Палоо даяр болуп калган убакта, үйдөн апакем чалса, телефонду алып: "Да, сиздерге ким керек? Эже кулдугубуз бар, кызыңыз бизге келин болду" деп атпайбы. Биз күлүп токтобойбуз. Апамды бир саамга коркуткан ошентип.
Ошентип палоо да даяр болуп, дасторконго олтурдук. Бир аздан соң, телефонума кайра чалуу келди. Үйдөн чыгып, 15мин. сүйлөшүп келсем,жездем: "Ал тамактан. Мейман деген көөп-көп тамактаныш керек"- деп калды. Эч нерсе оюмда жок, эми эле алып жесем, даамы ачуу. Сыр бербестен жеп коём дедим эле. Бирок кайдан,үйдөн кантип чыкканымды билбейм. Көрсө, жездем билдирбей калемпир салып коюптур,майдалап. Жездем күлүп атат, эжем болсо аны урушуп атат.
