КҮНДӨЛҮК... Ар бир күн форумчунун көзү менен
#5262 09 Октябрь 2017 - 00:36
#5265 09 Октябрь 2017 - 04:24
#5266 09 Октябрь 2017 - 14:36
Saat 14:39,jumanyn birinchi kunu.Baary janydan bashtalgandai birok mende
#5267 09 Октябрь 2017 - 16:07
Такси.
- Здравствуйте! ? Аламидин 1.
- Машина ордунан козголору менен "чырк" деген ун чыгып, арт жак "жарк" дей тушуту.
- Девушка, салоне курить нельзя.
- Пожалуйста, аккуратно... окно побольше открою.
- Нет, в маем мшине никто не курит. Если хотите курить, то могли бы сразу попросить "курящий салон".
Тамекини журуп бараткан машинанын терезесинен таштап туруп,
- Вообще охренели! Я плачу вам, и вы должны делать то, что я за хочу!
- Извините, мои обязанности входит комфортная, безопасная поездка, не более...
- Эй, ты! Слушай меня! Я плачу, значит я права!
- Если вы так хотите курить, могу остонавить и подождать.
- Нет! Езжайте!
Отуруп алып, согунуп суйлонуп баратты. Бир маалда кайрадан "чырк" деген ун чыгып, жарык боло тушту да, тамекинин жыты келе тушту.
- Девушка...
- Эта ваша проблема!
- Как моя проблема?
- Звоните диспетчеру. Она должна была сказать!
- Это вы должны были попросить соответствующий "борт".
- Сами решите, это ваша проблема!
- Девушка, я вас прошу, перестаньте курить.
- Это ваша проблема!
- Девушка, я вас предупреждаю. ..
- А то, что?!
Машина жол жээгине токтоп, арткы эшикти акырын ачылганда, кыз билмексен боло, атасына же агасына таарынган немеднй ылдый карап тултундап отура берди. Болгону оозундагы тамекиси бурулдап турган. Айдоочу тамекини жулуп алып, ары ыргытып жиберди. Анын сырткы келбетинен коопту бир нерсе байкадыбы же чечкиндуу аракети чоочулаттыбы, айтор кичине деми пастай тушту.
- Вообще обнаглели. Х...й вам заплачу!
Диспетчерге чалууга туура келди. Абалды тушундуро баштаганда арттагы кыз ото орой создор менен согуно баштады. Абалды тушунгон диспетчер, озу сулошо турган болду. Ал жургунчуго чалганда жаныча создор башталды.
- Какого хера? Пачему этот дол...б не позволяет мне курить? Какого хера? Кто он такой? Вообще я плачу за что? Клиент всегда прав! Какого хера? Как он может запретит мне что то подобное?! . Х...й вам заплачу!
Андан нары да уланып жатты. Эми жеке инсандык кадыр баркка асылуу, согуу диспетчерге жетти... Бир саамдан кийин кыз "машинадан чыгарбай жатасын?" деп куноого отту.
- Че вы не выпускаете меня?
- Да скатертью вам дорога.
Кыз сыртка чыгып, тенселген абалда аялдаманы коздой жоноду...

#5268 09 Октябрь 2017 - 16:13
- Ата, Бейиште баары сонун болот ээ?
- Ооба балам.
- Тозок аябай жаманбы?
- Ооба.
- Бейишике жакшылар кирет да. Намаз окуп, жакшы иш кылып, атасын, апасын уккандар кирет ээ? Тозокто жаман кишилер, жаман иш кылгандар болот да?..
- Ооба.
- Бугун апамдын айткандарын баарын кылдым. Жакшы бала болдум. Бейишке киремби?
- Буйурса балам...
- Апам айтты, намаз окуш керек экен...
- Ооба.
Тошокко чумконуп, уктаганга даярданып жатып:
- Эртен менен намазды канчада окуйсуздар?
- Саат 5 те. Эмнеге сурап жатасын?
- Мени да ойготуп коюнуздарчы? .. Мен дагы сиздер менен БЕЙИШКЕ КИРЕЙИН...
...жумага чогуу бардык.
(Э.А агамдын күндөлүгүнөн)

#5269 10 Октябрь 2017 - 02:21
Амансыңбы күндөлүк!
Тогуздун айынын экиси, күнгө дүйшөмбү. Бул жумадагы дем-алыш күндөрүмдүн бири аптанын алгачкы күнүнө туш келгендиктен, эс-алдым. Уйку эчак эле канса да ар-кандай ойлор менен алпурушуп жатып, күн да аркан бою көтөрүлүп жалган түш өтүп чак түш да болуп калганын байкабай калыпмын. Үйдө эч-ким жок, баары жумушка кетишкен. Эхх, жашоо үчүн болгон күрөш... Ал аңгыча сааттын жебеси 13:15 ти көргөзүп калыптыр. Чайынып чыгып, терезелерди ачкан соң сырттагы жым-жырттыкка кулак сала, балдар аянтчасында ойноп жатышкан 3-4 балага үңүлө карап калдым. Кара асфальттар сары жууркан жамынып, кызгылт-сары жалбырактар дарагынан үзүлө каалгып жерге түшүп жатышат. Тамактанган соң таза абага чыккым келип, сыртка камындым. Эшикке чыгып таза абадан кере дем алганча бир саамга туруп калдым. Ал аңгыча кулагыма "извините, вы не поможете?" деген назик болгон кыздын үнү жаңыра түштү. Чоочуп да кеттим. Тиги кыз да муну байкап калдыбы, ыңгайсыздана түштү. Ушунчалык бир сулуу, аябай келишимдүү, бир сөз менен айтканда мисс мирага катыша турган кыздардан экен. Бирок сүйлөгөндө оозунан буркурап тамекинин жыты чыгып турду. Жыты дароо мээге тээп, көңүлдү ирээнжиткендиктен сүйлөй албай макул деп ишаарат кылганча машинасы тарапка басып калдым. Багажынан оор болгон музыкалык аспапты алып лифтке, андан жогору карай 7-кабаттагы батиринин эшигине чейин алып барып, кайтып жатсам рахматын айтканча 500 р. сунуп калды. Ушул жүгү үчүн эле 500 алышка кол барбады, албай баса бердим. Ыраазы болгон абалда кала берди тигил "мисс".
Үйдүн артындагы чакан паркка кирип, жай басканча жаратылыштын кубулуштарына, кызыл-сары болуп жаап жаткан жалбырактарга саресеп сала жол бойлоп, өзүм менен өзүм сүйлөшө ичимден күбүрөнүп келе жатам. Аңгыча кабат-кабат үйлөр да көрүнбөй, бир кыйла жүргөн соң парктын аркы бетине да чыгып калыпмын. Алдыга көз чаптырсам М деген чоң кызыл тамга көрүндү. ст. м. "Щукинская" экен. Метро жакта чоң соода борбору болгондуктан ошол тарапка багыт алдым...
Мына жашоо, мына сулуулук! Ажарлуу жүзүнө жарашкан ачык маанай, кериле басып, уялыңкы жана жылмайа тиктеген карагат көздөргө көздөрүм чагылыша токтоп калдым өзүмдү байкабаган абалда. Эхх, анын жарк эте бир карашы жан-дүйнөмдү оодарып жиберди. Көздөрүн ала кача жолун улап метрого кирип кетти. А мен дале болсо селдейе ордумдан жылалбадым. Өзүмө келген соң барыбир таанышышым керек деген ойдо артынан жөнөдүм. Турникеттен өтүп эсколатордон жүгүрө түшүп бара жатам, бир нерседен куру калгандай. Аңгыча поезд да келди, аны акмалай бир вагонго кирдим башка эшигинен. Аны бираз алыстан уурдана карап жатып, канча келгенимди да билбейм, "осторожно двери закрываются, следующие станция..." деген гана сөздөр кулакка жаңырып жатты. Акыры чыгууга камданып калганда байкатбастан артына чейин бардым. "Дүк-дүк, дүк-дүк" элеп-желеп болуп соккон жүрөгүм кадимкидей угулгансып жатты, аңгыча бетим ысып, алакандарым кадимкидей терлеп кетти. Не деп сөз баштаарымды да билбей туруп калдым. Сүйлөйүн десем эле мукактанып кеткидеймин. Ичимден жалынып да жибердим, жакшына тааныша алсам экен деп. Ойлорумду "станция улица тысяча девятсот пятого года" деген жаңырык үн бузуп жиберди. Вагондон түшө артынан жөнөдүм, сүйлөйүн деп катар жанаша келгенде эле оозумдан сөз чыкпай калып жатты. Ал аңгыча алдынан мончоктой болгон киичинекей кыз "абжее" деп эле чыга калды. Катып туруп калдым. Ары жактан бир улуу эле киши да аны жылмая тосуп алды. Атасы окшойт го. Атасы менен кобураша сүйлөшүп жатканда аларга жакындап, залдын ортосундагы метро картага үңүлүмүш болуп жүзүн дагы бир көрүп калууга ашыктым. Ал мени башынан эле байкап келе жаткан окшойт, сиңдисин жетелеп, атасынын артынан ээрчигенче дагы бир жалт карап жылмайып койду. Эхх, ичимдеги кыжаалатчылыкты, арзууларды анын бир көз карашы жууп кетти. Жүрөгүм оозума кептеле жан-дүйнөм жылып, ага ыраазы болгон абалда аны узата карап кала бердим... Мына, ошол түнү уйку да жок, анын элеси жан-дүйнөмдү ээлеп алгандай. Эртеси жумушта да ал кызды ойлой берип кеч кирттим. Жумуштан соң кудум мурдагы баскан жерлерге келип акмалап карайм, жок. Метро менен ст. 1905ке чейин барып ал чыккан эсколаторду тиктейм, жок. Чыгып же түшүп келип калабы деп бир сааттай ошол жерлерде болдум, жок. Ошентип ушул эле картина үч-төрт күн бою кайталанды, эч-бир дайыны жок.
Ээх, ким болдуң экеен, кайдаасың сен аруу зат??? Андан бери туура бир апта өттү, дале болсо элесиң көз алдымда. Дагы бир көрсөм арманым жок эле...

#5270 06 Ноябрь 2017 - 23:04
Салам Кундолук. Кунго дуйшомбу. Коз жумуп кайра ачсам шейшемби болуп калат ин шаа Аллах.
Бульдозер тебелеп кеткенсип мынча не денем жанчылат..? Буйруса баары соонун болот.

В каждой шутке есть доля правды...
#5271 10 Ноябрь 2017 - 23:03
Салам Күндөлүк.
Бүгүн күнгө Жума. Фрайдей флауэр'лерденмин гоу)).
Күндөр шуулдап эле атат..
Сары жалбырак, сабаалап учат.
Сагынычымды сага алпарат..
В каждой шутке есть доля правды...
#5272 11 Ноябрь 2017 - 14:00
Салам, күндөлүк!
Бүгүн күнгө ишемби, жумушта уйкусурап олтурам. Күндөр да зээригичтүү, мен издеген пери да табылбады, ошол акыркы көргөн жерге далай жолу бардым. Кыскасы – Москвада да жок-жок деп коюп жүрөмүн.)
Мындан сырткары, ар-кимге өзүнө жараша мамиле кылып көрдүм. Акырында жалгыз калганымды сездим.
Ушул, күндөлүк, менин жеке жашоомдогу акыркы урунттуу учурлар.
Буйруса күндөр али алдыда, жакшы жаңылыктар менен бөлүшкөнчө. ..

#5273 14 Ноябрь 2017 - 22:29
14.11.2017
Эч нерсе кылбадым..ичтим, жедим,уктадым .
Жаныбар эле болуп калдым

#5274 14 Ноябрь 2017 - 22:47
14.11.2017 Ушул куну менин периштем торолгон бар болун узаак омур жашаныз.Жана аны суйунткон досторумдан,
келечектеги келининен Аллах ыраазы болсун.
#5275 16 Ноябрь 2017 - 23:41
Күндөлүк,күндөрүм ушунчалык тез өтүүдө.Күндөр өткөн сайын мен өсүүдөмүн,өзгөрүүдөмүн.
.
Азырынча менде ушундай эле жаңылык)))
Азырынча менде ушундай эле жаңылык)))
<
#5276 17 Ноябрь 2017 - 01:09
Менин кундорум:
8:00 сабак 15:35 бутот
16:30 уйго келем
19:00 залга барам
21:50 уйго барам
23:00 дон 00:00 чейинки убакта уктап калам
Менин кундорум дайым ушундай майда-чуйдону кошпогондо
Кээде ушинтип уктавай интернетте олтура берем
Кундуз кечке уктамай..

Билдирүүнү түзөткөн: ariet97: 17 Ноябрь 2017 - 01:59
#5277 21 Ноябрь 2017 - 18:51

Бугун 21-ноярбь саат жебеси жебеси 15 :42 отту. Аябай чарчадым

Эх... ушу журокту ойгон нерсем синдим болуп жатат. Жакында эле операция болуп жакшы болуп калды эле. Ватсаптан смс келди бир, эки кун алдын кайра ооруп жатам дейт
Уйго барсам атам келген экен кирип эле атам кучактап, токтоно албай ыйладым
Атам сыртынан кулгону мн ичинде не жонундо ойлонуп жатканын сезип эле турам.. уффф колумдан эч нерсе келбей жатканына окунуп жатам
Неге неге негееееее негеееее

Буйруса баары жакшы болуп кетээр

Билдирүүнү түзөткөн: love_story: 21 Ноябрь 2017 - 18:53
#5279 21 Ноябрь 2017 - 23:02
Салам кундолук бугун 21.11.17 мен баламды КР га таштап келгениме 158кун болду. Аябай сагындыыыым.
Кундорум бири бирине окшош отуудо. Баламды корсом деген эки козум торт болду......
#5280 24 Ноябрь 2017 - 02:57
Салам кундолук!
Баламы сагындым апа апоу деген унун угууга зармын,баламсыз жашап жатканыма 6ай болуптур сагындым Бекжаным