Суперстан: Дин кызматкери агитацияда. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Дин кызматкери агитацияда.

#41 Пользователь офлайн   Patriot7   25 Сентябрь 2017 - 09:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Бийлик эки жуздуу, жеткен караозгой экени билинип турат...

Мыйзамда ДИН ОКУЛУ деп бадырайып турса, Чубак ажы ДИН ОКУЛУ, ААЛЫМДАР КЕНЕШИ МУЧОСУ экенин баары билсе, анан ал ДИН АДАМЫБЫ ЖЕ ЖОКПУ деп суроо салуунун озу жеткен акмакчылык го!!! Чубак ажынын дин окулу экенин биле туруп, жок, ал киши дин окулу эмес деп айтуу, Кудай жок деп тангандай эле кеп го!!! Ошондо бийлик эми жиндинин ролун ойноп жатабы?!!

Экинчиден муфтиятта илим-билимдуу, динден да, олконун мыйзамдарынан да кабары бар акылдуу адамдар иштейт деп ойлоп жанылган коруномун... Муфтияттын кечоо берген жообу акмак адамдын жообу болуп калды, галдир-гулдур суйлогон....

Муфтият айтат, Чубак ажы Жалилов озунун жарандык укугунан пайдаланды деп... Мыйзамда дин окулдоруно жарандык укугунан пайдаланса болот деп жазылган эмес!!! Дин окулдору шайлоого катышуу укугун пайдаланса болот... Бирок угут иштерине катышканы, саясатка аралашканы! !! Чубак ажы эл астына чыгып суйлосо эл аны коп кыргыздын бири деп кабыл албайт, эл аны дин аалымы катары кабылдайт... Ошондо ошонун баарын биле туруп бул кадамга барган Чубак ажы озун апендиликке салууда... Чубак ажы бул кетиште бугун мыйзамды сыйлабай бузса, эртен саясатка аралашат, бурсугуну халифат курам деп чыгат...

Баса, Жээнбековдун адамдары Чубак ажыны Ташиев чакырган деп ошого шылтап коюшту. "Жээнбеков Чубак ажыга соз бердиртпей койсо болбойт беле" деп сураса "жок" дейт... Ошондо булар элди акмак ойлоп жатышабы?! ! Чубак ажыны ким чакырган кундо да, элди ким чогултуп Жээнбеков менен жолуктурган кундо да, бул Жээнбековдун угут кампаниясы болуп жатпайбы?! ! Экинчиден Чубак ажыны эл астына алып чыгып отургузуп коюнун озу, Чубак ажыны угут иштерине тартуу болот... Чубак ажыга соз беруу эмес, эл алдына алып чыгуунун озу мыйзам бузуу болуп жатат. Жээнбеков ошонун баарын биле туруп билмексен болуп койду... Муну БШК да билип турат. Ошондо Жээнбековду шайлоодон четтетуу керек эле. БШК Жээнбековду шайлоодон четтетуу гана эмес, эскертуу беруудон да коркуп, айла кеткенде Ташиевге эскертуу берип жатпайбы апендилигин, бийликтин оту менен кирип кулу менен чыккан "куурчагы" экенин дагы бир жолу далилдеп...

Мейли, бул шайлоо да отот, бийлик Жээнбековду такка алып келсе алып келээр, бирок аягы жакшы болбойт, кучко негизделген бийлик копко узабайт, ошондо баарынын жооп берээр куну келээр, айрыкча сот, БШК мучолору ж.б. да.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   admin_superstan   25 Сентябрь 2017 - 16:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Oylonkyrgyzym , колдонуучулардын жеке адамдык аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган. Жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя бар. 5 күнгө БАН!


Patriot7, провокацияга алдырбаңыз. Эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Salixa.   26 Сентябрь 2017 - 11:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

Патриот 7мырза, көп нерсени таамай айтып жатасыз, бирокчу бирок деген жери бар .......
Сизди кээде инопланитанин элестетип кетем да, жерге түшүп, жердеги толгон токой ""бардагизмге ""көнө албай кыйналып жаткандай) )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   no.comment   28 Сентябрь 2017 - 05:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

Баш мыйзам боюнча Чубак ажынын чини кандай болот?
Баш мыйзам боюнча дин мамлекеттен тышкары, бирок откондо тополон кылып отуруп, муфтияттан садаканын жыйынтыгын сураганыбыз кандай болот?
Мени айылда баары билет, айылда араб тилинен сабак берем, шариат тууралуу суроолоруна жооп берем, анан суперстанда да анча-мынча жооп берип турам. Ошондо мен дагы диндин окулу болуп каламбы? Же кимдир бироого агитация кылсам боло береби?
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   parliament545   29 Сентябрь 2017 - 17:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Июль 12
  • Соңку аракети: 30 Май 2018 10:31
  • Жынысы:Эркек


Маликов: Динди саясатта колдонуу опурталдуу



Кайсы бир талапкердин эл менен жолугушуусунда белгилүү дин ишмери Чубак Жалиловдун аны колдоп сүйлөшү катуу талкуу жаратты. Мыйзам боюнча үгүт иштерине динди аралаштырууга болбойт. Ошентсе да динди шайлоого аралаштыруунун натыйжа, тобокелдиктери кандай болушу мүмкүн?

Дин саясатта курал болуп жаткан жокпу? “Дин, укук жана саясат” Аналитикалык изилдөө борборунун директору, теолог Кадыр Маликовду кепке тарттык:

"Азаттык" : Чубак ажынын кайсы бир талапкерди колдоп сүйлөгөн видеосуна байланыштуу активисттерден арыздар түштү. Борбордук шайлоо комиссиясы буга байланыштуу талапкерге эмес, аны жандаган саясатчы Камчыбек Ташиевге эскертүү берди. Бул темада сиздин оюуңуз кандай?

Диний фактор шайлоонун үгүт ишинде, саясий атаандаштыкта колдонулуп атат. Бул өтө жаман. Мен мунун келечектеги натыйжаларын эске алып атам. Анткени кийлигиштирүү эртеби-кечпи терс факторго ээ.
​Кадыр Маликов: Чынында маселе татаал. Анткени дин ишмери трибунада Кыргызстандын катардагы жараны, Баш мыйзамга ылайык, шайлоого жана үгүттөөгө укугу бар адам катары сүйлөгөнүн айтып жатат. Бирок экинчи жагынан биз - уламалар кеңешинин мүчөлөрү каалайбызбы- каалабайбызбы дин ишмерлерибиз. Коомчулукта, динге ишенгендер арасында кандайдыр кадыр-баркыбыз бар. Мыйзам канчалык бузулду деп карай келгенде ушундай кош маани жатат. Жалпысынан мындай дейт элем, болор иш болду. Диний фактор шайлоонун үгүт ишинде, саясий атаандаштыкта колдонулуп атат. Бул өтө жаман. Мен мунун келечектеги натыйжаларын эске алып атам. Анткени кийлигиштирүү эртеби-кечпи терс факторго ээ.

Биринчиден, дин катары исламда саясат бар. Бирок ал ислам саясаты деп аталат. Ал коомчулукта ишеним атмосферасын түзүү, теңчиликке чакыруу, жакырчылык, коррупция менен күрөшүү сыяктуу чаралардын негизинде курулат. Албетте ислам саясатында бийликке, мамлекетке карата мамиле тууралуу маселелер да бар. Бийлик убактылуу, келет-кетет. Ал эми мамлекет бул эл. Башкача айтканда, ар бир дин ишмери Аллага сыйынуу менен коомчулукка, мамлекетке кызмат кылууга милдеттүү.

Ошол эле учурда ал бийликтин кызматын кылбашы керек. Ал бийликти оңдоп-түзөөгө жардам берип, кандайдыр катасын, адашууларын көрсөтүшү зарыл. Бирок муну мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүү болуп калбагандай, абдан жумшак жасоо абзел. Эң башкысы ушул. Муфтият да, кайсы бир молдо да бийликтин камчысын чаппай, элге кызмат кылышы керек. Ислам саясаты менен динге ишенгендердин саясатташып кеткенинин айырмасы мына ушул жерде.

Бүгүн кооптуу прецедент түзүлүп калды. Анткени динге ишенгендерди саясий процесске шайлоодо добуш берүүчү жаран катары гана катыштыруу эмес, бүгүнкү күндөгү саясий атаандаштык – шайлоого аралаштыруунун негативдүү таасири бар. Эмнеге? Бул өтө маанилүү суроо. Анткени эртеби-кечпи мусулман коомчулугунун абалына, Кыргызстандагы исламдын өнүгүүсүнө саясатташып кетүүнүн таасири тиет. Себеби динге ишенгендерди саясий процесске аралаштыруу менен, административдик ресурска катар диний ресурсту колдонуу менен бийликтеги айрым аткаминерлер коомдун экиге, светтик жана динге ишенгендер лагерине бөлүнүп калуусуна түрткү бериши мүмкүн.


Бул акыр-аягы идеялык принциптердин негизинде каршылашууга алып келиши мүмкүн. Светтик же светтик эмес, биздики же биздики эмес, биздин жамааттан же башка жамааттан дегендей.

Бирок ошол эле учурда бардык кыргызстандыктар үчүн, өзгөчө мусулмандар үчүн белгилеп кетким келет, жаран катары албетте ар ким өз ишин кылышы, добуш берип президентти шайлашы керек. Бирок бул тынч, бир жакты гана жактоо менен жүрбөшү абзел. Анткени элди бөлгөнгө болбойт.

"Азаттык" : ​Биздики-биздики эмес дегенди козгоп калбадыңызбы. Мен бул көрүнүштү 2015-жылкы парламенттик шайлоодо байкадым эле. Ошондо партия лидерлери диний факторду колдонушкан эле. Сиз муну качан байкадыңыз?

Кадыр Маликов: Мен муну 2007-08-жылдары байкай баштадым. Ошондо бийлик динге көңүл буруп, аны өзүнө тартып эмес, колдоно баштаганын байкадым. Айрым бир жерлерде динчилдигин көрсөтүп же айрым бир жерлерде аларды динчил катары даңазалай башташкан. Мунун башталганына көп болду. Мен муну жагдайга карата динчил болуу деп атайм. Керек болгондо, мисалы азыр шайлоо эмеспи, ушундай учурда динчилдигин көрсөтүшөт.

Экинчиден, дурус иштер диндин сырткы атрибуттары, сырткы көрүнүшү менен байланыштуу эмес экенин элге түшүндүрүү керек. Жакшы иштер ошол жакшылыктын өзү менен байланыштуу. Башкача айтканда, адам жасап жаткан иши менен мактанбайт. Кудайга жакындыгын ашкерелей бербейт. Тилекке каршы, азыр эл арасында көптөгөн стереотиптер бар. Мисалы, эгер намаз окуган киши болсо демек баары жакшы, уурдабайт, калп сүйлөбөйт жана башка деген. Бүгүнкү күндө исламдын тарыхы баары эле андай болбогонун, мунун баары жөн гана калыптанып калган ой-пикир экенин көрсөтүп атат. Анын ордуна мечиттин кызматкерлери, биз эч бирөөнө жан тартпастан, президенттикке талапкерде кандай сапаттар болушу керектигин, эмнелерге туруштук берип, алданбашы керек дегенди коомчулукка түшүндүрсөк жакшы болмок.

"Азаттык" : Динди колдонуу менен дин ишмерлерин өзүнө тартуу деген эки башка деп атасыз. Айырмасы эмнеде? Натыйжалары кандай?


​Кадыр Маликов: Диний ишмерлерди, исламды же ислам ураандарын колдонуу менен ал ресурстарды өзүнө тартуу түшүнүгүнүн айырмасын айтайын. Демейде, исламды, анын ресурсун же мусулмандарды бир нерселерди убада кылуу, берүү же динчилдигин көрсөтүү менен колунда бийлиги барлар колдонот. Ошол эле учурда мамлекеттик мамиле деген да түшүнүк бар. Элдин, мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн аны колдонуудан баш тартат. Тескерисинче, маселен, ичкичтик, жакырчылык, балдарды туура тарбиялоо сыяктуу кайсы бир социалдык көйгөй-милдеттерди чечүү үчүн ислам ресурсун өзүнө тартат. Бирок биз бүгүн мамлекеттик курулушка дин ресурсун тартууну эмес, колдонууну көрүп жатабыз. Ал эми бул убактылуу. Бүгүн колдонсоң, эртең диндегилер убадаңды аткарууну талап кылат. Эгер аткарбасаң анда бизге мындай мамлекеттин кереги жок дейт. Аткаминерге таарынса, бүтүндөй мамлекеттен өч алат.

"Азаттык" : Маегиңизге чоң рахмат.

https://www.[moderated]/ a/kyrgyzstan_religion_malikov/ 28762537.html




<


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   02 Январь 2019 - 05:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Соке начар иштесе Чубак ажыга дагы соз тийиши мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 12:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: