Суперстан: Шайлоо-2017. Кыргызстандын 5-президенти ким болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Шайлоо-2017. Кыргызстандын 5-президенти ким болот? Кыргызстандын жакынкы 6-7 жылдагы тарыхын ким калчайт?

Сурамжылоо: Шайлоодо кимге добуш бересинер? (86 пользователей проголосовало)

Шайлоодо кимге добушунарды берип колдойсунар

  1. Бабанов Омурбек Токтогулович (28 голосов [32.56%] - Просмотр)

    Процент голосов: 32.56%

  2. Жээнбеков Сооронбай Шарипович (9 голосов [10.47%] - Просмотр)

    Процент голосов: 10.47%

  3. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (49 голосов [56.98%] - Просмотр)

    Процент голосов: 56.98%

Голосовать

#361 Пользователь офлайн   friendwipkg   10 Октябрь 2017 - 03:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 330
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 01 Июн 2023 20:12
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Aijana121197 (10 Октябрь 2017 - 02:42) жазган:

Мадумаров Жээнбековду 12-октябрда дебатта күтөм дедиго эмне болор экен



Андай болсо, Жээнбековдун жэли азыртан чыгып баштаган болуш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#362 Пользователь офлайн   Patriot7   10 Октябрь 2017 - 03:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Просмотр сообщения Aijana121197 (10 Октябрь 2017 - 02:42) жазган:

Мадумаров Жээнбековду 12-октябрда дебатта күтөм дедиго эмне болор экен


12-октябрда отуучу теледебатка Жээнбеков катышпай койсо тан калбагыла... Жээнбеков "эл менен маанилуу жолугушуулардан" бошобой калышы мумкун...)))

Эгер Жээнбеков теледебатка катышса, Мадумаровко каршы теледебатта КТРКнын журналисттери Жээнбековго жардамга келээри кутулгон нерсе.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#363 Пользователь офлайн   Edward.14   10 Октябрь 2017 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 782
  • Катталган: 12 Август 16
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 16:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Барселона(Камп Ноу)

Сокем 12синде келбейт көрөсүңөрго.
Эгер келип кала турган болсо өлдү дейбергиле Мадумаров катыгын берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#364 Пользователь офлайн   Ashka.   10 Октябрь 2017 - 16:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Чайнайт Сокени Мадумаров. Келбей койсо пазор!!!
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#365 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   10 Октябрь 2017 - 17:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Бишкекте учетубуз жок болсо кантип шайлоого барабыз мурдагыдай 15кун мурда барып арыз жазыш деген дагы деле барбы же жокпу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#366 Пользователь офлайн   ajdaaar   11 Октябрь 2017 - 03:50

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

Азыр тилекке каршы интернетте ар кандай провокациялык видеолор жайнап кетти... Аларды коруп эл удургуп журот, ошол калпка ишенип... Бабанов криминалдарга, спортсмендерге акча таратып жатыптыр, шайлоонун эртеси тонкоруш болот экен деп... Ошол "эл дарбыса эшек дарбыйт" болуп, ошого ишенгендер аранарда толтура...


Эми ак коз, кара коз баарына кайрылып кетким келет... Бул видеолорго ишенбегиле! !! Бакиевдердин "матрешка" фокусу кимдин эсинде?!! Текебаев Европага самолет менен учканда, Жаныш Бакиев Текебаевдин багажына наркотика салдырып, Стамбулдан карматканычы? !!!... Акыры бул "иш" кимдин подставасы экени жарыкка чыкпады беле?!! Эми ошол нерсе кайталанып жатат. Болгондо да Атамбаев от менен ойноп жатат.... Эгер ошол интернетте жайнап жургон аудио жана видеолорду, андагы телефон суйлошуулору, жолугушууларды карап корсонор, баары эле ынанымдуубу? !! Канат Исаевдин крим.авторитеттерди кабинетине чакырып миллион сом бергени силерди ойлондурган жокпу?!! Бугун кармалды деген Аспековдун суйлошуулору баары фальшивый чыгып жатканы байкалбай жатабы?!! Айтор бир соз менен айтканда Канат Исаев баш болуп, тиги бир канча крим.балдар, Аспеков деген неме ж.б. Атамбаевдин "спекталинде" оз "ролдорун" жакшы ойноп беришти... Эми бийлик аларды камады, эми камады деп эле айтылбаса, аларга турмодо особняктай шарт тузуп берет да, шайлоо бутуп, баары тынчыган сон акырын чыгарып жиберет элге реклама кылбай...

Мен Бабановдун тарапкери эмесмин, аны эч качан колдогон да эмесмин... Бирок чындык учун айтуу керек, бул элди дурботуп жаткан кептер, имиш-имиштер - Атамбаевдин командасы даярдаган чон шоу, спектакль... Эртен шайлоодон кийин эл которулбошу учун, азыртан элдин журогунун ушун алууда... Шайлоонун эртеси ким митингге чыкса, аны турмо кутот деген кыязда коркутуп жатат... Калп болсо айткыла!....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#367 Пользователь офлайн   ajdaaar   11 Октябрь 2017 - 04:16

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

Озунор кубосунор, БШК, Баш прокуратура, УКМК, акыры келип Атамбаев озу Жээнбековдун угутчусу да, жактоочусу да болууда... Болбосо прокуратура мыйзамдын сакталышын козомолго алып, БШК таза шайлоо откоруп, Атамбаев к... кысып отурушу керек эле... Ошондой болуп жатабы?!! Бабанов Назарбаевге жолукканы учун Атамбаев Назарбаевге куру доомат, жалаа жаап, анын айынан баягы эле мигранттар кыйналууда. Акыркы жанылыктар боюнча Кордайда чек арадан отуудо кыйынчылык жаралып, Казахстанда иштеп, бешене тери менен нан таап жан баккан мигрант мекендештерибиз депортацияланып жатат деген кептер айтылууда... Ошонун баарына ким куноолуу?! !

Жээнбеков жана анын командасы, бийлик мыйзамды коз коруно бузуп жатканы боюнча далили кошо жуздогон арыздар тушсо, бири да канааттандырылган жок. Эгер чындык болгондо эчак эле Зилалиевге окшогондор камалып, Жээнбеков камалышы керек эле... БШК Жээнбековго хотя бы 1 эскертуу берууго "духу" жетпеди го... Ал эми Бабановго 3 эскертуу берди. Мен мисалы Бабановду колдогон Камалов деген дин ишмерин тааныбаймын. Бирок Чубак ажыны бутун Кыргызстан тааныйт го... Ошондо 2 талапкерге бирден дин ишмери угутчу болуп камчысын чапса, экоонун бирине эскертуу берип, экинчисине бербей коюда... Бийлик ошондо да Жээнбековдун отооруно козу жетпей Бабановду шайлоодон четтетууну коздоодо... Эгер бийлик эртен Бабановду шайлоодон четтетсе, анан аны колдоп эл чогулса, чогулган элди бийлик кармап кетет, бийликти басып алууну пландап жатасынар деген жок жалаа жаап... Мына силерге ЧЫНДЫК.... Мен учун Бабановдун шайлоого катышып катышпаганы маанилуу эмес, бирок бийликтин бул ыпластыгында чек жок болуп жатат. Акаев менен Бакиев да мынчалык ыпластыкты ойлойп тапкан эмес... Алар мынчалык адамгерчиликтен кеткен эмес...

Эртен шайлоо таза отпосу айдан ачык болуп калды... Ошондо шайлоого нааразы болуп биз которулсок, биз да "бакиевчи" аталып, "бийликти куч менен басып алуу" аракети болгон деген берене менен камалат экенбиз да... Мадумаров чындыкты айтып жатат. Бабанов айтуудан тайсалдаган чындыкты Мадумаров айтууда... Бийликтин бул жоругу жакшылык менен аяктабайт... Кан менен келген бийлик, кан менен кетет дешчу эле... Бул бийлик оз ыктыяры менен бийликти тапшыргысы жок... Мырзакматовду "каралары" менен олкодон кууду, сыртынан соттоду, Жапаровду куноосун далилдей албаса да камакка тыкты... Ошондо кезек Мадумаровдобу? !! Убагында Мырзакматовду коргоп кала албадык... Жапаровду колдоп, Атамбаевди "ордуна" кое албадык... Эми бул шайлоодо Атамбаевдин айдагына конуп берсек, Мадумаровду да Атамбаевге кармата берсек, биз эмне деген Эл болдук?!! Ынтымагыбыз жок, ар ким озун ойлоп, коркуп журуп кай кундорго жеттик?!! Кайран Дооронбай агабыз айткандай, мурдуна бок суйколгон кыргыздар, бийликте мындай зоокур уулдарын, зоокур кыздарын турганда, озунордун ынтымагынар кетип алардын "оюнуна" келип турганда, тарткылыгынар дагы коп экен...........
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#368 Пользователь офлайн   Patriot7   12 Октябрь 2017 - 02:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Ташиев озу бийликке сатылып кетип, анан элге кайрылып "сатылбагыла" дегени эмнеси?!! Анын саоылбагыла деген кебин "мени ээрчип келечегинерди, намысынарды сатып Жээнбековду шайлагыла" деп тушунсо болот...

Ташиев озу жакшы билет Жээнбековдун адамдары акча таратып жургонун... Ташиевдин жакын адамдары да элди сатып алууга катышканы ачыкка чыкса тан калып кереги жок...

Ташиев Мадумаровду айтса жарашмак, добуш сатып албайт деп... Анткени Мадумаровдо добуш сатып алууга эмес, телеканалдан чы6ып суйлоого акчасы жок... Жок, Ташиев Жээнбековду айтат, анткени Ташиевге элдин кызыкчылыгынан оз кызыкчылыгы, байлыгы жогору турат... Сойкулар денесин сатчу эле, эми саясатчылар абийир-намысын сатууну мода кылып алыптыр.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#369 Пользователь офлайн   scorp   12 Октябрь 2017 - 02:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 31 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 03 Май 2024 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан

Мадумаров! 12 КТРде Сокенин рейтинги жаман тушотко))) Адахан акем жейт ама Сокени))) ото чыдамсыздык менен кутуп жатам...
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#370 Пользователь офлайн   beka2605   12 Октябрь 2017 - 08:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 361
  • Катталган: 09 Март 17
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 14:51
  • Жынысы:Аялзаты

Улукбек Кочкоров менен Талант Масадыков жөнүндө жазып койгулачы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#371 Пользователь офлайн   CAAT   12 Октябрь 2017 - 13:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 01 Апрель 16
  • Соңку аракети: 20 Май 2021 15:14
  • Жынысы:Эркек

Сенин конулунду да кыя албай, анын конулун да кыя албай, т..п койдум уялбай дегенден болуп ататго. Ким кайсыл жерге барбасын сени колдойбуз деп элдин баары чогулуп суйунтуп атышат. Кечээгиле Сокеге келген эл, эртеси Омукеге да келишип колдоп коюп атат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#372 Пользователь офлайн   Mani.kg.   12 Октябрь 2017 - 14:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9 692
  • Катталган: 04 Август 15
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 17:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош шаары.

Соке Ошто жүрөт.
Теледебатка катышпайт окшойт.
Буйурса,баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#373 Пользователь офлайн   beka2605   12 Октябрь 2017 - 21:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 361
  • Катталган: 09 Март 17
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 14:51
  • Жынысы:Аялзаты

"Жээнбеков ар кандай дебаттарга катышпайт анткени,эл мүдөөсү ар кандай дебаттардан жогору турат"-деп чыкса керек КТРК журналисттери
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#374 Пользователь офлайн   Patriot7   13 Октябрь 2017 - 15:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Жээнбеков теледебатка Мадумаров менен кез келуудон коркту... Менин Жээнбеков шайлоону шылтоо кылып теледебатка келбейт деген божомолум туура чыкты... Болбосо теледебатка келип жаткан калган 10 талапкер да Жээнбеков сыяктуу эл менен, шайлоочулар менен жолугуп журушот. Ошолор баары келди го, Кыргызстандын кайсы бурчунда жургонуно карабастан. .. Соке тем более Ошто болсо.. Талапкерлер эл менен кундузу жолугушат. Кеч Соке самолетко отурса Бишкекке келип калмак... Бишкекке келип теледебатка катышамын деген ниети болсо, Атамбаев оз самолетун болсо да "досуна" берип турмак... Кыскасы Жээнбековдун теледебатка катышып,Мадумаров аны эл алдында шермендесин чыгарып салаарынан коркту... Мадумаровко учуроого Сокенин "духу" жетпеди... Эми Мадумаровдон качып жургон адам президент болом деп отурат.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#375 Пользователь офлайн   Patriot7   14 Октябрь 2017 - 04:51

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

БИЙЛИКТЕГИЛЕР ТАЗА ШАЙЛОО ОТКОРГОНГО КЫЗЫКТАР ЭМЕС, АНТКЕНИ:
президент- СДПК, премьер министр-СДПК, ген. прокурор- СДПК, соттор-СДПК , ГКНБ -СДПК, милиция- СДПК ж.б. министрликтер баары СДПК болсо кайдагы таза шайлоо болмок эле.... жанагы кара ящик деген КТР да-СДПК!! !!!!! !!!!! !!!! *Бир эле учурда таза шайлоо болду деп эсептесек болот -Жээнбеков отпой калганда!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#376 Пользователь офлайн   Patriot7   14 Октябрь 2017 - 14:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Мен жалпы кыргыз журтчулугуна кайрылып кетким келет... Урматтуу кыргыз элим, ага-ини, эже-карындаштар. .. Кудайдын буйругу, ата-бабабыздын баатырдыгы, эрдиги, намыскойлугу, биримдигинин шарапаты менен Кыргыз деген улут сан миндеген жылдарды артта калтырып, канчалаган кыйынчылыктарды, согуштарды башынан откоруп, ошондо да озун улут катары сактап ушул кунго жетип келдик. Кудайга шугур, кичине болсо да жерибиз бар... Ала-Тоону мекендеген кыргыздар эгемендикке жеттик... Бирок Акаев туптогон коррупция олкону адамды дарт кемиргендей кемирип жатат... Акаев тушунда Узонгу-Кууш, Бакиев убагында Каркыра сатылды... Эми 7 жыл балээнин да ишин кылбай, элге зыяны, кесепети гана тийип келген Атамбаев шайлоого 1-2 ай калганда Озбекистан менен чек араларды шашылыш тактап, келишимге кол коюп, ал келишимдер шашылыш ратификацияланганынын артында чон мандем бардай сезилип жатат... Эртен шайлоо отуп эл тынчыган сон Кыргызстандын ал же тигил участкалары Озбекистанга откону аныкталса, колубуздан эмне келет?!! Колубуздан келсе Узонгу-Кууш, Каркыра, Советабадды (Кемпир-Абад суу сактагычы менен кошо) олкого кайтарып алат элек го?!! Сох менен Шахимардан анклавын жоюп озубузго алган болоор элек го?!!

Мына 20 жылдан бери алтын-кумуш казабыз... Казынага мынча киреше тушту дейбиз. Ошол казынага тушкон киреше айланып отуруп кайра эле бийликтеги саналуу коррупционердин чонтонуно тушуудо. Ошондо да 10 тонна алтын казылса, ага-буга деп отуруп 1 тоннага жетип жетпеген алтындын акчасы казынага тушот. Калганы ошол алтын казган жексур инвесторлор менен бийликтин "левый" чонтогуно кетет. Же калппы?!! Эми азыр кай жерде алтын-кумуш табылса эле бийлик чекеден сатып жатат. Жакында ноябрь айында Нарында алтын-кумуш жайгашкан 26 мин гектар жер сатылат деген маалымат жарыяланды. Алтын жайгашкан 26 мин гектар жердин аукциондогу баштапкы баасы 26мин доллар имиш. Анда да кендин 60% монгу астында экен... Ансыз да алтын казабыз Кумтор баш болгон коп жерде миндеген жыл ордунан козголбогон монгулор талкаланды. Чаткалга барсан ондогон ишкана корунгон тоону талкалап алтын казып журот. Кааласа алтынды болуп албай фуралап Кытайга ташып кетип жатат. Куудулдар айтмакчы тышка ташылган алтындын эсебин алган эч ким жок, чамалап эле берип жатышат... Таластыктар митингге чогулуп, Жер-Уй кенин иштеттирбейбиз десе болбой элди куч колдонуп таратып, Жер-Уй кенин Бажановдорго алып берген Бабанов менен Атамбаев эмес беле?!! Биздин ата-бабаларыбыз жер-суу, кен байлыктарыбыз башкалардын колуна отсун деп бизге табыштады беле?!! Бугун баарын сатып, талкалап кийинки муун, уул-кыз, неберелерибизге эмнени мурас калтырабыз? Аларга каалаган "жакшылыгыбыз" ушулбу?!!

Эгер эн башында эле Кумторду мамлекет озу иштеткенде, бир Кумтордун 20 жылдык алтынына Кыргызстанда 30-40 ири завод, фабрика курууга болмок. Ошолордун ар биринде орто эсеп менен миндей, эки миндей адамга жумуш ордун тузуп бергенде да, 50-100дей мигрантыбыз чет жерде кыйналбай озубуздо, мекенибизде иштемек...

Атамбаев бийликке келген 7 жылда мигранттарыбыздын саны 1,5 эсе осту, кобойду... Окмот каяктагы экономикалык осуу боюнча жомокторду айтып жатат, баары калп! Экономика онуксо, жаны жумуш орундары тузулуп тышкы мигранттар саны азаймак. Бизде кайра тышка агылган мигрант саны ар куну осуудо... Кыргызстанды мигранттар багып жатканын копчулук этибарга алгысы келбейт. Айрыкча бийлик. Оруссияда кризис болуп ал жактан келчу акчалар кыскарса, Кыргызстанда дароо кризис башталат. Же калппы?!!

Ошол миллиондон ашуун мигрант мекендештерибиз жыргаганынан ботон эл, ботон журтта кор болуп оор шарттарда иштеп жургон жери жок. Алардын баары болбосо да 90-95%ти Кыргызстанга биротоло кайтаар кунду кутуп, эртенки шайлоого умут толо коздору менен карап отурушат. Атамбаевдин акмак создоунон улам Оруссияда, Туркияда жургон мигранттар кордук коруп кыйналышты эле, эми кезек Казахстанда эмгектенген мигранттарга жетти... Казахстандын кара жолу аркылуу Россияга же Россиядан Кыргызстанга сапар тарткан мекендештерибизге жетти... Атамбаев 7 жылда бир завод-фабрика курууга жарабаганы аздай, тыштан милларддаган карыз алып, эптемей, кытайлар курган "китайский" сапаттагы жол куруп, калганын "сол чонтогуно" уруп, кыскасы элдин ырыскысын тоногону аздай, элдин мойнуна олчойтуп миллиарддаган карызды илип койду.... Ошондо да жон журбой, азаптуу кундору тугонбогон мигрант мекендештерибизге азап устуно азап таап беруудо...

Кайда караба, азыр Жээнбековду ай-кунго тенеп мактап жатышат, мындай алтын адам жуз жылда бир кыргыздын бактысына жаралат дегенчеликке чейин барып... Ошол алтын адам 25 жылдан бери саясатта журот, депутат, министр, губернатор, Окмот башчы болду, эмнени кыйратты деген суроого келгенде баары тайсалдап туз жооп беруудон качат... Мына Мырзакматовду алтын адам десе жарашат, Ош шаарын гулдотуп-кулпуртуп коркуно чыгарып койду. Ага чейин кароосуз калып кетти эле Ош шаары. Атамбаев эмне кылды, ошондой мыкты адамды куугунтуктап, чет жерге кетууго мажбур кылып, ордуна озуно окшоп колунан иш келбеген бир СДПКы кадрын койду. Азыр Ош шаарында осуу, жанылануу деген нерсе жок... Ал эми Ошту жетектеген жепжутарлар, 0штун мэри озу Жээнбековго кымбат ичик жаап, "хан келатат" деп кошоматтанып отурушат. Мына ушулар Кыргызстанды онуктуробу? !! Атамбаевдин шоферу, жансакчылары маанилуу мамлекеттик жетекчилик кызматтарга дайындалуусу Атамбаевдин саясий оппоненттерин камоо, куугунтуктоо учун болгонун эми коруп билип отурабыз... Бакиевдин башкаруусунда да, куч тузумдорун Бакиевдин бир туугандары жетектеп козомолдоп туруучу...

Мына Атамбаев Батукаевди турмодон бошоттуруп азаттыкка чыгарып, куудулдар айтмакчы кызыл килем менен узатып койду. Ал эми эл учун чон эмгеги синген эл уулу Мырзакматов бугун куугунтукта журот. Аны бийлик "каралары" менен коркутуп олкодон чыгарды да, ал кеткен сон сыртынан соттоп койду... Андай кылбаса эл толкуп которулуп кетеби деп коркту.. Эми дагы бир азаматыбыз Жапар Садыровду ак жеринен жалаа жаап камап койду. Анын куноосуз экенин баарыбыз билебиз. Каптагаевди барымтага алуу бийликтин подстановкасы болгон, Караколдо чогулган элди таратууга шылтоо керек эле... Эми бийлик озу ойлоп таап ишке ашырган подстановкасын Жапаровко оодарып, аны куноолоп жатат ак жеринен. Анын куноосу далилденбесе да АШАнын соттору буйрукту аткарып Жапаровду темир тор артында кармоодо...

Кыскасы озунор баарын коруп билип турасынар... Бийликке ууру-кески, каракчы-паракорлор жыйыоюлып алнаны учун олко онукпой, кайра эл байлыгы тонолуп жатат. Бийлик элди ойлогондун орлуна элдин эсебинен жашап канынарды ичип отурганы учун учурда ар экинчи жаш жигит-кыздар, ар экинчи уй-було Россия, Казахстан ж.б.иштеп журот тытынып... Бийлик болсо 7 жылдан бери Тажикистанга ГСМ контрабандасын откорот. Гонконгдон контрабанда ташыйт. Ошол контрабандалык жугу менен кырсыкка кабылган самолеттогу жуктун ээсин Жээнбеков баштаган Окмот элден чындыкты жашырып туруп алды. Анткени бул кандуу жуктун ээси бийликтеги бир ууч ууру-каракчы болгон...

Али шайлоо башталбай жатып Кыргыщстандын эле эмес, дуйнолук тарыхта орун албаган ыпластыктар орун алды... Экс муфтийлерден тарта мамлекеттик жогорку кызмат адамдары угут иштерине тартылды. Керек болсо вице-премьер- министр, Окмот башчыга чейин Жээнбеквго угуттоп журот. Башкасын коюп "таза шайлоо откоромун" деген Атамбаев башка талапкерлерди каралап, мазактап, ачык эле "досу" Жээнбековго угуттоп журот... Ал тургай Сочи сапарын жыйыштырып талапкерден бетер шайлоо астында жер жерлерди кыдырып облус, шаар жетекчилерин кайра-кайра зекип откондой болду, "козунду ач, Жээнбековду откоросунор" деп.... Ал эми кримиалдарга акча таратып элди которобуз дедиртип башка талапкерлерди каралоону максат кылган бийликтин подстановкасы, спектаклине копчулукту ишендире да алышты... 350 миндей студент жана мамлекеттен маяна алган бюджетниктерге бийлик мажбурлоо жолу менен форма2 толтуртуп, аларды коркутуп отурат. Шайлоого келип келбегенинерди бирден текшеребиз, кимге добуш бергенинерди бюллетень номеринер боюнча текшеребиз. Жээнбековдон башкасын шайлагандар арыз жазып окуудан/жумуштан кете бересинер же биз кетиребиз. Так что козунорду ачкыла!" деп...

Билдирүүнү түзөткөн: Patriot7: 14 Октябрь 2017 - 15:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#377 Пользователь офлайн   Patriot7   14 Октябрь 2017 - 15:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Эми ойгоноор кез келди туугандар... Буга чейин акчасына азгырылып шайлаган 120 депутаттын элге пайдасынан зыяны коп экенин коруп отурасынар. .. Шайлоодо ошолордон 2000 сом алган болсон, ошол жепжутарларды багыш учун эле 5 жылда ар бир уй-булонун чонтогунон 5000-6000 сом алынат. Ошолорго жумшалып жаткан акча сенин чонтогунон казынага салык болуп тушуп жатпайбы... Эми да акчасына азгырылып добушунду сатаарында ойлон!!! Эртен Жээнбеков же Бабанов бийликке келсе шорун арылбаганы ошол... Ойлончу, ошол 2000-3000мин сомго сени зар кылган ушул бийлик го... Телегейин тегиз болсо ошол акчага кунун тушот беле?!! Билемин, напис деген жаман нерсе, биз пенделер ошол напсибизди тыя албайбыз. Бекер акча берип жатса деп ким коп берсе ошого жулунабыз. Бирок бир тууганым, сен алып жаткан акча АРАМ АКЧА, эртен анын сурагы болот. Ойлон!!!

Окуянын экинчи жагы бар, сенин добушунду сатканын оз келечегинди, ыйман-намысынды сатканын... Добушунду сатсан, сенин кочодогу сойкудан аайырман кайсы?!! Алты саны аман, ден-соолугу чын, жаш боло туруп, адал эмгеги, мээнети менен акча табуунун ордуна арам жолго басып, зына кылып, денесин саткандарга коомчулук сын айтып жек коруп келет. Алардын акыретте сурагы да женил болбойт... Ал эми добушун акчага сатууну коздогондордун турмушу буга чейин кандай отуп келсе, ошол 3-5мин сомго добушун сатпай койсо да отот... Сойкуга окшоп добушунду саткыча мээнет кылып иштесен андан кобун да табасын...

Урматтуу кыргыз элим, агайын-туугандар! !! Озунорду озунор сыйласанар, оз келечегинерге кайдыгер карабасанар, мусулман болуп Куранда жазылгандарга амал кылсанар, ДОБУШУНАРДЫ САТПАГЫЛА! !! 5-10мин сом берсе да, же коркутуп опузаласа да, добушунарды сатпай, коркпой-уркпой озунор каалаган талапкерге добуш бергиле... Эгер тизмеде силер каалаган талапкер болбосо "баарына каршы" деп добуш бергиле...

Кандай болгондо да ыйман-намысынар болсо ДОБУШУНАРДЫ САТПАГЫЛА! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#378 Пользователь офлайн   ajdaaar   14 Октябрь 2017 - 16:20

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

Биз ар дайым Путинге, Назарбаевге суктанабыз. .. Раматылык Каримов да Озбекистан учун коп эмгек синирди, учурда Мирзиеев да Озбекистанды алга суйрой турган акылдуу президент экен... А эмнеге биз Путин, Назарбаев, Мирзиеев ж.б.суктанып журо беришибиз керек?!! Эмне, бизде жокпу озубуздун Путин, озубуздун Назарбаевдер? !! Ар шайлоодо добушубузду сатып журсок, мамлекеттик иште иштегендер мамлекет ошол арзыбаган маяна алган жумушубузду алып коет деп суу журок болуп бийликтин адамын шайласак, студенттер "ректорат университеттен айдайт" деп коркуп Жээнбековду шайласа, анда бийликке Путин, Назарбаевдей акылдуу, патриот лидерлер эмес, Акаев, Бакиев, Атамбаевдей оз элин талаага тентиткен ууру-каракчылар келет да, же калппы?!! Эмне, бизде жокпу андай татыктуу инсандар?! ! Бугунку саясатчылардын, айрыкча Атамбаевдин бийликтеги СДПКчыларынын кайсы бири Мырзакматовго окшоп элдин козун ачып ак эмгеги менен элдин батасын алыптыр?!! Кайсы бири Садыр Жапаровко окшоп кангырыгы тутоп, Кумторго окшогон байлыктарыбыз жатка кетпей элдин жыргалчылыгына жумшалсын деп какшап, элине туура жол коргозуптур? !! Кайсы бири Мадумаровго окшоп акты ак, караны кара деп бугунку чындыкты айтууга эрки жетиптир?! !

Тигине кечоо эле Жээнбековго ичик жаап, "хан келе жатат" деп кошомат кылып кулдук ургандар, андай нерсе болгон эмес деп Кудайды карап калп айтууда. Дагы жакшы видеодо кашкайып корунуп турушат... Кудайды карап туруп жанын жеп, калп айткандардын колунан жакшылык келеби?!! Тиги жакта Окмот башчы калп айтып отурат, шайлоо астында элди алдап, Назарбаев менен чек ара маселесин чечтим деп... Казактар эси ооп тан калып отурса керек, Кыргызстандын президенти гана "оорулуу" десек, калгандары да "ооруйт окшойт" деп....


Кечоо Мырзакматовун башына кыйынчылык тушкондо барып колдоп ала албадык... Садыр Жапаровдун да кызыл ала кан болуп жатканын коруп унчукпай туруп бердик, биз учун, эл учун куйгон кыргыздын бир мекенчил уулуна биз да ага окшоп куйуп-бышып жардам беруу колубуздан келбеди...

Биз ынтымагыбыз ыркырап, оз келечегибизге кайдыгер болуп, келечегибизди, бакытыбызды 2000-3000 сомго баалап журсок Путин, Назарбаевдей адам келмек беле бийликке?! ! Атамбаев, Жээнбековдор келет да бийликке! !!

Эми кеч болсо да акыл калчап Мадумаровду президент шайласак гана Мырзакматов Кыргызстанга кайтат, Садыр Жапаров абактан чыгат. Ошол 3 инсан Кыргызстан учун ак кызмат кылып берсе, ошолор болот Кыргызстандын Путини, Назарбаеви, Мирзиееву... Бул жолу адашпайлы кыргыз элим... Озубузду ойлобосок да жакындарыбызды, ата-эне, уул-кыздарыбыздын келечеги, бактысы учун ДОБУШУБУЗДУ САТПАЙЛЫ!!!

Билдирүүнү түзөткөн: ajdaaar: 14 Октябрь 2017 - 16:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#379 Пользователь офлайн   APCEH   14 Октябрь 2017 - 18:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 063
  • Катталган: 12 Июль 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2019 09:13

Эртен ушу маалда, жыйынтык чыгып калатко

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#380 Пользователь офлайн   Patriot7   15 Октябрь 2017 - 00:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Урматтуу студенттер,

Силерге кайрылып кетейин. Билемин, аранардан копчулугунор ректораттын буйругу менен аргасыздан форма2 толтурдунар. Эртен куратор ж.б.силерди короого кой айдап киргизип жаткансып шайлоого айдайт. Кой санап жаткансып шайлоого кирип жаткандарды бирден тизмеден белгилеп турат. Эгер ошончо эле арамзалыгы кармаса, сага бюллетень берип жатып бюллетениндин номерин фамилияндын тушуна жазып коет. Жээнбековдон башканы шайлап корчу, кимди шайлаганынды билип алабыз деп...

Эми ук студент ини-карындаштар. .. Биринчиден бюллетень номеринди жазып алуусу мыйзамсыз. Экинчиден шайлоо буткон сон добуштар саналып, бюллетендер тыкан оролуп БШКга откорулуп берилет. Шайлоо буткон сон ошончо бюллетень арасынан сенин бюллетенинди издеп отурбайт. Эгер башка талапкерлерге ташталган бюллетендер такталып ким ташьаганы аныкталган кундо да, ошону жасагандар мыйзам алдында кылмыш кылган болуп эсептелет...

Учунчудон журогун менен кенешип, озун каалаган талапкерге гана добушунду бер... Сендей болуп озу каалаган талапкерге добуш берген студенттер эртен миндеп саналат. Ойлоп корчу, ошол миндеген- он миндеген студентти ректораттар окуудан айдоого "духу" жетеби?!! Миндеген студенттерди эмес, 50-100 студентти айдоо колунан келбейт. Бул бийликтин айла кеткендеги "Ормон опузасы". .. Кыскасы ким эмне десе да коркпогула. .. Суу журоктонуп корксонор, оз келечегинерге озунор балта чапканынар. .. Оз туугандарынар, ата-эненердин эртенине колоко тушургонунор. ...

Тортунчудон келечекти ойлогула... Олко ушундай оор абалда турса, эртен Кыргызстандан иш таба аламын деп ишенесинби? Иш таптын да дейли, маянасы жетиштуу болобу?!! Эртен эле уй-булолуу болосунар, ошондо балким бул маяна менен жан багуу кыйынга тураар. Айла жоктун иши деп Россияга талаалап тентийсинерби, дипломдун пайдасы тийбей?!!

Эгер эртен татыктуу президентке добуш бербесенер, эртен жашоодо кыйналсанар тагдырына эмес, озуно таарын, озунду жемеле... Эгер эртен татыктуу президентти тандап шайласанар, анда Кыргызстан онугуу жолуна тушооруно умут да, ишенич да, аракет да болот. Жаны жумуш орундары тузулуп силерге жаны горизонттор ачылат... Ошондуктан студенттер, ким эмне деп коркутса коркпостон, журогунор менен кенешип, татыктуу талапкерге добушунарды бергиле... Коп тукурсо кол болот. Силер копчулуксунор. Ар ким оз добушун чечуучу деп ойлоп татыктуу талапкерге добуш таштаганда гана жениш силер тарапта... Бош келбегиле, эртенки келечегинерди коркуу же арам акча менен эмес, татыктуу талапкерди тандоо менен баштап келечекке ишенимдуу кадам таштагыла, урматтуу студенттер! !!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Patriot7: 15 Октябрь 2017 - 00:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 01:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: