеси отургузуп кымыз берип жатып Маралбы мактап Эмилди ушул кызга эле уйлон деп айтып жатканын айтты. Мен ичимден Маралды жаман коруп, уйго кетууго шаштым. Ошол куну ойунга барбай койдум. Апам келген болчу жайлоого. Абасы жакпадыбы, эмне болгонун билбейм апам ооруп жатып калды. Чон Энем айланчыктап эмне кылаарын билбей, алысыраак бир эжебиз бар болчу жайлоодо. Ошол эжемди чакыртты. Уйу алыс эле биздин уйдон. Келип апамды карап, кыргызчылык кылып , уйунон бир дары бермек болуп мени эрчитип жоноду. Уйдогулор ойунга кетишкен. Эжемдин уйуно бардым. Эжем бир аз кутуп турушумду айтып, уй саап келгени чыгып кетти. Эжемдин уйуно студент балдар келишиптир. Тизилип отурушат. Менин жаныма бироосу келип, тийишип суйлоп жатты. Коркуп бир аз аркага жылып кеттим. Ал дагы жакындап келди. "Колуну тартчы" деп Эмил жаныма жетип келди. Катар тизилип отурган балдардын арасында Эмил бар экенин байкабаптырмын. Сыртта кутуп турарыбызды айтып жетелеп чыкты. "Коркуп кетпединби, ушубодунбу? " деп камкор болуп жатты. Эжем уйун саап келип дарысын берип бизди жолго салды. Эмил уйго жеткирип келип, окууга тапшырып кайра келээрин айтты. Ал кетти. Окууга тапшырып кайра келди. Мага да айтып жатты кайсы окуу жай жакшы экендигин.
Ошентип кундор отуп менда студент болуп окуу жайга тапшырдым. Ошол кезге чейин Эмил экообуз суйлошуп эле журдук. Мен окууга кирген жылы Эмилдин апасы каза болуп калыптыр. Эмил экообуздун байланыш узулуп калды. Эмилди издеп эле журдум. Уйдогулор айтып калышат "эчким менен суйлошпойт, жигити жок" деп. Ошол аралыкта жуучу да келип мен макул болбой койдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 00:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"Жигитин жок болгондон кийин, жолугуп корсон боло" деп атамдын эжеси кулак мээмди жейт. Алар кайдан билмек эле мен Эмилди Жакшы коруп калганымды. Ойумдун баары Эмилде болуп жатканын. Апам башка кыздарга салыштырып, элге окшоп жигит менен деле журбоду, билбейм эми эле журуп калбаса же мага айтпайбы деп соз кылып калат.
Ошол кезде жайлоодогу Асан да соз айтып, ата энесин жиберем деп журду. Мен так секирип туруп алдым. Эмил экообуз божурап эле суйлошуп отурганыбыз болбосо, жакшы кором деп деле айткан эмеспиз бири бирибизге. Эмил эле чон атамды " кайнатам" деп койчу. Коп пландарды тузуп айта берет эле экообуз жонундо. Андан башка ашыкча создор болгон эмес. Бирок мен аны суйуп калгам. Ошол соз айтып жургон Асандан мени сураса билбестигин айтыптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 00:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Окуу уланып, окуу менен алекбиз баарыбыз. Окуу жайдын алдында отургам жалгыз эле. Бир бала келип мен отурган отургучка отуруп калды. Саатты, кайсы болумдон экенимди сурап калды. Суйлошуп мугалимдер жонундо суйлошуп калдык. Биздин окуу жайды бутуруп жатыптыр. Эмилге абдан окшош болчу. Таанышып да калдык суйлошуп отуруп. Ошондуктан суйлошуп кеттим окшойт. Агенттен жазышканды адатка айлантып алдык. Акыркы кундору ошол бала менен суйлошуп ага конуп бара жаттым. Аты Самат. Эмилди Жакшы коруп Эмилге окшош болгон учун Саматты жактырдым окшойт. Коп отпой Самат иштеп келгени Россияга жоноп кетти. Узатып кала бердим. Агенттен жазып, телефон чалып суйлошуп журдук. Ошол аралыкта Эмилди издегенимди токтоттум. Самат да жакшы бала болчу. Уйдогулор да Самат жонундо билип калышкан. Самат келип кетип турчу.
Эмил чон атамдын уйуно издеп барып, кимден сураганын билбейм. Турмушка чыгып кеткен деп айтышыптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 01:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Саматты корсом эле Эмилди эстейм. Ичимден ойлоп койом Эмилге окшош болбогондо жакшы корот белем же жокбу деп. Бирок Самат конулумду эле карап турат. Кулуп жайнап кабагы бурколбойт.
Россиядан келгенде жанынан чыгаргысы келбейт. Жумуштарын да мени ээрчитип алып бутурот. Тез келе кал бул жерде кутуп турам деп дарегин айтып шаштырат. Барсам дос же туугандары менен болуп калат. Мен озумду ирээтке келтирип келет элем муну билгенде деп жемелеп кала берем. Кийин билип уйронуп калдым. Анын туугандары, достору менен таанышып ынак болуп кеттим.
Эмнегедир менин туугандарым Саматты жактыра беришпеди. Атамдын эжелери каршы болуп оздору тапкан балдарды айтып туруп алышты. Самат россияда жургон убак болчу. Саматтын бир эжеси мени абдан жакшы корчу. Ал дагы россияда. Кыздын базары кучойт деген чын болот экен. Туш тараптан жуучу тушуп жатышты. Самат да ушул жылы баш кошолу деп айтып жатты. Коп отпой Саматтын атасы каза болуп калды. Самат эжеси экоо келип кайра кетишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 02:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эмилге таарынып да калдым. Эмнеге издеп келбейт мени деп ойлоп озумчо. Самат келген сайын тууган урук, достору менен таагыштырып баары эле экообузду билип деле калган. Бирок эч апасы жонундо суйлочу эмес Эмилге таарынып да калдым. Эмнеге издеп келбейт мени деп ойлоп озумчо. Самат келген сайын тууган урук, достору менен тааныштырып баары эле экообузду билип деле калган. Бирок эч апасы жонундо суйлочу эмес. Суйлочу бирок, созду башка нукка буруп кетчу сураганымда. Атамдын эжелери келип кирише беришчу биздин тиричиликке. Бир эжем келип суйлошуп создун четин чыгарып, баягы эле досун, тууганын айтып балдарын мактап баштайт.
Бир жолу уйдо эжем бар болчу. Самат келип сыртта кутуп турарын айтты. Жоноп жатсам эжем каяка бара жатасын деп аркамдан чыкты. Саматтын келгенин айтсам кошо чыгып алды кочого. Самат менен тааныштырып койгом. Саматты жактырбай койгон ошондо. Бойун которгон бала экен, сен андан коркот экенсин козун карап турасын деп. Самат экообуз кетип, эжем уйдо калган. Кафеге барганбыз, эми эле отурганда эжем чалып баштады. Самат телефонумду алып, унун очуруп чонтогуно салып койду. Ошондон кийин эле башка балдарды таап Саматты жамандап жатып калат. Мен уйдо отурсам кетесин Самат менен деп. Ортомчу болуп келет, суйлошуп кор бир эле деп. Атама айтат кызынды кой дебейсин деп. Окуусун буто берсин азыр эрте деп апам менен Атакем мен тарап болушат. Анда эжем ачууланып кызынды эркелетип жибердин, сурап тилеп кордунор беле, эмне мынча козун карайсын деп ызаланат
Ошентип ызылдап жатып, жолугуп эле кой деп бир бала менен жолуктурушту. Жолуктум, жигитим бар экенин айттым. Кыз издеп жатканын дос кыздарым менен тааныштырырышымды суранды. Макул болуп коштоштук. Бирок коп отпой мени ала качып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 18:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Самат романтик болбосо да белек алып берип кубантып, конулумду которуп турчу. Колума шакек салган болчу. Кийин нике шакегин болот, бул жон гана белек болсун. Нике шакек салчу колума салган. Тамаша чыны аралаш, бош эмес экен деп ойлоп калышсын коргондор сени. Шакекти чечбей жур деген. Эми мынтип ала качып кетип отурат шакегиме карабай эле.
Кыргыздын ушул салты таптакыр жакпайт. Биз деле адамбызда. Судуроп барып катын кылып алабыз деп ойлошот.
Бакырып окуруп, жаман создору да жакшы созду да айттым. Мени укчу адам жок. Колумдан кармап эки жагымда эки бала отурат. Бир жагымда жанагы бала мен жолуккан. Аны тилдеп бара жаттым. Колумду кое бергенде жаактан ары чаап, бетине тукуруп салдым. Жагымсыз корунушторду жасап жаттым. Таштап салат ошентсем деп ойлодум.
Жок, кайдагы таштаган колумду кармап алып кое бербей, мага суйлошкон да жок. Озум эле кыйкырып, бакырып ыйлап бара жаттым. Уйуно жетип келдик. Эки бала буту колуман кармап алып кирип салышты. Ызылдашып аялдар журот. Жолотпой кыйкырып, ызы чуу салдым. Колдорумду кайрып салды бир бала. Ошондо да отурбай когоруп жоолук койногун ыргытып, так сикирип туруп алдым. Ала качып келген баланы калтыргыла да баарын чыккыла дедим. Баары чыгып кетишти. Ачууланып айтпаган созду айттым. Бактылуу кыларын, суйуп калганын айтты. Отурбашымды айттым. Чыгып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 18:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Самат телефон чалса очук болуп, ал мени издеп баштаптыр. Кашайып телефон иштебейт экен аларда. Ар кайсы жерден кармайт экен связь. Телефонумду карматып койушту. Канча убакыт отконун билбейм апам келди. Бутумду сунуп жерде отурам, апам байкушум кызга окшоп отурчу деп жемелейт. Мен кетем деп туруп алдым. Апамда кал деп мени кондургонго аракет кылып жатат. Эжем журот Жакшы уй булоо ойлон деп мени мажбурлап. Чыдамым кетип бара жатты.
Ушинтип эле кала беремби, баары бутуп калабы деп ыйлап жаттым. Чарчап алым жок. Апам алып кетмекчи болсо, эжемдер каршы чыгат. Талашып тартышып жатышты. Апам аз суйлогон, ыймандуу аял. Ошондуктан кайын журтунун айтканын эки кылчу эмес. Апам да эжелериме кошулуп калтыруунун аракетине кирди. Канча алыштым билбейм, ыйлап козум тоодой болуп шишип кооп озумду жоготуп бара жаттым.
Апам кирип чыгып журот. Аркасынан ээрчий басып " кудагый" болчу аял журот. Апам ыйлап баштады жалдырап. Уят кыла корбо бизди, жакшы, тааныш адамдар деп. Апама кана ишенип жатсам. Эми эчкимге ишенбей калдым. Бир суткадан отуп алышып мени отургузуп койушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 18:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Апамдар кетишти отургузуп койуп мени. Элдин баарын оздорунчо суйунуп, мени менен эчкимдин иши жок. Бир женем келди жаныма. Бойунда бар болчу. Бир аз отуруп уктап калды. Ошол учурда болмодо жалгыз калдым. Телефонумду алып ар кайсы жерге барып, телефон иштеген жерди издеп баштадым. Эч жерде жок ( связь). Акырын болмодон башымды чыгарсам эч ким корунбоду. Чыкканда эле кайра болмо экен терезелери чон. Терезенин жанына келип сыртты карадым. Сыртта адамдар журушот бака шака болуп. Терезенин жанынан связь кармайт экен. Мен эшикти шыкаалап карап турсам эле, телефонума СМСтер келип жатты. Суйунуп кетип карасам арасында Саматтын жазган билдируулору дагы башка биллируулор. Саматка менда жазып жиберип койдум. Болмого кирип бир аздан сон кайра чыктым. Ал мага чалып алдыра албай жатканын, сарсаана болуп жатканын жазып, чалып да жибериптир. Болмодон жазам, чыгып катымды жиберип кайра кирип кетем. Аны жанагы бала байкап, женесин койуп койду жаныма. Отуруп алып женеси менен таанышкан адам болуп, адрессимди, аты жонун баарын женесинен сурап жаттым. Акырын билип алып Саматка жазып жибердим. Самат экообуз план тузуп баштадык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   alisha00   29 Сентябрь 2017 - 18:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Ээх айбандар )) уландысы барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 19:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен биринчи класстан кийин башка мектепке окуп калгам. Себеби атамдын жумушуна байланыштуу башка жерге кочуп, уйго жакын мектепке киргизген. Бул мени ала качып кеткен бала ошол мектепте окуган экен. Ата энемди да тааныган адамдар. Апам ошон учун ушул жолго барды окшойт. Атам кызым эмне десе ошол. Калбайм десе алып кел дептир. Бирок эки эжем жооттонуп атып апамдын башын айланткан, атамды жон эле алдашат.
Ичимден ызаланып жаттым. Саматтын биринчи планы алып кетуу эле мени. Эмнеге калдын деп эле соз таппайт. Мен билет алам барып уйлонобуз. Калбайсын ал жакта деп ачууланып жатты. Саматтын достору мени дээрлик баары таанычу. Самат досторуна чалып айтып, анын милиция достору келмек болушуптур. Мен каршы болдум. Ызы чууну каалаган жокмун. Самат да макул болуп, достору келди формасы жок эле. Алардын дааратканасы жактан кочого чыкчу эшик бар экен. Мал кармашат окшойт уйундо. Аны байкап койдум. Жанагы женеси дааратаканага да алып барат мени. Жанымдан чыкпай, ошол эле учурда акырын сурап койуп жатты ким менен кат алышып жатканымды. Мен дос кыздарым деп койгом. Дааратканага кирип чыкпай тура бердим. Женесинин бир жаштан откон кызы бар экен эле. Кызы жанына келип божурап экоо суйлошуп жатышты. Чыгып дааратканын артына ото калдым. Алар дагы деле суйлоп жатат. Кызын эркелетип жаш баланын тилиндей кылып тиги женеси суйлоп ооп кызы менен алек болуп калды. Даараткана жактагы эшиктен чыктым. Бутума женеси бир тапочка берген ошону кийип алгам. Ынгайсыз экен. Алым жерде токтоп турган достору мени байкап, жаныма келип токтоду. Отурдум да кетип калдык.
Уйго барбадым. Саматтын досунун уйундо болдум. Анын аялы бар экен уйдо. Самат келгенче ошол жерде болом дедим. Апама чалып айтып тушундуруп бердим баарын. Атам менен апам келишти, кочодон эле жолуктум. Атам эчнерсе деп суйлогон жок. Апам кошо ыйлап мени кучактап алып, суйлоп да жатты. Саматтын бир досу аркамдан кайтарып журот. Ал алыс жерде мен тарапты карап турган. Бурулуп карай берсем ал бир топ бала менен мушташып жатканын коруп калдым. Апам менен атама айткыча эле ал балдар бизди коздой чуркап келе жатты. Атам менен апам кимдер булар деп оз ара суйлошкончо жетип келип, апамдын жанында турган мени так которуп машинасына салып кетишти. Атам апам тан калып аркамдан келишиптир. Атамдын ачууланып жатканын угуп суйунуп калдым, алып кететго деп. Жанагы бала кайра ала качты мени. Атамды таанып апамды тааныган немелер экен. Атам менен апамдын алдынан отуп жумшатып жатышты. Жолуга албадым апамдарга. Бир болмодо мен жалгыз. Кайдан жайдан жанагы эки эжем пайда болуп алар журот. Ошол экоо кылды деп ичимден шашпагыла силерди деп ачууланам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 19:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Атам апама айтыптыр озун суйлошуп кор деп. Апам эжелерим кайра эле баягы корунуш. Жиним катуу келип таптакыр суйлобой башымды чайкап гана тура бердим. Калган учурда деле эртенки кунум эмне болот деп ойлойм. Атам кетип калыптыр. Ал учун кийин атама канча таарындым.
Ошентип каласын кечээ калгансын дешти. Апамда чыгып кеткен бойунча жок. Эжемдер киргизбей койуптур, эркелей берет сени корсо дешип. Баары чыгып кеткен отурам жалгыз.
Саматка досу айтыптыр болгон окуяны. Алар ойлошуптур ата энеси салып берди оздору деп. Самат билет алып келе жаткан болчу. Эми эмне кылам деп дагы башым катты. Дагы деле качууну ойлоп жаттым. Бирок унчукпай отурдум. Ошол учурда пркатикада болчумун. Ала качып келген баланы чакырып айттым. Макул калайын. Жакшынакай кылып той кылып уйлонолу анда. Мындай болбойт кенешели экообуз дедим. Ичимден озумду озум аран басып турам. Жеп жиберчудой болсомда токтоо суйлоп жаттым. Эмне десен макулмун, калсан эле болду деп ал куйполоктойт. Сен макул десен ата энелерибиз тойду белгилеп, суйлошушот деди. Эртеге практикама барышым керек. Алып барып кел дедим. Жок окуунду акча менен бутуробуз дей салды. Ошол куну алдап жакшы гана суйлоп жаттым. Аялдан амал качып кутулбайт деген чын экен. Ал баланы кондурдум. Апасы макул болбой бирдемелерди айтып жатты. Мен ал балага айттым уйдон алып кет эл катары деп. Ар кайсыны айтып жаттым. Ата энелерибиз суйлошсун дедик. Саматка кат жазып жибердим. Ал мага кайра жазды сен келесинби жаныма деп. Мен макул болдум. Самат досуна чалып, билет карашыптыр. Эртеси ала качан бала мени алып барып, эшиктин оозунда кутуп турду практика отогон жериме. Ошол куну ата энелерибиз суйлошмой болушту. Кирип эле апама чалдым. Эмнеге таштап кеттинер. Мал эмесминго деп таарынып, аягында айттым мен тийбейм бул балага деп. Уйдо синдим ооруп калып апамдар ооруканада журобуз дешти. Саматтын досу келди. Колума билет карматты. Андан мурда эле корей тилин уйроном деп Курска барып баштагам. Ал эжеден китептерин алып акчасын берген эмесмин. Эже айткан ушундай китеп алып келбей койушат кобунчо деп. Мен келем деп актанып отурбай, паспортуму таштап кеткем. Ал эжеден паспортуму алайын десе бербей койуптур озу келсин деп. Чалып жатып сурап, тактап атып досуна берди. Анан билет алып мага келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 19:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ала качып кеткен баланын ата энеси ошол куну даярданып жаткан. Апамдар ооруканада журсо эмне болоор экен деп баардык нерсени ойлоп койом. Эмне кылып, кандай кылып кетем. Ойумдун баары эле ушул. Саматка барбаган учурда деле бул балага конулум жок болчу. ар кайсы ойлор келип жатты. Жанагы судуроп ала качып кеткен бойунча журом кийимдерим. Саматтын досуна айттым. Кийимдерими алып кетишим керек уйдон десем. Ал макул болгон жок. Машинада кутуп турарын айтты да чыгып кетти. Бирок эшиктин оозунда мени ала качкан бала кутуп турат эле. Ошол жерден кандай кылып отуп кетишти ойлоп башым катып турду. Бугундон калсам атанелерибиз той белгилешет. Макул болуп отуруп да алгам. Эми эмне кылдым. Кайдагы балээнин баарын башыма уйуп алдым деп кайгырып, озумду озум жек коруп отурдум. Практикада деп ойлоп сыртта жанагы бала кутуп турат. Мен ар кайсыны ойлоп ары бери басып журом. Кирип келип калчудай. Саматтын досу телефон чалып ал баланын Эмне кылып жатканын айтып турду. Ойлоп койдум дааратканага деле барса керек деп. Биринчи качып кеткенимде, ошол машинаны милициялар кармап бир топ эле убара болгон экен. Саматтын досуна айттым машинаны калтырып такси менен кетели деп. Ал сыртта турат имараттын а мен ичинде. Такси чакырып койдук. Мага айтып калды батыраак чыга кой деп. Чыгып таксиге отуруп жонодук. Каяка кеткенин сурап, бизди корбодубу деп сурап бара жаттым. Каяка басканын билбестигин айтып бир магазинге токтодук. Кирип козумо биринчи корунгон куртканы алып алдым. Кайра чыгып жолубузду уладык. Аэропортко жетип, мен таксиде отурдум, досу кирип кетти. Кайра келип мени ээрчитип ичине кирдик. Аэропортго жеткенче Самат жуз жолу чалды окшойт. Досуна чалат, кайра мага чалат. Болбогон эле нерсеге ушуй берчумун. Суукчансын деп апам айтып калаар эле. Ала качкан куну да жылуу кийинип алгам бутумда куз мезгилде кийчу отук. Кун канча суук боло элек болсо да отук кийип алганыма дос кыздар тан калып, сен кыз эле торосон керек кийин. Ушуй эле бересин. Суукчансын деген. Эми Жакшы жылуу кийинип алыптырмын деп да ойлоп жаттым. Самат да кабатыр болуп жатты. Жылуу кийим ал бир магазин, бутикке токтой калып деп. Аэропортго кирип регистрация башталыптыр. Бир бала келип бизди тосуп алып, мени менен кошо келген бала менен коштошуп, мени эрчитип жоноду. Регистрациядан оттум. Учканча ал бала жанымда болду. Ал аэропортто иштейт экен. Жуктору ашыкча болгон адамдардын жукторун азыраак жугу бар адамдарга суйлошуп берип, акча алып жатты. Мага да суранып бир сумка карматты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 19:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Озумду жаман сезип, журогум оозума тыгылып кыйналып баштадым. Жанагы бала келип кабар алып кетет, абалымды сезип жатты окшойт. Самолётко отурдук. Самат баары Жакшы болоорун айтып конулумду которуп жатты. Бир эжем чалды ошол кезде. Каякта экенимди сурады. Практикада экенимди айттым камырабай туруп алып. Ал кулуп, туура кылып атканымды айтты да созунун аягында качып кетсем баягы куну болгон окуя кайталанарын эскертти. Макул деп очурдум. Башка эчким менен суйлошподум. Самолёт ордунан жылып асманга которулду. Ыйлап да, ызаланып да бара жаттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 19:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Азыр ойлонуп калам курч мезгилим экенда деп. Эл ойлобогон ишти жасап. Озумо озум тан калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   bikusim   29 Сентябрь 2017 - 20:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жашоо мен ойлогондой болбойт экен да. Мен убагында билбептирмин. Ойлогом Самат экообуз бактылуу болобуз деп. Бирок баары башкача болуп жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Medinaa   29 Сентябрь 2017 - 20:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

:shok:анан?
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Авг 2025 10:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: