-Жылдыз Сафия менен мамилең жакшы эмескоо дейм?
-А эмне болду?
-Жөн эле мага ошондой туюлду.
-Самара сен бизге санааркаба бир тууган сиңдим болуп жатса албетте жакшы да.
-Ошондой эле болсун деп Самара кытмыр күлүп койду.
-Бул брилиант көздү сөйкөмдү көрдүңбү?
-Аа жакшынакай экен.
-Ушул сөйкө менен мобул шакекти Сафия мага белекке берди.
-Аа сонун жарашыптыр
-Кой Самара мен уктайын калганын эртең сүйлөшөбүз
-Макул анда төркү бөлмө сеники.
-Аа макул деп кирип бөлмөнүн светтин жандырды заманбап жасалган бөлмө. Кымбат баалуу диван чоң күзгү дубалдын боорундагы картина адамды өзүнө тартып турат.
-Сафия экөөбүздүн мамилебиз менен мунун иши эмне дейм да. Эх Сафия Сафия деп диванга чалкасынан жатып алып ойлонууп жатты. Чынында Сафия сөйкө шакек белекке бермек турсун көргүсү келбейт Жылдызды.
***
Акыркы күндөрү Шириндин санаасы тынч эмес. Бул түндө дагы адаттагыдай уйку жок. Жалгыз гана эски сүрөт эрмеги. Ал сүрөттө Гүлбара менен Ширин экөө Шириндин туулган күнүндө түшүшкөн. Гүлбара Жылдызды Ширин Ыргалды көтөрүп жүздөрүндө бактылуулук көрүнүп турат. Жүрөгүндө Гүлбараны бир тууган эжесиндей кабыл алып анын ордун дагы деле жоктоп турат.
-Ээй жеңе андан бери канча жыл өттү дейсиң. Эки кызды элден кем кылбай чоңойттум ооруса мен булардан эки эсе ооруп күлсө кошо күлүп бүт өмүрүмдү Ыргал менен Жылдызга арнадым. Ыргалды көргөн сайын сени көргөндөй болоп аябай сулуу. Эки баласын көрсөң тай эне тай эне деп сени жүдөтмөк. Кандай гана сүйкүмдү. А Жылдыз болсо...деп жылмайып
-Кечирип кой мени тартып калды. эркек болгондогоо биздин тукумду далайга таанытмак. Бирок жеңе Жылдызды турмушка бере албай жүрөм мени кечир эгер жигит тапсагоо кана септин себин жасап бербейт белем. Энелүүдөн эки эсе артык кылып турмушка узатам мен сага сөз берем жеңе АЛЛАХЫМ буюрса Жылдызды тындырып алсам арманым жок эле... деп эски сүрөт менен Ширин көпкө чейин кобурашып уйкуга кетти.
Жылдыздын түшүндө Сафия экөө экөө боппоз талаада жүрүшүптүр.
Капыстан эле Сафия казылган аңга түшүп кетет. Жылдыз Сафияны канчалык тартып алууга аракет да бирок Сафия чыга албай жатты. Түшүнөн чочуп ойгонсо муздак тер басып кыйналып чыгыптыр. Күзгүдөн өзүн караса купкуу.
-Оо Кудай! Ошко эмнеге келдим эле. Кой эртеңден калбай кетейин деп кайрадан уйкуга кетти.
"Тирешкен эже сиңди" Аким Микенов
#42 20 October 2017 - 10:00
Терезеден эбак эле күндүн нуру төгүлүп эшикте эл тиргилигин кылып жүрөт. Бирок Жылдыз дагы деле уктап жатат. Бирок бул тынчтыкты телефондун коңгуроосу бузду. Алгысы келбей көпкө жатты. Бирок телефондун жаагы басылбады. Аргасыздан караса Айыма экен.
-Да
-Жылдыз каяктасың деп эле буркурап ыйлап жиберди.
-Эже эмне болду айтыңызчы байболгур.
-Сафияны прокуратура кармап кетти. Телефонду өчүрүп эле дароо жөнөдү Сафияга
-Да
-Жылдыз каяктасың деп эле буркурап ыйлап жиберди.
-Эже эмне болду айтыңызчы байболгур.
-Сафияны прокуратура кармап кетти. Телефонду өчүрүп эле дароо жөнөдү Сафияга
#43 20 October 2017 - 10:02
Жолдо катар өзүн күнөөлөгөндөн башка оозуна сөз келбей келе жатты.
-АЛЛАХЫМ буюрса Сафия камалбайт, каматтырбайм өлсөм да деп өзүнө өзү сөз берип алды
-АЛЛАХЫМ буюрса Сафия камалбайт, каматтырбайм өлсөм да деп өзүнө өзү сөз берип алды
#44 20 October 2017 - 22:24
Заматта райондук прокуратурага келип түштү. Ырыскелди менен Айыманын өңүн көрүп чынында Жылдыздын боору ачып турду. Тергөө бүткүчөктү эч кимди киргизбей жатышты.
Жалпыга маалымдоо каражаттары да заматта бул жөнүндө жазып чыгышты. Чынында Жылдыздын күчү жетпейт эле камактан сууруп чыкканга. Балким каралар дүйнөсүндөгү абройуна салып алып чыгаар. Бирок бул оңой иш эмес.
Тар бөлмөдө ары бери басып Сафия чынында коркуп турду.
-Сафия Ырыскелдиевна сизге буларды берип жиберишти.
-Ким?
-Эжеңиз.
-Бул катты дагы. Сафия жакшылыктан үмүт кылдыбы айтор катты окуганга шашты.

#45 20 October 2017 - 23:17
Эх менин кичинекей сиңдим. Билесиңби мен сага суктанам. Балалыгым өксүк менен өттү. Башкалардын апасын көрүп ар дайым басынчуумун.
Сени көрүп өзүмдүн окуучу кезимди эстей берем. Билем
-Мен сенен үч жашка кичинемин жаш кыз ойлобо дешиң мүмкүн. Бирок сен 60чыксаң деле мен үчүн кичинекей кызсың. Окууну бүтөөр жылы дарыгер болгум келди. Көптөн күткөн сынак тапшырууга кезек келди. Ширин абжем сынака кошо барайын дегенине көнбөй медициналык окуу жайга өзүм бардым. барарым менен эле кыздар көп экенин көрдүм. Баарынын тең апалары агалары аталары айланчыктап жүрөт мен гана жалгызмын. Сынак тапшырбай кетип калдым. Мына ошол күндөн баштап мен өзүмдү өзгөрттүм. АЛЛАХЫМ насип кылган экен юридикалык билимге ээ болдум. Тартынчаак назик кыз тайманбаска айланды. Мени жашоо өзгөрттү. Ширин абжем бир ирет сенин жаңы гана кадам шилтеп баскан мезгилиңдеги сүрөттү алып келди. "Бул силердин сиңдиңер" деген сөз алигиче кулагыма жаңырат. Сүрөттү кайра кайра карап тойбойм. Кошуна кыздарга сүрөттү көтөрүп алып мактанганды жакшы көрөр элем.
-Көрдүңөрбү бул менин тирөөчүм, сырдашым. Эркетайым жалгыз сиңдим деп айткым келчүү. Сени дайыма көргүм келчүү. Сырдашкым келчүү. Бирок турмуш биз ойлогондой болбойт экен.
Сага эчен жылкы көкүрөгүмдөгү уюган арманымды айтып, сен күлсөң кошо күлүп сени менен базар кыдырып көйнөк сатып алсак. Түнү менен каткырып анан атам бизди
-Уктабайсыңарбы! Күлкүңөр бул жака чейин угулуп жатат деп урушса деп кыялданып келген элем бирок тагдыр бизди таптакыр башка өңүттө тааныштырды.
Сен уктап жатканда бөлмөңүн эшигин бир аз ачып көзүм тойбой карап тураар элем. Сага жакшы эже боло албадым.
Кийинки жума сени чыгарышат. Бардык далилденди жок кылдым камсанаба. Конверттин ичиндеги сөйкө сага. Жоготпой тагынып жүр. Мен Бишкекке кеттим. Мен сени жакшы көрөм сиңдим!
(Аягы)

#46 20 October 2017 - 23:26
Мына окурмандар мен General.kg жеке чыгармамды окудуңуздар.
Мектепте текст түзгөндөрүмү окуп апакем чыгарма жаз деп сурана берет. Апам менин жазуучу болушумду каалайт. Оюмда аздан жазып журүп бүтүрөм дегем. Окурман топтоюн деген ниетте эмес өзүмдү сынап көрү максатында ачкан элем.
Баарыңыздарга терең ыраазымын. Көп көптөн жаза албай жаттым ал үчүн сиздерден кечирим сурайм. Бул чыгарманы да шашпай кайра иштеп чыгуу планым бар. Бирок мен жакындарымдан уяла берем чыгарма жазам деп айтыштан. Аман болуңуздар

#47 22 October 2017 - 00:25
Админ.теманы жаап салгылачы!
Антпесе бул жакта адабий сынчылар көбөйүп кетти
Антпесе бул жакта адабий сынчылар көбөйүп кетти
#48 22 October 2017 - 00:27
Мен көп жерине токтолбой сыр боюнча калтырдым!
Себеби окурмандар өздөрү ойлонсун кызыксын эмне болду экен деп
#49 25 October 2017 - 14:16

Супер-Инфо
super.kg
видео